Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 

21-апрелиндеги 45-06 номерде каттоодон өткөн. 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармаcынын 

2006-жылдын 23-мартындагы 

№ 7/5 токтому менен 

бекитилген 

Кредиттик союздарга карата колдонулуучу таасир этүү чаралары жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 31-январындагы № 5/2, 2009-жылдын 28-октябрындагы № 43/5, 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 18/9, 2012-жылдын 12-декабрындагы № 48/10, 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/16, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8, 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

1.2. Кредиттик союздарга карата, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган колдонулуучу таасир этүү чаралары Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана бул Жободо каралган негиздерде жана тартиптерде колдонулуп, өзүндө эскертүү чараларын жана санкцияларды камтыйт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.3. Кредиттик союздардын катышуучуларынын жана кредиторлорунун таламдарын коргоо, кредиттик союздардын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер таасир этүү чарларын колдонуунун максаты болуп саналат. 

(КР УББ 2007-жылдын 31-январындагы № 5/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төмөнкү учурларда кредиттик союздарга жана/же анын кызмат адамдарына таасир этүү чараларын колдонуу укугуна ээ: 

- алар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, Улуттук банктын ченемдик актыларын жана талаптарын, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер боюнча мыйзамдын талаптарын бузууга жол берилген учурлар; 

- такталбаган маалыматтардын берилиши жана/же маалыматтар толук көлөмдө берилбей калган учурда; 

- коопсуз жана ишенимсиз финансылык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууда; 

- Шариат стандарттарына ылайык келбеген операцияларды жүргүзүү (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздар үчүн); 

- кредиттик союздун катышуучуларынын кызыкчылыгына коркунуч келтирүүчү аракеттерге же аракеттенбей коюуда; 

- кредиттик союздун уставын бузууга жол бергенде; 

- Улуттук банк тарабынан көзөмөлдөө функцияларын аткарууга тоскоолдуктарды жаратууда. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 31-январындагы № 5/2, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.5. Кредиттик союз тарабынан бул Жободо каралбаган кандайдыр-бир кемчиликтерге жол берилген учурда, Улуттук банк кредиттик союзга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

1.6. Кредиттик союздун башкармасынын төрагасы, Кредиттик комитеттин төрагасы, Текшерүү комиссиянын төрагасы жана башкы бухгалтер (башкы бухгалтер укугундагы бухгалтер) кредиттик союздун кызмат адамдары болуп саналат. 

2. Таасир этүү чаралары жөнүндө негизги жоболор 

2.1. Бул жободо кредиттик союздарга карата колдонулушу мүмкүн болгон төмөнкүдөй таасир этүү чаралары аныкталган: 

а) аныкталган талаптарды бузууга жол берүүлөрдү жана кемчиликтерди четтетүү жөнүндө жазма буйрук жөнөтүү

б) кыйла жогору экономикалык ченемдерди киргизүү

в) тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү

г) кредиттик союздун кызмат адамдарын иштен четтетүүнү же бошотууну, башкаруу органдарын алмаштырууну талап кылуу; 

д) кредиттик союзда айрым операцияларды жүргүзүүнү убактылуу токтотуу же чектөөлөрдү белгилөө

е) кредиттик союзда убактылуу администрацияны киргизүү

ж) кредиттик союзга жана анын кызмат адамына карата айыптык төлөм белгилөө

з) кредиттик союздун лицензиясынын аракетин убактылуу токтотуу; 

и) кредиттик союздун лицензиясын кайтарып алуу. 

Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу: 

- белгиленген иш-аракеттердин/аракеттенбей коюулардын натыйжасында кредиттик союз кооптуу же ишенимсиз финансылык ишке тартыла тургандыгын, же болбосо банктык мыйзамдардын же ченемдик актылардын талаптарын, Улуттук банктын жазма буйруктарын жана/же кредиттик союздун уставын бузууга жол бергендигин тастыктаган фактылар аныкталган шартта, кредиттик союздун кандай болбосун айкын иш-аракетин же жүзөгө ашырууну пландаштырган ишин токтотуу жөнүндө буйруу чыгарууга; 

- кредиттик союздун финансылык абалын чыңдоо боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү берүүгө.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.2. Ушул Жобонун 2.1.-пунктунун в), е), б) пунктчаларында көрсөтүлгөн таасир этүү чаралары катышуучулардан депозиттерди тартууга лицензияга ээ жана/же жоопкерчилиги чектелген коом Адистештирилген финансы-кредиттик мекеме "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсынын алдында карызы болгон кредиттик союздарга гана карата колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-декабрындагы № 48/10, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.3. Таасир этүү чаралары иш жагдайына, кемчиликтердин мүнөзүнө жана кредиттик союз үчүн алардан улам келип чыгышы мүмкүн болгон кесепеттерге жараша колдонулат. Таасир этүү чараларын кезеги менен же ыраттуу колдонуу жагы каралган эмес. 

