Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын 

2007-жылдын 20-декабрындагы 

N 54/9 токтому менен 

бекитилген 

 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарындагы 

жана башка финансы-кредит уюмдарындагы бухгалтердик 

эсепке алуу эсептер планына карата талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 

2012-жылдын 17-августундагы N 34/5, 

2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 

2017-жылдын 15-июнундагы 2017-П-12/25-12-(НПА) 

токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

1-глава. Жалпы жоболор 

2-глава. Эсеп планына карата жалпы талаптар 

3-глава. Эсептер планынын түзүмүнө карата коюлуучу талаптар 

4-глава. Класстардын өзгөчөлүктөрү 

5-глава. Корутунду жоболор 

 

1-глава 

Жалпы жоболор 

 

1.1. Жободо банктардын алар тарабынан бекитилген Эсептер планына өткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө " жана "Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө" мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкында жана башка финансы-кредиттик уюмдарында Бухгалтердик эсепке алуу эсептеринин планына карата талаптар белгиленет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1 токтомунун редакциясына ылайык 

1.2. Эсептер планы, анын чегинде ар бир эсептин аталышына жана сандык символуна ээ болгон, классификациялоонун аныкталган критерийлери боюнча класстарга жана топторго камтылган, структуралаштырылган, экономикалык жактан негизделген эсептер тизмегин түшүндүрөт. 

1.3. Эсептер планы банктар тарабынан Финансылык отчеттуулуктун эларалык стандарттарына (мындан ары - ФОЭС) ылайык иштелип чыгат жана ушул жобонун жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алуу менен банкта белгиленген тартипте бекитилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 17-августундагы N 34/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.4. Эсептер планына ылайык эсепке алуу экономиканын секторлору (финансылык, мамлекеттик башкаруу органдарынын, финансылык эмес (юридикалык жактар), калктын (жеке адамдар, коммерциялык эмес уюмдар) жана резидент эместер) боюнча финансылык, регулятивдик жана макроэкономикалык статистикалык отчетторду түзүүнү камсыз кылууга тийиш. 

 

2-глава 

Эсеп планына карата жалпы талаптар 

 

2.1. Эсептер планына карата талаптар Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барышкан банктарга таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.2. Банктар Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-майындагы N 28/3 токтому менен бекитилген (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 10-июлунда 66-07 номеринде каттоодон өткөрүлгөн) Эсептер планын типтүү Эсептер планы катары колдоно алышат. 

2.3. Эсептер планы төмөндөгүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

- ФОЭСке ылайык негизги финансылык отчетторду түзүүнү

- ийкемдүү (жеткиликтүү) болууга, банк түзүмүнүн жана анын иш чөйрөсүнүн өзгөрүүсүнө жараша келечекте кеңейтилип туруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну; 

- негизги финансылык жана башкаруу отчетторун түзүү үчүн жетиштүү деңгээлде тактыкты караштырууну. 

2.4. Эсептер планы экономикалык мазмундан улам, банктар жүзөгө ашырып жаткан операциялардын дайындалышы боюнча эсептердин классификацияланышына негизделет жана бухгалтердик эсепке алууда катталууга тийиш болгон эсептерди камтыйт. 

2.5. Эсептердин саны финансылык отчетту түзүү учурунда банктын керектөөлөрүнө жараша аныкталат. 

2.6. Эсеп номериндеги сандардын эсеби аналитикалык эсепке банктын муктаждыгынан, ошондой эле банк колдонгон программалык камсыздоого жараша болот. Мында, "Милдеттенмелер" деп аталган 2-класстын эсептеринин номериндеги сандардын эсеби накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүзөгө ашыруу, накталай эмес акча каражаттарын андан ары пайдалануу жана кардарларды тейлөө үчүн топтоо боюнча операцияларды чагылдырган эсептер үчүн Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитиле турган "Банктык эсептешүү эсептерин нумерациялоо жөнүндө" нускоонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

2.7. Эсептер планы менен бир эле учурда, эсепке алынуучу операциялардын жана чектөөлөрдүн түшүндүрмөсү менен ар бир эсептин дайындалышы көрсөтүлгөн сүрөттөлүшү бекитилет. 

