Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банкынын   

Көзөмөл боюнча комитетинин  

2014-жылдын 26-декабрындагы  

46/1 токтомуна карата  

2-тиркеме  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту толтуруусу боюнча 

УСУЛДУК КӨРСӨТМӨЛӨР 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. 36/1, 05.10.2017-ж. 37/3 токтомдору менен бекитилген, 08.02.2018-ж. №06/2, 02.07.2018 ж. №30/5 токтомдорунун редакциясында)  

 

I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

1. Бул усулдук көрсөтмөдө "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобого карата тиркемелердин төмөнкү бөлүктөрүн толтуруу тартибине түшүндүрмө берилет: 

1) титулдук барак; 

2) микрофинансылык компаниянын (мындан ары МФК) Директорлор кеңешинин, Башкармасынын, Шариат кеңешинин жана негизги уюштуруучуларынын (акционерлеринин) мүчөлөрү тууралуу маалыматтар; 

3) МФКнын айрым кызмат адамдары тууралуу маалымат; 

4) МФК жөнүндө базалык маалымат; 

5) "Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет" деп аталган 1-бөлүк; 

6) "Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет" деп аталган 2-бөлүк; 

7) "Капитал түзүмү" деп аталган 3-бөлүк; 

8) "Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер жөнүндө маалымат, активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо" деп аталган 4-бөлүк; 

9) "Кардарлардын суммалар жана төлөө мөөнөттөрү боюнча бөлүп көрсөтүлгөн эсептери" деп аталган 5-бөлүк; 

10) "Кирешелүүлүк чендеринин жана төлөө мөөнөттөрүнүн өзгөрүүсүнүн МФКнын активдерине жана милдеттенмелерине таасир этишине талдап-иликтөөлөр" деп аталган 6-бөлүк; 

11) "Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камдагы өзгөрүүлөр (мындан ары текст боюнча - РППУ)" деп аталган 7-бөлүк; 

12) "Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат" деп аталган 8-бөлүк; 

13) "Кызматкерлер менен келишилген бүтүмдөр жөнүндө маалымат" деп аталган 9-бөлүк; 

14) "Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат" деп аталган 10-бөлүк; 

15) "Кардарларга сунушталган каржылоо жөнүндө маалымат" деп аталган 11-бөлүк; 

16) "Чечмелөөлөр" деп аталган 12-бөлүк; 

17) "Чет өлкө активдери жана милдеттенмелери боюнча отчет" деп аталган 13-бөлүк. 

2. Усулдук көрсөтмөдө камтылбаган бөлүктөр Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык толтурулат. 

 

II. ТИТУЛДУК БАРАК 

 

3. Титулдук баракта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

1) катталган күнү жана чыгыш номери; 

2) отчет даярдалган күн (мисалы, "2014-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча" дегенден улам, отчет ошол күндүн акырына карата даярдалгандыгын түшүнүү зарыл); 

3) отчет даярдалып бүткөн күн; 

4) мезгил аралыгы - "ар айлык", "чейректик", "жылдык" же "корректировкалоо". Ар айлык отчетту сунуштоодо "ар айлык", ал эми чейректик отчетту сунуштоодо "чейректик" деген сөздүн астын сызып коюу талап кылынат. Жылдык болуп эсептелген 4-чейрек үчүн отчетту берүүдө "жылдык" деген сөздүн асты сызылат. Корректировкаланган отчетту сунуштоодо "корректировкалоо" сөзүн белгилеп коюу зарыл. Эгерде, техникалык мүнөздөгү каталар орун алса, отчетту корректировкалоого жол берилет. Бул учурда өзгөртүүлөр киргизилген отчеттун формалары гана сунушталып, киргизилген өзгөртүүлөр боелуп (маркер менен) көрсөтүлөт; 

5) жүргүзүлгөн аудит же текшерүү түрү - төмөнкү саптардын бири же экөөсү көрсөтүлөт: 

а) ички текшерүү - эгерде текшерүү ички аудит же ревизор тарабынан жүргүзүлгөн болсо; 

6) корутунду берүүсүз аудит - банк операциялары жана бухгалтердик эсепке алуу туура жүргүзүлгөндүгү жөнүндө корутунду берүү менен аудит жүргүзүлсө

в) корутунду берүү менен ишке ашырылган аудит - банк операцияларынын жана бухгалтердик эсепке алуунун туура жүргүзүлгөндүгүн текшерүүдөн тышкары, МФКга анын ишин жакшыртуу жана/же өркүндөтүү үчүн сунуш-көрсөтмөлөр жана иш-чаралар планы сунушталган аудит жүргүзүлсө

б) отчет берүүчү МФКнын басма тамгалар менен көрсөтүлгөн аталышы; 

7) тышкы аудитордук фирма - жылдык отчетту берүүдө көрсөтүлөт; 

8) МФКнын Директорлор кеңешинин төрагасынын же ал жок учурда Директорлор кеңешинин төраганы алмаштырган мүчөсүнүн, башкарманын төрагасынын, башкы бухгалтердин, башкарманын отчетту даярдоо боюнча ишти түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсүнүн күбөлөндүрүүчү кол тамгасы; 

9) МФКнын отчетунун түзүлүшү, сунушталышы үчүн жооп берген кызматкеринин кол тамгасы, анын кызмат орду, аты-жөнү жана телефон номери көрсөтүлүүгө тийиш; 

10) кардарлардын жалпы саны - каржылоодон пайдаланган, ошондой эле МФКдагы эсептерде акча каражаттарын жайгаштырган кардарлардын саны көрсөтүлөт. 

 

III. МФКнын ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН, БАШКАРМАСЫНЫН, ШАРИАТ КЕҢЕШИНИН МҮЧӨЛӨРҮ ЖАНА НЕГИЗГИ УЮШТУРУУЧУЛАР (АКЦИОНЕРЛЕР) ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ 

 

4. МФКнын Директорлор кеңешинин, Башкармасынын, Шариат кеңешинин мүчөлөрү жана негизги уюштуруучулар (акционерлер) тууралуу мааалымат жылдык отчетто же өзгөртүүлөр киргизилген шартта сунушталууга жана анда төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш: 

1) аты-жөнү

2) иштеген жери (Башкарманын мүчөлөрү үчүн талап кылынбайт); 

3) кызмат орду; 

4) иштеген жеринин телефон номери (номердин кодун кошо көрсөтүү менен); 

5) кол тамга үлгүсү (негизги уюштуруучулар (акционерлер) үчүн көрсөтүлбөйт). 

 

IV. АЙРЫМ КЫЗМАТ АДАМДАР ТУУРАЛУУ МААЛЫМАТ 

 

5. МФКнын айрым кызмат адамдары тууралуу маалыматтар жыл сайын сунушталуучу отчетто же өзгөртүүлөр киргизилген учурда берилет жана анда МФКнын төмөнкү кызмат адамдарынын (же аларга теңештирилген адамдардын) тизмеси камтылууга тийиш: 

1) башкы бухгалтер; 

2) ликвиддүүлүктүн тескөөгө алынышы үчүн жооп берген кызмат адамы; 

3) бюджет үчүн жооп берген кызмат адамы; 

4) каржылоо боюнча иш чөйрөсүнө жооп берген кызмат адамы; 

5) Аудит боюнча комитеттин төрагасы; 

6) Ички аудит кызматынын/бөлүмүнүн жетекчиси. 

Усулдук көрсөтмөнүн 2, 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн кызмат адамдары МФКнын жетекчилиги катары иш алып барууга жана МФКнын бүтүндөй иш багыты боюнча жүргүзүлүп жаткан саясат үчүн жооп берүүгө тийиш. 

6. Ар бир кызмат адам боюнча төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш: 

1) аты-жөнү

2) кызмат орду; 

3) иштеген жеринин телефон номери; 

4) кол тамга үлгүсү

7. МФКнын айрым кызмат адамдарына иш багыттары боюнча жоопкерчиликти жүктөө тиешелүү документтер менен тастыкталууга тийиш. 

 

V. МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯЛАР ЖӨНҮНДӨ БАЗАЛЫК МААЛЫМАТ  

 

8. МФК жөнүндө базалык маалыматтарда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

1) "отчет берүүчү МФКнын толук аталышы" - МФКнын толук расмий аталышы; 

2) "дареги": 

а) "шаар" - МФКнын башкы кеңсеси жайгашкан шаардын же калктуу пункттун аталышы; 

б) "көчө, имараттын номери" - башкы кеңсенин имараты жайгашкан көчөнүн аталышы жана номери; 

в) "почта индекси" - почта бөлүмүнүн индекси; 

г) "почта дареги" - почта бөлүмүндөгү почта дареги; 

3) "расмий жарыяланган байланыш түйүнү": 

а) "телефон" - МФК телефонунун расмий номери; 

б) "факс" - МФК факсынын расмий номери; 

в) "электрондук дареги" - МФКнын расмий электрондук дареги; 

4) "уставдык капиталдын суммасы": 

а) "жарыяланган" - МФКнын жарыяланган уставдык капиталынын суммасы; 

б) "айкын салынган капитал" - МФКнын айкын салынган уставдык капиталынын суммасы; 

5) "31-декабрга карата абал боюнча төлөнгөн" - бул таблица сатылган акциялардын номиналдык наркын (жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялар), ар бир номиналдын жалпы наркын жана сапатын, ошондой эле бардык акциялардын жалпы санын, отчеттук күнгө чейинки жылдын 31-декабрына карата абал боюнча алардын жалпы наркын көрсөтүү менен толтурулат. 

 

VI. МЕЗГИЛ-МЕЗГИЛИ МЕНЕН БЕРИЛҮҮЧҮ РЕГУЛЯТИВДИК ОТЧЕТТУН БӨЛҮКТӨРҮ  

 

1. 1-бөлүк. "Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет"  

 

9. Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчетто регулятивдик отчет көз карашынан алганда, эң эле олуттуу статьялар чагылдырылган. 

Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет үч тилкеден турат: 

1) финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчеттун статьяларынын аталышы; 

2) статьялардын сом түрүндөгү маанилери; 

3) үчүнчү тилкеде Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча чет өлкө валютасындагы баланстык статьялардын сом түрүндөгү эквиваленти бөлүп көрсөтүлөт. 

10. Бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш. 

11. Финансылык абал жөнүндө отчеттун активдер статьяларындагы суммалар (каржылоодон тышкары) потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга тиешелүү кам, амортизациялык чегерүүлөр жана дисконт/сый акы (активдердин таза наркы) суммаларын эсептеп алып салуу менен көрсөтүлөт. 

12. Финансылык абал жөнүңдө регулятивдик отчет финансылык инструменттер боюнча утурлама активдер менен милдеттенмелер суммасын эсепке алуусуз түзүлөт. Мында, салыштырып текшерүү суммасы мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетко карата түшүндүрмө тил катта өзүнчө чечмеленип берилүүгө тийиш. 

 

1 §. А бөлүкчөсү. "Активдер" 

 

13. "Акча каражаттары" деп аталган 1-статьяда жүгүртүү кассасындагы банкнотторду жана монеталарды кошо алганда, акча каражаттардын суммасы, ошондой эле сомго кайра эсептелген банкноттор жана монеталар, анын ичинде Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча чет өлкө валютасынын сом түрүндөгү эквиваленти көрсөтүлөт. 

"Улуттук банктагы эсеп" деп аталган 2-статьяда акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн милдеттүү камдык талаптарды эсептөөдө Улуттук банктагы эсепте жайгаштырылган акча каражаттары көрсөтүлөт. 

"Башка банктардагы жана финансы уюмдардагы эсептешүү эсептери жана башка эсептер" деп аталган 3-статьяда банктардагы же финансы уюмдардагы эсептешүү эсептериндеги жана башка эсептердеги акча каражаттардын суммасы тиешелүү РППУну алып салуу менен көрсөтүлөт. Калдыктарда Улуттук банктын отчеттук күнгө карата курсу боюнча валюталардын бардык түрлөрүнүн сом түрүндөгү эквивалентинин суммасы камтылат. 

"Башка банктардагы жана финансы уюмдардагы эсептер" деп аталган 4-статьяда күрөөдө турган эсептердеги акча каражаттарын кошо алганда, банктарда жана финансылык институттарда ачылган эсептерде жайгаштырылган акча каражаттар суммасы тиешелүү РППУну алып салуу менен көрсөтүлөт. 

"Баалуу кагаздар" деп аталган 5-статьяда МФКга тиешелүү болгон, шариат стандарттарына жооп берген баалуу кагаздардын: соодалык баалуу кагаздар, сатууга боло турган баалуу кагаздар жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар портфелинин баланстык наркы, тиешелүү атайы РППУну алып салуу менен көрсөтүлөт. 

"Банктарга жана финансы-кредит уюмдарынаа сунушталган каржылоо" деп аталган 6-статьяда финансы-кредит уюмдарга сунушталган каржылоо суммасынын отчеттук күнгө карата калдыгы көрсөтүлөт. 

"Башка кардарларга сунушталган каржылоо" деп аталган 7-статьяда финансы-кредит уюмдардан тышкары, кардарларга сунушталган каржылоо суммасынын отчеттук күнгө карата калдыгы көрсөтүлөт. 

"Атайы РППУ" деп аталган 8-статьяда классификацияланган активдер боюнча түзүлгөн атайы РППУнун өлчөмү көрсөтүлөт. 

"Таза каржылоо" деп аталган 9-статьяда алар боюнча атайы РППУну алып салуу менен каржылоо наркы көрсөтүлөт (8-статьяны алып салуу менен 6 жана 7-статьялардын суммалары). 

"Кардарларга андан ары өткөрүп берүү үчүн активдер/шаймандар" деп аталган 10- статьяда МФК тарабынан кардарларга андан ары өткөрүп берүү үчүн сатылып алынган, анын ичинде мурабаха жана иджара мунтахия биттамлик келишимдери боюнча сатылып алынган имараттардын, башка курулмалардын, эмеректердин, жабдуулардын жана башка активдердин/шаймандардын наркы көрсөтүлөт. Маалыматтар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат. 

"Негизги каражаттар" деп аталган 11-статьяда МФКнын ээлигинде же пайдалануусунда турган жерлердин жана/же жер үлүшүнүн, имараттардын жана башка курулмалардын, автоунааларды кошо алганда, эмеректердин, жабдуулардын наркы, ошондой эле курулушка же капиталдык ремонтко байланыштуу келип чыккан материалдардын, иштердин жана капиталдаштырылган чыгашалардын наркы негизги каражаттарга чегерилген амортизацияларды алып салуу менен көрсөтүлөт. Негизги каражаттар төмөнкү топтор боюнча чагылдырылууга тийиш: а) жер жана имараттар; б) башка негизги каражаттар. 

