Кайта келүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  

ӨКМӨТҮ УЛУТТУК БАНКЫ  

 

 

 

 

ТОКТОМ 

2018-жылдын 28-марты, №166/51-6

 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга 

мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) бекитүү жөнүндө  

 

 

 

Кыргыз Республикасында накталай жана накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн деңгээлинин оптималдуу катышын камсыз кылуу, акча жүгүртүүнүн ачык-айкындыгына жетишүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат: 

 

1. Төмөнкүлөр бекитилсин: 

- Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программа (үчүнчү этап), 1-тиркемеге ылайык; 

-  Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) (мындан ары Мамлекеттик программа) ишке ашырууга карата иш-чаралар планы, 2-тиркемеге ылайык. 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткарууну камсыз кылышсын. 

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө топтомо маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берип турушсун. 

4. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, башка мамлекеттик башкаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) жетекчилерине Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын өз учурунда жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн. 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 189/11/4 токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча ведомстволор аралык комиссия Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышын координациялоону улантсын. 

6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги  

2018-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө саламаттык сактоо уюмдарынын кассаларына медициналык кызмат көрсөтүүлөргө накталай эмес түрдө төлөөлөрдү кабыл алуу үчүн POS-терминалдарын орнотуу боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.  

7. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, башка мамлекеттик башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелери Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу, өлкөлүк опурталдарга жол бербөө максатында эмгек акыларды, ошондой эле пенсияларды, жөлөкпулдарды жана башка төлөөлөрдү өлкөнүн бюджетине/бюджетинен «Элкарт» улуттук төлөм картына которуу боюнча иш-чараларды улантышсын.  

8. Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына төмөнкүлөр сунушталсын: 

- Кыргыз Республикасынын региондорунда банк жана төлөм инфратүзүмдөрүн кеңейтүү

-  банктык кызмат көрсөтүүлөргө тариф саясатын түзүүдө калктын эмгек акысы аз категориясын, ошондой эле социалдык төлөөлөрдү, пенсия жана жөлөкпулдарды алган адамдарды да эске алуу менен тарифтерди белгилөө.  

9. Калкка товарларды берүүчү жана кызмат көрсөтүүчү ишканаларга товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн дайыма болуучу төлөмдөрдү калктын накталай эмес төлөөнүн ар кандай формаларын жана каражаттарын пайдалануу менен төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу сунушталсын. 

10. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жүктөлсүн. 

11. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын 

Премьер-министри Улуттук банкынын төрагасы 

 

 

______________С.Ж.Исаков _____________Т.С.Абдыгулов  

 

 

 

 

1-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программа  

(үчүнчү этап) 

 

1. Учурдагы жагдайга талдоо жүргүзүү 

 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программа эки этап менен ишке ашырылган. 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программанын биринчи этабы 2003-2008-жылдарда жүргүзүлгөн. Бул мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы коммерциялык банктар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын төлөм системасын реформалоону ишке ашырган, натыйжада төмөнкүлөр иштөөдө

- майда чекене жана дайыма болуучу төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы (мындан ары ПКС), ал банктар аралык майда жана чекене төлөмдөрдү иштеп чыгуу үчүн арналган. Системада төлөмдөр жана эсептешүүлөр системанын катышуучуларынын милдеттенмелерин өз ара чегеришүүсүнүн негизинде ишке ашырылат. ПКС 2006-жылдын октябрь айында ишке киргизилген; 

- «Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коомунун базасында (мындан ары - «БПБ» ЖАКы) түзүлгөн бирдиктүү банктар аралык процессинг борбору (мындан ары - ББПБ) Кыргыз Республикасынын улуттук төлөм системасынын бирден бир оператору болуп саналат. «БПБ» ЖАКы банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган транзакцияларды кабыл алуу жана иштеп чыгуу боюнча өнүккөн инфратүзүмдөргө (банкоматтар, POS-терминалдар) ээ. Бул система чекене кызмат көрсөтүүлөр рыногунда товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү, эмгек акы долбоорлорун ишке ашыруу милдеттерин аткарат, бул накталай эсептешүүгө муктаждыкты кыскартат жана калктын кирешеси аз катмарынын «Элкарт» улуттук төлөм карттарын пайдалануу менен банктык кызматтардан (накталай акча алуу, төлөмдөрдү төлөө, кыска мөөнөттүү кредиттер) пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Бул системага Кыргыз Республикасынын бардык коммерциялык банктары туташтырылган. ББПБ 2006-жылдын декабрь айында ишке киргизилген; 

- реалдуу убакыт режиминде эсептешүүлөрдүн гросстук системасы (мындан ары РУРГС) финансы рынокторунда бүтүмдөр жана башка ири төлөмдөр боюнча тез жана биротоло эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө арналган. Система катышуучулардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылган корреспонденттик (күндөлүк) эсептериндеги акча каражаттарын эсептен алып салуу жана чегерүү аркылуу ар бир өзүнчө төлөм боюнча дароо биротоло эсептешүүнү камсыз кылат. РУРГС 2008-жылы июнда ишке киргизилген. 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2003-2008-жылдарга мамлекеттик программанын биринчи этабын аяктоонун жыйынтыгында бул Мамлекеттик программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшүндө коюлган, мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларын, пенсияларды, жөлөкпулдарды, салыктарды, айыптык төлөмдөрдү жана башка өлкө бюджетине/бюджетинен төлөөлөрдү коммерциялык банктардагы эсептерге/эсептер аркылуу которуу сыяктуу милдеттерди акырына чыгаруу максатында, мамлекеттик органдар менен коммерциялык банктардын өз ара иштешүүсүн андан ары улантуу талап кылынган.  

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга 

мамлекеттик программанын экинчи этабынын иш-чараларын ишке ашыруунун жүрүшүндө «пенсионердин карты», «бюджеттик каражаттарды алуучунун (БКА) карты», «банктык төлөм карттарга социалдык төлөөлөр», салык/бажы алымдарын, айыптык төлөмдөрдү жана башка мамлекеттик төлөөлөрдү бюджетке накталай эмес формада төлөө сыяктуу долбоорлор ишке ашырылган.  

- «пенсионердин карты» долбоору 2012-жылы ишке киргизилген. 2012-жылы пенсионерлердин саны 565,8 миң адамды түзсө, алардын ичинен 428,3 миң адам (75,7 %) пенсияларын «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын филиалдары (мындан ары - «Кыргыз почтасы МИ») аркылуу, ал эми 137,5 миң адам (24,3 %) «пенсионердин карты» боюнча банктар аркылуу алышкан. 2017-жылдын 1-октябрына карата республикада пенсия алуучулардын саны 627,5 миң адамды түзгөн, булардын ичинен «Кыргыз почтасы» МИнин филиалдары аркылуу 337,9 миң адам же жалпы санынын 54 пайызы, ал эми республиканын коммерциялык банктары аркылуу - 289,6 миң адам же 46 пайызы алышат.  

