Кайта келүү

КР Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 25-ноябрындагы 

№ 71/11 токтому менен 

бекитилген 

Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. “Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө” жободо (мындан ары Жобо) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан төмөнкү иш багыттарын лицензиялоо тартиби белгиленген: 

1) өз иш натыйжасынан болуп саналбаган, маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууга байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо; 

2) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо (процессинг, клиринг) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)1-1. Улуттук банктын лицензиясы мөөнөтсүз, ажыратып алынгыс жана аны үчүнчү жакка берүүгө болбойт. 

1-2. Ушул Жобонун талаптарын бузууга жол берилген шартта Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөм системаларынын операторуна жана/же төлөм уюмдарына карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Ушул Жободо камтылган төмөнкү түшүнүктөр «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган алардын аныктамаларына ылайык колдонулат». 

Мынданы тышкары, ушул Жобонун чегинде төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

Агент жеке адамдардан жана юридикалык жактардан (кардарлардын) төлөмдөрдү кабыл алуу ишин жүргүзүүгө төлөм уюму менен агенттик келишим түзгөн юридикалык жак же жеке ишкер. 

Агенттик келишим - агент менен төлөм уюмунун ортосунда ушул Жободо көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча түзүлгөн агенттик келишим талаптарын аткаруу максатында түзүлгөн келишим. Мында, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу алдында агенттин иш-аракети үчүн төлөм уюму жооп берет. 

Кызмат адамдары коллегиалдуу аткаруучу органдын мүчөлөрү Башкарманын мүчөлөрү, башкы директор/техникалык директор/директор (техниканын ишине жооп берген жетекчи), башкы директордун/техникалык директордун/директордун орун басары, башкы бухгалтер/бухгалтер, уюштуруучулар/катышуучулар/акционерлер. 

Өтүнүч ээси төлөм системасынын операторунун жана/же төлөм уюмунун ишин жүзөгө ашыруу үчүн лицензия алуу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылган юридикалык жак. 

Кардар үчүнчү жактын пайдасына төлөмдөрдү ишке ашырууда төлөм уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланган жеке адам же юридикалык жак, жеке ишкер. 

Клиринг төлөмдөрдү топтоо, иштеп чыгуу, тастыктоо жана системанын катышуучуларынын өз ара милдеттенмелерин эсептөө процесси. 

Клиринг борбору клиринг жүзөгө ашырылган уюм. 

Лицензиат Улуттук банктан ишкердикти жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алган төлөм системасынын оператору жана/же төлөм уюму. 

Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу (мындан ары сунуштоочу) сатылган товарлар (аткарылган иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн кардардан акча каражаттарын алган юридикалык жак же жеке ишкер. 

Юридикалык жакка байланыштуу жактар: 

1) ошол юридикалык жактын кызмат адамдары же алардын жакын туугандары; 

1) юридикалык жактын капиталына тике же кыйыр түрдө олуттуу катышкан же/жана контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык же жеке адамдар; 

1) ошол юридикалык жак жана анын кызмат адамдары олуттуу катышуучудан болгон же/жана контролдукту жүзөгө ашырган башка юридикалык жактар;  

1) 2 жана 3-пункттарда көрсөтүлгөн башка юридикалык жактардын аткаруучу органынын мүчөлөрү жана алардын жакын туугандары;  

1) жеке адамдар - 2-пунктчада көрсөтүлгөн жеке адамдардын жакын туугандары; 

1) 2-пунктчада көрсөтүлгөн, олуттуу катышуучудан болгон жана/же контролдукту жүзөгө ашырган жактар кирген башка юридикалык жактар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Төлөм системасынын оператору жана төлөм уюму өз ишин, анын ичинде Улуттук банк тарабынан берилген лицензияда көрсөтүлгөн операцияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат. 

