Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 3-июлунда каттоодон өткөн. 

Каттоо номери N 67-09 

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк башкармасынын 

2009-жылдын 27-майындагы 

N 25/3 токтому менен 

бекитилген 

Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы N 50/6, 2012-жылдын 18-январындагы N 2/2, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10, 2014-жылдын 30-майындагы № 24/10, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 17/2, 2016 жылдын 15-июнундагы №25/2, 2017-жылдын 15июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул жобо микрофинансылык компаниянын (мындан ары - МФК) мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары - ММРО) бирдиктүү формасын аныктайт. 

(КР Улуттук банк башкармасынын2017-жылдын 15июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2. ММРО жөнүндө жобонун аракети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - Улуттук банк), анын ичинде «ислам терезесинин» алкагында, операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырган МФК лицензия алышкан бардык микрофинансы компанияларга жайылтылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы N 25/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. ММРО бухгалтердик эсепке алуу жана системадан тышкары эсепке алуунун маалыматтарынын негизинде түзүлөт. 

2. Максаттары жана милдеттери 

4. ММРО төмөнкүлөргө анализ жүргүзүү максатында түзүлөт: 

а) а) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндөгү жободо белгиленген функцияларды Улуттук банк тарабынан аткарылышынын чегинде МФКнын финансылык абалына; 

(КР Улуттук банк башкармасынын2017-жылдын 15июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

б) ликвиддүүлүктү, төлөөгө жөндөмдүүлүктү жана кирешелүүлүктү камсыз кылуу боюнча чечимдерди кошо алганда, компаниянын жетекчилиги тарабынан башкаруу чечимдеринин кабыл алынышы үчүн МФКнын ишине. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

5. ММРОнун башкы милдети - ушул Жобонун 4-пункттагы көрсөтүлгөн максаттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн МФКнын экономикалык жана чарбалык иши тууралуу так жана толук маалыматтарды берүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. ММРОнун мазмуну жана аны берүү мезгил аралыгы 

6. ММРО МФКнын белгилүү бир мезгил ичинде аткарган ишин чагылдырган, белгиленген формадагы жана белгиленген мөөнөттө берилүүчү отчетту түшүндүрөт. 

7. Отчеттун жыйынтыкталган курамы, алардын кыскача мазмуну жана отчетторду берүү мөөнөттөрү ушул жобонун 1-тиркемесинде келтирилген. 

8. МФКнын 4-чейрек үчүн ММРО жылдык отчет болуп саналат. 

9. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик Жылдык отчет отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан кечиктирилбестен Улуттук банкка берилүүгө тийиш. 

10. МРО 13 бөлүктөн турат: 

Титулдук баракча; 

МФКнын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрү жөнүндө маалымат; 

Компаниянын айрым кызмат адамдары жөнүндө маалымат; 

МФК боюнча базалык маалымат; 

1-бөлүк. Финансылык абалы тууралуу регулятивдик отчет; 

2-бөлүк. Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет; 

3-бөлүк. Капитал; 

4-бөлүк. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер, активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо жөнүндө маалымат; 

5-бөлүк. Суммалары жана төлөө мөөнөттөрү боюнча бөлүштүрүү менен депозиттер; 

6-бөлүк. МФКнын активдеринин жана милдеттенмелеринин пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө (ГЭП-анализ) жана аларды төлөө мөөнөттөрүнө карата ийкемдүүлүгүнө иликтөө

7-бөлүк. Орун алышы мүмкүн болгон кредиттик чыгашалардын ордун жабууга карата резервдердеги өзгөрүүлөр; 

8-бөлүк. Ири тобокелдиктер жөнүндө маалымат; 

9-бөлүк. Кызматкерлер менен келишилген бүтүмдөр жөнүндө маалымат; 

10-бөлүк. Экономикалык ченемдерди сактоо жөнүндө маалыматтар; 

11-бөлүк. Кардарларга кредиттер жөнүндө маалымат; 

