Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2017-жылдын 8-июнундагы 

№ 2017-П-12/23-6-(НПА) 

токтомуна 

тиркеме 

Консолидацияланган көзөмөл жөнүндө 

ЖОБО 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Бул жобо банктык топтун жана аффилирленген жактардын ишине консолидацияланган негизде көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан. 

2. Жобонун максатында төмөнкү аныктамалар колдонулат: 

Банктык топ

- Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган банктардан жана анын туунду жана/же караштуу компанияларынан, ошондой эле алардын аффилирленген жактарынан турган топ; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн банктык холдингдик компаниялардан, Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган банк анын туунду жана/же ага караштуу компанияларынын биринен болгон топ; 

- банкта да камтылган банктык жана/же финансылык ишкердикти жүргүзгөн юридикалык жактардын тобу, аларга контролдукту бир эле юридикалык жак же жеке адам өз алдынча же болбосо башка жактар менен биргеликте жүзөгө ашырат. 

Банктык холдингдик компания - бул башкы компания, анын туунду жана/же караштуу компанияларынын бири катары банк саналат. 

Туунду банк - бул, башка банк же башка юридикалык жак (башкы компания) тарабынан контролдукка алынган банк. Туунду банктын туунду банкы да башкы компаниянын туунду банкы катары каралат. 

Караштуу банк - бул, анда кайсыл бир жак өз алдынча же башка жактар менен биргеликте добуш берүүгө укук чегерилген акциялардын жыйырма пайызынан көбүрөөгүн тике же кыйыр түрдө тескөөгө алган банк. 

Башкаруучу компания - бул, негизги башкы компания тарабынан акционердик коом формасында банктык топко кирген туунду жана/же караштуу компанияларды (катышуучуларды) башкаруу максатында гана түзүлүшү мүмкүн болгон компания. 

Банктык топтун катышуучусу - банктык топтун курамына кирген юридикалык жак. 

3. Олуттуу катышуучуну, караштуу компанияны жана контролдукту аныктоо максаттарында: 

1) бир жактын караштуу компаниясы болуп саналган же бир жактын контролдугуна алынган компаниянын ээлигиндеги акциялар ошол жактын кыйыр ээлигинде турган катары каралат жана ошол жакка тиешелүү болгон акциялардын жалпы санын аныктоодо аталган жактын түздөн-түз ээлигинде турган акцияларына бириктирилет; 

2) ошол жакка жана анын жакын туугандарына (жарандык мыйзамдарга ылайык, биринчи жана экинчи кезектеги мураскерлерге) тиешелүү акциялар, ошол жакка түздөн-түз тиешелүү акциялар катары каралат. 

4. Улуттук банк төмөнкүлөргө карата көзөмөлдүктү консолидацияланган негизде жүзөгө ашырат: 

- Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган банкка, анын туунду жана/же караштуу компанияларына; 

- Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган банктык холдингдик компаниялардан, банк болуп саналган туунду жана/же караштуу компаниялардан турган банктык топ; 

- ага контролдукту бир эле жак өз алдынча же башка жактар менен биргеликте жүзөгө ашырган, курамына Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган банк кирген, банктык жана/же финансылык ишкердикти жүргүзгөн юридикалык жактар тобу. 

Эгерде, ага контролдук бир эле жак тарабынан өз алдынча же башка жактар менен биргеликте жүзөгө ашырылган банктык жана/же финансылык ишкердик менен алектенген юридикалык жактардын тобунда башкы компания жок болсо, анда контролдукка алган жактын тиешелүү чечими менен ыйгарым укук чегерилген жана Улуттук банкка макулдашылган юридикалык жак (банктык жана/же финансылык ишкердик менен алектенген юридикалык жак) маалыматтарды жана отчетторду сунуштоону кошо алганда, Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарды аткарат. 

2-глава. Банктык топтун ишинин ачык-айкындуулугу 

5. Банктык топко кирген компаниялар банк жана/же финансылык ишти гана, ошондой эле банктык холдингдик компанияларга тиешелүү учурларда топтун катышуучуларынын акциясына ээлик кылууну кошо алганда, банк жана/же финансылык ишке байланыштуу ишкердикти жүзөгө ашыра алат. 

6. Улуттук банк төмөнкүлөрдү аныктоо үчүн кайсы болбосун учурда контролдоочу жактан жана банктын олуттуу катышуучуларынан, банктык топтун кайсы болбосун башка катышуучусунан жана банк менен жалпы кызыкчылыктарга ээ жактардан зарыл маалыматтарды талап кылууга укуктуу: 

- банктык холдингдик компаниянын финансылык абалын, тобокелдиктерди тескөө системасынын деңгээлин жана корпоративдик башкаруу сапатын; 

- банктык холдингдик компаниянын туунду банкка таасирин тийгизүү деңгээлин; 

- контролдоочу жакты жана/же жактарды (жеке адамдарды жана юридикалык жактарды); 

- банктык топ жана анын катышуучулары тарабынан жүзөгө ашырылган иштерди; 

- банктык топтун жана анын катышуучуларынын финансылык абалын; 

- банктык топко жана анын катышуучуларына мүнөздүү болгон тобокелдиктердин түрлөрүн; 

- банктык топтун тобокелдиктерди тескөө системасын; 

- банктык топтун катышуучулары ортосунда ишкердик, финансылык жана башка өз ара мамилелерди. 

Улуттук банк банктык холдингдик компаниядан же банктык топтун кайсы болбосун катышуучусунан кошумча маалыматтарды талап кылышы мүмкүн. 

