Кайта келүү

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы  № 40/4 токтому менен бекитилген  

Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияларды берүү тартиби жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 18/9, 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/10, 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/5, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-11-(НПА), 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2018-П-12/14-2-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Бул жободо Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби, ошондой эле жеке адамдар жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын аймагында алмашуу бюролорду ачууда аларга карата коюлуучу талаптар белгиленген.  

Жобо, Улуттук банктан лицензия алышкан, нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын тиешелүү лицензиянын негизинде жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарга жана финансы-кредит уюмдарына таркатылбайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-11-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

1. Жалпы жоболор  

1. Жободо төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:  

"Алмашуу бюросу" - бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясына ылайык, жүргүзүлгөн нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн юридикалык жак тарабынан түзүлгөн атайын жабдылган пункт.  

"Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операциялары" - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясына ээ алмашуу бюролору гана жүгүртүү каражаттарынын эсебинен жана өз атынан жүзөгө ашыруучу нак чет өлкө валюталарын сатып алуу, сатуу жана алмашуу боюнча операциялар.  

"Алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттары" - бул, юридикалык жактын бюджетке салык төлөөдөн бошотулган өздүк акча каражаттары, ал алмашуу бюросуна нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн бөлүнүп берилет. Бир алмашуу бюросу үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы 1000000 сомду түзөт. Юридикалык жактар тарабынан кошумча түзүлгөн, кошумча алмашуу бюросун ачуу учурунда алардын ар биринин жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы 1000000 сомду түзөт.  

Эгерде юридикалык жактын алмашуу бюросу нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жылда 4 ырааттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жатса, анда бир алмашуу бюросу үчүн жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы 500 000 сомду түзөт. 

Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ырааттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жаткан юридикалык жак тарабынан кошумча түзүлгөн ар бир алмашуу бюросуна жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасы 200 000 сомду түзөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8, 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2018-П-12/14-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык).  

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө лицензия берүүукугуна ээ, Кыргыз Республикасынын аймагындагы бирден-бир лицензиар болуп саналат (1-тиркеме).  

3. Юридикалык жактар (мындан ары - лицензиат) чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясын ала алат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8, 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2018-П-12/14-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык).  

4. Улуттук банктын нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы, лицензиатка бүтүмдөргө келишүү учурунда жүгүртүү каражаттарынын эсебинен жана лицензиаттын атынан нак чет өлкө валютасын накталай улуттук валютада сатып алуу, сатуу жана алмашуу укугун ыйгарат.  

5. Лицензиатка төмөнкүлөргө тыюу салынат:  

- юридикалык жактардан жана жеке адамдардан мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана кайтарымдуулук шарттарында акча каражаттарын тартууга;  

- акча каражаттарын (чет өлкө же улуттук валютаны) мурда макулдашылган алмашуу курсу боюнча алдын-ала төлөө катары кабыл алууга;  

- лицензиаттын менчиги болуп саналбаган, акча каражаттарын сактоого кабыл алууга;  

- лицензияда түздөн-түз көрсөтүлбөгөн башка операцияларды жүзөгө ашырууга.  

6. Лицензияда каралган операцияларды жүргүзүү тартибин бузуу менен жүзөгө ашыруу сыяктуу эле, лицензияда каралбаган банк операциялары жүзөгөашырылган шартта да, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.  

6-1. Улуттук банк тарабынан ушул жобонун алкагында кабыл алынган актыларды (лицензиядан тышкары), эгерде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында башкасы белгиленбесе, Улуттук банктын мөөрү менен тастыктоо талап кылынбайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык).  

2. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алуу жана алмашуу бюросун каттоо тартиби  

7. Ушул Жобонун талаптарына ылайык, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясын алышкан юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын аймагында алмашуу бюролорун ача алышат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8 токтомунун редакциясына ылайык).  

8. Алмашуу бюросунун нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүсү, Улуттук банктын нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясын (1-тиркеме) жана алмашуу бюросунун Улуттук банктан каттоодон өткөндүгү жөнүндө катты алгандан кийин гана жүзөгө ашырылат (5-тиркеме).  

9. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия алуу жана алмашуу бюросун каттоодон өткөртүүнү макулдашуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтер сунушталат:   

а) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат (2-тиркеме);   

б) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын булактары жөнүндө маалыматтар (8-1-тиркеме);   

в) өтүнүч кат ээсинин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;   

г) уюштуруу документтери (мында, өтүнүч ээсинин уставында Улуттук банктын лицензиясына ылайык нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугу көрсөтүлүүгө тийиш);   

д) уставга ылайык, ыйгарым укуктуу юридикалык жактын башкаруу органынын алмашуу бюросун ачуу жөнүндө чечими;   

е) алмашуу бюросунун жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим;   

ж) юридикалык жактын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим;   

з) төмөнкү өлчөмдөрдө өтүнүч ээсинин коммерциялык банктагы эсебинде улуттук валютада же өтүнүч кат берилген күнү Улуттук банктын колдонуудагы расмий курсу боюнча чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммада жүгүртүү акча каражаттарынын болушу тууралуу өтүнүч катты берген күнүн тастыктаган коммерциялык банктын маалымкаты: 

- кеминде 1 000 000 (бир миллион) сом; 

- нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ыраттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жаткан юридикалык жактар тарабынан ачылуучу алмашуу бюролору үчүн кеминде 500 000 (беш жүз миң);  

и) салык органдарынын төмөнкүдөй бирдиктүү маалымкаты:   

- документтерди тапшыруу (нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашыруу укугуна лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат берген учурга карата кеминде эки ай мурда мамлекеттик каттоодон өткөн юридикалык жактар тарабынан берилбейт) учурунда бюджет алдында карызынын жок экендиги тууралуу; 

- контролдук-кассалык машина каттоодон өткөртүлгөндүгү жөнүндө (3-тиркеме);   

к) өтүнүч кат ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, алмашуу бюросу жайгашкан жерди идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтар камтылган ижара келишиминин же алмашуу бюросу жайгашкан жайга менчик укугун тастыктоо каралган документтердин көчүрмөлөрү;   

л) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө кылмыш жолу менен алынган кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук эрежелеринин сакталышы үчүн жоопкерчиликтүү кызмат адамын дайындоо жөнүндө буйрук.   

(15-абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту).  

м) уюштуруучунун/катышуучунун паспортунун көчүрмөсү жана өтүнүч кат тапшыруу учурунда юридикалык жактын уюштуруучусунун/катышуучусунун өтүнүч ээсинин соттуулугу жоктугу тууралуу ыйгарым укуктуу органдын маалымкаты. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/10, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/5, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14, 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2018-П-12/14-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык).  

