Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук 

банкынын Көзөмөл боюнча Комитетинин 

2005-жылдын 26-июлундагы N 39/1 

токтому менен бекитилген 

 

Кредиттик союздардын маалымат системасына карата 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан 

коюлган минималдуу талаптардын аткарылышы боюнча 

Сунуш-көрсөтмөлөр 

 

(Өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын  

29-июнундагы № 22/2 токтому менен бекитилген

 

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. Бул сунуш-көрсөтмөлөр “Кредиттик союздарды лицензиялоо жөнүндө” жобого ылайык иштелип чыккан, ага ылайык катышуучулардан аманаттарды (депозиттерди) тартуу укугуна лицензия алуу үчүн кредиттик союз Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген минималдуу талаптарга ылайык келген маалымат системасына ээ болууга тийиш. 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 22/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан кредиттик союздардын маалымат системасына карата коюлуучу минималдуу талаптарды чагылдыруу жана кредиттик союздарга маалымат системаларын иштеп чыгууда, программалык камсыздоолорду тандоо менен ишке киргизүүдө көмөк көрсөтүү ушул документтин максаты болуп саналат. 

1.3. Ушул документте "Кредиттик союздун маалымат системасы" дегенден улам, мындан ары - МС, эсептөө техникаларынын каражаттарын, программалык каражаттарды, компьютердик маалымат базаларын жана финансылык, ошондой эле башкаруу ишине тиешелүү маалыматтарды киргизүү, иштеп чыгуу, сактоо, берүү жана кагазга чыгаруу үчүн аларды колдонуу ыкмаларына негизденген системаны түшүнүү зарыл. 

1.4. Катышуучуларынан аманаттарды (депозиттерди) тартууга укугу бар кредиттик союздардын маалымат системасында бухгалтердик маалыматтарды иштеп чыгуу жана сактоо төмөндө келтирилген негизги критерийлерди функционалдуулук, коопсуздук жана ишенимдүүлүк, компьютердик маалымат базаларга, программаларга жана пайдалануучулар менен интерфейске карата жалпы талаптарды сактоо менен компьютердик ыкмада жүзөгө ашыруулуга тийиш. 

1.5. Кредиттик союздардын кызматкерлери маалымат системасын түздөн-түз пайдалануучулар болуп саналышат. Көзөмөл органдары да зарылчылыкка жараша маалымат системасынан тиешелүү маалыматтарды алуу учурунда пайдалануучулардан болуп калышат. 

 

2. Компьютердик маалымат базалары, программалар 

жана пайдалануучулар менен интерфейс 

 

2.1. Кредиттик союздун компьютердик маалымат базасы анын маалымат системасындагы эң бир өзөктүү түйүн болуп саналуу менен кредиттик союздун иши, анын кардарлары, жүзөгө ашырган операциялары жана башкалар жөнүндө маалыматтарды сактаган өзара байланыштуу электрондук таблицалардын жыйындысын түшүндүрөт. 

Маалымат базасындагы ар бир таблица кредиттик союздун кандай болбосун иш багытына топтоштурулган (мисалы, эсептик иш пландар, башкы китеп, кредиттер, депозиттер, негизги каражаттар, кирешелер, чыгашалар, сактык пайлары ж.б.у с. боюнча кошумча китептер) маалыматтарды өзүндө камтууга тийиш. 

Таблицалардын түзүмү жана маалыматтары базасында алардын өзара байланышы кредиттик союздагы бухгалтердик эсепке алуунун уюштурулушуна ылайык келүүгө тийиш. Маалымат базасында таблицалар мүмкүн болушунча тизмектелүүгө тийиш, б.а бир эле маалымат ар кайсыл таблицада кайталанууга тийиш эмес. 

2.2. Программалар, маалымат системасы тарабынан маалымат базасынан тиешелүү маалыматтарды издөө, иргеп алуу, иштеп чыгуу жана берүү үчүн пайдаланылган каражатты (инструментти) түшүндүрөт. 

2.3. Интерфейс, башкаруу панелин жана маалымат базасына кирүү жана программаны ишке киргизүү үчүн зарыл болгон ар кандай кнопкаларды жана формаларды түшүндүрөт. Маалымат базасынын интерфейси жөнөкөй жана түшүнүктүү, ошондой эле маалымат базасы жана программалар менен бардык тиешелүү операцияларды жүргүзүү үчүн мүмкүн болгудай ыңгайлуу болууга тийиш. 

