Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2015-жылдын 9-декабрындагы 

№76/6 токтому менен бекитилген 

 

 

 

Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн  

гросстук системасы жөнүндө 

ЖОБО 

 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

 

1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө», «Электрондук документ жана электрондук санариптик кол тамга жөнүндө» «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) 2005-жылдын 9-сентябрындагы №420/21/4 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө» жобого, Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы №38/4 токтому бекитилген «Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөл (оверсайт) боюнча саясатына» жана Улуттук банктын башка башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.  

2. Бул жобо Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын (мындан ары эсептешүүлөрдүн гросстук системасы) багытталышын жана иштөө эрежелерин аныктайт, анын ичинде система аркылуу төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү механизмдерин жөнгө салат, төлөм документтери жана билдирүүлөрүн алмашуу тартибин белгилейт, ошондой эле системага катышуу, токтотуп туруу жана токтотуу шарттарын жөнгө салат. 

3. Бул жобонун Улуттук банктан лицензия алышкан бардык финансы-кредит мекемелеринин, алардын кардарларынын, ошондой эле Улуттук банкта эсеби бар башка мекемелердин ишине, ошондой эле Улуттук банк менен системага катышуу жөнүндө ыктыярдуу негизде башкы келишим (мындан ары Башкы келишим) түзүшкөн адистештирилген катышуучулардын ишине таркатылат. 

4. Төлөмдөр жана эсептешүүлөр ушул жобого, «Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» нускоого, «Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гроссттук системасында электрондук билдирүүлөрдүн форматтарын жана аларды толтуруу эрежелерине», Улуттук банк жана Корреспондент жана Башкы келишим ортосунда корреспонденттик (күндөлүк) мамилелерди бекитүү жөнүндө келишимге ылайык жүргүзүлөт. 

5. Жободо төмөндөгүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат: 

Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы банктар аралык мөөнөттүү жана ири төлөмдөрдү жүргүзүүнү камсыздоочу жол-жоболордун, эрежелердин, технологиялардын жана техникалык инфраструктуранын жыйындысы жана айкын убакыт ырагагында ар бир төлөм боюнча өзүнчө жыйынтыкталган эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу. 

Төлөмдөр кезеги Улуттук банкта ачылган катышуучу-төлөөчүнүн эсебинде жыйынтыкталган эсептешүүнү жүзөгө ашыруу үчүн каражаттардын жетишсиздик жагдайы. Мында, катышуучу-төлөөчүнүн төлөмдөрү ушул жобонун 46-пунктунда белгиленген артыкчылыктарды эске алуу менен FIFO принциби боюнча төлөмдөр кезегине коюлат. 

«Бардыгы жана эч нерсе» принциби - чекене төлөмдөр системасында эсептелген системанын катышуучуларынын таза позицияларын жыйынтыктоочу эсебин жүргүзүү учурунда колдонулат. Эгерде системанын катышуучуларынын биринде эле өзүнүн таза дебеттик позициясын төлөө үчүн каражаты жетпесе, система толугу менен жөнгө салганга чейин бардык катышуучулар үчүн таза позициялардын жыйынтыкталган эсебин жүргүзбөйт. 

Айкын убакыт ыргагы төлөм документтерин, төлөм документтерин иштеп чыгуу системасын тез ара өз ара иш алып баруусун камсыз кылуучу маалыматтарын, бул процесстердин өтүшү ылдамдыгы менен өлчөнгөн арымдагы тышкы процесстер камтылган маалыматтарын иштеп чыгуу ыргагы. 

Мөөнөттүү төлөмдөр система катышуучуларынын жана алардын кардарларынын, анын ичинде акча-кредиттик саясатты ишке ашыруу менен байланышкан төлөмдөр, банктар аралык рынокторундагы (улуттук акчалай, валюта рынокторундагы, капитал жана баалуу кагаздар рынокторундагы) бүтүмдөр боюнча төлөмдөр, ошондой эле чекене төлөмдөр системасынын катышуучуларынын таза позицияларынын жыйынтыгы боюнча төлөмдөр. 

