Кайта келүү

 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2008-жылдын 16-январындагы 

N 3/3 токтому менен 

бекитилген 

Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 16-декабрындагы N 49/17, 2012-жылдын 18-январындагы N 2/2, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5, 2017-жылдын 16-июнундагы №2017-П-12/34-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамга жана "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамга ылайык иштелип чыккан жана" кредиттик союздардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары текст боюнча - ММРО) бирдиктүү формасын аныктайт. 

1.2. "Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобонун аракети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары текст боюнча - Улуттук банк) лицензия алышкан бардык кредиттик союздарга жайылтылат. 

1.3. ММР0 кредиттик союздун бухгалтердик эсепке алуу жана системадан тышкары эсепке алуунун маалыматтарынын негизинде түзүлөт. 

2. Максаттары жана милдеттери 

2.1. ММРО төмөнкүлөргө анализ жүргүзүү максатында түзүлөт: 

а) Улуттук банк тарабынан Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республи- касынын Улуттук банкы жөнүндө" жана "Кредиттик союздар жөнүндө" мыйзамдарында бекитилген функцияларды аткаруунун алкагында кредиттик союздун финансылык абалына; 

б) Кредиттик союздун жетекчилеринин ликвиддүүлүктү, төлөө жөндөмдүүлүгүн жана кирешелүүлүктү камсыз кылуу боюнча чечимдерди кабыл алуусу үчүн кредиттик союздун ишине. 

2.2. ММРОнун башкы милдети - ушул Жобонун 2.1. пунктунда көрсөтүлгөн максаттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн кредиттик союздардын экономикалык жана чарбалык иши тууралуу так жана толук маалымат берүү

3. ММРОнун мазмуну жана аны берүү мезгил аралыгы 

3.1. ММР0 өзүндө кредиттик союздун белгилүү бир мезгил ичинде аткарган ишин чагылдырган, белгиленген формадагы жана белгиленген мөөнөттө берилүүчү отчетту түшүндүрөт. 

3.2. Отчеттун жыйынтыкталган курамы, алардын кыскача мазмуну жана отчетторду берүү мөөнөттөрү ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген. 

3.3. 4-чейрек үчүн ММРО жылдык отчет болуп саналат жана отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен Улуттук банкка берилет. 

3.4. ММРО 7 формадан турат. 

4. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту берүү тартиби 

4.1. Ар бир кредиттик союзда ММРОнун мазмунун толуктугу, берүү мөөнөттөрүнүн сакталышы жана туура толтурулушу үчүн жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. Ал кызматкерге ММРОдо камтылган маалыматка тиешелүү бардык маселелер боюнча Улуттук банк менен өзара иш алып баруу жоопкерчилиги жүктөлөт. 

4.2. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет Улуттук банкка ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык формада, ар бир отчет үчүн белгиленген мөөнөттөрдө кагазга чыгарылып жана электрондук түрдө Улуттук банкка сунушталат. Бул отчеттун электрондук түрү Улуттук банк тарабынан белгиленгендерге ылайык түзүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.3. Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан кредиттик союздар Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту Улуттук банктын жалпы бөлүмүнө кагазга чыгарылып, конвертке салынып, чапталган түрүндө берилүүгө тийиш. 

Отчеттун электрондук түрү Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын Статистикалык базаны техникалык колдоо бөлүмүнө электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү зарыл. Кредиттик союздун электрондук почтасы жок болсо, отчетторду жазып алуучу башка жабдуулар (USB - флэш маалымат сактоочу) аркылуу берилиши зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.3-1. Республиканын башка областтарында жайгашкан кредиттик союздар Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетторун Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө кагазга чыгарылган түрүндө жана электрондук түрдө берүүгө тийиш. 

Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү бул отчетторду Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгына агрегирленген түрдө жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.4. ПРО формасын толтурууда кандайдыр бир дал келбестиктерге, катачылыктарга жол берилсе, маалымат толук берилбесе же ал туура эмес толтурулса, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү отчет алган күндөн тартып 10 жумуш күнү ичинде финансылык отчетко чагылдыруу менен отчетко оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө билдирүүсүн кредиттик союзга сунуштайт.  

