Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 25-сентябрындагы 

№ 35\14 токтому менен 

бекитилди 

"Аманаттарды (депозиттерди) тартуу менен иш алып барбаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/16, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы №21/9 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул жобонун талабы аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык компанияларга, ошондой эле микрокредиттик компанияларга жана микрокредиттик агенттиктерге, анын ичинде атайы иштелип чыккан терминдерди эске алуу менен ислам банк иши жана каржылоо принциби боюнча операцияларды жүзөгө ашырган жана ислам "терезесине" ээ болгон уюмдарга (мындан ары МФУ) таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3, 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2. Бардык бүтүмдөрдөн жана операциялардан улам келип чыккан кредиттик тобокелдикти тескөөнү уюштуруу системасына, анын ичинде ислам МФУлары үчүн ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кредиттик келишимдерге жана контрактыларга, аларды түзүү тартибине жана МФУларда кредиттик тобокелдикти тескөөнүн шайкеш системасын түзүүгө карата минималдуу талаптарды аныктоо, ушул жобонун максатынан болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. МФУлар өз ишин "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" ,жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына, ошондой эле МФУлар Уставына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) лицензия/күбөлүгүнүн негизинде жүзөгө ашырууга милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомдорунун редакциясына ылайык) 

4. Микрокредиттөө операциялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдүн алкагында, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда, юридикалык жактардан, уюштуруучулардан (акционерлерден), финансы-кредиттик мекемелерден жана/же эл аралык финансылык уюмдардан тартылган өздүк же карыздык каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат. 

5. Ушул жобонун максаттары үчүн төмөнкү негизги түшүнүктөр колдонулат: 

- Төлөмдөр графиги - кредиттик келишимге карата, микрокредитти кайтарып берүү жана пайыздарды төлөө мөөнөттөрүн жана суммаларын аныктаган милдеттүү тиркеме; 

- Кошо жоопкерчиликтүү топ - катышуучу-жеке адамдардын (жок эле дегенде 3 киши) өз ыктыярлары менен топко биригүүсү, алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, топтун ар бир мүчөсүнүн милдеттенмелеринин аткарылышына жана алынган кредиттик каражаттардын толук кайтарылышына кандай гана шарттарда болбосун биргелешип жооп тартышат; 

- Топтук кредиттер - кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө, кошо жоопкерчилик алдында берилген кредиттер; 

- Карыз алуучу - МФУдан мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук шарттарында белгилүү бир максаттарга кредит алган жеке адам же юридикалык жак, кошо жоопкерчиликтүү топ; 

- Кардар - МФУнун кызмат көрсөтүүлөрүнө кайрылган же алардан пайдаланып жаткан жеке адам же юридикалык жак, кошо жоопкерчиликтүү топ; 

- Таламдардан улам келип чыккан чыр-чатак - МФУнун кызматкеринин жеке кызыкчылыгы кредит берүү чечимин кабыл алуу процессине таасир этиши, ошол эле учурда МФУнун таламдарына зыян келтириши мүмкүн болгон жагдай; 

- Кредиттик тобокелдик - карыз алуучулар тарабынан МФУлардын активдерин кайтарып берүү боюнча милдеттенмелер келишим мөөнөттөрү жана шарттарына ылайык аткарылбай калуу тобокелдиги; 

- Микрокредит ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча иш алып барган микрофинансылык уюмдар үчүн - микрокаржылоо/ (мындан ары - кредит) - жеке адамга, кошо жоопкерчиликтүү топко же юридикалык жакка МФУнун Уставына жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасында микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамдын 2-беренесине ылайык берилген акча каражаттары. Кредиттин өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген өлчөмдөн ашпоого тийиш. Ошондой эле, ушул Жобонун максаттарында кредит дегенден улам, өзүнө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди түшүнүүгө болот; 

- Байкоо органы - МФУга жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган, МФУнун башкаруу органы (Директорлор кеңеши/Байкоо кеңеши же МФУнун уюштуруу документтерине ылайык башка ыйгарым укуктуу жак); 

- Аткаруу органы - МФУга коллегиалдык же жеке күндөлүк жетекчиликти жүзөгө ашыруучу башкаруу органы (Башкарма/Төрага/Директор/Башкаруучу же МФУнун уюштуруу документтерине ылайык башка ыйгарым укуктуу жак); 

- Проблемалуу кредиттер - карыз алуучу тарабынан МФУ менен түзүлгөн келишим шарттары аткарылбаган кредиттер, же кандайдыр-бир жагдайлардан улам (мисалы, форс-мажордук жагдайлардын орун алышы же финансылык кыйынчылыктардын келип чыгышы), МФУ алдындагы милдеттенмелердин аткарылышына жана кредиттин төлөнүшүнө коркунуч туулат; 

- Форс-мажордук жагдайлар - жаратылыш кырсыктарын (суу каптоо, жер титирөө, өрт жана башка жаратылыш же техногендик кырсыктар), эпидемияларды, өзгөчө кырдаалдардын киргизилишин, массалык баш аламандыктарды, талап-тоноочулукту, аскердик аракеттер ж.б. сыяктуу окуяларды камтыган, бирок, чектелип калбаган жагдайлар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

5-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери бөлүгүндө пайдаланылган терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамында жана өз ишин ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган МФУлардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларда келтирилген терминдерге жана аныктамаларга ылайык келет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомдорунун редакциясына ылайык) 

2. Кредиттик тобокелдиктерди тескөөнү уюштурууга карата негизги талаптар 

6. МФУнун калкка жеткиликтүү кызматтарды сунуштоо, жакырчылыкты жоюуга көмөктөшүү, жумуштуулук деңгээлин жогорулатуу, ишкердикти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын калкын социалдык жактан мобилизациялоого көмөктөшүү боюнча негизги максаттарынын ишке ашырылышына - төмөнкүлөргө микрокредиттерди берүү аркылуу жетишүүгө болот: 

- калктын аз камсыз болгон катмарынын, аялдардын жана алыскы аймактарда жашоочулардын баштапкы бизнести түзүүлөрүнө

- жүргүзүлүп жаткан бизнести колдоого жана аны өнүктүрүүгө

- мыйзамга каршы келбеген керектөө жана башка максаттарга. 

7. МФУлар анын тиешелүү башкаруу органдары (документтин статусуна жараша Байкоочу орган же Аткаруу органы) тарабынан бекитилүүгө тийиш болгон тиешелүү ички ченемдик документтерди (саясаттарды жана жол-жоболорду) иштеп чыгууга милдеттүү. Бул документтерде төмөнкүлөр алдын-ала каралууга тийиш: 

- МФУнун Уставы жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамында аныкталган иш-аракеттердин максаттарын ишке ашыруу боюнча чараларды ачып көрсөтүү, алардын аткарылышына МФУнун Байкоо жана Аткаруу органдары жоопкерчилик тартат; 

- билдирмени кароого, кредиттерди берүүгө, кредиттик келишимди түзүүгө жана ал боюнча тиешелүү документтерди киргизүүгө, ошондой эле кредиттик тобокелдикти аныктоо, өлчөө, ага мониторинг жүргүзүү жана контролдукка алууга тийиштүү, кредиттөө боюнча операцияларга карата бардык шарттар жана негизги талаптар. Мында ар бир кредиттик продукт боюнча толук сүрөттөөлөр МФУнун тиешелүү ченемдик документтеринде чагылдырылууга тийиш. 

8. МФУнун ички ченемдик документтери ушул Жободо, Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында берилген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. 

9. МФУлар микрокредиттөөнү мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук шарттарында жүзөгө ашырышат. 

10. МФУлар өз ишин кардарларга карата алардын экономикалык кызыкчылыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык жана банктык сыр жөнүндө мыйзамынын талаптарын сактоодо, ак ниеттүүлүк, ачык-айкындуулук, аныктык принциптеринде жүзөгө ашырышат. 

