Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк  

Башкармасынын 2007-жылдын 21-декабрындагы 

№55/3 токтому менен бекитилген 

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫНДА  

КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКТАРДЫ ЖАНА ФИНАНСЫ-КРЕДИТ  

МЕКЕМЕЛЕРДИ КАССАЛЫК ТЕЙЛӨӨ ЖӨНҮНДӨ НУСКОО 

 

 

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

Бул Нускоо «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан жана улуттук валютаны коммерциялык банктардан жана финансы-кредит мекемелерден (мындан ары «банктар») берүү жана кабыл алуу эрежелерин белгилөө менен банкнотторду жана монеталарды таьгактоо жана экспертиза жүргүзүү тартибин аныктайт  

Банктарды тейлөө корреспонденттик мамилелер жөнүндө келишимдин негизинде, Улуттук банктын жүгүртүү кассалары тарабынан жүзөгө ашырылат. Нак акчаларды берүү жана кабыл алуу саат 12.00 чейин жүргүзүлөт. ал эми өзгөчө учурларда, Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы жана Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгы менен макулдашуунун негизинде нак акчаларды берүүгө жана кабыл алуга саат 15.00 чейин уруксат берилет. 

 

1-БӨЛҮК. Улуттук валютаны иштеп чыгуу жана таңгактоо 

 

1.1. Бардык банктарда улуттук валютанын банкнотторун жана монеталарын таңгактоонун ушул жобо менен белгиленген бирдиктүү тартиби кабыл алынат. 

Кассирлер өздөрү кассага кабыл алган банкнотторду жана монеталарды наркына жараша, андан кийин жүгүртүүгө жараксыздыгы, эскилиги жеткендиги жана кемчилдиктери боюнча иргеп бөлүүгө милдеттүү.  

Кассир наркына жараша иргелген жарактуу жана эскилиги жеткен банкнотторду, ошондой эле жарактуу жана кемчилдиктери бар монеталарды топтоштурат жана өз-өзүнчө таьгактайт. 

1.2. Бир эле нарктагы банкноттун ар бир 100 барагы арткы бетинен сериясы жана номери үстүнө, ал эми ак тилке оң тарабында болгудай болуп корешокто жайгаштырылат жана таңычактын таңгакталышына карата (кендир жип же полиэтилен баштыкча менен), тиешелүүлүгүнө жараша кайчылаштырылып же шакектелип туурасынан кеткендей кылып бандеролдонот. 

1.3. Банкнотторду таңгактоо үчүн бандеролдор төмөнкү реквизиттерге ээ болууга тийиш: 

банк мекемесинин аталышы; 

банкнотторду эсептөөнү, иргөөнү жана таңгактоону жүргүзгөн кассирдин өздүк штампы (коду). 

Мында, банкноттордун таңгакталышынын төмөнкү түрлөрүн эске алуу керек: 

1 тыйын бир гана түс бандероль менен; 

10 тыйын кызыл түстөгү эки сызыктуу бандероль менен; 

50 тыйын - сары түстөгү эки сызыктуу бандероль менен; 

1 сом - кызыл түстөгү бир сызыктуу бандероль менен; 

5 сом көк түстөгү бир сызыктуу бандероль менен;  

10 сом - жашыл түстөгү бир сызыктуу бандероль менен;  

20 сом - көк түстөгү үч сызыктуу бандероль менен;  

50 сом жашыл түстөгү үч сызыктуу бандероль менен;  

100 сом - кызыл түстөгү үч сызыктуу бандероль менен; 

200 сом сары түстөгү бир сызыктуу бандероль менен; 

500 сом көк түстөгү эки сызыктуу бандероль менен; 

1000 сом - жашыл түстөгү эки сызыктуу бандероль менен; 

5000 сом - сары түстөгү үч сызыктуу бандероль менен. 

Банкнотторду вакуумдук таңгактоодо тегеректелген бир түстүү бандероль колдонулушу ыктымал, анда банктын аталышы жана кассирдин өздүк штампы (коду) коюлат. 

Улуттук валютанын башка нарктагы банкноттору жүгүртүүгө чыгарылган учурда, Улуттук банк аларды таңгактоонун эрежелери жөнүндө кошумча билдирет. 

1.4. Нак акчалардын ар бир 10 корешогу (1 корешок - 100 барактан турат) бир таңычакга жайгаштырылат (таңылчакта бир гана нарктагы 1000 барак), ага картондон жогорку жана төмөнкү накладкалар оролот жана кендир жиптери менен түйүнсүз жана көзөнөксүз кайчылаштырылып, эки кабатталып төрт жеринен түйүлүп байланат же полиэтилен пакетине вакуумдук таңылчактоо жолу менен таңылчакталат. 

1.5. Банкноттун жогорку жана төмөнкү накладкаларында кендир жиптин эки учундагы түйүндөрүнүн үстүнө кассир тарабынан банк мекемесинин кодунун оттиски бар пломба коюлат. 

1.6. Жүгүртүүгө жарактуу монеталар номиналына жараша салынат жана касса жумушчулары тарабынан тышынан салынган тигиши жана жыртык- тешиги жок мүшөктөргө таңгакталат. Ар бир таңгакталган мүшөктүн оозу түйүнү жана үзүлгөн жерлери жок кендир жип менен тыкыс байланат. Кендир жиптин учтары кассир тарабынан чече алгыс кылып байланат жана банк мекемесинин кодунун оттиски жана ярлыгы бар пломба коюлат. Мүшөк тиге турган машина бар болсо, мүшөктөр ярлык менен кошо тиешелүү түрдө тигилет. 

1.7. Монеталарды бир мүшөккө салуунун суммасы номиналы боюнча төмөнкү түрдө белгиленет: 

1) 10 тыйын 3000 даана; 

2) 50 тыйын 2000 даана; 

3) 1 сом 2000 даана; 

4) 3 сом 1000 даана; 

5) 5 сом 1000 даана; 

6) 10 сом 500 даана. 

