Кайта келүү

Улуттук банктын   

Көзөмөл боюнча комитетинин   

2014-жылдын 12-июнундагы №20/4   

токтому менен бекитилген.  

  

  

Микрокаржылоо уюмдары жана кредиттик союздар үчүн бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөр 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Көзөмөл боюнча комитеттин 2017-жылдын 24-августундагы №32/1 токтомдору менен бекитилген) 

 

1-глава. ЖАЛПЫ БӨЛҮК 

1. Бул усулдук сунуш-көрсөтмөлөр, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө”, “Кредиттик союздар жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык иштелип чыккан.  

2. Усулдук сунуш-көрсөтмөлөр, микрокаржылоо уюмдарында жана кредиттик союздарда (мындан ары ФКУ), анын ичинде Бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюму тарабынан ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсепке алууда колдонулган терминдерди (атоолорду) жана стандарттарды колдонуу өзгөчөлүгүн, ошондой эле Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын жогоруда аталган уюмдун уюмунун стандарттарына каршы келбеген бөлүгүн эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды ишке ашырышкан микрокаржылоо уюмдарында бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча ички жол-жоболорду иштеп чыгууда колдонулушу мүмкүн.   

3. ФКУдарда бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу жана алардын ички контролдуктун натыйжалуу системасын өнүктүрүү ушул усулдук сунуш-көрсөтмөлөрдүн максатынан болуп саналат.  

4. ФКУда бухгалтердик эсептин уюштурулушу жана бухгалтердик операцияларды жүргүзүүдө мыйзам талаптарынын сакталышы үчүн жоопкерчилик ФКУдын башкаруу органына жетекчиге жана/же Башкармасына (мындан ары ФКУдын жетекчилиги) жүктөлөт.   

5. ФКУдын жетекчилиги ички эсепке алуунун уюштурулушун жана тышкы пайдалануучулар үчүн финансылык отчеттун даярдалышын контролдукка алат, салык отчетторунун жана башка финансылык отчеттордун даярдалышын контролдойт, ошондой эле ФКУдын милдеттенмелери боюнча эсептешүүлөрдүн өз убагында жүргүзүлүшүн камсыз кылат.   

6. ФКУда бухгалтердик эсепке алуунун жүргүзүлүшү жана финансылык отчеттун өз убагында сунушталышы үчүн жоопкерчилик, башкы бухгалтерге (же бухгалтерге эгерде ФКУда башкы бухгалтердин кызмат орду жок болсо) жүктөлөт.   

7. ФКУда бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүдө бекитилген төмөнкү документтер колдонулат:  

- документ менен иш алып баруу эрежелери;  

- баштапкы бухгалтердик документтердин формалары;  

- бухгалтердик документтерди көктөө жана сактоо тартиби;  

- эсептик маалыматты иштеп чыгуу технологиясы (тартиби);  

- системадан тышкаркы эсепке алууну уюштуруу тартиби;  

- инвентаризациялоону жүргүзүү тартиби;  

- бухгалтердик операцияларды жүргүзүүнүн жана аларды бухгалтердик отчеттордо чагылдыруунун ички жол-жоболору;  

- бухгалтер алмашкан учурда бухгалтердик документтерди кабыл алуу-өткөрүп берүү эрежелери (ФКУ тарабынан өз алдынча иштелип чыгат);  

- башкы бухгалтердин/бухгалтердин кызматтык иш нускоосу (ФКУ тарабынан өз алдынча иштелип чыгат).  

Ушул пунктта чагылдырылган документтер ФКУдын жетекчилиги тарабынан бекитилүүгө тийиш.  

8. Бухгалтердик маалымат күн сайын, бухгалтердик операциялардын ишке ашырылгандыгы тууралуу маалыматтын берилишине жараша иштелип чыгат. Бухгалтердик баланс - бухгалтердик операциялар боюнча маалыматтарды иштеп чыгуунун натыйжасынан болуп саналат. ФКУ балансты Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык түзөт.   

9. ФКУдын ички жол-жобосуна ылайык, бардык бухгалтердик операциялар бухгалтердик эсептерде өз убагында, калтырып кетүүлөрсүз жана алып таштоосуз чагылдырылууга тийиш.   

10. ФКУ бухгалтердик эсепке алууну улуттук валютада жүргүзөт.   

 

2-глава. ФКУдын БУХГАЛТЕРДИК ОПЕРАЦИЯЛАР БОЮНЧА ДОКУМЕНТТЕРДИН АЙЛАНЫШЫ ЖАНА ДОКУМЕНТ БОЛУП ТҮЗҮЛҮШҮНҮН ЭРЕЖЕЛЕРИ 

 

11. ФКУга тиешелүү мүлктөрдүн абалы жана алардын жылышы тууралуу баштапкы маалыматтарды каттоо системасы төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- бардык эсепке алынган объекттер документтерде өз убагында, так жана негиздүү чагылдырылууга тийиш;  

- баштапкы маалыматтарды каттоонун жана аларды иштеп чыгуунун жөнөкөйлүгү, ошол маалыматтар жазылган жабдуулар андан кийин иштеп чыгуу үчүн ыңгайлуу болушу;  

- баштапкы эсепке алууну жүргүзүүнүн үнөмдү уюштурулуп, минималдуу сарптоолордун чегинде жүргүзүлүүгө тийиш.   

12. ФКУ ишке ашырган бардык бухгалтердик операциялар, алардын негизинде бухгалтердик эсеп жүргүзүлгөн баштапкы болуп саналган документтер менен таризделүүгө тийиш.  

13. Башкы бухгалтердин/бухгалтердин бухгалтердик операцияларды документ түрүндө тариздетүү, документтерди жана маалыматтарды берүү жагындагы талаптары ФКУдын бардык кызматкерлери/бөлүмдөрү үчүн милдеттүү.   

14. Бухгалтердик операциялар боюнча маалыматтарды иргөөнү контролдукка алуу жана ирээтке келтирүү үчүн баштапкы эсептик документтердин негизинде жыйынтыкталган эсептик документтер (регистрлер) түзүлөт.  

15. Бухгалтердик документтерде жазууларды чагылдыруу эсеп жүргүзүүнүн компьютердик системасынын жардамы аркасында жана/же кагаз бетине колго жазуу аркылуу ишке ашырылат.   

  

§2. Документтин айланышы түшүнүгүнүн чечмелениши 

  

16. Документтин айланышы - бул, ФКУдын өзүндө түзүлгөн башка уюмдардан алынгандан тартып эсепке алынышына, иштелип чыгышына жана архивге өткөрүлүшүнө чейинки документтердин жылышы.   

17. Документтин айланышы төмөнкү баскычтардан өтөт:   

- ФКУда документ түзүү же аларды сырттан алуу;  

- бухгалтерияга документтин түшүүсү (башкы бухгалтерге/бухгалтерге);  

- документти текшерүү: формасы боюнча, арифметикалык негизде, мазмуну боюнча;  

- документти иштеп чыгуу: өткөрүүлөрдү жазуу, документтерди регистрде каттоо;  

- документтерди архивге өткөрүү.  

18. Документтердин айланышы ФКУдын жетекчилиги тарабынан бекитилген график аркылуу жөнгө салынат. Документтин айлануу графиги, ишти аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан үзгүлтүктөрдү көрсөтүү менен алардын өз ара иш алып баруусу жана ар бир кызматкердин (түзүмдүк бөлүмдүн) документтерди түзүү, текшерүү жана иштеп чыгуу боюнча аткарган иштеринин схемасы же тизмеги түрүндө таризделиши мүмкүн.  

19. ФКУда документтин айлануу графигинин сакталышына контролдукту башкы бухгалтер/бухгалтер ишке ашырат.   

Документтин айлануу графигинин сунушталган схемасы ушул Усулдук сунуш-көрсөтмөлөргө карата 1-тиркемеде келтирилген.   

20. Документтин айлануу графиги төмөнкүлөргө жараша түзүлөт:  

- ФКУдын уюштуруу түзүмүнө;  

- уюмдун иш көлөмүнө;  

- операциялардын түрлөрүнө.  

  

§3. Бухгалтердик документтерди классификациялоо 

  

21. Бухгалтердик эсепке алуу документтери төмөнкү белгилер боюнча классификацияланат:  

- багыты боюнча;  

- эсепке алуу маалыматтарын жалпылоо деңгээлине жараша;  

- түзүлгөн жери боюнча;  

- толтуруу ыкмасы боюнча;  

- эмнеде сакталгандыгына жараша;  

- сактоо мөөнөтү боюнча.  

