Кайта келүү

 

Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана монеталары менен иш алып баруу боюнча НУСКОО 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул Нускоо Улуттук банк тарабынан жөнгө салуучу жана лицензиялануучу банктардын жана банктык эмес финансы мекемелердин (мындан ары кредиттик мекемелер) кассирлеринин Кыргыз Республикасынын аймагында жеке адамдар жана юридикалык жактар менен эсептешүү-кассалык операцияларды жүргүзүү учурунда улуттук валютанын шектүү банкнотторун жана монеталарын таап алууда (мындан ары-шектүү банкноттор/монеталар) иш алып барууларынын негизги максаттарын, милдеттерин жана тартиптерин аныктайт. 

 

2. Ушул Нускоого ылайык, кредиттик мекемелердин кызматкерлеринин иши Кыргыз Республикасында накталай акча жүгүртүлүшүн жасалма акча жасоочулуктан коргоонун натыйжалуу системасын түзүүгө, жасалма банкноттордун/монеталардын бетин ачуу боюнча натыйжалуу чараларды жүзөгө ашырууга жана алардын андан ары колдон-колго өтүп кетишин четтетүүгө багытталууга тийиш. 

 

3. Шектүү банкноттор жана монеталар бул, бир катар техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча, алар Улуттук банк тарабынан эмитирленгендигинен шектенүүнү жараткан банкноттор/монеталар. 

 

4. Шектүү банкнотторду/монеталарды экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгында алардын техникалык спецификациясы анык банкноттордун техникалык спецификациясына дал келбегендиги белгиленсе, алар жасалма катары таанылат. 

 

5. Шектүү банкноттор/монеталар экспертизадан өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (мындан ары Улуттук банк), же болбосо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Финансы полициясы кызматынын (мындан ары- Финансы полициясы) жакын жайгашкан бөлүмүнө берилүүгө тийиш. 

 

6. Улуттук банктын жана анын областтык башкармалыгынын Кыргыз Республикасынын күч структуралары менен жасалма банкнотторду/монеталарды табуудагы биргелешкен аракеттери «Улуттук банктын, Ички иштер министирлигинин, Финансы полициясынын, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Адилет министирлигинин жана Сот департаментинин жасалма акча жасоочулукка каршы күрөшүүнүн алкагында кызматташуусу жөнүндө» Келишимдин шарттары менен регламенттелет. 

 

2. Кредиттик мекемелердин кассирлеринин шектүү банкнотторду/монеталарды табуудагы иштери 

 

7. Кредиттик мекемелердин касса кызматкерлеринин колунда банкноттордун/монеталардын аныктыгын текшерүү үчүн детекторлор жана приборлор, ошондой эле маалымат жана методикалык материалдар болууга тийиш. 

Сунуш кылынган детекторлор жана приборлор: 

1. Чоңойтуп көрсөтүүчү айнек (кеминде 10 эсе чоңойтуп көрсөтүүгө жөндөмдүү); 

2. Жарыкка салып караганда банкноттун аныктыгын текшере алган прибор; 

3. Улңтра күлгүн жарыктын булагы; 

4. Ченегич сызгыч; 

5. Инфра кызыл нурдун чагылышында байкалган коргоо белгилерди текшерүү үчүн прибор. 

 

8. Коммерциалык банктардын жана депозиттерди тартууга лицензиясы бар финансы-кредит мекемелеринин касса кызматкерлери төлөм каражаттарынын аныктыгын текшерүү боюнча окуудан көзкарандысыз окуу борборлордон өтүүсү жана ага ылайык сертификат алуусу зарыл. 

 

9. Шектүү банкноттор/монеталар табылган бардык учурларда, атап айтканда: 

 

1) жеке адамдардан жана юридикалык жактардан (мындан ары -кардар) накталай акчаларды кабыл алууда; 

2) кассирлер тарабынан кардарлардан кабыл алынган накталай акчалардын арасында шектүү банкнотторду/монеталарды табууда; 

3) кредиттик мекемелердин кассаларына ревизия жүргүзүү учурунда шектүү банкнотторду/монеталарды табышкан кассирлер же башка адамдар аларды алып салуу боюнча чараларды ушул Нускоонун талаптарына ылайык кабыл алууга милдеттүү. 

