Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банк Башкармасынын  

2013-жылдын 23 декабрындагы   

№52/7 токтому менен бекитилген 

 

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан кредиттик союздарда кредиттик тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Жобо ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары Улуттук банк) лицензиясына ээ кредиттик союздарга (мындан ары кредиттик союздар) жайылтылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2. Кредиттик союздарда ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууда кредиттик тобокелдиктерди тескөөнүн шайкеш системасын калыптандыруу ушул Жобонун максаты болуп саналат. 

3. Жободо Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө», «Кредиттик союздар жөнүндө» мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында берилген аныктамалар колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Кредиттик тобокелдик - бул, кардарлар/сунуштоочулар/өнөктөштөр өз милдеттенмелерин келишим мөөнөттөрүнө жана шарттарына ылайык аткарбагандыгынан улам келип чыккан жоготуу тобокелдиги, анын кесепети кредиттик союздун капиталына же анын пайдасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. 

Кредиттик тобокелдик, карыз алуучунун күнөөсү боюнча анын төлөөгө жөндөмсүздүгүнөн улам, төлөө мөөнөтүнүн өткөрүлүп жиберилишине сыяктуу эле, күрөөнүн сапатына, менчиктин формасына, тармактык тиешелүүлүгү боюнча карыз алуучунун түрүнө, гарантиялардын болушуна жана анын түрлөрүнө, ошондой эле гаранттардын ишенимдүүлүгүнө, кредиттер боюнча мурда алынган милдеттенмелердин аткарылышына баа берүүгө, карыз алуучунун ишинин андан-ары өнүгүү келечегине да байланыштуу. Кредиттик тобокелдик кредиттик союздун катышуучу-кардарынын/сунуштоочунун/өнөгүнүн (мындан ары - кардар) күнөөсү боюнча анын төлөөгө жөндөмсүздүгүнөн улам, төлөө мөөнөтүнүн өткөрүлүп жиберилишине сыяктуу эле, күрөөнүн сапатына, кардардын менчигинин формасы боюнча түрүнө, тармактык тиешелүүлүгүнө, гарантиялардын болушуна жана анын түрлөрүнө, ошондой эле гаранттардын ишенимдүүлүгүнө, кредиттер боюнча мурда алынган милдеттенмелердин аткарылышына баа берүүгө, карыз алуучунун ишинин андан ары өнүгүү келечегине да байланыштуу. 

Кредиттик тобокелдик кредиттик союздун ишинин бардык түрлөрүндө орун алышы ыктымал, мында алгылыктуу натыйжа, кардардын же болбосо контрагенттердин кредиттик союздун келишимде жана/же макулдашууда каралган өз милдеттенмелерин аткарышына жараша болот. 

Кредиттик тобокелдикти тескөө максаты, кредиттик союздун бул тобокелдикке дуушарлануу деңгээлин аныктоодон, анын келип чыгуу себептерине иликтөөлөрдү жүргүзүүдөн жана тобокелдиктин артышынын ички жана тышкы тенденцияларын аныктоодон, ошондой эле алардын негизинде кредиттик тобокелдикти болжолдоого жана аны алгылыктуу чекке чейин басаңдатуу үчүн зарыл чараларды көрүүдөн көрүнөт. 

5. Кредиттик союздар тарабынан жүргүзүлгөн операциялар жана бүтүмдөр Шариаттын стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүлөрү тийиш. 

6. Кредиттик союздар тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын жана бүтүмдөрдүн Шариат стандарттарына (принциптерине) ылайык келишин кредиттик союзда же кредиттик союздардын ассоциацияларында түзүлгөн Шариаттык кеңеш камсыз кылат. 

7. Өз милдеттерин аткарууда Шариат кеңеши кредиттик союздун Башкармасынан көз карандысыз болууга тийиш. 

8. Шариат кеңеши жөнүндө Жободо төмөнкүлөр аныкталуусу зарыл: 

- Шариат кеңешинин ишин (регламент) - кеңештин курамын, отурумдарды өткөрүү тартибин уюштуруу; 

- Шариат кеңешинин ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги; 

- Башкарма менен Каржылоо боюнча комитеттин өз ара иш жүргүзүү тартиби. 

9. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишти жүзөгө ашырууда бардык продукттарды сунуштоонун жалпы шарттары жана типтүү келишимдер, алардын Шариат стандарттарына ылайык келиши көз карашынан Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Эгерде айкын бир келишим шарттарына, аларды өзгөртүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсе, алар да Шариат кеңеши тарабынан жактырылышы зарыл. Макулдашуу, Шариат кеңеши тарабынан жактырылган, андагы типтүү макулдашуунун бардык олуттуу (негизги) шарттары өзгөрүүсүз сакталган шартта, Шариат кеңеши менен кошумча макулдашуусуз кредиттик союз тарабынан (акчалай каражаттарды жайгаштыруу боюнча бүтүмдөрдүн спецификасын жана деталдарын эске алуу менен, анын шарттарын тактоо жагында) өзгөртүлүшү жана толукталышы ыктымал. 

10. Шариат кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдер кредиттик союздун кардарлары үчүн сыяктуу эле, үчүнчү жактарга да жеткиликтүү болууга тийиш. Кредиттик союз Шариат кеңешинин чечимин чечмелеп берүүгө милдеттүү. Мында, кардарларга сунушталуучу чечмелөөлөр Шариат кеңеши менен алдын ала макулдашылуусу зарыл. 

2-глава. Кредиттик тобокелдикти тескөө 

11. Кредиттик союздун башкармалыгы кредиттик тобокелдикти тескөөнүн жана мониторинг жүргүзүүнүн бардык аспектилери боюнча укуктарын жана милдеттерин белгилөө менен кредиттик тобокелдикти тескөөнүн натыйжалуу системасынын, ошондой эле кредиттик тобокелдикти аныктоого, баалоого жана контролдоого мүмкүн болгон тиешелүү инструменттердин болушун камсыз кылат. 