2.4. Маалымат системасы, маалымат базасын башкаруунун колдонулуп жаткан системасынын жана колдонмо (прикладдык) программаларынын топтомунун негизинде түзүү талапка ылайыктуу. Бул система, маалымат базаларына, программаларга жана интерфейске бүтүндөй программалык модулду корректировкалоосуз эле, өзгөртүүлөрдү киргизүүгө же тиешелүү маалыматтарды алмаштырууга мүмкүндүк берүүгө тийиш. 

 

3. Маалымат системасынын иши 

 

3.1. Маалымат системасынын иши, кредиттик союздун күндөлүк ишин: операцияларды жүзөгө ашыруу, тобокелдиктерге көз салуу менен аны тескөөгө алуу, бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү, жөнгө салуу органдарына, кредиттик союздун катышуучуларына жана жетекчилерине, ошондой эле башка кызыкчылыгы болгон жактарга отчетторду жөнөтүү жана берүүдөн көрүнөт. 

3.2. Кредиттик союздун маалымат системасынын ишине карата минималдуу талаптар төмөнкү негизги компоненттер боюнча аныкталат. 

- бухгалтердик эсепке алуунун маалымат системасы; 

- кредиттерди эсепке алуу; 

- депозиттерди эсепке алуу; 

- кардарлар боюнча маалыматтар; 

- тышка берилүүчү отчеттор. 

 

 

 

Ишке карата ченемдик талаптар Жөнгө салуучу документтер │ 

├───────────────────────────────────────┴─────────────────────────────┤ 

Бухгалтердик зсепке алуунун маалымат системасы │ 

├───────────────────────────────────────┬─────────────────────────────┤ 

Операциялардын кош жазуу ыкмасында Улуттук банктын Көзөмөл │ 

эсепке алынышы боюнча комитетинин │ 

├───────────────────────────────────────┤2004-жылдын 28-октябрындагы │ 

2. Эсепке алуу циклынын так сакталышы N 24/2 токтому менен │ 

├───────────────────────────────────────┤бекитилген Кредиттик союздар │ 

3. Эсептер планы жана аны жаңылоо │үчүн бухгалтердик эсепке │ 

мүмкүндүгү алууну уюштуруу жана жүргүзүү│ 

├───────────────────────────────────────┤боюнча усулдук көрсөтмөлөр │ 

4. Бухгалтердик зсепке системасынын │ 

кредиттик жана депозитттк эсептерди Улуттук банктын Көзөмөл │ 

аналитикалык зсепке алуу системасына боюнча комитетинин │ 

│өтүшү (интеграцияланышы) 2005-жылдын 10-мартындагы │ 

├───────────────────────────────────────┤N 31/2 токтому менен │ 

5. Кредиттик союздун эсепке алуу бекитилген Кредиттик союздар │ 

саясаттарына ылайык башкы китепти жана │үчүн эсепке алуу Саясаттары │ 

кошумча китепти түзүү боюнча усулдук көрсөтмөлөр │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

6. Өзүндө кредиттик жана депозиттик Улуттук банктын Көзөмөл │ 

эсептер менен иш алып барууну боюнча комитетинин │ 

камтыбаган башка кассалык операциялар 2005-жылдын 8-апрелиндеги │ 

├───────────────────────────────────────┤N 33/3 токтому менен │ 

7. Өзүндө кредиттик жана депозиттик бекитилген Кредиттик │ 

эсептер менен иш алып барууну союздар үчүн сунуш кылынган │ 

камтыбаган башка операцияларды эсепке Эсептердин планы жана алар │ 

алуу боюнча түшүндүрмөлөр │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

8. Мезгил-мезгили менен ишке │ 

ашырылуучу операциялар (операциялык │ 

күндү ачуу, жабуу, айды жабуу, финансы │ 

жылын жабуу) │ 

├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤ 

Кредиттерди эсепке алуу │ 

├───────────────────────────────────────┼─────────────────────────────┤ 

1. Кардар тарабынан кредиттик Улуттук банктын Көзөмөл │ 

билдирменин толтурулушу, кредит берүү боюнча комитетинин │ 

боюнча иш алып барган кызматкер 2005-жылдын 10-мартындагы │ 

тарабынан кредиттик берүү шарттарынын N 31/2 токтому менен │ 

аныкталышы бекитилген Кредиттик союздар │ 

├───────────────────────────────────────┤үчүн эсепке алуу Саясаттары │ 

Билдирменин Кредиттик комитетте боюнча усулдук көрсөтмөлөр │ 

каралышы (эгерде бул талап кылынса), │ 

анын шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү │ 

жана кредитти берүү жөнүндө чечим │ 

чыгаруу │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

3. Кредит келишимин түзүп, кредит берүү│ │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