4. Бул жобонун талаптары, коммерциялык банктар менен түзүлгөн агенттик келишимдин негизинде калкка чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча мамилелерге, Улуттук банктын лицензиясынын негизинде иш алып барган банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин ишине таркатылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Улуттук банк өтүнүч ээсинен/лицензиаттан ишине жана алардын уюштуруучуларынын ишине тиешелүү маалыматтарды, ошондой эле кызмат адамдары, аффилирленген жана байланыштуу жактары тууралуу жана аффилирленген жана байланыштуу жактардын пайдасына ишке ашырылган операциялар боюнча маалыматтарды талап кылууга укуктуу. Өтүнүч ээси/лицензиат талап кылынган маалыматты Улуттук банк аныктаган мөөнөттө берүүгө милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Лицензиаттар Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары обочолонгон бөлүмдөрдү жана туунду юридикалык жактарды түзүүгө укуктуу. 

7. Лицензиаттар обочолонгон бөлүмдөрдүн жана туунду юридикалык жактардын саны жөнүндө маалыматтарды ушул Жободо белгиленген тартипте Улуттук банкка жөнөтүүгө милдеттүү

8. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) 

9. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) 

10. Процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунуштоо жагында ишин башташкан/токтотушкан лицензиаттар, бул иштин анык башталаарына же токтотулгандыгына чейинки кеминде бир ай ичинде, уюмдун аталышын, системанын аталышын көрсөтүп, банк-эмитент менен түзүлгөн тиешелүү келишимдердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен бул тууралуу Улуттук банкка билдиришет. Билдирүүдө пландаштырылып жаткан иш, электрондук акчаларды пайдалануу менен пландаштырылып жаткан операциялардын масштабы жана мүнөзү тууралуу маалыматтар да көрсөтүлөт. Процессингди жана электрондук акчаны жайылтууну токтото турган лицензиаттар банк-эмитентке жана өз кардарларына алардын ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык маалымдоого тийиш. 

11. Лицензиаттар өз агенттери жөнүндө төмөнкү актуалдуу маалыматтарга ээ болууга тийиш: 

а) эгерде агент юридикалык жак болсо - анын аталышы, юридикалык дареги (жайгашкан жери), байланышуу маалыматтары (телефон, факс, электрондук почта); 

б) эгерде агент жеке ишкер болсо - жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген патентине тиешелүү маалыматтар. 

2-глава. Өтүнүч ээлеринин/лицензиаттардын кызмат адамдарына карата талаптар 

12. Лицензиаттын ишин талаптагыдай уюштуруу максатында, анын штатында төраганын (жетекчинин), техникалык директордун, башкы бухгалтердин кызмат орду каралууга жана булар коллегиалдык башкаруу органынын курамына кирүүгө тийиш. Зарылчылыкка жараша төраганын жана техникалык директордун кызматын бириктирүүгө жол берилет. 

13. Коллегиалдуу органдын төрагасы төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку билиминин болушу; 

- акыркы 10 (он) жыл ичинде экономикалык жана/же юридикалык жана/же техникалык чөйрөдө иш алып барган компаниянын жетекчиси кызматында кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасынын болушу; 

- сот жообуна тартылбаган болушу. 

Техникалык директор төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку техникалык билиминин болушу; 

- сот жообуна тартылбаган болушу; 

- өз кесиби боюнча кеминде 3 (үч) жылдык иш тажрыйбасынын болушу. 

14. Башкы бухгалтер төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- жогорку же орто-кесиптик билиминин болушу; 

- бухгалтердик эсепке алуу жагында жана финансылык отчетту эл аралык стандарттарга ылайык түзүү чөйрөсүндө билиминин болушу, жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча курсту аяктагандыгын (экзамен/тестти ж.б. тапшыргандыгын) же квалификациясын жогорулаткандыгын тастыктаган, акыркы 5 (беш) жыл ичинде алган сертификаттын же башка документтердин болушу; 

- сот жообуна тартылбаган болушу. 

