Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2003-жылдын 27-декабрындагы 

N 36/1 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иш алып барган банктык эмес финансы-кредит уюмдардын финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат берүүсүнө карата талаптар жөнүндө

ЖОБО 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы N 22/5, 2009-жылдын 18-ноябрындагы N 46/18, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Бул жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары текст боюнча Улуттук банктын) лицензиясынын негизинде иш алып барган микрофинансылык компаниялардын, депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы бар кредиттик союздардын (мындан ары - БФКУ) финансылык отчетторунун курамы, аларды түзүү жана берүү эрежелери аныкталган. Консервация, убактылуу администрация режимин башынан кечирип жаткан БФКУдер да финансылык отчетторун ушул Жобого ылайык берүүсү зарыл Бул мекемелердин финансылык отчетторду түзүү принциптери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 564 "Кыргыз Республикасында чакан жана орто ишкердик субъекттери үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары жөнүндө" токтому менен бекитилген Финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарына ылайык келүүгө тийиш. 

Убактылуу администрлөө режиминде турган банктык эмес финансы-кредит уюмдар да финансылык отчетторун ушул Жобого ылайык беришет. 

Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык очтетторду түзүү принциптери Финансылык отчеттордун эл аралык стандарттарына ылайык келет. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы N 22/5, 2009-жылдын 18-ноябрындагы N 46/18, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.2. Банктык эмес финансы-кредит уюмдардын финансылык отчеттору, алар тарабынан отчеттук мезгил ичинде түптөлгөн финансылык абалды жана ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгын структурага салып чагылдырууну түшүндүрөт. 

1.3. Банктык эмес финансы-кредит уюмдардын финансылык отчеттордун максаты болуп: 

- пайдалануучулардын кеңири чөйрөсүнө экономикалык чечимдерди кабыл алууда пайдалуу болгон финансылык абал, ишкердиктин финансылык натыйжалары жана акча каражаттарынын жылышы тууралуу маалыматтарды берүү

- активдер, милдеттенмелер, капитал, кирешелер жана чыгашалар (түшкөн пайда жана кеткен чыгымдарды кошо алганда) жана акча каражаттарынын жылышы жөнүндөгү маалыматтарды берүү аршлуу банктык эмес финансы-кредит уюмдун жетекчилигине ишенип берилген ресурстардын тескөөгө алынышынын жыйынтыктарын берүү

1.4. Финансылык отчетторду пайдалануучулардан болуп: инвесторлор, акционерлер, уюштуруучулар, катышуучулар, кредиторлор, карыз алуучулар. Эларалык финансылык уюмдар, салык органдары, Улуттук банк жана башка пайдалануучулар саналышат. 

2. Финансылык отчеттун курамы жана ага карата коюлуучу жалпы талаптар 

2.1. Финансылык отчет отчеттуулуктун формаларынан турат жана бардык отчеттор ушул Жобого кошо тиркелген формаларга ылайык түзүлүүгө тийиш: 

- түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет (N 1 форма, 1-тиркеме); 

- отчеттук мезгилдин акыркы күнүнүн акырына карата бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндөгү отчет (N 2 форма, 2-тиркеме); 

- акча каражаттарынын жылышы жөнүндөгү отчет (N 3 форма, 3-тиркеме); 

- капиталдын структурасындагы өзгөрүүлөр тууралуу отчет (N 4 форма, 4-тиркеме); 

- түшүндүрмө тилкат (чечмелөөлөр). 

2.2. Финансылык отчетто, эгерде бул зарыл болсо, берилген маалыматтардын так түшүндүрүлүшү үчүн төмөнкү маалыматтар кайталанып бөрилиши мүмкүн: 

- отчет берип жаткан банктык эмес финансы-кредит уюмдун аталышы; 

- финансылык отчет менен жабылган отчеттук дата же мезгил аралыгы; 

- отчет түзүлгөн валюта; 

- финансылык отчетто сандарды келтирүүдө колдонулган өлчөө бирдиктери жана тактык деңгээлдери. 

2.3. Финансылык отчетту түзүүдө банктык эмес финансы-кредит уюмдун жетекчилиги банктык эмес финансы-кредит уюмдун өз ишин улантып кетүүгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүгө тийиш. Финансылык отчет, эгерде банктык эмес финансы-кредит уюмдун жетекчилиги мекемени жоюуга жө анын иш чөйрөсүн олуттуу кыскартууга ниеттенип жатпаса же анын зарылчылыгы жок болгон шартта гана, иштин үзгүлтүксүздүгүнүн негизинде түзүлүүгө тийиш. Мекеменин жетекчилиги отчетту түзүү учурунда банктык эмес финансы-кредит уюмдун келечекте өз ишин улантып кетүүсүнөн олуттуу шектенүүнү пайда кылган окуяларга же шарттарга байланыштуу кандайдыр бир белгисиздиктин орун алып тургандыгынан кабардар болгон болсо, ал жагдайлар чечмеленип берилүүгө тийиш. 

Эгерде, финансылык отчеттуулук иштин үзгүлтүксүздүгүнө жол берүүнүн негизине таянбастан түзүлгөн болсо, бул факт да, банктык эмес финансы-кредит уюм эмне үчүн ишин үзгүлтүксүз жүргүзө албагандыгынын себептери жана отчеттуулук кандай негизде түзүлгөндүгү фактысы сыяктуу эле, ачык көрсөтүлүүгө тийиш. 

2.4. Банктык эмес финансы-кредит уюм, акча каражаттарынын жылышы жөнүндөгү отчетту эске албаганда, чегерүү ыкмасын колдонуу менен финансылык отчетту түзүүсү зарыл. 

2.5. Финансылык отчеттуулуктун максатында календардык жылдын 1-январынан 31-декабрын кошо алгандагы мезгил банктык эмес финансы-кредит уюмдар үчүн отчеттук мезгил аралыгы болуп саналат. 

Жылдын 1-октябрына чейин жаңыдан түзүлгөн банктык эмес финансы-кредит уюм үчүн биринчи отчеттук мезгил болуп, мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 31-декабрды кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат. 

Жылдын 1-октябрынан кийин түзүлгөн банктык эмес финансы-кредит уюм үчүн отчеттук мезгил болуп, анын мамлекеттик каттоодон өткөн күнүнөн тартып кийинки жылдын 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат. 

2.6. Банктык эмес финансы-кредит уюмдун отчеттук мезгили өзгөргөн өзгөчө жагдайларда жана финансылык отчеттуулук бир жылдан узагыраак же кыскараак мезгил үчүн берилген учурда, банктык эмес финансы-кредит уюм финансылык отчетто камтылган мезгилге кошумча, төмөндөгүлөрдү ачык көрсөтүүгө тийиш: 

- бир жылдан айрымаланган мезгил аралыгын пайдалангандыктын себептерин; 

- түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар, капиталдагы өзгөрүү- лөр тууралуу, акча каражаттарынын жылышы тууралуу отчеттордогу жана тиешелүү эскертүүлөрдөгү салыштырылуучу суммалар дал келбей тургандыгы фактысын. 

2.7. Банктык эмес финансы-кредит уюмдун финансылык отчеттуулугундагы ар бир олуттуу статья ачып көрсөтүлөт жана финансылык отчетто өзүнчө берилет. Ал эми олуттуу болбогон статьялар ушундай эле мүнөздөгү же багыттагы суммалар менен топтоштурулат. 

2.8. Финансылык отчеттуулуктун маңызы жана формалары бир отчеттук мезгилден экинчисине карата ырааттуу колдонулат (ырааттуулук принциби). 

Финансылык отчеттуулукгун ар бир сандык көрсөткүчү боюнча өткөн отчеттук жылдагы ошондой эле көрсөткүчтөр келтирилүүгө тийиш. 

2.9. Финансылык отчеттордо статьяларды классификациялоо жана берүү төмөнкү учурларды эске албаганда, бир гиезгилден экинчисине чейин сакталууга тийиш: 

- банктык эмес финансы-кредит уюмдун операцияларынын мүнөзүндө олуттуу өзгөрүүлөр жүргөн учурда же алардын финансылык отчетто берилишине анализдөөлөрдү жүргүзүү, өзгөрүүлөр окуялардын же операциялардын бир кыйла так берилишине алып келе тургандыгын тастыктаган учурда; 

- өзгөрүүлөрдүн киргизилиши нормативдик укуктук актылар тарабынан талап кылынган болсо. 

2.10. Эгерде отчеттук датага чейинки маалыматтар отчеттук мезгилдеги маалыматарга дал келбей калган болсо, анда отчеттук мезгилге чейинки мезгилдин маалыматтары Улуттук банктын нормативдик документтеринде белгиленген эрежелердин өзгөрүүсүнө жараша корректировкаланууга тийиш. Ар бир корректировкалоо финансылык отчеттуулукка карата түшүндүрмөдө себептерин көрсөтүү менен ачык берилиши зарыл. Эгерде, корректировкалоолорду жүргүзүүнүн зарылчылыгы жок болсо, банктык эмес финансы-кредит уюм анын себептерин, ошондой эле суммаларды корректировкалоо учурунда жүрүшү мүмкүн болгон өзгөрүү- лөрдүн мүнөзүн ачык көрсөтүүгө тийиш. 

2.11. Финансылык отчеттуулук формаларында отчетту түзүү күнүнө карата операциялар жүргүзүлбөгөн статьяларда "нөл" деген сандык маани көрсөтүлөт. Эгерде, банктык эмес финансы-кредит уюм финансылык отчеттуулуктун формаларында көрсөтүлгөн тигил же бул операцияны жүргүзбөсө, ал отчеттуулуктун курамына киргизилбейт. 

2.12. Банктык эмес финансы-кредит уюмдун финансылык отчеттуулугу, эгерде белгиленген тартипте ратификацияланган эларалык келишимде башкасы белгиленбесе, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында түзүлүүгө тийиш. 

2.13. Финансылык отчеттуулукка банктык эмес финансы-кредит уюмдун жетекчиси жана башкы бухгалтери кол коюуп, ошол мекеменин мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

2.14. Финансылык отчеттуулуктагы мурдагы мезгилдерде эсепке алынбай калган, жылдык отчетту бекиткенге чейин аудитордук корутундуну алгандан кийин гана аныкталган өзгөрүүлөр, өтүп жаткан мезгилге карата корректировкалоолор катары эске алынууга тийиш. 

2.15. Финансылык отчеттуулукта каталарды оңдоолор оңдоо киргизилген күндүн датасын чагылдыруу менен 2.13.-пунктта көрсөтүлгөн адамдарын колтамгасы менен тастыкталат. 

