Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/9 токтому менен 

бекитилген 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, ошондой эле «ислам терезесине» ээ банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат сунуштоосуна карата талаптар жөнүндө»  

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017- П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

1-ГЛАВА. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. Жобо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө», «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан. 

2. Жободо ишкердигин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын (мындан ары МФУ) жана кредиттик союздардын (мындан ары - банктык эмес финансы-кредит уюмдары), ошондой эле «ислам терезесине» ээ МФУлардын финансылык отчеттун курамын аныктоо, түзүү жана сунуштоо тартиби белгиленген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017- П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Ушул жобонун нормалары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ченемдик укуктук актыларында аныкталган иш өзгөчөлүгүн жана уюштуруу-укуктук формасын эске алуу менен банктык эмес финансы-кредит уюмдарга (мындан ары БФКУ) карата да колдонулат. Консервация, убактылуу администрация режиминде турган БФКУлар да финансылык отчетторду ушул жобого ылайык сунушташат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017- П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган БФКУлардын отчетунда финансылык абалды түзүмү боюнча сунуштоо жана отчеттук мезгил аралыгында жүзөгө ашырылган иштин жыйынтыгы чагылдырылат. 

5. Ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган БФКУлардын финансылык отчетунда анын финансылык абалы объективдүү чагылдырылууга жана ал Ислам финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюуму (мындан ары AAOIFI) тарабынан белгиленген стандарттарга жооп берүүгө тийиш, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда, алар AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбеген учурда БФКУ ФОЭС стандарттарын пайдаланат.  

6. БФКУнун финансылык отчетунун максатынан болуп төмөнкүлөр саналат: 

- алар экономикалык чечимдерди кабыл алууда пайдалануучулардын кеңири чөйрөсүнө пайдалуу болгон БФКУнун финансылык абалы, финансылык иш жыйынтыктары жана акча каражаттарынын жылышы тууралуу маалыматты сунуштоо; 

- активдер, милдеттенмелер, капитал, кирешелер жана чыгашалар (анын ичинде пайда жана чыгым), ошондой эле акча каражаттарынын жылышы жөнүндө маалыматты сунуштоо аркылуу БФКУнун жетекчилигине ишеним көрсөтүү менен берилген ресурстарды тескөө жыйынтыгын сунуштоо. 

7. Финансылык отчеттордон инвесторлор, акционерлер, уюштуруучулар, катышуучулар, кредиторлор, карыз алуучулар, эл аралык финансылык уюмдар, салык органдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) жана башкалар пайдаланышат. 

 

2-ГЛАВА. ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТТУ ТҮЗҮҮГӨ КАРАТА ЖАЛПЫ ТАЛАПТАР 

 

8. Финансылык отчет ушул жобого кошо тиркелген формаларга ылайык түзүлүүгө тийиш болгон отчеттук формалардан турат: 

- отчеттук мезгилдин акыркы иш күнүнө карата финансылык абал жөнүндө отчет (ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык №1 форма); 

- пайда жана чыгым жөнүндө отчет (ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык №2 форма); 

- акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет (ушул жобого карата 3-тиркемеге ылайык №3 форма); 

- капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө отчет (ушул жобого карата 4-тиркемеге ылайык № 4 форма); 

- эсептик саясат жана түшүндүрмө кат (чечмелөө); 

- кард фондунун акча каражаттарын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет (ушул жобого карата 5-тиркемеге ылайык №5 форма); 

- Шариат кеңешинин корутундусу (ушул жобого карата 6-тиркемеге ылайык № 6 форма). 

Финансылык отчетко карата түшүндүрмө кат (чечмелөө) кыскача жана түшүнүктүү болууга, ошондой эле зарыл учурларда, финансылык отчеттун тиешелүү статьяларына карата шилтемелер келтирилүүгө тийиш. Финансылык отчетко кошо тиркелген түшүндүрмө кат анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

Шариат кеңешинин корутундусунда отчеттук  мезгил ичинде операциялар Шариат принциптерине ылайык ишке ашырылгандыгын тастыктаган маалымат камтылууга тийиш. 

9. Финансылык отчетто төмөнкү маалымат так белгиленүүгө жана зарыл учурда сунушталган маалыматты талаптагыдай түшүнүү үчүн кайталап чагылдырылууга тийиш: 

- отчет берип жаткан БФКУнун аталышы; 

- финансылык отчетто камтылган күн же мезгил аралыгы; 

- отчеттун валютасы; 

- финансылык отчетто сандарды көрсөтүүдө пайдаланылган өлчөө бирдиктери жана тактык деңгээли. 

10. Финансылык отчетту түзүүдө жетекчилик БФКУөз ишин андан ары улантуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигине баа берүүгө тийиш. Эгерде жетекчилик БФКУну жоюуга же иш чөйрөсүн кыйла кыскартууга ниеттенбесе же мындай зарылчылык жок болсо, финансылык отчет иш үзгүлтүксүздүгүнө жол берүүнүн негизинде түзүлүүгө тийиш. Эгерде пикир түзүү процессинде жетекчиликке келечекте БФКУ ишти жүзөгө ашырууда ага кыйла шек келтириши мүмкүн болгон жагдайларга же шарттарга байланыштуу олуттуу белгисиздик тууралуу маалымдалса, алар отчетто чечмеленип берилүүгө тийиш.  

Эгерде финансылык отчет иш үзгүлтүксүздүгүнө жол берүүнүн эмес, башка негизде түзүлсө, бул факт отчет түзүлгөн негиз сыяктуу эле толук көрсөтүлүп, эмне себептен БФКУүзгүлтүксүз иш алып барган уюм болуп саналбай тургандыгын көрсөтүү зарыл.  

11. БФКУ акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту эске албаганда, финансылык отчетту чегерүү ыкмасын пайдалануу менен түзүүгө тийиш. 

12. Финансылык отчет берүү максатында БФКУ тарабынан отчет берилүүчү мезгил катары календардык жылдын 1-январынан тартып 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат.  

1-октябрга чейин жаңыдан түзүлгөн БФКУ үчүн алгачкы отчет берүү мезгил аралыгы катары мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат.  

1-октябрдан кийин түзүлгөн БФКУ үчүн алгачкы отчет берүү мезгил аралыгы катары мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып кийинки жылдын 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы саналат.  

