Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын «_11_» февралындагы 7_/4_ 

токтому менен бекитилген,  

Кыргыз Республикасынын  

Адилет министрлигинде  

2009-жылдын 3-мартындагы  

№32-09 каттоодон өткөртүлгөн

 

 

«SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнү жөнүндө» жобо 

 

1. Жалпы жоболор  

 

1.1. Бул жобо төмөнкүлөргө ылайык иштелип чыккан: 

· Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамдарына; 

· Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 23-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 28-апрелинде 48-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №7/8 «Кыргыз Республикасынын төлөм ситемасынын ишине көзөмөл боюнча саясатын бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын төлөм ситемасынын ишине көзөмөл боюнча саясатка»

· Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 28-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 4-июлунда 67-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №22/11 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу» токтом менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын төлөм системасынын ишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу эрежелерине». 

1.2. SWIFT телекоммуникациялык чөйрөсү аркылуу пайдалануучулар ортосунда чек ара аркылуу өтүүчү төлөмдөрдүн коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн SWIFT (Society for Worldwide Interbank Financial Telecommunication бүткүл дүйнөлүк банктар аралык финансылык телекоммуникациялар шериктештиги) камсыз кылат. 

1.3. Бул жободо SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнүнүн (мындан ары SWIFT ЖПТ) ишинде колдонулган негизги түшүнүктөр жана принциптер аныкталган, ошондой эле пайдалануучулардын SWIFT интерфейсине кошулуусуна жана SWIFT ЖПТ колдоо боюнча анын операторлоруна кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча негизги талаптар аныкталган

1.4. SWIFT ЖПТ аппарат-программалык комплексти түшүндүрүү менен чек ара жана республика ичинде төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн пайдалануучуларга SWIFT телекоммуникациялык түйүнгө кирүү мүмкүнчүлүгүн берет.  

1.5. SWIFT ЖПТ колдоочу жана ишин жүзөгө ашыруу оператору болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эсептелинет. Бул Жобо менен бекитилген, ошондой эле SWIFT шарттарына жана эрежелерине ылайык SWIFT ЖПТ операторунун кызмат көрсөтүүсү талаптардын аткарылышы менен башка уюмга берилиши мүмкүн.  

1.6. SWIFT ЖПТ операторунун техникалык инфраструктурасын колдонгон SWIFT шериктештигинин мүчөлөрү - банктар SWIFT ЖПТ пайдалануучулары болуп саналат. 

1.7. Пайдалануучулардын өз ара мамилесинде SWIFT ЖПТ эксплуатациялоо жана иш процессинде жоопкерчилик, укуктар, милдеттер тобокелдиктерди бөлүштүрүү көп тараптуу келишимде бекитилет жана/же коммерциялык банктар жана SWIFT ЖПТ оператору менен пайдалануучулардын (мындан ары келишимдер) ортосундагы эки тараптуу келишимде түзүлөт. 

 

2. SWIFT ЖПТ негизги принциптери  

 

2.1 Маалыматтарды берүү жана байланыш провайдерлери менен биргеликте SWIFT ЖПТнүн оператору SWIFT ЖПТ колдоосун жана иштеп турушун камсыз кылат. Мында: 

1. Келишимдирге ылайык түйүндүк жабдууларын жана SWIFT интерфейсинин жабдууларын, программалык камсыздоонун (мындан ары ПК) иштеп турушун жана колдоону SWIFT ЖПТ оператору камсыз кылат

2. SWIFT ЖПТ оператору жана байланыш провайдерлери менен SWIFT ЖПТ оператору ортосундагы бекитилген келишимдин шарттарына ылайык SWIFT ЖПТ байланыш каналдарынын иштеп турушун жана колдоону байланыш жана маалыматтарды берүү провайдерлери камсыз кылат. 