- «социалдык төлөөлөрдү алуучунун карты» долбоору 2013-жылы ишке киргизилген. 2017-жылдын 1-октябрына карата банктык төлөм карттарды пайдалануу менен социалдык төлөөлөрдү 74 миң адам (алуучулардын жалпы санынын 17,7 %) алган; 

- «бюджетке төлөмдөр» долбоору 2003-жылы ишке киргизилген. 2013- жылдан тартып бюджетке төлөмдөрдүн 80 пайызы (салыктык бажы төлөмдөрү, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төлөмдөр ж.б.) төлөөчүлөрдүн банктык эсептеринен чегерүү аркылуу жүргүзүлгөн. 2017-жылдын 10 айында салыктарды банктык төлөм карттары, төлөм терминалдары, веб-кассалар, интернет-банкинг жана электрондук капчыктар аркылуу 163301,2 миң сом суммасында 159 813 төлөм жүргүзүлгөн, бул өткөн жылдын тиешелүү деңгээлинен 37 261 төлөмгө жана 13 875,1 миң сомго көп; 

- «жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айыптарды төлөө» долбоору 2013-жылдын декабрында ишке киргизилген. Айыптарды төлөө үчүн жол кайгуул кызматынын 254 патрулдук автомашинасына POS-терминалдар орнотулган. 2017-жылдын октябрынын акырына карата жол кайгуул кызматынын патрулдук автомашиналарына орнотулган POS-терминалдардын жалпы саны 590го чейин көбөйгөн. Чогултулган айыптык төлөмдөрдүн жалпы суммасы 2013-жылы 6,0 млн сомду түзсө (накталай эмес формадагы төлөмдөр ноябрь-декабрь айларында 500 сомду түзгөн), 2017-жылдын октябрына салыштырганда 600 эсеге көбөйгөн; 

- «бюджеттик каражаттарды алуучунун (БКА) карты» долбоору 2013-жылдын октябрында ишке киргизилген. Бул карт кол менен иштетүүнү автоматташтырылган эсепке алууга алмаштырылган кагаз жүзүндөгү чек китепчелеринин альтернативасы болуп саналат. 2014-жылы бул долбоордун алкагында 92 банктык төлөм карты чыгарылып, 32,0 млн сом суммасында 365 операция жүргүзүлгөн. 2017-жылдын 1-октябрына карата бюджеттик уюмдар үчүн 2 958 бюджеттик каражаттарды алуучунун банктык төлөм карты чыгарылган. БКАнын банктык төлөм карты аркылуу 3 254 операция жүргүзүлүп, алардын көлөмү 453,6 млн сомду түзгөн жана 2014-жылга салыштырганда 14,1 эсеге көбөйгөн.  

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында POS-терминалдарды орнотуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн. Кыргыз Республикасындагы 387 саламаттык сактоо уюмунун ичинен 15 уюмда POS-терминалдар орнотулган. Мында 54 уюм медициналык кызматтарды көрсөтүшпөйт.  

Өлкөнүн экономикалык коопсуздугун жана бюджеттик каражаттардын төлөнүшүн кепилдикке алууну камсыз кылуу максатында республикадагы бардык бюджеттик уюмдар эмгек акыларын, пенсияларды, жөлөкпулдарды жана башка төлөөлөрдү «Элкарт» улуттук төлөм карты аркылуу төлөөгө өткөрүшкөн. Эмгек акы долбоорлорунун алкагында эмгек акыларын эл аралык карттар аркылуу алган бюджеттик уюмдар да (100 %) «Элкарт» улуттук төлөм картына өткөрүлгөн. 

Алсак, 2017-жылдын 1-октябрына карата банктардан тышкаркы акча массасынын көлөмү 2003-жылдан баштап 11,8 эсеге көбөйүп, 81,4 млрд сомду түзгөн. Мында, каралып жаткан мезгилде кеңири мааниде колдонулуучу акча массасынын түзүмүндө алардын үлүшү 62,5 пайыздан 43,7 пайызга чейин төмөндөгөн. Бул калктын банктарга карата ишениминин жогорулагандыгын түшүндүрөт, ал болсо накталай эмес төлөмдөрдүн жана банктык эсептерди ачуу санынын көбөйүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизген. 2017-жылдын сентябрь айынын акырына карата банктык эсептердин саны: юридикалык жактардын эсептери 2009-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көбөйүп, 238,8 миң эсепти (же 87,8 миң банктык эсеп) ал эми жеке адамдардын эсептери 2009-жылга караганда 6,5 эсеге көбөйүп, 2 735,9 миң эсепти (же 420,4 миң банктык эсеп) түзгөн. 

2017-жылдын 1-октябрына карата жүгүртүүдөгү акчанын жалпы суммасы 87,8 млрд сомду түзгөн, мында банктар аралык төлөм системалары (РУРГС жана ПКС) аркылуу жалпы 4 056,7 млрд сом суммасында 6,5 млн төлөм жүргүзүлгөн. 2003-жылга салыштырганда төлөмдөр көлөмү 41,9 эсе көбөйгөн. Банктар аралык төлөмдөр көлөмүнүн өсүшү, негизинен банктык кызмат көрсөтүүлөр (баалуу кагаздар, чет өлкө валютасы менен операциялар, кредиттик операциялар жана банктык төлөм карттары, электрондук акча менен операциялар) боюнча төлөмдөр көлөмүнүн көбөйүүсүнөн улам болгон.  

 

ББПБ долбоорун ишке киргизүүгө жана «Элкарт» улуттук төлөм карттарын колдонууга киргизүүгө чейин товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес формада төлөө «Алай кард» («Золотая Корона»), «Демир-24» жана эл аралык «Visa» жана «Master card» локалдык банктык төлөм карттарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн.  

2007-жылдан баштап «Элкарт» улуттук төлөм карттары жигердүү чыгарыла баштаган, ал эми 2013-жылдан коммерциялык банктар тарабынан «Сhina Union Pay» эл аралык системасынын банктык төлөм карттары жана «Элкарт/Union Pay» кобэйджинг карттары чыгарылган. 2003-жылдын баш жагынан тартып 2017-жылдын III кварталына чейин банктык төлөм карттарынын саны 238 эсеге (2003-жылы 7 755 карт, ал эми 2017-жылдын 1-октябрына карата 1,8 млн карт чыгарылган) көбөйгөн. 

Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен операциялардын жалпы көлөмүнүн өсүш арымы негизинен, эмгек акы долбоорлорунун алкагында берилген банктык төлөм карттарынын санынын көбөйүшү менен шартталган. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен 240,2 млн операция (2017-жылдын III кварталында) жүргүзүлгөн, бул 2003-жылдагы көрсөткүчтөн (241 176 операция) 101 эсеге көп.  