13. Өзгөчө учурларда, БФКУнун отчет берүү мезгил аралыгы өзгөргөндүктөн финансылык отчет бир жылдан көп же бир жылга жетпеген мезгил аралыгы үчүн сунушталган учурда, БФКУфинансылык отчетто камтылган мезгил аралыгына кошумча төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө тийиш: 

- ошол жылдан айырмаланган мезгил аралыгын алуу себебин; 

- чогуу алгандагы киреше, капиталдагы өзгөрүүлөр, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетторду салыштыруу суммаларынын жана тиешелүү эскертүүлөрдүн дал келбеши фактысы. 

14. БФКУнун финансылык отчетундагы ар бир олуттуу статья финансылык отчетто өз-өзүнчө чечмеленет жана сунушталат. Чакан статьялар ушул сыяктуу мүнөздөгү же багыттагы статьялардын суммасы менен топтоштурулат.  

15. Финансылык отчеттун мазмуну жана формасы бир отчеттук мезгилден экинчисине карай ыраттуу (ырааттуулук принцибинде) колдонулат. 

Финансылык отчеттун ар бир сандык көрсөткүчүндө буга чейинки отчеттук жылдагы көрсөткүчтөр келтирилүүгө тийиш.  

16. Финансылык отчеттордогу статьялардын классификациясы жана түшүнүгү төмөнкү учурларды эске албаганда, бир мезгилден кийинки мезгилге чейин сакталууга тийиш:  

- БФКУнун операциялары кыйла өзгөрсө же финансылык отчеттогу талдап-иликтөөлөр мындай өзгөртүүлөр жагдайларды же операцияларды кыйла ишенимдүү түшүнүүгө мүмкүнчүлүк бере тургандыгын көрсөтсө

өзгөртүүлөрдү киргизүү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык талап кылынса.  

17. Эгерде отчеттук мезгилге чейинки мезгил аралыгы үчүн маалымат отчеттук мезгил ичиндеги маалыматка дал келбесе, алгачкы маалымат Улуттук банктын ченемдик документтеринде белгиленген эрежелердин өзгөртүлүшүнө жараша корректировкаланууга тийиш. Ар бир корректировкалоо финансылык отчет формаларына карата түшүндүрмөлөрдө анын себептерин көрсөтүү менен толук чагылдырылууга тийиш. Эгерде корректировкаларды киргизүү максатка ылайыктуу болбосо, БФКУ аларды киргизбөө себебин, ошондой эле суммаларды корректировкалоодон улам келип чыгышы мүмкүн болгон өзгөрүүлөр тууралуу толук чагылдыруусу зарыл.  

18. Финансылык отчет түзүлгөн күнү алар боюнча операция ишке ашырылбаган статьяларда «нөл» сандык белгиси көрсөтүлөт. Эгерде БФКУфинансылык отчет формасында көрсөтүлгөн тигил же бул операцияны жүзөгө ашырбаса, ал отчетко камтылбайт.  

19. Эгерде башкасы белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишимдерде макулдашылбаса, БФКУнун финансылык отчету Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында түзүлүүгө тийиш.  

20. Финансылык отчетко БФКУнун жетекчиси жана башкы бухгалтери кол коет, ошондой эле БФКУнун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.  

21. Аудитордук корутунду алгандан кийин жылдык отчетту бекитүүгө чейин белгиленген, буга чейинки мезгилде эске алынбаган финансылык отчетко өзгөртүүлөр өтүп жаткан жыл ичиндеги корректировкалоо катары эске алынууга тийиш.  

22. Финансылык отчетко киргизилген оңдоолор 20-пунктта көрсөтүлгөн адамдардын кол тамгасы менен тастыкталат жана ага оңдоолор киргизилген күн көрсөтүлөт. 

23. Финансылык отчетту түзүүдө такталган маалыматты көрсөтүү максатында БФКУнун жетекчилиги жана финансылык отчетту түзүүгө жоопкерчиликтүү адам ушул жобонун талаптарын эске алуу менен тышкы аудитордун кеп-кеңеши боюнча финансылык отчетко статьяларды кошууга жана/же кыскартууга укуктуу. 

24. БФКУнун жетекчилиги финансылык отчеттун даярдалышы жана сунушталышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

  

3-ГЛАВА. БФКУнун ФИНАНСЫЛЫК ОТЧЕТУН СУНУШТОО ЖАНА ЖАРЫЯЛОО ТАРТИБИ ЖАНА МӨӨНӨТТӨРҮ 

  

25. Көз карандысыз тышкы аудитти жүргүзгөндөн кийин БФКУтөмөнкү формалар боюнча финансылык отчеттун бир нускасын Улуттук банкка сунуштоого тийиш: отчеттук мезгилдин акыркы күнүнүн акырына карата финансылык абал жөнүндө отчет (№1 форма), пайда жана чыгым жөнүндө отчет (№2 форма), акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет (№3 форма), капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө отчет (№4 форма), кард фондунун акча каражаттарын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет (№ 5 форма), Шариат кеңешинин корутундусу (№6 форма).  

Финансылык отчет, тышкы аудитор БФКУга отчетту сунуштаган учурдан тартып 30 күн ичинде, бирок финансылык жыл аяктаган күндөн тартып 105 күндөн кечиктирбечтен, өзгөртүүлөрдү киргизүүсүз тышкы аудитордун корутундусунун көчүрмөсү менен бирге Улуттук банкка сунушталат. 

26. Тышкы аудитти жүргүзүүдө микрофинансылык уюмдар төмөнкү формалардан турган финансылык отчетту жарыялоого тийиш: 31-декабрынын акырына карата финансылык абал жөнүндө отчет (№1 форма), пайда жана чыгым жөнүндө отчет (№2 форма), акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет (№3 форма), капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө отчет (№4 форма), кард фондунун акча каражаттарын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет (№ 5 форма), Шариат кеңешинин корутундусу (№6 форма).  

Финансылык отчет аудитордук корутунду менен бирге аудитордук текшерүү аяктагандан кийин жана ал бекитилгенден кийин мамлекеттик жана/же расмий тилдерде отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.  

Микрофинансылык уюмдар аудитордук корутундусу менен финансылык отчет кеңири жайылтылышын жана пайдалануучуларга жеткиликтүү болушун камсыз кылуу максатында, аны жарыялоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын тандашат. Жарыялануучу маалымат көчүрмөсүн кошо тиркөө менен жарыялангандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка сунушталууга тийиш.  

