Кайта келүү

 

 

Улуттук банк Башкармасынын  

2014-жылдын 30-майындагы  

№ 24/11 токтому менен бекитилген 

 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелери. 

 

(Кыргыз Ресрубликасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2016-жылдын 15-июнундагы N 25/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-12-(НПА) 

 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Акча каражаттарын тартпаган микрокаржылоо компанияларынын ишин жөнгө салуу  

3. Акча каражаттарын тартуу укугуна лицензия алууга ниеттенишкен микрокаржылоо компаниялардын ишине коюлган талаптар  

4. Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барышкан микрокаржылоо компаниялардын ишин жөнгө салуу  

5. Акча каражаттарын тартуу боюнча операцияларды ишке ашырышкан микрокаржылоо компаниялары үчүн экономикалык ченемдер жана аларды эсептөө тартиби  

6. Экономикалык ченемдердин, мезгил-мезгили менен берилүүчү отчеттордун жана башка отчеттордун сакталышы тууралуу маалыматтарды сунуштоо тартиби жана мөөнөттөрү 

Тиркеме: экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалыматтар  

 

1-глава. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 

 

1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелери (мындан ары - Эреже) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салат. 

2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык микрофинансылык уюмдар тарабынан аткарылышы жана сакталышы үчүн милдетүү экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө ушул эреженин максатынан болуп саналат. “Ислам терезесинин” алкагында ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдар Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы №4/2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуу эрежелерине ылайык, микрофинансылык уюмдардын “ислам терезесинин” алкагында жүргүзгөн ишинин көрсөткүчтөрүн экономикалык ченемдер жана талаптар эсебине кошуу менен экономикалык ченемдерди жана талаптарды эсептейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы N2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

3. Микрофинансылык уюмдар ушул эрежелерде көрсөтүлгөн экономикалык ченемдерди аткаруу жана тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, өзүнүн ички саясаттарында Улуттук банк тарабынан белгиленген максималдуу чектен төмөн, минималдуу чектен жогору болгон экономикалык ченемдери боюнча ички чектерин белгилей алат.  

4. (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

5. МФУга каражаттарды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштыруу жана тартуу жагында (лицензияда белгиленген учурда) уруксат берилген бүтүмдөрдүн (келишимдердин) түрлөрү, Шариат кеңеши тарабынан жактырылып, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берген типтүү келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылат.  

6. Микрофинансылык уюмдар кардарларга/сунуштоочуларга/өнөктөштөргө (мындан ары - кардар) каржылоону, мыйзамдар талаптарына ылайык, анын ичинде адамдар тобунун субсидиардык же шериктештик жоопкерчилиги астында каржылоо келишими аркылуу тариздейт.  

7. Микрофинансылык уюмдарынын финансылык отчету компаниянын финансылык абалын объективдүү чагылдырууга жана Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюмунун (мындан ары - AAOIFI) стандарттарына ылайык келүүгө тийиш, ал эми белгилүү бир стандарттар жок учурда МФК Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарын пайдаланат, мында алар AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбөөгө тийиш.   

8. МФУ ички аудитти эсептеринин аныктыгын текшерүү, өз ички контролдук системасынын шайкештигине жана натыйжалуулугуна жана анын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келишине баа берүү максатында жүзөгө ашырат. Бул үчүн микрофинансылык компания (мындан ары МФК) өз ички аудит кызматын милдеттүү түрдө түзүүгө тийиш, ал эми микрокредиттик компанияга (мындан ары МКК) жана микрокредиттик агенттикке (мындан ары МКА) карата ички аудит кызматын түзүшү мүмкүн. 

8-1. Микрофинансылык сектор үчүн системалуу мааниге ээ МФУ система түзүүчүлөр болуп саналышат. Системалык маанилүүлүк критерийлери Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында аныкталат. Система түзүүчү МФУларга карата Улуттук банк тарабынан белгиленген жөнгө салуунун жана көзөмөлдүктүн атайы режими колдонулат.  

8-2. Ушул эрежелердин максаттарында дүңүнөн кредиттөө дегенден улам, региондордо финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жайылтуу жана ишкердикке колдоо көрсөтүү максатында, Шариат стандарттарына ылайык келген принциптерди жана шарттарды сактоо менен кардарларга «мурабаха» бүтүмү боюнча каржылоо сунуштоо үчүн финансы-кредит уюмдарга (мындан ары ФКУ) сунушталуучу өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер түшүнүлөт. 

Дүңүнөн каржылоо менен иш алып барган МФУ (апекстик институт) дегенден улам, дүңүнөн каржылоо үлүшү анын каржылоо боюнча портфелинин 70 пайызынан ашыгын түзгөн МФУ түшүнүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы N2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

2-глава. Акча каражаттарын тартпаган микрокаржылоо  

компанияларЫНын ишин жөнгө салуу 

 

9. МФК, Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички каржылоо саясатына ээ болууга тийиш, анда төмөнкүлөр аныкталат:  

- негизги иш чөйрөсү;  

- каржылоо багыттары;  

- кардарларга сунушталуучу продукттар;  

- бир эле ошол кардарга же байланыштуу жактар тобуна, ушул эрежелердин 10-пунктунун талаптарын эске алуу менен Улуттук банк тарабынан жаңыдан түзүлгөн МФКлар үчүн (жеке адамдардан жана юридикалык жактардан акча каражаттарын тартпаган) белгиленген минималдуу уставдык капитал өлчөмүнүн үч пайызынан ашпаган өлчөмдө сунушталуучу каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү

- дүңүнөн каржылоо менен иш алып барган МФК үчүн бир эле ошол кардарга же байланыштуу жактар тобуна берилүүчү каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капитал өлчөмүнүн 20 пайызынан ашпоого тийиш. 

10. Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан акча каражаттарын кабыл алуужана/же дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган МФКларды эске албаганда, ушул эрежелердин 9-пунктунда белгиленген МФК тарабынан бир эле ошол карыз алуучуга же байланыштуу жактар тобуна сунушталуучу каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүнөн жогору каржылоону Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесине ылайык, иштеп жаткан бизнести кеңейтүү/өнүктүрүү, анын ичинде кошумча жумуш орундарын түзүү максатында каржылоонун төмөнкү багыттары боюнча берүүгө жол берилет: 

• соода; 

• айыл чарба (өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыгын, айыл чарба продукттарын даярдоону/кайра иштетүүнү кошо алганда); 

• кызмат көрсөтүүлөр;  

• транспорт; 

өнөр жай; 

• ижара мунтахийя биттамлик; 

• курулуш. 

Микрофинансылык компаниялар тарабынан каржылоону ушул пунктта көрсөтүлгөн багыттар боюнча сунуштоодо төмөнкү шарттарды аткаруусу зарыл:  

1) МФКда микрокаржылоонун максаттары менен милдеттерине ылайык продукттардын айкын түрлөрү аныкталган каржылоо саясатынын жана сунушталуучу каржылоонун максаттуу пайдаланылышына андан кийинки мониторинг жүргүзүү тартибинин болушу;  

2) белгиленген шарттар сакталган учурда, сунушталуучу каржылоонун суммасы үч миллион сомдон (же чет өлкө валютасындагы эквиваленттен) ашпоого тийиш;  

3) Кредиттик маалымат бюросунан кардардын кредиттик таржымалына тиешелүү маалыматтар болсо;  

4) кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган зарыл документтер болсо (кардарга киреше алып келген активдерге ээ болуу укугу, иштеген жеринен кардардын эмгек акысы жөнүндө маалымкат, патент, күбөлүк ж.б.у.с.), ошондой эле МФКнын каржылоо саясатына жана/же башка ички документтерине ылайык, каржылоо боюнча жооптуу адистин же МФКнын башка кызматкеринин корутундусу менен тастыкталган кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүнө жүргүзүлгөн баа берүү документтери болсо;  

5) өтүнүч ээсинин каржылоо алууга билдирме-анкетасы тапшырылып, анда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолору менен сунушталуучу каржылоону пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш;  

6) кардардын анын чогуу алгандагы кирешесинин өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча (негизги сумма жана үстөк баа боюнча) бир айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызын жабуучу коэффициенти 130 пайыздан кем болбоого тийиш.  

11. МФКлар Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 токтому менен бекитилген “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө”  жободо (мындан ары текст боюнча “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө”  жобо) белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны топтоонун шарттары боюнча тиешелүү талаптарды сактоого тийиш. 

12. Микрокаржылоо компаниясынын өздүк капиталын эсептөө (баа берүү күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде ишке ашырылат:  

толук төлөнгөн уставдык капиталды; 

номиналдан ашык салынган капиталдын; 

жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капиталдын; 

келечектеги муктаждыктар үчүн камдардын; 

өткөн жылдардагы бөлүштүрүлбөгөн пайдалар/чыгымдардын; 

өтүп жаткан жыл ичиндеги чыгымдардын; 

башка МФУлардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларды минуска чыгаруу менен.

Микрокаржылоо компаниясынын минималдуу өздүк капитал ченемдерин сактоосу боюнча талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.  

13. МФКнын жүргүзгөн иши Шариат стандарттарына каршы келбеген МФУлардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына инвестициялоону ишке ашырууга укуктуу. Мында, МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициялоосу “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамында аныкталган микрофинансылык уюмдардын максаттарына ылайык келүүгө тийиш. 

МФКлардын микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга), карыздык милдеттенмелерге инвестициялар, ижара мутахийя биттамлик бүтүмү боюнча финансылык салымдар жана ушул сыяктуу башка финансылык салымдар) чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капитал өлчөмүнүн 30% ашпоого жана төмөнкү формула боюнча аныкталууга тийиш: 

 

СИ / СК * 100% 30%, мында: 

 

СИ МФК инвестицияларынын баа берүү күнүнө карата чогуу алгандагы өлчөмү

СК МФКнын баа берүү күнүнө карата өздүк капиталы (ушул Эрежелердин 12-пункту). 

Ушул ченемди эсептөөдө, алардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) МФКнын инвестициялары жайгаштырылган МФУларга, лизингдик компанияларга жана банктарга сунушталган каржылоо эсепке алынат. 