 

3-глава 

Эсептер планынын түзүмүнө карата коюлуучу талаптар 

 

3.1. Эсептер планы банк тарабынан жүргүзүлгөн бардык операциялардын жана баланстык жана баланстан тышкаркы эсептердин эсепке алынуусун камсыз кылууга тийиш. 

3.2. Эсептер планы эсептердин төмөнкү класстарын жана топторун камтуусу зарыл: 

Класс 1 - Активдер, анын ичинде топтор: 

 

- Накталай акча каражаттары 

 

Бул топто банкта болгон, анын филиалдар ортосундагы жолдогу накталай (улуттук жана четөлкө валютасындагы) акча каражаттарын эсепке алуучу эсептер камтылат. Ар бир валюта боюнча өзүнчө көмөкчү китептер түзүлүүгө тийиш. Финансы отчетунун максатында четөлкө валютасындагы акча каражаттарынын сальдосу Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш. 

 

- Корреспонденттик эсептер 

 

Бул топко банктын корреспонденттик эсептеринде турган акча каражаттарын (улуттук жана четөлкө валюталарында) эсепке алуу үчүн эсептер камтылат. Ар бир валюта боюнча көмөкчү китептер жүргүзүлүүгө тийиш. Финансы отчетторунун максаттарында четөлкө валютасындагы акча каражаттарынын сальдосу Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш. 

 

- Кымбат баалуу металлдар 

 

Бул топто банктын каражаттарын стандарттык жана чен куйма сыяктуу кымбат баалуу металл түрүндө эсепке алуу үчүн эсептер камтылат. Бул топтун эсеби массанын бирдигинде (троян унциясында) берилген номиналдык наркы боюнча чагылдырылууга тийиш жана ал банктын эсепке алуу саясатына ылайык, акыркы кайрадан баалоо баасы боюнча сомго кайрадан эсептелинүүгө тийиш. Ар бир баалуу металл боюнча өзүнчө көмөкчү китеп жүргүзүлөт. Финансы отчетторунун максатында баалуу металлдын четөлкө валютасындагы баасы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш. 

Төлөөгө чейин кармалып туруучу карыздык баалуу кагаздар Бул топто банк төлөө мөөнөтүнө чейин ээлик кылып турууга ниеттенген жана ага жөндөмдүү болгон карыздык баалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн каралган эсептелер камтылат. 

Бул баалуу кагаздар номиналдык баадан жогору же төмөн баа боюнча (сыйлык же дисконт) сатылып алынышы мүмкүн. Эгерде баалуу кагаз сыйлык менен сатылып алынган болсо, төлөнгөн сыйлык ай сайын амортизацияланат жана банктын кирешесинин азаюусуна чегерилет. Эгерде баалуу кагаз дисконт менен сатылып алынган болсо, дисконт амортизацияланат жана банктын кирешесинин көбөйүүсүнө чегерилет. Баалуу кагаздарды эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансы отчетунун максатында баалуу кагаздын четөлкө валютасындагы наркы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш. 

 

- Соодалык карыздык жана үлүштүк баалуу кагаздар 

 

Бул топто баанын же дилердик маржанын (пайда/чыгым аркылуу адилет наркы боюнча эсепке алынган активдер) кыска мөөнөттүү өзгөрүп туруусунун натыйжасында пайда алуу максатында банк сатып алган карыздык жана капиталдык баалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн эсеп каралган. 

Баалуу кагаздар номиналдык баадан төмөн же жогору баада сатылып алынышы мүмкүн (сыйлык же дисконт менен). Эгерде баалуу кагаз сыйлык менен сатылып алынса, төлөнгөн сыйлык ай сайын амортизацияланат жана банктын кирешелеринин азаюусуна чегерилет. Эгерде баалуу кагаз дисконт менен сатылып алынса, анда дисконт амортизацияланат жана банктын кирешелеринин көбөйүүсүнө чегерилет. Баалуу кагаздарды эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансы отчетунун максатында баалуу кагаздын четөлкө валютасындагы наркы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга. 

