Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2009-жылдын 27 майындагы № 25/11 токтому менен бекитилген 

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын  

2011-жылдын 30-мартындагы № 20/7,  

2012-жылдын 30-мартындагы № 14/13,  

токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

 

 

 

 

 

"Кыргыз Республикасында Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу электрондук төлөмдөрү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоо 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул нускоо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Электрондук төлөмдөр жөнүндө", "Электрондук цифралык кол тамга жөнүндө" мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банктын 2005-жылдын 9-сентябрындагы №420/21/4 "Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" биргелешкен токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө" жобого, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 1-июнунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 10-июлунда 68-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн, №29/3 "Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтом менен бекитилген, "Кыргыз Республикасында Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө" жобого ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

 

1.2. Бул нускоо электрондук төлөм документтерди (мындан ары - ЭТД) жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасын (ГСРРВ) колдонуу менен төлөмдөрдү өткөрүү учурунда билдирүүлөрдү даярдоо, берүү жана иштеп чыгуу боюнча операциялардын тартибин белгилейт. 

 

1.3. Бул нускоонун аракети, Улуттук банктан лицензия алышкан бардык финансы-кредит мекемелеринин, алардын кардарларынын, ошондой эле Улуттук банкта ачылган эсепке ээ башка мекемелердин ишине, ошондой эле Улуттук банк менен системага катышуу жөнүндө ыктыярдуу негизде келишим түзүшкөн адистештирилген катышуучулардын ишине таркатылат.  

 

1.4. Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында тобокелдиктерди тескөө принциптери жана ыкмалары, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2005-жылдын 19-майында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2005-жылдын 27-июнунда 91-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №16/4 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө саясатын" бекитүү жөнүндө" токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын төлөм системасында тобокелдиктерди тескөө саясатында жана "Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө" жободо чагылдырылган. ГСРРВ Катышуучуларга Айкын убакыт ыргагында тутумдаш системалардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу үчүн каражаттарды резервке коюу аркылуу ликвиддүүлүктү тескөөнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берет.  

 

1.5. Системанын электрондук төлөм документтеринин жана билдирүүлөрүнүн форматтары Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 25-сентябрында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 2-ноябрында 103-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №43/5 токтому менен бекитилген "Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасында (ГСРРВ) электрондук билдирүүлөрдүн форматтары жана аларды толтуруу эрежелери" документинде (мындан ары - Форматтарды толтуруу эрежелери) аныкталган. 

 

1.6. Бул нускоодо колдонулган терминдер жана аныктамалар "Кыргыз Республикасындагы накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө" жободо, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2006-жылдын 23-мартында кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2006-жылдын 28-апрелинде 48-06 номеринде каттоодон өткөртүлгөн №7/8 "Кыргыз Республикасынын Төлөм системасына көзөмөлдүк саясатын бекитүү тууралуу" токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Төлөм системасынын ишине көзөмөлдүк саясатында, Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2007-жылдын 22-августунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2007-жылдын 4-октябрында 88-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн, №38/11 "Кыргыз Республикасындагы майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн Пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоо тууралуу" токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн Пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө" нускоодогу (мындан ары ПКС) терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет.  

 

1.7. Улуттук банк ГСРРВнын оператору, Катышуучулардын Улуттук банкта ачылган эсептери боюнча системада эсептешүүлөрдү жүргүзүүчү эсептешүүчү агент жана эсептешүүчү банк болуп саналат.  

 

1.8. Улуттук банк электрондук цифралык кол тамганы тастыктоочу борбор болуп саналуу менен ал, Катышуучунун ыйгарым укуктуу жоопкерчиликтүү адамын авторизациялоо жол-жобосун жүзөгө ашырып, кириш жана чыгыш электрондук документтерине жана Катышуучунун электрондук билдирүүлөрүнө кол коюу жана аларды текшерүү учурунда пайдалануусу үчүн жеке ачкыч менен маалымат жазылгандарды берет.  

