Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2010-жылдын 29-декабрындагы 

№ 96/2 токтому менен 

бекитилген 

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында, коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 55/9, 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1, 2013-жылдын 10-апрелиндеги № 11/2, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. Жобо коммерциялык банктарда, анын ичинде ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан жана ислам терезесине ээ банктарда, депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компанияларда, «Кредиттик союздардын финансы компаниясы» ААКсында, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Өнүктүрүү банкында (мындан ары - банктар) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы иш-аракеттерди көрүү максатында иштелип чыккан. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы иш-аракеттерди көрүү максатында, ички контролдукту уюштуруу маселелери боюнча банктардын ишине инспекциялоо жүргүзүп, анын натыйжалары тууралуу маалыматты бул багытта иш алып барышкан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2013-жылдын 10-апрелиндеги N11/2, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3. (КР Улуттук банк Башкармасынын2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготкон) 

2. Түшүнүктөр жана аныктамалар 

4. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр колдонулат: 

Бенефициардык менчик ээси (пайдага ээ болуучу) - бул: 

- акча каражаттарына же мүлккө менчик укугуна ээ болгон жана анын атынан жана/же эсебинен кардар тарабынан акча каражаттары же мүлк менен ишке ашырылган операция (бүтүм) жана/же 

- ошол жак менен кардар ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык кардардын акча каражаттары же мүлк менен операцияларды (бүтүмдөрдү) ишке ашыруусуна тике же кыйыр түрдө таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жана/же 

- же түпкүлүгүндө келип анын пайдасына акча каражаттары же мүлк менен операция (бүтүм) ишке ашырылган жак (адам). 

Шектүү операция (бүтүм) - "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого" Мыйзамга ылайык, шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилерине туура келген операциялар (бүтүмдөр), башкача айтканда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан бекитилген шектүү операциялардын белгилеринин тизмесине ылайык ачык экономикалык же шексиз мыйзамдуу максаттарга ээ болбогон акча каражаттары же башка мүлк менен ишке ашырылуучу жана ошол юридикалык жак (жактар) же жеке адамдар үчүн мүнөздүү болбогон операциялар (бүтүмдөр). 

Шектүү операция (бүтүм) - "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамдын чегинде кардардын жана пайда алуучунун акча каражаттары же башка мүлкү менен жүргүзүлүүчү операциялар үчүн терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы тарабынан аныкталат. 

Ички контролдук - банк тарабынан милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) жана шектүү операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого түздөн-түз байланыштуу акча каражаттары же мүлк менен ишке ашырылган башка операцияларга (бүтүмдөргө) бөгөт коюу боюнча саясаттардын жана жол-жоболордун иштелип чыгышын жана ишке ашырылышын жана иштердин уюштурулушун камтыган, чаралардын жыйындысы. 

"Экстремисттик иш" түшүнүгү - Кыргыз Республикасынын "Экстремисттик иштерге каршы аракеттер жөнүндө" Мыйзамынын түшүндүрмө аппаратындагы нормаларга шайкеш келет. 

Идентификация - жогоруда аталган Мыйзамга ылайык, жеке адамдар же юридикалык жактар тарабынан берилген документтердин түп нускаларынын же тиешелүү деңгээлде Тастыкталган алардын көчүрмөлөрүнүн негизинде маалыматтардын банк тарабынан белгилениши. 

Верификация - ушул жобонун максатында ички контролдук максатында, банк тарабынан идентификациялоонун натыйжаларын тактоо же тиешелүү текшерүүдөн өткөрүү, ошондой эле кардарлар тарабынан ишке ашырылган операцияларды алардын ишкердик профилине ылайык келиши көз карашынан жана банктык жазууларды, алсак, алгачкы жана башка документтер менен салыштыруу аркылуу тууралыгын контролдоону кошо алганда, бирок муну менен гана чектелип калбастан, аларга тиешелүү түрдө туруктуу контролдукту жүргүзүү боюнча иш-чаралар. 

Милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон операцияларды табуу (аныктоо) - бул, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген критерийлердин жана белгилердин негизинде милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон операциялардын аныктамаларын камтыган, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттерди жүргүзүү максатында банктын ички контролдугун уюштуруу этабы. 

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы - маалыматтарды идентификациялоого, аныктоого, белгилөөгө (фиксациялоого) жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө тиешелүү бардык маалыматтарды алууга укугу бар, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттер боюнча ички контролдукту уюштуруу максатында дайындалуучу (комплаенс-контролдук кызматынын жетекчисинин деңгээлинде) банк кызматкери. 

Чектүү сумма - "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында коммерциялык банктарда ички контролдуктун жөнгө салынышына карата минималдуу талаптар жөнүндө" Мыйзамында белгиленген 1000000 сом өлчөмүндөгү операциялардын (бүтүмдөрдүн) суммасы (же операция иш-аракеттерге ашырылган (бүтүм келишилген) күнгө карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча эсептелинген чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү суммасы), бул операция көрсөтүлгөн суммага барабар же андан ашкан учурда "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамга жана ушул жобого ылайык милдеттүү түрдө ички контролдукка алынат. 

