Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2011-жылдын 26-октябрындагы 

№ 60/8 токтому менен 

бекитилген 

 

"Микрофинансылык уюмдар жана кредиттик 

союздар тарабынан ислам банк иши жана 

каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө 

ашырылуучу операциялар жөнүндө

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майында № 24/12, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2016-жылдын 21-декабрында № 49/8, 2017-жылдын 31-майында №21/10 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

I. Жалпы жоболор 

II. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине жооп берген бүтүмдөрдүн түрлөрү 

III. Корутунду жоболор 

 

 

I. Жалпы жоболор 

 

1. Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдары жана кредиттик союздары (мындан ары - ФНУ) тарабынан, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык келген операциялардын айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруу тартибин, “ислам терезесине” ээ микрофинансылык уюмдарды кошо алганда белгилөө, бул жобонун максаты болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майында № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык)  

2. Ушул жобонун нормалары ФНУдерге карата, алардын ишинин мүнөзүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ченемдик-укуктук актыларында аныкталган уюштуруу-укуктук формаларын эске алуу менен колдонулат. 

3. Ислам каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган ФНУдер пайыздар түрүндө сыйакы кармап калууга, пайыз алдында акча каражаттарын тартууга, инвестициялык депозитти же ал боюнча кирешени кайтарып берүүгө гарантия берүүгө укугу жок. Алар каражаттарды Шариат уруксат берген бизнеске гана инвестициялоого тийиш. 

4. ФНУдер үчүн бүтүмдөрдүн жана операциялардын түрлөрү Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш, алардын негизги функциялары бул ФНУдер тарабынан жүзөгө ашырылган операциялардын жана бүтүмдөрдүн Шариат стандарттарына ылайык келүүсүн камсыз кылуу болуп саналат. 

Шариат кеңеши микрофинансылык уюмдар (МФУ) менен кредиттик союздардын (КС) ассоциациялары (бирикмелери) тарабынан түзүлүшү мүмкүн. 

5. Микрофинансылык уюмдар (МФУ) - менен кредиттик союздардын (КС) ассоциациялары (бирикмелери) тарабынан түзүлгөн Шариат кеңешинин иши, МФУлар менен КСнын ассоциациясынын мүчөлөрү тарабынан бекитилген, Шариат кеңеши жөнүндө жобо аркылуу жөнгө салынат. 

6. ФНУде түзүлгөн Шариат кеңешинин иши жана курамы Шариат стандарттарына ылайык ФНУдердин Директорлор кеңеши (уюштуруучулар) тарабынан аныкталат жана жөнгө салынат. 

Шариат кеңеши өз функцияларын аткаруу учурунда ФНУдин аткаруу органынан көз карандысыз болууга тийиш. 

7. Шариат кеңешинин мүчөлөрү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык келүүлөрү тийиш. 

8. ФНУ ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамынын жана Улуттук банктын терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүүгө багытталган ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 токтомунун редакциясына ылайык)  

9. МФУлар жана Кредиттик союздар Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясы/күбөлүгү болгон шартта, мыйзам талаптарын жана Улуттук банкынын (ченемдик укуктук актыларынын жоболорун сакталышы учурунда, ушул жобонун II бөлүгүндө көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашырууга укуктуу. 

 

II. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине 

жооп берген бүтүмдөрдүн түрлөрү 

 

1-глава 

Мудараба бүтүмү 

 

11.Мудараба - бул, келишимдин негизинде бир тарап - инвестор капиталды (акча каражаттарын) сунуштаган, ал эми экинчи тарап (мудариб) ал капиталды кабыл алып, пайда алуу максатында башкарууга алган бүтүм. Алынган пайда келишим шарттарына ылайык тараптар ортосунда пропорционалдуу негизде бөлүштүрүлөт. Эгерде келишимди аткаруунун жүрүшүндө чыгым келип чыкса, инвестор капиталдын сунуш кылынган суммасы өлчөмүндө чыгым тартат, ал эми мудариб бул учурда өз эмгеги үчүн сыйакы албай калат. Чыгымдарды бөлүштүрүүнүн мындай эрежеси, ошол чыгымдарда мударибдин күнөөсү жок болсо гана колдонулат. 

Келишимди аткаруунун жүрүшүндө мударибдин күнөөсү боюнча же анын укугуна туура келбеген аракеттеринин кесепетинен чыгым келип чыкса, анын орду мударибдин эсебинен жабылууга тийиш. Мында, инвестор мударибден мурда", келишим боюнча берилген камсыздоонун эсебинен сумманы алууга укуктуу, эгерде ал сумма жетишсиз болсо, мударибдин башка мүлкүнүн эсебинен алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8 токтомунун редакциясына ылайык)  

12. Чектелген/атайы мудараба - бул, анын шарттары боюнча инвестициялоого инвестор активдердин же долбоорлорду түрлөрүн белгилеген аныктаган мудараба бүтүмү

13. Мудараба бүтүмү ФНУдер тарабынан төмөнкү эки учурда колдонулат: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, Улуттук банктын тиешелүү лицензиясын алган шартта каражаттарды тартуу инструменти катары; 

- каржылоо инструменти катары. 

14. Мудараба келишими жазуу жүзүндө түзүлүүгө тийиш. 

15. ФНУ, инвестордун ролунда иш алып баруу менен бизнес-планга баа берүүнү жүргүзүүгө, инвестициялоо үчүн объекттерди аныктоого, кардардын ишине баа берүүгө(1) жана келишимдин аткарылышынын жүрүшүндө ага консультацияларды берип турууга тийиш. 

16. Чектелген/атайы мудараба бүтүмү боюнча акча каражаттарын берүү учурунда ФНУ, акча каражаттарынын максатсыз пайдаланылышына, займдарды, ссудаларды жана кредиттерди берүүгө тыюу салуу шарттарын келишимге кошууга тийиш. 

17. Мудараба бүтүмү боюнча милдеттенмелердин тиешелүү деңгээлде аткарылышы максатында ФНУ, инвестордун ролунда иш алып баруу менен кардардан кандай болбосун формадагы күрөө түрүндөгү камсыздоолорду ала алат. 

18. Мудараба келишиминде эң аз дегенде төмөндөгүлөр каралышы зарыл: 

1) келишим түрүнө карата көрсөтмө

2) берилүүчү сумманын өлчөмү

3) милдеттенмелерди камсыздоо ыкмалары; 

4) тараптардын укуктары жана милдеттери; 

5) келишимди аткаруунун жүрүшүндө тараптардын күнөөсү боюнча же алардын укукка жатпаган аракеттеринин кесепетинен улам келип чыккан чыгымдардын ордун жабуу боюнча милдеттенме аткарып койгондугу же тиешелүү деңгээлде аткарылбагандыгы үчүн тараптардын жоопкерчилиги; 

6) пайдаларды жана чыгымдарды тараптар ортосунда бөлүштүрүүнүн тартиби; 

7) келишим шарттарынын тараптар тарабынан өз алдынча же квалификациялуу адистерди тартуу менен аткарылышы; 

8) Келишим же анын айрым баскычынын бүтүшү менен алынган пайданы тараптар ортосунда бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берүүчү, алынган акча каражаттарын пайдалануунун учетун жүргүзүү

9) келишимди токтотуу тартиби. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8 токтомунун редакциясына ылайык)  

19. Келишимдеги тараптардын пайдасы алынган пайданын келишимде каралган тартиптеги үлүшүндө аныкталат. Мудараба операциясынан алынган пайданы бөлүштүрүү тартиби жана мөөнөттөрү келишим шарттарына ылайык белгиленет. 

20. Мудараба келишими төмөнкү учурларда бир тараптуу негизде токтотулушу мүмкүн эмес, эгерде: 

- мудариб келишим шарттарын аткарууга киришип, ишкердиктин жүрүшүндө каражаттарды пайдалана баштаган болсо; 

- келишим мөөнөтү бүтө элек болсо. 

 

2-глава 

Шарика/мушарака келишими/өнөктөштүгү 

 

21. Шарика/мушарака келишими - бул, ФНУ менен бир же андан көп тараптар ортосунда өнөктөштүк келишими, ага ылайык ар бир өнөктөш белгилүү бир суммадагы акчаны же бардык өнөктөштөрдүн макулдугу менен материалдык активдерди салат, мында келишимге ылайык пайданы бөлүштүрүү шартында биргелешкен активдерди пайдалануу менен ишти макулдашып башкаруу ишке ашырылат, ал эми келип чыккан чыгымды ар бир өнөктөш жалпы капиталга кошкон салымына жараша өз мойнуна алат. 

22. Шарика/мушарака келишими төмөнкүдөй эки башкы категория боюнча классификацияланат: 

1) юридикалык жакты түзүүсүз эле катышуучуларды бириктирүү

2) юридикалык жакты, анын ичинде өнөктөш шериктештикти жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык түзүлгөн юридикалык жакты түзүү менен катышуучуларды бириктирүү

Эгерде келишим предметинен башкасы келип чыкпаса, Шарика/мушарака келишими юридикалык жакты түзүүсүз эле катышуучулардын биригүүсү сыяктуу эле, юридикалык жакты түзүү менен биригүүсүнө карата да колдонулат. Шарика/мушарака мунтахийа биттамлик - бул, шарика келишиминин негизинде өнөктөштүк формасы болуп саналат, анда өнөктөштөрдүн бири башка өнөктөштүн үлүшүн келишимде аныкталган өлчөмдө ошол үлүш менчигине болгон укук ага толук өтмөйүнчө бара-бара сатып алып отурат. Бул операция өнөктөштүктү түзүү менен башталат, андан кийин эки өнөктөш ортосунда үлүштөрдү сатып алуу жана сатуу ишке ашырылат. 

Сатып алып жаткан өнөктөшкө акцияны же уставдык капиталдагы үлүшүн сатып алуу милдеттенмесин берүүгө гана уруксат берилет. Бул милдеттенме өнөктөштүк келишиминен көз карандысыз берилүүгө тийиш. Мындан тышкары, сатып алуу-сатуу келишими өнөктөштүк келишиминен көз карандысыз түзүлүүгө тийиш. Бир келишим башка келишимди түзүү шарттарында түзүлүшүнө жол берилбейт. 

23. Шарика/мушарака мунтахийа биттамлик бүтүмүндө шарика/мушарака келишиминин жалпы эрежелери колдонулат жана Шарика/мушарака келишимине кайсы бир тарапка компаниянын капиталынан өз үлүшүн кайтарып алууга укук берген кандайдыр бир жобону кошууга уруксат берилбейт. 

Шарика/мушарака келишими жазуу түрүндө түзүлөт. Эгерде келишим негизинде юридикалык жак түзүлгөн болсо анда ал, Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларында белгиленген тартипте катталууга тийиш. Өнөктөштүктү түзүү келишиминин документинде же юридикалык жактын уставында өнөктөштүк максаттары так чагылдырылышы зарыл. 

24. Эгерде тараптар тарабынан өнөктөштүк ишин жүзөгө ашыруу максатында сунуш кылынган финансылык каражаттар же мүлк, жол берилген булактардан алынган болсо, өнөктөштүк келишимин түзүүгө ФНУге уруксат берилет. Өнөктөштүк негизинде юридикалык жакты түзүү учурунда өнөктөштүк ишинде, анын ичинде Шариат эрежелерин сактаган тескөөнү жүзөгө ашыруу процессинде операцияларды аткарууда Шариат эрежелеринин жана принциптеринин сакталышына тиешелүү бардык зарыл тастыктоолор алынууга тийиш. 

25. Өнөктөштүк келишимине түзөтүүлөр киргизилсе, анда келип чыккан чыгымды ар бир өнөктөш капиталга салынган үлүшүнө жараша өз мойнуна алууга тийиш. 

26. Эгерде Шарика/мушарака өнөктөштүгү келишиминин негизинде түзүлгөн юридикалык жактын капиталына материалдык активдер (товарлар) салынса, анда мындай активдердин акчалай наркы көз карандысыз эксперттер тарабынан аныкталууга тийиш. 

27. Шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн юридикалык жактын капиталына төлөм катары карыздык милдеттенмени (дебитордук карызды) салууга уруксат берилбейт. Карыздык милдеттенмелер, алар капиталга төлөм түрүндө салынган башка активдерден ажырагыс болсо гана, Шарика/мушарака өнөктөштүгү келишиминин негизинде түзүлгөн өнөктөштүктүн капиталына салынышы мүмкүн. Бул учурда, таза активдердин наркы көз карандысыз аудиторлор тарабынан тастыкталууга тийиш. 

