Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөө саясаты  

 

 

1-Глава.  

Жалпы жоболор 

 

1. Бул саясат, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө», «Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

2. Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө бул, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк), финансы-кредит мекемелеринин, төлөм системасынын операторлорунун, төлөм жана процессинг кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштаган төлөм уюмдарынын (мындан ары төлөм системасынын катышуучулары) тобокелдиктерди идентификациялоо, баа берүү, мониторинг жана талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, аларды алдын алуу жана төмөндөтүү аркылуу Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылууга багытталган иши.  

3. Бул саясат, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун колдоого алуу үчүн республиканын төлөм системасынын субъекттеринин ишинде келип чыккан тобокелдиктерди тескөө процессин уюштурууга багытталган. 

4. Саясатта республиканын төлөм системасынын негизги максаттары, милдеттери жана тобокелдиктерди тескөө принциптери, аны уюштуруу жана камсыз кылуу ыкмалары аныкталган. 

5. Саясаттын талаптарын жүзөгө ашыруу максатында, тобокелдиктерге жол бербөөгө жана Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган төлөм системасын жөнгө салуу боюнча башкаруу чечимдерин кабыл алууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу нускоолору жана жол-жоболору иштелип чыгууда. 

 

2-Глава.  

Колдонулган терминдер жана аныктамалар 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын автоматташтырылган тоорук системасы (АТС) Кыргыз Республикасынын финансы рынокторунда операцияларды жүргүзүүнү автоматташтыруу үчүн каралган Улуттук банктын аппараттык-программалык комплекси.  

Төлөм системасынын үзгүлтүксүз иши мыйзам талаптарын, төлөм системасынын, түзүлгөн келишимдердин жана макулдашуулардын, маалымат-коммуникациялык технологияларды пайдалануу жана төлөм системасынын катышуучуларынын өз ара иш алып баруусунда төлөм системасын техникалык тейлөө эрежелерин бузууга жол берүүнү алдын алуу, ошондой эле бузууга жол берилген шартта төлөм системасынын талапка ылайык иш алып баруусун калыбына келтирүү боюнча ишти уюштуруу жана камсыз кылуу. 

Мамлекеттик баалуу кагаздар (мындан ары МБК) Улуттук банк менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар.  

Төлөм системасынын тике катышуучусу бул Улуттук банкта эсеби бар жана «Төлөм системасынын катышуучуларынын банктык идентификациялык коддорунун маалымат китепчесине» ылайык банктык идентификациялык код (БИК) аркылуу система тарабынан идентификациялануучу система менен тике коммуникациялык туташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ катышуучу. Тике катышуучуларга Улуттук банктын мыйзамдарына жана ченемдик актыларына ылайык системадан пайдаланууда чек коюулушу мүмкүн.  

Төлөм системасындагы тобокелдиктер тышкы жана/же ички факторлордун таасири астында келип чыккан, 4-главада көрсөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын максаттарына, милдеттерине жана функцияларына терс таасирин тийгизиши же талапка ылайык аткарылбашы мүмкүн болгон потенциалдуу жагдайлардын келип чыгуу ыктымалдыгы.  

Төлөм системасынын компоненттери банктар аралык төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн каралган төлөм системасы (ири төлөмдөр системасы, чекене төлөмдөр системасы) жана алар аркылуу төлөм системасынын эрежелеринин чегинде төлөмдөр жана эсептешүүлөр жүзөгө ашырылуучу төлөм системасынын өз ара байланыштуу технологиялары. 

Ири төлөмдөр системасы бул, финансы-кредит мекемелери ортосунда эсептешүүлөр ар бир төлөм документи боюнча өз-өзүнчө системанын эрежелерине жана жол-жоболоруна ылайык ишке ашырылган система жана алар төлөм системасынын катышуучуларынын Улуттук банкта ачылган эсептеринде чагылдырылат. 

Чекене төлөмдөр системасы алар боюнча дароо жыйынтыктап эсептешүү талап кылынбаган катышуучулардын ири чекене жана утурумдук төлөмдөрүн иштеп чыгуу үчүн каралган система. 

Төлөм системасынын субъекттеринен болуп төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык сунуштаган төлөм системасынын катышуучулары. 

Төлөм системасынын адистештирилген (атайы) катышуучусу Улуттук банкта эсепке ээ эмес, бирок система менен түз комммуникациялык байланышка ээ жана тике иш алып барган катышуучу. 

FIFO (first in first out) - бул, төлөмдөрдү иштеп чыгуу принциби, анда төлөмдөр келип түшүүсүнө жараша ырааттуу жана белгиленген артыкчылыктарга жараша иштелип чыгат. 

Төлөмгө каршы берүү (DVP) эсептешүү принциби, ал бир активди жыйынтыктап которуу дароо ишке ашырылаарын жана башка активди жыйынтыктап которуу ишке ашырылган учурда гана жүргүзүлөөрүн гарантиялайт. Активдер валюта, баалуу кагаздар жана башка финансылык инструменттер түрүндө болушу мүмкүн. 

Төлөмгө каршы төлөм (PVP) эсептешүү принциби, анда бир чет өлкө валютасын жыйынтыктап которуу, эгерде башка чет өлкө валютасы же валюта жыйынтыктап которулган шартта гана жүргүзүлөөрү каралган.  

 

 

 

3-Глава.  

Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын максаты, милдеттери жана тобокелдиктерди тескөө принциптери 

 

6. Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктерди тескөөнүн негизги максатынан болуп республиканын төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу жана тобокелдик факторлорунун система тобокелдигине таасир этүү деңгээлин төмөндөтүү саналат, бул Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын натыйжалуулугун жана коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөт. 

7. Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө максаттарына жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткаруу зарыл: 

- аларды жүзөгө ашырууда төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишине кесепетин тийгизиши мүмкүн болгон алгылыксыз жагдайлардын келип чыгышын болжолдоо; 

- төлөм системасынын туруктуу ишине көмөк көрсөтүү

- орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди алдын алуу жана четтетүү

- тобокелдиктерди табуу жана алардын келип чыгуу себептерин аныктоо; 

- тобокелдиктерге жол бербөө

- тобокелдик деңгээлине баа берүү

- тобокелдикке туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү жана аларга баа берүү

- келип чыккан тобокелдиктердин кесепеттерин өз учурунда четтетүү процессин уюштуруу жана бузууга жол берилген шартта, төлөм системасынын ишин калыбына келтирүү механизмдерин түзүү

- төлөм системасында орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди алгылыктуу деңгээлде чектеп туруу ыкмаларын аныктоо; 

- аныкталган тобокелдиктерди кыскартууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу максатында, төлөм системасынын субъекттеринин өз ара маалымат алмашуусун камсыз кылуу; 

- тобокелдик факторлоруна жол бербөөгө багытталган чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле төлөм системаларын жөнгө салуу боюнча башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу; 

- төлөм инфраструктурасынын кызмат көрсөтүүлөр рыногунун өзгөрүлмөлүү шарттарына карата тобокелдиктерди тескөө процессинин ыкчам чара көрүүсү

8. Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктер төмөнкүдөй негизги принциптердин аткарылышын камсыз кылуу чараларын белгилөө аркылуу жөнгө салынат. 

