Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2016-жылдын 16-мартындагы 

№ 12/3 токтому менен бекитилиген 

Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/6, 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Бул "Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө" жобо (мындан ары - жобо), ушул жободо көрсөтүлгөн айрым бир банктык операцияларды жүзөгө ашырган адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо тартиби аныкталган.  

Бул жобо, Улуттук банктын лицензиясынын негизинде иш алып барган жана айрым банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна ээ коммерциялык банктарга, микрофинансылык уюмдарга, кредиттик союздарга, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсына, финансы-кредиттик корпорацияларга (компанияларга), ссудалык кассаларга, ошондой эле өз ара кредиттөө коомдоруна таркатылбайт.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

1-глава. Жалпы жоболор  

1. Адистештирилген финансы-кредит мекеме акционердик коом формасында гана түзүлөт жана ал өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул жобого жана адистештирилген финансы-кредит мекемесинин уставына ылайык жүзөгө ашырат.  

2. Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө" мыйзамдарына жана Улуттук банктын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык, адистештирилген финансы-кредит мекемеси өз ишин жүзөгө ашыруусу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (мындан ары - Улуттук банк) ушул жобонун 3-пунктунда белгиленген операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензия (мындан ары - лицензия) алууга тийиш.  

3. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси мындай операциялар лицензияда көрсөтүлгөн шартта, Улуттук банк тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен төмөнкүдөй айрым банктык операцияларды жүргүзүшү мүмкүн:  

- өз атынан жана кардардын атынан нак жана нак эмес чет өлкө валютасын сатып алууга жана сатууга;  

- банк менен агенттик келишим түзүү аркылуу чекене банктык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга;  

- Улуттук банк тарабынан чыгарылган өлчөнгөн куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды ишке ашырууга.  

Кошумча лицензияга ээ болгон шартта, адистештирилген финансы-кредит мекемеси үчүнчү жактардын пайдасына, маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системасы аркылуу өз иш натыйжасы болуп саналбаган, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү кабыл алуу жана жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө укуктуу.  

4. Адистештирилген финансы-кредит мекемесине кандай болбосун "оюн-зоок" ишкердик түрлөрүнө катышууга, анын ичинде утуштарды жана акча-буюм лотереясын уюштурууга жана өткөрүүгө, ошондой эле акча-буюм лотереясын адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жайында өткөрүүгө же аларды жарнамалоого тыюу салынат.  

5. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси өз фирмалык аталышы катары өз уставында чагылдырылган аталышты пайдаланат. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси кандай болбосун документтерде, кулактандырууларда же жарнамаларда уставда жазылгандан башка аталышты пайдаланууга укугу жок.  

6. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин уюштуруучулары жана акционерлери катары, мыйзамдарга ылайык аларга аталган уюмда катышууга тыюу салынбаган жеке адамдар жана юридикалык жактар (Кыргыз Республикасынын резиденттери гана) болушу мүмкүн.  

7. Уюштуруучулар (акционерлер) - адистештирилген финансы-кредит мекемесинин катышуучулары төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

- канааттандыраарлык финансылык абалга ээ болууга;  

- салыктарды, аларга теңдештирилиген төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелери болбоого;  

- финансы-кредит мекемесинин лицензиясын/күбөлүгүн кайтарып алууга алып келген иш-аракеттерин (аракеттенбей коюусун) кошо алганда, аларга карата чаралар жана санкциялар колдонулбаган же анын/алардын банктык мыйзамдарды бузууга жол бергендигин тааныган чечимдер болбоого тийиш.  

Уюштуруучулар (акционерлер) - юридикалык жактар мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өтүүгө тийиш.  

8. Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин жайлары, анын ичинде анын филиалдары жана алмашуу пункттары жайгашкан жайлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык жактан жабдылышы жана тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылынышы талаптарына жооп берүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

8-1. Чечим же болбосо ушул жобонун алкагында Улуттук банк тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалымат, эгерде аталган жободо башка мөөнөт каралбаса, ушул чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде кат жүзүндө өтүнүч ээлерине (Адистештирилген финансы-кредит мекемелери) маалымдалат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

8-2. Улуттук банктын ушул жобонун алкагында кабыл алынып жаткан актылары (лицензияларын, Улуттук банк Башкармасынын жана Көзөмөл боюнча комитеттин токтомдорун эске албаганда) аталган банктын мөөрү менен тастыкталышын талап кылбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

2-глава. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин уставдык капиталы  

9. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү 50 млн. сомдон төмөн болбоого тийиш.  

10. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин капиталынын негизги бөлүгү төлөнгөн уставдык капиталдын эсебинен түзүлөт. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин капиталынын курамына, акционерлер тарабынан салынган каражаттарды кайтаруу боюнча милдеттенмелерге ээ эмес уставдык капитал гана кирет.  

11. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жана уюштуруучулардын (акционерлердин) акча каражаттарынын эсебинен гана түзүлөт. Уставдык капиталды түзүү үчүн негизги каражаттарды жана материалдык эмес активдерди пайдаланууга жол берилбейт.  

12. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин уюштуруучулары мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин коммерциялык банкта ачылган топтоо эсебине уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн салууга милдеттүү. Айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алганга чейин адистештирилген финансы-кредит мекемесине топтоо эсебинде турган каражаттарды пайдаланууга жол берилбейт.  

3-глава. Лицензия алуу үчүн адистештирилген финансы-кредит мекемеси тарабынан тапшырылуучу документтер  

13. Айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алуу үчүн адистештирилген финансы-кредит мекемеси Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:  

1) Башкарманын төрагасы кол койгон, адистештирилген финансы-кредит мекемеси жүзөгө ашырууга ниеттенген операциялардын түрү кылдат чагылдырылган, 1-тиркемеге ылайык ушул жобонун 3-пунктунда көрсөтүлгөн операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алууга өтүнүч кат;  

2) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин уюштуруучусунун (бир уюштуруучу болгон шартта) жана уюштуруучуларынын (уюштуруучулардын саны бирден көп болсо) жалпы жыйынында кабыл алынган чечим же протокол (эки нускада), анда адистештирилген финансы-кредит мекемесин уюштуруу, Директорлор кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн, банк Башкармасынын төрагасын жана мүчөлөрүн, ички аудит кызматынын жетекчисин, башкы бухгалтерди, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ички уюштуруу иштери үчүн жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисин (комплаенс-офицер) жана тобокелдик менеджерин шайлоо (дайындоо) жөнүндө чечимдер камтылат;  

3) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин уюштуруучулары/акционерлери тарабынан бекитилген устав эки нускада;  

4) эки жана андан көп уюштуруучу болгон шартта - нотариалдык жактан тариздетилген адистештирилген финансы-кредит мекемесин түзүү жөнүндө уюштуруу келишими эки нускада;  

5) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин бизнес-планы эки нускада;  

6) Төрагалардын, Башкарманын жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн, ички аудит кызматынын жетекчисинин, башкы бухгалтердин, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ички уюштуруу иштери үчүн жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин (комплаенс-офицер) жана тобокелдик менеджеринин анкеталарын, ошондой эле алардын Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу квалификациялык талаптарга ылайык келишин тастыктаган маалыматтарды жана документтерди (зарыл учурда же Улуттук банк талап кылган шартта);  

7) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин уюштуруу түзүмү (башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөрү (башкармалыктар, бөлүмдөр), алардын функционалдык милдеттери, кароого алынуучу маселелер, караштуулугу);  

8) адистештирилген финансы-кредит мекемеси тарабынан жүзөгө ашыруу болжолдонгон операцияларды, анын ичинде терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү ишин жөнгө салган ички саясаттар;  

