Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын "22" "08" 

№38/11токтому менен бекитилген 

 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2007-жылдын "04" "10" 88-07 номеринде каттоодон өткөрүлгөн 

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2007-жылдын 12.12 № 53/6, (ЮМ 2007-жылдын 29.12. № 121-07) 

2008-жылдын 30.01 № 5/1, (ЮМ 2008-жылдын 28.02. № 13-08) 

2008-жылдын 10.12 № 45/7, (ЮМ 2009-жылдын 08.01. № 5-09) 

2008-жылдын 27.06 № 25/12, (ЮМ 2008-жылдын 14.07. № 72-08) 

2009-жылдын 30.09 № 39/8 

2011-жылдын 30.03 № 20/6 

токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

 

 

 

Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн 

пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн 

тартиби жөнүндө нускоо 

 

 

1. Жалпы жоболор 

 

 

1.1. Бул нускоо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" (1997-жылдын 29-июлундагы №59), "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" (1997-жылдын 29-июлундагы №60), "Электрондук төлөмдөр жөнүндө" (1999-жылдын 6-октябрындагы №121), "Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө" жобого (2005-жылдын 9-сентябрындагы №420/21/4) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

 

1.2. Бул Нускоо Кыргыз Республикасынын аймагында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы (мындан ары - система) боюнча төлөм документтерин даярдоо, өткөрүп берүү жана иштеп чыгуу эрежелерин жана тартибин, ошондой эле катышуучулардын ортосундагы өзара мамилелерди белгилейт.  

 

1.3. Системанын багыты, максаты, милдеттери, анын иштешин жөнгө салуучу негизги жоболор Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 15-декабрындагы № 37/8 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 18-январында 8-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн "Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасы жөнүндө" жободо (мындан ары ПКС жөнүндө жобо) белгиленген. 

 

1.4. Системада тобокелдиктерди тескөө принциптери жана ыкмалары Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-майындагы №16/4-токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 27-июнунда 91-05 номеринде каттоодон өткөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө боюнча саясатта жана ПКС жөнүндө жободо келтирилген. Система дебеттик таза позициялардын лимиттерин (резерв жана эсептик лимит) белгилөө менен төлөмдөргө байланыштуу тобокелдиктерин тескөөнү жана төмөндөтүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет. 

 

1.5. Системанын электрондук төлөм документтеринин жана билдирүүлөрүнүн форматтары Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасынын электрондук төлөм документтеринин жана билдирүүлөрүнүн форматтарын толтуруу эрежелеринде" белгиленген (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/10 токтому менен бекитилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 23-мартында 25-06 номеринде каттоодон өткөрүлгөн (мындан ары -Форматтарды толтуруу эрежелери). 

 

1.6. Системада төлөмдөрдү тике дебеттөө формасында өткөрүү тартиби, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2008-жылдын 30-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2008-жылдын 12-сентябрында 104-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №30/6 токтому менен бекитилген "Пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү тике дебеттөө формасында өткөрүүнүн эрежелеринде" (мындан ары-Эреже) келтирилген. 

 

1.7. Клиринг борборунун (мындан ары-КБ) ушул нускоодо аныкталган функцияларын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары -Улуттук банк) аткарат.  

 

 

2. Терминдер жана аныктамалар 

 

2.1. Аталган нускоодо пайдаланылуучу терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2005-жылдын 9-сентябрындагы № 420/21/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө" Жободо (мындан ары Нак эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобо) жана ПКС жөнүндө жободо келтирилген. 

 

2.2. Нускоодо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар кошумча пайдаланылат: 

 

Клиринг борборунун автоматташтырылган иш орду (мындан ары КБ - АИО) - клиринг борборунун ыйгарым укуктуу (системада каттоодон өткөрүлгөн жана андан пайдаланууга белгилүү укукка ээ болгон) персоналдары тарабынан системаны администрлөө, мониторингдөө милдетин аткаруу жана системанын катышуучуларынын пайдалануу укуктарын тескөө үчүн багытталган аппараттык-программалык комплекс.  

Катышуучунун автоматташтырылган иш орду (мындан ары - катышуучунун АИО) - бөлүнгөн байланыш каналы боюнча Клиринг борбору (КБ) менен бириккен электрондук цифралык колтамга каражаттары менен камсыз болгон жана системанын катышуучусунун ыйгарым укуктуу персоналы (системада каттоодон өткөрүлгөн жана андан пайдаланууга белгилүү укукка ээ болгон) тарабынан электрондук төлөм документтеринин файлдарын (мындан ары ЭТД) жана билдирүүлөрүнүн түзүү, жөнөтүү, алуу үчүн багытталган аппараттык-программалык комплекс. Катышуучунун АИО системага аталган катышуучунун электрондук төлөм документтеринин (ЭТД) позицияларына, кириш/чыгыш файлдарына жана билдирүүлөрүнө мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат. 

Төлөөчү банк - системанын каттоодон өткөрүлгөн катышуучусу, ал кардардын көрсөтмөсү боюнча акча каражаттарын бул банкта ачылган анын эсебинен акча каражаттарын алуучунун эсебине которууну жүзөгө ашырат.  

Иштеп чыгуу күнү - анда төлөм тике дебеттөө боюнча система тарабынан иштеп чыгууга кабыл алынган жана алдын ала таза позицияны эсептөөгө камтылган күн.  

Эсептешүү күнү - анда төлөм акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн жыйынтыктоочу таза позицияларды эсептөөгө камтылган күн. 

Системага сурам -Форматтарды толтуруу эрежелерине ылайык, системанын катышуучулары тарабынан түзүлүүчү жана төлөмдөр жөнүндө маалыматты алуу үчүн системага берилүүчү электрондук формадагы маалымат (жөнөтүлгөн файлдардын, пакеттердин, таза позициялардын статусу жөнүндө ж.б.). 