13-1. Уюштуруучулардан (акционерлер) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү

МФКнын, анын ичинде дүңүнөн каржылоо менен иш алып барган МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капитал өлчөмүнүн 100% ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

СЗФЛ / СК * 100% 100%, мында: 

 

СЗФЛ МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алган каражаттардын баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы өлчөмү

СК МФКнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы (12-пунктту карагыла). 

 

13-2. Уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү

МФКнын, анын ичинде дүңүнөн каржылоо менен иш алып барган МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттарынын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капитал өлчөмүнүн 100% ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

СЗЮЛ / СК * 100% 100%, мында: 

 

СЗЮЛ - МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттарынын баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы өлчөмү

СК - МФКнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы (12 - пунктту карагыла). 

 

13-3. Юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү.  

МФКнын, анын ичинде дүңүнөн каржылоо менен иш алып барган компаниянын юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү өздүк капиталдын 500 пайыздан ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

СЗ/СК*100% 500%, мында 

СЗ - МФКнын юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттарынын баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы өлчөмү

СК 

МФКнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы  

Ушул ченем 13-1., 13-2 - пунктарында көрсөтүлгөн ченемдерди өзүндө камтыйт. 

14. Микрокаржылоо компаниялары төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга укугу жок: 

1) микрокаржылоо компания өзү чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга каржылоону сунуштоого, ошондой эле аларды күрөө катарында кабыл алууга; 

2) кепилдик берүүгө

3) бир кардарга сунушталуучу каржылоонун максималдуу өлчөмүнүн ченеминен чогуу алгандагы сунушталган каржылоодон ашкан өлчөмдө гарантияларды берүүгө;  

4) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары жөнүндө” мыйзамында каралган операциялар менен бүтүмдөрдөн тышкары, башка банктык операцияларды менен бүтүмдөрдү ишке ашырууга;  

5) баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишти жүзөгө ашырууга; 

6) аккредитивдерди берүүгө, баалуу металлдар менен операцияларды жана мүлктү ишеним боюнча тескөө ишин жүзөгө ашырууга.  

15. Чейрек сайын, отчеттук айдан кийинки айдын жыйырмасынан кечиктирбестен, МФКлар Улуттук банкка төмөнкү маалыматтарды берип турууга тийиш: 

• башка микрофинансылык уюмдардын, лизинг компанияларынын жана банктардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) инвестициялар тууралуу маалыматтарды, алардын ар бирине инвестициялардын тизмегин жана өлчөмүн көрсөтүү менен 

• МФКнын башка микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга), карыздык милдеттенмелерине инвестицияларынын, иджара мунтахия биттамлик бүтүмү боюнча финансылык салымдарынын, каржылоонун жана ушул сыктуу эле башка финансылык салымдарынын) чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, алардын ар бирине инвестициялардын тизмегин жана өлчөмүн, 13-пунктунда келтирилген көрсөткүчтөрдү эсептөөлөрдү чагылдыруу менен; 

• уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, уюштуруучулардын (акционерлердин) жеке адамдардын тизмегин, алардын ар биринен карызга алынган карыз өлчөмүн, ушул эрежелердин 13-1 - пунктунда келтирилген көрсөткүчтөрдү эсептөөнү чагылдыруу менен; 

• уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, уюштуруучулардын (акционерлердин) юридикалык жактардын тизмегин, алардын ар биринен карызга алынган карыз өлчөмүн, ушул эрежелердин 13-2 - пунктунда келтирилген көрсөткүчтөрдү эсептөөнү чагылдыруу менен. 

Жыл сайын, көз карандысыз тышкы аудит жүргүзүлгөндөн кийин МФК, микрокаржылоо компаниясынын тышкы аудитору отчет берген учурдан тартып 30 күндүн ичинде жетекчиликке катты кошо тиркөө менен тышкы аудитордун толук отчетунун бир нускасын (көчүрмөсүн) Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.  

Микрокаржылоо компаниясы чейрек ичинде кеминде бир жолу жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтарды чечмелеген жана түшүндүргөн баланстык отчетту жана жыл сайын көз карандысыз тышкы аудитор тарабынан тастыкталган жылдык финансылык отчетту жарыялайт. 

Улуттук банктын алардын ишине койгон талаптарынын микрофинансылык компаниялар тарабынан аткарылбашы, маалыматтардын сунушталбашы, ошондой эле маалыматтын өз убагында берилбеши же так эмес маалыматтын сунушталышы фактылары аныкталган учурда Улуттук банк Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдары жөнүндө” мыйзамдарында жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы N2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

15-1. МФК иш кагаздарын мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүргүзүүгө тийиш. Бардык ички документтерди, анын ичинде контрагенттер менен түзүлгөн келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды мамлекеттик жана/же расмий тилдерде тариздетүү зарыл. Мында, контрагенттер менен мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жана чет тилинде түзүлгөн бирдей юридикалык күчкө ээ болгон келишимдерди тариздетүүгө жол берилет. Келишимдерди чет тилинде тариздетүү белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилиндеги котормосу болгон шартта гана жол берилет. 

