Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2010-жылдын 26-майындагы 

N 36/7 токтому менен 

бекитилген 

Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата коюлуучу негизги талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-августундагы N 32/5, 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 2017-жылдын 28-июнундагы № 2017-П-14/28-3-(НПА), 2018-жылдын 14-мартындагы № 2018-П-14/8-11-(БС), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-5-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 28-июнундагы № 2017-П-14/28-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2. Калкка банктын атынан чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган чекене агенттерди ишке тартуу жана офистен тышкаркы банкинг (branchless banking) инфраструктурасы аркылуу финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүдө коммерциялык банктарга (мындан ары - банк) карата негизги талаптарды аныктоо "Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобонун (мындан ары - Жобо) максатынан болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 28-июнундагы № 2017-П-14/28-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Ушул жобонун талаптары банктын атынан Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө", "Кредиттик союздар жөнүндө", "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамдарына (мындан ары - Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары), ушул жобого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) башка ченемдик укуктук актыларына ылайык калкка банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзгөн банктарга жана чекене агенттерге таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 28-июнундагы № 2017-П-14/28-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Ушул жобонун талаптарына ылайык банк юридикалык жакты же жеке ишкерди чекене агент катары ишке тартышы мүмкүн. Мында, агенттердин келишимде каралган милдеттенмелерин аткарышына жоопкерчилик банкка жүктөлөт. 

Чекене агенттер төмөнкүлөрдү сунуштай алышат:  

- банктык кеңири чекене кызмат көрсөтүүлөр спектри;  

- банктык чектелген чекене кызмат көрсөтүүлөр спектри. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 2018-П-14/8-11-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген, төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана ишке ашыруу; 

- акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жүзөгө ашыруу;  

- бланктарды берүү жана кабыл алуу жана аларды овердрафт кредиттерин тариздөө үчүн банкка берүү;  

- кредиттердин ордун жабуу;  

- банктык эсепти толуктоо;  

- электрондук акчаны жайылтуу/ордун жабуу; 

- банктык карттардан нак акча каражаттарын берүү;  

- бюджетке төлөмдөрдү кабыл алуу (айыптык төлөмдөр, салыктар, бажы жыйымдары). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 2018-П-14/8-11-(БС), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-5-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

6. Өз иш натыйжасы болуп саналбаган, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген, төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана ишке ашыруу,  

- кредиттердин ордун жабуу;  

- электрондук акчаны жайылтуу/ордун жабуу; 

- банктык карттардан нак акча каражаттарын берүү;  

- бюджетке төлөмдөрдү кабыл алуу (айыптык төлөмдөр, салыктар, бажы жыйымдары). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 2018-П-14/8-11-(БС), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-5-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

6-1. Банк электрондук акчаны жайылтуу жана орун жабуу үчүн чекене агентти ишке тартууда, Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жободо белгиленген Улуттук банктын талаптарын так сактоого тийиш. Ченемдик укуктук актылардын талаптары сакталбаган шартта, Улуттук банк дароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 2018-П-14/8-11-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Кардарларга чекене кызмат көрсөтүүчү агент тарабынан банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо шарттары, банк менен анын кардарынын ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

7-1. Банктык кеңири чекене кызмат көрсөтүүлөр спектринин агенттерине жана банктык чектелген чекене кызмат көрсөтүүлөр спектринин агенттерине төмөнкүлөрдү ишке ашырууга тыюу салынат:  

- реалдуу убакыт ыргагында жүргүзүлгөн мамлекеттик (улуттук) лотереяларды эске албаганда, лотереялык чендерди кабыл алууга;  

- лотереялык билеттер үчүн төлөмдөрдү, квитанцияларды жана лотереяга катышуу укугун тастыктаган башка документтерди кабыл алууга. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 2018-П-14/8-11-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Жободо колдонулган терминдер жана аныктамалар 

8. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-5-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

9. Банктык агенттик түйүн - алардын ортосунда келишилген агенттик келишимдин негизинде банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн сунуштоону жүзөгө ашырган эсептешүү банкын, чекене кызмат көрсөтүүчү агенттерди өзүнө камтыган система. 

9-1. Баркод (barkode) - штрих-код, машина окуй турган код, геометриялык белгилер топтому, булардын жайгашуусу тиешелүү товарларда/объектилерде сүрөттөлгөн ж.б. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 2018-П-14/8-11-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

10. Чекене агент - юридикалык жак же банк менен анын атынан чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо, анын ичинде чекене агент түйүндөрү аркылуу сунуштоо боюнча агенттик келишимге кол койгон жеке ишкер. Чекене агенттер кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрмөгүн сунуштаган агенттерге жана банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн ушул Жобонун 25-пунктуна ылайык чектелген түрүн сунуштаган агенттерге бөлүнөт.  