Байланыш каналы - телекоммуникациянын катышуучулар менен алардын кардарларынын, катышуучулардын жана Клиринг борборунун, Клиринг борборунун жана эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын ортосунда ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү берүүгө багытталган системасы.  

Дебеттик таза позицияга акча каражаттарынын резерви (мындан ары резерв) -катышуучу тарабынан күн сайын өз корреспонденттик эсебиндеги, пакеттик клиринг системасында клиринг сессиясынын жыйынтыгы боюнча дебеттик таза позицияны жыйынтыктап эсептөө үчүн зарыл болгон каражаттардын бөлүгүн резервге коюу аркылуу белгиленет. 

Дебеттик таза позицияга эсептөө лимити (мындан ары - эсептөө лимити) - күн сайын айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынан (мындан ары - ГСРРВ) пакеттик клиринг системасына, катышуучунун өткөн чейрек үчүн статистикалык маалыматтардын негизинде эсептелинген дебеттик таза позициясына акча каражаттарынын максималдуу резерви өлчөмүндө файлдарды берүү аркылуу клиринг сессиясын ачуудан кийин белгиленет. 

Системанын кыйыр катышуучусу - системада катталган, Улуттук банктагы корреспонденттик (утурумдук) эсепке жана системада позицияга ээ болгон, бирок системага тике бирикпеген финансы-кредит мекемеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Борбордук Казыналыгы жана Социалдык фонду. Булар системада өз ЭПД файлдарын жана билдирүүлөрдү тике катышуучулардын бирин бириктирүү аркылуу же Сервистик бюро аркылуу беришет/алышат. 

Системанын жообу - Форматтарды толтуруу эрежелерине ылайык система тарабынан түзүлүүчү жана катышуучуга андан сурамдарды жана ЭТД файлдарын алууга жооп катары берилүүчү электрондук түрдөгү маалымат  

Кабыл алынбаган (андан баш тартылган) төлөм документи - андан бул төлөмдү алуучу банк кардардын туура эмес аталышы, эсептин туура эмес көрсөтүлүшү, кардардын эсебинде каражаттардын жетишсиздиги жана тике дебеттөө жолу менен каражаттарды алып салууга келишимдин жоктугу себеби боюнча кабыл алуудан баш тартылган төлөм документи.  

Алгачкы төлөм документи - кардар тарабынан түзүлүүчү жана банкка кагаз же электрондук түрдө берилүүчү төлөм документи (мындан ары электрондук төлөм документи же электрондук таблица).  

Системанын тике катышуучусу - системада катталган, Улуттук банкта корреспонденттик (утурумдук) эсепке, системада позицияга, система менен тике биригүүнү камсыз кылуучу жана ага ЭПД файлдарын жана билдирүүлөрдү системага түздөн түз жөнөтүүгө жана андан жооп билдирүүлөрдү алууга мүмкүндүк берүүчү аппараттык-программалык каражаттарга ээ болгон финансы-кредит мекемеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Борбордук Казыналыгы жана Социалдык фонду. 

Сервистик бюро - катышуучунун автоматташтырылган иш ордуна ээ болбогон же системага тике бирикпеген катышуучулар тарабынан ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү түзүү, системага өткөрүп берүү жана системадан кабыл алуу үчүн багытталган КБга караштуу аппараттык-программалык комплекс. 

Системанын билдирүүсү (билдирүү) - катышуучунун тиешелүү сурамына же сурамы жок эле система тарабынан жөнөтүлүүчү маалыматка системанын жообун билдирет.  

Системанын суб-катышуучусу - банктын системада катталган, бирок Улуттук банкта корреспонденттик эсепке жана система менен тике биригүүгө ээ болбогон кардары (эмгек акыларды, пенсияларды төлөөнү, камсыздандыруу төлөмдөрүн жыйноону жана бюджеттик төлөмдөрдү жүзөгө ашыруучу уюмдар; калкка утурумдук кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу компаниялар ж б.).  

Кара тизме ("Black List") - системанын катышуучуларынын тике дебеттөө келишимине ылайык, алар тарабынан төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн эсепте акча каражаттарынын жетиштүүлүгүн эсептөө күнүнө камсыз кылуу жөнүндө шарттар бузулган учурда, тике дебеттөө боюнча четке кагылган төлөмдөрдүн санынын параметринен арткан кардарлардын тизмеси. 

Электрондук таблица - Форматтарды толтуруу эрежелеринде белгиленген форматта түзүлгөн жана суб-катышуучу менен банктын ортосундагы келишимдин шарттарына ылайык суб-катышуучу тарабынан банкка берилүүчү төлөмдөр жөнүндө электрондук маалымат (эмгек акыларды, пенсияларды, камсыздандыруу төлөмдөрүн, бюджеттик, коммуникациялык төлөмдөрдү ж.б. төлөө боюнча.). 

Төлөмдү ачып көрсөтүү - окшош белгилери боюнча (салык төлөмдөрү, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөр, эмгек акы долбоорлору боюнча төлөмдөр ж.б.) бир төлөмгө бириктирилген ар бир жеке төлөм боюнча, субэсеп менен өздүк эсептин тилкелерин кошо алганда, ЭТДнын бардык тилкелерин толтуруу менен ЭТДны милдеттүү түрдө тариздөө

 

3. Кардар тарабынан алгачкы төлөм документтерин даярдоо жана жөнөтүүчү банкка берүү 

 

3.1. Кагаз түрүндөгү төлөм документи мыйзамдарга ылайык банктын кардары тарабынан таризделет жана жөнөтүүчү банкка эки нускада берилет.  

3.2. Электрондук төлөм документи банктын кардары тарабынан даярдалып, ага жооптуу адамдардын электрондук цифралык колтамгалары (мындан ары - ЭЦК) коюлуп, кардар менен жөнөтүүчү банктын ортосундагы келишимдин шарттарына ылайык, байланыш каналдары же маалыматты кайсы болбосун алып жүрүүчү боюнча жөнөтүүчү банкка берилет.  