2.2 Техникалык инфраструктура өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:  

1. Шифровкалоо жабдуусу менен кошулган SWIFT ЖПТ операторунун (негизги жана резервдик) аппараттык-программалык комплекси  

2. Пайдалануучулардан SWIFT ЖПТ операторуна жана SWIFT түйүнүнө кирүү чегине чейин (негизги жана резервдик) телекоммуникациялык жабдуу жана байланыш каналдары.  

2.3 SWIFT ЖПТ техникалык инфраструктурасын тейлөө SWIFT ЖПТ операторун коштоо боюнча адистерлери тарабынан жүзөгө ашырылат (мындан ары SWIFT ЖПТ персоналы)

2.4 SWIFT ЖПТ функционалдык иш аракеттери төмөнкүлөр менен камсыз кылынат: 

а) SWIFT ЖПТ техникалык инфраструктурасы менен; 

б) SWIFT ЖПТ персоналы менен; 

в) SWIFT шериктештиги аркылуу иштелип чыккан (мындан ары SWIFT ченемдик документтери) SWIFT телекоммуникациялык түйүнү менен иштерди жөнгө салган ченемдик документтер; 

г) Улуттук банк тарабынан иштелип чыккан (мындан ары Улуттук банктын ченемдик документтери) SWIFT ЖПТ аркылуу иштерди жөнгө салган ченемдик документтер; 

д) келишимдер менен. 

2.5 SWIFT интерфейсинин ПК колдоонуусуна карата алынган лицензиялардын чегинде SWIFT ЖПТ оператору пайдалануучуларга SWIFT ЖПТ кызмат көрсөтөт. 

2.6 Пайдалануучулар SWIFT жумуш станциялары (мындан ары SWIFT терминалдары) аркылуу SWIFT интерфейсине кирүү мүмкүнчүлүгү жүзөгө ашырылат. Тиешелүү SWIFT терминалын колдоосу жана иштеп турушу ар бир пайдалануучуну коштоо боюнча персоналы менен өз алдынча камсыз кылынат

2.7 Уюштуруу маселелери боюнча пайдалануучулардын SWIFT ЖПТ персоналы менен бирге аракеттешүүсү SWIFT ЖПТ координатору аркылуу жүзөгө ашырылат. 

2.8 SWIFT ЖПТ координатору жана персоналы кайталоочу курамды өзүнө камтуу менен бирге SWIFT ЖПТ операторунун ички документтери аркылуу шайланышат. Эгерде кайсы бир негизги курамдын адиси жок болсо анын функцияларын кайталоочу курамдын адиси аткарууга тийиш

2.9 SWIFT ЖПТ персоналы төмөнкү адистерди камтууга тийиш:  

1) системдик администраторду;  

2) SWIFT интерфейсинин ПК администраторун

3) түйүндүк администраторду

4) SWIFT ЖПТ коопсуздук администраторун.  

SWIFT ЖПТ координаторунун жана персоналынын негизги функциялары бул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген.  

2.10 SWIFT ЖПТ координатору жана персоналы SWIFT пайдалануучулар терминалына кирүү мүмкүнчүлүктөрү жок жана пайдалануучулардын SWIFT билдирүүлөрүн жөнөтүү жана жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик тартышпайт

2.11. SWIFT талаптарына ылайык маалыматтарды SWIFT түйүнү аркылуу жөнөтүү жана жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды аткарган SWIFTтин негизги жана кайталоочу адистер курамы ар бир пайдалануучуда бар болуусу зарыл. Пайдалануучунун ички документтеринде бекитилген SWIFT системасы аркылуу финансы маалыматтарды жөнөтүү боюнча адистер курамынын функцияларын (ролдорун) бөлүштүрүү

2.12. Пайдалануучуну SWIFT адистеринин операциялык иштери менен байланыштуу (операторлордун катасы, санкциясыз кирүү мүмкүнчүлүгү, алдамчылык) бардык тобокелдер үчүн пайдалануучу жоопкерчилик тартат. 