 

10. Кардарлардан накталай акчаларды кабыл алып жатканда шектүү банкноттор/монеталар табылган шартта, кассир кардарга экспертизадан өткөрүү жөнүндө арыздын бланкасын толтуруу үчүн берет (1-тиркеме). Кардар арыздын бланкасын толтуруудан баш тартса, анда, кассир өзү шектүү банкноттордун/монеталардын табылышынын жагдайын толук жазып толтурууга тийиш. Арыздын бланкасындагы бардык пункттар толук жана түшүнүктүү толтурулууга тийиш. 

 

11. Кардарга экспертизага кабыл алынган шектүү банкноттун суммасы боюнча, алардын номиналын, санын жана сериялык номерлерин көрсөтүү менен квитанция берилет (2-тиркеме). 

 

12. Кредиттик мекемелерде накталай акчаларды эсептөөдө шектүү банкноттор/монеталар табылган учурда кассир, экспертизадан өткөрүү жөнүндө арызды өз атынан толтурууга жана аны банкнот/монета менен бирге Улуттук банк мекемесинин бириндеги Жүгүртүү кассасына (мындан ары- Жүгүртүү кассасы) же болбосо Финансы полициясынын аймактык башкармалыгынын жакын жерде жайгашкан бөлүмүнө бир иш күнү ичинде жөнөтүүгө милдеттүү. 

 

13. Кассир шектүү банкноттун табылгандыгы фактысы жөнүндө өзүнүн жетекчилигине же башка ыйгарым укуктуу адамдарга токтоосуз маалымдоого милдеттүү. 

 

14. Арыз менен кошо кредиттик мекемелердин кассирлери тарабынан эсептешүү-кассалык операцияларды жүргүзүү учурунда табылган бардык жасалма банкноттор/монеталар Жүгүртүү кассасынан Улуттук банктын Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнө, (же Улуттук банктын Акча жүгүртүү бөлүмүнө/ Областтык башкармалыктардын кассалык операциялар тобуна) же Финансы полициясынын жакын жайгашкан бөлүмүнө коштомо кат менен бирге, бир жумуш күнү ичинде жөнөтүлүүгө тийиш. 

 

15. Шектүү банкноттор/монеталар табылган ар бир учурда, Улуттук банктын областтык башкармалыктары экспертизадан кийин ушул Нускоонун 2.1-пунктуна ылайык белгиленген формада бул жөнүндө Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнө маалымдоого тийиш. 

 

16. Накталай акчаларды Улуттук банкта (же Улуттук банктын областтык Башкармалыктарында) эсептөөдө жана иргөөдө шектүү банкноттор/монеталар табылып калган учурда, Улуттук банктын ченемдик документерине жана нускоо материалдарына ылайык иш алып баруу зарыл.  

 

17. Кредиттик мекемелер шектүү банкнотторго байланыштуу бардык аракеттерди бүткөрүүгө жана бул тууралуу кардарларга 10 жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү. 

 

3. Шектүү банкнотторду/монеталарды Улуттук банкта экспертизадан өткөрүүнүн тартиби 

 

18. Шектүү банкноттордун/монеталардын аныктыгын текшерүү Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмү же Улуттук банктын областтык башкармалыктарынын Акча жүгүртүү бөлүмү/ кассалык операциялар тобу тарабынан жүргүзүлөт. Шектүү банкнотторду/монеталарды экспертизадан өткөрүү үчүн акы төлөнбөйт. 

 

19. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча протокол толтурулат (3-4-тиркемелер) жана экспертизанын корутундусу экспертизадан өткөрүү жөнүндө келип түшкөн арызга кошо тиркелет. Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн началңниги (же Улуттук банктын Акча жүгүртүү бөлүмүнүн/Областтык башкармалыгынын началңниги) документтердин туура толтурулгандыгын текшерет, протоколду жана арыздын бланкасындагы экспертизанын корутундусун өзүнүн кол тамгасы менен күбөлөндүрөт. 

 

20. Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмү жана Улуттук банктын Акча жүгүртүү бөлүмүнүн/ Областтык башкармалыктарынын кассалык операциялар тобу шектүү банкноттордун/монеталардын экспертизасына байланыштуу бардык жол-жоболорду бүткөрүүгө жана шектүү банкноттордун/монеталардын табылган жери боюнча экспертизанын жыйынтыгы жөнүндө 5 жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө билдирүүгө милдеттүү.  

 

21. Республиканын банк тутумунда табылган жасалма банкноттордун/монеталардын борборлоштурулган эсепке алуусун Улуттук банктын Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмү жүргүзөт (5-тиркеме). 