9-1. Эгерде юридикалык жактын нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиянын мөөнөтү аяктап жатса же 1 айдан ашпаган мөөнөт мурда аяктаса, анда юридикалык жак жаңы лицензия алуу үчүн төмөнкү документтерди сунуштайт: 

1) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн лицензия берүү жөнүндө өтүнүч катты (2-тиркеме); 

2) төмөнкү өлчөмдөрдө өтүнүч ээсинин коммерциялык банктагы эсебинде улуттук валютада же өтүнүч кат берилген күнү Улуттук банктын колдонуудагы расмий курсу боюнча чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммада жүгүртүү акча каражаттарынын болушун тастыктаган документтерди: 

- кеминде 1 000 000 (бир миллион) сом; 

- нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ыраттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жаткан юридикалык жактар тарабынан ачылуучу алмашуу бюролору үчүн кеминде 500 000 (беш жүз миң) сом. 

3) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын булактары тууралуу маалыматты (эгерде мурда буга чейинки лицензияны алууда сунушталбаса) (8-1-тиркеме); 

4) алмашуу бюросунун жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимди; 

5) салык органдарынын бирдиктүү маалымкатын: 

- документтерди тапшыруу учурунда бюджет алдында карызынын жоктугу тууралуу; 

- контролдук-кассалык машинаны каттоо жөнүндө (3-тиркеме); 

6) алмашуу бюросунун жайын идентификациялоого мүмкүндүк берген маалыматтарды камтыган ижара келишиминин же алмашуу бюросунун жайына менчик укугун тастыктаган, өтүнүч ээсинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн укук белгилөөчү документтин көчүрмөсүн; 

7) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын ишке ашырууда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерге каршы аракеттенүү боюнча ички контролдук эрежелерин сакталышы үчүн жооптуу кызмат адамын дайындоо жөнүндө буйрукту; 

8) паспорттун көчүрмөсү жана өтүнүч кат берүү учурунда юридикалык жактын өтүнүч ээсинин уюштуруучусунун соттуулугу жоктугу тууралуу ыйгарым укуктуу органдын маалымкатын.  

Эгерде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиянын мөөнөтү 1 айдан ашык мөөнөт мурда аяктаса, анда юридикалык жак жаңы лицензияны алуу үчүн документтерди ушул жобонун 9-пунктуна ылайык сунуштайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2018-П-12/14-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

10. Өтүнүч ээлери лицензия алуу үчүн сунушталган маалыматтардын аныктыгы жана документтердин толуктугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык жооп беришет.  

11. Эгерде лицензия алуу үчүн документтер жана алмашуу бюросун/кошумча алмашуу бюролорун каттоодон өткөртүү жөнүндө каттар толук сунушталбаса же алар белгиленген талаптарга жооп бербесе (аныкталган кемчиликтер/дал келбестиктер нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүүдөн/кошумча алмашуу бюросун каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналган учурларды эске албаганда), Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү себептерин жазуу жүзүндө билдирүү менен мындай документтерди жеткире иштеп чыгууга өтүнүч ээсине кайтарып берет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык)  

12. Документтерди кароо мөөнөтүнө өтүнүч ээсинин документтерди жеткире иштеп чыгуу үчүн сарптаган убактысы кирбейт. Эгерде, өтүнүч катка өзгөртүүлөр киргизилип, аны/жеткире иштелип чыккан документтерди кароого кайталап сунуштаган шартта, документтер жаңы сунушталган болуп саналат жана белгиленген тартипте каралат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык)  

13. Улуттук банктын жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмү бардык зарыл болгон документтер келип түшкөн күндөн тартып, алардын жана алмашуу бюросу жайгашкан жайдын ушул Жобонун талаптарына жооп бере тургандыгын текшерет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык)  

14. Сунушталган документтерди кароонун натыйжасы боюнча, өтүнүч жазган өтүнүч ээсине нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүукугуна лицензия жана алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө кат берилет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8 токтомунун редакциясына ылайык)  

15. Алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө кат лицензияны алмаштырбайт жана өтүнүч ээсине нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугун бербейт.  

16. Лицензия берүү/лицензия берүүдөн баш тартуу жана алмашуу бюросун каттоодон өткөртүү жөнүндө катты сунуштоо/баш тартуу чечими Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/көзөмөл жана лицензиялоо ишин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү (областтык башкармалыктарда жанаөкүлчүлүктө  областтык башкармалыктын начальниги/өкүлчүлүктүн директору) тарабынан өтүнүч кат жана ушул жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн документтер сунушталгандан кийинки 30 календардык күн ичинде кабыл алынат. Алмашуу бюросун каттоодон өткөртүү жөнүндө катка Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги (областтык башкармалыктарда жана өкүлчүлүктө  областтык башкармалыктын начальниги/өкүлчүлүктүн директору) тарабынан кол коюлат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык).  

17. Лицензияны берүү акы төлөөнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Лицензия, өтүнүч ээси тарабынан лицензиялык жыйымдын Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген өлчөмдө жана тартипте төлөнгөндүгүн тастыктаган документ (ошол эле учурда төлөм документи) сунушталган учурда берилет.  

Улуттук банкка лицензияга кол коюлган учурдан кийинки 30 күн ичинде лицензиялык жыйымдардын төлөнгөндүгү тууралуу документ сунушталбаган шартта, лицензия жокко чыгарылат жана берилген лицензиялардын реестрине тиешелүү жазуулар түшүрүлөт.  

Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү чечим кабыл алынгандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде өтүнүч ээсине кабыл алынган чечим тууралуу жазуу жүзүндө маалымдайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык).  

18. Алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө кат акысыз берилет.  

19. Лицензияны жана алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү тууралуу катты берүү өтүнүч ээсинин же ыйгарым укук чегерилген адамдын ким экендигин тастыктаган документ берилген учурда, белгиленген талаптарга ылайык таризделген ишеним кат болгон шартта жүзөгө ашырылат.  

20. Лицензия үч жылдык мөөнөткө берилет. Лицензия берилген күн анын анык күнү болуп саналат.  

21. Лицензия ажыратылып алынгыс болуп саналат жана аны үчүнчү жакка берүүгө болбойт. Бул пункттун талаптарын бузууга жол берилген шартта, лицензия алынып салынат.  

22. Берилген лицензия, анын аракети белгиленген тартипте токтотулганга чейин жана ал жокко чыгарылып же кайтарылып алынганга чейин күчүндө болот.  

23. Лицензиянын бланкалары так отчеттуулук документтери болуп саналат. Лицензиянын бланкаларын эсепке алуу жана сактоо Улуттук банк тарабынан анын ички жол-жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат.  