3-глава. АКЧА КАРАЖАТТАРЫН ТАРТУУ УКУГУНА ЛИЦЕНЗИЯ АЛУУГА ТАЛАПКЕР МИКРОКАРЖЫЛОО КОМПАНИЯЛАРДЫН ИШИНЕ КАРАТА ТАЛАПТАР 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

 

4-глава. АКЧА КАРАЖАТТАРЫН ТАРТКАН МИКРОКАРЖЫЛОО КОМПАНИЯЛАРДЫН ИШИН ЖӨНГӨ САЛУУ 

22. Акча каражаттарын тартуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна ээ болгон МФКлар төмөнкүлөрдү кошо алганда, Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди сактоого милдеттүү

- төлөнгөн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн; 

- өздүк капиталдын минималдуу өлчөмүн (М1); 

- капиталдын шайкештик ченемин (М2); 

- бир кардарга карата келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн (М3); 

- ликвиддүүлүк ченемин (М4); 

- тартылган акча каражаттарын кайтаруу боюнча тобокелдикти чектөө ченемин (М5);  

- МФУ менен аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялары боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн; 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы N2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

- МФКларга керектөө максаттарына каржылоо сунуштаган МФКнын кызматчыларынын чогуу алгандагы максималдуу карызын; 

- микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициялардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүн; 

- мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын өлчөмүн; 

- уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүн; 

- уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүн.  

23. Акча каражаттарын тартуу боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна ээ МФКлар, төмөнкү укуктарга ээ: 

1) МФКнын өзү тарабынан чыгарылган баалуу кагаздарды сатып алууга каржылоону сунуштоо, ошондой эле аларды күрөө катары кабыл алуу; 

2) кепилдик берүү

3) чогуу алганда берилген каржылоонун бир кардарга каржылоонун максималдуу өлчөмүнүн ченеминен ашкан өлчөмдө гарантияларды берүү

4) “Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары жөнүндө” мыйзамда каралган операциялардан жана бүтүмдөрдөн тышкары, башка банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруу; 

5) баалуу кагаздар рыногунда кесиптик ишкердикти жүзөгө ашыруу; 

6) аккредитивдерди берүү, баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашыруу жана мүлктү ишеним боюнча тескөө

 

5-глава. АКЧА КАРАЖАТТАРЫН ТАРТУУ БОЮНЧА ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ИШКЕ АШЫРГАН МИКРОКАРЖЫЛОО КОМПАНИЯЛАРЫ ҮЧҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕР ЖАНА АЛАРДЫ ЭСЕПТӨӨ ТАРТИБИ 

 

24. Уставдык капиталга карата төмөнкү талаптар белгиленет: 

1) акча каражаттарын тартуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан МФКлар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны түзүү шарттары Кыргыз Республикасынын аймагында микрокаржылоо компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жободо белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш; 

2) МФК уставдык капиталдын өлчөмүн акча каражаттарын тартуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан МФКлардын уставдык капиталына карата Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу талаптардан төмөн эмес деңгээлде сактап турууга тийиш. 

25. Минималдуу өздүк капиталдын (М1) ченеминин мааниси 100% кем эмес деңгээлде сакталуусу зарыл. 

Минималдуу өздүк капиталдын (М1) ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

М1 = СК / УК * 100%, мында: 

 

СК  баа берүү күнүнө карата микрокаржылоо компанияларынын өздүк капиталы (ушул Эрежелердин 12-пункту);  

УК акча каражаттарын тарткан микрокаржылоо компаниялар үчүн белгиленген минималдуу уставдык капитал (ушул Эрежелердин 24-пунктунун 1-пунктчасы). 

26. Капиталдын шайкештик (жеткиликтүүлүк) деңгээли (М2) 8% кем эмес деңгээлде сакталуусу зарыл. 

МФК капиталынын шайкештик ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

М2 = СК/СА *100%, мында: 

 

СК баа берүү күнүнө карата микрокаржылоо компаниялардын өздүк капиталы (ушул эрежелердин 12-пункту); 

СА валюта тобокелдиктерин хеджирлөө максатында, улуттук валютада тартылган каражаттардын суммасынын өлчөмүндө коммерциялык банктарда күрөө катары жайгаштырылган депозиттердин суммасын алып салгандагы баа берүү күнүнө карата баланстык активдердин суммасы. 

27. Бир кардардын тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн (М3) ченемдик мааниси 5 % ашпаган деңгээлде белгиленет.  

Бир кардардын тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт: 

  

М3 = СЗ / СК * 100%, мында: 

  

СЗ кардардын сунушталган каржылоо (мөөнөтүнө карабастан), ижара мунтахийя биттамлик бүтүмү боюнча баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы карызы; 

СК баа берүү күнүнө карата микрокаржылоо компаниясынын өздүк капиталы. 

Бул ченем дүңүнөн каржылоо менен иш алып барган МФКларга таркатылбайт. 