15. Лицензиаттар 5 (беш) жумуш күнү ичинде бардык өзгөртүүлөр, анын ичинде уставдык капитал өлчөмүнүн, коллегиалдуу органдын, уюштуруучулардын курамынын, ошондой эле айкын жашаган жеринин жана юридикалык дарегинин өзгөргөндүгү тууралуу (ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен) Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү

3-глава. Лицензиялоо тартиби 

§ 1. Лицензия алуу үчүн зарыл документтер 

16. Ушул жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ишти жүзөгө ашырууга лицензия алуу үчүн өтүнүч ээси Улуттук банкка төмөнкү документтерди мамлекеттик же расмий тилдерде бир нускада сунуштайт: 

1) ушул Жобого карата 1-тиркемеде белгиленген форма боюнча түзүлгөн, өтүнүч ээсинин жетекчисинин кол тамгасы коюлган лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат; 

2) уюштуруучу документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү: ошол юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн устав, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк, юридикалык жакты түзүү тууралуу, уставдык капиталдын өлчөмү жөнүндө, башкаруунун коллегиалдык органын тандоо жөнүндө чечим; 

3) уюштуруучулар - юридикалык жактардын төмөнкү документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү: ошол юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтери, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө жана акыркы отчеттук күнгө карата түзүлгөн, салык органына тапшырылган финансылык отчет; 

4) документтерди тапшыруу учурунда салык органдарынан салыктык карызынын жок экендигин тастыктаган маалымкат; 

5) жаңыдан түзүлүп жаткан компаниялар үчүн кеминде төмөнкүлөр камтылган бизнес-план: 

- операцияларды ишке ашырууда алдыга коюлган максаттарды аныктоо; 

- мындай операцияларды ишке ашыруудан күтүлгөн экономикалык натыйжалардын болжолдуу эсептери; 

6) чарба иш каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдердин көчүрмөлөрү

7) төлөм уюмдары үчүн - сунуштоочулардын пайдасына көрсөткөн кызматтар үчүн калктан жана өз агенттеринен түшкөн акча каражаттарын сактоо жана пайдалануу үчүн коммерциялык банкта эсептешүү эсебин ачууга түзүлгөн келишимдердин көчүрмөлөрү

8) сунуштоочуга акча каражаттардын өткөрүлүп берилишин же алардын сатып алуучуга кайтарылып берилишинин гарантиясын камсыз кылган төмөнкү келишимдердин биринин көчүрмөсү

- мүмкүн болуучу тобокелдиктер жана жоготуулар үчүн каралган камды сактоо боюнча банктык аманат жөнүндө келишимдер; 

- сунуштоочуну алдын ала төлөө формасында тейлөө каралган келишимдер; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мүмкүн болуучу тобокелдиктер менен жоготуулардын ордунун жабылышын камсыз кылган банктык гарантия же башка келишимдер. 

Жаңы түзүлгөн компаниялар үчүн жогоруда көрсөтүлгөн келишимдер лицензия берилген күндөн кийинки 3 (үч) айдын ичинде Улуттук банкка берилүүгө тийиш; 

9) коммерциялык банктагы эсепке уставдык капиталдын 100 пайызы (1 000 000 (бир миллион) сомдон кем эмес) салынгандыгын тастыктаган документ. Уставдык капиталды топтоо максатында салынган акча каражаттарын, лицензия берүү/берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин пайдаланууга тыюу салынат. Уставдык капитал өтүнүч ээсинин/лицензиаттын милдеттенмелерин камсыздоо катары кызмат кылат жана ал уюштуруучулардын/катышуучулардын/акционерлердин акча каражаттарынын эсебинен улуттук валютада гана топтолууга тийиш. Уставдык капиталды негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин жана карызга алынган каражаттардын эсебинен топтоого тыюу салынат; 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

10) уюштуруучулардын уставдык капиталды түзүүгө багытталган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого өбөлгө түзгөн, тастыктаган тиешелүү документтерди кошо тиркөө менен маалыматтар; 