3.3. Төлөмдөр жөнүндө маалыматты камтыган электрондук таблица суб-катышуучу тарабынан түлүп, жооптуу адамдардын электрондук цифралык колтамгалары коюлат же атайын каражаттар менен шифрленет жана суб-катышуучу менен банктын ортосундагы келишимдин шарттарына ылайык, байланыш каналдары же маалыматты кайсы болбосун алып жүрүүчү боюнча жөнөтүүчү банкка берилет.  

 

4. Жөнөтүүчү банкта алгачкы төлөм документтерин кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

 

4.1. Жөнөтүүчү банк кардардан кагаз түрүндөгү төлөм документин эки нускада кабыл алат. Кагаз түрүндөгү төлөм документинин бир нускасы жөнөтүүчү банкта калтырылат, экинчиси аны аткарууга кабыл алуу жөнүндө белги менен кардарга кайтарылып берилет. Кардар тарабынан төлөм документи төлөөчү банктын аны аткарууга кабыл алуу жөнүндө белгиси менен алынган учурдан тартып, бул төлөм кардар үчүн кайтарылып алынгыс жана акыркы болуп саналат.  

 

4.2. Эмгек акы долбоорлору, коммуналдык төлөмдөр жана бюджетке төлөмдөргө тиешелүү болгон учурларда, банк-жөнөтүүчү Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 25-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 3-сентябрында 82-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №36/5 "Төлөм документтерин толтуруунун тартиби жөнүндө нускоого" ылайык, Пакеттик клиринг системасындагы төлөмдөрдүн толук ачып көрсөтүлүшү үчүн, субэсептерди жана жеке эсептердин тилкелерин кошо алганда баштапкы төлөм документи бардык тилкелеринин туура жана толук толтурулгандыгын текшерүүгө тийиш. 

 

4.3. Эгерде кардар менен жөнөтүүчү банктын ортосундагы төлөм документтерин алмашуу электрондук формада жүзөгө ашырылып жаткан болсо, жөнөтүүчү банк банк менен кардардын ортосундагы келишимдин шарттарына, ошондой эле жөнөтүүчү банктын ички ченемдик документтерине жана жол-жоболоруна ылайык төлөм документинин алынгандыгын кардарга тастыктайт.  

 

4.4. Төлөм документинде каталар табылган учурда жөнөтүүчү банк кардарга төлөм документтерин жөнөтүүчү банктын ички ченемдик документтерине жана жол-жоболоруна ылайык, кайтаруу себептерин көрсөтүү менен кайтарып берет.  

 

5. Жөнөтүүчү банк тарабынан ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү даярдоо жана Клиринг борборуна өткөрүп берүү 

 

5.1. Банк-жөнөтүүчү ЭТД файлдарын жана билдирмелерди форматтарды толтуруу эрежелерине ылайык даярдайт. Коммуналдык, бюджеттик жана эмгек акы төлөмдөрү болгон учурларда банк-жөнөтүүчү Пакеттик клиринг системасындагы төлөмдөрдүн толук ачып көрсөтүлүшү үчүн же ар бир төлөөчү үчүн өз өзүнчө ЭТД; же субэсеп жана өздүк эсеп тилкелери милдеттүү толтурула турган жалпы төлөм тапшырмаларын түзөт. 

5.2. ЭТД файлдарын жана билдирүү даярдоодон кийин жөнөтүүчү банк ага ыйгарым укуктуу пайдалануучулардын ЭЦК коюп, системага байланыш каналдары боюнча берет.  

5.3. Жөнөтүүчү банк учурдагы клиринг күнүнүн регламентине ылайык ЭПД файлдарын системага өткөрүп берет. Бир күн ичинде жөнөтүүчү банк тарабынан берилүүчү ЭТД файлдарынын саны чектелбейт. 

5.4. ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү түзүү мүмкүн эмес болгон учурда жөнөтүүчү банк алгачкы төлөм документтеринен маалыматтарды ПКСга киргизүүнү жүзөгө ашыруу жана Сервистик бюрону пайдалануу менен ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү түзүү үчүн КБга кайрыла алат. Файлдарды түзүү жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр КБ жана банктын - системанын катышуучуларынын ортосундагы келишимдик мамилелерде чагылдырылат. 

5.5. Сервистик бюро кызмат көрсөтүүлөрүнөн тышкары, КБ менен тике байланышка ээ болгон катышуучулардын биринин байланыш каналын пайдалануу менен системага ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү берүүгө болот. Система менен тике байланышка ээ катышуучу аркылуу ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү берүү боюнча жөнөтүүчү банктын өзара мамилеси КБ жана - системанын катышуучуларынын ортосундагы тиешелүү келишимдерде чагылдырылат. 

5.6. Клиринг борборуна берилген ЭТД файлдарындагы төлөмдөрдүн саны банк жөнөтүүчү кардарлардан кабыл алган төлөм документтеринин санынан жана банк жөнөтүүчүнүн өздүк төлөмдөрүнүн санынан турган баштапкы төлөм документтердин санына дал келүүгө тийиш (кагаз жүзүндө электрондук формада). 