24. Лицензиянын түп нускасы жоголуп кеткен, ошондой эле лицензиянын бланкасы жараксыз болуп калган шартта, лицензиат үч күндүн ичинде бул тууралуу Улуттук банкка билдирүүгө жана лицензиянын жоголгондугун же жараксыз болуп калгандыгын тастыктаган документтерди (лицензиянын жоголгондугу жөнүндөмаалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо) сунуштоо менен лицензиянын дубликатын алууга өтүнүч кат менен кайрылууга милдеттүүӨтүнүч катта жоголгон (жараксыз) бланканын бардык реквизиттери жана жоголуунун (жараксыздыгынын) себептери көрсөтүлүүгө тийиш. Дубликат документтер берилген күндөн тартып, беш жумуш күнү ичинде берилет. Берилген лицензияда "Дубликат" деген жазуу болууга тийиш. Лицензиянын дубликаты үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген өлчөмдө акы алынат.  

Лицензиат, эгерде лицензиянын жоголгон нускасы табылып калса, аны Улуттук банкка жокко чыгаруу үчүн берүүгө милдеттүү.  

25. Уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр киргизилген жана/же юстиция органдарында кайрадан каттоодон өткөн учурда, өзгөртүүлөр киргизилген/кайра каттоодон өткөн күндөн кийинки 30 календардык күндөн кечиктирбестен, лицензиат төмөнкү документтерди Улуттук банкка сунуштоого тийиш:  

- уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндө билдирүүнү;  

- катышуучунун чечиминин (бир катышуучу болсо) же катышуучулардын (бирден ашык катышуучу болсо) уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр киргизилгендиги тууралуу чогулушунан толтурулган протоколдун лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;  

өзгүртүүлөр киргизилген уюштуруу документтеринин лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү

- мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн (мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүгө алып келген уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүүдө) лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү

- (6-абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту).  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8, 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/5, 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2018-П-12/14-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык).  

25-1. Эгерде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ырааттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жаткан юридикалык жактын лицензиаттын алмашуу бюросу жана/же кошумча алмашуу бюросу өз ишин туруктуу негизде жүзөгө ашырса, анда лицензиат жүгүртүү каражаттарынын минималдуу суммасын 1 000 000 сомго чейин жеткирүүгө жана Улуттук банкка төмөнкү документтерди берүүгө милдеттүү

1) билдирме катты; 

2) билдирүү берген күнү лицензиаттын коммерциялык банктагы эсебиндеги кеминде 1 000 000 (бир миллион) сом суммасына улуттук валютада же билдирүү берилге күнү Улуттук банктын расмий курсу боюнча чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммада жүгүртүү акча каражаттарынын болушун тастыктаган маалымкатты;  

3) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын булактары жөнүндө маалыматты (8-1-тиркеме). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2018-П-12/14-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

26. Алмашуу бюросунун ишине катышкан жаңы кызматкерлерди ишке тартууда, лицензиат 3 жумуш күнү ичинде бул тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого тийиш. Өз жетекчиси (юридикалык жактар үчүн), ошондой эле алмашуу бюросунун жетекчиси алмашкан шартта, лицензиат бул тууралуу Улуттук банкка үч жумуш күнү ичинде кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/5 токтомунун редакциясына ылайык).  

27. Ал эми аталышы өзгөргөн шартта, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензияны ушул жобонун талаптарына ылайык кайра тариздөө зарыл.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8, 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2018-П-12/14-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык).  

28. Алмашуу бюросунун дареги өзгөргөн шартта, лицензиат ушул жобонун талаптарына ылайык, алмашуу бюросу, жаңы дареги боюнча Улуттук банктан каттоодон өткөндүгү тууралуу жаңы кат алуусу зарыл. Алмашуу бюросу жаңы дарек боюнча каттоодон өткөндүгү тууралуу кат алуу үчүн лицензиат, Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:  

- алмашуу бюросунун дареги өзгөргөндүгүнө байланыштуу каттоодон өткөндүгү жөнүндө катты берүү тууралуу өтүнүч катты;  

- ижара келишиминин көчүрмөсүн же (эгерде алмашуу бюросу жайгашкан жай жеке адамдын менчигинде болсо) алмашуу бюросу жайгашкан жаңы жайга менчик укугун тастыктаган, лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн;  

- алмашуу бюросунун мурунку дареги боюнча каттоодон өткөндүгү жөнүндө каттын түп нускасын.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2018-П-12/14-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

29. Улуттук банк 10 жумуш күнү ичинде алмашуу бюросу жайгашкан жаңы жайга жана сунушталган документтердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишине текшерүү жүргүзөт.  

30. Нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна ээ бир юридикалык жак төрт кошумча алмашуу бюросун ачууга укуктуу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8, 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2018-П-12/14-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

31. Лицензиат кошумча алмашуу бюросун ачуу үчүн Улуттук банктын кошумча алмашуу бюросу каттоодон өткөндүгү тууралуу катын алууга милдеттүү. Каттоодон өткөндүгү тууралуу катты алганга чейин кошумча ачылган алмашуу бюросу жайгашкан жайда нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө тыюу салынат.  

32. Кошумча алмашуу бюросун каттоо үчүн лицензиат Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт: 

- кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөртүүгө 6-тиркемеге ылайык форма боюнча өтүнүч катын; 

- ижара келишиминин көчүрмөсүн же кошумча ачылган алмашуу бюросу жайгашкан жайга менчик укугун тастыктаган, лицензиаттын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсүн; 

- кошумча алмашуу бюросун ачуу тууралуу жана кошумча алмашуу бюросунун жетекчисин дайындоо жөнүндө чечимди же буйрукту; 

- документтерди тапшыруу учурунда бюджет алдында карызынын жок экендиги жана контролдук-кассалык машина каттоодон өткөртүлгөндүгү жөнүндө салык органдарынын бирдиктүү маалымкат (3-тиркеме); 

- төмөнкү өлчөмдөрдө өтүнүч ээсинин коммерциялык банктагы эсебинде улуттук валютада же өтүнүч кат берилген күнү Улуттук банктын колдонуудагы расмий курсу боюнча чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммада жүгүртүү акча каражаттарынын болушун тастыктаган коммерциялык банктын маалымкаты: 

- кеминде 1 000 000 (бир миллион) сом; 

- нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ыраттуу айдан азыраак) жүргүзүүнү ниеттенип жаткан юридикалык жактар тарабынан ачылуучу кошумча алмашуу бюролору үчүн кеминде 200 000 (эки жүз миң) сом. 

- кошумча ачылуучу алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын булактары жөнүндө маалымат (8-1-тиркеме).  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8, 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/5, 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2018-П-12/14-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык).   

33. Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү өтүнүч кат жана ушул жобонун 32-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тапшырылгандан кийинки 15 жумуш күнүнөн кечиктирбестен кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөртөт жана каттоо номерин ыйгаруу менен кошумча алмашуу бюросу каттоодон өткөндүгү жөнүндөкатты сунуштайт.  

Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү ушул жобонун 44-пунктунун 1-2, 6, 8 жана 13-14-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча кошумча алмашуу бюросун каттоодон өткөртүүдөн баш тартууга укуктуу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/5, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомдорунун редакциясына ылайык)  

34. Алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тууралуу маалыматтар Улуттук банктан берилген лицензиялардын реестрине түшүрүлөт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2018-П-12/14-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

35. Чүй областынын жана Бишкек шаарынын аймагында алмашуу бюролорун каттоодон өткөртүү Улуттук банктын Борбордук аппараты, ал эми башка областтарда Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыктары, Баткен областында - Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү тарабынан кезектеги каттоо номерин ыйгаруу менен каттоо журналына жүргүзүлөт. Мында, республиканын ар бир областына өзүнчө каттоо журналы ачылат. Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү берилген лицензиялар жана каттоодон өткөртүлгөн алмашуу бюролору жөнүндө маалыматтарды ар бир айдын бешинчи күнүнөн кечиктирбестен, Улуттук банктын Борбордук аппаратына берип турушат.  

35-1. Эгерде алмашуу бюросунун/кошумча ачылуучу алмашуу бюросунун иши токтотулган учурда, лицензиат Улуттук банкка 11-тиркемеге ылайык форма боюнча иши токтотулган учурдан тартып үч күн ичинде иши токтотулган мезгилди милдеттүү түрдө көрсөтүү менен тиешелүү билдирме жөнөтүүгө милдеттүү

Алмашуу бюросунун/кошумча ачылуучу алмашуу бюросунун нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын иши токтотулган мезгил ичинде жүргүзүүгө жол берилбейт. Аталган талапты бузууга жол берген учурда, лицензиатка карата таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2018-П-12/14-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Алмашуу бюролорунун иштөө шарттары жана тартиби  

36. Алмашуу бюролорунун соода уюмунда, мейманканаларда, аэропортто жана башка имараттарда жайгашкан кассалык жайларын жогоруда аталган мекемелердин кызматкерлеринен жана кардарларынан обочолонтуп түзүү зарыл.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2018-П-12/14-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

37. Алмашуу бюролорунун кассаларына бир гана эшик менен кирүүгө боло турган болсо, ал ичинен бекитилүүсү зарыл, ал эми кардарларды тейлөө кассанын терезеси аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш. Кассалык жайлардын төбөсүн ачык коюуга жол берилбейт.  

38. Өзүнчө жайгашкан имаратты ижарага алышкан же ээлешкен алмашуу бюролорунун жайларынын, өзүнчө эшиги менен эл жашабаган имараттарды же батирди ижарага алган жайларынын терезелерине милдеттүү түрдө темир тор салынып, темир эшиктер коюулууга тийиш. Алмашуу бюролорунун жайларында кардарларды тейлөө касса терезеси аркылуу гана жүзөгө ашырылат.  

39. Алмашуу бюросунда акчаларды жана алмашуу бюросунун документтерин сактоо үчүн отко чыдамдуу темир шкафтар болууга тийиш.  

40. Алмашуу бюросунун кассалык жайына анын гана кызматкерлери болууга тийиш жана башка адамдардын кирүүсүнө жол берилбейт. Кассирлердин өздүк акчалары, тышкы кийими, жана башка буюмдары кассадан тышкары жайгашкан өзүнчө бөлмөдө же шкафта сакталуусу зарыл.  

41. Алмашуу бюролорунда акча белгилеринин аныктыгын текшерүүчү техникалык каражаттар, телефон жана Улуттук банкка нак чет өлкө валюталары менен жүргүзүлгөн алмашуу операциялары тууралуу маалыматты (отчетту) портал аркылуу сунуштоо үчүн зарыл жабдуулар болууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/5 токтомунун редакциясына ылайык)  

42. Алмашуу бюролору жайгашкан ордуна көз карандысыз, нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүүдө салык органдарында катталган фискалдык эс тутуму менен контролдук-кассалык машиналарды же фискалдык карта менен жабдылган компьютерлерди колдонууга милдеттүү.  

43. Алмашуу бюролору нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курсу жөнүндөгү маалыматтарды чагылдырган такталар менен жабдылуусу зарыл. Ар бир алмашуу бюросунда төмөнкү маалыматтар кардарларга көрүнөө жерде илинип турууга тийиш:  

- алмашуу бюросун ачкан юридикалык жактын аталышы, аты-жөнү;  

- алмашуу бюросунун лицензиясы;  

- алмашуу бюросунун жетекчисинин аты-жөнү, кызматы;  

- алмашуу бюросун ачкан юридикалык жактын алмашуу бюросуна ишке тартылган кызматкерлеринин аты-жөнү;  

- алмашуу бюросунун иш ыргагы;  

- алмашуу бюросунун каттоодон өткөртүлгөндүгү жөнүндө кат - түп нускасы;  

ушул Жобонун 10-тиркемесине ылайык кардарлар үчүн маалыматтар жана алардытейлөө тартиби.  

Алмашуу бюросунун иштөө аймагында лицензияда көрсөтүлгөн гана иштер жүзөгө ашырылууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8, 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/5 токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

4. Лицензия берүүдөн баш тартуу  

44. Улуттук банк төмөнкү учурларда лицензия берүүдөн баш тартат:  

1) өтүнүч ээси тарабынан лицензия алуу үчүн сунушталган документтердеги маалыматтар так эмес болсо;  

2) экиден көп жолу - ушул жобого ылайык лицензия алуу үчүн талап кылынган документтер сунушталбаса/толук сунушталбаса жана/же белгиленген талаптарга жооп бербеген документтер сунушталса;  

3) лицензия алуу үчүн төлөм төлөнбөсө;  

4) өтүнүч ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбесе;  

5) иштин бул түрүн жүзөгө ашырууга субъекттердин бул категориясына мыйзам актыларында тыюу салынса;  

6) алмашуу бюросунун жайы жана жабдуулары анын ушул Жобонун 3-бөлүгүндө белгиленген иштөө шарттарына жана иш тартибине ылайык келбесе;  

7) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

8) касса менен иштөө тартибин бузууга жол берилсе (эгерде, колдонуудагы лицензиянын мөөнөтү бүтө элек болсо);  

9) эгерде өтүнүч ээси же өтүнүч ээсинин катышуучулары оффшордук аймактарда каттоодон өткөртүлсө же катышуучулары оффшордук аймакта катталган аффилирленген жактардан, же болбосо тизмеси Улуттук банк тарабынан белгиленген, оффшордук аймакта жашаган жеке адамдар болсо;  

10) эгерде өтүнүч ээси же өтүнүч ээсинин катышуучулары ФАТФнын сунуш-көрсөтмөлөрүн колдонбогон же жеткиликсиз деңгээлде колдонгон мамлекеттин аймагында каттоодон өтсө же жашаса жана алар кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташууга катышышпаса (мындай мамлекеттердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы тарабынан белгиленет);  

11) өтүнүч ээсине карата иштин бул түрүн жүзөгө ашырууга тыюу салган соттун чечими болсо;  

12) акыркы үч жыл ичинде мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам бузууга жол берилгендиги үчүн нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясы кайтарылып алынган өтүнүч кат ээсинин жана/же анын кайсы болбосун катышуучусунун кайталап кайрылуусу (анын ичинде жаңы юридикалык жакты түзүү же башка юридикалык жактын уставдык капиталында катышуу аркылуу);  

13) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүүгө жүгүртүү акча каражаттарын алуу булактары тууралуу маалыматтын ачык чечмеленип берилбеши;   

14) акча каражаттарын алуу булактары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келгендиги белгиленсе.  

15) экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн алынып салынбаган жана жабылбаган соттуулугунун болушу; 

16) алмашуу бюросунун ишине жана жайына ушул жобонун талаптарына ылайык келиши предметине текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү

Өтүнүч ээси ушул пункттун 1-4, 6-8 жана 12-14-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздерди четтеткен шартта, кайталап сунушталган өтүнүч кат жалпы негиздер боюнча кароого алынат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/10, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14, 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2018-П-12/14-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык).  

45. Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү лицензия берүүдөн баш тартуу чечими кабыл алынгандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде ал тууралуу жазуу жүзүндө өтүнүч ээсине маалымдайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык).  

46. Өтүнүч ээси (лицензиат) Улуттук банктын өтүнүч катты кайтаруу, лицензия берүүдөн жана алмашуу бюросун/кошумча алмашуу бюросун каттоодонөткөртүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдер боюнча Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык даттануу менен кайрылышы мүмкүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 18/9, 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомдорунун редакцияларына ылайык).  

5. Лицензиянын аракетин токтотуу тартиби  

47. Лицензиянын аракети төмөнкү учурларда токтотулат:  

1) кайтарып алынса;  

2) лицензия берилген юридикалык жактын иши токтотулса (жоюулушунан жана кайра өзгөртүп түзүлүшүнөн улам);  

3) юридикалык жак нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашырууну токтоткондугу же лицензияны кайтарып бергендиги жөнүндөкат жүзүндө билдирсе;  

4) алмашуу бюросун ачкан юридикалык жак аталышын лицензиясын тиешелүү кайра каттоодон өткөрүүсүз жана ал тууралуу Улуттук банкка билдирүүсүз элеөзгөртсө;  

5) мыйзам актыларында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган башка учурларда.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8 токтомунун редакциясына ылайык).  

48. Лицензиянын аракети токтотулгандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде лицензия берилген юридикалык жак лицензиянын жана алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө каттын түп нускасын Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8 токтомунун редакциясына ылайык).  

6. Таасир этүү чараларын колдонуу, анын ичинде лицензияны кайтара алуу тартиби  

(Главанын аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

49. Улуттук банк алмашуу бюролоруна карата төмөнкү учурларда таасир этүү чараларын (эскертүү, жазма буйрук, айып санкциялары) колдонууга укуктуу:  

1) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мыйзам талаптарынын сакталбашы;  

2) нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби сакталбаса;  

3) касса иши боюнча тартиптин бузулушуна жол берилсе;  

4) лицензияда каралбаган ишти жүзөгө ашырса;  

5) лицензия үчүнчү жакка өткөрүлүп берилсе;  

6) алмашуу бюролорунун иштөө шарттарынын жана тартибинин бузулушуна жол берилсе;  

7) 12 календардык ай ичинде отчет үч жолудан көп ирет өз учурунда берилбесе же такыр эле берилбесе, же болбосо так эмес отчет берилсе;  

8) анын негизинде лицензия берилген маалыматтардын так эместиги аныкталса же алмашуу бюросунун документтеринде так эмес маалыматтар аныкталса;  

9) нак акчалар менен иштөөгө арналган техникалык каражаттардын-кассалык аппараттардын же фискалдык картасы менен компьютерлердин, валюта детекторунун жоктугу же бузулгандыгы (алардын оңдолуп же алмаштырылганын тастыктаган документтер болгон учурларды эске албаганда) аныкталса;  

10) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

11) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.  

12) Улуттук банкка берилген билдирүүгө ылайык, иши токтотулган мезгил ичинде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларынын ишке ашырылып жаткандыгын аныктоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/10, 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/5, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-11-(НПА), 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2018-П-12/14-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык).  

50. Айрым учурларда бузууларга бир жолу жол бергендиги үчүн эки же андан ашык таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн. Ал эми таасир этүү чаралары жол берилген бузуулардын мүнөзүнө жана түрүнө жараша, бардыгына бирдей же арасынан тандалып алынган тартипте да колдонулушу мүмкүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

50-1. Лицензиат Улуттук банктын алмашуу бюросуна карата таасир этүү чараларын колдонуу, анын ичинде лицензияны кайтарып алуу же анын аракетин токтотуу жөнүндө чечими менен макул эмес болгон учурда, Улуттук банктын мындай чечимдерине карата, анын ичинде сотко чейин даттануу тартибин сактоо менен Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык даттануу менен кайрылышы мүмкүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-11-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык).  

51. Улуттук банк төмөнкү учурларда лицензияны кайтарып алууга укуктуу:  

1) Улуттук банктын эскертүүлөрүн жана жазма буйруктарынын талаптарын катары менен бир нече жолу (эки же андан ашык) аткарбаса;  

2) алмашуу операцияларын жүзөгө ашырууга лицензиясы бар юридикалык жактын иштин бул түрүн аткарууга тыюу салган, соттун мыйзам күчүндөгү чечими болсо;  

3) алмашуу бюросу үч календардык ай катары менен өз ишин жүзөгө ашырбаса;  

4) алмашуу бюросу ал каттоодон өткөндүгү тууралуу катта көрсөтүлгөн дарекке туура келбеген дарек боюнча жана/же кошумча алмашуу бюросун тиешелүү каттоодон өткөртпөй туруп иш жүргүзсө;  

5) керектөөчүлөрдүн даттанууларында көрсөтүлгөн фактылар тастыкталса;  

6) алмашуу бюросунун кызмат көрсөтүүлөрүнө милдеттин патенттин негизинде салык төлөнгөндүгүн тастыктаган документ жол болсо.  

7) алмашуу бюролорунда текшерүүлөрдү жүргүзүүгө тоскоолдуктар жана кечеңдетүүлөр;  

8) ушул Жобонун 49-пунктунун үч пунктчасынан көбүрөөгүн бир эле учурда бузууга жол берилсе.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8 токтомунун редакциясына ылайык).  

52. Лицензиат жана/же анын кайсы болбосун катышуучусу лицензия кайтара алынгандан кийинки үч жыл ичинде кайсы бир жол менен (анын ичинде жаңы юридикалык жакты түзүү же башка юридикалык жактын уставдык капиталында катышуу аркылуу) Улуттук банктын нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясын алууга укугу жок.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8 токтомунун редакциясына ылайык).  

