Кайта келүү

БЕКИТИЛДИ  

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 24-февралындагы № 10/8 токтому менен  

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары ортосунда талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобо 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары ортосунда талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" Жобо (мындан ары Жобо), "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана ал аркылуу төлөм системасынын оператору/төлөм уюму тарабынан таасир этүү чараларын сотко чейин даттануу тартиби жөнгө салынат.  

2. Бул Жобо төлөм системасынын оператору (банктарды жана башка финансы-кредит мекемелерин кошпогондо)/төлөм уюму ушул Жобого ылайык, Төлөм системасы боюнча комитеттин таасир этүү чараларын колдонууга тиешелүү чечимин даттанууга ниеттенген бардык учурларда колдонулат. 

3. Ушул жободо колдонулган түшүнүктөр:  

Апеллянт Төлөм системасы боюнча комитеттин чечимине ушул Жободо белгиленген тартипке ылайык даттанууну ишке ашырган төлөм системасынын оператору/төлөм уюму. 

Төлөм системасы жөнүндө комитеттин таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечими Улуттук банктын таасир этүү чараларын жана/же төлөм системасынын оператору/төлөм уюму тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон белгилүү бир аракеттерди аныктаган документи. 

Териштирүү ушул жобого ылайык, төлөм системасынын операторуна/төлөм уюмуна карата Төлөм системасы боюнча комитетинин чечимине апелляция жөнүндө өтүнүч катты кароо процесси.  

Тараптар Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгы жана аппелянт.  

 

2-глава. Төлөм системасы боюнча комитеттин чечимдерине даттануу 

 

§1. Териштирүүнү жүзөгө ашыруучу орган жана анын ыйгарым укуктары 

4. Териштирүү Улуттук банк Башкармасы тарабынан жүзөгө ашырылат.  

5. Териштирүү боюнча чечимдер жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.  

6. Улуттук банк Башкармасы териштирүүлөрдү ушул жобого ылайык жүзөгө ашыруу максатында төмөндөгүлөргө укуктуу: 

1) Улуттук банк Башкармасынын пикири боюнча, териштирүү предметине карата тиешелүү тараптардан документтерди талап кылууга;  

2) Улуттук банк Башкармасынын пикири боюнча, териштирүү предмети боюнча тиешелүү маалыматты бере алган кайсы болбосун адамды чакырууга;  

3) териштирүүнүн максаттарына жетүүгө көмөктөшүүчү чечимдерди кабыл алууга же аракеттерди көрүүгө.  

 

§2. Апелляция жөнүндө өтүнүч катты берүү тартиби  

7. Териштирүү жол-жобосу апелляция жөнүндө кат жүзүндөгү өтүнүч кат алгандан тартып башталат. Апелляция жөнүндө өтүнүч кат Төлөм системасы боюнча комитеттин таасир этүү чараларын колдонуу тууралуу чечимин алгандан кийинки 15 жумуш күн ичинде тапшырылууга тийиш.  

8. Апелляция жөнүндө өтүнүч кат төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:  

- апеллянттын аты-жөнүн жана дарегин;  

- апелляцияга кол койгон адамдын аты-жөнүн, иштеген жерин, ээлеген кызматын (апелляцияга жетекчи, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык докумменттерге кол коюу укугун тастыктаган документтерди сунуштаган адам кол коюуга укуктуу);  

- таасир этүү чараларын колдонуу тууралуу чечимине даттанууга карата көрсөтмөнү;  

- даттанууга себеп болгон жагдайлардын жана далилдеринин таржымалы;  

- таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечиминин жана/же чечимдин маанисинин айкын же юридикалык негизделишине апеллянттын кайсы болбосун каршы болуусу; 

- ар бир адамдын күтүлүүдөгү далилдеринин кыскача жалпыланышы кошо алганда, отурумда түшүнүк берүү үчүн чакыруу зарыл болгон адамдардын ээлеген кызматын, паспорттук маалыматтарын, дарегин, байланыш телефонун көрсөтүү менен толук тизмесин. 

9. Апелляция жөнүндө өтүнүч кат алгандан кийинки 5 (беш) жумуш күн ичинде, Улуттук банктын Төрагасы (ал жок учурунда анын милдетин аткарган адам) Башкарманын апелляцияны кароо боюнча отурумун өткөрүү күнүн апелляция жөнүндө өтүнүч катты алган учурдан тартып бир айдан кечиктирбеген мөөнөттө аныктайт.  

 

§3. Териштирүү процессинде документтерди жана маалыматтарды берүү тартиби  

10. Териштирүү предметине байланыштуу кат жүзүндөгү маалымат жана/же документтер Улуттук банк Башкармасына жана апеллянтка (же анын Улуттук банк тарабынан мурда билдирилген өкүлүнө) бир учурда берилет.  