12-бөлүк. Ачып көрсөтүү

13-бөлүк. Чет өлкө активдери жана милдеттенмелери боюнча отчет, буга төмөнкүлөр да кирет; 

"Жеке карыздык милдеттенмелер/кредитордук карыздар жөнүндө отчет" N 1-НД форма; 

"Карыздык милдеттенмелерди/кредитордук карыздарды тейлөө жөнүндө отчет" N 2-НД форма; 

"Чет өлкө банкында ачылган эсеп (аманат) жөнүндө билдирүү"; 

"Резиденттердин чет өлкө банктарындагы эсептериндеги же аманаттарындагы каражаттардын калдыктары жөнүндө отчет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-январындагы N 2/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. ММРОнун берүү тартиби 

11. Ар бир МФКда ММРОнун мазмунунун толуктугу, берүү мөөнөттөрүнүн сакталышы жана туура толтурулушу үчүн жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. ММРОдо камтылган маалыматка тиешелүү бардык маселелер боюнча Улуттук банк менен биргелешип иш алып баруу жоопкерчилиги да ошол кызматкерге жүктөлөт. 

12. ММРО ушул жобонун 2-тиркемесине ылайык формада, отчет үчүн белгиленген мөөнөттөрдө, кагазга чыгарылган жана электрондук формада Улуттук банкка берилет. Бул отчеттун электрондук түрү Улуттук банк тарабынан белгиленгендерге ылайык түзүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук Банкынын Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы N 50/6, 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

13. Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан микрофинансылык компаниялар Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту Улуттук банктын жалпы бөлүмүнө кагазга чыгарылып, конвертке салынып, чапталган түрүндө берилүүгө тийиш. 

Отчеттун электрондук түрү Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын Статистикалык базаны техникалык колдоо бөлүмүнө электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү зарыл. Жайгашкан микрофинансылык компаниялардын электрондук почтасы жок болсо, отчетторду жазып алуучу башка жабдуулар (USB - флэш маалымат сактоочу) аркылуу берилиши зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

14. Республиканын башка областтарында жайгашкан микрофинансылык компаниялар Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетторун Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө кагазга чыгарылган түрүндө жана электрондук түрдө берүүгө тийиш. 

Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү бул отчетторду Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгына агрегирленген түрдө жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

15. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетто кандайдыр бир дал келбестиктер, каталар кездешсе, ал толук эмес сунушталса же формасы туура эмес толтурулган болсо, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү отчетту алгандан кийинки 10 жумуш күнү ичинде финансылык отчетто чагылдыруу менен ага корректировкаларды киргизүү зарылчылыгы тууралуу МФКга жазуу жүзүндө билдирет.  

Корректировкалар киргизилген отчеттор МФКнын коштомо каты менен бирге отчетто дал келбестиктер орун алгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирмени алгандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка сунушталууга тийиш. 

(КР Улуттук Банкынын Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Улуттук банктын ММРО боюнча сын-пикирлери болбогон же отчет Улуттук банктын сын-пикирлерине ылайык оңдолуп жана МФКнын каты менен тастыкталгандан кийин ММРО Улуттук банк тарабынан кабыл алынган катары эсептелинет. 

17. МФКлар ММРОну башкы МФК жана анын филиалдары боюнча консолидацияланган негизде беришет. 

18. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет белгиленген формада: көктөлгөн, отчеттун бөлүктөрүнүн барактарынын санын көрсөтүү менен номерленген, мөөр коюлуп, МФКнын алардын түзүлүшү жана берилиши үчүн жоопкерчиликтүү кызматкеринин колтамгасын койдуруу менен берилүүгө тийиш. 

19. ММРО отчеттук күнгө карата МФКнын абалы тууралуу так маалыматты камтууга тийиш. МФКнын ай сайын/чейрек сайын жана жылдык Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетторунда иш-абалынын туура чагылдырылышы МФКнын Директорлор кеңешинин Төрагасы же Төрага жок учурда анын милдетин аткарган Директорлор кеңешинин мүчөсү, МФК Башкармасынын Төрагасы, МФКнын Башкы бухгалтери жана МФК Башкармасынын ММРОну даярдоо ишин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү тарабынан тастыкталууга тийиш. 