2.16. Финансылык отчеттуулукту түзүүдө анын жетишээрлик тактыгын камсыз кылуу максатында, банктык эмес финансы-кредит уюмдун жетекчиси же финансы отчетун түзүүгө жоопкерчиликтүү адам, ушул Жобонун талаптарын эске алуу менен тышкы аудиторго кеңешүүнүн негизинде финансылык отчеттуулуктун формаларына статьяларды кошууга жана/же андан кыскартууга укуктуу. 

2.17. Банктык эменс финансы-кредит мекеменин жетекчилиги финансылык отчеттордун даярдалышы жана берилиши үчүн жоопкечиликтүү

3. Банктык эмес финансы-кредит уюмдардын финансылык отчетторду берүү жана жарыялоо тартиби, мөөнөттөрү 

3.1. Жыл сайын, көз карандысыз тышкы аудит жүргүзүлгөндөн кийин, микрофинансылык компания төмөнкү формалар боюнча финансылык отчеттун бир нускасын Улуттук банкка берүүгө тийиш түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет (N 1 форма) отчеттук мезгилдин акыркы күнүнүн бүтүшү карата бухгалтердик баланс боюнча финансылык абалга тиешелүү отчет (N 2 форма), акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет (N 3 форма) жана капиталдын түзүмүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу отчет (N 4 форма) Финансылык отчет Улуттук банкка тышкы аудитордун корутундусунун көчүрмөсү менен (өзгөртүүлөрсүз) тышкы аудитор отчетту БФКУге бергенден кийинки 30 күн ичинде, бирок финансы жылы бүткөндөн 105 күндөн кечиктирбестен берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы N 22/5 токтомунун режакциясына ылайык) 

3.2. Жыл сайын микрофинансылык компания төмөнкү формалардан турган финансылык отчеттун чечмелөө менен жарыялоого тийиш: түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет (N 1 форма) 31-декабрь күнүнүн акырына карата бухгалтердик баланс боюнча финансылык абалга тиешелүү отчет ( N 2 форма), акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет ( N 3 форма) жана капиталдын түзүмүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу отчет (4 форма). Финансылык отчеттун формалары аудитордук текшерүү аягына чыгып, финансылык отчет бекитилгенден кийин, аудитордук корутунду менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик жана/же расмий тилдерде отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен жарыяланууга тийиш. Микрофинансылык компания, Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү фонду алардын кеңири жайылтылышы жана жеткиликтүү болушу үчүн финансылык отчеттун формаларын аудитордук корутунду менен бирге жарыялоо максатында маалымат каражаттарын тандоосу зарыл. Отчеттун жарыялангандыгы жөнүндө маалымат, жарыяланган отчеттун көчүрмөсүн кошо тиркөө менен жарыялангандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы N 22/5, 2009-жылдын 18-ноябрындагы N 46/18, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.3. Жыл сайын тышкы аудит жүргүзүлүп жана жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурда депозиттерди тартуу укугуна лицензиясы болгон кредиттик союздар төмөнкү формалардан турган финансылык отчетту жарыялоого тийиш: түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет (N 1 форма) 31-декабрь күнүнүн акырына карата бухгалтердик баланс боюнча финансылык абалга тиешелүү отчет ( N 2 форма), акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет ( N 3 форма) жана капиталдын түзүмүндөгү өзгөрүүлөр тууралуу отчет (4 форма). Финансылык отчеттун формалары аудитордук текшерүү аягына чыгып, финансылык отчет бекитилгенден кийин, аудитордук корутунду менен бирге жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик жана/же расмий тилдерде отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирбестен жарыяланууга тийиш. Отчеттун жарыялангандыгы жөнүндө маалымат, жарыяланган отчеттун көчүрмөсүн кошо тиркөө менен жарыялангандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берилүүгө тийиш. 

3.4. Банктык эмес финансы-кредит уюмдар тарабынан финансылык отчеттуулукту берүү тартибин бузууга жол берилген учурда, такталбаган маалыматтардын берилип кетиши, ошондой эле отчеттор белгиленген талаптарды сактоосуз жарыяланып жиберилиши учурунда Улуттук банк аларга карата колдонуудагы мыйзамдарга ылайык таасир көрсөтүү чараларын көрөт. 

3.5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9 токтомуна ылайык алынып салынды) 

4. Банктык эмес финансы-кредит уюмдар тарабынан отчетторду башка түрлөрүн берүү тартиби жана мөөнөттөрү 

4.1. Банктык эмес финансы-кредит уюмдар ошондой эле, маалыматтар жайгаштырылуучу такталарда кредиттер боюнча пайыздык ставкалар (жылдык), юридикалык жактардын жана жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери боюнча пайыздык ставкалар жөнүндөгү маалыматтарды жана чечим кабыл алынган учурдан тартып кредиттөөнүн жана депозиттерди кабыл алуунун башка шарттары тууралуу маалыматтарды жарыялап турууга тийиш. 

4.2. Квартал сайын банктык эмес финансы-кредит уюм кварталдын бүтүшүнөн кийинки 30 күн ичиндө маалымат такталарында түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчетту (N 1 форма), отчеттук кварталдын акыркы күнүнүн акырына карата бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндөгү отчетту (N 2 форма) жайгаштыруусу зарыл. 

4.3. Улуттук банк банктык эмес финансы-кредит уюмдун ишине тиешелүү кайсыл болбосун маалыматтын берилишин жыл ичинде талап кылууга укуктуу. 

4.4. Жоюу жана банкроттук процесстерин башынан кечирип жаткан банктык эмес финансы-кредит уюмдар бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндөгү отчетун (N 2 форма) Улуттук банкка жыл сайын берип турушат. 

5. Түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндөгү отчет 

5.1. Түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндөгү отчетто банктык эмес финансы-кредит уюмдун ишинин жыйынтыгында келип чыккан кирешелер жана чыгашалар, алардын мүнөзү боюнча топтоштурулууга жана кирешелердин жана чыгашалардын негизги түрлөрүн чагылдырууга тийиш. 

5.2. Кирешелер жана чыгашалар статьялары төмөнкү учурларды эске албаганда, өзара чегерүүгө жатпайт: 

а) муну Финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттары талап кылган болсо же ага уруксат берсе; же 

б) тиешелүү жагдайлардын натыйжасында келип чыккан пайдалар, чыгымдар жана ушундай эле чыгашалар олуттуу болуп саналбайт, мындай суммалар кошулууга тийиш. 

5.3. Түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндөгү отчетко карата түшүндүрмөдө банктык эмес финансы-кредит уюмдун жетекчилиги орточо пайыздык ставкалар, орточо пайыздык активдер жана жыл ичиндеги башка пайыздык милдеттенмелер боюнча орточо пайыздар тууралуу кошумча маалыматтарды, ошондой эле бир акциядан алынган пайданы чагылдырууга тийиш. 

Пайыздык кирешелер 

Карыздык милдеттенмелерден түшкөн пайыздык кирешелер "Карыздык милдеттенмелер боюнча пайыздык киреше" деп аталган 1-статьяда чагылдырылган. Бул статья "Карыздык милдеттенмелер боюнча пайыздык киреше" деп аталган 60000 топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түптөлөт. 

Банктарда жана башка финансы уюмдарында жайгаштырылган депозиттерден түшкөн пайыздык кирешелер "Банктарда жана башка финансы уюмдарындагы депозиттер боюнча пайыздык киреше" деп аталган 2-статьяда чагылдырылат. Бул статья "Банктарда жана башка финансы уюмдарындагы депозиттер боюнча пайыздык киреше" деп аталган 60100 топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түптөлөт. 

Берилген кредиттерден алынган пайыздык кирешелерди, ошондой эле кредиттерди берүүгө байланыштуу комиссиондуктарды жана алынган айыптык төлөмдөрдү "Кредиттер боюнча пайыздык киреше жана комиссиондуктар" деп аталган 3-статья чагылдырат. Бул статья "Кредиттер боюнча пайыздык киреше жана комиссиондуктар" деп аталган 60500 топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түптөлөт. 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун отчеттук мезгил ичиндеги пайыздык кирешелери "Бардыгы болуп пайыздык кирешелер" деп аталган 4-статьяда чагылдырылат. Бул статья 1-3 статьялардын суммаларын түшүндүрөт. 

Пайыздык чыгашалар 

Банктарды кошо алганда, юридикалык жактардын жана жеке адамдардын банктык эмес финансы-кредит уюмдарда жайгаштырылган депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары, ошондой эле алынган кредиттер жана узак мөөнөттүү карыздар боюнча пайыздык чыгашалар "Депозиттер жана карыздар боюнча пайыздык чыгашалар" деп аталган 5-статьяда чагылдырылат. Бул статья "Депозиттер боюнча пайыздык чыгашалар" деп аталган 70000, "Банктардагы жана башка финансы уюмдарындагы депозиттер жана алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалар" деп аталган 70100 топтордун "Сактык депозиттери боюнча пайыздык чыгашалар" деп аталган 70011, "Мөөнөттүү депозиттер боюнча пайыздык чыгашалар" деп аталган 70021 топтун баланстык счетторундагы жана "Финансылык мекемелерден алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалар" деп аталган 70300 топтун, "Узак мөөнөттүү карыздар боюнча пайыздык чыгашалар" деп аталган 70500 топтун, "Башка финансылык мекемелерден алынган кредиттер боюнча пайыздык чыгашалар" деп аталган 70311 счетунун калдыктарын чагылдырат. 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун мурдагы статьяда эске алынбаган башка пайыздык чыгашалары "Башка пайыздык чыгашалар" деп аталган 6-статьяда чагылдырылат. Бул статья "Башка пайыздык чыгашалар" деп аталган 70600 топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түзүлөт. 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун отчеттук мезгил ичиндеги пайыздык чыгашалары "Бардыгы болуп: пайыздык чыгашалар" деп аталган 7-статьяда чагылдырылат. Бул статья 5-6 статьялардын суммаларын көрсөтөт. 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун отчеттук мезгил ичиндеги пайыздык кирешелери менен пайыздык чыгашаларынын ортосундагы айрыма "Накта пайыздык киреше" деп аталган 8-статьяда чагылдырылат. Бул статья 4-7 статьялардын айрымачылыктарын көрсөтөт. 

Мүмкүн болуучу кредиттик жана лизингдик жоготуулардын ордун жабууга каралган резервдерге кеткен чыгашалар "Минус Потенциалдуу кредиттик жана лизингдик жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резерв түзүү боюнча чыгашалар (РППУ)" деп аталган 9-статьяда чагылдырылган. Бул статья "Кредиттер жана карыздар боюнча чыгашалар" деп аталган 80400 топтун "Потенциалдуу кредиттик жана лизингдик жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резерв түзүү боюнча чыгашалар" 80431 баланстык счетундагы калдыктарды чагылдырат. Бул статья Улуттук банктын талаптарына ылайык РППУну түзүшкөн банктык эмес финансы-кредит уюмдарга карата колдонулат. 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун отчеттук мезгил ичиндеги РППУга чегерүүлөрдөн кийинки накта пайыздык кирешелерин "РППУга чегерүүлөрдөн кийинки накта пайыздык кирешелер" деп аталган 10-статья чагылдырат. Бул статья 8 жана 9 статьялардын айрымачылыктарын көрсөтөт. 