8.1. Жоопкерчиликти акыркы жана кайтарылгыс төлөмдөргө бөлүштүрүү

8.1.1. Алар боюнча эсептешүүлөр Улуттук банктын ири төлөмдөр системасында өткөрүлгөн төлөмдөр Улуттук банкта ачылган банк-төлөөчүнүн эсебин дебеттөөдө - кайтарылып алынгыс жана банк-алуучунун эсебин кредиттөө учурунда акыркы болуп саналат. Ири төлөмдөр системасы ушул эки операциялардын бир учурда аткарылышын камсыз кылууга тийиш. Ири төлөмдөр системасында эсептешүүлөр кредиттик тапшырмалар боюнча гана жүзөгө ашырылат. Мында, эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн чекене төлөмдөр системасынан келип түшкөн таза дебеттик позициялар, ошондой эле Улуттук банк тарабынан демилгеленген дебеттик төлөмдөр эске алынбайт. Банк-төлөөчү кредиттик төлөм тапшырмасын төлөм аткаруу кезегинде турган мезгил ичинде гана кайтарып алышы мүмкүн. 

8.1.2. Алар боюнча эсептешүүлөр чекене төлөм системасы аркылуу өткөрүлгөн төлөмдөр Улуттук банктын ири төлөмдөр системасында таза позицияларды эсептөө учурунда банк-төлөөчү үчүн кайтарылгыс болуп саналат. 

8.1.3. Банк-төлөөчү төлөм документин алган учурда жана кардардын эсебин дебеттөөдө төлөм тапшырмасы кардар-төлөөчү үчүн кайтарылгыс жана акыркы болуп саналат. Банк-алуучу алуучунун эсебин кредиттөөдө төлөм тапшырмасы кардар-алуучу үчүн акыркы болуп саналат. Бул талаптар, коммерциялык банк менен анын кардары ортосунда кол коюлган келишимде каралууга тийиш. 

8.2. Таза позицияларды чекене төлөмдөр системасында кайра эсептөөгө жол бербөө. Клиринг системасында клиринг цикли/күн акырында алынган бардык ар тараптуу таза позициялар боюнча ири төлөмдөр системасында акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн шарттар камсыздалууга тийиш. Улуттук банк клиринг системасында айрым төлөмдөрдүн максималдуу көлөмүнө лимит белгилеши мүмкүн.  

8.3. Төлөм системасында катышуу боюнча талаптарды белгилөө жана жоопкерчилик төлөм системаларынын тике катышуучуларына жана атайы катышуучуларына бөлүнөт. Төлөм системаларынын тике катышуучулары, төлөмдөрдүн түздөн-түз иштелип чыгышына (STP) жана өз кардарларынын атынан төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүлүшүнө көмөктөшүү үчүн өз филиалдары, субкатышуучуларынын түздөн-түз иш алып барбаган катышуучулары, атайы катышуучулары башкы мекемедеги төлөмдөрдү иштеп чыгуу борборуна натыйжалуу туташуусун камсыз кылуу үчүн өз ички инфраструктурасын түзүүгө тийиш.  

8.4. Банктар аралык эсептешүүлөрдү Улуттук банктагы бирдиктүү эсеп аркылуу жүзөгө ашыруу. Банктар аралык төлөмдөр боюнча акыркы эсептешүүлөр, Улуттук банктын ири төлөмдөр системасы аркылуу төлөм системасынын катышуучуларынын борбордук банкта ачылган эсептери боюнча ишке ашырылат.  

8.5. Биринчи кезекте аткарылуучу төлөмдөр кезектүүлүгүн сактоо 

8.5.1. Улуттук банктын ири төлөмдөр системасында төмөнкүдөй артыкчылыктар белгиленет: мында Улуттук банктын транзакциялары жана чекене төлөмдөр системасынын таза позициялары жогору артыкчылыкка ээ. Ал эми акыркы кезекте банктар тарабынан демилгеленген банктар аралык төлөмдөр ишке ашырылат. Төлөмдөр FIFO принциби боюнча иштелип чыгууга тийиш.  

8.6. Баалуу кагаздар менен эсептешүү системасында баалуу кагаздар эсептери жана акча каражаттары боюнча каражаттарды DVP принцибин сактоо менен каражаттардын бир эле учурда алынып салынышын гарантиялаган механизмдер каралууга тийиш.  

8.7. Чет өлкө валютасында эсептешүү системасы өлкө чегинен тышкары бүтүмдүн бир тарабы боюнча эсептешүүлөр ортосунда ажырым убакытты төмөндөтүүгө багытталууга жана түпкүлүгүндө келип, чет өлкө валютасындагы эсептер боюнча каражаттарды жана улуттук валютадагы акча каражаттарды РVP сактоо принциби боюнча бир эле учурда алынып салынышын камсыз кылууга тийиш.  

8.8. Эсептердеги ликвиддүүлүктү тескөө инструменттеринин болушу. Банктар аралык төлөм системаларында ликвиддүүлүктү тескөө механизмин түзүү максатында, катышуучулар тарабынан банктар аралык төлөмдөрдү жүргүзүүдө пайдаланылган, Улуттук банктын ири төлөмдөр системасынын эсептеринде топтолгон бирдиктүү ликвиддүүлүк пулу пайдаланылат. Улуттук банктын ири төлөмдөр системасында ликвиддүүлүктү тескөө инструменттери төлөм системасынын катышуучуларына айкын убакыт ыргагында эсеп абалына мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө жана эсепти тескөө, камдык талаптарды аткаруу же банктар аралык рынокто үстөк ликвиддүүлүктү жайгаштыруу үчүн кредиттерди алуу зарылчылыгына баа берүү механизмдерин сунуштоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийиш. Ликвиддүүлүк төмөнкү инструменттерди пайдалануу менен тескөөгө алынышы мүмкүн: 

8.8.1. Улуттук банктагы эсепте банктар аралык эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатында жайгаштырылган акча каражаттары төлөм системасынын катышуучулары тарабынан банктын билдирмесинин негизинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык пайдаланылууга тийиш. 

8.8.2. Бир күндүк кредиттер Улуттук банктын ири төлөмдөр системасында операциялык күндүн акырына кайтаруу милдеттенмеси менен Улуттук банк менен Банк ортосунда бир күндүк кредит алууга түзүлгөн Башкы келишимдин негизинде, Улуттук банктын бир күндүк кредит алуу талаптарына жооп берген жана мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндө милдеттүү күрөө менен камсыздалган төлөм системасынын катышуучулары үчүн сунушталууга тийиш. Бир күндүк кредит улуттук валютада, пайызсыз, чейректин акыркы жумуш күнүнөн тышкары кайсыл болбосун башка жумуш күнү берилет.  