27. Тышкы аудитти жүргүзүүдө депозиттерди тартуу укугу каралган лицензияга ээ кредиттик союз төмөнкү формалардан турган финансылык отчетту жарыялоого тийиш: 31-декабрынын акырына карата финансылык абал жөнүндө отчет (№1 форма), пайда жана чыгым жөнүндө отчет (№2 форма), акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет (№3 форма), капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө отчет (№4 форма), кард фондунун акча каражаттарын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет (№5 форма), Шариат кеңешинин корутундусу (№6 форма).  

Финансылык отчет аудитордук корутунду менен бирге аудитордук текшерүү аяктагандан кийин жана ал бекитилгенден кийин мамлекеттик жана/же расмий тилдерде отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш. Жарыялануучу маалымат жарыялангандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка сунушталууга тийиш. 

28. БФКУфинансылык отчетту сунуштоо тартибин бузган учурда, такталбаган маалымат камтылган отчетту сунуштаса, ошондой эле отчетторду белгиленген талаптарды сактоосуз жарыялаган шартта Улуттук банк колдонуудагы мыйзамдарга ылайык аларга карата тиешелүү таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

  

4-ГЛАВА. ИСЛАМ БАНК ИШИ ЖАНА КАРЖЫЛОО ПРИНЦИПТЕРИНЕ ЫЛАЙЫК ИШ АЛЫП БАРГАН БФКУнун БАШКА ОТЧЕТ ТҮРЛӨРҮН СУНУШТОО ТАРТИБИ ЖАНА МӨӨНӨТТӨРҮ 

 

29. БФКУчейрек сайын, чейрек аяктаган учурдан тартып 30 күн ичинде маалымат тактасында отчеттук чейректин акыркы күнүнө карата финансылык абал жөнүндө отчетту (№1 форма), ошондой эле пайда жана чыгым жөнүндө отчетту (№2 форма) жайгаштырууга тийиш.  

30. Улуттук банк БФКУнун ишине тиешелүү кандай болбосун маалыматты жыл ичинде талап кылууга укуктуу. 

 

5-ГЛАВА. ФИНАНСЫЛЫК АБАЛ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ 

 

31. Финансылык абал жөнүндө отчетто активдер жана милдеттенмелер алардын орточо ликвиддүүлүгүн чагылдырган тартипте өзгөчөлүктөрү боюнча топтоштурулат (ликвиддүүлүктүн азайуу деңгээли же ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча). 

32. Финансылык абал жөнүндө отчетто БФКУнун активдери, милдеттенмелери, инвестициялык эсептердеги каражаттар жана капитал камтылууга тийиш. 

33. AAOIFI стандарттарына ылайык талап кылынган учурда же уруксат берилген шартта, Финансылык абал жөнүндө отчеттогу актив статьясы милдеттенмелер менен жана тескерисинче, милдеттенмелер актив статьясы менен өз ара чегерилбейт.  

34. Алардын өз ара көз карандылыгы жөнүндө туура түшүнүк берүү үчүн Финансылык абал жөнүндө отчетто Улуттук банк, башка БФКУлар, акча рыногу боюнча өнөктөштөр, кредиторлор, карыз алуучулар менен өз ара иш алып баруу өз-өзүнчө чагылдырылууга тийиш.  

35. «Финансылык абал жөнүндө отчеттун» аталышын «20____-жылдын «__»________ карата (кошо алганда) бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал жөнүндө отчет» деген аталышта берүү зарыл. Мында, айдын акыркы күнү, чейрек, жыл чагылдырылат.  

36. Финансылык абал жөнүндө отчетто активдер, милдеттенмелер, инвестициялык эсептер жана капитал боюнча аралык жыйынтык сунушталууга тийиш. 

37. Инвестициялык эсептер жана алардын эквиваленттери боюнча натыйжалар Фнансылык абал жөнүндө отчетто БФКУнун милдеттенмелери жана капитал ортосундагы өзүнчө статья катары көрсөтүлүүгө тийиш.  

  

6-ГЛАВА. ПАЙДА ЖАНА ЧЫГЫМ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ 

  

38.  БФКУнун ишкердигинин жүрүшүндө келип чыккан кирешелер жана чыгашалар кирешелер жөнүндө отчетто өзгөчөлүктөрү боюнча топтоштурулуп, кирешелер жана чыгашалардын негизги түрлөрүн чагылдыруусу зарыл.  

39. Төмөнкү жагдайларды эске албаганда, кирешелер жана чыгашалар статьялары өз ара чегерилбейт: 

1) AAOIFI стандарттарына ылайык уруксат берилген учурда;  

2) же ушундай же ушул сыяктуу жагдайлардын натыйжасында келип чыккан пайда, чыгым жана чыгышалар анчалык олуттуу эмес болсо, мындай суммалар Пайда жана чыгым жөнүндө отчетто бириктирилип берилүүгө тийиш. 

40. БФКУ Пайда жана чыгым жөнүндө отчетто же финансылык отчетко карата түшүндүрмө катта Компаниянын кирешелерине жана чыгашаларына негизденген  

 

классификацияны пайдалануу менен кирешелерге жана чыгашаларга талдап-иликтөөлөрдү чагылдырууга тийиш. 

41. БФКУ Пайда жана чыгым жөнүндө отчетто же финансылык отчетко карата түшүндүрмө катта финансылык отчет даярдалган мезгил аралыгы ичинде жарыяланган же сунушталган акцияларга дивиденддер суммасын көрсөтүүгө тийиш.  

42. «Пайда жана чыгым жөнүндө отчет» деп аталган форманын аталышын «20____-жылдын «__»________ карата Пайда жана чыгым жөнүндө отчет» деген аталышта берүү зарыл. Мында, айдын акыркы күнү, чейреги, жылы чагылдырылат. 