Операциялык кирешелер 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдардын кардарлары тарабынан аны жүзөгө ашыргандыгы үчүн банктык эмес финансы-кредит уюмга сыйакылар же комиссиондук төлөмдөр төлөнгөн операциялар (кызмат көрсөтүүлөр) боюнча банктык эмес финансы-кредит уюмдун кирешелери "Кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр жана комиссиондук жыйымдар" деп аталган 11-статьяда чагылдырылган. Бул статья "Талап боюнча төлөнүүчү депозиттик счетторду тейлөө үчүн төлөмдөр" деп аталган 60600, "Аккредитивдерден жана гарантиялардан түшкөн кирешелер" деп аталган 60641, "Ишеним боюнча тескөө операцияларынан түшкөн кирешелер" деп аталган 60671 баланстык счетторун эске албаганда, "Операциялык кирешелер" деп аталган 60600 топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түзүлөт. 

Баалуу кагаздарды кайрадан баалоодон, сатуудан түшкөн кирөшелер (чыгымдар) жана компанияга инвестициялардан алынган кирешелер, пайлар жана алынган дивиденддердин суммалары "Инвестициялардан жана соодапык операциялардан кирешелер (чыгымдар)" деп аталган 12-статьяда чагылдырылган. Бул статья "Инвестициялардан жана соодалык операциялардан (сальдо) кирешелер (чыгымдар)" деп атапган 60800 топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түптөлөт. 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун башка статьяларда эске алынбаган процентсиз операцияларынан алынган кирешелер "Жана башка кирешелер" деп аталган 13-статьяда чагылдырылган. Бул статьяда ошондой эле негизги каражаттарды, күрөөлүк мүлктөрдү сатып өткөрүүдөн түшкөн кирешелер (чыгымдар) жана башка кирешелер камтылат. Статья "Жана башка кирешелер" деп аталган 61000 топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түзүлөт. 

Банктык эмес финансы-кредит уюм отчеттук мезгил ичинде процентсиз операциялардан алган сыйакылар жана комиссиондук төлөмдөр "Бардыгы болугг операциялык кирешелер" деп аталган 14-статьяда чагылдырылган. Бул статья 11-13 статьялардын суммаларын көрсөтөт. 

Операциялык чыгашалар 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун кызматкерлердин эмгегине төлө- өлөргө жана сыйлыктарды берүүгө, социалдык төлөөлөргө, персоналдардын окуусуна төлөөлөр жана башка төлөөлөргө байланыштуу чыгымдары "Персоналдарга кеткен чыгашалар" деп аталган 15-статьяда чагылдырылган. Бул статья "Персоналдарга кеткен чыгашалар" деп аталган 80000 топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түзүлөт. 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун негизги каражаттарды амортизациялоого, ижарага алынган өндүрүштүк жайларды ыңгайлаштырууга сарптоолоруна, банктык эмес финансы-кредит уюмдун автомобилдерине жана материалдык эмес активдерине кеткен чыгашалары "Негизги каражаттарга жана материалдык эмес активдерге кеткен чыгашалар" деп аталган 16-статьяда чагылдырылган. Бул статья "Имараттарга жана курулмаларга чыгашапар" деп аталган 80100 топтун, "Эмеректерге, жабдууларга, компьютерлерге, программалык камсыздоолорго жана материалдык эмес активдерге чыгашалар" деп аталган 80200 топтун, "Ижарага алынган өндүрүштүк жайларды ыңгайлаштырууну амортизациялоо" деп аталган 80111 жана "Имараттарды жана курулмаларды амортизациялоо" деп аталган 80121, "Эмеректерди жана жабдууларды амортизациялоо" 80100, 80201 топтордун, "Компьютерлерди жана программалык камсыздоолорду амортизациялоо" деп аталган 80211 жана "Материалдык эмес активдерди амортизациялоо" 80251 топтун, 80200 топтун баланстык счетторундагы, ошондой эле "Банктык автомобилдерди амортизациялоо" 80341 жана 80300 топтогу "Автомобилдерге кеткен чыгашалар" 80345 баланстык счеттору боюнча калдыктарды чагылдырат. 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун ишин камсыз кылууга байланыштуу кеткен чыгашалар "Административдик чыгашалар" деп аталган 17-статьяда чагылдырылган. Бул статья "Банктык автомобилдерди амортизациялоо" 80341 жана "Автомобилдерге кеткен чыгашалар" 80345 баланстык счеттору боюнча калдыктарды эске албаганда, "Административдик чыгашалар" деп аталган 80300 топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түптөлөт. 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун берилген кредиттердин кайтарылып алынышын камсыз кылууга, күрөөгө коюлган мүлктү администрлөөгө байланыштуу чыгашалары "Кредиттер жана карыздар боюнча чыгашалар" деп аталган 18-статьяда баяндалган. Бул статьяга потенциалдуу кредиттик жана лизингдик жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган резерв боюнча чыгашалар кирбейт. Статья "Потенциалдуу кредиттик жана лизингдик жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган резерв боюнча чыгашалар" 80431 баланстык счет боюнча калдыктарды эске албаганда, "Кредиттер жана карыздар боюнча чыгашалар" 80400 топтун баланстык счетундагы калдыктардан түзүлөт. 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун кайрымдуулук иш-чараларына жумшаган чыгашалары, кассадагы жетпей же артып калууларга байланыштуу чыгашалар, банкгык эмес мекеменин пайдадан салыктан тышкаркы, бардык салыктык төлөмдөрү жана иштин жүрүшүндө келип чыккан капган бардык чыгашалары "Башка операциялык чыгашалар" деп аталган 19-статьяда келтирилген. Статья "Башка операциялык чыгашапар" деп аталган 80500 жана "Пайдадан жана менчикген алынуучу салыктан тышкары, салыктар" деп аталган 80600 топтордун баланстык счетторундагы калдыктардан түптөлөт. 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун отчеттук мезгил ичиндеги операциялык чыгашалары "Бардыгы болуп: опөрациялык чыгашалар" деп аталган 20-статьяда келтирилген. Статья 15-19-статьялардын суммаларын чагылдырат. 

10 жана 14-статьялардын суммалары, минус 20-статья "Пайдадан салыкты эсептеп алып салууга жана күтүүсүз кирешелер жана чыгашаларга чейинки пайда (чыгым)" деп аталган 21-статьяда камтылган. 

Күтүүсүз алынган пайдадан салыктан тышкары, отчеттук мезгилге тиешелүү пайдадан салык боюнча чыгашалар "Пайдадан салык" деп аталган 22-статьяда келтирилген. Бул статья "Пайдадан салык" деп аталган 80700 топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түптөлөт. 

Кирешелерди бухгалтердик эсепте таануу менен салык алынуучу кирешенин ортосундагы убакыт боюнча айрымадан улам келип чыккан салыктар "Мөөнөтү узартылган салыктар" деп аталган 23-статьяда чагылдырылган. Бул статья "Мөөнөтү узартылган салыктар" деп аталган 80800 топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түптөлөт. 

22 жана 23-статьялардын суммалары "Пайдадан салык боюнча бардык чыгашалар" деп аталган 24-статьяда келтирилген. 

21 жана 24-статьялардын айрымачылыгы "Күтүүсүз кирешелер жана чыгашаларга чейинки накта киреше (чыгым)" деп аталган 25-статьяда келтирилген. 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун демейдеги ишине байланыштуу болбогон жана сейрек жүзөгө ашырылуучу операциялардан жана жагдайлардан улам келип чыккан кирешелер же чыгашалар "Күтүүсүз кирешелер жана чыгашалар" деп аталган 26-статьяда чагылдырылат. Бул статья "Күтүүсүз кирешелер жана чыгашалар" деп аталган 80900 топтун "Күтүүсүз кирешелер жана чыгашалар" 80901 баланстык счетундагы калдыктарды көрсөтүп турат. 

Күтүүсүз жагдайлардан улам алынган пайдадан салыкты "Күтүүсүз жагдайлардан улам алынган пайдадан салык боюнча чыгашалар" деп аталган 27-статья баяндайт. Статья "Күтүүсүз кирешелер жана чыгашалар" деп аталган 80900 топтун "Күтүүсүз алынган пайдадан салыктар боюнча чыгашалар" 80911 баланстык счетундагы калдыктарды чагылдырып турат. 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун отчеттук мезгил ичиндеги накта пайдасы (чыгымы) "Накта пайда (чыгым)" деп аталган 28-статьяда келтирилген. Статья 25 жана 26-саптардын суммасынан 27-сапты минуска чыгаруу менен түзүлөт. 

6. Бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал тууралуу отчет 

6.1. Бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал тууралуу отчетто активдер жана пассивдер, алардын салыштырмалуу ликвиддүүлүгүн чагылдырган тартипте, мүнөзүнө жараша топтоштурулат (ликвиддүүлүктүн басаңдоо деңгээлине же төлөө мөөнөттөрүнө жараша). 

6.2. Бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал тууралуу отчетто активдер статясы милдеттенмелер статьясы менен өзара чегерилүүгө тийиш эмес жана муну финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттары талап кылган же буга уруксат берилген учурларды эске албаганда тескерисинче болушу мүмкүн. 

6.3. Бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндөгү отчетто аманатчылар, кредиторлор, карыз алуучулар жана акча рыногундагы башка өнөктөштөр менен өзара мамилелер алардын өзара көзкарандылыгын туура чагылдыруу үчүн өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш. 

6.4. Баланстагы жылдын башталышына жана акырына карата маалыматтарды салыштыруу үчүн жылдын башталышына карата бекитилген баланстын статьяларынын номенклатурасы жылдын акырына карата баланс үчүн аларда белгиленген статьялардын топтоштурулушунун номенклатурасына ылайык келтирилүүгө тийиш. 

Активдер 

Кассадагы жана жолдогу накталай акча каражаттары, ошондой эле эсептешүүдөгү акчалай активдер "Акча каражаттары жана эсептешүүдөгү активдер" деп аталган 1-статьяда камтылат. Бул статья, "Акча каражаттары"10000-топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түзүлөт. 