28. Өнөктөштүккө негизделген юридикалык жакты түзүү жөнүндө келишиминде ар бир өнөктөштүн келишим чегинде жана компаниянын таламдарына гана аракеттенүүсү жана албетте, милдеттүү түрдө Шариаттын эрежелерин жана принциптерин сактоого тийиш экендиги караштырылышы зарыл. 

29. Келишимде юридикалык жактын ишин өнөктөштөр же өнөктөштөрдүн бири тарабынан аныкталган башкаруу шарттары кайрадан каралышы мүмкүн. Бул учурда башка өнөктөштөр бул чечимге таянууга жана компаниянын атынан аракеттерди ишке ашырбоого милдеттүү

30. Шарика/мушарака келишиминде менеджерди өнөктөштөрдүн ичинен эмес башка жактан компаниянын сарптоолоруна кирген белгиленген сыйакыны төлөө менен дайындалышы же менеджерге колдоо көрсөтүү үчүн инвестициялык пайданын бөлүгү жана белгиленген сыйакы түрүндө төлөөлөр караштырылышы мүмкүн. Эгерде башынан тартып эле, башкаруу, түшкөн пайданын үлүшүнүн өлчөмүнүн негизинде жүргүзүлө турган болсо, анда бул аракет менеджерди мудариб катары классификациялайт. Бул учурда ал, эгерде пайда түшкөн болсо, пайданын үлүшүнө гана укукка ээ болот жана ага менеджердин кызматын аткаргандыгы үчүн эч кандай башка сыйакы төлөнүп берилбейт. 

31. Шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын каражаттарын башкаруу ишине өз салымын кошкон же өз кызмат көрсөтүүсүн кандайдыр бир башка формада, мисалы, бухгалтердик эсепке алуу жагында кызмат көрсөтүүнү сунуштаган өнөктөшкө белгилүү сыйакыны Шарика/мушарака келишиминде аныктоого уруксат берилбейт. Мында, өнөктөштүк капиталындагы өз үлүшүнө ылайык, иштеп тапканына караганда пайданын көбүрөөк бөлүгүн ага берүүгө уруксат берилет. 

32. Шарика/мушарака келишиминде укуктук мамилелерге туура келбеген аракеттерге, шалаакылыкка, кайдыгер мамилеге же өнөктөштөр/өнөктөш тарабынан келишим талаптарын бузууга жол берилген учурларда келип чыккан чыгымдын ордун жабуу үчүн камсыздоону берүү түрүндө өнөктөштөрдүн жоопкерчилиги каралууга тийиш. 

33. Эгерде, айрым же бардык өнөктөштөр тарткан чыгымдын ордун жабуу гарантиясы үчүнчү жак тарабынан берилген болсо, анда мындай гарантия төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш: 

1) гарант катары чыгып жаткан үчүнчү жактын укуктун негизинде иш алып барууга жөндөмдүүлүгү жана финансылык милдеттүүлүгү Шарика/мушарака келишимине көз каранды болбоого тийиш; 

2) гарантия белгилүү бир компенсацияга берилбеши керек жана Шарика/мушарака келишимине байланыштуу болбоого тийиш; 

3) компанияга, гарант берген үчүнчү жактын ошол компаниядагы капитал суммасынын тең жарымынан көбүрөөгү гарант катары чыгып жаткан үчүнчү жакка тиешелүү болбоого тийиш; 

4) гарантия алган компанияга ошол гарантияны берип жаткан компаниянын капиталынын суммасынын тең жарымынан көбүрөөгү тиешелүү болбоого тийиш; 

5) үчүнчү тараптын гарантиясы анын пайдасына берилген өнөктөш, эгерде гарант гарантиянын шарттарын аткарбаса, келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткаруудан баш тартууга укугу жок. 

34. Шарика/мушарака келишиминде тараптар ортосунда пайданы ар бир өнөктөштүн компаниянын капиталындагы төлөнгөн үлүшүнө пропорционалдуу негизде бөлүштүрүү тартиби каралууга тийиш. Пайда белгилүү бир акчалай сумма түрүндө белгилениши мүмкүн эмес. 

35. Шарика/мушарака келишиминде пайданы бөлүштүрүү күнүнө карата аны бөлүүдө өнөктөштөрдүн үлүшүн өзгөртүү же өнөктөштүн ага тиешелүү пайданын бөлүгүн пайданы бөлүштүрүү күнү башка өнөктөштүн пайдасына ыйгарып бериши укугу караштырылышы мүмкүн. 

36. Башка өнөктөштөрдүн чыгымын өз эрки менен алууга ФНУдин укугу жок. Бирок, Шарика келишиминде ФНУ алдын-ала шарт коюусуз эле, келип чыккан чыгым үчүн жоопкерчиликти башка өнөктөштөрдүн, өз эрки менен өзүнө алуу өнөктөштөрдүн укугун караштырышы мүмкүн. 

37. Туруктуубу же жокпу, андан көз карандысыз, пайданы бөлүштүрүүнүн кандайдыр бир ыкмасын колдонууга келишүүгө өнөктөштөргө уруксат берилет. Мисалы, келишимди аткаруунун алгачкы баскычында пайданын бөлүштүрүү үчүн үлүшүнүн өлчөмү өзүнчө, ал эми экинчи баскычта эки мезгилдин же алынган пайданын өлчөмдөрүнүн бири-бирине дал келбей калышы мүмкүндүгүнө жараша башкача боло тургандыгына келишүү. Бул жагдай, ушундай ыкманы колдонуу өнөктөштөрдүн бири пайдага катышуудан четтетилип калуу ыктымалдыгын шарттаган жагдайга алып келбеген учурда гана чечилет. 

38. Пайда компаниянын ишинен келечекте күтүлүп жаткан пайданы эске алуусуз эле, иш жүзүндөгү жыйынтыкка жараша бөлүштүрүлүүгө тийиш. 

39. Шарика/мушарака келишими боюнча пайданы бөлүштүрүү шарттарына же ыкмасына пайданы бөлүштүрүү принцибинин бузулушуна алып келген кандайдыр бир жоболорду же шарттарды кошууга уруксат берилбейт. Мындай натыйжага алып келиши мүмкүн болгон пайданы бөлүштүрүүнүн кандай болбосун шарттары же ыкмасы келишимди жокко чыгарат. 

40. Өнөктөштөргө келишимде, ага ылайык бир же бир нече өнөктөш пайдадан белгилүү бир сумманы же Шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын капиталынан пайыздык катышта эсептелинген сумманы ала алган жобону караштырууга уруксат берилбейт. 

41. Эгерде, алынган пайданын суммасы тараптар алдын ала белгилеген максималдуу чектен жогору болсо, артып калган пайда өнөктөштөрдүн бирине берилиши мүмкүндүгүнө макулдашууга уруксат берилет. Тараптар ошондой эле, эгерде пайда максималдуу суммадан ашпаса же ал суммадан төмөн болсо, анда пайда алар түзгөн келишимге ылайык бөлүштүрүлө тургандыгын макулдаша алышат. 

42. Өнөктөштүк мөөнөтү бүткөн же ал жоюлган шартта, пайда Шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын бардык колдонулуп жаткан активдерин рыноктук нарк боюнча сатуудан келип түшкөн каражаттардын негизинде жыйынтыкталып бөлүштүрүлүшү мүмкүн. 

43. Кандайдыр бир каражатты кайсыл болбосун тарапка аванс менен б.а., жыйынтыктап чыныгы эсептөө кийинчерээк жүргүзүлө турган шартта, чыныгы баа берүүгө чейин бөлүштүрүүгө уруксат берилет. Бул учурда, тараптар чыныгы же конструктивдүү баа, берүүдөн кийин аларга тиешелүү болгон пайданын үлүшүнөн үстөк алынган кандай болбосун сумманы компанияга ордун толтуруп берүүгө милдеттүү

44. Эгерде, Шарика/мушарака келишиминин предмети болуп ижарага (лизингге), берүү үчүн сатылып алынган жана киреше алып келүүчү активдер саналса же келишим предмети болуп каражаттын түшүүсүн шарттаган кызмат көрсөтүүлөр эсептелсе, анда сумма өнөктөштөргө жыл сайын аванс менен бөлүштүрүлүп, жөнгө салынууга жана Шарика/мушарака келишиминин аракеттенүү мөөнөтүнүн акырында ордун толтурууга тийиш. 

45. Тараптардын уставынын же чечиминин негизинде компаниянын пайдасын бөлүштүрбөөгө же пайданын белгилүү бир өлчөмдөгү суммасын төлөөгө жөндөмдүүлүктү колдоо камы (резерв) же капиталды жоготуулардын ордун жабуу үчүн кам (инвестициялык тобокелдик камы) катары калтырып коюуга уруксат берилет. 

46. Тараптар Шарика/мушарака келишимин мерчемдүү мөөнөт аралыгы сыяктуу эле, мөөнөтүн көрсөтүүсүз эле түзө алышат, же болбосо келишимди токтотуу же алып салуу үчүн негиз болуп саналган шарттарды белгилеши мүмкүн. Ар бир өнөктөш Шарика/мушарака келишимин өз өнөктөшүнө (өнөктөштөрүнө) ал тууралуу тиешелүү билдирмени жөнөтүүдөн кийин токтотууга укуктуу (б.а., компаниядан чыгууга). Бул учурда, ал компаниянын капиталына/активине салынган өз үлүшүн алууга укуктуу жана анын чыгуусу калган өнөктөштөрдүн өнөктөштүгүн токтотууга алып келбейт. Мөөнөттүү келишимди түзүүдө тараптарга өнөктөштүктү мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө макулдашып алууга уруксат берилет. Мына ушул жагдайларда келишим мөөнөтү бүткөнгө чейин өнөктөштөр тарабынан ишке ашырылып келген милдеттенмелер жана аракеттер өзгөрүүсүз калуу менен улантыла берет. 

47. Өнөктөшкө компания иштеп турган мезгил аралыгында, же болбосо ал жоюлган учурда Шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын бардык активдерин рыноктук наркы же сатып алуу күнүнө карата келишим боюнча сатып алууга милдеттенүүгө уруксат берилет. Шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн компаниянын активдерин мурдатан аныкталган номиналдык наркы боюнча сатып алууга сөз берүүгө уруксат берилбейт. 

48. Шарика/мушарака келишиминин негизинде түзүлгөн ишкана, келишимдин аракеттенүү мөөнөтү бүткөндө же өнөктөштөр аны мөөнөтүнөн мурда токтотууну чечкен учурда, ага чейин эле, же болбосо, ишкана кандайдыр бир бизнес үчүн түзүлүп, өнөктөштүк жөнүндөгү келишим предметин чагылдырган активдер иш жүзүндө жоголгондон кийин өз ишин токтотот. Шарика/мушарака келишимин токтотуу, жоюу болжолдонгон учурда да орун алышы мүмкүн. Бул жагдайда, Шарика/мушарака келишими бүткөн катары каралат жана тараптар өздөрү каалаган учурда жаңы өнөктөштүктү башташат, бул учурда, жоюунун жүрүшүндө сатылбай калган, бирок болжолдонгон жоюунун негизинде бааланган активдер жаңы ишкананын капиталы болуп калат. 

Эгерде жоюу келишим мөөнөтүнүн бүтүшүнө байланыштуу болсо, анда бардык колдонуудагы активдер тиешелүү рыноктук баага ылайык сатылат, ал эми аларды сатуудан түшкөн каражаттар төмөнкү максаттарга жумшалат: 

а) жоюу чыгымдарына; 

б) финансылык милдеттенмелер боюнча төлөөлөргө

в) калган активдерди өнөктөштөр арасында алардын компаниянын капиталындагы/активдериндеги үлүштөрүнө ылайык бөлүштүрүүгө. Эгерде активдер жетишсиз болсо жана тараптар өздөрүнүн салган бүтүндөй капиталын кайтарып ала албаса, активдер компаниянын капиталындагы алардын үлүшүнө пропорционалдуу негизде бөлүштүрүлөт. 

49. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо максатында уюштурулган компания белгилүү бир кесипке же квалификациялуу эмгекке тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо же белгилүү бир кызмат көрсөтүүлөрдү, же кесипкөйлүк кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо, ошондой эле товарларды даярдоо үчүн эки же андан көп өнөктөштөр ортосунда келишилген келишим негизинде түзүлөт. Пайда өнөктөштөр макулдашылган катышка ылайык бөлүштүрүшөт. 

50. Кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо үчүн өнөктөштүк негизде түзүлгөн компания акчалай капиталга ээ эмес. Өнөктөштөр кызмат көрсөтүүлөрдүн ар кандай түрлөрүн өз ара бөлүштүрүшүп, ал аркылуу кызмат көрсөтүүнүн бүтүндөй көлөмүн сунуштоо максатында, алар өз ара аракеттенүүгө жетише алгандай ыкмада айрым же бардык өнөктөштөргө бир катар кызмат көрсөтүүлөрдү же кызмат көрсөтүүнүн белгилүү бир түрүн тапшыра алышат. 

51. Түшкөн пайда өнөктөштөр ортосунда макулдашылган катышка ылайык бөлүштүрүлөт, бирок келишимде ага ылайык өнөктөштөрдүн бирине алынган пайдадан кандайдыр бир белгиленген сумманын төлөнүп берилишин көздөгөн жобону кароого болбойт. 

52. Кызмат көрсөтүүнү сунуштоо үчүн өнөктөштүк негизинде түзүлгөн компания үчүн өндүрүш каражаттары зарыл болсо, анда ар бир тарапка кызмат көрсөтүү үчүн талап кылынган зарыл өндүрүш каражаттарын камсыз кылууга уруксат берилет. Бул учурда ар бир өнөктөш өздөрү камсыз кылган өндүрүш каражаттарына менчикке укукка ээ болот. Өнөктөштөр менчикке биргелешкен укуктун негизинде зарыл жабдууларды же шаймандарды (инструменттерди) сатып алуу үчүн каражат кошуусу мүмкүн. Шарика/мушарака келишимине катышкан тараптарга ошондой эле, компания үчүн зарыл болгон өндүрүш каражаттарын камсыз кылууга уруксат берилет, алар үчүн сыйакы компаниянын утурумдук чыгашаларына чегерилет. 

 

3-глава 

Мурабаха бүтүмү 

 

53. Мурабаха бүтүмү - бул  ФКУ кардардын билдирмеси боюнча сатылып алынган же болбосо кардар кайрылган учурда банктын менчигинде турган товарды бөлүп төлөө шартында сатуу каралган бүтүм. ФНУдин товарды сатуу баасы тараптар тарабынан сатып алуу баасынын суммасы жана алар макулдашкан баага кошумчаланган сумма катары аныкталат. Баага кошуп баалоо төмөнкү түрлөрдө белгилениши мүмкүн: 

- белгиленген, бир жолку төлөнүүчү сумма; 

- товардын өздүк наркынын үлүшү

Сатуу баасында кошумчаланган сумманын өлчөмүн милдеттүү түрдө бөлүп көрсөтүү, мурабаха бүтүмүнүн олуттуу шарты болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майында № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык)  

54. Мурабаха бүтүмү белгилүү бир товарды ФНУден сатып алууга ниеттенген потенциалдуу кардардын ага кат жүзүндөгү билдирмесинин: негизинде жүзөгө ашырылат. 

Кардардын билдирмесинде товардын аталышы ал сатып алууга даяр болгон болжолдуу баа, ошондой эле бөлүп төлөө шартында сатып алуу ыкмалары көрсөтүлөт, Кардар ошондой эле, финансы-кредит мекемелери ошол товарды андан сатып алышы мүмкүн болгон сатуучуну да көрсөтө алышат. ФНУ башка алгылыктуу сунуштар болгон болсо, сатуучуну өз алдынча тандоого укуктуу. 

55. Кардарга мурабаха келишими боюнча товарды сатуу учурунда ФНУ ошол товардын ээсинен болууга тийиш. ФНУ белгилүү бир сатуучу менен товарды сатып алуу-сатуу келишимин түзөт, Бул учурда келишимде банк, товарды кийинчерээк мурабаха келишиминин негизинде кардарга сатуу үчүн сатып алып жаткандыгы көрсөтүлөт. 

56. Мурабаха келишими жөнөкөй жазуу түрүндө түзүлөт же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлөт. Товардын менчикке укугу баа толук төлөнгөндөн кийин өтөт (ФНУ өз каалоосу боюнча товардын менчикке укугу ал үчүн толук төлөнгөнгө чейин эле өткөрүп берүү чечимин кабыл алышы мүмкүн). Эгерде менчикке укугу мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш болсо, каттоо менчикке укугу өткөрүлүп жаткан учурда ишке ашырылат (толук төлөгөнгө чейин же андан кийин). Эгерде мүлктү ажыратуу келишими мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш болсо, сатып алуучу аны каттоодон өткөрткөн учурдан тартып менчик укугуна ээ болот. 

Кардар тарабынан мурабаха келишими боюнча сатылып алынган товар үчүн төлөөлөр кыска мөөнөттүү же узак мөөнөттүү негизде утурумдук төлөмдөр менен ишке ашырылышы мүмкүн. ФНУ келишим түзгөндөн кийин кандайдыр бир негиздерден улам же болбосо, эч кандай негизсиз эле төлөм мөөнөтүнүн өткөрүлүп жиберилиши же узартылышы үчүн кошумча төлөөлөрдү талап кыла албайт. 

Эгерде кардар сатуучу менен мурабаха келишими боюнча сатып алуу жана кийинчерээк сатуунун объектиси болуп саналган товарга карата кандайдыр бир келишимдик милдеттенмелер менен байланыштуу болсо сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө жол берилбейт. Сатуучу кардарга жана ФНУге карата үчүнчү жак болуп саналууга тийиш. Кардар товарды сатып алуу-сатуу бүтүмүндө сатуучу жана ФНУ менен мурабаха келишими боюнча кардар катары иш алып баруусуна жол берилбейт. 

Өзгөчө жагдайларда гана ФНУ кардардын жакын тууганы болуп саналган тараптан, сатууга жана кайта сатып алууга укук болгон шартта гана, товар сатып ала алат. 

ФНУ сатуучудан товарды сатып алуу менен белгилүү мөөнөт ичинде аны кайтарып берүү мүмкүнчүлүгүн белгилөөгө укуктуу. Эгерде кардар ФНУден товар сатып албаса, анда ФНУ эки тараптын келишиминде белгиленген мөөнөт ичинде товарды берүүчүгө кайтарып бере алат. Бул мүмкүнчүлүк ФНУден товар сатып алууга чейин күчүндө турат. 

58. Товар берүүчү менен сатып алуу-сатуу келишиминде төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- тараптардын аталыштары; 

- келишим предмети; 

- товардын аталышы; 

- товардын саны, баасы, төлөө мөөнөтү жана шарттары; 

- берүү мөөнөттөрү

- тараптардын милдеттери жана укуктары; 

- милдеттенмелерди аткарбай койгон шартта колдонулуучу айыптык санкциялар; 

- камсыздоо ыкмалары; 

- башка шарттар. 

ФНУ сатып алуу-сатуу келишимин өз алдынча же агенттин жардамы менен түзүшү мүмкүн. ФНУ агент катары кардарды дайындашы мүмкүн, бул учурда кардар ФНУдин атынан жана анын эсебинен иш жүргүзөт. 

Кардар ФНУдин атынан агент катары иш алып барган учурда төмөнкү шарттарды сактоого тийиш: 

а) ФНУ, сатуучуга төлөп бериши зарыл жана агент катары кардардын эсебине товардын баасын чегерүүгө тийиш эмес; 

б) ФНУ сатуу жүзөгө ашырылгандыгына тиешелүү документтик тастыктоону сатуучудан алууга тийиш. 

Товарды сатууга-сатып алууга тиешелүү бардык документтер жана контрактылар, кардар ФНУдин агенти катары иш алып барган болсо да, ФНУдин атынан толтурулушу зарыл. 

ФНУ товарды берүүчү жайгашкан аймактан же берүү шарттарында көрсөтүлгөн кайсыл болбосун башка жерден алууга тийиш. 

Товарды жеткирип берүү боюнча чыгашаларды ФНУ өзүнө алат жана алар кийинчерээк товардын наркына кошулат. 

ФНУ товардын менчик ээси катары өзүнө жоопкерчилик алуу менен камсыздандырылышы мүмкүн болгон, кийин келип чыгышы ыктымал тобокелдиктер үчүн да жооп берет. Товардын кардарга сатылышына чейин келип чыккан камсыздандыруу сыйакылары толугу менен ФНУге тиешелүү болот. 

Камсыздандыруу боюнча чыгашалар мурабаха контрактысы боюнча сатылып алынган товардын баасына кошулат. 

59. ФНУ, мурабаха келишимин түзүү жана аны аткаруу боюнча милдеттенме кардар тарабынан тиешелүү деңгээлде аткарылышын камсыздоо максатында, кардар менен акча каражаттарын же башка түрдөгү күрөөнү күрөөгө алуу жөнүндө келишим түзө алат. Күрөө катары берилген акчалай сумма, эгерде ага кардардан уруксат алынбаса, ФНУ тарабынан инвестицияланышы мүмкүн эмес. 

Кардар тарабынан мурабаха келишими аткарылгандан кийин гана ФНУ күрөөнү кайтарып берүүгө милдеттүү. Кардардын өтүнүчү боюнча күрөөнүн суммасы мурабаха келишимине ылайык төлөөнүн эсебине чегерилиши мүмкүн. 

Товарды ташып келүү же сактоо учурунда жараксыздыкка дуушар болушуна байланыштуу тобокелдиктерди да ФНУ өз мойнуна алат жана алардын орду күрөөнүн эсебинен жабылышы мүмкүн эмес. 

Кардар милдеттенмесин бузган учурда ФНУ, сатылып алынган товарды үчүнчү жакка сатууга укуктуу. Эгерде чыныгы сатып өткөрүү баасы товардын сатылып алынган баасынан төмөн болсо, ФНУ келип чыккан айрыманы күрөөнүн суммасынан кармап калууга, ал эми калдыгын кардарга кайтарып берүүгө укуктуу. 

ФНУ сатып алууга мурабаха келишимин түзүлгөндөн кийин буйрутмачы аванстык төлөмдү ала алат. Бул кардар товарды сатып алууга милдеттенме берген шартта контракт түзүү учурунда ишке ашырылышы мүмкүн. Мында: 

1) эгерде товарды сатуучуну кардар өзү тандаган болсо, ФНУ келишимге төмөнкүдөй шарттарды кошууга тийиш: 

а) сатуучу тарабынан товарды сатып алуу - сатуу келишиминин тиешелүү деңгээлде аткарылышын кардардын камсыз кылуусу жөнүндө

б) сатуучу тарабынан келишим аткарылбай калышынан улам, мүмкүн болуучу соттук чыгашаларды кошо алганда, ФНУдин келип чыккан бардык чыгымдары кардар тарабынан кайтарылып берилиши, анын ичинде камсыздоонун эсебинен да кайтарылышы жөнүндө. Бул шарт мурабаха келишими аткарылбаган учурда да күчүндө болууга тийиш. 

2) мурабаха келишимин түзүүдө анын негизинде соода операциялары жүзөгө ашырылган бардык шарттар каралууга тийиш, анын ичинде: 

а) баага кошулган сумма - ФНУ ошол бүтүмдөн алган сыйакы. 

б) сатып өткөрүү баасы: 

в) ФНУ кызматкерлеринин эмгегине төлөөлөр боюнча сарптоолор чыгашаларын эске албаганда, үчүнчү жакка төлөөлөрдү кошо алганда ФНУ, бардык чыгашаларды сатуу баасына кошо тургандыгын караган шарт. 

3) мында сатып өткөрүү баасы жана баага кошумчаланган сумма белгисиз жагдайлардан улам белгилениши мүмкүн эмес, мисалы сатып өткөрүү баасы жана баага кошумчаланган сумма келечекте белгилүү болушу мүмкүн болгон кандайдыр бир көрсөткүчкө көз каранды болбоого тийиш. Эгерде сатып өткөрүү баасы жана баага кошумчаланган сумма мурабаха келишимине кол койгонго чейин ФНУдин баага кошумчаланган суммасы кардарга алдын ала белгилүү болгондой, келишим түзүү баскычындагы көрсөткүчтөргө жараша белгиленишине жол берилет. Баага кошумчаланган сумманын өлчөмү мезгил аралыгы факторуна көз каранды болушу мүмкүн эмес. 