(КР Улуттук Банкынын Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Корутунду жобо 

20. Маалыматты өз убагында сунуштабагандыгы жана/же такталбаган маалыматтарды сунуштагандыгы, такыр сунуштабагандыгы, Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту толук эмес же туура эмес толтургандыгы үчүн МФК, ошондой эле МФКнын Башкармасынын төрагасы жана башкы бухгалтери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат. 

(КР Улуттук Банкынын Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

21. МФК Улуттук банкка берилген ММРОнун экинчи нускасын сактап калууга тийиш. 

  

  

  

Улуттук банк башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы N 25/3 токтому менен бекитилген Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун курамы" жобого карата 

N 1 тиркеме 

Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун 

курамы 

№ 

Бөлүк 

Аталышы 

Мезгилдүүлүгү  

Берүү мөөнөттөрү  

Эскертүү же ченемдик укуктук актыга карата шилтеме  

  

Титулдук барак 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин  

13-бөлүккө тиркелет  

Чейрек сайын 

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын  

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде  

  

МФКнын Директорлор кеңешинин, Башкармасынын мүчөлөрү, негизги уюштуруучулары (акционерлери) жана Шариат кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалымат  

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин,  

13-бөлүккө тиркелет 

Өзгөртүүлөр киргизилген учурда 

өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин 12 календардык күн ичинде 

  

МФКнын айрым кызмат адамдары тууралуу маалымат 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин,  

13-бөлүккө тиркелет  

Өзгөртүлгөн киргизилген учурда 

өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин 12 календардык күн ичинде 

  

МФК тууралуу базалык маалымат 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин,  

13-бөлүккө тиркелет  

Өзгөртүлүүлөр киргизилген учурда 

Өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин 12 календардык күн ичинде 

1-бөлүк. 

Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет  

А. Активдер 

Б. Милдеттенмелер 

В. Капитал 

В-1. Баланстан тышкаркы милдеттенмелер 

В-2. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүргүзүлгөн операциялар тууралуу отчет  

Г. Милдеттенмелерди чечмелөө  

Г-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кабыл алынган милдеттенмелерди чечмелөө  

Д. Кредиттик портфелди чечмелөө  

Д-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча каржылоо портфелин чечмелөө  

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин, 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

  

Чейрек сайын 

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

 

2-бөлүк. 

Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет  

А. Пайыздык кирешелер 

Б. Пайыздык чыгашалар 

В. Пайызсыз кирешелер 

Г. Пайызсыз чыгашалар 

Д. Операциялык жана администрациялык чыгашалар  

Е. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүргүзүлгөн операциялар боюнча түшкөн пайда жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчет  

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин, 

  

Чейрек сайын 

Депозиттерди тартуу менен МФК үчүн ай сайын  

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

3-бөлүк. 

Капитал 

А. Капитал түзүмүндөгү өзгөрүүлөр  

Б. МФКнын акциялары жана башка баалуу кагаздары тууралуу билдирүү маалыматтары  

В. Бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы өзгөрүүлөр  

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин, 

  

Чейрек сайын 

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын  

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

4-бөлүк. 

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер жөнүндө маалыматтар, активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо  

А. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер тууралуу маалымат  

4.А-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча берилген мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер тууралуу маалымат  

Б. Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо  

4.Б-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо  

В. Берилген кредиттер боюнча маалымат  

Г. Областтар боюнча берилген кредиттер боюнча маалымат  

Д. Кредиттөө ыкмалары  

Е. МФКнын кардарлары тууралуу 

Ж. Кыргыз Республикасынын областтары боюнча кредиттерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо  

З. Кыргыз Республикасынын областтары боюнча башка маалыматтар  

И. Проблемалуу карыз алуучулар боюнча маалымат  

К. Үстү-үстүнөн алынган кредиттер тууралуу маалымат  

Л. Реструктуризацияланган кредиттер 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин, 

  

Чейрек сайын 

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын  

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

5-бөлүк. 