1.8. Монеталар мүшөктөн башка баштыкчаларга 100 даанадан салынышы ыктымал, бул баштыкчалардан толук жана толук эмес мүшөктөр топтоштурулат. Вакуумдук таңгакактоодо реквизиттер жазылган ярлык ар бир таңычакка азүнчө салынат, ал эми кагаз түрүндө таңгактоодо баштыкчанын алдыңкы бетине бардык реквизиттер көрсөтүлүү менен штамп басылат. 

Бир мүшөккө салынып жаткан сумманын нормасы өзгөргөн же жаңы монеталар чыгарылган шартта, Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгы Улуттук банктын бөлүмдөрүнө, коммерциялык банктарга жана башка кардарларга бул тууралуу тиешелүү түрдө маалымдайт.  

1.9. Банкноттордун таңычагынын жогорку накладкасында жана монеталар салынган мүшөктүн ярлыгында таңгактоонун ыкмасына карабастан, төмөнкү белгилер коюлат: 

1) Банктын аталышы менен штамп же кодунун номери; 

2) банкноттордун же монеталардын номиналы; 

3) банкноттордун же монеталардын суммасы; 

4) банкноттордун же монеталардын саны; 

5) таңгакталган күнү

6) касса кызматкеринин өздүк штампы же коду; 

7) касса кызматкеринин колтамгасы; 

8) кемчилдиктери бар монеталар салынган мүшөктүн ярлыгындагы «кемчилдиктери менен» деген жазуусу жана эскилиги жеткен акча банкнотторунун таңычагынын накладкасындагы «эскилиги жеткен» деген жазуусу бар штамп (7-тиркеме); 

9) чыгарылган күнү

 

2-БӨЛҮК. Улуттук банктын жүгүртүү кассалары тарабынан акчаларды кабыл алуу 

 

2.1. Банк (кардар), Улуттук банктын жүгүртүү кассаларына акча салуу учурунда «Төлөм документтерин толтуруу тартиби жөнүндө» нускоого ылайык, накталай салымга карата арыздын бланкасын толтурат (ал топтомдо: кулактандыруу, квитанция, ордер) (1-тиркеме). Бланк Улуттук банктын Банктык эсептешүүлөр башкармалыгынын/областтык башкармалыктын бухгалтериясынын кызматкерине тапшырылат, ал документтин туура толтурулгандыгын текшерип, кол коюп, аны аткаруу үчүн кассага жөнөтөт. Инкассаторлор Улуттук банктын жүгүртүү кассасына акчаны тапшыруу учурунда алар опистин негизинде нак түрүндө кассалык кириш ордери боюнча кабыл алынат.  

2.2. Кириш документтерин алган учурда кассир төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү

бухгалтериянын кызматкерлеринин колтамгасынын бар экендигин жана окшоштугун өзүндө болгон үлгүлөр боюнча текшерүүгө;  

цифра жана жазуу түрүндө көрсөтүлгөн суммалардын тууралыгын текшерүүгө

акча салуучуну чакырууга жана андан акчаны кабыл алууга: 

1) толук, бузулбаган таңгакактар накладкасындагы жазуулар боюнча кабыл алынат жана таңычактагы корешоктордун саны боюнча саналат, тандалып алынган жана толук эмес таңычактар жана корешоктор ар бир барагы боюнча саналат; 

2) монеталар ярлыктарындагы жазуулары боюнча мүшөктөргө жабыштырылган пломбасынын бузулбагандыгын текшерүү менен, баштыкчалардын ярлыктарындагы жазуулар боюнча, ал эми айрым монеталар бирден эсептеп чыгуу менен кабыл алынат. 

Эгерде, акча салуучу өз акчаларын банктын кассасына бир нече кириш документтери боюнча ар башка эсептерге чегерүү үчүн салса, кассир акчаны ар бир документ боюнча өз-өзүнчө кабыл алат. 

Кассирдин столунда акча салып жаткан адамдын акчасынан башка акча болбоого тийиш. 

Кассир, банктан акчаны белгиленген тартипте топтоштурулушу жана ошол гана банктын реквизиттери боюнча кабыл алат. 

Кассир акчаны кабыл алып жаткан учурда, банкнотторду жана монеталарды иргөөнүн белгиленген тартибин текшерүү максатында, өткөрүлүп жаткан акчаларды контролдук саноону акча тапшырып жаткан кардардын көз алдында жүргүзүүгө укуктуу. Банкнотторду жана монеталарды иргөө тартибин бузууга жол берилгендиги аныкталган шартта, нак акча кабыл алынбайт. Жетпей же артып калуулар аныкталган учурда кассир банктык «Башкы китеп» интеграцияланган системасында «нак акча каражаттарын кайра эсептөө боюнча жыйынтык ведомосту» операциясын ишке ашырып, тиешелүү актыны түзүп, аны кагазга чыгарат. Актыга кассирдин өзү жана кардар (эгерде акча инкассаторлор аркылуу тапшырылган болсо, анда инкассатор) кол коюп, актынын бир нускасы кардарга/инкассаторлорго берилет, ал эми экинчиси кассада калат.  

2.3. Кассир акчаны кабыл алгандан кийин квитанцияда жана кириш документте көрсөтүлгөн сумманы, кайра эсептөөдө айкын чыккан сумма менен салыштырат. Суммалар дал келген учурда кассир квитанцияга, билдирмеге жана ага карата ордерге кол коюп, квитанцияга мөөр басат жана аны акча салып жаткан адамга берет. 

2.4. Нак акчалардын суммасы менен документте көрсөтүлгөн сумма дал келбей калган, ошондой эле төлөм каражаты боло албаган жана жасалма акчалар табылган учурларда, акча берип жаткан адамга документти кайрадан тариздөө сунушталат. Мындай учурда кассир биринчи түзүлгөн документти чийип таштайт жана ал документке карата берилген квитанциянын артына анык кабыл алынган акчалардын суммасын жазуу менен ага кол коет. Кулактандыруу, ордер бухгалтерге тапшырылат, ал касса журналынан алгач көрсөтүлгөн сумманы сызып таштайт жана салымдын жаңы суммасын жазып, жаңы алынган документтерди тариздейт жана аларды кайрадан кассага жөнөтөт. Акча инкассаторлор тарабынан тапшырылып жаткан учурда, кассир описте анык кабыл алынган акчанын суммасын көрсөтөт, ал эми кем чыккандыгы же ашып кеткендиги жөнүндөгү актынын көчүрмөсү инкассаторлор аркылуу банкка берилет. Кассир төлөм каражаты болуп саналбаган, шектүү банкноттор жана монеталар табылган шартта, банкты, шектүү акчалар табылган кассирдин аты-жөнүн көрсөтүү менен 4 нускада акт түзөт. Актынын бир нускасы жана акчанын алынып салынгандыгы жөнүндө квитанция банкка берилет. 