4. Иштин жүрүшүндө кредит жөнүндө │ 

маалыматтарды алуу │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

5. Берилген кредиттер боюнча төлөөнү │ 

ишке ашыруу жөнүндө кабарлоо │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

6. Кредитти (жарым-жартылай), │ 

пайыздарды жана туумдарды (пенияларды) │ 

төлөө │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

7. Реструктуризация, шарттарын, төлөө │ 

графиктерин өзгөртүү, пролонгациялоо │ 

өөнөтүн узартуу), кредитти башка │ 

жакка кайрадан таиздетүү │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

8. Корректировкалоочу өткөрүүлөр, мурда │ 

ишке ашырылган өткөрүүлөрдү токтомуу │ 

(сторнирование) │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

9. Жаңы кредиттик мүмкүнчүлүктөрдү ишке │ 

киргизүү жана кредиттик кызмат │ 

көрсөтүүлөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

10. Берилген кредиттер боюнча │ 

мониторинг жүргүзүү жана отчет берүү │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

11 . Кредит боюнча бардык карыздардын │ 

ордун толүк жабуу жана эсептерди жабуу │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

12. Отчеттулук │ 

│ 

├───────────────────────────────────────┴─────────────────────────────┤ 

Депозиттерди эсепке алуу │ 

├───────────────────────────────────────┬─────────────────────────────┤ 

1. Депозиттик эсепти ачуу жана Улуттук банктын Көзөмөл │ 

депозиттерди кабыл алуу боюнча комитетинин │ 

2. Депозиттик эсептин абалы жөнүндө 2005-жылдын 10-мартындагы │ 

маалыматты алуу N 31/2 токтому менен │ 

├───────────────────────────────────────┤бекитилген Кредиттик союздар │ 

3. Депозиттер боюнча пайыздарды кошуп │үчүн эсепке алуу Саясаттары │ 

эсептөө жана төлөө. Пайыздарды боюнча усулдук көрсөтмөлөр │ 

капитализациялоо │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

4. Пайыздардан салык │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

5. Өткөрүүлөрдү токтотуу │ 

(сторнирование). Кабыл алынган │ 

депозиттер боюнча шарттарды өзгөртүү │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

6. Депозиттик эсептер боюнча акча │ 

каражаттарын төлөө жана эсептерди │ 

жабуу │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

7. Отчеттуулук │ 

├───────────────────────────────────────┴─────────────────────────────┤ 

Кардарлар боюнча маалыматтар │ 

├───────────────────────────────────────┬─────────────────────────────┤ 

1. Кредиттик союзга катышууга билдирме │ 

толтуруу. Кардарды каттоодон өткөрүү, │ 

ага идентификациялык номер ыйгаруу. │ 

├───────────────────────────────────────┴─────────────────────────────┤ 

Сактык пайлар менен операциялар │ 

├───────────────────────────────────────┬─────────────────────────────┤ 

1. Сактык пайлардын эсебин ачуу Улуттук банктын Көзөмөл │ 

├───────────────────────────────────────┤боюнча комитетинин │ 

2. Катышуучулардан сактык пайларын 2005-жылдын 10-мартындагы │ 

кабыл алуу N 31/2 токтому менен │ 

├───────────────────────────────────────┤бекитилген Кредиттик союздар │ 

3. Пайлык эсеп жөнүндө маалыматтарды │үчүн сепке алуу Саясаттары │ 

алуу боюнча усулдук көрсөтмөлөр │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

4. Эсептерге тиешелүү маалыматтарды │ 

│өзгөртүү жана эсептерди блокировкалоо │ 

(зарылчылыкка жараша) │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

5. Талаптагыдай ишке ашырылбай калган │ 

│өткөрүүлөрдү токтотуу (стронирование) │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