8.8.3. Орду жабылбаган бир күндүк кредит кийинки жумуш күнүнө чейин «овернайт» кредити катары кайра тариздөө жана таризделген күнгө карата «овернайт» кредитин пайдалануу үчүн белгиленген пайыздык чен боюнча автоматташтырылган тоорук системасында автоматтык түрдө мөөнөтү узартылат. Кредит мөөнөтүн бир гана жолу узартууга жол берилет.  

8.8.4. «Овернайт» кредити Улуттук банктын «овернайт» кредитин алуу талаптарына жооп берген төлөм системасынын катышуучуларына гана төмөнкү шарттарда сунушталышы мүмкүн: 

- белгиленген пайыздык чен боюнча, мамлекеттик баалуу кагаз түрүндө күрөөлүк камсыздоо алдында, чейректин акыркы жумуш күнүнөн тышкары кайсыл болбосун башка жумуш күнү

- банктын билдирмеси боюнча улуттук валютада, Улуттук банк менен банк ортосунда берилген күндөн кийинки жумуш күнү ордун жабуу мөөнөтүн кароо менен түзүлгөн «овернайт» кредити жөнүндө Башкы келишимге жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык.  

Банктын кредиттин негизги суммасы мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздардын, ал боюнча чегерилген пайыздардын жана туумдардын ордун жабуу тартиби «овернайт» кредити жөнүндө Башкы келишимде аныкталат.  

8.8.5. Улуттук банктын ири төлөмдөр системасында эсептешүү терезесинин болушу. Улуттук банктын ири төлөмдөр системасында терезени ачуу учурунда кезекте турган төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүү жана банктар аралык рынокто каражаттарды алуу аркылуу же болбосо Улуттук банктан овернайт кредитин алуунун эсебинен бир күндүк кредитти кайтаруу максатында операциялык күндүн акырына банктар аралык эсептешүү терезеси каралууга тийиш. Эсептешүү терезесин жабуу учуруна алар боюнча эсептешүү жүргүзүлбөгөн, кезекте турган төлөмдөр четке кагылууга тийиш.  

 

4-Глава.  

Төлөм системасындагы тобокелдик түрлөрү 

 

9. Төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишине кесепетин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдик факторлору ички жана тышкы болуп экиге бөлүнөт.  

Ички тобокелдик факторлору төлөм системасынын ички чөйрөсүнүн системанын натыйжалуу иш алып баруусуна таасирин тийгизүү аркылуу анын иш жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизет. Төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишине кесепетин тийгизиши ыктымал болгон ички тобокелдик факторлоруна ички документтердин жеткире иштелип чыкпашы, келишимдердин жана макулдашуулардын шарттары, маалымат системасындагы үзгүлтүктөр, байланышуу каналынын жана жабдуулардын үзгүлтүккө учурашы, маалыматтык коргонуу системасынын жеткире өркүндөтүлбөшү, төлөм системасынын субъект персоналынын квалификациясынын жетишсиздиги жана талапка ылайык иш алып барбашы, резервдик схемалардын жоктугу ж.б. кирет. Ички факторлор финансылык сыяктуу эле, финансылык эмес тобокелдиктерге таасирин тийгизет.  

Тышкы тобокелдик факторлору төлөм системасына тыштан таасирин тийгизет жана алар системанын үзгүлтүксүз жана коопсуз ишине коркунуч жаратышы мүмкүн. Тышкы тобокелдик факторлоруна табигый күтүүсүз жагдайлар (жердин силкиниши, суу ташкыны, жаратылыш катаклизмдери), техногендик факторлор (өрттүн чыгышы, суунун капташы, жарылуулар, химиялык жана радиациялык заттардын тарап кетиши, энергетикалык жана жана телекоммуникациялык кырсыктар ж.б.), социалдык факторлор (согуш аракеттери, массалык башаламандык, теракттар ж.б.) жана криминалдык факторлор (хакердик чабуул, алдамчылык иш-аракеттер, төлөм системасынын субъект персоналынын же башка адамдардын системанын ишине карата укукка жатпаган иш-аракеттери ж.б.). Тышкы факторлор укуктук тобокелдиктердин, алдамчылык тобокелдигинин, хакердик чабуулдун жана иш аброюнан ажыроону шарттайт.  

10. Төлөм системасында олуттуу көңүл финансылык тобокелдиктерге бурулат. Аларга система тобокелдиги, ликвиддүүлүк тобокелдиги жана кредиттик тобокелдик кирет.  

Система тобокелдиги бул, алгылыксыз жагдайдын келип чыгуу ыктымалдыгы, анда төлөм системасынын катышуучуларынын биринин өз милдеттенмелеринин мөөнөтүндө аткарылышын камсыз кылууга жөндөмсүз болот. Төлөм системасынын катышуучуларынын бири бир же бир нече тобокелдикке жол берген учурда системалуу тобокелдик келип чыгат, бул өз кезегинде, бүтүндөй төлөм жана банк системасынын туруктуулугуна кооптуу жагдайды жаратат. Системалуу тобокелдикти шарттаган тобокелдиктерге ликвиддүүлүк жана кредиттик тобокелдиктер кирет. 

Ликвиддүүлүк тобокелдиги бул, катышуучунун акча каражаттарынын жетишсиздигинен же анын жоктугунан улам, төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда милдеттенмелер боюнча толук эсептешүүнү жүзөгө ашыра албай калуу тобокелдиги. Ликвиддүүлүк тобокелдиги, бул катышуучу төлөөгө жөндөмсүз абалда калгандыгын эмес, ал өз милдеттенмелери боюнча эсептешүүнү кийинчерээк так белгиленбеген убакытта жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү бар экендигин билдирет. Мындай тобокелдиктин келип чыгуу ыктымалдыгы системанын катышуучусунун финансылык активдеринин жана финансылык милдеттенмелеринин тең салмактанбагандыгына байланыштуу болот. Ликвидүүлүккө жана кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө тиешелүү проблемалар эсептешүүлөрдүн өз учурунда жүргүзүлүшүнө кесепетин тийгизиши мүмкүн.  

Кредиттик тобокелдик бул, мөөнөтү келип жеткенде же болбосо кийинчерээк кайсыл болбосун учурда төлөм системасынын катышуучусунун башка катышуучулар алдында төлөм инфраструктурасынын кызматтары үчүн төлөө боюнча өз финансылык милдеттенмелерин төлөй албай калуу жөндөмдүүлүгүнөн улам келип чыккан тобокелдик. Кредиттик тобокелдик төлөм системасынын катышуучуларынын финансылык туруктуулугуна кооптуу жагдайды шарттайт, бул төлөм системасынын үзгүлтүксүз ишине таасирин тийгизет.  

Төлөм системасына байланыштуу финансылык эмес тобокелдиктердин катарына өзүндө юридикалык/укуктук тобокелдикти жана алдамчылык тобокелдигин камтыган операциялык тобокелдик кирет.  