Эгерде, алынып салынган банкнот же монета тиешелүү экспертизадан өткөндөн кийин төлөм каражаты болуп таанылса, анда, алынып салынгандыгы жөнүндө квитанциянын негизинде алар банкка (кардарга) кайтарылып берилет. 

Жасалма банкноттор жана монеталар табылган шартта, кассирдин иш-аракети «Шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу жөнүндө» нускоого ылайык аныкталат.  

2.5. Эгерде, акча кардар тарабынан Улуттук банктын мекемелеринин жүгүртүү кассаларына салынбаса, анда кассир кириш документтерин квитанциялары менен чогуу аныктап билүү үчүн бухгалтерге кайтарып берет. Аныктап билүүлөрдөн кийин квитанцияларда акчанын эмне себептен салынбагандыгынын себептери көрсөтүлөт. Бул учурларда, касса журналындагы жазуулар сызылып салынат, ал эми кириш документтер жокко чыгарылат. Билдирүүгө карата бузулган квитанциялар касса документтеринде жайгаштырылат. 

2.6. Улуттук банктын жүгүртүү кассалары коммерциялык банктардан банкнотторду толук таңычак менен кабыл алат.  

2.7. Банктардан түшкөн банкноттор жана монеталар төмөнкү жайларда кайрадан саналат: 

эскилиги жеткен жана кемчилдиктери барлар Камдык фондуларды сактоо жайынын Эскилиги жеткен акча менен иш алып баруу тобунда; 

жарактуулар Улуттук банктын Борбордук жүгүртүү кассасы тобунун Кайра эсептөө кассасында жана областтык башкармалыктарда. 

2.8. Банктардан түшкөн акчаларды кайра эсептеп чыгуу Борбордук жүгүртүү касса тобунун кайра эсептеп чыгуу кассасынын операторлору жана Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын кассирлери тарабынан жүргүзүлөт. 

2.8.1. Банкноттор төмөнкүчө кайрадан саналат: 

· таңычактардын саны боюнча; 

· таңычактагы корешоктун саны боюнча; 

· накладкаларынын реквизиттери, бандеролдордун дал келүүсү, таңгактардын бүтүндүгү, пломбалардын же клишелердин болушу текшерилет; 

· кайрадан бирден эсептеп чыгуу. 

2.8.2. Монеталар: 

· мүшөктөрдүн, баштыкчалардын саны боюнча, ал эми айрым монеталар бирден эсептеп чыгуу менен; 

· мүшөктөргө жана баштыкчаларга жабыштырылган ярлыктардагы жазуулар, таңгактардын бүтүндүгү, пломбалардын же клишелердин болушу текшерилет. 

Акчалардын артышында же кем чыгып калышында үч нускадан турган акт түзүлөт (2-тиркеме). Кайра эсептеп чыгуу учурунда белгиленген ашык акчалар жүгүртүү кассасына кириштелет жана таңычагында мындай акчалар табылган банктын корреспонденттик эсебине чегерилет. 

Акчанын бардык кем чыгуулары, ошондой эле иргөө мезгилинде коммерциялык банктардын таңычыктарынан табылган төлөм каражаты болбой турган жана жасалма акчалардын суммасы банктын корреспонденттик эсебинен алынып салынат. 

Актынын биринчи нускасы үстүнкү накладканы, бандеролду, пломбасы кесиле элек жиби же банктын логотиби бар баштыкчаны кошо тиркөө менен таңычактарынан жетпей калган же ашык акчалар табылган банктын жетекчисине жөнөтүлөт. Экинчи нуска кассалык ордердин көчүрмөсүн алуу үчүн бухгалтерияга жөнөтүлөт, ал эми үчүнчүсү иргөө тобунун документтеринде калат. 

Төлөм каражаты болбой турган акча банкнотторуна «Алмаштыруудан баш тартылды» деген штамп коюлат жана алар кардарга 10 күн ичинде көрсөтүлөт, бул мөөнөт өткөн соң алар жокко чыгарылат. 

2.9. Банк жетекчиси Улуттук банктан келген актыларды кылдат карап чыгууга жана банкнотторду, монеталарды ирг өөнө жана таңгактоону тиешелүү тартипке келтирүүгө, ошондой эле белгиленген тартипте төлөм каражаты боло албаган банкноттордун жана монеталардын табылган кемчилдиктерин жоюуга жана кассалык кайра эсептеп чыгууга алып келген себептерди четтетүүгө карата зарыл болгон чараларды көрүүгө милдеттүү

2.10. Улуттук банктын жүгүртүү кассаларынан чет өлкө валюталарын кабыл алуу жана берүү, улуттук валютаны кабыл алуу жана берүү тартиби сыяктуу эле жетекчиликтин буйруусунун негизинде жүргүзүлөт. 

 

3-БӨЛҮК. Улуттук банктын мекемелеринин жүгүртүү кассаларынан акчаларды берүү 

 

3.1. Улуттук банктын жүгүртүү кассаларынан акчаларды берүү төмөнкүчө жүргүзүлөт: 

банктарга (кардарларгакоммерциялык банктардын башка мекемелерине) белгиленген формадагы акча чектери боюнча; 

инкассаторлорго банк менен инкассациянын ортосунда акча жеткирүүнүн мындай тартиби каралган келишими болгон учурда, банктын же “Кыргыз инкассациясы” ЖАКтын (мындан ары «КЫРГЫЗИНКАС» ЖАК) белгиленген формадагы ишеним каты көрсөтүлгөн шартта опись түзүү менен чыгаша ордеринин негизинде (3-тиркеме). 