9) программалык камсыздоо ишин жөнгө салуу талаптары аткарылгандыгы жөнүндө маалыматтар, ошондой эле бул программалык камсыздоо адистештирилген финансы-кредит мекемесинин отчетторун Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык түзүүгө жана сунуштоого, ошондой эле маалыматтар архивин түзүп, сактоого жана ишке ашырылган операциялардын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу талаптарын аткарууга жөндөмдүү экендиги маалымат системалары боюнча көз карандысыз компаниянын тиешелүү тастыктоочу документтери менен тастыкталган корутундусу;  

10) төмөнкү уюштуруучулар (акционерлер) тарабынан адистештирилген финансы-кредит мекемесинин уставдык капиталына салынган акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүндүк берген маалыматтар:  

а) юридикалык жактар тарабынан төмөнкүлөр сунушталат:  

- Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан тастыкталган, юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн акыркы финансылык жыл үчүн пайда жана чыгым жөнүндө бухгалтердик баланстын жана отчеттун көчүрмөлөрү;  

- юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн акыркы финансылык жыл үчүн финансылык отчеттун, декларациянын же финансылык абал жөнүндө башка документтердин көчүрмөлөрү;  

- аудитордук корутундунун көчүрмөсү (эгерде бул талап мыйзамдарда белгиленсе);  

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында тыюу салынбаган, уставдык капиталга салынган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтерди;  

б) жеке адамдар тарабынан төмөнкүлөр сунушталат:  

- кирешелер жөнүндө маалымкаттар, декларациялар, сатып алуу-сатуу/тартуулоо келишимдери, суммаларды, мүлктү мурастап алууга укук ж.б.;  

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында тыюу салынбаган, уставдык капиталга салынган акча каражаттардын келип чыгуу булактарын тастыктаган башка документтерди.  

14. Ушул жобого ылайык Улуттук банкка сунушталуучу, бирден көп барактан турган адистештирилген финансы-кредит мекемесин түзүү боюнча уюштуруу документтери көктөлүп, номерленип, ага уюштуруучулар жыйынында ыйгарым укук чегерилген адам кол коюуга тийиш. Уюштуруучу - юридикалык жактын өкүлү болуп саналган ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталууга тийиш.  

15. Документтер толук эмес көлөмдө сунушталса же болбосо уюштуруу документтери белгиленген талаптарга жооп бербесе, Улуттук банк документтерди кароо үчүн берилген мөөнөт ичинде кат жүзүндө себептерин көрсөтүү менен аларды жеткире иштеп чыгууга кайтарып берет.  

16. Эгерде документтер жеткире иштеп чыгууга жөнөтүлсө же өтүнүч катты жана документтерди кароо мезгили ичинде кошумча документтер сунушталса, аларды кароо мезгили ушул жобонун талаптарына жооп берген кошумча документтер сунушталган күндөн тартып кайра эсептелет.  

17. Улуттук банк аларды кароого алган мезгил ичинде сунушталган документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыкса (аталышы, даректери, уюштуруучулар/катышуучулар (акционерлер) ж.б.), өтүнүч ээси бул тууралуу 3 жумуш күнү ичинде тез арада Улуттук банкка маалымдап, өзгөртүүлөр киргизилген документтерди сунуштоого тийиш, мында Улуттук банк өтүнүч катты жана бардык талап кылынган документтерди кароо мөөнөтүн он жумуш күнүнө чейин узартышы мүмкүн.  

18. Улуттук банк адистештирилген финансы-кредит мекемесинин өтүнүч кат жана талаптарды канааттандырган документтер алгандан кийинки 30 календардык күн ичинде кароого алат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Улуттук банк макулдук берген шартта адистештирилген финансы-кредит мекемесин мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык юридикалык жактарды каттоону ишке ашырган ыйгарым укуктуу органга макулдук кат менен бирге анын уюштуруу документтеринин бир нускасын берет.  

20. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси лицензия алуу үчүн мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:  

1) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин башкармасынын төрагасы же болбосо акционерлер жыйыны менен ыйгарым укуктуу башка адам кол койгон лицензия берүүгө өтүнүч кат;  

2) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик каттоодон өткөн уюштуруу келишиминин көчүрмөсү;  

3) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган уставдын көчүрмөсүн;  

4) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;  

5) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин эсептешүү эсебине минималдуу уставдык капитал салынгандыгы жөнүндө банктын маалым катын;  

6) лицензия берүү үчүн төлөм салынгандыгын тастыктаган документти;  

7) реестр жүргүзүүчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн адистештирилген финансы-кредит мекемесинин акционерлеринин реестри. Кийин акционерлердин курамы өзгөргөн шартта, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин акционерлеринин реестрине өзгөртүүлөр киргизилгенден кийинки 5 жумуш күнү ичинде өзгөртүүлөр киргизилген акционерлер реестри кагаз бетине чыгарылып, тиешелүү түрдө тастыкталып Улуттук банкка тапшырылат;  

8) Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин жайлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык жактан жабдылышы жана тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылынышы талаптарына жооп бере тургандыгы тууралуу корутунду. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

21. Лицензия, ушул жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн талапка жооп берген документтер сунушталгандан кийинки беш жумуш күнү ичинде берилет.  

22. Улуттук банк кайсы болбосун төмөнкү себептер боюнча өтүнүч ээсине айрым банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берүүдөн баш тартышы мүмкүн:  

1) лицензия алуу үчүн сунушталган уюштуруу же башка документтер мыйзамдарда белгиленген талаптарга жооп бербесе;  

2) документтер мыйзамдарда белгиленген толук эмес көлөмдө тапшырылса. Өтүнүч ээси белгиленген тоскоолдуктарды четтеткенден кийин өтүнүч кат (өтүнүч) жалпы деңгээлде кароого алынат;  

3) акционерлер жана кызмат адамдары Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп бербесе;  

4) минималдуу уставдык капитал өлчөмү, түзүмү, келип чыгуу булактары мыйзам талаптарына ылайык келбесе;  

5) өтүнүч ээси лицензия алуу үчүн такталбаган маалыматтар камтылган документтерди сунуштаса;  

6) лицензия үчүн төлөм төлөбөсө;  

7) өтүнүч ээсине, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин уюштуруучуларына (акционерлерине) карата ишкердиктин бул түрү менен алектенүүгө тыюу салган соттун чечими болсо;  

8) уставдык капиталды түзүүгө жана көбөйтүүгө багытталган акча каражаттардын келип чыгуу булактары жөнүндө маалыматтар Улуттук банкка сунушталбаса, так айтканда:  

а) сунушталган маалыматтардан акча каражаттарды алуу жана келип чыгуу булактарын аныктоо мүмкүн эмес болсо;  

б) сунушталган маалыматтарга ылайык акча каражаттардын келип чыгуу булактары Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жана критерийлерге жооп бербесе;  

10) мыйзамдарда каралган башка негиздер боюнча;  

11) Улуттук банк алардын негизинде адистештирилген финансы-кредит мекемесин мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдук катын берген финансылык, укуктук абалы өзгөргөндүгүн же кандай болбосун башка жагдайларды тастыктаган фактылар аныкталса, лицензия берүүдөн баш тартууга укуктуу.  

23. Эгерде Улуттук банк алардын негизинде адистештирилген финансы-кредит мекемесин мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдук катын берип, уюштуруучунун финансылык, укуктук абалы олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болсо же кандай болбосун башка жагдайлар аныкталса, өтүнүч ээси он жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка ал тууралуу маалымдоого тийиш.  

24. Улуттук банк адистештирилген финансы-кредит мекемесине лицензия берүүдөн баш тартуу негиздерин өтүнүч ээсине кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү.  