7. Эгерде кайсы болбосун жеке адам же юридикалык жак өз алдынча же башка жактар менен биргеликте мыйзамдарга ылайык банктын капиталында чектүү катышууга же аны ажыратып алууга ниеттенсе, ал Улуттук банктан алдын ала уруксат алууга милдеттүү

Банктык жана/же финансылык ишти, ошондой эле банк жана/же финансылык ишке байланыштуу ишкердикти жүргүзбөгөн юридикалык жактар өз алдынча же башка жактар менен биргеликте төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыра алышпайт: 

- банктын добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын (кайсы түрү болбосун) жыйырма пайызынан көбүрөөгүнө тике же кыйыр түрдө ээлик кылууга же тескөөгө алууга; 

- же, банктын уставдык капиталына катышуусуна көз карандысыз, келишимдин негизинде же башка негизде ошол банктын жетекчилигине жана/же саясатына олуттуу таасир этүүгө

8. Мындан тышкары, эгерде банктын акцияларын кошумча сатып алуунун натыйжасында же башкача негизде кайсы болбосун жеке адам же юридикалык жак тике же кыйыр түрдө банктын олуттуу катышуучусу болуп, добуш берүүгө укук чегерген акциялардын жыйырма пайызынан көбүрөөгүнө тике же кыйыр ээлик кылууну же чектүү катышууну тескөөнү ишке ашырса же банкты контролдоочу жак болуп калса, Улуттук банктын уруксатын алуу зарыл. 

9. Банктын акцияларын сатып алууга билдирме берүүдө Улуттук банкка Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын, "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык маалымат сунушталууга тийиш. 

10. Банктык топтун катышуучусу болуп саналган банк өз ишин банктык топтун башка катышуучуларынан көз карандысыз жүзөгө ашырат. 

11. Банктык топту жетектеген банк, юридикалык жактар тобун контролдогон банктык холдингдик компания же башкы/башкаруучу компания мыйзам талаптарына ылайык бардык банктык топтун жалпы ишине жоопкерчилик тартат. 

12. Банктык топту жетектеген банктын, банктык холдингдик компаниянын же юридикалык жактар тобун контролдоочу башкы/башкаруучу компаниянын байкоо жана аткаруу органы банктык топтордун бардык катышуучулары ортосунда тиешелүү деңгээлдеги зарыл маалыматтар менен алмашып туруусун камсыз кылууга тийиш. 

13. Башкы компания (анын ичинде Кыргыз Республикасынын резидент эмеси), анын Улуттук банктан лицензияланган туунду жана/же караштуу банкынын ишине терс/олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн болгон фактылар же жагдайлар орун алган шартта, ошол фактылар же жагдайлар аныкталган учурдан кийинки 5 жумуш күнү ичинде кесепеттүү таасирге бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чараларды көрсөтүү менен Улуттук банкка кат жүзүндө билдирме жөнөтөт. 

Эскертүү: Терс жана/же олуттуу таасир дегенден улам, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабын бузууга же Улуттук банк тарабынан лицензияланган банктын ишинде өзгөрүүлөрдүн келип чыгышын шарттаган фактыларды же жагдайларды түшүнүү зарыл. 

Ал эми башкы компания бул тууралуу билдирбесе же белгиленген мөөнөттү бузуу менен кечиктирип билдирген учурда Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан туунду жана/же караштуу банкка жана анын башкы компаниясына (Кыргыз Республикасынын резиденти) карата Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

Башкы компания, анын Улуттук банктан лицензияланган туунду жана/же караштуу банкынын ишине терс жана/же олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн болгон фактылар же жагдайлар орун алган шартта, мындай таасирге жол бербөө максатында ал тууралуу Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан өз туунду жана/же караштуу банктарына өз учурунда маалымдайт. 

Улуттук банктан лицензияланган туунду жана/же караштуу банк мындай маалыматты башкы компаниядан алган учурда ал тууралуу маалымат алгандан кийинки 2 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка кат жүзүндө билдирет. 

14. Банктык топко катышуудан улам Улуттук банктан лицензияланган банктын финансылык абалына коркунуч келип чыкса, банк мындай таасирге жол бербөө үчүн көрүлүүчү чараларды көрсөтүү менен бул тууралуу 2 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдайт. 

3-глава. Банктык топтун капиталы 

15. Банктык топ, күтүүсүз келип чыгышы ыктымал болгон жана топтун бардык катышуучулары дуушарланышы мүмкүн болгон чыгашалардын жана жоготуулардын ордун жабуу үчүн жетиштүү капитал деңгээлине ээ болууга тийиш. 

16. Банктык топтун катышуучулары топко кирген жана алардын чарба ишине ылайык келген банк олуттуу өзгөрүүлөрдөн коргоо каралган капитал шайкештигин камсыз кылуу боюнча саясаттарды жана жол-жоболорду иштеп чыгууга тийиш. 

17. Банктык топтун жана банктык топтун катышуучуларынын капиталы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келүүсү зарыл. Банктык топтун катышуучулары ушул талаптардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат. 

18. Банктык топту жетектеген банк, банктык холдингдик компания же юридикалык жактар тобун контролдогон башкы/башкаруучу компания Улуттук банкка өз байкоо органы тарабынан бекитилген банктык топтун капиталынын шайкештиги боюнча саясатты, анын ичинде капитал шайкештигине баа берүүнүн ыкмасын сунуштоого тийиш. 

19. Инспектордук текшерүүлөрдү ишке ашырууда Улуттук банк банктык топтун капитал шайкештиги боюнча тиешелүү саясаттары жана жол-жоболору бар экендигин жана алардын сакталып жаткандыгын текшерүүгө укуктуу. 

20. Улуттук банк, банктык топко кирген банктардын коргоого алынышын камсыз кылуу максатында, капитал шайкештигин камсыз кылуу боюнча саясаттарга жана жол-жоболорго өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун киргизилишин талап кылышы мүмкүн. 

21. Эгерде, топтун капиталы банктын абалын колдоо үчүн жетишсиз экендиги жана банктык топко катышуусунан улам банктын финансылык абалына терс таасирин тийгизиши ыктымал болгон олуттуу тобокелдиктер орун алгандыгы аныкталса же банктык топ Улуттук банктын талаптарын кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын аткаруусу үчүн талапка ылайык ачык-айкындуу иш алып барбагандыгы аныкталган шартта, Улуттук банк кошумча капитал салууну талап кылышы ыктымал же капитал шайкештиги боюнча кыйла жогорулатылган экономикалык ченемдерди белгилеши мүмкүн. 