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 2018-П-14/8-11-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(Абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 2018-П-14/8-11-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5, 2018-жылдын 14-мартындагы № 2018-П-14/8-11-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

11. Чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин өздүк түйүнү - бул, Уставдын же чекене кызмат көрсөтүүчү агент менен түзүлгөн келишимдин негизинде иш жүргүзгөн чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин филиалы, бөлүмү

12. Гарантиялык төлөм - бул, агенттик келишимде же ага карата тиркемеде аныкталган суммадагы, кириш жана чыгыш төлөмдөрүнүн ортосундагы айырмага жараша алардын калдыгын жөнгө салуу шарты менен агент тарабынан банктын эсебине чегерилген төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдүн камсыздоосу болуп саналган акча каражаттары. Эсептешүү банкы менен чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин ортосунда макулдашууга ылайык эсеп, чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин жүгүртүүлөрүнө жараша, лимиттин суммасын өзгөртүүгө банктын укугу менен келишимдин аракеттенүү мөөнөтү бүткөнгө чейин, тараптарга макулдашылган лимиттин чегинде банк тарабынан блокировкаланышы (токтотулушу) мүмкүн. Лимиттин суммасы ошол иш чөйрөсүнө мүнөздүү болгон бардык тобокелдиктерди эске алуу менен пайыздарда аныкталган норматив (ченем) түрүндө белгиленет. 

13. Мобилдүү төлөм - алуучунун жана/же чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин пайдасына товарлар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүү максатында, SMS/USSD-билдирүүсү аркылуу мобилдик телефондун жардамы менен кардардын демилгеси боюнча анын эсебинен акча каражаттарын алып салууга банкка берилген буйруу. 

14. Төлөөчү - товар берүүчү (акча каражатын алуучу) алдында акчалай милдеттенмени аткаруу, анын ичинде анын кызмат көрсөтүүлөрүнө алдын-ала төлөө максатында, чекене кызмат көрсөтүүчү агентке же банкка акча каражаттарын салган кардар, жеке адам же юридикалык жак. 

15. Алуучу - товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу, анын пайдасына банктык агенттик түйүнү аркылуу ошол берүүчүнүн товарлары жана/же кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөөчүлөрдөн акча каражаттары келип түшкөн банк менен банктык тейлөө келишимин түзгөн кредиттик уюмду эске албаганда, юридикалык жак. 

16. Эсептешүү банкы - чекене кызмат көрсөтүүчү агент анда төлөөчүлөрдөн алынган жана белгилүү бир алуучулардын пайдасына гана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн колдонулган акча каражаттардын эсебин жүргүзүү боюнча эсептешүү эсебине ээ болгон банк же анын филиалы. 

17. Терминал - ар кандай түрдөгү аппараттык-программалык комплекс, анын ичинде pos-терминалдар, касса жанында орнотулган атайын жабдуулар, стационардык жабдуулар, кошо алып жүрүүгө боло турган мобилдик аппараттар, которуп орнотууга боло турган терминалдар жана кассалык аппараттар, өзүнөн-өзү тейлөөчү автоматтар (төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн каралган атайы автоматтар жана банкоматтар), ошондой эле Интернет түйүнүндө, башкы процессинг менен байланышты жөнгө салууга, билдирүүлөрдү топтоп, аларды банктын төлөм системасынын түйүнүнө жөнөтүүгө жана андан келип түшкөн билдирүүлөрдү кабыл алууга мүмкүндүк берген транзакцияларды авторизациялоо үчүн эсептик веб-сервер. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

17-1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 2018-П-14/8-11-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

18. Кобрэндинг (Со-branding) - банктын жана агенттин брэнддик аталышы түшүрүлгөн продукцияларды же кызмат көрсөтүүлердү андан-ары сунуштоо үчүн банктын жана агенттин маркетингдик иш-чараларынын топтому. 

19. USSD билдирүүсү (USSD - команда, Unstructured Supplementary Services Data) - тексттик билдирүүлөрдү берүү боюнча SMSке альтернативдүү болгон технология. Анын өзгөчөлүгү жөнөтүлгөн билдирүү уюлдук байланыш операторунун маалымат базасында сакталбай тургандыгынан көрүнөт. Бул ыкма байланыш операторлору тарабынан төлөөчүгө эсеп балансын маалымдоо, төлөм картын активациялоо жана башка кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде мобилдик төлөмдөрдү ишке ашыруу үчүн колдонулушу мүмкүн. 

3. Агенттик келишимдерди түзүү тартиби жана тобокелдиктерди тескөө 

20. Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр чекене кызмат көрсөтүүчү агент тарабынан банк менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде сунушталат жана анда төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

1) чекене кызмат көрсөтүүнү сунуштоочу агент тарабынан ишке ашырылышы мүмкүн болгон суммалардын лимитин көрсөтүү менен банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги; 

2) банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жана алардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алуу ыкмалары (Интернет аркылуу, байланыш каналдары боюнча, Интернет-күркөлөрүн, телефон, өздүк компьютерлерди ж.б. жабдууларды пайдалануу менен); 

3) чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин комиссиясын эске алуу менен банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр тарифтери. Чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин комиссиялык төлөмүн эсептөөдө банк, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүн, кардарларга ошол кызмат көрсөтүүнүн коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга кеткен сарптоолорду, кызмат көрсөтүүнү сунуштоонун Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылууга кеткен чыгымдарды эске алат; 

