Кайта келүү

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 30-майындагы  

№ 24/11 токтому менен бекитилген 

 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелери 

 

(Кыргыз Ресрубликасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2016-жылдын 15-июнундагы N 25/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-12-(НПА), 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12\4-6-(БС)) 

 

 

1-глава. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын, ошондой эле «ислам терезесине ээ» микрофинансылык уюмдардын ишине (мындан ары - МФУ) таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамдарга ылайык микрофинансылык уюм милдеттүү түрдө аткарууга жана сактоого тийиш болгон экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө ушул Эрежелердин максаты болуп саналат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы N2017-П-12/25-12-(НПА), 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3. Микрофинансылык уюмдар ушул эрежелерде көрсөтүлгөн экономикалык ченемдерди аткаруу жана тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, өзүнүн ички саясаттарында Улуттук банк тарабынан белгиленген максималдуу чектен төмөн, минималдуу чектен жогору болгон экономикалык ченемдери боюнча ички чектерин белгилей алат.  

4. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

5. МФУга каражаттарды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштыруу жана тартуу жагында (лицензияда белгиленген учурда) уруксат берилген бүтүмдөрдүн (келишимдердин) түрлөрү, Шариат кеңеши тарабынан жактырылып, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берген типтүү келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.  

6. Микрофинансылык уюмдар кардарларга/сунуштоочуларга/өнөктөштөргө (мындан ары - кардар) каржылоону, мыйзамдар талаптарына ылайык, анын ичинде адамдар тобунун субсидиардык же шериктештик жоопкерчилиги астында каржылоо келишими аркылуу тариздейт.  

7. МФУлар Улуттук банктын талаптарына ылайык өз операцияларынын бухгалтердик эсебин жүргүзүүгө жана финансылык отчет түзүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

8. МФУ ички аудитти эсептеринин аныктыгын текшерүү, өз ички контролдук системасынын шайкештигине жана натыйжалуулугуна жана анын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келишине баа берүү максатында жүзөгө ашырат. Бул үчүн микрофинансылык компания (мындан ары МФК) өз ички аудит кызматын милдеттүү түрдө түзүүгө тийиш, ал эми микрокредиттик компанияга (мындан ары МКК) жана микрокредиттик агенттикке (мындан ары МКА) карата ички аудит кызматын түзүшү мүмкүн. 

8-1. Микрофинансылык сектор үчүн системалуу мааниге ээ МФУ система түзүүчүлөр болуп саналышат. Системалык маанилүүлүк критерийлери Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталат. Система түзүүчү МФУларга карата Улуттук банк тарабынан белгиленген жөнгө салуунун жана көзөмөлдүктүн атайы режими колдонулушу мүмкүн.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

8-2. Ушул эрежелердин максаттарында дүңүнөн кредиттөө дегенден улам, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу жана ишкердикке колдоо көрсөтүү максатында, Шариат стандарттарына ылайык келген принциптерди жана шарттарды сактоо менен кардарларга каржылоо сунуштоо үчүн ФКУга берилүүчү, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди түшүнүүгө болот. 

Дүңүнөн каржылоо менен иш алып барган МФУ (апекстик институт) дегенден улам, дүңүнөн каржылоо үлүшү анын каржылоо боюнча портфелинин 70 пайызынан ашыгын түзгөн МФУ түшүнүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы N2017-П-12/25-12-(НПА), 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

8-3. МФУлар иш кагаздарын мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүргүзүүгө тийиш. Бардык ички документтер, анын ичинде келишимдер, контракттар, контрагенттер менен келишимдер мамлекеттик же расмий тилде таризделүүсү зарыл. Мында контрагенттер менен бирдей юридикалык күчкө ээ келишимдерди мамлекеттик жана/же расмий жана чет тилде түзүүгө жол берилет. Белгиленген тартипте тастыкталган мамлекеттик же расмий тилде котормосу болгон учурда гана келишимдерди чет тилде тариздөөгө жол берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

2-глава. Акча каражаттарын тартпаган микрокаржылоо  

компанияларЫНын ишин жөнгө салуу 

 

9. МФК, Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички каржылоо саясатына ээ болууга тийиш, анда төмөнкүлөр аныкталат:  