"Башка менчик" деп аталган 12-статьяда активдин ордун жабууга МФК тарабынан кабыл алынган кардардын кыймылсыз мүлкү жана башка менчиги (мурдагы күрөө мүлкү), кардардын кыймылсыз мүлкүнө жана башка менчигине бөлүнгөн тиешелүү РППУну алып салуу менен көрсөтүлөт. 

"Консолидацияланбаган компанияларга капиталдык салым" деп аталган 13-статьяда бул отчетто консолидацияланбаган компаниядагы, анын ичинде филиалдардагы жана ассоциацияланган компаниялардагы капиталдык инвестициялардын суммасы тиешелүү РППУну алып салуу менен көрсөтүлөт. 

"Башка активдер" деп аталган 14-статьяда эсептешүүдөгү акча каражаттарды кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн активдердин баланстык наркы тиешелүү РППУну алып салуу менен көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп, активдер" деп аталган 15-статьяда 1, 2, 3, 4, 5, 9, 10, 11, 12, 13 жана 14-статьялардын суммалары көрсөтүлөт. 

 

2 §. Б бөлүкчөсү. "Милдеттенмелер"  

 

14. "Юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери" деп аталган 16-статьяда юридикалык жактардын МФКда ачылган мөөнөттүү эсептеринин жалпы суммасы чектелген жана чектелбеген мударабага бөлүү менен көрсөтүлөт. 

"Жеке адамдардын мөөнөттүү эсептери" деп аталган 17-статьяда МФКдагы жеке адамдардын мөөнөттүү эсептеринин жалпы суммасы чектелген жана чектелбеген мударабага бөлүү менен көрсөтүлөт. 

"Алынган каржылоо" деп аталган 18-статьяда МФК тарабынан төмөнкү статьялар боюнча алынган, кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар катары каралбаган каржылоо суммасы көрсөтүлөт: 

а) банктардан; 

б) Кыргыз Республикасынын башка финансы-кредит уюмдарынан; 

в) эл аралык донор уюмдардан (башка финансылык каржылоо булактары); 

г) эл аралык финансы-кредит уюмдардан; 

д) мамлекеттик бийлик органдарынан. 

"МФКнын юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттары" деген 19-статьяда юридикалык жактардан жана уюштуруучулар (акционерлер) - жеке адамдардан жана юридикалык жактардан карызга алган суммасы көрсөтүлөт. Маалымат төмөнкүлөргө бөлүштүрүү менен сунушталат: 

а) "МФКга уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан сунушталган каржылоо» уюштуруучулар (акционерлер) юридикалык жактар сунуштаган каржылоо көрсөтүлөт; 

б) "МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттарда" юридикалык жактардан жана уюштуруучулар (акционерлер) - юридикалык жактардан карызга алынган сумма чагылдырылат. 

"Шарттуу гранттар" деп аталган 20-статьяда алынган гранттардын калдык суммасы көрсөтүлөт. 

Ал эми 21-статьяда чет өлкө валютасында алынган гранттардын калдык суммасы сом түрүндө көрсөтүлөт. 

"Башка милдеттенмелер" деп аталган 22-статьяда эсептердеги акча каражаттарды кошо алганда, буга чейинки беренелерде чагылдырылбаган милдеттенмелер көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп, милдеттенмелер" деп аталган 23-статьяда 16-22-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

 

3 §. В бөлүкчөсү. "Капитал" 

 

15. "Акционердик капитал" деп аталган 24-статьяда акционердик капиталдын мааниси төмөнкү статьялар боюнча көрсөтүлөт: 

а) "кадимки акциялар" - МФКнын жөнөкөй акцияларынын жалпы суммасы; 

б) "артыкчылыктуу акциялар" - МФКнын артыкчылыктуу акцияларынын жалпы суммасы; 

в) "номиналдан үстөк салынган капитал" - акционерлер тарабынан акциялардын номиналдык наркынан үстөк салынган акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт, бул жөнөкөй жана артыкчылыктуу акцияларды сатуу баасы менен алардын номиналдык наркы ортосундагы айырманы түшүндүрөт; 

г) "жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал" - жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан төлөнгөн уставдык капиталдан үстөк же кошумча капитал катары салынган акча каражаттары. Алар уставдык капиталдын өзгөрүшүнө байланыштуу кайра каттоодон өтүү учуруна чейин эсепке алынат. Бул каражаттар, эгерде жеке адамдар жана юридикалык жактар МФКнын уставдык капиталындагы акцияларды/үлүштү сатып алуунун эсебинен төмөнкү шарттарда каражат салуусу жөнүндө МФКалар менен келишим түзгөн шартта гана чегерилет: 

- кайтарылып алынгыс (кандай болбосун жагдайга карабастан); 

- салынган каражаттарга мөөнөттөрдү белгилөөсүз; 

- МФК банкрот абалында калган шартта, ушул каражаттар боюнча талаптар МФКнын акционерлери үчүн белгиленген кезекте эле канааттандырылат; 

д) "бөлүштүрүлбөгөн пайда (чыгым)" - МФКнын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын (чыгымынын) суммасы; 

д1) "өткөн мезгилдердин пайдасы (чыгымы)" - каражаттардын бөлүгүн акционерлер ортосунда бөлүштүрүүдөн жана МФКнын келечектеги керектөөлөрүнө камга чегерилген каражаттардан кийин өткөн жылдардын МФКда калган пайдасы (чыгымы) чагылдырылат; 

д2) "өтүп жаткан жылдын пайдасы (чыгымы)" - өтүп жаткан жылдын пайдасы (чыгымы) чагылдырылат; 

е) "келечекте керектөөлөргө камдар" - пайданы бөлүштүрүүнүн эсебинен МФКда келечекте иш жагдайы үчүн түзүлгөн камдардын суммасы. 

"Жалпы камдар" деп аталган 25-статьяда МФКнын активдерин кайра баалоонун эсебинен МФКда түзүлгөн камдардын өлчөмү жана консолидациялоо учурунда валюталарды кайра эсептөөнүн натыйжасында пайда болгон айырма, ошондой эле каржылоо жана төмөнкүдөй башка классификацияланган активдер боюнча жалпы РППУнун өлчөмү көрсөтүлөт: 

а) "негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча кам" - негизги каражаттарды кайра баалоо суммасы; 

б) "баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча кам" - баалуу кагаздарды кайра баалоодон улам келип чыккан өздөштүрүлбөгөн кирешелер менен чыгымдардын суммасы; 

в) "каржылоо боюнча РППУ" - каржылоо боюнча жалпы РППУнун суммасы; 

г) "башка активдер боюнча жалпы РППУ" - классификацияланууга тийиш болгон башка активдер боюнча жалпы РППУнун суммасы; 

д) "башка жалпы камдар" - башка жалпы камдардын суммасы. 

"Пайданы теңдештирүү үчүн кам" деп аталган 26-статьяда МФКнын Директорлор кеңешинин чечими боюнча инвестициялык эсеп ээлеринин инвестициялары боюнча кирешелүүлүктүн аныкталган деңгээлин колдоого алуу максатында, мудариб үлүшүн бөлүштүрүүгө чейин дүң пайдадан бөлүнүүчү сумма көрсөтүлөт. 

"Инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам" (болгон болсо) деп аталган 27-статьяда инвестициялык эсеп ээлеринин алдыда келип чыгышы мүмкүн болгон инвестициялык чыгымдары тобокелдигин жеңилдетүү максатында, мударибдин пайдасынын үлүшүн бөлүштүргөндөн кийин инвестициялык эсеп ээлеринин пайдасынан бөлүнүүчү сумма көрсөтүлөт. 

"Консолидацияланбаган компаниялардын капиталдык салымы" деп аталган 28- статьяда консолидацияланбаган компаниялардын узак мөөнөткө каралган инвестицияларынын суммасы көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп, капитал" деп аталган 29-статьяда 24-28-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп, милдеттенмелер жана капитал" деп аталган 30-статьяда 23 жана 29- статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

 

4 §. Г бөлүкчөсү. "Баланстан тышкаркы милдеттенмелер"  

 

16. "Каржылоону сунуштоого милдеттенмелер" деп аталган 1-статьяда каржылоону сунуштоо боюнча милдеттенмелер чагылдырылат. 

"Гарантиялар" деген 2-статьяда МФК тарабынан чыгарылган же тастыкталган гарантиялар көрсөтүлөт. 

"Валюталык операциялар" деп аталган 3-статьяда МФКнын валюталык операциялар боюнча милдеттенмелери чагылдырылат. 

"Активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер" деп аталган 4-статьяда МФКнын келечекте активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелери чагылдырылат. 

"Башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер" деп аталган 5-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн башка бардык баланстан тышкаркы милдеттенмелер чагылдырылат. 

"Бардыгы болуп, баланстан тышкаркы милдеттенмелер" деп аталган 6-статьяда 1ден 5ке чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

 

5 §. Д бөлүкчөсү. "Башка активдерди жана милдеттенмелерди чечмелөө"  

 

17. "Башка активдер" деп аталган 1-статьяда МФКнын активдерин төмөнкү кичи статьялар боюнча чечмелөөлөр чагылдырылат: 

а) "алууга чегерилген кирешеде" сунушталган каржылоо, баалуу кагаздар, башка финансы-кредит уюмдардагы эсептер боюнча алууга чегерилген сый акы суммасы көрсөтүлөт; 

б) "алдын ала төлөөлөрдө" келишим шарттарына ылайык башка тараптарга аванс түрүндө төлөнгөн төлөмдөрдүн суммасы көрсөтүлөт; 

в) "такталбаган дебитордук суммаларда" акча каражаттарынын териштирилгенге чейинки суммасы көрсөтүлөт; 

г) "башка активдерде" МФКнын жогоруда көрсөтүлбөгөн башка активдеринин суммасы көрсөтүлөт. 

"Башка активдерге атайы РППУ" деп аталган 2-статьяда МФКнын жогоруда көрсөтүлгөн башка активдерине РППУ суммасы чагылдырылат. 

"Таза башка активдер" деп аталган 3-статьяда башка активдердин таза наркы көрсөтүлөт (1 жана 2-статьялардын айырмасы). 

"Башка милдеттенмелер" деп аталган 4-статьяда МФКнын милдеттенмелерин төмөнкү кичи статьялар боюнча чечмелөөлөр чагылдырылат: 

а) "кардарларга төлөөгө чегерилген кирешеде" кардарлардын эсептериндеги акча каражаттары боюнча төлөөгө чегерилген сый акы суммасы көрсөтүлөт; 

б) "мурабаха жана салам операциялары боюнча кийинкиге калтырылган кирешеде (үстөк баа)" мурабаха жана салам операциялары боюнча кийинкиге калтырылган кирешелер чагылдырылат; 

в) “төлөөгө карата салыктарда” төлөнүүчү салык суммасы көрсөтүлөт;   

г) “такталбаган кредитордук карыз” тактоого чейинки кредитордук карыз суммасы көрсөтүлөт;  

д) "башкалар" кичи статьясында баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча РППУну кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн башка милдеттенмелер чагылдырылат. 

 

6 §. Е бөлүкчөсү. "Милдеттенмелерди чечмелөө"  

 

18. Бул бөлүкчөдө МФКнын милдеттенмелери жана гранттары боюнча ырааттуу маалыматтар чагылдырылат. 

19. "Операциялардын аталышы" деп аталган 1-тилкеде ага ылайык акча каражаттары тартылган операциялар көрсөтүлөт. 

"Алынган каражаттардын суммасы" деп аталган 2-тилкеде келишимдерге ылайык алынган каражаттардын өлчөмү көрсөтүлөт. 

"Алынган каражаттардын калдыгы" деп аталган 3-тилкеде отчеттук күнгө карата милдеттенмелер суммасынын калдыгы көрсөтүлөт. 

"Каражаттар берилген мөөнөт" деп аталган 4 жана 5-тилкелерде каражаттар алынган минималдуу жана максималдуу мөөнөт көрсөтүлөт. 

"Кредитор" деп аталган 6-тилкеде каражаттарды сунуштаган уюмдардын/мекемелердин аталышы көрсөтүлөт (бул жерде ар бир уюмду тизмектеп көрсөтүү зарыл). 

Үстөк баа/киреше, % түрүндө” деп аталган 7-тилкеде операциялар боюнча үстөк баа/киреше көрсөтүлөт. Үстөк баа/киреше ушул усулдук көрсөтмөнүн 44-пунктуна ылайык жылдык мааниде көрсөтүлүүгө тийиш.  

"Валюта" деп аталган 8-тилкеде акча каражаттар берилген валюта көрсөтүлөт.  

"Шарттары" деп аталган 9-тилкеде алынган гранттар жана каржылоо боюнча шарттар, аларды алуу максаттары чагылдырылат. Мисалы: айыл чарбасын каржылоо  же бала бакчаны куруу ж.б максатында алынган.  

“Кирешелүүлүк коэффициенти, % түрүндө" деп аталган 10-тилкеде кирешелүүлүк коэффициенти пайыздар түрүндө көрсөтүлөт.  

Кирешелүүлүк коэффициентинин аныктамасы жылдык эффективдүү пайыздык чендин аныктамасына шайкеш. Кирешелүүлүк коэффициенти анык, жылдык, эффективдүү салыштыруучу эсептөөдөгү киреше, аны эсептөөдө депозит эсебинде акча каражаттарды жайгаштыргандыгы үчүн кардарга сый акы берилгендигине же кардардын каржылоону алууга байланыштуу төлөмдөрү эске алынат.  

Кирешелүүлүк коэффициенти Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы № 33/4 токтому менен бекитилген “Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сыйакы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды таркатууда эффективдүү пайыздык чендерди эсептөө жөнүндө” жобого ылайык эсептелинет. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

7 §. Ж бөлүкчөсү. "Каржылоо портфелин чечмелөө"  

 

20. "Продукттун аталышы" деп аталган 1-тилкеде МФК колдонуп жаткан төмөнкүдөй каржылоо ыкмалары чагылдырылат: 

1) топторду күрөөсүз каржылоо - күрөөлүк камсыздоосуз топтун субсидиардык жоопкерчилиги алдында жеке адамдар тобун каржылоо; 

2) топторду күрөө алдында каржылоо - күрөөлүк камсыздоо сунушталган шартта жеке адамдар тобун каржылоо; 

3) күрөөсүз жеке каржылоо - жеке адамдарды жана юридикалык жактарды күрөөлүк камсыздоосуз каржылоо (гарантияларды кошо алганда); 

4) күрөө алдында жеке каржылоо - күрөөлүк камсыздоо шартында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды каржылоо; 

5) башкалар - жогоруда каралбаган башка каржылоо ыкмалары. 