43. Пайда жана чыгым жөнүндө отчетто капиталга кирешени, сарптоолорду, БФКУжана инвестициялык эсеп ээлери тарабынан алынган пайда жана чыгым жөнүндө маалымат өз-өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш: 

1) сатып өткөрүүдөн алынган киреше жана инвестициядан (каржылоодон) пайда; 

2) инвестициялоодон (каржылоодон) сарптоолор жана жоготуулар; 

3) инвестициялоодон (каржылоодон) таза пайда (жоготуу); 

4) мудариб сыяктуу, БФКУнун пайдасындагы инвестициялоодон (каржылоодон) түшкөн пайдадагы (чыгымдагы) инвестициялык эсеп ээлеринин үлүшү

5) инвестициялоодон (каржылоодон) түшкөн пайдадагы (жоготуудагы) БФКУнун үлүшү

6) мудариб сыяктуу чектелбеген инвестициялардан кирешелердеги БФКУнун үлүшү

7) мудариб сыяктуу чектелген инвестциялардан кирешелердеги БФКУнун үлүшү

8) эгерде болгон болсо, инвестициялык агент катары БФКУ үчүн белгиленген төлөм өлчөмү

9) эгерде болгон болсо, Шариат стандарттарына ылайык келбеген операциялардын жыйынтыгында алынган киреше (чыгаша); 

10) сатып өткөрүүдөн алынган башка кирешелер, сарптоолор, пайда жана чыгым; 

11) жалпы жана административдик сарптоолор; 

12) салык төлөөгө чейин таза пайда (жоготуу);  

13) салыктар (өз-өзүнчө сунушталууга тийиш); 

14) таза пайда (жоготуу).  

  

7-ГЛАВА. АКЧА КАРАЖАТТАРЫНЫН ЖЫЛЫШЫ ЖӨНҮНДӨ ОТЧЕТ 

 

 44. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто БФКУ аларды операциялык, инвестициялык же финансылык ишкердик боюнча классификациялоо менен отчеттук мезгил ичинде акча каражаттарынын жана акча эквиваленттеринин жылышы жөнүндө маалыматты сунуштоого тийиш.  

45. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто кассалык маанидеги көбөйүү жана белгилүү бир мезгилдин баш жагына жана акырына карата акчалай наркка теңдештирилген каражаттар көрсөтүлүүгө тийиш.  

46. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто транзакциялар жана төлөөнү талап кылбаган же акча каражаттарынын же нак акчага теңештирилген каражаттардын түшүүсүн шарттабаган суммаларды чегерүүлөр чагылдырылууга тийиш (мисалы, акционерлер ортосунда бөлүштүрүү үчүн каралган дивиденддерди же активдерди БФКУнун акциясындагы үлүш ордуна сатып алуу). 

47. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет менен бирге бул отчетту даярдоо үчүн негиз катары пайдаланылган акча каражаттарынын компоненттерине жана акча каражаттарына теңештирилген каражаттарга тиешелүү БФКУнун саясаты сунушталууга тийиш. 

  

8-ГЛАВА.  

КАПИТАЛ ТҮЗҮМҮНДӨГҮ ӨЗГӨРҮҮЛӨР ТУУРАЛУУ ОТЧЕТ 

  

48. БФКУтөмөнкүлөр чагылдырылган капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө отчетту сунуштоого тийиш: 

1) төлөнгөн капитал, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык түзүлгөн камдар жана БФКУнун өз каалоосу боюнча түзүлгөн камдар өзүнчө жана мүмкүн болгон шартта акча түрүндөгү активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан пайда суммасын өзүнчө сунуштоо менен отчеттук мезгилдин баш жагындагы күнгө карата бөлүштүрүлбөгөн пайда; 

2) отчеттук мезгил ичинде БФКУ тарабынан жүргүзүлгөн капитал түрүндө операциялар жана бөлүштүрүүлөр; 

3) отчеттук мезгил ичинде таза пайда (чыгым); 

4) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык отчеттук мезгил ичинде БФКУтарабынан түзүлгөн камдардын көбөйүүсү (кыскаруусу). 

49. БФКУнун бөлүштүрүлбөгөн пайда жөнүндө маалыматында төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

1) аны пайдалануу мүмкүн болгон учурларда, акча түрүндөгү активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан суммаларды өз-өзүнчө көрсөтүү менен бир мезгилдин баш жагында катталган бөлүштүрүлбөгөн пайда; 

2) отчеттук мезгил ичинде таза пайда (чыгым); 

3) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык отчеттук мезгил ичинде БФКУтарабынан түзүлгөн камдарга чегерүүлөр; 

4) отчеттук мезгил ичинде акционерлерге/катышуучуларга тиешелүү суммалар; 

5) аны пайдалануу мүмкүн болгон учурларда, акча түрүндөгү активдерди жана милдеттенмелерди кайра баалоонун натыйжасында келип чыккан суммаларды өз-өзүнчө көрсөтүү менен отчеттук мезгилдин акырында катталган бөлүштүрүлбөгөн пайда. 

  

9-ГЛАВА. ЭСЕПТИК САЯСАТ ЖАНА ТҮШҮНДҮРМӨ КАТ  

(ТОЛУК МААЛЫМАТ БЕРҮҮ

  

50. БФКУнун финансылык отчетуна карата түшүндүрмө каттагы (чечмелөөдөгү) эсептик саясатта төмөнкүлөр каралууга тийиш: 

1) эсептик саясат аныктамасы, мында БФКУ финансылык отчетторду даярдоо жана жарыялоо үчүн кабыл алган эсепке алуу принциптери, негиздер, эрежелер жана ыкмалар камтылат; 

2) финансылык отчетторду даярдоодо жана жарыялоодо колдонулган, олуттуу эсептин саясатты так жана кыскача сүрөттөө

3) финансылык отчетко карата эскертүүдө бухгалтердик эсепке алуунун негизги принциптерин сунуштоо ыкмалары; 

4) белгилүү бир транзакцияларды жана окуяларды мурдагы жөнөкөй транзакциялар менен окуяларга салыштырганда айырма келип чыккандыктан, жаңы эсептик саясатты кабыл алуу; 

5) биринчи ирет түптөлгөн же мурда оруна алган, бирок анчалык олуттуу эмес транзакциялар же окуялардан улам жаңы эсептик саясатты кабыл алуу; 

6) өткөн мезгилдерге карата финансылык отчеттун статьяларынын классификациясына салыштырганда, өтүп жаткан мезгилдин финансылык отчетторунун пункттарынын классифиациясына өзгөртүүлөр; 

7) БФКУтарабынан инвестициялардан (каржылоодон) түшкөн пайданы (чыгымды) инвестицияларга өз акча каражаттары менен катышкан же анда катышпаган мудариб же инвестициялык менеджер катары инвестициялык эсеп ээлери менен БФКУортосунда бөлүштүрүү үчүн колдонулган ыкмаларды сунуштоо. 