Талап боюнча төлөнүшү же болбосо төлөөнүн белгиленген мөөнөтүнө ээ пайыздык кирешелерди алып келиши мүмкүн болгон каражаттардын банктык эмес финансы-кредит уюмдарга жайгаштырылышы "Банктарда жана финансы уюмдарындагы депозиттер" деп аталган 2-статьяда чагылдырылат. Бул статья "Банктарды кошо алганда, финансы уюмдарындагы депозикарыздык ттер" 10600-топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түзүлөт. 

Жеке адамдарга жана юридикалык жактарга, анын ичинде финансылык уюдарга берилген, ошол кредиттер боюнча тиешелүү дисконттун суммасына азайтылган кредиттер "Кардарларга кредиттер (тиешелүү дисконтту кемитүү менен)" деп аталган 3-статьяда чагылдырылат. Бул статья "Кредиттер" 10900-топтун баланстык счетторундагы калдыктардан жана "Кредиттер боюнча дисконт" деп аталган 10991-баланстык счөттордун субсчетундагы аларга туура келген калдыктардан түзүлөт. 

Минус белгиси менен бухгалтердик эсепке алуу боюнча финансылык абал жөнүндөгү отчетто чагылдырылуучу резервдердин жалпы суммасы "Минус: Потенциалдуу кредиттик жана лизингдик жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резерв" деп аталган 4-статьяда чагылдырылган. Бул статья "Потенциалдуу кредиттик жана лизингдик жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резерв" 11000-топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түзүлөт. Статья Улуттук банктын талабы боюнча РППУну түзгөн банктык эмес финансы-кредит уюмдарга карата колдонулат. 

4-5-статьялардын суммасы "Бардыгы болуп: накта кредиттер" деп аталган 5-статьяда камтылган. 

Адилет наркты корректировкаларды эске алуу менен банктык эмес финансы-кредит уюмдар тарабынан алынган карыздык мамлекеттик баалуу кагаздар, акциялар жана башка корпоративдик баалуу кагаздар, ошондой эле банктык эмес финансы-кредит уюмдардын туунду жана ассоциацияланган компанияларга инвестициялары "Банктык эмес финансы-кредит мекемелердин баалуу кагаздары жана инвестициялары" деп аталган 6-статьяда чагылдырылат. Бул статья "Төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздар" 10300-топтун "Соодалык баалуу кагаздарынын адилет наркын корректировкалоо" 10495-счеттун корректировкаларын эске алуу менен "Соодалык карыздык жана капиталдык баалуу кагаздар" 10400-топтуп, "Сатууга жарактуу болгон баалуу кагаздардын адилет наркын корректировкалоо" 10595-счеттогу корректировкаларды эске алуу менен "Сатуу жарактуу болгон карыздык жана капиталдык баалуу кагаздар" 19500-топтун, "Инвестициялар жана финансылык катыш" 11300-топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түзүлөт. 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдардын операцияларында түздөн-түз пайдаланылбаган жана мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздар үчүн дебиторлордун менчикке укугунан ажыратуунун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сатылып алынган банктык эмес финансы-кредит уюмдун менчик кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдөн турган, мүлкүтөр жана башка активдери же жабылып калган филиалдардын жана туунду компаниялардын мүлктөрү "Жана башка менчик" деп аталган 7-статьяда чагылдырылган. Бул статья "Банкгын жана башка менчиги" 11200-топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түзүлөт. 

Негизги каражаттардын топтолгон амортизациясынын суммасына азыйтылган наркын жана кредиттер жана инвестициялар боюнча отчеттук датага карата кошуп эсептелингөн пайыздарды, мурдагы статьяларга тиешеси жок башка акгивдерди "Жана башка активдер" деп аталган 8-статья чагылдырат. Бул статья "Негизги каражаттар" 11100-топтун, "Алынууга каралган кошуп эсептелинген пайыздар" 11400-топтун жана "Жана башка активдер" 11500-топтун баланстык счетторундагы калдыктарынан түзүлөт. 

1-2 жана 5-8-статьялардын суммалары "Бардыгы болуп: активдер" деп аталган 9-статьяда чагылдырылат. 

Милдеттенмелер 

Жеке адамдардын жана юридикалык жактардын мөөнөттүү депозиттери "Карадардардын депозиттери" деп аталган 10-статьяда келтирилген. Бул статья депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компанияларга жана өз катышуучуларынан депозиттерди тартуу укугуна лицензияга ээ бар кредиттик союздарга карата гана колдонулат. Статья "Сактык депозиттер" 20200-топтун "Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери" 20213-баланстык счетундагы калдыктардан, "Мөөнөттүү депозиттер" 20300-топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түптөлөт. 

Банктардан жана башка финансы уюмдарынан алынган кредиттер "Банктардан жана башка финансы уюмдарынан кредиттер" деп аталган 11-статьяда чагылдырылат. Бул статья "Банктардан жана башка финансы уюмдарынан кредиттер" 20500-топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түптөлөт. 

Отчеттук датага кошуп эсептелинген пайыздар жана төлөөгө каралган дивиденддер "Кошуп эсептелинген пайыздар жана төлөөгө каралган дивиденддер" деп аталган 12-статьяда камтылган. Бул статья "Талап боюнча төлөнуүчү счеттор боюнча төлөөгө карата кошуп эсептелинген пайыздар" 21001, "Улуттук банктан алынган кредиттер боюнча төлөөгө карата кошуп эсептелинген пайыздар" 21071-баланстык счетторун эске албаганда, "Төлөөгө карата кошуп эсептелинген пайыздар" 21000-топтун баланстык счетторундагы калдыктардан жана "Жана башка милдеттенмелер" 21100-топтун, "Төлөөгө каралган дивиденддер" 21125- баланстык счетундагы калдыктардан түзүлөт. 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдар тарабынан алынган ипотекалык кредиттер; капиталдык ижара боюнча милдеттенмелер, шарттуу фанттар жана банктык эмес финансы-кредит уюмдардын башка милдеттенмелери "Башка узак мөөнөттүү милдеттенмелер жана кредиттер" деп аталган 13-статьяда чагылдырылган. Бул статья "Башка милдеттенмелер жана кредиттер" 20900-топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түптөлөт. 

Мурдагы статьяларга тиешеси жок жана башка милдеттенмелер "Жана башка милдеттенмелер" деп аталган 14-статьяда келтирилген. Бул статья "Төлөөгө каралган дивиденддер" 21125-баланстык счет боюнча калдыктарды эске албаганда, "Жана башка милдеттенмелер" 21100-топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түзүлөт. 

10-14-статьялардын суммалары "Бардыгы болуп: милдеттенмелер" деп аталган 15-статьяда камтылган. 

Капитал 

Акционердик коом формасында түзүлгөн банктык эмес финансы-кредит уюмдардын чыгарган жана саткан акцияларынын наркы "Уставдык капитал" деп аталган 16-статьяда чагылдырылат. Акционердик коом формасында эмес түзүлгөн банктык эмес финансы-кредит уюмдар бул статьяда, кредиттик союздардын катышуучуларынын сактык пайыларынын жана банктык эмес финансы-кредит уюмдардын капиталдындагы уюштуруучулардын мүчөлүк төлөмдөрүнүн суммаларын көрсөтөт. Бул статья "Капиталдын счеттору" 40000-топтун "Жөнөкөй акциялар" 40001-баланстык счетторундагы калдыктардан түптөлөт. 

Эгерде банктык эмес финансы-кредит уюм өз акцияларын номиналдан жогору саткан болсо, чыгарылган акциянын төлөнгөн баасы менен алардын номиналынын ортосундагы айрыма "Номиналдан үстөк чегерилген капитал" деп аталган 17-статьяда чагылдырылат. Бул статья "Капиталдын счеттору" 40000-топтун "Номиналдан үстөк чегерилген капитал" 40021-баланстык счеттогу калдыктарды көрсөтөт. Статья акционердик коом формасында түзүлгөн банктык эмес финансы-кредит уюмдарга карата колдонулат. 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун келечектеги керектөөлөрү үчүн резервдер же дивиденддерди төлөп берүү жана уюштуруучлардын ортосунда бөлүштүрүү үчүн пайдаланууга мүмкүн эмес деп эсептелинген топтолгон пайданын бөлүгү "Келечектеги керектөөлөр үчүн резервдер" деп аталган 18-статьяда чагылдырат. Бул статья "Резервдер" деп аталган 40100-топтун "Банктык келечектеги керектөөлөрү үчүн резервдер" 40101-баланстык счетунун калдыктарын чагылдырат. 

Негизги каражаттарды кайрадан балоонун суммаларын жана сатууга жарактуу боюгон баалуу кагаздарды кайра баалоонун жыйынтыктарын "Активдерди кайрадан балоо боюнча резервдер" деп аталган 19-статья чагылдырат. Бул статья "Резервдер" деп аталган 40100-топтун "Негизги каражаттарды кайрадан балоо боюнча резерв" 40111, "Баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча резерв" 40131-баланстык счеттордун калдыктарынан түптөлөт. 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын калдыгын же бардык төлөнүп берилген дивиденддерди минуска чыгаруу менен отчеттук мезгилдеги жана мурдагы жылдардагы чыгымдарды "Бөлүштүрүлбөгөн пайда" деп аталган 20-статья чагылдырат. Бул статья "Бөлүштүрүлбөгөн пайда" деп аталган 40200-топтун баланстык счетторундагы калдыктардан түптөлөт. 16-20-статьялардын суммалары "Бардыгы болуп капитал" деп аталган 21-статьяда келтирилген. 

15-21-статьялардын суммалары "Бардыгы болуп: милдеттенмелер жана капитал" деп аталган 22-статьяда келтирилген. 

7. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет 

7.1. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту түзүү үчүн бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндө отчеттун, түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчеттун жана банктык эмес финансы-кредит уюмдун болжолдуу бухгалтердик балансынын, ошондой эле аталган отчетту даярдоо үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтар пайдаланылат. 

Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту түзүү төмөндөгү этаптарды болжолдойт: 

- Операциялык ишкердиктин жыйынтыгында акча каражаттарынын жылышын аныктоо; 

- Инвестициялык ишкердиктин жыйынтыгында акча каражаттарынын жылышын аныктоо; 

- Финансылык ишкердиктин жыйынтыгында акча каражаттарынын жылышын аныктоо. 

7.2. Банктык эмес финансы-кредит уюмдун акча каражаттарынын жылышы жөнү- ндө отчеттунда, төлөө мөөнөтү 3 айдан ашпаган бардык жогорку ликвиддүү карыздык инструметтер акча каражаттарынын эквиваленти катары кароого алынат. Аталган акча эквиваленттөринин наркынын олуттуу өзгөрүүсү тобокелдигине дуушар болбоого жана 24 саатын ичинде акча каражаттарына конверттирленүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. 