Оңдоо киргизилген отчеттор, отчетто дал келбестиктер аныкталгандыгы тууралуу маалымдалгандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде кредиттик союздун коштоо каты менен бирге Улуттук банкка сунушталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.5. Улуттук банктын ММРО боюнча сын-пикирлери болбогон же отчет Улуттук банктын сын-пикирлерине ылайык оңдолуп жана ПРОну оңдоо тууралуу Улуттук банктын билдирүү каты, ММРО Улуттук банк тарабынан кабыл алынган катары эсептелет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.6. ММРО белгиленген формада: коштомо кат менен бирге, ар бир формага кредиттик союздун төрагасынын жана башкы бухгалтеринин коюлган колтамгасы менен берилүүгө тийиш. ММРО отчеттук күнгө карата кредиттик союздун иш абалы тууралуу так маалыматты камтууга тийиш. 

5. Корутунду жобо 

5.1. Маалыматтардын өз учурунда берилбеши жана/же так эмес маалыматтардын берилиши, маалыматтарды сунуштабагандыгы үчүн, толук эмес жана/же ММРОнун туура эмес толтургандыгы үчүн КС, ошондой эле КСтин Башкармасынын Төрагасы жана башкы бухгалтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2. Кредиттик союздар Улуттук банкка берилген ММРОнун экинчи нускаларынын сакталышын камсыз кылууга тийиш. 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2008-жылдын 16-январындагы 

N 3/3 токтому менен бекитилген "Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобого 

1-тиркеме 

Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү отчетунун 

КУРАМЫ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

Бөлүмдөрдүн 

№ 

Аталышы 

Мезгилдүүлүгү 

Берүү мөөнөтү 

Активдер  

Чейрек сайын  

Отчеттук чейрек аяктаган күнгө чейин 1, 2, 3 жана 4-чейрек үчүн отчеттор. 

Кийинки отчеттук жылга карата 20сынан кечиктирбей берилген жылдык отчет  

1-2 

Милдеттемелер жана капитал  

1-3 

Баланстан тышкаркы милдеттенмеле  

Кирешелер жана чыгашалар тууралуу отчет  

А. Кредит портфели жөнүндө маалымат 

Б. Кредиттерди классификациялоо  

В.Финансылык лизингди классификациялоо  

Г. Кредит портфели  

Д.Финансылык лизинг  

Е. Тартылган каражаттар боюнча маалымат  

Кредиттик союздун ири карыз алуучулары жөнүндө маалымат  

А. Кредиттик союздун ири проблемалуу карыз алуучулары жөнүндө маалымат  

Б. Параллель кредиттери жөнүндө маалымат  

В. Реструктуризацияланган кредиттер  

А. Кабыл алынган депозиттерди мөөнөттөргө бөлгөндөн кийинки көлөмү  

Б. Кабыл алынган депозиттерди суммаларга бөлгөндөн кийинки көлөмү  

В. Отчет айындагы депозиттердин жылышы  

Г. Минималдуу, орто жана максималдуу депозиттердин өлчөмү  

Д. Тартылган депозиттер боюнча пайыздык чен  

А. Отчеттук чейрек ичинде орду жабылууга тийиш болгон жана орду жабылган кредиттер тууралуу маалымат 

Б. Кредиттик союздун курамы  

В.Катышуучулар, карыз алуучулар жана аманатчылар  

Г. Сактык пайдын жана кредиттердин өлчөмдөрү боюнча маалымат 

Д. Кредиттик союздун жайгашкан жери жана иш алып барган аймагы тууралуу маалымат 

Е. Сактык пайды алуу шарттары  

Ж. Дивиденддер 

З. Кыска мөөнөттүү милдеттенмелер (алар боюнча төлөө мөөнөтү 30 күн ичинде келип жетсе) 

И. Банк менен түзүлгөн агенттик келишим боюнча чекене кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруу боюнча маалымат 

К. Жайгаштыруу операциялары жана инвестициялар боюнча чечмелөөлөр  

Кредиттик союздун экономикалык ченемдерин аткаруу жөнүндө маалымат  

  

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2008-жылдын 16-январындагы 

N 3/3 токтому менен бекитилген "Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобого 

2-тиркеме 

Кредиттик союздун мезгил-мезгили менен берилүүчү 

РЕГУЛЯТИВДИК ОТЧЕТУ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-январындагы N 2/2, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-январындагы N 2/2, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5 токтомдору менен 2-тиркемеге киргизилген өзгөртүүлөрдүн графикалык көчүрмөлөрүн караңыз