Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2006-жылдын 28-июнунда 

N 19/4 токтому менен 

бекитилген 

 

Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдарда 

тышкы аудитти жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 

2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2015-жылдын 14-октябрындагы N 62/2, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА), 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорун редакцияларына ылайык) 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Микрофинансылык компанияларга тышкы аудитти жүргүзүүгө карата талаптар 

3. Микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик 

агентстволордун ишине тышкы аудитти жүргүзүү эрежелери 

 

1. Жалпы жоболор 

 

Бул "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдардын ишине тышкы аудит жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо (мындан ары - жобо) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө", "Аудитордук иш жөнүндө" жана "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана анда микрофинансылык уюмдардын, анын ичинде микрофинансылык уюм катары иш жүргүзүү үчүн Улуттук банктын күбөлүгүнө ээ болгон, колдонулган терминдердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын жылдык финансылык отчетуна тышкы аудитти жүргүзүүгө карата минималдуу талаптар белгиленген. 

Ушул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр. 

1.1. Тышкы аудит - бухгалтердик эсепке алуунун жана финансылык отчеттуулуктун аныктыгы, объективдүүлүгү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүсү жөнүндө көзкаранды болбогон пикирди билдирүү максатында, микрофинансылык уюмдар менен тышкы аудиторлордун ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылуучу бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчеттуулукту аудитордук текшерүү

1.2. Тышкы аудитор - Кыргыз Республикасынын "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамына ылайык жеке аудитор же аудитордук уюм болуп саналган адам (жак). 

1.3. Тышкы аудитордун көзкарандысыздыгы - тышкы аудитордун өзүнүн корутундуларынын, тыянактарынын натыйжаларына кимдир бирөөлөрдүн таасиринен көзкарандысыз жана тышкы аудитор катары пикирин билдирүүгө бардык бака тараптар таасир этпеген шарттарда өзалдынча аракеттенүү жөндөмдүүлүгү

1.4. Кызмат адамдары - микрофинансылык уюмдардын башкаруу органынын курамына кирүүчү, ошондой эле финансылык жана кредиттик операциялар боюнча ыйгарым укуктарга ээ жана ал боюнча жоопкерчиликтүү болгон адамдар. 

1.5. Аффилирленген жактар - бул боюнча маани Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамынын 1-статьясынын 5-пунктунда аныкталган. 

 

2. Микрофинансылык компанияларга тышкы аудитти 

жүргүзүүгө карата талаптар 

 

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/2 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

 

 

3. Микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик 

агентстволордун ишине тышкы аудитти жүргүзүү эрежелери 

 

3.1. Микрокредиттик компаниянын жана микрокредиттик агенттиктин (мындан ары - МКК/МКА) ишине тышкы аудит "Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" мыйзам талабына ылайык жүргүзүлөт.  

МКАнын ишине тышкы аудит жүргүзүлүшү мүмкүн. 

МКК, МККнын ишине тышкы аудит төмөндө келтирилген жагдайлардын бири орун алган шартта жыл сайын ишке ашырылууга тийиш: 

- кредиторлордон, анын ичинде финансы-кредит уюмдарынан карыздык каражаттар алынган шартта; 

- кредит портфелинин жылдык орточо мааниси 20 (жыйырма) млн сомду же андан жогоруну түзсө

- карыз алуучулардын саны 5 000 (беш миңди) же андан көптү түзсө

Мындай жагдайлар орун албаган МККнын ишине тышкы аудит эки жылда бир жолу жүргүзүлөт. 

МКК/МКАнын ишине тышкы аудит Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, аудиттин эл аралык стандарттарында жана ушул жободо белгиленген аудитордук ишке карата талаптарга таянуу менен ишке ашырылууга тийиш. 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган МКК/МКА ишине тышкы аудитти жүргүзүүдө Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепти жана аудитти белгилеген уюм тарабынан иштелип чыккан ислам финансылык институттары үчүн аудиттин стандарттары колдонулушу мүмкүн. 

3.2. Микрофинансылык компанияга өзгөртүп түзүлгөн МККнын ишине көз карандысыз тышкы аудит Улуттук банк Башкармасынын  2005-жылдын 14-июлундагы №22/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияланган банктардын жана башка финансы-кредит уюмдардын тышкы аудитине карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобого ылайык ишке ашырылууга тийиш. 