7.3. Операциялык жана инвестицялык иштен улам акча каражатарынын жылышы, баалуу кагазды сатып алуу (сатуу) жана депозиттерди жайгаштыруу учурунда баалуу кагаздарды жана депозиттерди эсептен алып салуу менен акча эквивалентинин курамына киргизилген маалыматтар чагылдырылат. 

7.4. Операциялардын аталган түрүндө эске алынбаган, мисалы, акча каражаттарынын жылышына таасирин тийгизген күтүлбөгөн окуялар келип чыккан учурда, бул операция ишкердиктин кайсыл түрүнө (операциялык, инвестициялык жана финансылык) кире тургандыгы аныкталат жана отчеттун тиешелүү бөлүгүнө өзүнчө тилке катары кошулат. 

7.5. Операциялык ишкердиктин негизинде акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту даярдоодо тике ыкма колдонулат. 

Операциялык ишкердиктен акча каражатынын жылышы 

Отчеттук мезгилде иш жүзүндө алынган пайыздык жана операциялык кирешелердин суммасын, ошондой эле отчеттук мезгилде инвестициялардан алынган дивиденттердин суммасын "Пайыздык жана операциялык кирешелер" деп аталган 1-статья камтыйт. 

Отчеттук мезгилде иш жүзүндө төлөнүп берилген пайыздык чыгашалардын суммасын "(Пайыздарды төлөө)" деп аталган 2-статья камтыйт. 

Мурда эсептен алынып салынган кайтарылбай калган кредиттердин отчеттук мезгил ичинде кайтарылган суммаларын "Мурда эсептен алынып салынган кредиттерди кайтарып алуу" деп аталган 3-статья камтыйт. 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун отчеттук мезгил ичиндеги иш жүзүндө тарткан бардык операциялык чыгашаларын "(Берүүчүлөргөё жана кызматкерлерге төлөп берүүлөр)" деп аталган 4-статья камтыйт. 

1-статья + 3-статья - 2-статья - 4-статья "Пайдадан салыкты төлөөгө чейинки операциялык пайда жана операциялык активдердин өзгөрүүсү" деп аталган 5-статьяда келтирилген. 

"(Көбөйүү) операциялык активдердин азаюусу". 

Коммерциялык банктарда жана башка финансы уюмдарында салынган депозиттер боюнча отчеттук мезгилдеги өзгөрүүлөрдүн суммасын "Финансы уюмдарындагы депозиттер" деп аталган 6-статья камтыйт. 

Кардарларга берилген кредиттер боюнча өзгөрүүлөрдүн суммасы, операциялык ишкердикке тиешелүү болгон башка активдердеги бардык өзгөрүүлөр, ошондой эле банктык эмес финансы-кредит уюмдун башка менчинигинин отчеттук мезгилдеги өзгөрүүлөрү "Жана башка активдер" деп аталган 7-статьяда чагылдырылат. 

"Операциялык милдеттенмелердин көбөйүүсү (азаюусу)" 

Юридикалык жактардын жана жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери боюнча отчеттук мезгилдөги өзгөрүүлөр "Кардарлардан депозиттер" деп аталган 8-статьяда берилген. 

Операциялык ишкердикке кирген башка милдеттенмелердин бардык өзгөрүүлөрү "Жана башка милдеттенмелер" деп аталган 9-статьяда чагылдырылат. 

5-12-статьялардын суммалары "Пайда салыгын эсептен алып салганга чейинки операциялык ишкердиктен акча каражаттарынын таза жылышы" деп аталган 10-статьяда камтылган. 

Отчеттук мезгилде төлөнгөн пайдадан салыктын суммасы "(Төлөнгөн пайда салыгы)" деп аталган 11-статьяда камтылган. 

10-11-статьялардын айрымачылыгы "Операциялык ишкердиктен таза акча каражаты" деп аталган 12-статьяда берилген. 

Инвестициялык ишкердиктен акча каражатынын жылышы 

Аларды сатууда алынган кирешени/(чыгашаны) эске алуу менен банктык эмес финансы-кредит уюмдун отчеттук мезгилде негизги каражаттарын сатуунун натыйжасында акча каражаттарынын жылышы "Негизги каражаттарды сатуу" деп аталаган 13-статьяда чагылдырылат. 

Аларды сатып алууда алынган кирешени/(чыгашаны) эске алуу менен банктык эмес финансы-кредит уюмдун отчеттук мезгилде негизги каражатгарын сатып алуунун натыйжасында акча каражаттарынын жылышы "(Негизги каражаттарды сатып алуу)" деп аталаган 14-статьяда чагылдырылат. 

Инвестициялык баалуу кагаздарды сатууну/(сатып алууну) кошо алганда, отчеттук мезгил аралыгында инвестициялык ишкердикке тиешелүү башка операциялардан акча каражаттарынын жылышы "Жана башка инвестициялык операциялардын (көбөйүүсү)/азаюусу" деп аталган 15-статьяда чагылдырылат. 

13-15-статьялардын суммалары "Инвестициялык ишкердиктен таза акча каражаттары" деп аталган 16-статьяда камтылган. 

Финансылык ишкердиктен акча каражатынын жылышы 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун акцияларынын кошумча эмиссиясынын, ошондой эле банктык эмес финансы-кредит уюмдун катышуучулары тарабынан отчеттук мезгалде салынган акча каражаттарынын натыйжасында акча каражатынын жылышы "Мүчөлүк акылардын өрдөн, пайлардан жана акцияларды чыгаруудан көбөйүү: деп аталган 17-статьяда чагылдырылат. 

Жокко чыгарылган акциялардын, ошондой эле катышуучулар тарабынан уставдык капиталдан мыйзамдарга ылайык алынып коюлган сактык пайлардын жана мүчөлүк акылардын суммасы "(Жокко чыгарылган, алынып коюлган пайлар жана үлүштөр) деп аталаган 18-статьяда чагылдырылат. 

Узак мөөнөттүү займадырды чыгаруунун (субординацияланган облигацияларды), ипотекалык кредиттерди алуунун натыйжасында, отчеттук мезгилде банктардан жана башка финансы уюмдарынан карыз алуулардын натыйжасында активдерди капиталдык ижарага алунун натыйжасында акча каражаттарынын жылышы "Карыздак милдеттенмелерди чыгаруудан келип түшүүлөр" деп аталган 19-статьяда чагылдырылат. 

Узак мөөнөттүү займадар (субординацияланган облигациялар), ипотекалык кредиттер жана активдерди капитапдык ижарага алуу, банктардан жана башка финансы уюмдарынан отчеттук мезгил ичинде алынган займдар боюнча банктык эмес финансы-кредит уюмдун төлөм берүүсүнүн натыйжасында акча каражаттарынын жыГшы "(Карыздык милдеттенмелер боюнча төлөп берүүлөр)" деп аталган 20-статьяда чагылдырылат. 

Банктык эмес финансы-кредит уюм тарабынан акционерлерге жана катышуучуларга дивиденддерди төлөөнүн натыйжасында акча каражаттарынын жылышы жана отчеттук мезгил ичинде банктык эмес финансы-кредит уюмдун катышуучуларынын ортосунда мыйзам талаптарына ылайык алынган пайданын бөлүштүрүлүшү "(Дивиденддердин төлөнүп берилиши жана пайданы бөлүштүрүү) деп аталган 21-статьяда чагылдырылат. 

Отчеттук мезгил ичинде финансылык ишкердикке тиешелүү башка операциялардан улам акча каражаттарынын жылышы "Башка финансылык операциялардан улам акча каражаттарынын көбөйүүсү/(азайуусу)" деп аталган 22-статьяда келтирилген. 17-22-статьялардын суммалары "Финансылык ишкердиктен улам келип чыккан накта акча каражаттары" деп аталган 23-статьяда камтылган. 

Алмашуу курсунун ставкасындагы өзгөрүүсүнүн акча каражаттарына жана чет өлкө валютасындагы алардын эквиваленттерине тийгизген таасири "Валюта курсунун өзгөрүлүп туруусунун таасири" деп аталган 24-статьяда чагылдырылган. Бул статья отчеттук мезгилдин башталышындагы жана акырындагы акча каражатынын жылышын талапка ылайык келтирүү үчүн келтирилет. 

Операциялык, инвестициялык жана финансылык ишкердиктен акча каражаттарынын валюта курсунун өзгөрүлүп туруусун эске алгандагы өсүшүн суммасы "Акча каражаттарынын жана алардын эквиваленттеринин таза өсүшү (азайуусу)" деп аталган 25-статьяда келтирилген. 12, 16, 23 жана 24-статьялардын суммалары. Статья 27 жана 26-статьялардын айрымачылыгын чагылдырат. 

Эсептик счеттордогу каражаттарды, жогорку ликвиддүү соодалык жана отчеттук мезгилдин баш жагына карата төлөө мөөнөтү үч айдан ашпаган сатууга боло турган мамлекеттик баалуу кагаздарды кошо алганда, банктык эмес финансы-кредит уюмдун накталай акчаларынын, талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин суммалары "Бир мезгилдин башталышына карата акча каражаттары жана алардын эквиваленттери" деп аталган 26-статьяда чагылдырылган. 

Эсептик счеттордогу каражаттарды, жогорку ликвиддүү соодалык жана төлөө мөөнөтү үч айдан ашпаган сатууга боло турган мамлекеттик баалуу кагаздарды кошо алганда, банктык эмес финансы-кредит уюмдун накталай акчалардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттериндин суммалары "Бир мезгилдин акырына карата акча каражаттары жана алардын эквиваленттери" деп аталган 27-статьяда чагылдырылган. 

8. Капиталдын структурасындагы өзгөрүүлөр тууралуу отчет 

8.1. Капиталдын структурасындагы өзгөрүүлөр тууралуу отчетто банктык эмес финансы-кредит уюмдун жүргүзгөн операцияларынын натыйжасында келип чыккан капиталдын структурасындагы бардык өзгөрүүлөр алардын мүнөзү боюнча топтоштурулат жана жүргүзүлгөн операциялардын суммалары ачык көрсөтүлөт. 

8.2. Акционердик коом формасында эмес түзүлгөн кредиттик союздар жана банктык эмес финансы-кредит уюмдар акциялардын ордуна уюштуруу төлөмдөрүн жана пайлар боюнча өзгөрүүлөрдү чагылдырат. 

Уставдык капитал 

Отчеттук мезгилдин башталышына карата чыгарылган акциялардын наркы, салынган уюштуруу төлөмдөрү, сактык пайлары "Отчеттук мезгилдин башталышына карата калдык" деп аталган 1-статьяда чагылдырылат. 

Отчеттук жылдын ичинде номиналдык нарк боюнча чыгарылган акциялардын, салынган уюштуруу төлөмдөрү, сактык пайлары "Отчеттук мезгилдеги көбөйүү" деп аталган 2-статьяда чагылдырылат. 