2017-жылдын III кварталына карата банктык төлөм карттарын пайдалануу менен ишке ашырылган операциялардын көлөмү 102,7 млрд сомду түзүп, 2003-жылдагы көрсөткүчкө салыштырганда 146,47 эсеге (751,5 млн сом) көбөйгөн. Бул Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында коммерциялык банктардын банктык төлөм карттар рыногунда жигердүү ишин тастыктоо менен калктын акча каражаттарын карттан картка которуу, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө ж.б. сыяктуу банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жигердүү пайдалануусуна алып келген.  

1-таблица 

 

Жүгүртүүдөгү банктык төлөм карттарынын облустар боюнча саны 

(2017-жылдын 1-октябрына карата) 

 

Регион-дун аталы-шы 

Visa 

Master 

Card 

Золотая Корона 

Элкарт 

UPI 

Элкарт-UPI 

Бардыгы  

(миң

Үлүү 

(%) 

Бишкек ш. 

353 881 

5 338 

151 978 

219 038 

8 509 

5 152 

743 896 

40,2 

Чүй облусу 

19 745 

1 395 

65 569 

73 259 

1 285 

1 505 

162 758 

8,8 

Ысык-Көл облусу 

20 702 

438 

51 430 

58 811 

501 

2 585 

134 467 

7,4 

Нарын облусу 

6 999 

330 

39 513 

47 880 

662 

95 389 

5,3 

Талас облусу 

10 773 

356 

19 153 

30 106 

509 

1 945 

62 842 

3,4 

Жалал -Абад облусу 

26 971 

1 465 

102 492 

118 035 

449 

1 646 

251 058 

13,8 

Ош облусу 

49 261 

2 475 

103 998 

136 470 

437 

2 797 

295 438 

16,0 

Баткен облусу 

9 528 

966 

37 562 

51 320 

140 

1 485 

101 001 

5,1 

Бардыгы  

497 860 

12 763 

571 695 

734 919 

11 835 

17 777 

1 846 849 

100 

 

2017-жылдын 1-октябрына карата банктык төлөм карттары республиканын баардык аймагында орнотулган 1 378 банкомат жана 8 303 терминал аркылуу тейлөөгө алынган (2003-жылга салыштырганда банкоматтардын саны 77 эсеге же 1 360 даанага, ал эми терминалдардын саны 36 эсеге же 7809 даанага өскөн) (2-таблицаны кара). 

Соода-тейлөө ишканаларындагы терминалдар аркылуу жүргүзүлгөн операциялардын саны 2017-жылдын 1-октябрына карата  

1 014,3 миң транзакцияны түзгөн (ишке ашырылган баардык операциялардын 13,3 %ы) жана 2003-жылга салыштырганда 19,1 эсеге (52,9 миң) көбөйгөн. 

2-таблица  

 

Облустар боюнча перифериялык түзүлүштөрдүн саны 

(2017-жылдын 1-октябрына карата) 

 

Региондун аталышы 

Банкоматтар (даана) 

Пос-терминалдар (даана): 

Төлөм терминалдары (даана) 

соода ишканаларында 

банктарда 

Бишкек ш. 

631 

4816 

485 

400 

Чүй облусу 

113 

572 

152 

110 

Ысык-Көл облусу 

126 

408 

149 

134 

Нарын облусу 

49 

40 

70 

44 

Талас облусу 

47 

38 

55 

54 

Жалал-Абад облусу 

156 

228 

248 

150 

Ош облусу 

197 

319 

325 

190 

Баткен облусу 

59 

25 

103 

65 

Бардыгы  

1 378 

6 446 

1 587 

1 147 

 

Калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2015-жылдын апрелинен тартып иштин төмөнкү түрлөрүн лицензиялоону жана жөнгө салууну жүзөгө ашыра баштаган:  

өз ишинин натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү, маалымат технологияларын жана электрондук каражаттарды колдонууга жана төлөмдөрдү төлөө ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына кабыл алуу жана төлөө боюнча кызматтарды көрсөтүү

үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аны төлөм системасынын катышуучуларына берүү кызматтарын көрсөтүү

Төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын жөнгө салуу боюнча ченемдик укуктук база иштелип чыккан, төлөм системасынын операторлоруна 21 лицензия жана төлөм уюмдарына 22 лицензия берилген. Булардын ичинен 2 төлөм системасынын оператору жана 3 төлөм уюмунун иши токтотулган, 2017-жылдын 1-октябрына карата төлөм уюмдары жана алардын субагенттик тармагы аркылуу 18,5 млрд сом суммасында 137,0 млн төлөм ишке ашырылган. 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программанын биринчи жана экинчи этаптарынын жыйынтыгында коммуналдык ишканалардын ички кассалары жабылып, төлөмдөрдүн көпчүлүк бөлүгү банктардын кассалары (12 %), почта бөлүмү/банк агенттери (35  %) жана төлөм системаларынын операторлорунун кабыл алуу пункттары (22 %), аралыктан банктык тейлөө (интернет-банкинг, үй банкинги, мобилдик банкинг) (20 %) жана электрондук капчыктар (11 %) аркылуу накталай акча каражаттарын төгүү жолу менен ишке ашырылган. 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга мамлекеттик программанын иш-чараларын ишке ашыруу планына ылайык накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү камсыз кылуу жана жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын төмөнкү мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилген жана кабыл алынган:  

- чарба жүргүзүүчү субъекттердин накталай эмес эсептешүүлөрдү колдонуусуна түрткү берүү максатында 2014-жылдын 18-январындагы № 13 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын 271-беренесинин 8-бөлүгүнө;  

-  2014-жылдын 21-ноябрындагы № 159 «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамга, мында 100 000 (жүз миң) сомдон жогору суммадагы камсыздандыруу төлөмдөрүн юридикалык жактын эсептешүү эсебинен Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эсептешүү эсебине каражаттарды которуу аркылуу төлөө боюнча милдеттүү талаптар белгиленген;  

- региондордо накталай эмес төлөмдөрдү жайылтуу жана банк инфратүзүмүн кеңейтүү максатында, Кыргыз Республикасынын аймагына коммерциялык банктар тарабынан алып келинген банктык жабдууларды 2017-жылдын 31-декабрына чейин КНСтен бошотууга багытталган, 2015-жылдын 19-февралындагы № 36 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын; 

- төлөмдөрдү накталай эмес формада төлөөнүн инновациялык ыкмаларын (интернет-банкинг, үй банкинги, мобилдик банкинг, банктык төлөм карттары), ошондой эле электрондук акчаларды жөнгө салууга, агенттик тармакты өнүктүрүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына сунуштоо үчүн төлөм системасынын жаңы катышуучуларын ишке тартууга жана процессинг (клиринг) финансылык маалыматты топтоо жана иштеп чыгуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө багытталган, 2015-жылдын 21-январындагы № 21 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Мыйзамдын;  

