Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банкынын  

Көзөмөл боюнча комитетинин 

2014-жылдын 26-декабрындагы 

№ 46/1 токтомуна карата 

1-тиркеме 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту толтуруусу боюнча 

УСУЛДУК КӨРСӨТМӨЛӨР 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1, 05.10.2017-ж. № 37/3 токтомдору менен бекитилген) 

 

I. Жалпы жоболор 

1. Бул усулдук көрсөтмөдө төмөнкү бөлүктөр боюнча "Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан микрофинансылык компаниялардын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобого карата тиркемелердин төмөнкү бөлүктөрүн толтуруу тартибине түшүндүрмө берилет: 

1) титулдук барак; 

2) микрофинансылык компаниянын (мындан ары МФК), Директорлор кеңешинин, Башкармасынын, Шариат кеңешинин жана негизги уюштуруучуларынын (акционерлеринин) мүчөлөрү тууралуу мааалыматтар; 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

3) МФКнын айрым кызмат адамдары тууралуу маалымат; 

4) МФК жөнүндө базалык маалымат; 

5) "Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет" деп аталган 1-бөлүк; 

6) "Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет" деп аталган 2-бөлүк; 

7) "Капитал түзүмү" деп аталган 3-бөлүк; 

8) "Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер, активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоого тиешелүү маалымат" деп аталган 4-бөлүк; 

9) "Кардарлардын суммаларга жана төлөө мөөнөттөрү боюнча бөлүп көрсөтүлгөн эсептери" деп аталган 5-бөлүк; 

10) "Кирешелүүлүк чендеринин жана төлөө мөөнөттөрүнүн өзгөрүүсүнүн МФКнын активдерине жана милдеттенмелерине таасир этишине талдап-иликтөөлөр" деп аталган 6-бөлүк; 

11) "Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камдагы өзгөрүүлөр (мындан ары - текст боюнча РППУ)" деп аталган 7-бөлүк; 

12) "Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат" деп аталган 8-бөлүк; 

13) "Кызматкерлер менен келишилген бүтүмдөр жөнүндө маалымат" деп аталган 9-бөлүк; 

14) "Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат" деп аталган 10-бөлүк; 

15) "Кардарларга сунушталган каржылоо жөнүндө маалымат" деп аталган 11-бөлүк; 

16) "Чечмелөө" деп аталган 12-бөлүк; 

17) "Чет өлкө активдери жана милдеттенмелери боюнча отчет" деп аталган 13-бөлүк. 

2. Көзөмөл боюнча комитеттин 2017-жылдын 5-октябрындагы №37/3 токтомуна ылайык күчүн жоготкон. 

3. Усулдук көрсөтмөдө камтылбаган бөлүктөр Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык толтурулат. 

II. Титулдук барак 

4. Титулдук баракта төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

1) катталган күнү жана чыгыш номери; 

2) отчет даярдалган күн (мисалы, "2014-жылдын 31-декабрына карата абал боюнча" дегенден улам, отчет ушул күндүн акырына карата даярдалгандыгын түшүнүү зарыл); 

3) отчет даярдалып бүткөн күн; 

4) мезгил аралыгы - "ар айлык", "чейректик", "жылдык" же "корректировкалоо". Ар айлык отчетту сунуштоодо "ар айлык", ал эми чейректик отчетту сунуштоодо "чейректик" деген сөздүн астын сызып коюу талап кылынат. Жылдык болуп эсептелген 4-чейрек үчүн отчетту берүүдө "жылдык" деген сөздүн асты сызылат. Корректировкаланган отчетту сунуштоодо "корректировкалоо" сөзүн белгилеп коюу зарыл. Эгерде, техникалык мүнөздөгү каталар орун алса, отчетту корректировкалоого жол берилет. Бул учурда өзгөртүүлөр киргизилген отчеттун формалары гана сунушталып, киргизилген өзгөртүүлөр боелуп (маркер менен) көрсөтүлөт; 

5) жүргүзүлгөн аудиттин же текшерүүнүн түрү - төмөнкү саптардын бири же экөөсү көрсөтүлөт: 

а) ички текшерүү - эгерде текшерүү ички аудит же ревизор тарабынан жүргүзүлгөн болсо; 

6) корутундусуз аудит - аудит жүргүзүлүп, банк операциялары жана бухгалтердик эсепке алуу туура жүргүзүлгөндүгү жөнүндө корутунду берилсе; 

в) корутунду берүү менен ишке ашырылган аудит - аудит жүргүзүлүп, банк операцияларынын жана бухгалтердик эсепке алуунун туура жүргүзүлгөндүгүн текшерүүдөн тышкары, МФКга анын ишин жакшыртуу жана/же өркүндөтүү үчүн сунуш-көрсөтмөлөр жана иш-чаралар планы сунушталса; 

б) отчет берүүчү МФКнын басма тамгалар менен көрсөтүлгөн аталышы; 

7) тышкы аудитордук фирма - жылдык отчетту берүүдө көрсөтүлөт; 

8) МФКнын Директорлор кеңешинин төрагасынын же ал жок учурда Директорлор кеңешинин төраганы алмаштырган мүчөсүнүн, башкарманын төрагасынын, башкы бухгалтердин, башкарманын отчеттун даярдалышы боюнча ишти түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсүнүн күбөлөндүрүүчү кол тамгасы; 

9) МФКнын отчетунун түзүлүшү, сунушталышы үчүн жооп берген кызматкеринин кызмат ордун, аты-жөнүн жана телефон номерин көрсөтүү менен анын кол тамгасы; 

10) Кардарлардын жалпы саны - каржылоодон пайдаланган, ошондой эле МФКдагы эсептерде акча каражаттарын жайгаштырган кардарлардын саны көрсөтүлөт. 

 

III. МФКНЫН ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН, БАШКАРМАСЫНЫН, ШАРИАТ КЕҢЕШИНИН ЖАНА НЕГИЗГИ УЮШТУРУУЧУЛАРЫНЫН (АКЦИОНЕРЛЕРИНИН) МҮЧӨЛӨРҮ ТУУРАЛУУ МАААЛЫМАТТАР 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

5. МФКнын Директорлор кеңешинин, Башкармасынын, Шариат кеңешинин жана негизги уюштуруучуларынын (акционерлеринин) мүчөлөрү тууралуу мааалыматтар жылдык отчетто же өзгөртүүлөр киргизилген шартта сунушталууга жана төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш: 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

1) аты-жөнү

2) иштеген жери (Башкарманын мүчөлөрү үчүн талап кылынбайт); 

3) кызмат орду; 

4) иштеген жеринин телефон номери (номердин кодун кошо көрсөтүү менен); 

5) кол тамга үлгүсү (негизги уюштуруучлар (акционерлер) үчүн көрсөтүлбөйт). 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

IV. Айрым кызмат адамдар тууралуу маалыматтар 

6. МФКнын айрым кызмат адамдары тууралуу маалыматтар жыл сайын сунушталуучу отчетто же өзгөртүүлөр киргизилген учурда берилип, өзүндө МФКнын төмөнкү кызмат адамдарынын (же аларга теңештирилген адамдардын) тизмесин камтууга тийиш: 

1) башкы бухгалтер; 

2) ликвиддүүлүктүн тескөөгө алынышына жооп берген кызмат адамы; 

3) бюджет үчүн жооп берген кызмат адамы; 

4) каржылоо боюнча иш чөйрөсүнө жооп берген кызмат адамы; 

5) Аудит боюнча комитеттин төрагасы; 

6) Ички аудит кызматынын/бөлүмүнүн жетекчиси. 

Усулдук көрсөтмөнүн 2, 3, 4-пункттарында көрсөтүлгөн кызмат адамдары МФКнын жетекчилиги катары иш алып барууга жана МФКнын бүтүндөй иш багыты боюнча жүргүзүлүп жаткан саясат үчүн жооп берүүгө тийиш. 

7. Ар бир кызмат адам боюнча төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш: 

1) аты-жөнү

2) кызмат орду; 

3) иштеген жеринин телефон номери; 

4) кол тамга үлгүсү

8. МФКнын кызмат адамдарына анын иш багыттары боюнча ыйгарылган жоопкерчиликтер тиешелүү документтер менен тастыкталууга тийиш. 

V. Микрофинансылык компаниялар жөнүндө базалык маалымат 

9. МФК жөнүндө базалык маалыматтарда төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

1) "отчет берүүчү МФКнын толук аталышы" - МФКнын толук расмий аталышы; 

2) "дареги": 

а) "шаар" - МФКнын башкы кеңсеси жайгашкан шаардын же калктуу пункттун аталышы; 

б) "көчө, имараттын номери" - көчөнүн аталышы жана башкы кеңсенин имаратынын номери; 

в) "почта индекси" - почта бөлүмүнүн индекси; 

г) "почта дареги" - почта бөлүмүндөгү почта дареги; 

3) "расмий жарыяланган байланыш түйүнү": 

а) "телефон" - МФК телефонунун расмий номери; 

б) "факс" - МФК факсынын расмий номери; 

в) "электрондук дареги" - МФКнын расмий электрондук дареги; 

4) "уставдык капиталдын суммасы": 

а) "жарыяланган" - МФКнын жарыяланган уставдык капиталынын суммасы; 

б) "айкын салынган капитал" - МФКнын айкын салынган уставдык капиталынын суммасы; 

5) "31-декабрга карата абал боюнча төлөнгөн" - бул таблица сатылган акциялардын номиналдык наркын (жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялар), ар бир номиналдын жалпы наркын жана сапатын, ошондой эле бардык акциялардын жалпы санын, отчеттук күнгө чейинки жылдын 31-декабрына карата абал боюнча алардын жалпы наркын көрсөтүү менен толтурулат. 

VI. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун бөлүктөрү 

1. "Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет" деп аталган 1-бөлүк 

10. Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчетто регулятивдик отчеттун көз карашынан алганда, эң эле олуттуу беренелер чагылдырылган. 

Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет үч тилкеден турат: 

1) финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет беренелеринин аталышы; 

2) беренелердин сом түрүндөгү маанилери; 

3) үчүнчү графасында Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча чет өлкө валютасындагы баланстык беренелердин сом түрүндөгү эквиваленти бөлүп көрсөтүлөт. 

11. Бардык суммалар миң сом түрүндө көрсөтүлүүгө тийиш. 

12. Финансылык абал жөнүндө отчеттун беренелеринин суммалары (каржылоодон тышкары) РППУнун, амортизациялык чегерүүлөрдүн жана дисконттун/сый акынын (активдердин таза наркы) тиешелүү суммаларын эсептеп алып салуу менен көрсөтүлөт. 

13. Финансылык абал жөнүңдө регулятивдик отчет финансылык инструменттер боюнча утурлама активдер менен милдеттенмелердин суммасын эсепке алуусуз түзүлөт. Мында, салыштырып текшерүү суммасы мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетко карата түшүндүрмө тил катында өзүнчө чечмеленип берилүүгө тийиш. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген)  

1 §. "Активдер" деп аталган А бөлүкчөсү 

14. "Акча каражаттары" деп аталган 1-беренеде жүгүртүү кассасындагы банкнотторду жана монеталарды, ошондой эле сомго кайра эсептелген банкноттор менен монеталарды, анын ичинде Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча чет өлкө валютасынын сом түрүндөгү эквивалентин кошо алганда, акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт. 

"Улуттук банктагы эсеп" деп аталган 2-беренеде акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн милдеттүү камдык талаптарды эсептөөдө Улуттук банктагы эсепте жайгаштырылган акча каражаттары көрсөтүлөт. 

"Башка банктардагы жана финансы уюмдардагы эсептешүү эсептери жана башка эсептер" деп аталган 3-беренеде банктардагы же финансы уюмдардагы эсептешүү эсептериндеги жана башка эсептердеги акча каражаттардын суммасы тиешелүү РППУну алып салуу менен көрсөтүлөт. Калдыктарында Улуттук банктын отчеттук күнгө карата курсу боюнча валюталардын бардык түрлөрүнүн сом түрүндөгү эквивалентинин суммасы камтылат. 

"Башка банктардагы жана финансы уюмдардагы эсептер" деп аталган 4-беренеде күрөөдө турган эсептердеги акча каражаттарын кошо алганда, банктарда жана финансылык институттарда ачылган эсептерде жайгаштырылган акча каражаттарынын суммасы, тиешелүү РППУну алып салуу менен көрсөтүлөт. 

"Баалуу кагаздар" деп аталган 5-беренеде МФКга тиешелүү болгон, шариат стандарттарына жооп берген баалуу кагаздардын: соодалык баалуу кагаздар, сатууга боло турган баалуу кагаздар жана төлөөгө чейин кармалып туруучу баалуу кагаздар портфелинин баланстык наркы, тиешелүү атайы РППУну алып салуу менен көрсөтүлөт. 

"Банктарга жана финансы-насыялык уюмдарга сунушталган каржылоо" деп аталган 6-беренеде финансы-насыялык уюмдарга сунушталган каржылоонун суммасынын отчеттук күнгө карата калдыгы, тиешелүү дисконтту алып салуу менен көрсөтүлөт. 

"Башка кардарларга сунушталган каржылоо" деп аталган 7-беренеде финансы-насыялык уюмдардан тышкары, кардарларга сунушталган каржылоо суммасынын отчеттук күнгө карата калдыгы, тиешелүү дисконтту алып салуу менен көрсөтүлөт. 

"Атайы РППУ" деп аталган 8-беренеде классификацияланган активдер боюнча түзүлгөн атайы РППУнун өлчөмү көрсөтүлөт. 

"Таза каржылоо" деп аталган 9-беренеде каржылоо наркы, алар боюнча атайы РППУну алып салуу менен көрсөтүлөт (8-беренени алып салуу менен 6 + 7-беренелердин суммалары). 

"Кардарларга андан ары өткөрүп берүү үчүн активдер/шаймандар" деп аталган 10-беренеде МФК тарабынан кардарларга андан ары өткөрүп берүү үчүн сатылып алынган, анын ичинде мурабаха жана иджара мунтахия биттамлик келишимдери боюнча сатылып алынган имараттардын, башка курулмалардын, эмеректердин, жабдуулардын жана башка активдердин/шаймандардын наркы көрсөтүлөт. Маалыматтар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат. 