“Бир кардарга сунушталган каржылоо суммасы” деп аталган 2-3-тилкелерде бир кардарга каржылоонун минималдуу жана максималдуу суммасы көрсөтүлөт; 

“Мөөнөттөр” деп аталган 4-5-тилкелерде каражаттар берилген минималдуу жана максималдуу мөөнөт айлар боюнча чагылдырылат; 

Үстөк баа/киреше, % түрүндө” деп аталган 6-7-тилкелерде каржылоо боюнча үстөк баанын/кирешенин жылдык минималдуу жана максималдуу чени пайыздарда чагылдырылат; 

“Кирешелүүлүк коэффициенти, % түрүндө” деп аталган 8-9-тилкелерде каржылоо боюнча кирешелүүлүк коэффициентинин минималдуу жана максималдуу чени пайыздарда чагылдырылат; 

“Чегерүү ыкмасы” деп аталган 10-11-тилкелерде кирешени чегерүү боюнча колдонулган ыкмага жараша (калдык баланска же баштапкы баланска) каржылоо боюнча портфелдин калдыгы чагылдырылат. 

Бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

2. 2-бөлүк. "Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет" 

 

21. Бардык статьялар өтүп жаткан мезгилге салыштыруу жана отчеттук жылдын баш жагынан тартып улам өсүү жыйынтыгы менен көрсөтүлөт. Бул отчеттогу суммалар оң же терс мааниде болушу мүмкүн. Терс маанидеги суммалар кашаа ичинде көрсөтүлүүгө тийиш. 

Бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлүшү зарыл. 

 

1. §. А бөлүкчөсү. "Операциялар боюнча алынган кирешелер"  

 

22. "Коммерциялык банктардын эсептеринде жайгаштырылган акча каражаттары боюнча кирешелер" деп аталган 1-статьяда МФКнын башка банктардагы же финансы-кредит уюмдардагы эсептеринде жайгаштырылган акча каражаттары боюнча алган кирешеси көрсөтүлөт. 

"Баалуу кагаздар боюнча киреше" деп аталган 2-статьяда МФКнын баалуу кагаздар боюнча алган кирешеси көрсөтүлөт. 

"Финансы-кредит уюмдары тарабынан сунушталган каржылоодон алынган киреше" деп аталган 3-статьяда МФК финансы-кредит уюмдары тарабынан сунушталган каржылоодон алган кирешеси көрсөтүлөт. 

"Башка кардарларга берилген каржылоодон алынган кирешелер, анын ичинде" деп аталган 4-статьяда МФКнын каржылоодон алган кирешелери көрсөтүлөт. 

"Башка кирешелер" деп аталган 5-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн башка кирешелер чагылдырылат. 

"Бардыгы болуп" деп аталган 6-статьяда 1-статьядан тартып 5-статьяны кошо алгандагы статьялар суммасы көрсөтүлөт. 

 

2 §. Б бөлүкчөсү. "Операциялар боюнча келип чыккан чыгашалар" 

 

23. "Юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери боюнча чыгашалары" деп аталган 7-статьяда МФКнын юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери боюнча чыгашалары көрсөтүлөт. 

"Жеке адамдардын мөөнөттүү эсептери боюнча чыгашалары" деп аталган 8- статьяда МФКнын жеке адамдардын мөөнөттүү эсептери боюнча чыгашалары көрсөтүлөт. 

"Банктардан алынган каржылоо боюнча чыгашалар" деп аталган 9-статьяда МФКнын алынган каржылоо боюнча чыгашалары көрсөтүлөт. 

"Башка финансы институттарынан алынган каржылоо боюнча чыгашалар" деп аталган 10-статьяда башка финансы-кредит уюмдарынан алынган каржылоо боюнча чыгашалар көрсөтүлөт. 

"Эл аралык финансы институттарынан алынган каржылоо боюнча чыгашалар (каржылоонун башка булактары)" деп аталган 11-статьяда эл аралык финансы институттарынан алынган каржылоо боюнча чыгашалар көрсөтүлөт. 

"Башка чыгашалар" деп аталган 12-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн чыгашалар чагылдырылат. 

"Бардыгы болуп" деп аталган 13-статьяда 7-статьядан тартып 12-статьяны кошо алгандагы статьялар суммасы көрсөтүлөт. 

"Таза киреше" деп аталган 14-статьяда МФК отчеттук мезгил ичинде алган таза кирешеси көрсөтүлөт (6-статья менен 13-статьялар айырмасы). 

"РППУ" деп аталган 15-статьяда каржылоо боюнча атайы жана жалпы РППУга чыгашалар көрсөтүлөт. 

"РППУга чегерүүдөн кийинки таза киреше" деп аталган 16-статьяда 14 жана 15- статьялар ортосундагы айырма көрсөтүлөт. 

 

3 §. В бөлүкчөсү. "Операциялар боюнча башка киреше" 

 

24. "Комиссиялык жыйымдар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр" деп аталган 17-статьяда комиссиялык жыйымдар жана МФКга сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр көрсөтүлөт. 

"Курстук айырмадан киреше/чыгым" деп аталган 18-статьяда чет өлкө валютасында ишке ашырылган операциялар боюнча курстук айырмадан МФК ээ болгон кирешелер/тарткан чыгымдар көрсөтүлөт. 

"Агенттик банкинг боюнча алынган кирешелер" деп аталган 19-статьяда агенттик келишимдердин негизинде чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун натыйжасында МФК алган кирешелер көрсөтүлөт. 

"Капиталга жана акцияларга салымдардан, анын ичинде туунду жана ассоциацияланган компанияларга салымдардан кирешелер/дивиденддер" деп аталган 20- статьяда капиталга инвестициялардан жана акцияларга, туунду же ассоциацияланган компания болуп эсептелбеген компаниялардын акцияларына салымдардан дивиденд түрүндө алынган кирешелер, ошондой эле туунду жана ассоциацияланган компаниялардан кирешелер көрсөтүлөт. 

"Башка кирешелер" деп аталган 21-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн кирешелер көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп" деп аталган 22-статьяда 17-21-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

 

4. §. Г бөлүкчөсү. "Операциялар боюнча башка чыгашалар" 

 

25. "Адистердин кызматына жана банктык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр боюнча чыгашалар" деп аталган 23-статьяда МФК тарабынан төлөнгөн комиссиялык жыйымдар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр көрсөтүлөт. 

"Башка чыгашалар" деп аталган 24-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн чыгашалар көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп" деп аталган 25-статьяда 23 жана 24-статьялардын суммасы көрсөтүлөт. 

 

5. §. Д бөлүкчөсү. "Операциялык жана административдик чыгашалар, битир берүүгө жана кайрымдуулук иш-чараларына чыгашалар" 

 

26. "Эмгек акылар жана персоналга кеткен башка чыгашалар" деп аталган 26- статьяда МФКнын кызматкерлерине эмгек акы, сый акы жана башка ушундай эле төлөмдөрдү төлөөгө байланыштуу кеткен чыгашалар көрсөтүлөт (МФКнын Директорлор кеңешинин/Башкармасынын/Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө төлөөлөрдөн тышкары): 

1) эмгек акы жана сый акы; 

2) башка төлөөлөр жана субсидиялар (башка төлөмдөр); 

3) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна төлөмдөр. 

"Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө гонорарлар" деп аталган 27-статьяда МФКнын Директорлор кеңешинин/Башкармасынын/Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү төлөөлөр жана гонорарлар көрсөтүлөт. 

"Менчиктен салыкты кошо алганда, негизги каражаттарга башка чыгашалар (кыймылсыз мүлк)" деп аталган 28-статьяда чегерилген амортизацияны жана менчиктен салык боюнча чыгашаларды кошо алганда, имаратка, курулмаларга, эмерекке, транспорт каражаттарына, жабдууларга, компьютерлерге, программалык камсыздоого жана материалдык эмес активдерге кеткен төмөнкүдөй чыгашалар көрсөтүлөт: 

а) ижара төлөмү

б) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө чыгашалар; 

в) амортизацияга кеткен чыгашалар; 

г) башка чыгашалар; 

д) менчиктен салык. 

"Салыктар" деп аталган 29-статьяда пайда салыгын эске албаганда, салыктарга байланышкан чыгашалар көрсөтүлөт. 

"Такафул" деп аталган 30-статьяда камсыздандырууга (такафул) байланыштуу чыгашалар көрсөтүлөт. 

"Башка операциялык жана административдик чыгашалар" деп аталган 31-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн бардык операциялык жана административдик чыгашалар көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп, операциялык чыгашалар" деп аталган 32-статьяда 26-30-статьялардын суммалары көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп, операциялык кирешелер (чыгым)" деп аталган 33-статьяда МФК ээ болгон операциялык кирешелер/тарткан чыгымдар көрсөтүлөт (16 жана 22-статьялардын суммасы менен 25 жана 32-статьялардын суммасы ортосундагы айырма). 

"Башка потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам (каржылоо операцияларынан эмес)" деп аталган 34-статьяда каржылоо операцияларынан айырмаланган операциялар боюнча атайы жана жалпы РППУга чыгашалардын суммасы көрсөтүлөт. 

"Таза операциялык киреше (чыгым)" деп аталган 35-статьяда 33 жана 34-статьялар ортосундагы айырма көрсөтүлөт. 

"Битирге, кайрымдуулукка кеткен чыгашалар" деп аталган 36-статьяда МФКнын битирге, кайрымдуулукка сарптаган чыгашалары көрсөтүлөт. 

"Пайда салыгы" деп аталган 37-статьяда МФКнын пайда салыгы боюнча чыгашалары көрсөтүлөт. 

"Таза пайда (чыгым)" деп аталган 38-статьяда МФКнын таза пайдасы көрсөтүлөт (35-статья менен 36-37-статьялар ортосундагы айырма). 

 

3. 3-бөлүк. "Капитал түзүмү"  

1 §. А бөлүкчөсү. "Капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр"  

 

27. Капитал өзүндө жөнөкөй жана артыкчылыктуу акцияларды, бөлүштүрүлбөгөн пайданы жана капиталдык камдарды камтыйт. Бул таблицада, 1, 3 жана 13-саптарды кошпогондо, бардык суммалар жыл башынан берки таза суммардык өзгөрүүлөр катары көрсөтүлүүгө тийиш. Бардык азайган жана чыгым суммалары (башкача айтканда, капиталдын кыскарышы, нетто) минус белгисинин ордуна кашаа ичинде көрсөтүлөт. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш. 

28. "Бардыгы болуп капитал жана өткөн жылдын акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда" деп аталган 1-статьяда корректировкаларды киргизгенге чейин жылдын башына карата алгач баланстык отчетто чагылдырылган капитал суммасы көрсөтүлөт. Өз ишин өтүп жаткан жылдын 1-январынан тартып же андан кийин баштаган МФК үчүн бул статьяда нөл белгиси коюлат, ал эми баштапкы капитал 2-статьяда көрсөтүлөт. 

"Өткөн жыл үчүн отчетто көрсөтүлбөгөн капитал эсептерин корректировкалоо" деп аталган 2-статьяда жыл башына карата маалыматтардын өзгөрүшүнө алып келген капитал эсебиндеги калдыктардагы бардык өзгөрүүлөрдүн суммасы көрсөтүлөт. Эгерде эч кандай өзгөрүүлөр жүрбөсө, бул сапта нөл белгиси коюлат. 

"Бардыгы болуп капитал жана корректировкалоолорду эске алуу менен өткөн жылдын акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда" деп аталган 3-статьяда 1 жана 2- статьялардын суммасы көрсөтүлөт. Эгерде эч кандай корректировкалоолор киргизилбесе, анда 3-статьянын мааниси 1-статьянын маанисине барабар болууга тийиш. 

"Өтүп жаткан жылдын пайдасы (чыгымы)" деп аталган 4-статьяда жыл башынан берки таза пайда (чыгымы) көрсөтүлөт. Бул берененин мааниси Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто чагылдырылган пайдага/чыгымга дал келүүгө тийиш. 

"Өтүп жаткан жылы номиналдан үстөк төлөнгөн таза капитал" деп аталган 5- статьяда өтүп жаткан жылы номиналдан үстөк төлөнгөн капитал (нетто) көрсөтүлөт. 

"Жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал" деп аталган 6-статьяда жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан төлөнгөн уставдык капиталга үстөк салынган же уставдык капиталдын өзгөрүшүнө байланыштуу кайра каттоодон өтүү учуруна чейин кошумча капитал катары салынган акча каражаттары көрсөтүлөт. Бул каражаттар, эгерде жеке адамдар жана юридикалык жактар МФКнын уставдык капиталындагы акцияларды/үлүштү сатып алуунун эсебинен төмөнкү шарттарда каражат салуусу жөнүндө МФК алар менен келишим түзгөн шартта гана чегерилет: 

- кайтарылып алынгыс (кандай болбосун жагдайга карабастан); 

- салынган каражаттарга мөөнөттөрдү белгилөөсүз; 

- МФК банкрот абалында калган шартта, ушул каражаттар боюнча талаптар МФКнын акционерлери үчүн белгиленген кезекте эле канааттандырылат. 

Кийинчерээк жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан кошумча салынган акча каражаттары МФКнын уставдык капиталына (жөнөкөй же артыкчылыктуу акциялар) багытталышы мүмкүн. 

"Өтүп жаткан жылдагы камдардагы өзгөрүүлөр (нетто)" деп аталган 7-статьяда жыл башынан бери капиталдык камдарда жүргөн өзгөрүүлөр көрсөтүлөт: 

а) "МФКнын келечекте керектөөлөрү үчүн кам" - МФКнын келечектеги керектөөлөрү үчүн камдагы өзгөрүүлөрдөн жыл ичиндеги таза натыйжа; 

б) "баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча кам" - баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча камдагы өзгөрүүлөрдөн жыл ичиндеги таза натыйжа; 

в) "негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча кам" - негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча камдагы өзгөрүүлөрдөн жыл ичиндеги таза натыйжа; 

г) "каржылоо боюнча жалпы камдар (РППУ)" - каржылоо боюнча жалпы РППУдагы өзгөрүүлөрдөн жыл ичиндеги таза натыйжа; 

д) “пайдаларды теңдештирүүгө камдар” - пайдаларды теңдештирүүгө камдардагы өзгөрүүлөрдөн таза натыйжа; 

е) “инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам” - инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга каралган камдагы өзгөрүүлөрдөн таза натыйжа. 