 

6. ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү иштеп чыгуу тартиби  

 

6.1. Клиринг күнүнүн регламенти 

 

ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү иштеп чыгуу клиринг күнүнүн регламентине ылайык ишке ашырылат, ал бир клиринг сессиясынан турат жана төмөнкүдөй мезгил аралыктарына бөлүнөт: 

 

Иштеп чыгуу мезгилинин аталышы 

Мезгил аралыгынын  

башталган/аяктаган  

убакыты 

Мезгил  

аралыгы 

Клиринг күнүн ачуу  

8:30 - 8:45 

15 мүнөт 

Электрондук төлөм документтеринин файлдарын  

жана билдирүүлөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

8:45 - 13:30 

4 саат 45 мүнөт 

Баш тартылган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

13:30 - 13:50 

20 мүнөт 

Кайра клирингден өткөрүү мезгили 

13:50 - 14:10 

20 мүнөт 

Клиринг мезгили  

14:10 - 14:20 

10 мүнөт 

Катышуучулардын жыйынтыктоочу таза позициялары  

боюнча акыркы эсептөөлөрдү жүргүзүү 

14:20 - 14:30 

10 мүнөт 

Клиринг күнүн жабуу  

14:30 - 15:00 

30 мүнөт 

 

ПКС жөнүндө жобого ылайык клиринг күнү ичинде бир нече клиринг сессиясын өткөрүүгө болот. Клиринг күнүнүн регламенти (клиринг сессиясынын саны жана алардын мезгил аралыгы) өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкса системанын катышуучуларынын демилгеси боюнча Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтомдору кабыл алынат". 

 

6.2. Клиринг күнүнүн ачылыш мезгили аралыгы 

 

6.2.1.КБ клиринг системасын жаңы клиринг сессиясына карата даярдайт (көрсөткүчтөрдү коюу жана ишке келтирүү, системаны иштин башталышына карата даярдоо). 

6.2.2. Системада ГСРРВ алынган маалыматтардын негизинде катышуучулардын эсептик лимит мааниси коюлат.  

6.2.3. Система катышуучуларга клиринг күнү ачылгандыгы жана эсептик лимит коюлгандыгы тууралуу маалыматты берет.  

6.2.4. Катышуучунун(лардын) белгиленген эсептик лимитинин(теринин) мааниси ГСРРВдан алынган маалыматтардын негизинде камдын(дардын) маанисине өзгөрүп кетиши мүмкүн. Системанын катышуучулары он-лайн режиминде эсептик лимиттин же камдын өзгөргөндүгү жөнүндөгү маалыматты системага талап жөнөтүүсүз эле ала алышат. Эсептик лимиттин же камдардын суммасынын чегинде катышуучулардын болжолдуу таза позициялары эсептелинет. 

 

6.3. Клиринг борборунда ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу мезгили 

 

6.3.1. КБ жөнөтүүчү банктан ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү кабыл алат ЭЦК тууралыгы жана белгиленген форматтарга ылайык келе тургандыгы боюнча текшерет. Ар бир файлды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, система файлдын кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүүнү түзөт, анда файлды кабыл алуу, иштеп чыгуу күнү, убактысы чагылдырылат. Ар бир пакет боюнча анын статусу жөнүндө маалымат система тарабынан кабыл алынган жана четке кагылган төлөмдөрдүн суммасын жана жалпы санын көрсөтүү менен жөнөтүлөт. 

6.3.2.КБ Бирдиктүү банктар аралык процессинг борборунан (мындан ары ББПБ) эки тараптуу таза позицияларды пакети менен файлды кабыл алат. Ар бир файлды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, система файлдын кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирүүнүн түзөт, анда файлды кабыл алуу, иштеп чыгуу күнү, убактысы чагылдырылат. Ар бир өзүнчө пакет боюнча анын статусу жөнүндө маалымат суммасын көрсөтүү менен жөнөтүлөт. Билдирүүгө системанын ЭЦК коюлат жана белгиленген байланыш каналдары боюнча ББПБ дарегине жөнөтүлөт. Ошол эле учурда таза позициясы ББПБ берилген банкка пакеттин суммасы, кабыл алынган жана иштелип чыккан убактысы жөнүндө маалымат жөнөтүлөт. Катышуучунун дебеттик утурумдук таза позиция (мындан ары - УТП) белгиленген эсептик лимит 100% жеткен учурда, аталган катышуучунун эсебин дебеттөөчү эки тараптуу таза позициялардын пакети системага "Активдүү эмес" статусу менен кабыл алынышат.  

6.3.3. Жөнөтүүчү банктан алынган файлдын же пакеттин ЭЦК аутентификациялоо мүмкүн болбогон же файлда, пакетте же болбосо өзүнчө төлөмдө аларды иштеп чыгууга мүмкүндүк бербеген каталар табылган учурда, каталарды көрсөтүү менен тиешелүү билдирүү түзүлөт. Билдирүүгө системанын ЭЦК коюлуп, жөнөтүүчү банктын дарегине тиешелүү байланыш каналдары боюнча жөнөтүлөт. Жөнөтүүчү банк файлдын, пакеттин же болбосо өзүнчө төлөмдүн кабыл алынбагандыгы жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин, клирингдик сессиянын ишинин белгиленген регламентинин чегинде файлдын, пакеттин же төлөмдүн жаңы идентификатору менен оңдолгон файлды түзүп, жөнөтөт. 

6.3.4.Аткарууга кабыл алынган төлөмдөр Улуттук банк Башкармасынын же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин токтомдорунун негизинде ар бир катышуучунун системада белгиленген статусуна ылайык иштелип чыгат. Төлөмдөрдү статусуна жана катышуучунун позициясына ылайык иштеп чыгуу эрежеси ушул нускоого карата 1-тиркемеде (1-п) келтирилген. 

6.3.5.Кредит төлөмдөрүнүн пакети эсептешүүнүн келечек датасы менен эсептешүү күнүнө чейин беш клиринг күнүнөн ашырбастан кабыл алынат. 

6.3.6. Эсептешүүнүн келечек датасы менен төлөмдөрдүн кабыл алынышына жараша катышуучулардын эсептешүү күнүнө карата алдын ала таза позицияларын эсептөө ишке ашырылат. 

6.3.7. Өткөн күндөрдө кабыл алынган төлөмдөрдү кошо алганда, учурдагы эсептешүү күнүнө барабар болгон эсептешүү күнү менен кредиттик төлөмдөрдүн кабыл алынышына жараша катышуучулардын таза позицияларын эсептөө жүргүзүлөт. Ар бир дебеттик УТП боюнча белгиленген эсептик лимит же резерв артып кетүүсүнө текшерүү жүргүзүлөт. Дебеттик таза позициялардын эсептик лимит артып кетүүсүнө текшерүү жүргүзүү эрежелери аталган нускоого карата 1-тиркемеде (2-п) келтирилген. 