2.4. Кредиттик союзга карата таасир этүү чараларын колдонуу чечими төмөнкү жагдайларга жараша кабыл алынат: 

- кемчиликтин мүнөзүнө жана анын кредиттик союздун ишине, финансылык абалына тийгизген таасирине; 

- кредиттик союздун катышуучуларынын жана кредиторлорунун таламдарына зыян келтирүү ыктымалдыгына; 

- кредиттик союздун кызмат адамдарынын келип чыккан проблемаларды чечүүгө жөндөмдүүлүгүнө

- кредиттик союздун кызмат адамдарынын Улуттук банктын талаптарын аткаруусуна; 

- кредиттик союздун кызмат адамдарынын жана/же катышуучуларынын кемчиликтердин жол берилишине жеке кызыкчылыгы орун алган шартта; 

- кемчиликтерге тез-тез жана көптөн бери жол берилип келишине; 

- кемчиликтерге жол бергендиги үчүн буга чейин таасир этүү чараларынын колдонулушуна; 

- кредиттик союзда негизги иш багыттары жана ички контролдуктун натыйжалуулугу боюнча жол-жоболордун жана саясаттардын иштелип чыгуусуна; 

- кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттер жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылган иштердин же операциялардын мүнөзү, саны жана көлөмү

- башка факторлорго жана жагдайларга жараша. 

(КР УББ 2007-жылдын 31-январындагы № 5/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.5. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин компетенциясына кредиттик союзга карата төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алуу милдети кирет: 

- кыйла жогору экономикалык ченемдерди киргизүү

- тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү

- кредиттик союзга убактылуу администрация режимин киргизүү

- айрым операцияларды жүргүзүүнү убактылуу токтотуу же чектөөлөрдү белгилөө

- кредиттик союздун кызмат адамдарын иштен четтетүүнү же бошотууну, башкаруу органдарын алмаштырууну талап кылуу; 

- кредиттик союзга жана анын кызмат адамына карата айыптык төлөм белгилөө

- лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу; 

- лицензияны кайтарып алуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/16, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.5-1. Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин отурумуна документтердин долбоорлорун даярдайт жана андан ары Көзөмөл боюнча комитеттин кароосуна сунуштоо үчүн аларды Улуттук банктын көзөмөл блогунун тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө жөнөтөт 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8, 2018-жылдын 15-августундагы № 2018-П-33/33-8-(НФКУ) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

2.6. Көзөмөл блогунун бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдүн начальниги, кредиттик союзга карата төмөнкүдөй таасир этүү чараларын колдоно алат: 

- жазма буйрук жөнөтүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/16 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.7. Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги, тиешелүү областтын аймагында катталган кредиттик союзга карата төмөнкү таасир этүү чараларын колдоно алат: 

- эскертүү

- (үчүнчү абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/16 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

- (төртүнчү абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/16 токтомуна ылайык күчүн жоготту); 

- (бешинчи абзац КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/16 токтомуна ылайык күчүн жоготту). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/16 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.8. Кат жүзүндө жөнөтүлгөн эскертүү. Улуттук банктын таасир этүү чарасы болуп саналбайт жана кредиттик союздун ишинде белгилүү бир мыйзам бузууларга жана/же анын туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө коркунуч туудурган кемчиликтерге жана тобокелдиктерге жол берилген учурларда жөнөтүлөт. Кат жүзүндө эскертүү, эгерде жол берилген кемчиликтер жана/же мыйзам бузуулар четтетилбесе, анда ага карата тиешелүү таасир этүү чарасы колдонула тургандыгын маалымдоо максатында, Улуттук банктын көзөмөл бузууга жол берилгендиги фактысын аныктаган түзүмдүк бөлүмдүн начальниги/Улуттук банктын областтык башкармалыгынын начальниги тарабынан жөнөтүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/16, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.9. Улуттук банктын кредиттик союздун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган кемчиликтерди четтетүүгө тиешелүү, кредиттик союз милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон эскертүүлөр жөнүндө отчет кредиттик союзга жөнөтүлөт. Кредиттик союз тарабынан аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча эскертүүлөрдү аткарбай коюунун фактылары аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн. 