4) ФНУ мурабаха келишимине төмөнкүдөй шарттарды кошо алат: 

а) ФНУ, товар кардардын ээлигине өткөндөн кийин товардан табылган кандайдыр бир кемчиликтер үчүн жоопкерчилик тартпайт: 

б) ФНУ, мурабаха келишими күчүнө киргенден кийин товарды кабыл алуудан кардар баш тарткан болсо, ФНУдин чыгашаларынын ордун жабууга жетпей жаткан сумма кардар тарабынан төлөнүп берилген шартта, товарды үчүнчү тарапка сатууга укуктуу. 

Төмөнкү учурларда мурабаха бүтүмүн түзүүгө ФНУдин укугу жок: 

а) баалуу металлдарга (алтынга, күмүшкө ж.б.) жана чет өлкө валютасына байланыштуу төлөө мөөнөтү кийинкиге калтырылган милдеттенмелер боюнча; 

б) дебитордук карыздар активдердин камсыздоосу болуп саналган жүгүртүү капиталы менен; 

в) бүтүмдөрдү кайра каржылоо учурунда. 

Мурабаха бүтүмүнө келишкен тараптарга же нак акча каражаттары же аткарылышы кийинкиге калтырылган милдеттенмелердин эсебинде мурабаха бүтүмүнүнүн жардамы алдында, Шарика/мушарака келишиминде башка тараптын катышуусун (үлүшүн) тараптардын биринин сатып алуу милдеттенмесин камтыган бүтүмгө же Шарика/мушарака келишимине катышуусуна тыюу салынат. 

60. Мурабаха келишими боюнча төлөөлөр кардар тарабынан келишим шарттарына ылайык жүргүзүлөт. 

ФНУ кезектеги төлөм негизсиз кечиктирилген учурда кардардан мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кыла алат, албетте кардарга төлөө мөөнөттөрү жөнүндө алдын ала билдирилген шартта. 

Эгерде, кардар бааны толук төлөп бербесе, ФНУ кардардын атына товарга карата менчик укугун, төлөмдөр толук көлөмүндө төлөнгөнгө чейин каттоону жүзөгө ашырбайт. 

Эгерде кардар төлөмдү келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашыгыраак кармаган болсо, ФНУ товарды сатып жибериши мүмкүн. Эгерде ФНУ товарды үчүнчү жакка сатып жиберсе, анда кардардан мурдараак алынган төлөмдөр ага кайтарылып берилет. 

Эгерде ФНУ кардардан камсыздоону алган болсо, анда ФНУ кардардын буйруусу боюнча мурабаха келишими боюнча карыздын ордун жабуу үчүн сотко кайрылбастан эле күрөөнү сата алат. 

Төлөмдөр белгиленген мөөнөттө төлөнбөгөн учур, кардар мурабаха келишимине ылайык келишимде белгиленген сумманы кайрымдуулук максаттарына багыттоого милдеттүү

61. Каржылоо мүмкүнчүлүгүн бергендиги үчүн ФНУ тарабынан кардардан комиссиондук сыйакы жана төлөм кармалбайт. 

Келишим боюнча документтерди даярдоого кеткен чыгашалар, эгерде тараптардын бири бул чыгашаларды төлөөгө тийиш экендиги макулдашылбаган болсо, ФНУ менен кардардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Бардык чыгашалар адилет көрсөтүлүү менен аткарылган иш көлөмүн чагылдыра тургандыгына тиешелүү шарттар так сакталууга тийиш. 

Эгерде мурабаха келишими синдицирленген каржылоо аркылуу жүзөгө ашырылса, анда синдицирленген каржылоонун уюштуруучу катары иш алып барган ФНУ, мына ушундай каржылоонун катышуучуларына төлөнүп берилүүгө тийиш болгон тиешелүү сыйакы жөнүндө билдирүүгө укуктуу. 

Эгерде кардардын өтүнүчү боюнча түзүлүп, анын пайдасын көздөсө, кардар ФНУге төлөп берүүгө макулдук берген шартта технико-экономикалык негиздемелерди түзүү үчүн төлөмдү ФНУ кармап кала алат. 

62. Товар берүүчүдөн мурабаха келишиминин предметин сатып алууга макулдашууга келишүүгө байланыштуу ФНУдин баштапкы тике сарптоолору (ортомчуларга комиссиондук төлөмдөр, юридикалык, кызмат көрсөтүүлөргө ж.б. төлөмдөр) учурдагы мезгилдин чыгашалары катары таанылат. 

63. Товар сатып алууга байланыштуу ФНУдин кийинки сарптоолору, ошондой эле ташып жеткирүүгө чыгашалар, алымдар ж.б. чыгашалар товардын сатып алуу баасына кошулат. 

64. ФНУ кардарга товарларды сатуу жөнүндө түзүлгөн келишим шарттарына ылайык, кардар келишимге ылайык ФНУге төлөп берүүгө милдеттүү болгон суммадагы анын карызын тааныйт. 

Мына ушул бүтүмдөргө келүү учурунда ФНУ өлкөлүк жана трансферттик тобокелдиктерге товар берүүчүнүн жана аны камсыздандыруучунун ишенимдүүлүгү, товардын коопсуз жеткирилип берилиши маселелерине өзгөчө көңүл бурат. 

 

4-глава 

"Ижара мунтахийя биттамлик" бүтүмү 

 

65. Ижара бүтүмү - бул, кардардын билдирмеси боюнча же кардар кайрылган учурда ФНУдин менчигинде турган жабдуулардын же башка мүлктүн ФНУ тарабынан атайын сатылып алынышын жана аны кардарга макулдашылган мөөнөткө ижарага берүү бүтүмү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

66. Ижарачы - ижара келишимине ылайык белгилүү мөөнөткө жана аныкталган шарттарда акы төлөө менен келишим предметин убактылуу ээлөөгө жана пайдаланууга кабыл алууга милдеттүү болгон жеке адам же юридикалык жак. 

Ижара берүүчү - бул, өздүк жана/же карыздык каражаттардын эсебинен ижара келишимин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө мүлктү менчикке сатып алуу менен аны ижара предмети катары белгилүү мөөнөткө жана аныкталган шарттарда ижарачыдан мерчемдүү өлчөмдөгү акы алуу менен келишимдин предметин менчике укугунун ижарага өтүшүнө же өтпөшүнө карабастан, аны убактылуу ээлик кылууга/пайдаланууга өткөрүп берген ФНУ. 

Сатуучу - ижара берүүчү менен келишилген сатып алуу-сатуу келишимине ылайык белгиленген мөөнөттө ага мурабаха предмети болуп саналган мүлктү саткан же адам же юридикалык жак. Сатуучу бир эле учурда бир ижара келишиминин чегинде ижарачы катары да иш алып бара алат. 

Ижара төлөмдөрү - бул, ижара келишиминин предметине ээлик кылуу жана пайдалануу үчүн төлөм. Бул төлөмдөрдө ижара предметин сатып алуу менен аны ижарачыга өткөрүп берүүгө байланыштуу Ижара берүүчүнүн сарптоолорунун, келишимде каралган башка кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого байланыштуу сарптоолору, ошондой эле ижара берүүчүнүн кирешеси камтылат. 

67. Ижара бүтүмү, кардардын билдирмесинин жана келишим түзүүгө тиешелүү чечимди кабыл алуу үчүн зарыл болгон финансылык жана юридикалык документтердин негизинде ФНУ тарабынан түзүлөт. 

Ижара бүтүмүнө келишүү жөнүндөгү чечимди кабыл алуу үчүн ФНУ ижарачынын ижара төлөмдөрүн төлөп берүү мүмкүнчүлүгүнө баа берүүнү, ошондой эле бир эле мүлктүн кайталап ижарага берилиши же сатылып кетиши ыктымалдыгын аныктоо үчүн мүлктүн өтүмдүүлүгүнө баа берүүнү жүргүзүшү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

68. ФНУ тарабынан алгылыктуу чечим кабыл алынган шартта, ижарачы тиешелүү мүлктү ижарага алуу милдеттенмесин жазуу түрүндө толтуруп берүүгө тийиш. 

Ижарачы тараптардын макулдугу боюнча милдеттенмени аткаруу гарантиясы катары мерчемдүү өлчөмдөгү сумманы салуу менен мүлктү ижарага алат. Салынган сумма тапшырмачы алган милдеттенмесин бузууга жол берген болсо, келип чыккан зыяндын ордун жабууга гана пайдаланылат. 

Буюртмачы менен макулдашуу боюнча ФНУ аны, ФНУ менен ижарачынын ортосунда келишилген мудараба келишиминин негизинде, тиешелүү лицензиясы болгон шартта инвестиция үчүн пайдаланышы мүмкүн. 

69. Ишканалар жана башка, мүлктүк комплекстер, имарат, жабдуулар, транспорттук каражаттар жана башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөр ижара бүтүмүнүн предмети болушу мүмкүн. 

70. Ижарага алынган мүлк анын сакталышы камсыз кылынган шартта пайдаланылууга, ал эми ижара келишимин аткаруудан алынган пайда Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына жана Шариаттын талаптарына ылайык келүүгө тийиш. 

71. Ижарачы ижара берүүчүнүн өнөктөшүбү же жокпу ага карабастан, ижарачы менен бирге күтүүдө турган өзүнчө активдердеги үлүш ижара келишиминин предмети болушу мүмкүн. Бул учурда ижарачы ижарага алынган үлүштөн ижара берүүчү пайдаланган ыкмада эле, башкача айтканда убакытты бөлүштүрүү же менчиктин кандайдыр бир бөлүгүн аныктоо аркылуу пайда алышы ыктымал. 

72. Ижарачы ижарага алынган мүлктүн сапаты анын кесепетинен начарлаган ар кандай келтирилген зыяндар үчүн жооп берет, ошондой эле ижарага алынган мүлккө анын аракеттеринин натыйжасында же болбосо ага көз карандысыз жагдайлардан, бирок ижара келишими боюнча алуу болжолдонгон пайдага таасирин тийгизген кесепеттерден улам сапатынын начарлашы үчүн жоопкерчилик да ага жүктөлүшү ыктымал. 

73. Эгерде ижарага берилген менчиктен алынуучу пайданын өлчөмү ижарачынын ошол мүлктү ижарага алуу учурундагы укукка жатпаган аракеттеринин натыйжасында толугу менен же жарым-жартылай азайган болсо, анда ал ижарага алган жак пайда алуусу үчүн кедергисин тийгизген тоскоолдуктарды четтетүүгө милдеттүү. Бул учурда ижара мөөнөтү ижарачы алынган мүлктөн пайда көрө албай калган мөөнөткө узартылат жана ижарачы пайда алынбай калган мезгил аралыгында ижарадан баш тартууга тийиш эмес. 

74. Ижара берүүчү негизги техникалык тейлөөлөрдү жүзөгө ашырат. Ижарачы утурумдук жана мезгил-мезгили менен (адаттагы) техникалык тейлөөлөрдү аткарууга тийиш. 

75. Ижара берүүчү, эгерде ижарачы ижарага алынган менчикке карата кандайдыр бир укукка жатпаган аракеттерге же этиятсыздыкка жол берилсе, ижара келишими аракеттенген мезгилде ижарага алынган менчик үчүн жоопкерчилик тартат. 

Мүлктү камсыздандырууну ижара берүүчү жүзөгө ашырат. Камсыздандыруу боюнча чыгашаларга ижаралык төлөм да кирет. Келишимге кол коюлгандан кийин ижара берүүчү белгиленген өлчөмдөгү ижара төлөмүнөн тышкары кандайдыр бир сумманы ижарачыдан кармап кала албайт. 

76. Ижара келишимин аткаруу үчүн ФНУ мүлктү менчикке сатып алат. Мүлк кийинчерээк ижарачы болуучу жактан сатылып алынышы, андан соң ошол жакка ижарага берилиши мүмкүн. 

77. Ижарачы ижара келишиминен айырмаланган шарттарда ал тууралуу ижара берүүчүгө билдирүү менен субижара келишимин түзүшү мүмкүн. 