"Негизги каражаттар" деп аталган 11-беренеде МФКнын ээлигинде же пайдалануусунда турган жерлердин жана/же жер үлүшүнүн, имараттардын жана башка курулмалардын, автоунааларды кошо алганда, эмеректердин, жабдуулардын наркы, ошондой эле курулушка же капиталдык ремонтко байланыштуу келип чыккан материалдардын, иштердин жана капиталдаштырылган чыгашалардын наркы негизги каражаттарга чегерилген амортизацияларды алып салуу менен көрсөтүлөт. Негизги каражаттар төмөнкү топтор боюнча чагылдырылууга тийиш: а) жер жана имараттар; б) жана башка негизги каражаттар. 

"Башка менчик" деп аталган 12-беренеде активдин ордун жабууга МФК тарабынан кабыл алынган кардардын кыймылсыз мүлкү жана башка менчиги (мурдагы күрөө мүлкү), кардардын кыймылсыз мүлкүнө жана башка менчигине бөлүнгөн тиешелүү РППУну алып салуу менен көрсөтүлөт. 

"Консолидацияланбаган компанияларга капиталдык салым" деп аталган 13-беренеде, бул отчетто консолидацияланбаган компаниядагы, анын ичинде филиалдардагы жана ассоциацияланган компаниялардагы капиталдык инвестициялардын суммасы тиешелүү РППУну алып салуу менен көрсөтүлөт. 

"Башка активдер" деп аталган 14-беренеде эсептешүүдөгү акча каражаттарды кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн активдердин баланстык наркы тиешелүү РППУну алып салуу менен көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп, активдер" деп аталган 15-беренеде 1, 2, 3, 4, 5, 9, 10, 11, 12, 13 жана 14-берененин суммалары көрсөтүлөт. 

2 §. "Милдеттенмелер" деп аталган Б бөлүкчөсү 

15. "Юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери" деп аталган 16-беренеде юридикалык жактардын МФКда ачылган мөөнөттүү эсептеринин жалпы суммасы чектелген жана чектелбеген мударабага бөлүү менен көрсөтүлөт. 

"Жеке адамдардын мөөнөттүү эсептери" деп аталган 17-беренеде МФКдагы жеке адамдардын мөөнөттүү эсептеринин жалпы суммасы чектелген жана чектелбеген мударабага бөлүү менен көрсөтүлөт. 

"Алынган каржылоо" деп аталган 18-беренеде МФК тарабынан төмөнкү беренелер боюнча алынган, кыска мөөнөттүү жайгаштыруулар катары каралбаган каржылоо суммасы көрсөтүлөт: 

а) банктардан; 

б) Кыргыз Республикасынын башка финансы-насыялык уюмдардан; 

в) эл аралык донор уюмдардан (каржылоонун башка финансы булактары); 

г) эл аралык финансы-насыялык уюмдардан; 

д) мамлекеттик бийлик органдарынан. 

"МФКнын юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттары" деген 19-беренеде жеке адамдардын жана юридикалык жактардын юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алган суммасы көрсөтүлөт. Маалымат төмөнкүлөргө бөлүштүрүү менен сунушталат: 

а) «МФКга уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан сунушталган каржылоо» уюштуруучулар (акционерлер) юридикалык жактар сунуштаган каржылоо көрсөтүлөт; 

б) «МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алган каражаттарында» юридикалык жактардын юридикалык жактардан- уюштуруучулардан (акционерлерден) карыз алууларынын суммасы чагылдырылат. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

"Шарттуу гранттар" деп аталган 20-беренеде алынган гранттардын калдыктарынын суммасы көрсөтүлөт. 

Ал эми 21-беренеде чет өлкө валютасында алынган гранттардын калдыгынын сом түрүндө туюндурулган суммасы көрсөтүлөт. 

"Башка милдеттенмелер" деп аталган 22-беренеде эсептешүүлөрдөгү акча каражаттарын кошо алганда, буга чейинки беренелерде чагылдырылбаган милдеттенмелер көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп, милдеттенмелер" деп аталган 23-беренеде 16-22-беренелердин суммасы көрсөтүлөт. 

3 §. "Капитал" деп аталган В бөлүкчөсү 

16. "Акционердик капитал" деп аталган 24-беренеде акционердик капиталдын мааниси төмөнкү беренелер боюнча көрсөтүлөт: 

а) "кадимки акциялар" - МФКнын жөнөкөй акцияларынын жалпы суммасы; 

б) "артыкчылыктуу акциялар" - МФКнын артыкчылыктуу акцияларынын жалпы суммасы; 

в) "номиналдан үстөк салынган капитал" - акционерлер тарабынан акциялардын номиналдык наркынан үстөк салынган акча каражаттардын суммасы көрсөтүлөт, бул жөнөкөй жана артыкчылыктуу акцияларды сатуу баасы менен алардын номиналдык наркы ортосундагы айырманы түшүндүрөт; 

г) "жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал" - жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан төлөнгөн уставдык капиталдан үстөк же кошумча капитал катары салынган акча каражаттары. Алар уставдык капиталдын өзгөрүшүнө байланыштуу кайра каттоодон өтүү учуруна чейин эсепке алынат. Бул каражаттар, эгерде жеке адамдар жана юридикалык жактар МФКнын уставдык капиталындагы акцияларды/үлүштү сатып алуунун эсебинен төмөнкү шарттарда каражат салуусу жөнүндө МФКалар менен келишим түзгөн шартта гана чегерилет: 

- кайтарылып алынгыс (кандай болбосун жагдайга карабастан); 

- салынган каражаттарга мөөнөттөрдү белгилөөсүз; 

- МФК банкрот абалында калган шартта, ушул каражаттар боюнча талаптар МФКнын акционерлери үчүн белгиленген кезекте эле канааттандырылат; 

д) "бөлүштүрүлбөгөн пайда (чыгым)" - МФКнын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын (чыгымынын) суммасы; 

д1) "өткөн мезгилдердин пайдасы (чыгымы)" - каражаттардын бөлүгүн акционерлер ортосунда бөлүштүрүүдөн жана МФКнын келечектеги керектөөлөрүнө камга чегерилген каражаттардан кийин өткөн жылдардын МФКда калган пайдасы (чыгымы) чагылдырылат; 

д2) "өтүп жаткан жылдын пайдасы (чыгымы)" - өтүп жаткан жылдын пайдасы (чыгымы) чагылдырылат; 

е) "келечектеги керектөөлөргө камдар" - МФКда келечектеги иш жагдайы үчүн бөлүштүрүлгөн пайданын эсебинен түзүлгөн камдардын суммасы. 

"Жалпы камдар" деп аталган 25-беренеде МФКнын активдерин кайра баалоонун эсебинен МФКда түзүлгөн камдардын өлчөмү жана консолидациялоо учурунда валюталарды кайра эсептөөнүн натыйжасында пайда болгон айырма, ошондой эле каржылоо жана төмөнкүдөй башка классификацияланган активдер боюнча жалпы РППУнун өлчөмү көрсөтүлөт: 

а) "негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча кам" - негизги каражаттарды кайра баалоонун суммасы; 

б) "баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча кам" - баалуу кагаздарды кайра баалоодон улам келип чыккан өздөштүрүлбөгөн кирешелер менен чыгымдардын суммасы; 

в) "каржылоо боюнча РППУ" - каржылоо боюнча жалпы РППУнун суммасы; 

г) "башка активдер боюнча жалпы РППУ" - классификацияланууга тийиш болгон башка активдер боюнча жалпы РППУнун суммасы; 

д) "башка жалпы камдар" - башка жалпы камдардын суммасы. 

"Пайданы теңдештирүү үчүн кам" деп аталган 26-беренеде МФКнын Директорлор кеңешинин чечими боюнча инвестициялык эсеп ээлеринин инвестициялары боюнча кирешелүүлүктүн аныкталган деңгээлин колдоого алуу максатында, мудариб үлүшүн бөлүштүрүүгө чейин дүң пайдадан бөлүнүүчү сумма көрсөтүлөт. 

"Инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам" (болгон болсо) деп аталган 27-беренеде инвестициялык эсеп ээлеринин алдыда келип чыгышы мүмкүн болгон инвестициялык чыгымдары тобокелдигин жеңилдетүү максатында, мударибдин пайдасынын үлүшүн бөлүштүргөндөн кийин инвестициялык эсеп ээлеринин пайдасынан бөлүнүүчү сумма көрсөтүлөт. 

"Консолидацияланбаган компаниялардын капиталдык салымы" деп аталган 28-беренеде консолидацияланбаган компаниялардын узак мөөнөткө каралган инвестицияларынын суммасы көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп, капитал" деп аталган 29-беренеде 24-28-беренелердин суммасы көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп, милдеттенмелер жана капитал" деп аталган 30-беренеде 23 жана 29-беренелердин суммасы көрсөтүлөт. 

4 §. "Баланстан тышкаркы милдеттенмелер" деп аталган Г бөлүкчөсү 

"Каржылоону сунуштоого милдеттенмелер" деп аталган 1-беренеде каржылоону сунуштоо боюнча милдеттенмелер чагылдырылат. 

"Гарантиялар" деген 2-беренеде МФК тарабынан чыгарылган же тастыкталган гарантиялар көрсөтүлөт. 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин 01.09.2016-ж. № 36/1 токтому менен бекитилген) 

"Валюталык операциялар" деп аталган 3-беренеде МФКнын валюталык операциялар боюнча милдеттенмелери чагылдырылат. 

"Активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелер" деп аталган 4-беренеде МФКнын келечекте активдерди сатып алуу боюнча милдеттенмелери чагылдырылат. 

"Башка баланстан тышкаркы милдеттенмелер" деп аталган 5-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн башка бардык баланстан тышкаркы милдеттенмелер чагылдырылат. 

"Бардыгы болуп, баланстан тышкаркы милдеттенмелер" деп аталган 6-беренеде 1ден 5ке чейинки беренелердин суммасы көрсөтүлөт. 

5 §. "Башка активдерди жана милдеттенмелерди чечмелөө" деп аталган Д бөлүкчөсү 

17. "Башка активдер" деп аталган 1-беренеде МФКнын активдерин төмөнкү кичи беренелер боюнча чечмелөөлөр чагылдырылат: 

а) "алууга чегерилген кирешеде" сунушталган каржылоо, баалуу кагаздар, башка финансы-насыялык уюмдагы эсептер боюнча алууга чегерилген сый акы суммасы көрсөтүлөт; 

б) "алдын ала төлөөлөрдө" келишимдер шарттарына ылайык башка тараптарга аванс менен төлөнгөн төлөмдөрдүн суммасы көрсөтүлөт; 

в) "такталбаган дебитордук суммаларда" акча каражаттарынын териштирилгенге чейинки суммасы көрсөтүлөт; 

г) "башка активдерде" МФКнын жогоруда көрсөтүлбөгөн башка активдеринин суммасы көрсөтүлөт. 

"Башка активдерге атайы РППУ" деп аталган 2-беренеде МФКнын жогоруда көрсөтүлгөн башка активдерине РППУ суммасы чагылдырылат. 

"Таза башка активдер" деп аталган 3-беренеде башка активдердин таза наркы көрсөтүлөт (1 жана 2-беренелердин айырмасы). 

"Башка милдеттенмелер" деп аталган 4-беренеде МФКнын милдеттенмелерин төмөнкү кичи беренелер боюнча чечмелөөлөр чагылдырылат: 

а) "кардарларга төлөөгө чегерилген кирешеде" кардарлардын эсептериндеги акча каражаттары боюнча төлөөгө чегерилген сый акы суммасы көрсөтүлөт; 

б) "мурабаха жана салам операциялары боюнча кийинкиге калтырылган кирешеде (үстөк)" мурабаха жана салам операциялары боюнча кийинкиге калтырылган кирешелер чагылдырылат; 

в) (КР Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2016-жылдын 1-сентябрындагы N 36/1 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготкон

г) "төлөөгө каралган дивиденддерде" акционерлерге төлөнүп берилүүгө тийиш болгон акча каражаттарынын суммасы көрсөтүлөт; 

д) "жана башкаларда" баланстан тышкаркы милдеттенмелер боюнча РППУну кошо алганда, жогоруда көрсөтүлбөгөн башка милдеттенмелер чагылдырылат. 

6 §. "Милдеттенмелерди чечмелөө" деп аталган Е бөлүкчөсү 

19. Бул бөлүкчөдө МФКнын милдеттенмелери жана гранттары боюнча ырааттуу маалыматтар чагылдырылат. 

"Операциялардын аталышы" деп аталган 1-тилкеде ага ылайык акча каражаттары тартылган операциялар көрсөтүлөт. 

"Алынган каражаттардын суммасы" деп аталган 2-тилкеде келишимдерге ылайык алынган каражаттардын өлчөмү көрсөтүлөт. 

"Алынган каражаттардын калдыгы" деп аталган 3-тилкеде отчеттук күнгө карата милдеттенмелер суммасынын калдыгы көрсөтүлөт. 

"Каражаттар берилген мөөнөт" деп аталган 4 жана 5-тилкелерде каражаттар алынган мөөнөт көрсөтүлөт. 

"Кредитор" деп аталган 5-тилкеде каражаттарды сунуштаган уюмдардын аталышы көрсөтүлөт (бул жерде ар бир уюмду тизмектеп көрсөтүү зарыл). 

"Валюта" деп аталган 6-тилкеде акча каражаттары кандай валютада берилсе, ошол валюта көрсөтүлүүгө тийиш. 

"Шарттары" деп аталган 8-тилкеде алынган гранттар жана каржылоолор боюнча шарттар аларды алуу максаттары чагылдырылууга тийиш. Мисалы: айыл чарбасын же бала бакчанын курулушун каржылоо үчүн ж.б. 