6.3.8. Эсептешүүнүн келечек датасы менен тике дебеттөө боюнча төлөмдөрдүн пакети иштеп чыгууга чейинки үч клиринг күнү ичинде кабыл алынат жана системада ошол күн келип жеткенге чейин сакталып турат. Иштеп чыгуу күнүндө система отчетторду жана тике дебеттөө боюнча төлөмдөргө тиешелүү маалыматтарды камтыган файлдарды түзөт жана аларды клиринг катышуучуларына жөнөтөт. Банк төлөөчү менен төлөөчү кардардын ортосундагы төлөмдөрдү жүзөгө ашырууга тиешелүү өз ара мамиле тиешелүү келишимдер менен жөнгө салынат.  

6.3.9. Тике дебеттөө боюнча төлөмдөрдүн кабыл алынышына жараша төлөөчү кардардын Кара "Black List" тизмесинде бар экендиги боюнча текшерүү жүргүзүлөт. Эгерде ага дебеттик төлөм документи коюлган төлөөчү кардар Кара "Black List" тизмесинде болгон болсо, система бул төлөм боюнча жөнөтүүчү банкка жана төлөөчү банкка төлөөчү кардар Кара "Black List" тизмесинде экендиги жөнүндө маалымат жөнөтөт. Эгерде төлөөчү банк белгиленген мөөнөт ичинде төлөм документин төлөөдөн баш тартпаган болсо, бул кардар карат Кара "Black List" тизмесинен алынып коюлат (иштеп чыгуу күнү+2 клиринг күнү). 

6.3.10. Жөнөтүүчү банк каталар табылып калган учурда системага мурда берилген пакетти же өзүнчө төлөмдү жокко чыгара алат (кайтара алат). Эгерде жок кылынуучу төлөм мурда УТПны эсептөөгө камтылган болсо, банк төлөмдү алып салууга билдирүү даярдайт, система ага "Алынып коюлган" статусун ыйгарып, катышуучулардын УТП бул төлөмсүз кайра эсептейт жана жөнөтүүчү банкка төлөмдүн жокко чыгарылгандыгы жөнүндө билдирүүнү жөнөтөт. Эгерде бул төлөм мурда УТПны эсептөөгө камтылбаган, б.а. "Активдүү эмес" статусуна ээ болгон болсо, система ага "Алынып коюлган" статусун ыйгарып, жөнөтүүчү банкка төлөмдүн жокко чыгарылгандыгы жөнүндө билдирүүнү жөнөтөт.  

6.3.11. Алуучу банк кредиттик операциялар боюнча каражаттар туура эмес чегерилген учурда бул каражаттарды жөнөтүүчү банкка кайтара жөнөтө алат. Бул операция кардардын эсеби бөгөттөлүп же жабылып калган учурда кардардын эсеби туура эмес көрсөтүлгөн шартта катышуучу тарабынан алынган каражаттарды кайтарып берүү үчүн багытталган. 

6.3.12 Төлөмдөрдүн статусу, таза позициялар, эсептик лимит жөнүндө маалымат ар бир катышуучуга айкын убакыт ыргагында, ошондой эле сурам боюнча, ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү кабыл алуунун жана иштеп чыгуунун бүтүндөй мезгили ичинде берилет. Катышуучу пакеттик клиринг системасынан берилген маалыматтарга көз салып турууга жана бул системада клиринг сессиясынын бүтүшүнүн жыйынтыгы боюнча ДЧПны жыйынтыктап эсептөөнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон өлчөмдөгү, өз корреспонденттик эсебиндеги каражаттардын бөлүгүн, өз учурунда резервге коюуга милдеттүү

6.3.13. ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү кабыл алуунун жана иштеп чыгуу мезгили аяктары менен төлөм документтери системага кабыл алынбайт, ал эми система тарабынан кабыл алынган жана учурдагы таза позицияга камтылган төлөм документтери төлөөчү банк үчүн кайтара алынгыс болуп эсептелет (бул төлөмдөрдү жок кылууга сурамдар кабыл алынбайт).  

 

6.4. Кабыл алуудан баш тартылган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу мезгил аралыгы  

 

6.4.1. Кабыл алуудан баш тартылган төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу мезгил ичинде ЭТД файлдары кабыл алынбайт. 

6.4.2. Бул мезгилдин башында КБ алуучу банк боюнча төлөмдөрдүн алдын ала чыгыш файлын түзөт. Чыгыш файлдары УТП эсептөөгө камтылган төлөмдөрдү камтыйт. Резерв же эсептик лимит артуусуна байланыштуу "Активдүү эмес" статусу менен төлөм пакеттери жана эсептөөнүн келечек күнү менен төлөмдөрдүн пакеттери чыгыш файлдарына киргизилбейт. Ар бир чыгыш файлына системанын ЭЦК коюлуп, байланыш каналдары боюнча алуучу банктарга жөнөтүлөт. 

6.4.3. Алдын ала чыгыш файлын алгандан кийин алуучу банк анын реквизиттери туура эмес болгон учурда бул мезгил ичинде төлөмдөрдү кабыл албайт жана кабыл алуудан баш тартылган төлөм документин түзө алат. Төлөмдөрдү тике дебеттөөдө алуучу банк (акча каражаттарын төлөөчү) төлөөчү кардардын эсебинде каражаттар жетишпей калган учурда иштеп чыгуу күнүнөн кийинки күнү же эсептөө күнү эсептерди кабыл алуудан баш тарта алат.  