12. Кредиттик тобокелдикти аныктоо - бул туруктуу негизде жүзөгө ашырылуучу процесс, ал тобокелдиктерди аныктоого багытталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

13. Тобокелдиктерди өлчөө, бул ошол кредиттик союздун тышкы жана ички шарттарын эсепке алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш. Тобокелдиктерди өлчөөнүн кредиттик союз тарабынан пайдаланылуучу инструменттери кредиттик союз тарабынан кабыл алынуучу тобокелдиктердин татаалдыгын жана деңгээлин чагылдыруусу зарыл. Кредиттик союз тобокелдиктерди өлчөөнүн ал тарабынан колдонулуучу инструменттерге мезгил-мезгили менен баа берип туруусу зарыл. 

14. Кредиттик союз саясаттарда, эрежелерде жана жол-жоболордо кредиттик союздун кызматкерлеринин укуктарын жана жоопкерчиликтерин аныктоочу лимиттерди белгилөөгө жана жазып көрсөтүүгө тийиш. Контролдук чектөөлөр жөнгө салынууга б.а. кредиттик союзда аталган лимиттерге саясаттарда белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүктөрү болуусу зарыл. Контролдоо механизмдери Шариат эрежелерине жана стандарттарына, мыйзамдардын талаптарына, ошондой эле кредиттик союздун ички саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык келүүгө жана тобокелдиктерди тескөө процесстеринин бүтүндүгүн камсыз кылууга тийиш. 

15. Кредиттик тобокелдикке мониторинг боюнча отчеттор мезгилдүү, так, өз убагында болууга жана зарыл болгон корректировкалоочу чараларды кабыл алуу үчүн кредиттик союздун жооптуу кызматкерлерине берилүүгө тийиш. 

16. Кредиттик союзду каржылоо боюнча операциялар кредиттик союздун катышуучуларынын Жалпы чогулушу менен бекитилген, анын каржылоо боюнча ички саясатына ылайык жүргүзүлөт. Кредиттик союздун катышуучуларынын Жалпы чогулушу каржылоо боюнча саясаттын шайкештигине баяндаманы мезгил-мезгил менен жүргүзүп туруусу зарыл. 

Кредиттик союз башкармалыгы ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүргүзүү боюнча кредиттик союздун саясатын аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат, ушуга байланыштуу кредиттик союздун ишине кредиттик тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо боюнча саясатты жана жол-жоболорду иштеп чыгууга жана киргизүүгө тийиш. 

3-глава. Кредиттик союздун ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу боюнча саясаты 

17. Кредиттик союздун ислам каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу тууралуу саясаты (мындан ары - Саясат) кредиттик союздун кызматкерлери каржылоону сунуштоо, тариздөө, тобокелдиктердин мониторингин жүргүзүү жана тескөө боюнча ишинде милдеттүү түрдө таянууга тийиш болгон стратегияны, критерийлерди, параметрлерди жана жол-жоболорду аныктоого тийиш. 

Кредиттик союздун Саясатында кызматкерлерди каржылоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча, кредиттик союзда кардарлардын/өнөктөштөрдүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү жагында ишке киргизилген саясатты эске алуу менен кардарлардын/өнөктөштөрдүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн талдап-иликтөө жана баа берүү маселелери, кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу активдер менен иш алып баруу жана башка каржылоо маселелери, ошондой эле кардарлар/өнөктөштөр менен байланыш, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптары жана жоопкерчиликтүү каржылоо принциптери боюнча мезгил-мезгили менен окутуудан өтүшүн камсыз кылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

18. Саясатта кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин берилишине тиешелүү болгон төмөнкүдөй жол-жоболор чагылдырылуусу зарыл: 

1) төмөнкүлөрдү кошо алганда, жалпы жоболор: 

- каржылоо максаттарына жана башка шарттарга жараша, кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдердин түрлөрүн; 

- каржылоо валютасын; 

- каржылоонун сандык чектерин; 

- каржылоонун мөөнөттөрүн; 

- кардарлардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү критерийлерин; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча кошумча сумманы/кирешени жана аларды эсептөө ыкмаларын; 

- кардарлардын финансылык маалыматтарга карата талаптарын; 

- географиялык чектөөлөрдү

- каржылоонун концентрацияланышы (кардарлардын топтору боюнча, географиялык белгилери, тармактар жана башка факторлор боюнча); 

- кредиттик союздун башкаруу органдарынын мүчөлөрүнө берилүүчү кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча чектөөлөр; 

- күрөөнүн наркына жана алгылыктуулугуна баа берүү критерийлерин; 

- жана башкаларды; 

2) төмөнкүлөрдү кошо алганда, кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерди тариздөө тартиби: 

- документтердин формалары; 

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерди сунуштоо тартиби; 

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерди жактыруу тартиби; 

- күрөөгө жана документтерге карата талаптар (күрөөнүн түрү, күрөөнүн кредиттик тобокелдикти камтыган активге карата катышы, рыноктук наркына баа берүү жана анын жайгашкан жери, күрөөнү тескөө укугу); 

- күрөөгө жана документтерге карата талаптар (күрөөнүн түрү, күрөө менен активдин ордун жабуу коэффициенти, рыноктук наркына баа берүү жана анын жайгашкан жери, күрөөнү тескөө укугу, күрөөгө баа берүү ыкмалары); 

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдердин туура таризделишине контролдук кылуу; 

3) кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерди тескөө боюнча талаптар: 

- төмөнкүлөрдү кошо алганда, кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдерди тескөө тартиби; 

- кардардын досьесинин шайкеш жүргүзүлүшүнө карата талаптар; 

- келишимдердин аткарылышына контролдук кылуу; 

- каржылоонун максаттуу пайдаланылышына талдап-иликтөөлөрдү жана мониторинг жүргүзүү

- күрөөгө жүргүзүлгөн мониторингдин мезгилдүүлүгү

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдерди узартуу же кайра калыбына келтирүү шарттары; 

- потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды классификациялоо жана түзүү (РППУ); 

- кредиттик тобокелдиктерди камтыган реструктуризацияланган активдерди кайра классификациялоо тартиби; 

4) кредиттик тобокелдиктерди камтыган каржылоо боюнча мөөнөтү өткөрүлүп жиберилген жана орду жабылбаган карызды аныктоо, аларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана кайтаруу иштери тартиби. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

18-1. Кредиттик союз, каржылоо бүтүмдөрүн аткаруудан тобокелдикке баа берүү ишин уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишим түзүүгө, ошондой эле кеминде бир кредиттик бюрого кредиттик союзда болгон кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү

Кредиттик маалымат айкын маалыматтарга негизденген, анык жана жаңыртылган маалымат болууга тийиш. 