4) Банк жана чекене кызмат көрсөтүүчү агент, банктын чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин ишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу укугун кошо алганда, банктык агенттик түйүн боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоодо тараптардын келип чыккан укуктары жана милдеттери; 

5) Кардардын банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууга укугун аутентификациялоо жана тастыктоо тартибин кошо алганда, коопсуздук жол жоболору; 

6) банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоосу учурунда келип чыккан милдеттенмелерди чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин аткарбай койгондугу же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилиги. Келишимде милдеттүү түрдө анын чекене кызмат көрсөтүүчү агенти өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбагандыгы же аткарбай койгондугу үчүн банктын жоопкерчилиги каралууга тийиш; 

7) чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин кардарлардын операциялары боюнча банк алдындагы отчетту түзүү тартиби, аларды берүү мөөнөттөрү жана көлөмү

8) тараптарга алдын-ала билдирүү жана/же билдирүүсүз эле, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоону убактылуу токтотуу жана таптакыр токтотуу негиздемелери. 

9) банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо учурунда келип чыгышы ыктымал болгон опурталдуу жагдайларды четтетүү ыкмалары; 

10) банктык чекене кызмат көрсөтүүлөргө байланыштуу маселелер боюнча банкка кайрылуу үчүн байланыш телефондору жана банктын дареги. 

21. Келишим түзүү учурунда банк, чекене кызмат көрсөтүүчү агентке банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарды берет. Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо эрежелери, тартиби жана шарттары банктын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген анын ички документтеринде аныкталат. Чекене кызмат көрсөтүүлөрдү банк чекене кызмат көрсөтүүчү агенттер аркылуу сунуштаган болсо, тиешелүү маалыматтар анын веб-сайтында жайгаштырылууга тийиш. 

22. Электрондук банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо учурунда банк менен анын чекене кызмат көрсөтүүчү агентинин ортосунда маалымат алмашуу, электрондук санарип кол тамгасын пайдалануу жана/же кардарды идентификациялоо аркылуу же маалыматтардын коопсуз өткөрүлүп берилишин камсыз кылган башка ыкмалар аркылуу ишке ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

23. Электрондук банктык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук санарип кол тамганы пайдалануусуз жана кардарды кылдат идентификациялоосуз, банктын ички эрежелеринде жана агенттик келишимде белгиленген коопсуздук жол-жоболорун колдонуунун негизинде, телефон жана/же башка жабдуулар (ар кандай түрдөгү терминалдар) аркылуу сунуштоого жол берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Чекене кызмат көрсөтүүчү агент менен иш алып барууда банкка карата коюлуучу талаптар 

24. Банк өз иш стратегиясына жараша, төмөнкү максаттарда банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик түйүндү өнүктүрүүгө укуктуу: 

1) банктын филиалы менен чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин ортосунда милдеттерди кылдат бөлүштүрүү аркылуу, банктын филиалдарынын ишин оптималдаштыруу; 

2) чекене кызмат көрсөтүүлөр тизмегин кардарлар категориялары же географиялык жайгашкан орду боюнча кеңейтүү жана сегментациялоо; 

3) кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдалануу пункттарын кеңейтүү жана кирешесинин деңгээли анчалык жогору болбогон алыскы региондордогу кардарларды тартуу мүмкүнчүлүгүн арттыруу; 

4) банктын филиалдык түйүнүн кеңейтүү зарылчылыгысыз аралыктан банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо сунуштоо жана кирешеси анчалык жогору болбогон алыскы райондордо анчалык чоң эмес суммадагы массалык төлөмдөрдү иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктарды чекене кызмат көрсөтүүчү агентке өткөрүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Банк тобокелдиктерди тескөө жана маалымат системаларынын ишин жөнгө салуу боюнча документтерге таянуу менен, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, агенттердин төмөнкү категорияларынын негизинде чекене агентти тандоо боюнча критерийлерди иштеп чыгууга тийиш:  

1) Банк ишинин төмөнкү түрлөрүн жана төмөнкү банк операцияларын жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясына ээ, Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары жана резиденттери банктык кеңири чекене кызмат көрсөтүүлөр спектрин сунушташкан агенттер болуп саналышат:  

а) микрофинансылык уюмдар үчүн ишти жүзөгө ашырууга;  

б) кредиттик союздардын ишин жүзөгө ашырууга;  

в) өз иш натыйжасы болуп саналбаган, товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга жана төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген, төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана ишке ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо ишин жүзөгө ашырууга;  

г) нак чет өлкө валютасын жүзөгө ашыруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга.  