22. Бардык баштапкы бухгалтердик документтер төмөнкүчө классификацияланат:  

1) уюштуруу-тескөөчү документтер буйруктар, буйруулар, көрсөтмөлөр, ишеним каттар ж.б.. Бул документтер бухгалтердик операцияларды жүргүзүүгө буйрукту, уруксат берүүнү, тапшырманы же ага укукту камтыйт. Ушул документтерде камтылган маалыматтар эсепке алуу регистринде катталбайт, анткени аларда операцияларды жүргүзүү фактысынын өзү чагылдырылбайт;  

2) далилдөөчү документтер (аткарылган) коштомо кагаздар, талаптар, кириш ордерлер, кабыл алуу актылары ж.б. Мындай документтер операцияны ишке ашыруу учурунда анын аткарылышын чагылдыруу менен түзүлөт жана алар баштапкы маалымат булагы же эсепке алуу процессинин биринчи баскычын түшүндүрөт. Аларда камтылган маалыматтар эсептик регистрде чагылдырылат;  

3) бухгалтердик тариздөө учурунда түзүлгөн документтери башкы бухгалтер/бухгалтер тарабынан башка документ түрүндө тастыктамага ээ болбогон жазуулар үчүн толтурулат. Булар кошумча роль ойногон ар кандай эсептөөлөр жана маалымкаттар, алар бухгалтериянын ишин жеңилдетүү жана тездетүү үчүн түзүлөт (бухгалтериянын жаңылыш чагылдырылган жазууну четтетүүгө, ФКУдын пайдасын, операциялык жана операциялык эмес чыгашаларын бөлүштүрүү боюнча маалымкаттар ж.б.). Мындай документтерден маалыматтар да эсеп регистринде чагылдырылат.   

23. Түзүлгөн жери боюнча бухгалтердик документтер төмөнкү түргө бөлүнөт:  

1) ички документтер ФКУдын ички бухгалтердик операцияларын тариздөө үчүн түзүлөт (кириш жана чыгыш кассалык журналдары, мемориалдык ордер/журнал ордер, аванстык отчет, материалдарды, сарптоолорду эсептен алып салууга, кабыл алуу өткөрүп берүүнүн инвентаризациясынын актылары, жана ж.б.);  

2) сырттан түшкөн документтер башка субъекттерден келип түшөт жана башка субъекттер менен түптөлгөн мамилелерди чагылдырат (эсеп-фактуралар, төлөм тапшырмалары, сатып алуу актысы, товардык чек ж.б.).   

24. Эсепке алуу маалыматын жалпылоо деңгээли боюнча бухгалтердик документтер төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:  

1) баштапкы документтер бухгалтердик операцияны ишке ашыруу учурунда түзүлөт, эсепке алуу процессинин негизи болуп саналат;  

2) жыйынтыкталган (экинчи иреттеги) документтер - баштапкы документтерде катталган эсепке алуу маалыматтарын жалпылоодо колдонулат; чогуу алып караганда алар эсепке алынуучу объекттер тууралуу кошумча маалымат катары колдонулуучу көрсөткүчтөрдү түшүндүрөт (мисалы: аванстык отчет).   

  

§4. Баштапкы документтерге кол коюу укугу 

  

25. Баштапкы эсепке алуу документтерине кол коюу укугуна ээ адамдардын тизмеги буйрук (буйруу) аркылуу ФКУдын жетекчилиги тарабынан бекитилет. Бул буйрукта (буйрууда) төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:  

- кызматкердин аты-жөнү, атасынын аты;  

- кызматкердин кызмат ордунун аталышы;  

- операциялардын түрү же документтердин түрү;  

- кол тамга үлгүсү;  

- кол коюуга укуктук мүнөзү (контролдоочу, бекитүүчү, аткаруучунун кол тамгасы) ж.б.  

26. Жетекчиликтин же ага ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасыз акча жана эсептешүү документтери анык эмес деп саналат жана аткарууга кабыл алынууга тийиш эмес.   

27. ФКУдын жетекчилиги менен башкы бухгалтер ортосунда айрым операцияларды ишке ашыруу боюнча пикир келишпестиктер орун алган шартта, баштапкы эсепке алуу документтери ФКУдын жетекчилигинин кат жүзүндөгү буйруусу аркылуу аткарууга кабыл алынышы мүмкүн, ал финансылык отчеттун аныктыгы жана толуктугу үчүн жоопкерчилик тартат.   

  

§5. Бухгалтердик эсепке алуу регистрлери 

  

28. Баштапкы эсепке алуу документтеринин негизинде бухгалтердик операциялар тууралуу маалыматтардын иштелип чыгышына контролдукту жүзөгө ашыруу жана аларды иштеп чыгууну ирээтке келтирүү үчүн жыйынтыкталган документтер эсептик регистрлер түзүлөт. Маалыматтар топтолуучу бухгалтердик эсепке алуу регистрлеринин формаларын ФКУ өзү иштеп чыгат жана бекитет. Мында ыйгарым укуктуу органдар сунуштаган формалар колдонулушу мүмкүн.   

29. ФКУда эсептик регистрлердин, алардын жүргүзүлүшү үчүн жоопкерчиликтүү адамдардын тизмеги, сакталган жери жана сактоо мөөнөтү бекитилет.   

Бухгалтердик эсепке алуунун милдеттүү регистрлеринин тизмегинин формасы ушул Усулдук сунуш-көрсөтмөлөргө карата 2-тиркемеде келтирилген.   

30. Бухгалтердик регистрлердеги маалыматтардын туура чагылдырылышы үчүн жоопкерчилик аларды түзгөн адамдарга, эрежедегидей эле бухгалтерге жүктөлөт.   

31. Бухгалтердик эсепке алуу жана ички бухгалтердик отчеттордун регистрлеринин мазмуну коммерциялык купуялуулукту камтыган маалымат (сыр) болуп саналат.   

  

3-глава. БУХГАЛТЕРДИК ДОКУМЕНТТЕРГЕ КАРАТА КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАР 

  

32. Бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу жана эсептерде бухгалтердик операциялардын өз учурунда туура чагылдыруу үчүн документтерди түзүү боюнча талаптардын так сакталышы зарыл.   

33. Бухгалтердик эсепке алуу регистрлериндеги жазуулар операциянын жүргүзүлүшү фактысын каттаган баштапкы эсепке алуу документтеринин негизинде чагылдырылат.   

34. Баштапкы бухгалтердик документтер операция ишке ашырылган учурда таризделинет жана алар бухгалтерге же эсепке алууну жүргүзүп, отчет түзгөн башка адамга берилет.   

35. Баштапкы эсепке алуу документтеринде милдеттүү реквизиттердин кайсыл бири көрсөтүлбөсө, ал бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү эрежесин бузуу болуп саналат жана бухгалтердик операциянын ишке ашырылгандыгы фактысынын тастыктоосунан боло албайт.   

36. Баштапкы документтердеги жазуулар, сыя, сыя калем сабынын, жазма машинканын, компьютердик техниканын жана мындай документтердин архивде сакталышы үчүн белгиленген убакыт ичинде мындай жазуулардын сакталышын камсыз кылган башка каражаттардын жардамы менен ишке ашырылат.   

37. Так эсепке алынуучу бланктарга кирген баштапкы документтер формаларынын бланктары ФКУ тарабынан белгиленген тартипте номерленүүгө тийиш.  

38. Баштапкы бухгалтердик документтер юридикалык күчкө ээ болушу үчүн аларда төмөнкүдөй милдеттүү реквизиттер камтылууга тийиш:  

- документтин аталышы;  

- документ түзүлгөн күнү жана жери;  

- документ анын атынан (тапшырмасы боюнча) түзүлгөн ФКУдын аталышы;  

- бухгалтердик операциянын маңызы;  

- бухгалтердик операцияны айкын жана акчалай түрүндө өлчөө бирдиктери;  

- бухгалтердик операциянын ишке ашырылышына жана анын туура тариздетилишине жоопкерчиликтүү адамдын кызмат ордунун аталышы;  

- көрсөтүлгөн адамдардын кол тамгалары.   

39. Баштапкы эсепке алуу документтеринин өз убагында жана сапаттуу тариздетилиши, бухгалтердик эсепте чагылдыруу үчүн алардын белгиленген мөөнөт ичинде өткөрүлүшү, ошондой эле аларда камтылган маалыматтардын тактыгы ошол документтерди түзүп, кол койгон адамдар тарабынан камсыз кылынат.   

  

4-глава. БАШТАПКЫ БУХГАЛТЕРДИК ДОКУМЕНТТЕРДИН ФОРМАЛАРЫ 

  

40. ФКУда, негизинен, ушул главада көрсөтүлгөн баштапкы бухгалтердик документтер, ошондой эле Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилген, Кыргыз Республикасында ишкердиктин бардык субъекттери тарабынан милдеттүү түрдө колдонулуучу баштапкы документтердин өңчөйлөштүрүлгөн формалары пайдаланылат.   

41. Мемориалдык ордер:  

1) мемориалдык ордер ФКУдын бардык ички операцияларын эсепке алуу үчүн колдонулат;  

2) нускалардын саны - ФКУга кабыл алынган документтердин жылышы жана көктөлүшү тартибине жараша документтин айлануу графигинде аныкталат;  

3) мемориалдык ордерде документтин аталышы, формасынын коду, документтин катар номери, көчүрмө берилген күнү, айы, жылы, контрагенттин аталышы, ФКУдын аталышы, операциянын багыты, суммасы (жазуу жүзүндө жана сан менен), эсептердин контировкасы, ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгалары камтылууга тийиш;  

4) оңдоолорду киргизүүгө, булгоого, өчүрүп жазууга, ошондой эле корректировкалоочу заттарды (штрих) пайдаланууга жол берилбейт. Мемориалдык ордер милдеттүү түрдө контировкага, б.а. алар боюнча операция ишке ашырылып жаткан эсептердин номерлери көрсөтүлүүгө тийиш.   