3.3. МКК/МКАга тышкы аудит Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аудитордук ишти жүзөгө ашырууга укуктуу болгон аудитордук уюм же жеке аудитор тарабынан жүзөгө ашырылат. 

3.4. Тышкы аудиторлорго карата талаптар: 

- Кыргыз Республикасынын аймагында аудитордук ишти жүзөгө ашыруу укугуна аудитордун тиешелүү лицензиясына/сертификатына ээ болуу; 

- өз алдынча көз карандысыз иш алып барып, объективдүү болуу, таламдардын каршы келип калышын шарттаган жагдайларга жол бербөө

Эгерде тышкы аудитти өз алдынча иш алып барган аудитор жүргүзө турган болсо, анда жогоруда белгиленген талаптарга кошумча аудиттин эл аралык стандарттарына жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык анын финансы-кредит уюмдарында аудит жүргүзүү жагында үч жылдык тажрыйбасынын болушу зарыл. 

МКК/МКАнын ишине аудит жүргүзүү үчүн тандалып алынган аудитордук уюмдун штаттык же сырттан тартылган аудиторлору төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бериши;  

- аудиттин эл аралык стандарттарына жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык анын финансы-кредит уюмдарында аудит жүргүзүү жагында үч жылдык тажрыйбасынын болушу. 

3.5. МКК/МКА тышкы аудитордун талапкерлерин тандоо жана бекитүү жол-жоболорун, аудитордук текшерүүнү жүргүзүүнүн иш чөйрөсүн жана графигин аныктоону, документтерди берүүнүн тартибин, тышкы аудиторлор тарабынан суралуучу жана аудитти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон түшүнүк берүүлөрдү жана тастыктоолорду.уюмдун кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин тышкы аудитор менен өзара аракеттенүүнүн тартибин, МКК/МКА жетекчилигине тышкы аудитор тарабынан аудитордук корутундуну жана катты берүүнүн тартибин кошо алуу менен, уюмдарга аудитордук текшерүүнү жүзөгө ашыруучу тышкы аудиторлор менен өзара аракеттенүү жол-жоболорун иштеп чыгат. 

3.6. МКК/МКА жылдык финансылык отчетуна тышкы аудитти жүргүзүү жөнүндө тышкы аудитор менен келишимди бекиткенден кийинки 10 иш күнүнүн ичинде тышкы аудиторду тандап алуу жөнүндө төмөндөгү маалыматтарды көрсөтүү менен Улуттук банкка кат жүзүндө билдирет: 

- жеке аудитордун аты-жөнүн/жетекчинин аты-жөнүн көрсөтүү менен аудитордук уюмдун аталышы; 

- жеке аудитордун/аудитордук уюмдун лицензиясынын реквизиттери (лицензиянын номери, алуу датасы, аракеттенүү мөөнөтү, ким тарабынан берилген); 

- жеке аудитордун/аудитордук уюмдун юридикалык дареги жана телефону. 

МКК/МКА Улуттук банкка тышкы аудитордун алмашылгандыгы жана анын себептери жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 10 иш күнүнүн ичинде (Чүй областында жана Бишкек шаарында - Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгына - башка областтарда Улуттук банктын областтык башкармалыктарына) билдирүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

3.7. МКК/МКАнун жылдык финансылык отчетун аудитордук текшерүү жөнүндө келишимде аудитти жүргүзүүнүн максаты жана иш чөйрөсү, аудитордук текшерүүнүн жүрүшүндө карала турган мезгил аралыгы, даярдала турган отчеттор жана аларды МКК/МКА жетекчилигине берүү мөөнөтү камтылат. 