51. Эсептик саясатта өзгөртүүлөр, анын ичинде күндөлүк же өткөн мезгилдердеги финансылык көрсөткүчтөргө таасирин тийгизбеген же мындай таасирлер келечекте болушу мүмкүн болгон өзгөртүүлөр сунушталууга тийиш. 

52. Эсептик саясатка өзгөртүүлөр киргизилген шартта, жаңы саясат ретроспективдүү колдонулат, б.а. БФКУмүмкүн болушунча жаңы эсептик ченди акыркы мезгилдер үчүн финансылык отчетту түзүү менен өткөн мезгилдердеги салыштырма маалыматтарга карата колдонууга тийиш. 

53. БФКУнун финансылык отчеттуна карата түшүндүрмө катта жарыяланган финансылык отчетто көрсөтүлбөгөн төмөнкүдөй маалымат чагылдырылууга тийиш: 

1) БФКУнун аталышы;   

2) каттоодон өткөн өлкө;   

3) түзүлгөн күнү жана уюштуруу-укуктук формасы; 

4) уюм иш алып барган ар бир өлкөдөгү башкы офисинин жана анын туунду компанияларынын жайгашкан дареги; 

5) БФКУнун ишкердик түрү жана уставда каралган негизги банктык кызмат көрсөтүүлөрү

6) алардын финансылык отчету БФКУнун отчету менен бириктирилбеген БФКУнун туунду компанияларынын аталышы, алар каттоодон өткөн өлкө, БФКУнун ар бир туунду уюмда катышуу үлүшү, ишкердик түрү жана алардын финансылык отчетторун жыйынтыкталган финансылык отчетордон алып салуу себептери; 

7) БФКУнун башкаруу компаниясынын аталышы, ошондой эле эгерде болгон болсо, анын филиалдарынын аталышы; 

8) Шариат кеңешинин БФКУнун ишинде ролу жана анын ыйгарым укуктары; 

9) БФКУ каттоодон өткөн өлкөнүн же анын филиалы иш алып барган башка өлкөлөрдүн салык алуу эрежелери. Эгерде БФКУ каттоодон өткөн өлкөдө жана башка өлкөлөрдө жеңилдиктерге ээ болсо, жеңилдик берилген мезгил аралыгын жана ошол жеңилдиктер колдонулуучу калган мөөнөт көрсөтүлүүгө тийиш.  

54. Финансылык отчетко карата түшүндүрмө кат (чечмелөө) системалаштырылган түрдө сунушталууга тийиш, Пайда жана чыгым жөнүндө отчеттун, Бухгалтердик баланс боюнча финансылык абал тууралуу отчеттун жана Акча каражаттарынын жылышы тууралуу отчеттун ар бир статьясы боюнча ага тиешелүү кайсы болбосун маалымат боюнча шилтемелер келтирилүүгө тийиш. 

55. Өткөн мезгилдер үчүн финансылык отчеттордо каталарга жол берилген болсо, алар бүтүндөй өткөн мезгилдер үчүн жаңы финансылык отчетту түзүү аркылуу оңдолууга тийиш. 

Биринчи мезгилдин башталышында бөлүштүрүлбөгөн пайда, сунушталбаган, бирок каталарга жол берилген мезгилдерге да каталарды оңдоонун суммардык таасирин чагылдыруу үчүн корректировкаланууга тийиш. 

56. Кошумча маалыматты чечмелөө диаграммалардын, аналитикалык таблицалардын, графиктердин жана мурдагы жана отчеттук мезгилдер үчүн маалыматтардын көчүрмөлөрүнүн жардамы менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

57. БФКУнун финансылык отчетуна карата эскертүүлөрдө төмөнкүдөй маалымат чагылдырылууга тийиш: 

1) Кыргыз Республикасындагы «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө», «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамдарында аныкталган БФКУнун кызмат адамдары тууралуу;  

2) БФКУнун кызмат адамдарынын туугандары жөнүндө;   

3) БФКУга тике же кыйыр түрдө ээлик кылган же ишин тескеген кайсы болбосун жеке адам же юридикалык жак;  

4) БФКУнун туунду жана/же караштуу компаниялары жана башка филиалдары тууралуу;  

5) AAOIFI стандарттарына ылайык отчеттук мезгил ичинде түзүлгөн, эгер мындай болгон болсо, зекет, кард фондун түзүү жана колдонуу булактары жөнүндө. Зекетти эсептөө методу AAOIFI №9 бухгалтердик эсепке алуу стандартына ылайык чыгарылат. 

 

10-ГЛАВА. «ИСЛАМ ТЕРЕЗЕСИНЕ» ЭЭ МИКРОФИНАНСЫЛЫК  

УЮМДАРДЫН ОТЧЕТУ 

 

58. «Ислам терезесине» ээ микрофинансылык уюмдар ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча кошумча (өзүнчө) финансылык отчетту түзүүгө жана аны компаниянын консолидацияланган финансылык отчетуна тиркөө аркылуу сунуштоого тийиш. 

59. Анын Директорлор кеңеши жана Шариат кеңеши тарабынан бекитилген «ислам терезесине» ээ микрофинансылык уюмдардын эсептик саясатында микрофинансылык уюмдардын «ислам терезеси» финансылык отчетун түзүү тартибин камтууга тийиш. 

60. «Ислам терезесине» ээ микрофинансылык уюмдардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялары боюнча сунушталган кошумча (өзүнчө) финансылык отчет төмөнкүдөй отчеттордон турат: 

- финансылык абал жөнүндө отчет (ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык №1 форма); 

- пайда жана чыгым жөнүндө отчет (ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык №2 форма); 

- эсептик саясат жана финансылык отчетко карата түшүндүрмө кат (чечмелөөлөр); 

-  кард фондунун акча каражаттарын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет (ушул жобого карата 5-тиркемеге ылайык № 5 форма); 

- Шариат кеңешинин корутундусу (ушул жобого карата 6-тиркемеге ылайык №6 форма). 