42. Төлөм тапшырмасы:  

1) төлөм тапшырмасы Кыргыз Республикасынын аймагында төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн улуттук валютада жүргүзүү үчүн колдонулат;  

2) нускалардын саны документтерди даярдоо эрежелери аркылуу аныкталат;  

3) төлөм тапшырмасында документтин аталышы, формасынын коду, документтин катар номери, көчүрмө берилген күнү, айы, жылы, төлөөчүнүн аталышы (аты-жөнү), анын эсебинин номери, идентификациялык салык номери (мындан ары ИНН), Ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификаторуна (мындан ары - Ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык классификатору) ылайык төлөөчүнүн коду, социалдык камсыздандырууга төлөмдөрдү төлөө учурунда - жеке идентификациялык номери, төлөөчүнүн банкынын аталышы, ал жайгашкан жер, төлөөчүнүн банкынын коду, каражатты алуучунун аталышы (аты-жөнү), анын эсебинин номери, алуучунун банкынын аталышы, ал жайгашкан жер, төлөөчү-банктын коду, операциянын багыты, суммасы (жазуу жүзүндө жана сан менен), ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгалары көрсөтүлүүгө тийиш;  

4) оңдоолорду киргизүүгө, булгоого, өчүрүүгө, ошондой эле корректировкалоочу заттарды пайдаланууга жол берилбейт. Банктан төлөм тапшырмасынын көчүрмөсүн алууда документте банктын ыйгарым укуктуу кызматкер ал документтин банкта катталгандыгы тууралуу белгисин коюлууга тийиш. ФКУдын жетекчилигинин жана бухгалтеринин же болбосо контрагент-уюмдардын өкүлдөрүнүн кол тамгалары ФКУда калган биринчи нускага коюлат  

43. Кириш кассалык ордери:  

1) Кириш кассалык ордери акча каражаттарын кабыл алууда (мисалы, дебитордук карыздын ордун жабууда), банктан чек боюнча алынган акча каражаттарын кириштөө учурунда толтурулат;  

2) нускалардын саны ФКУдын ички документтерине ылайык эки-үч нускада түзүлөт. Бир нускасы милдеттүү түрдө акча каражаттарын салуучунун колуна берилет;  

3) кириш кассалык ордеринде документтин аталышы, формасынын коду, документтин катар номери, көчүрмө берилген күнү, айы, жылы, төлөөчүнүн аталышы (аты-жөнү), субъекттин/ФКУдын аталышы, төлөм багыты, суммасы (жазуу жүзүндө жана сандар менен), акча каражаттарын салуучунун кол тамгасы, субъекттин/ФКУдын ыйгарым укуктуу адамдарынын кол тамгасы камтылууга тийиш. Кириш кассалык ордери сыя калем сап менен так жана айкын жазылууга же компьютерде басылууга тийиш;  

4) бардык кассалык кириш документтер кириштөө боюнча кассалык журналдарда бухгалтер жана кассир тарабынан өз-өзүнчө катталат. Касса журналы кириш кассалык ордери менен бирге, кол койдуруп алдыруу менен кассирге өткөрүп берүү аркылуу бухгалтер тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Кириш кассалык ордеринде операция ишке ашырылуучу эсептердин номерлери көрсөтүлүшү зарыл. Иш күнүнүн акырында бухгалтер касса журналында өзү каттаган кассалык документтерди кассир өткөргөн документтерге салыштырып текшерет;  

5) документти кол менен толтурууда сумманы жазуу жүзүндө чагылдыруу милдеттүү түрдө баш тамга менен саптын башынан тартып жазылат, “суммасы сандар менен” реквизитиндеги жана суммасы жазуу жүзүндө чагылдырылган кийинки бош калган жерлер кош сызык менен чийилет;  

6) оңдоолорду киргизүүгө, булгоого, өчүрүүгө, ошондой эле корректировкалоочу заттарды (штрих) колдонууга жол берилбейт. Документти кол менен толтурууда анын бардык нускаларынын ортосуна көчүрмө кагазы коюлуп, бир жолу толтурулууга тийиш, ал эми документтин ар бир нускасына көчүрмө кагазды колдонбостон өз-өзүнчө кол коюлат.  

44. Чыгыш кассалык ордери:   

1) чыгыш кассалык ордери акча каражаттарын берүү учурунда толтурулат (мисалы, колдонулушу боюнча отчет талап кылуу алдында акча каражаттарын берүү, эмгек акыны берүү, каржылоону сунуштоо, депозиттер боюнча чегерилген кирешелерди берүү учурунда;  

2) нускалардын саны ФКУдын ички документтерине ылайык эки/үч нускада;  

3) чыгыш кассалык ордеринде документтин аталышы, формасынын коду, документтин катар номери, көчүрмө берилген күнү, айы, жылы, төлөөчүнүн аталышы (аты-жөнү), ФКУдын аталышы, операциянын багыты, суммасы (жазуу жүзүндө жана сандар менен), акча каражаттарын алуучунун кол тамгасы, ФКУдын ыйгарым укуктуу адамдарынын кол тамгасы көрсөтүлүүгө тийиш. Чыгыш кассалык ордери сыя калем сап менен так жана айкын жазылууга же компьютерде басылууга тийиш;  

4) бардык чыгыш кассалык документтер бухгалтер жана кассир тарабынан өз-өзүнчө чыгыш кассалык журналдарында катталат. Касса журналы чыгыш кассалык ордери менен бирге, кол койдуруп алдыруу менен кассирге өткөрүп берүү аркылуу бухгалтер тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Чыгыш кассалык ордеринде операция ишке ашырылуучу эсептердин номерлери көрсөтүлүшү зарыл. Иш күнүнүн акырында бухгалтер касса журналында өзү каттаган кассалык документтерди кассир өткөргөн документтерге салыштырып текшерет;  

5) документти кол менен толтурууда сумманы жазуу жүзүндө чагылдыруу милдеттүү түрдө баш тамга менен саптын башынан тартып жазылат, “суммасы сандар менен” реквизитиндеги жана суммасы жазуу жүзүндө чагылдырылган кийинки бош калган жерлер кош сызык менен чийилет;  

6) оңдоолорду киргизүүгө, булгоого, өчүрүүгө, ошондой эле корректировкалоочу заттарды (штрих) колдонууга жол берилбейт. Документти кол менен толтурууда анын бардык нускаларынын ортосуна көчүрмө кагазы коюлуп, бир жолу толтурулууга тийиш, ал эми документтин ар бир нускасына көчүрмө кагазды колдонбостон өз-өзүнчө кол коюлат.   

45. Накталай төлөмгө билдирме:  

1) накталай төлөмгө билдирме төмөнкү операцияларды ишке ашырууда колдонулат: пайларды кабыл алууда (ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган ФКУдар үчүн), карызды жана сыйакыларды төлөө учурунда (пайыз/кошумчаланган сумма, пайданын бөлүгү), айыптык төлөмдү төлөөдө, аманат келишими боюнча акча каражаттарын салууда;  

2) нускалардын саны бир;  

3) накталай төлөмгө билдирмеде документтин аталышы, формасынын коду, документтин катар номери, көчүрмө берилген күнү, айы, жылы, акча каражаттарын салуучунун аты-жөнү, ФКУдын аталышы, төлөм багыты, суммасы (жазуу жүзүндө жана сан менен), акча каражаттарын салуучунун кол тамгасы, ФКУдын ыйгарым укуктуу адамдарынын кол тамгалары көрсөтүлүүгө тийиш;  

4) мындай документтер топтомуна накталай төлөмгө билдирме, нак акча салуу квитанциясы, нак акча салуу ордери кирет. Нак акча салуу квитанциясы алардын кабыл алынгандыгын тастыктаган документ катары акча каражаттарын салуучуга кайтарылып берилет. Накталай төлөмгө билдирме кассалык документтерге кошо көктөлөт, ал эми накталай төлөм ордери документтер менен бирге көктөө үчүн бухгалтерге өткөрүлүп берилет. Накталай төлөм билдирмесинде милдеттүү түрдө алар боюнча операция жүргүзүлгөн эсептердин номери чагылдырылууга тийиш.   

46. Ишеним кат:  

1) ишеним кат, аны сунуштоочунун товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу же өткөрүп берүү укугун тастыктайт;  

2) нускалардын саны бир;  

3) ишеним катта документтин аталышы, документтин номери, ишеним кат берилген күнү, айы, жылы, ишеним катта көрсөтүлүүгө тийиш болгон анын аракеттенүү мөөнөтү ишеним кат берилген күндөн тартып он күндөн ашпоого тийиш, ишеним катты алган адамдын паспортундагы маалыматтар, ошондой эле алынуучу же өткөрүлүп берилүүчү товарлардын аталышы жана саны, же болбосо суммасы же төлөнүүчү же төлөм алынуучу кызмат көрсөтүүнүн түрү, сунуштоочунун аталышы, товарды/кызмат көрсөтүүнү сатып алуу же өткөрүү үчүн негиз (келишим ж.б.) чагылдырылат, ишеним катты алган адамдын кол тамгасы, ыйгарым укуктуу адамдардын кол тамгалары (ФКУдын жетекчилиги жана башкы бухгалтердин/бухгалтердин кол тамгасы) коюлат жана ФКУдын мөөрү басылат.   

4) оңдоолорду киргизүүгө, булгоого, өчүрүүгө, ошондой эле корректировкалоочу заттарды колдонууга жол берилбейт. Мында төмөнкүлөргө өзгөчө көңүл бөлүү зарыл:  

- ишеним каттын аракеттенүү мөөнөтүнө;  

- ишеним катты алган адамдын паспортундагы маалыматтарга;  

- анын кол тамгасынын үлгүсүнө.  