Акционердик коом формасындагы банктык эмес финансы-кредит уюмдардын жокко чыгарылган акцияларынын суммалары, ошондой эле кредиттик союздук катышуучуларынын алынып коюлган сактык пайларынын суммалары жана мыйзамга ылайык отчеттук жылдын ичинде алынып коюлган уюштуруучулардын төлөмдөрүнүн суммалары "Отчеттук мезгилдеги азаюу" деп аталган 3-статьяда чагылдырылат. 

Отчеттук мезгилдин акырына карата (1-статья + 2-статья - 3-статья) чыгарылган акциялардын наркы (салынган уюштуруу төлөмдөрү, сактык пайлар) "Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык" деп аталган 4-статьяда чагылдырылат. 

Номиналдан үстөк салынган капитал 

Отчеттук жылдын башталышына карата акциялардын номиналдык наркынан үстөк салынган капитал "Отчеттук мезгилдин башталышына карата калдык" деп аталган 5-статьяда чагылдырылат. 

Отчеттук мезгил ичинде номиналдык нарктан ашкан баа боюнча чыгарылган акциялардын номиналдык баасы менен сатылган наркынын ортосундагы айрыманын суммасы "Акцияларды чыгаруудан капиталдын артып калуусу" деп аталган 6-статьяда чагылдырылат. 

Капиталды көбөйткөн/(азайткан) өзгөрүүлөрдүн суммалары "Башка өзгөрүүлөр" деп аталган 7-статьяда чагылдырылат. 

Отчеттук жылдын акырына карата акциялардын номиналдык наркынан үстөк салынган капитал "Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык" деп аталган 8-статьяда чагылдырылат (5-статья + 6-статья +/- 7-статья). 

5-8-статьялар акционердик коом формасында түзүлгөн банктык эмес финансы-кредит уюмдарга карата колдонулат. 

Пайда 

Отчеттук жылдын башталышына карата банктык эмес финансы-кредит уюмдун бөлүштүрүлбөгөн пайдасы "Отчеттук мезгилдин башталышына карата калдык" деп аталган 9-статьяда чагылдырылат (өткөн жылдардын пайдасы/чыгымы). 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун (+/-) акыркы отчеттук жыл үчүн пайдасы (чыгымы) "Акыркы отчеттук мезгилдин пайдасы (чыгымы)" деп аталган 10-статьяда чагылдырылат. 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун акционерлери (кредиттик союздун катышуучулары) тарабынан акыркы отчеттук жылдагы иштин жыйынтыгы боюнча жарыяланган дивиденддеринин сумма "Акыркы отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча жарыяланган, акча каражаттары түрүндөгү дивиденддер" деп аталган 11-статьяда чагылдырылат. 

Төмөнкү шарттарда: 

1) "Негизги каражаттарды кайрадан балоо боюнча резерв" счетунан которууларга жол берилсе; 

2) пайданын которууга каралган белгилүү бир суммасында "Номиналдан үстөк чегерилген капитал" жана "Келекчектеги керектөөлөр үчүн резервдер" счетторуна гана котору; 

3) жокко чыгаруу учурунда, акцияанын ортчо салмактанып алынган наркы менен баасынын ортосундагы айрыманы жабуу үчүн "Номиналдан үстөк чегерилген капитал" счетундагы жетишпей кредиттик калдыктын суммасын жабуу учурунда, бөлүштүрүлбөгөн пайданы көбөйткөн/(азайткан) өзгөрүүлөрдүн суммасы "Башка өзгөрүүлөр" деп аталган 12-статьяда чагылдырылат. 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун отчеттук жылдын акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайдасы "Отчеттук жылдын акырына карата калдык" деп аталган 13-статьяда чагылдырылат (9-статья +/- 10-статья - 11-статья +/- 12-статья). 

Келечектеги керектөөлөр үчүн резервдер 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун келечектеги керектөөлөрү үчүн отчеттук жылдын башталышына карата резервдин (капиталдык резервдер) калдыгы "Отчеттук жылдын башталышына карата калдык" деп аталган 14-статьяда чагылдырылат. 

Төмөнкү учурларда: 

1) топтолгон пайданы "Келечектеги керектөөлөр үчүн резервдер" счетуна которуу учурунда; 

2) резервди бөлүштүрүлбөгөн пайдага которуу учурунда ошол резервди көбөйткөн/(азайткан) өзгөрүүлөрдүн суммасы "Келечектеги керектөөлөр үчүн резервдии жылышы" деп аталган 15-статьяда чагылдырылат: 

Отчеттук жылылдын акырына карата келечектеги керектөөлөр үчүн резервдин калдыгы "Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык" деп аталган 16-статьяда чагылдырылат (14-статья +/- 15-статья). 

Келечекгеги керектөөлөр үчүн резервдер банктык эмес финансы-кредит уюмдун таза пайдасынан түптөлөт. 

Активдерди кайрадан баалоо боюнча резервдер 

Отчеттук жылдын башталышына карата сатууга жарактуу болгон негизги каражаттар жана баалуу кагаздар түрүндөгү активдерди кайрадан баалоо боюнча резервдеги калдык"Отчеттук мезгилдин башталышына карата калдык" деп аталган 17-статьяда чагылдырылат. 

Отчеттук жыл үчүн негизги каражаттарды кайрадан баалоо суммалары (+/-) "Отчеттук мезгилде негизги каражаттарды кайрадан баалоонун натыйжалары" деп аталган 18-статьяда чагылдырылат. 

Отчеттук мезгилдин ичиндеги бөлүштүрүлбөгөн пайдага "Негизги каражттарды кайрадан баалоо боюнча резерв" счетунан жол берилген которуулардын (перенос) натыйжалары "Негзигги каражаттарды кайрадан баалоо боюнча резервдин жылышы" деп аталган 19-статьяда чагылдырылат. 

Отчеттук жыл үчүн сатууга жарактуу баалуу кагаздарды кайрадан баалоонун натыйжасында келип чыккан, аталган резервдин (+/-) өзгөрүүлөрүнүн суммасы "Отчеттук мезгилде баалуу кагаздарды кайрадан баалоонун натыйжалары" деп аталган 20-статьяда чагылдырылат. 

Отчеттук жылдын акырына карата активдерди кайрадан баалоо боюнча резервдин калдыктары "Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык" деп аталган 21-статьяда чагылдырылат (17-статья +/- 18-статья - 19-статья +/- 20-статья). 

Банктык эмес финансы-кредит уюмдун капиталы "Бардыгы болуп капитал" деп аталган 22-статьяда чагылдырылат (4-статья + 8-статья + 13-статья + 16-статья + 21-статья). 

9. Банктык эмес финансы-кредит уюмдардын финансылык отчетууулуган түшүндүрмө тилкатка (ачып берүүгө) карата талаптар 

9.1. Финансылык отчеттуулукка карата түшүндүрмө тилкат финансылык отчеттулуктун өзүндө берилбеген, бирок аны түшүнүү үчүн пайдалануучуларга зарыл болгон кошумча маалыматтарды камтууга тийиш. 

Кошумча маалыматтарды ачып берүү диаграммалардын, аналитикалык таблицалардын, графиктердин жана өткөн жана отчеттук мезгил үчүн маалыматтардын негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

9.2. Түшдүрмө тилкат милдеттүү түрдө, ал эми отчеттуулуктун башка түрлөрүнө карата-эгерде башкасы мыйзам тарабынан каралбаса, банктык эмес финансы-кредит уюмдардын калоосу боюнча түзүлөт жана жылдык финансылык отчеттуулукка сунуш кылынат. 

9.3. Финансылык отчеттуулукка карата түшүндүрмө тилкат системалаштырылган түрдө берилүүгө тийиш. Финансылык отчеттордун ар бир статьясы жана алар менен байланыштуу болгон маалыматтардын ортосунда Түшүндүрмө тилкатта шилетемелер келтирилүүгө тийиш. 

9.4. Баалуу кагаздар боюнча төмөнкү маалыматтарды ачып көрсөтүү зарыл: 

1) баалуу кагаздын ар бир түрү боюнча баланстык наркты аныктоо ыкмасын көрсөтүү зарыл, ошондой эле: 

- кайрадан баалоону жүргүзүү аралыгын; 

- акыркы кайрадан балоо күнүнүн датасын; 

2) баалуу кагаздарга сыйлык жана дисконтту амортизациялоонун колдонулган ыкмасы; 

3) адилет наркты балоодо колдонулуучу ыкмалар жана принциптер; 

4) төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздардын адилет наркын; 

5) алардын адилет наркын ишенимдүү баалоого мүмкүн болбогон сатууга жарактуу баалуу кагаздардын баланстык наркы. Адилет наркты баалооо мүмкүн эместигин негиздөө зарыл жана эгерде бул мүмкүн болсо, адилет нарк анын чегинде турган баа берүүнүн диапазонун көрсөтүү

6) Төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздардын сатылышынын себептерин жана аталган баалуу кагаздарды сатуунун финансылык натыйжаларын; 

7) Баалуу кагаздарды бир категориядан экинчисине жыл ичинде кайрадан квалификациялоону жүргүзүү жөнүндө түшүндүрмөнү

8) Абалдын начарлоосунан улам келип чыккан чыгымдардын маңызы жана суммасы. 

9.5. Кредиттер боюнча төмөнкү маалыматтарды ачып көрсөтүү зарыл: 

1) отчочо салмактанып алынган пайыздык стваканы көрсөтүү менен төлөө мөөнөтү боюнча бөлүштүрүү аркылуу кредиттердин негизги категориялар боюнча суммаларды; 

2) жана башка чыгашалар, жана башка кирешелер счетторундагы алынып салынган жана калыбына келтирилген пайыздык кирешелер; 

3) кредиттердин ар бир категориясы боюнча төмөнкүлөрдү белгилөө зарыл: 

- алар боюнча пайыздарды чегерүүлөр токтотулган кредиттердин суммасы; 

- мөөнөтүндө төлөнбөгөн пайыздардын суммалары; 

- реструктуризацияланган кредиттердин суммасы; 

- РППУну аныктоо үчүн базис. Отчеттук мезгил ичиндеги РППУ счетундагы каражаттардын жылышына анализдөөлөр берилүүгө тийиш. Анда, жыл ичинде РППУнун көбөйүүсү РППУнун эсебинен алынып салынган кредиттердин суммасы жана РППУнун эсебинен мурда алынып салынган, калыбына келтирилген кредиттердин суммалар камтылууга тийиш; 

- Пайыздар чегерилбөөчү статусуна же реструктуризациялангандардын статусуна ээ, баланстык отчетто камтылган кредиттердин жалпы суммасы. 

