Кайта келүү

  

  

Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 14-июнундагы 

N 19/2 токтому менен 

бекитилген 

Банктык, төлөм жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын белгилөө саясатына карата минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/15, 2016-жылдын 14-декабрындагы № 48/11, 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-16-(ПС), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

I. Жалпы жоболор 

1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-16-(ПС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2. Коммерциялык банктардын банктык кызмат көрсөтүүлөрүнүн, төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн, төлөм системасынын операторлорунун, төлөм уюмдарынын төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - Улуттук банк) лицензияланган жана иши ал тарабынан жөнгө салынган, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган финансы-кредит уюмдарынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн, банктык операцияларды жүзөгө ашырууда колдонулган терминологиянын жана Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын эске алуу менен баасын аныктоого карата системалуу ыкманы камсыз кылуу - ушул жобонун максатынан болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-16-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Ушул жобонун максатында, баа түзүү саясаты - бул банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардын баа түзүү стратегиясын аныктоого багытталган иши, ал банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардын ар кандай банктык кызмат көрсөтүүлөргө, төлөм кызмат көрсөтүүлөргө (продукттарга) жана микрофинансылык уюмдар сунуштаган кызматтарга баа түзүү (бааны белгилөө) процессин жөнгө салган, рынок коньюнктурасынын өзгөрүүсүнө ылайык тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген ички ченемдик документтеринде камтылууга тийиш. 

4. Пайыздык чендер жана комиссиялык сый акылар, ошондой эле микрофинансылык уюмдар сунуштаган банктык кызмат көрсөтүүлөргө, төлөм кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар тарабынан өз алдынча белгиленет. 

Финансы-кредиттик мекемелердин жалпыга маалымдоо каражаттарында, расмий веб-сайттарда жана башка маалымат таркатуучуларда (жарнама буклеттери, жол четиндеги билборддор, стенддер жана башкалар) жайгаштырылган финансылык продукттары, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрү, пайыздык чендери жана тарифтери тууралуу маалымат, ошондой эле кардарларга консультация берүүдөгү маалымат толук жана анык болууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/15 токтомунун редакциясына ылайык) 

4-1. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактарга эгерде, көрсөтүлгөн жак ошол келишим боюнча толугу менен же анын кайсыл бир бөлүгүнө ылайык пайдага ээ болуучу болуп саналса, аффилирленген жак, инсайдер же алар менен байланыштуу жак ошондой эле, товардык белгинин ээси болгон кайсы болбосун башка жак менен товардык белгини акы төлөө негизинде пайдаланууга келишим түзүүсүнө тыюу салынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-16-(ПС) токтомунун редакциясына ылайык) 

II. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардын баа түзүү саясатына карата талаптар 

5. Ар бир банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан (банктар үчүн Директорлор кеңеши, ал эми башка банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар үчүн ыйгарым укуктуу башкаруу органы/жак тарабынан) бекитилген баа түзүү саясаты иштелип чыгышы зарыл. 

6. Аткаруу органы (банктар үчүн - Банк Башкармасы, ал эми башка банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар үчүн ыйгарым укуктуу аткаруу органы/жак тарабынан) баа түзүү саясатынын иштелип чыгышы жана анын жүзөгө ашырылышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

7. Баа түзүү саясатында эң аз дегенде төмөнкүлөр камтылышы зарыл: 

1) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардин орун алган тобокелдиктерди жана сый акыларды эске алуу менен активдүү жана пассивдүү операцияларды жүзөгө ашырууда баа түзүү саясатынын максаттары жана милдеттери; 

2) Банктык кызмат көрсөтүүлөргө, төлөм кызмат көрсөтүүлөргө жана микрофинансылык уюмдар сунуштаган кызматтарды керектөөчүлөргө рыноктук талдап-иликтөөлөр жана аларга баа белгилөөгө карата талаптар; 

3) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар тарабынан белгиленген рентабелдүүлүк деңгээлине жетишүү үчүн административдик-чарбалык чыгашаларды кошо алганда, пайыздык жана пайыздык эмес чыгашаларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча талаптар; 