7 §. "Каржылоо портфелин чечмелөө" деп аталган Ж бөлүкчөсү 

20. "Продукт аталышы" деп аталган 1-тилкеде МФК колдонуп жаткан төмөнкүдөй каржылоо ыкмалары чагылдырылат: 

1) топторду күрөөсүз каржылоо - күрөө менен камсыздоосуз топтун субсидиардык жоопкерчилиги алдында жеке адамдар тобун каржылоо; 

2) топторду күрөө алдында каржылоо - күрөөлүк камсыздоо сунушталган шартта жеке адамдар тобун каржылоо; 

3) күрөөсүз жеке каржылоо - жеке адамдарды жана юридикалык жактарды күрөөлүк камсыздоосуз каржылоо (гарантияларды кошо алганда); 

4) күрөө алдында жеке каржылоо - күрөөлүк камсыздоо шартында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды каржылоо; 

5) каржылоонун жогоруда каралбаган башка ыкмалары. 

2-тилкеде бир кардарга каржылоонун минималдуу суммасы көрсөтүлөт; 

3-тилкеде бир кардарга каржылоонун максималдуу суммасы көрсөтүлөт; 

4-тилкеде каражаттар берилген минималдуу мөөнөт айлар боюнча чагылдырылат; 

5-тилкеде каражаттар берилген максималдуу мөөнөт айлар боюнча чагылдырылат; 

6-тилкеде ай ичинде каржылоо боюнча үстөк баанын/кирешенин минималдуу чени пайыздарда чагылдырылат; 

7-тилкеде ай ичинде каржылоо боюнча үстөк баанын/кирешенин максималдуу чени пайыздарда чагылдырылат; 

8-тилкеде ал боюнча киреше калдык баланска чегерилген каржылоо портфелинин калдыгы чагылдырылат (МФКда бул ыкма колдонулган болсо); 

9-тилкеде ал боюнча киреше баштапкы баланска чегерилген каржылоо портфелинин калдыгы чагылдырылат (МФКда бул ыкма колдонулган болсо); 

Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш. 

2. "Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет" деп аталган 2-бөлүк 

21. Бардык беренелер өтүп жаткан мезгилге салыштыруу жана отчеттук жылдын баш жагынан тартып улам өсүү жыйынтыгы менен көрсөтүлөт. Бул отчеттогу суммалар оң же терс болушу мүмкүн. Терс суммалар кашаа ичинде көрсөтүлүүгө тийиш. 

Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүшү зарыл. 

1 §. "Операциялар боюнча алынган кирешелер" деп аталган А бөлүкчөсү 

22. "Коммерциялык банктардын эсептеринде жайгаштырылган акча каражаттары боюнча кирешелер" деп аталган 1-беренеде МФКнын башка банктардагы же финансы-насыялык уюмдардагы эсептеринде жайгаштырылган акча каражаттары боюнча иштелип тапкан кирешелери көрсөтүлөт. 

"Баалуу кагаздар боюнча киреше" деп аталган 2-беренеде МФКнын баалуу кагаздар боюнча алынган кирешелери көрсөтүлөт. 

"Финансы-насыялык уюмдарына берилген каржылоодон алынган кирешелер" деп аталган 3-беренеде финансы-насыялык уюмдарга берилген каржылоодон МФК алган кирешелер көрсөтүлөт. 

"Башка кардарларга берилген каржылоодон алынган кирешелер" деп аталган 4-беренеде ошондой эле, МФКнын каржылоодон алынган кирешелери көрсөтүлөт. 

"Башка кирешелер" деп аталган 5-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн башка кирешелер көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп" деп аталган 6-беренеде 1-беренеден тартып 5-беренени кошо алгандагы беренелердин суммасы көрсөтүлөт. 

2 §. "Операциялар боюнча келип чыккан чыгашалар" деп аталган Б бөлүкчөсү 

23. "Юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери боюнча чыгашалары" деп аталган 7-беренеде МФКнын юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери боюнча чыгашалары көрсөтүлөт. 

"Жеке адамдардын мөөнөттүү эсептери боюнча чыгашалары" деп аталган 8-беренеде МФКнын жеке адамдардын мөөнөттүү эсептери боюнча чыгашалары көрсөтүлөт. 

"Банктардан алынган каржылоо боюнча чыгашалар" деп аталган 9-беренеде МФКнын алынган каржылоо боюнча чыгашалары көрсөтүлөт. 

"Башка финансы институттарынан алынган каржылоо боюнча чыгашалар" деп аталган 10-беренеде башка финансы-насыялык уюмдардан алынган каржылоо боюнча чыгашалар көрсөтүлөт. 

"Эл аралык финансы институттарынан алынган каржылоо боюнча чыгашалар (каржылоонун башка булактары)" деп аталган 11-беренеде эл аралык финансы институттарынан алынган каржылоо боюнча чыгашалар көрсөтүлөт. 

"Башка чыгашалар" деп аталган 12-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн чыгашалар чагылдырылат. 

"Бардыгы болуп" деп аталган 13-беренеде 7-беренеден тартып 12-беренени кошо алгандагы беренелердин суммасы көрсөтүлөт. 

"Таза киреше" деп аталган 14-беренеде МФК отчеттук мезгил ичинде алган таза кирешелери көрсөтүлөт (6-берене менен 13-берененин айырмасы). 

"РППУ" деп аталган 15-беренеде каржылоо боюнча атайы жана жалпы РППУга чыгашалар көрсөтүлөт. 

"РППУга чегерүүдөн кийинки таза киреше" деп аталган 16-беренеде 14 жана 15-беренелер ортосундагы айырма көрсөтүлөт. 

3 §. "Операциялар боюнча башка кирешелер" деп аталган В бөлүкчөсү 

24. "Комиссиялык жыйымдар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр" деп аталган 17-беренеде комиссиялык жыйымдар жана МФКга сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөр көрсөтүлөт. 

"Курстук айырмадан киреше/чыгым" деп аталган 18-беренеде чет өлкө валютасында ишке ашырылган операциялар боюнча курстук айырмадан МФК ээ болгон кирешелер/тарткан чыгымдар көрсөтүлөт. 

"Агенттик банкинг боюнча алынган кирешелер" деп аталган 19-беренеде агенттик келишимдердин негизинде чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун натыйжасында МФК алган кирешелер көрсөтүлөт. 

"Капиталга жана акцияларга салымдардан, анын ичинде туунду жана ассоциацияланган компанияларга салымдардан кирешелер/дивиденддер" деп аталган 20-беренеде капиталга инвестициялардан жана акцияларга, туунду же ассоциацияланган компания болуп эсептелбеген компаниялардын акцияларына салымдардан дивиденд түрүндө алынган кирешелер, ошондой эле туунду жана ассоциацияланган компаниялардан кирешелер көрсөтүлөт. 

"Башка кирешелер" деп аталган 21-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн кирешелер көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп" деп аталган 22-беренеде 17-21-беренелердин суммалары көрсөтүлөт. 

4 §. "Операциялар боюнча башка чыгашалар" деп аталган Г бөлүкчөсү 

25. "Адистердин кызматына жана банктык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөр боюнча чыгашалар" деп аталган 23-беренеде МФК тарабынан төлөнгөн комиссиялык жыйымдар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр көрсөтүлөт. 

"Башка чыгашалар" деп аталган 24-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн чыгашалар көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп" деп аталган 25-беренеде 23 жана 24-беренелердин суммалары көрсөтүлөт. 

5 §. "Операциялык жана административдик чыгашалар, битир берүүгө жана кайрымдуулук иш-чараларына чыгашалар" деп аталган Д бөлүкчөсү 

26. "Эмгек акылар жана персоналга кеткен башка чыгашалар" деп аталган 26-беренеде МФКнын кызматкерлерине эмгек акы, сый акы жана башка ушундай эле төлөмдөрдү төлөөгө байланыштуу кеткен чыгашалар көрсөтүлөт (МФК Директорлор кеңешинин/Башкармасынын/Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө төлөөлөрдөн тышкары): 

1) эмгек акы жана сый акы; 

2) башка төлөөлөр жана субсидиялар (башка төлөмдөр); 

3) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна төлөмдөр. 

"Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө гонорарлар" деп аталган 27-беренеде МФК Директорлор кеңешинин/Башкармасынын/Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө төлөнүүчү төлөөлөр жана гонорарлар көрсөтүлөт. 

"Менчиктен салыкты кошо алганда, негизги каражаттарга башка чыгашалар (кыймылсыз мүлк)" деп аталган 28-беренеде чегерилген амортизацияны жана менчиктен салык боюнча чыгашаларды кошо алганда имаратка, курулмаларга, эмерекке, транспорт каражаттарына, жабдууларга, компьютерлерге, программалык камсыздоого жана материалдык эмес активдерге кеткен төмөнкүдөй чыгашалар көрсөтүлөт: 

а) ижара төлөмү

б) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө чыгашалар; 

в) амортизацияга кеткен чыгашалар; 

г) башка чыгашалар; 

д) менчиктен салык. 

"Салыктар" деп аталган 29-беренеде пайда салыгын эске албаганда, салыктарга байланышкан чыгашалар көрсөтүлөт. 

"Такафул" деп аталган 30-беренеде камсыздандырууга (такафул) байланышкан чыгашалар көрсөтүлөт. 

"Башка операциялык жана административдик чыгашалар" деп аталган 31-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн бардык операциялык жана административдик чыгашалар көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп, операциялык чыгашалар" деп аталган 32-беренеде 26-30-беренелердин суммалары көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп, операциялык кирешелер (чыгым)" деп аталган 33-беренеде МФК ээ болгон операциялык кирешелер/тарткан чыгымдар көрсөтүлөт (16 жана 22-беренелердин суммасы менен 25 жана 32-беренелердин суммасы ортосундагы айырма). 

"Башка потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам (каржылоо операцияларынан эмес)" деп аталган 34-беренеде каржылоо операцияларынан айырмаланган операциялар боюнча атайы жана жалпы РППУга чыгашалардын суммасы көрсөтүлөт. 

"Таза операциялык киреше (чыгым)" деп аталган 35-беренеде 33 жана 34-беренелер ортосундагы айырма көрсөтүлөт. 

"Битирге, кайрымдуулукка кеткен чыгашалар" деп аталган 36-беренеде МФКнын битирге, кайрымдуулукка сарптаган чыгашалары көрсөтүлөт. 

"Пайда салыгы" деп аталган 37-беренеде МФКнын пайда салыгы боюнча чыгашалары көрсөтүлөт. 

"Таза пайда (чыгым)" деп аталган 38-беренеде МФКнын таза пайдасы көрсөтүлөт (35-берене менен 36-37-беренелер ортосундагы айырма). 

3. "Капитал түзүмү" деп аталган 3-бөлүк 

1 §. "Капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр" деп аталган А бөлүкчөсү 

27. Капитал өзүндө жөнөкөй жана артыкчылыктуу акцияларды, бөлүштүрүлбөгөн пайданы жана капиталдык камдарды камтыйт. Бул таблицада, 1, 2 жана 3-саптарды кошпогондо, бардык суммалар жыл башынан берки таза суммардык өзгөрүүлөр катары көрсөтүлүүгө тийиш. Бардык азайган жана чыгым суммалары (башкача айтканда, капиталдын кыскарышы, нетто) минус белгисинин ордуна кашаа ичинде көрсөтүлөт. Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш. 

28. "Бардыгы болуп капитал жана өткөн жылдын акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда" деп аталган 1-беренеде корректировкаларды киргизгенге чейин жылдын башына карата алгач баланстык отчетто чагылдырылган капитал суммасы көрсөтүлөт. Өз ишин өтүп жаткан жылдын 1-январынан тартып же андан кийин баштаган МФК үчүн бул беренеде нөл белгиси коюлат, ал эми баштапкы капитал 2-беренеде көрсөтүлөт. 

"Өткөн жыл үчүн отчетто көрсөтүлбөгөн капитал эсептерин корректировкалоо" деп аталган 2-беренеде жыл башына карата маалыматтардын өзгөрүшүнө алып келген капитал эсебиндеги калдыктардагы бардык өзгөрүүлөрдүн суммасы көрсөтүлөт. Эгерде эч кандай өзгөрүүлөр жүрбөсө, бул сапта нөл белгиси коюлат. 

"Бардыгы болуп капитал жана корректировкалоолорду эске алуу менен өткөн жылдын акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда" деп аталган 3-беренеде 1 жана 2-беренелердин суммасы көрсөтүлөт. Эгерде эч кандай корректировкалоолор киргизилбесе, анда 3-берененин мааниси 1-берененин маанисине барабар болууга тийиш. 

"Өтүп жаткан жылдын пайдасы (чыгымы)" деп аталган 4-беренеде жыл башынан берки таза пайда (чыгымы) көрсөтүлөт. Бул берененин мааниси Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто чагылдырылган пайдага/чыгымга туура келүүгө тийиш. 

"Өтүп жаткан жылы номиналдан үстөк төлөнгөн таза капитал" деп аталган 5-беренеде өтүп жаткан жылы номиналдан үстөк төлөнгөн капитал (нетто) көрсөтүлөт. 

"Жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал" деп аталган 6-беренеде жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан төлөнгөн уставдык капиталга үстөк салынган же уставдык капиталдын өзгөрүшүнө байланыштуу кайра каттоодон өтүү учуруна чейин кошумча капитал катары салынган акча каражаттары көрсөтүлөт. Бул каражаттар, эгерде жеке адамдар жана юридикалык жактар МФКнын уставдык капиталындагы акцияларды/үлүштү сатып алуунун эсебинен төмөнкү шарттарда каражат салуусу жөнүндө МФК алар менен келишим түзгөн шартта гана чегерилет: 

- кайтарылып алынгыс (кандай болбосун жагдайга карабастан); 

- салынган каражаттарга мөөнөттөрдү белгилөөсүз; 

- МФК банкрот абалында калган шартта, ушул каражаттар боюнча талаптар МФКнын акционерлери үчүн белгиленген кезекте эле канааттандырылат. 

Кийинчерээк жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан кошумча салынган акча каражаттары МФКнын уставдык капиталына (жөнөкөй же артыкчылыктуу акциялар) багытталышы мүмкүн. 