- негизги иш чөйрөсү;  

- каржылоо багыттары;  

- кардарларга сунушталуучу продукттар;  

- бир эле ошол кардарга же байланыштуу жактар тобуна, ушул эрежелердин 10-пунктунун талаптарын эске алуу менен Улуттук банк тарабынан жаңыдан түзүлгөн МФКлар үчүн (жеке адамдардан жана юридикалык жактардан акча каражаттарын тартпаган) белгиленген минималдуу уставдык капитал өлчөмүнүн үч пайызынан ашпаган өлчөмдө сунушталуучу каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү

- (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту); 

- дүңүнөн каржылоо менен иш алып барган МФК үчүн бир эле ошол кардарга же байланыштуу жактар тобуна берилүүчү каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капитал өлчөмүнүн 20 пайызынан ашпоого тийиш. 

10. Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан акча каражаттарын кабыл алуужана/же дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган МФКларды эске албаганда, ушул эрежелердин 9-пунктунда белгиленген МФК тарабынан бир эле ошол карыз алуучуга же байланыштуу жактар тобуна сунушталуучу каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүнөн жогору каржылоону Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесине ылайык, иштеп жаткан бизнести кеңейтүү/өнүктүрүү, анын ичинде кошумча жумуш орундарын түзүү максатында каржылоонун төмөнкү багыттары боюнча берүүгө жол берилет: 

• соода; 

• айыл чарба (өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыгын, айыл чарба продукттарын даярдоону/кайра иштетүүнү кошо алганда); 

• кызмат көрсөтүүлөр;  

• транспорт; 

өнөр жай; 

• ижара мунтахийя биттамлик; 

• курулуш. 

Микрофинансылык компаниялар тарабынан каржылоону ушул пунктта көрсөтүлгөн багыттар боюнча сунуштоодо төмөнкү шарттарды аткаруусу зарыл:  

1) МФКда микрокаржылоонун максаттары менен милдеттерине ылайык продукттардын айкын түрлөрү аныкталган каржылоо саясатынын жана сунушталуучу каржылоонун максаттуу пайдаланылышына андан кийинки мониторинг жүргүзүү тартибинин болушу;  

2) белгиленген шарттар сакталган учурда, сунушталуучу каржылоонун суммасы үч миллион сомдон (же чет өлкө валютасындагы эквиваленттен) ашпоого тийиш;  

3) Кредиттик маалымат бюросунан кардардын кредиттик таржымалына тиешелүү маалыматтар болсо;  

4) кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган зарыл документтер болсо (кардарга киреше алып келген активдерге ээ болуу укугу, иштеген жеринен кардардын эмгек акысы жөнүндө маалымкат, патент, күбөлүк ж.б.у.с.), ошондой эле МФКнын каржылоо саясатына жана/же башка ички документтерине ылайык, каржылоо боюнча жооптуу адистин же МФКнын башка кызматкеринин корутундусу менен тастыкталган кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө жүргүзүлгөн баа берүү документтери болсо;  

5) өтүнүч ээсинин каржылоо алууга билдирме-анкетасы тапшырылып, анда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолору менен сунушталуучу каржылоону пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш;  

6) кардардын анын чогуу алгандагы кирешесинин өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча (негизги сумма жана үстөк баа боюнча) бир айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызын жабуучу коэффициенти 130 пайыздан кем болбоого тийиш.  

10-1. Уставдык капиталы жаңы түзүлгөн МФК үчүн белгиленген уставдык капитал өлчөмүнөн ашкан, ошондой эле өздүк капиталы уставдык капитал суммасына карата катышынын көрсөткүчү кеминде 150% барабар болгон МФК, иджара мунтахийя биттамлик операциялары боюнча каржылоону эске албаганда, ошол эле кардарга же байланыштуу адамдар тобуна МФКнын колдонуудагы катталган уставдык капитал өлчөмүнүн 2 пайызынан ашпаган максималдуу чогуу алгандагы өлчөмүндө каржылоо берүүгө укуктуу. 