Финансылык отчетко карата түшүндүрмө кат (чечмелөөлөр) кыскача жана түшүнүктүү болууга, ошондой эле зарыл учурда, финансылык отчеттун тиешелүү статьяларына карата шилтемелер келтирилүүгө тийиш. Финансылык отчетко тиркелген түшүндүрмө кат (чечмелөөлөр) анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

Шариат кеңешинин корутундусунда отчеттук мезгил ичинде операциялар Шариат принциптерине ылайык ишке ашырылгандыгын тастыктаган маалымат камтылууга тийиш. 

 

 

 

 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, ошондой эле «ислам терезесине» ээ банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат сунуштоосуна карата талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме 

 

№1  форма 

 

20__-жылдын _________ карата Финансылык абал жөнүндө отчет   __________________________________________________________________ 

(банктык эмес финансы-кредит уюмунун аталышы жана жайгашкан орду) 

 

 

 

 

миң сом 

  

Статьянын аталышы 

Бардыгы болуп 

Чет өлкө валютасы 

А. Активдер 

1. 

Акча каражаттары 

  

  

  

анын ичинде чет өлкө валютасында 

  

  

2. 

Улуттук банктагы эсеп 

  

  

3. 

Башка банктардагы жана финансы уюмдардагы эсептешүү эсептери 

  

  

4. 

Башка банктардагы жана финансы уюмдардагы эсептер: 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

в) кард хасан келишими боюнча 

  

  

5. 

Баалуу кагаздар 

  

  

6. 

банктарга жана финансы-кредит уюмдарга сунушталган каржылоо: 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

в) шарика/мушарака келишими боюнча  

  

  

  

г) мурабаха келишими боюнча 

  

  

  

д) иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча 

  

  

  

е) салам келишими боюнча 

  

  

  

ж) кард хасан келишими боюнча 

  

  

7. 

Башка кардарларга сунушталган каржылоо 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

в) шарика/мушарака келишими боюнча 

  

  

  

г) мурабаха келишими боюнча 

  

  

  

д) иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча 

  

  

  

е) салам келишими боюнча 

  

  

  

ж) кард хасан келишими боюнча 

  

  

8. 

МИНУС: Атайын РППУ 

  

  

9. 

Таза каржылоо (6-статья+7-8-статьялар) 

  

  

10. 

Андан ары кардарларга берүү үчүн активдер/инвентарь: 

  

  

  

а) кыймылсыз мүлк 

  

  

  

б) кыймылдуу мүлк 

  

  

11. 

Негизги каражаттар, анын ичинде: 

  

  

  

a) жер жана имарат 

  

  

  

б) башка негизги каражаттар 

  

  

12. 

Башка менчик 

  

  

  

a) алынган каржылоонун ордун жабуу үчүн кардардан кабыл алынган кыймылсыз мүлк 

  

  

  

б) сунушталган каржылоонун ордун жабуу үчүн кардардан кабыл алынган башка менчик 

  

  

13. 

Консолидацияланбаган компанияга капиталдык салымдар 

  

  

  

а) банктар жана финансы-кредит уюмдары 

  

  

  

б) башка финансы уюмдары 

  

  

  

в) финансылык эмес уюмдар 

  

  

14. 

Башка активдер 

  

  

15. 

БАРДЫГЫ БОЛУП: АКТИВДЕР 

  

  

Б. Милдеттер 

16. 

Юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

17. 

Жеке адамдардын мөөнөттүү эсептери 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

18. 

Алынган каржылоо: 

  

  

  

а) Кыргыз Республикасынын банктарынан 

  

  

  

б) Кыргыз Республикасынын башка ФКУлардын 

  

  

  

в) эл аралык финансы уюмдарынан жана донорлордон 

  

  

  

г) эл аралык ФКУлардан 

  

  

  

д) мамлекеттик бийлик органдарынан 

  

  

19. 

МФКнын юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алган каражаттары 

  

  

  

а) Уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан МФКга сунушталган каржылоо 

  

  

  

б) Уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан МФКга сунушталган каржылоо 

  

  

20. 

Шарттуу гранттар 

  

  

21. 

анын ичинде чет өлкө валютасында 

  

  

22. 

Башка милдеттенмелер 

  

  

23. 

БАРДЫГЫ БОЛУП: МИЛДЕТТЕНМЕЛЕР 

  

  

В. Капитал 

24. 

Акционердик капитал: 

  

  

  

a) жөнөкөй акциялар (толугу менен төлөнгөн уставдык капитал) 

  

  

  

б) артыкчылык берилген акциялар 

  

  

  

в) номиналдан үстөк салынган капитал  

  

  

  

г) жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал 

  

  

  

д) бөлүштүрүлбөгөн пайда (чыгым): 

  

  

  

д1) өткөн мезгилдердеги пайда (чыгым)  

  

  

  

д2) өтүп жаткан жылы алынган пайда (чыгым) 

  

  

  

е) келечекте керектөөлөргө кам 

  

  

25. 

Жалпы камдар, анын ичинде:  

  

  

  

а) негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча кам 

  

  

  

б) баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча кам 

  

  

  

в) каржылоо боюнча жалпы РППУ  

  

  

  

г) башка активдер боюнча жалпы РППУ  

  

  

  

д) башка жалпы камдар 

  

  

26. 

Пайданы текшилөөгө кам 

  

  

27. 

Инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам 

  

  

28. 

Консолидацияланбаган компаниялардын капиталдык салымдары 

  

  

29. 

БАРДЫГЫ БОЛУП: КАПИТАЛ 

  

  

30. 

БАРДЫГЫ БОЛУП КАПИТАЛ жана МИЛДЕТТЕНМЕЛЕР 

  

  

 

Башкарманын Төрагасы (жетекчиси) 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

Башкы бухгалтер 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, ошондой эле «ислам терезесине» ээ банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат сунуштоосуна карата талаптар» жөнүндө жобого карата 2-тиркеме 

№ 2 форма  

 

20__ -жылдын ___________ карата Пайда жана чыгым жөнүндө отчет 

________________________________________________________________ 

(банктык эмес финансы-кредит уюмунун аталышы жана жайгашкан орду) 

 

миң сом 

№ Статьянын аталышы 

20__-жылдын отчеттук мезгил 

20__-жылдын өткөн мезгили  

A. Операциялар боюнча алынган кирешелер 

 

 

1. 