2) Банктык чектелген чекене кызмат көрсөтүүлөр спектрин сунуштоо боюнча агенттер болуп, банктык кеңири чекене кызмат көрсөтүүлөр спектрин сунуштоо боюнча агенттерден болуп саналышпаган, банктык/төлөм кызмат көрсөтүүлөр боюнча ишти жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясына ээ/ээ эмес юридикалык жактар/жеке ишкерлер, Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган агенттер, ошондой эле "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 2018-П-14/8-11-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

25-1. Банк чекене агентти тандоодо төмөнкү параметрлерди эске алууга тийиш:  

1) кардарлардын агентке карата ишениминин болушуна жана банк ошол банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого ниеттенген рынок сегментинде анын ишинин туруктуулугуна;  

2) чекене агенттин жайгашкан жери, квалификациялуу персоналдын, техникалык жактан камсыздалган жайлардын болушу көз карашынан кардарлардын банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн ыңгайлуулугуна;  

3) банк тарабынан чекене агентке карата ишенимдин болушуна, кредиттик таржымалынын текшерүүгө алынышына, чарба иши боюнча эсепке алуу саясатынын жүргүзүлүшүнө, кассалык операциялардын сапаттуу жүзөгө ашырылышына жана чекене агенттин нак акча каражаттары менен операцияларды ишке ашыруусуна контролдуктун жүргүзүлүшүнө;  

4) чекене агенттин банктык эсебинин, маалымат технологиялары менен иш алып барган квалификациялуу персоналынын болушуна, банк менен өз ара иш алып баруу үчүн зарыл коммуникациялык байланыш каналдарынын болушуна же аны уюштуруу жөндөмдүүлүгүнө, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу түйүнүнөн пайдалануу үчүн талапка жооп берген жайдын болушуна;  

5) банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү чекене агенттин негизги иши менен айкалышта жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнүн болушуна, өз ишин банк менен жана банктын атынан кобрэндингдин алкагында жүзөгө ашыруу ниетинин болушуна, ошондой эле агенттин бизнес көлөмүн кеңейтүүгө даярдыгы жана жөндөмдүүлүгүнө

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

26. Банк чекене агент менен агенттик келишим түзөт жана банк менен чекене агент ортосунда түзүлгөн агенттик келишимдин шарттарына ылайык, кардарлар тарабынан жүргүзүлгөн операциялар боюнча нак жана нак эмес акча каражаттары менен ишке ашырылган операцияларды чагылдыруу үчүн чекене агенттин эсептешүү эсебин ачат. Агенттик келишимдин шарттарында, банк жана агент ортосунда кол коюлган келишимге ылайык өз чекене агенттеринин аракеттери үчүн банк кардар алдында жоопкерчилик тартаары камтылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5, 2018-жылдын 14-мартындагы № 2018-П-14/8-11-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

27. Банк ар бир банктык операция боюнча лимиттердин түзүмүн, операциялар боюнча тобокелдиктерди жана чекене кызмат көрсөтүүчү агенттер үчүн ликвиддүүлүк тобокелдигин эске алуу менен операцияларга тиешелүү колдонмолорду жана жол-жоболорду иштеп чыгып, аларды чекене кызмат көрсөтүүчү агентке сунуштайт. 

Чекене агенттер аркылуу акча каражаттарын банктык төлөм карттары аркылуу нак акчага айландыруу лимиттери күн ичинде бир карт ээсинен 150 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-14/33-5-(ПС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

28. Банк, чекене кызмат көрсөтүүчү агенттер аркылуу сунушталган банктык операциялардын ар бир түрү боюнча өңчөйлөштүрүлгөн стандарттарды жана эрежелерди иштеп чыгып, анын толук маалымат алуусу жана зарылчылык келип чыккан шартта кардарларды ишенимдүү, коопсуз жана сапаттуу тейлөөсү максатында чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин анын маалымат системасы менен шайкеш келүүсү үчүн аларды ага сунуштайт. Чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сапаттуу сунуштоосу үчүн жоопкерчилик банкка жүктөлөт. 

29. Банк, банктык агенттик түйүндүн алкагында коопсуздукту камсыз кылуу, келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди басаңдатуу боюнча превентивдик чараларды көрүү үчүн бирдиктүү маалымат системасын жана учур талабына жооп берген төлөм каражаттарын пайдалануу менен ишке ашырылган алдамчылык операциялары боюнча маалымат базасын түзөт. 

30. Банк, чекене кызмат көрсөтүүчү агент аркылуу кардарларга сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн ишенимдүүлүгүн жана сапатын камсыз кылуу максатында, келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге бөгөт коюу, опурталдуу жагдайларды четтетүү, банктын абройуна коркунуч келтирип, чекене кызмат көрсөтүүчү агент тарабынан банктын атынан сунушталган банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрү боюнча кардарлардын таламдарына кедергисин тийгизиши ыктымал болгон жагдайларды аныктоо үчүн зарыл чараларды көрөт. 

31. Банк, кардарлардын төлөмдөрүнүн үзгүлтүксүз өткөрүлүшүн камсыз кылып, тобокелдиктерди жөнгө салуу үчүн агенттик келишимдин шарттарын аткаруунун чегинде гана гарантиялык (камдык) фондуларды түзөт мында ал, чекене кызмат көрсөтүүчү агенттерди тиешелүү келишимде аныкталган суммадагы акча каражаттарын эсептешүү эсебине салууга милдеттендирет же болбосо ал жоготууга учурап калган шартта, чекене кызмат көрсөтүүчү агентке анын эсептешүү эсеби боюнча пайызсыз овердрафты сунуштайт. 

32. Банк, келишим шарттарынын аткарылышы жана чекене кызмат көрсөтүүчү агенттер аркылуу сунушталган банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаттуулугу көз карашынан, анын ишине ички контролдукту жана системалуу текшерүүнү жүзөгө ашырат. 