 

 

2. Төлөөчү банк тарабынан ЭТДны даярдоо жана берүү

 

2.1. Төлөөчү банк төлөөчү кардардан баштапкы төлөм документтерин эки нускада кабыл алат. Баштапкы төлөм документинин бир нускасы төлөөчү банкта калат. Баштапкы төлөм документинин экинчи нускасы, аткарууга кабыл алынгандыгы жөнүндө белгиси менен төлөөчү кардарга кайтарылат. Төлөөчү кардар анын аткарууга кабыл алынгандыгы жөнүндө төлөөчү банктын белгиси коюлган баштапкы төлөм документинин тиешелүү нускасын алган учурдан тартып, ал төлөм төлөөчү кардар үчүн кайтарылып алынгыс жана жыйынтыктоочу болуп саналат. 

Эгерде, төлөөчү банк менен кардардын ортосундагы төлөм документтерин алмашуу электрондук формада жүзөгө ашырылса, төлөөчү банк төлөөчү кардар менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, ошондой эле төлөөчү банктын ички ченемдик документтерине жана жол-жоболоруна ылайык электрондук документти алгандыгы тууралуу төлөөчү кардарга тастыктайт. 

 

2.2. Төлөөчү банк Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарына ылайык ЭТДны даярдайт. Кардардын эсебин банк катышуучунун филиалына бир түрдө байланыштырууну камсыз кылуу, ошондой эле төлөмдөрдү түздөн-түз иштеп чыгуу максатында Катышуучулар милдеттүү түрдө ушул нускоого карата 1-тиркемеге ылайык, МТ103 электрондук билдирүү форматында филиалдын идентификаторун колдонууга тийиш.  

 

2.3. ЭТД даярдалып бүткөндөн кийин, төлөөчү банк аны колдо болгон байланыш каналдары аркылуу ГСРРВга жөнөтөт. 

 

2.4. Колдо болгон байланыш каналдары аркылуу ЭТДнын файлын жана башка электрондук маалыматтарды кабыл алуу жана берүү мүмкүн болбогон шартта, Катышуучулар ЭТДны кабыл алуу жана берүү үчүн электрондук алып жүрүүчүлөрдү же кагаз түрүндөгү төлөм документин пайдалана алышат. 

 

 

3. ГСРРВда ЭТДны кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

 

3.1. ГСРРВнын иш регламенти 

3.1.1. ЭТДны иштеп чыгуу ГСРРВнын иш регламентине ылайык жүзөгө ашырылат жана ал төмөнкүдөй мезгил аралыктарына бөлүштүрүлгөн: 

Иштеп чыгуу мезгил аралыгы 

Мезгил  

узактыгы 

Күндүн ачылышы 

8:30-9:00 

Дебеттик таза позицияга эсептешүү лимитин түзүү (мындан ары эсептешүү лимити) 

8:35-8:40 

Дебеттик таза позицияга эсептелинген лимитти Пакеттик клиринг системасына берүү 

8:40-8:45 

ГСРРВда ЭТДны жана билдирүүлөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

9:00-17:20 

ГСРРВнын катышуучуларынын акча каражаттарынын резервин Пакеттик клиринг системасындагы дебеттик таза позицияга берүүсү

8:45-13:30 

Дебеттик таза позицияга резерв түзүү жана аны Пакеттик клиринг системасына берүү 

13:30-13:50 

Пакеттик Клиринг Системасынын клиринг сессиясынын жыйынтыгы боюнча Катышуучулардын таза позицияларын жыйынтыктап эсептөө 

13:50-14:20 

Баштапкы өчүрүү 

16:30 

Толук өчүрүү 

17:00 

Эсептешүүлөрдү аяктоо 

17:20 

Операциялык күндүн жабылышы 

17:30 

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин иш күнүнүн узактыгына тиешелүү 96-статьясына таянуу менен айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын иш регламенти бир саатка кыскартуу менен төмөнкүдөй убакыт аралыктары белгиленет: 

Төлөмдөрдү иштеп чыгуу 

Төлөмдөрдү иштеп чыгуу убактысы 

Баштапкы өчүрүү 

15:30 

Толук өчүрүү 

16:00 

Эсептешүүлөрдү аяктоо 

16:20 

Операциялык күндүн жабылышы 

16:30 

 

3.1.2. ГСРРВ иш регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыккан шартта, Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү токтому кабыл алынат. 

3.1.3. Системанын катышуучусу Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларына ылайык, иш регламентинин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартышат. 