2.13. Регламент, иш жүргүзүү тартиби жана SWIFT ЖПТ персоналдары менен КБ бирге аракеттешүүсү, туташтыруунун шарттары, кызмат көрсөтүү наркын эсептөө жана төлөө тартиби, тараптардын жоопкерчилигин бөлүштүрүү пайдалануучулардын жана SWIFT ЖПТ операторунун ортосундагы келишимде белгиленет. 

 

3. SWIFT ЖПТ ишенимдүү иштеп турушунун жана коопсуздугун камсыздоо боюнча негизги талаптар  

 

3.1. SWIFT ЖПТ ишенимдүү иштеп турушу жана коопсуздугу төмөнкү принциптерге ылайык камсыз болуусу зарыл: 

1) операциялык тобокелдиктерден жана тобокелдиктер иштеп турган чөйрөсүнөн сактоо

2) пайдалануулардын маалыматтарынын конфиденциалдуулугу жана бүтүмдүгү; 

3) пайдалануучулардын SWIFT интерфейсине үзгүлтүксүз кирүү мүмкүнчүлүгү

3.2. Операциялык тобокелдиктерден жана тобокелдиктер иштеп турган чөйрөсүнөн сактоо төмөнкүлөрдүн бар болуусу менен камсыз болууга тийиш

1) SWIFT ЖПТ иштеп турушун жана колдоону камсыз кылуу үчүн жетиштүү квалификациясы бар болгон негизги жана кайталоочу персонал

2) SWIFT терминалын пайдалануучулар үчүн өзүнчө локалдык түйүн

3) резервдик аппараттык жана SWIFT интерфейсинин программалык камсыздоо

4) резервдик байланыш каналы

5) электр азыктандыруусу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жабдуулары

6) SWIFT интерфейсине SWIFT ЖПТ персоналынын жана пайдалануучунун санкциясыз кирүүдөн коргоо боюнча каражаттар

7) чектелген мүмкүнчүлүгү болгон өрт өчүрүүчү коргоо сигнализациясы менен жабдылган атайын бөлмө. 

3.3. Пайдалануучулардын маалыматтарынын конфиденциалдуулугу жана бүтүмдүгү (кириш/чыгыш маалыматтарынын билдирүүсү, шифровкалоо жана идентификациялык ачкычтар д.у.с.) төмөнкүлөрдүн бар болуусу менен камсыз болууга тийиш

1) SWIFT ченемдик документтеринде бекитилген талаптарга ылайык SWIFT интерфейсине SWIFT ЖПТ ар бир адис персоналынын кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөө

2) SWIFT ЖПТ операторунун ички документтерине ылайык пайдалануучулардын маалыматтарынын конфиденциалдуулугун жана бүтүмдүгүн камсыздоо боюнча SWIFT ЖПТ персоналынын жоопкерчилигин так бөлүштүрүү

3) чыккан бузулуулар боюнча оперативдүү түрдө таасирденүү жана SWIFT ЖПТ эксплуатациялоо технологиялык процесси үстүндө күнүгө контрол жүргүзүү (маалыматтарды жеткирүү жана жүзөгө ашыруу процедураларын сактоо, конфинденциалдуулук, маалыматтарды коргоо, санкциясыз кирүү мүмкүнчүлүгүн контролдоо). 

3.4. SWIFT интерфейсине кирүү мүмкүнчүлүгүн жана маалыматтардын бүтүмдүгүн, конфиденциалдуулугун коргоо бирдей деңгээлде бардык пайдалануучуларга берилиши зарыл

3.5. Келишимдин шарттарына ылайык SWIFT ЖПТ комплексинин ишинде өзгөчө кырдаалдар абалы пайда болгон учурда калыбына келтирүү мезгил ичинде жана регламенттүү иштердин аткаруу убактысынан тышкары SWIFT интерфейсине пайдалануучулардын үзгүлтүксүз кирүүсү SWIFT ЖПТ күнү-түнү иштегени менен камсыз болуга тийиш.  