4) Кредиттердин бардык түрү боюнча пайыздык чендер калыптана турган жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар үчүн алгылыктуу болгон компоненттерди чечмелөөгө, пайыздык чендердин төмөнкү жана жогорку чектерин аныктоого карата талаптар, ошондой эле алардын колдонулушу жана мезгил-мезгили менен кайрадан карап чыгуу тартибине карата талаптар (тартылган каражаттардын наркын, кредитти тейлөө наркын, кошумча чыгашаларды, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартууларынын ордун жабууга кам түзүүгө кеткен чыгашаларды, орун алуучу тобокелдиктерди, инфляция көрсөткүчүн, салыктарды, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар рентабелдүүлүгүнүн белгиленген деңгээлин жана объективдүү орун алган факторлор, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардын ишинин регионалдык ж.б. өзгөчөлүктөрү менен шартталган, башка сарптоолорду); 

5) Депозиттердин бардык түрү боюнча пайыздык чендердин компоненттерин чечмелөөгө карата талаптар, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар үчүн алгылыктуу болгон пайыздык чендердин төмөнкү жана жогорку чектери, алардын колдонулушуна жана мезгил-мезгили менен кайрадан каралып чыгышына карата талаптар; 

6) Башка банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдүн жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын негиздүүлүгүнө карата талаптар; 

7) Банктык кызмат көрсөтүүлөргө, төлөм кызмат көрсөтүүлөргө жана микрофинансылык уюмдар тарабынан сунушталган кызмат көрсөтүүлөргө бааны аныктоо ыкмасын тандоо негиздемелерин, ошондой эле банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардердин бизнес жүргүзүүсүнүн реалдуу өбөлгөлөрүнө жана өзгөчөлүктөрүнө негизденген ыкмаларга карата талаптарды; 

8) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардын башкаруу органдарынын жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ыйгарым укуктарын, баа түзүү саясатынын максаттарына жетишүү жана баа түзүү стратегиясынын аткарылышы үчүн алардын жоопкерчилиги, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардагы баа түзүү саясатына мониторинг; 

9) контролдукту жүзөгө ашыруу, анын натыйжалуулугуна талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө карата талаптар; 

10) банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү жана микрофинансылык уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо шарттары, банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардын колдонуудагы пайыздык чендерине жана тарифтерине сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу кардарларга өз учурунда маалымдалышына карата талаптар; 

11) колдонуудагы тарифтерге мезгил-мезгили менен талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана аларды кайрадан карап чыгуу жана натыйжасын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын кароосуна сунуштоо талаптары. 

III. Корутунду жоболор 

8. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар тарабынан ишке ашырылып жаткан баа түзүү саясаты транспаренттүү болууга, Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу жагындагы мыйзам талаптарына ылайык келип, адилет атаандашууну өнүктүрүүгө жана банктык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укугун коргоого багытталышы зарыл. 

9. Баа түзүү саясаты ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан бекитилип, жаңы иш багыттарын жана жетишилген ийгиликтерди эске алуу менен жылына кеминде бир жолу кайрадан каралып турууга тийиш. 

10. банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактар баа түзүү саясатын жана ички документтерин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын талабы боюнча кароого сунуштоого милдеттүү

Финансы-кредиттик мекемелер тарабынан депозиттер жана кредиттер боюнча декларациялануучу пайыздык чендерге өзгөртүүлөр киргизилген шартта, мындай өзгөртүүлөрдүн себептерин толук көрсөтүү менен жети жумуш күн ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө маалымдоого, ошондой эле ички документтерди (протоколдун көчүрмөсүн жана бул мекеменин ыйгарым укуктуу органы тарабынан кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн) сунуштоого милдеттүү

Төлөм кызматтары үчүн декларацияланган тарифтерге өзгөртүүлөр киргизилген учурда, төлөм системаларынын операторлору, төлөм уюмдары жети жумуш күнү ичинде Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгына мындай өзгөртүүлөрдү киргизүү себептери боюнча толук негиздеме берүү менен тиешелүү өзгөртүүлөр тууралуу маалымдоого, ошондой эле ички документтерди (алар тарабынан бекитилген, төлөм системалары операторунун ыйгарым укуктуу органынын отурумунда толтурулган протоколдун көчүрмөсүн жана кабыл алынган чечимдин көчүрмөсүн) сунуштоого милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-14/23-16-(ПС), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

11. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы республиканын колдонуудагы мыйзам талаптарына ылайык келиши көз карашынан банктык кызмат көрсөтүүлөрдү, төлөм кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган жактардын баа түзүү саясатына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүп турат.