3. Кредиттик саясат 

11. МФУнун кредиттик иши анын тиешелүү органы тарабынан бекитилген кредиттик саясаттын негизинде жүзөгө ашырылат. 

12. Кредиттик саясат МФУлардын кызматкерлери кредиттерди сунуштоо, тариздөө, мониторинг жүргүзүү, классификациялоо жана кредиттик тобокелдиктерди тескөө иштеринде колдонууга милдеттүү болушкан стратегияны, параметрлерди жана жол-жоболорду аныктайт. 

МФУ кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган кызматкерлерин карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берүүнүн, проблемалуу кредиттер менен иш алып баруунун МФУда колдонулуп жаткан ыкмаларын эске алуу менен кредиттөө жана карыз алуучунун төлөөгө жүндөмдүүлүгүнө иликтөөлөрдү жүргүзүү жана баа берүү, ошондой эле кредиттөөдөгү башка маселелерге мониторинг жүргүзүү, анын ичинде кардарлар менен байланышты жөнгө салуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын аткаруу, жоопкерчиликтүүлүк менен кредиттөө принциптеринин сакталышы маселелери боюнча мезгил-мезгили менен окутуп туруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

13. МФУнун кредиттик саясатында кредиттерди берүүгө, мониторинг жүргүзүүгө жана кайтарып берүүгө тиешелүү бардык негизги жоболор чагылдырылууга тийиш, анын ичинде: 

1) төмөнкүлөрдү кошо алганда, жалпы жоболор: 

- потенциалдуу карыз алуучулардын курамы; 

- кредиттердин кредиттөө максаттарына жана башка шарттарга жараша түрлөрү. Мында, типтүү кредиттик продукттар жана аларга карата келишимдер унификацияланууга тийиш; 

- кредиттөө тартибин жана сандык чектөөлөрүн (лимиттерди), анын ичинде байланыштуу/аффилирленген жактарга жана алардын туугандарына берилген кредиттер, ошондой эле ири кредиттер боюнча; 

- кредиттөө мөөнөттөрүн, анын ичинде бизнестин сезондуулугун, мезгилдүүлүгүн эске алуу менен; 

- потенциалдуу карыз алуучулардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн аныктоо тартиби; 

- пайыздык чендерди калыптандыруу тартиби (номиналдык/эффективдүү); 

- валютанын түрү

- кредиттик портфелдин түзүмүн (тармактар, валюталар жана башка белгилер боюнча); 

- кредиттин тигил же бул түрүнө мүнөздүү потенциалдуу тобокелдиктер жана аларды төмөндөтүү методдору/ыкмалары; 

- индексацияланган кредиттерди берүүгө тыюу салуу; 

2) кредитти тариздөө тартиби, анын ичинде: 

- кредиттерди берүү жана жактыруу тартиби; 

- күрөөгө баа берүү тартиби; 

- кредиттердин ордун жабуу графигин кошо алганда, алардын туура таризделишине контролдукту жүзөгө ашыруу; 

- документтердин формалары; 

- күндөлүк жана проблемалуу кредиттер менен иштөө тартиби; 

3) кредиттерди тескөө боюнча талаптар, анда төмөнкүлөр камтылат: 

- карыз алуучунун шайкеш кредиттик досьесин калыптандырууга жана түзүүгө карата талаптар; 

- кредиттерге жана кредиттик келишимдердин шарттарынын МФУнун ички жол-жоболоруна ылайык аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча талаптар; 

- кредиттерди пролонгациялоо, реструктуризациялоо, ошондой эле алар боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздар төлөнгөн учурда кредиттерди жаңыртуу шарттары; 

- кредиттерди классификациялоо системасын аныктоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга карата камдарды (РППУ) түзүүгө чегерүүлөрдүн маанисин белгилөө, мында Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 22-октябрындагы № 31/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасындагы жеке адамдардан жана юридикалык жактардан аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашыруу укугуна ээ эмес микрофинансылык уюмдар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга кам түзүүнүн жалпы принциптери жөнүндө" жободо, ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген "Белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун тартибинде" белгиленген РППУну түзүүгө чегерүүлөрдүн мааниси сакталууга тийиш; 

- кредиттер боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн жана төлөнбөгөн карыздарды кайтарып алуу боюнча иш тартиби; 

Зарыл учурда карыз алуучуларга кредитти реструктуризациялоо мүмкүнчүлүгүн кошо алганда, МФУнун проблемалуу кредиттерди жөнгө салуу саясаты тууралуу маалымдалууга тийиш. 

"Проблемалуу" кредиттер менен иш алып барууда, жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө жана башка чараларды ишке ашырууда МФУнун кызматкерлери ишкердик жана кесипкөйлүк этиканы так сактоого тийиш. 

4) кредиттөө процессинде МФУлардын кызматкерлеринин милдеттерин жана ыйгарым укуктарын бөлүштүрүүөлүү

- кредиттерди түрүнө жана өлчөмүнө жараша, аларды берүү укугун ыйгаруу; 

- күндөлүк кредиттерди администрлөө (мониторинг жүргүзүү) боюнча; 

- проблемалуу карыз алуучулардын карыздарын кайтарып алуу боюнча; 

5) МФУ кредиттик бүтүмдөрдү түзүүдө, өзгөртүүдө жана анын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө тобокелдиктерге баа берүү ишин уюштуруу максатында, бир же бир нече кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүгө, ошондой эле кеминде бир кредиттик бюрого кредиттик маалыматты сунуштоого милдеттүү.  

Кредиттик маалымат анык жана жаңыртылган, айкын маалыматтарга негизденген, ошондой эле МФУ менен кардар ортосунда түзүлгөн келишим шарттарына ылайык келүүгө тийиш.  

МФУнун кредиттик ишти жөнгө салуу боюнча кредиттик саясатында/ички документтеринде кредиттик маалымат алмашуу ишин уюштуруу тартиби жана талаптары камтылууга тийиш:  

- кредиттик маалыматты санкциясыз колдонуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, пайдалануудан же ачыкка чыгаруудан сактоону жана коргоону камсыз кылуу;  

- кредиттик маалымат алмашуу процессинде катышкан МФУ жана анын кызматкерлери тарабынан алар менен эмгек келишими (контракт) токтотулгандан кийин да маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салуу.  

Мындан тышкары, кредиттик саясатта кредиттик бюро менен кредиттик маалымат алмашуу келишимин түзүүдө негизги шарттар жана милдеттенмелер, анын ичинде төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:  

- кредиттик маалыматка өзгөртүүлөр киргизилгендиги жана жаңыртылгандыгы жөнүндө өз убагында билдирүү;  

- кредиттик маалымат субъектисинин талабы боюнча кредиттик бюрого берилген кредиттик маалыматка өзгөртүүлөрдү киргизүү;  

- кредиттик маалымат алмашуу келишимине ылайык, кредиттик бюрого маалыматтарды сунуштоо системасынын үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу.  

МФУ, бардык карыз алуучуларды кошо алганда, кредиттик бюрого сунуштаган кредиттик маалыматтын бурмаланышы, анын толуктугу, өз убагында сунушталышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 22/7, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

14. Ири кредиттерди, МФУнун байланыштуу/аффилирленген жактарына кредиттерди берүү, ошондой эле проблемалуу кредиттерди эсептен алып салуу МФУнун Байкоо органы тарабынан жактырылгандан кийин жүргүзүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 32017-жылдын 31-майындагы № 21/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

15. МФУнун кардардын тууганы болуп саналган жана кредиттерди берүү боюнча чечимдерди кабыл алуу жагында ыйгарым укукка ээ болгон кызматкери, бул кардарга кредиттерди берүү жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш эмес. 