 

- Банктардагы жана башка финансы-кредит уюмдарындагы депозиттер 

 

Бул топ банктардагы жана башка финансы-кредит уюмдарындагы депозиттерди эсепке алуу үчүн эсептерди камтыйт. Депозиттик эсепте акча каражаттарын эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансы отчетунун максатында четөлкө валютасындагы акча каражаттары Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш. 

 

- Банктарга жана башка финансы-кредит уюмдарына кредиттер 

 

Бул топто банк-резиденттерге жана резидент эместерге берилген кредиттерди, ошондой эле банк-резиденттерге жана резидент эместерге 30 күнгө чейинки мөөнөткө берилген же жайгаштырылган займдарды же депозиттерди туюндурган банктар аралык жайгаштырууларды эсепке алуу үчүн эсепти камтыйт. Эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансы отчетунун максатында четөлкө валютасындагы банктар аралык кредиттер жана жайгаштыруулар Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш. 

 

- РЕПО-келишими боюнча операциялар 

 

Бул топ РЕПО-келишими боюнча сатып алынган баалуу кагаздарды эсепке алуу үчүн колдонулат. 

 

- Кардарларга кредиттер 

 

Бул топ банктын кардарларына берилген кредиттерди эсепке алуу үчүн эсептерди камтыйт. Кредиттерди эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансы отчетунун максатында четөлкө валютасындагы кредиттер Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш. 

 

- Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камдар (резервдер) 

 

Бул топ потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды эсепке алуу эсебин камтыйт жана активдерге карата контр-эсептерди чагылдырат. Эгерде РППУ кредиттин номиналдык валютасында түзүлсө, анда финансылык отчеттуулуктун максатында четөлкө валютасындагы РППУнун суммасы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш. 

 

- Негизги каражаттар жана материалдык эмес активдер 

 

Бул топ жерди, имараттарды, эмеректерди, офистик жабдууларды, компьютерлерди, программалык камсыз кылууну жана башка материалдык эмес активдерди, банк тарабынан иште колдонулган автомашинаны жана бүткөрүлбөгөн курулушту эсепке алуу боюнча эсептерди камтыйт. Негизги каражаттардын ар бир категориясы боюнча кошуп эсептелинген амортизация негизги каражаттардын ушул категорияларынын контр-эсептеринде чагылдырылууга тийиш. Четөлкө валютасында сатылып алынган негизги каражаттарды эсепке алуу, сатылып алынган күнгө карата эсепке алуу курсу боюнча сом түрүндө жүргүзүлөт. 

 

- Банктын башка менчиги 

 

Бул топ коммерциялык банктын күрөө берүүчүдөн карыздын ордун жабуунун эсебине же банктын филиалынын же туунду компаниясынын жабылышынан улам алынган, сатып өткөрүлүүгө тийиш болгон кыймылсыз жана кыймылдагы мүлктү эсепке алуу эсептерин камтыйт. 

 

- Инвестициялар жана финансылык катышуу 

 

Бул топ эсепке алуу банктын туунду жана ассоциацияланган компанияларына инвестицияларды жана финансылык катышууну камтыйт эсепке алуу эсептерин камтыйт. Инвестицияларды эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансы отчетунун максатында четөлкө валютасындагы инвестициялардын наркы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом түрүндөгү эквивалентинде жүргүзүлүүгө тийиш. 

 

- Алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар 

 

Бул топ пайыздар түрүндө киреше алып келген активдер боюнча алууга карата кошуп эсептелинген пайыздарды эсепке алуу үчүн каралган. Алууга карата кошуп эсептелинген пайыздар номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансылык отчеттун максатында Алууга карата кошуп эсептелинген пайыздардын четөлкө валютасындагы суммасы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом түрүндөгү эквивалентинде жүргүзүлүүгө тийиш. 