3.2. Кардарлар акча алуу үчүн акча чектерин Банктык эсептешүүлөр башкармалыгынын кызматкерине беришет, ал чекти тиешелүү түрдө текшергенден кийин маркасын кесип алат да, аны кардарга, ал эми чекти кассага тапшырат. Кардар акча алуу үчүн акча чегинен кесилип алынган контролдук марканы кассага көрсөтөт. 

3.3. Накталай акча берүүгө документтерди алган кассир төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү

Улуттук банктын Банктык эсептешүүлөр башкармалыгынын кызматкерлердин колтамгаларынын болушун текшерүүгө жана бул колтамгалардын кассадагы үлгүлөргө дал келүүсүн салыштырууга; 

документте цифра менен жазылган сумманы жазуу түрүндө берилген суммага салыштырып кароого; 

документте акчанын алынгандыгы жөнүндө тилкат бар экендигин текшерүүгө

акча алуучуну чыгыш документинин номери боюнча чакырууга жана алынып жаткан сумманы тактап суроого, алуучунун инсандыгын тастыктаган документти талап кылып, андагы маалыматтарды чектеги маалыматтар менен салыштырууга; 

кассадагы контролдук марканын номерин чектеги номер менен салыштырууга жана контролдук марканы чекке жабыштырууга; 

акчанын суммасын даярдап, аларды алуучуга берүүгө жана чыгыш документине кол коюуга. 

3.4. Кассир ярлыктардагы жазуусу, пломбасы бар монета салынган толтура (толук) мүшөктөр, ошондой эле накладкаларында жана бандеролдорунда белгиленген суммадагы акча банкнотторунун толук таңычактары жана корешокторунун таңгактары бузулбаган шартта, бирден санабастан эле акчаларды берүүнү жүзөгө ашырат. Улуттук банк тарабынан акчалар банкнотторду даярдаган зээркана жана фабриканын таңгактарында, Улуттук банктын таңгактарында, ал эми 1, 3, 5 жана 10 сом гана номиналындагы акчалар коммерциялык банктын таңгактарында берилиши мүмкүн. Толук эмес корешоктогу, ошондой эле бузулуп калган таңгактардагы акчалар кассир тарабынан бирден саналып берилет. 

Акча билеттери менен корешокторду ачуу учурунда, кассир акчаларды өзүнчө барактар менен берүү үчүн аларды алдын-ала санап чыгууга милдеттүү

Көрсөтүлгөн нарктагы монеталардын мүшөгүндөгү стандарттуу сандан аз монеталар берилген шартта, монеталар 100 даанадан салынган баштыктарда берилет, ал эми 100 даага жетпеген монетанын калдыгы баштыктагы монеталарды милдеттүү түрдө бирден эсептеп чыгуу менен берилет. 

Кассирлерге кардарларга акча берип жаткан учурда алардын талабы боюнча бир нарктагы акчаларды башка нарктагыга алмаштырып берүүгө тыюу салынат. 

Чекте көрсөтүлгөн сумманы алып жаткан кардар, монета салынган мүшөктөрдүн тууралыгын жана толуктугун, таңгактардын бүтүндүгүн, ар бир таңычактагы корешоктордун санын, накладкаларда, ярлыктарда көрсөтүлгөн суммалардын тууралыгын, алардагы мөөрлөрдүн оттискинин жана пломбалардын же банк клишесинин бүтүн жана толук экендигин кылдат текшерүүсү зарыл. Андан кийин кардар тарабынан алынган сумма кайра эсептеп чыгуу кассасында Улуттук банктын өкүлдөрүнүн көз алдында бирден саналып чыгат. Накталай акчалар банкка инкассаторлор тарабынан жеткирилген шартта, бул акчаларды бирден санап чыгуу алардын көз алдында банк-алуучу тарабынан жүргүзүлөт. Алынган таңычактарда же корешоктордо акча кем чыккан шартта, 3 нускадан турган акт түзүлөт, анын бири кассир тарабынан таңычагынан, корешоктон кем чыккан банкка, экинчиси Улуттук банкка берилет, үчүнчүсү акча алып жаткан кардарда калат. Бул актыга акчанын кайра саналышына күбө болгон Улуттук банктын өкүлдөрүнүн же акчаны ташып жеткирүүчү инкассаторлордун, ошондой эле акчаны алып жаткан кардардын колу коюлат.  

Эгерде, алынган сумма кардар же акча ташып жеткирүүчү инкассаторлор тарабынан өз убагында кайра эсептеп чыгуу кассасында саналбаса, анда банк, таңычакта кем чыккан акча үчүн жоопкерчиликтүү болбойт. 

3.5. Баалуулуктар инкассаторлор тарабынан ташылып келүүдө ишеним катка «КЫРГЫЗИНКАС» ЖАКтын филиалынын директору кол коет жана филиалдын мөөрү басылат. Баалуулуктар жөнөтүлгөндөн кийин ишеним кат күндөлүк кассалык документтерге тиркелет. 

Инкассаторлор баалуулуктарды алып жаткан учурда инсандыгын тастыктаган документтерин көрсөтүүлөрү тийиш. Инкассаторлор тарабынан акча банкнотторун жана монеталарды кабыл алуу мүшөктөрү, таңычактары жана корешоктору боюнча, мүшөктөрдүн жана пломбалардын бүтүндүгүн, таңычактардын тууралыгын жана бузулбагандыгын, ар бир таңычактагы корешоктордун санын, накладкаларда, ярлыктарда көрсөтүлгөн суммалардын жана аларда пломбирлердин оттискаларынын же банк клишелеринин бүтүн жана так экендигин текшерүү менен жүзөгө ашырылат. Банкноттордун толук эмес таңычактары жана корешоктору накладкалардагы корешоктор жана жазуулар боюнча текшерилгенден кийин кабыл алынат. 