Кредиттик союздун каржылоо ишин тескөө боюнча ички документтерде төмөнкүдөй кредиттик маалымат алмашуу ишин уюштуруу тартиби жана талаптар камтылууга тийиш: 

- кредиттик маалыматты санкциясыз пайдалануудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, колдонуудан же ачыкка чыгаруудан коргоо жана сактоо; 

- кредиттик союз жана кызматкерлер тарабынан кредиттик маалымат алмашуу процессинде, ошондой эле эмгек келишиминин (контракттын) мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга маалым болгон маалыматтын ачыкка чыгарылышына тыюу салуу. 

Мындан тышкары, каржылоо ишин тескөө боюнча ички документтерде кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүдө негизги шарттар жана милдеттенмелер чагылдырылат, анын ичинде:  

- кредиттик бюрого кредиттик маалыматтын өзгөртүлгөндүгү жана жаңыртылгандыгы жөнүндө өз убагында билдирүү

- кредиттик маалымат субъектинин талабы боюнча кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү

- кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө келишимге ылайык кредиттик бюрого маалыматтарды өткөрүү системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу. 

Кредиттик союз кредиттик бюрого берилген, анын ичинде бардык кардарлар жөнүндө кредиттик маалыматтын бурмаланышы, ошондой эле маалыматтын толук берилбеши үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын чегинде, кредиттик союз өз алдынча кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдердин түрлөрүн аныктайт, каржылоо портфелин түзөт жана кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдер боюнча кошумча сумманы/кирешени белгилейт. 

4-глава. Кредиттик союзду каржылоо боюнча комитет 

20. Кредиттик союздун уюштуруучуларынын Жалпы чогулушу менен шайланган кредиттик союзду Каржылоо боюнча комитет, Саясатты түздөн-түз жүзөгө ашырган орган болуп саналат. Өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүүгө тиешелүү бардык маселелер Каржылоо комитети тарабынан чечилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

20-1. Кредиттик союз өз кызматкерлеринин жооптуу каржылоо жагында билим деңгээлин жогорулатууга милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

21. Каржылоо боюнча комитеттин иши "Каржылоо боюнча комитет жөнүндө" жобо менен жөнгө салынат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кредиттик союздун уставы менен белгиленген укуктарынын чегинде Кредиттик союздун башкармалыгы менен бекитилет. 

22. "Каржылоо боюнча комитет жөнүндө" жободо төмөнкүлөр аныкталууга тийиш: 

- Каржылоо боюнча комитеттин ишин уюштуруу - комитеттин курамы, отурумдарын өткөрүү тартиби, чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги; 

- Каржылоо боюнча комитеттин ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери; 

- Каржылоо боюнча комитеттин ишине тиешелүү башка маселелер. 

5-глава. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди сунуштоо боюнча кредиттик союздун ишин уюштуруу 

§1. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга берилген билдирмелерге талдап-иликтөөлөр 

23. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү боюнча иш мындай активди алууга кардардын билдирмесин алган учурдан тартып башталат, берилген билдирмеде кредиттик тобокелдикти камтыган активди алуу максаты, талап кылынган сумма, алуу шарттары жана мөөнөтү, каржылоонун ордун жабуу булагы жана күрөөгө тиешелүү маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш. 

24. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга, кароого көрсөтүлгөн бардык билдирмелер, ал боюнча кабыл алынган чечимге көз карандысыз, каттоо журналында катталышы милдет. 

Кредиттик союздун ички саясаттарында билдирмелерди кароо мөөнөтү белгиленүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

25. Жалпысынан, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алууга билдирмеге ар бир талдап-иликтөө кредиттик союздун саясатына негизделип жана кардардын/өнөктөштүн төлөө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча төмөнкү негизги факторлорго таянуу зарыл: 

1) каржылоону алуу укугу. Каржылоо боюнча кызматкер кардардын кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга жана каржылоо келишимине кол коюуга укуктуу экендигине ынаанууга тийиш; 

2) кардардын мүнөзү. Каржылоо боюнча кызматкер кардар каржылоону алууга жоопкерчилик менен мамиле жасай тургандыгын, кредиттик союздун суроолоруна толук жооп берип, карызын төлөө үчүн болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын аныктоого тийиш. Талдап-иликтөөнү жүргүзүүдө кардар буга чейин башка финансы-кредит уюмдарда өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерден пайдаланганбы же жокпу, кандай кайтарылып берилгендигине, кредиттик тартипти так сактагандыгына, өз милдеттенмелерин аткарууга даяр экендигине көңүл буруу зарыл. Ошондой эле, анын адамгерчилик аброюна, кесиптик деңгээлине да көңүл буруп, кардардын ушул тармакта канча жылдан бери иштегендигин жана иш тажрыйбасын, жетишкен ийгиликтерин да кароо маанилүү. Мындан тышкары, кардардын макулдугу менен кредиттик союз ал тууралуу жана кредиттик союздун ыктыярына жараша кардар/өнөктөш менен байланыштуу жактар тууралуу, эгер мыйзамга ылайык алардын макулдугу болсо, маалыматты (кредиттик отчет) бир же бир нече кредиттик бюродон талап кылууга тийиш. 