5) бардык берилген ишеним каттар Ишеним каттарды каттоо журналында чагылдырылууга тийиш. Бухгалтер ишеним каттардын пайдаланылышын (“жабылышын”) контролдойт. Колдонулбаган ишеним каттар бухгалтерге кайтарылып берилет, бухгалтер аларды жокко чыгаруу белгисин коюп, өзүнчө папкага көктөйт.   

47. Кошумча нарк салыгы (мындан ары КНС) боюнча эсеп-фактура:  

1) эсеп-фактура бул, сунуштоо ишин Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык салык төлөө менен жүзөгө ашырган салык төлөөчү субъект тарабынан тариздетилүүчү документ. Ал, кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар же товар керектөөчүлөр менен эсептешүүлөрдү, ошондой эле кошумча нарк салыгы боюнча бюджеттик эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат. ФКУ катышуучуларга төмөнкү финансылык эмес кызматтарды көрсөткөн учурда эсеп-фактура жазып берет: консультацияларды берүүдө, ижарага жай сунуштоодо, негизги каражатты, анчалык баалуу эмес инвентарды, башка мүлктүүрөөлүк мүлктү) сатууда ж.б. Негизинен ФКУ төлөөгө карата эсеп-фактураларды товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардан кабыл алат;  

2) нускасынын саны төлөөгө карата эсепти алган учурунда бир нуска жана алууга карата эсептерди тариздөөдө эки нуска;  

3) так эсепке алынуучу бланк катары кошумча нарк салыгынын эсеп-фактурасында милдеттүү түрдө төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: КНС эсеп-фактурасын түзүү күнү, товарларды (аткарылган иштерди, көрсөтүлгөн кызматтарды) алуучунун жана сунуштоочунун аты-жөнү же толук аталышы, юридикалык дареги жана ИННи, сатылуучу товарлардын (аткарылган иштердин, көрсөтүлгөн кызматтардын) аталышы, товарлардын (аткарылган иштердин, көрсөтүлгөн кызматтардын) кошумча нарк салыгын эсепке алуусуз наркы (кошумча нарк салыгынын чени, кошумча нарк салыгынын суммасы), товарлардын (аткарылган иштердин, көрсөтүлгөн кызматтардын) кошумча нарк салыгын эсепке алуу менен анын наркы жазуу жүзүндө, ал жетекчиликтин жана башкы бухгалтердин/бухгалтердин, сунуштоочунун компаниясынын жетекчилигинин жана башкы бухгалтеринин/бухгалтеринин кол тамгалары менен тастыкталат, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн кызмат адамынын кол тамгасы коюлат, мөөрү басылат;  

4) оңдоолорду киргизүүгө, булгоого, өчүрүүгө, ошондой эле корректировкалоочу заттарды пайдаланууга жол берилбейт. Эсеп-фактурада, эгерде алар болгон болсо, башка салыктардын суммасы көрсөтүлөт.   

48. Кириш кассалык ордерине карата квитанция (дүмүрчөк):  

1) мындай квитанция ФКУдын кассасына ал көрсөткөн кызматтар үчүн же сунуштаган товарлар үчүн акча каражаттардын келип түшүүсүн тастыктайт;  

2) нускалардын саны бир;  

3) кириш кассалык ордерине карата квитанцияда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: документтин аталышы, документтин номери, көчүрмө берилген күнү, айы, жылы, ФКУдын аталышы жана акча каражаттарын өткөрүп жаткан адамдын аты-жөнү, аларды кабыл алып жаткан уюмдун аталышы жана салык төлөөчүнүн ИННи, операциянын багыты, суммасы (жазуу жүзүндө жана сан менен), акча каражаттарын кабыл алган башкы бухгалтердин жана кассирдин кол тамгасы;  

4) оңдоолорду киргизүүгө, булгоого, өчүрүүгө, ошондой эле корректировкалоочу заттарды пайдаланууга жол берилбейт. Мында, квитанциянын катар номерине, анда кол тамганын жана квитанцияны айруу сызыкчасынын так ортосунда мөөрдүн болушуна өзгөчө көңүл буруу зарыл.  

49. Аванстык отчет:  

1) документтин багыты. Аванстык отчет бул, отчет талап кылуу алдында берилген акча каражаттардын пайдаланылышы тууралуу отчет;  

2) нускалардын саны бир;  

3) аванстык отчетто документтин аталышы, документтин номери, отчет түзүлгөн күн, отчет берүүчү адамдын аты-жөнү, берилген сумма, сарпталган сумма, акча каражаттардын калдыгы же ашыкча чыгашасы, качан, кимге, эмне үчүн, кайсыл документ боюнча жана канча сумма төлөнгөндүгү, ФКУдын ыйгарым укуктуу адамдарынын кол тамгалары, отчет берүүчү адамдын кол тамгасы камтылууга тийиш;   

4) аванстык отчетко бардык тастыктоочу документтер тиркелүүгө тийиш. Адатта, аванстык отчетту тапшыруу мөөнөтү акча каражаттар берилген учурдан тартып 10 күндөн ашпаган мөөнөткө белгиленет.   

50. Сатып алуу актысы:   

1) сатып алуу актысы товарлардын сатылып алынгандыгын тастыктайт;  

2) нускасынын саны бир;  

3) сатып алуу актысында документтин аталышы, документ түзүлгөн күн, ФКУдын аталышы, товарды сатып алган адамдын аты-жөнү, товар сатылып алынган жер, сатуучунун аты-жөнү жана паспортунун маалыматтары, сериясы, номери, аракеттенүү мөөнөтү, патент берилген ишкердик чөйрөсү, кайсы орган тарабынан берилген, сатылып алынган товардын аталышы, саны, өлчөө бирдиги, бир даанасы үчүн баа, ар бир товар боюнча жалпы суммасы, жыйынтык суммасы сандар менен жана жазуу жүзүндө, сатуучунун кол тамгасы, товарды сатып алып жаткан адамдын кол тамгасы, бекитилип жаткан суммага акт, ФКУдын актты бекитип жаткан ыйгарым укуктуу адамынын кол тамгасы көрсөтүлөт;  

4) мындай акт сатып алуу ишке ашырылып жаткан учурда түзүлөт. Сатуучуда патент жок болсо, же патентте маалыматтар толук чагылдырылбаса, жеке адамга киреше төлөө булагы болуп саналган сатып алуу актысын кабыл алган ФКУга салык чегерилет.   

51. Инвентаризациялоо, кабыл алуу-өткөрүп берүү, материалдарды эсептен чыгаруу, өкүлчүлүк чыгашаларга сарптоолорду эсептен алып салуу актылары төмөнкүлөр үчүн каралган:  

1) белгилүү бир фактыларды же жагдайларды тастыктоо үчүн;  

2) нускалардын саны таламдаш тараптардын санына жараша же болбосо ФКУдын ички документтерине ылайык аныкталат;  

3) актыларда документтин аталышы, документтин номери, документ түзүлгөн күнү, айы, жылы, акт түзүү үчүн негизди камтыган акттын тексти (анын негизинде комиссия түзүлгөн буйруктун номери жана күнү), акт түзүүчүлөр көрсөтүлөт анда катышкан комиссия мүчөлөрү, алардын кызмат орундары, ошондой эле анын мүчөлөрүнөн болушпаган, бирок комиссиянын ишинде катышкан башка адамдар көрсөтүлөт. Акттын далилдөөчү бөлүгүндө акты түзүү максаттары жана милдеттери, комиссия тарабынан жүргүзүлгөн иш, ошондой эле аныкталган фактылар жана тыянактар чагылдырылат. Актка аны түзүүгө катышкан адамдардын бардыгы кол коюшат. Ал ФКУдын жетекчилиги бекиткен күндөн тартып күчүнө кирет;  

4) комиссия мүчөлөрүнүн кол тамгаларын тариздөөдө алардын кызмат орду көрсөтүлбөйт. Актта анын ар бир нускасы тапшырылган жак көрсөтүлөт.   

52. Мүлктү, ФКУдын Эсепке алуу саясатында келтирилген формага ылайык өз ыктыярдыгы боюнча кайрымдуулук катары Өткөрүп берүү (кабыл алуу) актысы, анда максаттуу пайдалануу үчүн түшкөн сумманын эмнеге багытталгандыгы көрсөтүлүүгө тийиш.   

Эскертүү. Эгерде кайрымдуулук үчүн мүлк акча каражаттардан башка түрдө сунушталса, анын наркын аныктоо жагында бир катар проблемалар келип чыгат. Мындай мүлк колдонуудагы мыйзамдардын эрежелери жана ченемдери боюнча акысыз алынган катары таанылат жана анын наркы эрежедегидей эле, учурдагы рыноктук наркка жараша аныкталат.   

  

5-глава. БУХГАЛТЕРДИК ДОКУМЕНТТЕРДИ КӨКТӨӨ ЖАНА САКТОО ТАРТИБИ 

  

53. ФКУда бухгалтердик документтерди көктөө жана сактоо тартиби өзүнчө ички жол-жобо аркылуу аныкталат жана ал ФКУдын жетекчилиги тарабынан бекитилет.   