Коммерциялык банктардын эсептеринде жайгаштырылган акча каражаттар боюнча кирешелер 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

в) кард хасан келишими боюнча 

  

  

2. 

Баалуу кагаздар боюнча кирешелер 

  

  

3. 

Финансыкредит уюмдарга сунушталган каржылоодон алынган кирешелер, анын ичинде: 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

в) шарика/мушарака келишими боюнча 

  

  

  

г) мурабаха келишими боюнча 

  

  

  

д) иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча 

  

  

  

е) салам келишими боюнча 

  

  

4. 

Башка кардарларга сунушталган каржылоодон алынган кирешелер, анын ичинде: 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

в) шарика/мушарака келишими боюнча  

  

  

  

г) мурабаха келишими боюнча 

  

  

  

д) иджара/иджара мунтахийя биттамлик келишими боюнча 

  

  

  

е) салам келишими боюнча 

  

  

5. 

Каржылоо операцияларынан алынган башка кирешелер 

  

  

6. 

Бардыгы болуп 

  

  

Б. Операциялар боюнча чыгашалар 

7. 

Юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери боюнча чыгашалар 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

8. 

Жеке адамдардын мөөнөттүү эсептери боюнча чыгашалар 

  

  

  

а) чектелген мудараба келишими боюнча 

  

  

  

б) чектелбеген мудараба келишими боюнча 

  

  

9. 

Банктардан алынган каржылоо боюнча чыгашалар 

  

  

10. 

Башка финансы институттардан алынган каржылоо боюнча чыгашалар 

  

  

11. 

Эл аралык финансы институттарынан (башка каржылоо булактарынан) алынган каржылоо боюнча чыгашалар 

  

  

12. 

Башка чыгашалар 

  

  

13. 

Бардыгы болуп 

  

  

14. 

Операциялардан таза киреше 

  

  

15. 

РППУ 

  

  

16. 

РППУга чегерүүлөрдөн кийин таза киреше 

  

  

В. Операциялар боюнча башка кирешелер  

17. 

Кызмат көрсөтүүлөр үчүн комиссиялык төлөмдөр жана төлөөлөр 

  

  

18. 

Курстук айырмадан киреше/чыгаша 

  

  

19. 

Агенттик банкинг боюнча алынган кирешелер 

  

  

20. 

Капиталга жана акцияларга, анын ичинде туунду жана ассоциацияланган компанияларга салымдардан киреше/дивиденддер 

  

  

21. 

Башка кирешелер 

  

  

22. 

Бардыгы болуп 

  

  

Г. Операциялар боюнча башка чыгашалар 

  

  

23. 

Адистердин кызмат көрсөтүүлөрүнө жана банктык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр боюнча чыгашалар 

  

  

24. 

Башка чыгашалар 

  

  

25. 

Бардыгы болуп 

  

  

Д. Операциялык жана административдик чыгашалар жана зекетке жана кайрымдуулукка чыгашалар 

26. 

Персоналдын эмгек акысына төлөөлөр жана башка чыгашалар 

  

  

  

a) эмгек акы жана сый акы 

  

  

  

б) башка төлөөлөр жана субсидиялар 

  

  

  

в) Соцфондго төлөөлөр 

  

  

27. 

Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө гонорарлар 

  

  

28. 

Менчикке салыкты кошо алганда, негизги каражатка башка чыгашалар 

  

  

  

a) ижара төлөмү 

  

  

  

б) коммуналдык кызматтар 

  

  

  

в) амортизацияга чыгашалар 

  

  

  

г) башка чыгашалар 

  

  

  

д) менчикке салык 

  

  

29. 

Салыктар 

  

  

30. 

Такафул 

  

  

31. 

Башка операциялык жана административдик чыгашалар 

  

  

32. 

Бардыгы болуп: операциялык чыгашалар 

  

  

33. 

Бардыгы болуп: операциялык киреше (чыгым) 

  

  

34. 

Орун алышы ыктымал болгон жоготуулардын жана чыгым тартуулардын (каржылоо операцияларынан эмес) ордун жабууга камдар  

  

  

35. 

Таза операциялык киреше (чыгым) 

  

  

36. 

Зекетке жана кайрымдуулукка чыгаша 

  

  

37. 

Пайда салыгы 

  

  

38. 

Таза пайда (чыгым) 

  

  

 

 

Башкарманын Төрагасы (жетекчиси) 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

Башкы бухгалтер 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, ошондой эле «ислам терезесине» ээ банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат сунуштоосуна карата талаптар» жөнүндө жобого карата 3-тиркеме 

 

 

№ 3 форма  

 

20__ -жылдын ___________ карата Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет 

 

__________________________________________________________________ 

(банктык эмес финансы-кредит уюмунун аталышы жана жайгашкан орду) 

 

 

 

 

миң сом 

№ 

Статьянын аталышы 

20___-жылдын отчеттук мезгили 

20___-жылдын өткөн мезгили 

  

Операциялык ишкердиктен түшкөн акча каражаттардын жылышы: 

  

  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялардан алынган, кошумчаланган баа 

  

  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган, каражаттар боюнча төлөнгөн пайда үлүшү 

  

  

Кызмат көрсөтүүдөн түшкөн киреше жана алынган комиссиялык төлөмдөр 

  

  

Чет өлкө валютасы менен операциялардан түшкөн таза төлөөлөр 

  

  

Чет өлкө валютасы менен операциялардан таза пайда 

  

  

Ал боюнча өзгөрүүлөр пайда же чыгым курамында чагылдырылган, адилет нарк боюнча баа берилген, финансылык инструменттер менен операциялардан алынган таза киреше  

  

  

Кызмат көрсөтүүлөргө чыгаша жана төлөнгөн комиссиялык төлөмдөр 

  

  

Башка кирешелер 

  

  

Кызматкерлерге эмгек акы жана сый акы 

  

  

10 

Административдик чыгашалар  

  

  

  

Операциялык активдердин жана милдеттенмелердин өзгөрүүсү  

  

  

11 

Кардарларга ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталган каражаттар 

  

  

12 

Дебитордук карыз  

  

  

13 

Башка активдер 

  

  

14 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык тартылган каражаттар 

  

  

15 

Башка милдеттенмелер  

  

  

16 

Операциялык ишкердиктен тартып салык алууга чейинки акча каражаттарынын таза агылып кирүүсү  