FIFO (First In, First Out) төлөмдөрдүн төлөм системасына келип түшүү тартибинде төлөмдөрдү иштеп чыгуу процессин тартипке салуу жолу аркылуу төлөмдөрдү иштеп чыгуу принциби. 

 

2-глава. Системанын каралышы, максаты жана милдеттери 

 

6. Система системалык мааниге ээ төлөм системасы болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы мөөнөттүү жана ири төлөмдөрүнүн нак эмес формада жүргүзүү үчүн, катышуучулардын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик (күндөлүк) эсеби боюнча артыкчылыктар белгиленгендерди эске алуу менен FIFO принцибине ылайык айкын убакыт ырагында ар бир төлөм боюнча өзүнчө дароо жана жыйынтыкталган эсептешүүлөрдү камсыз кылууга каралган. 

7.  Мөөнөттүү жана ири төлөмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу учурунда ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу, ошондой эле ыкчамдыгын жогорулатуу системанын максаты болуп саналат. 

8. Системанын максаттарына жетишүү үчүн төмөнкү милдеттерди чечүүнү шарттайт: 

1) улуттук экономиканын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу; 

2) системанын бардык катышуучулары ортосунда дароо жана жыйынтыктоочу эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуу; 

3) төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өткөрүүдө финансылык, операциялык жана укуктук тобокелдиктерди төмөндөтүү

4) төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү мөөнөттөрүн кыскартуунун эсебинен акча каражаттарынын жүгүртүлүшүн тездетүү

5) эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда ликвиддүүлүктү натыйжалуу тескөө механизмдерин камсыз кылуу; 

6) системанын катышуучуларынын төлөмдөрдү жүргүзүү маселелери боюнча керектөөлөрүн канааттандыруу; 

7) Кыргыз Республикасынын акча-кредит саясатынын иш-чараларын ишке ашыруу; 

8) Кыргыз Республикасынын финансы рынокторунда келишилген бүтүмдөр боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуу; 

9) чекене төлөмдөр системасынан системага келип түшүүчү таза позициялардын жыйынтыктоочу эсебин жүргүзүү

 

 

3-глава. Системанын курамы 

 

9. Система негизги түйүндөн, катышуучулардын автоматташтырылган иш ордунан, коммуникациялык тармактан, резервдик борбордон жана сервистик бюросунан турат. 

10. Негизги түйүн Улуттук банкта жайгашкан жана система ишин тескөөгө, электрондук төлөм документтерин жана билдирүүлөрүн борбордоштурулган жыйноо жана иштеп чыгуу боюнча иштерди жүзөгө ашырууга, электрондук төлөм документтерин жана билдирүүлөрүн чыгышын өткөрүп берүүгө, тутумдаш системалар (соода системалары, чекене төлөмдөр системасы ж.б.) менен өз ара иш алып барууга каралган аппараттык-программалык комплексти түшүндүрөт. 

Негизги түйүн катышуучулардын Улуттук банкта ачылган эсептери боюнча жыйынтыкталган эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча оператордун кызматын аткарат. 

11. Катышуучулардын автоматташтырылган иш ордулары дегенден улам, катышуучулар тарабынан төлөм документтерин жана билдирүүлөрүн түзүү, өткөрүп берүү жана алуу, мониторинг жүргүзүү жана өз ликвиддүүлүгүн тескөө үчүн каралган аппараттык-программалык комплексин түшүнүү зарыл. 

12. Коммуникациялык тармак негизги түйүн жана катышуучулардын автоматташтырылган иш орду ортосунда, ошондой эле негизги түйүн жана резервдик борбору ортосунда өз ара иш алып барууну уюштуруу үчүн каралган аппараттык-программалык комплекс. 

13. Резервдик борбор Улуттук банкта жайгашкан жана негизги түйүндө авариялык жана штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда, негизги түйүндүн ишин камсыздоо (кайталоо) үчүн каралган аппараттык-программалык комплекс. 