16. МФУнун Аткаруу органы МФУнун кредиттик саясатынын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат жана МФУнун ишине кредиттик тобокелдикти аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана аны контролдукка алуу саясатын, жобосун жана жол-жоболорун иштеп чыгууга жана жайылтууга милдеттүү

16-1. МФУлардын кредиттөө жана мониторинг жүргүзүү ишине тартылган кызматкерлерине кредиттөө ишине жоопкерчиликтүүлүк менен мамиле жасоо жагында билим деңгээлин жогорулатуу сунушталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Микрокредитти алууга билдирмелерди карап чыгуу 

17. МФУлар ички ченемдик документтеринде кардар тарабынан кредит алуу үчүн берилген документтерди кароо мөөнөтүн белгилөөгө тийиш. 

18. МФУ кардарларга жок эле дегенде төмөнкү шарттарды сактаган учурда кредиттерди берет: 

1) кардар билдирмеде карызга алынган каражаттарды пайдалануу максаттарын көрсөтүү менен кредит алуу үчүн кайрылган шартта; 

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кардар эрезеге жеткен, ишке жарамдуу болгон шартта; 

3) Бир чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучулары бир үй-бүлө мүчөсүнөн, чогуу жашагандардан жана/же биргелешип бизнес жүргүзүүчүлөрдөн боло алышпайт; 

4) Чогуу жоопкерчиликтүү топтун бир үй-бүлө мүчөсү болуп саналбаган, бирок биргелешкен бизнеске ээ катышуучуларынын саны, мындай топтун катышуучуларынын жалпы санынын 20 пайызынан ашпоого тийиш; 

5) Чогуу жоопкерчиликтүү топтун бир үй-бүлө мүчөсү болуп саналбаган, бирок биргелешип бизнес жүргүзгөн катышуучуларынын үлүшү, топко берилген кредиттин жалпы суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш. 

Ушул жобонун талабына ылайык, бир нече ишкер (өнөктөштөр, чогуу ээлик кылуучулар ж.б.) тартылган экономикалык ишкердикти биргелешип жүргүзгөн бизнес катары түшүнүү зарыл. Мында, алардын иши биргелешип өндүрүп алуудан жана/же товарларды сатуудан, кызматтарды сунуштоодон пайда көрүүгө багытталат. Бул үчүн ишкерлердин мүлкү, материалдык эмес активдери, эмгеги пайдаланылат. Биргелешкен бизнестин катышуучулары бизнес жүргүзүүдөн алынган пайданы өз ара бирдей үлүштө бөлүштүрүп, келип чыгышы мүмкүн болгон жоготуу тобокелдигине бүтүндөй мүлкү же анын бөлүгү менен жооп беришет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/16 токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Кредит алуу үчүн кардар жок дегенде ушул жобонун 1-тиркемеге ылайык сунушталган документтерди берүүсү зарыл. 

МФУда маалыматтардын сакталышын жана коргоого алынышын камсыз кылуу талаптары каралган маалымат менен иш алып баруу боюнча ички жол-жобо иштелип чыгышы зарыл. МФУнун кызматкерлери маалымат топтоодо жана кардарлар менен иш алып барууда мыйзам талаптарына ылайык маалыматтар кандай учурларда гана колдонула тургандыгы так чечмелеп, түшүндүрүүгө тийиш.  

Кардардын (кардарлардын) сүрөттөрүн же алар катышкан видео жаздырууларды, аудио жаздырууларды жана аларга тиешелүү башка маалыматтарды жарнамалык, маркетингдик маалыматтарда же башка жалпыга маалымдоо максаттарында пайдалануу үчүн ага кардардын (кардарлардын) кат жүзүндө макулдугун алуу талап кылынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомдорунун редакциясына ылайык) 

20. Билдирмелерди карап чыгуу регламенти жок эле дегенде төмөнкү баскычтардан турууга тийиш: 

1) кардарлардын кредиттерди алууга билдирмелерди каттоо Журналына, билдирмелерди каттоо (мындан ары - Журнал). МФУда маалыматты коргоо жана сакталышын камсыз кылган коопсуздук системалары орнотулуп, маалыматтан санкциясыз пайдаланууга жана өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүн болбогон шартта, журналды электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет; 

2) кардар тарабынан билдирмеде көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү

2-1) мыйзам талаптарына ылайык алар бул шартка макул болгон болсо, карыз алуучуга жана МФУнун ыңгайына жараша, аны менен байланыштуу жактарга тиешелүү малыматты (кредиттик отчет) бир же бир нече кредиттик бюродон талап кылууга;  

МФУ кредиттик бюродон алынган кредиттик отчеттун купуялуулугун жана сакталышын, анда камтылган кредиттик маалыматтын үчүнчү жактарга таркатылбашын жана кредиттик отчеттун кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө мыйзамда белгиленген максаттарда гана пайдаланылышын камсыз кылууга тийиш.  

МФУ кредиттик отчетто камтылган маалыматтын бурмаланышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

3) кардар-потенциалдуу карыз алуучу менен аңгемелешүү жүргүзүү

4) кардар тарабынан берилген документтерге алдын-ала экспертиза жүргүзүү

5) формалдуу эмес кирешеге ээ болгон кардарларды кошо алганда, кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарына баа берүү

6) кредит берүү жөнүндө чечим; 

7) кардарга МФУда белгиленген тартипте кредит берүү/кредит берүүдөн баш тартуу жөнүндө маалымдоо, бул, формасы МФУ тарабынан белгиленген Журналга катталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомдорунун редакциясына ылайык) 

21. Эгерде, кредит боюнча кызматкер же кредит берүү чечимин кабыл алууда катышкан кайсы гана жак болбосун, потенциалдуу кардар менен таламдардан улам келип чыккан талаш-тартыш мамилелеринде болсо, анда ал аталган карыз алуучуга кредит берүү боюнча чечим кабыл алууга катышууга тийиш эмес. 

МФУнун кызматкерлери өз функционалдык милдеттеринин чегинде гана кардарлар менен өз ара аракеттенүүгө тийиш жана кардарга сый акы катары кредит берүүдө ортомчу сыяктуу көмөктөшүү укугуна ээ эмес. 

5. Кардарлардын укуктары 

22. Кредиттик келишимге кол коюлганга чейин, кардар төмөнкүлөргө укуктуу болот: 

1) кредиттик келишимдин долбоорун ага тиркелген бардык документтери менен колуна алууга жана юридикалык консультация алуу үчүн МФУнун чегинен тышкары кайрылууга, мында кардарга аталган келишим менен таанышууга берилген убакыт бир күндөн кем эмес, бирок, үч күндөн ашпоого тийиш; 

2) МФУ кызматкерлерине төмөнкү маалыматты түшүндүрүү жана аларды чечмелеп берүү боюнча консультацияларды алуу үчүн кайрылууга: 

- кардардын тандоосу боюнча мамлекеттик жана/же расмий тилде, кредиттик продукттун толук наркы жөнүндө маалыматты кошо алганда, кредиттерди берүү шарттары жөнүндө

- карызгердин анын ичинде өзүнүн финансылык абалы жөнүндө так эмес маалыматты бергендиги үчүн жоопкерчилигин, милдеттерин кошо алганда, кредиттик келишимдин шарттары жөнүндө, ошондой эле кредит алууга жана кредиттик келишимдин шарттарынын бузулушуна, күрөөлүк камсыздоону сунуштоого жана кепилдик берүүгө байланыштуу тобокелдиктер жөнүндө

- кредиттик келишим шарттарынын өзгөрүшү ыктымалдуулугу жана тартиби жөнүндө

- кредит алуу, тейлөө жана аны кайтарууга байланыштуу бардык төлөмдөрдүн тизмеси жана өлчөмү жөнүндө (ушул Жобого карата 3-тиркеме). 

