Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2015-жылдын 15-апрелиндеги  

№ 22/4 токтому менен  

бекитилген  

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитети жөнүндө

ЖОБО 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 24-февралындагы № 10/9, 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 токтомдорунун редакцияcына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төлөм системасы боюнча комитетинин (мындан ары - Комитет) ыйгарым укуктары, негизги милдеттери, аны түзүү жана иш тартиби аныкталат. 

2. Комитет, ушул жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү, жөнгө салуу жана көзөмөлдүк (оверсайт) чөйрөсүндө өз компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга, ошондой эле төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоого, жөнгө салууга жана аларды пруденциалдык көзөмөлдөөгө ыйгарым укук чегерилген, туруктуу иштеген коллегиалдуу орган болуп саналат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 токтомунун редакциясында) 

3. Комитет тарабынан кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Зарыл учурда Комитет маселени кароого алуу үчүн Улуттук банк Башкармасынын, Көзөмөл боюнча комитеттин отурумдарында сунуштоону демилгелеши мүмкүн. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 24-февралындагы № 10/9, 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 токтомдорунун редакцияларында) 

4. Комитет өз ишин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына жана ушул Жобого таянуу менен жүргүзөт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 токтомунун редакциясында) 

2. Комитеттин негизги максаттары, милдеттери жана функциялары 

5. Комитет тарабынан төлөм системасынын иш максаты, милдети жана аны өнүктүрүү багыттары аныкталат. 

6. Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын иш натыйжалуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аны координациялоо Комитеттин негизги максаты болуп саналат. 

7. Комитеттин Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын иши жана өнүгүүсү боюнча маселелерге тиешелүү милдеттери болуп, төмөнкүлөр боюнча чечимдерди кабыл алуу, сунуш-көрсөтмөлөрдү (корутундуларды) иштеп чыгуу жана сунуштоо саналат: 

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо; 

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын төлөм системасын өнүктүрүү жагында ишин көзөмөлдөө

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү боюнча бекитилген пландарга ылайык, иш-чараларды аткаруу мөөнөттөрүнүн сакталышына жана натыйжага жетишүүсүнө контролдук жүргүзүү

- төлөм системасына тиешелүү ченемдик укуктук базаны камсыз кылуу жана аларды өркүндөтүү ишин координациялоо; 

- төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) ишке ашыруу боюнча чечимдерди кабыл алуу жана алардын аткарылышын контролдоо. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 токтомунун редакциясында) 

8. Комитеттин төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо, жөнгө салуу жана аларды пруденциалдык көзөмөлдөө жагында милдеттеринен болуп төмөнкүлөр саналат:  

1) төмөнкү ишкердиктерге лицензияларды берүү жагында чечим кабыл алуу: 

- үчүнчү жактардын пайдасына өз иш натыйжасынан болуп саналбаган, маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасынын компоненттери аркылуу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүү

- процессинг жана клиринг борборлору тарабынан төлөм системасынын катышуучуларына үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды (процессинг, клиринг) кабыл алуу, иштеп чыгуу жана сунуштоо боюнча кызматтарды көрсөтүү

2) төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында чечим кабыл алуу; 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берилген учурларда, төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата эскертүү жана таасир этүү чараларын колдонуу боюнча чечим кабыл алуу. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 24-февралындагы № 10/9, 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 токтомдорунун редакцияларында) 

9. Стратегиялык максаттарды аныктоонун алкагында, Комитет ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат: 

- төлөм системасын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо ишин координациялоо жана контролдоо; 

- төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча саясатты аныктоо ишин координациялоо жана контролдоо; 

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине талаптарды белгилөө

- төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдарына карата жергиликтүү сыяктуу эле, чет өлкөлүк башка көзөмөл органдары менен өз ара иш алып баруу.  