6.4.4. Кабыл алуудан баш тартылган төлөм алынгандан кийин КБ анын алынып салынгандыгы жөнүндө жөнөтүүчү банкка жана алуучу банкка маалымат берет. Система кабыл алынбаган төлөмдөрдү эсепке алуу менен катышуучулардын УТП кайра эсептейт. Эгерде бул төлөм тике дебеттөө боюнча болсо, анда тиешелүү төлөөчү кардар боюнча кабыл алынбаган төлөмдөрдүн санын бирдигине автоматтуу түрдө көбөйөт. Аталган көрсөткүч (параметр) белгиленген өлчөмдөн (белгиленген параметр) артса, төлөөчү кардар Кара "Black List" тизмесине жазылат. 

6.4.5. Кабыл алуу мөөнөтү аяктагандан кийин, кабыл алуудан баш тартылган төлөмдөрдү кабыл алуу жүзөгө ашырылбайт.  

 

6.5. Преклиринг мезгил аралыгы  

 

6.5.1. Преклиринг мезгили учурунда система ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү кабыл албайт. 

6.5.2. КБ ГСРРВ алынган катышуучулардын таза позицияларынын резерв файлынын негизинде катышуучуларына резерв белгилейт.  

6.5.3. Система катышуучулардын УТП белгиленген резерв ылайык келе тургандыгын текшерет жана катышуучуларга УТП эсептөөгө камтылган пакеттер жөнүндө маалымат берет. 

6.5.4. Катышуучулардын кайсы бири тарабынан резерв арткан учурда, система бул катышуучуга тиешелүү кабар берет. Катышуучу бул мезгилдин акырына чейин бир күндүк кредитти алуу, финансы рынокторунда карыз алуу же корреспонденттик эсепти нак акчаларды салып толуктоо жолу менен дебеттик таза позициясынын ордун толтуруу үчүн Улуттук банкадагы корреспонденттик эсепте акча каражаттарынын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алат.  

6.5.5. Эгерде кандайдыр бир себептерден улам, өткөн мезгил аралыгы узартылган болсо, анда "Клиринг мезгилинин" узактыгы системанын ошол учурдагы функцияларды аткарышы үчүн жетиштүү болгон убакытты эске алуу менен кыскартылышы мүмкүн. 

 

6.6. Клиринг мезгил аралыгы 

 

6.6.1. Система катышуучулардын УТПны резерв менен текшерет жана жыйынтык таза позициясын түзөт (мындан ары - ЖТП) . 

6.6.2 Резерв артуусуна байланыштуу "Активдүү эмес" статусу менен пакеттер (аталган нускоого карата 1-тиркемеде (2.п.)) система тарабынан автоматтуу түрдө четке кагылат жана жөнөтүүчү банкка тиешелүү кабар берилет. 

6.6.3. Резерв дебеттик УТПдан арткан учурда, система тарабынан кабыл алынган, бирок УТП эсептөөгө камтылбаган төлөмдөрдүн пакеттери (активдүү эмес пакеттер) артыкчылык берилген багыттарга ылайык жана FIFO принцип боюнча автоматтуу түрдө ЖТП эсептөөгө кошулат.  

6.6.4. Эгерде катышуучунун дебеттик УТП жыйынтыктоочу резерв артса, анда система катышуучунун позициясын дебеттөөчү төлөмдөр пакеттерин алып салуу жол-жобосун автоматтуу түрдө аткарып, бардык катышуучулардын ЖТП кайра эсептейт жана УТП жыйынтыктоочу резерв артып кетүүсүн текшерет. Бирдей алгылыктуу багыттар менен пакеттер FIFO принциби боюнча алынып салынат. Тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, жол-жобо жыйынтыктоочу резерв чегинде катышуучулардын позициялары жөнгө салынганга чейин улантылат. КБ алынып коюлган төлөм пакеттери жөнүндө кабарды жөнөтүүчү банкка жана алуучу банкка жөнөтөт. 

6.6.5. Катышуучулардын ЖТП эсептөө бүтөрү менен система ЖТП файлдарын түзүп, ага системанын ЭЦК коюп, акыркы эсептешүүнү жүргүзүү үчүн ГСРРВ өткөрүп берет. 

6.6.6. Эгерде кандайдыр бир себептерден улам, өткөн мезгил аралыгы узартылган болсо, анда "Клиринг мезгилинин" узактыгы системанын ошол учурдагы функцияларды аткарышы үчүн жетиштүү болгон убакытты эске алуу менен кыскартылышы мүмкүн. 

 

6.7. Катышуучулардын жыйынтыктоочу таза позициялары боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү мезгил аралыгы 

 

6.7.1. КБ катышуучулардын жыйынтыктоочу таза позициялары боюнча акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү мезгил аралыгынын активациясы учурунда жыйынтыктоочу чыгыш файлдарын түзөт. Жыйынтыктоочу чыгыш файлдарына, кабыл алуудан баш тартылгандарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу этабында жөнөтүлгөндөрдү кошо алганда, ЖТП эсебине кирген бардык төлөмдөр камтылат. Ар бир чыгыш файлына системанын ЭЦК коюлуп, системанын катышуучу банктарына жөнөтүлөт. 

6.7.2. Катышуучулардын жыйынтыктоочу таза позициялары боюнча акыркы эсептешүү "бардыгы же эч нерсе" принциби боюнча клиринг системасынын катышуучуларынын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсептери боюнча каражаттарды алып салуу же чегерүү жол аркылуу ГСРРВ жүргүзүлөт. ЖТП катышуучулардын корреспонденттик эсептеринде эсептешүү үчүн резервде турган каражаттарды пайдалануу менен эсептелгендиктен, ЖТП аткарылбай калышы мүмкүн болгон ошол жагдай өзгөчө учур болуп саналат. 

6.7.3. Акыркы эсептешүү аяктагандан кийин ЖТП эсептөөгө камтылган бардык төлөмдөр жөнөтүүчү банк жана алуучу банк үчүн акыркы болуп саналат. 