9.6. Негизги каражаттар боюнча төмөнкү маалыматтарды ачып көрсөтүү зарыл: 

1) негиги каражаттын ар бир тобу боюнча төмөнкүнүлөрдү чагылдыруу: 

- жалпы баланстык наркты өлчөө негиздерин (алгачкы, кайрадан баалоо ж.б.); 

- амортизацияларды чегерүү ыкмасын; 

- кызмат өтөө мөөнөттөрү же амортизациянын колдонулган нормаларын; 

- дүң баланстык нарткы жана бир мезгилдин башталашына жана акырына карата чегерилген амортизацияны; 

- төмөнкүлөрдү чагылдырган бир мезгилдин башталышына жана акырына карата абал боюнча баланстык наркты салыштыруу: 

негизги каражаттардын өсүш арымын; 

сатууну жана эсептен алып салууну; 

кайрадан баалоонун негизинде келип чыккан көбөйүүнү жана азаюуну; 

баланстык нарктын төмөндөшүн; 

эсептен алынып салынган суммаларды; 

амортизацияны; 

- кабыл алынган ыкмаларды жана пайдалуу кызмат өтөөнүн бааланган мөөнөттөрүн же амортизациялоо нормаларын, бир мезгил ичинде амортизациялык чегерүүлөрдүн суммаларын жана чегерилген амортизациянын суммаларын; 

2) эгерде, отчеттук мезгилде негизги каражаттарды кайрадан баалоо жүзөгө ашырылган болсо, анда төмөнкүлөр ачып көрсөтүлүүгө тийиш: 

- негизги каражаттарды кайрадан баалоо ыкмалары; 

- негизги каражаттарды кайрадан баалоону жүргүзгөн күндүн датасы; 

- калыбына келтирилген наркты аныктоо үчүн колдонулган индекстердин түшүндүрмөлөрү

3) төмөндөгү кошумча маалыматтарды да ачып көрсөтүүгө болот: 

- убактылуу пайдаланылбай турган негизги каражаттардын баланстык наркын; 

- толук амортизацияланган, бирок али колдонулуп жаткан негизги каражаттарга кошуп эсептелинген амортизацияны алып салууга чейинки баланстык наркты; 

- аларды колдонуу токтотулган же коодонуудан калууга тийиш болгон негизги каражаттардын баланстык наркын. 

9.7. Материалдык эмес активдер боюнча төмөндөгү маалыматтарды ачып көрсөтүү зарыл: 

1) пайдалуу кызмат өтөө мөөнөттөрүн жана амортизациянын колдонулуп жаткан ставкаларын; 

2) амартизациялоонун колдонуудагы ыкмаларын; 

3) баланстык наркты жана бир мезгилдин башталышына жана акырына карата чегерилген амортизацияны (нарктын төмөндөөсүнөн улам келип чыккан топтолгон чыгымдарды чогуу алганда). 

9.8. Мүлктүн ижарасы боюнча төмөнкү маалыматтарды ачып көрсөтүү зарыл: 

А. Эгерде банктык эмес финансы-кредит уюм ижарачы катары иш алып барса, анда: 

1) операциялык ижара учурунда төмөнкүлөр көрөстүлөт: 

а) мезгил аралыгы боюнча алынып салынбаган операциялык ижара учурунда келечектеги ижаралык төлөмдөрдүн жалпы суммасы (бир жылдан ашпаган, бир жылдан ашкан, бирок 5 жылдан ашпаган, 5 жылдан ашкан); 

б) ижаралык төлөмдөр боюнча суммаларды бөлүштүрүү менен отчеттук мезгил үчүн түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчетто таанылган ижара жана субижара боюнча төлөмдөр, шартуу төлөмдөр жана субижаралык төлөмдөр; 

2) финансылык ижара учурунда төмөнкүлөр көрөстүлөт: 

а) банктык эмес финансы-кредит уюмдун башка активдеринен өзүнчө, ижаранын предмети болуп саналган активдер; 

б) активдердин ар бир классы боюнча баланстык отчетту түзүү датасына карата ижаранын предмети болуп саналган актив- 

(*) "Токтом" Маалымат борборунун эскертүүсү: түп нускада тексттин уландысы жок 

в) ижарага алынган активдер боюнча милдеттенмелер. 

Б. Эгерде банктык эмес финансы-кредит уюм ижара берүүчү болсо, анда: 

1) операциялык ижара учурунда төмөнкүлөр чагылдырылат: 

а) активдердин наркы жана активдердин ар бир негизги түрү боюнча кошуп эсептелинген амортизациялык чегерүүлөр; 

б) чогуу алганда жана мезгил аралыгы боюнча алынып салынбаган операциялык ижаралар боюнча келечектеги ижаралык төлөмдөрдүн суммасы (бир жылдан ашпаган, бир жылдан ашкан, бирок 5 жылдан ашпаган, 5 жылдан ашкан); 

2) финансылык ижара учурунда мезгил аралыктары боюнча баланстык отчетту түзүү датасына карата алууга каралган күтүлүүдөгү ижарага дүңүнөн инвестициялардын суммардык өлчөмдөрү көрсөтүлөт (бир жылдан ашпаган, бир жылдан ашкан, бирок 5 жылдан ашпаган, 5 жылдан ашкан); 

9.9. Банктык эмес финансы-кредит уюмдун башка менчигинде тургандар боюнча төмөнкү маалыматтарды ачып көрсөтүү зарыл: 

1) менчикте тургандардын курамы; 

2) менчикте тургандардын наркын аныктоо ыкмалары жана кайрадан баалоонун аралыгы. 

9.10. Депозиттер боюнча төмөнкү маалыматтарды ачып көрсөтүү зарыл: 

1) төлөө мөөнөттөрү жана бир жылга чейинки, бир жылдан беш жылга жана беш жылдан ашкан мөөнөттөгү депоизттер боюнча жыл ичиндеги орточо салмактанып алынган пайыздык ставка; 

2) банктык эмес финансы-кредит уюмдун ликвиддүүлүгүнө таасирин тийгизүүчү депозиттик концентрациялануу жана негизги аманатчынын аманатынын суммасы ошондой эле, мисалы депозиттердин структурасын тез эле өзгөртүп жиберүүчү беш негизги аманатчылардын салган аманаттарынын суммалары сыяктуу пайыздык ставкалар тобокелдиги ж.б. 

9.11. Пайдадан салык боюнча төмөнкү маалыматтарды ачып көрсөтүү зарыл: 

- салык боюнча утурумдук чыгашалар; 

- убакыт айрымачылыгынын келип чыгуусу жана калыбына келтирилишине байланыштуу салык боюнча кийинкиге калтырылган чыгашалардын суммалар. 

9.12. Капитал боюнча төмөнкү маалыматтарды ачып көрсөтүү зарыл: 

1) акциялардын ар бир классы үчүн чыгарууга уруксат берилген жана чыгарылган акциялардын номиналдык наркын жана санын көрсөтүү

2) артыкчылыктуу акциялар үчүн дивиденддердин өлчөмүн, чегерилген дивиденддердин суммаларын, дивиденттерди төлөп берүү боюнча карыздарды, ошондой эле ошол артыкчылыктуу акциялар үчүн мүнөздүү болгон, мисалы, конверция укугу, төлөөгө укуксыяктуу шарттарды көрсөтүү

3) жөнөкөй акциялар үчүн акциялардын номиналдык же жарыяланган наркын, уруксат берилген, чыгарылган жана жүгүртүлүп жаткан акциялардын санын, акциялардын ар бир категориясы боюнча алардын жалпы суммасы, номиналсыз акциялардын санын, алардын наркын көрсөтүү

4) бөлүштүрүлбөгөн пайдалар боюнча чектөөлөр; 

5) өткөн мезгил жана отчеттук мезгил үчүн бир акцияга жарыяланган дивиденддер. 

9.13. Капиталдык резервдер боюнча төмөнкү маалыматтарды ачып көрсөтүү зарыл: 

1) капиталдык резервдерди түзүүнүн максаттары жана принциптери; 

2) банктык эмес финансы-кредит уюмдун белгилүү бир операцияларды жүргүзүүдөн жана капиталдык резервдерге чегерүүдөн келип чыгуучу, мүмкүн болгон жоготууларын эсептөө ыкмасын жана базасын; 

3) капиталдык резервдерди максаттуу пайдалануу. 

9.14. Кирешелер жана чыгашалар боюнча отчеттук мезгил ичинде таанылган кирешелердин ар бир олуттуу категориясынын суммасы жөнүндөгү маалыматтарды ачып көрсөтүү зарыл. 

9.15. Туунду жана ассоциацияланган компанияларга инвестициялар жана финансылык отчетту консолидациялоо боюнча төмөнкү маалыматтарды ачып көрсөтүү зарыл: 

1) туунду компаниялар боюнча: 

- алардын аталыштарын, юридикалык жак катары катооддон өткөн өлкөнү жана жайгашкан ордун көрсөтүү менен туунду компаниялардын тизмесин; 

- башкы компаниянын ээлигинде турган добуш берүүгө укук берүүчү жана добуш берүүгө укук бербөөчү акциялардын пайызын; 

- анда инвестор добуш берүүгө укук берген акциялардын 50 пайызынан көбүрөөгүнө ээ болгон, бирок туунду компания болуп саналбаган компаниялардын аталыштарын; 

2) ассоциацияланган компаниялар боюнча: 

- алардын аталыштарын, юридикалыкжак катары катооддон өткөн өлкөнү жана жайгашкан ордун көрсөтүү менен ассоциацияланган компаниялардын тизмесин; 

- ээликте турган добуш берүүгө укук берүүчү жана добуш берүүгө 

(*) "Токтом" Маалымат борборунун эскертүүсү: түп нускада тексттин уландысы жок 

- ээликте турган добуш берүүгө укук берүүчү жана добуш берүүгө укук бербөөчү акциялардын пайызы; 

9.16. Башка маалыматтарды да ачып көрсөтүү

Улуттук банктын лицензиясынын негизинде иш алып барган банктык эмес финансы-кредит уюмдун жылдык финансылык отчеттуулугуна карата түшүдүрмө тилкатында, маалыматтарды ачып көрсөтүү боюнча жогоруда белгиленген талаптардан тышкары, эгерде ошол маалымат финансылык отчеттуулуктун бир кыйла так, далилдүү берилиши үчүн зарыл болсо, кайсыл болбосун башка маалыматтардын берилиши зарыл. 

  

  

  

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иш алып барган банктык эмес финансы-кредит уюмдардын финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды берүүсүнө карата талаптар жөнүндөгү" Жобого карата 1-тиркеме 

N 1-форма 

Түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет 

200_-жылдын__________ карата ____________________________ 

(банктык эмес уюмдун аталышы жана жайгашкан жери) 

Өлчөө бирдиги: миң сом 

Статьянын аталышы 

Отчеттук мезгил 200Х ж. 