3.1.4. Катышуучулардын кайрылуусу боюнча регламент узартуу зарылчылыгы келип чыккан шартта, операциялык күндүн эсептешүү мезгилинин кечеңдеп жатышынын себептери жөнүндө катышуучунун жетекчисинин колу коюлган кат жөнөтүлөт (баштапкы, толук, эсептешүүлөрдүн аяктоосу). 

3.1.5. Эсептешүүлөрдү аяктоо мезгилине карата системанын Катышуучусу "Катышуучунун системасындагы" бардык билдирүүлөрдү карап чыгууга жана "COMPLETE, CANCELLED статусуна" ээ болбогон, бардык аягына чыгарылбаган билдирүүлөрдү алып салууга милдеттүү

3.1.6. Кандайдыр бир себептерден улам, системанын катышуучулары: 

1) баштапкы өчүрүү мезгилин узарткан шартта, мында: 

узартуу убактысы толук өчүрүү убактысынан ашпаган болсо, анда системанын кийинки эсептешүү мезгилдери системанын иш регламентине ылайык жүргүзүлөт;  

баштапкы өчүрүү мезгилин узартуу убактысы толук өчүрүү убактысынан ашып кетсе, анда толук өчүрүү мезгили баштапкы өчүрүү мезгили келип жеткен учурдан тартып 20 мүнөткө, ал эми эсептешүүлөрдү аяктоо мезгили, толук өчүрүү мезгили келип жеткен учурдан тартып 10 мүнөткө узартылат. 

2) толук өчүрүү убактысы, мында: 

узартуу убактысы эсептешүүлөрдү аяктоо мезгили келип жеткен убакыттан ашпаса, анда эсептешүүлөрдү аяктоо системанын иш регламентине ылайык жүргүзүлөт;  

толук өчүрүү мезгилин узартуу убактысы эсептешүүлөрдү аяктоо мезгили келип жеткен убакыттан ашып кете турган болсо, анда эсептешүүлөрдү аяктоо толук өчүрүү мезгили келип жеткен учурдан тартып 10 мүнөткө узартылат. 

 

3.2. Күндү ачуу мезгили 

ГСРРВ оператору "күндү ачуу" мезгилинде системаны даярдоо иштерин жүргүзөт (кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр боюнча транзакцияларды иштеп чыгуу, параметрлерди орнотуу, аларды ишке багыттоо жана системаны иштөөгө даярдоо). 

 

3.3. Дебеттик таза позицияга эсептешүү лимитин түзүү жана СПКга берүү 

Эсептешүү лимити клиринг күн ачылгандан кийин, катышуучунун өткөн чейрек үчүн статистикалык маалыматтардын негизинде эсептелинген таза дебеттик позициясына акча каражаттарынын максималдуу резерви өлчөмүндө ГСРРВдан СПКга файлды өткөрүп берүү аркылуу белгиленет.  

 

3.4. ГСРРВда ЭТДны жана билдирүүлөрдү кабыл алуу жана иштеп чыгуу 

3.4.1. ГСРРВда төлөмдөрдү өткөрүү үчүн ЭТД системанын белгиленген иш регламентинин чегинде учурдагы операциялык күн ичинде кабыл алынат. 

3.4.2. ГСРРВда эсептешүүлөрдү жүргүзүү кезектүүлүгү төлөөгө каралган ЭТДны кабыл алуу кезектүүлүгүнө ылайык келүүгө тийиш. ГСРРВда ар бир төлөм боюнча эсептөө төлөөчү банктын Улуттук банктагы эсебиндеги күндөлүк кредиттик калдыктардын чегинде жүргүзүлөт.  

3.4.3. ГСРРВда төлөөчү банктын электрондук цифралык кол тамгасынын (мындан ары ЭЦК) аныктыгы, электрондук төлөм документинин бүтүндүгү жана белгиленген форматка ылайык келүүсү текшерилет. Эгерде, төлөөчү банктан алынган ЭТДны аутентификациялоо мүмкүн болбогон учурда же ЭТД реквизиттерин толтурууда каталарга жол берилгендиги аныкталса, ГСРРВда табылган аныкталган каталарды көрсөтүү менен тиешелүү форматтагы электрондук билдирүү түзүлөт. Бул билдирүүгө системанын ЭЦКсы коюлат жана төлөөчү банктын дарегине колдонуудагы байланыш каналдары боюнча жөнөтүлөт. Төлөөчү банк ЭТД кабыл алынбагандыгы жөнүндө билдирүүнү алгандан кийин, ЭТДны кайрадан түзүп, системанын белгиленген иш регламентинин чегинде иштеп чыгуу үчүн ГСРРВга кайрадан жөнөтө алат.  