Операциялык тобокелдик бул, аппараттык-программалык комплекстин иш жөндөмдүүлүгүн бузуудан улам, төлөм системасынын субъект персоналынын талапка ылайык иш алып барбашынан, ошондой эле аны ишке ашурууда апараттык-программалык комплексте жана коммуникациялык байланыш каналдарында техникалык үзгүлтүктүктөрдөн улам, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыроону шарттаган тышкы факторлордун таасиринен, техникалык инфраструктуранын бузулушунан, төлөм системасынын эрежелеринин, маалыматты коргоо талаптарынын бузууга жол берилишинен же болбосо бүтүндөй системанын иштөөгө жөндөмсүздүгүнөн улам келип чыккан тобокелдик. 

Юридикалык/укуктук тобокелдик бул, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, банктардын, төлөм системасынын операторлорунун жана катышуучуларынын, төлөм уюмдарынын төлөм системасынын иш нормалары жана эжерелери аныкталган ички документтердин, келишимдердин жана макулдашуулардын шарттарын аткарбагандыгынан, ошондой эле ал төлөм системасынын катышуучулары ортосунда соттук териштирүүнүн жүргүзүү же аны баштоо үчүн негиз болушу мүмкүн болгон төлөм системасынын башка катышуучуларына карата укуктук жактан белгисиздиктен улам улам орун алган тобокелдик.  

11. Төлөм системасынын катышуучуларында операциялык тобокелдикти тескөө процессин жөнгө салган ички ченемдик укуктук актылар жок болсо, катышуучулар төмөнкүдөй кошумча тобокелдиктерге дуушарланышы ыктымал: 

Алдамчылык тобокелдиги төлөм системасынын катышуучуларынын кызматчыларынын өз кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануусунан, маалыматтан санкциясыз колдонуусунан, уурдоодон, төлөм системасынын алкагында операциялардын ишке ашырылгандыгын жашыргандыгынан, укукка жатпаган иштердин жүргүзүлүшүнөн улам, ошондой эле финансылык жоготууларга алып келген, төлөм инфраструктурасынын кызматтарынан пайдалануучулардын каражаттарын уурдоо максатында, алар менен байланышууга алып келген алдамчылардын иш-аракеттери аркылуу башка жактардын жеке маалыматтарынан укуксуз пайдалануусунан, купуя маалыматты алуусунан, маалымат базасынан пайдалануусунан ж.б. ушул сыяктуу иш-аракеттерге жол берүүдөн улам келип чыккан тобокелдик. 

Хакердик чабуул тобокелдиги төлөм инфраструктурасынын (пароль, ПИН-код, банктык карттар номери, кол тамга үлгүсүнүн аналогу, пайдалануучулардын жеке маалыматтары) кызматтарынан пайдалануучулардын жеке маалыматын алуу максатында, маалымат системасына санкциясыз кирүү, атайы техникалык каражаттарды ишке киргизүү, компьютердик вирустарды жана башка зыян келтирүүчү программаларды таркатуу аркылуу төлөм системасынын маалымат ресурстарына жана маалымат-телекоммуникациялык каражаттарга таасир этүүсүнөн, маалымат базасынын жок болушунан жана аны иштен чыгаруудан, маалыматтык компьютердик системанын блокировкаланышынан жана иш үзгүлтүгүнө учурашынан улам келип чыккан тобокелдик. 

Иш аброюнан ажырап калуу тобокелдиги калк арасында төлөм системасынын туруктуулугу жөнүндө терс ой-пикир түптөлүшүнөн, төлөм системасында сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына терс баа берилгендиктен, анын ичинде төлөм системасына же анын катышуучуларына карата ишенимден ажыроого алып келген жалган маалыматтарды таркатуудан улам келип чыккан аброй тобокелдиги.  

 

5-Глава.  

Төлөм системасында тобокелдиктерди тескөөнүн негизги баскычтары 

 

12. Тобокелдиктерди идентификациялоо Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын үзгүлтүксүз жана коопсуз ишине коркунуч жараткан тобокелдиктерди табуу, алардын келип чыгуу себептерин жана өбөлгөлөрүн аныктоо процесси. 

13. Тобокелдиктерге баа берүү жана талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү тобокелдиктерди идентификациялоонун натыйжасында алынган маалыматты иштеп чыгуу, тобокелдиктердин өзгөчөлүктөрүн жана алардын келип чыгуу кесепеттерин изилдөө процесси.  

14. Тобокедиктерге мониторинг жүргүзүү төлөм системасынын үзгүлтүксүз жана коопсуз ишине кесепетин тийгизген факторлорду табуу процесси.  

15. Тобокелдиктерди алдын алуу боюнча чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу төлөм системасынын ишине карата терс жагдайлардын келип чыгуусун азайтууга мүмкүндүк берген чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу процесси.  

16. Тобокелдиктерди кыскартуу боюнча ыкмаларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу орун алган тобокелдиктердин кесепетин азайтууга жана андан улам келип чыккан чыгымдардын ордун жабууну алууга багытталган чаралар топтомун түшүндүргөн тобокелдиктерди тескөө процесси (1-тиркеме). 

 

 

6-Глава. Төлөм системасында  

тобокелдиктерди төмөндөтүү механизмдери 

17. Мөөнөттүү жана ири төлөмдөрдү ишке ашырууга байланыштуу тобокелдиктерди кыскартуу үчүн төлөм системасында тобокелдиктерди тескөөнүн төмөнкүдөй механизмдери каралган: 

17.1. Системада финансылык тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында оператор катышуучулардын ликвиддүүлүгүн тескөө механизмдерин пайдалануу менен төмөнкүдөй чараларды жүзөгө ашырат: 

өз милдеттенмелерин аткаруусу үчүн катышуучулардын каражаттарынын жетиштүүлүгүнө айкын убакыт ыргагында мониторинг жүргүзүү

- катышуучу-төлөөчүнүн Улуттук банктагы эсебинде ачылган кредиттик калдыктын чегинде гана системада эсептешүү операцияларын жүргүзүү

- катышуучалардын Улуттук банктагы эсебиндеги калдыктарын айкын убакыт ыргагында кароо мүмкүнчүлүгү менен камсыздоо; 

- окшош системалар менен өз ара иш алып баруусун камсыздоо үчүн каражаттарды резервге коюу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылуу; 

- төлөмдөрдү белгиленген артыкчылыктарга жараша иштеп чыгуу; 

- катышуучулардын өз төлөмдөр кезегин тескөөсүөлөмдөр артыкчылыгын өзгөртүү, кезекте турган төлөмдү кайтарып алуу ж.б.); 

- Улуттук банктын «бир күндүк кредит» жана «овернайт» кредитин алуу талаптарына ылайык келген жана улуттук валютада мамлекеттик баалуу кагаздар түрүндө милдеттүү күрөө менен камсыздалган төлөм системасынын катышуучулары үчүн гана «бир күндүк кредит» жана «овернайт» кредитин сунуштоосу; 

- чекене төлөмдөр системасынын катышуучуларынын таза дебеттик позициясына лимиттердин белгиленишин камсыздоосу. 