14. Сервистик бюро Улуттук банктын Бирдиктүү сервистик борборунда орнотулган, системага электрондук билдирүүлөрдү даярдоо жана жиберүү мүмкүнчүлүгү жок система катышуучуларынын электрондук төлөм документтерин жана билдирүүлөрүн түзүү, жөнөтүү жана алуу үчүн каралган аппараттык-программалык комплекс. 

 

4-глава. Системанын оператору 

 

15. Улуттук банк системанын менчик ээси, оператору жана өз алдынча катышуучусу болуп саналат. 

16. Улуттук банк системанын оператору катары өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашырат. 

17. Улуттук банк системанын үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштешин камсыз кылат, системанын иш тартибин жана эрежелерин аныктайт жана алардын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырат. 

18. Оператордун төлөм кызмат көрсөтүүлөрү банктар аралык төлөм документтери боюнча кабыл алууну, иштеп чыгууну жана эсептешүүнү, чекене төлөмдөр системасынын катышуучуларынын жыйынтыкталган таза позициялары боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жана финансы рынокторунда операциялар боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзүүнү, катышуучуларга айкын убакыт ыргагында алардын төлөм документтеринин статусу жөнүндөөлөм документи иштелип чыкты, кезекте турат же баш тартылды) жана Улуттук банктагы алардын корреспонденттик (күндөлүк) эсебиндеги акча каражаттарынын суммасы жөнүндө маалыматтарды сунуштоону камтыйт. 

19. Системада төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча тарифтер баа түзүү жана төлөм кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди белгилөө саясатына ылайык оператор тарабынан белгиленет жана Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилет. Тарифтердин өлчөмү тууралуу маалымат катышуучуларга система аркылуу жеткирилет жана Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланат. 

 

5-глава. Системанын катышуучулары 

 

20. Улуттук банктан лицензия алышкан финансы-кредит мекемелери, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банкта эсеби бар башка мекемелер, ошондой эле ушул жобонун 26-пункту менен бекитилген талаптарга ылайык шартта ыктыярдуу негизде Улуттук банк менен Башкы келишим түзгөн адистештирилген катышуучулар системанын катышуучуларынан боло алат. 

21. Улуттук банкта эсеби бар, «Төлөм системасына катышуучулардын банктык идентификациялык коддорунун маалымдамасына» ылайык банктык идентификациялык код аркылуу идентификациялануучу система менен тике коммуникациялык тутумдашкан катышуучу системанын тике катышуучусу болуп саналат. 

22. Улуттук банкта эсеби жок жана системага тике тутумдашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогон катышуучу системанын суб-катышуучусу болуп саналат. Суб-катышуучу тике катышуучу аркылуу системадан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. 

Суб-катышуучу катары системанын тике катышуучуларынын кардарлары болушу мүмкүн.  

23. Улуттук банкта эсеби жок, бирок система менен тике коммуникациялык тутумдашууга мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жана система менен тике өз ара иш алып барууну жүзөгө ашыруучу катышуучу системанын адистештирилген катышуучусу болуп саналат.  

Тутумдаш системалардын (соода системаларынын, чекене төлөмдөр системаларынын операторлору) операторлору адистештирилген катышуучулардан боло алышат. 

24. Системанын тике катышуучусу электрондук төлөм документтерин жана билдирүүлөрүн түзүү жана негизги түйүнгө жана резервдик борборго өткөрүп берүү боюнча иш аткарат, системада өз төлөмдөрүн өткөрүлүшүнө мониторинг жүргүзөт жана алардын жүргүзүлүшүнө контролдукту ишке ашырат, өз төлөмдөрүнүн кезегин тескейт жана Улуттук банктагы эсебинде эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ликвиддүүлүктү камсыз кылат. 

25. Улуттук банк системанын катышуучуларынын маалымдамасын жүргүзөт, анда реквизиттер жана системада катышуу формалары камтылган катышуучулардын курамы жөнүндө актуалдуу маалыматты камтыган электрондук маалымат базасы бар. Катышуучулардын курамы боюнча бардык өзгөртүүлөр маалымдамада чагылдырылат. 