"Өтүп жаткан жылдагы камдардагы өзгөрүүлөр (нетто)" деп аталган 7-беренеде жыл башынан бери капиталдык камдарда жүргөн өзгөрүүлөр көрсөтүлөт: 

а) "МФКнын келечекте керектөөлөрү үчүн кам" - МФКнын келечектеги керектөөлөрү үчүн камдагы өзгөрүүлөрдөн жыл ичиндеги таза натыйжа; 

б) "баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча кам" - баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча камдагы өзгөрүүлөрдөн жыл ичиндеги таза натыйжа; 

в) "негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча кам" - негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча камдагы өзгөрүүлөрдөн жыл ичиндеги таза натыйжа; 

г) "каржылоо боюнча жалпы камдар (РППУ)" - каржылоо боюнча жалпы РППУдагы өзгөрүүлөрдөн жыл ичиндеги таза натыйжа; 

д) пайдаларды теңдештирүүгө камдар - пайдаларды теңдештирүүгө камдардагы өзгөрүүлөрдөн таза натыйжа; 

е) инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга кам - инвестициялар боюнча тобокелдиктердин ордун жабууга каралган камдагы өзгөрүүлөрдөн таза натыйжа. 

"Минус: жөнөкөй акцияларга жарыяланган дивиденддер" деп аталган 8-беренеде отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде жарыяланган жөнөкөй акциялар боюнча акча каражаттары түрүндөгү дивиденддер. "Минус: артыкчылыктуу акцияларга жарыяланган дивиденддер" деп аталган 9-беренеде кийинки отчеттук мезгил ичинде төлөнүп берилүүгө тийиш болгон дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичиндеги чектелген төлөө мөөнөтү менен сыяктуу эле, мөөнөтсүз артыкчылыктуу акциялар боюнча жарыяланган акча каражаттары түрүндөгү бардык дивиденддер көрсөтүлөт. 

"Минус: жөнөкөй акцияларга акция формасындагы дивиденддер" деп аталган 10-беренеде кийинки отчеттук мезгил ичинде акционердик капиталда тааныла турган акцияларды кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичиндеги жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган, акциялар формасындагы дивиденддер көрсөтүлөт. 

"Минус: артыкчылыктуу акцияларга акция формасындагы дивиденддер" деп аталган 11-беренеде кийинки отчеттук мезгил ичинде акционердик капиталда тааныла турган дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичиндеги чектелген төлөө мөөнөтү менен сыяктуу эле, мөөнөтү чектелбеген артыкчылыктуу акциялар боюнча жарыяланган акция формасындагы дивиденддер көрсөтүлөт. 

"Капиталдагы жана бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы башка өзгөрүүлөр, өтүп жаткан жыл, таза (нетто)" деп аталган 12-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн, бирок капиталга таасир эте алган башка беренелер боюнча корректировкалоолордун таза суммасы көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп отчеттук мезгилдин акырына карата капитал жана бөлүштүрүлбөгөн пайда" деп аталган 13-беренеде 3төн 12ге чейинки беренелердин суммасы көрсөтүлөт. Бул сумма отчеттук мезгилдин акырына карата финансылык абал жөнүндө отчетто көрсөтүлгөн капиталдын суммасына барабар болууга тийиш. 

2 §. "МФКнын акциялары жана башка баалуу кагаздары жөнүндө маалыматтар" деп аталган Б бөлүкчөсү 

29. МФКнын акциялары жана башка баалуу кагаздары жөнүндө маалыматтарда МФК чыгарган акциялар менен баалуу кагаздар жөнүндө маалыматтар сунушталат. Маалыматтар акциялар менен баалуу кагаздардын ээлери (резиденттер жана резидент эместер) боюнча берилет. 

"Жарыяланган уставдык капитал" деп аталган 1-беренеде - МФКнын уюштуруу документтеринде көрсөтүлгөн уставдык капитал чагылдырылат. 

өлөнгөн уставдык капитал" деп аталган 2-беренеде "Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет" деп аталган 1-бөлүктүн "Капитал" деп аталган В бөлүкчөсүнүн 24-беренесинин а) жана б) пункттарындагы жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялар көрсөтүлөт. 

"Мамлекеттин төлөнгөн уставдык капиталдагы үлүшү" деп аталган 3-беренеде, эгерде болгон болсо, МФКнын төлөнгөн уставдык капиталындагы мамлекетке таандык акциялардын бөлүгү көрсөтүлөт. 

Бардык суммалар миң сом менен көрсөтүлүүгө тийиш. 

3 §. "Бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы өзгөрүүлөр" деп аталган В бөлүкчөсү 

30. Эгерде отчеттук мезгил ичинде бул отчеттун кайсы болбосун беренесинде эч кандай өзгөрүүлөр болбосо, анда мындай берене нөлдүк мааниде көрсөтүлөт. Бардык суммалар миң сом менен чагылдырылууга тийиш. 

31. "Өткөн жыл үчүн отчетто көрсөтүлгөн бөлүштүрүлбөгөн пайда" деп аталган 1-беренеде Финансылык абал жөнүндө отчетто жана Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетто алгач көрсөтүлгөн МФКнын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы чагылдырылат. Өз ишин өтүп жаткан жылдын 1-январынан же андан кечирээк баштаган МФК үчүн бул беренеде нөлдүк маани көрсөтүлөт. 

"Өткөн жылдын акырына карата көрсөтүлбөгөн бөлүштүрүлбөгөн пайданы корректировкалоо" деп аталган 2-беренеде өткөн жыл үчүн Финансылык абал жөнүндө отчетто бөлүштүрүлбөгөн пайданын баштапкы көрсөтүлгөн сандарына карата жасалган корректировкалардын бардык таза суммасы көрсөтүлөт. 

"Корректировкалоолорду эске алуу менен өткөн жылдын акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайда" деп аталган 3-беренеде бул бөлүктүн 1 жана 2-саптарынын суммалары чагылдырылат. Эгерде эч кандай корректировкалоолор киргизилбесе, анда бул берененин мааниси 1-берененин маанисине барабар болууга тийиш. 

"Жыл башынан бери пайда (чыгым)" деп аталган 4-беренеде Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет деп аталган 2-бөлүктө көрсөтүлгөн, өтүп жаткан мезгил үчүн таза пайда (чыгым) көрсөтүлөт. 

"Өтүп жаткан жылы МФКнын келечектеги керектөөлөрү үчүн камдардагы өзгөрүүлөр (нетто)" деп аталган 5-беренеде келечектеги керектөөлөр үчүн каралган камдардагы өтүп жаткан жыл ичинде жол берилген таза өзгөрүүлөр көрсөтүлөт. 

"Өтүп жаткан жылы бөлүштүрүлбөгөн пайдага таасир этүүчү башка камдардагы өзгөрүүлөр (нетто)" деп аталган 6-беренеде негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча камдардагы өзгөрүүлөрдү кошо алганда, башка камдардагы өтүп жаткан жыл ичинде бөлүштүрүлбөгөн пайдага таасир эткен таза өзгөрүүлөр көрсөтүлөт. 

"Минус: жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган акча каражаттары түрүндөгү дивиденддер" деп аталган 7-беренеде отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичинде жөнөкөй акциялар (кадимки) боюнча жарыяланган акча каражаттары түрүндөгү бардык дивиденддер көрсөтүлөт. 

"Минус: артыкчылыктуу акциялар боюнча жарыяланган акча каражаттары түрүндөгү дивиденддер" деп аталган 8-беренеде отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн дивиденддерди кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичиндеги төлөө мөөнөтү чектелген сыяктуу эле, мөөнөтсүз артыкчылыктуу акциялар боюнча жарыяланган, акча каражаттары түрүндөгү бардык дивиденддер көрсөтүлөт. 

"Минус: жөнөкөй акциялар боюнча жарыяланган акция түрүндөгү дивиденддер" деп аталган 9-беренеде отчеттук күнгө карата капиталда таанылбаган акцияларды кошо алганда, өтүп жаткан жыл ичиндеги жөнөкөй акциялар (кадимки) боюнча жарыяланган акция түрүндөгү дивиденддер көрсөтүлөт. 

"Минус: артыкчылыктуу акциялар боюнча жарыяланган акция түрүндөгү дивиденддер" деп аталган 10-беренеде отчеттук күнгө карата капиталда таанылбаган дивиденддерди кошо алганда, төлөө мөөнөтү чектелген сыяктуу эле, мөөнөтсүз артыкчылыктуу акциялар боюнча акция түрүндө өтүп жаткан жыл ичиңде жарыяланган дивиденддер көрсөтүлөт. 

"Өтүп жаткан жылы бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы башка корректировкалоолор, (нетто)" деп аталган 11-беренеде - өтүп жаткан жыл ичинде бөлүштүрүлбөгөн пайдага таасир этүүчү кайсы болбосун бардык башка өзгөрүүлөрдүн нетто-балансы көрсөтүлөт. 

"Отчеттук жылдын акырына карата бөлүштүрүлбөгөн пайданын жыйынтыгы" деп аталган 12-беренеде ушул таблицанын 3төн 11ге чейинки беренелеринин суммасы көрсөтүлөт. Бул сумма Финансылык абал жөнүндө отчет деп аталган бөлүктүн бөлүштүрүлбөгөн пайданын суммасына дал келүүгө тийиш. 

4. "Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер жөнүндө маалымат, активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо" деп аталган 4-бөлүк 

1 §. "Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер жөнүндө маалымат" деп аталган А бөлүкчө 

32. Бул бөлүкчөдө кардарларга жана мөөнөтүндө төлөнбөгөн күндөрдүн санына жараша МФКнын бардык мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдери жөнүндө маалыматтар чагылдырылат. 

33. Каржылоолор кардар алган каражаттарды анын ишинин негизги тармагы жана бизнес түрү боюнча эмес, пайдалана турган максатына ылайык, экономика секторлору боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

34. "Беренелер" деп аталган 1-тилкеде ал боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун алган активдин түрү көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп" деп аталган 2-тилкеде 3 жана 5-тилкелердин суммасы чагылдырылат. 

үндөлүк (мөөнөтү өткөрүлбөгөн)" деп аталган 3-тилкеде мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздары болбогон активдердин суммасы көрсөтүлөт. 

"Пролонгацияланган активдер" деп аталган 4-тилкеде пролонгацияланган активдердин суммасы көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп, мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер" деп аталган 5-тилкеде активдердин негизги суммасы боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз өлчөмү көрсөтүлөт. 5-тилкенин мааниси 6, 7, 8, 9-тилкелердин маанилеринин суммасына барабар. 

6-12-тилкелерде негизги сумма боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздар күндөр боюнча көрсөтүлөт. Мөөнөттөр карыз пайда болгон учурдан тартып отчеттук күнгө чейин аныкталат. 

"Бардыгы болуп чегербөө статусунда турган активдер" деп аталган 13-тилкеде МФКнын ички саясатына ылайык, сый акыны чегерүү токтотулган, мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдердин суммасы көрсөтүлөт. Чегерилбеген статустагы активдер боюнча алардын отчеттук күнгө карата номиналдык наркы чагылдырылат. 

"Кардарларга сунушталган каржылоо" деп аталган 1-беренеде кардарларга сунушталган каржылоо көрсөтүлөт жана анда а) - к) пункттары камтылат. 

"Финансы-насыялык уюмдарга берилген каржылоо" деп аталган 2-беренеде финансы- насыялык уюмдарга сунушталган каржылоо суммасы көрсөтүлөт. 

"Башка активдер" деп аталган 3-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн, бирок мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызы бар активдер көрсөтүлөт. 

2 §. "Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо" деп аталган Б бөлүкчөсү 

35. Кардарлардын эсептерине акча каражаттарын тарткан МФК бөлүктү, Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 28-декабрындагы № 51/6 токтому менен бекитилген "Активдерди классификациялоо, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого ылайык толтурат. 

36. Бөлүкчө, тобокелдик деңгээли боюнча классификацияланууга тийиш болгон бардык активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер, ошондой эле алардын ордун жабууга түзүлгөн камдардын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды камтыйт. Сунушталган каржылоо кардар алган каражаттарды анын ишинин негизги тармагы жана бизнес түрү боюнча эмес, пайдалана турган максатына ылайык, экономика секторлору боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш. Активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин бардык түрү боюнча алардын наркы отчеттук күнгө карата тиешелүү дисконтту (эгерде болгон болсо) алып салуу менен көрсөтүлөт. Бардык суммалар миң сом менен чагылдырылууга тийиш. 

37. "Берененин аталышы" деп аталган 1-тилкеде классификацияланууга тийиш болгон активдердин түрү көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп" деп аталган 2-тилкенин мааниси 5, 6, 7, 9, 10, 11-тилкелердин маанилеринин суммасына барабар болууга тийиш. 5, 6, 7, 9, 10, 11-тилкелер "нормалдуудан" "жоготууга" чейинки классификациялоого жараша активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер категориясын чагылдырат. 

"Дисконт" деп аталган 3-тилкеде бардык активдер боюнча отчеттук күнгө карата амортизацияланбаган дисконттун өлчөмү көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп, камдар" деп аталган 4-тилкеде активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин ар бир түрү үчүн РППУнун (жалпы жана атайы) өлчөмү чагылдырылат. 4-тилкенин мааниси 8 жана 12-тилкелердин маанилеринин суммасына барабар болууга тийиш. 

8 жана 12-тилкелерде атайы жана жалпы түрлөргө бөлүнгөн РППУ өлчөмү көрсөтүлөт. 

3 §. "Сунушталган каржылоо боюнча маалымат" деп аталган В бөлүкчөсү 

38. Бул жерде отчеттук мезгил ичинде тиешелүү мөөнөттүүлүк категориясында жана валюталар боюнча максаттуу багытына ылайык берилген активдер боюнча отчеттук мезгилдин акырына карата көлөмү жана орточо алынган үстөк баасы/кирешеси пайыздарда көрсөтүлөт. Чет өлкө валютасындагы активдердин көлөмү Улуттук банктын отчеттук мезгилдин акырына карата эсептик курсу боюнча сомдук эквивалентте көрсөтүлөт. 

39. 1-9, 11 жана 12-саптарда тиешелүү тармактардагы жүгүртүүлөр көрсөтүлөт. 