Саясий маанидеги кызматты ээлеген чет өлкөлүк адам - чет мамлекетте олуттуу мамлекеттик жана саясий функцияларды аткаруу сунушталган же аларга ыйгарылган чет мамлекеттин жарандары, (мамлекет же өкмөт башчылары, жогорку даражадагы саясий ишмерлер, өкмөттө, соттордо, куралдуу күчтөрдө, укук коргоо жана фискалдык органдарда жогорку кызматты ээлеген адамдар, саясий партиялардын жана диний бирикмелердин жетекчилери жана ишмерлери) анын ичинде мурда иштеп кеткендер. 

Ислам банкы», ««Ислам терезесине» ээ банк», «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери», «Шариат стандарттары», «Шариат кеңеши» - бул терминдер Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын түшүндүрмө нормаларына шайкеш келет. 

Бул чөйрөдө колдонулуучу бардык башка түшүнүктөр, ушул главада берилген негизги түшүнүктөргө каршы келбөөгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2013-жылдын 10-апрелиндеги № 11/2, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3. Банктын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына бөгөт коюу жагында аткарган иши 

5. Банктын, анын туунду жана караштуу компанияларын эске алганда, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына бөгөт коюу жагында аткарган иши төмөнкү компоненттерди камтыйт: 

1) банктын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүүсү боюнча ички контролдуктун уюштурулушу; 

2) банктын ички аудит кызматы тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча ички контролдуктун натыйжалуулугуна баа берилиши; 

3) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамын жана ал иштен бошоп кеткен учурда анын милдетин аткаруучу адамды дайындоо (кадрлар резерви); 

4) банктын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча саясатты ишке ашырууга катышкан кызматкерлерин окутуу. 

6. Директорлор кеңеши Банк Башкармасы менен биргеликте банктын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жагында ишинин шайкештигин жана натыйжалуулугун камсыз кылууга, ошондой эле банк тарабынан шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына жол берилбешине жоопкерчиликтүү болушат. 

7. Банк Башкармасы, банктык эсептерди ачуу(анын ичинде жана бенефициардык менчик ээсин (пайдага ээ болуучуну) аныктоо), эсептер боюнча операцияларды жүргүзүү, кардарлар (эсеп ээлери) жана аманатчылар менен түзүлгөн келишимдерди бузууга тиешелүү талаптарды кошо алганда, ички контролдуктун натыйжалуу камсыз кылынышына жана "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамдын талаптарын сактоо боюнча чаралардын жүзөгө ашырылышына жооп берет. 

Банк Башкармасы банктын шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды жүргүзүүсүнө жол бербөө максатында, тиешелүү чараларды кабыл алууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы N 55/9, 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

4. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча ички контролдукту жана ички контролдук саясатын уюштуруу 

8. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү максатындагы ички контролдук, банкта кеминде төмөнкү иш-чаралардын жүргүзүлүшүн түшүндүрөт: 

- кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү, шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды ишке ашыруу максатында, пайдалануу тобокелдигине кыйла дуушар болгон кардарларды жана алардын операцияларын идентификациялоо жана верификациялоо; 

- бенефициардык менчик ээсин (пайдага ээ болуучуну) аныктоо; 

- кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү, шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды ишке ашыруу максатында, пайдалануу тобокелдигине кыйла дуушар болгон банктын бардык банк продуктулары жана кызмат көрсөтүүлөрү боюнча операцияларын идентификациялоо жана верификациялоо; 

- кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча саясаттарды, жол-жоболорду колдонууга киргизүү жана иштерди уюштуруу; 

- банкта анын иши жөнүндө так жана толук маалыматты ыкчам берүүнү камсыз кылган маалыматтык системаны колдонууга киргизүү

- Банк Башкармасынын жана Директорлор кеңешинин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча ишти уюштурууда орун алган кемчиликтер жана көйгөйлөр жана аларды четтетүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле банктын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын жүргүзүүсүнө тыюу салуу максатында көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдалышы; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга банк тарабынан маалыматтардын жана билдирүүлөрдүн берилишин камсыз кылуу; 

- кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын банк тарабынан сакталышын туруктуу камсыз кылынышына контролдукту белгилөө жана мониторинг жүргүзүү

- иши жогорку тобоккелдикке дуушар болгон банк кызматкерлерине (кассирлер, кредиттик инспекторлор, банктын операциялык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери ж.б.) контролдук кылуу, банктын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызматтык нускоолорунда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча саясатты ишке ашыруу жагында функцияларын жана милдеттерин чагылдыруу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү максатында, банктар ички контролдукту уюштуруу саясатын иштеп чыгуусу зарыл жана аны банктын Директорлор кеңеши бекитүүгө тийиш. Бул саясат банктын ички контролдук системасын уюштуруунун жалпы саясатынын бир бөлүгү болуп саналат. 