 

- Чегерилген комиссиялык кирешелер 

 

Бул топ банктын кардарларына көрсөтүлүүчү ар кандай кызматтар боюнча чегерилген комиссиялык кирешелерди эсепке алуу үчүн каралган эсептерди камтыйт. Чегерилген комиссиялык кирешелерди эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансы отчетунун максатында четөлкө валютасындагы чегерилген комиссиондук кирешелердин суммасы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш. 

 

- Банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында банктар аралык депозиттер боюнча алууга чегерилген пайыздар 

 

Бул топ банктарда жана башка финансы-кредит уюмдарында банктар аралык депозиттер боюнча алууга кошуп эсептелинген пайыздарды эсепке алуу эсептерин камтыйт. Чегерилген пайыздарды эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансылык отчеттун максатында чегерилген пайыздардын четөлкө валютасындагы суммасы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш. 

 

- Банктарга жана башка финансы-кредит уюмдарына кредиттербоюнча алууга карата чегерилген пайыздар 

 

Бул топ банктарга жана башка финансы-кредит уюмдарына кредиттер боюнча алууга карата чегерилген пайыздарды эсепке алуу эсептерин камтыйт. Чегерилген пайыздарды эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансылык отчеттун максатында чегерилген пайыздардын четөлкө валютасындагы суммасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын отчеттук күнгө карата белгиленген эсепке алуу курсу боюнча сомго которулууга тийиш. 

Кардарлардын кредиттери боюнча алууга карата чегерилген пайыздар Бул топ кардарлардын кредиттери боюнча алууга карата чегерилген пайыздарды эсепке алуу үчүн каралган эсептерди камтыйт. Чегерилген пайыздарды эсепке алуу улуттук валютада жүргүзүлөт. Финансылык отчеттуулук максатында чегерилген пайыздардын четөлкө валютасындагы суммасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын отчеттук күнгө карата белгиленген эсепке алуу курсу боюнча сомго которулууга тийиш. 

 

- Башка активдер 

 

Бул топ алдын ала төлөөнү, эсептешүүлөрдөгү акча активдерин, четөлкө валютасындагы своп-позицияларды, алууга берилген эсептерди, аяктай элек четөлкө/улуттук валюталарын жана баалуу металлдарды спот-сатып алууну жана башка өз алдынча топтор каралбаган активдерди эсепке алуу үчүн каралган эсептерди камтыйт. Башка активдерди эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансылык отчеттун максатында бул топтун эсептеринде эске алынуучу активдердин четөлкө валютасындагы баасы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын отчеттук күнгө карата белгиленген эсепке алуу курсу боюнча сомго которулууга тийиш. 

 

Класс 2 - Милдеттенмелер, анын ичинде топтор: 

 

- Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин эсептешүүүндөлүк) эсептери жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттери 

 

Бул эсептер тобу юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин бардык эсептешүүүндөлүк) эсептерин жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттерин камтыйт. Эсептешүү эсептеринин жана депозиттердин эсеби номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансылык отчеттун максатында четөлкө валютасындагы эсептешүү эсептериндеги жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттердеги суммалар Улуттук банктын отчеттук күнгө карата белгиленген эсепке алуу курсу боюнча сомго которулууга тийиш. 

 

- Корреспонденттик эсептер 

 

Эсептердин бул тобу коммерциялык банктагы контр-агенттердин корреспонденттик эсептерин камтыйт. Корреспонденттик эсептеги акча каражаттарын эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансы отчетунун максатында корреспонденттик эсептеги четөлкө валютасындагы акча каражаттарынын суммасы Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш. 

 

- Жеке адамдардын депозиттери 

 

Бул топтун эсептеринде жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери жана мөөнөттүү аманаттары эсепке алынат. Жеке адамдардын депозиттерин эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансы отчетунун максатында жеке адамдардын четөлкө валютасындагы депозиттери Улуттук банктын отчеттук күнгө карата; эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш. 

 

- Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин мөөнөттүү депозиттери 

 

Бул топ юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин мөөнөттүү депозиттерин эсепке алуу үчүн каралган эсептерди камтыйт. Юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин мөөнөттүү депозиттери боюнча акча каражаттарын эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансылык отчеттун максатында юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин четөлкө валютасындагы мөөнөттүү депозиттери Улуттук банкынын отчеттук күнгө карата белгиленген эсепке алуу курсу боюнча сомго которулууга тийиш. 