4-глава. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кызмат адамдарына карата талаптар  

25. Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Башкарманын төрагасы жана мүчөлөрү, башкы бухгалтер, ички аудит кызматынын жетекчиси, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ички уюштуруу иштери үчүн жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (комплаенс-офицер), аталган мекеменин тобокелдик менеджери төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) жогорку билим алгандыгы тууралуу дипломго ээ болууга;  

2) төмөнкү багыттарда иш тажрыйбасы болууга:  

а) Башкарманын төрагасы кызмат ордуна талапкер - банк жана/же финансы системасында кеминде 5 жылдык тажрыйбасы болууга, алардын ичинде 2 жыл жетектөөчү кызматта;  

б) Директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна талапкер - банк жана/же финансы системасында кеминде 3 жылдык тажрыйбасы болууга, алардын ичинде кеминде бир жыл жетектөөчү кызматта;  

в) Башкарманын мүчөсү жана Директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна талапкер - банк жана/же финансы системасында кеминде 3 жылдык тажрыйбасы болууга;  

г) башкы бухгалтердин, ички аудит кызматынын жетекчиси, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ички уюштуруу иштери үчүн жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (комплаенс-офицер) кызмат ордуна талапкер - банк жана/же финансы системасында кеминде 2 жылдык тажрыйбага ээ болууга;  

3) Улуттук банктын негизги ченемдик документтерин кошо алганда, корпоративдик тескөө, банк мыйзамдары, чет өлкө валютасындагы операциялар боюнча мыйзамдар жана алар иштөөгө ниеттенген чөйрө боюнча билимге ээ болууга;  

4) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин бизнес-планын жана аны өнүктүрүү стратегиясын билүүгө.  

26. Башкы бухгалтер, ички аудит кызматынын (бөлүмүнүн) жетекчиси, терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ички уюштуруу иштери үчүн жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (комплаенс-офицер) кызмат ордуна талапкерлер ушул жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга кошумча төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:  

1) башкы бухгалтер - Эл аралык бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук стандарттарын билүүгө жана курстан өткөндүгүн (экзамен/тест ж.б. тапшыргандыгын) тастыктаган тиешелүү сертификатка жана башка документтерге ээ болууга;  

2) ички аудит кызматынын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын аудит чөйрөсүндө мыйзамдарды, эл аралык аудит стандарттарын, Эл аралык ички аудит стандарттарын билүүгө жана аталган багыттар боюнча терең билим алгандыгын тастыктаган сертификатка (күбөлүккө) ээ болууга, ошондой эле курстан өткөндүгү (экзамен/тест ж.б. тапшыргандыгы) тиешелүү сертификаттар менен тастыкталган Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарын билүүгө жана аны иште колдонуу тажрыйбасы болууга тийиш;  

3) терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча ички уюштуруу иштери үчүн жоопкерчиликтүү түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (комплаенс-офицер) - терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө жана тастыктоочу сертификаттары болууга тийиш.  

27. Ушул жобонун 25-пунктунда белгиленген кызмат орундарына талапкерлер төмөнкү учурларда көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлей албайт:  

1) талапкерге карата соттун чечими боюнча анда белгиленген мөөнөт ичинде финансы-кредит системасында иштөөгө тыюу салган айыптоо өкүмү чыгарылган болсо;  

2) талапкерге карата экономика, финансы жана банк ишкердиги чөйрөсүндө, ошондой эле кызматтык иш боюнча кылмыштуулукка жол бергендиги үчүн айыптоо өкүмү чыгарылган болсо. Талапкерге карата чыгарылган айыптоо өкүмү жоюлса же өтөлгөн болсо, бул пунктчанын талабы таркатылбайт;  

3) эгерде алар буга чейин: мажбурлоо тартибинде банкрот катары таанылып, алардын аракеттенүүсү (аракеттенбей коюусу) лицензиянын/күбөлүктүн кайтарылып алынышына алып келгендигин тастыктаган фактылар табылган финансы-кредит уюмунун Директорлор кеңешинин төрагасы, анын мүчөлөрү, аудит боюнча комитеттин төрагасы, башкарманын төрагасы, анын мүчөлөрү, башкы бухгалтери, ички аудит кызматынын жетекчиси кызмат ордун ээлеген болсо - финансы-кредит мекемесинин лицензиясы/күбөлүгү кайтарылып алынган мөөнөттөн тартып беш жыл ичинде;  

4) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык талапкердин алгылыксыз ишкердик аброюн тастыктаган кат жүзүндөгү маалыматы болсо - бузуу фактылары табылган убакыттан тартып беш жыл ичинде;  

5) жөнгө салуу органдарынын, анын ичинде Улуттук банктын текшерүүлөрдү жүргүзүүсүнүн жыйынтыгында талапкер жооптуу болгон ишкердик чөйрөсүндө финансылык же административдик проблемалар келип чыккандыгын тастыктаган материалдар болсо.  