"Финансы-насыялык уюмдарга сунушталган каржылоо" деп аталган 10-сапта финансы- насыялык уюмдарга берилген активдер боюнча жүгүртүүлөр көрсөтүлөт. 

"Бардыгы болуп" деп аталган 14-сапта отчеттук мезгил ичинде тиешелүү мөөнөттүүлүк категориясында берилген бардык активдер боюнча отчеттук мезгилдин акырына карата жалпы көлөмү жана орточо алынган үстөк баасы/кирешеси пайыздарда көрсөтүлөт. 

4 §. "Сунушталган каржылоого тиешелүү областтар боюнча маалымат" деп аталган Г бөлүкчөсү 

40. Бул жерде маалыматтар төмөнкү региондор боюнча берилет: 

1) № 1 таблица - Бишкек шаары боюнча; 

2) № 2 таблица - Чүй областы боюнча; 

3) № 3 таблица - Талас областы боюнча; 

4) № 4 таблица - Ысык-Көл областы боюнча; 

5) № 5 таблица - Нарын областы боюнча; 

6) № 6 таблица - Ош областы боюнча; 

7) № 7 таблица - Жалал-Абад областы боюнча; 

8) № 8 таблица - Баткен областы боюнча. 

41. 2-тилкеде МФК тарабынан каржылоого алынган экономика тармактарынын тизмеги көрсөтүлөт. 

3-тилкеде аталган тармакта иштеп жаткан кардарларга берилген каржылоонун орду жабылбаган калдык суммалары көрсөтүлөт. 

4-тилкеде отчеттук чейрек ичинде сунушталган каржылоо көлөмү көрсөтүлөт. 

5-тилкеде отчеттук чейрек ичинде каржылоо операцияларынын саны көрсөтүлөт. 

6-тилкеде отчеттук чейрек ичинде айкын төлөө көлөмү көрсөтүлөт. 

7-тилкеде отчеттук мезгилдин акырына каржылоо портфели боюнча калдык көрсөтүлөт. 

8-тилкеде отчеттук мезгилдин акырына карата орточо алынган үстөк баа/киреше пайыздарда көрсөтүлөт. 

42. Төмөндө отчеттук мезгилдин акырына карата орточо алынган үстөк баанын/кирешени эсептөө формуласы келтирилген. 

Каржылоо боюнча үстөк бааны/кирешени пайыздарда туюндуруу төмөнкү формула боюнча ишке ашырылат: 

 

  

I - отчеттук мезгилдин акырына карата үстөк баа пайыздарда, 

FV - каржылоо жана каржылоо боюнча үстөк баа/киреше суммасы, 

  

FV = PV + D 

  

PV - келишимде көрсөтүлгөн каржылоо суммасы, 

D - келишимде көрсөтүлгөн үстөк баа/киреше суммасы, 

m - келишим боюнча каржылоо мөөнөтү (кошумча келишимге ылайык реструктуризациялоо мөөнөтү), 

Орточо салмактанып алынган чен = X1 / X * Y1 + X2 / X * Y

Сунушталган каржылоонун жалпы суммасына (каржылоо портфелинен айкын каржылоо суммасы) бөлүнгөн жана ошол каржылоо түрүнө ылайык, үстөк баа/киреше ченине көбөйтүлгөн (пайыздык туюндуруу жогоруда көрсөтүлгөн формула боюнча эсептелинет) ар бир каржылоо операциясынын суммасы. 

X - өз-өзүнчө каржылоо шартында сунушталган каржылоонун жалпы суммасы, 

X1, X2 - үстөк баа/кирешенин бир чени боюнча каржылоо операцияларынын суммасы, 

Ү1, Ү2, - өзүнчө каржылоо операциялары боюнча үстөк баа/киреше чени. 

5 §. "Каржылоо ыкмалары" деп аталган Д бөлүкчөсү 

43. 1-тилкеде МФК колдонгон каржылоо ыкмалары чагылдырылат: 

1) "топторду күрөөсүз каржылоодо" - жеке адамдардын тобун субсидиардык топтун жоопкерчилиги астында күрөөлүк камсыздоосуз каржылоо; 

2) "топторду күрөө алдында каржылоодо" - күрөөлүк камсыздоонун болушу шартында жеке адамдардын тобун каржылоо; 

3) "күрөөсүз жеке каржылоо" - жеке адамдарды жана юридикалык жактарды күрөөлүк камсыздоосуз каржылоо (гарантияларды кошо алганда); 

4) "күрөө алдында жеке каржылоо" - күрөөлүк камсыздоонун болушу шартында жеке адамдарды жана юридикалык жактарды каржылоо; 

5) "Башка" бөлүгүндө - жогоруда каралбаган башка каржылоо ыкмалары. 

"Бардыгы болуп" - каржылоонун бардык ыкмалары боюнча активдердин суммасы. 

"Сумма" деп аталган 2-тилкеде аталган каржылоо ыкмасы бардык активдердин отчеттук күнгө карата калдыгынын суммасы чагылдырылат. 

"Үстөк баа/киреше" деп аталган 3-тилкеде каржылоонун ар бир ыкмасы үчүн үстөк баа/киреше чагылдырылат. 

"Саны" деп аталган 4-тилкеде каржылоонун ар бир ыкмасына ылайык сунушталган, бирок отчеттук күнгө карата төлөнбөгөн каржылоолордун саны чагылдырылат. Эгерде каржылоо карыз алуучулардын тобуна бериле турган болсо, анда бул топтун ичинде жайгаштырылган активдердин санын көрсөтүү зарыл. 

6 §. "МФК кардарлары жөнүндө" деп аталган Е бөлүкчөсү 

44. Бул жерде МФКнын кардарларынын курамы (аял жана эркек) боюнча маалыматтар, ошондой эле каржылоо портфелинин отчеттук күнгө карата калдыгы көрсөтүлөт. 

7 §. "Кыргыз Республикасынын областтары боюнча каржылоону тобокелдик деңгээлине жараша классификациялоо" деп аталган Ж бөлүкчөсү 

45. Бул жерде тобокелдик деңгээли боюнча классификацияланууга тийиш болгон, финансылык институттар болуп саналбаган жергиликтүү жана чет өлкө кардарларына берилген каржылоо калдыктарынын суммасы, ошондой эле алардын орду жабууга каралган кам өлчөмдөрү чагылдырылат. Тобокелдик деңгээли боюнча классификацияланууга тийиш болгон каржылоо жана алардын ордун жабууга чет өлкө валютасында түзүлгөн камдар Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом эквивалентинде туюндурулат. Бардык суммалар миң сом менен чагылдырылат. 

46. Маалыматтар, каржылоо МФКнын кайсы областтык бөлүмү тарабынан берилгенине жараша, республиканын областтары боюнча көрсөтүлөт. 

47. "Бардыгы болуп, камдар" беренесиндеги маалыматтар "Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо" деп аталган 4-бөлүктүн Б бөлүкчөсүнүн "Бардыгы болуп камдар" тилкесиндеги маалыматтарга дал келүүгө тийиш. 

8 §. "Кыргыз Республикасынын областтары боюнча башка алынган маалыматтар" деп аталган З бөлүкчөсү 

48. Бул бөлүкчөдө республиканын областтары боюнча маалыматтар камтылат. 

49. "Филиалдардын саны" деп аталган беренеде МФКнын республиканын областтары боюнча филиалдарынын жалпы саны тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт. 

"Өкүлчүлүктөрдүн саны" деп аталган беренеде МФКнын республиканын областтары боюнча өкүлчүлүктөрүнүн жалпы саны тууралуу маалымат көрсөтүлөт. 

"Каржылоо операцияларынын саны" деп аталган беренеде отчеттук күнгө карата областтар боюнча жеке адамдарга жана юридикалык жактарга МФК тарабынан сунушталган каржылоонун жалпы саны көрсөтүлөт. Башка финансы-насыялык уюмдарга сунушталган каржылоо боюнча операциялардын саны мында камтылбайт. Каржылоо операцияларынын саны боюнча маалыматтар 4-бөлүктүн "Каржылоо ыкмалары" деп аталган Д бөлүкчөсүнүн "Бардыгы болуп" сабындагы маалыматтарга дал келүүгө тийиш. 

"Каржылоону алган кардарлардын саны" деп аталган беренеде МФКдан буга чейин алган каржылоону кайтарып берүү милдеттенмесин өзүнө алган кардарлардын - жеке адамдардын жана юридикалык жактардын жалпы саны көрсөтүлөт. Мында башка финансы-насыялык уюмдар жөнүндө маалыматтар көрсөтүлбөйт. Башка банктар жана ФНУлар тууралуу маалыматтар мында камтылбайт. 

"Алардан акча каражаттары тартылган кардарлардын саны" деп аталган беренеде алардан акча каражаттары тартылган кардарлардын - жеке адамдардын жана юридикалык жактардын жалпы саны көрсөтүлөт. 

9 §. "Проблемалуу кардарлар боюнча маалымат" деп аталган И бөлүкчөсү 

50. Бул жерде кемүү тартибинде мөөнөтүндө төлөнбөгөн эң чоң 10 актив боюнча маалыматтар камтылат. Мында, "проблемалуу" деп төмөндө көрсөтүлгөн шарттардын бирине туура келген активдер эсептелет: 

- активдин мөөнөтү 90 күнгө кечиктирилсе; 

- эки же андан көп жолу пролонгацияланган болсо; 

- эки же андан көп жолу реструктуризацияланган болсо; 

- системадан тышкаркы эсепте эсепке алынса. 

51. Келтирилген таблицада төмөнкүлөр чагылдырылат: 

"Уюмдун аталышы/кардардын аты-жөнү" деп аталган 1-тилкеде юридикалык жактын кардарынын аталышы (уюмдун (каттоо документтерине ылайык расмий аталышы) же жеке адамдын - кардардын аты-жөнү паспорту боюнча толук көрсөтүлүүгө тийиш. 

"Уюмдун дареги/кардардын жашаган жери" деп аталган 2-тилкеде юридикалык жактын кардарынын юридикалык жана айкын жашаган жеринин дареги же болбосо жеке адамдын-кардардын катталган жери боюнча дареги көрсөтүлөт. 

"Телефону" деп аталган 3-тилкеде юридикалык жактын кардарынын телефон номери же жеке адамдын - кардардын уюлдук телефон номери көрсөтүлөт. 

"Берилген күнү" деп аталган 4-тилкеде каржылоо келишими боюнча каржылоо сунушталган күн (күнү, айы, жылы) көрсөтүлөт. 

өлөнгөн күнү" деп аталган 5-тилкеде каржылоо келишими боюнча сунушталган каржылоо суммасынын орду жабылган күн (күнү, айы, жылы) көрсөтүлөт. 

"Каржылоо суммасы" деп аталган 6-тилкеде каржылоо келишими боюнча сунушталган каржылоо суммасы көрсөтүлөт. 

"Үстөк баа/киреше" деп аталган 7-тилкеде каржылоо келишими боюнча үстөк баа/киреше чагылдырылат. 

"Каржылоо максаты" деп аталган 8-тилкеде каржылоо келишими боюнча каржылоо багыттала турган негизги иш максаты көрсөтүлөт (каржылоо сунушталган иш багытынын түрү). 

"Кардардын проблемаларынын кыскача баяндалышы" деп аталган 9-тилкеде каржылоо боюнча карыздын келип чыгышынын негизги себептери көрсөтүлөт. 

"Негизги карыз" деп аталган 10-тилкеде каржылоонун негизги суммасы боюнча карыз суммасы көрсөтүлөт. 

"Үстөк баа/киреше" деп аталган 11-тилкеде каржылоо боюнча үстөк баа/кирешеге байланыштуу карыз суммасы көрсөтүлөт. 

"Туумдар" деп аталган 12-тилкеде мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздар боюнча туум өлчөмү чагылдырылат. 

"Карызды кайтарып алуу боюнча көрүлгөн иш-аракеттер" деп аталган 13-тилкеде МФКнын карызды кайтарып алуу жагында көргөн аракеттери чагылдырылат. 

10 §. "Үстү-үстүнө каржылоо жөнүндө маалымат" деп аталган К бөлүкчөсү 

52. "Сумма" деп аталган 3-тилкеде башка финансы-насыялык уюмдарда үстү-үстүнө каржылоого ээ болгон жана/же катар кредиттерди алган кардарлардын чогуу алгандагы карызынын суммасы көрсөтүлөт. 

"Кардарлардын саны" деп аталган 4-тилкеде үстү-үстүнө каржылоого ээ болгон жана/же катар кредиттерди алган кардарлардын саны чагылдырылат. 

11 §. "Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган реструктуризацияланган активдер" деп аталган Л бөлүкчөсү 

53. Бул таблицада өзүндө кредит тобокелдигин камтыган реструктуризацияланган активдер боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

54. "Уюмдун аталышы/Кардардын аты-жөнү" деп аталган 1-тилкеде юридикалык жактын кардарынын аталышы 9 каттоо документтерине ылайык компаниянын расмий аталышы) же жеке адамдын-кардардын аты-жөнү толук, паспорту боюнча көрсөтүлүүгө тийиш. 

55. "Берилген күнү" деп аталган 2-тилкеде каржылоо келишими боюнча каржылоо сунушталган күн көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы). 

"Ордун жабуу күнү" деп аталган 3-тилкеде каржылоо келишими боюнча каржылоонун ордун жабуу күнү көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы). 

"Каржылоо суммасы" деп аталган 4-тилкеде каржылоо келишими боюнча сунушталган каржылоо суммасы көрсөтүлөт. 

"Үстөк баа/киреше" деп аталган 5-тилкеде каржылоо келишими боюнча каржылоого тиешелүү үстөк баа/киреше чагылдырылат. 

"Максаты" деп аталган 6-тилкеде каржылоо келишими боюнча каржылоонун максаттуу багыты көрсөтүлөт (каржылоо берилген иштин түрү). 

"Реструктуризациялоо себептери" деп аталган 7-тилкеде активди реструктуризациялоонун негизги себептери көрсөтүлөт. 