- Кыргыз Республикасынын  2015-жылдын 24-июлундагы № 188 «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамдын 27-беренесине, мында сатуучу сатып алуучунун товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай же накталай эмес формада төлөөсүн чектөөгө тыюу салынат. Жогоруда аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы № 869 «Керектөөчүлөрдун укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому кабыл алынып, анда иштердин айрым түрлөрүнүн тизмеги бекитилген, буларды ишке ашырууда жеке ишкерлер жана юридикалык жактар ишин жүзөгө ашырып жаткан жайларда банктык төлөм карттарын пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алууга арналган жабдуулардын (түзүлүштөрдүн) орнотулушун камсыз кылууга жана аларды өз ишинде колдонууга милдеттүү болушат. Бул токтомду аткаруу максатында 2017-жылдын 1-октябрына карата соода-тейлөө ишканаларында 6446 POS-терминал орнотулган;  

- 2015-жылдын 31-декабрындагы № 235 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, «Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана 2016-жылдын 22-декабрындагы № 212 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдарга, булардын алкагында товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө эсептешүүлөрдү накталай эмес формада жүргүзүүгө дем берүү максатында төмөнкүлөр кайра каралган:  

- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 319-беренеси: накталай эмес формада төлөнгөн, КНС алынуучу жана/же КНС алуудан бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдө сатуудан салыктын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө, ал эми накталай эмес формада төлөнгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдө 0 пайыз өлчөмүндө белгиленген; 

- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 362-беренеси: айыл чарба продукциясын иштеп чыгаруу, өндүрүш чөйрөлөрү, соода үчүн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатып өткөрүүдө накталай эмес формада төлөөдө салыктын ставкасы 2 пайыз өлчөмүндө, ал эми иштин калган түрлөрү үчүн 3 пайыз өлчөмүндө белгиленген; 

- 2017-жылдын 1-мартындагы № 38 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга, «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын айрым ченемдери төлөмдөрдү үчүнчү жактардын пайдасына төлөө жана финансылык маалыматты топтоо жана иштеп чыгуу боюнча ишке лицензия алуу бөлүгүндө «Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирилген. Ошондой эле Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске мыйзам бузуу болгон жерде айыптык төлөмдү накталай эмес формада төлөөгө мүмкүндүк берген ченемдер киргизилген. 

Накталай эмес төлөмдөргө этап менен өтүү мамлекеттик органдардын, коммерциялык банктардын жана калктын даярдыгын эске алуу менен жүргүзүлгөн.  

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программанын биринчи жана экинчи этаптарынын иш-чаралар планын ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын калкынын накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн мааниси жана ыңгайлуулугу жөнүндө кеңири маалымат алууларына алып келди.  

Электрондук түзүлүштөрдүн (мобилдик телефондор, планшеттер, «акылдуу сааттар» ж.б.) өнүгүшү менен төлөмдөр төлөм инструменттеринин бири болуп саналган, белгилүү бир суроо-талапка ээ жана республикада накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө таасирин тийгизген электрондук капчыктар аркылуу да ишке ашырыла баштаган. Бирок акча массасынын жалпы жүгүртүүсүндө накталай эмес төлөмдөрдүн деңгээли дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүнө караганда кыйла төмөн, аларда бул көрсөткүч 80-90 пайызга жетет.  

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн деңгээли 40 пайызды түзөт жана накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө төмөнкү проблемалар таасирин тийгизүүдө

-  пенсияларды, жөлөкпулдарды жана башка төлөөлөрдү банктык төлөм карттарына которуу көрсөткүчүнүн төмөндүгү

- накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алуу инфратүзүмүнүн жетиштүү деңгээлде өнүкпөгөндүгү, коммерциялык банктар тарабынан сунушталган банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрү боюнча тариф саясатынын натыйжасыздыгы; 

- чекене төлөм инфратүзүмү менен жабдуунун функционалдык-технологиялык деңгээлинин төмөндүгү, жабдуулардын жана байланыш каналдарынын жетишсиз туруктуу иштеши, банкоматтардын жана төлөм терминалдарынын наркынын жогору болушу; 

- чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада жүргүзүүгө жана кабыл алууга мыйзамдуу түрдө белгиленген милдеттердин жоктугу; 

-  финансылык алдамчылыкка жол берүү фактыларынын болушу, бул Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына финансылык укук бузгандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгын шарттайт; 

- республиканын калкынын финансылык сабаттуулугунун төмөндүгү.  

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жогоруда аталган проблемаларды көңүлгө алып, ошондой эле келечекте жаңы санариптик кызмат көрсөтүүлөргө өтүү, “акылдуу шаарды” түзүү, республиканын 20 шаарында инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча өлкөдө андан аркы экономикалык реформаларды жүргүзүүнү эске алуу менен катар санариптик технологияларды, банк жана төлөм инфратүзүмдөрүн андан ары өнүктүрүүнү, жаңы тейлөө чөйрөлөрүнө төлөм инструменттерин өнүктүрүүнү жана колдонууга киргизүүнү, мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдун жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программанын (3-этап) (мындан ары Мамлекеттик программа) алкагында накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өнүктүрүү боюнча жүргүзүлгөн иш-чараларды контролдоону жана мониторинг жүргүзүүнү улантышат. 

 

2. Максаттар жана милдеттер 

 

Мамлекеттик программанын максаты болуп инновациялык төлөм инструменттерин кошкондо, чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасында банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жайылтуу деңгээлин жогорулатуу аркылуу накталай жана накталай эмес акча жүгүртүүнүн оптималдуу жана тең салмактуу катышына жетишүү саналат. 

Негизги милдеттер болуп төмөнкүлөр саналат: 

- жеке жана юридикалык жактарга төлөмдөрдү интернет-банкинг, уюлдук телефондордун, банкоматтардын жана POS-терминалдардын, төлөм терминалдарынын жана башкалардын жардамы аркылуу төлөө сыяктуу бардык жеткиликтүү төлөө ыкмаларын пайдалануу менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү төлөө, субъекттердин ортосунда эсептешүүлөрдү жүргүзүү, үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу үчүн бирдиктүү улуттук төлөм жана эсептешүү мейкиндигин түзүү

- финансылык агымдардын кыймылынын ачык-айкындуулугун камсыз кылуунун эсебинен республикалык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн андан ары натыйжалуу пландоону камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү

- бюджеттик төлөмдөрдү, салыктык жана башка акча каражаттарынын коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу бюджетке өз убагында келип түшүүсүн контролдоо жана мониторинг жүргүзүү

-  акча каражаттарынын айланышын контролдоону күчөтүү, көмүскө накталай акча жүгүртүлүшүн кыскартуу; 

- коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүдө жеңилдиктерди жана жөлөкпулдарды берүү процессин башкаруунун эсебинен калкты социалдык тейлөө деңгээлин жогорулатуу; 

-  накталай эмес эсептешүү инфратүзүмүн кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында калктын бюджеттик, чекене жана дайыма болуучу төлөмдөрүн жүргүзүүдө төлөм карттарын, электрондук капчыктарды жана башка инновациялык технологияларды пайдалануу аркылуу реалдуу сектордогу ишкердиктин активдүү өсүшү үчүн шарттарды түзүү