28. Ушул жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкер, аларга карата кылмыш иши козголгон адамдардын документтерин кароо Улуттук банкка мындай маалымат келип түшкөн учурдан тартып токтотулат. Мында Улуттук банк башка талапкерди сунуштоону талап кылууга укуктуу.  

29. Ушул жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар кандай болбосун такталбаган, толук эмес маалыматтарды сунуштаса же болбосо маалыматты атайылап бурмалоо же ката кетирүү менен сунуштаган болсо, Улуттук банк документтерди кароодон баш тартууга жана башка талапкерди сунуштоону талап кылууга укуктуу.  

30. Эгерде талапкер ушул жобонун 25 жана 26-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербесе, ошондой эле ушул жобонун 27-29-пункттарында белгиленген негиздер аныкталса, Улуттук банк ал талапкерди четтетүүнү талап кылууга укуктуу.  

31. Улуттук банк, эгерде адистештирилген финансы-кредит мекемеси жөнгө салуу мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды сактабаса, ошондой эле аталган мекеменин ишенимдүү жана туруктуу иш алып баруусуна коркунуч жараткан ишке тарткан кызмат адамдардын ыйгарым укуктарын токтотууну талап кылууга укуктуу.  

32. Директорлор кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн эске албаганда, ушул жобонун 25-пунктунда белгиленген кызмат адамдарын Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсү үчүн жоопкерчилик адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Башкармасынын төрагасына жүктөлөт.  

33. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси ушул жобонун 25-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар шайланган/дайындалган учурдан тартып үч жумуш күнү ичинде кызмат адамдардын курамындагы өзгөрүүлөр тууралуу билдирмени Улуттук банкка сунуштоого тийиш.  

34. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси талапкер шайланган/дайындалган учурдан кийинки он жумуш күнү ичинде төмөнкү документтерди тиркөө менен Улуттук банкка кат сунуштоого тийиш:  

1) талапкерди тандоо же кызмат ордунан бошотуу тууралуу чечим кабыл алган ыйгарым укуктуу башкаруу органынын отурумунан толтурулган протоколдун (эмгек келишиминин) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;  

2) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, дайындоо жөнүндө буйруктун (токтомдун, тескеменин) көчүрмөсүн;  

3) анкеталарды;  

4) талапкердин белгиленген талаптарга ылайык келишин тастыктаган документтерди.  

5-глава. Филиалды ачуу тартиби  

35. Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде иш алып барган адистештирилген финансы-кредит мекемеси Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды ачууга укуктуу.  

36. Юридикалык жак болуп саналбаган, бекитилген жобонун негизинде адистештирилген финансы-кредит мекемесинин атынан банктык операциялардын бардыгын же анын бир бөлүгүн жүзөгө ашырган жана жогоруда аталган уюм тарабынан чегерилген ыйгарым укуктардын алкагында иш алып барган анын обочолонгон бөлүмү адистештирилген финансы-кредит мекемесинин филиалы болуп саналат.  

Филиал, адистештирилген финансы-кредит мекемеси менен бирге бирдиктүү уставдык капиталга, баланска, ошондой эле мекеменин аталышына дал келген аталышка ээ.  

37. Филиалдын жетекчиси адистештирилген финансы-кредит мекемесинин уставына ылайык, ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан дайындалат жана ал өз ишин белгиленген тартипте сунушталган ишеним каттын негизинде жүргүзөт. Ишеним катта филиалдын жетекчиси жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу болгон операциялардын жана башка иш-аракеттердин тизмеги көрсөтүлүүгө тийиш.  

38. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин филиалы жөнүндө маалымат анын уставында камтылышы зарыл. Филиал ачылгандан кийинки алгачкы жалпы акционерлер жыйынында адистештирилген финансы-кредит мекемеси уставга филиал жөнүндө тиешелүү маалыматтарды киргизүүгө, андан кийин уставды бекитүүгө милдеттүү.  

39. Филиал ачуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтер сунушталат:  

1) филиал ачуу жөнүндө билдирме, анын ичинде филиалдын жетекчиси жана башкы бухгалтери жөнүндө маалыматтар камтылат;  

2) Филиал жөнүндө жобо, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: адистештирилген финансы-кредит мекемесинин аталышына толугу менен дал келген филиалдын аталышы, анын почта дареги, филиалга жүзөгө ашыруу укугу чегерилген операциялардын тизмеги, пландаштырылган операциялардын көлөмү жана мүнөзү, башкы адистештирилген финансы-кредит мекемеси тарабынан натыйжалуу контролдук жүргүзүү каралган анын укуктары жана милдеттери белгиленген филиалдын жетекчисинин ыйгарым укуктары жана милдеттери;  

3) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Директорлор кеңешинин филиал ачуу жөнүндө чечиминин көчүрмөсү;  

4) ал жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу болгон операцияларды жана бүтүмдөрдү чагылдыруу менен филиалдын жетекчисине берилген ишеним каттын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;  

5) филиалдын ишинин адистештирилген финансы-кредит мекемесинин максаттарына жана болжолдонгон кирешеге жетүү таасири көз карашынан алып караганда, филиалдын келечектеги ишине баа берүү;  

6) Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин филиалдары жайгашуучу жай Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык жактан жабдылышы жана тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылынышы талаптарына жооп бере тургандыгы тууралуу корутунду; 

7) адистештирилген финансы-кредит мекемеси тарабынан тастыкталган, филиал жайгаштырылуучу жайга ижара келишиминин же аталган мекеменин менчик укугун тастыктаган документтин көчүрмөсү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

40. Тиешелүү негизде таризделинген документтерди алгандан кийинки он жумуш күнү ичинде Улуттук банк адистештирилген финансы-кредит мекемесинин филиалын ачуу документтерин кароого алат. Макулдук берилген учурда Улуттук банк юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине филиалды мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө кат жөнөтөт.  

41. Филиал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөртүлгөндөн кийин адистештирилген финансы-кредит мекемеси беш жумуш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөт ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштоого милдеттүү:  

1) филиалдын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу билдирмени;  

2) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу белги коюлган филиал жөнүндө жобонун көчүрмөсүн;  

3) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, филиалдын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;  

4) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу белги коюлган уставдын нотариалдык жактан тактыкталган көчүрмөсүн.  

42. Филиалдын эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө билдирме сунушталгандан кийинки үч жумуш күнү ичинде Улуттук банк:  

1) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин филиалдар реестрине тиешелүү жазууларды чагылдырат;  

2) реестрге тиешелүү жазуулар чагылдырылгандыгы жөнүндө катты адистештирилген финансы-кредит мекемесинин дарегине жөнөтөт.  

43. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин филиалы Улуттук банктан ал тууралуу билдирме алган күндөн тартып айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө укуктуу. 

44. Филиалдын жайгашкан орду өзгөргөн шартта, адистештирилген финансы-кредит мекемеси бул тууралуу Улуттук банкка маалымдоого жана ижара келишимин же жаңы отурукташкан жайга укукту тастыктаган документтин көчүрмөсүн, ошондой эле филиал жайгашуучу жай Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык жактан жабдылышы жана тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылынышы талаптарына жооп бере тургандыгы тууралуу корутундуну ага берүүгө милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

45. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин филиалын жабуу жөнүндө чечим анын Башкармасы тарабынан кабыл алынат. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси тиешелүү чечимде көрсөтүлгөн филиал иши токтотулган күндөн тартып он жумуш күнү ичинде Улуттук банкка төмөнкүлөрдү сунуштоого милдеттүү