 

22. Жылына эки жолу жасалма банкноттор/монеталар боюнча аналитикалык маалыматтарды даярдоо үчүн Улуттук банктын областтык башкармалыктары Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнө ошол аймакта табылган жасалма банкноттор/монеталар жөнүндө маалыматты белгиленген формага ылайык жөнөтүүгө милдеттүү (6-тиркеме).  

 

4. Экспертиза өткөрүлгөндөн кийин шектүү банкноттор жана монеталар менен иш алып баруу 

 

23. Эгерде шектүү банкнотторду/монеталарды экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча алар анык банкнот/монета катары белгиленсе

 

1) экспертиза үчүн жоопкерчиликтүү адам экспертизанын корутундусу менен арызды банкнот/монета менен бирге Жүгүртүү кассасына жөнөтөт. Кассир кардарды экспертизанын корутундусу менен тааныштырат, кардар аны менен таанышкандыгын арызга кол коюу менен тастыктайт жана кассир кардарга эксперттик корутундуда көрсөтүлгөн сумманы берет. Арыз Жүгүртүү кассасынын кассалык документтерине тиркелет, ал эми кардардын өтүнүчү боюнча ага арыздын көчүрмөсү берилиши мүмкүн. Кардар кассирге шектүү банкнотторду/монеталарды экспертизага кабыл алууда берилген квитанцияны кайтарып берүүгө тийиш. 

 

24. Эгерде, шектүү банкнотторду/монеталарды экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыгында алардын жасалма экендиги тастыкталса, банкнотко «ЖАСАЛМА» деген штамп коюлат. Мында: 

 

1) экспертиза үчүн жоопкерчиликтүү адам экспертизанын корутундусу менен арызды Жүгүртүү кассасына жөнөтөт. Кассир кардарды экспертизанын корутундусу менен тааныштырат, кардар аны менен таанышкандыгын арызга кол коюу менен тастыктайт. Кардар кассирге шектүү банкнотторду/монеталарды экспертизага кабыл алууда берилген квитанцияны кайтарып берүүгө тийиш. Арыз Жүгүртүү кассасынын кассалык документтерине тиркелет. Кардардын өтүнүчү боюнча ага арыздын көчүрмөсү берилиши мүмкүн; 

 

2) жасалма банкноттор/монеталар кардарга кайтарылып берилбейт жана алмаштырылбайт. 

 

25. Жасалма банкноттор/монеталар үчүн материалдык жоопкерчиликти төмөндөгү учурларда: 

 

1) накталай акчаларды кредиттик мекемелерге тапшыруу учурунда кардар мойнуна алат; жасалма банкноттордун/монеталардын суммасы тапшырылуучу акчалар боюнча көрсөтүлгөн суммада эсепке алынбайт; ал эми банктын кассири ушул нускоонун 10-17-пункттарына ылайык иш алып барууга милдеттүү; 

 

2) кредиттик мекемелердин кассирлери тарабынан таңылчактагы накталай акчаларды кайрадан эсептеп чыгууда жана иргөөдө, жасалма банкноттор/монеталар табылган кредиттик мекеменин кассири жоопкерчилик тартат. 

 

26. Экспертизага жоопкерчиликтүү адамдар жасалма банкнотторду/монеталарды экспертиза жүргүзүлгөндөн кийинки беш жумуш күн ичинде, тергөө ишин жүргүзүү үчүн алардын табылган орду боюнча Финансы полициясынын мекемелерине беришет.  

 

27. Жасалма банкнотторду/монеталарды Финансы полициясынын мекемелерине тергөө ишин жүргүзүү үчүн өткөрүп берүү, Жасалма банкнотторду/монеталарды кабыл алуу өткөрүп берүү актысына ылайык жүргүзүлөт (7-тиркеме). Акт эки нускада түзүлөт, анын бири жасалма банкноттор/монеталар менен бирге, арыздын жана протоколдун көчүрмөсү менен Финансы полициясынын жакын жердеги бөлүмүнө берилет, ал эми экинчиси Улуттук банктын документтеринде сакталат.  

 

28. Накталай акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмү жасалма банкноттордун/монеталардын жаңы түрлөрү табылган учурда бул тууралуу республиканын калкына токтоосуз маалымдайт.  

 

 

Улуттук валютанын шектүү банкноттору жана  

монеталары менен иш алып бару  

боюнча Нускоого тиркемелер:  

 1-тиркеме

 2-тиркеме

 3-тиркеме

 4-тиркеме

 5-тиркеме

 6-тиркеме

 7-тиркеме