3.4.4. Электрондук төлөм документи Улуттук банк Башкармасынын же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечимдеринин (кабыл алынган токтомдорунун) негизинде, системада белгиленген ар бир катышуучунун статусуна ылайык иштелип чыгат. Статуска ылайык төлөмдөрдү иштеп чыгуу эрежелери ушул нускоого карата 2-тиркемеде келтирилген.  

3.4.5. Төлөөчү банктын Улуттук банктагы эсебинде төлөмдү өткөрүү үчүн жетиштүү өлчөмдө каражат жок болгон учурда, бул төлөм FIFO принцибине жана төлөөчү банк тарабынан "Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө" жобого ылайык артыкчылык берүүсүнө жараша кезекке коюлат.  

3.4.6. ЭТД ийгиликтүү текшерүүдөн өткөрүлгөн, ошондой эле төлөөчү банктын эсебинде жетиштүү каражат болгон учурда ГСРРВда эсептөө төлөөчү банктын эсебин дебеттөө жана алуучу банктын эсебин кредиттөө аркылуу жүргүзүлөт. ГСРРВда эсептөө жүргүзүлгөндөн кийин төлөөчү банктын эсеби дебеттелгендигин, алуучу банктын эсеби кредиттелгендигин тастыктаган электрондук билдирүү түзүлүп, ал катышуучуларга колдо болгон байланыш каналдары аркылуу жөнөтүлөт.  

3.4.7. ГСРРВда төлөөчү банктын эсебин дебеттөө жана алуучу банктын эсебин кредиттөө операциялары жүргүзүлгөндөн кийин, бул төлөм боюнча эсептешүү жыйынтыктоочу болуп саналат. 

3.4.8. Төлөөчү банк төлөм документтеринин жана билдирүүлөрдүн тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартат, ал эми алынган электрондук документте реквизиттер туура эмес көрсөтүлсө, акча каражаттарынын өз учурунда кайтарылышы боюнча бардык жоопкерчилик алуучу банкка жүктөлөт. 

 

3.5. ГСРРВдан алынган электрондук билдирүүлөрдү иштеп чыгуу 

3.5.1. ГСРРВдан төлөөчү банктын дарегине келип түшкөн эсептин дебеттелиши жөнүндө тастыктаган электрондук билдирүү төлөөчү банк тарабынан анда ЭЦКнын туура коюлгандыгы, бүтүндүгү жана белгиленген форматка ылайык келе тургандыгы көз карашынан текшерүүгө алынат. Текшерүү ийгиликтүү ишке ашырылган учурда ал төлөм төлөөчү банк үчүн жыйынтыктоочу жана кайтарылып алынгыс болуп калат.  

3.5.2. ГСРРВдан алуучу банктын дарегине келип түшкөн эсептин кредиттелиши жөнүндө тастыктаган электрондук билдирүү алуучу банк тарабынан анда ЭЦКнын туура коюлгандыгы, бүтүндүгү жана белгиленген форматка ылайык келе тургандыгы көз карашынан текшерүүгө алынат. Текшерүү ийгиликтүү ишке ашырылган учурда, алуучу банк каражаттарды алуучу кардардын эсебине чегерет жана мында төлөм алуучу банк үчүн жыйынтыктоочу болуп калат.  

3.5.3. Өтүп жаткан операциялык күндүн саат 13:00го чейин так эмес көрсөтүлгөн реквизиттер менен электрондук билдирүү алган алуучу банк, ошол эле операциялык күндүн акырына чейин акча каражаттарын кайра которуу иштерин жүзөгө ашырууга тийиш. Реквизиттери тура эмес көрсөтүлгөн электрондук билдирүү өтүп жаткан операциялык күндүн 13:00до алынган болсо, алуучу банк акча каражаттарын кийинки операциялык күнү ГСРРВ системасынын иши башталгандан кийин дароо кайтара которууга милдеттүү. Мында, төлөм багытынын тилкесинде төлөөчү банк тарабынан кетирилген каталар көрсөтүлөт. Реквизиттери туура эмес көрсөтүлгөн төлөмдөрдү кайтаруу боюнча аракеттерди көрүү тартиби алуучу банктын ички жол-жоболоруна ылайык ишке ашырылат.  