53. Улуттук банктын ыйгарым укук чегерилген кызматкерлери алмашуу бюросунун ишине текшерүү жүргүзгөн учурда, тиешелүү актыны толтуруу менен төмөнкү учурларда лицензиясын алып коюуга укугу бар:  

- Улуттук банктын лицензияны кайтарып алууну алдын-ала караган талаптарын бузууга жол берилгендиги аныкталса;  

- мурда эскертүү же кемчиликтерди четтетүү жөнүндө жазма буйруу жөнөтүлгөн кемчиликтер кайрадан аныкталса, же мурда айыптык санкциялар салынган кемчиликтер кайрадан кездешсе.  

54. Лицензияны алып коюуда анын иштөө мөөнөтү, лицензияны кайтара алуу же таасир этүү чаралардын башка түрлөрүн колдонуу жөнүндө чечимдин кабыл алынышы үчүн 7 жумуш күнүнө чейинки мөөнөткө убактылуу токтотулат.  

Лицензияны кайтара алуу жана башка таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө сунушту четке кагуу жөнүндө чечим кабыл алынган шартта, лицензия ээсине кайтарылып берилет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-11-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык). 

55. Лицензиянын аракети аны кайтара алуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып токтотулат.  

   

   

   

"Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" Жобого карата  1-тиркеме  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ  

Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна № 0000  

ЛИЦЕНЗИЯСЫ  

200_ жылдын "___" ________ каттоодон өткөртүлгөн  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8 токтомунун редакциясына ылайык).  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ____________________________________________________ (Бишкек ш./областтын аталышы)  

__________________________________________ (юридикалык жактын аталышы)  

нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугун чегерет.  

Алмашуу бюросу ушул лицензиянын негизинде жүгүртүү каражаттарынын эсебинен жана өз атынан төмөнкү алмашуу операцияларын жүргүзө алат:  

а) нак чет өлкө вялютасын накталай улуттук валютага сатып алуу;  

б) нак чет өлкө валютасын накталай улуттук валютага сатуу.  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы нак чет өлкө валюталарын алмашуу операциялары боюнча орун алган тобокелдиктерге жооп бербейт.  

Лицензия, анда чагылдырылган нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугун чегерет.  

Алмашуу бюросуна юридикалык жактардан же жеке адамдардан мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк жана кайтарымдуулук шарттарында каражаттарды тартууга тыюу салынат; акча каражаттарын (чет өлкө же улуттук валютаны) мурда макулдашылган алмашуу курсу боюнча алдын-ала төлөө катары колдонууга; лицензияда түздөн-түз көрсөтүлбөгөн башка операцияларды жүргүзүүгө.  

Лицензияда көрсөтүлбөгөн операциялар жүргүзүлгөн шартта, мыйзамдарда каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат.  

Лицензия ажыратылгыс (өздүк) болуп саналат. Бул лицензияда келтирилген укуктарды үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө болбойт.  

Лицензия ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана үч жыл бою колдонууда болот.  

Улуттук банктын Төрагасы тарабынан  

ыйгарым укук чегерилген адам _____________________________________ (колтамгасы) (кызматкердин аты-жөнү)  

   

   

   

"Нак чет өлкө валютасы менен  алмашуу операцияларын жүргүзүү  укугуна лицензия берүү тартиби  жөнүндө" жобого карата  2-тиркеме  

   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы   

__________________________________   

(юридикалык жактын аталышы жана дареги)   

____________________________________   

ӨТҮНҮЧ КАТ ЛИЦЕНЗИЯГА БЕРҮҮГӨ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/10 , 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 2018-П-12/14-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык).  

Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүүнү жана алмашуу бюросун каттоодон өткөртүүнү өтүнөм.   

1. Алмашуу бюросунун дареги: _________________________________   

2. Алмашуу бюросунун жетекчиси: ______________________________   

3. Алмашуу бюросунун телефон номери: _________________________   

электрондук дареги: __________________________________________   

4. Байланыш телефону: _______________________________________   

5. Алмашуу бюросунун кызматкерлери тууралуу маалымат (нак чет өлкө валютасын алмаштыруу боюнча операцияларына катышкан)  

6. Эгерде юридикалык жак нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын сезондук негизде (бир календардык жыл ичинде 4 ыраттуу айдан азыраак) ишке ашырууну ниеттенип жатса, токтотулуп турган иш мезгили көрсөтүлөт. 

Катар №  

Аты-жөнү  

Паспортунун сериясынын №  

Паспорт берген орган  

Берилген күнү  

Жашаган жери  

1  

   

   

   

   

   

2  

   

   

   

   

   

3  

   

   

   

   

   

Лицензия алуу үчүн зарыл документтер кошо тиркелет.   

Улуттук банктын алмашуу бюролордун ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актылары менен тааныштык.   

Өтүнүч катта көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын жана так экендигин тастыктайбыз   

Күнү.   

Юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы   

Юридикалык жактын мөөрү.  

   

   

   

"Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" Жобого карата  3-тиркеме  

Бюджет алдында карызы жок экендиги жөнүндө  

МААЛЫМКАТ  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8 токтомунун редакциясына ылайык).  

_________________________________ Мамлекеттик салык инспекциясында катталгандыгы, ________________________ ИНН ыйгарылгандыгы, 20__-жылдын "__" ___________________ мыйзам актыларына ылайык катталган, заводдук № __________________ маркасындагы контролдук-кассалык машинасы бар экендиги тууралуу  

________________________________________________________________________ берилди.  

(юридикалык жактын аты-жөнү, дареги)  

20__-жылдын "__" ____________ абалына карата бюджет алдында карызы жок.  

Маалымкат Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына көрсөтүү үчүн берилди.  

МСИсынын жетекчиси ____________________________________ (кол тамгасы) (кызматкердин аты-жөнү)  

   

МСИнын мөөрү  

   

   

   

"Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" Жобого карата  4-тиркеме  

   

Юридикалык жактын аталышы  

____________________________________________________  

Алмашуу бюросунун дареги  

____________________________________________________  

20_-жылдын "__" _____ абалына карата алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттары жөнүндө  

МААЛЫМАТТАР  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/10 токтомуна ылайык  

КҮЧҮН ЖОГОТТУ)  

   

   

"Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" Жобого карата  5-тиркеме  

Алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө  

КАТ  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 18/9, 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/8, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

__________________________________________________________________ таандык  

(юридикалык жактын аталышы жана дареги  

________________________________________________________________________  

(алмашуу бюросунун дареги)  

дареги боюнча жайгашкан алмашуу бюросу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ________ номеринде каттоодон өткөртүлгөн.  

Алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү жөнүндө кат Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүукугуна лицензиясын алмаштырбайт.  

   

Каттын көчүрмөсү жарабайт.  

 

Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги (Улуттук банктын областтык башкармалыгынын жетекчиси) ______________ (кол тамгасы) ________________________ (аты-жөнү)  

   

 

«Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын 

жүргүзүү укугуна лицензияны берүү тартиби жөнүндө» 

жобого карата 6-тиркеме» 

 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 

  

  

_________________________ 

  

  

(юридикалык жактын аталышы) 

ӨТҮНҮЧ КАТ  

(кошумча алмашуу бюросун ачууга) 

нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 20___-жылдын «____»__________ №_____ лицензиясына ээ ______________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук аталышы жана дареги) 

кошумча ачылуучу алмашуу бюросун каттоодон өткөртүүнү өтүнөт. 