23. Кардар кредиттик келишимге кол койгон учурдан тартып, акча каражаттарын алган же келишим боюнча лизингге тиешелүү мүлккө төлөөлөрдү жүргүзгөн учурга чейин кайтарымсыз негизде кредит алуудан баш тартууга. 

24. Кредиттик келишимге кол коюлгандан жана МФУдан акча каражаттарын алгандан кийин кардар төмөнкүлөргө укуктуу: 

1) МФУлардан карыздын өлчөмү жөнүндө маалыматты жана кредиттик келишимдин шарттары өзгөргөн учурда - төлөмдөрдүн жаңы графигин алууга; 

2) кредит боюнча карызын мындай кайтаруу күнүнө отуз күн калганга чейин МФУга алдын-ала билдирүү шарты менен мөөнөтүнөн мурда, эч кандай айыптык санкцияларсыз толук же жарым-жартылай төлөөгө

3) МФУга кредитти пролонгациялоо же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кайрылууга. Карыз алуучу МФУга кредитти пролонгациялоо же реструктуризациялоо өтүнүчү менен кат түрүндө кайрылган шартта, МФУ аны карап чыгууга жана кат ээсине аталган кайрылуу боюнча чечимин кат түрүндө билдирүүгө тийиш; 

4) эгерде, кредиттин негизги суммасынын 50 пайызынан көбүрөөгү төлөнгөн болсо, МФУнун ички документтеринин талаптарына ылайык жана МФУнун макулдугу менен коюлган күрөөнүн ордуна наркы кредит боюнча калган сумманы жапкан башка күрөөнү сунуштоого. 

25. Пайыздык чендердин, ошондой эле комиссиялык сый акылардын жана кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин өлчөмү ачык-айкын болууга тийиш жана коммерциялык же банктык сыр болуусу мүмкүн эмес. 

26. МФУнун кредиттик ишинин ачык-айкындуулугун арттыруу жана кардарлардын кредиттөө шарттарынан кабардар болуусун жакшыртуу максатында, МФУнун тейлөө жайларында төмөнкү маалыматтарды камтыган маалымат такталары жайгаштырылууга тийиш: 

1) кредит боюнча пайыздык төлөмдөрдүн төлөнбөй жана негизги сумманын кайтарылбай калышы менен байланышкан тобокелдиктерди кошо алганда, кредиттерди берүү жана аны төлөө тартиби, шарттары жөнүндө

2) топтук кредит алуу критерийлери жана кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жоопкерчиликтери жөнүндө

3) кредит, туумдар жана айыптык санкциялар боюнча төлөмдөрдү эсептөө тартибин түшүндүрүү жөнүндө

4) эффективдүү пайыздык чендин өлчөмү жөнүндө

5) кредит алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси жөнүндө

6) кардардын укуктары жана анын милдеттери жөнүндө

7) МФУда даттануулар жана сунуштар Китепчесинин болушу тууралуу; 

8) Улуттук банктын кредиттөө процессин жөнгө салган негизги ченемдик укуктук актыларынын тизмеги жөнүндө

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

27. МФУ кардар менен кредиттик келишим түзгөнгө (кол койгонго) чейин төмөнкүлөргө милдеттүү

- кардарга таанышып чыгуу үчүн карыз алуучуга атайын даярдалган Эскерткичтерди берүүгө

- кардарга даттанууларды кароонун жол-жобосу жөнүндө жана МФУда суроо-талаптарды, даттанууларды алуу жана аларды кароо үчүн жооп берүүчү байланыш адамы тууралуу жана кардар даттануулар жана сунуштар Китепчесине (мындан ары - Китепче) өз сын-пикирлерин жана сунуштарын жазып коюуга укуктуу экендигин маалымдоо, ал номерленип, көктөлүп, ошондой эле МФУнун Аткаруу органы тарабынан кол коюлуп жана мөөр менен бекемделүүгө тийиш (ушул жобого карата 2-тиркеме). Китепте камтылган маалыматтар алты жылдан кем эмес мөөнөткө сакталуусу зарыл. 

28. Бардык документтер толук иликтенгенден кийин МФУ берилген билдирмеге ылайык, кардарга кредит берүү же кредит берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. 

МФУ кредит берүүдөн баш тарткан учурда, анда белгиленген тартипке ылайык, бардык себептерди көрсөтүү менен өз чечимин негиздөөгө, ошондой эле кабыл алынган чечими тууралуу кардарга маалымдоого тийиш. 

28-1. МФУ, күбөлүктүн же патенттин негизинде ишкердикти жүзөгө ашырган жактарды эске албаганда, ипотеканы (мурабаха, ж.б. келишимдери боюнча турак жай сатып алууга/курууга) жана кардарга/жеке адамга чет өлкө валютасында керектөө максаттарына каржылоону сунуштай албайт. Мына ушундай каржылоолор боюнча төлөмдөрдү, кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланыштырып индексациялоого жол берилбейт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Кредиттик келишимге карата талаптар жана аны түзүү тартиби 

29. МФУ менен кардар ортосунда түзүлгөн кредиттик келишим, ага тиркелген тиркемелер, башка келишимдер/макулдашуулар мамлекеттик же расмий тилде (кардарга тил тандоо укугун сунуштоо менен) түзүлөт. Кредит боюнча келишимдердин анык нускаларынын саны, келишим тараптарынын санына жараша түзүлүүгө тийиш. Чогуу жоопкерчиликтүү топ тараптардын бири катары катышкан топко бириккендерди кредиттөөдө, чогуу жоопкерчиликтүү топ үчүн кредиттик келишимдин анык нускасынын саны, топтун катышуучуларынын санынан аз болбоого тийиш. МФУ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кредиттик келишимге карата бардык документтердин түп нускасынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү

Кредиттик келишимдин тексти карыз алуучуга кабыл алууга жана түшүнүүгө жеткиликтүү болушу абзел. Кардардын кредиттик келишимдин шарттарынан улам келип чыккан укуктары жана милдеттери кредиттик келишимдин өзүнчө бөлүмүндө чагылдырылууга тийиш. Кредиттик келишимдин бүтүндөй тексти боюнча жана анын тиркемелериндеги шрифт бирдей болуп, өлчөмү 12ден ашпоосу талап кылынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/16 токтомунун редакциясына ылайык) 

30. Кредиттик келишимге кол коюудан мурда, кийинчерээк аны кайтарып берүү боюнча көйгөйлөрдүн орун алышы ыктымалдуулугун болтурбоо максатында, кредит берилүүчү жана төлөнүүчү бардык шарттарды тактоо зарыл. 

31. МФУ кредиттик келишимдин баштапкы шарттарын кардардын кат түрүндөгү макулдугусуз жана эгерде, бул, карыз алуучунун укуктарын азайтып жана милдеттерин көбөйтүүгө алып келсе, аны бир тараптуу негизде алмаштырууга укуктуу эмес. 

32. Кредиттик келишимде номиналдык жана эффективдүү пайыздык чендер жылдык мааниде көрсөтүлүүгө тийиш. 

33. Кредитти жана кошуп эсептелген пайыздарды төлөө графиги кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана кредиттин ордун жабуу мөөнөтүн жана карыз алуучунун финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен түзүлөт. Мында кредит боюнча пайыздык төлөмдөр кредиттин негизги суммасынын калдыгына карата номиналдык пайыздык чен боюнча чегерилүүгө тийиш. Төлөө графигинде кредитти төлөө тартиби жана мөөнөттөрү толук чагылдырылуусу жана ага эки тараптуу кол коюлуусу зарыл. 