Кредиттик союз кредиттик бюродон алган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын камсыз кылууга жана анда камтылган кредиттик маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого, ошондой эле кредиттик отчетту мыйзамдарда белгиленген максаттарда гана пайдаланууга тийиш.  

Кредиттик союз кредиттик отчетто камтылган маалыматтардын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат; 

3) акча каражаттары. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга берилген билдирмеге талдап-иликтөөнү жүргүзгөн каржылоо боюнча кызматкер төмөнкүдөй эң негизги суроолорго жооп бериши зарыл: кардар кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин ордун жабуу үчүн киреше жана нак акчанын агымы сыяктуу, жетиштүү акча каражаттарын ала алабы; 

4) камсыздоо. Камсыздоого баа берүүдө каржылоо боюнча кызматкер кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча зарыл камсыздоону сунуштоосу үчүн кардар талаптагыдай активдерге ээби же жокпу, мына ушул жагдайды да териштирүүсү зарыл; 

5) гарантия (кепилдик). Эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин камсыздоосу катары кепилдик колдонулса, анда гарантты (кепилдик берүүчүнү) иликтөө иштерин жүргүзүп, анын кесиптик аброюн, төлөөгө жөндөмдүүлүгүн, жоопкерчиликтүүлүгүн жана өз милдеттенмесин аткарууга даяр экендигин тактоо зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

26. Бардык документтерди толук иликтөөдөн өткөргөндөн кийин, кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди берүү же берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынат. 

27. Эгерде кардарга/өнөктөшкө кредиттик тобокелдикти камтыган активди берүү маселеси оң чечилсе, алынган документтерден кардарды/ өнөктөшкө каржылоо досьеси түзүлөт. 

Кредиттик союзда маалыматтардын сакталышын жана коопсуздугун камсыздоо боюнча талаптарды камтыган, маалыматтар менен иштөө боюнча ички документтер иштелип чыгууга тийиш. Кредиттик союздун кызматкерлери маалымат топтоодо жана кардар/өнөктөш менен маектешүү учурунда кардар/өнөктөш боюнча маалымат мыйзамга ылайык кайсы учурларда колдонула тургандыгын так түшүндүрүп берүүлөрү зарыл.  

Кардардын/өнөктөштүн сүрөттөрүн же видеожазууларды, аудиожазууларды жана алар туралуу башка маалыматты жарнамалык, маркетингдик жана башка максатта колдонуу үчүн, кардардын/өнөктөштүн жазуу жүзүндөгү макулдугу керек. 

Каржылоо берүүдөн баш тартылган учурда, кредиттик союз баш тартуу себептерин түшүндүрүү менен кардарга/өнөктөшкө кабыл алынган чечим жөнүндө кат жүзүндө маалымдоого тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

27-1. Кредиттик союз, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, ипотеканы (мурабаха, ж.б. келишимдери боюнча турак жай сатып алууга/курууга) жана кардарга/жеке адамга чет өлкө валютасында керектөө максаттарына каржылоону сунуштай албайт. Мына ушундай каржылоолор боюнча төлөмдөрдү, каржылоо келишиминин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6 токтомдорунун редакциясына ылайык) 

28. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

§2. Каржылоо келишимине карата талаптар жана аны түзүү тартиби. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

29. Кредиттик союз менен кардар ортосунда түзүлгөн каржылоо келишими, анын бардык тиркемелери жана башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик же расмий тилде (кардарга тил тандоо укугун сунуштоо менен) түзүлөт. Каржылоо келишиминин түп нускасынын саны тараптар түзгөн келишимдин санынан кем болбоого тийиш. Кредиттик союз Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, каржылоо келишиминин түп нускаларынын сакталышын камсыз кылууга тийиш.  

Каржылоо келишиминин тексти кардардын кабыл алуусу жана түшүнүүсү үчүн жеткиликтүү болушу зарыл. Каржылоо келишиминин шарттарынан улам келип чыккан кардардын укуктары жана милдеттери келишимдин өзүнчө бөлүгүндө чагылдырылууга тийиш. Каржылоо келишиминин бүтүндөй текстинин жана ага карата бардык тиркемелердин шрифти бирдей болууга жана анын өлчөмү 12 кем болбоого тийиш.  

30. Кийин аны кайтарууда мүмкүн болуучу проблемаларга жол бербөө максатында, каржылоо келишимин түзүүдө актив берилип жаткан жана төлөнө турган бардык шарттарды тактоо зарыл.  

31. Эгерде бул кардардын укугуна кесепетин тийгизе турган болсо жана милдетин көбөйтө турган болсо, кредиттик союз кардардын кат жүзүндө макулдугун алуусуз келишимдин баштапкы шарттарын бир тараптуу тартипте алмаштырууга укугу жок. 

32. Каржылоонун ордун жабуу графиги каржылоо келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, төлөө мөөнөтү кардардын финансылык мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен түзүлөт жана ага эки тарап тең кол коет.  

33. Каржылоо келишиминде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 

- тараптардын аталышы; 

- келишим предмети;  

- каржылоо келишимин колдонуу мөөнөтү

- каржылоону сунуштоо боюнча негизги шарттар, анын ичинде суммасы, ордун жабуу тартиби жана мөөнөттөрү, камсыздоо түрү, каржылоо боюнча үстөк баа/киреше көрсөтүлөт; 

- кардардын укуктары жана милдеттери, анын ичинде каржылоо келишими боюнча өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган шартта; 

- кредиттик союздун укуктары жана милдеттери; 

- кредиттик бюрого кардар жөнүндө маалыматты сунуштоо шарттары (эгерде ошол кредиттик союз анын катышуучусу болуп саналса); 

-  активди кайтарууга чейинки кеминде отуз күн мурда ал тууралуу кредиттик союзга маалымдалган шартта, кардардын активдин ордун кандай болбосун айыптык санкцияларсыз, кайсыл болбосун учурда мөөнөтүнөн мурда жабуу укугу; 

- форс-мажордук жагдайлар орун алган шартта кредиттик союз менен кардар ортосунда өз ара иш алып баруу шарттары. Форс-мажордук жагдайларда төмөнкүлөр камтылышы мүмкүн, бирок булар менен гана чектелбейт, алсак: жаратылыш кырсыктары (суу ташкыны, жер титирөө, өрттүн чыгышы жана башка жаратылыш же болбосо техногендик кырсыктар), жапырт тараган илдет (эпидемия), өзгөчө кырдаалды киргизүү, массалык баш аламандык, талап-тоноочулук, согуш аракеттери ж.б. 