78. Ижарачы ижарага алынган мүлктү ижаранын биринчи баскычында анын ээсине өзү төлөгөн төлөмдөн төмөн, ага барабар же андан жогору болгон акыга ижарага бериши мүмкүн, эгерде эки ижара төлөмү тең токтоосуз берүү жана токтоосуз төлөөнүн негизинде төлөнгөн болсо. Утурлап төлөөлөр төлөө мөөнөтүнүн кийинкиге калтырылышы себебинен жогору болушу мүмкүн эмес. 

79. Ижара берүүчү ижарачынын билдирмеси боюнча мүнөздөмөлөрдө келтирилген мүлктү сатып алышы же даярдашы мүмкүн. 

Ижарачы мүнөздөмөгө ылайык келбеген мүлктөн баш тартууга укуктуу. 

80. Ижарачы ФНУ менен бирдикте өзү ижарага алууну пландаштырып жаткан мүлктү сатып алышы мүмкүн. Демек, ижарачы тарабынан ал ээлик кылбаган үлүшкө гана ижара төлөмү төлөнүп берилет. 

81. ФНУ ижарачыны же үчүнчү жакты макулдашылган тапшырма жана баа боюнча мүлктү сатып алып, аны андан ары ижарачыга ижарага берүү үчүн мүлктү сатып алууга агент катары дайындай алат. 

82. Ижара келишими жазуу түрүндө толтурулат жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган учурларда нотариалдык жактан тастыкталып, мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. 

83. Ижара келишиминин орчундуу шарттарынан болуп төмөнкүлөр саналат: 

а) аталышы, ошондой эле ижара предметин тастыктоо үчүн талап кылынган маалыматтар; 

б) тараптардын ижара предметин сатып алууга жана өткөрүп берүүгө байланыштуу укуктары жана милдеттери; 

в) ижара төлөмдөрүнүн өлчөмү, төлөө тартиби, шарттары жана мөөнөттөрү

г) ижара предметин тандоону жүзөгө ашырган тараптын жана сатуучунун көрсөтмөлөрү

д) жана башка шарттар. 

84. Эгерде, ижара берүүчү тиешелүү мүлктү ижара келишиминде каралган мөөнөттө ижарага бербесе, келишим күчүнө кирген күн менен мүлктү ижарага иш жүзүндө берген күндүн ортосундагы мезгилде ижара төлөмү төлөнбөйт. Эгерде, ижара мөөнөтү келишим бүткөн күндөн кийин, мүлк ижарага берилбеген мезгилге барабар болгон убакыт аралыгына узартылышына макулдашыша алышпаса, тиешелүүлүгүнө жараша ижара төлөмү кыскартылат. 

85. Буюртмачы ижарачынын күнөөсү боюнча ижара келишими аткарылбай калган шартта жол берилген зыяндын ордун жабуу максатында ижара берүүчү кармап калышы мүмкүн болгон аванстык төлөмдү салат. 

86. Ижара берүүчү ар кандай мөөнөттөргө бир нече ижарачыга ижарага берилген бир эле мүлккө карата бир нече ижара келишимин түзүүгө укуктуу, албетте эгерде эки келишим бир эле мүлккө карата бир эле мезгил аралыгында аткарылып жатпаган болсо. 

87. Ижара келишими ижара мезгил аралыгына кандайдыр бир мүлккө карата бир эле пайда алуу укугуна ээ бир нече ижарачы менен белгилүү жак үчүн мерчемдүү кандайдыр бир мезгил аралыгын аныктабастан, түзүлүшү мүмкүн. Бул учурда ар бир ижарачы ал үчүн бөлүнгөн мезгил аралыгында ошол мүлктөн Ижарачылар ортосунда каралган эрежелерге ылайык пайда ала алат. 

88. Ижара төлөмү акча каражаттары түрүндө, натуралай (товарлар) түрүндө же кандайдыр бир артыкчылыктар (кызмат көрсөтүүлөр) түрүндө ишке ашырылышы мүмкүн. Ижара төлөмү ошондой эле, ижара келишими аркеттенген мезгилди камтыган бир жолку төлөө түрүндө, же болбосо келишим аракеттенген белгилүү бир мезгил ичинде бөлүп-бөлүп төлөө түрүндө белгилениши мүмкүн. Ижара төлөмү белгилүү бир сумма түрүндө аныкталышы же тараптардын макулдугу боюнча кайрадан каралышы ыктымал. 

89. Ижара төлөмү келишим талабына ылайык милдеттүү болуп саналат жана ижара берүүчүнүн ижара төлөмүн алууга укугу ижарачы ижарага алынган менчиктен пайда ала баштаган учурдан тартып же ижара берүүчү ижарачыга ага өткөрүлгөн мүлктөн пайда алуу укугун камсыз кылган шартта келип жетет. 

90. Эгерде ижара төлөмү кайрадан кароого дуушар болсо, ижара келишими аракеттенген алгачкы мезгил аралыгында ижара төлөмүнүн суммасы кайрадан каралышы зарыл. Салыштыруу базасына ылайык кийинки мезгил аралыгына ижара төлөмүнүн өлчөмүн аныктоого жол берилет. Мына ушул салыштыруу базасынын маңызында, калган мезгил аралыгы үчүн ижара төлөмүнүн өлчөмүн аныктоочу фактор болуп саналган так тартип камтылууга тийиш. Албетте, бул базада салыштыруу үчүн максималдуу сыяктуу эле, минималдуу чектер каралышы мүмкүн. 

91. Тараптардын макулдашуусу боюнча ижара төлөмүнүн бөлүгү ижара берүүчүгө төлөнүшү, ал эми башка бөлүгү ижара берүүчү тарабынан белгиленген кандайдыр бир чыгашалардын ордун жабууга багытталышы мүмкүн, мисалы, негизги техникалык тейлөөнүн, камсыздандыруунун, жана башкалардын наркын жабууга. 

92. Эки тарап келечектеги ижара мезгилине, башкача айтканда ижарачы ижара келишиминин шарттарын кайрадан карап чыгуудан улам ижарадан кандайдыр бир пайда алууга жетише албаган мезгилге ижара төлөмүнүн өлчөмүн өзгөртүү тууралуу макулдашышы мүмкүн. Кандайдыр бир өткөн мезгил үчүн төлөнүп берилбеген ижара төлөмү карыз бойдон калат жана ал ижарачы тарабынан ижара берүүчүгө төлөнүп берилүүгө тийиш, ошондуктан ал көбөйтүлүүгө тийиш эмес. 

93. Ижара төлөмүнүн төлөнүшүн жана ижарага алынган менчикке карата ижарачынын кайдыгер мамилесинен келип чыгуучу кесепетти камсыздоо үчүн ижарачы тарабынан өтүмдүү активдер түрүндөгү гарантиялык камсыздоону (күрөө) сунуш кылынат алууга уруксат берилет. 

94. ФНУ, кардарга төлөө мөөнөттөрү, жөнүндө эскерткен шартта, кезектеги ижара төлөмүн негизсиз кармап койгон учурда ижара төлөмдөрүн мөөнөтүнөн мурда төлөнүшүн кардардан талап кылууга укуктуу. 

95. Эки тарап ижара төлөмүнүн токтоосуз төлөнүшүнө макулдаша алышат. Ижара төлөмү бөлүп-бөлүп төлөнүшү мүмкүн, бул учурда ижара берүүчү өзүнчө жобону кароого тийиш жана ага ылайык ижарачы негизсиз себептер менен бөлүп төлөөнү белгилүү мөөнөт ичинде жүзөгө ашыруу зарылчылыгы жөнүндө тиешелүү билдирмени алгандан кийин деле төлөөнү ишке ашырбаган болсо, калган төлөмдөрдүн дароо төлөп бериши зарыл. Милдеттенмелердин аткарылбай калганына байланыштуу, макулдашылган мөөнөттүн келип жетишине чейинки калган төлөмдөрдү төлөө ижара келишими аракеттенген мезгилдин акырында же болбосо, ижара келишими убактысынан мурда токтотулса, анда ошол учурдан тартып, жөнгө салынууга тийиш. Токтоосуз төлөө үчүн каралган мезгил бүткөндөн кийин ижара берүүчү тарабынан келишимдин аракеттенүү мезгилин кандайдыр бир узартуу, узартылган мезгил аралыгына төлөмдөрдү төлөөнү кийинкиге калтырууга макулдук катары эсептелинет, ижарачынын укугу деп эсептелинбейт. 

96. Ижара берүүчү ижарачы тарабынан төлөмдүн төлөнүшү кармалып калган учурда макулдашылган ижара төлөмүн көбөйтө албайт. 

97. Ижара же ижара мунтахийя биттамлик келишиминде ага ылайык төлөмдү негизсиз эле кармаган ижарачы белгилүү бир сумманы же төлөм кечиктирилген шартта ижара төлөмүнүн тиешелүү суммасынан кошумча үлүштү төлөөгө тийиш. Ижара төлөмүнүн тиешелүү суммасынан үстөк төлөнгөн мындай сумма кайрымдуулук максаттарына жумшалат. Ижарачы тарабынан берилген гарантиялык камсыздоону алуу укугунан ажыраган учурда, ижара берүүчү, мындай суммалардан ижарага алынган менчиктен ижарачы али пайда ала элек мезгил үчүн аларды төлөө милдеттенмеси келип жете элек төлөөлөрдү кошо алганда, бөлүп төлөнгөн ижара төлөмдөрүнүн бардык суммасын эмес, өткөн мезгил үчүн ижара төлөмү катары ага тиешелүү болгон сумманы гана эсептеп кармап кала алат. Ижара берүүчү ошондой эле, гарантиялык камсыздоонун суммасынан келишимди бузууга жол бергендиги үчүн ижарачы мыйзамдуу түрдө төлөөгө тийиш болгон компенсацияларды гана эсептеп кармап калышы мүмкүн. 

98. Ижара берүүчү ижара келишими бардыгы жөнүндө маалымдоо менен ижарага берилген мүлктү үчүнчү жакка сата алат. Мында келишим боюнча бардык укуктар жана милдеттер жаңы менчик ээсине өтөт. 

99. Ижарага алынган мүлк жараксыз болуп калган учурда ижара келишими токтотулуп, калган ижара төлөмү төлөнүп берилбейт. 

100. Ижарачы, анын күнөөсү боюнча келип чыккан чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартат. 

101. Пландаштырылып жаткан кирешенин азаюусуна алып келген мүлктүн жарым-жартылай бузулууга дуушар болушу учурунда, ижарачы ижара келишимин токтотууга укуктуу. Тараптар ошондой эле, бул учурда ижара төлөмүнүн өлчөмүн өзгөртүүгө макулдаша алышат, бирок пайда алынбаган мөөнөт үчүн төлөм кармалбайт. Ижара берүүчү ижара келишимин андан ары жүзөгө ашыруу үчүн ошондой эле мүлктү берүүгө тийиш, андай болбосо келишим токтотулат. 

102. Эгерде ижарачы ижарага алынган мүлктү пайдаланууну токтотсо же анын ээсине макулдугусуз кайтарып берсе, анда ижара төлөмү ижара келишиминин калган аракеттенүү мөөнөтү үчүн мүлк ээсине төлөнүп берилүүгө тийиш бойдон калат, ал эми ижара берүүчү келишим ошол мезгил аралыгына ал мүлктү башка ижарачыга өткөрүп бере албаса да, мүлктү ошол ижарачынын тескөөсүндө сактоого тийиш. 

103. Ижара келишими төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн: 

а) өз ара макулдук боюнча; 

б) ижара төлөмдөрүн төлөө мөөнөттөрүн бузган же токтоткон учурда; 

в) ижарага берилген менчик бузулууга дуушар болсо; 

г) келишим аракеттенүү мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча; 

д) мүлктү ижарачыга саткан учурда. 

104. Ижара мунтахийя биттамлик - бул ижара келишимин камтыган бүтүм, ага ылайык кардар ижарага алынган мүлктү (активди) келишимге жараша ижара мезгилинин бүтүшү боюнча же анын аралыгында этап-этап менен сатып алууга милдеттенет. 