 

6-глава. Системада катышуу, токтотуп туруу жана токтотуу эрежелери 

 

26. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Улуттук банкта эсеби бар Улуттук банктан лицензия алышкан финансы-кредит уюмдары, мекемелери, ошондой эле төмөнкү талаптарга ылайык келген шартта гана Башкы келишимге ыктыярдуу негизде кол койгон тутумдаш системалардын операторлору системанын катышуучуларынан боло алат: 

1) Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарында юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон/кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн болушу; 

2) банк операцияларын жүзөгө ашырууга Улуттук банктын лицензиясынын болушу (финансы-кредит мекемелери үчүн); 

3) Улуттук банкта корреспонденттик (күндөлүк) эсебинин болушу (системада тике катышуу үчүн); 

4) Улуттук банк алдында мөөнөтү өткөрүлгөн акчалай милдеттенмелеринин жоктугу; 

5) электрондук төлөм документтерин жана билдирүүлөрүн тариздөө, өткөрүп берүү жана сактоо боюнча, анын ичинде маалыматты коргоо боюнча талаптарга ылайык келиши; 

6) электрондук төлөм документтери жана билдирүүлөрү менен өз ара иш алып баруу жана алмашуу боюнча техникалык талаптарга ылайык келиши; 

7) терроризмди (экстремизмди) каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) боюнча иш алып барган уюмдардын тизмесинде жок болушу. 

27. Системага тутумдашуу үчүн талапкер Улуттук банкка системада катышуу формасын көрсөтүү менен системанын катышуучулар курамына аны кошуу жөнүндө ыктыярдуу формада жазган өтүнүч катын сунуштайт. 

28. Улуттук банк өтүнүч катты алган күн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен талапкерге системанын катышуучулар курамына киргизүүгө макулдугун же баш тарткандыгы (баш тартуу себебин көрсөтүү менен) жөнүндө чечимин билдирет. 26-пунктунун талаптарына ылайык келбей калышы баш тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн. 

29. Системанын катышуучулар курамына киргизүү тууралуу уруксат алган учурда, талапкер системага тутумдашуунун техникалык жана уюштуруучулук шарттарын талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө оператордун ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан өткөрүлүп берилүүчү жана негизги түйүнгө жана оператордун аракети менен талапкер тарабынан системанын резервдик борборуна тутумдашуучу аппараттык-программалык комплекстен турган автоматташтырылган иш ордун орнотууну камсыз кылат. Автоматташтырылган иш орду негизги түйүнгө жана резервдик борборго тутумдашкандан кийин системада иштөөгө даярдыгына карата тест жүргүзүлөт. 

30. Талапкерде орнотулган аппараттык-программалык комплекстин ишке жарактуулугун текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча талапкер тарабынан Башкы келишимге кол коюлат, анда системада төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өткөрүүдө оператордун жана системанын катышуучуларынын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери аныкталат. 

31. Системада катышуу Башкы келишимге жана корреспонденттик мамилелерди түзүү жөнүндө келишимге кол койгондон кийин башталат. 

32. Бардык катышуучуларга системада белгиленүүчү ар бир катышуучунун статусуна ылайык, системага ачык жана бирдей укукта пайдалануу мүмкүнчүлүгү сунушталат. 

33. Системага катышуу ушул жобонун 36-39-пункттарында бекитилген негиздер боюнча токтотулушу же убактылуу токтотулушу мүмкүн. 

34. Катышуучуну системадан чыгарып салуу жөнүндө чечим Башкы келишимди бузууга негиз болуп саналат, бул система катышуучусунун статусун алып коюуга алып келет.  

35. Катышуучу, анын системада катышуусун убактылуу токтотуу жолу менен Башкы келишимди бузбастан, системада катышуу укугунан убактылуу ажыратылышы мүмкүн, бул анын төлөм документтеринин жана билдирүүлөрүнүн системада иштеп чыгышын токтотуп турууга алып келет. 

36. Системага катышуу оператор тарабынан система катышуучусун системадан чыгарып салуунун себептерин жана күнүн көрсөтүү менен жазуу түрүндө катышуучуга билдирүү жөнөтүү аркылуу катышуучуну системадан чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алгандан 3 календарлык күндөн кечиктирбестен токтотулушу мүмкүн. 