34. Кредиттик келишимде, кеминде, төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

1) тараптардын аталышы; 

2) келишим предмети; 

3) кредиттик келишимдин колдонуудагы мөөнөтү

4) кредит берүүнүн негизги шарттары, анын ичинде максатын, суммасын, пайыздык чендерин (номиналдык жана эффективдүү), төлөө тартибин жана мөөнөтүн, камсыздоо түрүн (эгерде болсо) көрсөтүү менен; 

5) карыз алуучунун укуктары жана милдеттери, анын ичинде кредиттик келишим боюнча өзү кабыл аллган милдеттенмелерди аткарбай койгон же талаптагыдай аткарбаган учурдагы; 

6) МФУнун укуктары жана милдеттери; 

7) кредиттик бюрого кардар жөнүндө маалымат берүү шарттары; 

8) кардардын кредиттик келишимге кол койгон учурдан тартып акча каражаттарын алган же келишим боюнча лизингге тиешелүү мүлккө төлөөлөрдү жүргүзгөн учурга чейин кредит алуудан кайтарымсыз негизде баш тартуу укугу; 

9) кардардын кредитти кайсы гана учурда болбосун, кандайдыр-бир айыптык санкцияларсыз, төлөөгө чейин отуз күндөн кем эмес мөөнөт ичинде МФУга бул жөнүндө билдирген шартта, кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу; 

10) форс-мажордук жагдайлар орун алган шарттар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

35. Топтук кредиттерди берүүдө кредиттик келишимде төмөнкүлөр кошумча көрсөтүлөт: 

1) кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир мүчөсүнүн аты-жөнүн көрсөтүү менен тараптардын аталышы; 

2) кошо жоопкерчиликтүү топтун бир эле учурда казыначысы\бухгалтери болуп саналган жетекчисинин аты-жөнү

3) топтун катышуучуларынын бирөөсү кредитти төлөп/кайтарып бере албай калган учурларда кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир катышуучусунун милдеттери; 

4) кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир катышуучусуна берилүүчү кредиттин суммасын көрсөтүү менен кредит берүү тартиби. 

5) Кредитти кайтарууга ниеттенген күнгө чейин кеминде отуз күн мурда ал тууралуу МФУга маалымдалган шартта, чогуу жоопкерчиликтүү топтун ар бир катышуучусунун кредиттин ага тиешелүү бөлүгүн эч кандай айыптык санкцияларсыз мөөнөтүнөн мурда төлөөгө укугу. 

Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын бири кредиттин ага тиешелүү бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда төлөгөн болсо да, топтун курамында алынган кредиттин орду толук жабылганга чейин ал кепилдик келишими боюнча чогуу жоопкерчиликтүү бойдон кала берет. Чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын жана МФУнун макулдугу болгон шартта, ошондой эле топтун курамынын минималдуу саны боюнча шарттар сакталган учурда топтун кредиттин ага тиешелүү бөлүгүн төлөгөн катышуучу чогуу жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/16 токтомунун редакциясына ылайык) 

36. МФУ кардарды ушул жобонун 3-тиркемесине ылайык таблица түрүндө түзүлгөн анын укуктары, чыгашаларынын (төлөмдөр) тизмеси менен тааныштырууга тийиш, ал, кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана эки тараптуу кол коюлат. 

МФУ зарылчылыгына жараша, кардарга кредит, туумдар, айыптар ж.б. боюнча төлөмдөрдү эсептөө тартиби жагында түшүндүрмөлөрдү берүүгө тийиш. 

МФУ кредиттик келишимдин шарттарына кошумча жыйымдарды, комиссиялык жана МФУ тарабынан алынган/төлөнгөн жана анын бекитилген тарифтерине ылайык жарыялангандардан тышкары, кредиттик келишимди түзүү жана аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү, ошондой эле карыз алуучулар менен макулдашылгандыгына карабастан, акы төлөнүүчү негиздеги башка кызматтарды кошууга укугу жок. 

МФУ карыз алуучунун талабы боюнча анын эсеби тууралуу так жана анык маалыматты сунуштайт (эсеп көчүрмөлөрү, чектер, кредит боюнча төлөө тастыктамасын). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

37. Кардар менен кредиттик келишим түзүлгөндөн жана ал тарабынан акча каражаттары алынгандан кийин, карыз алуучуга кеминде төмөнкү документтер берилүүгө тийиш: 

1) тараптардын колу коюлган жана ага карата кошо тиркелген бардык документтер менен кредиттик келишим; 

2) кредиттик келишимге кошо тиркелген, төлөө күнү жана суммасы көрсөтүлгөн төлөмдөр графиги. 

38. Карыз алуучунун кредиттик досьеге (ушул жобого карата 1-тиркеме) кардардан билдирме алынган учурдан тартып түзүлөт жана ага бул кредитке тиешелүү бардык документтер көктөлөт. Ошол карыз алуучуга берилген башка кредиттик продукт тиешелүү документтер башка досьеге көктөлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/16 токтомунун редакциясына ылайык) 

39. Кредиттерге мониторинг жүргүзүүдө МФУ Журналга жазууларды түшүрүүнү кошо алганда, аны менен жүргүзүлгөн бардык иш-чараларды документтештирүүсү жана алардын эсебин жүргүзүүсү зарыл. Айрыкча, көйгөйлүү кредиттер менен иштөөдө жогорудагыдай эсепке алууну жүргүзүү маанилүү

40. Карыз алуучулар менен иштөөдө, МФУнун ички документтеринде белгиленген жүрүм-турум нормалары сакталуусу зарыл. 

7. Микрокредиттерди төлөө булактары 

41. Кредитти төлөө булактары биринчилик жана экинчилик болуп бөлүнөт, мында: 

1) биринчилик төлөө булагы деп, кредит төлөө үчүн зарыл болгон акча каражаттары аталат, алар жагдайдын нормалдуу өнүгүшүндө өндүрүш, кызмат көрсөтүү, иш ж.б. процессинде генерирленет: юридикалык жактар үчүн - бул нак жана нак эмес формада киреше, ал эми жеке адамдар үчүн - бул эмгек акы же башка түшүүлөр; 

2) экинчилик төлөө булагы болуп мүлк күрөөсү, талаптарды жана укуктарды өткөрүп берүү жана кепилдик (гарантиялар), чогуу жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларынын биргелешип тарткан жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же тиешелүү келишимде каралган камсыздоонун башка түрлөрү эсептелет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-ноябрындагы № 45/16 токтомунун редакциясына ылайык) 

42. Кредит боюнча мүлк күрөөсү экинчилик кредит төлөө булагы катары кредит боюнча камсыздоо болуп саналса, анда тараптардын колу коюлган жана кардардын күрөөлүк мүлктүн наркынан сын-пикирлерди канааттандырууга артыкчылык укугун алуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарбай коюусунда МФУнун укугун тастыктаган, күрөө жөнүндө келишим таризделет. 

43. Күрөө жөнүндө келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделет. Түп нускаларынын саны келишим түзгөн тараптардын санынан аз болбоого тийиш. МФУ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, күрөө жөнүндө келишимдин түп нускаларынын сакталышын камсыз кылуусу зарыл. 