"Минус: жөнөкөй акцияларга жарыяланган дивиденддер" деп аталган 8-статьяда отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде жарыяланган жөнөкөй акциялар боюнча акча каражаттары түрүндөгү дивиденддер чагылдырылат.  

"Минус: артыкчылыктуу акцияларга жарыяланган дивиденддер" деп аталган 9- статьяда кийинки отчеттук мезгил ичинде төлөнүп берилүүгө тийиш болгон дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичиндеги чектелген төлөө мөөнөтү менен сыяктуу эле, мөөнөтсүз артыкчылыктуу акциялар боюнча жарыяланган акча каражаттары түрүндөгү бардык дивиденддер көрсөтүлөт. 

"Минус: жөнөкөй акцияларга акция формасындагы дивиденддер" деп аталган 10- статьяда кийинки отчеттук мезгил ичинде акционердик капиталда тааныла турган акцияларды кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичиндеги жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган, акциялар формасындагы дивиденддер көрсөтүлөт. 

"Минус: артыкчылыктуу акцияларга акция формасындагы дивиденддер" деп аталган 11-статьяда кийинки отчеттук мезгил ичинде акционердик капиталда тааныла турган дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичиндеги чектелген төлөө мөөнөтү менен сыяктуу эле, мөөнөтү чектелбеген артыкчылыктуу акциялар боюнча жарыяланган акция формасындагы дивиденддер көрсөтүлөт. 

"Өтүп жаткан жылы капиталдагы жана бөлүштүрүлбөгөн таза пайдадагы башка өзгөрүүлөр (нетто)" деп аталган 12-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн, бирок капиталга таасир эте алган башка статьялар боюнча корректировкалоолордун таза суммасы көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп отчеттук мезгилдин акырына карата капитал жана бөлүштүрүлбөгөн пайда" деп аталган 13-статьяда 3-12ге чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт. Бул сумма отчеттук мезгилдин акырына карата финансылык абал жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн капиталдын суммасына барабар болууга тийиш. 

 

2. §. Б бөлүкчөсү. "МФКнын акциялары жана башка баалуу кагаздары жөнүндө маалыматтар" 

 

29. МФКнын акциялары жана башка баалуу кагаздары жөнүндө маалыматтарда МФК чыгарган акциялар менен башка баалуу кагаздар жөнүндө маалыматтар камтылат. Маалыматтар акциялар менен баалуу кагаздардын ээлери (резиденттер жана резидент эместер) боюнча берилет. 

30. "Жарыяланган уставдык капитал" деп аталган 1-статьяда МФКнын уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн уставдык капитал чагылдырылат. 

өлөнгөн уставдык капитал" деп аталган 2-статьяда "Финансылык абал жөнүндө отчет" деп аталган 1-бөлүктүн "Капитал" деп аталган В бөлүкчөсүнүн 24-статьясынын а) жана б) пункттарындагы жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялар көрсөтүлөт. 

"Мамлекеттин төлөнгөн уставдык капиталдагы үлүшү" деп аталган 3-статьяда, эгерде болгон болсо, МФКнын төлөнгөн уставдык капиталындагы мамлекетке таандык акциялардын бөлүгү көрсөтүлөт. 

Бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш. 

 

3. §. В бөлүкчөсү. "Бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы өзгөрүүлөр" 

 

31. Эгерде отчеттук мезгил ичинде бул отчеттун кайсы болбосун статьясында эч кандай өзгөрүүлөр болбосо, анда нөлдүк маани көрсөтүлөт. Бардык суммалар миң сом менен чагылдырылууга тийиш. 

32. "Өткөн жыл үчүн отчетто көрсөтүлгөн бөлүштүрүлбөгөн пайда" деп аталган 1-статьяда Финансылык абал жөнүндө отчетто жана Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто алгач көрсөтүлгөн МФКнын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы чагылдырылат. Өз ишин өтүп жаткан жылдын 1-январынан же андан кечирээк баштаган МФК бул статьяда нөлдүк маанини көрсөтөт. 

"Өткөн жылдын акырына карата көрсөтүлбөгөн бөлүштүрүлбөгөн пайданы корректировкалоо" деп аталган 2-статьяда өткөн жыл үчүн Финансылык абал жөнүндө отчетто бөлүштүрүлбөгөн пайданын баштапкы көрсөтүлгөн сандарына карата корректировкалардын бардык таза суммасы көрсөтүлөт. 

"Корректировкалоолорду эске алуу менен өткөн жылдын акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда" деп аталган 3-статьяда бул бөлүктүн 1 жана 2-саптарынын суммалары чагылдырылат. Эгерде эч кандай корректировкалоолор киргизилбесе, анда бул статьянын мааниси 1-статьянын маанисине барабар болууга тийиш. 

"Жыл башынан бери пайда (чыгым)" деп аталган 4-статьяда Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет деп аталган 2-бөлүктө көрсөтүлгөн өтүп жаткан мезгил үчүн таза пайда (чыгым) көрсөтүлөт. 

"Өтүп жаткан жылы МФКнын келечектеги керектөөлөрү үчүн камдардагы өзгөрүүлөр (нетто)" деп аталган 5-статьяда келечектеги керектөөлөр үчүн каралган камдардагы өтүп жаткан жыл ичинде жол берилген таза өзгөрүүлөр көрсөтүлөт. 

"Өтүп жаткан жылы бөлүштүрүлбөгөн пайдага таасир этүүчү башка камдардагы өзгөрүүлөр (нетто)" деп аталган 6-статьяда негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча камдардагы өзгөрүүлөрдү кошо алганда, башка камдардагы өтүп жаткан жыл ичинде бөлүштүрүлбөгөн пайдага таасир эткен таза өзгөрүүлөр көрсөтүлөт. 

"Минус: жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган акча каражаттары түрүндөгү дивиденддер" деп аталган 7-статьяда отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде жөнөкөй акциялар (кадимки) боюнча жарыяланган акча каражаттары түрүндөгү бардык дивиденддер көрсөтүлөт. 

"Минус: артыкчылыктуу акциялар боюнча жарыяланган акча каражаттары түрүндөгү дивиденддер" деп аталган 8-статьяда отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичиндеги төлөө мөөнөтү чектелген сыяктуу эле, мөөнөтсүз артыкчылыктуу акциялар боюнча жарыяланган, акча каражаттары түрүндөгү бардык дивиденддер көрсөтүлөт. 

"Минус: жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган акция түрүндөгү дивиденддер" деп аталган 9-статьяда отчеттук күнгө карата капиталда таанылбаган акцияларды кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичиндеги жөнөкөй акциялар (кадимки) боюнча жарыяланган акция түрүндөгү дивиденддер көрсөтүлөт. 

"Минус: артыкчылыктуу акциялар боюнча жарыяланган акция түрүндөгү дивиденддер" деп аталган 10-статьяда отчеттук күнгө карата капиталда таанылбаган дивиденддерди кошо алганда, төлөө мөөнөтү чектелген сыяктуу эле, мөөнөтү белгиленбеген артыкчылыктуу акциялар боюнча акция түрүндө өтүп жаткан жыл ичиңде жарыяланган дивиденддер көрсөтүлөт. 

"Өтүп жаткан жылы бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы башка корректировкалоолор, (нетто)" деп аталган 11-статьяда өтүп жаткан жыл ичинде бөлүштүрүлбөгөн пайдага таасир этүүчү кайсы болбосун бардык башка өзгөрүүлөрдүн нетто-балансы көрсөтүлөт. 

"Отчеттук жылдын акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайданын жыйынтыгы" деп аталган 12-статьяда ушул таблицанын 3-11ге чейинки статьялардын суммасы көрсөтүлөт. Бул сумма Финансылык абал жөнүндө отчет деп аталган бөлүктөгү бөлүштүрүлбөгөн пайданын суммасына дал келүүгө тийиш. 

 

4. 4-бөлүк. "Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер жөнүндө маалымат, активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо"  

 

1. §. А бөлүкчөсү. "Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер жөнүндө маалымат"  

 

33. Бул бөлүкчөдө кардарларга жана мөөнөтүндө төлөнбөгөн күндөрдүн санына жараша МФКнын бардык мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдери жөнүндө маалыматтар чагылдырылат. 

34. Каржылоолор кардар алган каражаттарды анын ишинин негизги тармагы жана бизнес түрү боюнча эмес, пайдалана турган максатына ылайык, экономика секторлору боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

35. "Статьялар" деп аталган 1-тилкеде ал боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун алган активдин түрү көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп" деп аталган 2-тилкеде 3 жана 5-тилкелердин суммасы чагылдырылат. 

үндөлүк (мөөнөтү өткөрүлбөгөн)" деп аталган 3-тилкеде алар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздары болбогон күндөлүк активдердин суммасы көрсөтүлөт. 

"Реструктуризацияланган активдер» 4-тилкесинде реструктуризацияланган активдер суммасы көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп, мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер" деп аталган 5-тилкеде активдердин негизги суммасы боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз өлчөмү көрсөтүлөт. 5-тилкенин мааниси 6, 7, 8, 9-тилкелердин маанилеринин суммасына барабар. 

6-12-тилкелерде негизги сумма боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздар күндөр боюнча көрсөтүлөт. Мөөнөттөр карыз пайда болгон учурдан тартып отчеттук күнгө чейин аныкталат. 

"Бардыгы болуп чегербөө статусунда турган активдер" деп аталган 13-тилкеде МФКнын ички саясатына ылайык, сый акыны чегерүү токтотулган, мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдердин суммасы көрсөтүлөт. Чегерилбеген статустагы активдер боюнча алардын отчеттук күнгө карата номиналдык наркы чагылдырылат. 

"Кардарларга сунушталган каржылоо" деп аталган 1-статьяда кардарларга сунушталган каржылоо көрсөтүлөт жана анда а) - к) пункттары камтылат. 

"Финансы-кредит уюмдарына берилген каржылоо" деп аталган 2-статьяда финансы- кредит уюмдарына сунушталган каржылоо суммасы көрсөтүлөт. 

"Башка активдер" деп аталган 3-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн, бирок алар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз бар активдер көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 02.07.2018-ж. № 30/5 токтому менен бекитилген)  

2. §. Б бөлүкчөсү. "Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо"  

 

36. Кардарлардын эсептерине акча каражаттарын тарткан МФК бул бөлүктү Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо жана ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык толтурат. 

37. Бөлүкчөдө, тобокелдик деңгээли боюнча классификацияланууга тийиш болгон бардык активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер, ошондой эле алардын ордун жабууга түзүлгөн камдардын өлчөмү жөнүндө маалыматтар камтылат. Сунушталган каржылоо, кардар алган каражаттарды анын негизги иш тармагы жана бизнес түрү боюнча эмес, пайдалана турган максатына ылайык, экономика секторлору боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш. Активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин бардык түрү боюнча алардын наркы отчеттук күнгө карата тиешелүү дисконтту (эгерде болгон болсо) алып салуу менен көрсөтүлөт. Бардык суммалар миң сом менен чагылдырылууга тийиш. 

38. "Статьянын аталышы" деп аталган 1-тилкеде классификацияланууга тийиш болгон активдин түрү көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп" деп аталган 2-тилкенин мааниси 5, 6, 7, 9, 10, 11-тилкелердин маанилеринин суммасына барабар болууга тийиш. 5, 6, 7, 9, 10, 11-тилкелеринде "нормалдуудан" "жоготууга" чейинки классификациялоого жараша активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер категориясы чагылдырылат. 

"Дисконт" деп аталган 3-тилкеде бардык активдер боюнча отчеттук күнгө карата амортизацияланбаган дисконттун өлчөмү көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп, камдар" деп аталган 4-тилкеде активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин ар бир түрү үчүн РППУнун (жалпы жана атайы) өлчөмү чагылдырылат. 4-тилкенин мааниси 8 жана 12-тилкелердин маанилеринин суммасына барабар болууга тийиш. 8 жана 12-тилкелерде атайы жана жалпы түрлөргө бөлүнгөн РППУ өлчөмү көрсөтүлөт. 

 

3. §. В бөлүкчөсү. "Сунушталган каржылоо боюнча маалымат"  

 

39. Бул бөлүкчөдө отчеттук мезгил ичинде тиешелүү мөөнөттүүлүк категориясында жана валюталар боюнча максаттуу багытына ылайык берилген активдер боюнча отчеттук мезгилдин акырына карата көлөмү жана орточо алынган үстөк баасы/кирешеси жана кирешелүүлүк коэффициенти пайыздарда көрсөтүлөт. Чет өлкө валютасындагы активдердин көлөмү Улуттук банктын отчеттук мезгилдин акырына карата эсептик курсу боюнча сом эквивалентинде көрсөтүлөт. 

40. Орточо алынган үстөк баа/киреше жана кирешелүүлүк коэффициенти ушул усулдук көрсөтмөнүн 44-пунктуна ылайык эсептелинет. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

41. 1-9, 11 жана 12-саптарда тиешелүү тармактардагы жүгүртүүлөр көрсөтүлөт. 

"Финансы-кредит уюмдарына сунушталган каржылоо" деп аталган 10-сапта финансы-кредит уюмдарына берилген активдер боюнча жүгүртүү көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп" деп аталган 14-сапта отчеттук мезгил ичинде тиешелүү мөөнөттүүлүк категориясына ылайык берилген бардык активдер боюнча отчеттук мезгилдин акырына карата жалпы көлөмү жана орточо алынган үстөк баасы/кирешеси пайыздарда көрсөтүлөт. 

 

4. §. Г бөлүкчөсү. "Областтар боюнча сунушталган каржылоого тиешелүү маалымат"  

 

42. Бул жерде маалыматтар төмөнкү региондор боюнча берилет: 

1) № 1 таблица - Бишкек шаары боюнча; 

2) № 2 таблица - Чүй областы боюнча; 

3) № 3 таблица - Талас областы боюнча; 

4) № 4 таблица - Ысык-Көл областы боюнча; 

5) № 5 таблица - Нарын областы боюнча; 

6) № 6 таблица - Ош областы боюнча; 

7) № 7 таблица - Жалал-Абад областы боюнча; 

8) № 8 таблица - Баткен областы боюнча. 