54. Бухгалтердик эсепке алуунун эсептик регистрлерин жана финансылык отчеттордун сакталышын уюштуруу үчүн жоопкерчилик ФКУдын жетекчилигине жүктөлөт.   

55. Бардык бухгалтердик документтер белгилүү бир тартипте жана мезгилдүүлүгү боюнча документтер көктөмөсүн түзөт. Документтер көктөлүп, ар бир бетине номер коюлууга тийиш. Көктөмөнүн бетинде титулдук баракча болууга тийиш.   

56. Ар күндүк негизде балансты даярдоодо жана бухгалтердик операциялар ири көлөмдө ишке ашырылган шартта, бухгалтердик документтер эрежедегидей эле, күн сайын топтолуп, көктөлөт. Бул, операциялардын толук чагылдырылышын жана баланстын туура түзүлүшүн текшерүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. Документтер боюнча дебеттик жүгүртүү эсептери менен жүгүртүү-сальдо ведомосттору боюнча жыйынтыктар бири-бирине дал келүүгө тийиш.   

Балансты ай сайын түзүүдө жана операциялардын көлөмү анчалык көп эмес болгон шартта, документтерди күн сайын топтоп, бирок ай сайын көктөө ыңгайлуу. ФКУда баланстын тактыгын жана документтердин сакталышын контролдукка алган башка тартип белгилениши мүмкүн. Алсак, документтердин көктөмөлөрү ар башка мезгилде түзүлүшү мүмкүн. Мисалы, кассалык документтер күндөлүк негизде, ал эми эмгек акы боюнча документтер ай сайын же жылына бир жолу түзүлөт.   

57. Папкалардын тартибин жөнгө салган ченемдик документке ушул Усулдук сунуш-көрсөтмөлөргө карата 3-тиркемеде келтирилген таблицаны кошо тиркөө максатка ылайыктуу.   

58. Көктөө үчүн документтерди түзүү дебеттелген баланстык эсептердин номерлерин өсүү тартибинде көктөө, ал эми бирдей дебеттик баланстык эсептери менен документтер бир күн ичинде, өсүү тартибинде кредиттелген баланстык эсеп номерлеринде көктөө аркылуу ишке ашырылат. Документтердин саны жана жалпы суммасы ар айлык (ар күндүк) көктөмөлөрдүн тышкы бетинде башкы бухгалтердин/бухгалтердин кол тамгасы менен, ал эми кассалык документтер боюнча кассирдин жана бухгалтердин кол тамгасы менен тастыкталат.   

59. Ай ичинде китепче түрүндө топтолгон документтер боюнча жыйынтыктардын жалпы суммасы ар айлык баланс боюнча жүгүртүү жыйынтыктарына салыштырылып эсептелип, текшерилүүгө тийиш. Эгерде китепче түрүндө топтолгон документтер боюнча жыйынтыктардын жалпы суммасы ар айлык баланстын маалыматтарына дал келбесе, өзүнчө баланстык эсептер боюнча документтер жана жүгүртүүлөр текшерүүгө алынат.   

60. Документтерди түзүү иши жүктөлгөн кызматкерлер милдеттүү түрдө, эгерде мемориалдык ордерлерде аларга карата шилтемелер келтирилсе, анда тиркемелердин болушун текшерүүгө тийиш. Китепче түрүндө топтолгон документтердин ар бирине белгилүү бир мезгил аралыгында ишке ашырылган операциялардын жалпы суммасы көрсөтүлгөн титулдук баракча тиркелет.   

61. Титулдук баракчада (Усулдук сунуш-көрсөтмөгө карата 4-тиркеме) милдеттүү түрдө төмөнкү реквизиттер көрсөтүлүүгө тийиш:  

- ФКУдын аталышы;  

- ФКУдын иш номенклатурасына ылайык бекитилген индекс (номер);   

- документтер топтолгон күн;  

- документтердин жалпы саны;  

- сактоо мөөнөтү;  

- жоопкерчиликтүү жана контролдоочу кызматкерлердин кол тамгалары. Зарылчылык келип чыккан учурда, кошумча маалыматтарды көрсөтүүгө жол берилет.   

62. Иштерди түзүү, иш номенклатурасын даярдоо, документтерди сактоо мөөнөттөрүн белгилөө Улуттук банктын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.  

63. ФКУдын, документтерди көктөө жана сактоо тартиби тууралуу жол-жобону Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууга тийиш, ал ФКУдын жетекчилиги тарабынан бекитилет.  

64. Жоголгон документтер (жоголгон себептеринен көз карандысыз) аларга карата коюлган талаптарга ылайык, калыбына келтирилүүгө, туура эмес тариздетилгендери кайрадан тариздетилүүгө тийиш.  

65. Документтерди калыбына келтирүү боюнча иш-аракеттердин ырааттуулугу төмөнкүчө белгиленет:  

1) эгерде кайсыл бир баштапкы эсептик документтердин жоктугу (жоголгондугу) же алардын туура эмес тариздетилгендиги аныкталса (милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш болгон реквизиттер жок болсо же ал толтурулбаса), ФКУдын жетекчилиги өз буйругу аркылуу анын себептерин териштирүү боюнча комиссияны дайындоого тийиш;  

2) зарыл учурларда комиссиянын ишинде катышуу үчүн тергөө органдарынын өкүлдөрү чакыртылат;  

3) документтин жоголгондугу себептерин аныктагандан кийин комиссия аны калыбына келтирүү чараларын көрүүгө тийиш;  

4) комиссиянын иши боюнча жыйынтыктар акт түрүндө тариздетилет, ал ФКУдын жетекчилиги тарабынан бекитилет.   

  

6-глава. ЭСЕПТИК МААЛЫММАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУ ТЕХНОЛОГИЯСЫ 

  

66. Бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү системасы жана маалыматтарды иштеп чыгуу ырааттуулугу, көбүнчө ФКУда кабыл алынган маалыматтарды иштеп чыгуу ыкмаларына жараша болот. Маалыматтарды иштеп чыгуу колго же компьютердик ыкмада жүзөгө ашырылышы мүмкүн (атайы программалык камсыздоо же Word, Excel ж.б. сыяктуу орнотулган компьютердик программаларды колдонуу менен).   

67. Бухгалтердик системалар, эрежедегидей эле, эсепке алуу китебинин эки түрүнө ээ:   

- башкы бухгалтердик китеп (мындан ары Башкы китеп);   

- көмөкчү бухгалтердик китеп.   

68. Бухгалтердик китеп Эсептер планына ылайык топтоштурулган баланстык эсепти камтыйт. Башкы китеп талап кылынуучу финансылык отчетторду даярдоодо пайдалануу үчүн эсептик маалыматтарды жыйноонун жана суммалоонун негизги каражаты болуп саналат. Бул негизги милдет, эсептер планын номерлөө системасын пайдалануу, көмөкчү бухгалтердик китептерден тиешелүү эсептерге айрым бир же суммардык операцияларды киргизүү, аралык жана акыркы жыйынтыктоочу эсептерге өзүнчө бир эсептерди суммалоо жана топтоштуруу, ар кандай мүнөздөгү отчетторду даярдоо үчүн суммаланган кылдат маалыматтарды алуу менен ар бир операцияны идентификациялоо жана код коюу аркылуу ишке ашырылат.   

69. Көмөкчү бухгалтердик китептерде Башкы китептин баланстык эсептери чечмеленет, алар көптөгөн өзүнчө өздүк эсептерден турушу мүмкүн.   

70. Көмөкчү китеп (регистрлердин жыйындысы) бул, ФКУдын ишкердик түрү боюнча топтолгон финансылык жана финансылык эмес маалымат (мисалы, каржылоо, депозиттерди тартуу боюнча). Ал иштин белгилүү бир түрү боюнча топтоштурулган, ар кандай түрдөгү толук маалымат алуунун негизги булагы болуп саналат жана ФКУдын кызматкерлерине маалыматтарды ар кандай максаттарда пайдалануу жагында көмөк көрсөтөт. Көмөкчү китеп бухгалтериядан тышкары да жүргүзүлүшү мүмкүн, бирок көмөкчү китепти Башкы китеп менен салыштырып текшерүү ишин бухгалтер жүзөгө ашырат.   

Көмөкчү китептин форматына катуу талаптар коюлбайт жана ар бир ФКУ бухгалтердик эсепке алууну уюштурууда өз керектөөлөрүнө жараша таянуу менен иш алып барышат.   

71. Башкы китепти түзүү үчүн негиз катары көмөкчү китептер саналат, алар Башкы китепке чагылдырылуучу маалыматтарды жалпылайт, ошондуктан Башкы китепте окшош иштер боюнча бир нече жеке эсептерди жүргүзүү зарылчылыгы жок. Бул, эсептешүүлөрдүн, маалыматтарды таркатуунун жана салыштырып текшерүүнүн натыйжалуулугун жогорулатып, регулятивдик отчетту түзүү үчүн маалыматтарды, ФКУ жетекчилиги жана катышуучулары үчүн алардын маалымат керектөөлөрүн эске алган маалыматтарды ыкчам жыйноо мүмкүнчүлүгүн арттырат. Көмөкчү китептеги маалымат китептин түрүнө жараша өзгөрүп турат, бирок анда төмөнкүдөй маалымат түрлөрү милдеттүү түрдө камтылууга тийиш: катышуучу тууралуу негизги маалыматтар, бухгалтердик өткөрүүлөрдү суммасын, пайызды/кошумчаланган сумманы аныктоо үчүн зарыл болгон маалыматты, ченемдик маалыматтарды.   