11) төлөм системасында жүзөгө ашырылуучу операциялардын финансылык мониторингин жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу ички документтердин көчүрмөлөрү

12) төлөм уюму үчүн - акча каражаттарын инкассалоо жана сактоо тартибин жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салуучу, ички документтердин көчүрмөлөрү

13) төлөм системасынын оператору үчүн - жетекчи тарабынан кол коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн төлөм системасынын иштөө эрежелери, алар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: 

- системанын архитектурасын жана анын иштөө схемасын; 

- системага кирүү жана чыгуу жол-жоболору; 

- катышуучуну системага кошуу тартиби; 

- процессинг жүргүзүү тартиби; 

- төлөм системасынын катышуучуларынын өз иши тууралуу маалыматтарды төлөм системасынын операторуна берүү тартиби; 

- тобокелдиктерди тескөөдө колдонулуучу моделди, тобокелдиктерди тескөө иш-чараларынын тизмесин жана ыкмаларын кошо алганда, төлөм системасындагы тобокелдиктерди тескөө системасы; 

- маалыматтарды коргоого карата талаптар; 

- талаш маселелерди чечүү тартиби; 

- системада штаттан тышкаркы жагдай келип чыккан шартта, катышуучулардын аракеттенүү тартиби; 

- катышуучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери; 

- жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалымат китепчесин тескөө, кардарларды террористтердин эл аралык уюмдар тарабынан чыгарылган тизмеси, террористтердин улуттук тизмеси, терроризмге катыштыгы бар деп шектенүүдөгүлөрдүн улуттук тизмеси боюнча текшерүү механизмдеринин системада бар экендигин сүрөттөө

14) лицензияны алууга төлөм төлөнгөндүгүн ырастаган документ; 

15) ушул Жобого карата 2-тиркемеге ылайык, коллегиалдуу башкаруу органынын мүчөлөрү тарабынан өз колу менен толтурулган жана кол тамгалары коюлган анкета, төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен: 

- инсандыгын тастыктаган документтердин; 

- коллегиалдуу башкаруу органынын мүчө-жактарынын тиешелүү кызматтарга дайындалгандыгын тастыктаган документтердин; 

- ушул Жобонун 2-главада көрсөтүлгөн талаптарга шайкештигин тастыктаган документтердин; 

15-1) компаниянын аффилирленген жана байланыштуу жактары жөнүндө маалыматтар (жеке адамдын аты-жөнү, юридикалык жактын аталышы, тастыктоочу документтер, уюштуруу документтери ж.б.);  

15-2) аппараттык-программалык комплексин (мындын ары АПК) орнотуу жана колдонууга киргизүү актысы;  

15-3) жайды ижарага алуу келишиминин көчүрмөсү же өтүнүч ээсинин/лицензиаттын ээлеп турган жайга менчик укугун тастыктаган документ; 

15-4) эгерде төлөм системасынын оператору ижарага алынган жайды АПК жайгаштыруу үчүн колдонсо, техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу талаптарына жооп берүүгө тийиш болгон, жайдын техникалык чыңдалышы тууралуу түшүндүрмө берилген ижара келишимин сунуштоо зарыл. Ижара келишимин колдонуу мөөнөтү кеминде бир жылды түзүүгө тийиш; 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

16) коммерциялык банк менен электрондук акчаларды сактоо, пайдалануу жана алар менен ишке ашырылган операцияларды эсепке алуу боюнча эсептешүү эсептерин ачуу жөнүндө түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунушташкан өтүнүч ээлери үчүн); 

17) электрондук акча эмитенти менен аларды чыгарууга түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (процессинг жана электрондук акчаларды жайылтуу боюнча кызматтарды сунушташкан өтүнүч ээлери үчүн); 

18) өтүнүч ээсинин атынан анын өкүлү ишеним каттын негизинде иш алып барган учурда, лицензияны алууга анын өкүлүнө берилген ишеним кат. 