43. 2-тилкеде МФК тарабынан каржылоого алынган экономика тармактарынын тизмеги көрсөтүлөт. 

“Отчеттук чейректин баш жагына карата каржылоо портфели боюнча калдык” деп аталган 3-тилкеде ошол тармакта иштеп жаткан кардарларга берилген каржылоонун орду жабылбаган калдык суммалары көрсөтүлөт. 

“Отчеттук чейрек ичинде сунушталган каржылоонун көлөмү” деп аталган 4-тилкеде отчеттук чейрек ичинде сунушталган каржылоо көлөмү көрсөтүлөт. 

“Отчеттук чейрек ичинде сунушталган каржылоонун саны” деп аталган 5-тилкеде отчеттук чейрек ичинде каржылоо операцияларынын саны көрсөтүлөт. 

“Отчеттук чейрек ичинде иш жүзүндө ордун жабуу көлөмү” деп аталган 6-тилкеде отчеттук чейрек ичинде айкын төлөө көлөмү көрсөтүлөт. 

“Отчеттук чейректин акырына карата каржылоо портфелинин калдыгы” деп аталган 7-тилкеде отчеттук мезгилдин акырына каржылоо портфели боюнча калдык көрсөтүлөт. 

“Отчеттук мезгилдин акырына орточо алынган үстөк баа/киреше, % түрүндө” деп аталган 8-тилкеде отчеттук мезгилдин акырына карата орточо алынган үстөк баа/киреше пайыздарда көрсөтүлөт. 

“Орточо алынган кирешелүүлүк коэффициенти, % түрүндө” деп аталган 9-тилкеде отчеттук мезгилдин акырына карата орточо алынган кирешелүүлүк коэффициенти пайыздарда көрсөтүлөт. 

44. Төмөндө отчеттук мезгилдин акырына карата орточо алынган үстөк бааны/кирешени эсептөө формуласы келтирилген. 

Каржылоо боюнча үстөк бааны/кирешени жылдык мааниге туюндуруу төмөнкү формула боюнча ишке ашырылат: 

 

мында: 

отчеттук мезгилдин акырына карата жылдык үстөк баа/киреше, пайыздарда,    

 келишимде көрсөтүлгөн үстөк баа суммасы/каржылоо боюнча киреше суммасы,  

PV  келишимде көрсөтүлгөн каржылоо суммасы,    

 келишим боюнча каржылоо мөөнөтү (кошумча келишимге ылайык реструктуризациялоо мөөнөтү).  

Орточо алынган үстөк баа/киреше = (X1 / X * I 1 + X2 / X * I2) * 100  

Сунушталган каржылоонун жалпы суммасына (каржылоо портфелинен айкын каржылоо суммасы) бөлүнгөн жана ошол каржылоо түрүнө ылайык, жылдык үстөк баа/киреше ченине көбөйтүлгөн (пайыздык туюндуруу жогоруда көрсөтүлгөн формула боюнча эсептелинет) ар бир каржылоо операциясынын суммасы. 

X - өз-өзүнчө каржылоо шартында сунушталган каржылоонун жалпы суммасы, 

X1, X2 жылдык үстөк баа/кирешенин бир чени боюнча каржылоо операцияларынын суммасы, 

I1, I2, - өзүнчө каржылоо операциялары боюнча жылдык үстөк баа/киреше. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

 

5. §. Д бөлүкчөсү. "Каржылоо ыкмалары" 

 

45. 1-тилкеде МФК колдонгон каржылоо ыкмалары чагылдырылат: 

1) "топторду күрөөсүз каржылоо" - жеке адамдардын тобун субсидиардык топтун жоопкерчилиги астында күрөөлүк камсыздоосуз каржылоо; 

2) "топторду күрөө алдында каржылоо" - күрөөлүк камсыздоонун болушу шартында жеке адамдардын тобун каржылоо; 

3) "күрөөсүз жеке каржылоо" - жеке адамдарды жана юридикалык жактарды күрөөлүк камсыздоосуз каржылоо (гарантияларды кошо алганда); 

4) "күрөө алдында жеке каржылоо" - күрөөлүк камсыздоонун болушу шартында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды каржылоо; 

5) "Башкалар" - жогоруда каралбаган башка каржылоо ыкмалары; 

6) "Бардыгы болуп" - каржылоонун бардык ыкмалары боюнча активдердин суммасы. 

"Сумма" деп аталган 2-тилкеде отчеттук күнгө карата белгилүү бир каржылоо ыкмасы боюнча бардык активдердин калдык суммасы чагылдырылат. 

"Үстөк баа/киреше" деп аталган 3-тилкеде ар бир каржылоо ыкмасы үчүн жылдык үстөк баа/киреше чагылдырылат. 

"Саны" деп аталган 4-тилкеде каржылоонун ар бир ыкмасына ылайык сунушталган, бирок отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн каржылоолордун саны чагылдырылат. Эгерде каржылоо карыз алуучулар тобуна бериле турган болсо, анда ошол топ ичинде жайгаштырылган активдердин санын көрсөтүү зарыл. 

“Кирешелүүлүк коэффициенти, % түрүндө” деп аталган 5-тилкеде ар бир каржылоо ыкмасы үчүн кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

6. §. Е бөлүкчөсү. "МФКнын кардарлары жөнүндө"  

46. Бул жерде МФКнын кардарларынын курамы (аял жана эркек) боюнча маалыматтар, ошондой эле отчеттук күнгө карата каржылоо портфелиндеги калдык көрсөтүлөт. 

 

7 §. Ж бөлүкчөсү. "Кыргыз Республикасынын областтары боюнча каржылоону тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо"  

 

47. Бул бөлүкчөдө тобокелдик деңгээли боюнча классификацияланууга тийиш болгон, финансылык институттар болуп саналбаган жергиликтүү жана чет өлкө кардарларына берилген каржылоо калдыктарынын суммасы, ошондой эле алардын орду жабууга каралган кам өлчөмдөрү чагылдырылат. Тобокелдик деңгээли боюнча классификацияланууга тийиш болгон каржылоо жана алардын ордун жабууга чет өлкө валютасында түзүлгөн камдар Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом эквивалентинде туюндурулат. Бардык суммалар миң сом менен чагылдырылат. 

48. Маалыматтар, каржылоо МФКнын кайсы областтык бөлүмү тарабынан берилгенине жараша, республиканын областтары боюнча көрсөтүлөт. 

49. "Бардыгы болуп, камдар" статьясындагы маалыматтар "Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо" деп аталган 4-бөлүктүн Б бөлүкчөсүнүн "Бардыгы болуп камдар" тилкесиндеги маалыматтарга дал келүүгө тийиш. 

 

8 §. З бөлүкчөсү "Кыргыз Республикасынын областтары боюнча башка маалыматтар" 

 

50. Бул бөлүкчөдө республиканын областтары боюнча маалыматтар камтылат. 

51. "Филиалдардын саны" деп аталган статьяда МФКнын республиканын областтары боюнча филиалдарынын жалпы саны тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт. 

"Өкүлчүлүктөрдүн саны" деп аталган статьяда МФКнын республиканын областтары боюнча өкүлчүлүктөрүнүн жалпы саны тууралуу маалымат көрсөтүлөт. 

"Каржылоо операцияларынын саны" деп аталган статьяда отчеттук күнгө карата областтар боюнча жеке адамдарга жана юридикалык жактарга МФК тарабынан сунушталган каржылоонун жалпы саны көрсөтүлөт. Банктарга жана башка финансы-кредит уюмдарына сунушталган каржылоо боюнча операциялардын саны жөнүндө маалымат мында камтылбайт. Каржылоо операцияларынын саны боюнча маалыматтар "Каржылоо ыкмалары" деп аталган 4 Д бөлүгүнүн "Бардыгы болуп" деген сабындагы маалыматтарга дал келүүгө тийиш. 

"Каржылоо алган кардарлардын саны" деп аталган статьяда МФКдан буга чейин алган каржылоону кайтарып берүү милдеттенмесин өзүнө алган кардарлардын - жеке адамдардын жана юридикалык жактардын жалпы саны көрсөтүлөт. Мында банктар жана башка финансы-кредит уюмдары жөнүндө маалыматтар камтылбайт.  

"Алардан акча каражаттары тартылган кардарлардын саны" деп аталган статьяда алардан акча каражаттары тартылган кардарлардын - жеке адамдардын жана юридикалык жактардын жалпы саны көрсөтүлөт. 

 

9. §. И бөлүкчөсү. "Проблемалуу кардарлар боюнча маалымат" 

 

52. Бул бөлүкчөдө кемүү тартибинде мөөнөтүндө төлөнбөгөн эң ири он актив боюнча маалыматтар камтылат. Мында, "проблемалуу" деп төмөндө көрсөтүлгөн шарттардын бирине туура келген активдер эсептелет: 

- активдин мөөнөтү 90 күнгө кечиктирилсе; 

- (Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2018-жылдын 2-июлундагы №30/5 токтомуна ылайык күчүн жоготту); 

- эки же андан көп жолу реструктуризацияланган болсо; 

- системадан тышкаркы эсепте эсепке алынса. 

53. Келтирилген таблицада төмөнкүлөр чагылдырылат: 

"Уюмдун аталышы/кардардын аты-жөнү" деп аталган 1-тилкеде юридикалык жактын кардарынын аталышы (уюмдун каттоо документтерине ылайык расмий аталышы) же кардар -жеке адамдын аты-жөнү паспорту боюнча толук көрсөтүлүүгө тийиш. 

"Уюмдун дареги/кардар жашаган жер" деп аталган 2-тилкеде юридикалык жактын кардарынын юридикалык жана айкын жашаган жеринин дареги же болбосо жеке адамдын-кардардын катталган жери боюнча дареги көрсөтүлөт. 

"Телефону" деп аталган 3-тилкеде юридикалык жактын кардарынын телефон номери же жеке адамдын кардарынын үй же уюлдук телефон номери көрсөтүлөт. 

"Берилген күнү" деп аталган 4-тилкеде каржылоо келишими боюнча каржылоо сунушталган күн (күнү, айы, жылы) көрсөтүлөт. 

өлөө күнү" деп аталган 5-тилкеде каржылоо келишими боюнча сунушталган каржылоо суммасынын ордун жабуу күнүүнү, айы, жылы) көрсөтүлөт. 

"Каржылоо суммасы" деп аталган 6-тилкеде каржылоо келишими боюнча сунушталган каржылоо суммасы көрсөтүлөт. 

"Отчеттук мезгилдин акырына карата үстөк баа/киреше" деп аталган 7-тилкеде жылдык үстөк баа/киреше чагылдырылат. 

Отчеттук мезгилдин акырына карата кирешелүүлүк коэффициенти” деп аталган 8-тилкеде каржылоо келишими боюнча кирешелүүлүк коэффициенти пайыз түрүндө көрсөтүлөт.    

"Максаты" деп аталган 9-тилкеде каржылоо келишими боюнча каржылоонун максаттуу багыты көрсөтүлөт (каржылоо сунушталган иш багытынын түрү). 

"Кардардын проблемаларынын кыскача баяндалышы" деп аталган 10-тилкеде каржылоо боюнча карыз келип чыккан негизги себептер көрсөтүлөт. 

"Негизги карыз" деп аталган 11-тилкеде каржылоонун негизги суммасы боюнча карыз суммасы көрсөтүлөт. 

"Үстөк баа/киреше" деп аталган 12-тилкеде каржылоо боюнча үстөк баа/киреше боюнча карыз суммасы көрсөтүлөт. 

“Кирешелүүлүк коэффициенти” деп аталган 13-тилкеде, эгерде ал отчеттук мезгилге карата кайрадан саналган болсо, кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт.    

"Туумдар" деп аталган 14-тилкеде мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздар боюнча туум өлчөмү чагылдырылат. 

“Карызды кайтаруу боюнча иш-аракеттер” деп аталган 15-тилкеде кардардын карызын кайтаруу боюнча МФКнын иш-аракеттери көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

10. §. К бөлүкчөсү. "Параллель (катар) активдер жөнүндө маалымат"  

 

54. "Сумма" деп аталган 3-тилкеде башка финансы-кредит уюмдарынан параллель каржылоо жана/же кредиттерди алган кардарлардын чогуу алгандагы карызынын суммасы көрсөтүлөт. 

"Кардарлардын саны" деп аталган 4-тилкеде башка финансы-кредит уюмдарынан параллель каржылоо жана/же кредиттерди алган кардарлардын саны чагылдырылат. 

 

11 §. Л бөлүкчөсү. "Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган реструктуризацияланган активдер"  

 

55. Бул таблицада өзүндө кредит тобокелдигин камтыган реструктуризацияланган активдер боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

56. "Уюмдун аталышы/Кардардын аты-жөнү" деп аталган 1-тилкеде юридикалык жактын кардарынын аталышы (компаниянын каттоо документтерине ылайык расмий аталышы) же жеке адамдын кардарынын аты-жөнү паспорту боюнча толук көрсөтүлүүгө тийиш. 

57. "Берилген күнү" деп аталган 2-тилкеде каржылоо келишими боюнча каржылоо сунушталган күн көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы). 

"Ордун жабуу күнү" деп аталган 3-тилкеде каржылоо келишими боюнча каржылоонун ордун жабуу күнү көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы). 

"Каржылоо суммасы" деп аталган 4-тилкеде каржылоо келишими боюнча сунушталган каржылоо суммасы көрсөтүлөт. 

"Үстөк баа/киреше, % түрүндө" деп аталган 5-тилкеде жылдык үстөк баа/киреше чагылдырылат. 

“Кирешелүүлүк коэффициенти, % түрүндө” деп аталган 6-тилкеде каржылоо боюнча кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт.    

"Максаты" деп аталган 7-тилкеде каржылоо келишими боюнча каржылоонун максаттуу багыты көрсөтүлөт (каржылоо берилген иштин түрү). 

"Реструктуризациялоо себептери" деп аталган 8-тилкеде активди реструктуризациялоонун негизги себептери көрсөтүлөт. 

"Негизги сумма" деп аталган 9-тилкеде каржылоонун негизги суммасы боюнча карыз өлчөмү көрсөтүлөт. 

"Үстөк баа/киреше" деп аталган 10-тилкеде аталган актив боюнча үстөк баа/киреше боюнча карыздар суммасы көрсөтүлөт. 

“Кирешелүүлүк коэффициенти, % түрүндө” деп аталган 11-тилкеде, эгерде отчеттук мезгилге карата кайрадан саналган болсо, каржылоо боюнча кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт.    