22. Банктык топту жетектеген банк, банктык холдингдик компания же юридикалык жактар тобун контролдогон башкы/башкаруучу компания анын капиталына же анын кайсы болбосун туунду же караштуу компаниясынын капиталына олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн болгон бардык фактылар же жагдайлар тууралуу Улуттук банкка милдеттүү түрдө маалымдап турууга тийиш. 

4-глава. Тобокелдиктерди тескөө жана банктык топту ички контролдоо 

23. Банктык топтун катышуучулары банктык топтун кайсы болбосун катышуучуларынын же бүтүндөй банктык топтун финансылык туруктуулугуна коркунуч жараткан тобокелдиктерди өзүнө албоого тийиш. 

24. Банктык топтор банктык топтун ишине ылайык келген тобокелдикти тескөө жана ички контролдук системасына ээ болууга тийиш. 

25. Банктык топ, Улуттук банктын ири тобокелдиктер, инвестиция өлчөмү жана валюта позициясы боюнча чектөөлөрдү консолидацияланган негизде так сактоого, ошондой эле тобокелдиктерди азайтуу жана ишти чектөө боюнча башка талаптарды аткарууга тийиш. 

26. Банктык топтун тобокелдиктерди тескөө саясаты төмөнкүлөрдү камтуусу зарыл: 

1) банктык топ өзүнө алган тобокелдиктерди банктык топтун башкаруу органы бекиткен саясаттарга шайкеш тескөөнү

2) банктык топ өзүнө алган тобокелдиктерди жөнгө салууга жетиштүү болгон капитал деңгээлин колдоп турууну камсыз кылган ченемдерди; 

3) бүтүндөй банктык топту камтыган тобокелдиктерди тескөө системасына ылайык жоболорду. 

27. Ички контролдук системасында төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

1) банктык топ өзүнө алган олуттуу тобокелдиктерге карата капитал жетиштүүлүгүнө баа берүүнү аныктаган олуттуу тобокелдиктерге шайкеш келген механизмдерди; 

2) топ ичиндеги операцияларды жана концентрациялануу тобокелдигин аныктоо, баалоо, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо үчүн отчеттуулуктун жана эсепке алуунун ишенимдүү жол-жоболорун. 

28. Банктык топту жетектеген банк, банктык холдингдик компания же юридикалык жактар тобун контролдогон башкы/башкаруучу компания, банктык топ Улуттук банктын тобокелдиктерди тескөө системасына карата белгилеген талаптарын сактагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат. 

29. Катышуучулары финансылык (банктык эмес) ишти жүзөгө ашырып жаткан банктык топ, алардын ишине мүнөздүү болгон ири кредиттик тобокелдиктерди, ликвиддүүлүк тобокелдигин, инвестициялык, валюталык жана башка тобокелдиктерди чектеген жана топко кирген банктарды коргоо талаптары каралган саясаттарды жана жол-жоболорду иштеп чыгуусу зарыл. 

30. Финансылык (банктык эмес) ишти жүзөгө ашырып жаткан банктык топтун катышуучулары банктык холдингдик компаниянын же банктык топту жетектеген банктын тобокелдиктерди тескөө боюнча жылдык отчетунда саясаттар жана жол-жоболор боюнча түшүндүрмө чагылдырылууга тийиш. 

31. Улуттук банк, тобокелдиктерди азайтуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарынын топко кирген (кирип жаткан) банк (банктар) тарабынан бузууга жол берилишине бөгөт коюу максатында, финансылык ишти (банктык эмес) жүзөгө ашырып жаткан банктык топтун катышуучуларынан саясаттарга жана жол-жоболорго корректировкалоолордун киргизилишин талап кыла алат. 

32. Банк, банктык топтун катышуучусу акча каражаттарын (депозит/кредит жана башка өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди) тарткан учурда, башкы компаниядан, банктык топтун катышуучусунан же кайсы болбосун башка чет өлкө компаниясынан/банктык топтун катышуучусунан акча каражаттарын тартууга түзүлгөн тиешелүү келишимде, аны мөөнөтүнөн мурда жокко чыгаруу жөнүндө Улуттук банкты аны жокко чыгарганга чейинки 30 жумуш күн мурда милдеттүү түрдө билдирүү шарты камтылууга тийиш. Мында, Улуттук банктын көзөмөлгө алынган банктык топтун ошол катышуучусу билдирүүнүн демилгечисинен болууга тийиш. 

5-глава. Банктык топту корпоративдик башкаруу 

33. Банктык топту жетектеген банктын, банктык холдингдик компаниянын же Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактар тобун контролдукка алган, ар кандай финансы-кредит уюмдардын контролдоону кошо алганда, башкы/башкаруучу компаниянын кызмат адамдары, байкоо жана аткаруу органынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кызмат адамдарга тиешелүү кынтыксыз абройго ылайык келүүгө тийиш. 

Мындан тышкары, банктык топту жетектеген банктын, банктык холдингдик компаниянын же Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактар тобун контролдоочу, ар кандай финансы-кредит уюмдардын контролдоону кошо алганда, башкы/башкаруучу компаниянын кызмат адамдары, байкоо жана аткаруу органынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын кызмат адамдарга белгиленген кынтыксыз абройго ылайык келүүгө тийиш. 

34. Банктык холдингдик компания байкоо органынын жана аткаруу органынын мүчөлөрү, олуттуу катышуучулар, контролдукту тике же кыйыр түрдө жүзөгө ашырышкан жактар жана башка алар менен байланыштуу жактар тууралуу маалыматтарды, "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык дайындалган кызмат адамдарынын ишкердик аброю жана ишенимдүүлүгү жөнүндө маалыматтар менен чогуу Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

Банктык холдингдик компания - Кыргыз Республикасынын резиденти жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды алар дайындалгандан кийинки отуз жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

Банктык холдингдик компания - Кыргыз Республикасынын резидент эмеси жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды алар дайындалгандан кийинки отуз календардык күн ичинде Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

35. Тиешелүү жак, төмөнкү учурларда банктык холдингдик компаниянын байкоо органынын мүчөсү боло албайт: 

1) эгерде ал кынтыксыз ишкердик абройго ээ болбосо же андан ажыраса; 

2) эгерде ал Улуттук банк тарабынан банктын кызмат адамдары (банктык топ, банктык холдингдик компания же Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактар тобун контролдукка алган башкы/башкаруучу компания) үчүн белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келбесе. 