"Негизги сумма" деп аталган 8-тилкеде каржылоонун негизги суммасы боюнча карыз өлчөмү көрсөтүлөт. 

"Үстөк баа/киреше" деп аталган 9-тилкеде аталган актив боюнча үстөк баа/киреше боюнча карыздар суммасы көрсөтүлөт. 

"Туум" деп аталган 10-тилкеде мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер боюнча туум өлчөмү көрсөтүлөт. 

"Реструктуризациялоо күнү" деп аталган 11-тилкеде кошумча келишим боюнча реструктуризациялоо күнү көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы). 

"Ордун жабуу күнү" деп аталган 12-тилкеде кошумча келишим боюнча реструктуризацияланган активдин ордун жабуу күнү көрсөтүлөт (күнү, айы, жылы). 

"Каржылоо суммасы" деп аталган 13-тилкеде кошумча келишим боюнча реструктуризацияланган активдин суммасы көрсөтүлөт. 

"Үстөк баа/киреше" деп аталган 14-тилкеде кошумча келишимге ылайык реструктуризацияланган актив боюнча үстөк баа/киреше чагылдырылат. 

өөнөт" деп аталган 15-тилкеде кошумча келишимге ылайык, каржылоо боюнча милдеттенмени аткаруунун узартылган мөөнөтү көрсөтүлөт. 

5. "Кардарлардын эсептери" деп аталган 5-бөлүк 

(Бул бөлүктү акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар толтурууга тийиш) 

1 §. "Суммалар боюнча бөлүштүрүлгөн эсептер" деп аталган А бөлүкчөсү 

56. Маалыматтар Бишкек шаары жана республиканын областтары боюнча, ошондой эле кардар эсебиндеги акча каражаттарынын суммасына жараша берилет. 

57. Областтар боюнча маалыматтар суммардык түрдө берилет. Бардык маалыматтар миң сомдо чагылдырылууга тийиш. 

58. "Юридикалык жактардын мөөнөттүү эсептери" деп аталган беренеде юридикалык жактардын чектелген жана чектелбеген мудараба келишими боюнча мөөнөттүү эсептеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

"Жеке адамдардын мөөнөттүү эсептери" деп аталган беренеде жеке адамдардын чектелген жана чектелбеген мудараба келишими боюнча мөөнөттүү эсептеринин жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

2 §. "Отчеттук мезгил ичинде кардарлардын эсептериндеги акча каражаттардын жылышы" деп аталган Б бөлүкчөсү 

59. Маалыматтар юридикалык жактар жана жеке адамдар боюнча берилет. Областтар боюнча маалымат суммардык түрдө берилет. Бардык маалыматтар миң сомдо чагылдырылууга тийиш. Чет өлкө валютасындагы эсептер жөнүндө маалымат Улуттук банктын отчеттук күнгө карата расмий курсу боюнча улуттук валюта эквивалентинде сунушталат. 

3 §. "Төлөө мөөнөттөрү боюнча эсептер" деп аталган В бөлүкчөсү 

60. Бул бөлүкчөдө юридикалык жактардын жана жеке адамдардын МФКда төлөө мөөнөттөрүн көрсөтүү менен ачылган эсептеринин саны жана жалпы көлөмү боюнча маалыматтар чагылдырылат. 

6. "МФКнын активдеринин жана милдеттенмелеринин кирешелүүлүк чендеринин өзгөрүүсүнө (ГЭП-анализ) жана төлөө мөөнөттөрүнө таасирленишине (ийкемдүүлүгүнө) талдап-иликтөө" деп аталган 6-бөлүгү 

1 §. "МФКнын активдеринин жана милдеттенмелеринин кирешелүүлүк чендеринин өзгөрүүсүнө (ГЭП-анализ) жана төлөө мөөнөттөрүнө таасирленишине (ийкемдүүлүгүнө) талдап-иликтөө" деп аталган А бөлүкчөсү 

61. Бул бөлүкчө кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө дуушарланган активдер менен милдеттенмелердин ортосундагы айырманы өлчөө жардамы аркылуу кирешелүүлүк ченинин тобокелдигине баа берүү үчүн колдонулат. 

62. Кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө таасирленүүчү активдерге рыноктук чендердин өзгөрүшүнөн улам белгилүү бир убакыт аралыгында кайрадан бааланып турган же ордун жабуу мөөнөтү белгилүү бир мөөнөт аралыгында келип жеткен активдердин акчалай көлөмү кирет. Кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө таасирленүүчү милдеттенмелерге кирешелүүлүктүн рыноктук чендеринин өзгөрүшүнөн улам белгилүү бир убакыт аралыгында кайрадан бааланып турган же ордун жабуу мөөнөтү белгилүү бир мөөнөт аралыгында келип жеткен милдеттенмелердин акчалай көлөмү кирет. 

63. Кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө таасирленүүчү активдер менен милдеттенмелер ортосундагы ажырымдарды ар башка мезгил аралыгында аныктоо, бул отчеттун максаты болуп саналат. Ошол ажырымды талдап-иликтөө МФКнын ишинин кирешелүүлүктүн рыноктук чендеринин өзгөрүшүнө таасирленишин аныктоо ыкмасынын бири болуп саналат. 

64. Кирешелүүлүк чендеринин өзгөрүшүнө таасирленген бардык активдердин жана милдеттенмелердин учурдагы баланстык наркы төмөнкү эки мөөнөттүн ичинен эрте катталгандыгынын негизинде тиешелүү мезгилдерде чагылдырылууга тийиш: 1) МФК активдерди/милдеттенмелерди кайра баалоону ишке ашырганга чейинки күндөрдүн саны (рыноктогу жагдайга жараша жана/же мурдагы келишимге ылайык кирешелүүлүк ченин өзгөртүү), же 2) ордун жабуу мөөнөтүнө чейинки күндөрдүн саны. 

65. 5 жана 10-саптарда бул бөлүкчөнүн башка беренелерине кирбеген, кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө дуушарланган бардык башка активдер жана милдеттенмелер көрсөтүлөт. 

12 жана 13-саптарда ар бир мезгил аралыгы үчүн чет өлкө валютасындагы маалыматтар Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом эквивалентинде эсептелинет. Бардык суммалар миң сом менен чагылдырылууга тийиш. 

"Ажырым" деп аталган 12-сапта активдердин жана милдеттенмелердин төлөө мөөнөттөрү боюнча ажырымы көрсөтүлөт. 

"Кумулятивдик ажырым" деп аталган 13-сапта ажырымдын суммасы улам өсүш жыйынтыгы менен төлөө мөөнөттөрү боюнча суммасы көрсөтүлөт. Мисалы: "дароо" деп аталган тилкедеги кумулятивдик ажырымдын мааниси "дароо" тилкесиндеги ажырымдын маанисине барабар, ал эми "1-30 күн" деп аталган тилкедеги кумулятивдик ажырымдын мааниси "дароо" жана "1-30 күн" тилкесиндеги ажырымдын маанилеринин суммасына барабар, мындан ары да ушул ыкма колдонулат. 

2 §. "Активдердин/милдеттенмелердин төлөө мөөнөтү" деп аталган Б бөлүкчөсү 

66. Бул бөлүкчөдө активди берүүнүн же милдеттенменин келип чыгышынын баштапкы мөөнөтүнө көз карандысыз, активдерди же милдеттенмелердин төлөө мөөнөтүнө чейинки калган күндөрдүн санына жараша бардык активдер (атайын РППУну алып салуусуз) жана милдеттенмелер чагылдырылат. 

67. Активдердин төлөө мөөнөтү жана милдеттенмелердин ордун жабуу боюнча дал келбестиктер аныкталып жана алардын келечекте МФКнын ликвиддүү позициясына таасир этиши мүмкүндүгүн далилдөө ушул отчеттун максаты болуп саналат. Бул бөлүкчө МФКнын отчеттук күнгө карата ликвиддүү позициясын аныктоо үчүн колдонулган инструменттердин бири катары пайдаланылат. Бул отчетто бардык активдер менен милдеттенмелер камтылат. Бардык активдер менен милдеттенмелердин ошол учурдагы баланстык наркы төлөөгө чейинки күндөрдүн санынын негизинде тиешелүү ячейкаларга чегерилүүгө тийиш. 

68. Эгерде сунушталган каржылоо боюнча төлөөлөр 30 күндөн 60 күн аралыгында төлөнбөсө жана/же каржылоо эки жолу пролонгацияланган болсо, анда ал "181-365 күнгө чейин" категориясына чегерилүүгө тийиш. Эгерде сунушталган каржылоо 60 күндөн ары төлөнбөй калса жана/же каржылоо эки же андан көп жолу пролонгацияланган болсо жана/же каржылоо чегербөө статусунда турса, анда ал "3 жылдан ашкан мөөнөт" категориясына чегерилүүгө тийиш. 

69. 5 жана 10-саптарда бул бөлүкчөнүн башка беренелерине кирбеген бардык башка активдер жана милдеттенмелер төлөө мөөнөттөрүнө ылайык көрсөтүлөт. 

6-сап атайы РППУну минуска чыгаруу менен "Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет" деп аталган 1-бөлүктүн "Активдер" деп аталган А бөлүкчөсүнүн 15-сабына барабар болууга тийиш. 11-сап "Финансылык абал жөнүндө отчет" деп аталган 1-бөлүктүн "Милдеттенмелер" деп аталган Б бөлүкчөсүнүн 23-сабына барабар болууга тийиш. 

12 жана 13-саптар ар бир мезгил аралыгы үчүн эсептелинет. Бардык суммалар миң сом менен чагылдырылууга тийиш. 

"Ажырым" деп аталган 12-сапта активдердин жана милдеттенмелердин төлөө мөөнөттөрү боюнча ажырымы көрсөтүлөт. 

"Кумулятивдик ажырым" деп аталган 13-сапта ажырым суммасы улам өсүш жыйынтыгы менен төлөө мөөнөттөрү боюнча көрсөтүлөт. Мисалы: "дароо" деп аталган тилкедеги кумулятивдик ажырымдын мааниси "дароо" тилкесиндеги ажырымдын маанисине барабар, ал эми "1-30 күн" тилкесиндеги кумулятивдик ажырымдын мааниси "дароо" жана "1-30 күн" тилкелериндеги ажырымдын маанилеринин суммасына барабар, мындан ары да ушул ыкма колдонулат. 

7. "РППУдагы өзгөрүүлөр" деп аталган 7-бөлүк 

1 §. "РППУдагы өзгөрүүлөр" деп аталган А бөлүкчөсү 

70. "Отчеттук мезгилдин башталышына карата РППУ калдыгы, бардыгы болуп" деп аталган 1-беренеде төмөнкүлөрдү кошо алганда, өтүп жаткан жылдын башталышына карата РППУ эсебиндеги калдык көрсөтүлөт: 

1) "атайы камдар" - жыл башына карата классификацияланган активдер боюнча атайы РППУ суммасы; 

2) "жалпы камдар" - жыл башына карата классификацияланбаган активдер боюнча потенциалдуу жоготуулардын ордун жабуу үчүн түзүлгөн жалпы РППУ суммасы. 

"Кайтарылган активдер (плюс) (МФК менчигине өткөн ошол эле күрөө мүлкү)" деп аталган 2-беренеде мурда эсептен алынып салынган активдерди кайтарып алуунун натыйжасында РППУнун абсолюттук мааниси ага азайтылган сумма көрсөтүлөт. 

"Эсептен алынып салынган активдер (минус)" деп аталган 3-беренеде чыгым катары классификацияланган активдерди эсептен алып салуунун натыйжасы катары РППУнун эсеби боюнча калдык ага азайтылган сумма көрсөтүлөт. 

"Жыл башынан тартып РППУга чегерүүлөр" деп аталган 4-беренеде өтүп жаткан жыл ичинде РППУга чегерүүлөрдүн айкын өлчөмү көрсөтүлөт. 

"Корректировкалоо" деп аталган 5-беренеде отчеттук мезгилдин акырына карата РППУнун тиешелүү суммасындагы бардык өзгөрүүлөрдүн таза суммасы көрсөтүлөт. Аталган сан терс болсо, сумма кашаа ичинде көрсөтүлүүгө тийиш. 

"Отчеттук мезгилдин акырына карата РППУ калдыгы, бардыгы болуп" деп аталган 6-беренеде атайы жана жалпы РППУ боюнча 3-беренени минуска чыгаруу менен 1, 2, 4, 5-беренелердин суммасына барабар болгон сумма көрсөтүлөт. 

2 §. "РППУнун эсебинен мурда эсептен алынып салынган жана кайтарылган (мурда эсептен алынып салынган) активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер жөнүндө маалымат" деп аталган Б бөлүкчөсү 

71. Бул бөлүкчөдө өтүп жаткан жыл башынан тартып РППУнун эсебинен эсептеп алынып салынган активдер, ошондой эле өтүп жаткан жыл ичинде сом түрүндө (2, 4, 6-тилкелер) жана Улуттук банктын отчеттук күнгө карата эсептик курсу боюнча сом эквивалентиндеги чет өлкө валютасында (3, 5, 7-тилкелер) кайтарылып алынган активдер жөнүндө маалыматтар чагылдырылат. 

72. Кардарларга сунушталган каржылоолор, кардардын ишинин негизги тармагы жана анын бизнесинин түрү боюнча эмес, өздөштүрүлө турган иш багытына ылайык экономиканын секторлору боюнча бөлүштүрүлүүгө тийиш. Эсептеп алып салуу жана кайтаруу, тиешелүү тилкелерде жана саптарда чагылдырылууга тийиш. Таза эсептеп алып салуу суммасы дароо эсептелинет. Бардык суммалар миң сом менен чагылдырылууга тийиш. 

73. "Берене" деп аталган 1-тилкенин 1, 2, 4, 5, 6 жана 8-саптарында РППУнун эсебинен эсептеп алынып салынган жана кайтарылган (мурда эсептен алынган) активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер санап көрсөтүлөт. 