3. Таасир этүү чараларын колдонуу 

(Главанын аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.1. Аныкталган кемчиликтерди белгилүү мөөнөттө четтетүүгө тиешелүү ыйгарым укуктуу жак кол койгон эскертүү кредиттик союз тарабынан колдонулууга тийиш болгон чараларды аныктайт жана белгилүү мөөнөт аралыгында милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. 

Кредиттик союзга эскертүү төмөнкү учурларда жөнөтүлөт: 

- кредиттик союз тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берилгенде; 

- Улуттук банктын экономикалык ченемдерин жана талаптарын сактабаганда; 

- финансылык отчеттуулукту жана мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттор Улуттук банк белгилеген мөөнөттө берилбей калган учурда; 

- такталбаган маалыматтар жана/же маалыматтар толук берилбей калган учурда; 

- Улуттук банктын кызматкерлерине көзөмөлдүк функцияларын аткаруусуна тоскоолдуктарды жаратууда. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/16 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2. Кыйла жогорулатылган экономикалык ченемдерди белгилөө. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан айкын бир кредиттик союзга карата түптөлгөн жагдайдын оордоп кетүүсүнө бөгөт коюу максатында, кредиттик союздун ишине таасир этүү зарылчылыгы келип чыккан учурда, бир кыйла катуулатылган экономикалык ченемдерди белгилей алат, бул учурда кредиттик союз тарабынан Улуттук банктын минималдуу экономикалык ченемдери же талаптары сакталып турушу мүмкүн. 

3.3. Тике көзөмөлдү киргизүү. Тике көзөмөлдү киргизүү жөнүндө чечим Улуттук банктын Көзөмөлдүк боюнча комитети тарабынан кабыл алынат. 

Улуттук банк тарабынан тике көзөмөлдү киргизүүнүн негизи болуп төмөнкүлөр эсептелет: 

- ишти андан ары улантууга коркунуч жараткан финансылык проблемалар орун алса жана кредиттик союз аларды белгиленген мөөнөт ичинде четтетүүгө жөндөмсүз болсо; 

- кредиттик союздун кызмат адамдарынын анын финансылык абалына жана ишине терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон аракеттерге жол берүүсү же аракеттенбей коюусу; 

- кредиттик союздун катышуучуларынын жана кредиторлорунун таламдарына олуттуу зыян келтирүүнүн айкын ыктымалдуулугу орун алса; 

- Шариат стандарттарына ылайык келбеген операцияларды жүргүзүү (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздар үчүн); 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

Тике банктык көзөмөлдүк кредиттик союздун операцияларына контролдукту, анын финансылык абалына, эсепке алуу жана отчеттуулугуна мониторинг жүргүзүү, ошондой эле Улуттук банк тарабынан аныкталган башка максаттар үчүн киргизилет. 

Көзөмөл боюнча комитет тике көзөмөлдү ишке ашырууга Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматчысын дайындай алат. 

Тике көзөмөлдү жүзөгө ашыруу учурунда, кредиттик союздун кызмат адамдары кредиттик союздун финансылык абалы үчүн жоопкерчилик тартууну улантышат, бирок, алар кредиттик союздун ишин башкарууну Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкеринин көзөмөлдүгү астында жүргүзүшөт. 

Кредиттик союздун катышуучулары жана кызмат адамдары Улуттук банктын ыйгарым укуктуу кызматкерине кредиттик союздун ишине байланыштуу бардык маалыматтарды берүүгө милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.4. Кредиттик союздун кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органдарын алмаштыруу жөнүндө талап Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан коюлат. Кредиттик союздун кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органдарын алмаштыруу үчүн төмөнкүлөр негиз катары саналат: 

- кредиттик союздун кызмат адамынын, анын компетентсиздигин кошо алганда, келип чыккан маселелерди чечүүгө жөндөмсүздүгү

- эгерде, көрүлгөн башка таасир этүү чаралары алгылыктуу натыйжасын бербесе, кредиттик союздун кызмат адамдарынын анын финансылык абалына жана ишине терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон аракеттерге жол берүүсү же аракеттенбей коюусу; 