9-1. Банктар, ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органдын банктык мыйзамдарга жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына каршы келбеген талаптарын эске алуу менен кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү боюнча ички контролдук чараларын иштеп чыгуулары зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы N 55/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

10. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү максатында ички контролдукту уюштуруу саясатында банк тарабынан кеминде төмөнкүлөр белгилене тургандыгы аныкталууга тийиш: 

1) чечимдерди кабыл алуу боюнча кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчиликтерин белгилеген ички контролдукту уюштуруу тартиби, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү процессине тартылган адамдар менен бөлүмдөрдүн өз ара аракеттенүү жана отчет берүү тартиби; 

2) жеке адамдардын жана юридикалык жактардын террористтик жана экстремисттик иште же массалык жок кылуу куралдарын жайылтууга катышкандыгы тууралуу так маалыматтар болгон шартта, алардын операцияларын токтотуу тартиби; 

3) банк тарабынан өз кардарын, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин (пайдага ээ болуучуну) аныктоо "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамга, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык идентификациялоо, верификациялоо жана текшерүү тартиби; 

4) кардардын ишинде милдеттүү түрдө контролдукка алынуучу операцияларды аныктоо жана "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамга ылайык кардар жана/же кардар тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоону ишке ашырууда операциялардын негиздүүлүгүн тастыктоо же шектенүүнү жокко чыгаруу боюнча кардардын операциялары тууралуу маалыматтарды текшерүү тартиби; 

5) кардардын ишинде шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды, кардардын анын негиздүүлүгүн тастыктоосу же мындай операцияларды жүзөгө ашырууда шектенүүлөрдү четке кагуусу үчүн аныктоо тартиби; 

6) потенциалдуу кардарлардын жана банк-корреспонденттердин эсеп ачуусуна баш тартуу үчүн, ошондой эле кардарлардын эсептерин тейлөөнү жана банктар менен корреспонденттик мамилелерди токтотуу тартиби жана ага негиздеме; 

7) ички контролдукту жүзөгө ашыруу учурунда алынган маалыматтарды документ түрүндө белгилөө, ошондон эле аны сактоо жана купуялуулугун камсыз кылуу тартиби; 

8) шектүү операциялар (бүтүмдөр), ошондой эле Кыргыз Республикасынын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык операциялар (бүтүмдөр), милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон критерийлердин тизмесине туура келген акча каражаттары же башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк менен операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуштоо тартиби. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

11. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү максатында ички контролдук саясаты, банктын кардарларынан, анын негизинде шектүү операциялардын (бүтүмдөрдүн) белгилери боюнча текшерүүгө тийиш болгон операциялар жүзөгө ашырылчу документтерди милдеттүү түрдө талап кылуу боюнча талаптарды камтууга тийиш. 

12. Банктын ички документтеринде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамын даярдоо жана аны окутуу тартиби каралууга тийиш. 

13. Банк тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө жайгашкан туунду жана караштуу компаниялар тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү максатында ички контролдукту уюштуруу боюнча тиешелүү чаралардын сакталышын камсыз кылынуусу зарыл. 

5. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча ички контролдуктун натыйжалуулугуна банктын ички аудит кызматы тарабынан баа берилиши 

14. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү максатында ички контролдуктун натыйжалуулугуна баа берүү, банктын ички аудит кызматы тарабынан жылына бир жолудан кем эмес же андан көбүрөөк, банк операцияларында орун алган тобокелдиктердин деңгээлине жана банк ишинин көрсөткүчтөрүнүн динамикасына жараша жүзөгө ашырылат. 

15. Ички аудит кызматы кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү максатында ички контролдуктун натыйжалуулугуна баа берүү учурунда, кеминде, төмөндөгүлөрдү жүргүзөт: 

- банктын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча саясатын, жол-жоболорун жана ишин уюштурууну кошо алганда, ички контролдуктун уюштурулушунун натыйжалуулугуна баа берүү

- банк тарабынан кабыл алынган тобокелдиктердин деңгээлин аныктоо методологиясына баа берүү

- кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын ал тарабынан колдонулуучу программалык камсыздоолорду кошо алганда ишин, анын ичинде банктын саясаттарына жана жол-жоболоруна шайкештигине карата тандап тестирлөө

- банктын жетекчилиги, Банк Башкармасы жана Директорлор кеңеши тарабынан колдонулган, банктын ички аудит кызматы, тышкы аудит, Улуттук банк же кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлгөн мурдагы текшерүүлөрдө аныкталган бузууларды четтетүү боюнча чараларга баа берүү

- программалык камсыздоону кошо алганда, ички контролдуктун кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча операцияларды, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды аныктоонун натыйжалуулук деңгээлине баа берүү

- кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын Банк Башкармасына макулдашуу менен Директорлор кеңешине сунушталчу отчеттордун шайкештигин жана алардын Улуттук банктын минималдуу талаптарына туура келе тургандыгын текшерүү

- кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамынын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча саясатты ишке ашырууга катышкан банк кызматкерлерин окутуу үчүн программаларынын ылайыктуулугун текшерүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Ички аудитордун кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында ички контролдуктун натыйжалуулугуна баа берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчету, аныкталган бузууларды четтетүү жана аларга андан ары жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуу үчүн Директорлор кеңешине берилет. 

6. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча ички контролду уюштуруу максатында дайындалуучу кызмат адамы 

17. Банкта ички контролдук саясатын, тиешелүү жол-жоболорду, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча башка ички уюштуруу чараларын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу максатында, Директорлор кеңеши ага отчет бере турган кызмат адамын (мындан ары - кызмат адамы) дайындайт жана анын иш шартынын натыйжалуу уюштурулушун камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алат. 

18. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү максатында кызмат адамы төмөнкү функцияларды аткарат: 

- банк Башкармасынын макулдугу менен ички контролдуктун тиешелүү саясатын иштеп чыгат жана аны Директорлор кеңешине бекитүүгө берет, бул саясат менен аны жүзөгө ашырууга катышып жаткан бардык кызматкерлерди тааныштырат; 

- ички контролдук саясатын жүзөгө ашырууну камсыз кылат жана бул саясатка ылайык кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча банктын ички ченемдик документтерин аткаруунун мониторингин ишке ашырат; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген талаптарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды жана билдирүүлөрдү берүүнү камсыз кылат; 

- эгерде алардын террористтик жана экстремисттик иш-аракеттерге же массалык жок кылуу куралдарын жайылтууга катыштыгы бар экендиги тууралуу так маалымат болгон болсо, анда жеке адамдардын жана юридикалык жактардын операцияларын (бүтүмдөрүн) токтотуу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн маалыматты банк Башкармасына сунуштайт; 

- Улуттук банктын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө маалыматтарды берет жана алардын бул Жобо жана банктын ички документтери тарабынан анын компетенциясына чегерилген маселелер боюнча банктын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүсүнө өбөлгө түзөт; 

- окууларды уюштурат жана банктын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча саясатты жүзөгө ашырууга катышкан кызматкерлерине консультацияларды берет; 

- зарыл болгон учурда, бирок чейректе бир жолудан кем эмес жолу Банк Башкармасынын макулдугу менен ички контролдук саясатын жүзөгө ашыруунун жыйынтыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү отчетту банктын ички документтеринде аныкталган тартипте Директорлор кеңешинин кароосуна сунуштайт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Кызмат адамы өз функцияларын ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу: 

- банктын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен жана кызматкерлеринен зарыл болгон документтерди, анын ичинде банктын жана анын бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан чыгарылган буйруктарды жана башка башка буйруу документтерин, бухгалтердик жана акча-эсептешүү документтерин алууга; 

- кардар тарабынан, бенефициардык менчик ээси (пайдага ээ болуучу) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого ишке ашыруунун негиздемесин тастыктоо же шектенүүнү жокко чыгаруу үчүн кардар жана/же ал операция жөнүндө кошумча маалыматты алуу демилгесин коюуга; 

- алынган документтердин көчүрмөсүн, анын ичинде электрондук документтердин көчүрмөсүн алууга; 

- зарыл болгон учурда банктын Директорлор кеңешине кайрылууга; 

- Шариат кеңеши менен өз ара аракеттенүү жана ага кайрылып туруу(*). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Кызмат адамы өз функцияларын ишке ашырууда төмөнкүлөргө милдеттүү

- банктын тиешелүү бөлүмдөрүнөн алынган документтердин сакталышын жана алардын кайтарылып берилишин камсыз кылууга; 

- өз функцияларын ишке ашырууда алынган маалыматтын купуялуулугун сактоого. 

- эгерде, жеке адамдардын же юридикалык жактардын террористтик жана экстремисттик иш-аракеттерге же массалык жок кылуу куралдарын жайылтууга катыштыгы тууралуу так маалыматтар болгон болсо, алардын операцияларын (бүтүмдөрүн) кардардын аны жүзөгө ашыруу жөнүндөгү буйруусу аткарылууга тийиш болгон күндөн тартып, үч жумуш күнүнө токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматтарды Банк Башкармасына милдеттүү түрдө сунуштоого, ал эми операция токтотулган күндөн кечиктирбестен, бул тууралуу маалыматты ыйгарым укуктуу органга милдеттүү түрдө берүүгө жана андан-аркы иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уюштурууга. 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

21. Кызмат адамы банктын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча саясатын жүзөгө ашырууда көз карандысыз болууга тийиш жана бул Жобого ылайык төмөндө көрсөтүлгөн функциялардан тышкары, анын компетенциясына тиешелүү ишти башка функцияларды ишке ашыруу менен айкалыштыра алат: 

- ички аудит кызматынын кызматкеринин; 

- операциялык ишти жүзөгө ашыруучу кызматкердин; 

- аткарып жаткан учурда анын көз карандысыздыгы камсыз кылынбаган ишти жүзөгө ашырган кызматкердин. 