Өткөн мезгил 200Ү ж. 

  

Пайыздык кирешелер 

  

  

Карздык милдеттенмелер боюнча пайыздык киреше 

  

  

Банктардагы жана башка финансы кредиттик мекемелердеги депозиттер боюнча пайыздык киреше 

  

  

Кредиттер боюнча пайыздык киреше жана комиссиондуктар 

  

  

Бардыгы болуп: пайыздык киреше 

  

  

  

Проценттик чыгаша 

  

  

Депозиттер жана карыздар боюнча пайыздык чыгаша 

  

  

Жана башка пайыздык чыгаша 

  

  

Бардыгы болуп: пайыздык чыгаша 

  

  

Таза пайыздык киреше 

  

  

Минус: Потенциалдык кредиттик жана лизингдик чыгашалардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резерв (РППУ) боюнча чыгашалар 

  

  

10 

РППУга чегерүүдөн кийинки таза проценттпк киреше 

  

  

  

Операциялык кирешелер 

  

  

11 

Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөөлөр жана комиссиондук жыйымдар 

  

  

12 

Инвестициялардан жана соода операцияларынан (сальдо) кирешелер (чыгашалар) 

  

  

13 

Жана башка кирешелер 

  

  

14 

Бардыгы болуп: операциялык кирешелер 

  

  

  

Операциялык чыгашалар 

  

  

15 

Персоналды күтүүгө кеткен чыгашалар 

  

  

16 

Негизги каражаттарга жана материалдык эмес активдерге чыгашалар 

  

  

17 

Административдик чыгашалар 

  

  

18 

Кредиттер жана карыздар боюнча чыгашалар 

  

  

19 

Жана башка операциялык чыгашалар 

  

  

20 

Бардыгы болуп: операциялык чыгашалар 

  

  

21 

Пайдадан жана күтүлбөгөн пайдалардан жана чыгымдардан алынуучу салыктын эсептен алып салганга чейинки пайда (чыгаша) 

  

  

22 

Пайда салыгы 

  

  

23 

Мөөнөтү жылдырылган салыктар 

  

  

24 

Бардыгы болуп пайда салыгы боювча чыгамдар 

  

  

25 

Күтүлбөгөн пайдаларга жана чыгымдарга чейинкн таза пайда (чыгым) 

  

  

26 

Күтүлбөгөн пайдалар жана чыгымдар 

  

  

27 

Күтүлбөгөн пайдага салык боюнча чыгаша 

  

  

28 

Таэа пайда (чыгаша) 

  

  

  

Башкарманын Төрагасы (Жеткечиси) ________________________________  

                                                                     (аты-жөнү, колтамгасы) 

Башкы бухгалтер__________________________________________________  

                                                 (аты-жөнү, колтамгасы) 

  

  

  

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иш алып барган банктык эмес уюмдардын финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды берүүсүнө карата талаптар жөнүндөгү" Жобого карата 2-тиркеме 

N 2-форма 

Бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндө отчет 

200_-жылдын ______карата _____________________________ 

(банктык эмес уюмдун аталышы жана жайгашкан жери) 

Өлчөө бирдиги: миң сом 

Статьянын аталышы 

Отчеттук мезгил 200Х ж. 

Өткөн мезгил 200Ү ж. 

  

Активдер 

  

  

Эсептеги акча каражаттары жана активдер 

  

  

Банктардагы жана башка финансы-кредиттик мекемелердеги депозиттер 

  

  

Кардарларга кредиттер 

  

  

Минус: Потенциалдуу кредиттик жана лизингдик жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга резерв 

  

  

Бардыгы болуп: таза кредиттер 

  

  

Банктык эмес уюмдун баалуу кагаздары жана инвестициялары 

  

  

Жана башка менчик 

  

  

Жана башка активдер 

  

  

Бардыгы болуп: активдер 

  

  

  

Милдеттенмелер 

  

  

10 

Кардарларга депозиттер 

  

  

11 

Банктардан жана башка финансы-кредиттик мекемелерден кредиттер 

  

  

12 

Төлөп берүүгө кошуп эсептелинген пайыздар жана дивиденддер 

  

  

13 

Башка узак мөөнөттүү милдеттенмелер жана кредиттер 

  

  

14 

Жана башка милдеттенмелер 

  

  

15 

Бардыгы болуп: милдетгенмелер 

  

  

  

Капитал 

  

  

16 

Уставдык капитал 

  

  

17 

Номиналдан үстөк чегерилген капитал 

  

  

18 

Келечектеги керектөөлөр үчүн резервдер 

  

  

19 

Активдерди кайра баалоого резервдер 

  

  

20 

Бөлүштүрүлбөгөн пайда 

  

  

21 

Бардыгы болуп: капитал 

  

  

22 

Бардыгы болуп: милдеттенме жана капитал 

  

  

  

Башкарманын Төрагасы (Жеткечиси) ________________________________  

                                                                      (аты-жөнү, колтамгасы) 

Башкы бухгалтер _________________________________________________  

                                                      (аты-жөнү, колтамгасы) 

  

  

  

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иш алып барган банктык эмес уюмдардын финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды берүүсүнө карата талаптар жөнүндөгү" Жобого карата 3-тиркеме 

N 3-форма 

Акча каражатынын жылышы жөнүндө отчет 

200_-жылдын _______карата _________________________________ 

(банктык эмес уюмдун аталышы жана жайгашкан жери) 

Өлчөө бирдиги: миң сом 

Статьянын аталышы 

Отчеттук мезгил 200Х ж. 

Өткөн мезгил 200Ү ж. 

  

Операциялык ишкердиктен акча каражатынын жылышы 

  

  

Проценттик жана операциялык кирешелер 

  

  

(Проценттерди төлөө

  

  

Мурда эсептен алынып салынган кредиттерди кайтаруу 

  

  

(Берүүчүлөргө жана кызматкерлерге төлөп берүүчөр) 

  

  

Пайда салыгын төлөгөнгө чейинки операциялык пайда жана операциялык активдердин өзгөрүүсү 

  

  

  

өбөйүү) операциялык активдердин азаюусу 

  

  

Финансылык уюмдардагы депозиттер 

  

  

Жана башка активдер 

  

  

  

Операциялык милдеттенмелердин көбөйүүсү (азаюусу) 

  

  

Кардарлардан депозиттер 

  

  

Жана башка милдеттенмелер 

  

  

10 

Пайда салыгын эсептен алып салууга чейинки операциялык ишкердиктен акча каражаттарынын таза жылышы 

  

  

11 

өлөнгөн пайда салыгы) 

  

  

12 

Операциялык ишкердиктен каражаттардын таза жылышы 

  

  

  

Инвестициялык ишкердиктен акча каражаттарынын жылышы 

  

  

13 

Негизги каражаттарды сатуу 

  

  

14 

(Негизги каражаттарды сатып алуу) 

  

  

15 

Башка инвестициялык операциялардын (көбөйүүсү)/азаюусу 

  

  

16 

Инвестициялык ишкердиктен акча каражатынын таза жылышы 

  

  

17 

Чегерүүлөрдөн, пайлардан жана акцияларды чыгаруудан көбөйүү 

  

  

18 

(Жокко чыгарылган акциялар, пайларды жана үлүштөрдү алып коюу) 

  

  

19 

Карыздык милдеттенмелерди чыгаруудан келип түшүүлөр 

  

  

20 

(Карыздык милдеттенмелер боюнча төлөп берүүлөр) 

  

  

21 

(Дивиденддерди төлөп берүүлөр жана пайданы бөлүштүрүү

  

  

22 

Башка финансылык операциялардан акча каражаттарынын көбөйүүсү/(азаюусу) 

  

  

23 

Финансылык ишкердиктен таза акча каражаттары 

  

  

24 

Валюта курсунун олку-солкулугунун таасири 

  

  

25 

Акча каражаттарынын жана алардын эквиваленттеринин таза өсүүүшүү) арымы 

  

  

26 

Бир мезгилдин башталышына карата акча каражаттары жана алардын эквиваленттери 

  

  

27 

Бир мезгилдин акырына карата акча каражаттары жана алардын эквиваленттери 

  

  

  

Башкарманын Төрагасы (Жеткечиси) ________________________________  

                                                                      (аты-жөнү, колтамгасы) 

Башкы бухгалтер__________________________________________________  

                                                         (аты-жөнү, колтамгасы) 

  

  

  

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензиясынын негизинде иш алып барган банктык эмес уюмдардын финансылык отчетторду түзүүсүнө жана маалыматтарды берүүсүнө карата талаптар жөнүндөгү" Жобого карата 4-тиркеме 

N 4-форма 

Капиталдын структурасындагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет 

200_-жылдын ______________карата ___________________________________  

(банктык эмес уюмдун аталышы жана жайгашкан жери) 

Өлчөө бирдиги: миң сом  

Статьянын аталышы 

Отчеттук мезгил 200Х ж. 

Өткөн мезгил 200Ү ж. 

  

Уставдык капитал 

  

  

Отчеттук мезгилдин башталышына карата калдык 

  

  

Отчеттук мезгилдеги көбөйүү 

  

  

Отчеттук мезгилдеги азаюу 

  

  

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

  

Номиналдан үстөк чегерилген капитал 

  

  

Отчеттук мезгилдин башталышына карата калдык 

  

  

Акцияларды чыгаруудан капиталдын артып калуусу 

  

  

Башка өзгөрүүлөр 

  

  

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

  

Пайда 

  

  

Отчеттук мезгилдин башталышына карата калдык 

  

  

10 

Акыркы отчеттук мезгилдин пайдасы (чыгымы) 

  

  

11 

Акыркы отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча акча каражаттары катары жарыяланган дивиденддер 

  

  

12 

башка өзгөрүүлөр 

  

  

13 

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

  

Келечектеги керектөөлөр үчүн резерв 

  

  

14 

Отчеттук мезгилдин башына карата калдык 

  

  

15 

Келечектеги керектөөлөр үчүн резервдин башкы жылышы 

  

  

16 

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

  

Активдерди кайра баалоо боюнча резервдер 

  

  

17 

Отчеттук мезгилдин башталышына карата калдык 

  

  

18 

Отчеттук мезгилде негизги каражаттарды кайрадан балоонун жыйынтыктары 

  

  

19 

Негизги каражаттарды баалоо боюнча резервдин башка жылышы 

  

  

20 

Отчеттук мезгилде баалуу кагаздарды кайра баалоонун жыйынтыктары 

  

  

21 

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

22 

Бардыгы болуп капитал 

  

  

  

Башкарманын Төрагасы (Жеткечиси) ________________________________  

                                                                       (аты-жөнү, колтамгасы) 

Башкы бухгалтер__________________________________________________  

                                                       (аты-жөнү, колтамгасы)