МФК ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн өлчөмдө каржылоо сунуштоодо, белгиленген пункттун 2 жана 6-пунктчаларын эске албаганда, ушул жобонун 10-пунктунда белгиленген шарттарга кошумча төмөнкү шарттарды аткаруу зарыл: 

1) мудараба жана шарика/мушарака операциялары боюнча пайданын маанисин эске албаганда, каржылоо боюнча үстөк баанын/кирешенин мааниси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ченине плюс 20 пайызга жараша эсептелген, чектүү жол берилген пайыздан ашпоого тийиш; 

2) ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн өлчөмдөгү каржылоонун чогуу алгандагы көлөмү МФКнын каржылоо портфелинин 50% ашпоого тийиш; 

3) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча (негизги сумма жана үстөк баа боюнча) ар айлык салымга (төлөмгө) карата кардардын чогуу алгандагы кирешесинин айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызынын ордун жабуу коэффициенти 100%дан кем болбоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

11. МФКлар Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 токтому менен бекитилген “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө”  жободо (мындан ары текст боюнча “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө”  жобо) белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны топтоонун шарттары боюнча тиешелүү талаптарды сактоого тийиш. 

12. Микрокаржылоо компаниясынын өздүк капиталын эсептөө (баа берүү күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде ишке ашырылат:  

толук төлөнгөн уставдык капиталды; 

номиналдан ашык салынган капиталдын; 

жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капиталдын; 

келечектеги муктаждыктар үчүн камдардын; 

өткөн жылдардагы бөлүштүрүлбөгөн пайдалар/чыгымдардын; 

өтүп жаткан жыл ичиндеги чыгымдардын; 

башка МФУлардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларды минуска чыгаруу менен.

Микрокаржылоо компаниясынын минималдуу өздүк капитал ченемдерин сактоосу боюнча талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет. 

Мында, капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар дегенден улам, МФУлардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына айкын салынган каражаттардын калдыгын түшүнүү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6 токтомунун редакциясына ылайык)  

13. МФКнын жүргүзгөн иши Шариат стандарттарына каршы келбеген МФУлардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына инвестициялоону ишке ашырууга укуктуу. Мында, МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициялоосу “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамында аныкталган микрофинансылык уюмдардын максаттарына ылайык келүүгө тийиш. 

МФКлардын микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга), карыздык милдеттенмелерге инвестициялар, ижара мутахийя биттамлик бүтүмү боюнча финансылык салымдар жана ушул сыяктуу башка финансылык салымдар) чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капитал өлчөмүнүн 30% ашпоого жана төмөнкү формула боюнча аныкталууга тийиш: 

 

СИ / СК * 100% 30%, мында: 

 

СИ МФК инвестицияларынын баа берүү күнүнө карата чогуу алгандагы өлчөмү

СК МФКнын баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы (ушул Эрежелердин 12-пункту). 

Ушул ченемди эсептөөдө, алардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) МФКнын инвестициялары жайгаштырылган МФУларга, лизингдик компанияларга жана банктарга сунушталган каржылоо эсепке алынат. 

13-1. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

 

13-2. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

 

13-3. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

 

14. Микрокаржылоо компаниялары төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга укугу жок: 

1) микрокаржылоо компания өзү чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга каржылоону сунуштоого, ошондой эле аларды күрөө катарында кабыл алууга; 

2) кепилдик берүүгө

3) бир кардарга сунушталуучу каржылоонун максималдуу өлчөмүнүн ченеминен чогуу алгандагы сунушталган каржылоодон ашкан өлчөмдө гарантияларды берүүгө;  

4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары жөнүндө” мыйзамында каралган операциялар менен бүтүмдөрдөн тышкары, башка банктык операцияларды менен бүтүмдөрдү ишке ашырууга;  

5) баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишти жүзөгө ашырууга; 

6) аккредитивдерди берүүгө, баалуу металлдар менен операцияларды жана мүлктү ишеним боюнча тескөө ишин жүзөгө ашырууга.  