 

- Банктардан жана башка финансы-кредит уюмдарынан алынуучу кредиттер 

 

Бул топ өзүндө, Улуттук банктан алынган кредиттерди кошпогондо, банк тарабынан 30 күнгө чейинки мөөнөткө алынган кредиттерди жана банктык жайгаштырууларды эсепке алуу үчүн эсептерди камтыйт. Кыска мөөнөттүү банктар аралык милдеттенмелерди эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансы отчетунун максатында четөлкө валютасындагы банктар аралык кредиттер Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш. 

 

- Банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын депозиттери 

 

Бул топ банктардан жана башка финансы-кредит уюмдардын депозиттерин эсепке алуу үчүн эсептерди камтыйт. Банктардын жана башка финансы-кредит уюмдардын депозиттерин эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансы отчетунун максатында четөлкө валютасындагы депозиттер Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которууга тийиш. 

 

- Кайтарым РЕПО-келишими боюнча операциялар 

 

Бул топ РЕПО келишимине ылайык сатылып алынууга тийиш болгон баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелерди эсепке алуу үчүн колдонулат. 

 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан алынган кредиттер 

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын эсептери жана кредиттери 

 

Бул топто Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн жана жергиликтүү бийлик органдарынан алынган бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы эсептерди жана кредиттерди эсепке алуу үчүн каралган эсептер камтылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын эсептерин жана кредиттерин эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансылык отчеттун максатында четөлкө валютасындагы бул эсептердеги суммалар Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш. 

 

- Башка милдеттенмелер жана кредиттер 

 

Бул топ ипотекалык кредиттерди, банк тарабынан чыгарылган векселдерди, банк тарабынан чыгарылган облигацияларды, банк тарабынан чыгарылган башка карыздык милдеттенмелерди, банк активдеринин финансылык ижарасын (лизинг), субординацияланган облигацияларды, уставдык капиталды көбөйтүү эсебине келип түшкөн каражаттарды жана банк тарабынан алынган башка милдеттенмелерди эсепке алуу үчүн каралган эсептерди камтыйт. 

 

- Төлөөгө кошуп эсептелинген пайыздар 

 

Бул топто банк тарабынан аманатчыларга жана кредиторлорго төлөөгө карата кошуп эсептелинген пайыздарды эсепке алуу үчүн каралган эсептер камтылат. Төлөөгө карата кошуп эсептелинген пайыздарды эсепке алуу номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансылык отчеттун максаттарында мындай милдеттенмелер Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентке которулууга тийиш. 

 

- Кошуп эсептелинген комиссиондук чыгашалар 

 

- Төлөөгө каралган комиссиялар боюнча чегерилген милдеттенмелер 

 

- Башка милдеттенмелер 

 

Бул топ кредиторлордун эсептерин, кошуп эсептелген милдеттенмелерди, аягына чыгарыла элек четөлкө/улуттук валютанын жана баалуу металлдардын спот-сатуулары жана өзүнчө топтор атайын каралбаган башка милдеттемелер боюнча эсептерди камтыйт. Башка милдеттенмелер боюнча эсеп номиналдык валютада жүргүзүлөт. Финансылык отчеттун максатында мындай милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын отчеттук күнгө карата белгиленген эсепке алуу курсу боюнча сомго которулууга тийиш. 

 

3-класс - (камдык (резервдик)) 

 

4-класс - Капитал, анын ичинде топтор: 

 

- Уставдык капиталдын эсептери 

 

Бул топто банктын артыкчылыктуу берилген жана жөнөкөй акцияларын, капиталды, үстөк төлөнгөн номиналдык наркты, капиталдык камдарды (резервдерди) жана банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасын эсепке алуу үчүн каралган эсептерди камтыйт. Капиталдын эсептери улуттук валютада гана эсепке алынат. 