105. Ижара мунтахийя биттамлик келишиминде ижарага алынган мүлккө менчикке болгон укуктун өтүшү ижарага берүүчүнүн төмөнкүдөй милдеттенмелери аркылуу ижара келишиминен айырмаланган документ менен тастыкталат: 

а) белгилүү өлчөмдөгү же макулдашылган башка төлөмгө же ижара төлөмүнүн калган бөлүгүн төлөп берүү аркылуу же болбосо ижарага алынган мүлктүн рыноктук наркын төлөө аркылуу сатууга; 

б) себептерин көрсөтүүсүз эле аны белек катары берип коюу (шартсыз эле); 

в) калган төлөмдөрдү төлөөдөн кийин аны белек катары калтыруу. Жогоруда белгиленген бардык учурларда мүлктүн белекке берилишине, анын сатылышына же белгилүү окуядан кийин белекке калтырылышына милдеттенмени далилдеген өзүнчө документ ижара мунтахийя биттамлик келишиминен өзүнчө түзүлүүгө тийиш. Аны ижара келишиминин ажырагыс бөлүгү катары кароого болбойт. 

106. Менчикке укугун өткөрүү боюнча милдеттенме ижара берүүчү үчүн ижара мунтахийя биттамлик келишиминин шартында милдеттүү болуп саналат, мында өзүнчө эки тараптуу келишим түзүлбөйт. 

107. Менчикке укугун өткөрүү, белекке калтыруу же сатуу келишиминин негизинде жүзөгө ашыруу менен ижара келишиминен өзүнчө түзүлөт. 

108. Аткарылышы кийинкиге калтырылган шарты менен келишим түзүү учурунда, шарттарды аткаруу боюнча менчик укугунун өтүшүнө жаңы келишим түзүлбөйт. 

Эгерде бир эле төлөм төлөнбөй калса, мүлккө менчик укугу өткөрүлбөйт. 

109. Ижара келишимин жөнгө салган эрежелер ижара мунтахийя биттамлик келишими үчүн да колдонулууга тийиш, б.а. ижара берүүчү ижарага алынган мүлктү ижарачыга ээлик кылуу укугун өткөрүп берүүгө милдеттенмени өзүнө алат. 

110. Ижарага берилген мүлккө менчик укугун өткөрүү, сатуу келишимин ижара келишими менен бир эле учурда жүзөгө ашыруу аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн эмес, анткени сатуу келишими келечекте, белгилүү бир күнү гана күчүнө кирет. 

111. Эгерде ижарага берилген мүлк бузулууга дуушар болгон болсо, же ижара келишими ижарачынын тиешеси жок себеп боюнча мөөнөтү бүткөнгө чейин ижара келишимин колдонуу мүмкүн эмес болуп калса, бул эки учурда тең ижара төлөмү басымдуу болуп турган рыноктук нарктын негизинде корректировкаланат. 

 

5-глава 

Кард хасан бүтүмү 

 

112. Кард Хасан бүтүмү - бул, анын шарты боюнча бир тарап акча каражаттарын сунуштаган тарап үчүн кошумча пайданы кароосуз, акча каражаттарын экинчи тарапка сунуштаган бүтүм. 

Мында акча каражаттарын кабыл алган тарап башка тараптын биринчи эле талап кылуусу боюнча каражаттарды кайтарып берүүнү гарантиялайт. 

ФНУ Кыргыз Республикасынын ФНУдер үчүн каралган мыйзам талаптарына ылайык акча каражаттарын кабыл алган тарап сыяктуу эле, кард хасан келишиминин шарттарына ылайык акча каражаттарын сунуштаган тарап катары да иш алып бара алат. 

113. Кард хасан келишими жөнөкөй жазуу түрүндө түзүлөт. 

Кард хасан келишими макулдашышкан тараптардын биринин кандайдыр бир киреше алынбай калышын жана макулдашкан экинчи тараптын алынган каражаттарды тескөө мүмкүнчүлүгүнүн болбошун болжолдойт. 

Кард хасан келишиминде төмөнкүдөй олуттуу параметрлер жана шарттар камтылууга тийиш: 

- берилүүчү сумманын өлчөмү

- келишим колдонуу мөөнөтү, кайтаруу күнү

- тараптардын укуктары жана милдеттери; 

1131. Кард хасан бүтүмү төмөнкүдөй эки учурда колдонулат: 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык, каражаттарды тартуу боюнча инструмен катары (акча каражаттарын тартууга Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы болгон шартта КСтер үчүн гана); 

- каржылоо инструменти катары. 

Айрым учурларда ФНУдер кард хасан келишими шартында кардарга займ (насыя) берүү мүмкүнчүлүгүн караштырышы мүмкүн. 

114. ФНУ ишинде Кард хасан келишиминин шарттарында тартылган акча каражаттары ФНУдин ресурстук базасын түзөт жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттер катары каралат. 

Кард хасан келишиминин шарттары боюнча кардар ФНУге акча каражаттарын пайызсыз негизде, кардардын аларды эркин тескөөгө алуу мүмкүнчүлүгү менен берет, ал эми ФНУ өз кезегинде инвестициялык саясатына ылайык тартылган ресурстардын бөлүгүн пайдалана алат. 

Айрым учурларда ФНУ кардарга Кард хасан келишиминин шарттарында карыз берүү мүмкүнчүлүгүн караштырышы мүмкүн. 

6-глава 

Салам бүтүмү 

 

116. Салам бүтүмү - бул, келишим түзүү учурунда товардын наркын төлөө шартында, кийин жеткирип берүүнүн негизинде товарларды сатып алуу боюнча бүтүм. 

117. Параллель салам - бул, эки өзүнчө келишимдердин жардамы менен аракеттенген бүтүм. Биринчи келишимде ФНУ сатып алуучу катары чыгуу менен кийинчерээк жөнөтүп, келишимге кол койгон учурда төлөөнү жүзөгө ашыруу шарты менен белгилүү бир товарды сатып алууга буйрутмачы менен келишим түзөт. 

Экинчи келишимге ылайык ФНУ, биринчи келишимде көрсөтүлгөн санда жана тиешелүү күнү ошол эле товарды экинчи келишимге кол коюу учурунда товардын наркына төлөп берген башка буйрутмачыга сатат. 

118. Салам жана параллель салам келишимдеринин алкагында ФНУ сатып алуучу сыяктуу эле, сатуучу катары да иш алып барат. 

119. Салам жана параллел салам келишимдери боюнча ФНУ товарларды сатып алууну жана сатууну, төлөөгө жөндөмдүү кардардын билдирмеси боюнча ишке ашырат. 

120. ФНУ - бул, товарды сатып алуу сыяктуу эле аны сатып өткөрүүнү жүзөгө ашырган жак. 

121. Сатуучу - бул, ФНУ андан товар сатып алган юридикалык жак же жеке адам. 

122. Бири-биринин ордуна колдонулган товарлар - бул, жалпы мүнөздөмөгө ээ, бири-биринен олуттуу айырмаланбаган товарлар. Кайсыл болбосун бири-биринин ордуна колдонулган товарлар бузулууга дуушар болуп, аларды баалоодо бузулууга дуушар болгон же алмаштырылган товардын наркын баалоо зарылчылыгы келип чыкпаган учурларда, башка товарлар менен алмаштырылышы мүмкүн. 

123. Салам бүтүмдөрүн ишке ашыруу үчүн өзүнчө келишимдер же анын чегинде аракеттенүү мөөнөтүн көрсөтүү менен өзүнчө келишимдер түзүлүшү мүмкүн болгон кызматташтык жөнүндө генералдык макулдашуу түзүлүшү мүмкүн. 

124. Генералдык макулдашууда тараптар келишим чегин жана тараптардын сатып алууну жана сатууну жүзөгө ашырууга ниеттери, ошондой эле товарлардын саны жана жеке мүнөздөмөлөрү, аларды жеткирип берүү ыкмаларын, баасын жана төлөө ыкмаларын аныктоо үчүн негиздер камтылат. Мындан тышкары, анда гарантиялар ж.б. шарттар каралышы мүмкүн. 

125. Салам келишими кат жүзүндө түзүлөт жана мыйзам тарабынан талап кылынган учурда нотариалдык жактан тастыкталууга жана мамлекеттик каттоодон өткөртүлүүгө тийиш. Төмөнкүлөр келишимдин маанилүү шарттары болуп саналат: 

а) кийин жеткирип берүү шарты менен белгилүү бир товарды сатуу; 

б) келишим түзүлүп жаткан учурда товардын наркын төлөө

126. Салам келишимдери боюнча баа акча каражаты формасы сыяктуу эле, бири-биринин ордуна колдонулган товарлар (тектүү белгилери аныкталган товарлар) формасында да белгилениши мүмкүн. 

127. Эгерде, баа акча каражаттарында аныкталса, анда валютасы, анын өлчөмү жана төлөө ыкмасы аныкталууга тийиш. Эгерде баа бири-биринин ордуна колдонулуучу товарлар формасында аныкталса, анда алардын сортун, түрүн, мүнөздөмөсүн жана санын так көрсөтүү талап кылынат. 

128. Салам келишиминин чегинде баа, келишим түзүлгөн учурда токтоосуз төлөнөт. Өзгөчө учурларда гана төлөө үч күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн жана ал төлөмдүн кечиктирилиши бири-биринин ордуна колдонулган товарларды жеткирип берүү учуруна туура келип же андан ашпаган шартта, салам келишиминин аткарылышына таасирин тийгизүүгө тийиш эмес. 

129. Карызды салам келишими боюнча капитал катары пайдаланууга жол берилбейт. 

130. Салам келишими таразалап, өлчөп же эсептеп көрүүгө мүмкүн болгон товарларга түзүлөт. 

131. Чет өлкө валютасы, баалуу металлдар (алтын, күмүш ж.б.) келишим предмети боло албайт. 

132. Товарлар кандайдыр бир аныкталбагандыкты четке каккан мүнөздөмөлөргө ээ болууга тийиш, алардын талапка ылайыктуулугу үчүн жоопкерчилик сатуучуга жүктөлөт. 

133. Товарлар колдонуудагы тажрыйбага жана эксперттик корутундуларга ылайык аныкталууга тийиш. 

134. Товардын ар бир бирдигинин саны алардын абалына жана тегине жараша аныкталат, башкача айтканда, алардын салмагы, өлчөмү, көлөмү жана алар канча орунду ээлей тургандыгы көрсөтүлөт. 

135. Товарлар аларды жеткирип берген учурда кандай жайгаштырылса, ошол жерде талаптагыдай сакталып туруу менен сатуучу сатып алуучу алдында алардын жеткирилип бериши боюнча өз милдеттенмесин аткара алгандай, ыңгайлуу жайгаштырылууга тийиш. 

136. Тараптар айкын жеткирип берүү күнүн белгилешет, бирок товарларды жеткирүүнүн ар кандай мөөнөтү белгилениши да мүмкүн. Алгачкы келишим түзүү учурунда аларга төлөнүп берилген шартта, товарлар топтому менен жеткирилип берилет. 

137. Тараптар товар жеткирилүүчү орунду аныкташы мүмкүн. Эгерде келишим түзгөн тараптар товар жеткирилүүчү орунду аныкташпаса, ошол жерге товарды жеткирүү мүмкүн эместиги жагдайы келип чыкпаса, келишим, түзгөн орун товар түшүрүлүүчү жер болуп саналат. Бул учурда товарлар жеткирилүүчү орун адаттагы тажрыйбадагыдай эле аныкталат. 

138. Товарларды жеткирүү төлөмдөрдү ишке ашыруу милдеттенмелерин камсыздоонун кайсыл болбосун түрү менен камсыздалышы мүмкүн. 

139. Сатып алуучуга аларга карата менчик укугун алганга чейин товарларды сатуусуна уруксат берилбейт. 

140. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча салам келишими толук жокко чыгарылышы жана келишимдин наркынын орду толук толтурулуп берилишинин негизинде милдеттенмелер токтотулушу мүмкүн. Ошондой эле аны жарым-жартылай жокко чыгарууга уруксат берилет, башкача айтканда, келишимдин наркынын орду толтурулуп берилген тиешелүү бөлүгүнүн ордуна товарлардын бөлүгүн жеткирип берүүнү жокко чыгаруу. 

141. Сатуучу сатып алуучуга товарды келишим шарттарына ылайык көрсөтүлгөн күнү, белгиленген мүнөздөмөлөрүнө жана санына ылайык жеткирип берүүгө милдеттүү. Сатып алуучу, өз кезегинде келишимдеги мүнөздөмөлөрүндө каралган талаптарга жооп берген шартта, товарларды кабыл алууга тийиш. 