Бир кардардын тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эсептөө учурунда ар башка кардарлардын карыздары суммаланып, бир тобокелдик катары каралууга тийиш, эгерде: 

бир кардар башка кардар тарабынан контролдукка алынса; 

бир нече карыз алуучуну бир эле жак контролдукка алса; 

бир кардар карызын кайтарбай коюсунан башка кардардын карызын кайтарбай коюусуна алып келсе;  

карызды кайтаруу үчүн бир эле булак анын ичинде карызды төлөөнүн экинчи булагы (күрөө менен камсыз кылуу) колдонулса.  

Эскертүү: Бул пунктта контролдоо дегенден улам, чечимдерди түздөн-түз же кыйыр түрдө аныктоо же болбосо кабыл алынуучу чечимге, анын ичинде келишимге (оозеки келишимди кошо алганда) же башка бүтүмгө таасир этүү жөндөмдүүлүгүн түшүнөбүз.  

28. Ликвиддүүлүк ченеминин мааниси (М4) 30% төмөн эмес деңгээлде белгиленет. 

Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган микрокаржылоо компаниялары үчүн ликвиддүүлүктүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

М4 = ЛА / ОБ * 100%, мында: 

  

ЛА микрокаржылоо компаниялардын ликвиддүү активдери, аларда төмөнкүлөр камтылат: нак акча каражаттары (касса); банктардагы эсептешүү жана депозиттик (баа берүү учурунан тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө кайтаруу менен) эсептериндеги каражаттар; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баалуу кагаздары жана Улуттук банктын баалуу кагаздары, булар баалоо учурунан тартып 30 күн ичинде акча каражаттарына айландырылышы мүмкүн;  

ОБ МФКнын милдеттенмелери, анын ичинде 30 күндөн ашпаган төлөө мөөнөтү менен тартылган акча каражаттар. 

МФК ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясатын иштеп чыгууга тийиш, ал төмөнкүдөй факторлорду эске алат:  

ликвиддүүлүккө керектөөгө контролдук кылуу жана мөөнөтү келип жеткен милдеттенмелерди аткаруу үчүн МФКнын активдеринин жетиштүүлүгүнө кеминде ар жума ичинде өлчөөнү жана мониторинг жүргүзүүнү

тартылган каражаттардын базасынын түзүмүн жана туруктуулугун (тартылган каражаттардын кайра кайтаруунун мөөнөттөрүн, булактардын топтолушун, кошумча баанын өлчөмүн аныктоо саясатын); 

рынокто карыз алышуу мүмкүнчүлүгүн; 

ликвиддүүлүк жетишсиз болгон учурга пландаштырууну. 

29. Тартылган акча каражаттарын (М5) кайра кайтаруу боюнча тобокелдикти чектөө ченеми 100%дан кем эмес деңгээлде белгиленет жана төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

М5 = К / В *100%, мында: 

 

К  баа берүү күнүнө карата кошумчаланган сумма же негизги сумма боюнча кандайдыр бир мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун албаган каржылоо; 

В баа берүү күнүнө карата тартылган акча каражаттарынын суммасы. 

30. Аффилирленген жактар жана инсайдерлер менен операцияларга карата төмөнкүдөй чектөөлөр белгиленет: 

1) Акча каражаттарын тартуу менен иш алып барган МФКлар “Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактары менен операцияларына карата талаптар жөнүндө” нускоого ылайык, аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларды жүзөгө ашырууга тийиш. Аффилирленген жана байланыштуу жактардын МФК алдындагы чогуу алгандагы карызынын өлчөмү катары туюндурулган аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын 60 пайызынан ашпоого тийиш; 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы N2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

2) МФКнын кызматкерлерине керектөө максаттарына каржылоону сунуштоо боюнча операциялар төмөнкү талаптар сакталган учурда гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн: 

каржылоо, кызматкерлердин кеминде 100% эмгек акысы менен же болбосо аны кайра кайтаруу керектөө максаттарына берилген каржылоо суммасынын ордун жабуу мөөнөтү келип жеткенге чейинки тиешелүү күрөө келишими менен таризделген депозиттер менен камсыз кылынууга тийиш;  

каржылоо, МФКнын кызматчысы болуп саналбаган адамдарга каржылоо сунушталган учурда коюлуучу шарттар жана талаптар алдында (кошумчаланган сумма, күрөө менен камсыз кылуу, кредитти камсыз кылуу мөөнөтү) берилүүгө тийиш;  

МФК керектөө максаттарына каржылоону сунуштаган МФКнын кызматкерлеринин чогуу алгандагы карызы МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 5% ашпоого тийиш жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

 

СЗК / СК * 100% 5%, мында: 

 

СЗК баа берүү күнүнө карата МФКнын керектөө максаттарына каржылоону сунуштаган МФКнын кызматкерлеринин чогуу алгандагы карызы;  

СК баа берүү күкүнө карата МФКнын өздүк капиталы. 

31. Микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга чогуу алгандагы өлчөм бөлүгүндө төмөнкүдөй талаптар белгиленет: 

1) МФК, иши Шариат стандарттарына каршы келбеген МФУлардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына инвестициялоону жүзөгө ашырууга укуктуу. Мында, МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициялары “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамында аныкталган МФУнун максаттарына ылайык келүүгө тийиш. 

2) МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга), карыздык милдеттенмелерге инвестициялар, ижара мунтахийя биттамлик келишими боюнча финансылык салымдар жана ушул сыяктуу башка финансылык салымдар) чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капитал өлчөмүнүн 30% ашпоого тийиш жана ал ушул эрежелердин 13-пунктуна ылайык эсептелинет.  

Ушул ченемди эсептөөдө, алардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) МФКнын инвестициялары жайгаштырылган микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга сунушталган каржылоо эсепке алынат. 

32. МФКнын ислам каржылоо принциптерине ылайык мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарына инвестициялардын жалпы көлөмү МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш.  

32-1. Уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү

МФК каражаттарды уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алууга укуктуу.  

МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттарынын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капитал өлчөмүнүн 100%ынан ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

СЗФЛ / СК * 100% 100%, мында: 

 

СЗФЛ - МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алган каражаттарынын баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы өлчөмү

СК - МФКнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы (12-пунктту карагыла).  

 

32-2. Уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү

МФК каражаттарды уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алууга укуктуу.  

МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алган каражаттарынын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү МФКнын өздүк капитал өлчөмүнүн 100%ынан ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

СЗЮЛ / СК * 100% 100%, мында: 

 

СЗЮЛ - МФКлардын уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алган каражаттарынын баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы өлчөмү

СК - МФКнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы (12-пунктту карагыла). 

 

6-глава. Экономикалык ченемдердин, мезгил-мезгили менен берилүүчү жана башка отчеттордун сакталышы жөнүндө маалыматтарды сунуштоо тартиби жана мөөнөттөрү 

 

33. Микрокаржылоо компаниялары экономикалык ченемдердин жана Улуттук банктын талаптарынын сакталышына мониторингди кеминде жума сайын жүргүзүүгө тийиш.  

34. МФК үчүн белгиленген экономикалык ченемдердин жана талаптардын сакталышына текшерүү иши Улуттук банк тарабынан кайсы болбосун күнү ишке ашырылат.  

35. Ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын жыйырмасынан кечиктирбестен МФКлар ушул эрежелерге карата тиркемеге ылайык, төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен “Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалыматтарды” Улуттук банкка сунуштоого тийиш: 

• башка микрофинансылык уюмдардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар тизмегин жана өлчөмүн; 

• МФКнын башка микрофинансылык уюмдарга, лизингдик компанияларга жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга), карыздык милдеттенмелерге инвестициялар, ижара мунтахийя биттамлик бүтүмү боюнча финансылык салымдар жана ушундай эле башка финансылык салымдар) тизмегин жана өлчөмүн; 

• уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын өлчөмүн, уюштуруучулардын (акционерлердин) жеке адамдардын тизмегин, алардын ар биринен карызга алынган карыз өлчөмүн, ушул эрежелердин 32-1 - пунктунун үчүнчү абзацында келтирилген көрсөткүчтөрдү эсептөөнү чагылдыруу менен; 

• уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын өлчөмүн, уюштуруучулардын (акционерлердин) юридикалык жактардын тизмегин, алардын ар биринен карызга алынган карыз өлчөмүн, ушул эрежелердин 32-2 - пунктунун үчүнчү абзацында келтирилген көрсөткүчтөрдү эсептөөнү чагылдыруу менен. 

36. Экономикалык ченемдердин, талаптардын жана чектөөлөрдүн сакталышы тууралуу отчет ушул эрежелерге карата тиркеменин формасы боюнча Мезгил-мезгили менен берилүүчү отчеттун курамында Улуттук банкка берилет.  

37. МФК ушул эрежелердин 15-пунктунда аныкталгандай тышкы аудитордун толук отчетун жана жетекчиликке катты жыл сайын Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

38. Микрокаржылоо компаниялары экономикалык ченемдерди жана башка талаптарды сактабагандыгы, алар маалыматтарды бербегендиги, ошондой эле өз убагында бербегендиги же такталбаган маалыматты бергендиги фактылары аныкталган учурда, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы микрокаржылоо уюмдары жөнүндө” мыйзамдарга жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык, МФКга карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы N2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

7-глава.  Микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин ишин жөнгө салуу. 

 

39. МКК же МКА акционердик коом формасындагы МКК тарабынан чыгарылган акциялардан тышкары баалуу кагаздарды чыгарууга, ижара мунтахийя биттамлик бүтүмдөрүн эске албаганда, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 33-беренесинде каралбаган башка банктык операцияларды жүзөгө ашырууга укугу жок.  

40. Микрокредиттик компания тарабынан бир эле ошол адамга же байланыштуу жактар тобуна берилүүчү каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү Улуттук банк тарабынан жаңыдан түзүлгөн МККлар үчүн белгиленген минималдуу уставдык капитал өлчөмүнүн он пайызынан ашпаган өлчөмдө аныкталууга тийиш.  

41. Дүңүнөн каржылоо менен иш алып барган МККлар үчүн бир эле ошол адамга же байланыштуу жактар тобуна берилүүчү каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капитал өлчөмүнүн жыйырма пайызынан ашпоого тийиш. 