 

- Кайра баалоо эсептери 

 

Бул топ капиталдык резервдерди, аларды кайра баалоодо негизги каражаттардын наркынын көбөйүүсүн, инвестициялык баалуу кагаздарды кайра баалоону, банктын четөлкөдөгү ассоциацияланган жана туунду компанияларынын финансылык отчетторун кайра эсептөө үчүн каралган эсептерди камтыйт. Капиталдык резервдердин эсептери улуттук валютада гана эсепке алынат. 

 

- Өткөн мезгилдердин бөлүштүрүлбөгөн пайдасы/чыгымы 

 

- Учурдагы пайда/чыгым 

 

Класс 5 - камдык (резервдик) 

 

Класс 6 - Кирешелер, анын ичинде төмөнкү топтор: 

 

- Карыздык жана үлүштүк баалуу кагаздар боюнча пайыздык кирешелер 

 

Бул топ банктын баалуу кагаздардан алынуучу пайыздык кирешелерин эсепке алуу үчүн каралган эсептерди камтыйт. Пайыздык кирешелерди эсепке алуу улуттук валютада гана жүргүзүлөт. 

 

- Банктардагы жана башка финансы-кредит уюмдарындагы депозиттер боюнча пайыздык кирешелер 

 

Бул топ банктардагы жана башка финансы-кредит уюмдарындагы депозиттер боюнча пайыздык кирешелерди эсепке алуу үчүн каралган эсептерди камтыйт. Пайыздык кирешелерди эсепке алуу улуттук валютада гана жүргүзүлөт. 

 

- Туунду финансы инструменттери (каражаттар) менен болгон операциялардан түшкөн кирешелер (сальдо) 

 

- Кайра баалоодон реализацияланбаган киреше (чыгым) 

 

- РЕПО-келишимдери операциялары боюнча пайыздык киреше 

 

Бул топ РЕПО келишиминин негизинде сатып алынган баалуу кагаздар боюнча банктын пайыздык кирешелерин эсепке алуу үчүн пайдаланылат. 

 

- Кредиттер боюнча пайыздык кирешелер 

 

- Комиссиондук кирешелер 

 

- Баалуу металлдар менен операциялардан түшкөн кирешелер (сальдо) 

 

Бул топ банктын менчигинде турган, алтын жана баалуу металлдар менен операциялардан алынган, банктын реализацияланган жана реализацияланбаган кирешелеринин/чыгашаларынын суммаларын эсепке алууда колдонулат. 

 

- Инвестициялардан жана соода операцияларынан кирешелер (сальдо) 

 

Бул топ сатууга боло турган соодалык баалуу кагаздардан түшкөн кирешелерди (чыгымдардын), туунду компаниялардан алынган таза кирешелерди (чыгымдарды), ассоциацияланган компаниялардан алынуучу таза кирешелерди (чыгымдарды) жана акцияларга менен пайларга салуудан түшкөн дивиденддерди эсепке алууда колдонулат. 

 

- Четөлкө валютасы менен болгон операциялардан түшкөн кирешелер (сальдо) 

 

Бул топ четөлкө валютасын сатуудан жана конвертациялоодон түшкөн банктын реализацияланган жана реализацияланбаган, кирешелерин/чыгымдарын эсепке алууда колдонулат. 

 

- Күтүүсүз кирешелер 

 

Бул топ банктын кадимки ишине байланыштуу болбогон операциялардан жана окуялардан алынган банктын кирешелеринин суммасын эсепке алуу үчүн пайдаланылат. 

 

- Башка кирешелер 

 

Бул топ алар үчүн өзүнчө топтор каралбаган башка кирешелерди эсепке алуу үчүн пайдаланылат. 

 

Класс 7 - Пайыздык чыгашалар, анын ичинде төмөнкү топтор: 

 

- Депозиттер боюнча пайыздык чыгашалар 

 

Бул топ банктын кардарларынын депозиттери боюнча пайыздык чыгашаларды эсепке алуу эсептерин камтыйт. Пайыздык чыгашаларды эсепке алуу улуттук валютада жүргүзүлөт. 