15. Отчеттук айдан кийинки айдын жыйырмасынан кечиктирбестен чейрек сайын МФК мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында экономикалык ченемдердин аткарылышы боюнча маалыматты Улуттук банкка сунуштап турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

15-1. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

3-глава. АКЧА КАРАЖАТТАРЫН ТАРТУУ УКУГУНА ЛИЦЕНЗИЯ АЛУУГА ТАЛАПКЕР МИКРОКАРЖЫЛОО КОМПАНИЯЛАРДЫН ИШИНЕ КАРАТА ТАЛАПТАР 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

 

4-глава. АКЧА КАРАЖАТТАРЫН ТАРТКАН МИКРОКАРЖЫЛОО КОМПАНИЯЛАРДЫН ИШИН ЖӨНГӨ САЛУУ 

22. Акча каражаттарын тартуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна ээ болгон МФКлар төмөнкүлөрдү кошо алганда, Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди сактоого милдеттүү

- төлөнгөн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн; 

- өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүн (М1); 

- капиталдын жеткиликтүүлүк (шайкештик) ченеми (М2); 

- бир кардарга карата келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн (М3); 

- ликвиддүүлүк ченемин (М4); 

- тартылган акча каражаттарын кайтаруу боюнча тобокелдикти чектөө ченемин (М5);  

- МФУ менен аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялары боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн; 

- МФКларга керектөө максаттарына каржылоо сунуштаган МФКнын кызматчыларынын чогуу алгандагы максималдуу карызын; 

- микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициялардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүн; 

- мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын өлчөмүн; 

- (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту); 

- (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы N2017-П-12/25-12-(НПА), 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

23. Акча каражаттарын тартуу боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна ээ МФКлар, төмөнкү укуктарга ээ: 

1) МФКнын өзү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды сатып алууга каржылоону сунуштоо, ошондой эле аларды күрөө катары кабыл алуу; 

2) кепилдик берүү

3) чогуу алганда берилген каржылоонун бир кардарга каржылоонун максималдуу өлчөмүнүн ченеминен ашкан өлчөмдө гарантияларды берүү

4) “Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары жөнүндө” мыйзамда каралган операциялардан жана бүтүмдөрдөн тышкары, башка банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу; 

5) баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишкердикти жүзөгө ашыруу; 

6) аккредитивдерди берүү, баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашыруу жана мүлктү ишеним боюнча тескөө

 

5-глава. АКЧА КАРАЖАТТАРЫН ТАРТУУ БОЮНЧА ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРГАН МИКРОКАРЖЫЛОО КОМПАНИЯЛАРЫ ҮЧҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕР ЖАНА АЛАРДЫ ЭСЕПТӨӨ ТАРТИБИ 

 

24. Уставдык капиталга карата төмөнкү талаптар белгиленет: 

1) акча каражаттарын тартуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырган МФКлар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны түзүү шарттары Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө» жободо белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш; 

2) МФК уставдык капиталдын өлчөмүн акча каражаттарын тартуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан МФКлардын уставдык капиталына карата Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу талаптардан төмөн эмес деңгээлде сактап турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Минималдуу өздүк капиталдын (М1) ченеминин мааниси 100% кем эмес деңгээлде сакталуусу зарыл. 

Минималдуу өздүк капиталдын (М1) ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

М1 = СК / УК * 100%, мында: 

 

СК  баа берүү күнүнө карата микрокаржылоо компанияларынын өздүк капиталы (ушул Эрежелердин 12-пункту);  

УК акча каражаттарын тарткан микрокаржылоо компаниялар үчүн белгиленген минималдуу уставдык капитал (ушул Эрежелердин 24-пунктунун 1-пунктчасы). 

26. Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеминин (М2) маанисин 8% кем болбогон деңгээлде сактоо зарыл. 

Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеми (М2) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

М2 = СК/СА *100%, мында: 

 

СК баа берүү күнүнө карата микрокаржылоо компаниялардын өздүк капиталы (ушул эрежелердин 12-пункту); 

СА валюта тобокелдиктерин хеджирлөө максатында, улуттук валютада тартылган каражаттардын суммасынын өлчөмүндө коммерциялык банктарда күрөө катары жайгаштырылган депозиттердин суммасын алып салгандагы баа берүү күнүнө карата баланстык активдердин суммасы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

27. Бир кардардын тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн (М3) ченемдик мааниси 5 % ашпаган деңгээлде белгиленет.  

Бир кардардын тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт: 

  

М3 = СЗ / СК * 100%, мында: 

  

СЗ кардардын сунушталган каржылоо (мөөнөтүнө карабастан), ижара мунтахийя биттамлик бүтүмү боюнча баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы карызы; 

СК баа берүү күнүнө карата микрокаржылоо компаниясынын өздүк капиталы. 

Бул ченем дүңүнөн каржылоо менен иш алып барган МФКларга таркатылбайт. 

Бир кардардын тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөө учурунда ар башка кардарлардын карыздары суммаланып, бир тобокелдик катары каралууга тийиш, эгерде: 

бир кардар башка кардар тарабынан контролдукка алынса; 

бир нече карыз алуучуну бир эле жак контролдукка алса; 

бир кардар карызын кайтарбай коюсунан башка кардардын карызын кайтарбай коюусуна алып келсе;  

карызды кайтаруу үчүн бир эле булак анын ичинде карызды төлөөнүн экинчи булагы (күрөө менен камсыз кылуу) колдонулса.  

Эскертүү: Бул пунктта контролдоо дегенден улам, чечимдерди түздөн-түз же кыйыр түрдө аныктоо же болбосо кабыл алынуучу чечимге, анын ичинде келишимге (оозеки келишимди кошо алганда) же башка бүтүмгө таасир этүү жөндөмдүүлүгүн түшүнөбүз.  

28. Ликвиддүүлүк ченеминин мааниси (М4) 30% төмөн эмес деңгээлде белгиленет. 

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган микрокаржылоо компаниялары үчүн ликвиддүүлүктүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

М4 = ЛА / ОБ * 100%, мында: 

  

ЛА микрокаржылоо компаниялардын ликвиддүү активдери, аларда төмөнкүлөр камтылат: нак акча каражаттары (касса); банктардагы эсептешүү жана депозиттик (баа берүү учурунан тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө кайтаруу менен) эсептериндеги каражаттар; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баалуу кагаздары жана Улуттук банктын баалуу кагаздары, булар баалоо учурунан тартып 30 күн ичинде акча каражаттарына айландырылышы мүмкүн;  

ОБ МФКнын милдеттенмелери, анын ичинде 30 күндөн ашпаган төлөө мөөнөтү менен тартылган акча каражаттар. 

МФК ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясатын иштеп чыгууга тийиш, ал төмөнкүдөй факторлорду эске алат:  

ликвиддүүлүккө керектөөгө контролдук кылуу жана мөөнөтү келип жеткен милдеттенмелерди аткаруу үчүн МФКнын активдеринин жетиштүүлүгүнө кеминде ар жума ичинде өлчөөнү жана мониторинг жүргүзүүнү

тартылган каражаттардын базасынын түзүмүн жана туруктуулугун (тартылган каражаттардын кайра кайтаруунун мөөнөттөрүн, булактардын топтолушун, кошумча баанын өлчөмүн аныктоо саясатын); 

рынокто карыз алышуу мүмкүнчүлүгүн; 

ликвиддүүлүк жетишсиз болгон учурга пландаштырууну. 

29. Тартылган акча каражаттарын (М5) кайра кайтаруу боюнча тобокелдикти чектөө ченеми 100%дан кем эмес деңгээлде белгиленет жана төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

М5 = К / В *100%, мында: 

 

К  баа берүү күнүнө карата кошумчаланган сумма же негизги сумма боюнча кандайдыр бир мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун албаган каржылоо; 

В баа берүү күнүнө карата тартылган акча каражаттарынын суммасы. 