34. Кредиттик союз кардарды чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги менен тааныштырууга тийиш, ал ушул жобонун 2-тиркемесине ылайык таблица түрүндө түзүлүп, каржылоо келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана ага эки тараптын кол тамгасы коюлат.  

Зарылчылыкка жараша кредиттик союз кардарга каржылоо боюнча төлөмдөрдү, туумдарды, айыптарды ж.б. эсептөө тартиби боюнча түшүндүрмө берүүгө тийиш.  

Кредиттик союз каржылоо келишиминин шарттарына бекитилген тарифтерден башка кошумча жыйымдарды, каржылоо келишимин түзүүдө жана анын талаптарын аткарууда кармалып калуучу/төлөнүүчү комиссиялык жана башка төлөмдөрдү, ошондой эле кардар менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөө негизинде башка кызмат көрсөтүүлөрдү киргизүүгө укугу жок.  

34-1. Кардар менен каржылоо келишими түзүлгөндөн кийин жана ал акча каражаттарын алгандан кийин кардарга кеминде төмөнкү документтер берилүүгө тийиш: 

- төлөө графиги менен тараптардын кол тамгасы коюлган каржылоо келишими; 

- кредиттик союздун кардарынын чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын тизмеси. 

34-2. Кардардын кредиттик таржымалы (таржымалга карата минималдуу талаптар ушул жобонун 1-тиркемесинде келтирилген) кардардан билдирме алынган учурдан тартып түзүлөт жана ага каржылоо боюнча бардык тиешелүү документтер көктөлөт.  

34-3. Активдерге мониторинг жүргүзүү учурунда кредиттик союз телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдүн кыскача мазмунун жана кардар менен жолугушууларды каттоо журналын кошо алганда, алар боюнча жүргүзүлгөн бардык иш-чаралардын эсебин жүргүзүүгө жана документ түзүүгө тийиш. Өзгөчө мындай эсепти, проблемалуу активдер менен иш алып барууда жүргүзүү өтө маанилүү

§3. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылып берилишин камсыз кылуу 

35. Кредиттик тобокелдикти камтыган актив камсыздалган же камсыздалбаган (бланктык негизде) болушу мүмкүн. 

36. Ушул жобонун максаттарында кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөө булактары баштапкы жана экинчи болуп бөлүнөт: 

1) кредиттик тобокелдикти камтыган активдин ордун жабууга зарыл болгон акча каражаттары баштапкы булак болуп саналат, алар жагдайдын кадыресе өнүгүүсүндө өндүрүштүк иштин жүрүшүндө, кызмат көрсөтүүдө, иштерди аткарууда ж.б. генерирленет: юридикалык жактар үчүн - бул, нак жана нак эмес формада кирешелер, ал эми жеке адамдар үчүн - бул, эмгек акы жана башка түшүүлөр; 

2) күрөөгө коюлган мүлктү сатып өткөрүүдөн алынган акча каражаттар, кепил болуучу жана гарант тарабынан каражаттардын чегерилиши - экинчи булак болуп саналат. 

37. Каржылоого билдирмени кароодо жана аны сунуштоо шарттарын бекитүүдө эң оболу, биринчи булакка таянуу зарыл, мында төлөөнүн экинчи булагына гана таянууга болбойт. Ошондуктан, кредиттик тобокелдикти камтыган активди алууга билдирмени кароо процессинде кардардын акчалай агымдарына жүргүзүлгөн иликтөөлөргө, ошол кардардын иштеп жаткан тармагынын жана бизнес чөйрөсүнүн өнүгүү келечектерине өзгөчө көңүл буруу зарыл. 

38. Экинчи булактар, эгерде кайтарылышы жагында көйгөйлөр келип чыкса, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылышын кошумча гарантиялар менен камсыздоо үчүн зарыл болот. Мындай камсыздоонун катарына төмөнкүлөр кирет: кардарды каржылоонун алкагында сатылып алынган активге карата кредиттик союздун менчик укугу, мүлктүк жана укуктук күрөө, талаптарды жана укуктарды ыйгарып өткөрүп берүү, гарантиялар менен кепилдиктер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же келишимде каралган башка ыкмалары. Кредиттик союздун Каржылоо боюнча комитети кредиттик тобокелдикти басаңдатуу максатында Шариат кеңешине кайрыла алат, ал айрым учурларда кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылышын камсыз кылуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү бере алат. 

39. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөөнүн экинчи булагы катары мүлктүк күрөө, кардар өз милдеттенмелерин аткара албай калган учурда, күрөөлүк мүлктүн наркынан талаптарын канааттандырып алууга кредиттик союздун артыкчылыктуу укугун тастыктаган күрөө келишими менен тариздетилет. 