1. Кошумча ачылуучу алмашуу бюросунун дареги: _____________________________ 

2. Кошумча ачылуучу алмашуу бюросунун жетекчиси / ким тарабынан ыйгарым укук чегерилген:____________ 

3. Кошумча ачылуучу алмашуу бюросунун байланыш телефон номери: ___________________ 

Төмөнкү маалыматтарды кошумча билдирем: 

1. Кошумча ачылуучу алмашуу бюросунун жетекчисинин паспорттук маалыматтары: 

Паспортунун сериясы ____________________ № ______________ ким тарабынан берилген _______________ берилген күнү ____-жылдын «__» _________. Жашаган жери:  

2. Туруктуу иштеген жери жана ээлеген кызматы (эгерде болгон болсо) ____________ 

(толук аталышы жана дареги көрсөтүлөт) 

3. Кошумча ачылуучу алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттары __________ сомду түзөт (суммасы сан жана сөз менен жазылат).  

Кошумча ачылуучу алмашуу бюросун каттоо үчүн зарыл документтер кошо тиркелет. 

Өтүнүч катта көрсөтүлгөн маалыматтардын туура жана анык экендигин тастыктаймын. 

  

Күнү 

Юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы 

Мөөрү»; 

   

   

   

"Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" Жобого карата  7-тиркеме  

Фирмалык бланк  

Алмашуу бюросунун иши жөнүндө  

МААЛЫМКАТ  

(КР Улуттук банк Башкармасынын  

2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/5 токтомуна ылайык  

КҮЧҮН ЖОГОТТУ)  

   

   

   

"Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" Жобого карата  8-тиркеме  

Анкета  

(лицензия алган жак үчүн)  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/10 токтомуна ылайык  

КҮЧҮН ЖОГОТТУ)  

   

   

   

"Нак чет өлкө валютасы менен  алмашуу операцияларын жүргүзүү  укугуна лицензия берүү тартиби  жөнүндө" жобого карата  8-1-тиркеме  

   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/10 токтомунун редакциясына ылайык)  

Юридикалык жактар жана жеке адамдар тарабынан сунушталуучу алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын келип чыгуу булактары камтылган документтердин болжолдуу тизмеги:   

1) Юридикалык жактар:   

- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн бухгалтердик баланстын, киреше жана чыгаша боюнча отчеттордун көчүрмөлөрү же;   

өтүнүч кат ээси тарабынан күбөлөндүрүлгөн финансылык отчеттун, декларациянын же анын финансылык абалы тууралу башка документтердин көчүрмөлөрү;   

- аудитордук корутундунун көчүрмөсү (эгерде бул талап мыйзамда белгиленген болсо);   

2) Жеке адамдар - маалымкаттар, декларациялар, сатып алуу-сатуу/тартуулоо келишимдери, акча-каражаттарды, мүлктү ж.б. мурастап алуу укуктары.   

3) алмашуу бюросунун жүгүртүү каражаттарынын Кыргыз Республикасынын мыйзам актылары тарабынан тыюу салынбаган келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтер.   

Улуттук банкка ушул жобого ылайык сунушталуучу жана бирден көп барактан турган документтердин ар бир бети өз-өзүнчө болууга, номер коюлууга, тигилүүгө, тиешелүү түрдө кол тамга коюлууга жана күбөлөндүрүлүүгө тийиш, документтерди басмакана ыкмасында басылып чыккан китепче түрүндө да сунуштаса болот.   

Чет тилинде сунушталуучу документтер же алардын көчүрмөлөрү кыргыз жана/же орус тилдерине которулуп, белгиленген тартипте күбөлөндүрүлүүгө тийиш.  

   

   

   

"Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" Жобого карата  9-тиркеме  

Анкета  

(алмашуу бюросунун кызматчысынын)  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/10 токтомуна ылайык  

КҮЧҮН ЖОГОТТУ)  

   

   

"Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" Жобого карата  10-тиркеме  

Алмашуу бюросунун кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчүлөр (кардарлар) үчүн  

МААЛЫМАТ  

Алмашуу бюросунун ишине карата нааразычылыктарыңызды төмөнкү дарек боюнча жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз:  

Чүй областы жана Бишкек шаары - Бишкек шаары, Чүй проспектиси, 168 

Ош областы - _____________________________________________________  

Баткен областы - _________________________________________________  

Жалал-Абад областы - _____________________________________________  

Ысык-Көл областы - _______________________________________________  

Нарын областы - __________________________________________________  

Талас областы - __________________________________________________  

Даттанууларды кароо үчүн төмөнкү маалыматтарды берүүңүздөрдү өтүнөбүз:  

өтүнүч ээсинин аты-жөнү;  

өтүнүч ээсинин дареги;  

- доо коюлган алмашуу бюросунун аталышы жана так дареги;  

- алмашуу бюросун ачкан жеке адамдын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы;  

өтүнүч каттын мазмуну;  

- алмашуу бюросунун тартипти бузган күнү.  

Өтүнүч катка жооп алуу үчүн жазуу түрүндө жана кол тамга менен бүткөн формага келтирүү.  

II. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби  

1. Маалымат такталары алмашуу бюросунда чет өлкө валюталарынын бардык түрлөрү боюнча аларды сатуу жана сатып алуу курстары жөнүндө так маалыматтарды камтып турууга тийиш.  

Нак чет өлкө валютасын накталай улуттук валютада сатып алуу жана сатуу, ачык келишим принциптерине ылайык, чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу курстарынын маалымат тактасында көрсөтүлгөн курс боюнча гана жүзөгө ашырылат.  

Ал эми маалымат тактасында көрсөтүлбөгөн курс боюнча нак чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатууга жол берилбейт.  

Чет өлкө валюталарын сатып алуу жана сатуу курстары үтүр менен бөлүнгөн бүтүн сандан кийин төрт ондук белгиге чейин белгиленет. Үтүр менен бөлбөй туруп же үтүрдөн кийин төрттөн ашык белги менен көрсөтүү аркылуу валюта курстарын белгилөөгө, ошондой эле кардарларды валюта курстары боюнча адашууга алып келген башка аракеттерге тыюу салынат.  

2. Алмашуу бюролору нак чет өлкө валюталарын сатып алууда, сатууда же алмашууда төлөм каражаты статусун жогото элек акча белгилеринин наркына, чыгарылган жылына жараша кайсы бир чектөөлөрдү киргизүүгө жана ар кандай курстарды белгилөөгө укугу жок.  