"Туум" деп аталган 12-тилкеде мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер боюнча туум өлчөмү көрсөтүлөт. 

"Реструктуризациялоо күнү" деп аталган 13-тилкеде кошумча келишим боюнча реструктуризациялоо күнү көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы). 

"Ордун жабуу күнү" деп аталган 14-тилкеде кошумча келишим боюнча реструктуризацияланган активдин ордун жабуу күнү көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы). 

"Каржылоо суммасы" деп аталган 15-тилкеде кошумча келишим боюнча реструктуризацияланган активдин суммасы көрсөтүлөт. 

"Үстөк баа/киреше, % түрүндө " деп аталган 16-тилкеде кошумча келишимге ылайык реструктуризацияланган актив боюнча жылдык үстөк баа/киреше чагылдырылат. 

“Кирешелүүлүк коэффициенти, % түрүндө” деп аталган 17-тилкеде каржылоо боюнча кирешелүүлүк коэффициенти көрсөтүлөт.    

өөнөт" деп аталган 18-тилкеде кошумча келишимге ылайык, каржылоо боюнча милдеттенмени аткаруунун узартылган мөөнөтү көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

5. 5-бөлүк. "Кардарлардын эсептери" 

 

(Бул бөлүктү акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар толтурууга тийиш) 

 

1 §. А бөлүкчөсү "Суммалар боюнча бөлүштүрүлгөн эсептер"  

 

58. Маалыматтар Бишкек шаары жана республиканын областтары боюнча, ошондой эле кардар эсебиндеги акча каражаттарынын суммасына жараша берилет. 

59. Областтар боюнча маалыматтар суммардык түрдө берилет. Бардык маалыматтар миң сомдо чагылдырылууга тийиш. 

60. "Юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери" деп аталган статьяда юридикалык жактардын чектелген жана чектелбеген мудараба келишими боюнча мөөнөттүү эсептеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

"Жеке адамдардын мөөнөттүү эсептери" деп аталган статьяда жеке адамдардын чектелген жана чектелбеген мудараба келишими боюнча мөөнөттүү эсептеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

 

2 §. Б бөлүкчөсү "Отчеттук мезгил ичинде кардарлардын эсептериндеги акча каражаттардын жылышы"  

 

61. Маалыматтар юридикалык жактар жана жеке адамдар боюнча берилет. Областтар боюнча маалымат суммардык түрдө берилет. Бардык маалыматтар миң сомдо чагылдырылууга тийиш. Чет өлкө валютасындагы эсептер жөнүндө маалымат Улуттук банктын отчеттук күнгө карата расмий курсу боюнча улуттук валюта эквивалентинде сунушталат. 

 

3 §. В бөлүкчөсү. "Төлөө мөөнөттөрү боюнча эсептер"  

 

62. Бул бөлүкчөдө юридикалык жактардын жана жеке адамдардын МФКда төлөө мөөнөттөрүн көрсөтүү менен ачылган эсептеринин саны жана жалпы көлөмү боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

 

6-бөлүк. "МФКнын активдеринин жана милдеттенмелеринин кирешелүүлүк чендеринин өзгөрүүсүнө (ГЭП-анализ) жана төлөө мөөнөттөрүнө таасирленишине (ийкемдүүлүгүнө) талдап-иликтөө

 

1 §. А бөлүкчөсү. "МФКнын активдеринин жана милдеттенмелеринин кирешелүүлүк чендеринин өзгөрүүсүнө (ГЭП-анализ) жана төлөө мөөнөттөрүнө таасирленишине (ийкемдүүлүгүнө) талдап-иликтөө"  

 

63. Бул бөлүкчө кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө дуушарланган активдер менен милдеттенмелердин ортосундагы айырманы өлчөө жардамы аркылуу кирешелүүлүк ченинин тобокелдигине баа берүү үчүн колдонулат. 

64. Кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө таасирленүүчү активдерге рыноктук чендердин өзгөрүшүнөн улам белгилүү бир убакыт аралыгында кайрадан бааланып турган же ордун жабуу мөөнөтү белгилүү бир мөөнөт аралыгында келип жеткен активдердин акчалай көлөмү кирет. Кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө таасирленүүчү милдеттенмелерге кирешелүүлүктүн рыноктук чендеринин өзгөрүшүнөн улам белгилүү бир убакыт аралыгында кайрадан бааланып турган же ордун жабуу мөөнөтү белгилүү бир мөөнөт аралыгында келип жеткен милдеттенмелердин акчалай көлөмү кирет. 

65. Кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө таасирленүүчү активдер менен милдеттенмелер ортосундагы ажырымдарды ар башка мезгил аралыгында аныктоо, бул отчеттун максаты болуп саналат. Ошол ажырымды талдап-иликтөө МФКнын ишинин кирешелүүлүктүн рыноктук чендеринин өзгөрүшүнө таасирленишин аныктоо ыкмасынын бири болуп саналат. 

66. Кирешелүүлүк чендеринин өзгөрүшүнө таасирленген бардык активдердин жана милдеттенмелердин учурдагы баланстык наркы төмөнкү эки мөөнөттүн ичинен эрте катталгандыгынын негизинде тиешелүү мезгилдерде чагылдырылууга тийиш: 1) МФК активдерди/милдеттенмелерди кайра баалоону ишке ашырганга чейинки күндөрдүн саны (рыноктогу жагдайга жараша жана/же мурдагы келишимге ылайык кирешелүүлүк ченин өзгөртүү), же 2) ордун жабуу мөөнөтүнө чейинки күндөрдүн саны. 

67. 5 жана 10-статьялардынде бул бөлүкчөнүн башка статьяларына кирбеген, кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө дуушарланган бардык башка активдер жана милдеттенмелер көрсөтүлөт. 

12 жана 13-статьялардынде ар бир мезгил аралыгы үчүн чет өлкө валютасындагы маалыматтар Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом эквивалентинде эсептелинет. Бардык суммалар миң сом менен чагылдырылууга тийиш. 

"Ажырым" деп аталган 12-статьяда активдердин жана милдеттенмелердин төлөө мөөнөттөрү боюнча ажырымы көрсөтүлөт. 

"Кумулятивдик ажырым" деп аталган 13- статьяда ажырымдын суммасы улам өсүш жыйынтыгы менен төлөө мөөнөттөрү боюнча суммасы көрсөтүлөт. Мисалы: "дароо" деп аталган тилкедеги кумулятивдик ажырымдын мааниси "дароо" тилкесиндеги ажырымдын маанисине барабар, ал эми "1-30 күн" деп аталган тилкедеги кумулятивдик ажырымдын мааниси "дароо" жана "1-30 күн" тилкесиндеги ажырымдын маанилеринин суммасына барабар, мындан ары да ушул ыкма колдонулат. 

 

2 §. Б бөлүкчөсү. "Активдерди/милдеттенмелерди төлөө мөөнөтү"  

 

68. Бул бөлүкчөдө активди берүүнүн же милдеттенменин келип чыгышынын баштапкы мөөнөтүнө көз карандысыз, активдерди же милдеттенмелердин төлөө мөөнөтүнө чейинки калган күндөрдүн санына жараша бардык активдер (атайын РППУну алып салуусуз) жана милдеттенмелер чагылдырылат. 

69. Активдердин төлөө мөөнөтү жана милдеттенмелердин ордун жабуу боюнча дал келбестиктер аныкталып жана алардын келечекте МФКнын ликвиддүү позициясына таасир этиши мүмкүндүгүн далилдөө ушул отчеттун максаты болуп саналат. Бул бөлүкчө МФКнын отчеттук күнгө карата ликвиддүү позициясын аныктоо үчүн колдонулган инструменттердин бири катары пайдаланылат. Бул отчетто бардык активдер менен милдеттенмелер камтылат. Бардык активдер менен милдеттенмелердин ошол учурдагы баланстык наркы төлөөгө чейинки күндөрдүн санынын негизинде тиешелүү ячейкаларга чегерилүүгө тийиш. 

70. Эгерде, сунушталган каржылоо боюнча төлөөлөр 30 күндөн 60 күнгө чейин мөөнөтүнөн кечиктирилип төлөнсө жана/же каржылоо эки жолу реструктуризацияланса, анда ал «181 күндөн 365 күнгө чейин» категориясына киргизилүүгө тийиш. Эгерде, сунушталган каржылоо боюнча төлөөлөр 60 күндөн ашык мөөнөткө кечиктирилип төлөнсө жана/же каржылоо экиден көп жолу реструктуризацияланса жана/же чегербөө статусунда болсо, анда ал «3 жылдан ашык» категориясына киргизилүүсү зарыл. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 02.07.2018-ж. № 30/5 токтому менен бекитилген)  

71. 5 жана 10-статьяда бул бөлүкчөнүн башка статьяларына кирбеген бардык башка активдер жана милдеттенмелер төлөө мөөнөттөрүнө ылайык көрсөтүлөт. 

6- берене атайы РППУну минуска чыгаруу менен "Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет" деп аталган 1-бөлүктүн "Активдер" деп аталган А бөлүкчөсүнүн 15-статьясына барабар болууга тийиш. 11-берене "Финансылык абал жөнүндө отчет" деп аталган 1-бөлүктүн "Милдеттенмелер" деп аталган Б бөлүкчөсүнүн 23-статьясына барабар болууга тийиш. 

12 жана 13-статьялардын ар бир мезгил аралыгы үчүн эсептелинет. Бардык суммалар миң сом менен чагылдырылууга тийиш. 

"Ажырым" деп аталган 12-статьяда активдердин жана милдеттенмелердин төлөө мөөнөттөрү боюнча ажырымы көрсөтүлөт. 

"Кумулятивдик ажырым" деп аталган 13-статьяда ажырым суммасы улам өсүш жыйынтыгы менен төлөө мөөнөттөрү боюнча көрсөтүлөт. Мисалы: "дароо" деп аталган тилкедеги кумулятивдик ажырымдын мааниси "дароо" тилкесиндеги ажырымдын маанисине барабар, ал эми "1-30 күн" тилкесиндеги кумулятивдик ажырымдын мааниси "дароо" жана "1-30 күн" тилкелериндеги ажырымдын маанилеринин суммасына барабар, мындан ары да ушул ыкма колдонулат. 

 

7-бөлүк "РППУдагы өзгөрүүлөр" 

 

1§. А бөлүкчөсү. "РППУдагы өзгөрүүлөр" 

 

72. "Отчеттук мезгилдин башталышына карата РППУ калдыгы, бардыгы болуп"  

деп аталган 1-статьяда төмөнкүлөрдү кошо алганда, өтүп жаткан жылдын башталышына карата РППУ эсебиндеги калдык көрсөтүлөт: 

1) "атайы камдар" - жыл башына карата классификацияланган активдер боюнча атайы РППУ суммасы; 

2) "жалпы камдар" - жыл башына карата классификацияланбаган активдер боюнча потенциалдуу жоготуулардын ордун жабуу үчүн түзүлгөн жалпы РППУ суммасы. 

"Кайтарылган активдер (плюс) (МФК менчигине өткөн ошол эле күрөө мүлкү)" деп аталган 2-статьяда мурда эсептен алынып салынган активдерди кайтарып алуунун натыйжасында РППУнун абсолюттук мааниси ага азайтылган сумма көрсөтүлөт. 

"Эсептен алынып салынган активдер (минус)" деп аталган 3-статьяда чыгым катары классификацияланган активдерди эсептен алып салуунун натыйжасы катары РППУнун эсеби боюнча калдык ага азайтылган сумма көрсөтүлөт. 

"Жыл башынан тартып РППУга чегерүүлөр" деп аталган 4-статьяда өтүп жаткан жыл ичинде РППУга чегерүүлөрдүн айкын өлчөмү көрсөтүлөт. 

"Корректировкалоо" деп аталган 5-статьяда отчеттук мезгилдин акырына карата РППУнун тиешелүү суммасындагы бардык өзгөрүүлөрдүн таза суммасы көрсөтүлөт. Аталган сан терс болсо, сумма кашаа ичинде көрсөтүлүүгө тийиш. 

"Отчеттук мезгилдин акырына карата РППУ калдыгы, бардыгы болуп" деп аталган 6-статьяда атайы жана жалпы РППУ боюнча 3-беренени минуска чыгаруу менен 1, 2, 4, 5-статьялардын суммасына барабар болгон сумма көрсөтүлөт. 

 

2 §. Б бөлүкчөсү. "РППУнун эсебинен мурда эсептен алынып салынган жана кайтарылган (мурда эсептен алынып салынган) активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер жөнүндө маалымат"  

 

73. Бул бөлүкчөдө өтүп жаткан жыл башынан тартып РППУнун эсебинен эсептеп алынып  

салынган активдер, ошондой эле өтүп жаткан жыл ичинде сом түрүндө (2, 4, 6-тилкелер) жана Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом эквивалентиндеги чет өлкө валютасында (3, 5, 7-тилкелер) кайтарылып алынган активдер жөнүндө маалыматтар чагылдырылат. 

74. Кардарларга сунушталган каржылоолор, кардардын ишинин негизги тармагы жана анын бизнесинин түрү боюнча эмес, өздөштүрүлө турган иш багытына ылайык экономиканын секторлору боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш. Эсептеп алып салуу жана кайтаруу, тиешелүү тилкелерде жана статьяларында чагылдырылууга тийиш. Таза эсептеп алып салуу суммасы дароо эсептелинет. Бардык суммалар миң сом менен чагылдырылууга тийиш. 

75. "Статья" деп аталган 1-тилкенин 1, 2, 4, 5, 6 жана 8-статьяларында РППУнун эсебинен эсептеп алынып салынган жана кайтарылган (мурда эсептен алынган) активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер санап көрсөтүлөт. 

"Финансы-кредиттик уюмдарга сунушталган каржылоо" деп аталган 1-статьяда жана "Башка кардарларга сунушталган каржылоо" деген 2-статьяда каржылоо наркы (амортизацияланбаган дисконт өлчөмүн минуска чыгаруу менен) РППУну эсептен алып салуусуз көрсөтүлөт. 

"Башка активдер" деп аталган 6-статьяда жогоруда көрсөтүлбөгөн, бирок өтүп жаткан жылдын башынан тартып РППУнун эсебинен эсептен алынып салынган же өтүп жаткан жыл ичинде кайтарылган (мурда эсептен алынып салынган) бардык активдер көрсөтүлөт. 