1) ушул жобонун 26-пунктунда каралган талаптарга ылайык келбеши; 

2) системанын иштөө эрежелерин сактабаса; 

3) Улуттук банктын ченемдик укуктук талаптарын бузса; 

4) Башкы келишимде жана/же корреспонденттик мамилелерди түзүү жөнүндө келишимде каралган өз милдеттенмелерин аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса; 

5) системага катышуу талаптарына ылайык келүү жана системанын иштөө эрежелерин сактоо тууралуу оператордун талабы боюнча маалымат берилбесе, өз убагында берилбесе же такталбаган маалымат берилсе; 

6) системада катышуусун убактылуу токтотууга алып келген себептерди четтетпесе. 

37. Системада катышуу оператор тарабынан катышуучуга билдирбестен төмөнкү негиздер боюнча токтотулушу мүмкүн: 

1) банк операцияларын жүзөгө ашырууга берилген лицензиясы кайтарылып алынса; 

2) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык юридикалык жак катары иши токтотулса; 

38. Системага катышуу оператор тарабынан система катышуучунун системадан чыгарып салуунун себептерин жана анын катышуусун убактылуу токтотуу мөөнөтүн көрсөтүү менен жазуу түрүндө катышуучуга билдирүү жөнөтүү аркылуу ал жөнүндө чечим кабыл алган күндөн кечиктирбестен токтотулушу мүмкүн. Ага төмөнкүлөр негиз болот:  

1) системанын иштөө эрежелерин сактабаса; 

2) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын бузса; 

3) Башкы келишимде жана/же корреспонденттик мамилелерди түзүү жөнүндө келишимде каралган өз милдеттенмелерин аткарбаса же талаптагыдай аткарылбаса;  

4) системага катышуу талаптарына ылайык келүү жана системанын иштөө эрежелерин сактабагандыгы тууралуу оператордун талабы боюнча маалымат берилбесе, өз убагында берилбесе же такталбаган маалымат берилсе; 

39. Системанын катышуучусу операторго системада катышууну токтотуунун себептерин жана күнүн көрсөтүү менен эркин формада жазылган өтүнүч катын системадан чыгуу күнү болжолдонгон күндөн 30 календарлык күнгө жетпей жана убактылуу токтотууга 10 күн калганга чейин себебин жана күнүн көрсөтүү менен катышуучунун демилгеси боюнча токтотулушу же убактылуу токтотулушу мүмкүн. 

40. Оператор бардык катышуучуларга катышуучуну системадан чыгаруу/катышуучунун системага катышуусун убактылуу токтотуу жөнүндө билдирүүсүн тиешелүү чечим кабыл алган күндөн кечиктирбестен система аркылуу электрондук билдирүүнү жөнөтөт. 

 

7-глава. Системанын иштөө эрежелери 

 

41. Система катышуучу-төлөөчүнүн эсебинен каражаттарды эсептен алып салуу жана катышуучу-алуучунун эсебине чегерүү жолу менен, катышуучу-төлөөчүнүн Улуттук банкта ачылган корреспонденттик (күндөлүк) эсебинин кредиттик калдыгынын алкагында айкын убакыт ыргагында жекече негизде ар бир төлөм боюнча дароо жана жыйынтыкталган эсептешүүлөрдү өткөрүүнү камсыз кылат.  

42. Система анда төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү өткөрүүнүн тартибин жөнгө салуучу ушул жободо жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген эрежелердин алкагында тутумдаш системалар (соода системалары, чекене төлөмдөр системасы жана башкалар) менен өз ара иш алып барышат.  

43. Чекене төлөмдөр системасынын катышуучуларынын жыйынтыкталган таза позициялары боюнча файлдар байланыштын болгон каналдары боюнча эсептешүүлөрдүн гросстук системасына өткөрүлүп берилет жана «бардыгы же эч нерсе» принциби боюнча системада иштеп чыгарылат. 