Инкассаторлор, баалуулуктар текшерилгенден кийин жүгүртүү кассасынын башчысынын же анын көрсөтмөсү боюнча башка касса жумушчусунун көзөмөлдүгү менен аларды инкассатор мүшөктөрүнө салышат да, кендир жип менен тигип коюшат. Мүшөктөргө чүпөрөктөн жасалган ярлык тигилет, анда банктын аталышы, суммасы, күнү жана таңгакталышына контролдук кылган кассирдин аты-жөнү көрсөтүлөт. Мүшөк Улуттук банктын мекемесинин жүгүртүү кассасынын кассиринин пломбасы менен пломбуланат жана андагы ярлыкка акчаларды таңгактоого контролдук кылган касса кызматкеринин колу коюлат, ошондой эле мүшөктөр индикатордук универсалдуу пластик пломбалары менен да пломбуланышы мүмкүн. Баалуулуктарды кабыл алууда бригаданын башкы инкассатору чыгыш касса ордерине кол коет, ал эми баалуулуктарды ташуу описине бригаданын бардык мүчөлөрү кол коюшат (3-тиркеме). 

Баалуулуктарды ташуу описи жүгүртүү кассасынын кассири тарабынан, баалуулуктар жөнөтүлүп жаткан ар бир банк үчүн 3 нускада түзүлөт. 

Бардык нускалар инкассаторлорго берилет: 

биринчи нускасы чапталган конвертке салынып, алар тарабынан банк -алуучунун жетекчисине тапшырылат; 

экинчи нуска инкассаторлордун өзүндө калат; 

үчүнчү нуска банк-алуучунун тилкаты менен инкассаторлор тарабынан жүгүртүү кассасына кайтарылат жана бухгалтериянын жумушчусунун колу коюлуп, касса документтерине тиркелет. 

Бригаданын бардык инкассаторлору кабыл алынган жана салынган баалуулуктардын сакталышына жана мүшөктөрдөгү пломбалардын бузулбашына материалдык жактан толук жоопкерчилик тартышат. 

3.6. Коммерциялык банктардын жана финансы-кредит мекемелердин материалдык-жоопкерчиликтүү адамдары инкассаторлордон баалуулуктарды описте көрсөтүлгөн банкноттордун жана монеталардын саны, суммасы жана наркы боюнча гана кабыл алышат. Наркы боюнча дал келбеген жагдайлар орун алган шартта, 3 нускадан турган акт түзүлөт, анда кабыл алынган баалуулуктардын анык наркы көрсөтүлөт. Актынын 1-нускасы Улуттук банкка жөнөтүлөт, 2-нускасы банк алуучуда, ал эми 3-нускасы инкассаторлордо калтырылат.  

3.7. Жүгүртүү кассаларынын кассирлери банктардын билдирмелери боюнча, жүгүртүү кассасында жайгашкан нак акчалардын эсебинен, аларды коммерциялык банктардын операциялык кассаларын толуктоо үчүн ведомостко ылайык нак акчаларды банктардын өкүлдөрүнө берүү үчүн алдын ала даярдашат. 

3.8. Башкы коммерциялык банктар жана Борбордук Казыналык Улуттук банктын Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгына операциялык кассаларды накталай акчалар менен толуктоого билдирмелерди, акча толуктоочу күндөн мурунку күнү саат 16.00 чейин банктын корреспонденттик эсебинен толуктоо суммасын алып салууга төлөм тапшырмасын жана Борбордук Казыналыктын күнүмдүк эсебин кошо көрсөтүү менен беришет. Банктын бөлүмдөрү нак акчаларды Улуттук банктын жүгүртүү кассасынан түздөн-түз алган шартта, бул бөлүмдөр боюнча билдирүүлөр төлөм тапшыруусун берүүсүз эле өзүнчө түзүлөт, анткени каражаттарды эсептен чыгарып салуу башкы банктын корреспонденттик эсебинен кызмат адамдарынын колу коюлган чек аркылуу же болбосо инкассаторлор баалуулуктарды алган учурда, чыгаша касса ордеринин негизинде жүргүзүлөт. 

3.9. Нумизматикалык баалуулуктарды сатуу, жүгүртүү кассасы тарабынан «Нумизматикалык баалуулуктарды сатып өткөрүү боюнча жобого» ылайык жүзөгө ашырылат. 

 

 

4-БӨЛҮК. Банкнотторду жана монеталарды алмаштыруу жана экспертизалоо 

 

4.1. Улуттук валютаны кабыл алууда жана аны иштеп чыгууда банктын кассирлери, Улуттук банк Башкармасынын банкнотторду жана монеталарды жүгүртүүгө чыгаруу боюнча токтомдоруна жана валютанын сүрөттөлүшүнө таянуу менен алардын аныктыгына көз салып турууга милдеттеүү

Банктардын банкноттордун аныктыгын текшерүү үчүн атайын аспаптары болууга тийиш.  

4.2. Акча белгилеринин төлөм каражаты экендигин аныктоонун белгилери жана тартиптери төмөнкүлөр: 

Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты статусуна ээ (анын ичинде, жүгүртүүдөн алынып сала тургандары да), жасалмалуулук белгилери кездешпеген банкноттор жана монеталар, төлөм каражаты болуп саналат.  

Банктар, төмөнкүдөй зыян тарткан банкнотторду жана монеталарды тоскоолдуксуз кабыл алууга милдеттүү

4.2.1 Банкноттор: 

· банкноттун 80 пайыздан кем эмес өлчөмү сакталган болсо; 

· тешилип, айрылып, жазуулары кырылып калган, бурчтары жана жээктери жок болсо; 

· айрылып калган жана кайра чапталган болсо, ал эми айрылган бөлүктөрү бир эле банкнотко тиешелүү болгон учурларда; 

· боечу заттар, май же башка турмуш-тиричилик реагенттери төгүлүп, баштапкы түсү өзгөрүүгө дуушар болсо; 

· жуулуп калгандар; 

· күйүп калгандар; 

· басып чыгаруунун даана көрүнгөн кемчиликтери барлар; 

· эскилиги жеткен жана булгангандар; 

· тексттерге, цифраларына жана башка сүрөттөлүштөрүнө кошумчасы барлар; 

· банкноттордун сүрөттөлүшүн көрүүгө тоскоол болуучу сыя жазуулары бар болсо; 

· төрттөн көбүрөөк белгиден турган актай тилкеде ашыкча сыя менен жазуусу жана сүрөттөрү

· банкноттун бүтүндүгүндө бир же андан ашык кемчиликтер болсо, көпчүлүк бөлүгү 200 ммІ түзгөнже андан көбүрөөк чаптагыч менен жабыштырылган болсо; 

· укук коргоо органдары тарабынан ар түрдүү атайын операцияларды жүргүзүү үчүн пайдаланылган банкнотторду ультракызгылтым нурга салып кароодо штамптын тагы же атайы коюлган белгилер. 