33. Банк чекене агенттин келишим шарттарын аткаруусуна жана чекене агент аркылуу сунушталган банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына ички контролдукту жана системалуу түрдө текшерүүнү жүзөгө ашырууга тийиш. Банк чекене агент тарабынан жол берилген алдамчылык жана/же калпыстыктар үчүн кардар алдында жоопкерчилик тартат. Банк агент менен түзүлгөн келишимдин чегинде жана ага ылайык, кардарлардын даттанууларын жана банктык агенттик түйүн аркылуу жүзөгө ашырылган операциялар боюнча талаш маселелерди кароо үчүн банктын жоопкерчиликтүү адамын/түзүмдү дайындайт. 

"Банк, отчеттук мезгилден кийинки чейректин биринчи айынын 10на чейин, чейрек сайын Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобого карата 1-тиркемеде белгиленген формада чекене агенттер менен түзүлгөн келишим боюнча маалыматтарды Улуттук банкка сунуштап турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5, 2017-жылдын 28-июнундагы № 2017-П-14/28-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

34. Банк, банктык чекене кызматтардын кеңири түрмөгүн сунуштоодо чекене агентти тандоо учурунда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2010-жылдын 11-февралындагы №97/24-0 буйругу менен бекитилген "Кыргыз Республикасында финансы-кредит мекемелеринин техникалык жактан камсыздалышы жана алардын коргоого алынышы боюнча бирдиктүү талаптар жөнүндө" нускоого ылайык, 5-топ боюнча белгиленген, жабдууга тиешелүү техникалык талаптарга таянууга тийиш. Агенттин ушул Нускоонун талаптарын сактоо шарттары банк менен агент ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленүүгө тийиш. Бул талаптар, ушул нускоонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген түрүн сунуштаган агенттерге таркатылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

34-1. Банк, банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдүн чектелген түрүн сунуштоодо чекене агентти тандоо менен кеминде төмөнкүлөрдү эске алууга тийиш:  

- ишкердикти жүзөгө ашырууга патентинин болушуна;  

- агентти банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр жагында окутуудан өткөрүү;  

- соода-сервистик ишканаларда агенттер үчүн белгиленген лимиттерге жараша сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн түрүнө негизденүү менен тиешелүү коопсуздук чараларын караштыруу;  

- эгерде агент кызмат көрсөтүүлөрдү нак эмес формада гана сунуштаса, техникалык жактан жабдуу жана коопсуздук чараларын камсыз кылуунун башка чараларын караштыруу талап кылынбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Чекене кызмат көрсөтүүчү агенттерге карата талаптар 

35. Чекене кызмат көрсөтүүчү агент банктын жана берүүчүнүн системасына кошулууга жана кардарлардын төлөмдөрү боюнча маалыматтарды жөнөтүүгө мүмкүндүк берген программалык-аппараттык комплекске ээ болууга тийиш. 

36. Чекене кызмат көрсөтүүчү агент персоналдын коопсуздугун камсыз кылуу жана нак акча каражаттары менен операцияларды жүргүзүү үчүн жоопкерчилик тартат. 

37. Чекене кызмат көрсөтүүчү агент эгерде, агенттик келишимде башкасы каралбаса, ошол келишимдин алкагында кардарлардын төлөмдөрүн жана эсептешүүлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн банктагы эсептешүү эсебиндеги акча каражаттардын жетиштүү көлөмүн өз алдынча камсыз кылууга милдеттүү

38. Чекене агент банк менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде, өз атынан жана банктын атынан, банктын эсебинен жана/же өз эсебинен, агенттик түйүн аркылуу кардарларга банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоону жүзөгө ашырат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

39. Чекене кызмат көрсөтүүчү агент зарылчылык келип чыккан шартта, кардарларга банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча милдеттенмелердин аткарылышы жана эсептешүүлөрдүн кепилдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн банкка гарантиялык төлөмдү сунуштайт. 

40. Чекене кызмат көрсөтүүчү агент банктын атынан анын эрежелеринин жана нускоолорунун талаптарын так сактоо менен банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштайт. Чекене кызмат көрсөтүүчү агент кардардын операциялары боюнча агенттик келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө жана көлөмдө отчетторду берет. 

41. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

42. Чекене кызмат көрсөтүүчү агент төлөөчүлөрдүн акчалай милдеттенмелерин аткаруу максатында төлөмдөрдү кабыл алууну жүзөгө ашырып, агенттик келишим шарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарына ылайык, чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин кассасына келип түшкөн нак акчалардын чыгымдалышына карата талаптарды аткарууну кошо алганда, банк менен өз учурунда эсептешүүлөрдү камсыз кылат. 

43. Чекене кызмат көрсөтүүчү агент фискалдык эс тутумга жана контролдук лентага ээ кассалык машинкаларды пайдаланууда, Кыргыз Республикасынын нак акча менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө контролдук-кассалык машинкаларды пайдалануу жөнүндөгү мыйзам талаптарын сактоого тийиш. 