36. Банктык топту жетектеген банктын, банктык холдингдик компаниянын же юридикалык жактар тобун контролдукка алган башкы/башкаруучу компаниянын байкоо жана аткаруу органдары бүтүндөй алганда, банктык топтун ишине натыйжалуу жана ырааттуу контролдукту жүзөгө ашырууга көмөктөшө турган анын туунду/караштуу банктарын жана туунду/караштуу компанияларын башкаруунун оптималдуу түзүмүн аныктоо максатында, банктык топтун жалпы саясаттарын жана стратегияларын белгилөө жана жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчиликтүү

37. Банктык топту жетектеген банктын, банктык холдингдик компаниянын же юридикалык жактар тобун контролдукка алган башкы/башкаруучу компаниянын байкоо органы төмөнкүлөрдү ишке ашырууга тийиш: 

1) банктык топтун түзүмү, топтун катышуучуларынын негизги иши жөнүндө маалыматтарды кошо алганда, банктык топтун катышуучулары жөнүндө маалыматтарды, банктык холдингдик компаниянын байкоо органы тарабынан бекитилген тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдук боюнча банктык топтун саясатын, банктык топтун катышуучуларын контролдоочу жактар жөнүндө маалыматтарды, банктык топто реалдуу контролдукту жүзөгө ашырган жактар жөнүндө маалыматтарды, топтун катышуучуларынын финансылык абалы тууралуу маалыматтарды Улуттук банкка сунуштоого; 

2) банктык топту жана банктык холдингдик компанияны алдыда турган үч жылдык мезгил аралыгында өнүктүрүү каралган стратегияны Улуттук банкка берүүгө

3) банктык топтун ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктердин ордун жабуу үчүн аны шайкеш капиталдаштыруу боюнча банктык топтун регулятивдик, рыноктук жана стратегиялык муктаждыгын канааттандырган саясатты иштеп чыгууга жана бекитүүгө

4) банктык топтун катышуучуларына же алардын иш-чөйрөсүнө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди аныктоо жана аларды тескөөгө алуу боюнча саясатты иштеп чыгууга жана бекитүүгө

5) банктык топтун катышуучулары менен операциялар боюнча тиешелүү лимиттерди белгилөөгө

6) банктык топ тарабынан мыйзам актыларынын жана ички саясаттардын талаптарынын сакталышына контролдукту жүзөгө ашырууга; 

7) банктык топтун бардык катышуучулары ортосунда тиешелүү маалыматтардын талаптагыдай алмашуусун камсыз кылууга; 

8) банктык топко кирген банктардын аманатчыларын жана башка кредиторлорун коргоого алынышын гарантиялаган, башкаруунун коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга. 

38. Банктык топту жетектеген банктын, банктык холдингдик компаниянын же юридикалык жактар тобун контролдукка алган башкы/башкаруучу компаниянын байкоо органы корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, стратегиялык максаттардын жана мыйзам актыларынын сакталышы көз карашынан банктык топтун катышуучуларынын бардык иш-чөйрөсүн жүзөгө ашырууда ички контролдук шайкештигин текшерүүгө, топтун катышуучуларынын ишинде келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерге баа берүүнү кошуу жөнүндө талапты белгилейт. 

39. Банктык топту жетектеген банктын, банктык холдингдик компаниянын же юридикалык жактар тобун контролдогон башкы/башкаруучу компаниянын байкоо жана аткаруу органдары банктык топтун катышуучуларынын ишине таасир этүүсү ыктымал болгон тобокелдиктер жөнүндө билүүгө жана аларга тиешелүү контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш. Аткаруу органы чейрек сайын кеминде бир жолу, ат эми зарылчылык келип чыккан шартта - дароо банктык холдингдик компаниянын же банктык топту жетектеген банктык топтун ишинде орун алган тобокелдиктер, ошондой эле аларды өз учурунда аныктап жана четтетүү жагында көрүлгөн чаралар тууралуу кат жүзүндө байкоо органына маалымдайт. 

40. Банктык холдингдик компания Аудит боюнча комитетти түзүшү мүмкүн. 

6-глава. Банктын туунду жана караштуу компанияларына карата талаптар 

41. Банк туунду же караштуу компанияларды түзүшү же сатып алышы мүмкүн. Мында, аларга контролдукту жүзөгө ашырган же анда банктык холдингдик компаниянын же Улуттук банктан лицензия алган банктын туунду жана/же караштуу компаниялары катышкан юридикалык жактар туунду жана/же караштуу компанияларды түзүүгө жана/же сатып алууга укугу жок. 

42. Банктык топко кирген туунду жана/же караштуу компаниялар иштин төмөнкү түрлөрүн гана жүзөгө ашыра алышат: 

1) банк ишин; 

2) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамына ылайык микрофинансылык ишти; 

3) "Инвестициялык фондулар жөнүндө" Мыйзамга ылайык инвестициялык ишти; 

4) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Мыйзамына ылайык камсыздандыруу ишин; 

5) Кыргыз Республикасынын "Аудитордук иш жөнүндө" Мыйзамына ылайык аудитордук ишти; 

6) Кыргыз Республикасынын "Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө" Мыйзамына ылайык, бухгалтердик эсепке алууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча иштерди; 

7) лизингдик ишин; 

8) ломбард ишин; 

9) төмөнкүдөй төлөм кызмат көрсөтүүлөрүн сунуштоо боюнча иштерди: 

- эсеп ачуусуз эле үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана төлөм системасынын катышуучуларына берүү (процессинг); 

- үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу жана банктар аралык сыяктуу эле, банктык эмес төлөм системаларынын катышуучуларына берүү (банктар аралык процессинг); 