3.8. МКК/МКА тышкы аудитти жүргүзүүнүн иш чөйрөсү төмөнкүдөй негизги аспектилерди камтыйт: 

- бухгалтердик эсепке алуунун жана финансы отчетунда операциялардын чагылдырылышынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келүүсү

- микрокредиттөө боюнча ишти уюштуруу: кредиттик саясаттын болушу; кредиттик билдирмелерди кароонун жол-жобосу; карызгерлердин кредиттик иштерин (досье) тиешелүү түрдө жүргүзүү; активдердин абалына жана сапатына мониторинг; активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдардын адекваттуулугуна баа берүү жол-жобосу; 

- ички контролду уюштуруу: кредиттик жана финансылык операциялар боюнча чечимдерди кабыл алуунун тартиби; структуралык бөлүмдөр жана кызматтык нускоолор жөнүндө жобонун бар болушу жана аларда көрсөтүлгөн талаптарды сактоо; бухгалтердик эсепке алууда операциялардын чагылдырылышына жана отчеттордун анык даярдалышына контролдук; филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн иштерине контролдук; 

- ички жол-жоболордун саясаттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүсү

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын так сактоо; 

- тобокелдиктердин тескөөгө алынышы сапатына баа берүү

3.9. Тышкы аудитор аудитти жүргүзүп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана аудиттин эл аралык стандарттарында белгиленген талаптарга ылайык тариздетилген аудитордук корутундуну, МКК/МКА жетекчилигине катты, ошондой эле тышкы аудитти жүргүзүү боюнча келишимде белгиленген бардык отчетту МКК/МКАга сунуштоого тийиш. 

Улуттук банк, эгерде төмөнкүлөрдү камтыган жагдайлардын орун алгандыгы аныкталган болсо, МКК/МКАнын тышкы аудиторунун корутундусун кабыл албай коюуга жана кайталап аудит жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу: 

- Кыргыз Республикасындагы "Аудитордук иш жөнүндө" мыйзамдын 11-беренесине ылайык, аудитти жүргүзүүдө чектөөлөр орун алгандыгы тууралуу тыянак чыгарууга негиз болгон маалыматтарды жаап-жашыруу фактылары аныкталса; 

- ыйгарым укуктуу орган тарабынан аудитордун квалификациялык сертификаты/лицензиясы кайтарылып алынган болсо; 

- тышкы аудитордун ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобонун 3.4-пунктунун талабына ылайык келбеген жагдайлар орун алгандыгын тастыктаган фактылар аныкталса. 

Улуттук банк жогоруда белгиленген жагдайлар аныкталган шартта, мөөнөттөрүн белгилеп жана негиздүү себептерин көрсөтүү менен кайталап аудит жүргүзүү талабын МКК/МКАнын дарегине жөнөтөт. МКК/МКА, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул жобонун талаптарына ылайык кайталап тышкы аудитти жүргүзүүгө милдеттүү. Кайталап өткөрүлгөн аудит МКК/МКАнын эсебинен ишке ашырылат.  

3.10. МКК/МКАга жетекчилигине бериле турган катта тышкы аудитор тарабынан аныкталган олуттуу кемчиликтер жана уюмдун бухгалтердик эсепке алуусунда жана финансылык отчеттуулугунда, ички контрол системасында, микрокредиттөө боюнча ишти уюштурууда, МКК/МКАны башкарууда дал келбестиктер, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууга жол берүүлөр ачып көрсөтүлөт, ошондой эле бети ачылган олуттуу кемчиликтерди жана дал келбестиктерди оңдоо боюнча сунуш-көрсөтмөлөр камтылат. 

3.11. МКК/МКА тышкы аудитордун корутундусун алгандан кийинки 30 күн ичинде, бирок отчеттук жылдан (мезгилден) кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен, (Чүй областы жана Бишкек шаары боюнча - Банк эмес финансы-кредит уюмдарын көзөмөлдөө башкармалыгына, башка областтарда - Улуттук банктын областтык башкармалыктарына жана өкүлчүлүгүнө) МКК/МКАнын жетекчилигине катты кошо алганда, тышкы аудитор тарабынан белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн МКК/МКАнын финансылык отчетун кошо тиркөө менен аудитордук корутундунун көчүрмөсүн Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.12. МКК/МКА, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, тышкы аудитор тастыктагандан кийин жылдык финансылык отчетун республикалык жана жергиликтүү маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялай алат. 

 

 

 

 

Эскертүү

(КР Улуттук Банк башкармасынын 2015-жылдын 14-октябрындагы № 62/2 токтомуна ылайык күчүн жоготту)