44. Системада төлөмдөр Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген форматтарга ылайык, төлөм тапшырмалар формасында таризделген төлөм документтеринин негизинде электрондук түрдө жана кагаз түрүндө (катышуучуда электрондук төлөм документ системасына түзүү жана өткөрүп берүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүгү жок болгон шартта) жүргүзүлөт: 

1) система катышуучуларынын ортосунда гана алардын аймактык жайгашуусуна карабастан; 

2) Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын нак эмес формасында; 

3) төлөм документинде көрсөтүлгөн күнгө карата системанын операциялык күнү ичинде; 

4) белгиленген артыкчылыктарды эске алганда FIFO принцибине ылайык; 

5) катышуучулардын Улуттук банктагы корреспонденттик (күндөлүк) эсептери боюнча. 

45. Системада төлөмдөрдүн төмөнкүдөй түрлөрү иштелип чыгат: 

1) кредиттик төлөмдөр; 

2) дебеттик төлөмдөр; 

3) чекене төлөмдөр системасынын катышуучуларынын жыйынтыкталган таза позицияларынын файлдары. 

46. Система төлөмдөрдү FIFO принциби боюнча жана төмөндөгү белгиленген артыкчылыктарга ылайык иштеп чыгууну камсыз кылат: 

1) Улуттук банктын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төлөмдөрү эң башкы артыкчылык; 

2) чекене төлөмдөр системасынын катышуучуларынын жыйынтыкталган таза позицияларын эсептөө боюнча төлөмдөр алдыңкы артыкчылык; 

3) финансы рынокторунда келишилген бүтүмдөргө байланыштуу төлөмдөр жогорку артыкчылык; 

4) катышуучулардын башка мөөнөттүү төлөмдөрү орточо артыкчылык. 

47. Системанын катышуучуларынын ортосунда маалымат алмашуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык маалыматты коргоонун криптографиялык каражаттарын колдонуу менен корголгон түрдө ишке ашырылат. 

48. Электрондук төлөм документтери жана билдирүүлөрү менен алмашуу негизги түйүн же катышуучулардын автоматташтырылган иш орундарын колдонуу менен резервдик борбор, ошондой эле системанын сервистик бюро аркылуу жүзөгө ашырылат. Электрондук төлөм документи төлөмдү өткөрүүгө керектүү бардык реквизиттерди камтыган төлөм жөнүндө толук маалыматты камтыйт жана электрондук санариптик кол тамга коюлат.  

49. Кагаз төлөм документтери менен алмашуу ыкчамдыкты жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуучу жеткирип берүү системасына ылайык катышуучулардын жооптуу кызматкерлери, курьердик кызматтар жана башка каражаттар аркылуу ишке ашырылат.  

50. Система аркылуу төлөм өткөрүү үчүн катышуучу-төлөөчү нак эмес эсептерди жүргүзүүнүн эрежелерин жөнгө салуучу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык төлөм тапшырмалары системасына өткөрүп берет. 

51. Системанын оператору «Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» нускоонун 3-бөлүгүнө ылайык катышуучунун төлөм документин кабыл алуу, иштеп чыгуу жана өткөрүп берүүнү жүзөгө ашырат. 

52. Система катышуучулардан алынган бардык төлөм документтери жана билдирүүлөр боюнча тастыктамаларды түзөт жана аларга өткөрүп берет. 

53. Катышуучу-төлөөчүнүн жетиштүү өлчөмдөгү каражаттары жетпеген учурда, белгиленген артыкчылыктарды эске алуу менен төлөмдөрдүн системага келип түшүү ырааттуулугунда кезекке жайгаштырылат. 

54. Система катышуучуларга өз төлөмдөрүнүн кезегин өз алдынча тескөөгө мүмкүнчүлүк берет (төлөмдөрдүн артыкчылыктарын өзгөртүүгө, системага аны жокко чыгаруу жөнүндө буйрууну берүү жолу аркылуу кайтарып алуу). Төлөмдү жокко чыгаруу жөнүндө буйрууну кабыл алуу төлөм документтеринин төлөмдөр кезегинде турган мезгилинде гана жүргүзүлөт. 