72. ФКУдын иши тууралуу маалыматтар китепке операциялардын ишке ашырылышына жараша күн сайын киргизилип турат. Зарылчылык болсо маалымат көмөкчү китептен алынып салынат (мисалы, негизги каражаттардын амортизациясы ай сайын эсептелип тургандыгына карабастан, кардарлардын эсептери боюнча маалымат күн сайын талап кылынышы мүмкүн).   

73. Маалыматтарды иштеп чыгуу ыкмасына көз карандысыз, бухгалтер иштеп чыгуунун бир катар ырааттуу баскычтарды жүзөгө ашырат. Маалыматтарды иштеп чыгуунун бухгалтердик операцияларды талдап-иликтөөдөн тартып, финансылык отчетторду түзүүгө чейинки ыргактуу кадамдарынын сериясы эсепке алуу цикли болуп аталат (ушул Усулдук көрсөтмөгө карата 5-тиркеме).  

74. Баштапкы документтерди иштеп чыгуунун алгачкы баскычында бухгалтер бухгалтердик эсепке алууну талап кылган жагдай (идентификациялоо процесси) ишке ашырылгандыгын, ал таануу критерийлерине дал келээрин (жагдайды классификациялоого) аныктоого, Эсептик саясатка ылайык (операциянын нарктык мааниси) баа берүүгө тийиш.   

75. Бухгалтердик эсепке алууну талап кылган жагдай төмөнкү өзгөчөлүктөргө жараша мүнөздөлөт:    

- ФКУдын финансылык абалынын өзгөрүшү жана ресурстарынын которуштурулушу бул жагдайдын натыйжасы болуп саналат;   

- бул жагдай юридикалык милдеттенме болуп саналат;   

- бухгалтердик операция, эрежедегидей эле, менчикке укуктун өтүшү учурунда жана төлөө милдеттенмеси келип жеткен учурда катталууга тийиш.   

76. Экинчи баскычтын жүзөгө ашырылышына төмөнкүлөр олуттуу таасир тийгизет:   

- жүргүзүлүп жаткан операциялардын көлөмү жана ар түрдүүлүгү;   

- ФКУда көмөкчү китептердин, эсепке алуу карточкаларынын өзүнчө регистрлеринин жана жыйынтыктоочу ведомосттордун иштелип чыккан системасынын болушу;   

- ошондой эле, эсепти колго же программалык камсыздоонун жардамы менен жүргүзүү ыкмасынын колдонулушу.  

77. Программалык камсыздоо маалыматтарды иштеп чыгуу ишин кыйла жеңилдетет, анткени маалыматты киргизгенде ал автоматтык түрдө бардык регистрлер боюнча таркатылат. Ал эми кол менен иштеп чыгуу учурунда кайсы бир операциянын чагылдырылбай калышына жол бербөө үчүн маалыматты бардык регистрлер боюнча таркатуунун белгилүү бир тартибин сактоо зарыл.   

78. Бул баскычта кол менен жазуунун төмөнкү схемасы колдонулушу мүмкүн:   

Алгач бардык жазуулар эсепке алуу карточкаларында, топтоо ведомостторунда (мисалы, ар бир кызматкердин эмгек акысы карточкада эсептелет, андан соң ар бир кызматкер боюнча маалымат карточкадан топтоо ведомостуна көчүрүлөт) көмөкчү китептерде катталат.   

Мындан соң жыйынтыктоочу суммада жүргүзүлгөн бардык операциялар хронологиялык тартипте (күндөн-күнгө) Башкы журналда катталат (ушул Усулдук сунуш-көрсөтмөгө карата 6-тиркеме).  

79. Үчүнчү кадам бардык маалымат Башкы китептин негизи болуп саналган баланстык (өздүк) эсептерге, же Кайтарым сальдо ведомостторундагы баланстык эсептерге (ушул Усулдук сунуш-көрсөтмөгө карата 7-тиркеме) таркатылат. “Корреспонденциялоочу эсептер” графасындагы жазуулар Журналдагы жазуулар менен Башкы китептеги эсептердин ортосунда байланыштыруучу ролду аткарат.   

80. Башкы китеп эсептери боюнча дебеттик жана кредиттик сальдолордун бирдейлигин Болжолдуу баланстын жардамы менен текшерүүгө болот (ушул Усулдук сунуш-көрсөтмөгө карата 8-тиркеме).   

81. Болжолдуу балансты түзүү баскычтары:   

- башкы китептин ар бир эсеби боюнча сальдо чыгарылат;   

- ар бир сальдо «Дебет» графасына же «Кредит» графасына жазылат;  

- эсептер алардын Башкы китепке жайгаштырылышы тартиби боюнча көрсөтүлөт;   

- ар бир графанын жыйынтыктары салыштырылып текшерилип турат. Маалымат туура чагылдырылганда алар бирдей болууга тийиш.   

82. Болжолдуу баланс жазууларда бухгалтердик операцияларды калтырып кетүүлөрдү аныктоого жана жазылган суммадагы каталарды табууга жол бербейт, анткени ал дебетте жана кредитте да чагылдырылат. Графалар боюнча жыйынтыктоочу маалыматтардын бирдей болушу, эсепке алуулар анык экендигин жана бухгалтердик операциялардын фактылары тиешелүү эсептерде жазылгандыгын билдирбейт. Маалыматтардын аныктыгын текшерүү баштапкы бухгалтердик документтерди текшерүүдө жүзөгө ашырылат.  

83. Ар бир отчеттук мезгилдин акырында (айдын акырына) бухгалтер түзөтүүчү өткөрүүлөрдү түзөт (мисалы кирешелерди жана чыгашаларды чегерүүгө байланыштуу бардык өткөрүүлөр), аларды бардык көмөкчү китептерде каттап, Башкы журналга (бешинчи кадам), андан соң Башкы китепке чагылдырат жана Болжолдуу түзөтүлгөн балансты түзөт, анын формасы ушул Усулдук сунуш-көрсөтмөгө карата 9-тиркемеде келтирилген (алтынчы кадам), ал бир ай үчүн жана финансылык жыл үчүн финансылык отчетту түзүү үчүн негиз болуп саналат.  

84.  Бухгалтердин иш тажрыйбасында операцияларды Журналга каттоого байланыштуу кадамды өткөрүп жиберип, операцияларды баланстык (өздүк) эсептерге киргизүү аркылуу Башкы китепке түздөн-түз чагылдырышат. Бул операциялардын туура чагылдырылышына ички контролдук системасын татаалдаштырып жана ал көпчүлүк учурда ката кетирилишине алып келет.   

85. ФКУда операцияларды тариздөө учурунда, алардын аткарылышына жана баланста туура чагылдырылышына тиешелүү ички контролдук камсыз кылынууга тийиш. ФКУдын ревизиялык комиссиясы бухгалтердик эсепти жана отчетту чейректик негизде милдеттүү түрдө текшерип турууга тийиш.  

86. Эгерде журналда же Башкы китепте ката кетирилгендиги аныкталса, аны оңдоо зарыл. Оңдоо ыкмасы кетирилген катанын түрүнө жараша болот. Бирок, кайсы учурда болбосун туура эмес жазууну өчүрүүгө жана корректировкалоочу затты колдонууга болбойт.   

Бухгалтердик жазууларды Башкы китепке түшүргөнгө чейин Башкы журналда ката кетирүүлөр аныкталган учурда, же эгерде, көчүрүп жазылган ката Башкы китепте туура эмес жазуулардын түшүрүлүшүнө алып келсе, каталарды чийип салып, туура жазууларды чагылдыруу менен оңдолуп, жанына аткаруучунун колу коюлат.   

Эгерде кетирилген ката эсептердин контировкасынын туура эмес көрсөтүлүшүнө байланыштуу болсо же ал ай үчүн болжолдуу баланс түзүлгөндөн кийин аныкталса, анда ал “сторно” ыкмасы боюнча же болбосо түзүлүүчү оңдоочу мемориалдык ордерлердин негизинде туура эмес жазуулар жүргүзүлгөн эсептер боюнча кайра жазуу аркылуу оңдолууга тийиш. Каталарды оңдоо үчүн мемориалдык ордерди (эки нуска) даярдоо зарыл жана оңдоо зарылчылыгын негиздеген бухгалтердик маалымкат кошо тиркелүүгө тийиш. Биринчи нускасы тиешелүү көктөмөгө, ал эми экинчи нускасы - бардык оңдолгон жазуулар боюнча документтер сактала турган өзүнчө папкага тиркелет.  

  

7-глава. СИСТЕМАДАН ТЫШКАРЫ ЭСЕПКЕ АЛУУНУ УЮШТУРУУ ТАРТИБИ 

  

87. Системадан тышкары эсепке алуу бул, жазуулар ФКУдын балансынан тышкары, атайын иштелип чыккан журналдарда жүргүзүлөт дегенди түшүндүрөт. Системадан тышкары эсепке алуунун так белгиленген формасы жок.   

88. Системадан тышкары эсепке алуу кош жазуу принцибин колдонууну талап кылбайт. Анда жазуулар бухгалтердик эсепке караганда кыйла толук чагылдырылат жана алар операциялардын акчалай өлчөнүшүнө негизденген.   