17. Лицензия алуу үчүн документтер Улуттук банкка, анын областтык башкармалыгына жана Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө (өтүнүч ээсинин жайгашкан жери боюнча) берилиши мүмкүн. 

18. Улуттук банкка ушул Жобого ылайык сунушталуучу жана бир барактан ашкан бардык документтердин ар бир барагы бирден сыпатталууга жана жетекчинин кол тамгасы коюлуп, өтүнүч кат ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Улуттук банктын талабы боюнча айрым документтер электрондук формада берилиши мүмкүн. 

19. Улуттук банк тарабынан документтерди кароо мөөнөтү 30 (отуз) календардык күндү түзөт. 

19-1. Документтер топтомун кароодо Улуттук банк лицензия алууга өтүнүч кат сунуштагандан кийинки 10 (он) жумуш күнү ичинде өтүнүч ээсин алдын ала текшерүүгө укуктуу. 

19-2. Алдын ала текшерүүдө, автоматташтырылган системалардын иш жөндөмдүүлүгүн жана өтүнүч ээси тарабынан сунушталган документтердин ушул жобонун 16-пунктунун талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү камтылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Эгерде документтер ушул Жободо белгиленген талаптарга жооп бербесе же болбосо өтүнүч катты жана документтерди кароо мезгили ичинде кошумча документтер сунушталса, анда өтүнүч катты жана документтерди кароо мөөнөтү ушул жобонун талаптарын канааттандырган кошумча документтерди алган күндөн тартып кайрадан эсептеле баштайт. 

21. Лицензияны алууга берилген өтүнүч кат жана документтер кайтарылып алынган шартта, же болбосо лицензияны берүүдөн баш тарткан учурда же ушул жобонун чегинде мурда берилген лицензия кайтарылып алынган учурда Улуттук банкка сунушталган документтер кайтарылып берилбейт. 

22. Кошумча документтер Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдалгандан кийинки 15 (он беш) күн ичинде сунушталууга тийиш. Эгерде кошумча документтер көрсөтүлгөн мөөнөттө сунушталбаса, Улуттук банк лицензия берүүдөн баш тартууга укуктуу. 

§ 2. Лицензия берүү 

23. Лицензиялар ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ишкердиктин ар бир түрүнө өз-өзүнчө берилет (лицензиянын формалары ушул Жобого карата 3 жана 4-тиркемелерде келтирилген). 

23-1. Лицензия берүү чечими Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан кабыл алынат. Лицензияга Төраганын орун басары/Башкарманын мүчөсү - Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитетинин төрагасы тарабынан кол коюлат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

24. Лицензия эки нускада таризделет. Биринчи нускасы өтүнүч кат ээсине тапшырылат, ал эми экинчи нускасы Улуттук банкта сакталат. Лицензияны берүүдө аны алууга ишеним көрсөтүлгөн адам лицензия берүү журналында лицензияны алгандыгын тастыктаган кол тамгасын коёт. 

25. Лицензияланып жаткан уюмдун ыйгарым укуктуу адамынын ким экендигин тастыктаган документ көрсөтүлгөндөн кийин гана ага лицензия берилет. 

26. Лицензия берүү, кайра тариздөө, дубликатын берүү, токтотуу, кайтарып алуу жөнүндө маалыматтар Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүндө жүргүзүлгөн реестрге киргизилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

§ 3. Лицензия берүүдөн баш тартуу 

27. Лицензия берүүдөн баш тартууга негиз катары төмөнкүлөр саналат: 

1) лицензия алуу үчүн берилген документтердин ушул Жобонун же Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбесе; 

2) Улуттук банкка лицензия алуу үчүн такталбаган жана/же толук эмес маалыматтар берилсе; 

3) өтүнүч кат ээсине иштин ушул түрү менен иш алып барууга тыюу салынган соттун чечими болсо; 