- Улуттук банктын кызматчысынын көзөмөлдөө функцияларын аткарууга системалуу (12 календардык ай ичинде эки жана андан көп жолу) тоскоолдуктарды жаратуусу; 

- кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу кредиттик союздун кызмат адамына карата кылмыш ишин козгоо (экономикалык жана кызматтык ишинде кылмыштуулукка жол бергендиги боюнча); 

- кредиттик союздун кызмат адамдарына карата экономика чөйрөсүндө кылмыштуулукка жол бергендиги жана/же кызматтык кылмыштары үчүн күнөөлөө өкүмүн чыгарылса; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/16, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.5. Кредиттик союздун айрым операцияларын убактылуу токтотуу же чектөө. Кредиттик союздун айрым операцияларын убактылуу токтотуу же чектөө жөнүндөгү чечимге Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети, кредиттик союздун ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банкынын ченемдик актыларынын жоболорун бузууга жол берилгендиктин же белгиленген экономикалык ченемдердин, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүдө Шариат стандарттарын, сакталбашын кошо алганда, жөнөтүлгөн эскертүүлөрдүн аткарылбай калуусу фактылары, ошондой эле кредиттик союздун коопсуз болбогон же ишенимсиз финансылык ишке тартылышы учурунда кол коюлат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/16, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.6. Кредиттик союзга убактылуу администрация режимин киргизүү.  

Убактылуу администрация режимин киргизүү чечими Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан кабыл алынат.  

Убактылуу администрация режимин киргизүү үчүн төмөнкүлөр негиз катары саналат: 

- кредиттик союздун башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана кредиттик союздун уставына ылайык иш жүргүзүүгө жөндөмсүздүгү

- кредиттик союздун финансылык абалынын канааттандырарлыксыздыгы; 

- кредиттик союздун кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам талаптарын бузууга жол бериши, аларга карата кылмыш ишинин козголушу же финансылык көзбоемочулук айыптоолору боюнча тергөөнүн башталышы; 

- кредиттик союздун башкаруу органдарынын жана/же кредиттик союздун катышуучуларынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин негиздүү өтүнүчтөрү

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.6.-1. Кредиттик союзга карата айыптык төлөм белгилөө

Кредиттик союзга карата айыптык төлөм Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечиминин негизинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, банктык мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги, Улуттук банктын милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйруктарын аткарбагандыгы же системалуу түрдө отчет сунуштабагандыгы же болбосо такталбаган маалыматты, отчетторду же билдирүүлөрдү сунуштагандыгы үчүн активдердин баланстык наркынын 10 (он) пайызынан ашпаган өлчөмдө белгиленет.  

Кредиттик союз чечим кабыл алынгандан тартып бир айлык мөөнөт ичинде айыптык төлөм төлөөгө милдеттүү

Айыптык төлөм төлөнбөгөн шартта, Улуттук банк кредиттик союздан айыптык төлөмдү мажбурлоо менен өндүрүп алууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.6.-2. Кредиттик союздун кызмат адамына карата айыптык төлөм белгилөө

Кредиттик союздун кызмат адамдарына карата айыптык төлөм белгилөө чечими Көзөмөл боюнча комитет тарабынан мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги, Улуттук банктын милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма буйруктарын аткарбагандыгы же системалуу түрдө отчет сунуштабагандыгы же болбосо такталбаган маалыматты, отчетторду же билдирүүлөрдү сунуштагандыгы үчүн бардык төлөөлөр түрүн (эмгек акы, сый акылар, бонустар ж.б.) кошо алганда, орточо жылдык сый акы өлчөмүндө кабыл алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.7. Лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу. Лицензиянын аракетин убактылуу токтотуу жөнүндө чечим төмөнкү учурларда Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан кабыл алынат: 

- кредиттик союз тарабынан Улуттук банктын эскертүүлөрү дайыма аткарылбай келсе; 

- кредиттик союз тарабынан лицензияда каралбаган операциялар ишке ашырылса; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкеринин анын көзөмөлдүк функцияларын аткарууга тоскоолдуктар жаратылса; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган башка учурларда. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/16, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.8. Лицензияны кайтарып алуу. Көзөмөл боюнча комитет кредиттик союздун лицензиясын кайтарып ала алат. Кредиттик союздун лицензиялары төмөндөгү учурларга жол берилген шартта кайтарылып алынышы мүмкүн: 