"Эсептен алып салуу - А" деп аталган 2 жана 3-тилкелерде РППУнун эсебинен эсептен алынып салынган активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммалары көрсөтүлөт. 

"Кайтарып алуу - Б" деп аталган 4 жана 5-тилкелерде мурда эсептен алынып салынган, РППУга кайтарылган активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммалары көрсөтүлөт. 

"Таза эсептен алып салуу" деп аталган 6 жана 7-тилкелерде эсептен алынып салынган жана кайтарылган активдер менен баланстан тышкаркы милдеттенмелердин өлчөмдөрүнүн ортосундагы айырма көрсөтүлөт, ал мурда эсептен алынып салынган активдер менен баланстан тышкаркы милдеттенмелерди кайтарып алуудан түшкөн таза кирешени (чыгымды) аныктайт. 

 

8. 8-бөлүк. "Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат"  

 

1 §. А бөлүкчөсү. "Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат"  

 

76. Бул бөлүктө МФК кардарларынын ири өлчөмдөгү чогуу алгандагы карызы отчеттук күнгө карата номиналдык наркы боюнча чагылдырылат (мындан ары бул бөлүктө "каржылоо" катары чагылдырылат). Каржылоо суммасы алардын номиналдык наркы боюнча көрсөтүлүүгө тийиш. Бардык суммалар миң сом менен чагылдырылат. 

77. "Карыз алуучунун аты-жөнү" деп аталган 2-тилкеде МФКнын ар бир кардарынын аты-жөнү көрсөтүлөт (компаниялардын расмий аталышы мамлекеттик мекеме тарабынан берилген каттоо документине ылайык көрсөтүлөт, ал эми же жеке адамдын толук аты-жөнү берилет). 

"Топ" деп аталган 3-тилкеде бир топ катары каралган топтордун ар бир мүчөсү көрсөтүлүүгө тийиш. Мындай топтун ар бир каржылоо бүтүмү өзүнчө статьяда көрсөтүлүшү зарыл. Мисалы, өзүнчө бир адам ал иштеген компания сунуштаган жеке каржылоого ээ болсо, каржылоо боюнча ири бүтүмдөрдү аныктоо максатында мындай бүтүмгө топко чегерилген номер ыйгарылууга тийиш. Мисалы: "А" деп аталган өзүнчө адам жана аны менен байланыштуу эки компания үч каржылоо бүтүмүнө ээ болсо жана алардын бири ири активди (бир топ) түзсө, анда топтун "1" деген номер биринчи, экинчи жана үчүнчү каржылоого ыйгарылууга тийиш. Ал эми кийинки олуттуу каржылоо башка кардарга сунушталса, анда ага "2" деген номер ыйгарылат. 

Ошентип, мындай каржылоону төмөнкүчө чагылдырууга болот: 

  

Кардардын аты-жөнү 

Топтун номери 

1. 

"А" кардардын аты-жөнү 

2. 

"А" кардарынын компаниясы 

3. 

"А" кардарынын компаниясы 

4. 

"В" кардары 

Ар бир кардарга тиешелүү транзакциялар 4 жана 7-тилкелерде көрсөтүлөт. 

Тиешелүү транзакциялар боюнча үстөк баа/киреше 5 жана 8-тилкелерде көрсөтүлөт. 

Ар бир кардардын 4 жана 7-тилкелердин суммасына барабар жалпы карызы 9-тилкеде көрсөтүлөт. 

МФК тарабынан сунушталган каржылоонун негизги суммасы боюнча кардардын мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызынын созулушу (төлөө мөөнөтү) "Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер, күндөр" деп аталган 10-тилкеде көрсөтүлөт. Бул позиция каржылоо мөөнөтүндө төлөнбөгөн катары эсептелген күндөн тартып жана отчеттук күнгө карата күндөрдө чагылдырылат. 

 

2 §. Б бөлүкчөсү. "Аффилирленген жактар менен операциялар тууралуу жалпы маалымат"  

 

78. "Аффилирленген жактын аталышы" деп аталган 2-тилкеде МФКнын ага каржылоо сунушталган жана ошоңдой эле активдер сунушталган аффилирленген жактын аталышы көрсөтүлөт. 

“Операциянын суммасы” жана “Операциянын түрү” деп аталган 3-4-тилкелерде аффилирленген жактар менен ишке ашырылган операциялар суммасы жана түрү көрсөтүлөт. 

“Операция башталган күн” жана “Операциянын аяктаган мөөнөтү жана күнү” деп аталган 5-6-тилкелерде операциялар башталган жана аяктаган күн көрсөтүлөт. 

Үстөк баа/киреше” жана “Кирешелүүлүк коэффициенти” деп аталган 7-8-тилкелерде операциялар боюнча үстөк баа/киреше жана кирешелүүлүк коэффициенти пайыздарда чагылдырылат. 

“Күрөө” жана “Күрөөнүн ээси” деген 9-10-тилкелерде күрөөнүн түрү жана аны сунуштаган жак (кардар) көрсөтүлөт. 

“Операцияны жүргүзүү шарттары” деген 11-тилкеде аффилирленген жак менен бүтүмдөрдү ишке ашыруу шарттары чагылдырылат. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

3 §. В бөлүкчөсү. "Уюштуруучулардан/акционерлерден займдар"  

 

79. "Уюштуруучу/акционер" деп аталган 2-тилкеде МФКнын уюштуруучусу/акционери толук көрсөтүлөт. 

"Сумма" деп аталган 3-тилкеде келишим боюнча каржылоо суммасы көрсөтүлөт. 

"Берилген күнү" деп аталган 4-тилкеде келишим боюнча каржылоо сунушталган күн көрсөтүлөт (жылы, күнү, айы). 

өлөө күнү" деп аталган 5-тилкеде келишим боюнча каржылоонун төлөө күнү көрсөтүлөт (жылы, күнү, айы). 

"Каражаттар калдыгы" деп аталган 6-тилкеде МФКнын уюштуруучулары/ акционерлери тарабынан сунушталган каржылоонун калган суммасы көрсөтүлөт. 

"Үстөк баа/чыгаша" деп аталган 7-тилкеде келишимге ылайык каржылоо боюнча үстөк баа/чыгаша көрсөтүлөт. 

"Валюта" деп аталган 8-тилкеде каржылоо сунушталган валюта көрсөтүлөт. 

"Башка шарттар" деп аталган 9-тилкеде бул каржылоо боюнча башка кошумча шарттар көрсөтүлөт. 

 

9. 9-бөлүк. "Кызматчылар менен жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалымат"  

 

80. Бул бөлүк МФК тарабынан өз кызматкерлерине берилген каржылоо жана ушул сыяктуу активдер боюнча маалыматтарды камтыйт. Каржылоо жана МФКнын ушул сыяктуу активдеринин суммасы алардын номиналдык наркы боюнча көрсөтүлүүгө тийиш. 

81. "Кызматчынын аты-жөнү" деп аталган 2-тилкеде кызматкерлердин аты-жөнү толук көрсөтүлөт. Бул бөлүктү толтуруу тартиби "Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат" деп аталган 8-бөлүктү толтуруу тартибине окшош. 

 

10. 10-бөлүк. "Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат"  

 

82. Ушул бөлүк Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы №  24/11 токтому менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерине ылайык толтурулат. 

 

11. 11-бөлүк. "Кардарларга берилген каржылоо жөнүндө маалымат"  

 

83. Бул бөлүк каржылоо портфели боюнча статистикалык маалыматтарды сунуштайт. Андагы маалыматтар консолидацияланган негизде, ошондой эле областтар боюнча түзүлөт. 

84. Кирешелүүлүктүн орточо алынган эффективдүү чени Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы №  33/4 токтому менен бекитилген "Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сый акы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды таркатууда эффективдүү пайыздык ченди эсептөө жөнүндө" жобого жана ушул усулдук көрсөтмөлөрдүн 44-пунктуна ылайык эсептелинет. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

1 §. "Каржылоо шарттары жөнүндө маалымат" 

 

85. Бул формада каржылоо ыкмалары жана төлөө шарттары, ошондой эле күрөөгө карата коюлган талаптар, б.а негизги күрөө жана кошумча күрөө жөнүндө маалыматтар, ошондой эле төлөө шарттары тууралуу маалыматтар берилет. 

 

2 §. "МФКнын персоналы жөнүндө маалымат" 

 

86. Бул бөлүктө МФКнын кызматкерлеринин саны, түзүмдүк бөлүмү жана эмгек акыларынын деңгээли боюнча кошумча маалымат берилет. 

87. "Катталган персоналдын, кызматчынын саны" деп аталган 1-статьяда иштеп жаткан кызматкерлердин, ошондой эле өргүүдөгү кызматкерлердин айкын саны көрсөтүлөт (мисалы, бала багуу өргүүсү боюнча 3 жылга чейин). Мындан тышкары, мөөнөттүү эмгек келишими менен иштеген кызматкерлердин санын, башка уюмдун кызматкери болуп саналбаган, контракт боюнча иштеген кызматкерлердин санын көрсөтүү зарыл. Кызматкерлердин санын отчеттук чейректин ар бир календардык күнүнө карата кошуп, алынган санды чейректеги календардык күндүн санына бөлүү менен кызматкерлердин орточо санын аныктайбыз. 

"Кызматчылардын орточо эмгек акыларын жана башка орточо көрсөткүчтөрүн эсептөөдө колдонулуучу саны" деп аталган 2-статьяда отчеттук мезгил ичинде иштеген кызматкерлердин саны көрсөтүлөт. Толук эмес иш күнү менен иштеген же белгилүү бир тапшырманы аткаруу үчүн ишке тартылган кызматкерлердин саны айкын иштеген сааттарга пропорционалдуу эсептелет: отчеттук ай ичинде иштеген адам сааттарынын санын биринчи иш күнүнүн узактыгына (сааттарга) бөлүп, андан кийин отчеттук айдын жумуш күндөрүнүн санына бөлүү зарыл. 

"Эмгек акы фонду (анын ичинде финансылык көмөк көрсөтүү жана социалдык жеңилдиктер, миң сом түрүндө)" деп аталган 3-статьяда негизги эмгек акыны, эмгек акыга карата үстөк акыны, сый акыларды жана башка төлөмдөрдү кошо алганда, эмгек акыны төлөө үчүн каралган сумма көрсөтүлөт. 

 

12. 12-бөлүк. "Чечмелөө"  

1 §. А бөлүкчөсү. "Банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу боюнча маалымат"  

 

88. “Банктын аталышы” деп аталган 2-тилкеде агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөр ишке ашырыла турган коммерциялык банктардын аталышы көрсөтүлөт. 

“Которуу системасы” деп аталган 3-тилкеде операциянын түрү, башкача айтканда которуу системаларынын аталышы көрсөтүлөт.  

“Операциялардын саны” деп аталган 4-тилкеде отчеттук мезгил ичинде агенттик келишим боюнча ишке ашырыла турган операциялардын саны көрсөтүлөт. 

“Операциялардын көлөмү, жыл башынан бери бардыгы болуп” деп аталган 5-тилкеде МФК тарабынан жүзөгө ашырыла турган операциялардын чогуу алгандагы суммасы жыл башынан тартып улам өсүш жыйынтыгы менен сомдук эквивалентте көрсөтүлөт. 

“Анын ичинде отчеттук мезгил ичинде” деп аталган 6-тилкеде МФК тарабынан отчеттук мезгил ичинде которуу системалары боюнча жүзөгө ашырыла турган операциялардын суммасы көрсөтүлөт. 

 

2 §. Б бөлүкчөсү. "Финансы- насыялык уюмдарда ишке ашырылган операциялар жана инвестициялар боюнча чечмелөөлөр" 

 

89. "Уюмдун аталышы" деп аталган 3-тилкеде төмөнкү статьялар боюнча салымдар/инвестициялар салынган уюм көрсөтүлөт: 

1) банктарды кошо алганда, финансылык уюмдардын эсептериндеги акча каражаттары; 

2) инвестициялар жана финансылык катышуу; 

3) мамлекеттик баалуу кагаздар. Мында мамлекеттик казына векселдерине жана мамлекеттик казына облигацияларга бөлүштүрүлгөн маалыматтар көрсөтүлөт. МФК акча каражаттарын алардын Шариат стандарттарына ылайык келүүсү шартында мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестициялоого укуктуу. 

“Отчеттук мезгилдин башына карата калдыгы” жана “Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык” деп аталган 4 жана 7-тилкелерде отчеттук мезгилдин башталышына жана акырына карата операциялар боюнча акча каражаттардын калдыгы, тиешелүүлүгүнө жараша көрсөтүлөт. 

“Отчеттук мезгил ичинде эсептериндеги акча каражаттарынын же инвестицияларынын көбөйүүсү” деп аталган 5-тилкеде отчеттук мезгил ичинде эсептердеги акча каражаттардын же инвестициялардын көбөйүшү көрсөтүлөт. 

“Отчеттук мезгил ичинде эсептериндеги акча каражаттарынын же инвестицияларынын азайышы” деп аталган 6-тилкеде отчеттук мезгил ичинде эсептердеги акча каражаттардын же инвестициялардын азайышы көрсөтүлөт. 

“Орточо алынган үстөк баа/киреше, отчеттук мезгилдин акырына карата %да” деп аталган 8-тилкеде финансылык уюмдун эсептериндеги акча каражаттар жана инвестициялар боюнча орточо үстөк баа/киреше пайыздарда чагылдырылат. 

“Отчеттук мезгилдин акырына карата орточо алынган кирешелүүлүк коэффициенти, %да” деп аталган 9-тилкеде эсептердеги акча каражаттар жана финансылык уюмга инвестициялар боюнча кирешелүүлүктүн орточо алынган коэффициенти пайыздарда көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 08.02.2018-ж. № 06/2 токтому менен бекитилген) 

 

13. "Чет өлкө активдери жана милдеттенмелери боюнча отчет" 

 

90. Бул бөлүк МФКнын чет өлкөдөгү активдери жана резидент эместер алдындагы милдеттенмелери жөнүндө статистикалык маалыматтарды камтыйт. 

Чет өлкө инвесторлору алдындагы жеке карыздык милдеттенме жөнүндө отчет эки формадан турат: № 1-НД форма жана № 2-НД форма. 

 

1 §. № 1-НД форма "Жеке карыздык милдеттенме/кредитордук карыз жөнүңдө маалыматтар" 

 

91. "Жеке карыздык милдеттенме/кредитордук карыз жөнүңдө маалыматтар" № 1-НД формасы ар бир каржылоо операциясына өз-өзүнчө келишимге кол коюлгандан күндөн тартып, 10 жумуш күнү ичинде бир жолу толтурулат. 