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 токтомунун редакциясында) 

9.1. Төлөм системасынын өнүктүрүү ишин координациялоонун алкагында, Комитет төмөнкүлөрдү кошо алганда, төлөм системасынын ишине тиешелүү күндөлүк маселелер боюнча чечимдерди кабыл алат:  

- төлөм системасынын системалуу мааниге ээ жана анын өзүнчө компоненттеринин иш регламентин бекитүүнү;  

- төлөм инструменттерин аныктоону;  

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча негизги багыттарды жана долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча иштерди координациялоону жана контролдукка алууну; 

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү боюнча долбоорлорду бекитүү, пландарды жана мөөнөттөрдү корректировкалоо; 

- төлөм системасынын банктар аралык соода системалары жана чет өлкөлүк төлөм системалары менен өз ара иш алып баруу маселелерин; 

- төлөм системасында тобокелдиктерди кыскартуу боюнча чечимдердин өз убагында аныкталышына жана иштелип чыгышына контролдукту жүргүзүү

- Улуттук банк анын операторлору болуп саналган төлөм системаларынын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди белгилөө

- банктык кызматтардан пайдалануучулардын укугун коргоо жагында Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын катышуучуларынын төлөм кызматтары үчүн тариф саясаты боюнча маселелерди демилгелөө

- башка өлкөлөрдүн улуттук төлөм системалары менен интеграция боюнча чечимдерди кабыл алуу. 

9.2. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайтты) ишке ашыруунун алкагында: 

- Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн төлөм системасынын ишин жөнгө салуу жана ага көзөмөлдүктү (оверсайтты) жүргүзүү ишин координациялоо; 

- төлөм системасында колдонулган инструменттерди кошо алганда, төлөм системасына көзөмөлдүк (оверсайт) боюнча стратегияны аныктоо; 

- системалуу-маанилүү жана маанилүү төлөм системаларынын тизмесин бекитүү

- төлөм системаларына көзөмөлдүк боюнча (оверсайт) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жактыруу; 

- Улуттук банк Башкармасынын чечими боюнча регулятивдик көзөмөлдүк чараларын колдонуу; 

- системалуу мааниге ээ жана маанилүү төлөм системаларына баа берүү жыйынтыгы боюнча отчетту кароого алуу; 

- төлөм системаларынын катышуучуларына карата санкцияларды колдонуу жөнүндө чечимдерди кабыл алууда банктык көзөмөл органдары жана Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети менен иш алып баруу; 

- Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын бийлик органдары жана башка өлкөлөрдүн борбордук банктары менен төлөм системасынын ишине көзөмөлдүк (оверсайт) ишин координациялоо; 

- Улуттук банк Башкармасы тарабынан Комитетке өткөрүлүп берилген башка маселелерди чечүү

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 токтомунун редакциясында) 

9.3. Кыргыз Республикасынын төлөм системасы боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү ишин координациялоонун алкагында: 

- төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын кошо алганда, төлөм системасынын катышуучулары менен төлөм системасына карата негизги талаптарды макулдашуу; 

- ченемдик документтерди, типтүү келишим долбоорлорун кароо жана аларды бекитүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүү (Улуттук банк Башкармасынын токтому, Төлөм системасы боюнча комитеттин чечими ж.б.);  

- төлөм системасына тиешелүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, макулдашуу мөөнөттөрүн координациялоо. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 токтомунун редакциясында) 

9.4. Төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына лицензия берүүнүн алкагында: 

- Төлөм системалары башкармалыгынын лицензия берүү алдындагы текшерүүнүн жана төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын лицензия алуу үчүн сунуштаган документтерине талдап-иликтөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча корутундусун кароо; 

- төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына лицензия берүү/лицензия берүүдөн баш тартуу жагында чечим кабыл алуу. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 24-февралындагы № 10/9, 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 токтомдорунун редакцияларында) 

9.5. Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жөнгө салуунун алкагында: 

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине карата талаптарды координациялоо, иштеп чыгуу жана белгилөө

- төлөм системасынын операторлору жана төлөм уюмдарына карата жергиликтүү сыяктуу эле, чет өлкөлүк көзөмөл органдары менен өз ара иш алып баруусун координациялоо.  

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 токтомунун редакциясында) 

9.6. Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн алкагында: 

- инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгын кароого алуу; 

- Кыргыз Республикасында төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын тарифтеринин монополияга каршы жөнгө салуу талаптарына ылайык келишине талдап-иликтөөлөрдү кароого алуу; 

- төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин жакшыртуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү макулдашуу. 

9.7. Төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата регулятивдик көзөмөлдүк чараларын колдонуунун алкагында төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат: 

- төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына эскертүү каттарын жөнөтүү боюнча; 

-- төлөм системаларынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына жазма буйруктарды жөнөтүү боюнча; 

- төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына карата акчалай айыптык төлөм белгилөө же Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка таасир этүү чараларын колдонуу боюнча; 

- Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык лицензияны кайтарып алуу боюнча. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 24-февралындагы № 10/9 токтомунун редакциясында) 

3. Комитеттин курамы 

10. Комитеттин жеке курамы Улуттук банктын Төрагасынын буйругу менен бекитилет. 