- бардык мекемелердин, уюмдардын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызматкерлеринин эмгек акыларынын банктык төлөм карттарына которулушун камсыз кылуу; 

- коммерциялык банктар тарабынан төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча көрсөтүлүүчү кызматтардын спектрин кеңейтүү жана атаандаштык чөйрөсүнүн шарттарында филиалдар түйүнүн өнүктүрүү

- эсептердин санын көбөйтүүнүн жана калктын акча каражаттарын тартуунун жана экономиканын реалдуу секторуна инвестициялоо үчүн финансы каражаттарын көбүрөөк топтоштуруунун эсебинен депозиттик базаны көбөйтүү

-  төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү накталай эмес формада жүргүзүүгө бизнес түзүмдөрүн активдүү тартуу; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам чыгаруу базасын өркүндөтүү

- банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтик саясатты оптималдаштыруу; 

- калкка төлөмдөрдү инновациялык инструменттер аркылуу жүргүзүү ыкмалары жана аларды пайдалануунун коопсуздугу боюнча чаралар жөнүндө кеңири маалымат берүү

Коюлган милдеттердин алкагында Мамлекеттик программанын катышуучулары төмөнкүлөрдү камсыз кылышат: 

- иш-чаралар пландарын, өнүктүрүү программаларын даярдоо жана ишке ашырууну; 

- бул иш-чараларды финансылык колдоо шарттарын жана механизмдерин жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында накталай эмес эсептешүүлөр системасынын катышуучуларынын өз ара аракеттенүүлөрүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүнү

- долбоорлорду уюштурууга жана ишке ашырууга колдоо көрсөтүүнү

- болгон жана пилоттук долбоорлордун ишке ашырылышына күндөлүк контроль/мониторинг жүргүзүүнү

- калктын финансылык сабаттуулук деңгээлин жогорулатууну. 

 

3. Негизги артыкчылыктуу багыттар 

 

Мамлекеттик программада Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча иш-чаралардын комплекси каралган, алар чекене төлөмдөр рыногун өнүктүрүүгө жана жөнгө салууга, накталай эмес төлөмдөр инфратүзүмүн кеңейтүүгө багытталган, атап айтканда: 

бажы жана салык төлөмдөрүн инновациялык технологияларды (анын ичинде банктык төлөм карттарын, электрондук капчыктарды, мобилдүү банкингди ж.б) пайдалануу менен накталай эмес формада кабыл алуу; 

региондордо калктан дайыма болуучу төлөмдөрдү инновациялык технологияларды (анын ичинде банктык төлөм карттарын, электрондук капчыктарды, мобилдүү банкингди ж.б) пайдалануу менен коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу жүргүзүү көлөмүн көбөйтүү

чакан соода-тейлөө ишканаларында POSтерминалдарды орнотуу, электрондук капчыктарды кабыл алуу жана тейлөө

пенсияларды, жөлөкпулдарды, акчалай компенсацияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун эсептеринен алуучулардын коммерциялык банктардагы жеке эсептерине төлөө;  

жогорку жана орто атайын окуу жайларынын студенттерине стипендияларды төлөөнү коммерциялык банктардагы эсептерге жана/же электрондук капчыктарына которууну камсыз кылуу; 

бардык мекемелердин, уюмдардын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызматкерлеринин эмгек акыларын банктык төлөм карттарына которуу;  

мамлекеттин кирешесине алымдарды, айыптарды, транспорт кызмат көрсөтүүлөрүн жана башка төлөмдөрдү банктык карттар, электрондук капчыктар жана башка инструменттер аркылуу накталай эмес формада төлөнү камсыз кылуу; 

  мамлекеттик мекемелерде касса операцияларын, анын ичинде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө касса операцияларын жүргүзүүнү токтотуу; 

 24/7 режиминде (жумасына 7 күн, 24 саат бою) аралыктан банктык тейлөө системасынын (интернет-банкинг, интернет-эквайринг, мобилдик-банкинг, электрондук капчыктар ж.б) ишин уюштуруу;  

эсептешүүлөрдү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында накталай эмес формада жүргүзүү үчүн банктык төлөм карттарын, электрондук капчыктарды жана башка инновациялык технологияларды тейлөө боюнча тармактын инфратүзүмүн кеңейтүү;  

эсептешүүлөрдү Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында накталай эмес формада жүргүзүү үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, электрондук/мобилдик капчыктарды жана башка инновациялык технологияларды пайдаланууга өбөлгө түзүү максатында пайдалануучуну/төлөөчүнү аралыктан идентификациялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган иш-чараларга катышуу; 

калктын банктык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануусуна жагымдуу жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кредиттөөнү кошкондо, аралыктан тейлөө жана акча каражаттарын банктык карттарга/идентификацияланган электрондук капчыктарга которуу аркылуу онлайн режиминде кызматтарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү

накталай эмес формада эсептешүүнү жайылтуу. 

 

4. Мамлекеттик программанын күтүлүүчү натыйжалары 

 

Мамлекеттик программада каралган иш-чараларды ишке ашыруу төмөнкүлөрдү камсыздоого мүмкүндүк берет:   

1) мамлекетке:  

- накталай акчанын өсүү темпин кыскартууга, накталай акчалардын көмүскө жүгүртүлүшүн азайтууну; 

- мамлекеттин салыктык-бюджеттик саясатын жүргүзүүдө ачык-айкындуулукту; 

- накталай акчалардын адекваттуу массасынын жүгүртүлүшүн (эмиссиясын) колдоого байланыштуу чыгымдарды кыскартууну; 

- калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууну. 

2) коммерциялык банктарга:  

- жаңы кардарларды тартууга, депозиттик базаны көбөйтүүгө жана экономиканын реалдуу секторуна инвестициялоо үчүн акча каражаттарын топтоону; 

- региондордо чекене агенттер тармактарын өнүктүрүүнү

- кардарларды аралыктан тейлөө спектрин кеңейтүүнү

- эмиссия-кассалык ишке байланыштуу (инкассация, иштеп чыгуу, акчаны сактоо) чыгымдарын кыскартууну. 

3) уюмдарга жана ишканаларга:  

өздүк корпоративдик ички системаларды түзүү чыгымдарын кыскартууну; 

- накталай акча каражаттары менен иштөө (кабыл алуу, сактоо жана ташуу) чыгымдарын азайтууну; 

- кыйла так эсепке алууну, финансылык контролду жүргүзүүнү жана пландаштырууну; 

- тике социалдык чегерүүлөрдү.  

4) калкка:  

- төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн жөнөкөй, кеңири, ишенимдүү жана коопсуз пайдаланууну, төлөөнүн кыйла жеңил жана ыкчам ыкмаларын; 

- төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу үчүн банктарды жана алардын агенттерин тандоо мүмкүнчүлүгүн; 

- банктарга, системаларга жана аймактык таандыгына көз карандысыз төлөмдөрдү жана акча которууларды ишке ашыруунун мурдатан калыптанган жана инновациялык инструменттеринин жана ыкмаларынын кеңири түрүн пайдаланууну. 