4.2.2. Монеталар: 

· баштапкы формасы бузулгандар (ийрейген, бүктөлгөн, арааланган), бирок аверсиде да, реверсиде да сүрөттөлүштөрү толугу менен сакталгандар; 

· жогорку температуранын жана агрессивдүү чөйрөлөрдүн таасирине туш болгондор (эрип калгандар, оюлгандар, түсү өзгөргөндөр); 

· даярдоочунун мүчүлүштүктөрү барлар. 

4.3. Банктар, 4.2.1. жана 4.2.2-пункттарында көрсөтүлгөндөй зыянга учурган банкноттор менен монеталарды иргеп, аларды эскилиги жеткен банкноттордун катарына кошуу зарыл жана укук коргоо органдары тарабынан ар түрдүү атайын операцияларды жүргүзүү үчүн пайдаланылган банкнотторду ультракызгылтым нурга салып кароодо штамптын тагы же атайы коюлган белгилери бар ар бир банкнотторго «ЭСКИЛИГИ ЖЕТКЕН» деген штамп коюлушу керек.  

Банктар банкноттун бүтүндүгүндө (айрылган жерлери) кемчиликтери бар болсо, 200 ммІ көп эмес бөлүгүн түзгөн учурда, айрылган жерлерин жабыштырып, аларды эскилиги жеткен банкноттор катарына чегерүүгө тийиш. 

Банктар банкнот бетиндеги карандаш менен жазылган жазууларды жана сүрөттөрдү, банкнотанын басылган сүрөттөрүнүн көрүнүүсүн начарланткан булганган жерлерин өчүргүч (ластик) менен өчүрүп, аларды жарактуу банкноттор катарына кошууга тийиш. 

Банктар, 4.2.1. жана 4.2.2- пункттарда көрсөтүлгөн, аныктыгына шек туудурбаган, жараксыз болуп калган банкнотторду/монеталарды жарактууларына, ошондой эле бир нарктагы банкнотторду/монеталарды башка нарктагыларга алмаштырууга, жана мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштагандыгы үчүн акы албоого итлдеттү милдеттүү. Банкнотту алмаштыруунун негизи болуп, анын 80 пайыздан кем эмес сакталып калышы эсептелет.  

4.4. Улуттук банк, анын областтык башкармалыктарын кошо алганда, кардарлардан, экспертизалоону талап кылган, зыян тарткан, өлчөмү 50 пайыздан 80 пайызга чейин сакталып калган банкнотторду жана экспертизалоону талап кылган салмагынын 80 жана андан ашык пайызы сакталып калган монеталарды алардын арызынын негизинде кабыл алат (4-тиркеме). Арыз ээсине кабыл алынган банкноттордун/монеталарын суммасы жана саны көрсөтүлгөн (5-тиркеме) квитанция берилет. Банкнотторду/монеталарды экспертизадан өткөрүүгө арызы менен бирге, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жүгүртүү кассаларына жөнөтүшөт. 

4.5. Эгерде, банкнота/монета экспертизаны талап кылбаса, банктын кассири кардарга эскилиги жеткен банкнотторду/кемчилдиктери бар монеталарды жарактууларына алмаштырып берет, бул учурда эч кандай документтер толтурулбайт. 

4.6. Өлчөмүнүн 50 пайыздан 80 пайызга чейинкиси сакталып калган банкноттор Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына экспертизага берилет. 50 пайыздан азыраак сакталган банкноттор кабыл алууга жана алмаштырууга жатпайт. 

4.7. Монетанын аныктыгы шартында, анын аверсинде жана реверсинде сүрөттөлүштүн толугу менен жана салмагынын 80 пайызы сакталып калышы, аны алмаштырууга негиз боло алат. Зыянга учураган жана 80 пайызынан кемирээги гана сакталып калган монеталар кабыл алынбайт жана алмаштырылбайт. 

4.8. Бир катар мүнөздөмөлөрү жана техникалык спецификациялары боюнча банкноттордун/монеталардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмитирленгендигине шек туудурган банкноттор/монеталар шектүү деп саналат. Шектүү банкнот табылган учурда, банктардын кассирлери «Улуттук валютанын шектүү банкноттору менен иштөө боюнча» нускоонун талаптарына ылайык аракеттенүүлөрү зарыл. 

Шектүү монета табылган шартта, аны Улуттук банкка экспертиза жүргүзүү үчүн тапшыруу зарыл. 

4.9. Улуттук банктын мекемелери жеке адамдарга жана юридикалык жактарга зыян келтирилген банкнотторду/монеталарды жарактуу банкнотторго/монеталарга «Кыргыз Республикасынын банкнотторунун жана монеталарынын төлөөгө жөндөмдүүлүгү белгилери жана аларды алмаштыруу эрежелери жөнүндө жобо” талаптарына ылайык, алардын аныктыгы такталып, төлөм каражаты экени аныкталгандан кийин гана алмаштырууну жүзөгө ашырышат. 

4.10. Банкноттор жана монеталар алмаштырууга жана экспертизага алардын аныктыгын жана төлөм каражаты боло тургандыгын текшерүүгө жана банкнотторду экспертизалоонун жыйынтыгы жөнүндө белги коюуга боло тургандай абалда өткөрүлүшү керек. 

4.11. Күйүп калган банкноттордун күбүлүп түшүүчү жээктери, ошондой эле химиялык заттар менен иштетилген банкноттордун бөлүктөрү экспертизалоо жана алмаштыруу убагында жоготуп албоо максатында, жабыштыргыч желим (скотч) же желимдегич менен чапталууга тийиш. Жуулуп калган жана суу болгон, ошондой эле айрылып калган фрагменттерден чогултулган банкноттор алмаштыруу үчүн жабыштыргыч желим же желимдегич менен жука кагазга чапталган түрүндө кабыл алынат. 