4) өтүнүч ээсинин иши ушул Жобонун талаптарына ылайык келбей тургандыгын тастыктаган алдын ала текшерүү жыйынтыктары; 

5) лицензия берүү үчүн төлөм төлөнбөсө

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

27-1. Лицензия берүүдөн баш тартуу чечими Улуттук банктын Төлөм системасы боюнча комитети тарабынан кабыл алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

28. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) 

 

4-глава. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) 

5-глава. Лицензияны кайра тариздөө 

32. Төмөнкүлөр лицензияны кайра тариздөө үчүн негиз болуп саналат: 

- юридикалык жактын кайра уюштурулушу; 

- юридикалык жактын аталышынын өзгөрүшү

- калк отурукташкан пункттун өзгөрүшүнө байланыштуу юридикалык жактын турак жайынын өзгөрүшү, ошондой эле анда төлөм системасынын оператору жана/же төлөм уюму жайгашкан калк отурукташкан пункттун аталышынын өзгөрүшү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

32-1. Бир калк отурукташкан пункттун ичинде жайгашкан төлөм уюму жайгашкан ордунун өзгөрүшү анын лицензиясын кайра тариздөөнү талап кылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

33. Лицензияны кайра тариздөө үчүн негиздер жаралган шартта, лицензиат Улуттук банкка өтүнүч кат менен кайрылууга милдеттүү

34. Тиешелүү өзгөрүүлөрдү тастыктаган, документтерди кошо тиркөө менен кайра тариздөөгө негиздерди жана жаңы маалыматтарды көрсөтүү менен лицензияны кайра тариздөө жөнүндө өтүнүч кат лицензиат тарабынан кайра тариздөө негиздери келип чыккан күндөн кийинки 15 (он беш) күндөн кечиктирилбестен лицензиарга берилет. 

35. Лицензияны кайра тариздөө лицензиар тиешелүү өтүнүч кат алгандан кийинки 10 (он) күн ичинде жүзөгө ашырылат. Лицензиар лицензияны кайра тариздөөдө тиешелүү өзгөрүүлөрдү реестрге киргизет. 

35-1. Лицензияны кайра тариздөө үчүн Кыргыз Руспубликасынын мыйзамында белгиленген өлчөмдө акы алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

6-глава. Лицензиянын дубликатын берүү 

36. Лицензиянын түп нускасы жоголгон же бузулган шартта, лицензиат документтин бузулгандыгын же жоголгондугун тастыктаган документтерди кошо тиркөө менен жоголгондугу жана бузулгандыгы аныкталган күндөн тартып 15 (он беш) жумуш күнүнөн кечиктирбестен дубликат берүү жөнүндө өтүнүч катты Улуттук банкка берет. Лицензия бузулган шартта, өтүнүч катка лицензиянын бузулган бланкы да кошо тиркелет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

37. Лицензиянын жоголгон же бузулган бланкалары лицензиат өтүнүч кат берген күндөн тартып анык эмес деп таанылат. 

38. Лицензиар өтүнүч катты сунуштагандан кийинки 3 (үч) жумуш күнү ичинде жогорку оң бурчуна «Дубликат» деп жазылган лицензиянын дубликатын берет же лицензиянын дубликатын берүүдөн баш тартуу чечиминин себебине негиздеме берүү менен жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

39. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту) 

7-глава. Лицензиянын аракетин токтотуу  

 

40. Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын аракети төмөнкү учурларда токтотулат: 

- юридикалык жак жоюлган шартта; 

- лицензиаттын лицензиясы кайтарылып алынган учурда; 

- лицензияланган ишкердикти жүргүзүү өз каалоосу боюнча токтотулса; 

- соттун лицензияны жокко чыгаруу чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши; 

- айрым ишкердик түрүн лизенциялануучу ишкердик түрлөрүнүн тизмесинен алып салуу. 