40. Күрөө келишиминде кеминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

- күрөө предмети жана анын бааланган наркы; 

- келишим тараптары; 

- кыймылсыз мүлк же катталууга тийиш болгон мүлк күрөөгө коюлган шартта - андан улам мүлк укукту тастыктаган документтердин реквизиттерин көрсөтүү менен күрөө коюучуга таандык болгон укук; 

- милдеттенменин максималдуу суммасында чагылдырылган күрөө менен камсыздалган милдеттенмени баяндоо; 

- күрөө менен камсыздалган милдеттенменин өлчөмү жана аткаруу мөөнөтү

- күрөөгө коюлган мүлк тараптардын кимисинде экендигин көрсөтүү

- кардар тарабынан кредиттик тобокелдикти камтыган актив кайтарылбаган шартта, күрөөнүн кредиттик союздун менчигине өтүү шарттары жана тартиби; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ылайык тараптардын күрөөгө карата милдеттери жана башка талаптар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

41. Наркын көрсөтүү менен күрөөлүк мүлктүн толук описи күрөө келишимине кошо тиркелет. Күрөө келишимине сертификаттар, күбөлүк жана башка техникалык документтер тиркелиши мүмкүн. Күрөө келишими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тариздетилүүгө тийиш. Түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санынан кем болбошу зарыл. 

42. Күрөөнү пайдалануу аны администрлөөнүн белгилүү бир системасынын бар экендигин болжолдойт; күрөөнүн абалына иликтөөлөр жүргүзүлүп, ага баа берилип, күрөөнү күтүү шарттарын жана ага жүргүзүлгөн мониторингди контролдоо планы түзүлүүгө тийиш, ошондой эле тиешелүү документтердин болушу да талап кылынат (күрөөлүк документтерге карата минималдуу талаптар ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген). 

43. Эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган активдин камсыздоосу катары гарантиялар жана кепилдиктер колдонулса, кардар үчүн мүлктүк жоопкерчилик, эгерде ал төлөй албаса, эрежедегидей эле, үчүнчү жакка жүктөлөт. Кредиттик тобокелдикти камтыган жана гарантия же кепилдик менен камсыздалган активди берүүдө кредиттик союз, зарылчылык келип чыккан шартта карызды төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү үчүн гаранттын же кепил болуучунун финансылык абалы тууралуу толук маалыматка ээ болууга тийиш. 

44. Камсыздалбаган кредиттер (бланктык), кардардын активдеринин күрөөгө коюлушун болжолдобойт жана кредит төлөөгө жөндөмдүү кардарга гана анын ишкердик аброюна, киреше деңгээлине баа берүүнүн негизинде берилет. Күрөө менен камсыздалбаган, кредиттик тобокелдиктерди камтыган активдер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү каржылоо саясатында белгиленет. 

6-глава. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге жүргүзүлгөн мониторинг 

45. Келишим түзүлүп, кардар кредиттик тобокелдикти камтыган активди алгандан кийин, кредиттик союз кредиттик тобокелдикти камтыган активге жана кардардын абалына туруктуу мониторингди жүзөгө ашырып туруусу зарыл. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин өз убагында төлөнүшүн, кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча эсептелинген сумманын/кирешенин төлөнүп берилишин жана көйгөйлөрдүн баштапкы стадияда эле аныкталышын камсыз кылуу - мониторингдин башкы максатынан болуп саналат. 

46. Күрөөгө коюлган мүлктүн сакталышына туруктуу контролдук жүргүзүп туруу жана анын күндөлүк наркынын өзгөрүүгө учуроо ыктымалдыгын аныктоо максатында кредиттик союз, мезгил-мезгили менен күрөөнүн абалына анын сакталып турган жана жайгашкан жери боюнча мониторинг жүргүзүп турууга тийиш. Мониторинг жүргүзүп туруу мезгили кредиттик союз тарабынан тиешелүү саясатка ылайык аныкталат жана күрөөнүн түрүнө, кредиттик тобокелдикти камтыган активдин сапатына жана кредиттик тобокелдикти камтыган берилген актив боюнча мөөнөткө жараша ишке ашырылат. Мындан тышкары, төмөнкү учурларга да өзгөчө көңүл буруу зарыл: 

- камсыздоонун рыноктук наркынын өзгөрүшү

- акыркы текшерүүдөн бери күрөө ликвиддүүлүгүнө таасирин тийгизген кандайдыр-бир факторлордун болушу; 

- күрөөнүн сакталышын талаптагыдай камсыз кылуу. 

47. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди классификациялоо каржылоо процессинде катышпаган жактар тарабынан жүргүзүлгөн көз карандысыз баалоонун негизинде жүзөгө ашырылат. 

48. Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин абалынын начарлашын тастыктаган белгилерге төмөнкүлөр кирет: 

- кардардын кредиттик союз менен байланышуудан четтөөсү

- кардардын финансылык абалынын начарлоосу; 

- негизги сумманын же кредиттик тобокелдикти камтыган активдер боюнча кирешелердин өз убагында төлөнбөшү

- мөөнөтүн узартуу өтүнүчү менен кайрылуусу; 

- кредиттик тобокелдикти камтыган активди максатсыз пайдалануу; 

- менчиктин өткөрүлүп берилиши жана сатылышы; 

- кардар тууралуу кандайдыр бир булактардан терс маалыматтын түшүүсү

- кардар - ишкананын ичинде талаш-тартыш абалдын курчушунун белгилери; 

- кардардын - ишкананын жетекчилигинин алмашуусу; 

- потенциалдуу көйгөйлөрдүн орун алып тургандыгын ырастаган башка жагдайлар. 

49. Ушул Жобонун 48-пунктунда көрсөтүлгөн белгилердин кайсы бири аныкталган шартта, кредиттик союз алардын келип чыгышынын себептерин такташтыруусу зарыл. Эгер, кредиттик союздун пикири боюнча бул белгилер жана/же алардын келип чыгышынын себептери тобокелдикти камтыган активдин абалынын начарлоосуна алып келиши мүмкүн болсо, анда кредиттик союз бул активди өзгөчө контролдукка алууга жана өз кызыкчылыгынын корголушун камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй бардык тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш, анын ичинде: 

- күрөөнүн бар экендигин жана аны күтүү шарттарын кошумча текшерүү

- кошумча камсыздоону тартуу; 

- эскертүү берүү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

- жагдай толук чечилмейинче, каржылоо линиясы боюнча кезектеги төлөмдөрдү токтотуп туруу; 

- кардарды жана ал акча каражаттарын жайгаштырган тармактын абалын кылдат иликтөөгө алуу; 

- башка коргоо чараларын колдонуу. 

50. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

7-глава. Кредиттик тобокелдикти камтыган "проблемалуу" активдер менен иш алып баруу 

51. "Проблемалуу" активдерди аныктоо кредиттик тобокелдикти камтыган активдерге туруктуу мониторинг жүргүзүүнүн жана каржылоо портфелине көз карандысыз баа берүүнүн максатынан болуп саналат. 

52. "Проблемалуу" актив дегенден улам, ал боюнча кардар кредиттик союз менен түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбаган, же болбосо кандайдыр бир жагдайлардан улам (мисалы, тышкы же финансылык) кредиттик союз алдында милдеттенмелерди аткаруу жана активдин ордун жабуу коркунуч алдында калган кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди түшүнөбүз. 

53. Кредиттик тобокелдикти камтыган актив "проблемалуу" деп таанылган шартта, активдерди кайтарып алууга багытталган төмөнкүдөй бир катар иш-чараларды камтыган, кредиттик союздун иш-аракеттер планын иштеп чыгуу зарыл: 

1) Кредиттик союздун көйгөйлүү кардарга анын каатчылыкка туруштук берүүсүнө жана кредиттик союз алдындагы милдеттенмелеринин аткарылышына өбөлгө түзгөн уюштуруу, финансылык жана башка колдоолорду көрсөтүү боюнча төмөнкү чаралар: 

- көйгөйдү аныктоо жана аларды чечүү жолдорун издөө жагында кардар менен (же жетекчилик менен) иш алып баруу; 

- кошумча күрөөнү жана гарантияларды алуу; 

- зарылчылык келип чыккан учурда, карыздын түзүмүн өзгөртүү программасын иштеп чыгуу (мисалы, кредиттик тобокелдикти камтыган активди кайтаруу жана ал боюнча кошуп эсептелинген сумманы/кирешени төлөө боюнча төлөмдөр графигин кайрадан карап чыгуу, каржылоо формаларын өзгөртүү ж.б.); 

2) Ушул иш-чаралар менен катар эле, кардар менен бирге төмөнкүлөрдү камтыган туруктуу иштерди жүргүзүү зарыл: 

- кардарга каржылоо боюнча келишим шарттарын бузууга жол бергендиги, кредиттик тобокелдикти камтыган активди төлөө мөөнөтү өтүп кеткендиги жана ага байланыштуу көйгөйлөр келип чыгышы ыктымалдуулугу тууралуу билдирүү

- сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

Өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган «көйгөйлүү» активдер менен иштөөдө, жолугушууларды жана маектешүүлөрдү өткөрүүдө, кредиттик союздун кызматкерлери ишкер жана кесипкөй жүрүм-турум эрежелерин так сактоолору тийиш. 

3) Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин кайтарылышын камсыз кылуу максатында, мүмкүн болушунча кыска мөөнөт ичинде төмөнкү чаралар ишке ашырылышы зарыл: 

- күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү

- гарант жана кепилдик берүүчүлөргө кайрылуу; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка чаралар. 

Каржылоо боюнча кызматтарды сунуштоодо кредиттик союз каржылоо келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө жөнүндө келишимге ылайык, кардарга жана күрөө коюучуга (эгерде ал болгон болсо) күрөөлүк мүлктү сатып алууга артыкчылыктуу укук берүүгө тийиш, ага ылайык кардар жана/же күрөө коюучу ачык тоорук башталганга чейин кайсыл болбосун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып алышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

54. Кредиттик тобокелдикти камтыган проблемалуу активдер менен иш алып барууга жооптуу болгон каржылоо боюнча кызматкер "проблемалуу" активдерге карата андан аркы иш-аракеттер жөнүндө сунуштар менен аткарылган иштер тууралуу маалыматты Каржылоо боюнча комитеттин кароосуна ар айлык негизде сунуштап турууга тийиш. Отчеттун көчүрмөлөрү кредиттик союздун Башкармасына жиберилет. 

55. Эгерде кредиттик союздун ушул главада каралган иш-аракети алгылыктуу натыйжага алып келбесе, кредиттик союз карызды мажбурлап өндүрүү максатында сотко кайрылууга милдеттүү

56. Кредиттик тобокелдикти камтыган активди объективдүү себептерден улам кайтаруу мүмкүн эмес болсо (анын ичинде кардардын каза болушу шартында), мындай активдерди эсептен алып салуу чечими кредиттик союздун Директорлор кеңеши тарабынан, ал эми калган активдер боюнча - Директорлор кеңешине милдеттүү түрдө маалымдоо менен кредиттик союздун Башкармасы тарабынан кабыл алынат. 

  

  

  

"Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзгөн кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" Жобого карата 

1-тиркеме 

Кардарды каржылоо боюнча таржымалга карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

I. Кардар жөнүндө жалпы маалымат 

1. Кредиттик союз тарабынан белгиленген форма боюнча каржылоо алууга билдирме, кредиттик союзга билдирме сунушталга чейинки акыркы алты ай ичинде ошол кредиттик союздан жана башка финансы-кредит уюмдарда алынган/төлөнгөн/орду жабылбаган милдеттенмелерге тиешелүү маалымат менен бирге кошо берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/11 токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Кредиттик бюродон кардарга карата кредиттик отчет. 

2-1. Кардардын өзү жөнүндө кредиттик отчетту берүүгө макулдугу (каржылоону алуу билдирмесинде көрсөтүлүшү мүмкүн). 

3. Кредиттик союздун кардарын идентификациялоого мүмкүндүк берген инсандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү

4. Кардардын кирешеси жөнүндө маалымат. 

5. Күрөөгө коюла турган мүлктүн описи (эгерде болгон болсо). 