- электрондук акча эквивалентиндеги алдын ала төлөнгөн карттарды чыгаруу, таркатуу, төлөөгө кабыл алуу жана тастыктоо; 

10) карыздык милдеттенмелерди сатып алуу жана сатуу (факторинг); 

11) үчүнчү жактардан милдеттенмелердин акчалай түрүндө аткарылышын талап кылуу укугун алуу; 

12) кардардын тапшыруусу боюнча баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатууну кошо алганда, брокердик кызмат көрсөтүүлөрдү анын көрсөтмөсү боюнча жүзөгө ашыруу; 

13) жеке адам же юридикалык жактар менен келишим боюнча мүлктү ишеним боюнча тескөөгө алууну (траст) жүзөгө ашыруу; 

14) карыздык баалуу кагаздарды чыгарууну эске албаганда, ченемдик укуктук актыларга ылайык өз атынан баалуу кагаздарды чыгаруу; 

15) ченемдик укуктук актыларга ылайык, баалуу кагаздарды компания үчүн өз атынан сатып алуу жана сатуу; 

16) компаниянын ишине байланыштуу консультациялык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо. 

43. Банктын туунду же караштуу компанияны түзүүсү же сатып алуусу Улуттук банктын кат жүзүндөгү уруксатынын негизинде жүзөгө ашырылат. 

44. Банктын туунду же караштуу компанияны түзүүсү жана/же сатып алуусу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ишке ашырылат. 

45. Туунду же караштуу компанияны түзүү же сатып алуу банктык топтун уюштуруу түзүмүнүн ачык-айкындуулугуна доо келтирбөөгө тийиш. 

46. Эгерде, түзүлүп же сатып алынып жаткан компания чет өлкөлүк болуп саналса жана ал финансы секторуна көзөмөлдүк органы тарабынан жөнгө салынууга тийиш болсо, анда билдирмеде бул компания түзүлгөн өлкөдөгү көзөмөлдүк режими жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш. 

47. Чет өлкө туунду же караштуу компаниясын түзүп же сатып алып жаткан банк төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: 

1) банк ушул жобонун талаптарын аткаруусу үчүн зарыл болгон бардык маалыматтардын туунду же караштуу компания тарабынан банкка берилишин; 

2) башка жактар менен жалпы кызыкчылыктардын түптөлүшүнө бөгөт коюу, анткени алар банктык топтун түзүмүнүн ачык-айкындуулугуна тиешелүү Улуттук банктын талаптарынын бузулушуна алып келиши ыктымал. 

48. Эгерде, алардын негизинде банк түзүүгө уруксат берүүдөн баш тартууга себеп болгон фактылар маалым болсо же туунду же караштуу компания Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында уруксат берилбеген ишкердикке тартылгандыгы айкын болсо, Улуттук банк туунду же караштуу компанияларды түзүү же сатып алууга өз макулдугунан баш тартышы мүмкүн. 

49. Эгерде Улуттук банк өз уруксатын кайтарып алса, банк Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде туунду компаниянын ага тиешелүү болгон акцияларын банк менен байланыштуу болбогон жактарга сатууга тийиш. 

50. Эгерде банк Улуттук банктан алдын-ала кат жүзүндөгү макулдугун алуусуз эле туунду, караштуу компанияларды түзүп же сатып алган болсо, мындай бүтүм анык эмес катары эсептелинет. 

7-глава. Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдер 

51. Улуттук банк банктык топ милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон төмөнкүдөй экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилейт: 

1) капиталдын (өздүк каражаттардын) шайкештик коэффициенти; 

2) бир карыз алуучуга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү

3) ликвиддүүлүк ченеми; 

4) банктык топтун тобокелдиктерин төмөндөтүү жана аталган топко кирген банк аманатчыларынын таламдарын коргоо үчүн зарыл башка ченемдер жана талаптар. 

52. Банктык топтун капиталынын (өздүк каражаттарынын) шайкештик коэффициенти (К) 12%дан кем болбоого тийиш. Ал банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталынын жана банктык топтун катышуучуларынын өздүк капиталынын (өздүк каражаттарынын) суммасынын, банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдеринин суммасына жана банктык топтун суммардык активдерине карата катышы катары төмөнкү формула боюнча аныкталат. 

  

К = СК/СА х 100%, мында: 

  

СК - бул, банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталынын жана банктык топтун катышуучуларынын өздүк капиталынын (өздүк каражатынын) суммасы. 

СА - бул, банктык топтун катышуучуларынын суммардык активдеринин жана банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын туунду жана/же караштуу компанияларына инвестицияларын минуска чыгаруу менен тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдеринин суммасы. 

Банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталы жана тобокелдик деңгээли боюнча өлчөнгөн активдери "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоого ылайык аныкталат. Мында, банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталын эсептөөдө банктык топтун катышуучуларынын уставдык капиталына инвестициялар алынып салынат. 

Эскертүү: Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/2 "Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо жөнүндө" нускоонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилип, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 23-августундагы 94-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн. 

Банктык топтун катышуучусунун өздүк капиталынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык аныкталат. 

Кыргыз Республикасынын резидент эмеси болуп саналган банктык топтун катышуучусунун өздүк капиталынын өлчөмү, ал жайгашкан өлкөдөгү анын ишин жөнгө салган ыйгарым укуктуу органдын ченемдик укуктук актыларында аныкталат. 

Эгерде, банктык топтун катышуучусуна карата өздүк капиталдын өлчөмүн эсептөөнүн өзгөчө тартиби белгиленбесе, анда банктык топтун катышуучусунун капиталы бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук нормаларына ылайык, анын активдери менен милдеттенмелери ортосундагы айырма катары аныкталат. 

53. Ликвиддүүлүк ченемин 30%дан төмөн эмес деңгээлде колдоп туруу зарыл. 