6.7.4. Система клирингдик сессиянын жыйынтыгы боюнча акыркы эсептешүүлөрдүн ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө билдирүүнү ГСРРВ алгандан кийин ЖТП боюнча көчүрмөнү катышуучуларга берет. 

 

7. Клиринг күнүн жабуу мезгили 

 

7.1. ЖТПга камтылбаган төлөмдөр пакеттери кийинки клиринг сессиясына (бир нече клиринг сессиясы болгон учурда) өткөрүлүп берилет же четке кагылат (клиринг сессиясы бирөө болгон же ошол клиринг күнү акыркы клиринг сессиясы болгон учурда) жана мындай төлөмдөр жөнүндө кабар тиешелүү катышуучуга берилет. 

7.2. КБ системанын статистикалык отчетторун даярдап, клиринг күнүнүн ичинде алынган жана жөнөтүлгөн маалыматтардын архивин түзөт (ЭТД файлдары, билдирүүлөр жана төлөмдөрдү иштеп чыгуу боюнча операциялар). 

7.3. КБ системанын катышуучуларына клиринг күнүнүн жабылгандыгы жөнүндө маалымдайт. 

 

8. Алуучу банкта ЭТД файлдарын иштеп чыгуу  

 

8.1. Алуучу банк системадан анын дарегине келип түшкөн бардык ЭТД файлдарын ЭЦК тууралыгы, бүтүндүгү жана алардын белгиленген форматка ылайык келе тургандыгы боюнча текшерет. Алынган ЭТД файлдарын ийгиликтүү текшерүүдөн кийин алуучу банк кардардын эсебине каражаттарды чегерүүнү жүзөгө ашырат жана мыйзамдарга жана алуучу банктын ички ченемдик документтерине ылайык төлөм жөнүндө маалыматты кардарга берет.  

8.2. Төлөмдөрдү тике дебеттөө боюнча алган учурда банк тике дебеттөөгө төлөм тапшырмасын басып чыгарат жана аны күндүн документтеринде эсепке алуу эрежелерине ылайык эсепке алат.  

8.3. Алынган кириш файлынын бүтүндүгү же түзүмү бузулган учурда алуучу банк КБ менен байланышат. КБ алуучу банктын дарегине чыгыш файлын кайрадан жөнөтөт. Кириш файлдарын алуу мүмкүн болбогон учурда алуучу банк Сервистик бюро аркылуу системадан кириш файлдарын алуу үчүн Сервистик бюрого кайрылат.  

8.4. Алуучу кардардын эсебине каражаттар чегерилгенден кийин бул төлөмдөр алуучу банк жана алуучу кардар үчүн акыркы жана кайтарылгыс болуп саналат.  

8.5. Эгерде банк менен кардардын ортосунда төлөм документтери электрондук формада жүзөгө ашырылган болсо, анда алуучу банк банк менен кардардын ортосундагы келишимдин шарттарына, ички ченемдик документтерге жана жол-жоболорго ылайык алынган ЭТД файлдарынын негизинде электрондук билдирүүнү түзүп, алуучу кардарга берет.  

8.6. Алуучу банк ЭТД файлдарын кандайдыр бир каталар менен алган болсо- (каражаттарды башка жакка багыттаса, эсепке бөгөт коюлуп же эсеп жок болгон болсо ж.б.) ал кийинки клирингдик күндөн кечиктирбестен акча каражаттарын кредиттик которуу аркылуу кайтарып берет. Мында төлөмдүн багытынын тилкесине жол берилген каталар көрсөтүлөт.  

 

9. Катышуучулар тарабынан документтердин архивин түзүү 

 

9.1. Жоготуу коркунучтары же аларды көчүрмөлөө учурларында системадагы маалыматтарды сактоо жана калыбына келтирүү үчүн катышуучулардын системада ишке ашырылган жүргүзүлгөн бардык операцияларын резервдик көчүрмөлөө жана архивдөө зарыл. 

9.2. Системанын катышуучулары бардык жөнөтүлгөн жана алынган ЭТД файлдарын жана билдирүүлөрдү архивге жайгаштырып, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан төлөм документтери үчүн белгиленген мөөнөттүн чегинде сактайт.  

 

10. Жоопкерчилик жана пикир келишпестиктерди чечүү  

 

10.1. Системанын катышуучусу берилүүчү төлөм документтердин жана билдирүүлөрдүн аныктыгы жана ачып көрсөтүү, коопсуздук шарттарын жана купуялуулукту сактоо, электрондук цифралык колтамгаларды пайдалануу эрежелерин сактоо, системада иштөөнүн Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген регламентин жана тартибин сактоо үчүн жоопкерчиликтүү болот.  

10.2. Система боюнча төлөмдөрдү өткөрүү процессинде жоопкерчиликти бөлүштүрүү жана пикир келишпестиктерди чечүү Улуттук банктын ченемдик актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле тиешелүү келишимдер жана макулдашуулар менен чечилет.  

 

 

 

 

Кыргыз Республикасында Майда чекене жана утумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндө нускоо 1-тиркеме 

 

1. Төлөмдөрдү катышуучулардын статусуна жана позицияларына ылайык иштеп чыгуу эрежелери 

 

Катышуучунун статусу жана позициясы Улуттук банк Башкармасынын же Көзөмөл боюнча комитеттин тике банктык көзөмөл, убактылуу жетекчилик, консервация, атайын администрлөө, лицензияны кайтарып алуу, банкроттоо, ыктыярдуу ликвидация сыяктуу атайын режимдерди киргизүү жөнүндө токтомдорунун негизинде, Клиринг борборунун ыйгарым укук чегерилген персоналы тарабынан белгиленет. 

Системада катышуучулардын төмөнкүдөй статустары аныкталган: "Активдүү", "Токтотулган", "Алынып салынган", "Четтетүүгө тийиш". 