 

- Банктардын жана башка финансы-кредит уюмдарынын депозиттери боюнча пайыздык чыгашалары 

 

- Банктар аралык жайгаштыруулар боюнча пайыздык чыгашалар 

 

- Башка финансы уюмдарынын кредиттери боюнча пайыздык чыгашалар 

 

- Кайтарым РЕПО-келишимдери боюнча операциялар боюнча пайыздык чыгашалары 

 

Бул топ РЕПО келишимдери боюнча сатылган баалуу кагаздар менен операциялар боюнча банктын пайыздык чыгашаларынын суммасын эсепке алуу эсептерин камтыйт. 

 

- Узак мөөнөттүү карыздар боюнча пайыздык чыгашалар 

 

Бул топ банктын субординацияланган жана башка узак мөөнөттүү милдеттенмелери боюнча банктын пайыздык чыгашаларынын суммасын эсепке алуу үчүн эсептерин камтыйт. 

 

- Кредиттер боюнча дисконт боюнча чыгашалар 

- Башка пайыздык чыгашалар 

 

Класс 8 - Операциялык чыгашалар, анын ичинде төмөнкү топтор: 

 

- Персоналды күтүүгө кеткен чыгашалар 

- Комиссиондук чыгашалар 

- Амортизациялык чегерүүлөр 

- Административдик чыгашалар 

 

Бул топ негизги каражаттарды ижарага алууга чыгашаларды, негизги каражаттарды тейлөөгө жана күтүүгө кеткен чыгашаларды, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр чыгашаларын, утурумдук оңдоолорго кеткен чыгашаларды, коргоо жана сигнализацияга кеткен чыгашаларын, байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн, иш сапарына кетүүчү чыгашаларды, өкүлчүлүк чыгашаларын, камсыздандыруу чыгашаларын, нотариалдык жана юридикалык кызмат көрсөтүүлөр чыгашаларын, компьютердик маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча чыгашаларды, аудит боюнча жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды, жарнамага жана маркетингге кеткен чыгашаларды, жарыялоолорго жана жазылууларга, кайрымдуулук иш-чараларына кеткен чыгашаларды, инкассациялоого кеткен чыгашаларды, башка административдик чыгашаларды эсепке алуу эсептерин камтыйт. 

 

- Кредиттер жана классификацияланган активдер боюнча чыгашалар 

 

Бул топ банктын кредиттерди берүүгө, карыздарды кайтарып алууга жана карызын жабуу үчүн кабыл алынган мүлктү администирлөөгө байланышкан чыгашаларды, ошондой эле классификацияланган активдер боюнча чыгашаларды эсепке алуу эсептерин камтыйт. 

 

- Башка операциялык чыгашалар 

 

Бул топ кассадагы жетпей жана артып калууларды, ошондой эле башка операциялык чыгашаларды эсепке алуу эсептерин камтыйт. 

 

- Пайдадан жана менчик алынуучу салыктардан тышкары салыктар 

 

Бул топ пайдадан жана менчик алынуучу салыктардан тышкары кошумча нарк салыгын жана башка салыктарды эсептөөлөрдү камтыйт. 

 

- Пайда салыгы 

 

Бул топ пайда салыгын жана пайдадан алынышы кийинкиге калтырылган пайда салыгын эсепке алуу үчүн каралган эсептерин камтыйт. 

 

- Күтүлбөгөн чыгашалар 

 

Бул топ банктын кадимки ишине байланышпаган операциялардан же окуялардан болгон банктын чыгашаларынын суммаларын эсепке алуу үчүн пайдаланылат. 

 

Класс 9 - Баланстан тышкаркы эсептер, анын ичинде төмөнкү топтор: 

 

- Банктын милдеттенмелери 

 

Бул топ банк тарабынан чыгарылган шарттуу милдеттенмелерди эсепке алуу үчүн каралган эсептерди камтыйт. 

 

- Банктын пайдасына милдеттенмелер 

 

Бул топ банктын пайдасына чыгарылган шарттуу милдеттенмелерди эсепке алуу үчүн каралган эсептерди камтыйт. 