 

5. Болжолдуу көрсөткүчтөр 

 

Болжолдуу көрсөткүчтөр Кыргыз Республикасынын аймагындагы калктын туруктуу санын эске алуу менен эсептелген.  

Алсак, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2012-жылы Кыргыз Республикасынын калкы 5,607 млн адамды түзгөн.  

2012-2017-жылдардын аралыгында калктын саны 533 миң адамга көбөйүп (б.а. 9,5%), 6,140 млн адамды түзгөн, алардын ичинен калктын экономикалык жактан активдүү/иштөөгө жөндөмдүү саны 3 628,4 миң адамды түзөт.  

2012-жылы карт ээлеринин саны 408,9 миңди, ал эми 2017-жылдын 1-октябрына карата 1846,9 миң. түзгөн, б.а 4,5 эсеге өскөн, бул Мамлекеттик программанын биринчи жана экинчи этаптарынын иш-чараларынын алкагында жүргүзүлгөн накталай эмес төлөмдөрдүн өсүшүнүн оң динамикасын чагылдырат. Мамлекеттик программанын үчүнчү этабын ишке ашыруунун алкагында калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын иштөөгө жөндөмдүү калкын төлөмдөрдү накталай эмес формада жүргүзүүгө тартуу зарыл. Ошондой эле 3-таблицада келтирилген болжолдуу көрсөткүчтөрдө банктык жана төлөм инфратүзүмүн өнүктүрүү пландаштырылууда.  

 

3-таблица  

 

Болжолдуу көрсөткүчтөр 

Болжол 

2018-ж. 

Болжол 

2019-ж. 

Болжол 

2020-ж. 

Болжол 

2021-ж. 

Болжол 

2022-ж. 

Жылдын аягына карата эмитирленген төлөм карттарынын саны (миң даана) 

2 020,0  

2 121,0  

2 227,1  

2 338,4  

2 455,4  

Банктык төлөм карттарынын 1 адамга эсеп менен жайылтылышынын деңгээли (даана) 

0,50  

0,51  

0,53  

0,55  

0,57 

Төлөм карттарын пайдалануу менен жүргүзүлгөн 

операциялардын саны (миң даана) 

27 350,8 

28 718,4 

30 154,3 

31 662,0 

33 245,1 

1 миң адамга эсеп менен операциялардын орточо саны (даана) 

6 717,2  

6 948,80 

7 188,42 

7 436,29 

7 692,722 

 

 

 

Төлөм карттары менен жүргүзүлгөн операциялардын көлөмү (млн сом.) 

151 212,1  

158 772,7  

166 711,3  

175 046,9  

183 799,2  

1 адамга эсеп менен карттар боюнча операциялардын орточо көлөмү (миң сом)  

35 966  

37 764  

39652  

41 635  

43 716 

1 банкоматка туура келген адамдардын саны (адам) 

2 598 

2 396 

2 209 

2 056 

1 930 

 

 

 

 

 

 

1 POS-терминалга туура келген адамдардын саны (адам) 

427 

378 

343 

314 

290 

Электрондук акчаларды пайдалануу менен эсептешүү  

Пайдалануучулар-дын саны (электрондук капчыктардын саны) (бирдик ) 

696 842,6 

940 737,4 

1 269 995,5 

1 714 494,0 

2 314 566,9 

Электрондук акчаны пайдалануу менен жүргүзүлгөн операциялардын саны (бирдик) 

15 82 634,2 

17 470 897,7 

19 217 987,4 

21 139 786,2 

23 253 764,8 

Электрондук акчаны пайдалануу менен жүргүзүлгөн транзакциялардын жалпы саны (млн сом) 

9 660,8 

10 626,9 

11 689,6 

12 858,6 

11 144,4 

Банкоматтардын саны (даана) 

1 567 

1 725 

1 899 

2 071 

2 239 

POS-терминалдардын саны (даана) 

9525 

10 947 

12 244 

13 561 

14 898 

Төлөм (сash-in) терминалдарынын саны 

5 696 

6 308 

6 865 

7 337 

 

7 789 

Соода (тейлөө) уюмдарында, коомдук транспорттордо ж.б жеке колдонуу каралбаган карточкаларды кабыл алуу функциясы менен төлөм терминалдарынын саны ж.б. 

QR-коддору жана НСE (даана) 

10 

15 

20 

25 

 

 

 

 

 

 

30 

 

 

6. Финансылык камсыз кылуу 

 

Мамлекеттик программаны ишке ашыруу коммерциялык банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен каржылоону, ички ведомстволук Иш-чаралар планына ылайык мамлекеттик органдардын аткаруучулардын чыгымдарынын сметаларынын алкагында финансы каражаттарын бөлүп берүүнү карайт. Ошондой эле эл аралык жана региондук уюмдардын финансылык, техникалык, консультациялык жана башка колдоо көрсөтүүсү болжолдонууда.  

Коммерциялык банктардын финансылык сарптоолору 3-таблицада келтирилген болжолдуу көрсөткүчтөргө ылайык ишке ашырылат: 

- коммерциялык банктардын өздүк каражаттарынын эсебинен банк жабдууларын алып келүүгө кеткен болжолдуу чыгымдар 1,2 млрд сомду түзөт; 

- банк жабдуулары коммерциялык банктар тарабынан мамлекеттик мекемелердин жана башка жеке уюмдардын өтүнмөсү боюнча орнотулат; 

- 2018-жылга республикалык бюджетте банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жана комиссияларды төлөөгө (2226-берене) чыгымдар - 78,1 млн сом өлчөмүндө каралган. 

 

7. Мамлекеттик программанын аткарылышына мониторинг жүргүзүү, баалоо жана контролдоо 

 

Мамлекеттик программа Иш-чаралар планын аткаруу аркылуу ишке ашырылат. Мында министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар Мамлекеттик программаны аткаруу боюнча ички иш-чаралар планын иштеп чыгууга тийиш. Мамлекеттик программанын ишке ашырылышына байкоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Мамлекеттик программанын иш-чаралар планы боюнча тартылган катышуучулар тарабынан берилген маалыматтарды топтойт жана иштеп чыгат. Мамлекеттик программанын иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маселелер ар кварталдык негизде Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында каралат.  

Мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы өзгөртүүлөрдү жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформаларды эске алуу менен оңдолушу мүмкүн.  