6. Пайлык эсептердин жаңы түрлөрүн │ 

киргизүү жана пайлык эсептер боюнча │ 

операцияларды өркүндөтүүнүн эсебинен │ 

катышуучуларга тиешелүү базаны кеңейтүү│ │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

7. Кредиттик союзга мүчөлүктөн чыгуу │ 

жана эсепти жабуу │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

8. Отчеттуулук │ 

├───────────────────────────────────────┴─────────────────────────────┤ 

Тышка берилүүчү отчеттор │ 

├───────────────────────────────────────┬─────────────────────────────┤ 

1. Бухгалтердик отчеттуулук. Кредиттик Улуттук банк Башкармасынын │ 

союздун маалымат системасы 2003-жылдын 27-декабрындагы │ 

пайдалануучулардын буйругу боюнча N 36/1 токтому менен │ 

тиешелүү эсептөөлөрдү жүргүзүү менен бекитилген, Кыргыз │ 

негизги отчеттордун маалыматтарын Республикасынын Юстиция │ 

берүүгө тийиш министрлигинде 2004-жылдын │ 

├───────────────────────────────────────┤9-февралында 19-04 номеринде │ 

2. Белгилүү бир мезгил ичинде жүзөгө каттоодон өткөн "Улуттук │ 

ашырылган операцияларга контролдук банктын лицензиясынын │ 

кылуу үчүн тиешелүү маалыматтарды ((*) күбөлүгүнүн) иш алып │ 

чагылдырган отчеттор барган банктык эмес │ 

├───────────────────────────────────────┤мекемелердин финансылык │ 

3. Мезгил-мезгили менен жүзөгө отчетторду түзүүсүнө жана │ 

ашырылуучу операциялар боюнча отчет маалыматтарды берүүсүнө │ 

үндү ачуу, жабуу, айды жабуу, карата талаптар жөнүндөгү" │ 

финансы жылын жыйынтыктоо) Жобо │ 

├───────────────────────────────────────┤ │ 

4. Пайдалануучулар тарабынан түзүлгөн │ 

отчеттор жана отчетторду түзүүнүн │ 

│өзгөчөлүктөрү │ 

└───────────────────────────────────────┴─────────────────────────────┘ 

 

 

 

 

4. Коопсуздук жана ишенимдүүлүк 

 

4.1. Маалымат системасынын коопсуздугу жана ишенимдүүлүгү - электрондук маалыматтын бүтүндүгүн жана купуялуулугун, ошондой эле электрондук маалыматтарды киргизүү, иштеп чыгуу, берүү жана сактоо жана алардын өзара байланышы үчүн колдонулган аппараттык жана программалык каражаттардын ишенимдүү корголушу. 

4.2. Коопсуздук - каттоодон өтпөгөн пайдалануучулардын маалыматтарды алуусуна жана жаңыртуусуна бөгөт койгон каражаттардын киргизилишин болжолдогон, ошондой эле маалыматтарды санкциясыз алуудан коргоо мүмкүнчүлүгү

4.3. Маалымат системасынын коопсуздугу бири-биринен ажырагыс, бир бүтүндүктү түзгөн контролдуктун үч тобун өзүнө камтыйт уюштуруучулук, функционалдык жана физикалык. 

Маалымат системасынын коопсуздугу анын айрым бир элементтеринин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен маалымат системасынын айкын түзүмүнө жараша түзүлүүгө тийиш. Маалымат системасынын коопсуздугун камсыз кылуунун бардык элементи бир катар деңгээлдерге бөлүштүрүлөт. 

Аппараттык деңгээл - маалымат системасынын жабдууларын колдонуу боюнча коопсуздукту камсыз кылууга байланыштуу. Аппараттык деңгээл өзүнө , жабдууларды санкциясыз пайдалануудан, аларды жок кылуу же уурдап кетүүдөн коргоо, жабдуулардын кынтыксыз ишин камсыз кылуу, ошондой эле аларды калыбына келтирүү же алмаштыруу боюнча техникалык каражаттарды камтыйт. 