41. Жоюу/өз каалоосу боюнча ишти токтотуу чечими кабыл алынган учурда, лицензиат чечим кабыл алынган учурдан тартып 15 жумуш күнү ичинде анда себептерин көрсөтүп, башкармалыктын ыйгарым укуктуу органынын тиешелүү чечимин кошо тиркөө менен Улуттук банкка ишти токтотуу жөнүндө өтүнүч катты жана лицензияны сунуштоого тийиш. 

42. Лицензиат тиешелүү лицензияны Улуттук банкка тапшырууга чейин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, төлөм системасынын катышуучулары жана кызматтарды сунуштоочулар менен түзүлгөн келишим шарттарын аткарууга жана лицензияланган ишти токтотууга тийиш. 

43. Лизенцияны кайтарып алуу «Төлөм системасынын операторлоруна/төлөм уюмдарына карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө» жобого ылайык ишке ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

8-глава. Улуттук банктын чечимдерине даттануу менен кайрылуу тартиби 

 

44. Ушул жобонун чегинде Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдерге даттануу менен «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, айрым банктык операция түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), ридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө» жобого ылайык кайрылууга жол берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14\54-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

  

 

1-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Төлөм системалары башкармалыгы 

ӨТҮНҮЧ КАТ 

(______________________________________________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________________________________________) 

(толук аталышы жана юридикалык дареги, анык дареги, телефон номери) 

төмөнкү иштерди жүзөгө ашыруу үчүн лицензия берүүнү өтүнөм: 

а) маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу байланыштуу, өз иш натыйжасынан болуп саналбаган кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого; 

(кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги көрсөтүлөт) 

б) үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызматтарды төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына сунуштоо. 

(кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги көрсөтүлөт) 

Ушул өтүнүч катты толтуруу менен мен, өтүнүч кат ээсинин жетекчиси катары, Улуттук банктын төлөм системалары боюнча ченемдик укуктук актылары менен таанышкандыгымды тастыктайм жана жогоруда белгиленген ишкердик түрлөрү үчүн талап кылынган бардык маалыматтарды жана документтерди, тактап айтканда төмөнкүлөрдү сунуштаймын: 

1. Уюштуруучулар тууралуу маалыматтар: 

_______________________________________________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________________________________________ 

Коллегиалдуу башкаруу органынын курамы (Төраганын, техникалык директордун, башкы бухгалтердин аты-жөнү): 

_______________________________________________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________________________________________ 

2. Документтер: 

2.1. Коллегиалдуу органдын төрагасынын анкетасы 

2.2. Техникалык директордун анкетасы 

2.3. Башкы бухгалтердин анкетасы 

Төраганын кол тамгасы жана уюмдун мөөрү 

  

  

20__-жылдын "__" _____________ 

  

2-тиркеме 

АНКЕТА 

үрөт үчүн) 

  

(Кызматы) _____________________________________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________________________________________ 

өлөм системасынын операторунун жана төлөм уюмунун аталышы) 

Аты-жөнү _______________________________________________________________________________________________ 

________________________________________________________________________________________________________ 

Туулган күнү жана жери ___________________________________________________________________________________ 

________________________________________________________________________________________________________ 

Паспортунун сериясы ______ № ______ ким тарабынан берилген ________________________________________________ 

Берилген күнү ___________________________________________________________________________________________ 

Жарандыгы _____________________________________________________________________________________________ 

Документ боюнча үй дареги, телефон номери ________________________________________________________________ 

________________________________________________________________________________________________________ 

Анкетаны толтуруу учурунда айкын жашаган жеринин дареги, телефон номери ____________________________________ 

________________________________________________________________________________________________________ 

Үй-бүлөлүк абалы ________________________________________________________________________________________ 

Билими _________________________________________________________________________________________________ 

________________________________________________________________________________________________________ 

(жогорку) 

дипломунун № __________________________________________________________________________________________ 

берилген күнү ___________________________________________________________________________________________ 

ким тарабынан берилген __________________________________________________________________________________ 