44. МФУ кредиттөө кызмат көрсөтүүсүн сунуштоодо кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө келишимине ылайык, карыз алуучуга жана/же күрөө коюучуга ачык тоорук өткөрүлгөнгө чейинки кайсы болбосун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып ала алган/алышы мүмкүн болгон артыкчылыктуу укукту сунуштоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырган 

микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөөнүн өзгөчөлүктөрү 

өлүк КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

45. МФУлардын каржылоо боюнча ички ченемдик документтери жана типтүү келишимдери Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. Шариат кеңеши Аткаруу органынан көз карандысыз болушу зарыл жана МФУнун бүтүмдөрүнүн (келишимдеринин) Шариат стандарттарына ылайык келиши үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/3 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

46. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган МФУларды каржылоо саясаты ушул жобонун 3-главасында баяндалган талаптарга кошумча Шариат стандарттарына ылайык операциялардын жана бүтүмдөрдүн (келишимдердин) тизмегин камтууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

47. "Ислам терезесине" ээ МФУлар ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар боюнча каржылоо саясатын иштеп чыгуусу зарыл, ал Шариат стандарттарына ылайык келүүгө жана Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

48. Ички ченемдик документтерде кардардын билдирмесин кароо учурунан тартып кардар тарабынан каржылоо боюнча милдеттенменин толук төлөнүшүнө чейин МФУ кызматкерлеринин иш-аракеттеринин ырааттуулугу, сунушталган ар бир каржылоо продуктусу кылдат чечмеленип берилүүгө тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

49. Активдердин ар бир түрүнүн өзгөчө мүнөздөмөгө ээ экендигинен улам, кредиттик тобокелдик тиешелүү ички контролдукту жана тобокелдикти тескөөнү жүзөгө ашыруу үчүн активдин ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө бааланууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

50. МФУ каржылоо продуктунун ар бир түрү боюнча типтүү келишимге ээ болуусу зарыл, анда: тараптардын аталышы, келишим предмети, каржылоону сунуштоонун негизги шарттары, төлөө графиги, четтетүүгө мүмкүн болбогон (форс-мажор) кесепеттүү жагдайлар орун алган учурда тиешелүү аракеттерди көрүү шарттары жана тартиби, микрофинансылык уюм менен кардардын өз ара иш алып баруу тартиби каралууга тийиш. Каржылоонун ар бир продукту боюнча типтүү келишимдер МФУнун аны жүзөгө ашыруу тартибин, айыптык төлөмдү кармап калуу тартибин жана аларды кайрымдуулук максаттарга жумшоо багытын жөнгө салган негизги ченемдик документтин түзүмдүк бөлүгүнөн болууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

51. МФУ, мудараба, мушарака келишимдерине ылайык (капиталга инвестициялар тобокелдиги), уюмдардын капиталына каражаттарды инвестициялоого байланыштуу кредиттик тобокелдиктин келип чыгышына өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Ушуга байланыштуу, МФУну каржылоо боюнча саясаттын курамында бардык башка талаптардан тышкары, төмөнкүлөр да каралууга тийиш:  

1) пайданы/чыгымды бөлүштүрүү механизмин кошо алганда, инвестицияларга баа берүү максаттары жана критерийлери;  

2) инвестициялык келишимдерди узартуунун же жыйынтыктоонун, инвестицияларды сатып алуунун же аларды сатуунун мүмкүн болгон шарттарын кошо алганда, инвестициялык долбоордон чыгуунун альтернативалуу ыкмалары жана мөөнөттөрү;  

3) операцияларга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жол-жобосуна байланыштуу башка жоболор, мурдатан бери жөнгө салынган кызматташуу жыйынтыгы сыяктуу критерийлерди камтыган өнөктөштөргө баа берүү тартиби, инвестицияларды жайгаштыруу мөөнөттөрү ж.б.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3 токтомунун редакциясына ылайык) 

52. МФУ ошондой эле, кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги алдында да каржылоону сунуштоого укуктуу. Каржылоо саясатында кошо жоопкерчиликтүү топту (ГСО) каржылоого уруксат берилген операциялар тизмеги жана каржылоого байланыштуу башка маселелер, анын ичинде кредит берүү жана аны төлөө күндөрү, кредит боюнча карызга байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон проблемаларга тиешелүү маалыматтар менен иш алып баруу эрежелери менен тааныштыруу маселелери каралууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-июлундагы № 38/3, 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомдорунун редакциясына ылайык) 

 

9. "Проблемалуу" кредиттер менен иш алып баруу 

өлүк КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

53. Кредиттин абалына туруктуу мониторинг жүргүзүүнүн жана кредит портфелине көз карандысыз баа берүүнүн максаты "проблемалуу" кредиттерди аныктоо болуп саналат. 

54. Карыз алуучу ал боюнча МФУ менен түзүлгөн келишим шарттарын аткарбай же кандайдыр бир башка жагдайлардан улам (тышкы жана финансылык), МФУ алдында кредитти төлөө милдеттенмесинин аткарууну коркунуч алдында калтырган кредиттерди "проблемалуу" кредит катары түшүнүү зарыл. 

55. МФУда "проблемалуу" кредиттер менен иш алып баруу боюнча төмөнкүлөрдү камтыган ички документтер иштелип чыгууга тийиш:  

-  проблеманы аныктоо жана аны чечүү жолун табуу максатында карыз алуучу менен иш алып баруу; 

- кошумча күрөөнү жана гарантияларды ж.б. алуу; 

- зарылчылык келип чыккан шартта, карыздын түзүмүн (кредитти жана ал боюнча пайыздарды кайтаруу боюнча төлөм графигин кайрадан карап чыгуу, кредиттөө формасын өзгөртүү ж.б.) өзгөртүү программасын иштеп чыгуу. 

56. Ушул иш-чаралар менен катар эле МФУ карыз алуучунун өзү менен туруктуу иш алып барып, ага кредиттик келишим шарттарын бузууга жол берилгендиги, кредитти төлөө мөөнөтү өтүп кеткендиги жана ушундан улам проблемалардын келип чыгышы ыктымалдыгы жагдайын маалымдап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү

57. МФУ, кредиттөө кызмат көрсөтүүсүн сунуштоодо кредиттик келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган күрөө келишимине ылайык, карыз алуучуга жана/же күрөө коюучуга ачык тоорук өткөрүлгөнгө чейинки кайсы болбосун убакытта күрөөлүк мүлктү сатып ала алган/саты алышы мүмкүн артыкчылыктуу укукту сунуштоого тийиш. 

Күрөө предметинен өндүрүүнү жүргүзүү учурунда күрөөлүк кыймылсыз мүлк карыз алуучунун/ күрөө коюучунун жалгыз гана турак жайы болуп саналса, өндүрүп алуу соттун чечими боюнча ишке ашырылат. 

58. МФУда "проблемалуу" кредиттерге карата андан ары көрүлүүчү иш-аракеттер жана бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар жетекчиликтин кароосуна мезгил-мезгили менен сунушталып турууга тийиш.  

59. МФУнун "проблемалуу" кредиттер менен иш алып баруу жагында көргөн аракеттери алгылыктуу натыйжа бербесе, МФУ күрөөлүк мүлктөн мажбурлап өндүрүүнү жүргүзүү максатында сотко кайрыла алат. 

60. Кредитти кайтарып алуу боюнча бардык юридикалык мүмкүнчүлүктөр колдонулуп бүткөндөн кийин, кредиттерди эсептен алып салуу чечими кабыл алынышы мүмкүн.";  

- жобого карата 1-тиркеме төмөнкү редакцияда берилсин: "Карыз алуучунун кредиттик таржымалына карата минималдуу талаптар. 

I. Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат. 

1. Жеке адамдан талап кылынуучу документтер: 

1) МФУ тарабынан белгиленген форма боюнча кардардын кол тамгасы коюлган кредит алууга билдирме (топтук кредиттөөдө кошо жоопкерчиликтүү топтун ар бир катышуучусу кол тамга коет); 

2) билдирме берүүгө чейинки алты ай ичинде ошол МФУдан же башка финансы-кредит мекемелеринен алынган/орду жабылган/орду жабылбаган кредиттер жөнүндө маалымат (карыз алуучу тарабынан кат жүзүндө сунушталган маалыматка ылайык, мисалы, карыз алуучунун кредиттик билдирмесинде же башка документинде камтылган); 

3) кредиттик бюродон карыз алуучу боюнча кредиттик отчет; 

4) кардардын өзү тууралуу кредиттик отчеттун сунушталышына макулдугу (кредит алууга билдирмеде көрсөтүлүшү мүмкүн); 

5) МФУ кардарын идентификациялоого мүмкүндүк берген, анын инсандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү

6) ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген айкын жашаган дареги боюнча маалымкат; 

7) кардардын кирешеси жөнүндө маалымат; 

8) күрөөгө коюлган мүлктүн описи (болгон болсо); 

9) кардардын жубайынын/жолдошунун кредит алууга макулдугу (бир карыз алуучу 50 000 сомдон жогору суммага кредит алса жана учурда кредити болуп, кайталап кредит алса). Ал эми кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларына кредит сунушталган шартта кийин документтин түп нускасын сунуштоо менен жубайынын/жолдошунун макулдугун тастыктаган документ факсимиль, электрондук жана башка байланыш каналдары аркылуу алынат. 

2. Юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдан жогоруда белгиленгендерден тышкары, төмөнкү документтер талап кылынат: 

1) юридикалык жакты түзүүсүз жеке ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адам катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (болгон болсо); 

2) салык органынан, социалдык органдан маалымкат (болгон болсо); 

3) патенттин көчүрмөсү (болгон болсо). 

3. Юридикалык жактан талап кылынуучу документтер: 

1) МФУ тарабынан белгиленген формада толтурулган, кардардын кол тамгасы коюлган кредит алууга билдирме; 

2) билдирме берүүгө чейинки алты ай ичинде ошол МФУдан же башка финансы-кредит мекемелеринен алынган/орду жабылган/орду жабылбаган кредиттер жөнүндө маалымат (карыз алуучу тарабынан кат жүзүндө сунушталган маалыматка ылайык, мисалы, карыз алуучунун кредиттик билдирмесинде же башка документинде камтылган); 

3) юридикалык жактын жетекчисинин каражаттарды тескөөгө ыйгарым укугун тастыктаган документтин көчүрмөсү

4) нотариалдык жактан тастыкталган, кол тамга коюу укугуна ээ адамдардын кол тамга үлгүсү түшүрүлгөн карточкалар; 

5) уюштуруу документтердин көчүрмөлөрү

6) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

7) эгерде юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгүн тастыктаган күбөлүктө салык төлөөчүнүн идентификациялык номери көрсөтүлбөсө, салык органы тарабынан берилген каттоо карточкасынын көчүрмөсү

8) күрөөгө коюлган мүлктүн описи.  

4. Топтук кредит алуу үчүн кошо жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кредиттик каражаттарды алууга ведомосту же ошол топ мүчөлөрү акча каражатын алгандыгын же каражат аларга чегерилгендигин тастыктаган башка документ. 

5. Кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган каражат булагына баа берүү

6. Мамлекеттик же расмий тилдерде түзүлгөн кредиттик келишим, ага карата тиркемелер, ошондой эле кредитти реструктуризациялоодо же мөөнөтүн узартууда, талап кылуу укугун өткөрүп берүүдө кардар менен кошумча түзүлгөн келишимдер. 

7. МФУнун тиешелүү органынын кредит берүү, аны реструктуризациялоо же мөөнөтүн узартуу чечими (болгон болсо). 

8. Карыз алуучу менен кат алышуулар (бардык кат-кабарларды кошо тиркөө менен). 

9. Юридикалык документтер (карыз алуучунун ишине тиешелүү документтердин көчүрмөсү, мисалы, накладнойлор, эсеп-фактуралар, өнөктөштөр менен келишимдер ж.б.). 

10. Кредиттин максаттуу пайдаланылгандыгы жөнүндө отчет. 

11. Кардардын, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талаптарына ылайык типтүү форма боюнча түзүлгөн анкетасы. 

12. Кепил болуучунун кирешеси жөнүндө маалымат. 

13. Кредиттик бюродон кепил болуучу тууралуу алынган кредиттик отчет. 

II. Күрөөгө тиешелүү документтер 

14. Күрөө келишими/Кепилдик берүү келишими. 

15. Күрөөлүк мүлк боюнча сертификаттардын, күбөлүктөрүнүн жана башка квалификациялык документтердин көчүрмөсү (болгон болсо). 

16. Күрөөгө коюлган мүлккө менчик укугун тастыктаган документтердин көчүрмөсү. Алардын түп нускасы сейфте сакталууга тийиш. 

17. Күрөө келишими каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтердин көчүрмөсү (эгерде күрөө мыйзам талаптарына ылайык каттоодон өтүүгө тийиш болсо). 

18. Карыз алуучунун тиешелүү органынын күрөөнү сунуштоо чечими (эгерде карыз алуучу юридикалык жак болсо). 

19. Кепил болуучунун жубайынын/жолдошунун кепилдик берүүгө макулдугу (болгон болсо). 

 

  

  

  

"Аманаттарды (депозиттерди) тартпаган микрофинансылык уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө" жобого карата 

1-тиркеме 

Карыз алуучунун кредиттик досьесине (ал боюнча маалымат) карата 

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

I. Карыз алуучу жөнүндө жалпы маалымат 

1. Жеке адамдан талап кылынуучу документтер: 

1) кредит алууга МФУ тарабынан белгиленген формадагы, кардар кол койгон билдирме (топ менен кредит алууда - ага топтун ар бир катышуучусу кол коюуга тийиш); 

2) МФУга билдирме бергенге чейинки акыркы алты ай ичинде ошол МФУдан жана башка финансы-кредит мекемелеринен мурда алынган/төлөнгөн/орду жабылбаган кредиттер жөнүндө маалымат (карыз алуучу берген кат жүзүндөгү маалыматка ылайык, мисалы, карыз алуучунун кредит алууга билдирмеси); 

3) кредиттик бюродон ошол карыз алуучунун кредити боюнча отчет; 

4) кардардын кредити боюнча отчеттун берилишине анын макулдугу (ал кредит алуу билдирмесинде көрсөтүлүшү мүмкүн); 

5) МФУ кардарын идентификациялоого мүмкүн болгон, анын ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү

6) кардардын айкын жашап турган жери тууралуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген маалымкат; 

7) кардардын кирешеси жөнүндө маалымат; 

8) күрөөгө коюлуп жаткан мүлктүн описи (болгон болсо); 

9) кардардын жубайынын кредит алууга макулдугу (бир карыз алуучуга берилүүчү кредиттин суммасы 50000 сомдон ашса жана ошол учурда ал башка кредит төлөп жаткан болсо). Ал эми кошо жоопкерчиликтүү топтун катышуучуларын кредиттөөдө - документтин түп нускасын кийинчерээк берүү шартында катышуучулардын жубайларынын макулдугун тастыктаган, факсимиль, электрондук почта жана башка байланыш түрү аркылуу алынган документ. 

2. Юридикалык жакты түзүүсүз ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адамдардан жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары төмөнкүлөр талап кылынат: 

1) юридикалык жакты түзүүсүз ишкердикти жүзөгө ашырган жеке адам катары мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (болгон шартта); 

2) салык органынан, социалдык органдан маалымкат (болгон шартта); 

3) патенттин көчүрмөсү (болгон шартта). 

3. Юридикалык жактан талап кылынуучу документтер: 

1) кредит алууга МФУ тарабынан белгиленген формадагы, кардар кол койгон билдирме (топ менен кредит алууда - ага топтун ар бир катышуучусу кол коюуга тийиш); 

2) МФУга билдирме бергенге чейинки акыркы алты ай ичинде ошол МФУдан жана башка финансы-кредит мекемелеринен мурда алынган/төлөнгөн/орду жабылбаган кредиттер жөнүндө маалымат (карыз алуучу берген кат жүзүндөгү маалыматка ылайык, мисалы, карыз алуучунун кредит алууга билдирмеси); 

3) юридикалык жактын жетекчисинин каражаттарды тескөөгө ыйгарым укуктарын тастыктаган документтин көчүрмөсү

4) кол коюуга ыйгарым укуктуу жактардын кол тамга үлгүсү түшүрүлгөн, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточкалар; 

5) уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү

6) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү

7) эгерде юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүндө салык төлөөчүнүн идентификациялык номери көрсөтүлбөсө, салык органы тарабынан берилген каттоо карточкасынын көчүрмөсү

8) күрөөгө коюлган мүлк описи. 