 

 

 

2-тиркеме 

 

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программаны (үчүнчү этап) ишке ашырууга карата иш-чаралар планы  

 

  

Иш-чаралар 

Аткаруу мөөнөтү 

Жооптуу аткаруучу 

1. Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн системасынын уюштуруу-укуктук жактан өнүгүшүн камсыз кылуу/өркүндөтүү  

1.1 

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына банктык жабдууларды (банкоматтарды, төлөм терминалдарын, күркөлөрдү жана POS-терминалдарды) сатып алуу/орнотуу боюнча мамлекет үлүш кошуп катышкан коммерциялык банктар үчүн жол-жоболорду жеңилдетүү, ошондой эле банктык жабдууларды орнотуу үчүн турак-жай болуп саналбаган жайларды ижарага алуу жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-2019-жылдар 

ФМ, УБ, КБ (макулдашуу боюнча) 

 

 

1.2 

«Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жеке ишкерлердин милдеттүү медициналык камсыздандырууну накталай эмес формада төлөөсү жагында өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-2019-жылдар 

ММКФ, ССМ, КБ (макулдашуу боюнча), Соцфонд  

1.3 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жаңы инновациялык банктык продукттарды атайын режимде (тесттен өткөрүү) чыгарууда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү  

2018-2020-жылдар 

УБ, ЭМ, КБ (макулдашуу боюнча), ТСО (макулдашуу боюнча), БАО (макулдашуу боюнча) 

1.4 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине банктык жабдууларды импорттоодо коммерциялык банктарды КНС төлөөдөн бошотууну караган өзгөртүүлөрдү киргизүү  

2018-жыл 

УБ, ЭМ, КБ (макулдашуу боюнча), «КББ» ЮЖБ (макулдашуу боюнча) 

1.5 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине кыймылсыз мүлктү сатып алуу-сатууда эскроу-эсеп келишимин пайдалануу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-жыл 

ЭМ, УБ, Мамкаттоо  

1.6 

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине соода-тейлөө ишканаларында POS-терминалдардын орнотулбагандыгы же алардын иштебегендиги үчүн жоопкерчиликке тартууну караштыруучу өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2019-2020-жылдар 

ЭМ, Монополияга каршы агенттик, МСК, УБ  

1.7 

Чарба жүргүзүүчү субъекттердин эмгек акыларын банктык төлөм карттарына которуу боюнча бизнес-ассоциациялар менен бирге иш-чаралар планын түзүү жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге эмгек акыларды накталай эмес формада төлөө маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү 

2018-2019-жылдар 

ЭСӨМ, ЭМ, БИМ, ММБФ, УБ, КБ (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) жана башка мамлекеттик органдар, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча) 

2. Калк арасында накталай эмес формада төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жайылтуу 

2.1 

Товарларга (иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө) төлөө үчүн электрондук төлөм инструменттерин жана аралыктан банктык тейлөө системасын пайдаланууга карата жарандарга түрткү берүүчү иш-чараларды өткөрүү 

2018-2022-жылдар 

«КББ» ЮЖБ (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча), УБ 

2.2 

16 жашка толгон өспүрүмдөр үчүн паспорт (ID-карт) алууда банктык төлөм карттарын жайылтуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү 

2018-2019-жылдар 

УБ, КБ (макулдашуу боюнча), Мамкаттоо  

2.3 

Заманбап электрондук төлөм инструменттерин жана төлөм каражаттарын, аралыктан банктык тейлөө системасын пайдалануунун артыкчылыктары жана пайдасы жөнүндө калкка маалымат берүү (видеороликтер, аудиороликтер жана жарыялоолор) 

2018-2022-жылдар 

УБ, «КББ» ЮЖБ (макулдашуу боюнча) КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча) 

2.4 

Атайын орто жана жогорку окуу жайлардын студенттерине накталай эмес төлөмдөрдүн артыкчылыктары тууралуу маалымдоо 

2018-2022-жылдар 

БИМ, «КББ» ЮЖБ (макулдашуу боюнча), УБ  

2.5 

Калкка банктык төлөм карттарын/электрондук капчыктарды пайдалануунун жана тейлөөнүн эрежелери, банктык жабдууларды орнотуу пункттары тууралуу маалымат берүү 

2018-2019-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), «КББ» ЮЖБ, ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча), УБ  

2.6  

Товарларды, иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү накталай эмес формада сатууда сатуудан салыктын төмөндөшү тууралуу калкка маалымат берүү 

2018-жыл 

МСК, КБ (макулдашуу боюнча), ЭМ 

2.7 

Жарандарга соода-тейлөө ишканаларында товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес формада төлөөгө түрткү берүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу  

2018-жыл 

МСК, КБ (макулдашуу боюнча), жеке ишкерлер (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча) 

3. Накталай эмес формада төлөмдөр 

3.1 

Салыктарды накталай эмес формада төлөө жана алыскы региондорду төлөм терминалдары менен жабдуу долбоорлорунун иштөө чөйрөсүн кеңейтүү 

2018-2022-жылдар 

МСК, КБ (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

3.2 

Калктын товарлар (иштер, кызматтар) үчүн накталай эмес формада төлөөсүн камсыздоого карата соода уюмдарын (тейлөө) демилгелөөнү күчөтүү боюнча чараларды көрүү 

2018-2020-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), МСК, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

3.3 

Борборлоштуруп кайра бөлүштүрүү аркылуу соода түйүндөрүндө банктык жабдууларды бирдей орнотууну камсыздоо 

2018-2022-жылдар 

КБ, УБ, ББА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

3.4  

Калк алуучу социалдык төлөмдөрдү, пенсияларды жана жөлөкпулдарды «Элкарт» улуттук төлөм картына которуу 

2019-2020-жылдар 

Соцфонд, КБ, ЭСӨМ 

3.5 

Пенсиялык эсептердеги өзгөртүүлөр тууралуу маалымат алмашуу боюнча бирдиктүү базаны түзүү 

2019-2022-жылдар 

Соцфонд, Мамкаттоо, КБ (макулдашуу боюнча) 

3.6 

Белгилүү бир категориядагы кардарларды (мектеп окуучулары, студенттер, жактар, мигранттар картасы ж.б.) кошо алганда алдын ала төлөнгөн, кредиттик жана дебеттик карталардын түрлөрүн кеңейтүү 

2019-2020-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча) 

3.7  

Республиканын региондорунда банктык жана төлөм жабдууларынын орнотулушун контролдоо жана мониторинг жүргүзүү, банктардын агенттик түйүндөрүн өнүктүрүү 

Туруктуу негизде 

КБ (макулдашуу боюнча), «Кыргызпочтасы» МИ, ЮЖ, ЖИ, 0ССИ (макулдашуу боюнча) 

3.8  

«Smart city» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын 20 шаарын банктык жабдуулар менен камсыз кылуу/орнотуу 

2018-2019-жылдар 

ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча) 

3.9 

Транспорттук/жүргүнчүлөрдү ташуу кызмат көрсөтүүлөрү үчүн төлөмдү накталай эмес/электрондук жана аралыктан кабыл алууну камсыз кылуу (TRANS PAY, алдын ала төлөнгөн карттар, HCE жана QR-код, NFС-технологиялар) 

2018-2022-жылдар 

ТЖМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК, ЮЖ (макулдашуу боюнча), МТБМК 

3.10 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн банктык карт, интернет-банкинг, электрондук капчык ж.б. аркылуу накталай эмес формада төлөмдү жайылтуу 

2018-жыл 

КБ (макулдашуу боюнча), Мамкаттоо, МСК, МТБМК, «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), УБ жана башка мамлекеттик органдар 

4. Банктык жана төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн өркүндөтүү 

4.1 

Банктык төлөм карттарын жана башка инновациялык технологияларды пайдалануу менен жүзөгө ашырылуучу операциялар чөйрөсүндө банктардын, төлөм системаларынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын тарифтик саясатын өркүндөтүү.  