17.2. Системада финансылык эмес (операциялык) тобокелдиктерди кыскартуу максатында, төмөнкү чаралардын кеминде бирин аткаруу камтылган штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан шартта, төлөм системасынын ишин камсыз кылуу боюнча жол-жоболор болууга тийиш: 

- төлөм документтерин колго даярдоодо негизги тилкелердин эки жолу киргизилишин камсыз кылуу; 

- негизги түйүндө аппараттык жана программалык камсыздоону кайталап киргизүү

- резервдик борбордо негизги түйүн маалыматын кайталап киргизүү

- негизги түйүн менен катышуучулардын автоматташтырылган жумуш орундары ортосунда үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу үчүн байланыш каналдарын кайталап киргизүү

- негизги жана резервдик түйүндөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздалышын уюштуруу; 

- системанын катышуучуларын жана персоналды авторизациялоо жана аутентификациядан өткөрүү каражаттарын камсыз кылуу, санкциясыз пайдалануудан коргоо үчүн маалыматтарды өткөрүү каналын шифрлөө

өткөрүлүп жаткан маалыматтын аныктыгын жана бүтүндүгүн камсыз кылуу үчүн электрондук цифралык кол тамганы колдонуу; 

- системанын программалык камсыздоосунун маалымат коопсуздугун камсыз кылуу үчүн антивирустук коргонуу чараларын колдонуу; 

- аларды жоготуу тобокелдиги келип чыккан учурда, маалыматтарды сактоо жана калыбына келтирүү же кайталап сактоо үчүн системада жүргүзүлгөн бардык операциялардын резервдик көчүрүлүшүн камсыз кылуу; 

- системада электрондук документтердин сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык жөнөтүлгөн жана келип түшкөн электрондук билдирмелердин архивин жүргүзүү

- катышуучулардын системанын иш эрежелерин сактоосуна туруктуу негизде контролдукту жүргүзүү

17.3. Системада юридикалык/укуктук тобокелдиктердин орун алышын кыскартуу максатында, оператор тарабынан катышуучулар менен укуктук белгисиз жагдайларды четтетүү чаралары көрүлөт, катышуучулардын кол коюлган келишимдердин жана макулдашуулардын шарттарын, ушул жободо жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген нормаларды жана системанын иш эрежелерин сактоосуна контролдук жүзөгө ашырылат.  

17.4. Системанын катышуучулары ликвиддүүлүктү тескөө инструменттерин пайдалануу менен Улуттук банкта ачылган өз эсептериндеги зарыл ликвиддүүлүктү өз алдынча камсыздашат (активдердин жана пассивдердин түзүмүнө жана сапатына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, акча агымдарын эсептөө ж.б.).  

17.5. Системанын катышуучулары өз ички ченемдик документтеринде системада иштөө учурунда тобокелдиктерди жөнгө салуу ыкмаларын караштырышат.  

17.6. Системанын оператору туруктуу негизде ар бир тобокелдик түрү боюнча мониторингдин жүргүзүлүшүн жана баа берилишин камсыз кылат.  

18. Пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү жүргүзүүгө байланыштуу тобокелдиктерди кыскартуу үчүн төлөм системасында төмөнкүдөй тобокелдиктерди жөнгө салуу механизмдери каралган: 

18.1. Финансылык тобокелдиктерди кыскартуу максатында системада бир төлөмдүн максималдуу суммасына лимиттер жана катышуучулардын таза дебеттик позицияларына резерв белгиленет. 

18.2. Кризистик жагдайларга бөгөт коюу максатында, клирингдик системанын катышуучулары эсептерде ликвиддүүлүктү тескөө инструменттерин колдонушу мүмкүн, бул үчүн өздүк каражаттардын эсебинен жалпы Камсыздандыруу фондусу түзүлүшү мүмкүн, анын өлчөмү Улуттук банктын регламентинде белгиленген таза позициялар боюнча жыйынтыктап эсетешүү учурунда Улуттук банктагы коррэсептер боюнча көбүрөөк орточо статистикалык бир күндүк дебеттик сальдо суммасынын ордун жабууга тийиш. Бул үчүн катышуучулар ликвиддүүлүктү тескөө инструменттерин пайдалануу менен жыйынтыктап эсептешүү аяктаган учурда Улуттук банктагы өз эсебин зарыл ликвиддүүлүк менен камсыз кылышы зарыл.  

18.3. Системанын оператору туруктуу негизде клиринг системасынын катышуучуларынын өз алдынча иш алып баруусуна мезгил-мезгили менен баа берип турууга жана Улуттук банк Башкармасынын чечимине ылайык клиринг системасында проблемалуу катышуучулардын катышуусун жокко чыгарууга же убактылуу токтотууга тийиш. 

18.4. Операциялык тобокелдиктерди жана өзгөчө кырдаалдарга (жаратылыш кырсыктары, согуштук аракеттер ж.б.) байланыштуу тобокелдиктерди кыскартуу, ошондой эле системанын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу максатында, негизги клиринг борборунун иши резервдик борбордо кайталанып ишке ашырылууга тийиш.  

18.5. Клиринг борбору менен катышуучулардын автоматташтырылган жумуш орундары ортосунда үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу үчүн системада атайы бөлүнгөн байланыш каналы, SWIFT каналы жана аларга тиешелүү резервдик каналдар аркылуу байланышуу каралууга тийиш.  

18.6. Санкциясыз колдонуудан коргонуу үчүн маалыматтарды өткөрүү каналдарына шифр белгилөө, системанын катышуучуларын жана персоналын авторизациялоо жана аутентификациялоо колдонулат. Өткөрүлүп жаткан маалыматтын аныктыгы жана бүтүндүгү электрондук цифралык кол тамганы пайдалануу аркылуу камсыздалат.  

18.7. Аларды жоготуу же кайталанып калуу коркунучу келип чыккан шартта, маалыматтарды системада сактоо жана калыбына келтирүү үчүн катышуучулардын системага жөнөтүлгөн жана системадан алынган бардык маалыматтарын резервдик көчүрмөлөө жана алардын архивин түзүү пайдаланылат.  

19. Банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө байланыштуу тобокелдиктерди кыскартуу үчүн төлөм системасында тобокелдиктерди жөнгө салуунун төмөнкүдөй механизмдери каралган: 

19.1. Төлөм карттарын пайдалануу менен клиринг жана транзакциялар боюнча эсептешүүлөр процессинг борборунан алынган маалыматтардын негизинде төлөмдөрдүн клиринг системасында жүзөгө ашырылууга тийиш. 

19.2. Тобокелдиктерге жол бербөө жана карт ээлеринин укуктарын коргоо үчүн банктык төлөм карттарын пайдалануу менен эсептешүүлөр системасынын эрежелери жана типтүү келишимдер, кеңири коомчулукка маалымдоо максатында жарыяланууга тийиш. Карт ээси эрежелер жана типтүү келишимдин шарттары менен аларга карт берилгенге чейин алдын ала таанышып чыгуусу зарыл. 

19.3. Банктык төлөм карттары менен эсептешүүлөр системанын эрежелеринде жана жол-жоболорунда карттардын дубликаттарынын жасалышына жана алардын санкциясыз пайдаланылышына бөгөт коюу максатында карт ээлеринин жана карт эмитенттеринин жоопкерчиликтери каралууга тийиш. Карт ээси эрежелерди бузууга жол берген учурда банк-эмитент аны блокировкалоого тийиш. 