142. Эгер сатуучу келишимдик мүнөздөмөлөргө ылайык талап кылынгандарга караганда кыйла жогорку сапаттагы товарларды сунуш кылса жана жогорку сапат үчүн андан жогорку бааны талап кылбаса, анда сатып алуучу товарларды кабыл алууга тийиш. Бул качан гана келишимде каралган мүнөздөмөлөр олуттуу шарт болуп эсептелбеген учурларда гана колдонулат (өтө эле төмөнкү сапаттык мүнөздөмөлөрү менен). 

143. Эгерде жеткирилген, товарлардын сапаты келишимдик мүнөздөмөлөргө ылайык талап кылынгандагыдан төмөн болсо, сатып алуучу аларды кабыл албай коюуга же кандай абалда болсо ошондой эле кабыл алууга укуктуу. Алар кабыл алынган учурда, тараптар мындай товарларды төмөндөтүлгөн баада кабыл алуу жөнүндө макулдаша алышат. 

144. Сатуучу товарды келишимде чагылдырылган формада жеткирүүгө тийиш. 

145. Товарлар белгиленген мүнөздөмөлөргө жооп берген шартта, мөөнөтүнөн мурда зарыл санда жеткирилип берилиши зарыл. 

146. Эгерде сатуучу өз милдеттенмелерин аткара албаса же сатуучунун колунда белгиленген күнгө карата товарлардын бардыгы же анын бөлүгү жок болсо, сатып алуучу: 

а) товарлар жеткирилип берилгенге чейин күтүп турат же товарлардын жеткирилип берилиши үчүн бир кыйла узагыраак убакытка мүмкүнчүлүк берет. 

б) келишимди жокко чыгара алат жана төлөнгөн каражаттарды өндүрөт. 

Тараптарга ошондой эле, товарларды башка товарларга алмаштырууга макулдашууга уруксат берилет. 

147. Товарларды жеткирүүнүн кечиктирилиши үчүн айыптык санкцияларды караган шилтемелерди кошууга уруксат берилбейт. 

148. Биринчи келишим боюнча милдеттенмелерди аткаруу жана ошол товарларды жеткирүү үчүн биринчи салам келишиминде каралгандай мүнөздөмөлөргө ээ товарларды сатып алуу үчүн сатуучуга үчүнчү жак менен өзүнчө салам келишимин түзүүгө уруксат берилет. Демек, биринчи салам келишиминде сатуучу катары иш алып барган ФНУ, экинчи салам келишиминде сатып алуучу болуп калат. 

149. Салам келишиминин негизинде сатылып алынган, алардын аныктамалары биринчи салам келишиминин жардамы менен сатып алуу каралып жаткан товарлардын аныктамаларына туура келген товарларды сатуу максатында сатып алуучуга үчүнчү жак менен өзүнчө параллель салам келишимин түзүүгө уруксат берилет. Бул учурда, биринчи салам келишиминде сатып алуучу катары иш алып барган ФНУ, экинчи салам келишиминде сатуучу болуп калат. 

150. Эки учурда тең тараптарга ушул эки салам келишими боюнча милдеттенмелерди байланыштырууга уруксат берилбейт. 

Эки келишим боюнча милдеттенмелер жана укуктар бардык аспекттер боюнча өз-өзүнчө каралууга тийиш. Эгерде, биринчи салам келишими боюнча милдеттенмелерди бузууга жол берилген учурда, башка тарап (жапа чеккен тарап) аны менен биринчи тарап параллель салам келишимин түзгөн тарап менен ошол зыян тартууларды же чыгымдарды байланыштырууга укугу жок. Демек, ал биринчи салам келишими боюнча тарткан чыгымдарынын же зыян тартууларынын негизинде, экинчи салам келишимин токтотууга же анын аткарылышын кечиктирүүгө укугу жок. 

151. Салам келишиминде каралган бардык эрежелер параллель салам келишимине карата да колдонулат. 

152. Салам келишиминен келип чыккан карыздык милдеттенмелерге товардык облигацияларды чыгарууга уруксат берилбейт. 

153. ФНУ салам бүтүмдөрүндө буйрутмачы-кардар тарабынан аныкталган товарды кийинчерээк кардарга ФНУдин үстөк баасын камтыган баада сатуу ниетинде сатып алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

154. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 21-декабрындагы № 49/8 токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

7-глава 

Гарантиялар 

(Глава КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/12 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

154-1. Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы болгон шартта МФК, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген чектөөлөрдүн чегинде гарантияларды берүү укугуна ээ болот. 

154-2. Гарантияларда алардын колдонуу мөөнөтү жана гарантия берилген сумма белгиленет. 

154-3. Кредитор карызгерден сыяктуу эле, гаранттан да карыз суммасын талап кылууга укуктуу. 

154-4. Өтүнүч ээсинин пайдасына гарантиялык катты берүүгө уруксат берилбейт, анткени ал гарантиялык катты пайыздык насыяны алуу же тыюу салынган бүтүмдөргө келишүү үчүн пайдаланышы мүмкүн.». 

8-глава 

Истиснаа жана параллель истиснаа бүтүмү 

 

154-5. Истиснаа бүтүмү - бул, анын шарттарына ылайык бир тарап (подрядчик) экинчи тараптын (буйрутмачы) тапшырмасы боюнча белгилүү бир ишти аткарууга (материалдарды жана эмгекти пайдалануу менен) жана аны белгиленген мөөнөттө өткөрүп берүүгө милдеттенген, ал эми буйрутмачы аткарылган ишти кабыл алып, алдын ала макулдашылган бааны төлөө милдеттенмесин өзүнө алган бүтүм.  

154-6. Истиснаа келишиминин предмети катары подрядчиктин объектти аягына чыгаруу, ошондой эле аны өзгөртүп жасоо (сапатын жакшыртуу же өзгөчөлүгүн өзгөртүү) же кайра жасоо (жок болгондон улам жаңы объектти жасоо) же болбосо башка ишти аткаруу (материалдарды жана эмгекти пайдалануу менен) жана аны белгиленген өзгөчөлүктөргө ылайык өткөрүп берүү саналат.  

154-7. Параллель истиснаа - бул, эки башка жана көз карандысыз келишимдер аркылуу ишке ашырылуучу бүтүм. Биринчи келишимде ФКУ подрядчик же сунуштоочу катары иш алып барат жана буйрутмачы катары иш алып барган кардар менен истиснаа келишимин түзөт. Экинчи келишимде ФКУ буйрутмачы катары иш алып барат жана биринчи келишимдин алкагында өз контракттык милдеттенмелерин аткаруу максатында подрядчик же сунуштоочу менен башка келишим (параллель истиснаа) түзөт. Сунуштоочу же подрядчик бул, ишкердикти жүзөгө ашырган юридикалык жак же жеке адам. Кардар бул, истиснаа келишиминин алкагында белгилүү бир ишти аткарууга (материалдарды жана эмгекти пайдалануу менен) жана аны белгиленген өзгөчөлүктөргө ылайык өткөрүп берүүгө буйрутма берген юридикалык жак же жеке адам.  

154-8. Истиснаа келишимин түзүүгө чейин кардар ФКУга белгилүү бир ишти аткарууга (материалдарды жана эмгекти пайдалануу менен) жана аны аягына чыгарып, белгиленген өзгөчөлүктөргө ылайык өткөрүп берүүгө өтүнүч менен кайрылат. Тараптар белгиленген баага буйрутманы аткарууну аныкташат, ал дароо же белгилүү бир убакыт өткөндөн киийн төлөнөт. ФКУ буйрутмачынын төлөө жөндөмдүүлүгүнө, ошондой эле зарыл учурларда сунушталган финансылык документтердин негизинде анын мүлкүнө баа берүүгө тийиш.  

154-9. ФКУ менен кардар истиснаа келишимин ФКУ кардарга сатылууга тийиш болгон келишим предметине менчик укугун же алардан келишим предмети даярдалып (же курулуп) жаткан материалдарга менчик укугун алганга чейин түзүшөт. 

154-10. Истиснаа келишими, даярдалууга тийиш болгон предметтин өзгөчөлүгүн, түрүн жана баасын, мөөнөтүн, сапатын жана санын көрсөтүү сыяктуу бардык шарттар сакталган учурда, тараптар аны милдеттүү түрдө аткарууга тийиш. Келишим предмети макулдашылган өзгөчөлүктөргө жооп бербеген шартта, буйрутмачы аны тандоо укугуна ээ (келишим предметин кабыл алуу же андан баш тартуу).  

154-11. Истиснаа келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана ал юридикалык жактан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Тараптар, алардын макулдашуусунан улам келип чыккан бардык милдеттенмелер жана натыйжалар боюнча бири-биринен көз каранды болуп саналат. 

154-12. Подрядчик буйрутмачынын тапшырмасы боюнча келишим предмети болуп саналган ишти аткарууга жана эгерде тараптар башканы макулдашышпаса, аны белгиленген мезгил аралыгында өткөрүп берүүгө милдеттенет.  

154-13. Келишимде, келишим предметинин баасы, жеткирүү күнү же ишти кабыл алуу, пайдаланылуучу ресурстар (эгерде келишимде башкасы каралбаса, менчик же келишимди түзгөнгө чейинки башка жактар тарабынан өндүрүлгөн товарларды же өздүк товарларды тартуу менен) көрсөтүлөт. 

154-14. Келишим түзүүгө чейин бааны аныктоо боюнча бардык сунуштар кароого алынат. 

154-15. Келишим предметинин баасы келишим түзгөн учурда аныкталат жана ал акчалай же материалдык каражаттар формасында же мындай узуфрукт келишим предметинен айырмаланган башка активдер же ошол келишим предмети менен байланыштуу болгондугуна карабастан, белгилүү бир мөөнөткө активдерден узуфрукт формасында төлөнүп берилиши мүмкүн. Баасы кийинкиге жылдырылып же белгилүү бир мезгил ичинде бөлүп төлөнүшү мүмкүн, мында тараптар келишим түзүү учурунда төлөө ыкмаларынын бирин тандап, аныктап алууга тийиш. Истиснаа келишиминин алкагында белгилүү бир ишти аткаруу процесси бир нече баскычтан турса же төлөө ишти аткаруу процессине жараша аныкталса, порядчик буйрутмачыдан төлөөлөрдү сүйлөшүлгөн өзгөчөлүктөргө ылайык, ишти аткарууга жараша жүзөгө ашырууну талап кылууга укуктуу.  

154-16. Истиснаа келишиминин операциялары боюнча баа сунуштоо күнүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн. Истиснаа келишиминин предметинин баасын "чыгымдар плюс катталган пайданын" негизинде аныктоо мүмкүн эмес. ФКУ рынокто атаандашкан сунуштоочулардын баасы тууралуу маалыматты сарптоолорго баа берүү жана келекчекте алынуучу пайданы аныктоо үчүн пайдаланышы мүмкүн. 

154-17. Истиснаа бүтүмү пайыз алуу менен жөнөкөй каржылоо үчүн каражат болууга тийиш эмес. 

154-18. Истиснаа келишими түпкү сатып алуучуга же подрядчикке таандык болгон белгилүү бир жер тилкесинде же болбосо аны пайдалануудан алардын ар бири пайда көргөн жерде кыймылсыз мүлк объекттерин куруу үчүн түзүлүшү мүмкүн. 

154-19. Подрядчик/сунуштоочу банкрот болгон учурда, кардар баштапкы материалдар наркынын бөлүгүн төлөп койгон болсо, буйрутмачы бүткөрүлбөгөн өндүрүшкө карата артыкчылыктуу укукка ээ болот. 

154-20. Тараптар истиснаа келишиминин алкагында келишим предмети болуп саналган курулмалардын кандай болбосун кемчиликтери же техникалык жактан тейлениши үчүн подрядчик/сунуштоочу жоопкерчилик тарткан мөөнөттү белгилешет. 

154-21. Тараптар истиснаа келишиминин алкагында, зарыл учурларда жана өз ара макулдашылган шартта, колдонуудагы истиснаа келишиминин мурда макулдашылган өзгөчөлүктөрүнө сыяктуу эле, кошумча талаптарга да тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө укуктуу. Мында, баалар корректировкаланууга жана жаңы талаптарды аткаруу үчүн мөөнөтүндө сунушталууга тийиш.  

154-22. Төлөө мөөнөтүн жылдыруунун ордуна бааны жогорулатуу максатында истиснаа келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. Эгерде контракт түзүү учурунда ал макулдашылбаса, алдын ала төлөө үчүн жеңилдик берилет.  

154-23. Күтүүсүз жагдайлар (форс-мажор) келип чыккан учурда, тараптардын макулдашуусу боюнча же сот тартибинде өзгөртүүлөр киргизилиши ыктымал. 