89. Системадан тышкаркы регистрлерди толтуруунун бардык эрежелери баланстык жазууларга окшош: калем сап менен чагылдырылат, оңдоолор тастыкталат, барактар айрылбайт, аткаруучунун жана текшерүүчүнүн кол тамгасы коюлат.    

90. Системадан тышкары эсепке алуу төмөнкүлөр үчүн каралган:  

- баланстан алынып салынган жана колдонулуп жаткан товардык-материалдык баалуулуктарды эсепке алуу үчүн;   

- күрөөлүк мүлктү менчикке кабыл алганга жана сатып өткөргөнгө чейин күрөөнү тариздөө баскычынан тартып ошол мүлккө укукту белгилеген документтерди эсепке алуу үчүн;  

- эсептен алынып салынгандан кийин кеминде 5 жыл өткөн кредиттерди эсепке алуу үчүн;   

- эсептен алынып салынган кредиттер боюнча кошуп эсептелген пайыздарды/кошумчаланган сумманы эсепке алуу үчүн;   

- анчалык баалуу эмес жана тез эскирүүчү буюмдарды эсепке алуу үчүн;   

- жана башкалар үчүн.  

91.  Системадан тышкары эсепке алууну колдонуу, иштелип чыккан көмөкчү китептер жок учурда кыйла кеңейтилиши мүмкүн.   

  

8 -глава. БУХГАЛТЕРДИК ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРУУ ЖАНА АЛАРДЫ БУХГАЛТЕРДИК ОТЧЕТТО ЧАГЫЛДЫРУУ БОЮНЧА ИЧКИ ЖОЛ-ЖОБОЛОР 

 

92. ФКУдарда ички контролдук системасынын натыйжалуулугун уюштуруу максатында бухгалтердик операцияларды ишке ашыруу жана аларды бухгалтердик отчетто чагылдыруу боюнча ички жол-жоболор иштелип чыгышы мүмкүн.   

93. Жол-жобо бул, бухгалтердик операцияларды ишке ашыруу боюнча бардык аракеттердин толук чагылдырылышын камтыган документ.   

94. Жол-жоболор кызматкерлер тарабынан өз милдеттеринин ырааттуу аткарылышы, өз ара орун алмашуу жана окутуу үчүн шарттарды түзүү аркылуу ички контролдукту камсыз кылуу үчүн иштелип чыгат. Алар операцияларга аудитордук баа берүү үчүн негиз болуп саналат.  

95. Жол-жободо төмөнкү маалыматтар камтылышы мүмкүн:   

- жол-жобонун аталышы  

- жол-жобонун номери  

- жол-жобонун кыскача мазмуну  

- Бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюмунун стандарттарынын жана алардын негизинде процесс жүзөгө ашырыла турган, башка документтердин аталышы  

- колдонулуучу эсептер  

- жооптуу аткаруучу  

- жооптуу кызмат адамы  

- жол-жобо жазылган күн  

- бул жол-жобо жөнөтүлө турган адамдардын тизмеги.   

96. ФКУда кеминде операциялардын төмөнкүдөй негизги түрлөрү үчүн жол-жобо болууга тийиш: нак акча менен иштөө (акчаларды берүү жана кабыл алуу), кредиттөө/каржылоо боюнча (кредит/каржылоо суммасын берүү, кредиттен/каржылоодон кирешелерди чегерүү, карызды төлөө), депозиттер боюнча (депозиттерди кабыл алуу, депозиттер боюнча кирешелерди чегерүү жана төлөө), негизги каражаттарды сатып алуу, амортизацияны чегерүү, негизги каражаттардын чыгышы, анча баалуу эмес жана тез эскирүүчү буюмдарды сатып алуу, анча баалуу эмес жана тез эскирүүчү буюмдарды эсептен алып салуу, эмгек акыны чегерүү, эмгек акыны төлөө, сактык пайларды кабыл алуу ж.б. Жол-жоболор топтому ФКУ тарабынан стандарттык түрдө аныкталат жана ФКУ жетекчилиги тарабынан бекитилет.  

97. Жол-жоболорду кеминде жылына бир жолу кайра карап чыгуу сунушталат.  

  

9-глава. ИНВЕНТАРИЗАЦИЯЛОО ЖҮРГҮЗҮҮ ТАРТИБИ 

  

98. Инвентаризациялоо бул, айкын активдерди жана милдеттенмелерди бухгалтердик эсептеги маалыматтар менен салыштыруу.   

99. Инвентаризациялоонун түрлөрү:   

- жыл сайын (пландык) инвентаризациялоо, эрежедегидей эле, отчеттук жылдын 1-октябрына карата абал боюнча жүргүзүлөт. Касса милдеттүү түрдө айына кеминде 1 жолу жана материалдык-жооптуу адамдар, кассирлер алмашкан шартта инвентаризацияланат;    

- күтүүсүз инвентаризациялоо, материалдык баалуулуктарды же эсепке алуунун туура жүргүзүлүшүн текшерүү зарылчылыгы келип чыкса (уурдоо, кыянаттык менен пайдалануу фактыларын ж.б. аныктоо).  

100. Инвентаризациялоону жүргүзүү тартиби (инвентаризациялардын өтүп жаткан жыл ичиндеги саны, өткөрүлгөн күн, ар бир текшериле турган мүлктүн жана милдеттенмелердин тизмеси), инвентаризация милдеттүү түрдө жүргүзүлүүгө тийиш болгон учурларды эске албаганда, ФКУдын жетекчилиги тарабынан аныкталат.   

101. Инвентаризациялоо ФКУ жетекчилигинин буйругунун негизинде башка катышуучулардын катышуусунда комиссия тарабынан жүргүзүлөт.   

102. Инвентаризациялоо жүргүзүү учурунда бухгалтердик документтерде чагылдырылган активдер менен милдеттенмелердин жана айкын колдо болгон акча каражаттарынын ортосунда аныкталган дал келбөөчүлүк төмөнкү учурларда кем чыгуу актысы жана ашыкча чыгуу актысы менен таризделет:   

- кем чыгуу актысы (айкын колдо болгону эсеп боюнча маалыматтардан аз болсо);   

- ашыкча чыгуу актысы (айкын колдо болгону эсеп боюнча маалыматтардан көп болсо).   

  

10-глава. ФКУдын КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЫЗМАТТЫК ИШИ БОЮНЧА НУСКООЛОРУ 

  

103. ФКУ бардык кызматкерлерге, анын ичинде башкы бухгалтер/бухгалтер үчүн да кызматтык иш боюнча нускоолорду түзөт.   

104. Кызматтык иш боюнча нускоо бул, тиешелүү кызматты ээлеген адиске карата негизги талаптарды, ошондой эле анын функцияларын, милдеттерин жана укуктарын белгилеген документ.   

105. Документ катары кызматтык иш боюнча нускоо төмөнкүдөй негизги учурларды чагылдырууга тийиш:   

- негизги бөлүк (негизги функциялар, квалификациялык талаптар, иш тажрыйбасы, жөндөмдөрү, баш ийүүчүлүк)  

- адистин функциялары  

- милдеттери  

- иштөө шарттары  

- жоопкерчилик.  

106. Башкы бухгалтер/бухгалтерди кошо алганда, кызматтык иш боюнча нускоолорду түзүүгө карата жалпы талаптар:   

- операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан ФКУдар үчүн түзүлгөн кызматтык иш боюнча нускоолор Бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюмунун (ОБУиАИФИ) «Ислам финансы мекемелердин кызматкерлеринин этика кодексинин» жана «Ислам финансы мекемелеринин бухгалтерлеринин жана аудиторлорунун этика кодексинин» стандарттарынын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш;   

- кызматтык иш боюнча нускоолор ФКУдын уюштуруу түзүмүнүн негизинде иштелип чыгат, ал кызматкерлердин (бөлүмдөрдүн, эгер болгон болсо) кол алдында иштөө жана иш процессинде өз ара байланышын аныктайт;   

- кызматтык иш боюнча нускоолордо функциялар, келишим түзүлгөндөн же баланста чагылдырылгандан тартып операциялардын бир кызматкер тарабынан аткарылышына жол бербегендей иштелип чыгууга тийиш эмес.  

- эрежедегидей эле, эсеп жүргүзүүчү кызматкерлер (бухгалтерлер) материалдык жооптуу адамдардан боло алышпайт.  

Бул талаптар ар бир ФКУда кызматтык милдеттердин иштелип чыгышына жеке мамиле кылынышын аныктайт.   

107. Кызматтык иш боюнча нускоолорду карап чыгуу.   

- кызматтык иш боюнча нускоолор функциялардын кайра бөлүштүрүлүшүнө алып келген уюштуруу түзүмүн өзгөртүүдө кайра каралып чыгат. Мисалы, ФКУдын ишкердигинин алгачкы мезгилинде анын штатында кассир жок болушу мүмкүн. Анын функцияларын бухгалтер аткарат. Демек, кызматтык иш боюнча нускоодо бухгалтер аткара турган кассирдин функциялары чагылдырылууга тийиш. Мындан тышкары, бул учурда бухгалтер материалдыкжооптуу адам да болуп саналат. Эгерде ФКУда бухгалтердик бөлүм бар болсо, анда башкы бухгалтердин жана бухгалтердин кызматтык иш боюнча нускоолору болууга тийиш.   