19.4. Эрежелерде, жол-жоболордо жана банктык төлөм карттарын пайдалануу системасы боюнча келишимдерде карт эмитентинин, эгерде ал төлөөгө жөндөмсүз абалда калса же келишим шарттарын бузууга жол берсе, бул тууралуу карт ээсине билдирүүдө анын макулдугусуз, система картын стоп-баракчага киргизүүгө укугу белгиленүүгө тийиш. 

20. Акча которуу системалары аркылуу акча каражаттарын которууда төлөм системасында тобокелдиктерге жол бербөө максатында, төлөм системасында тобокелдиктерди тескөөнүн төмөнкүдөй механизмдери каралган: 

20.1. Системада жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалыматтарын тескөө, эл аралык уюмдар, улуттук террористтер тизмеги, терроризмге катыштыгы бар катары шектенүүнү жараткан адамдардын улуттук тизмеги тарабынан чыгарылган террористтер тизмеги боюнча кардарларды текшерүү механизми болууга тийиш.  

20.2. Системада жана келишимдик базада талаш маселелерди чечүү эрежелеринин жана жол-жоболорунун болушу (жаңылыш акча которуу, кайтаруу, акча которуудан баш тартуу ж.б.).  

20.3. Төлөм системасынын катышуучусу алдында финансылык милдеттенмелердин Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык камсыздалышы. 

21. Электрондук акча менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө төлөм системасында тобокелдиктерге жол бербөө максатында төлөм системасында тобокелдиктерди тескөөнүн төмөнкүдөй механизмдери каралган: 

21.1. Системаны начар уюштуруунун же электрондук акча системасынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ жактар кыянаттык менен пайдалануусунун натыйжасында келип чыккан чыгымдарга байланыштуу операциялык тобокелдикти кыскартуу максатында, аппараттык-программалык каражаттардын абалына жана ишине туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү, ошондой эле маалыматты коргоо каражаттарын өркүндөтүү зарыл.  

21.2. Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүү системасы ички электрондук акчаны пайдалануу эрежелери жана жол-жоболору, ошондой эле системанын ишин жөнгө салган келишимдик мамилелер менен камсыздалууга тийиш. Электрондук акча системасы, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык коопсуздукка коркунуч келтирүү тобокелдигине жол бербөө, аларга бөгөт коюу жана аныктап билүү үчүн тиешелүү техникалык, уюштуруу, технологиялык коопсуздук механизмдери менен камсыздоого тийиш.  

21.3. Электрондук акча системасы алдамчылык аракеттерден коргонуу, күмөн жана шектүү транзакцияларды (операцияларды) аныктоо, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык террористтик жана экстремисттик иштерге катыштыгы бар адамдар тизмегине кирген жактар тарабынан жүзөгө ашырылган же аларга таандык болгон операцияларды токтотуу жана аларга таандык болгон электрондук капчыктарды блокировкалоо механизмдерине ээ болууга тийиш.  

21.4. Электрондук акча системасы, Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктүн, банктык көзөмөлдүктүн жана акча-кредит саясатынын алкагында Улуттук банктын талаптарына ылайык, төлөмдөр боюнча лимиттерди белгилөө, электрондук акча формасындагы акча жүгүртүү жөнүндө зарыл статистикалык жана маалыматтык отчетторду түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

21.5. Электрондук акча системасы, аларды пайдаланууа акцептанттардын жана электрондук акча ээлеринин чыгымдарын төмөндөтүү үчүн маалыматтарды жана форматтарды өткөрүп берүүнүн өңчөйлөштүрүлгөн стандарттарын пайдалануу аркылуу өз ара иш алып барган электрондук акча катышуучулары менен (акча каражаттарынын жылышын эсепке алуу боюнча ички система) натыйжалуу иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. 

21.6. Электрондук акча системасы, электрондук акчадан пайдаланган катышуучулар үчүн натыйжалуу, коопсуз, баасы жеткиликтүү жана пайдаланууга ыңгайлуу болууга, пайдалануучулар укугун коргоого багытталган талаптарга жооп берүүгө тийиш.  

21.7. Электрондук акчаны пайдалануу менен эсептешүү системасына мезгил-мезгили менен сертификацияланган уюм тарабынан ички жана тышкы факторлорго кесепеттерге талдап-иликтөөлөр жүргүзүлүүгө тийиш 

22. Төлөм системасында тобокелдиктерди кыскартуу максатында, аралыктан тейлөө эсептерин жүзөгө ашырууда системада төмөнкүдөй тобокелдиктерди тескөө механизмдери каралган: 

22.1. Аралык банкингинин маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комплекстүү системанын болушу, анда төмөнкүдөй аспекттер камтылууга тийиш: 

- аралыктан банктык жана төлөм кызматтарын сунуштоого байланыштуу тобокелдиктерди аныктоо жана аларга баа берүү

- тобокелдиктерди кыскартуу чараларын аныктоо, анын ичинде кардарды идентификациялоонун тиешелүү технологияларын жана ички контролдук нормаларын колдонуу; 

- кардарга тиешелүү маалыматтан санкциясыз колдонууну коргоо чараларын аныктоо жана маалыматтын сакталышын камсыз кылуу; 

- кардарга маалымдоо чараларына баа берүү

- банктык эсеп, электрондук капчык транзакциялары боюнча лимиттерди белгилөө жана аларга баа берүү

- электрондук капчык ачуу жана ал аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча белгиленген лимиттер боюнча транзакциялардын жүзөгө ашырылышына контролдук жүргүзүү

22.2. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу, зарылчылыкка жараша тыштан же ичтен мыйзамсыз пайдалануу коркунучу келип чыккан учурда, маалыматтын купуялуулугун жана бүтүндүгүн камсыз кылуу үчүн аралык банкингди сунуштоо технологиясына киргизилген кандай болбосун өзгөртүүлөргө ылайык өз маалымат коопсуздугу системасына корректировкалоолорду киргизүүгө жана аны жаңыртып турууга милдеттүү

22.3. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу бекитилген ички жол-жоболорго ылайык, коопсуздук системасынын өз учурунда жаңыртылышын жана модернизацияланышын камсыз кылууга тийиш. 

22.4. Өз пайдалануучуларынын идентификацияланышын камсыз кылуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу орун алышы ыктымал болгон тобокелдиктерди кыскартуу ыкмаларын колдонууга тийиш. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу кардарды идентификациялоо ишине көз салып турууга, ага баа берүүгө жана бул багытта жаңы технологияларды ишке киргизүүгө, ошондой эле операция түрүнө жана пайдалануу деңгээлине жараша кардарды идентификациялоо системасына орун алган тобокелдик факторлорунун негизинде тиешелүү өзгөртүүлөрдүн киргизилишин камсыз кылууга тийиш.  