44. Чекене кызмат көрсөтүүчү агент, кардарларды тейлөө боюнча ар бир пунктта кардарларга төмөнкү маалыматтардын сунушталышын камсыз кылат: 

1) чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин аталышы жана салык төлөөчү катары анын идентификациялык номери (ИНН), башкы офистин жайгашкан ордунун дареги; 

2) банктык чекене кызмат көрсөтүүлөр анын атынан сунушталып жаткан банктын аталышы, анын лицензиясынын номери, башкы офисинин жайгашкан ордунун дареги; 

3) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту); 

4) төлөм ишке ашырылган жердин дареги; 

5) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту); 

6) операцияларды жүргүзүү боюнча нускоолор, эрежелер, кардар тарабынан төлөнүүчү комиссиялык сыйакылар өлчөмүн көрсөтүү менен кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер. 

7) банктын жана чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин байланыш телефонунун номери; 

8) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

45. Чекене агент нак акча каражаттарын кабыл алуу/берүү учурунда төлөөчүгө операциялардын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык жүзөгө ашырылгандыгынын тастыктамасы катары кассалык (электрондук) чекти берүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5, 2018-жылдын 14-мартындагы № 2018-П-14/8-11-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

6. Төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби 

46. Төлөмдөрдү кабыл алуу ыкмалары жана шарттары, аларды өткөрүү мөөнөттөрүнүн сакталышы ошондой эле, төлөөчүлөрдү идентификациялоо боюнча талаптар, банк менен чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин ортосунда түзүлгөн келишимде аныкталат. 

47. Төлөөчүнүн алуучу алдындагы акчалай милдеттенмеси, эсептешүүлөрдү ишке ашыруудан же кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалангандан кийин, чекене кызмат көрсөтүүчү агент тарабынан төлөөчүгө берилген кассалык чекти алуу учурунан тартып, аткарылган катары эсептелинет. 

48. Чекене кызмат көрсөтүүчү агент эгерде ал, агенттик келишим шарттарында каралган болсо, банк тарабынан белгиленген тарифтерге ылайык төлөөчүдөн комиссиялык сыйакыларды кармап кала алат. Мында тарифтер жөнүндө маалыматтар, жалпыга көрүнүктүү жерде жайгаштырылууга тийиш. Чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин өз кызмат көрсөтүүлөрү үчүн белгиленген тарифтерден тышкары, кандайдыр бир кошумча суммаларды белгилөөгө жана төлөөчүдөн кармап калууга укугу жок. 

49. Төлөөчүлөрдөн алардын пайдасына акча каражаттары келип түшкөн алуучулар менен кардарлардын төлөмдөрү боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу, банк менен чекене агент ортосунда түзүлгөн агенттик келишимде белгиленген мөөнөттөрдө чекене агенттин эсептешүү эсебинен банкка акча каражаттарын которуу аркылуу жүргүзүлөт. Өз кезегинде банк алуучу менен түзүлгөн келишимде белгиленген мөөнөттөрдө алуучуларга акча каражаттарын чегерүүгө милдеттенет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

50. Төлөөлөр туура эмес ишке ашырылган шартта, банк же чекене кызмат көрсөтүүчү агент ал эсептешүүлөрдү жокко чыгарууга тийиш. Эсептешүүлөрдү жокко чыгаруу тиешелүү төлөм өткөрүлгөндүгүн тастыктаган документ сунушталган учурда ишке ашырылат. Өткөрүлгөн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жокко чыгаруу тартиби, агенттик келишимде белгиленет. 

51. Кабыл алынган төлөмдөр тууралуу маалымат аппараттык-программалык комплексте жана банктын электрондук каражаттарында жана/же чекене агентте 5 жылдык мөөнөткө сакталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 2018-П-14/8-11-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

52. Банк менен чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин ортосунда өз ара эсептешүүлөр алардын ортосунда келишилген агенттик келишимдин негизинде, банк белгилеген эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат. 

7. Банктык агенттик түйүнгө карата талаптар 

53. Банктык агенттик түйүндүн инфраструктурасы, кардарлардын чекене кызмат көрсөтүүчү агент аркылуу банктык эсеп боюнча операцияларды жүргүзүүсү учурунда банк менен чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин системаларынын ортосунда маалымат алмашууну уюштуруу жана камсыз кылуу үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуунун негизинде банк жана анын агенти тарабынан түзүлөт. 

54. Банктык агенттик түйүн чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин негизги ишинен көз карандысыз, кардар жана банк үчүн эсептешүү тобокелдигинин келип чыгышын жокко чыгарууга тийиш. Мында, чекене кызмат көрсөтүүчү агент банктын расмий мекемесинен тышкары нак акча каражаттарын камсыз кылуу боюнча банк менен кардар ортосунда ортомчу болуп саналат. 

55. Банктык агенттик түйүн аркылуу өтүүчү кардардын кандай болбосун операциясы электрондук түрдө банктын сыяктуу эле, чекене агенттин системасында да катталууга жана агенттин банктагы эсептешүү эсебинде чагылдырылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

56. Банктык агенттик түйүн операцияларды жүзөгө ашыруу учурунда бардык катышуучуларды идентификациялоо жана авторизациялоо боюнча атайын каражаттарды колдонуу менен (персоналдык идентификациялык номер, пайдалануунун персоналдык картасы, өзгөчө купуя ачкыч, ар бир операция боюнча өзүнчө авторизациялык кодду ыйгаруунун автоматташтырылган системасы ж.б.) чекене кызмат көрсөтүүчү агент аркылуу, кардарлардын операцияларынын коопсуз ишке ашырылышын камсыз кылуусу зарыл. 