11. Комитеттин курамына төмөнкүлөр кирет: Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/ банк Башкармасынын мучөсү төлөм системасынын куратору (Комитеттин Төрагасы) жана Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери; 

Комитеттин өздүк курамы Улуттук банктын буйругу менен бекитилет. Комитеттин курамына кеңеш берүү укугу менен Улуттук банктын буйругуна ылайык Улуттук банктын кызматкерлери киришет. Комиттетин Төрагасы жана башка мүчөлөрү жок учурда анын ишине Улуттук банктын буйругуна ылайык кызматы боюнча алардын ордун алмаштыруучу адамдар катышышат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 токтомунун редакциясында) 

12. Комитеттин отурумуна кароого алынып жаткан маселелерге жараша төлөм системаларынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын, коммерциялык банктардын өкүлдөрү чакыртылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 токтомунун редакциясында) 

13. Комитеттин Төрагасы Комитеттин ишин уюштурат жана координациялайт, Комитеттин отурумдарында кароого алынууга тийиш болгон маселелерди аныктайт, Комитеттин мүчөлөрүнө тапшырма берет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 токтомунун редакциясында) 

14. Комитеттин мүчөлөрү чечимдердин жана сунуш-көрсөтмөлөрдүн долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды аткарышат, ар кандай маселелерге талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жана аларды талкуулоого катышышат, ушул жобого тиешелүү башка тапшырмаларды аткарышат.  

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 токтомунун редакциясында) 

15. Комитеттин жооптуу катчысынын милдетин Төлөм системасы башкармалыгынын кызматкери аткарат. Комитеттин отурумдарын уюштурууга жана документтердин даярдалышына контролдукту Төлөм системасы башкармалыгынын начальниги жана Комитеттин төрагасы ишке ашырат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 24-февралындагы № 10/9 токтомунун редакциясында) 

16. Комитеттин Катчысы төмөнкү иштерди аткарат: 

1) Комитеттин отурумдарынын өз убагында өткөрүлүшүн камсыз кылат, Комитеттин мүчөлөрүнө жана Улуттук банктын материалдарды даярдоо үчүн жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктерине Комитеттин кезектеги отуруму өткөрүлүүчү күнү, орду жана күн тартиби жөнүндө маалымат берет; 

2) Төмөнкү материалдарды жөнөтөт: 

- Комитеттин мүчөлөрүн ай сайын тааныштыруу үчүн Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү жана "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК тарабынан сунушталган маалыматтарды; 

- Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү жана "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК тарабынан Комитеттин чейректик негизде пландаштырылган отурумунун күн тартибине, Комитеттин мүчөлөрүнүн кароосуна сунушталган маселелер боюнча материалдарды пландаштырылган отурумга чейинки 5 жумуш күндөн кечиктирбестен; 

3) Комитеттин ишине тиешелүү техникалык маселелерди жалпы координациялоо ишин камсыз кылат; 

4) төмөнкү иштерди уюштурат: 

- Комитеттин отурумунун жүрүшүндө аудиожаздырууну, аудиожазууларды шифрлөөнү, отурумдар протоколун жүргүзүүнү жана тариздөөнү ишке ашырат; 

- Комитеттин отурумдарынан толтурулган протоколдорду Комитеттин мүчөлөрү менен макулдашат; 

- Комитеттин чечимдеринен көчүрмөлөрдү даярдоону жана чечимдер менен ишке тартылган түзүмдүк бөлүмдөрдү тааныштырат; 

- Комитеттин чечимдеринин аткарылышына контролдукту жүргүзөт; 

5) Комитеттин өтүп жаткан жылга иш планынын долбоорун тузөт жана аны өз үбагында Комитеттин Төрагасына бекитүүгө сунуштайт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 24-февралындагы № 10/9, 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 токтомдорунун редакцияларында) 

4. Улуттук банктын Комитетинин ишин уюштуруу 

17. Комитет өз ишин ушул Жобонун 2-бөлүгүндө белгиленген милдеттерге ылайык жүзөгө ашырат. 

18. Комитеттин иши бекитилген күн тартибинин негизинде отурум өткөрүү аркылуу ишке ашырылат. Кезексиз отурум өткөрүү үчүн материалдарда чечим кабыл алууга жетиштүү болгон документтер камтылууга тийиш. 