3.6. Келишимдин шарттарына жана мөөнөтөрүнө ылайык SWIFT ЖПТ комплексинин иштеп турганда өзгөчө кырдаалдар абалы пайда болсо SWIFT ЖПТ оператору пайдалануучуларга жагдай тууралуу билдирүү жасайт

3.7. өзгөчө кырдаалдар абалынын пайда болуу себептерин жоюудан мөөнөттүү төлөмдөрдү кабыл алуу/берүү зарылчылыгына жараша келишимдин шарттарына ылайык пайдалануучулар маалыматтарды берип жатканда алтернативдүү каналдарын колдонууга тийиш

 

4. SWIFT ЖПТ пайдалануучуларды туташтыруу боюнча негизги талаптар 

 

4.1. Пайдалануучуларды SWIFT ЖПТга туташтырууну SWIFT ЖПТнын оператору жүзөгө ашырат.  

4.2. Пайдалануучуларды SWIFT ЖПТга туташтыруу үчүн негизги талаптар кирет

1. SWIFT шериктеш мүчөлөрүнө кирүү (SWIFT шериктештигинин алдын ала каралган процедураларына ылайык, банк менен өз алдынча жүзөгө ашырат); 

2. SWIFT ЖПТга туташтырууга жана аны эксплуатациялоого SWIFT ЖПТ оператору менен келишим түзүү; 

3. SWIFT терминалын туташтыруу жана коюу төмөнкү иш - чараларды өткөзүүнү камтыйт

1) Келишимдин шарттарына жана SWIFT ченемдик документтерине ылайык SWIFT программалык камсыздоо менен SWIFT терминалынын жабдууларын коюу жана сатып алуу; 

2) КБ жалпы локалдык тиүйүнүнөн көз караансыз болгон SWIFT интерфейсинин бөлөк түйүнү менен SWIFT терминалынын иштери үчүн уюштуруу

3) SWIFT терминалынын иштеп туруучу коопсуздук чөйрөсүн камсыз кылуу (чектелген мүмкүнчүлүгү болгон жана өрт өчүрүүчү коргоо сигнализациясы менен жабдылган атайын бөлмө ж.б.)

4) SWIFT ЖПТ иштеринде өзгөчө кырдаалдар абалы пайда болгондо маалыматтарды жөнөтүүсүн/алуусун камсыздоо үчүн резервдик катары алтернативдүү каражаттарды уюштуруу, же ал жок болгон учурда мындай каражаттын сөзсүз коюулушу зарыл

5) Келишимдин шарттарына ылайык маалыматтарды берүүнү камсыз кылган белгиленген линияны колдонуу менен SWIFT ЖПТ SWIFT терминалынан негизги жана резервдик байланыш каналын коюу

6) SWIFT интерфейс менен болгон иштерге персоналдарды окутуу

7) SWIFT терминал иштеринин тест-тренинг тартибин өткөзүү

8) реалдуу тартип убактысында SWIFT терминалын ишке киргизүү

4.3. SWIFT ЖПТ туташтыруу үчүн пайдалануучу негизги талаптарды сактабаган учурда SWIFT ЖПТ оператору пайдалануучуну алдын ала билгизүү менен SWIFT ЖПТ туташтыруу боюнча иштерди токтотуусу мүмкүн жана анын натыйжалары үчүн жоопкерчиликти тартпайт

 

5. SWIFT интерфейсине пайдалануучуларды кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү боюнча негизги талаптар 

 

5.1. SWIFT интерфейсине кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн пайдалануучу төмөнкү талаптарды сактоосу зарыл:  

1. персоналды шайлоо (SWIFT адистер курамынан), ал SWIFT ЖПТ эксплуатациялоодо түздөн-түз катышууга тийиш;  

2. SWIFT ченемдик документтеринде белгиленген талаптарга ылайык SWIFT интерфейсине кирүү укугун жана ар бир адистин жоопкерчилигин бөлүштүрүү