23. Операциялык катага жана үзгүлтүктөргө жол берилген учурда төлөм системасында орун алган тобокелдиктерди кыскартуу үчүн төмөнкүдөй жөнгө салуу механизмдери каралган: 

23.1. Төлөм инструменттеринин мыйзамсыз пайдаланылышына, ошондой эле төлөмдөр боюнча операциялардын мыйзамсыз жүргүзүлүшүнө бөгөт коюу максатында, төлөмдөрдү жүргүзгөн, иштеп чыккан жана аларды алган адамдардын инсандыгын жана укуктуу экендигин текшерүү механизми колдонулууга, маалыматтын купуя сакталышы камсыз кылынууга, ошондой эле иштеп чыгуу борборунан жана төлөмдөр боюнча маалыматты өткөрүүдө пайдаланылуучу байланыш каналдарынан колдонууга чектөөлөр белгиленүүгө тийиш. Мында, жайлардын жана жабдуулардын коопсуздугуна, ошондой эле аларды сактоо мезгилинде сыяктуу эле, өткөрүү процессинде да маалыматтардын корголушуна өзгөчө көңүл бурулууга тийиш (тиркеме). 

23.2. Автоматташтырылган системада катага жол берилишин жокко чыгарган же төмөндөткөн маалыматтардын киргизилишине контролдук камсыз кылынууга тийиш. Автоматташтырылган системанын бардык жабдуусу жана программалык камсыздоосу кылдат тесттен, тажрыйбалык эксплуатациялоодон өтүүгө жана белгиленген стандарттарга ылайык документтерге ээ болууга тийиш. 

23.3. Операциялык үзгүлтүктөрдү төмөндөтүү жана табигый кырсык факторлоруна туруштук берүү максатында резервге көчүрүү пайдаланылууга тийиш, ал кандай болбосун учурда дароо ишке киргизилиши мүмкүн. Резерв механизмдери операцияны жүзөгө ашырган персонал үчүн жеткиликтүү, натыйжалуу, коопсуз болууга жана системанын ишине тоскоолдуктарды жаратпоого тийиш.  

23.4. Анда төлөм системасынын катышуучуларынын бири өз милдеттерин жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогон, 4-бөлүктө көрсөтүлгөн тобокелдиктер аныкталган шартта оператор төмөнкүлөрдү ишке ашырууга тийиш: 

- тобокелдик аныкталган учурдан тартып 1 (бир) күндөн ашпаган мөөнөт ичинде Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмүнө электрондук кат жана жазуу жүзүндө билдирме жөнөтүү же телефон аркылуу маалымдоого; 

- тобокелдикке дуушар болгон тарапка же тараптарга билдирүүгө

- башка катышуучуларды өз милдеттенмелерин аткаруу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылууга. 

24. Катага жол бербөө максатында бардык төлөм инструменттери пайдалануу үчүн жетишерлик жөнөкөй болууга жана төлөм системасынын катышуучулары аны бирдей түшүнүүсүн камсыз кылууга тийиш.  

 

7-Глава.  

Корутунду жоболор 

 

25. Төлөм системасынын катышуучулары Кыргыз Республикасынын төлөм системасында жүзөгө ашырылып жаткан ишкердик түрүнө мүнөздүү болгон тобокелдикти өз алдынча тескөөгө алат жана мындай тобокелдиктердин кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартышат.  

26. Улуттук банк, төлөм системасында орун алышы ыктымал болгон чиеленишкен тобокелдиктен коргоого, системанын натыйжалуу жана үзгүлтүксүз ишин камсыз кылууга жана төлөм инструменттеринин ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган көзөмөлдүктү (оверсайтты) ишке ашырат.  

27. Бул саясат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилгендигине жана төлөм системасында орун алган тобокелдиктерди эл аралык банктык тажрыйбага ылайык жаңы эффективдүү жөнгө салуу ыкмалары пайда болгондугуна жараша кайра каралууга тийиш.  

Кыргыз Республикасынын  

төлөм системасында  

тобокелдиктерди тескөө  

саясатына карата -тиркеме 

 

Орун алган тобокелдиктердин кесепеттерин кыскартууга жана аларга байланыштуу келип чыккан чыгымдардын ордун жабууну алууга багытталган чаралар топтомун түшүндүргөн тобокелдиктерди тескөө процесси  

 

Баскычтар 

Тобокелдиктерди жөнгө салуу боюнча чаралар топтомунун мазмуну  

1. Коопсуздук 

Ишенимдүү иш 

Төлөм системасынын эрежелери жана жол-жоболору Улуттук банкка системанын катышуучулары дуушар болушу ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берүү мүмкүнчүлүгүн сунуштоого тийиш. 

Эрежелерде жана жол-жоболордо тобокелдиктерди жөнгө салуу механизмдери камтылууга тийиш, атап айтканда: 

- кредиттик тобокелдикти контролдоо механизми (буйрууну системага киргизүү жана акыркы эсептешүү ортосунда кечиктирүү каралган система үчүн катышуучулардын бири-биринен карыз алышуусу); 

өз учурунда эсептешүү үчүн ликвиддүүлүктү тескөөөлөмдөр кезектүүлүгүн тескөө механизмдери, ликвиддүүлүктү бир күндүк чекте сунуштоо, токтоп калууну кыскартуу механизмдери, сунуш-көрсөтмөлөр, эсептердеги калдык жана өткөрүлгөн же акырына чыгарылбаган эсептешүүлөр жана айкын убакыт ыргагында жеткирилген баалуу кагаздар жөнүндө улам жаңыртылып турган маалыматты сунуштоо); 

- баалуу кагаздарды сактоо тобокелдигин кыскартуу чаралары. 

Система оператору, белгилүү бир убакытта же күндөрдө олуттуу иш көлөмүн, алдамчылык жана хакердик тобокелдиктерди кыскартуу боюнча чараларды кошо алганда, күтүлүп жаткан транзакциялар объектин иштеп чыгуу үчүн система жетиштүү кубаттуулукка ээ экендигин гарантиялоого тийиш. 

Бул үчүн оператор утурумдук негизде өз системасынын айкын кубаттуулугун жана натыйжалуулугун тесттен өткөрүп турууга жана контролдоого, талап кылынган төлөмдөр деңгээли сакталып туруусу үчүн иш көлөмүнүн же мүнөзүнүн өзгөрүшүн пландаштырууга тийиш.  

Оператор, система өзгөчө жагдайларда максималдуу транзакциялар көлөмүн иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин текшерүү үчүн утурумдук негизде стресс-тесттерди өткөрүп туруусу зарыл.  

Ар бир система өз милдетин талапка ылайык аткарылышына шайкеш келген жеткиликтүү финансылык ресурстарга ээ болууга тийиш. Системанын коопсуздук талаптарына жооп беришине баа берүүдө көзөмөлдөө органы системанын так багытын жана анын бизнести өнүктүрүү планын эске алуу менен күндөлүк операцияларды жүзөгө ашыруу жана аны өнүктүрүү максатында, системанын оператору жана эсептешүү мекемеси үчүн жеткиликтүү болгон финансылык ресурстарды кароого алат.  