19. Комитеттин отуруму чейректе кеминде бир жолу, эрежедегидей эле, чейректин акыркы бейшемби күнү өткөрүлөт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 24-февралындагы № 10/9 токтомунун редакциясында) 

20. Комитет төмөнкүлөрдү чейрек ичинде кеминде бир жолу карайт: 

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын абалы жөнүндө отчет; 

- Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүк боюнча отчет; 

- төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын инспектордук текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө отчет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 токтомунун редакциясында) 

20-1. Улуттук Банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү Комитеттин мүчөлөрүнүн кароосуна документтер топтомун сунуштайт. Документтер топтомунда тиешелүү башкармалыктын начальнигинин Комитеттин Төрагасына жана анын мүчөлөрүнө жолдонгон, күн тартибинин долбоорунда көрсөтүлгөн ар бир маселе боюнча өз-өзүнчө кыскача маалыматты жана ошол маселеге талдап-иликтөөлөрдү жана баа берүүлөрдү чагылдырган кызматтык иш боюнча тил кат камтылууга тийиш. Эгерде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизиле турган болсо, салыштырма таблица кошо сунушталуусу зарыл. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 токтомунун редакциясында) 

21. Токтоосуз чечим кабыл алууну талап кылган Комитеттин кезексиз (пландан тышкаркы) отуруму Комитеттин Төрагасынын же анын милдетин аткарган адамдын же болбосо Башкарманын мүчөсүнүн же Комитеттин үч мүчөсүнүн демилгеси боюнча отурум өткөрүлүүчү күндү жана убакытты маалымдоо менен өткөрүлүшү мүмкүн. Кезексиз отурумдун жүрүшүндө ушул жободо белгиленген Комитеттин компетенциясына кирген жана токтоосуз кароого алынууга тийиш болгон кайсыл болбосун маселе кароого алынышы мүмкүн. Кезексиз отурум өткөрүү үчүн материалдарда чечим кабыл алууга жетиштүү болгон документтер камтылууга тийиш. 

22. Эгерде Комитеттин отурумунда анын мүчөлөрүнүн жарымынын көбү болсо, алардын бири Комитеттин Төрагасы же анын милдетин аткарган адам болгон шартта ал ыйгарым укуктуу болуп саналат. 

23. Комитеттин кароосуна коюлган маселелер боюнча чечимдер Комитеттин отурумунда катышып жаткан мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добуш берүүсү менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат. Добуш тең болгон учурда Комитеттин Төрагасынын же анын милдетин аткарып жаткан адамдын добушу чечүүчү болуп саналат. 

24. Төлөм системасы боюнча комитеттин отурумдарында кароого алынуучу маселелерди талкуулоонун жыйынтыгында чечимдер төмөнкү формаларда кабыл алынат: 

- Комитеттин чечими; 

- Комитеттин протоколдук тапшырмасы. 

25. Комитеттин отуруму боюнча протокол түзүлөт. Протоколго Комитеттин Төрагасынын, анын бардык мүчөлөрүнүн жана жооптуу катчысынын кол тамгасы коюлат. Протокол чечим кабыл алынгандан кийинки беш жумуш күнү ичинде таризделет жана макулдашылат. 

26. Комитеттин чечими менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү, зарыл учурларда - Комитеттин отурумунан толтурулган протоколдун көчүрмөсү түрүндө төлөм системаларынын операторлору жана төлөм уюмдары менен тааныштырылат. 

27. Комитеттин протоколдук тапшырмалары Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Протоколдук тапшырмага Комитеттин жооптуу катчысынын кол тамгасы коюлат жана ал Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, төлөм системасынын операторлоруна жана төлөм уюмдарына Комитеттин отурумдарында кароого алынуучу маселелерди даярдаган жак тарабынан түзүлгөн тизмеге ылайык тааныштырылат. 

28. Комитеттин иши Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечиминин негизинде токтотулат. 

5. Төлөм системасы боюнча комитеттин Төрагасынын жана анын мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги жөнүндө 

29. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Комитеттин Төрагасы жана анын мүчөлөрү ушул жобонун талаптарынын сакталышы жана аткарылышы, ошондой эле Комитеттин отурумунда каралган жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартышат. 

30. Комитеттин иши Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечиминин негизинде токтотулат. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 37/5 токтомунун редакциясында)