92. МФК боюнча базалык маалымат төмөнкү маалыматтарды камтыйт: 

1) "Кардардын (резиденттин) аталышы - документти түзүүчүнүн коду" - МФКнын толук расмий аталышы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык кодификаторунун коду (ОКПО) көрсөтүлөт; 

2) "Кардардын (резиденттин) аталышы - документ түзүүчү" - МФКнын толук расмий аталышы көрсөтүлөт; 

3) "Аймак (областы, район, шаар, калк конуштары)": 

а) "областы" - МФКнын башкы кеңсеси жайгашкан областтын аталышы көрсөтүлөт; 

б) "район" - МФКнын башкы кеңсеси жайгашкан райондун аталышы көрсөтүлөт; 

в) "шаар же калк конуштары" МФКнын башкы кеңсеси жайгашкан шаар же калк конуштары көрсөтүлөт; 

4) "Дареги (почта индекси, көчө, үй № )": 

а) "почта индекси" - почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт; 

б) "көчө, үй № " - көчөнүн аты жана башкы кеңсенин имаратынын номери көрсөтүлөт; 

5) "экономикалык иштин түрү" - экономикалык иштин түрү көрсөтүлөт; 

6) "телефон" - МФКнын расмий телефон номери көрсөтүлөт; 

7) "факс" - МФКнын расмий факс номери көрсөтүлөт; 

8) "электрондук дарек" - МФКнын электрондук почтасынын расмий дареги көрсөтүлөт. 

93. Жеке карыздык милдеттенме/кредитордук карыз жөнүндө отчетто төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

1) “каржылоо операциясынын коду” - Улуттук банк тарабынан ыйгарылат; 

2) “кардардын түрү” - саналып көрсөтүлгөн тизмеден тиешелүү саптагы кардардын тиби белгиленет; 

3) “экономика сектору” - келтирилген тизмеден отчет берүүчү МФК таандык болгон, экономика сектору бөлүп көрсөтүлөт; 

4) “келишим түрү”- келишимдин тиби көрсөтүлөт, эгерде бул пунктта келишим түрү көрсөтүлбөсө, ал 18-пункттун эскертүү бөлүгүндө жазылат; 

5) “төлөмдөрдү төлөө ишке ашырылат” - келтирилген тизмеден негизги сумманын төлөмдөрү кандай түрдө төлөнө тургандыгы көрсөтүлөт, эгерде бул пунктта негизги сумманын төлөмдөрүнүн түрү көрсөтүлбөсө, ал 18-пункттун эскертүү бөлүгүндө жазылат; 

6) “негизги сумманы төлөө” - каржылоо операцияларынын жеңилдик берилген мезгили айларда, графикте каралган негизги сумманын биринчи жана акыркы төлөмдөрү, насыя (займ) же баалуу кагаздар боюнча негизги карыздын ордун жабуунун эсебинен жыл ичиндеги төлөмдөрдүн саны көрсөтүлөт; 

7) “кредитордун аталышы/ээлик кылуучунун аты-жөнү” - кредитордун аты толук көрсөтүлөт, эгерде 4-пункттун 4-пунктчасы көрсөтүлгөн болсо, анда бул пунктта эсеп ээсинин аты-жөнү чагылдырылат; 

8) “өлкөсү” - кредитордун өлкөсү көрсөтүлөт; 

9) “кредитордун/ээлик кылуучунун түрү” - кредитордун же каражаттар баалуу кагазды резидент эмеске сатуунун эсебинен тартылган болсо, баалуу кагазга ээлик кылуучунун тиби белгиленет; 

10) “инвестордун түрү” - бул пунктта кредитор түздөн-түз чет өлкө инвестору болуп саналары же саналбай тургандыгы белгиленет; 

11) “макулдашууга кол коюу күнү”- кардар менен кредитор ортосунда каржылоо боюнча макулдашууга же болбосо соода бүтүмүн тариздөө учурунда сатып алуучу менен берүүчүнүн ортосунда товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө келишимге кол коюу күнү көрсөтүлөт; 

12) “каржылоонун/тартылган каражаттардын/кредитордук карыздын суммасы” - эгерде форма баштапкы каржылоо үчүн толтурулса, анда 1-пунктчада товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө келишимдин/каржылоо боюнча макулдашуунун шарттарына ылайык берилүүчү каржылоонун/тартылган каражаттардын/кредитордук карыздын (же баалуу кагаздын номиналдык наркы) жалпы суммасы гана көрсөтүлөт. Эгерде форма реструктуризацияланган карыз үчүн толтурулса, анда 1-пунктчада Каржылоону реструктуризациялоо (же кайра тариздөө) жөнүндө макулдашууга ылайык, мөөнөтүндө төлөнбөгөн негизги сумманы жана кайра таризделген үстөк бааны/чыгашаны бөлүп берүү менен каржылоонун жалпы суммасы көрсөтүлөт. Ал эми 2-пунктчада Улуттук банк тарабынан ыйгарылган баштапкы каржылоонун коду, реструктуризациялана турган мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма көрсөтүлөт; 

13) “каржылоонун/тартылган каражаттардын/кредитордук карыздын валютасы” - товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө келишимдин/каржылоо боюнча макулдашуунун шарттарына ылайык, кредитордун/товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун (эсептин ээси же баалуу кагазды сатып алуучу) алдында кардардын/сатып алуучунун милдеттенмеси берилген валюта көрсөтүлөт; 

14) “үстөк баа/чыгаша” - алынган каржылоо боюнча же товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча төлөнө турган үстөк баа/чыгаша чагылдырылат; 

15) “үстөк баанын/чыгашанын ордун жабуу күнү” - чегерилген үстөк баанын/чыгашанын ордун жапкан биринчи жана акыркы төлөмдөр жүргүзүлгөн күн, ошондой эле үстөк баа/чыгаша боюнча графикке ылайык бир жыл ичиндеги төлөмдөрдүн саны көрсөтүлөт; 

16) “комиссиялык төлөмдөрдүн чени” - каржылоо суммасы боюнча кредиторго төлөнүп берилүүчү комиссиялык төлөмдөрдүн чени көрсөтүлөт; 

17) “карыздык милдеттенмени тейлөө” - насыя (займ)/кредитордук карыз боюнча негизги сумманын ордун жабуу эсебинен айкын төлөмдөр жана каржылоону алгандан баштап отчеттук күнгө чейин чегерилген үстөк баа/чыгаша чагылдырылат. 

Эскертүү: Көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы жана тууралыгы жетекчинин жана башкы бухгалтердин кол тамгалары жана МФКнын мөөрү менен ырасталат. 

 

2 §. № 2-НД форма "Карыздык милдеттенмени/кредитордук карызды тейлөө боюнча маалыматтар" 

 

94. Ушул форма МФК тарабынан чейрек сайын толтурулат жана отчеттук чейректен кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен сунушталат. 

95. МФК жөнүндө № 2-НД формасындагы базалык маалыматтар "Жеке карыздык милдеттенме/кредитордук карыз жөнүндө маалыматтар" № 1-НД формасына окшош толтурулат. 

96. Таблицадагы бардык маалыматтар ар бир каржылоо операциясы боюнча өзүнчө, каржылоо сунушталган валютада көрсөтүлөт. 

Өлчөө бирдиги: миң акча бирдиги (мисалы: миң сом, миң АКШ доллары, миң орус рубли). 

 

3 §. 1-таблица "Жеке карыздык милдеттенмени тейлөө жөнүндө отчет" 

 

97. Отчетто карыздык милдеттенмени/кредитордук карызды иш жүзүндө тейлөө жөнүндө маалыматтар берилет. 

"Каржылоо бүтүмүнүн коду" деп аталган тилкеде код Улуттук банк тарабынан ыйгарылат. "Каржылоо валютасы" деп аталган тилкеде каржылоо алынган валюта көрсөтүлөт. 

"Мезгилдин башталышына карата карыз, бардыгы болуп" деп аталган тилкеде отчеттук мезгилдин башталышына карата карыздын өлчөмү/топтолгон кредитордук карыз көрсөтүлөт. 

"Мезгил ичиндеги өзгөрүүлөр" тобундагы тилкелерде отчеттук чейрек ичиндеги өзгөрүүлөр көрсөтүлөт: 

1) "алынды" тобундагы тилкелерде: 

- "товарлар, жабдуулар" тилкесинде чет өлкө инвестору тарабынан кредитке берилген товарлар менен жабдуулардын суммасы акчалай көрсөтүлөт; 

- "кызмат көрсөтүүлөр" тилкесинде чет өлкө инвестору тарабынан кредитке берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасы акчалай көрсөтүлөт; 

- "акча түрүндө" тилкесинде чет өлкө инвестору тарабынан акча түрүндө берилген сумма көрсөтүлөт; 

2) "орду жабылды" тобундагы тилкелерде: 

- "негизги сумма" тилкесинде отчеттук мезгил ичинде төлөнгөн негизги сумма көрсөтүлөт; 

- "үстөк баа/чыгаша" деп аталган тилкеде отчеттук мезгил ичинде төлөнгөн үстөк баа/чыгаша чагылдырылат; 

3) "мөөнөтүндө төлөнбөгөн" тобундагы тилкелерде: 

- "негизги сумма" тилкесинде МФКнын отчеттук мезгил ичинде негизги сумма боюнча орду жабылбаган карызы көрсөтүлөт; 

- "үстөк баа/чыгаша" тилкесинде МФКнын отчеттук мезгил ичинде үстөк бааны/чыгашаны төлөп берүү боюнча орду жабылбаган карызы көрсөтүлөт. 

"Мезгилдин акырына карата карыз, бардыгы болуп" деп аталган тилкеде төмөнкү формула боюнча эсептелүүчү карыздын/топтолгон кредитордук карыздын суммасы көрсөтүлөт: 

"Мезгилдин акырына карата карыз, бардыгы болуп" = "Мезгилдин башталышына карата карыз, бардыгы болуп" + "Алынды (акча түрүндө бардыгы болуп товарлар, жабдуулар, кызмат көрсөтүүлөр)" - "Негизги сумманын орду жабылганы" + "Негизги сумманын мөөнөтүндө төлөнбөгөнү". 

 

4 §. 2-таблица "Негизги сумманы төлөө (болжолдоо)" 

 

98. Бул таблицада отчеттук мезгилден кийинки чейректен тартып товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө келишимдин/каржылоо боюнча макулдашуунун графигине ылайык, негизги карыз/кредитордук карыз боюнча төлөөлөр жөнүндө болжолдуу маалыматтар чагылдырылат. 

 

5 §. 3-таблица "Каржылоо боюнча үстөк бааны/чыгашаны төлөө (болжолдоо)" 

 

99. Таблицада отчеттук мезгилден кийинки чейректен тартып товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө келишимдин/каржылоо боюнча макулдашуунун графигине ылайык, үстөк баа/чыгаша/кредитордук карыз жөнүндө болжолдуу маалыматтар чагылдырылат. 

Эскертүү:  

Көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы жана тууралыгы жетекчинин жана башкы бухгалтердин кол тамгалары жана МФКнын мөөрү менен ырасталат. 

 

 

6 §. Форма "Чет өлкө банкында ачылган эсеп жөнүндө билдирүү

 

100. Бул формада чет өлкө банкында ачылган эсеп жөнүндө маалыматтар ошол банктын жана МФКнын реквизиттерин көрсөтүү менен чагылдырылат, ошондой эле ачылган эсеп жөнүндө толук маалымат камтылат. 

101. "Толук аталышы" деп аталган тилкеде МФКнын жайгаштырылган акча каражаттары чагылдырылган эсеп ачылган банктын толук расмий аталышы көрсөтүлөт. 

"Телефонду, факсты жана E-mail почтаны көрсөтүү менен толук юридикалык дарек" деп аталган тилкеде эсеп ачылган банктын толук юридикалык дареги, телефон менен факстын расмий номерлери жана банктын электрондук почтасынын расмий дареги көрсөтүлөт. 

"Эсеп ачылган күн" 1-пунктунда банкта эсеп ачылган күн көрсөтүлөт. 

"Эсеп тиби" 2-пунктунда банктык эсептин тиби көрсөтүлөт. 

"Эсеп валютасы" 3-пунктунда банктык эсептин валютасы көрсөтүлөт. 

Кошумча маалымат катары төмөнкүлөр маалымдалат: 

"Эсеп ачкан резиденттин толук аталышы (жеке адамдын аты-жөнү)" 1-пунктунда МФКнын толук расмий аталышы көрсөтүлөт. 

"Юридикалык (үй) дареги" 2-пунктунда телефон, факс номерлери жана E-mail почтасын көрсөтүү менен МФКнын толук расмий дареги көрсөтүлөт. 

"Менчик түрү" 3-пунктунда МФКнын менчигинин түрү көрсөтүлөт. 

"Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн номери" 4-пунктунда - МФКнын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн номери көрсөтүлөт. 

 

7 §. Чет өлкө банкынын эсептериндеги каражаттардын калдыгы жөнүндө маалымат 

 

102. Чет өлкө банктарынын эсептериндеги каражаттардын калдыгы жөнүндө маалыматтарда эсеп валютасы, МФКнын реквизиттери жана эсеп ачылган банктын реквизиттери көрсөтүлөт. 

103. Маалыматтар МФК тарабынан чейрек сайын толтурулат жана отчеттук чейректен кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен сунушталат. 

"____-жылдын ____-чейреги үчүн" деп аталган статьяда отчет сунушталган чейрек көрсөтүлөт. 

"Резиденттин аталышы" деп аталган статьяда МФКнын толук расмий аталышы көрсөтүлөт. 

"Банктын аталышы" деп аталган статьяда эсеп ачылган чет өлкө банкынын толук расмий аталышы көрсөтүлөт. 

"Өлкө" деп аталган статьяда - эсеп ачылган чет өлкө банкынын өлкөсү көрсөтүлөт. 

"Эсеп валютасы" деп аталган статьяда эсеп ачылган валюта көрсөтүлөт. 

Отчеттук мезгил ичиндеги өзгөрүүлөр: 

1) "бир мезгилдин башталышына карата калдык" - мезгилдин башталышына карата калдык эсеп валютасынын миң бирдиктеринде жана миң АКШ долларында көрсөтүлөт; 

2) "бир мезгилдин акырына карата калдык" - мезгилдин акырына карата калдык эсеп валютасынын миң бирдиктеринде жана миң АКШ долларында көрсөтүлөт.