 

3.6. Катышуучулар тарабынан акча каражаттарынын резервин ГСРРВдагы дебеттик таза позицияга берилиши 

3.6.1. СПКдагы дебеттик таза позицияга акча каражаттарынын резерви, катышуучулар тарабынан алардын Улуттук банкта ачылган эсептеринде ГСРРВда акыркы эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон каражаттардын бөлүгүн резервге коюу аркылуу күн сайын белгиленет.  

 

3.7. Дебеттик таза позицияга резерв топтоо жана аны СПКга берүү 

3.7.1. ГСРРВ системасында катышуучулардан алынган маалыматтардын негизинде, СПКдагы дебеттик таза позицияны төлөө үчүн катышуучулардын дебеттик позициясына резерв файлдары белгиленген форматта түзүлөт. ГСРРВ резерв файлдарды Катышуучулардын дебеттик таза позициясына ишинде белгиленген регламентке ылайык, колдо болгон байланыш каналдары боюнча СПКга жөнөтөт.  

3.7.2. СПКдагы дебеттик таза позицияга резерв файлдарын алгандан кийин ЭЦКнын аныктыгы, алынган резерв файлдарынын бүтүндүгү жана алардын белгиленген форматка ылайык келүүсү текшерилет. Эгерде, алынган резерв файлда ката жок болсо, СПК белгиленген форматта тастыктоо даярдайт жана аны системанын катышуучуларынын корреспонденттик эсептери боюнча, акыркы эсептешүүнү жүргүзүү үчүн ГСРРВга колдо болгон байланыш каналдары аркылуу жөнөтөт. Эгерде СПК каталарды тапкан болсо, ал тууралуу белгиленген форматта билдирүү даярдап, колдо болгон байланыш каналдары аркылуу ГСРРВга жөнөтөт. 

 

3.8. Чекене төлөмдөр системасынын таза позицияларын жыйынтыктап эсептөө 

3.8.1. СПКдан таза позиция файлдарын алгандан кийин, ГСРРВда ЭЦК файлдарынын аныктыгы, ЭТДнын бүтүндүгү жана ЭТДнын белгиленген форматка ылайык келүүсү текшерилет. Эгерде, алынган файлдарда каталар аныкталган болсо, ГСРРВда аларды көрсөтүү менен белгиленген форматта электрондук билдирүү даярдалат. Бул билдирүүгө ЭЦК коюлуп, колдо болгон байланыш каналдары аркылуу ЭСПнын дарегине жөнөтүлөт.  

3.8.2. Эгерде алынган файл ийгиликтүү текшерүүдөн өткөрүлсө, катышуучулардын Улуттук банкта ачылган эсептери боюнча таза позицияларды жыйынтыктап эсептөө ишке ашырылат. ГСРРВда акыркы эсептешүү жүргүзүлгөндөн кийин анын ийгиликтүү өткөндүгүн тастыктаган файл даярдалат жана колдо болгон байланыш каналдары аркылуу боюнча СПКга жөнөтүлөт.  

3.8.3. Эгерде СПКдагы клиринг сессиясынын натыйжалары боюнча дебиттик таза позиция каражаттардын жетишсиздигинен улам ГСРРВда бир эле катышуучунуку төлөнбөй калса, анда таза позициялардын бүтүндөй файлы ГСРРВ системасында четке кагылат. Мында, бир же бир нече Катышуучу үчүн нөлдүк жетпей калган суммаларды (позицияларды) көрсөтүү менен тиешелүү форматта жооптук файл түзүлүп, ал таза позицияларды жөнгө салуу үчүн колдо болгон байланыш каналдары аркылуу СПКга жөнөтүлөт. 

3.8.4. ГСРРВда таза позицияларды жыйынтыктап эсептөөлөрдөн кийин катышуучулардын Улуттук банкта ачылган корреспонденттик эсептерин дебеттөө жана кредиттөө тууралуу билдирүүлөрү даярдалып, ал колдо болгон байланыш каналдары аркылуу Катышуучуларга жөнөтүлөт. 