"Финансы-насыялык уюмдарга сунушталган каржылоо" деп аталган 1-беренеде жана "Башка кардарларга сунушталган каржылоо" 2-беренеде каржылоо наркы (амортизацияланбаган дисконт өлчөмүн минуска чыгаруу менен) РППУну эсептен алып салуусуз көрсөтүлөт 

"Башка активдер" деп аталган 6-беренеде жогоруда көрсөтүлбөгөн, бирок өтүп жаткан жылдын башынан тартып РППУнун эсебинен эсептен алынып салынган же өтүп жаткан жыл ичинде кайтарылган (мурда эсептен алынып салынган) бардык активдер көрсөтүлөт. 

"Эсептен алып салуу - А" деп аталган 2 жана 3-тилкелерде РППУнун эсебинен эсептен алынып салынган активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммалары көрсөтүлөт. 

"Кайтарып алуу - Б" деп аталган 4 жана 5-тилкелерде мурда эсептен алынып салынган, РППУга кайтарылган активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммалары көрсөтүлөт. 

"Таза эсептен алып салуу" деп аталган 6 жана 7-тилкелерде эсептен алынып салынган жана кайтарылган активдер менен баланстан тышкаркы милдеттенмелердин өлчөмдөрүнүн ортосундагы айырма көрсөтүлөт, ал мурда эсептен алынып салынган активдер менен баланстан тышкаркы милдеттенмелерди кайтарып алуудан түшкөн таза кирешени (чыгымды) аныктайт. 

8. "Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат" деп аталган 8-бөлүк 

1 §. "Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат" деп аталган А бөлүкчөсү 

74. Бул бөлүктө МФК кардарларынын ири өлчөмдөгү чогуу алгандагы карызы отчеттук күнгө карата номиналдык наркы боюнча чагылдырылат (мындан ары бул бөлүктө "каржылоо" катары чагылдырылат). Каржылоо суммасы алардын номиналдык наркы боюнча көрсөтүлүүгө тийиш. Бардык суммалар миң сом менен чагылдырылат. 

"Карыз алуучунун аты-жөнү" деп аталган 2-тилкеде МФКнын ар бир кардарынын аты-жөнү көрсөтүлөт (компаниялардын расмий аталышы мамлекеттик мекеме тарабынан берилген каттоо документине ылайык көрсөтүлөт, ал эми же жеке адамдын толук аты-жөнү берилет). 

"Топ" деп аталган 3-тилкеде бир топ катары каралган топтордун ар бир мүчөсү көрсөтүлүүгө тийиш. Мындай топтун ар бир каржылоо бүтүмү өзүнчө сапта көрсөтүлүшү зарыл. Мисалы, өзүнчө бир адам ал иштеген компания сунуштаган жеке каржылоого ээ болсо, каржылоо боюнча ири бүтүмдөрдү аныктоо максатында мындай бүтүмгө топко чегерилген номер ыйгарылууга тийиш. Мисалы: "А" деп аталган өзүнчө адам жана аны менен байланыштуу эки компания үч каржылоо бүтүмүнө ээ болсо жана алардын бири ири активди түзсө, анда топтун "1" деген номер биринчи, экинчи жана үчүнчү каржылоого ыйгарылууга тийиш. Ал эми кийинки олуттуу каржылоо башка кардарга сунушталса, анда ага "2" деген номер ыйгарылат. 

Ошентип, мындай каржылоону төмөнкүчө чагылдырууга болот: 

  

Кардардын аты-жөнү 

Топтун номери 

1. 

"А" кардардын аты-жөнү 

2. 

"А" кардарынын компаниясы 

3. 

"А" кардарынын компаниясы 

4. 

"В" кардары 

Ар бир кардарга тиешелүү транзакциялар 4 жана 6-тилкелерде көрсөтүлөт. 

75. Тиешелүү транзакциялар боюнча үстөк баа/киреше 5 жана 7-тилкелерде көрсөтүлөт. 

76. Ар бир кардардын 4 жана 6-тилкелердин суммага барабар жалпы карызы 8-тилкеде көрсөтүлөт. 

77. МФК тарабынан сунушталган каржылоонун негизги суммасы боюнча кардардын мөөнөтүндө төлөнбөгөн карызынын созулушу (төлөө мөөнөтү) "Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер, күндөр" деп аталган 9-тилкеде көрсөтүлөт. Бул позиция каржылоо мөөнөтүндө төлөнбөгөн катары эсептелген күндөн тартып жана отчеттук күнгө карата күндөрдө чагылдырылат. 

2 §. "Аффилирленген жактар менен операциялар тууралуу жалпы маалымат" деп аталган бөлүкчө 

78. "Аффилирленген жактын аталышы" деп аталган 1-тилкеде МФКнын ага каржылоо сунушталган жана ошоңдой эле активдер сунушталган аффилирленген жагынан аталышы көрсөтүлөт. 

3 жана 4-тилкелерде аффилирленген жактар менен ишке ашырылган операциялар суммасы жана түрү көрсөтүлөт. 

5 жана 6-тилкелерде операциялар башталган жана аяктаган күн көрсөтүлөт. 

7-тилкеде операциялар боюнча үстөк баа/киреше пайыздарда чагылдырылат. 

8 жана 9-тилкелерде күрөөнүн түрү жана анын сунуштаган жак (кардар) көрсөтүлөт. 

10-тилкеде аффилирленген жак менен бүтүмдөрдү ишке ашыруу шарттары чагылдырылат. 

3 §. "Уюштуруучулардан/акционерлерден заимдар" деп аталган В бөлүкчөсү

79. "Уюштуруучу/акционер" деп аталган 2-тилкеде МФКнын уюштуруучусу/акционери толук көрсөтүлөт. 

"Сумма" деп аталган 3-тилкеде келишим боюнча каржылоо суммасы көрсөтүлөт. 

"Берилген күнү" деп аталган 4-тилкеде келишим боюнча каржылоо сунушталган күнү көрсөтүлөт (жылы, күнү, айы). 

өлөө күнү" деп аталган 5-тилкеде келишим боюнча каржылоонун төлөө күнү көрсөтүлөт (жылы, күнү, айы). 

"Каражаттар калдыгы" деп аталган 6-тилкеде МФКнын уюштуруучулары/акционерлери тарабынан сунушталган каржылоонун калган суммасы көрсөтүлөт. 

"Үстөк баа/ордун толтуруунун башка формалары" деп аталган 7-тилкеде келишимге ылайык каржылоо боюнча үстөк баа/ордун толтуруунун башка формалары көрсөтүлөт. 

"Валюта" деп аталган 8-тилкеде сунушталган каржылоо валютасы көрсөтүлөт. 

"Башка шарттар" деп аталган 9-тилкеде бул каржылоо боюнча башка кошумча шарттар көрсөтүлөт. 

9. "Кызматчылар-тарабынан жүргүзүлгөн операциялар тууралуу маалымат" деп аталган 9-бөлүк 

80. Бул бөлүк МФК тарабынан өз кызматкерлерине берилген каржылоо жана ушул сыяктуу активдер боюнча маалыматтарды камтыйт. Каржылоо жана МФКнын ушул сыяктуу активдеринин суммасы алардын номиналдык наркы боюнча көрсөтүлүүгө тийиш. 

81. "Кызматчынын аты-жөнү" деп аталган 2-тилкеде кызматкерлердин аты-жөнү толук көрсөтүлөт. Бул бөлүктү толтуруу тартиби "Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат" деп аталган 8-бөлүктү толтуруу тартибине окшош. 

10. "Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат" деп аталган 10-бөлүк 

82. Ушул бөлүк Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы №  24/11 токтому менен бекитилген Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерине ылайык толтурулат. 

11. "Кардарларга берилген каржылоо жөнүндө маалымат" деп аталган 11-бөлүк 

83. Бул бөлүк каржылоо портфели боюнча статистикалык маалыматтарды сунуштайт. Андагы маалыматтар консолидацияланган негизде, ошондой эле областтар боюнча түзүлөт. 

84. Кирешелүүлүктүн орточо алынган эффективдүү чени Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 27-августундагы №  33/4 токтому менен бекитилген "Банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча сый акы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды таркатууда эффективдүү пайыздык ченди эсептөө жөнүндө" жобого жана ушул усулдук көрсөтмөлөрдүн 41-пунктуна ылайык эсептелинет. 

1 §. "Каржылоо шарттары жөнүндө маалымат" 

85. Бул формада күрөөгө карата коюлган талаптар жөнүндө, негизги күрөө жана кошумча күрөө жөнүндө маалыматтар, ошондой эле төлөө шарттары тууралуу маалыматтар берилет. 

2 §. "МФКнын персоналы жөнүндө маалымат" 

86. Ушул бөлүктө МФКнын кызматкерлеринин саны, түзүмдүк бөлүмү жана эмгек акынын деңгээли боюнча кошумча маалымат берилет. 

87. "Катталган персоналдын, кызматчынын саны" деп аталган 1-беренеде иштеп жаткан кызматкерлердин айкын саны, ошондой эле өргүүдөгү кызматкерлер көрсөтүлөт (мисалы, бала багуу өргүүсү боюнча 3 жылга чейин). Мындан тышкары, мөөнөттүү эмгек келишими менен иштеген кызматкерлердин санын, башка уюмдун кызматкери болуп саналбаган, контракт боюнча иштеген кызматкерлердин санын көрсөтүү зарыл. Кызматкерлердин санын отчеттук чейректин ар бир календардык күнүнө карата кошуп, алынган санды чейректеги календардык күндүн санына бөлүү менен кызматкерлердин орточо санын аныктайбыз. 

"Кызматчылардын орточо эмгек акыларын жана башка орточо көрсөткүчтөрүн эсептөөдө колдонулуучу кызматчылардын саны" деп аталган 2-беренеде отчеттук мезгил ичинде иштеген кызматкерлердин саны көрсөтүлөт. Толук эмес иш күнү менен иштеген же белгилүү бир тапшырманы аткаруу үчүн ишке тартылган кызматкерлердин саны айкын иштеген сааттарга пропорционалдуу эсептелет: отчеттук ай ичинде иштеген адам сааттарынын санын биринчи иш күнүнүн узактыгына (сааттарга) бөлүп, андан кийин отчеттук айдын жумуш күндөрүнүн санына бөлүү зарыл. 

"Эмгек акы фонду (анын ичинде финансылык көмөк көрсөтүү жана социалдык жеңилдиктер, миң сом түрүндө)" деп аталган 3-беренеде негизги эмгек акыны, эмгек акыга карата үстөк акыны, сый акыларды жана башка төлөмдөрдү кошо алганда, эмгек акыны төлөө үчүн каралган сумма көрсөтүлөт. 

12. "Чечмелөө" деп аталган 12-бөлүк 

1 §. "Банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу боюнча маалымат" деп А бөлүкчө 

88. 2-тилкеде агенттик келишим боюнча чекене банктык кызмат көрсөтүүлөр ишке ашырыла турган коммерциялык банктардын аталышы көрсөтүлөт. 

3-тилкеде операциянын түрү көрсөтүлөт, башкача айтканда которуу системаларынын аталышы. Мисалы: "Анелик", "Быстрые деньги" д.у.с. 

4-тилкеде агенттик келишим боюнча отчеттук мезгил ичинде ишке ашырыла турган операциялардын саны көрсөтүлөт. 

5-тилкеде МФК тарабынан ишке ашырыла турган операциялардын чогуу алгандагы суммасы жыл башынан тартып улам өсүүчү жыйынтыгы менен сомдук эквивалентте көрсөтүлөт. 

6-тилкеде МФК тарабынан ишке ашырыла турган операциялардын суммасы отчеттук мезгил ичиндеги которуу системалары боюнча көрсөтүлөт. 

2 §. Б бөлүкчөсү "Финансы- насыялык уюмдарда ишке ашырылган операциялар жана инвестициялар боюнча чечмелөөлөр" 

89. "Уюмдун аталышы" деп аталган 3-тилкеде төмөнкү беренелер боюнча салымдар/инвестициялар салынган уюм көрсөтүлөт: 

1) банктарды кошо алганда, финансылык уюмдардын эсептериндеги акча каражаттары; 

2) инвестициялар жана финансылык катышуу; 

3) мамлекеттик баалуу кагаздар. Мында мамлекеттик казына векселдер жана мамлекеттик казына облигациялар көрсөтүлөт. МФК акча каражаттарын алар Шариат стандарттарына ылайык келүүсү шартында мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестициялоого укуктуу. 

4, 7-тилкелерде отчеттук мезгилдин башталышына жана акырына карата операциялар боюнча тиешелүүлүгүнө жараша акча каражаттардын калдыгы көрсөтүлөт. 

5, 6-тилкелерде отчеттук мезгил ичинде эсептердеги акча каражаттардын же инвестициялардын тиешелүүлүгүнө жараша көбөйүшү жана төмөндөшү көрсөтүлөт. 

8-тилкеде финансылык уюмдун эсептериндеги акча каражаттар жана инвестициялар боюнча орточо үстөк баа/киреше пайыздарда көрсөтүлөт. 

 

3 §. (КР Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитетинин 2016-жылдын 1-сентябрындагы N 36/1 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготкон) 

 

13. "Чет өлкө активдери жана милдеттенмелери боюнча отчет" 

91. Бул бөлүк чет өлкөдөгү МФКнын активдери жана резидент эместер алдындагы МФКнын милдеттенмелери жөнүндө статистикалык маалыматтарды камтыйт. 

Чет өлкө инвесторлору алдындагы жеке карыздык милдеттенме жөнүндө отчет эки формадан турат: № 1-НД форма жана № 2-НД форма. 

1 §. № 1-НД форма "Жеке карыздык милдеттенме/кредитордук карыз жөнүңдө маалыматтар" 

92. "Жеке карыздык милдеттенме/кредитордук карыз жөнүңдө маалыматтар" № 1-НД формасы ар бир каржылоо операциясына өз-өзүнчө келишимге кол коюлгандан күндөн тартып, 10 жумуш күнү ичинде бир жолу толтурулат. 