42. Дүңүнөн каржылоо менен иш алып барган МФУларды эске албаганда, ушул эрежелердин 41-пунктунда белгиленген МКК тарабынан бир эле ошол адамга же байланыштуу жактар тобуна берилүүчү каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүнөн жогору каржылоону Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесине ылайык, иштепжаткан бизнести кеңейтүү/өнүктүрүү, анын ичинде кошумча жумуш орундарын түзүү максатында каржылоонун төмөнкү багыттары боюнча берүүгө жол берилет: 

• соода; 

• айыл чарбасы (анын ичинде өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыгын, айыл чарба продукттарын өндүрүүнү/кайра иштетүүнү кошо алганда); 

• кызмат көрсөтүүлөр; 

• транспорт; 

өнөр жай; 

• ижара мунтахийя биттамлик (жабдууларды жана айыл чарба техникасын сунуштоо); 

• курулуш. 

МКК тарабынан каржылоону ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн багыттар боюнча берүүдө төмөнкү шарттарды аткаруусу зарыл: 

1) МККда микрокаржылоонун максаттары менен милдеттерине ылайык продукттардын айкын түрлөрү аныкталган каржылоо саясатынын жана сунушталуучу каржылоонун максаттуу пайдаланылышына андан кийинки мониторинг жүргүзүү тартибинин болушу;  

2) белгиленген шарттар сакталган учурда, ижара мунтахийя биттамлик бүтүмү боюнча каржылоону эске албаганда, мындай каржылоонун суммасы 1 000 000 (бир миллион) сомдон ашпоого тийиш,; 

3) ижара мунтахийя биттамлик бүтүмү боюнча каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капиталынын 10 пайызынан ашпоого тийиш; 

4) Кредиттик маалымат бюросунан өтүнүч ээсинин кредиттик таржымалынын, анын ичинде буга чейин алынган мөөнөтүндө төлөнбөгөн каржылоо боюнча, ошондой эле өтүнүч ээси кандайдыр бир башка каржылоо боюнча кепил болгондугу тууралуу тиешелүү маалыматтардын болушу; 

5) өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган зарыл документтердин болушу (өтүнүч ээсине киреше алып келген активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалымкат, патент, күбөлүк ж.б.), ошондой эле каржылоо боюнча саясатына жана/же МККнын башка ички документтерине ылайык, каржылоо боюнча жооптуу адистин же кызматкердин корутундусу менен тастыкталган өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнү ишке ашыруу; 

6) өтүнүч ээсинин каржылоо алууга билдирме-анкетасы тапшырылып, анда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолору менен сунушталуучу каржылоону пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш 

7) кардардын анын чогуу алгандагы кирешесинин өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча (негизги сумма жана үстөк баа боюнча) бир айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызын ордун жабуучу коэффициенти 130%дан кем болбоого тийиш.”. 

43. МКК үчүн төмөнкү ченемдер белгиленсин: 

43.1. Юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүнүн ченеми өздүк капиталдын 500% ашпаган өлчөмдө

Ушул ченем дүңүнөн каржылоо менен иш алып барган МККларга да таркатылат жана өзүндө төмөнкүлөрдү камтыйт: 

• уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүнүн ченеми өздүк капиталдын 100% ашпаган өлчөмдө

• уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүнүн ченеми өздүк капиталдын 100% ашпаган өлчөмдө

Уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар боюнча пайыздык чен Улуттук банктын эсептик ченинен 5 пайыздык пункттан жогору болбоого тийиш.  

44. Дүңүнөн каржылоо менен иш алып барган жана кредиторлор алдында милдеттенмелерге ээ МККлар үчүн (анын ичинде финансы-кредит уюмдар) капиталдын шайкештик (жетиштүүлүк) ченеми белгиленсин.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы N2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

M2 капиталынын шайкештик (жетиштүүлүк) ченеминин маанисин кеминде 15% деңгээлде кармап туруу зарыл.  

Капиталдын шайкештик ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

 

M2 = СК / СА * 100%, мында: 

 

СК МККнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы;  

СА валюталык тобокелдиктерди хеджирлөө максатында, улуттук валюта тартылган каражаттар суммасынын өлчөмүндө финансы-кредит мекемелеринде күрөө катары жайгаштырылган, кардарлардан тартылган акча каражаттар суммасын (депозиттерди) минуска чыгаруу менен баалоо күнүнө карата баланстык активдер суммасы.  

45. МККнын өздүк капиталын (баалоо күнүнө карата) эсептөө төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде жүргүзүлүүгө тийиш:  

төлөнгөн уставдык капитал (жөнөкөй жана артыкчылык берилген акциялар наркы, же үлүштүк капитал); 

номиналдан жогору салынган капитал (акционердик коомдор үчүн); 

жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капитал; 

келечекте керектөө үчүн камдар; 

өткөн жылдардагы бөлүштүрүлбөгөн пайда/чыгым; 

өтүп жаткан жыл ичиндеги чыгымдар; 

башка микрофинансылык уюмдардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышууга) инвестицияларды минуска чыгаруу менен. 