 

3.9. Өчүрүү мезгил аралыгы 

3.9.1. ГСРРВда алгачкы өчүрүү учуру башталганда кардардык төлөмдөргө тыюу салынат. Кардарлардын төлөмдөрү бул иш ыргагында система тарабынан кабыл алынбайт. Иштин мындай ыргагы "эсептешүү терезеси" деген аталышка ээ жана төлөмдөрү кезекте турган катышуучулардын позицияларын жөнгө салуу үчүн каралган. 

3.9.2. ГСРРВда акыркы өчүрүү мезгили башталган учурда, банктар аралык төлөмдөрдүн киргизилишине тыюу салынат, мында ошол учурда төлөмдөрдүн кезегинде турган бардык кардарлардын төлөмү жана банктар аралык төлөмдөр системада кабыл алынбайт.  

Акыркы өчүрүү менен эсептешүүлөрдүн аяктоосунун аралыгында системага транзакцияларды Улуттук банк гана киргизүүгө укуктуу. 

3.9.3 ГСРРВда эсептешүүлөрдү аяктоо мезгили келген учурда кайсы болбосун транзакцияларды системага киргизүүгө тыюу салынат. Эсептешүүлөрдү аяктоо мезгилинен кийин катышуучулардын атынан Улуттук банк тарабынан демилгеленген жана ошол учурда төлөмдөрдүн кезегинде турган бардык төлөмдөр системада кабыл алынбайт.  

3.9.4. Эсептешүүлөрдү аяктоо мезгили келип жеткенден кийин ГСРРВ статистикалык отчетторду даярдайт жана маалыматтардын архивин жүргүзөт. 

3.9.5. ГСРРВда операциялык күндү жабуу учурунда системанын иши токтотулат.  

3.9.6. ГСРРВ алгачкы өчүрүү, акыркы өчүрүү жана эсептешүүлөрдүн аякталышы мезгилинин келип жеткендиги жөнүндө электрондук билдирүүлөрдү катышуучуларга дароо жөнөтөт. 

 

 

4. Тобокелдиктерди жана ликвиддүүлүктөрдү тескөө 

 

4.1. ГСРРВда бардык төлөмдөр катышуучунун эсебиндеги кредиттик калдыктын чегинде гана жүргүзүлөт.  

 

4.2. Төлөөчү банктын эсебинде каражаттын жетишсиздиги учурунда бул төлөм төлөөчү банктын чыгыш төлөмдөрүнүн кезегине жайгаштырылат. 

 

4.3. Финансылык тобокелдиктерди басаңдатуу максатында ГСРРВнын катышуучулары күн ичинде төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырышат: 

 

- айкын убакыт ыргагында төлөмдөрдүн өтүшүнө мониторинг жүргүзөт; 

- айкын убакыт ыргагында өз эсебиндеги калдыктарга мониторинг жүргүзөт; 

- айкын убакыт ыргагында ликвиддүүлүктүн жалпы деңгээлине көз салат;  

- айкын убакыт ыргагында өз чыгыш төлөмдөрүнүн кезегине мониторинг жүргүзөт; 

- өз чыгыш төлөмдөрү үчүн артыкчылыктарды белгилейт. 

 

4.4. Ликвиддүүлүктү тескөө максатында, ГСРРВ катышуучулары күн ичинде төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырышат; 

- айкын убакыт ыргагында тутумдаш системалардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу үчүн каражаттарды резервге коюуну камсыздайт; 

- төлөмдөрдү кезегинен алып салуу жана төлөмдөрдүн артыкчылыгын өзгөртүү аркылуу төлөм кезектүүлүгүн тескөөгө алат; 

- баалуу кагаздарды күрөөгө коюу менен бир күндүк кредитти алуу үчүн Улуттук банкка кайрылышат; 

- кредит алуу үчүн банктар аралык рыноктун катышуучуларына кайрылышат; 

- банктар аралык рынокто активдерди сатууну жүзөгө ашырышат; 

- нак каражаттарды салуу аркылуу Улуттук банктагы эсеп калдыктарын толукташат. 

 

4.5. ГСРРВнын оператору күн ичинде бардык катышуучулардын ликвиддүүлүгүнө көз салуу менен кайсы болбосун катышуучунун төлөмдөрүнүн кезегин ал менен макулдашуу боюнча тескөөгө алат. 