- кредиттик союздун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Улуттук банктын ченемдик актыларынын жана талаптарынын жоболор сакталбаса; 

- кредиттик союздун төлөөгө жөндөмсүздүгү

- Улуттук банк анын негизинде лицензиянын аракетин токтоткон себептер белгиленген мөөнөттө четтетилбесе; 

- такталбаган маалыматтар дайыма берилген болсо; 

- такталбаган маалыматтар берилсе жана анын негизинде лицензия берилген болсо; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынган операцияларга катышса; 

- кредиттик союздун лицензияда каралбаган ишти жүргүзсө

- эгерде кредиттик союз каттоодон өтүп, жана/же иштөө мезгили ичинде кредит (ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздар үчүн - анын шарттары боюнча акча каражаттары сунушталган бүтүмдөр) берүү ишин жүзөгө ашырбаса; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда. 

Кредиттик союздун ишин андан-ары улантуусу анын катышуучуларынын таламдарына айкын коркунуч туудурушу мүмкүн болсо, ал эми көрүлгөн башка чаралар финансылык абалдын жакшыруусуна алып келбесе, лицензияны кайтарып алуу чарасы акыркы чара болуп эсептелет. Эрежедегидей эле, лицензияны кайтарып алууга чейин кетирилген кемчиликтерди кетирүүгө багытталган бардык таасир этүү чаралары көрүлүүгө тийиш. 

(КР УББ 2009-жылдын 28-октябрындагы № 43/5, 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/16, 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.9. Кредиттик союз Улуттук банк тарабынан лицензиясы кайтарылып алынган төмөнкүдөй учурларда жоюлууга тийиш: 

- эгерде кредиттик союзда добуш берүү укугуна ээ болгон жеке жактарынын - катышуучуларынын саны ондон аз болуп калса; 

- эгерде кредиттик союз мыйзамдарга ылайык сактык пайларынын жалпы суммасынын минималдуу өлчөмүн сактоо боюнча шарттарды аткарбаса; 

- эгерде кредиттик союз системалуу түрдө (б.а. катары менен 12 календардык ай ичинде эки жана андан көп жолу) мыйзам жоболорун, ченемдик укуктук актыларын, Улуттук банктын жазма буйруктарын жана/же кредиттик союздун уставын бузса, анын натыйжасында кредиттик союздун иши кооптуу же финансылык жактан ишенимсиз болуп калса же болуп калышы ыктымал болсо; 

- эгерде кредиттик союз мыйзамдарга ылайык төлөөгө жөндөмсүз деп таанылса. 

(КР УББ 2009-жылдын 28-октябрындагы № 43/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.10. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети лицензияны кайтарып алуу чечимин кабыл алгандан кийинки үч күн ичинде кредиттик союз лицензиялардын (кошумча лицензияны кошо алганда) түп нускасын Улуттук банкка тапшырууга милдеттүү, ал эми бир ай ичинде соттук эмес тартипте жоюу жол-жобосу башталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 53/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.11. Кредиттик союзду жоюу боюнча милдеттер анын катышуучуларына же кредиттик союздун уставы менен жоюуга ыйгарым укуктуу башкаруу органына жүктөлөт. 

(КР УББ 2009-жылдын 28-октябрындагы № 43/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.12. Кредиттик союз төлөөгө жөндөмсүз учурда банкроттук жөнүндө мыйзамга ылайык жоюлууга тийиш. Мында кооперативдерди банкроттукка чыгаруу процессинин өзгөчөлүктөрү кредиттик союздарга карата колдонулбайт. 

(КР УББ 2009-жылдын 28-октябрындагы № 43/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.13. Өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу лицензиясына ээ кредиттик союз төлөөгө жөндөмсүз абалда калган учурда, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоюулууга тийиш. 

(КР УББ 2009-жылдын 28-октябрындагы № 43/5, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4. Улуттук банктын таасир этүү чараларын көрүү чечимине карата кредиттик союздун сотко чейин даттануусунун тартиби 

4.1. Улуттук банктын таасир этүү чараларды колдонуу жөнүндө чечимине "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктар, банктык операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырган уюмдар жана алардын уюштуруучулары (катышуучулары), юридикалык жактар жана жеке адамдар ортосунда келип чыккан талаш маселелерди сотко чейин жөнгө салуу жөнүндө" жобого ылайык датанууга болот. 

 

4.2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

4.3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту)