Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын “17”октябрындагы 

№ 45/1 токтомуна карата  

3-тиркеме 

 

“Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык 

операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө” жобо 

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017- П-12/25-12-(НПА), 2017-жылдын 13-декабрындагы №2017-П-12/51-13-(НПА), 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12\20-2-(НФКУ) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

1. Жалпы жоболор 

1. Жободо Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө " жана “Кредиттик союздар жөнүндө” мыйзамдарына (мындан ары - мыйзамдарга) ылайык ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган кредиттик союздардын (мындан ары - кредиттик союздар) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары - ПРО) бирдиктүү формасы аныкталган.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017- П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. ПРО кредиттик союздардын бухгалтердик эсеп жана системадан тышкаркы эсепке алуу маалыматтарынын негизинде түзүлөт.  

3. (Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017- П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту).  

2. Максаттары жана милдеттери 

4. ПРО төмөнкүлөргө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү максатында түзүлөт: 

а) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан мыйзамдарда белгиленген милдеттердин аткарылышынын алкагында кредиттик союздардын финансылык абалына;  

б) кредиттик союздун жетекчилери тарабынан ликвиддүүлүктү, төлөөгө жөндөмдүүлүктү жана кирешелүүлүктү камсыз кылуу жагында чечимдердин кабыл алынышы үчүн кредиттик союздардын ишине.  

5. ПРОнун башкы милдети ушул жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн максаттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн кредиттик союздардын экономикалык жана чарбалык иши тууралуу так жана толук маалыматтарды чагылдыруу.  

3. ПРОнун мазмуну жана берүү мезгил аралыгы  

6. ПРО, аныкталган формада, белгиленген мөөнөттө берилүүгө тийиш болгон кредиттик союздардын белгилүү бир мезгил ичиндеги иши тууралуу отчетту түшүндүрөт.  

7. ПРО 8 бөлүктөн турат. ПРОнун курамы, кыскача мазмуну жана берүү мөөнөттөрү ушул жобого карата 1-тиркемеде чагылдырылган.  

8. Өтүп жаткан жылдын 4-чейреги үчүн берилген ПРО жылдык болуп саналат жана Улуттук банктын кароосуна отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен сунушталууга тийиш.  

4. ПРОну берүү тартиби  

9. Ар бир кредиттик союзда ПРОнун мазмунунун толуктугу, мөөнөтүндө берилиши жана туура толтурулушу үчүн жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. ПРОдо камтылган маалыматка тиешелүү бардык суроолор боюнча Улуттук банк менен иш алып баруу жоопкерчилиги да ошол кызматкерге жүктөлөт.  

10. ПРО ушул жобого карата 2-тиркемедеги формада, отчет үчүн белгиленген мөөнөттөрдө кагазга чыгарылган жана электрондук түрдө Улуттук банкка берилет. ПРОнун электрондук версиясы Улуттук банкта белгиленген талаптарга ылайык түзүлүүгө тийиш.  

11. Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан кредиттик союздар ПРОну кагазга чыгарып, конвертке салып, чапталган түрүндө Улуттук банкка сунуштоого тийиш. 

12. ПРОнун электрондук версиясы Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын Статистикалык базаларды техникалык колдоо бөлүмүнө электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. кредиттик союздардын электрондук почтасы жок болсо, отчеттор жаздырып алуучу башка жабдуулар (USB флэш маалымат сактоочу) аркылуу берилиши зарыл.  

13. Республиканын башка областтарында жайгашкан кредиттик союздар ПРОну кагазга чыгарылган же электрондук түрдө Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө берүүгө тийиш.  

Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү ПРОну Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгына агрегирленген түрдө сунушташат. 

14. ПРОдо кандайдыр бир дал келбестиктер, каталар, маалыматтардын толук чагылдырылбашы же анын формаларынын туура эмес толтурулушу аныкталган учурда, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү финансылык отчетто чагылдыруу менен отчетту оңдоо зарылчылыгы тууралуу кредиттик союздарга маалымдап, оңдолгон отчетту 10 жумуш күнү ичинде берилишин талап кылат.  

Оңдолгон отчеттор кредиттик союздардын коштомо каты менен бирге отчет талапка ылайык толтурулбагандыгы тууралуу билдирме жөнөтүлгөндөн кийинки беш жумуш күн ичинде Улуттук банкка кайрадан сунушталууга тийиш. 

15. Улуттук банктын ПРО боюнча сын-пикирлери жок болсо же отчет Улуттук банктын сын-пикирлерине ылайык кайрадан оңдолуп, анын оңдолгондугу жөнүндө Улуттук банк кат жүзүндө билдиргенден кийин гана ПРО Улуттук банк тарабынан кабыл алынган катары эсептелинет.  

16. ПРО белгиленген формада: көктөлгөн, ар бир бөлүктүн беттерине санын көрсөтүү менен номерленип, мөөр басылып, кредиттик союздардын ПРОнун түзүлүшү, анын берилиши үчүн жооп берген кызматкерлеринин кол тамгасы коюлуп, сунушталууга тийиш. 

17. ПРОдо отчеттук күнгө карата кредиттик союздардын абалы тууралуу так маалыматтар камтылууга тийиш. Кредиттик союздардын абалынын ар айлык, чейректик жана жылдык ПРОлордо туура чагылдырылгандыгы кредиттик союздун төрагасы жана башкы бухгалтери тарабынан тастыкталат.  

5. Корутунду жобо 

18. ПРОдо маалыматтардын өз учурунда берилбеши жана/же такталбаган, туура эмес маалыматтардын берилиши, отчеттун толук эмес жана/же туура эмес толтурулушу үчүн кредиттик союздар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат.  

19. Кредиттик союздар Улуттук банкка берилген ПРОнун экинчи нускасынын сакталышын камсыз кылууга тийиш.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

Улуттук банк Башкармасынын _____-жылдын 

«____» _____________________ №___ 

токтому менен бекитилген “Ислам банк иши 

жана каржылоо принциптерине ылайык 

операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик  

союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү 

регулятивдик отчету жөнүндө” жобого карата 

1-тиркеме 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын ПРОсунун курамы 

Бөлүгү 

Формасынын аталышы  

Мезгил аралыгы 

Берүү мөөнөтү 

1.  

 

Титулдук барак  

Катышуучулардан акча каражаттарын тартуу укугу каралган лицензияга ээ кредиттик союздар үчүн ай сайын  

 

Чейрек сайын 

 

 

 

 

 

Жыл сайын 

Бөлүктөргө тиркелет  

Отчеттук айдан кийинки айдын 12 чейин 

 

 

 

 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 20 календарлык күн ичинде 1, 2 жана 3-чейректер үчүн отчеттор.  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен жылдык отчет (4-чейрек үчүн)  

2.  

1-бөлүк. 

Баланстык отчет  

А. Активдер 

Б. Милдеттенмелер жана капитал 

Катышуучулардан акча каражаттарын тартуу укугу каралган лицензияга ээ кредиттик союздар үчүн ай сайын 

 

Чейрек сайын 

 

 

 

 

 

 

 

Жыл сайын 

Очтеттук мезгилден кийинки айдын 12 чейин  

 

 

 

 

 

 

 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 20 календарлык күн ичинде 1, 2 жана 3-чейректер үчүн отчеттор  

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирбестен жылдык отчет (4-чейрек үчүн)  

3.  

2-бөлүк. 

Түшкөн пайда жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет  

4.  

3-бөлүк. 

Каржылоо портфели боюнча маалымат  

А. Мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген активдер 

Б. Активдерди классификациялоо 

В. Иджара мунтахия биттамлик операциясын классификациялоо 

Г. Каржылоо портфели 

Д. Иджара мунтахия биттамлик операциясы 

Е. Алынган каржылоо боюнча маалымат 

5.  

4-бөлүк.  

Ири кардарлар жөнүндө маалымат  

6.  

5-бөлүк. 

Ири проблемалуу кардарлар жөнүндө маалымат  

7.  

6-бөлүк. 

Тартуу операциялары боюнча отчет  

8.  

7-бөлүк. 

Башка маалыматтар  

9.  

8-бөлүк. 

Экономикалык ченемдердин сакталышы тууралуу маалымат  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын 2014-жылдын 17-октябрындагы №45/1 токтому менен бекитилген «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө» жобого  № 2 тиркеме 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017- П-12/25-12-(НПА), 2017-жылдын 13-декабрындагы №2017-П-12/51-13-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)