6.  Кардардын жолдошунун/жубайынын каржылоону алууга макулдугу (бир кардарга 50 000 сомдон жогору каржылоо сунушталса жана колдонууда милдеттенмелер болуп, каржылоо сунушталып жатса). 

7. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган кардар (жеке адам) жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары төмөнкүлөрдү сунуштоого тийиш: 

- юридикалык жакты түзүүсүзжеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адам катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (эгерде болгон болсо); 

- патенттин көчүрмөсү (эгерде болгон болсо). 

7-1. Кол тамга коюу укугуна ээ адамдардын кол тамгаларынын үлгүлөрү менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточкалар (эгерде кардар юридикалык жак болсо). 

8. Кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган, акча каражаттарын алуу булактарына баа берүү.  

9. Мамлекеттик же расмий тилде түзүлгөн каржылоо келишими, ага карата тиркемелер, ошондой эле реструктуризациялоодо же пролонгациялоодо, талап кылуу укугун өткөрүп берүүдө кардар менен кошумча түзүлгөн макулдашуулар. 

10. Кредиттик союздун тиешелүү органынын өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активди сунуштоо, ошондой эле аны пролонгациялоо же реструктуризациялоо (эгерде болгон болсо) жөнүндө чечими.  

11. Кардар менен кат алышуулар (бардык кат-кабарларды тиркөө менен).  

12. Юридикалык документ (кардардын иши боюнча документтеринин көчүрмөлөрү, мисалы: накладнойлор, эсеп-фактуралар, өнөктөштөр менен келишимдер ж.б.). 

13. Активдин максаттуу пайдалангандыгын текшерүү жөнүндө отчет. 

14. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык типтүү формада түзүлгөн кардардын анкетасы.  

II. Күрөөлүк документтер 

15. Мамлекеттик жана расмий тилде Күрөө жөнүндө келишим. 

16. Күрөөлүк мүлк боюнча сертификаттар, күбөлүктөр жана башка квалификациялык документтер (эгерде болгон болсо). 

17. Күрөөгө коюлган мүлккө менчик укугун тастыктаган документтер. 

18. (күчүн жоготкон катары таанылсын). 

19. Күрөөнү иликтөө актысы, анда төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

- күрөөнү иликтөө күнү

- күрөөнүн түрү

- күрөөнү баалоо күнү

- баа берүү ыкмасы; 

- күрөөнүн жайгашкан орду; 

- күрөөнүн абалы жана аны күтүү шарттары; 

- күрөөнүн бааланган наркы; 

- күрөөнү мезгил-мезгили менен иликтөө графиги. 

20. Күрөө келишиминин катталгандыгын тастыктаган документтер (эгерде күрөө катталууга тийиш болсо же кредиттик союз аны каттоодон өткөртүүнү талап кылса). 

21. Кардардын тиешелүү органынын күрөөгө сунуштоо чечими (эгерде кардар - юридикалык жак болсо). 

III. Гарантиялар же кепилдиктер 

22. Кат жүзүндө гарантия/кепилдик же тиешелүү каржылоо келишимин, гарантия/кепилдик берилген сумманы, гарантия/кепилдик бүткөн күндү көрсөтүү менен кепилдик. 

23. Гаранттын тиешелүү органынын гарантия берүү чечими (эгер гарант юридикалык жак болсо). 

24. Гаранттын уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (эгер гарант юридикалык жак болсо). 

25. Кепилдик берүүчүнүн кирешеси тууралуу маалымат. 

 

  

  

"Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүргүзгөн кредиттик союздарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" Жобого карата 

2-тиркеме 

 

Кредиттик союздун кардарларынын  

чыгашаларынын (төлөмдөрүнүн) жана айыптык санкциялардын  

ТИЗМЕГИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 47/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

Кредиттик союздун кардарынын актив боюнча чыгашалары (төлөмдөрү)  

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин суммасы  

Каржылоо боюнча келишимде көрсөтүлөт  

Кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча үстөк баа/киреше  

Билдирмени кароо үчүн комиссия (кредиттик тобокелдикти камтыган активди тариздөө

Комиссия болгон шартта, алардын өлчөмү пайыздык же нарктык мааниде бекитилген тарифтерге ылайык көрсөтүлөт.  

Активди берүү жана администрлөө үчүн комиссия 

Ссудалык жана/же күндөлүк эсептерди ачуу (эгерде эсепти ачуу каржылоо келишимин түзүү менен шартталган болсо) жана тейлөө (эгерде кредиттик тобокелдикти камтыган актив боюнча операциялар нак эмес формада ишке ашырылган болсо) үчүн комиссия.  

Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссия (анын ичинде кардардын банкомат аркылуу нак акчаларды салуусу жана алуусу)  

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариустун кызматы үчүн төлөм ж.б.) 

Мындай чыгашалар келечекте өзгөрүшү мүмкүндүгүн көрсөтүү менен алардын болжолдуу наркы (диапазону) көрсөтүлөт 

Кардардын эсебинен көчүрмөлөрдү берүү үчүн төлөм  

Кредиттик союздун бекитилген тарифтерине ылайык көрсөтүлөт  

Башка чыгашалар 

Кредиттик союздун айыптык санкциялары жана туумдары  

Кредиттик тобокелдикти камтыган активдин негизги суммасын жана кредиттик союздун үстөк акысы/кирешеси боюнча төлөмдөрдүн кечиктирилгендиги үчүн  

Каржылоо келишиминин негизинде кредиттик союздан алынуучу бекитилген айыптык санкциялар өлчөмүнө ылайык, пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт  

Активди алгандан кийин каржылоо келишимин жокко чыгаруу шарттары  

Каржылоо келишиминин негизинде көрсөтүлөт  

Башка чыгашалар 

  

___________________ 

_________ 

______ 

_________________ 

_______ 

______ 

(ыйгарым укуктуу адистин аты-жөнү

(кол тамгасы) 

үнү

(кредиттик союздун кардарынын аты-жөнү

(кол тамгасы) 

үнү)».