154-24. ФКУ буга чейинки подрядчик баштаган долбоорду аяктоо үчүн подрядчикти алмаштырып, буйрутмачы менен истиснаа келишимин түзүшү мүмкүн. Бул учурда, долбоордун ошол учурдагы статусунун негизинде, буйрутмачынын эсебинен ага баа берүү талап кылынат. Ошондой эле, истиснаа келишими бүткөрүлбөгөндүгүнүн натыйжасында төлөнбөй калган карыз орун алса, алар үчүн буйрутмачы жеке жоопкерчилик тартат. Андан ары калган иштерди бүткөрүү үчүн жаңы истиснаа келишими түзүлөт. 

154-25. Буйрутмачыга таандык болгон жерге имараттар же коммуналдык курулмалар курулган учурда, эгерде ал келишимди аткарбаса же ишти белгиленген мөөнөттө бүткөрүп бере албаса, истиснаа келишими өндүрүүчүнүн эсебинен жүзөгө ашырылат жана бул жобо, өндүрүүчү ишти токтоткон учурдан баштап күчүнө кирет. 

154-26. Эгерде подрядчик өз милдеттенмесин аткарууну уланта албай турган болсо, буйрутмачы (жер ээси) бүткөрүлбөгөн курулушту же даяр болуп калган коммуналдык курулманы иш тапшыруучуга ордун толтуруп бербей туруп, менчикке алууга укугу жок. Бул шарт, иш тапшыруучунун ишти уланта албаган себептерине жараша болот. 

Эгерде келишим подрядчиктин күнөөсү боюнча аткарылбаса, анда кардар курулманын төлөнгөн наркын гана ала алат жана буйрутмачы акыркы сатып алуучуга ал дуушар болгон иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасын компенсациялап берүүгө тийиш. 

Эгерде келишимди аткарбай коюу буйрутмачынын укук чегинен тышкары аракеттеринен улам келип чыкса, подрядчик бүткөрүлгөн иштин наркына барабар сумманы жана башка чыгымдар жана зыяндар үчүн компенсацияларды алууга укуктуу. 

Эгерде келишимдин аткарылбай калышына тараптардын биринин да тиешеси жок болсо, анда буйрутмачы подрядчик тарабынан аткарылган иштин наркын гана төлөйт жана тараптардын бири да башка тараптын кесепетинен келип чыккан чыгымдардын жана зыяндын компенсацияланышы үчүн жоопкерчилик тартпайт. 

154-27. Эгерде мыйзамдарга буйрутмачыга мыйзам чегинде жүктөлүшү мүмкүн эмес болгон, ал истиснаа келишиминин алкагында кошумча чыгым тартууларга алып келген өзгөртүүлөр киргизилген учурда, буйрутмачы кошумча сарптоолорго дуушар болот. 

154-28. Эгерде келишим шарттары аткарылбаса, подрядчик же түпкү сатып алуучу катары иш алып барган ФКУ гарантия катары баанын бөлүгүн түзгөн алдын ала төлөм түрүндө акча каражаттарынын төлөнүшүн талап кылышы мүмкүн. Эгерде, истиснаа келишими токтотулса, алдын ала төлөм айыптык төлөм катары кармалып калат, мында сумма айкын орун алган зыянга барабар болууга тийиш.  

154-29. Истиснаа келишиминин алкагында ФКУ подрядчик же буйрутмачы катары иш алып баргандыгына карабастан, подрядчик же буйрутмачы менен мамилелерге карата өз укуктарын коргоо үчүн жетиштүү деп эсептеген гарантияларды талап кылууга укуктуу. Буйрутмачы катары иш алып барган ФКУ буйрутмачынын күрөө, укуктарды ыйгарып берүү формасында болушу ыктымал болгон гарантияларды бере алат. 

154-30. Буйрутмачы катары иш алып барган ФКУ подрядчиктин макулдугу боюнча ал ФКУнун атынан аткарылган иштердин макулдашылган мүнөздөмөлөргө ылайык келүүсүн контролдукка алуусу, ошондой эле аткарылган иш үчүн төлөө, аны жеткирүү жана кабыл алуу жагында сунуш-көрсөтмө берүүсү максатында, техникалык багытта иш тажрыйбасына ээ фирма-консультантты дайындашы мүмкүн.  

154-31. Подрядчик катары иш алып барган ФКУ өзүнчө агенттик келишим түзүшү мүмкүн, ага ылайык буйрутмачы келишим предметинин буйрутманын (долбоордун) мүнөздөмөсүнө ылайык даярдалышын камсыз кылуу максатында, даярдоо же курулуш иштерине көзөмөлдүктү жүргүзүү жагында ФКУнун агенти катары дайындалышы ыктымал. 

154-32. Истиснаа келишиминин аткарылышына контролдук боюнча кошумча чыгашалар тараптардын макулдашуусу боюнча төлөнөт. 

154-33. Эгерде акыркы сатып алуучу келишим предметине толук контролдукту жүзөгө ашыра алса же келишим предмети акыркы сатып алуучу тарабынан дайындалган адамга өткөрүлүп берилсе, подрядчик истиснаа келишими боюнча милдеттенмеден бошотулат.  

154-34. Эгерде келишим предметинин абалы берүү күнүнө карата буйрутманын макулдашылган мүнөздөмөсүнө жооп бербесе, анда буйрутмачы андан баш тартууга же аны кабыл алууга укуктуу, бул бааны өзгөртүү мүмкүнчүлүгү менен келишим канааттандырарлык аткарылгандыгын билдирет. 

154-35. Эгерде андан баш тартуу үчүн негиз жок болсо, буйрутмачы жеткирилген келишим предметин кабыл алууга милдеттүү. Келишим предметин кабыл алуудан баш тартуу үчүн анын негиздери так чагылдырылышы зарыл. 

154-36. Негизсиз баш тартылган учурда келишим предмети өндүрүүчүнүн ээлигинде калат, бул учурда подрядчик келишим предметинен келип чыккан чыгымдар жана зыяндар үчүн эч кандай жоопкерчилик тартпайт, албетте эгерде, мындай чыгымдар жана зыяндар подрядчиктин этиятсыз мамилесинин же укукка жатпаган аракеттеринин кесепетинен келип чыкпаса, буйрутмачы келишим предметинин сакталышына кеткен чыгашаларды өз мойнуна алат. 

154-37. Келишим предметин жеткирүү, аны акыркы сатып алуучунун ээлигине өткөрүп берген учурдан тартып жүзөгө ашырылган катары саналат жана ал акыркы сатып алуучуга өндүрүш процесси бүткөрүлгөндөн кийин, келишим предметине контролдукту өзүнө алууга мүмкүндүк берет. Иштин бул баскычында келишим предметине карата подрядчиктин милдеттенмеси аяктап, акыркы сатып алуучунун милдеттенмеси башталат. Акыркы сатып алуучу келишим предметине контролдукту өзүнө алгандан кийин өндүрүүчү тарабынан этиятсыз мамиле же укукка жатпаган аракеттерге жол берилгендигин далилдөөсүз эле, келишим предметинен кийинчерээк келип чыккан кандай болбосун чыгым же зыян үчүн жоопкерчилик акыркы сатып алуучуга жүктөлөт. 

154-38. Эгерде буйрутмачы белгиленген убакыт ичинде келишим предметин кабыл алууну кечиктирсе, подрядчик келишим предметин сатуу операциясында буйрутмачынын агенти катары иш алып бара алат. Бул учурда подрядчик келишим предметин буйрутмачынын атынан сатат жана макулдашылган контракттык наркты алып салгандан кийин, эгерде болгон болсо, калган каражаттарды буйрутмачыга кайтарып берет. Эгерде алынган баа келишимде макулдашылган баадан аз болсо, анда подрядчик анын ордун толтуруп алуу максатында буйрутмачыга кайрылууга укуктуу. Мында, келишим предметин сатуу жол-жобосуна байланыштуу чыгашалар буйрутмачы тарабынан төлөнөт.  

154-39. Буйрутмачы келишим предметин сатуу боюнча чыгаша тартат. 

154-40. Эгерде күтүлбөгөн кырдаалдардан улам (форс-мажор) жеткирүү кечиктирилсе, подрядчикке карата келишим предметин жеткирүү шарттарын бузууга жол бергендиги үчүн айыптык санкциялар колдонулат. Мында, төлөбөй койгондугу үчүн буйрутмачыга карата айыптык санкциялар жөнүндө белгилөөгө уруксат берилбейт. 

154-41. 154-38-пунктта каралган жагдайларды эске албаганда, келишим предметин ФКУнун ээлигине өткөнгө чейин аны сатууга жол берилбейт. 

154-42. Буйрутмачы катары иш алып барган ФКУ келишим предметине ээ болгондон кийин ФКУнун буйрутмачыларына келишим предметин сатуу үчүн агент катары подрядчикти дайындай алат. Мындай учурда ФКУ менен подрядчик ортосунда агенттик келишим истиснаа келишиминен башка түзүлөт. 

154-43. ФКУ келишимдин алкагында өзгөчө мүнөздөмөгө ээ товарды жасап чыгарууга буйрутма берүүгө укуктуу. ФКУ кийинчерээк “параллель истиснаа” келишиминин негизинде подрядчик же сунуштоочу катары экинчи тарап менен сатуу максатында келишим түзөт. Мында параллель келишиминде (сатуу келишими) каралган сунуштоо күнү алгачкы сатып алуу келишиминде көрсөтүлгөн күнгө чейин болбоого жана бул эки келишим бири-бири менен байланыштуу эмес болууга тийиш.  

154-44. Подрядчик же сунуштоочу катары иш алып барган ФКУ мындай товарды бөлүп төлөө шартында буйрутмачыга сатуу максатында истиснаа келишимин түзүүгө жана алгачкы келишимде каралган мүнөздөмөлөргө ээ товарды сатып алуу жана аны андан ары буйрутмачыга сатуу үчүн дароо төлөөнүн негизинде параллель истиснаа келишимин түзүүгө укуктуу. Мында, эки келишим бири-бири менен байланыштуу болбоого тийиш.  

154-45. ФКУ подрядчик же сунуштоочу катары истиснаа келишимин түзгөн учурда келишим предметин буйрутмачыга өткөрүп бергенге чейинки мөөнөткө мүлктүк тобокелдик, техникалык жактан тейлөө жана камсыздандырууга кеткен сарптоолор боюнча милдеттенмелерди өзүнө алат. ФКУ даярдоочу/сунуштоочу менен түзүлгөн параллель истиснаа келишиминде буйрутмачыга карата анын милдеттеринен келип чыккан тобокелдик үчүн жоопкерчиликти ага (акыркыга) жүктөй албайт. 

154-46. Аларды түзүүдө эки келишим боюнча милдеттенмелердин (истиснаа жана параллель истиснаа келишимдери) ортосундагы келишимдик байланыштарга жол берилбейт. Ошентип, адаттагы истиснаа келишимине катышкан тарапка анын параллель истиснаа келишими боюнча милдеттенмеси аткарылбагандыгынан улам, өз милдеттерин аткаруудан баш тартуусуна же келишим предметин өткөрүп берүүнү кечиктирүүсүнө же болбосо параллель истиснаа келишими боюнча товарлар наркынын көбөйүүсүнөн улам сунушталып жаткан товарларга бааны көбөйтүүсүнө уруксат берилбейт. 

Мында, ФКУ сатып алуучу катары иш алып барган параллель истиснаа келишимин түзүүдө тиешелүү шарттарды жана талаптарды караштыруу жагында анын укугу чектелбейт. Ал шарттарда жана талаптарда ФКУ сунуштоочу катары иш алып барган алгачкы истиснаа келишиминде, буйрутмачы чагылдырган шилтемелерден айырмаланган же ошондой эле айыптык санкцияларга тиешелүү шилтемелер да камтылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майында № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык)  

 

III. Корутунду жоболор 

 

155. Ушул Жобо, ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудит уюму тарабынын бекитилген, Шариат стандарттарында каралган, ислам банк ишин жана каржылоо принциптерине ылайык келген операциялардын тизмеги менен толукталышы мүмкүн. 

 

Эскертүү

(1) Ушул жобонун бүтүндөй тексти боюнча кредиттик союздар үчүн кардар деген сөз кредиттик союздун катышуучусу дегенди билдирет.