55. Системанын операциялык күндүн жабылуу учурунда алар боюнча эсептешүү өткөрүлбөгөн төлөмдөр кезегинде турган бардык төлөм документтери система тарабынан четке кагылып, алар боюнча өткөрүлбөгөндүгүнүн себебин көрсөтүү менен катышуучуга кайтарылып берилет. 

56. Системада статистикалык отчеттор түзүлөт жана резервдик көчүрмөлөрдү жана кошо алып жүрүүчү сактагычтарда түзүү аркылуу системада келтирилген бардык төлөмдөр боюнча электрондук документтердин сакталышын камсыз кылуу үчүн маалыматтарды архивдештирүү аткарылат (оптикалык санариптик СD же DVD дисктер, дисктер, USB флешкарталар жана башкалар). Оператор жана катышуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык электрондук билдирүүлөрдү резервдик жана архивдик көчүрмөлөрүн сактоону камсыз кылышат.  

57. Системада маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. Системада маалыматты коргоо маалыматтын купуялуулугун сактоого жана маалыматка санкцияланбаган пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган укуктук, уюштуруучулук жана техникалык чаралар менен камсыз кылынат. 

58. Системанын оператору жана катышуучулары вируска каршы программаларын үзгүлтүксүз жаңыртуу жана вируска каршы текшерүүлөрдү аткаруу аркылуу системанын программалык камсыздоосун коргоону камсыз кылышат. 

59. Кардар-төлөөчү үчүн төлөм документин аткарууга карата кабыл алуу жөнүндө катышуучу төлөөчүдөн тастыктоо алгандан баштап кайтарып алынгыс жана кардар төлөөчүнүн эсебинен каражаттарды эсептен чыгаруудан баштап жыйынтыкталган болуп эсептелет. 

60. Кардар-алуучу үчүн төлөм катышуучу алуучу тарабынан кардар-алуучунун төлөмүнө каражаттарды келип түшкөндөн баштап, же болбосо кардар-алуучуга же ал ыйгарган адамга каражаттардын келип түшүүсү жыйынтыкталган болуп эсептелет. 

61. Система аркылуу өткөрүлгөн төлөм, катышуучу-төлөөчүнүн Улуттук банкта ачылган корреспонденттик (күндөлүк) эсебинен каражаттарды эсептен чыгаруудан тартып кайтарып алынгыс жана катышуучу-алуучунун Улуттук банктагы корреспонденттик (күндөлүк) эсебине каражаттарды чегерүүдөн тартып кайтарылып алынгыс болуп эсептелет. 

62. Системанын иштөө регламенти «Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» нускоодо белгиленген. 

 

8-глава. Системада тобокелдиктерди тескөө ыкмалары 

 

63. Системага тиешелүү тобокелдиктердин түрлөрү

1) финансы тобокелдиктери (ликвиддүүлүк тобокелдиги, кредиттик тобокелдик, системалык тобокелдик); 

2) операциялык тобокелдик; 

3) укуктук тобокелдик. 

64. Катышуучулардын ликвиддүүлүгүн тескөө механизмдерин колдонуу менен системадагы финансылык тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында оператор тарабынан төмөнкүдөй чаралар каралат: 

1) өз милдеттенмелерин аткаруу үчүн катышуучулардын айкын убакыт ыргагында каражаттардын жетиштүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү

2) системада эсептөө операцияларын катышуучу-төлөөчүнүн Улуттук банктагы эсептериндеги кредиттик калдыктардын чегинде гана өткөрүү

3) катышуучулардын Улуттук банктагы эсептериндеги калдыктарын айкын убакыт ыргагында карап чыгууну камсыз кылуу; 

4) тутумдаш системалар менен өз ара иш алып барууну камсыз кылуу үчүн каражаттарды камга кошуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу; 

5) төлөмдөрдү белгиленген артыкчылыктарга ылайык иштеп чыгуу; 

6) катышуучулар тарабынан өз төлөмдөрүнүн кезегин тескөөөлөмдөрүнүн артыкчылыктарынын өзгөрүүсү, төлөмдөрдү кезектен кайтарып алуу жана башкалар); 

7) мамлекеттик баалуу кагаздардын күрөөгө коюлуусу менен камсыз кылынган Улуттук банк тарабынан бир күндүк кредит жана овернайт кредитин берүү

8) чекене төлөмдөр системасынын катышуучулары таза дебеттик позицияларына лимиттердин белгиленишин камсыз кылуу. 