Ар бир системада кандайдыр бир жагдайлар орун алган учурда күндөлүк иши өз убагында калыбына келтирилишин камсыз кылуу үчүн штаттан тышкаркы жагдайлар планы болууга тийиш. Мындай план төлөм системасынын бардык катышуучуларында болууга жана анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

- коммуникациялар, компьютердик системалар жана персонал үчүн резервдик камсыз кылуу механизми;  

- катышуучулардан кандайдыр бир жагдайлар орун алган учурда кошумча чечимдерди кабыл алууну талап кылууга;  

- ишти калыбына келтирүү механизмдерин тесттен өткөрүү, ошондой эле мындай механизмдердин шайкештигине утурумдук негизде талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жана зарыл учурларда өзгөртүүлөрдү киргизүүгө.  

Орун алышы ыктымал болгон үзгүлтүктөр боюнча план, эгерде милдеттерди башка бирөөгө өткөрүп берүү зарыл болсо, тиешелүү чөйрөгө, процесске жана персоналга карата колдонулушу мүмкүн. Аутсорсинг жөнүндө макулдашууларда тобокелдиктерге алдын ала талдап-иликтөө жүргүзүү зарыл, мында бардык аныкталган тобокелдиктер үзгүлтүк орун алышы ыктымалдыгынан улам, чара көрүү планында эске алынууга жана алар катышуучулар ортосунда макулдашылууга, ошондой эле документ түрүндө бекитилүүгө тийиш.  

Тобокелдиктерге баа берүүдө жогоруда белгиленгендерге кошумча башка бирөөгө өткөрүлүп берилүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн маанилүүлүгүн жана артыкчылыктуулугун аныктоо процесси, аутсорсинг себептери (пайдага жана чыгымга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү), ошондой эле система тобокелдиги үчүн кесепеттер камтылууга тийиш. Мында, белгиленген милдеттер өткөрүлүп берилген учурда да төлөм системасынын катышуучусунан жана операторунан операциялар жана процесстер үчүн жоопкерчилик алынбайт. 

Системанын коопсуз жана ишенимдүү ишин камсыз кылуу үчүн талапка жооп берген, окутуудан өткөн жана компетенттүү персонал.  

Пайдалануу мүмкүнчүлүгүн контролдоо 

Төлөм системасынын катышуучулары система ишине карата пайдалануусун контролдоо аркылуу системанын коопсуз ишин гарантиялоого тийиш. Мындай контролдук жетишерлик катуу болууга, ал эми коопсуздук режими туруктуу негизде талдап-иликтөөгө алынууга жана текшерилүүгө тийиш.  

Маалыматтын бүтүндүгү 

Системада маалыматтын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу коопсуздукту камсыз кылуунун негизги компоненти болуп саналат. Транзакцияларды туура жана так иштеп чыгуу, маалыматтарды купуя сактоо алгылыктуу чаралар жана натыйжалуу контролдук менен камсыздалууга тийиш, мында ошондой эле төмөнкүлөр камтылат: 

- бардык маалыматтардын резервин шайкеш түзүү (бардык маалыматтын же негизги маалыматтын резервин айкын убакытта түзүү максатка ылайыктуу болуп эсептелинет); 

- жабдуунун жана байланыш системасынын резервин түзүү.  

Өзгөчө мааниге ээ жабдуунун жана байланыш системасынын резерви түзүлүүгө тийиш, ал кайсыл болбосун учурда ишти токтотуусуз тез арада ишке киргизилиши мүмкүн. Резерв механизмдери операцияны жүзөгө ашырган персонал тарабынан жеткире иликтенүүгө, натыйжалуу, коопсуз болууга жана төлөм системасынын ишине тоскоолдук келтирбөөгө тийиш; 

- маалыматты сактоо жана алардын үчүнчү жактарга маалымдалышына жол бербөө механизмдери. Төлөм инструменттеринин мыйзамсыз пайдаланылышына, ошондой эле төлөмдөр боюнча операциялардын мыйзамсыз жүргүзүлүшүнө бөгөт коюу максатында, төлөмдөрдү жүргүзгөн, иштеп чыккан жана аларды алган адамдардын инсандыгын жана укуктуу экендигин текшерүү механизми колдонулууга, маалыматтын купуя сакталышы камсыз кылынууга, ошондой эле иштеп чыгуу борборунан жана төлөмдөр боюнча маалыматты өткөрүү пайдаланылуучу байланыш каналдарынан пайдаланылышына чектөөлөр белгиленүүгө тийиш. Мында, жайлардын жана жабдуулардын коопсуздугуна, ошондой эле аларды сактоо мезгилинде сыяктуу эле, өткөрүү процессинде да маалыматтардын корголушуна өзгөчө көңүл бурулууга тийиш. 

- маалыматтарды киргизүүдө каталарга жол бербөө механизми. Автоматташтырылган системада катага жол берилишин жокко чыгарган же төмөндөткөн маалыматтардын киргизилишине контролдук камсыз кылынууга тийиш. Автоматташтырылган системанын бардык жабдуусу жана программалык камсыздоосу кылдат тесттен, тажрыйбалык эксплуатациялоодон өтүүгө жана белгиленген стандарттарга ылайык документтерге ээ болууга тийиш. 

2. Натыйжалуулук  

Тездик жана иш натыйжалуулугу 

Оператор төлөм системасынын катышуучуларына, система которуу буйрууларын, анын ичинде олуттуу иш көлөмү талап кылынган тездикте иштеп чыгаарын гарантиялоого, ошондой эле талап кылынган тездикти камсыз кылуу үчүн операциялар көлөмүнүн жана мүнөзүнүн өзгөрүшүн пландаштырууга тийиш; 

- маалымат технологиялары системаларынын натыйжалуу ишинен тышкары оператор же эсептешүү банкы бир күндүк ликвиддүүлүк үчүн шайкеш механизмдерди сунуштоо, төлөмдөр кезегин жана иштин басаңдашын азайтуу механизмин натыйжалуу тескөө үчүн ликвиддүүлүктү тескөө чараларына ээ болууга жана аларды утурумдук негизде жаңыртып турууга тийиш; 

- кызмат көрсөтүүлөр түрү боюнча башка иш-чаралар. 

Системада катышуу критерийлери 

Төлөм системасынын катышуучулары, системадан пайдаланууда негизсиз тоскоолдуктарды жаратуу менен андан пайдаланууну чектеген иш-аракеттер болбой тургандыгын гарантиялоого тийиш. Бул, өз кезегинде, транзакцияга эсептөөдө операцияларды иштеп чыгуунун орточо наркынын жогорулашына алып келет жана ар бир катышуучунун чыгаша бөлүгүн потенциалдуу көбөйтөт, бул төлөм системасынын натыйжалуулугун начарлатат. Системада мындай мүчө болуу критерийлери негиздүү, объективдүү болууга жана ачык жарыяланууга тийиш. Банк, төлөм системасынын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн өз катышуучулары жана агенттери үчүн финансылык туруктуулук түрүнүн пруденциалдык стандарттарын кабыл алуусу зарыл.  

Адилет атаандаштыкты чектеген чаралардын жок болушу 

Кайсыл болбосун чектөө объективдүү болууга жана ал артыкчылыктуу тобокелдик критерийине негизденүүгө тийиш.