Окуу жайынын аталышы жана ал жайгашкан жер 

Факультет же бөлүм 

Тапшырган жылы 

Аяктаган жыл 

Алган дипломго ылайык адистиги 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Курстарда окуу 

Семинардын же курстун темасы 

Семинарды уюштуруучу 

Өткөрүлгөн жери 

Өткөрүлгөн күнү 

Сертификаттын болушу 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Эмгек жолу башталгандан тартып аткарылган иштер: 

Жалпы эмгек стажы: 

Жумушка кабыл алынган күн 

Жумуштан бошогон күн 

Ээлеген кызматы 

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери 

Жумуштан кетүү себеби 

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Сиз кызматкери же мүчөсү болуп саналган бардык башка уюмдарды, ассоциацияларды, юридикалык жактын мекемелерин көрсөтүңүз. 

Уюмдун аталышы 

Уюм жайгашкан жер 

Ээлеген кызмат орду 

  

  

  

  

  

  

Төлөм системасынын оператору же төлөм уюмунун кызматкерлери менен туугандык мамилеңизди, төлөм системасынын операторун же төлөм уюмун контролдукка алган жактар же компаниялар менен байланышыңызды, бардык өз ара милдеттенмелерди жана келишимдерди ж.б. көрсөтүңүз. 

________________________________________________________________________________________________________ 

________________________________________________________________________________________________________ 

________________________________________________________________________________________________________ 

________________________________________________________________________________________________________ 

Акырына чыгарылбаган сот иши же сизге иштин кайсыл бир түрү менен иш алып барууга тыюу салган соттун чечими барбы? 

________________________________________________________________________________________________________ 

________________________________________________________________________________________________________ 

Сизге Улуттук банк тарабынан эскертүү чаралары жана санкциялары колдонулганбы? 

________________________________________________________________________________________________________ 

________________________________________________________________________________________________________ 

Мен, ___________________________________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү

жогоруда берилген маалыматтардын аныктыгын жана толук берилгендигин тастыктайм жана бардык өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтарды мындан ары Улуттук банкка сунуштап турууга милдеттенем. Мен тараптан бурмалоолорго жана калпыстыктарга жол берген учурда, мага, төлөм системасынын операторуна жана төлөм уюмуна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, санкциялар колдонула тургандыгын түшүнөм. 

20__-жылдын "__" _________ ____________________________ (кол тамгасы) 

  

3-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

ЛИЦЕНЗИЯ № ____ 

Бул лицензия  

_______________________________________________________________________________________________________ 

өлөм уюмунун юридикалык дарек боюнча катталган толук аталышы) 

_______________________________________________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________________________________________ 

(жайгашкан жери) 

_______________________________________________________________________________________________ берилди 

жана ал төлөм уюму катары иш алып барууга, ошондой эле операциялардын төмөнкү түрлөрүн ишке ашырууга укук берет: 

Маалыматтык технологияларга жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу үчүнчү жактардын пайдасына товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу жана өткөрүү, эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу байланыштуу, өз иш натыйжасынан болуп саналбаган кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого. 

Лицензия берилген күн: 20__-жылдын "__" ____________ 

Төраганын орун басары 

  

(кол тамгасы жана мөөрү

  

4-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

ЛИЦЕНЗИЯ № ____ 

Бул лицензия 

_______________________________________________________________________________________________________ 

өлөм системасынын юридикалык дарек боюнча катталган толук аталышы) 

_______________________________________________________________________________________________________ 

_______________________________________________________________________________________________________ 

(жайгашкан жери) 

_______________________________________________________________________________________________ берилди 

жана ал төлөм системасынын оператору катары иш алып барууга, ошондой эле операциялардын төмөнкү түрлөрүн ишке ашырууга укук берет: 

Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана аларды төлөм системасынын, ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү кызматтарын сунуштоо. 

Лицензия берилген күн: 20__-жылдын "__" ______________ 

Төраганын орун басары 

  

(кол тамгасы жана мөөрү