Депозиттер 

А. Суммалары боюнча бөлүштүрүү менен депозиттер  

Б. Депозиттердин отчеттук мезгил ичиндеги жылышы  

В. Ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча депозиттер  

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин, 

  

Чейрек сайын 

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын  

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

10 

6-бөлүк. 

А. Активдердин жана милдеттенмелердин пайыздык чендеринин өзгөрүшүнө карата ийкемдүүлүгүн талдап-иликтөө (ГЭП-анализ)  

6. А-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча активдердин жана милдеттенмелердин кирешелүүлүк ченинин өзгөрүшүнө карата ийкемдүүлүгүн талдап-иликтөө (ГЭП-анализ) 

Б.Активдерди жана милдеттенмелерди ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча талдап-иликтөө Б-1. «Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча активдерди/милдеттенмелерди ордун жабуу мөөнөттөрү боюнча талдап-иликтөө  

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин, 

  

Чейрек сайын 

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын  

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

11 

7-бөлүк. 

РППУдагы өзгөрүүлөр 

А. Мүмкүн болуучу кредиттик чыгымдардын ордун толтурууга каралган камдардагы өзгөрүүлөр  

Б. РППУнун эсебинен алынып салынган жана кайра кайтарылган (мурда алынып салынган) активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелер тууралуу маалыматтар  

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин, 

  

Чейрек сайын 

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын  

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

12 

8-бөлүк. 

А. Ири тобокелдиктер тууралуу маалымат. 

Б. Аффилирленген жактар менен операциялар тууралуу жалпы маалыматтар. 

В. Уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар. 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин, 

«Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана микрофинансылык компаниялар менен байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө» нускоо. 

Чейрек сайын 

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын  

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

13 

9-бөлүк. 

Кызматчылар менен түзүлгөн бүтүмдөр жөнүндө маалымат  

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

  

Чейрек сайын 

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

14 

10-бөлүк 

Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат  

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелери. 

Чейрек сайын 

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

15 

11-бөлүк 

Кардарларга кредиттер жөнүндө маалымат  

А. Кардарларга кредиттер жөнүндө маалымат 

А-1. Кардарларга ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча сунушталган каржылоо тууралуу маалымат  

Б. Кредит берүү шарттары жөнүндө маалымат  

В. Финансылык мекеменин (компаниянын) персоналы тууралуу маалымат  

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

  

Чейрек сайын 

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

16 

12-бөлүк 

Ачып көрсөтүү 

А. Банк менен агенттик келишим боюнча чекене банктык кызматтарды сунуштоо тууралуу маалымат  

Б. ФКМде ишке ашырылган операциялар жана инвестициялар боюнча чечмелөөлөр 

В. Валюталык операциялар 

Жыл сайын 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

  

Чейрек сайын 

Депозиттерди тартуу менен иш алып барган МФК үчүн ай сайын  

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

17 

13-бөлүк 

Чет өлкө активдери жана милдеттенмелери боюнча отчет  

Чейрек сайын 

Отчеттук мезгил аяктагандан кийинки 12 календардык күн ичинде 

 

Эскертүү

МКК/МКАнын «ислам терезеси үчүн»: 

Карыз алуучу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык МКК/МКА тарабынан каржылоо сунушталган кардар. 

Кредит кардарларга ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталган акча каражаттары. 

Кредитор МКК/МКАнын акча каражаттарын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунуштаган жак. 

Депозит МФК тарабынан кардарлардан мудараба келишими боюнча тартылган акча каражаттары. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы N 25/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы N 25/3 токтому менен бекитилген Микрофинансы компаниясынын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобого 

№ 2 тиркеме 

Микрофинансы компаниясынын мезгил-мезгили менен берилүүчү 

РЕГУЛЯТИВДИК ОТЧЕТУ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-январындагы N 2/2, 2014-жылдын 30-майындагы № 24/10, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 17/2, 2016 жылдын 15-июнундагы №25/2, 2017-жылдын 15июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)