Инфекциялык жугуштуу дарттарды жуктуруп алуу коркунучун туудурган банкноттор экспертизага кабыл алынбайт жана алар Чумага каршы күрөшүү станциясынын адистери тарабынан дезинфекциялоодон өткөртүлүүгө тийиш. Ошондон кийин гана тиешелүү корутунду чыгарылган банкноттор экспертизага кабыл алынышы мүмкүн. 

4.12. Улуттук банкта банкноттордун/монеталардын экспертизасы 5 жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт. Акча белгилерине экспертиза жүргүзүлгөндүгү үчүн акы алынбайт. 

4.13. Банкноттун/монетанын төлөм каражаты экендиги аныкталгандан кийин банкноттор жана монеталар экспертизанын жыйынтыктары менен таанышруу үчүн арыз берүүчүгө берилет. Арыз берүүчү экспертизанын жыйынтыгы менен таанышкандан кийин акчаны экспертизага кабыл алуу жөнүндөгү квитанцияны кайтарып берүү менен арызга кол коюп бериши керек. Тиешелүү штамп коюлган банкноттор жана зыян тарткан монеталар кардарга кайтарылып берилбейт. 

4.14. Экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин алмаштырылуучу банкноттордун/монеталардын суммасы банкнотторду жөнөткөн банктын эсебине чегерилет. Бул чегерүү жөнүндө банкнотторду берген банкка же анын филиалына, ал эми жеке адамдын арызы боюнча банкнот келип түшкөн учурда, жеке адамга билдирилет.  

 

Текст боюнча тиркеме 9 беттен турат.  

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерди кассалык тейлөө жөнүндө” нускоого карата 1-тиркеме 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерди кассалык тейлөө жөнүндө» нускоого карата 2-тиркеме 

 

 

№ ___ АКТ 

200___-жылдын «____» _________ _____________ шаары 

___________________________________________________ кабыл алынган  

______________________________номиналындагы банкноттордун таңычаактарын бирден барактап, ал эми монеталардын мүшөгүн оролгону боюнча кайра эсептеп текшерүү учурунда _____________________________________________________________________ 

(кассирдин аты-жөнү, бандеролдун накладкалары, байлоосу бар пломба, пластик пломбасы, логотиби бар баштык, ярлык) 

_________________________________________________________________ 

(байлоосу бар пломба, пластик пломбасы же логотиби бар баштык бузулуп калган учурда, керектүүсү көрсөтүлсүн 

башкы контролердун катышуусунда __________________________ кассир тарабынан төмөнкүлөр аныкталды: 

 

№ 

Дефекттин аталышы 

Банкноттордун/монеталардын номиналы 

Банкноттордун/ монеталардын саны 

Суммасы 

Төлөм каражаты эмес банкноттордун №№ 

Эскертүү 

1. 

Кем чыгуулар 

 

 

 

 

 

2. 

Ашыкчалар 

 

 

 

 

 

3. 

Төлөм каражаты болбой тургандар 

 

 

 

 

 

4. 

Жасалмалар 

 

 

 

 

 

 

Жыйынтыгында 

 

 

 

 

 

 

Дал келбөөчүлүктүн суммасы жазуу түрүндө ___________________________________ 

Жогоруда көрсөтүлгөн 10 корешоктон турган таңычак толугу менен саналды, _________ корешоктон ____________ табылды. Таңычактын калган корешокторунда кем чыккан жана артып калган акчалар табылган жок. 

Монеталар салынган мүшөк толугу менен саналды. 

Таңычактын жана корешоктун /мүшөктүн таңгагы ____________болуп чыкты. (бузулган, бузулбаган) 

 

Тиркеме: 1. _____________________ логотиби бар баштык/мүшөктүн ярлыгы; 

2. _____________________ накладкалар; 

3. _____________________ бандероль; 

4. ___________________________________ пломбасы бар байлама/  

пластик пломбасы; 

5. _____________________ пломбанын эки жагынын сүрөттөлүшү  

(аталышы, коду жана номери). 

 

Кассир ______________________ Контролдоочу ___________________________ 

Касса башчысы ____________________________________________________________ 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерди кассалык тейлөө жөнүндө» нускоого карата 3-тиркеме 

 

Баалуулуктарды ташып жеткирүү боюнча 

№_____ ОПИСЬ 

200__ж. «____»____________  

Жөнөтүүчү банктын аталышы __________________________________ 

__________________________________________________________________________ 

Алуучу банктын аталышы ___________________________________________________________аркылуу 

(кызматы, аты-жөнү

кассадан улуттук валютадагы жарактуу/эскилиги жеткен (кемчилдиктери бар) банкнотторду жана монеталарды жөнөтөбүз. 

Аталган баалуулуктарды алынгандыгын жана тиешелүү эсепке чегерилгендигин тастыктоону өтүнөбүз.  

Банкноттордун (монеталардын) номиналы 

Суммасы 

Мүшөктөрдүн саны 

Пломбанын/пломбирдин номери 

«___» индекс 

 

 

 

1 сом 

 

 

 

5 сом 

 

 

 

10 сом 

 

 

 

20 сом 

 

 

 

50 сом 

 

 

 

100 сом 

 

 

 

200 сом 

 

 

 

500 сом 

 

 

 

1000 сом 

 

 

 

Жыйынтыгында 

 

 

 

«___» индекс 

 

 

 

20 сом 

 

 

 

50 сом 

 

 

 

100 сом 

 

 

 

200 сом 

 

 

 

500 сом 

 

 

 

1000 сом 

 

 

 

5000 сом 

 

 

 

Жыйынтыгында 

 

 

 

«____» индекс 

 

 

 

10 тыйын 

 

 

 

50 тыйын 

 

 

 

1 сом 

 

 

 

3 сом 

 

 

 

5 сом 

 

 

 

10 сом 

 

 

 

Жыйынтыгында 

 

 

 

БАРДЫГЫ БОЛУП 

 

 

 

(суммасы жазуу менен) 

Баалуулуктарды кабыл алган Баалуулуктарды тапшыргандар: 

инкассаторлор (аты-жөнү) _________________________ 

________________________ (жоопкерчиликтүү адамдардын аты-жөнү жана колтамгалары)  

________________________ _________________________ 

* -эгерде жаңы номиналдар киргизилген болсо, анда акыркылар опись бланкына кошулат. 