22. Кызмат адамына төмөнкү минималдуу квалификациялык талаптар коюлат: 

- жогорку экономикалык же юридикалык билиминин болуусу; 

- кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү маселеси боюнча мыйзамдарды билүүсү

- финансы-кредит уюмдар негизги иши менен байланышкан бөлүмдөрдөгү жалпы алганда үч жылдан кем эмес эмгек стажы; 

- банк продуктуларын, операцияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, кардарлардын операцияларын жана банк иши үчүн мүнөздүү болгон кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча тобокелдиктерди так түшүнө билүүсү

- соттолбогон болууга тийиш; 

- ислам банк иши жана каржылоо жагында билим деңгээли(*). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

23. Кызмат адамын окутуу (кайра даярдоо) жылына бир жолудан кем эмес үзгүлтүксүз негизде ишке ашырылууга тийиш. 

24. Кызмат адамынын, Банк Башкармасынын жана Директорлор кеңешинин жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган негиздерде гана келип чыгат. 

25. Кызмат адамынын Банк Башкармасы менен макулдашылган жана Директорлор кеңешине сунушталган жазуу жүзүндөгү отчету, отчеттук мезгил ичиндеги жана зарылчылыгына жараша башка мезгилдеги кеминде төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш: 

1) кардарларды идентификациялоо, верификациялоо жана алардын абалын иликтөө, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин (пайдага ээ болуучуну) аныктоо боюнча талаптардын аткарылышына контролдуктун натыйжаларын; 

2) банк кардарларынын төмөнкүлөргө тиешелүү маалыматтарды камтыган, шектүү операциялардын бүтүмдөрдүн) белгилери бар операцияларды табуу максатында жүргүзгөн операцияларына иликтөөлөрдүн натыйжалары: 

- кардарлардын эсептери (кардарлардын колдонуудагы эсептери, банк кызматкерлеринин эсептери) боюнча олуттуу динамикага; 

- эң ири суммадагы операцияларга; 

- чет өлкө валюталарын сатып алууга же аларды кардарларга чектүү суммадан ашкан суммада сатууга; 

- кардарлардын суммалары анкетада көрсөтүлгөн жүгүртүүлөрдөн олуттуу ашкан операцияларына; 

- накталай каражаттар менен операцияларга (каражаттарды нак акчага айландыруу, активдер менен алмашуу, банктын адистештирилген аралыкта орнотулган жабдуулары аркылуу банктык эсепти толтуруу үчүн нак акчаларды салуу); 

- кредиттерди берүү жана депозиттерди (мөөнөттүү) кабыл алуу боюнча операцияларга; 

- гарантиялар, аккредитивдер жана башка шарттуу милдеттенмелер менен операцияларга; 

- акча которуулар системасы боюнча, ошондой эле SWIFT системасы (же банктарда негизги катары саналуучу башка системалар) аркылуу эсеп ачуусуз эле которууларга; 

- кардардын жана банктын баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу боюнча операцияларына; 

- башка өлкөлөрдө жайгашкан банктын кардарларынын акча каражаттарынын кыймылы; 

3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык сунушталгандыгы жөнүндө

4) операцияларды токтотуу үчүн негиздемелерди чагылдыруу менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) токтотулгандыгы, бул тууралуу маалыматтын ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органга берилгендиги жана мыйзамга ылайык аларда аркы аткарылчу иштер жөнүндө

5) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү максатында ички контролдукту уюштуруу боюнча чаралардын банктын Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө жайгашкан туунду жана караштуу компаниялары тарабынан сакталышы жөнүндө

6) банктын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча мыйзамынын жана анын ички ченемдик документтеринин банк саясатына ылайык аткарылышынын, аны бузууга жол берилишинин жана ал боюнча көрүлгөн чаралардын мониторинги жөнүндө

7) кызмат адамынын Директорлор кеңешине берилген мурунку отчетторунда белгиленген бузууларды четтетүү боюнча аткарылган иштердин натыйжалары жөнүндө маалыматтарды; 

8) кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча саясаты ишке ашырууга катышкан кызматкерлердин ишинин натыйжалары, аларды окутуу жана консультацияларды берүү боюнча көрүлгөн чаралар; 

9) төмөнкүлөр боюнча аналитикалык маалыматтарды: 

- кардарлардын мүмкүн болуучу өз ара байланышы; 

- банк корреспонденттер; 

- кардарлар менен келишим боюнча мүлктү ишеним боюнча тескөө (траст) операциялары; 

- жаңы банктык продуктуларды жана технологияларды жайылтуу жана алардын жайылтылышына байланыштуу келип чыккан тобокелдиктер. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы N 55/9, 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

26. Кызмат адамынын жазуу жүзүндөгү отчетун кароого алуунун жыйынтыгы боюнча Директорлор кеңеши кызмат адамынын жана Банк Башкармасынын ишине отчетто белгиленген бузууларды четтетүү жана мындан ары кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча саясатта бузууларга жол бербөө боюнча чараларды кабыл алууга тиешелүү контролдукту белгилейт. 

7. Кардар тарабынан кылмыш жолу менен алынган жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгисин камтыган операцияларды ишке ашыруу учурунда орун алган тобокелдиктин деңгээлин аныктоо 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

27. Банк кардарларын идентификациялоо жана алардын абалын иликтөө процесси өзүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды эске алуу менен кардардын кылмыш жолу менен алынган жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоону ишке ашыруу тобокелдигинин деңгээлин аныктоону камтыйт. Тобокелдиктин деңгээлин аныктоо үчүн минимум катары кардардын ишинин түрүн жана кардардын (келип чыгуусун) жана/же анын бизнесинин жайгашкан ордун, ошондой эле ал тарабынан ишке ашырылган операцияларды, сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдү жана кардардын төлөм багытын көңүлгө алуу зарыл. 

28. Банк, кыйла жогорку тобокелдикке дуушар болгон кардарлар категориясына кирген кардарларга өзгөчө көңүл буруп, ага карата таасирдүү контролдукту жүзөгө ашырууга тийиш. Кылмыш жолу менен алынган жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоону ишке ашырууда жана шектүү операциялардын белгисин камтыган операцияларды жүргүзүүдө кардардын жогорку тобокелдикке дуушар болгон ишмердүүлүк түрлөрүнө төмөнкүлөр киргизилиши мүмкүн: 

- кредиттик уюм болуп саналбаган, акча каражаттарын которуу, чектер боюнча нак формадагы төлөмдөр, акча каражаттарынын инкассациясы менен иш алып барган юридикалык жактардын (алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн) иши; 

- оффшордук зоналарда катталган юридикалык жактардын (анын ичинде кредиттик уюмдардын), алардын өзгөчөлөнгөн бөлүмдөрүнүн, туунду жана караштуу коомдорунун ишмердүүлүгү

- кардарлардын - резидент эместердин, анын ичинде саясий мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдардын иши; 

- оюн-зоок бизнеси (продукцияларды сатуу (товарларды, жумуштарды, кызматтарды) болуп эсептелбеген, оюн-зоок жайларынан (казино, тотализатор, букмекердик контора, оюн автоматтар залы жана башка оюн-зоок үйлөрү (жайлар)) утуш түрүндөгү кумар оюндарына катышуудан жана аларды өткөрүү үчүн төлөмдөн киреше алуу менен байланышкан ишкердүүлүк иши); 

- сатуу, анын ичинде искусство жана антиквариат буюмдарын арзандатылган баада сатуу менен байланышкан ишмердүүлүк; 

- баалуу металлдар, асыл таштар, ошондой эле баалуу металлдарды жана асыл таштарды камтыган зер буюмдары менен соода кылуу (өзгөчө экспорт); 

- операцияларды накталай формада (ири соода комплекстери, май куюучу станциялар ж.б.) жүзөгө ашырышкан юридикалык жактардын ишкердүүлүктөрү

- брокерлердин жана дилерлердин операцияларын (баалуу кагаздарды, чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу) жүзөгө ашырышкан жеке адамдардын жана юридикалык жактардын ишкердүүлүктөрү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

29. Кылмыш жолу менен алынган жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого ишке ашыруунун жогорку тобокелдигине дуушар болгон мамлекеттерге (аймактарга) төмөнкүлөр камтылышы мүмкүн: 

- алардын тизмеси Борбордук банк жана башка көзөмөл органдары менен бирдикте мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген, ФАТФнын сунуштамаларын колдонушпаган же жетиштүү эмес деңгээлде колдонушкан мамлекеттер (аймактар); 

- кылмыш жолу менен алынган жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган эл аралык уюмдар тарабынан бекитилген тизмелердин негизинде, алардын тизмеси Борбордук банкка макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген, финансылык операцияларды жүргүзүүдө маалыматтарды ачып берүү же аларды берүү каралбаган мамлекеттер (аймактар). 

30. Идентификациялоого, верификациялоого жана кардардын абалын иликтөөгө мүмкүндүк берген бардык маалыматтын жана документтердин негизинде банк тарабынан кардардын мүмкүн болуучу кылмыш жолу менен алынган жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоону ишке ашыруу тобокелдигинин деңгээли бааланат. Анын бааланышы тууралуу тыянак кардар жөнүндө маалыматтарга тиркелет. 

31. Банк, кылмыш жолу менен алынган жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоодо жана шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды жүргүзүүдө олуттуу тобокелдикке дуушар болгон банктын операцияларына өзгөчө деңгээлде көңүл буруп, аларга карата таасирдүү контролдукту күчөтүүсү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

32. Саясий мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдарды тейлөөдө банк төмөнкү иш-чараларды жүргүзүүгө тийиш: 

- саясий мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдар менен мамиле түзүүгө чейин Директорлор кеңешинен кат жүзүндө уруксат алуу; 

- саясий мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдардын акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү

- саясий мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдар тууралуу маалыматтарды туруктуу негизде жаңылап туруу; 

- саясий мааниге ээ кызматтарды ээлешкен чет өлкөлүк адамдар, алардын жубайы жана жакын туугандары тарабынан акча каражаттары же мүлк менен жүргүзгөн операцияларга (бүтүмдөргө) "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамга ылайык олуттуу көңүл буруу. 