Ликвиддүүлүк ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

ЛА = ЛА/М, мында: 

  

ЛА - банктык топтун катышуучуларынын ликвиддүү активдеринин суммасы, аларга төмөнкүлөр кирет: 

- банктын, банктык топтун катышуучусунун Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталган ликвиддүү активдери; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык аныкталган, күрөөгө коюлгандардан тышкары, баа берилгенден тартып 30 күн ичинде акча каражаттарына айландырылышы мүмкүн болгон акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды камтыган, банктык топтун катышуучусунун ликвиддүү активдери. 

М - банктык топтун катышуучуларынын милдеттенмелеринин суммасы, аларга ликвиддүүлүк ченемин эсептөө үчүн төмөнкүлөр кирет: 

- банктын, банктык топтун катышуучуларынын Улуттук банктын укуктук ченемдик актыларына ылайык аныкталган милдеттенмелери; 

- банктык топтун катышуучуларынын Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык аныкталган милдеттенмелери, алар боюнча эсептешүү отчеттук күндөн кийинки 30 күн ичинде башталат. 

54. Банктык топтун бир карыз алуучусуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүӨ) төмөнкү маанилерден ашпоого тийиш: 

- банктык топ менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү - 15%; 

- банктык топ менен байланыштуу болгон бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү - 10%; 

Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн (МӨ) ченеми төмөнкүчө эсептелинет: 

МӨ = ЧК/К х 100%, мында: 

ЧК - чогуу алгандагы карыз, банктык топтун катышуучулары ага сунуштаган, өзүңдө кредиттик тобокелдикти камтыган бардык активдер боюнча бир карыз алуучунун жалпы карызы, анын ичинде: 

- кредиттер (төлөө мөөнөтүнө көз карандысыз); 

- факторинг; 

- финансылык ижара; 

- банктар аралык жайгаштыруулар: 

- капиталга инвестициялар; 

- карыздык милдеттенмелер формасындагы инвестициялар; 

- алууга каралган пайыздар; 

- карыз алуучуларга тике же кыйыр түрдө берилген, маңызы боюнча кредитти алмаштыруучу болуп саналган кандай болбосун каражаттар; 

- ошол карыз алуучуга берилген баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасы (гарантиялар, аккредитивдер, кредиттерди берүүгө милдеттенмелер); 

- катышуучунун үчүнчү тарапка карата кандай болбосун тобокелдиги, ал ошол карыз алуучу тарабынан талашсыз гарантияланууга тийиш; 

- мурда эсептен алынып салынган кредиттер, анын ичинде пайыздар. Ар бир карыз алуучунун кредиттик таржымалында анын жана аны менен байланыштуу адамдардын мурда эсептен алынып салынган кредиттери жана пайыздары тууралуу маалыматтар көктөлүүгө тийиш: ал маалыматтарды карыз алуучунун жана аны менен байланыштуу адамдардын аты-жөнү, эсептен алынып салынган кредиттердин жана пайыздардын суммасы, эсептен алынып салынган күн жана анын себептери чагылдырылышы зарыл. 

К - банктык топтун курамына кирген коммерциялык банктын таза суммардык капиталынын жана банктык топтун катышуучуларынын өздүк капиталынын (өздүк каражаттарынын) суммасы. 

Банктык топ менен байланыштуу болгон бир карыз алуучунун тобокелдигинин максималдуу өлчөмүн сактоо төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат: 

- карыз алуучу банктык топтун курамына кирген болсо; 

- карыз алуучу банк менен байланыштуу жана/же банктык топтун катышуучусунун аффилирленген жагы болуп саналса; 

- карыз алуучу башка карыз алуучулар менен биргелешип иш алып баруу келишимин түзгөн же биргелешип иш алып баруу жөнүндө келишим шарттарын (белгилерин) камтыган башка документ аркылуу байланыштуу болсо; 

- юридикалык жак-карыз алуучулардын башкаруу органы тарабынан кабыл алынган чечимге тике же кыйыр түрдө олуттуу таасир этүүгө жөндөмдүү жак (үчүнчү жак аркылуу) болуп саналса. 

55. Компаниялар, анын ичинде банктык топко кирген банктар Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тиешелүү талаптарды жана экономикалык ченемдерди аткарууга тийиш. 

56. Экономикалык ченемдерди аткаруу жана тобокелдиктерге жол бербөө үчүн банктык топко Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында белгиленген максималдуу чектен төмөн, минималдуу чектен жогору болгон экономикалык ченемдер жана талаптар боюнча ички чектерди белгилөө сунуш кылынат. 

57. Банк, банктык топтун катышуучусу ага төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берүү максатында кандайдыр бир жак менен бүтүмдөрдү жана/же операцияларды жүзөгө ашыра албайт: 

- банк менен байланыштуу же банктык топтун катышуучусунун аффилирленген жагы алдында милдеттенмелерди төлөө

- банк менен байланыштуу же банктык топтун катышуучусунун аффилирленген жагынан кандайдыр бир мүлктү сатып алуу; 

- банктык топтун катышуучусунун аффилирленген жагы тарабынан эмитирленген баалуу кагаздарды сатып алуу; 

- банктын финансылык абалынын начарлоосуна алып келиши мүмкүн болгон операцияларды жүзөгө ашыруу/бүтүмдөргө келишүү

Банк менен байланыштуу жана/же банктык топтун катышуучусунун биринин аффилирленген жагы банк менен байланыштуу жана/же банктык топтун ар бир катышуучусунун аффилирленген жагы катары таанылат. 

58. Банктык холдингдик компания же банктык топту жетектеген банк, банктык топтун катышуучуларынын белгиленген талаптарды жана экономикалык ченемдерди аткаруусун камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик тартат. 