3. SWIFT терминалынын маалыматтарын санкциясыз кирүүдөн тиешелүү деңгээлде коргоону камсыз кылуу

4. персоналдардын операциялык иш аракеттерине (операторлордун катасы, санкциясыз кирүү мүмкүнчүлүгү, алдамчылык), SWIFT терминалынын каналдык байланышына, ПК, жабдуулардын бузулушуна байланыштуу болгон бардык тобокелдиктер үчүн жоопкерчиликти тартуу менен SWIFT терминалынын иштеп турушун жана колдоосун камсыздоо

5. Келишимдердин, Улуттук банктын жана SWIFT ченемдик документтерине ылайык конфиденциалдуулукту сактоо, маалыматтарды коргоо жана ага болгон санкциясыз кирүү мүмкүнчүлүгүн, маалыматтарды жөнөтүү жана ички процедураларды жүзөгө ашырууну, ошондой эле SWIFT терминалын эксплуатациялоо процессинде өзгөчө кырдаалдагы абалдар пайда болгондо персоналдардын иштөө тартибин бекитүү жана иштеп чыгуу

6. SWIFT ЖПТ иштеринде өзгөчө кырдаалдар абалдары пайда болгондо билдирменин жөнөтүүсүн/алуусун камсыздоо үчүн маалыматтарды берүүдө резервдик каражатын иштеп жаткан абалда колдоп туруу

7. бул талаптардын тиешелүүлүгүнө карата байланыш каналдары жана SWIFT терминалынын техникалык экспертизасын өткөзүү үчүн SWIFT ЖПТ операторуна керектүү маалыматты жана шарттарды түзүп берүү.  

5.2. Маалыматтарды тиешелүү деңгээлде коргоону камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр бар болуусу тийиш

1. SWIFT терминалдарына кирүү мүмкүнчүлүгү болгон персоналдардын милдеттерин бөлүштүрүү SWIFT ченемдик документтерине ылайык жүзөгө ашырылат; 

2. Пайдалануучулар менен бекитилген ички процедураларына ылайык, SWIFT терминалына талаптарды аткаруу менен персоналга кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн систематикалык контролң жүзөгө ашырылсын

3. SWIFT терминалынан тартып SWIFT ЖПТга чейин трафикти шифровкалоо пайдалануучулар үчүн алдын ала каралган

5.3. Бул талаптарды сактабаган учурда SWIFT ЖПТ оператору пайдалануучуну алдын ала билгизүү менен SWIFT интерфейсине кирүү мүмкүнчүлүгүн токтотуусу мүмкүн жана анын натыйжалары үчүн ал жоопкерчиликти тартпайт. 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын ___________№_____ токтому менен бекитилген «SWIFT жамааттык пайдалануу түйүнү жөнүндө» жобосуна 1 тиркеме 

 

SWIFT ЖПТ персоналынын жана координаторунун функциялары 

 

1. SWIFT ЖПТ координаторунун SWIFT интерфейсине кирүү мүмкүнчүлүгү жок, ал SWIFT ЖПТ мониторинг иштеринин функцияларын аткаруу менен пайдалануучулардын жана SWIFT ЖПТ персоналынын бирге аракеттешүсүн координациялайт. Бул функциялар төмөнкү иштерди камтыйт: 

1) SWIFT ЖПТ кызмат көрсөтүүсүнүн жабдып туруучулар менен келишимди түзүү процессин координациялоо, уюштуруу учурлары боюнча келишимдерди аткаруу контролу

2) SWIFT ЖПТ иш тартибин жөнгө салган ченемдик базаларды иштеп чыгуу жана жакшыртуу боюнча иштерин координациялоо

3) SWIFT ЖПТдагы тобокелдер анализи

4) зарылчылыгына жараша, иш учурунда пайда болгон проблемаларды биргеликте чечүү үчүн пайдалануучулардын жана SWIFT ЖПТ тейлеген персоналдын жолугушуусун уюштуруу

5) SWIFT ЖПТ чыгашалары боюнча сунуштарды, төлөөгө карата буйруларды даярдоо, келишимдерге жана кызмат көрсөтүү тарифтерине ылайык SWIFTге төлөө боюнча кезектеги чыгашаларды салыштыруу