4. Кошо жоопкерчиликтүү топ мүчөлөрүнүн кредиттик каражаттарды алгандыгы тууралуу ведомосту - топту кредиттөөдө

5. Кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган, акча каражаттары алынган булактарга баа берүү

6. Мамлекеттик же расмий тилде түзүлгөн кредиттик келишим тиркемелери менен кошо, ошондой эле кредитти реструктуризациялоо же пролонгациялоо, талап кылуу укугун ыйгарып берүү шартында кардар менен түзүлгөн кошумча келишим. 

7. МФУнун тиешелүү органынын кредит берүү, ошондой эле аны пролонгациялоо же реструктуризациялоо (орун алган болсо) чечими. 

8. Карыз алуучу менен кат алышуулар (бардык кат-кабарларды кошо тиркөө менен). 

9. Юридикалык документтер (карыз алуучунун ишине тиешелүү документтердин, мисалы, накладнойлордун, эсеп-фактуралардын, өнөктөштөр менен келишимдердин ж.б. көчүрмөсү). 

10. Кредиттин максаттуу пайдаланылып жатышын текшерүү боюнча отчет. 

11. Кардардын, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга), террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабына ылайык келген типтүү формада түзүлгөн анкетасы. 

12. Кепилдик берүүчүнүн акыркы 3-12 ай ичиндеги эмгек акысы жөнүндө маалымкат же анын кирешесин тастыктаган башка документтер (мында МФУ эмгек акы жөнүндө маалымкат берилүүгө тийиш боюнча мезгил аралыгын өз алдынча аныктоого укуктуу). 

13. Гаранттын же кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдап-иликтөөлөр. 

14. Кредиттик бюродон кепилдик берүүчүнүн иши отчет. 

II. Күрөөлүк документтер 

15. Күрөө келишими/Кепилдик келишими. 

16. Күрөөлүк мүлк боюнча сертификаттардын, күбөлүктөрдүн жана башка квалификациялык документтердин көчүрмөлөрү (болгон болсо). 

17. Күрөөлүк мүлккө менчик укугун тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү. Күрөөлүк мүлккө менчик укугун тастыктаган документтердин түп нускасы сейфте сакталууга тийиш. 

18. Күрөө келишими каттоодон өткөртүлгөндүгүн тастыктаган документтер (эгерде күрөө мыйзам талаптарына ылайык катталууга тийиш болсо). 

19. Карыз алуучунун тиешелүү органынын күрөөнү сунуштоо чечими (эгерде карыз алуучу - юридикалык жак болсо). 

20. Кепилдик берүүчүнүн жубайынын (болгон болсо) кепилдик берүүгө макулдугу. 

  

  

  

"Аманаттарды (депозиттерди) тартуу 

менен иш алып барбаган 

микрофинансылык уюмдарда 

кредиттик тобокелдикти тескөө 

боюнча минималдуу талаптар 

жөнүндө" жобого 

2-тиркеме 

МФУ кардарларынын даттануулар жана сунуштар 

КИТЕПЧЕСИ 

№ 

МФУ кардарынын аты-жөнү 

Даттануунун же сунуштун чагылдырылышы (маңызы) 

Күнү 

МФУнун түшүндүрмөлөрү 

  

  

  

Колдонулган чаралар: 

Жооптуу кызматкердин кол тамгасы: _____________________ 

Аты-жөнү: ____________________ 

Кызматы: _____________________ 

  

  

  

Колдонулган чаралар: 

Жооптуу кызматкердин кол тамгасы: _____________________ 

Аты-жөнү: ____________________ 

Кызматы: _____________________ 

Эскертүү. Мында, бул Китепче МФУнун өз сын-пикирлерин жана сунуштарын каттоону каалаган бардык кардарларына жеткиликтүү болгондуктан, МФУ кардар тарабынан берилген маалыматтын купуялуулугун гарантиялабайт. 

  

  

  

"Аманаттарды (депозиттерди) тартуу 

менен иш алып барбаган 

микрофинансылык уюмдарда 

кредиттик тобокелдикти тескөө 

боюнча минималдуу талаптар 

жөнүндө" жобого 

3-тиркеме 

МФУ кардарларынын чыгашалар (төлөмдөр) тизмеги жана айыптык санкциялар 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

МФУ кардарынын укуктары 

өлүк КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/4 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

МФУнун кардарынын кредит боюнча чыгашалары (төлөмдөрү

Кредиттин суммасы 

Кредиттик келишимде көрсөтүлөт 

Кредит боюнча пайыздык төлөмдөр 

Билдирмелерди карап чыккандыгы үчүн комиссиялык (кредитти тариздөө) төлөмдөр 

Комиссиялык төлөм чегерилген учурда, алар МФУнун бекитилген тарифтерине ылайык, пайыздык же нарктык мааниде кредиттик келишимде көрсөтүлөт 

Кредит берилгендиги жана администрленгендиги үчүн комиссиялык төлөмдөр 

Ссудалык жана/же күндөлүк эсептер ачылгандыгы (эгерде, эсеп ачуу кредиттик келишимди түзүү менен шартталса) жана тейленгендиги (эгерде, кредит боюнча операциялар нак эмес формада жүргүзүлсө) үчүн комиссиялык төлөмдөр 

Эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн комиссиялык төлөмдөр (анын ичинде кардардын банкомат аркылуу нак акчаларды салуусу жана алуусу) 

Үчүнчү жактардын пайдасына төлөмдөр (камсыздандыруу, нотариус, ж.б. кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө

МФУ мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштабаган учурларда, кардардын кабардар болушу үчүн аталган чыгашалардын наркын үчүнчү жактардын учурда колдонуудагы тарифтери боюнча кредиттик келишим түзүлгөн күндө, бул чыгашалар карыз алуучу тарабынан үчүнчү жактардын пайдасына жүргүзүлө тургандыгын, ошондой эле мындай баалоо келечекте өзгөрүп кетиши ыктымалдуулугун көрсөтүүгө тийиш 

Карыз алуучунун эсептеринен көчүрмөлөр берилгендиги үчүн төлөмдөр 

МФУнун учурда колдонуудагы тарифтерине ылайык пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт 

Башка чыгашалар 

  

МФУ тарабынан салынуучу айыптык санкциялар жана туумдар 

Карыздын негизги суммасы жана пайыздары боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүнөн кечиктирилгени үчүн 

МФУда белгиленген айыптык санкциялардын өлчөмүнө ылайык, кредиттик келишимдин негизинде пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт. Мында, негизги сумма жана пайыздардын мөөнөтүндө төлөнбөгөндүгү үчүн үстөк айып (айыптар, туумдар) боюнча пайыздын өлчөмү кредиттик келишимде көрсөтүлгөн номиналдык пайыздык ченден ашпоого тийиш, ал эми кредит ишке кирген мезгил үчүн чегерилген үстөк айыптын (айыптар, туумдар) максималдуу өлчөмү, берилген кредиттин суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш 

Акча каражаттары алынгандан кийин кредиттик келишимди бузуу шарттары 

Кредиттик келишимдин негизинде, МФУда алынган айыптык санкциялардын өлчөмүнө ылайык, пайыздык же нарктык мааниде көрсөтүлөт 

Башка чыгашалар 

  

____________________________ 

(МФУнун кредит боюнча 

адисинин аты-жөнү

_______________ 

(кол тамгасы) 

_______ 

үнү

  

______________________ 

(МФУнун кардарынын 

аты-жөнү

______________ 

(кол тамгасы) 

______ 

үнү