3.3. Класстарда эсептер топторун, ал эми топтордо айрым эсептерди бөлүштүрүүдө иерархиялык принцип колдонулууга тийиш зарыл: 

- эсептин номеринин биринчи саны эсеп классын чагылдырат; 

- экинчи жана үчүнчү сандар эсептин тобун чагылдырат, ал бир, маанидеги экономикалык маңыздагы эсептерди топтоштуруп турат; 

- кийинки сандар эсептин кайсы бир объектисине көрсөтөт. 

 

4-глава 

Класстардын өзгөчөлүктөрү 

 

4.1. Класс 1 "Активдер" эсептери активдүү эсептер болуп саналышат, аларда банкта болгон бардык материалдык жана материалдык эмес активдер чагылдырылат. Активдүү эсептер боюнча калдыктар, пассивдүү болуп саналган контр-эсептерди эсепке албаганда, дебеттик болуп саналат жана кредиттик калдыкка ээ болот. 

4.2. Класс 2 "Милдеттенмелер" эсептери пассивдүү эсептер болуп саналышат, аларда финансы-экономикалык ишке тиешелүү банктын бардык милдеттенмелери чагылдырылат. Эсептер боюнча калдыктар, активдүү болуп саналган контр-эсептерди эсепке албаганда, кредиттик болуп саналат жана дебеттик калдыкка ээ болот. Милдеттенмелер эсептери боюнча калдыктын азаюусу жагына жылыш банк тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Мында алар боюнча эсептерден которуулар контракттын негизинде же мыйзам талаптарына ылайык кардарлардын көрсөтмөсү жана талаптары боюнча жүзөгө ашырылган кардарлардын күндөлүк эсептери жана депозиттери эске алынбайт. 

4.3. Класс 4 "Капитал" эсептери пассивдүү эсептер болуп саналышат жана банктын акционерлерине тийиштүү болгон бардык каражаттарды чагылдырат. Пайда жана чыгымдар эсептери кредиттик же дебеттик калдыктарга ээ болушу ыктымал. Камдар (резервдер) эсептери (инвестициялык баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча камдар (резервдер), консолидация убагында четөлкө валютасын кайра баалоо боюнча камдар (резервдер)) кредиттик да, дебеттик да калдыктарга ээ болушу ыктымал. 

4.4. Класс 6 "Кирешелер" эсептери пассивдүү эсептер болуп саналышат жана банк тарабынан отчеттук жыл ичиндеги финансы-экономикалык ишинин жыйынтыгында алынган бардык кирешелерди чагылдырат. Кирешелерди алуу учурунда кредиттик калдыкка, ал эми чыгымга учураган учурда дебеттик калдыкка ээ болушу ыктымал кирешелер/чыгымдар топторунун эсептерин эске албаганда, эсептер кирешелери боюнча калдыктар кредиттик болуп саналат. 

4.5. Класс 7 жана 8 "Пайыздык чыгашалар" жана "Операциялык чыгашалар" эсептери активдүү эсептер болуп саналышат жана банктын финансы-экономикалык ишинин натыйжасында банк дуушар болгон бардык чыгашаларды чагылдырат. Чыгашалар эсептери боюнча калдыктар дебеттик болуп саналат. 

4.6. Класс 9 "Баланстан тышкаркы эсептер" эсептери банктын шарттуу активдер жана милдеттенмелер менен операцияларын чагылдыруу үчүн каралган. 

 

5-глава 

Корутунду жоболор 

 

5.1. Банктар жетекчилиги Эсептер планынын ФОЭСке, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул жобонун талаптарына ылайык келүүсү үчүн жоопкерчиликтүү

5.2. Банктар Эсептер планына эсептердин кошумча топторун киргизүүгө укуктуу. Бул учурда 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка ошол топко сунушталган топтордун аталышын жана кыскача баяндамасы менен билдирме жөнөтүлөт. 

5.3. Баланстык эсептер бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген учурда банктар бул өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийинки 3 жумуш күнү ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына ал тууралуу маалымдоого милдеттүү