Катышуучуга "Активдүү" статусу системада төлөмдөрдү өткөрүү боюнча эч кандай чектөөлөр киргизилбеген учурда белгиленет. Бул статуста катышуучунун төлөмдөрү, багытына көз карандысыз, толук функционалдуу иштеп чыгууга жана таза позицияларды эсептөөгө камтылууга тиешелүү болот.  

Катышуучуга "Токтотулган" статусу Улуттук банк Башкармасынын же Көзөмөл боюнча комитеттин токтому менен ага ПКСке катышууга чектөөлөр киргизилип, ал эми ГСРРВга катышууга чектөөлөр киргизилбеген учурда белгиленет. Катышуучунун "Токтотулган" статусунда төлөмдөр төмөнкүчө иштетилет: 

· жаңы төлөмдөр жана билдирүүлөр кабыл алынбайт;  

· кабыл алынган жана таза позицияларды эсептөөгө камтылган төлөмдөр "Активдүү" статусундагы сыяктуу эле иштетилет.  

· кабыл алынган, бирок таза позицияларды эсептөөгө камтылбаган төлөмдөр "катышуучунун статусу "Активдүүгө" же "Алынып салынганга" өзгөргөнгө чейин "Активдүү эмес" деген статуска которулат". 

"Алынып салынган" деген статус катышуучуну системадан убактылуу алып салуу дегенди түшүндүрөт. 

"Четтетүүгө тийиш" деген статус катышуучу системадан иш жүзүндө четтетилгендигин, бирок анын мурдагы иши тууралуу маалымат маалыматтардын архивдик базасында сакталат дегенди түшүндүрөт. 

Катышуучунун "Алынып салынган" же "Четтетүүгө тийиш" деген статусунда анын бардык ЭТДсы автоматтык түрдө жокко чыгарылат, ал эми жаңылары кабыл алынбайт.  

ПКСке катышуу сыяктуу эле, ГСРРВга катышуу боюнча чектөөлөрдү киргизүү учурунда системада катышуучунун позициясына чектөөлөр белгиленет. Позиция төмөнкү абалдардын бирине ээ болот: ачык, жабык, дебеттөө/кредиттөө үчүн блокирлөө.  

"Ачык" - чектөөлөр жок учурда белгиленет жана төлөмдөрдүн багытына көз карандысыз, бардык ЭТДны толук функционалдуу иштеп чыгуу дегенди түшүндүрөт. 

"Жабык" - системада төлөмдөрдү жөнөтүүгө жана алууга толук тыюу салынган учурда белгиленет. Бул учурда катышуучунун төлөмдөрү "Активдүү эмес" деген статус менен кабыл алынат, УТП эсептөөгө камтылбайт. Эгерде, "Жыйынтыктап эсептөө" мезгилине чейин позициянын статусу өзгөрбөсө, "Активдүү эмес" статусундагы төлөмдөр система тарабынан четтетилет жана бул тууралуу катышуучуга маалымдалат.  

"Дебеттөө/кредиттөө үчүн блокирлөө" - катышуучунун чыгыш/кириш төлөмдөрүнө чектөөлөр киргизилген учурда белгиленет. Бул позицияда УТПны эсептөөгө камтылган, катышуучудан/катышуучуга төлөмдөр жана системага позицияларга бөгөт коюлгандан кийин келип түшкөн төлөмдөр "Активдүү эмес" төлөм статусун кабыл алат жана төмөнкүчө иштелип чыгат: 

· система УТП катышуучуларын кайра санап чыгат; 

· жаңы төлөмдөр "Активдүү эмес" статусун алышат; 

· дебет/кредит боюнча позицияларды блоктон чыгаруу учурунда системага келип түшкөн төлөмдөр 1-тиркеменин 2-пунктуна ылайык УТПны эсептөөгө камтылат.  

эгерде "Жыйынтыктап эсептөө" мезгилине чейин дебет/кредит боюнча позициялар блоктон чыгарылбаса, "Активдүү эмес" статусундагы төлөмдөр системадан четтетилет жана кийинчерээк бул тууралуу катышуучуга маалымдалат. 

 

 

2. Эсептик лимиттин же камдын артышына карата учурдагы дебеттик таза позицияларды текшерүү эрежелери. 

 

Система төлөм документин алган учурда катышуучунун учурдагы таза позициясын эсептейт, анын эсептик лимити же резерв жетишилгенби, ошону текшерет. Эгерде катышуучунун учурдагы дебеттик таза позицияларынан белгиленген эсептик лимиттин же резерв 80% артып кеткен шартта, система катышуучуга тиешелүү эскертүүлөрдү жөнөтөт. 

Катышуучунун учурдагы дебеттик таза позициясы белгиленген эсептик лимиттин же резерв 100% жеткен шартта, ошол катышуучунун эсебин дебеттеген төлөмдөрдүн топтому системага "Активдүү эмес" статусунда кабыл алынып, утурумдук таза позицияны эсептөөдө ага кошулбайт. Катышуучуга ошол төлөмдөрдүн статусу жөнүндө маалымат жөнөтүлөт. Электрондук төлөм документтеринин файлдарын жана билдирүүлөрүн кабыл алуу жана иштеп чыгуу мезгили аралыгында катышуучунун позициясынын жакшыруусу жүрсө (жаңы резерв белгилөө же катышуучу анын эсебин кредиттеген төлөмдөрдү алуусунун натыйжасында), "Активдүү эмес" статусундагы төлөмдөр топтому приоритеттүүлүгүнө жараш "FIFO" принциби боюнча алар учурдагы таза позицияны эсептөөгө автоматтык түрдө кошулат. Катышуучуга эсептөөгө алынган ар бир топтомдун статусунун өзгөргөндүгү тууралуу билдирме жөнөтүлөт. Мындан тышкары, "активдүү эмес" статусундагы топтомдордун учурдагы таза позицияларды эсептөөгө кошулуусу катышуучу тарабынан жаңы резерв белгилениши аркылуу да жүрүшү мүмкүн".