65. Системада операциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында оператор тарабынан төмөнкү чараларды аткаруу камсыз кылынат: 

1) кол менен ыргакка келтирилүүчү төлөм документтерин даярдоо учурунда орчундуу талааларды кош киргизилишин камсыз кылуу; 

2) негизги түйүндө аппараттык жана программалык камсыздоолорду кайталоо; 

3) негизги түйүндүн маалыматын резервдик борбордо кайталоо; 

4) негизги түйүн менен катышуучулардын автоматташтырылган иш орундарынын ортосунда үзгүлтүксүз байланышты камсыз кылуу үчүн байланыш каналдарын кайталоо; 

5) негизги жана резервдик түйүндөрүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну уюштуруу; 

6) системанын катышуучуларын жана персоналдарын авторизациялоо жана аутентификациялоо каражаттарын камсыз кылуу, санкцияланбаган кирүү мүмкүнчүлүгүнөн коргоо үчүн маалыматтарды берүү каналдарын шифрлөө

7) берилүүчү маалыматтардын аныктыгын жана бүтүндүгүн камсыз кылуу үчүн электрондук санариптик кол тамгаларды колдонуу; 

8) системанын программалык камсыздоосун маалыматтык коопсуздугу менен камсыз кылуу үчүн вируска каршы коргоо чараларын колдонуу; 

9) жоготуу коркунучу же аларды кайталоо учурлары келип чыккан учурда, маалыматтарды сактоо жана калыбына келтирүү үчүн системада жүргүзүлүүчү бардык операциялардын резервдик көчүрүлүшүн камсыз кылуу; 

10) системада электрондук документтердин сакталышын камсыз кылуу үчүн бардык жөнөтүлгөн жана келип түшкөн электрондук билдирүүлөрдүн архив ишин жүргүзүү

11) катышуучулардын системанын иштөө эрежелерине үзгүлтүксүз контролдукту ишке ашыруу.  

66. Системада укуктук тобокелдиктерди басаңдатуу максатында катышуучулар менен мамилелердин укуктук белгисиздигин четтетүү боюнча чаралар оператор тарабынан кабыл алынат, катышуучулардын ушул жобо жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген Башкы келишимдин, системанын алкагында корреспонденттик мамилелерди, нормаларды жана эрежелерди белгилөө жөнүндө макулдашуунун шарттарын сакталышына контролдук жүзөгө ашырылат. 

67. Системанын катышуучулары ликвиддүүлүктү тескөө каражаттарын пайдалануу менен (активдердин жана пассивдердин түзүмүнө жана сапатына талдоо жүргүзүү, акча агымынын эсептери жана башкалар) өздөрүнүн Улуттук банктагы эсептериндеги зарыл болгон ликвиддүүлүктү өз алдынча камсыз кылышат. 

68. Системанын катышуучулары системада иштөөдө өздөрүнүн ички ченемдик документтеринде тобокелдиктерди тескөө ыкмаларын иштеп чыгышат. 

69. Системанын оператору системада туруктуу негизде тобокелдиктердин ар бир түрү боюнча мониторинг жүргүзүүнү жана баа берүүнү камсыз кылат. 

 

9-глава. Корутунду жоболор 

 

70. Системанын штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда, системанын операторунун жана катышуучуларынын иш-аракетинин тартиби Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-январындагы №4/6 токтому менен бекитилген «Төлөм системасындагы штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине карата негизги талаптар жөнүндө» жобонун талаптарына ылайык Башкы келишимде аныкталган. 

71. Системанын иштөө эрежелерине карата ушул жобо жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актылары ортосунда ажырым келип чыккан учурда ушул жобонун нормалары колдонулат.