30. Аффилирленген жана МФК менен байланыштуу жактар менен операцияларга карата төмөнкүдөй чектөөлөр белгиленет: 

1) Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген, «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоого ылайык жүзөгө ашырууга тийиш. Аффилирленген жана МФК менен байланыштуу жактардын МФК алдында чогуу алгандагы карызынын өлчөмү катары туюндурулган, аффилирленген жана МФК менен байланыштуу жактар менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын 60 пайызынан ашпоого тийиш; 

2) МФКнын кызматкерлерине керектөө максаттарына каржылоону сунуштоо боюнча операциялар төмөнкү талаптар сакталган учурда гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн: 

каржылоо, кызматкерлердин кеминде 100% эмгек акысы менен же болбосо аны кайра кайтаруу керектөө максаттарына берилген каржылоо суммасынын ордун жабуу мөөнөтү келип жеткенге чейинки тиешелүү күрөө келишими менен таризделген депозиттер менен камсыз кылынууга тийиш;  

каржылоо, МФКнын кызматчысы болуп саналбаган адамдарга каржылоо сунушталган учурда коюлуучу шарттар жана талаптар алдында (кошумчаланган сумма, күрөө менен камсыз кылуу, кредитти камсыз кылуу мөөнөтү) берилүүгө тийиш;  

МФК керектөө максаттарына каржылоону сунуштаган МФКнын кызматкерлеринин чогуу алгандагы карызы МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 5% ашпоого тийиш жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

 

СЗК / СК * 100% 5%, мында: 

 

СЗК баа берүү күнүнө карата МФКнын керектөө максаттарына каржылоону сунуштаган МФКнын кызматкерлеринин чогуу алгандагы карызы;  

СК баа берүү күкүнө карата МФКнын өздүк капиталы. 

МФКнын кызмат адамдарына жана кызматкерлерине каржылоо сунуштоо боюнча операциялар Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана МФКга байланыштуу жактар менен операцияларга карата талаптар жөнүндө» нускоодо белгиленген талаптар сакталган шартта гана жүзөгө ашырылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы N2017-П-12/25-12-(НПА), 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

31. Микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга чогуу алгандагы өлчөм бөлүгүндө төмөнкүдөй талаптар белгиленет: 

1) МФК, иши Шариат стандарттарына каршы келбеген МФУлардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына инвестициялоону жүзөгө ашырууга укуктуу. Мында, МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициялары “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамында аныкталган МФУнун максаттарына ылайык келүүгө тийиш. 

2) МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга), карыздык милдеттенмелерге инвестициялар, ижара мунтахийя биттамлик келишими боюнча финансылык салымдар жана ушул сыяктуу башка финансылык салымдар) чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капитал өлчөмүнүн 30% ашпоого тийиш жана ал ушул эрежелердин 13-пунктуна ылайык эсептелинет.  

Ушул ченемди эсептөөдө, алардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) МФКнын инвестициялары жайгаштырылган микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга сунушталган каржылоо эсепке алынат. 

32. МФКнын ислам каржылоо принциптерине ылайык мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарына инвестициялардын жалпы көлөмү МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш.  

32-1. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

32-2. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

 

6-глава. Экономикалык ченемдердин, мезгил-мезгили менен берилүүчү жана башка отчеттордун сакталышы жөнүндө маалыматтарды сунуштоо тартиби жана мөөнөттөрү 

 

33. Микрокаржылоо компаниялары экономикалык ченемдердин жана Улуттук банктын талаптарынын сакталышына мониторингди кеминде жума сайын жүргүзүүгө тийиш.  

34. МФК үчүн белгиленген экономикалык ченемдердин жана талаптардын сакталышына текшерүү иши Улуттук банк тарабынан кайсы болбосун күнү ишке ашырылат.  

35. Отчеттук айдан кийинки айдын жыйырмасынан кечиктирбестен ай сайын МФК мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун алкагында экономикалык ченемдердин аткарылышы боюнча маалыматты Улуттук банкка сунуштап турууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

36. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

37. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

38. Микрокаржылоо компаниялары экономикалык ченемдерди жана башка талаптарды сактабагандыгы, алар маалыматтарды бербегендиги, ошондой эле өз убагында бербегендиги же такталбаган маалыматты бергендиги фактылары аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары жөнүндө” мыйзамдарга жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык, МФКга карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

7-глава.  МИКРОКРЕДИТТИК КОМПАНИЯЛАРДЫН ЖАНА МИКРОКРЕДИТТИК АГЕНТТИКТЕРДИН ИШИН ЖӨНГӨ САЛУУ 

 

39. МКК же МКА акционердик коом формасындагы МКК тарабынан чыгарылган акциялардан тышкары баалуу кагаздарды чыгарууга, ижара мунтахийя биттамлик бүтүмдөрүн эске албаганда, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 33-беренесинде каралбаган башка банктык операцияларды жүзөгө ашырууга укугу жок.  