108. ФКУга ишке кабыл алынган кызматкер милдеттүү түрдө  колун коюу аркылуу өз кызматтык иш боюнча нускоосу менен таанышып чыгууга тийиш.  

  

  

  

 Микрокаржылоо уюмдары жана кредиттик союздар үчүн   

бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү   

боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөргө карата 1-тиркеме  

  

  

Документтин айлануу графигинин схемасы 

  

Документтин аталышы 

Операциялардын мазмуну 

Тариздөө 

Текшерүү 

Аткаруу 

Документтерди иштеп чыгуу 

Архивге өткөрүү 

Нускаларынын саны 

Таризделишине жооптуу 

Текшерүүчү 

Текшерүү мөөнөтү 

Аткаруучу 

Контролдук мөөнөтү 

Аткаруучу 

Мөөнөтү 

Аткаруучу 

Мөөнөтү 

10 

11 

12 

13 

Эмгек акы ведомосту 

Эмгек акы берүү 

Бухгалтер 

ФКУ жетекчиси 

Айдын 3үнө 

Кассир 

Ар бир айдын 3үнө 

Бухгалтер 

Айдын 5ине 

бухгалтер 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын март айы 

  

  

  

 Микрокаржылоо уюмдары жана кредиттик союздар үчүн   

бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү   

боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөргө карата 2-тиркеме  

  

  

  

Бухгалтердик эсепке алуунун милдеттүү регистрлеринин тизмеги 

  

  

№ п/п   

Регистрдин аталышы  

Регистрге ыйгарылган номер   

Регистрдин жүргүзүлүшүнө жооптуу кызматкер   

Сактоо жайы  

   

   

   

   

   

  

Эскертүү. Регистрге ыйгарылган номер жазуулардын тартиби боюнча номерге дал келиши же өз түзүмүнө (код) ээ болушу  мүмкүн. Бул учурда регистрлерге код коюу принцибин тескөө документтери аркылуу, ФКУ жетекчилигинин чечими менен бекитүү зарыл.  

Мисалы, эмгек акы боюнча регистрлерге төмөнкүчө код коюлушу мүмкүн:   

- Эмгек акыны чегерүү боюнча жыйынтыктоочу ведомость 1/1;   

- Кызматкердин эмгек акысын чегерүү карточкасы Ѕ,   

мында 1/1- эмгек акы боюнча регистрди, ал эми Ѕ эмгек акы боюнча регистрлердин ар кандай формаларын билдирет.  

  

  

  

  

Микрокаржылоо уюмдары жана кредиттик союздар үчүн   

бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү   

боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөргө карата 3-тиркеме  

  

  

Папкаларды тариздөө тартиби 

   

№ п/п 

Папкалардын аталышы 

Аларды түзүү тартибинде камтылган документтер 

Папка үчүн жооптуу 

Мезгилдүүлүгү 

Папкаларды сактоо мөөнөтү 

   

   

   

   

   

   

  

   

 

 

 

 

 

Микрокаржылоо уюмдары жана кредиттик союздар үчүн   

бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү   

боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөргө карата 4-тиркеме  

  

Титулдук баракча 

(үлгү

   

ФКУ аталышы _________________________________________________________   

   

Көктөмөнүн № __________________ Сактоо мөөнөтү_______________________________  

   

Көктөмөнүн аталышы _____________________________________________________________   

   

Көктөмөдө _______________(күнү) тартып ___________(күнү) чейинкини кошо алгандагы документтерди камтыйт.  

   

Бардыгы болуп ___________________________________ жалпы суммадагы документтер  

   

Алардын ичинен өзүнчө папкада:   

  

Бухгалтердик операциялар боюнча __________________________________ суммасында   

  

Аманат (депозиттик) операциялар боюнча ___________________________суммасында  

  

Каржылоо операциялары боюнча __________________________________ суммасында  

  

Сактык пайлар менен операциялар боюнча __________________________ суммасында  

  

Түзгөн __________________(кызматы)______________________________ (аты-жөнү)   

Текшерген _____________________( кызматы)_________________________(аты-жөнү)   

  

  

  

  

 

 

 

 

 

Микрокаржылоо уюмдары жана кредиттик союздар үчүн   

бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү   

боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөргө карата 5-тиркеме  

  

Эсепке алуу цикли 

1-кадам операцияны же операцияны каттоо үчүн фактыны белгилөө;   

Максаты: Негизинен, ФКУдын финансылык абалына таасирин тийгизген операциялар жана фактылар тууралуу баштапкы документтер түрүндө маалыматтарды топтоо.  

2-кадам Эсепке алууну тиешелүү карточкаларда, топтоо ведомостторунда, журналдарда (Операциялар журналы, Көмөкчү китептер) өткөрүүлөрдү жана фактыларды каттоо;   

Максаты: операциялардын ФКУга экономикалык таасирин аныктоо жана аларды Башкы китептин тиешелүү эсептерине которууга өбөлгө түзгөн формада хронологиялык жазууларда (журналда) чагылдыруу.  

3-кадам Журналдардан Башкы китепке түшүрүү;  

Максаты: Маалыматтарды Журналдардан Башкы китепке көчүрүү (эсептердеги маалыматтарды сактоо ыкмасы)  

4-кадам Оңдолбогон болжолдуу балансты даярдоо;   

Максаты: журналга оңдолуп түшүрүлүүчү жазуулар үчүн дебеттин, кредиттин жана баштапкы чектин бирдейлигин текшерүү үчүн ыңгайлуу тизме түзүү.  

5-кадам Башкы журналда оңдоочу жазууларды каттоо;   

Максаты: кошумчаланган суммаларды, мөөнөтүн узартуулардын бүтүшүн, баа берүүлөрдү жана бухгалтерге келип түшүүчү, көбүнчө бухгалтердик баштапкы документтерде көрсөтүлбөөчү башка фактыларды каттоо. Адатта, бухгалтер бул баскычта Башкы китепте чагылдырыла турган маалымкаттарды жана документтерди өзү даярдайт.   

6-кадам Оңдолгон болжолдуу балансты даярдоо;   

Максаты: дебет менен кредиттин бирдейлигин текшерүү жана финансылык отчетторду даярдоону жеңилдетүү.  

7-кадам Финансылык отчетторду даярдоо;  

Максаты: финансы-бухгалтердик иштин натыйжалары тууралуу отчетту, балансты жана бөлүштүрүлбөгөн пайда жөнүндө отчетту колдонуу менен, чечим кабыл алуучу тышкы пайдалануучуларга жалпыланган финансылык маалыматтарды берүү.   

8-кадам Башкы китепке эсептердин жабылышын каттоо;   

Максаты: убактылуу эсептерди жаап, таза пайданын суммасын бөлүштүрүлбөгөн пайдага которуу.   

9-кадам Эсептер жабылгандан кийин балансты даярдоо;  

Максаты: эсептер жабылгандан кийин дебет менен кредиттин бирдейлигин текшерүү.   

10-кадам туруктуу эсептердин калдыктарын Башкы китепке каттоо.   

1-7кадамдар бул, бухгалтер айына кеминде бир жолу аткара турган иш-аракеттер.   

8-10кадамдар бул, бухгалтер финансылык жылдын аякташы боюнча аткаруучу иш-аракеттер.  

  

  

 

Микрокаржылоо уюмдары жана кредиттик союздар үчүн   

бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү   

боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөргө карата 6-тиркеме  

  

Башкы журнал (операциялар журналы) 

 

Күнү 

Баяндалышы  (операциялардын мазмуну) 

Корреспонденциялоочу эсептер 

Дебет 

Кредит 

 

Эмгек акыны чегерүү 

 

 

 

   

   

   

   

   

  

  

  

Микрокаржылоо уюмдары жана кредиттик союздар үчүн   

бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү   

боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөргө карата 7-тиркеме  

 

Жүгүртүү-сальдо ведомосту ____________________ 

 

Күнү   

Операциялардын мазмуну (Эскертүү

Корреспонденциялоочу эсеп (же Журналдын номери) 

Башталышына карата сальдо 

Жүгүртүүлөр 

Акырына карата сальдо 

Дебет 

Кредит 

Дебет 

Кредит 

Дебет 

Кредит 

   

   

   

  

  

   

   

   

   

 

 

 

Микрокаржылоо уюмдары жана кредиттик союздар үчүн   

бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү   

боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөргө карата 8-тиркеме  

 

Болжолдуу (оңдолбогон) баланс 

 

№ 

Баланстык эсеп 

Отчеттук мезгилдин башталышына карата сальдо 

Ай ичиндеги жүгүртүүлөр 

Мезгилдин акырына карата сальдо 

дебет 

кредит 

дебет 

кредит 

дебет 

кредит 

   

   

   

   

   

   

   

   

  

  

  

  

Микрокаржылоо уюмдары жана кредиттик союздар үчүн   

бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү   

боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөргө карата 9-тиркеме  

  

Болжолдуу оңдолгон баланс 

   

№ 

Баланстык эсептер 

Болжолдуу оңдолбогон баланс 

Оңдоочу өткөрүүлө  р 

Болжолдуу оңдолбогон баланс 

Бөлүштүрлбөгөн пайда жөнүндө отчет 

Баланстык эсептер 

 

 

дебет 

кредит 

дебет 

кредит 

дебет 

кредит 

дебет 

кредит 

дебет 

кредит