6) зарылчылыгына жараша SWIFT ЖПТ иштери жөнүндө кызыккан тарапка маалыматтарды берүү

7) SWIFT ЖПТга коммерциялык банктарды туташтыруу маселеси боюнча маалыматтарды анализдөө жана чогултуу, зарылчылыгына жараша аларды туташтыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу

8) SWIFT ЖПТ өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу

 

2. Системдик администратордун SWIFT интерфейсине кирүү мүмкүнчүлүгү жок, ал сервердик жабдуулардын операциялык системасын администирлөөсүн жүзөгө ашырат. Сервердик жабдуулардын операциялык системасын администирлөө төмөнкү функционалдык милдеттерди аткарууну камтыйт

1) SWIFT дискалык массиви жана серверлердин иштеши үчүн зарыл болгон программалык камсыздоону коштоо менен пакеттердин системасын жаңыртуу (Patches), SWIFT серверлеринин операциялык системасын жүргүзүү

2) SWIFT дискалык массивин, аппарат бөлүгүнүн серверлерин, операциялык системасын иштелишин жана абалын контролдоо

3) калыбына келтирүү ички процедураларына ылайык өзгөчө кырдаалдар абалы пайда болгон учурда SWIFT дискалык массивинин, операциялык системасынын серверлеринин иш жөндөмүн калыбына келтирүү

4) тиешелүү деңгээлине ылайык администраторлор үчүн серверлерге кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү

5) SWIFT дискалык массивинде жана серверлерде маалыматтын коргоосун контролдоо

6) SWIFT ЖПТ оператору жана системдик администратордун кызматтык инструкциясы менен бекитилген резервдик көчүрүү процедураларына ылайык операциялык системасын жана маалыматтарды резервдик көчүрүүсүн мезгил мезгили менен аткаруу

7) системага жана маалыматтарга санкциясыз кирүү мүмкүнчүлүгүнөн коргоо жана коопсуздукту камсыз кылуу

8) аппараттык, программдык жана системдик каражаттарды өнүктүрүүнү пландаштыруу

9) сервердик ресурстарды колдонуу боюнча статистиканы чогултуу, системдик администирлөөгө карата серверлердин абалын баяндаган документацияны жүргүзүү

10) серверлердин өндүрүмдүүлүгүн оптимизациялоо

11) административдик паролду сактоо жана берүү процедурасына ылайык, административдик паролду башкаруу менен ага башка адамдардын кирүү мүмкүнчүлүгүн алып коюу

 

3. SWIFT интерфейсинин ПК администраторунун SWIFT интерфейсине кирүү мүмкүнчүлүгү бар, ал SWIFT(АПК) аппараттык-программалык комплексти коштоо менен бирге инсталяциялоонуу жүзөгө ашырат да төмөнкү функцияларды аткарат

1) SWIFT программдык камсыздоонун кардар бөлүмүнүн системдик жана колдонмо программалык камсыздоосун администирлейт жана инсталляциялайт

2) SWIFT ПК иштеп турушун жана абалын контролдоо

3) системдик администратор менен биргеликте калыбына келтирүү ички процедурасына ылайык өзгөчө кырдаалдар абалы пайда болгон учурда SWIFT программалык камсыздоонун иш жөндөмүн калыбына келтирүү

4) SWIFT интерфейсинин ПК администраторунун кызматтык инструкциясына жана SWIFT ЖПТ оператору менен бекитилген архивдерди түзүү процедураларына ылайык SWIFT билдирүүсүнүн маалыматтык базасын, окуя журналдарын, тиркемеде келтирилген маалыматтардын базасын, программалык камсыздоонун мезгил мезгили менен архивдөөсүн аткаруу

5) SWIFT ЖПТ байланыш каналдарынын, SWIFT интерфейсинин иштеп тургандыгы жөнүндө ар кандай отчетторду жүзөгө ашыруу ж.б.