57. Кардарлардын өз банк эсебинен нак акча каражаттарын алуу/толуктоо боюнча операциялары чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин банктагы эсептешүү эсебин толуктаган/андан берилген суммаларды чагылдыруу аркылуу ишке ашырылат. 

58. Банктык агенттик түйүн кардарлардын нак акча каражаттарын алуу/толуктоо боюнча операциялары же айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдү өткөрүүдөн улам келип чыккан кредиттик тобокелдикти, авторизациялоону жүргүзүү жана операцияны аткаруу үчүн агенттин же кардардын эсептешүү эсебинде жетиштүү каражаттын бардыгын тастыктоо аркылуу, басаңдатууну камсыз кылууга тийиш. 

59. Банктык агенттик түйүн төлөмдөрдү өткөрүүнүн, анын ичинде банктык төлөм карттарын колдонуу менен ишке ашырылган операциялар коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 28-июнундагы № 2017-П-14/28-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

60. Чекене кызмат көрсөтүүчү агент кардардын ишке ашырылган операциялары жөнүндө маалыматтардын бардыгын (банктык операциянын түрү, операциянын суммасын, алуучу/жөнөтүүчү жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле операциянын өзүн идентификациялаган маалыматтарды, операциянын өзүнчө номерин жана операция ал аркылуу ишке ашырылган жабдуу жөнүндө маалыматтарды) тастыктоону (төлөм терминалынын чегин, мобилдик телефон жана башка каражат аркылуу тастыктоолор) сунуштаган автоматтык жабдуунун орнотулушун камсыз кылуусу зарыл. 

61. Банк чекене кызмат көрсөтүүчү агенттер аркылуу сунушталган кызмат көрсөтүүлөр боюнча төмөнкүдөй шарттарды кардар менен түзүлгөн келишимде чагылдырат: 

1) чекене кызмат көрсөтүүчү агент аркылуу операцияларды ишке ашыруу учурунда, банктын төлөм карттарын колдонуу жагында же банктык эсептен пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн башка каражаттарынын колдонулушу жагында купуялуулуктун сакталышы боюнча кардардын милдеттүүлүгү

2) кардарга чекене кызмат көрсөтүүчү агент аркылуу сунушталган банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрү боюнча банк менен агенттин ортосунда жоопкерчилик бөлүштүрүлөт; 

3) чекене кызмат көрсөтүүчү агент аркылуу операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн комиссия өлчөмү жана төлөө учуру (операция ишке ашырылган учурда чекене кызмат көрсөтүүчү агентке нак акча каражаттарын түздөн-түз төлөп берүү түрүндө же болбосо кызмат көрсөтүү наркына банк кардар эсебин жүргүзүү боюнча тарифтерди кошот); 

4) чекене кызмат көрсөтүүчү агент аркылуу сунушталган банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануунун убактылуу регламенти; 

5) талаш маселелерди чечүү жана зарылчылык келип чыккан шартта банктын бөлүмүндө кардарлар үчүн даттануу же кайрылуу мүмкүнчүлүгүн берүү

6) агенттердин кара тизмеси жөнүндө кардарларга маалымдоо. 

8. Төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн өзүнөн-өзү тейлөөчү автоматтык жабдууларга карата талаптар 

62. Чекене кызмат көрсөтүүчү агент өзүнөн-өзү тейлөөчү жабдууларды пайдалануу менен төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда төмөнкү талаптардын аткарылышын сактоого тийиш: 

1) өзүнөн-өзү тейлөө терминалы берүүчүлөрдүн кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн өзүнөн-өзү тейлөө жабдууларын пайдалануу боюнча кыскача нускамалар/маалыматтар менен төлөөчүнүн таанышып алуусуна мүмкүндүк бериши зарыл; 

2) өзүнөн-өзү тейлөө терминалы чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин системасынын бирдиктүү аппараттык-программалык комплекси менен тике туташтырылууга тийиш, аны жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коопсуздук талаптарына жооп бериши зарыл; 

3) өзүнөн-өзү тейлөө терминалы төлөм терминалдарынын башка түрлөрүндөй эле, операциялардын жүргүзүлүшүн тастыктоо катары кассалык чекти берүү боюнча ушул Жобонун жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарына жооп берген атайын жабдуу менен жабдылууга тийиш; 

4) өзүнөн-өзү тейлөө терминалын орнотуу үчүн аны сунуштоочунун же чекене кызмат көрсөтүүчү агенттин колунда өзүнөн-өзү тейлөөчү жабдууну ошол жерде орнотуу үчүн анын укугун тастыктаган бардык зарыл документтер болууга тийиш; 