 

 

5. Тарифтер 

 

5.1. ГСРРВда төлөмдөрдү иштеп чыгуу боюнча Улуттук банк тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери Улуттук банк Башкармасы тарабынан бекитилет жана Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 23-ноябрындагы №45/11 токтому менен бекитилген Баа түзүү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди белгилөө саясатына ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. 

 

 

6. Документтердин архивин жүргүзүү 

 

6.1. ГСРРВ катышуучулары бардык жөнөтүлгөн жана алынган электрондук билдирүүлөрдү жана ЭТДны архивге жайгаштырып, Кыргыз Республикасынын кагаз түрүндөгү төлөм документтерин сактоого тиешелүү ченемдик-укуктук актыларда белгиленген мөөнөттөрдүн чегинде аларды сактоого алат. 

 

 

7. Жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жана талаш-тартыш маселелерди чечүү 

 

7.1. Тараптар ортосундагы жоопкерчиликтерди бөлүштүрүү жана талаш-тартыш маселелерди чечүү "Кыргыз Республикасында айкын убакыт убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө" жобо, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдер жана макулдашуулар менен жөнгө салынат. 

 

7.2. Улуттук банк системанын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу, төлөмдөрдүн өз убагында иштелип чыгышы, системада маалыматтардын бүтүндүгү, коопсуздугун жана купуялуулугунун сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

 

7.3. Системаны тейлөөгө алуу боюнча ички эрежелер жана бардык жол-жоболор Улуттук банк тарабынан анын тиешелүү ченемдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыгат жана системанын катышуучуларына макулдашылат. 

 

7.4. Системанын катышуучулары бардык төлөмдөрдүн өз учурунда өткөрүлүшү үчүн зарыл болгон, эсебиндеги жетиштүү ликвидүүлүктү камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартышат. 

 

7.5. Системанын катышуучулары берилип жаткан төлөм документтеринин жана билдирүүлөрдүн тактыгы, алардын коопсуздугу жана купуялуулугу шарттарынын сакталышы, ЭЦКны колдонуу эрежелеринин сакталышы, системанын регламентинин жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген иш тартибинин сакталышы үчүн жоопкерчилик тартышат.  

 

 

 

 

"Кыргыз Республикасында Айкын убакыт ыргагында  

эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу  

электрондук төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө

нускоого карата №1-тиркеме 

 

ГСРРВ системасында электрондук төлөмдөрдү иштеп чыгууда филиалдын Банктык идентификациялык кодун пайдалануу тартиби 

 

1. Кардардын эсебин катышуучу банктын филиалына бирдей негизде байланыштырууну камсыз кылуу, ошондой эле төлөмдөрдүн түздөн-түз иштелип чыгышы үчүн катышуучулар филиалдын МТ103 электрондук билдирүү форматындагы идентификаторун милдеттүү түрдө колдонууга тийиш. Филиалдын банктык идентификациялык коду (мындан ары - БИК) жөнөтүүчү кардардын жана алуучу кардардын идентификация тилкесинде чагылдырылат. 

 

2. Филиалдын БИКи МТ103 билдирүүсүнүн 50 жана 59-тилкелеринде биринчи тексттик сапта жазылат жана ушул сапта 6 алгачкы позицияны ээлейт. Көрсөтүлгөн тилкелердин тексттик саптарынын калган позицияларын кардардын аталышы катары колдонууга болот. 

 

3. БИК форматы 6 сандан турат жана Төлөм системасынын катышуучуларынын банктык идентификациялык коддорунун маалымдамасында чагылдырылган маанилерге ылайык келүүгө тийиш.  

 

Мисалдар: 

1. 

:50К:/1123456789234234 

102004 "Зенит" авто оңдоочу жайы  

Тынчтык көчөсү 15. 

 

2. 

:50К:/1123456789234234 

102004 

"Зенит" авто оңдоочу жайы  

Тынчтык көчөсү 15. 