33. Банк кардар тарабынан кылмыш жолу менен алынган жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоону ишке ашыруу тобокелдигин жогорку катары баалаган учурда, идентификациялоонун, верификациялоонун жана кардардын абалын иликтөөнүн, ошондой эле бенефициардык менчик ээсин (пайдага ээ болуучуну) аныктоо натыйжасында алынган маалыматтарды жылына бир жолудан кем эмес, башка учурларда үч жылда бир жолудан кем эмес жаңыртып турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

34. Банкта операциялардын кардар менен түздөн-түз байланышуусуз ишке ашырылган операциялар (бүтүмдөр) жүзөгө ашырылышын болжолдогон жаңы технологиялардын (банктык продуктылардын) колдонулушуна байланыштуу кылмыш жолу менен алынган жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого тобокелдигине тиешелүү деңгээлдеги контролдукту ишке ашыруу максатында иштелип чыккан бардык жол-жоболордун сакталышын камсыз кылынууга тийиш (мисалы, интернет-банкинг). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

35. Банк корреспонденттик мамилелерди түзүүдө, анын ичинде сурап алууну банк-корреспондентке жөнөтүү аркылуу, банк-корреспондент тарабынан анын кардарларын идентификациялоону, верификациялоону жана абалын иликтөөнү кошо алганда, алар тарабынан кылмыш жолу менен алынган жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоо, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча иш-чаралар ишке ашырылып жаткандыгын аныктоого тийиш. 

8. Милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон операцияларды (бүтүмдөрдү) аныктоо 

36. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоонун (адалдоонун) жүзөгө ашырылышынын мүмкүндүгүн күбөлөндүргөн, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген критерийлердин жана белгилердин орун алышы көз карашынан, кардарлардын ишине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби банк тарабынан аныкталууга тийиш. Мына ушул максаттарда банк кардарлар менен өзүнүн ишкердик мамилелерине туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп турат жана аларда төмөнкү иш чаралар камтылууга тийиш: 

- кардардын иши ошол кардар, анын бизнеси жана кардар дуушар болушу мүмкүн болгон тобокелдик деңгээлине тиешелүү банктын колундагы маалыматтарга ылайык келээрине ынануу үчүн кардардын эсеби боюнча жүргүзүлгөн операцияларга көз салып туруу; 

- зарылчылык келип чыккан шартта, кардар эсебине келип түшкөн акча каражаттары кайдан алынгандыгын териштирүү

- ачык-айкын экономикалык жана мыйзамдык максаттарды көздөбөгөн бардык татаал же адаттагыдан башкача ири операцияларга анализдөөлөрдү жүргүзүү

- банкка келип түшкөн бардык маалыматтарды документ катары түзүп, каттоо жана зарылчылык келип чыккан шартта, бул маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга берүү

37. Акча каражаттары же башка мүлк менен болгон операция (бүтүм), эгер анын суммасы чектүү сумма өлчөмүндө жүргүзүлүп жатса, ага барабар же андан жогору болсо, ал милдеттүү контролдукка алынууга тийиш. 

38. "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган, милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон акча каражаттары же мүлк менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеси, ушул Жобого кошо тиркелген 1-тиркемеде келтирилген. Ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тизмеге кирбеген операциялар да милдеттүү түрдө контролдукка алынууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы N 55/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

39. Банк тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн жана операциялардын жаңы түрлөрү жүзөгө ашырылып башталганга чейин, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында, ошол кызмат көрсөтүүлөргө жана операцияларга тиешелүү мүмкүн болуучу бардык тобокелдиктер аныкталып, баа берилүүгө тийиш. 

40. Банк, кардардын, бенефициардык менчик ээсинин (пайдага ээ болуучунун) террористтик иштерге катышкандыгы жөнүндө маалыматтарды текшерүү максатында, зарыл чараларды көрүүсү зарыл. Көрсөтүлгөн маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген, террористтик жана экстремисттик иш-аракеттерге же массалык жок кылуу куралдарын жайылтууга катыштыгы бар жеке адамдардын жана юридикалык жактардын тизмесинде камтылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

41. Банктын кардарларды идентификациялоону жүзөгө ашырышкан жана шектүү операциялардын белгилерин камтыган операцияларды аныктаган түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, банктын саясаты жана жол-жоболору менен белгиленген тартипке ылайык, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого, ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамына шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялар табылган бардык жагдайлар жөнүндө маалымдоого тийиш. 

42. Шектенүүлөр негизделген учурда кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы андан аркы аракеттер боюнча сунуш-көрсөтмө менен кардар жана операция (бүтүм) жөнүндө маалыматты, анын ичинде бенефициардык менчик ээси (пайдага ээ болуучу) Башкарманын кароосуна алып чыгат. Банк Башкармасы "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамына ылайык андан аркы аракеттерди өз убагында ишке ашыруу, анын ичинде операцияны (бүтүмдү) жүргүзүүнү токтотуп туруу жана/же кардар менен иштиктүү мамилени токтотуу үчүн жоопкерчилик тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

9. Текшерүүнүн жүрүшүндө табылган маалыматтарды белгилөө, сактоо жана мамлекеттик органга өткөрүп берүү 

(Аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

43. Текшерүүнүн жүрүшүндө алынган, кардардын операциялары (бүтүмдөрү) жөнүндө маалымат кардар тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоонун ишке ашырылышын тастыктоо же шектенүүнү жокко чыгаруу үчүн жетиштүү көлөмдө милдеттүү документалдык катталууга тийиш. 