5) банк же чекене кызмат көрсөтүүчү агент өзүнөн-өзү тейлөөчү терминалды күтүү боюнча техникалык жана профилактикалык иштерди жүргүзүүчү атайын адамды дайындоого тийиш; 

6) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту); 

7) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

63. Чекене кызмат көрсөтүүчү агент төлөм терминалдары аркылуу банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо учурунда төмөнкү минималдуу талаптардын сакталышын камсыз кылууга тийиш: 

1) терминал магниттик тилеси же микропроцессору бар банктык төлөм карттарынан маалыматтарды чечмелөөгө жөндөмдүү ошондой эле, маалыматтарды жазып алуучу жабдуулар, агенттик келишимде же кардар менен банк ортосунда түзүлгөн келишимде атайы көрсөтүлгөн операциялар үчүн гана офлайн режиминде төлөм карттары колдонулган шартта, тиешелүү маалыматты банктык төлөм картына чагылдырууга жөндөмдүү жабдуулар менен жабдылууга тийиш; 

2) төлөм терминалы кардарга жеке идентификациялык кодун жана төлөм суммасын жазууга мүмкүндүк берген цифралык клавиатура менен жабдылууга тийиш; 

3) төлөм терминалы, ишке ашырылган операция боюнча маалыматтын туура жазылгандыгына ынанууга мүмкүндүк берген, экран менен да камсыз кылынышы зарыл; 

4) төлөм терминалы, банктын төлөм терминалы менен анын негизги системасынын ортосунда берилүүчү маалыматтын криптографиялык корголушун камсыз кылуу боюнча каражаттар топтому менен да жабдылышы зарыл. Ал эми кодировкалоо ачкычы кеминде 128 битти түзүүгө тийиш; 

5) төлөм терминалы транзакциянын өткөрүлгөндүгүн тастыктоо катары чекти чыгарып берүүнү камсыз кылган жабдуу менен жабдылышы зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 28-июнундагы № 2017-П-14/28-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

64. Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишим шарттарына жараша чекене агент толук функционалдуу клавиатура менен төлөм терминалдарын орното алат, ал зарыл учурларда төмөнкүлөрдү киргизүүгө өбөлгө түзөт:  

- кардар боюнча идентификациялык тексттик маалыматтарды;  

- биометрикалык сканерлөө жабдуулары менен;  

- баркоддорду сканерлөө жабдуулары менен. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 2018-П-14/8-11-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

65. Чекене кызмат көрсөтүүчү агент банктын уруксатысыз өзгөртүүлөрдү киргизүүгө же банктык агенттик түйүндүн аппараттык-программалык комплексин пайдаланууга укугу жок. 

66. Кабыл алынган төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында, чекене агент банктык маалыматты купуя сактоо талаптарын так аткарууга, ошондой эле банк тарабынан берилген кардарларды тейлөө боюнча техникалык каражаттардын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн четтетүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

67. Аппараттык-программалык комплекстин жана/же банк тарабынан берилген башка техникалык каражаттардын ишинде үзгүлтүктөр келип чыккан шартта, ал тууралуу чекене кызмат көрсөтүүчү агенттик келишимде белгиленген мөөнөттө жана формада банкка маалымдоого тийиш. 

9. Корутунду жоболор 

68. Ушул Жобо менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана банк тажрыйбасында колдонулган ишкердик тажрыйбаларга ылайык чечилет. 

69. Чекене агент тарабынан банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча жүргүзүлгөн бардык операциялар мөөнөт ичинде (5 жыл) алардын бүтүндүгүн жана өзгөрүлбөстүгүн сактоо менен түзүлгөн, жөнөтүлгөн же алынган форматта сакталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 2018-П-14/8-11-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

70. Банк кеминде төмөнкү маалыматтар камтылган өз агенттери жөнүндө маалымат базасын жүргүзүүгө тийиш: агенттин юридикалык аталышы, агенттин айкын дареги, телефон номери жана сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги, тизмек Улуттук банктын талабы боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын төлөм системасына контролдукту жана көзөмөлдүктү жүргүзүүнүн алкагында, текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууда сунушталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 30-сентябрындагы № 59/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

  

  

  

"Банктык чекене кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча агенттик келишимдерди түзүүдө коммерциялык банктардын ишине карата негизги талаптар жөнүндө" жобого карата 

1-тиркеме 

  

Коммерциялык банктын аталышы  

________________________________  

20___-жылдын ______________ чейреги үчүн  

Банктын атынан калкка чекене банктык кызмат көрсөтүүлɵрдү сунуштоо боюнча чекене агенттерди тартуу боюнча 

ОТЧЕТ  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 14-мартындагы № 2018-П-14/8-11-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

А. Кеңири кызмат көрсөтүүлөр түрүн сунуштаган чекене агенттер 

№ 

Агенттин аталышы 

Жайгашкан орду (дареги) 

Сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү 

  

  

  

  

  

  

  

  

Б. Чектелген кызмат көрсөтүүлөр түрүн сунуштаган чекене агенттер 

№ 

Агенттин аталышы 

Жайгашкан орду (дареги) 

Сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн түрү 

  

  

  

  

  

Аткаруучу 

____________________ 

______________________________ 

  

(кол тамгасы) 

(аты-жөнү