Кошумча программалар деңгээли (уровень приложения) - маалымат системасын пайдалануучулар тарабынан колдонмо программалардын ресурстарын колдонуу боюнча коопсуздукту камсыз кылууга байланыштуу. Бул деңгээл, колдонмо программалар менен иштеген пайдалануучулардын санкцияланбаган операциялардан коргоо боюнча жеке каражаттарга ээ болууга тийиш. 

Системалык деңгээл - операциялык системасынын ресурстарынан пайдаланууну тескөөгө байланыштуу. Бул деңгээлде пайдалануучулар менен түздөн-түз өзара байланыш ишке ашырылып, колдонмо программаларды ишке киргизүү жүргүзүлүп, маалымат системасы менен пайдалануучулардын ортосундагы өзара аракеттенүүнү тескөө жүзөгө ашырылат. Системалык деңгээлдин өтө маанилүү экендигинен улам, системалык ресурстарды санкцияланбаган пайдалануудан коргоого өзгөчө көңүл бурулууга тийиш. 

4.4. Кредиттик союздар маалымат системасын камсыз кылуу боюнча Саясаттар жана жол-жоболор иштелип чыгууга тийиш. 

4.5. Коопсуздук системасы маалымат базасынан пайдаланууга чек коюу менен бир нече деңгээлдерден турат: 

- 1-деңгээл, маалыматтардан пайдалануу жана анда операцияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү программалык камсыздоолордун тиркемелеринин деңгээлинде чектелет. Бул ар бир операторго аткарган милдеттерине ылайык, тигил же бул операцияны жүргүзүүгө укуктардын жана мүмкүнчүлүктөрдүн чөйрөсү ыйгарылат жана ар бир оператор өзүнчө паролго ээ менен аны мезгил-мезгили менен өзгөртүп турат. Ошондой эле, системага ар бир жолку кирүү жана андан чыгуу, ишке ашырылган операциялар оператор тарабынан өзүнчө журналга катталып турат. 

- 2-деңгээл, Активациялык ачкыч - бул система программалык камсыздоонун ар бир модулу үчүн активациялык ачкычтын болушун талап кылат, мына ушул ачкычтарсыз бул модулдарда операцияларды жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес. Активациялык ачкычтар программалык камсыздоолорду пайдалануучулар тарабынан ар бир өзүнчө модул үчүн лицензияга төлөнгөндөн кийин коюлат. 

- 3-деңгээл, маалыматтардан пайдалануу түйүндүк коопсуздук каражаттары менен чектөөгө алынат. 

- 4-деңгээл, маалыматтардан пайдалануу маалыматтар базасын тескөө системасынын коопсуздук каражаттары менен маалыматтар базасынан пайдалануу үчүн паролду колдонуунун негизинде чектоогө алынат. 

- 5-деңгээл, форс-мажордук жагдай, б.а. компьютердин же анын бөлүктөрүнүн эскилиги жетиши, сапатынын начардыгы, өрт чыгып же суу ташкыны сыяктуу кесепеттүү жагдайлардан улам. жараксыз абалда калышынан маалыматтардын жоголуп же жараксыз болуп калуусу жагдайларын карайт. Бул учурда программалык камсыздоолордо автоматтык түрдө калыбына келтирүү күн сайын резервдик көчүрмөнү түзүү сыяктуу мүмкүнчүлүктөр камтылган. Көчүрмөлөрдөгү маалыматтар башкаларга жаздырылып темир шкафтарда же сейфтерде сакталууга тийиш. Ал эми, жоголуп кеткен маалыматтарды калыбына келтирүү иши деле финансы мекемесинин иш ыргагына доо кетирбестен бир нече мүнөт ичинде ишке ашырылат. 

 

5. Корутунду жоболор 

 

5.1. Маалымат системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүүдө маалымат базаларын жана колдонмо программаларды тескөөнүн лицензияланган пакеттик системасын колдонуу сунуш кылынат. 

5.2. Маалымат системасы башка уюмдар же сырттан тартылган адистер тарабынан иштелип чыгып, ишке киргизилиши учурунда келишимде иштелип чыккан системанын кредиттик союздун керектөөлөрүнө жана ушул талаптарга жооп бериши үчүн алардын жоопкерчиликтери, ошондой эле өзара милдеттенмелер, эгерде маалымат базасына оңдоолорду киргизүү жана кошумча иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыкса, андан ары да иш алып баруу шарттары милдеттүү түрдө чагылдырылууга тийиш.