44. Кардардын операциясын милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон операция катары аныктоодо шектенүүлөр тастыкталган шартта, Банк Башкармасы кардардын операциясын шектүү деп табуу жөнүндө акыркы чечим кабыл алат жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген маалыматтарды берүү тартибине ылайык ал жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымат берет. 

45. Банк Башкармасынын кардардын операциясынын шектүү катары табылбагандыгы жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ал жөнүндө маалыматтардын жөнөтүлбөгөндүгү жөнүндө чечими негизделүүгө жана протокол менен бекитилүүгө тийиш. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого ошондой эле шектүү операциялардын белгилерин камтыган операциялардын ишке ашырылышына каршы аракеттенүү боюнча кызмат адамы операциялардын жана кардар жөнүндө маалыматтардын кыскача түшүндүрмөлөрүн камтыган, Башкарманын мындай чечимдеринин реестрин жүргүзүүгө тийиш. 

46. Банк, "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Мыйзамга ылайык, кардарларга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берүү жөнүндө билдирүүгө укуктуу эмес. 

47. Кардар, анын ичинде иштиктүү кат алышуулар, ошондой эле бул Жобого ылайык текшерүүнүн жүрүшүндө алынган кардардын операциясы (бүтүмдөрү) жөнүндө билдирүүлөрдү камтыган маалыматтар бенефициардык менчик ээси (пайдага ээ болуучу) жана документтер банк менен кардардын ортосундагы мамилелер токтотулгандан кийин, беш жылдан кем эмес мөөнөткө сакталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 10-апрелиндеги N 11/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

 (*) өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банктарга тиешелүү

  

  

"Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында, коммерциялык банктарда ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" Жобого карата 

1-тиркеме 

"Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамына ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган, милдеттүү контролдукка алынууга тийиш болгон акча каражаттары же мүлк менен операциялардын (бүтүмдөрдүн) 

ТИЗМЕСИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 29-сентябрындагы N 55/9, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1) тизмеги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган операцияларды (бүтүмдөрдү) эске албаганда, бардык ички же тышкы операциялар (бүтүмдөр); 

2) накталай чет өлкө валюталарын сатып алуу же сатуу; 

3) жеке адам тарабынан накталай эсептешүү менен баалуу кагаздарды сатып алуу; 

4) бир нарктагы банкнотту башка нарктагы банкнотко алмаштыруу; 

5) кайрымдуулук, коомдук уюмдардын жана мекемелердин, фонддордун акча каражаттарынын кыймылы; 

6) баалуу кагаздарды, баалуу металлдарды, асыл таштарды же башка баалуулуктарды ломбарддарга коюу; 

7) жеке адам тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө же андан өмүрдү камсыздандыруу жана топтоо камсыздандыруусунун жана пенсиялык камсыз кылуунун башка түрлөрү боюнча камсыздандыруу сыйлыктарын алуу; 

8) ага жумшалган сумма 4500000 сомго барабар же андан ашкан кыймылсыз мүлктөр менен жүргүзүлгөн бүтүм; 

9) кыймылдуу мүлктөр менен жүргүзүлгөн бүтүм; 

10) финансы ижара (лизинг) келишими боюнча мүлктөрдү алуу же берүү

11) лотерея, тотализатор (өз ара пайда көрүү) же тобокелдикке негизденген башка оюндардан алынган утуш түрүндөгү акча каражаттарын төлөп берүү

12) кардардын тапшыруусу боюнча акча каражаттарын которууну финансы-кредиттик эмес уюм тарабынан жүзөгө ашыруу; 

13) мындай операцияларды эсепти ачуусуз эле жүзөгө ашырууга шарт түзгөн система боюнча акча каражаттарын которуу жана аларды алуу; 

14) жеке адамдын уюмдун уставдык капиталына акча каражаттарын накталай формада салышы; 

15) тараптарынын бири тиешелүү каттоодон өткөн, жашаган жери бар же финансылык операцияларды жүргүзүүдө маалыматтарды ачып көрсөтүү же берүү каралган өлкөдө жеке адам же юридикалык жак болсо, же болбосо тараптарынын бири көрсөтүлгөн мамлекетте (көрсөтүлгөн аймакта) катталган банктагы эсепке ээлик кылуучу адам болгон шартта, операциялар (бүтүмдөр); 

16) эгерде, жок дегенде, бул операцияларга (бүтүмдөргө) катышкан тараптардын бирөө, ага карата мыйзамдарда же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде белгиленген тартипте террористтик же экстремисттик иштерге катыштыгы бар экендиги жөнүндө маалыматтар бар жеке адам же юридикалык жак болгон шартта, акча каражаттары же мүлк менен жүргүзүлгөн операциялар (бүтүмдөр); 

17) шектүү операциялар (бүтүмдөр).