40. Микрокредиттик компания тарабынан бир эле ошол адамга же байланыштуу жактар тобуна берилүүчү каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү Улуттук банк тарабынан жаңыдан түзүлгөн МККлар үчүн белгиленген минималдуу уставдык капитал өлчөмүнүн он пайызынан ашпаган өлчөмдө аныкталууга тийиш.  

41. Дүңүнөн каржылоо менен иш алып барган МККлар үчүн бир эле ошол адамга же байланыштуу жактар тобуна берилүүчү каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капитал өлчөмүнүн жыйырма пайызынан ашпоого тийиш. 

42. Дүңүнөн каржылоо менен иш алып барган МФУларды эске албаганда, ушул эрежелердин 40-пунктунда белгиленген МКК тарабынан бир эле ошол адамга же байланыштуу жактар тобуна берилүүчү каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүнөн жогору каржылоону Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесине ылайык, иштепжаткан бизнести кеңейтүү/өнүктүрүү, анын ичинде кошумча жумуш орундарын түзүү максатында каржылоонун төмөнкү багыттары боюнча берүүгө жол берилет: 

• соода; 

• айыл чарбасы (анын ичинде өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыгын, айыл чарба продукттарын өндүрүүнү/кайра иштетүүнү кошо алганда); 

• кызмат көрсөтүүлөр; 

• транспорт; 

өнөр жай; 

• ижара мунтахийя биттамлик (жабдууларды жана айыл чарба техникасын сунуштоо); 

• курулуш. 

МКК тарабынан каржылоону ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн багыттар боюнча берүүдө төмөнкү шарттарды аткаруусу зарыл: 

1) МККда микрокаржылоонун максаттары менен милдеттерине ылайык продукттардын айкын түрлөрү аныкталган каржылоо саясатынын жана сунушталуучу каржылоонун максаттуу пайдаланылышына андан кийинки мониторинг жүргүзүү тартибинин болушу;  

2) белгиленген шарттар сакталган учурда, ижара мунтахийя биттамлик бүтүмү боюнча каржылоону эске албаганда, мындай каржылоонун суммасы 1 000 000 (бир миллион) сомдон ашпоого тийиш,; 

3) ижара мунтахийя биттамлик бүтүмү боюнча каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капиталынын 10 пайызынан ашпоого тийиш; 

4) Кредиттик маалымат бюросунан өтүнүч ээсинин кредиттик таржымалынын, анын ичинде буга чейин алынган мөөнөтүндө төлөнбөгөн каржылоо боюнча, ошондой эле өтүнүч ээси кандайдыр бир башка каржылоо боюнча кепил болгондугу тууралуу тиешелүү маалыматтардын болушу; 

5) өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган зарыл документтердин болушу (өтүнүч ээсине киреше алып келген активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалымкат, патент, күбөлүк ж.б.), ошондой эле каржылоо боюнча саясатына жана/же МККнын башка ички документтерине ылайык, каржылоо боюнча жооптуу адистин же кызматкердин корутундусу менен тастыкталган өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнү ишке ашыруу; 

6) өтүнүч ээсинин каржылоо алууга билдирме-анкетасы тапшырылып, анда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолору менен сунушталуучу каржылоону пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш 

7) кардардын анын чогуу алгандагы кирешесинин өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча (негизги сумма жана үстөк баа боюнча) бир айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызын ордун жабуучу коэффициенти 130%дан кем болбоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

42-1. Уставдык капиталы жаңы түзүлгөн МКК үчүн белгиленген уставдык капитал өлчөмүнөн ашкан, ошондой эле өздүк капиталы уставдык капитал суммасына карата катышынын көрсөткүчү кеминде 150% барабар болгон МКК, иджара мунтахийя биттамлик операциялары боюнча каржылоону эске албаганда, ошол эле кардарга же байланыштуу адамдар тобуна МККнын колдонуудагы катталган уставдык капитал өлчөмүнүн 2 пайызынан ашпаган максималдуу чогуу алгандагы өлчөмүндө каржылоо берүүгө укуктуу. 