Чекене банктык кызматтар боюнча тарифтерди калктын анча жогору эмес эмгек акы алган категориясын, ошондой эле социалдык төлөөлөрдү, пенсияларды жана жөлөкпулдарды алган адамдарды эске алуу менен белгилөө 

2018-2020-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), ЭСӨМ, УБ, «КББ» ЮЖБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

4.2 

Жашы улгайып калган жарандарды (65 жаштан жогору), жаштарды, ошондой эле буга чейин банктык кызматтардан пайдаланбаган жарандарды накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө тартуу максатында бонустук программаларды иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү 

2018-жыл 

КБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), ЭСӨМ, Соцфонд  

4.3 

Региондордо салык төлөмдөрүн накталай эмес формада кабыл алуу (терминалдар, банкоматтар, башка аралыктан банктык тейлөө ыкмалары: интернет-банкинг, мобилдик банкинг ж.б. аркылуу) боюнча иш-чараларды жүргүзүү 

Туруктуу негизде 

МСК, УБ, КБ (макулдашуу боюнча), «БПБ» ЖАК (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

5. Төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишин жана коопсуздугун, карта ээлери үчүн өз алдынча тейлөө жабдууларынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо 

5.1  

Өз алдынча тейлөө жабдууларын орнотуу үчүн документтерди макулдашуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү, аларда төмөнкүлөр каралат: 

2018-2022-жылдар 

ББА, КБ (макулдашуу боюнча), ЖӨБО (макулдашуу боюнча) 

5.1.1 

- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыкпастан ичтен пайдаланылуучу банктык жабдууларды орнотуу; 

5.1.2 

- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыкпастан, имараттын негизги конструкциясына таасирин тийгизбеген тыштан пайдалануу үчүн банктык жабдууларды орнотуу; 

5.1.3 

- долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыкпастан, тыштан пайдаланууга өз алдынча тейлөө жабдуулары боюнча маалымат көрсөткүчтөрүн жана (же) коргоо түзүлүштөрүн (козырёк, ширмалар ж.б.) орнотуу 

5.2 

Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай акча каражаттарын кабыл алуу боюнча төлөм терминалдарын банктык төлөм карттарды жана электрондук капчыктарды тейлөө программасын иштеп чыгуу жагында модификациялоо 

2020-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча), УБ  

6. Накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү колдонуунун инновациялык ыкмаларын жайылтуу 

6.1 

Калктын эсептешүүлөрдү накталай эмес формада жүргүзүүсүндө (транспорт/ири чекене/дүң рыноктор, коомдук тамактануу пункттары ж.б) аралыктан башкарылуучу технологияларды жайылтуу маселесин иштеп чыгуу  

2018-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), УБ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), МТБМК (макулдашуу боюнча) 

6.2 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга өз алдынча тейлөө жабдууларын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү максатында ыңгайлуу технологияларды жайылтуу  

2018-2022-жылдар 

КБ (макулдашуу боюнча), ТУ (макулдашуу боюнча), УБ  

6.3  

Кыргыз Республикасынын төлөм системаларын бириктирген улуттук бирдиктүү төлөм жана эсептешүү системасын түзүү  

2018-2020-жылдар 

УБ, «БПБ» ЖАК, МТБМК, КБ (макулдашуу боюнча), ТСО/ТУ (макулдашуу боюнча) 

7. Мамлекеттик жана башка органдарда адистердин инновациялык санариптик кызмат көрсөтүүлөр жана IT-коопсуздугу жагында квалификациясын жогорулатуу, маалымат жана тажрыйба алмашуу 

7.1 

Мамлекеттик жана башка органдарда адистердин IT-коопсуздук, киберкоопсуздук, IT-аудит жагында квалификациясын жогорулатуу 

2019-2020-жылдар 

БИМ, УБ, ЭККМК, УКМК, ФЧМК 

7.2 

Кибер чабуулга чара көрүү маселелери боюнча тренингдерди өткөрүү, төлөм системасы жагында кибер кылмыштуулуктун коркунучунун төмөндөшүн аныктоо  

2018-2019-жылдар 

УБ, ЭККМК, УКМК, ФЧМК 

7. 3  

Финансы-кредиттик жана банктык эмес уюмдардын кибер чабуулдарын, инновациялык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануудагы алдамчылыкты маалымдоо жана ыкчам чара көрүү  

2019-2022-жылдар 

УБ, КБ (макулдашуу боюнча), ЭККМК, УКМК, ФЧМК  

 

 

Кыскартуулардын тизмеси 

 

 

 

 

 

ЭМ 

ФМ 

ТЖМ 

ССМ 

БИМ 

ЭСӨМ 

 

МСК 

 

Мамкаттоо 

 

МТБМК 

 

Монополияга  

каршы агенттик 

ММКФ 

 

ММБФ 

 

Соцфонд 

ББА 

 

ЖӨБО 

УБ  

КБ 

ТСО/ТУ 

«БПБ» ЖАК 

«КББ» ЮЖБ 

 

БОА 

ЮЖ 

ЖИ 

ССИ 

 

 

 

 

 

 

 

  

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 

Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек башкы архитектурасы» муниципалдык ишканасы 

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары 

төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары 

«Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому 

«Кыргызстан банктарынын бирикмеси» юридикалык жактарынын бирикмеси 

байланыш операторлорунун ассоциациясы  

юридикалык жактар 

жеке ишкерлер 

соода-сервистик ишканалар 

 

 

 

ЭМ 

ФМ 

ТЖМ 

ССМ 

БИМ 

ЭСӨМ 

 

МСК 

 

Мамкаттоо 

 

МТБМК 

 

Монополияга  

каршы агенттик 

ММКФ 

 

ММБФ 

 

Соцфонд 

ББА 

 

ЖӨБО 

УБ  

КБ 

ТСО/ТУ 

«БПБ» ЖАК 

«КББ» ЮЖБ 

 

БОА 

ЮЖ 

ЖИ 

ССИ 

 

 

 

 

 

 

 

  

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы 

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд 

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 

Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек башкы архитектурасы» муниципалдык ишканасы 

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары 

төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары 

«Банктар аралык процессинг борбору» жабык акционердик коому 

«Кыргызстан банктарынын бирикмеси» юридикалык жактарынын бирикмеси 

байланыш операторлорунун ассоциациясы  

юридикалык жактар 

жеке ишкерлер 

соода-сервистик ишканалар