11. Кат жүзүндөгү билдирүүлөрдү жана документтерди жөнөтүүчү адамдын колунда билдирүүнү жөнөткөндүгү фактысы боюнча далили болууга тийиш. Интернет же электрондук почта боюнча билдирүүнү жөнөтүүгө тараптардын өз ара кат жүзүндөгү макулдашуусу боюнча гана уруксат берилет.  

12. Улуттук банк Башкармасына кошумча сунушталган бардык маалыматтар жана документтер аларды берген адамдын аты-жөнүн, дарегин жана телефон номерин, териштирүүнүн мазмунун жана сунушталган документте кароого алынган предметти камтууга тийиш. 

 

§4. Апелляция жөнүндө өтүнүч катты кароо боюнча отурумга карата даярдык  

13. Ушул жобого ылайык берилген апелляция жөнүндө кат жүзүндөгү өтүнүч каттын көчүрмөлөрүн алгандан кийинки 20 жумуш күн ичинде Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгы Улуттук банк Башкармасына алынган маалымат боюнча пикирин билдирет. Бул учурда Төлөм системалары башкармалыгы (Улуттук банк Башкармасынын аталган башкармалыктын ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары менен макулдашуу аркылуу) Улуттук банк Башкармасына жана апеллянтка төмөнкүлөрдү сунушташат:  

1) пикирин (өзүнүн позициясы жөнүндө кат жүзүндөгү негиздемени);  

2) алардын паспорттук маалыматтарын көрсөтүү жана алардын телефон номерлерин, даректерин жана ар бир адамдын күтүлүүдөгү далилдеринин кыскача жалпыланышын тиркөө менен териштирүү предмети боюнча далилдерди берүүнү каалаган адамдардын тизмесин; 

3) териштирүүгө берилүүчү далилдердин (документтердин) тизмеси жана көчүрмөлөрү.  

14. Үчүнчү жактар, эгер алар ушул жобонун 8-пунктуна ылайык билдирилбеген болсо, далилдерди (документтерди) бере алышпайт. 

 

§5. Апелляция жөнүндө өтүнүч катты кароо боюнча отурумду өткөрүү  

15. Апелляция жөнүндө өтүнүч катты кароо боюнча отурум (мындан ары отурум) тиешелүү талаш маселелерди адилеттүү жана ыкчам чечүү максатында өткөрүлөт. Ар бир тарап оозеки далилдер жана тиешелүү документтер аркылуу өз позицияларын билдирүүгө, ошондой эле кайсы болбосун башка тарап сунуштаган фактылар боюнча күбөлөргө суроо берүүгө укуктуу. 

16. Тараптар Улуттук банк Башкармасынын отурумуна катышууга жана өз далилдерин көрсөтүүгө укуктуу. Аппеляция жөнүндө өтүнүч катты кароо боюнча отурум эгерде, алар талаптагыдай билдирилген болсо, тараптардын жок болушу учурда деле өткөрүлүшү мүмкүн.  

17. Улуттук банк Башкармасы териштирүү менен байланыштуу болгон бардык жол-жобо маселелерин аныктайт.  

18. Апеллянт иш боюнча өз позициясын биринчи болуп көрсөтөт. Улуттук банктын өкүлдөрү өзүнүн далилдерин апеллянт иш боюнча өз позициясын көрсөткөндөн кийин көрсөтөт.  

19. Ар бир тарапка өз позициясына карата фактылардын негизинде акыркы жалпылоону жүргүзүүгө, фактыларга карата кайсы болбосун колдонуудагы мыйзамдарды, ченемдик актыларды, саясаттарды, колдонмолорду жана тараптар жетише ала турган чечимдерди негиздөөчү кайсы болбосун башка тиешелүү материалдарды колдонууга мүмкүндүк берилет. 

20. Улуттук банк Башкармасы тарабынан иште калпыстыкка жол берип, өзүн одоно алып жүргөн, ошондой эле талаш маселени сотко чейин кароого алуу тартибин так сактабаган тарапка же тараптын өкүлүнө териштирүүлөргө андан ары катышуу үчүн жол берилбеши мүмкүн.  

 

§6. Улуттук банк Башкармасынын чечими  

21. Улуттук банк Башкармасы төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:  

1) апелляция жөнүндө өтүнүч катты толук же жарым-жартылай канааттандыруу, ушундан улам, Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан мурда кабыл алынган таасир этүү чараларын колдонуу тууралуу чечимин жокко чыгаруу же өзгөртүү;  

2) апелляция жөнүндө өтүнүч катты четтетүү жана Төлөм системасы боюнча комитеттин таасир этүү чараларын колдонуу тууралуу чечимин күчүндө калтыруу.  

22. Улуттук банк Башкармасынын чечими териштирүүнүн предмети болгон таасир этүү чараларына салыштырганда, таасир этүү чараларын күчөтпөөгө тийиш. 

23. Улуттук банк Башкармасынын чечиминин көчүрмөсү чечим чыккан учурдан тартып 5 (беш) жумуш күнү ичинде апеллянтка берилет.