 

4. Катышуучулар төмөнкүлөр үчүн жоопкерчиликтүү

- банктар аралык филиалдар аралык төлөмдөрдү түзүү учурунда МТ103 билдирүүсүнүн 50 жана/же 59-тилкесине филиалдын банктык идентификациялык кодунун милдеттүү түрдө киргизилишине; 

- банктык идентификациялык коддун көрсөтүлгөн форматка жана "Төлөм системасынын катышуучуларынын банктык идентификациялык кодунун маалымдамасына" чагылдырылган мааниге ылайык келүүсүнө

- МТ103 билдирүүсүнүн форматына ылайык келүүсүнө

- филиалдын реквизиттери менен билдирүүнү жөнөтүүчү жана/же алуучу катары, филиалдын алуучу кардардын дарегине төлөм тапшырмасын түзүүгө.  

 

 

 

 

"Кыргыз Республикасында Айкын убакыт ыргагында  

эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу  

электрондук төлөмдөрдү өткөрүү тартиби жөнүндө

нускоого карата №2-тиркеме 

 

 

Катышуучунун статусуна ылайык төлөмдөрдү иштеп чыгуу эрежелери 

 

Катышуучунун статусу айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасынын оператору тарабынан Улуттук банк Башкармасынын же Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин лицензияны кайтарып алуу, атайы администрлөө режиминин, тике банктык көзөмөлдүк чарасын, банкроттук жана башка чараларды киргизүү жөнүндө чечимдеринин (токтому менен кабыл алынган) негизинде белгиленет. 

 

Системада Катышуучулардын төмөнкүдөй статустары аныкталган: 

 

1. Системанын Катышуучусунун эсептерине тиешелүү статустар: 

 

ACTIVE - Катышуучунун эсеби активдүү, дебеттик сыяктуу эле, кредиттик төлөмдөр да өткөрүлүшү мүмкүн; 

BLOCKED INCOMING - Катышуучунун эсебине кредиттик төлөмдөрдү (эсепти толуктоого) аткарууга тыюу салынган; 

BLOCKED OUTGOING - Катышуучунун эсебине дебеттик төлөмдөрдү өткөрүүгө (эсептен алып салууга), анын ичинде дебеттик таза позицияга акча каражаттарынын камын (резервин) белгилөөгө

BLOCKED ALL - Катышуучунун эсебине дебеттик сыяктуу эле, кредиттик төлөмдөрдү өткөрүүгө тыюу салынган. 

 

2. Системанын Катышуучуларына тиешелүү статустар: 

 

ACTIVE - Катышуучунун дарегине Катышуучунун атынан төлөмдөрдү жүргүзүүгө

APPROVE - Катышуучунун статусуна кандай болбосун өзгөртүүлөр тастыктоону күтүү абалында турат; 

DISABLED - Катышуучу төлөмдөрдү жүргүзө албайт. 

 

3. Төлөмдөргө тиешелүү төлөмдөрдүн жана камдардын статустары (кардарлардыкы МТ 103, ал эми банктар аралык МТ 202). 

 

COMPLETE - төлөм ийгиликтүү жүргүзүлгөн жана акыркы болуп саналат; 

CANCELLED - төлөм пайдалануучу же система тарабынан жокко чыгарылган; 

APPROVE - төлөм же акча каражаттарынын камы тастыктоону күтүү абалында турат; 

REPAIR - төлөм же акча каражаттарынын камы кошумча оңдоолорду киргизүүнү күтүү абалында турат; 

PENDING - жүргүзүү үчүн жетишерлик өлчөмдөгү каражаттардын же акча каражаттарынын камы жок болгон учурда, төлөм кезекке жайгаштырылат; 

DEFFERED - төлөм, төлөмдөрдүн кезегине күндөлүк операциялык күн ичинде келечекте эсептешүү убактысы менен кезекке жайгаштырылат; 

FUTURE - төлөм, төлөмдөрдүн кезегине бир нече келерки операциялык күн ичинде келечекте эсептешүү күнү менен кезекке жайгаштырылат; 

STOPRECV - төлөм, алуучунун эсебинен кредиттик операцияларды жүргүзүүгө тыюу салуулардын алынып салынышын күтүп жаткан эсептешүүлөрдүн кезегине жайгаштырылат; 

STOPSEND - төлөм, жөнөтүүчүнүн эсебинен дебеттик операцияларды жүргүзүүгө тыюу салуулардын алынып салынышын күтүп жаткан эсептешүүлөрдүн кезегине жайгаштырылат.