93. МФК боюнча базалык маалымат төмөнкү маалыматтарды камтыйт: 

1) "Кардардын (резиденттин) аталышы - документти түзүүчүнүн коду" - МФКнын толук расмий аталышы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишканалардын жана уюмдардын жалпы республикалык кодификаторунун (ИУРК) коду көрсөтүлөт; 

2) "Кардардын (резиденттин) аталышы - документти түзүүчү" - МФКнын толук расмий аталышы көрсөтүлөт; 

3) "Аймак (областы, район, шаар, калк конуштары)": 

а) "областы" - МФКнын башкы кеңсеси жайгашкан областтын аталышы көрсөтүлөт; 

б) "район" - МФКнын башкы кеңсеси жайгашкан райондун аталышы көрсөтүлөт; 

в) "шаар же калк конуштары" - МФКныя башкы кеңсеси жайгашкан шаардын же калк конуштары көрсөтүлөт; 

4) "Дареги (почта индекси, көчө, үй № )": 

а) "почта индекси" - почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт; 

б) "көчө, үй № " - көчөнүн аты жана башкы кеңсенин имаратынын номери көрсөтүлөт; 

5) "экономикалык иштин түрү" - экономикалык иштин түрү көрсөтүлөт; 

6) "телефон" - МФКнын расмий телефон номери көрсөтүлөт; 

7) "факс" - МФКнын расмий факс номери көрсөтүлөт; 

8) "электрондук дарек" - МФКнын электрондук почтасынын расмий дареги көрсөтүлөт. 

94. Жеке карыздык милдеттенме/кредитордук карыз жөнүндө отчетто төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

1) каржылоо операциясынын коду - Улуттук банк тарабынан ыйгарылат; 

2) кардардын түрү - саналып көрсөтүлгөн тизменин ичинен тиешелүү сапка кардардын тиби белгиленет; 

3) экономика сектору - келтирилген тизменин ичинен отчет берүүчү МФК экономиканын сектору бөлүп көрсөтүлөт; 

4) келишим түрү - келишимдин тиби көрсөтүлөт, эгерде бул пунктта келишимдин түрү көрсөтүлбөсө, ал 18-пункттун эскертүү бөлүгүндө жазылат; 

5) төлөмдөрдү төлөө ишке ашырылат - келтирилген тизмеден негизги сумманын төлөмдөрү кандай түрдө төлөнө тургандыгы көрсөтүлөт, эгерде бул пунктта негизги сумманын төлөмдөрүнүн түрү көрсөтүлбөсө, ал 18-пункттун эскертүү бөлүгүндө жазылат; 

6) негизги сумманы төлөө - каржылоо бүтүмдөрүнүн жеңилдик берилген мезгили айларда, графикте каралган негизги сумманын биринчи жана акыркы төлөмдөрү, насыя (займ) же баалуу кагаздар боюнча негизги карыздын ордун жабуунун эсебинен жыл ичиндеги төлөмдөрдүн саны көрсөтүлөт; 

7) кредитордун аталышы/ээлик кылуучунун аты-жөнү - кредитордун аты толук көрсөтүлөт, эгерде 4-пункттун 4-пунктчасы көрсөтүлгөн болсо, анда бул пунктта эсеп ээсинин аты-жөнү көрсөтүлөт; 

8) өлкө - кредитордун өлкөсүнүн аталышы көрсөтүлөт; 

9) кредитордун/ээлик кылуучунун түрү - кредитордун же каражаттар баалуу кагазды резидент эмеске сатуунун эсебинен тартылган болсо, баалуу кагазга ээлик кылуучунун тиби белгиленет; 

10) инвестордун түрү - бул пунктта кредитор түздөн-түз чет өлкө инвестору болуп саналары же саналбай тургандыгы белгиленет; 

11) макулдашууга кол коюу күнү - кардар менен кредитор ортосунда каржылоо боюнча макулдашууга же болбосо соода бүтүмүн тариздөө учурунда сатып алуучу менен берүүчүнүн ортосунда товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө келишимге кол коюу күнү көрсөтүлөт; 

12) каржылоонун/тартылган каражаттардын/кредитордук карыздын суммасы - эгерде форма баштапкы каржылоо үчүн толтурулса, анда 1-пунктчада товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө келишимдин/каржылоо боюнча макулдашуунун шарттарына ылайык берилүүчү каржылоонун/тартылган каражаттардын/кредитордук карыздын (же баалуу кагаздын номиналдык наркы) жалпы суммасы гана көрсөтүлөт. Эгерде форма реструктуризацияланган карыз үчүн толтурулса, анда 1-пунктчада Каржылоону реструктуризациялоо (же кайра тариздөө) жөнүндө макулдашууга ылайык, мөөнөтүндө төлөнбөгөн негизги сумманы жана кайра таризделген үстөк бааны/чыгашаны бөлүп берүү менен каржылоонун жалпы суммасы көрсөтүлөт. Ал эми 2-пунктчада Улуттук банк тарабынан ыйгарылган баштапкы каржылоонун коду, реструктуризациялана турган мөөнөтүндө төлөнбөгөн сумма көрсөтүлөт; 

13) каржылоонун/тартылган каражаттардын/кредитордук карыздын валютасы - товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө келишимдин/каржылоо боюнча макулдашуунун шарттарына ылайык, кредитордун/товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочунун (эсептин ээси же баалуу кагазды сатып алуучу) алдында кардардын/сатып алуучунун милдеттенмеси берилген валюта көрсөтүлөт; 

14) үстөк баа/чыгаша - алынган каржылоо боюнча же товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо боюнча төлөнө турган үстөк баа/чыгаша көрсөтүлөт; 

15) үстөк баанын/чыгашанын ордун жабуу күнү - чегерилген үстөк баанын/чыгашанын ордун жапкан биринчи жана акыркы төлөмдөр жүргүзүлгөн күн, ошондой эле үстөк баа/чыгаша боюнча графикке ылайык бир жыл ичиндеги төлөмдөрдүн саны көрсөтүлөт; 

16) комиссиялык төлөмдөрдүн чени - каржылоо суммасы боюнча кредиторго төлөнүп берилүүчү комиссиялык төлөмдөрдүн чени көрсөтүлөт; 

17) карыздык милдеттенмени тейлөө - насыя (займ)/кредитордук карыз боюнча негизги сумманын ордун жабуунун эсебинен иш жүзүндө жүргүзүлгөн төлөмдөр жана каржылоону алгандан баштап отчеттук күнгө чейин чегерилген үстөк баа/чыгаша чагылдырылат. 

Эскертүү: Көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын жетекчинин жана башкы бухгалтердин коюлган код тамгалары жана МФКнын мөөрү ырастайт. 

2 §. № 2-НД форма "Карыздык милдеттенмени/кредитордук карызды тейлөө боюнча маалыматтар" 

95. Ушул форма МФК тарабынан чейрек сайын толтурулат жана отчеттук чейректен кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен сунушталат. 

96. МФК жөнүндө базалык маалыматтар № 2-НД формасы "Жеке карыздык милдеттенме/кредитордук карыз жөнүндө маалыматтар" № 1-НД формасына окшош толтурулат. 

97.Таблицадагы бардык маалыматтар ар бир каржылоо бүтүмү боюнча өзүнчө, каржылоо сунушталган валютада көрсөтүлөт. 

Өлчөө бирдиги: миң акча бирдиги (мисалы: миң сом, миң АКШ доллары, миң орус рубли). 

3 §. 1-таблица "Жеке карыздык милдеттенмени тейлөө жөнүндө отчет" 

98. Отчетто карыздык милдеттенмени/кредитордук карызды иш жүзүндө тейлөө жөнүндө маалыматтар берилет. 

"Каржылоо бүтүмүнүн коду" деп аталган тилкеде код Улуттук банк тарабынан ыйгарылат. "Каржылоо валютасы" деп аталган тилкеде алынган каржылоо валютасы көрсөтүлөт. 

"Мезгилдин башталышына карата карыз, бардыгы болуп" деп аталган тилкеде отчеттук мезгилдин башталышына карата карыздын өлчөмү/топтолгон кредитордук карыз көрсөтүлөт. 

"Мезгил ичиндеги өзгөрүүлөр" тобундагы тилкелерде отчеттук чейрек ичиндеги өзгөрүүлөр көрсөтүлөт: 

1) "алынды" тобундагы тилкелерде: 

- "товарлар, жабдуулар" тилкесинде чет өлкө инвестору тарабынан кредитке берилген товарлар менен жабдуулардын суммасы көрсөтүлөт; 

- "кызмат көрсөтүүлөр" тилкесинде чет өлкө инвестору тарабынан кредитке берилген кызмат көрсөтүүлөрдүн суммасы акчалай көрсөтүлөт; 

- "акча түрүндө" тилкесинде чет өлкө инвестору тарабынан акча түрүндө берилген сумма көрсөтүлөт; 

2) "орду жабылды" тобундагы тилкелерде: 

- "негизги сумма" тилкесинде отчеттук мезгил ичинде төлөнгөн негизги сумма көрсөтүлөт; 

- "үстөк баа/чыгаша" деп аталган тилкеде отчеттук мезгил ичинде төлөнгөн үстөк баа/чыгаша чагылдырылат; 

3) "мөөнөтүндө төлөнбөгөн" тобундагы тилкелерде: 

- "негизги сумма" тилкесинде отчеттук мезгил ичинде негизги сумма боюнча МФКнын орду жабылбаган карызы көрсөтүлөт; 

- "үстөк баа/чыгаша" тилкесинде отчеттук мезгил ичинде үстөк бааны/чыгашаны төлөп берүү боюнча МФКнын орду жабылбаган карызы көрсөтүлөт. 

"Мезгилдин акырына карата карыз, бардыгы болуп" деп аталган тилкеде төмөнкү формула боюнча эсептелүүчү карыздын/топтолгон кредитордук карыздын суммасы көрсөтүлөт: 

"Мезгилдин акырына карата карыз, бардыгы болуп" = "Мезгилдин башталышына карата карыз, бардыгы болуп" + "Алынды (акча түрүндө бардыгы болуп товарлар, жабдуулар, кызмат көрсөтүүлөр)" - "Негизги сумманын орду жабылганы" + "Негизги сумманын мөөнөтүндө төлөнбөгөнү". 

4 §. 2-таблица "Негизги сумманы төлөө (болжолдоо)" 

99. Бул таблицада отчеттук мезгилден кийинки чейректен тартып товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө келишимдин/каржылоо боюнча макулдашуунун графигине ылайык, негизги карыз/кредитордук карыз боюнча төлөөлөр жөнүндө болжолдуу маалыматтар чагылдырылат. 

5 §. 3-таблица "Каржылоо боюнча үстөк бааны/чыгашаны төлөө (болжолдоо)" 

100. Таблицада отчеттук мезгилден кийинки чейректен тартып товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо жөнүндө келишимдин/каржылоо боюнча макулдашуунун графигине ылайык, үстөк баа/чыгаша/кредитордук карыз жөнүндө болжолдуу маалыматтар чагылдырылат. 

Эскертүү: Көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгын жетекчинин жана башкы бухгалтердин коюлган кол тамгалары жана МФКнын мөөрү ырастайт. 

6 §. Форма "Чет өлкө банкында ачылган эсеп жөнүндө билдирүү

101. Бул формада чет өлкө банкында ачылган эсеп жөнүндө маалыматтар ошол банктын жана МФКнын реквизиттерин көрсөтүү менен чагылдырылат, ошондой эле ачылган эсеп жөнүндө толук маалымат камтылат. 

"Толук аталышы" деп аталган тилкеде МФКнын жайгаштырылган акча каражаттары чагылдырылган эсеп ачылган банктын толук расмий аталышы көрсөтүлөт. 

"Телефонду, факсты жана E-mail почтаны көрсөтүү менен толук юридикалык дарек" деп аталган тилкеде эсеп ачылган банктын толук юридикалык дареги, телефон менен факстын расмий номерлери жана банктын электрондук почтасынын расмий дареги көрсөтүлөт. 

"Эсеп ачылган күн" 1-пунктунда банкта эсеп ачылган күн көрсөтүлөт. 

"Эсеп тиби" 2-пунктунда банктык эсептин тиби көрсөтүлөт. 

"Эсеп валютасы" 3-пунктунда банктык эсептин валютасы көрсөтүлөт. 

Кошумча маалымат катары төмөнкүлөр маалымдалат: 

"Эсепти ачкан резиденттин толук аталышы (жеке адамдын аты-жөнү)" 1-пунктунда МФКнын толук расмий аталышы көрсөтүлөт. 

"Юридикалык (үй) дареги" 2-пунктунда телефон, факс номерлери жана E-mail почтаны көрсөтүү менен МФКнын толук расмий дареги көрсөтүлөт. 

"Менчик түрү" 3-пунктунда МФКнын менчигинин түрү көрсөтүлөт. 

"Мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн номери" 4-пунктунда - МФКнын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн номери көрсөтүлөт. 

7 §. Чет өлкө банкынын эсептериндеги каражаттардын калдыгы жөнүндө маалымат 

102. Чет өлкө банктарынын эсептериндеги каражаттардын калдыгы жөнүндө маалыматтарда эсеп валютасы, МФКнын реквизиттери жана эсеп ачылган банктын реквизиттери көрсөтүлөт. 

Маалыматтар МФК тарабынан чейрек сайын толтурулат жана отчеттук чейректен кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен сунушталат. 

"____-жылдын ____-чейреги үчүн" деп аталган сапта отчет сунушталган чейрек көрсөтүлөт. 

"Резиденттин аталышы" деп аталган сапта МФКнын толук расмий аталышы көрсөтүлөт. 

"Банктын аталышы" деп аталган сапта эсеп ачылган чет өлкө банкынын толук расмий аталышы көрсөтүлөт. 

"Өлкө" деп аталган сапта - эсеп ачылган чет өлкө банкынын өлкөсү көрсөтүлөт. 

"Эсеп валютасы" деп аталган сапта эсеп ачылган валюта көрсөтүлөт. 

Отчеттук мезгил ичиндеги өзгөрүүлөр: 

1) "бир мезгилдин башталышына карата калдык" - мезгилдин башталышына карата калдык эсеп валютасынын миң бирдиктеринде жана миң АКШ долларында көрсөтүлөт; 

2) "бир мезгилдин акырына карата калдык" - мезгилдин акырына карата калдык эсеп валютасынын миң бирдиктеринде жана миң АКШ долларында көрсөтүлөт.