МКК ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн өлчөмдө каржылоо сунуштоодо, белгиленген пункттун 2 жана 6-пунктчаларын эске албаганда, ушул жобонун 42-пунктунда белгиленген шарттарга кошумча төмөнкү шарттарды аткаруу зарыл: 

1) мудараба жана шарика/мушарака операциялары боюнча пайданын маанисин эске албаганда, каржылоо боюнча үстөк баанын/кирешенин мааниси Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ченине плюс 20 пайызга жараша эсептелген, чектүү жол берилген пайыздан ашпоого тийиш; 

2) ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн өлчөмдөгү каржылоонун чогуу алгандагы көлөмү МККнын каржылоо портфелинин 50% ашпоого тийиш; 

3) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча (негизги сумма жана үстөк баа боюнча) ар айлык салымга (төлөмгө) карата кардардын чогуу алгандагы кирешесинин айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызынын ордун жабуу коэффициенти 100%дан кем болбоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

43. Юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) тартылган каражаттар ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

43.1. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

44. Дүңүнөн каржылоо боюнча ишкердикти жүргүзгөн жана кредиторлор (анын ичинде ФКУ) алдында милдеттенмелерге ээ МККлар үчүн капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеми белгиленсин. 

Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеминин (М2) маанисин 15 пайыздан кем эмес деңгээлде кармап туруу зарыл.  

Капиталдын жетиштүүлүк (шайкештик) ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

 

M2 = СК / СА * 100%, мында: 

 

СК МККнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы;  

СА валюталык тобокелдиктерди хеджирлөө максатында, улуттук валюта тартылган каражаттар суммасынын өлчөмүндө финансы-кредит мекемелеринде күрөө катары жайгаштырылган, кардарлардан тартылган акча каражаттар суммасын (депозиттерди) минуска чыгаруу менен баалоо күнүнө карата баланстык активдер суммасы.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомунун редакциясына ылайык) 

45. МККнын өздүк капиталын (баалоо күнүнө карата) эсептөө төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүлүүгө тийиш:  

төлөнгөн уставдык капитал (жөнөкөй жана артыкчылык берилген акциялар наркы, же үлүштүк капитал); 

номиналдан жогору салынган капитал (акционердик коомдор үчүн); 

жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал; 

келечекте керектөө үчүн камдар; 

өткөн жылдардагы бөлүштүрүлбөгөн пайда/чыгым; 

өтүп жаткан жыл ичиндеги чыгымдар; 

башка микрофинансылык уюмдардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышууга) инвестицияларды минуска чыгаруу менен. 

Мында, капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар дегенден улам, МФУлардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына айкын салынган каражаттардын калдыгын түшүнүлөт.  

46. МКА өз каражаттарынын жана карыздык каражаттарынын, анын ичинде финансы-кредит уюмдардан жана/же эл аралык финансы уюмдарынан карызга алынган каражаттардын эсебинен микрокредиттик агенттиктин катышуучулары тарабынан аныкталуучу коммерциялык эмес уюмдун уставдык максаттарына ылайык, кардар менен макулдашылган шарттарда каржылоону (камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган каржылоо) улуттук валютада берүүнү жүзөгө ашырат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

47. МКА тарабынан бир эле ошол кардарга же байланыштуу жактар тобуна берилүүчү каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү, анын ичинде иджара мунтахийя биттамлик бүтүмү боюнча 500 миң сомдон ашык эмес өлчөмдө белгиленүүгө тийиш. Мында, 100 миң сомдон ашпаган өлчөмдө бир эле ошол кардарга же байланыштуу жактар тобуна берилген каржылоо МКАны каржылоо боюнча жалпы портфелдин 20 жана андан ашык пайызын түзүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы № 25/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

48. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

 

Тиркеме Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-12/4-6-(БС) токтомуна ылайык күчүн жоготту.