 

Т И Л К А Т 

 

 

200 ___ ж. «__»__________________ 

 

 

(кызматы, аты-жөнү

аркылуу жөнөтүлгөн _____________________________________________________  

(суммасы цифра жана жазуу менен) 

сом суммасындагы описте көрсөтүлгөн баалуулуктар___________________________ кабыл алынды. 

 

Баалуулуктарды кабыл алуу учурунда текшерилди 

_________________________________________________________________ 

өрсөтүлсүн: барагы, даанасы, ярлыктардагы жазуулар, таңычактар жана корешоктор боюнча) 

 

Жетекчи _____________ _________________________ 

(колтамгасы) (банк мекемесинин аталышы) 

 

 

 

Башкы бухгалтер колтамгасы 

Касса башчысы колтамгасы 

 

 

 

Баалуулуктарды тапшырган 

инкассаторлор: колтамгалары 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерди кассалык тейлөө жөнүндө» нускоого карата 4-тиркеме 

 

№________ АРЫЗ 

 

_________________________________________________________________ 

(уюмдун аталышы же арыз ээсинин аты-жөнү

 

Дареги: ________________________________________________________ 

 

Улуттук валютадагы зыянга учураган төмөнкү банкнотторду/ монеталарды экспертизага кабыл алууңузду өтүнөм: 

 

№ 

Номиналы 

Сериясы жана номери 

Чыккан жылы 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

___________________________________________________ алынган 

(банкнотту/монетаны кардар тарабынан алуунун жагдайы) 

200 ___ж. «___» __________ Арыз ээсинин колтамгасы___________ 

 

 

Улуттук банктын 200_ ж. «__»________ № ___ экспертизасынын корутундусу 

 

_______________________________________________________________ 

(Улуттук банктын банкнотту/монетаны экспертизага кабыл алган мекемесинин аталышы) 

Банкноттор/монеталар 100% номиналга алмаштырууга тийиштүү 

Банкноттор 50% номиналга алмаштырууга тийиштүү  

Банкноттор/монеталар алмаштырылбайт 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Алмаштыруу _________________ сом ________ тыйын суммасына жүргүзүлдү

 

Экспертизанын корутундусу менен тааныштым; бериле турган сумма алынды. 

 

200 __ ж. «___» __________ Арыз ээсинин колтамгасы________________ 

 

(Бардык пункттарды так жана тыкандык менен толтурууңузду өтүнөбүз!) 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерди кассалык тейлөө жөнүндө» нускоого карата 5-тиркеме 

 

________________________________________________________________ 

(банкнотту/монетаны экспертизага кабыл алган мекеменин аталышы

 

 

КВИТАНЦИЯ 

 

200 __ ж. «___» _________ №_______ арызына карата 

 

 

Зыянга учуруган ______________________ даана банкноттор/монеталар экспертизага ____________________________ сом ____________ тыйын суммасында кабыл алынды 

(цифра жана жазуу түрүндө

 

Банкноттордун сериялык номерлери:______________________________________________ 

____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

 

Кошумча маалыматтар:________________________________________________________ 

____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

 

Банкнотторду/монеталарды кабыл алган адамдын аты-жөнү, кызматы жана колтамгасы: 

______________________________________________________________________________________________________________________________________________________ 

 

 

200 __ ж. «___» _________ 

 

 

 

(Экспертизанын корутундусу менен таанышкандан кийин квитанцияны кайтарып берүүңүздү өтүнөбүз!) 

 

 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерди кассалык тейлөө жөнүндө» нускоого карата 6-тиркеме 

 

 

БИЛДИРҮҮ 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгы Сиз жөнөткөн _____________ сом ________ тыйын суммасындагы улуттук валютанын зыян келтирилген банкнотторуна/ монеталарына экспертиза жүргүздү жана аларды _________________ сом ________ тыйын суммасына алмаштырды. 

Көрсөтүлгөн сумма ___________________________________________  

_________________________________________________________________ банктын эсептешүү эсебине чегерилди. 

 

Акчаларды алуу үчүн Сиз _____________________________________ 

____________________________ кайрыла аласыздар жана ал үчүн паспорт же инсандыгыңызды тастыктаган документтер талап кылынат. 

 

 

Накталай акча менен иш алып баруу  

башкармалыгынын начальниги ________________ 

 

 

 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында коммерциялык банктарды жана финансы-кредит мекемелерди кассалык тейлөө жөнүндө» нускоого карата 7-тиркеме 

 

 

 

Тыйындардын таңычагы үчүн накладкалардын үлгүсү 

Банктын аталышы 

Коду_______ 

 

 

 

10 

 

1000 

 

 

 

 

 

100 

СОМ 

тыйын 

 

барак 

 

 

 

 

____________Күнү 

 

 

 

___________Кассир 

 

 

 

 

 

Сомдун таңычагы үчүн накладкалардын үлгүсү 

 

Банктын аталышы_____________ 

Коду________________ Суммасы  

1000 барак 

 

СОМ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

_________________ Күнү 

Номиналы 

 

 

СОМ 

 

_________________Кассир 

 

 

 

 

 

Банктын аталышы р 

Код________________ 100 000 

1000 барак 

 

СОМ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

__________________ Күнү 

100 

 

 

СОМ 

 

__________________Кассир 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Монета салынган баштык/мүшөк үчүн ярлыктын үлгүсү 

 

 

 

10 ТЫЙЫНДЫК МОНЕТА 

 

 

 

Банктын аталышы 

___________________________ 

 

Коду_______________________ 

 

Номиналы 10 тыйын 

 

Саны 3000 даана  

 

Суммасы 300 сом 

 

Күнү _____________________ 

Кассир ____________________ 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

5 СОМДУК МОНЕТА 

 

 

 

Банктын аталышы 

___________________________ 

 

Коду______________________ 

 

Номиналы 5 сом 

 

Саны 1000 даана 

 

Суммасы 5000 сом 

 

Күнү _____________________ 

Кассир ____________________ 

 

 

Монеталар салынган баштык үчүн штамптын үлгүсү