3. Алмашуу бюролору, аныктыгына шек туудурбаган чет өлкө валюталарынын банкноттору менен алмашуу операцияларын жүргүзүү учурунда комиссиялык төлөмдөрдү өз алдынча белгилөөгө жана алууга укугу бар, эгерде алардын төмөнкүдөй кемчиликтери бар болсо:  

- баштапкы түсү өзгөрүп калса же боечу заттар менен боелуп калса;  

- басып чыгарууда брак кетирилген болсо;  

- эгерде өзүнчө бөлүктөрү бир эле банкнотко тиешелүү шартта, тытылган же чапталган болсо;  

- бурчтары, чекелери тытылган же жыртыкчалар болсо (эгерде ал анын ордунун жабылгандыгынын тастыктамасынан боло албаса);  

- чекелери күйүп же өрттөнүп кетсе.  

4. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-апрелиндеги № 018-П-12/14-2-(НПА) токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ)  

III. Алмашуу бюролору менен касса операцияларын жүргүзүү тартиби  

Валютаны сатып алуу, сатуу жана алмашуу операцияларын жүргүзүү учурунда алмашуу бюросу, операцияларын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзөт.  

1. Нак чет өлкө валютасын сатып алуу эгерде, чет өлкө валютасын сатып алуу суммасы Улуттук банк тарабынан белгиленген суммага барабар болсо же андан ашып кетсе, кардарды анын инсандыгын тастыктаган документинин (сүрөтү менен) негизинде милдеттүү түрдө идентификациялоо менен жүргүзүлөт. Кассир нак акчанын суммасын кардардын көзүнчө санап чыгат жана ал тарабынан сунушталган валютанын аныктыгын текшерет. Мында, банкнотторго кардардын көз алдында болгондой кылып текшерүү жүргүзүлүүгө тийиш.  

2. Кассир, кардарга берилүүчү улуттук валютанын суммасын эсептегенден кийин, сатылып алынган валюта жөнүндө жазууну операцияларды каттоо журналына түшүрөт (эгерде кардар резидент эмес болсо, бул тууралуу журналга белгилейт) жана кассадан чек басып берет. Кассир (жооптуу кызматкер) Жобонун талаптарына ылайык маалымкат-сертификатты тариздейт.  

3. Кассир, жүргүзүлгөн эсептешүүлөрдү текшергенден кийин улуттук валютанын аныктыгын кардардын көз алдында текшерүү менен тиешелүү сумманы берет. Ошол эле учурда, ага кассалык чек жана зарылчылыгына жараша маалымкат-сертификат да кошо берилет.  

4. Эгерде, чет өлкө валютасын сатуу суммасы Улуттук банк тарабынан белгиленген суммага барабар болсо же андан ашып кетсе, нак чет өлкө валютасын сатуу кардардын инсандыгын тастыктаган документинин (сүрөтү менен) негизинде аны милдеттүү түрдө идентификациялоо менен жүргүзүлөт. Кассир нак акчанын суммасын кардардын катышуусунда санайт жана ал тарабынан сунушталган валютанын аныктыгын текшерет. Мында, банкнотторго текшерүүлөр кардардын көз алдында жүргүзүлүүгө тийиш.  

5. Кассир, кардарга берилүүчү чет өлкө валютасынын суммасын эсептегенден кийин, сатылып алынган валюта жөнүндө жазууну операцияларды каттоо журналына түшүрөт (эгерде кардар резидент эмес болсо, бул тууралуу журналга белгилейт) жана кассадан чек басып берет. Кассир (жооптуу кызматкер) Жобонун талаптарына ылайык маалымкат-сертификатты тариздейт.  

6. Кассир, жүргүзүлгөн эсептешүүлөрдү текшергенден кийин нак чет өлкө валютасынын тиешелүү суммасын берет. Ошол эле учурда, кассалык чек жана зарылчылыгына жараша маалымкат-сертификат да кошо берилет.  

7. Кассир, кардардын талабы боюнча, берилүүчү нак чет өлкө валютасын валюта детектору аркылуу анын көз алдында текшерүүгө милдеттүү.  

8. Эгерде, эсептешүүлөрдө ажырым-аныкталса же төлөө каражаты болбогон акча табылса, кассир сумманы кардарга кайтарып берет жана жетпеген акчаны толуктоосун сунуш кылат.  

9. Кардар жетпеген сумманы кошкон шартта, кассир анын көзүнчө чет өлкө валютасынын толук суммасын бирден эсептөө менен кабыл алат.  

10. Кайра саноо учурунда кассирдин столунда башка акчалар жана буюмдар болбоого тийиш.  

11. Кардар, чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу учурунда, эсептешүүлөрдүн тууралыгын кассадан алыс кетпей текшерүүгө укугу бар.  

12. Эгерде эсептешүүлөрдүн туура эмес экендиги аныкталган шартта, кардар берилген сумманы толугу менен кассирге кайра эсептөө үчүн берет. Ал эми кассир эсептешүүлөр учурунда жаңылыштык кетирсе, жетпеген сумманы толуктап берүүгө жана кардардын көзүнчө бирден кайра санап чыгууга милдеттүү.  

13. Нак акчаларды саноону банкнотторду санай турган машинканын жардамы менен жүзөгө ашырууга болот. Мында, столдо машинкадан башка буюмдар болбоого тийиш жана эсептин таблосу кардарды карап туруусу зарыл. Мында, банкнотторду текшерүүдө алар кардардын көз алдында болууга тийиш.  

14. Алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын көбөйүүсүнө/азаюусуна же ыйгарым укуктуу банкта чет өлкө валютасынын сатып алынышынан улам отчеттук суммалардын берилишине жана кабыл алынышына байланыштуу, чыгашалары жана нак акчаларды кассага кириштөө боюнча операциялары, операциялардын бүткөрүлүшү тартиби боюнча аларды каттоо журналында чагылдырылат. Мында, кириштөө жана чыгашалар боюнча бөлүмүндө, тиешелүүлүгүнөжараша "Алмашуу курсу" жана "Берилүүчү сумма" графаларында белги коюлат. Бул операциялар күндөлүк отчеттордо жана башка киреше жана башка чыгаша катары көрсөтүлөт.  

  Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын 

жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө»  

жобого карата 11-тиркеме  

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банкы 

  

  

______________________ 

  

  

(юридикалык жактын аталышы  

 

БИЛДИРМЕ 

 

Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 20___-жылдын «___» ____________ №____ лицензиясына ээ _______________________________________________ (юридикалык жактын толук аталышы жана дареги) 

____________________ (ишти токтотуу себеби көрсөтүлөт) байланышту _________________ (алмашуу бюросунун/кошумча алмашуу бюросунун дареги) ____ (күнү) тартып ______ (күнү) чейинки мезгилде __________ (алмашуу бюросунун/кошумча алмашуу бюросунун каттоо номери) алмашуу бюросунун/кошумча алмашуу бюросунун ишин токтоткондугу тууралуу билдирет.  

Өтүнүч катта көрсөтүлгөн маалыматтардын туура жана анык экендигин тастыктаймын. 

  

Күнү 

Юридикалык жактын жетекчисинин кол тамгасы 

Мөөрү».