6) SWIFT интерфейсинин окуялары тууралуу журналын контролдоо

4. Түйүндүк администратор SWIFT интерфейсине кирүү мүмкүнчүлүгү жок, ал SWIFT ЖПТ түйүндүк жана коммуникациялык жабдууларын администирлөөсүн жүзөгө ашыруу менен төмөнкү функцияларды аткарат

1) SWIFT ЖПТ локалдык түйүнүнүн түйүндүк жабдууларын оңдоо жана коюу

2) SWIFT ЖПТ коммуникациялык жабдууларын оңдоо жана коюу

3) өзгөчө кырдаалдар абалы пайда болгон учурда иш жөндөмдүлүгүн калыбына келтирүү жана түйндүк, коммуникациялык жабдуулардын абалын контролдоо

4) SWIFT модемин оңдоо жана колдоо, резервдик жана негизги байланыш каналын үзгүлтүксүз иштер менен камсыздоо. Зарыл болгон учурда системаны негизгиден резервдик линия байланышына которуу.  

5) SWIFT интерфейсинин түйүндүк деңгээлинде SWIFT ЖПТ маалымат коопсуздугун камсыздоо

5. SWIFT ЖПТ коопсуздук администраторунун SWIFT интерфейсине кирүү мүмкүнчүлүгү бар, ал SWIFT интерфейсине пайдалануучулардын кирүү мүмкүнчүлүгүнүн коопсуздугун жана конфиденциалдуулугун камсыздоосун жүзөгө ашыруу менен төмөнкү функцияларын аткарат

1) SWIFT ЖПТ АПК инсталяциялоодо жана/же конфигурациясынын өзгөрүүсүндө, ошондой эле SWIFT криптографикалык жабдуулары менен иштөөдө жана SWIFT ЖПТ зарыл сертификатын тейлөөдө SWIFT ЖПТ АПК коопсуздук офицеринин

2) SWIFT аркылуу билдирүүнү жөнөтүүдө жана жүзөгө ашырууда маалымат коопсуздугунун режимин сактоого карата SWIFT ченемдик документтеринде бекитилген талаптарга ылайык, SWIFT ЖПТ АПК жаңы ролдорду, пайдалануучуларды каттоону жүзөгө ашырат

3) SWIFTте аткарылган функцияларына жана алардын ролдоруна ылайык, SWIFT ЖПТ администраторлордун жана пайдалануучулардын маалыматтарынын конфиденциалдуулугун камсыздоо жана укуктарын чектөөсүн жүзөгө ашырат

4) SWIFT ЖПТ АПК санкциясыз кирүү мүмкүнчүлүгүнөн коргоо жана маалымат коопсуздугун камсыздоо контролун жүзөгө ашырат

5) SWIFT ЖПТ администраторлорунун жана пайдалануучулардын иштери үчүн контролду (билдирүүнү жөнөтүү жана процедураларды жүзөгө ашырылышы, конфиденциалдуулук, маалыматтарды коргоо жана ага болгон санкциясыз кирүү мүмкүнчүлүк контролун кошо алганда) жана системдик журналынын ар күн сайын мониторингин өткөзөт;  

6) бузууларды табуу фактылары боюнча алардын себептерин аныктоо үчүн иштерин жүргүзөт;  

7) SWIFT интерфейси менен болгон иш процессинде бузууларды чыгаруу боюнча пайдалануучуларга оперативдик түрдө маалыматтарды берет

8) SWIFT интерфейси менен болгон иштерде маалыматтык коопсуздукту сактоо боюнча талаптарды, инструкцияларды, ченемдик актыларды иштеп чыгат

9) байланыш каналдарына жана коммуникацияларына SWIFT интерфейси менен пайдалануучулардын иштеринин коопсуздугун камсыз кылуу талаптарын иштеп чыгуу.  

6. SWIFT ЖПТ координатору жана персоналы өздөрүнүн иш аракеттеринде SWIFT документери, Улуттук банктын ченемдик документтери, SWIFT ЖПТ операторлордун ички процедуралары жана келишимдери менен иш алып барат.