Мында, капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар дегенден улам, МФУлардын, лизингдик компаниялардын жана банктардын капиталына айкын салынган каражаттардын калдыгын түшүнүлөт.  

46. МКА өз каражаттарынын жана карыздык каражаттарынын, анын ичинде финансы-кредит уюмдардан жана/же эл аралык финансы уюмдарынан карызга алынган каражаттардын эсебинен микрокредиттик агенттиктин катышуучулары тарабынан аныкталуучу коммерциялык эмес уюмдун уставдык максаттарына ылайык, кардар менен макулдашылган шарттарда каржылоону (камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган каржылоо) улуттук валютада берүүнү жүзөгө ашырат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы N2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

47. МКА тарабынан бир эле ошол кардарга же байланыштуу жактар тобуна берилүүчү каржылоонун чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү, анын ичинде иджара мунтахийя биттамлик бүтүмү боюнча 500 миң сомдон ашык эмес өлчөмдө белгиленүүгө тийиш. Мында, 100 миң сомдон ашпаган өлчөмдө бир эле ошол кардарга же байланыштуу жактар тобуна берилген каржылоо МКАны каржылоо боюнча жалпы портфелдин 20 жана андан ашык пайызын түзүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы N 25/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

48. МКК/МКА иш кагаздарын мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүргүзүүгө тийиш. Бардык ички документтерди, анын ичинде контрагенттер менен түзүлгөн келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды мамлекеттик жана/же расмий тилдерде тариздетүү зарыл. Мында, контрагенттер менен мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жана чет тилдерде түзүлгөн бирдей юридикалык күчкө ээ болгон келишимдерди тариздетүүгө жол берилет. Келишимдерди чет тилинде тариздетүү белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилиндеги котормосу болгон шартта гана жол берилет. 

 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрокаржылоо компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерине карата  

Тиркеме 

 

Улуттук банк тарабынан лицензияланган МФКлар үчүн экономикалык ченемдердин аткарылышы боюнча маалыматтар 

Экономикалык ченемдердин аталышы 

Белгилөө  

Ченемди эсептөө  

Ченемдин айкын мааниси  

Ченемдин белгиленген мааниси  

Белгиленген ченемден четтөө  

Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмү  

М1 

СК/УК х 100% 

  

100% 

кем эмес  

  

Капитал шайкештигинин ченеми  

М2 

СК/СА х 100% 

  

8% кем эмес 

  

Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

М3 

СЗ/СК х 100% 

  

5%дан ашпаган 

  

Ликвиддүүлүк ченеми 

М4 

ЛА/ОБ х 100% 

  

30%  

кем эмес 

  

Тартылган каражаттарды кайра кайтаруу боюнча тобокелдикти чектөөнүн ченеми 

М5 

К/В х 100% 

  

100% кем эмес 

  

МФК керектөө максаттарына берилген каржылоону берген МФК кызматкерлеринин чогуу алгандагы карызы  

  

СЗК/СК х 100% 

  

5%дан ашпаган 

  

МФУга (1), лизингдик компанияларга жана банктарга инвестициялардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү 

 

  

СИ/СК х 100% 

  

30%дан ашпаган 

  

Мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын жалпы көлөмү 

  

СИ/СК х 100% 

  

50%дан ашпаган 

  

Аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү  

  

СЗК/СК х 100% 

  

60%дан ашпаган 

  

 

 

 

 

 

 

Уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү  

  

 

СЗФЛ х 100% 

СК 

  

 

100% ашпаган чекте 

  

Уюштуруучулардан (акционерлердин) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү  

 

 

СЗЮЛ х 100% 

СК 

 

 

100% ашпаган чекте 

 

Юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү 

  

СЗх100% 

СК 

  

 

500% ашпаган чекте 

 

 

(1) МФУ микрокаржылоо уюмдары 

СЗК МФК алдындагы кызматкерлердин чогуу алгандагы карызы  

СИ МФУга, лизингдик компанияларга жана банктарга чогуу алгандагы инвестициялар 

СЗА аффилирленген жактардын чогуу алгандагы карызы  

СЗ МФКнын юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы өлчөмү

 

МККнын экономиаклык ченемдерди аткаруусу боюнча маалыматтар  

«Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталыштары 

Белгилениши  

Ченемди эсептөө 

Ченемдин айкын мааниси 

Ченемдин белгиленген мааниси 

Белгиленген ченемден четтөө 

МКК ҮЧҮН ЭКОНОМИКАЛЫК ЧЕНЕМДЕР 

Уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү 

  

СЗФЛ*100% 

  

  

  

100% ашпаган 

  

СК  

  

  

Уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү 

  

СЗЮЛ*100% 

  

  

  

100% ашпаган 

  

___________ 

 

 

СК  

  

  

МКК капиталынын шайкештик ченеми 

M2  

СА*100% 

  

 

  

15% кем эмес 

  

СК  

  

  

Юридикалык жактардан уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү 

  

СЗ*100% 

СК 

  

  

  

500% ашпаган  

  

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы N 25/2 токтомунун редакциясына ылайык)