  

  

17 

Төлөнгөн, сатуудан салык 

  

  

18 

Операциялык ишкердиктен акча каражаттарынын таза агылып кирүүсү  

  

  

  

Инвестициялык ишкердиктен акча каражаттарынын жылышы: 

  

  

19 

Негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди сатып алуу 

  

  

20 

Негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди сатуу 

  

  

21 

Инвестициялык ишкердиктен акча каражаттарынын таза агылып кирүүсү  

  

  

  

Финансылык ишкердиктен акча каражаттарынын жылышы: 

  

  

22 

Төлөнгөн дивиденддер 

  

  

23 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча тартылган каражаттардын түшүүсү  

  

  

24 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча тартылган каражаттардын ордун жабуу  

  

  

25 

Финансылык ишкердиктен акча каражаттарынын таза агылып кириши/агылып чыгышы 

  

  

26 

Алмашуу курсунун өзгөрүшүнүн акча каражаттарына жана алардын эквиваленттерине таасири 

  

  

27 

Акча каражаттарынын жана алардын эквиваленттеринин таза көбөйүшү (азайышы) 

  

  

28 

Жыл башына карата акча каражаттары жана алардын эквиваленттери 

  

  

29 

Жыл акырына карата акча каражаттары жана алардын эквиваленттери 

  

  

 

Башкарманын Төрагасы (жетекчиси) 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

Башкы бухгалтер 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, ошондой эле «ислам терезесине» ээ банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат сунуштоосуна карата талаптар» жөнүндө жобого карата 4-тиркеме 

№ 4 форма  

20__ -жылдын ___________ карата Капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр жөнүндө отчет 

__________________________________________________________________ 

(банктык эмес финансы-кредит уюмунун аталышы жана жайгашкан орду) 

 

 

миң сом 

№ 

Статьянын аталышы 

20___-жылдын отчеттук мезгили 

20___-жылдын өткөн мезгили 

  

Уставдык капитал 

  

  

Отчеттук мезгилдин баш жагына карата калдык 

  

  

Отчеттук мезгил ичинде көбөйүү 

  

  

Отчеттук мезгил ичинде азайуу 

  

  

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

Номиналдын үстөк салынган капитал 

  

  

Отчеттук мезгилдин баш жагына карата калдык 

  

  

Акцияларды чыгаруудан үстөк капитал 

  

  

Башка өзгөрүүлөр 

  

  

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

  

Бөлүштүрүлбөгөн пайда 

  

  

10 

Отчеттук мезгилдин баш жагына карата калдык 

  

  

11 

Акыркы отчеттук мезгилде алынган пайда (чыгым) 

  

  

12 

Акыркы отчеттук жылдын жыйынтыгы боюнча жарыяланган дивиденддер акча каражаттары түрүндө  

  

  

13 

Башка өзгөрүүлөр 

  

  

14 

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

15 

Келечекте керектөө үчүн кам 

  

  

16 

Отчеттук мезгилдин баш жагына карата калдык 

  

  

17 

Келечекте керектөө үчүн камдын башка жылыштары 

  

  

18 

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

  

Активдерди кайра баалоо боюнча кам 

  

  

19 

Отчеттук мезгилдин баш жагына карата калдык 

  

  

20 

Отчеттук мезгил ичинде негизги каражаттарды кайра баалоо жыйынтыктары 

  

  

21 

Негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча камдын башка жылышы 

  

  

22 

Отчеттук мезгилде баалуу кагаздарды кайра баалоо жыйынтыктары 

  

  

23 

Отчеттук мезгилдин акырына карата калдык 

  

  

24 

Бардыгы болуп: капитал 

  

  

Башкарманын Төрагасы (жетекчи) 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

Башкы бухгалтер 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, ошондой эле «ислам терезесине» ээ банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат сунуштоосуна карата талаптар» жөнүндө жобого карата 5-тиркеме 

№5 форма 

 

20___-жылдын ____________ карата Кард фондунун акча каражаттарын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет  

 

___________________________________________________________________________ 

(банктык эмес финансы-кредит уюмунун аталышы жана жайгашкан жери) 

 

 

 

Аталышы  

20___-жылдын отчеттук мезгили 

20___-жылдын өткөн мезгили 

 

Баштапкы сальдо  

 

 

Кард хасан 

 

 

Кард хасан сунуштоо үчүн жеткиликтүү акча каражаттары  

 

 

 

Кард фондусунун каражат алуу булактары  

 

 

Күндөлүк эсептерден каражаттарды бөлүштүрүү  

 

 

Шариат стандарттарына ылайык келбеген кирешелерди бөлүштүрүү  

 

 

БФКУнун иш чөйрөсүнөн тышкары алынган каражаттар  

 

 

Жыйынтыгында, жыл ичинде каражат булактарынан түптөлгөн сумма  

 

 

 

Кард фондусунун каражаттарын пайдалануу  

 

 

Билим берүү максаттарына кард хасан 

 

 

Чакан бизнес үчүн кард хасан 

 

 

Күндөлүк эсептер боюнча эсептөө  

 

 

10 

Жыйынтыгында, жыл ичинде пайдаланылган каражаттардын суммасы 

 

 

 

Жыл акырына карата сальдо  

 

 

11 

Кард хасан 

 

 

12 

Кард хасан сунуштоо үчүн жеткиликтүү акча каражаттары 

 

 

 

Башкарманын Төрагасы (жетекчиси) 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

Башкы бухгалтер 

________________________________________ 

 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

 

 

«Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык иш алып барган, ошондой эле «ислам терезесине» ээ банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын финансылык отчетту түзүүсүнө жана маалымат сунуштоосуна карата талаптар» жөнүндө жобого карата 6-тиркеме    

№ 6 форма  

Шариат кеңешинин корутундусу  

(үлгү

Биз, (аты-жөнү), … (аты-жөнү), …., Шариат кеңешинин мүчөсү/компаниянын келишимине ылайык кызматтарды сунуштоочулардан болуу менен Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн атынан компаниянын ___________ жылы ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялары Шариат принциптерине ылайык ишке ашырылгандыгын тастыктайбыз. 

  

Шариат кеңешинин атынан:  

(аты-жөнү) _________________________  

(аты-жөнү) _________________________  

 …………………………… …………………………………  

 Бишкек ш. 

үнү)