8-глава. Банктык топ тарабынан Улуттук банкка сунушталуучу отчеттор жана маалыматтар 

59. Банктык топ Улуттук банкка банктык топтордун катышуучуларын - Кыргыз Республикасынын резидент эместерин кошо алганда, Улуттук банк тарабынан белгиленген тизмеге, формага, көлөмгө, тартипке жана мөөнөткө ылайык өз иши жөнүндө консолидацияланган отчетторду жана маалыматтарды чечмелеп, сунуштоого милдеттүү

60. Банктык топ же анын катышуучулары аларга карата олуттуу таасир тийгизген (тике же кыйыр түрдө) юридикалык жактар консолидацияланган отчетту түзүү максатында өз иши тууралуу отчетту берип турууга милдеттүү

61. Банктык топту жетектеген банк же банктык холдингдик компания, анын ичинде башкы/башкаруучу компания-Кыргыз Республикасынын резидент эмеси Улуттук банкка Директорлор кеңешинин жана Башкарманын мүчөлөрү, аларга тике же кыйыр түрдө контролдукту жүргүзгөн олуттуу катышуучулар, алар менен байланыштуу башка жактар жөнүндө маалыматтарды Улуттук банк тарабынан белгиленген көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө, ошондой эле уюштуруу документтерине, уставга, туунду же караштуу компаниялардын түзүмүнө киргизилген өзгөртүүлөр, алардын иш чөйрөсүнүн кеңейтилгендиги, туунду же караштуу компаниялардын кызмат адамдарынын алмашуусу, ошондой эле банктын туунду компаниялары тарабынан туунду компанияларды түзүү жана/же сатып алуу жөнүндө маалыматтар, тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан кийинки 30 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө жөнөтүлөт. 

62. Банктык топту жетектеген банк же банктык холдингдик компания, анын ичинде башкы/башкаруучу компания - Кыргыз Республикасынын резидент эмеси Улуттук банкка Директорлор кеңешинин жана Башкарманын мүчөлөрү, аларга тике же кыйыр түрдө контролдукту жүргүзгөн олуттуу катышуучулар, алар менен байланыштуу башка жактар жөнүндө маалыматтарды Улуттук банк тарабынан белгиленген көлөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө, ошондой эле уюштуруу документтерине, уставга, туунду же караштуу компаниялардын түзүмүнө киргизилген өзгөртүүлөр, алардын иш чөйрөсүнүн кеңейтилгендиги, туунду же караштуу компаниялардын кызмат адамдарынын алмашуусу, ошондой эле банктын туунду компаниялары тарабынан туунду компанияларды түзүү жана/же сатып алуу жөнүндө маалыматтар, тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан кийинки 30 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө жөнөтүлөт. 

63. Банктык топту жетектеген банк же банктык холдингдик компания, анын ичинде башкы компания - Кыргыз Республикасынын резидент эмеси жылдык отчетту көз карандысыз аудитордук компания тарабынан тастыкталган жылдык финансылык отчет менен бирге банктык топ жана банктык холдингдик компания үчүн ички контролдуктун шайкештигине баа берүүнү камтыган, отчеттук жыл аяктаган күндөн кийинки 180 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө өз алдынча жана консолидацияланган негизде Улуттук банкка сунуштайт. Бул отчеттордо ошондой эле, банктык холдингдик компаниянын бардык туунду жана караштуу компаниялары тууралуу маалыматтарды, анын ичинде анын аталышын, ээлик кылуу пайызын, банктык топтун ар бир катышуучусу тартылган иштин чөйрөсүн же түрлөрүн кошо алганда, банктык топтун иши жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш. 

64. Улуттук банк алардын финансылык абалына, тобокелдиктерди тескөө системасына, корпоративдик башкаруу сапатына жана көзөмөлдүктү жүргүзүүнүн башка максаттарына баа берүү үчүн банктык топтордон жана анын катышуучуларынан башка отчеттордун жана маалыматтардын берилишин талап кылууга укуктуу. 

65. Жылдык отчетко банктык холдингдик компаниянын же банктык топту жетектеген банктын байкоо органынын, аткаруу органынын төрагасы жана башкы бухгалтери кол коюуга тийиш. 

9-глава. Банктык топтун катышуучуларына карата колдонулуучу чаралар 

66. Банктык топтун кайсы болбосун катышуучусуна (жеке адамдарга жана юридикалык жактарга) же анын кызмат адамына карата "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамда каралган талаптарга ылайык таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн, эгерде: 

1) аффилирленген жактар Улуттук банктын талабы боюнча банктын финансылык туруктуулугуна жана анын аманатчыларынын таламдарына кедергисин тийгизген же тийгизиши мүмкүн болгон кемчиликтерди жана бузууларды четтетүүгө тиешелүү чараларды көрбөсө

2) банктын олуттуу катышуучусу, иши же финансылык абалы банктын финансылык туруктуулугуна же анын аманатчыларынын таламдарына кедергисин тийгизген же тийгизиши мүмкүн болгон, алар контролдогон компанияларга карата Улуттук банктын талабы боюнча чараларды көрбөсө

3) Улуттук банктын баасы боюнча банктык топтун ишине башкы банк/компания жана/же чет өлкөлүк көзөмөл органы тарабынан контролдук/банктык топтун катышуучуларына контроль/көзөмөл тобокелдиктерди аныктоо жана аларды минималдаштырууга мүмкүндүк бербегендей негизде, жетишсиз жүргүзүлүп жатса; 

4) Улуттук банк консолидацияланган негизде көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматтарды ала албаса; 

5) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамда каралган башка негиздер боюнча, анын ичинде: 

а) банкка жана банктык топтун катышуучуларына карата талаптагыдай консолидацияланган көзөмөлдүктү жүргүзүүгө тоскоолдуктар келип чыкса; 

б) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер, талаптар жана чектөөлөр бузулса. 

67. Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) банктын туунду компаниясы боюнча - банктан бул компанияга кандай болбосун инвестициялардын убактылуу токтотулушун талап кылууга; 

2) банктын аффилирленген жактары боюнча - банктан жана/же аффилирленген жактардан мындай аффилирленген жак менен банк ортосунда операциялардын, бутүмдөрдүн (тике же кыйыр) убактылуу токтотулушун талап кылууга; 

3) банктык холдингдик компания боюнча - банктык холдингдик компаниядан банк ишине контролдукту, анын ичинде акциялар боюнча тике же кыйыр түрдө добуш берүү укугун убактылуу токтотууну талап кылууга; 

4) банктын олуттуу катышуучулары тарабынан контролдукка алынган компаниялар боюнча - олуттуу катышуучудан төмөнкүлөрдү талап кылууга: 

а) банк ишине катышууну убактылуу токтотууга, анын ичинде тике же кыйыр түрдө акциялар боюнча добуш берүү укугун убактылуу токтотууга; 

б) банк менен олуттуу катышуучу жана/же банк менен олуттуу катышуучуну контролдогон компания ортосунда тике жана кыйыр түрдө операциялардын, бүтүмдөрдүн ишке ашырылышын убактылуу токтотууга; 

5) банктын туунду же көз каранды компаниясы боюнча - компания андан ары банктын туунду же көз каранды компаниясы болуп саналбагандай деңгээлге чейин банк өз инвестицияларын азайтууну талап кылууга; 

6) банктык холдингдик компания боюнча - банктын капиталына чектүү катышууга уруксатын жокко чыгарууга жана акциялардын тиешелүү топтомун сатууну талап кылууга; 

7) банктын башкы компаниясынын туунду компаниясы боюнча - банктык холдингдик компаниянын туунду компанияны же болбосо банкты контролдоону токтотушун талап кылууга; 

8) банктын олуттуу катышуучусу болуп саналган компаниялар боюнча - банктын капиталында чектүү катышуу уруксатын жокко чыгарууга жана банкка олуттуу катышууну токтотууну талап кылууга; 

9) банктын олуттуу катышуучулары тарабынан контролдукка алынган юридикалык жактар боюнча - банктын олуттуу катышуучу укугуна берилген уруксатты жокко чыгарууга жана банкка олуттуу катышууну токтотууну талап кылууга. Улуттук банктын талаптары - Улуттук банктын жазма буйруктары же Улуттук банк менен банктын аффилирленген жагы ортосундагы кат жүзүндөгү келишим формасында болууга тийиш. 

68. 67-пункттун 3-9-пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларда акциялар боюнча добуштар банк акционерлеринин жыйын кворумун эсептөөдө жана чечим кабыл алууда эске алынбайт. Эгерде мындай акциялар боюнча добуштардын саны тиешелүү чечимдин кабыл алынышына таасир этсе, буга чейин кабыл алынган бардык чечимдер жараксыз деп эсептелет. Кемчиликтерге жол берген жак Улуттук банктын талабы боюнча акциялардын тиешелүү топтомун белгиленген мөөнөт ичинде аны менен байланыштуу болбогон жактарга сатууга милдеттүү. Андай болбогон учурда, Улуттук банк ошол жактын акцияларын мажбурлап ажыратып алуу жөнүндө арызы менен сотко кайрылат. 

69. 67-пункттун 1, 2, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларда, эгерде бүтүмдөр Улуттук банктын талаптарын бузуу менен ишке ашырылган болсо, анда мындай бүтүмдөр жараксыз болуп саналат. Улуттук банк мындай бүтүмдү жараксыз катары таануу талабы менен сотко кайрылууга укуктуу. 

10-глава. Финансы секторунун көзөмөл органдары ортосунда өз ара иш алып баруу 

70. Эгерде, банктык топтун бир бөлүгү болгон компания башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан көзөмөлдүккө алынса же жөнгө салынууга тийиш болсо, Улуттук банк жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган банктык топтун ишин ар тараптуу жөнгө салуу жана аны көзөмөлдөө максатында кызматташууга тийиш. 

71. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган колдо болгон жана банктык топко же анын кайсы болбосун катышуучусуна тиешелүү маалыматтарды Улуттук банкка берет: 

- банктык топтун түзүмүн, контролдоочу адамдарды, кызмат адамдарын аныктоого мүмкүндүк берген; 

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жактыруусун же ага билдирүүнү талап кылган, банктык топтун кайсы болбосун катышуучусунун ээлик кылуу түзүмүндөгү, тескөө ишиндеги же уюштуруу түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө

- банктык топтун же банктык топтун катышуучусунун иши жана иш алып баруу саясаты жөнүндө

- банктык топтун жана анын катышуучуларынын финансылык абалы жөнүндө (мында капитал шайкештигине, жалпы кызыкчылыкка ээ адамдар менен ишке ашырылган операцияларга, ички тобокелдиктер тобуна жана алынуучу пайдага өзгөчө көңүл буруу зарыл); 

- банктык топтун же анын катышуучуларынын ички контролдук системасынын уюштурулушу, тобокелдикти тескөө иши жөнүндө

- банктык топтун катышуучуларынын башкаруу органдарынан маалыматтарды топтоо жол-жобосу жана алынган маалыматты текшерүү жөнүндө

- банктын - банктык топтун катышуучуларынын ишине олуттуу таасир эте турган банктык топтун ичинде же анын катышуучуларында орун алган жагдайлар, жүргүзүлгөн операциялар, келишилген бүтүмдөр жөнүндө

- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын банктык топтун катышуучуларына карата көргөн чаралар жана санкциялар жөнүндө

- натыйжалуу банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтар. 

72. Улуттук банк консолидацияланган негизде көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу максатында, ошол ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын отчетторун жана башка материалдарын талап кылууга укуктуу. Ошондой эле ал, эгерде башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда Улуттук банкка зарыл болгон маалымат жок болсо же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сунушталган маалымат Улуттук банктын пикири боюнча жетишсиз болсо, банктык топтун катышуучуларынын ишине инспектирлөөнү жүргүзүүгө укуктуу. Көрсөтүлгөн компаниялар жана анын кызмат адамдары Улуттук банк өз ыйгарым укуктарын банктан же алардын кызмат адамдарынан кандайча талап кылынса, ошол деңгээлде жүзөгө ашыруусуна колдоо көрсөтүүсүнө жана ага тоскоолдук кылбоого милдеттүү

73. Банктык топтун ишин ар тараптуу жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында, орун алган өлкө менен кабыл алган өлкөнүн көзөмөл органдарынын ортосунда консолидацияланган негизде кызматташуу жөнүндө меморандум түзүлүшү мүмкүн.