1) филиал жабылгандыгы жөнүндө билдирмени; 

2) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин мөөрү менен тастыкталган филиалды жабуу жөнүндө чечимдин көчүрмөсүн; 

3) юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга багытталган филиал иши токтотулгандыгын каттоо жөнүндө өтүнүч каттын көчүрмөсү (адистештирилген финансы-кредит мекемесинин мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсү). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

46. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин филиалы жабылгандыгы (иши токтотулгандыгы) юридикалык жактарды каттоодон өткөртүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталгандан кийинки беш жумуш күнү ичинде адистештирилген финансы-кредит мекемеси бул тууралуу Улуттук банкка маалымдайт. Мында билдирмеге кошумча юридикалык жактарды каттоодон өткөртүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын филиалды жабуу жөнүндө чечиминин көчүрмөсү сунушталууга тийиш.  

6-глава. Алмашуу пункттарын ачуу  

47. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси нак чет өлкө валютасын алмашуу операциялары боюнча кызматтарды сунуштоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагында алмашуу пункттарын ачышы мүмкүн.  

"Алмашуу пункту" - бул, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Улуттук банктын банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиясынын негизинде нак чет өлкө валютасын алмашуу операцияларын ишке ашыруу үчүн каралган атайы жай.  

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жетекчилиги өз алмашуу пункттарынын иши жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жооп берүүсү үчүн толугу менен жоопкерчилик тартат.  

48. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси тиешелүү лицензияга ээ болгон шартта, анын алмашуу пункту берилген ишеним каттын чегинде өз атынан жана кардардын атынан нак чет өлкө валютасын сатып алууга жана сатууга укуктуу.  

49. Алмашуу пункту өз ишин Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасын алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого ылайык уюштурат.  

50. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин алмашуу пунктун каттоодон өткөртүү үчүн аны ачуу чечими кабыл алынган учурдан кийинки 10 жумуш күнү ичинде төмөнкү документтерди тиркөө менен Улуттук банкка кат жөнөтөт:  

1. анда адистештирилген финансы-кредит мекемесинин башкы же белгилүү бир филиалына караштуулугу жөнүндө маалымат камтылган, Башкарманын алмашуу пунктун ачуу жөнүндө чечимдин мекеменин мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсүн;  

2. алмашуу пункту жайгаштырылуучу жайга менчик укугун тастыктаган ижара келишиминин же башка документтин мекеменин мөөрү менен тастыкталган көчүрмөсүн;  

3. алмашуу пунктунун жайынын техникалык чыңдоо талаптарына ылайык келүүсү жөнүндө корутундусун.  

51. Улуттук банкта каттоодон өткөндүгү жөнүндө кат адистештирилген финансы-кредит мекемесинин алмашуу пунктунун өз ишин баштоосуна негиз болуп саналат. Улуттук банк ушул жобонун 50-пунктунда белгиленген талаптарды канааттандырган документтерди алган учурдан кийинки он жумуш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөт ичинде алмашуу пунктун каттоодон өткөртөт.  

52. Алмашуу пунктунун иши адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Башкармасынын төрагасынын буйругунун негизинде токтотулат. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси аны жабуу чечимин кабыл алгандан кийинки үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка кат жүзүндө алмашуу пунктунун ишин токтотуу жөнүндө маалымдайт. Билдирмеде алмашуу пунктунун дареги көрсөтүлүп, буйруктун көчүрмөсү кошо тиркелүүгө тийиш.  

53. Алмашуу пунктунун дареги өзгөргөн учурда адистештирилген финансы-кредит мекемеси үч жумуш күнү ичинде төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен алмашуу пунктунун дарегинин өзгөргөндүгү тууралуу Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү:  

1) Башкарманын чечиминин көчүрмөсүн;  

2) адистештирилген финансы-кредит мекемеси тарабынан күбөлөндүрүлгөн, алмашуу пункту жайгаштырылуучу жайга ижара келишиминин же менчик укугун тастыктаган башка документтин көчүрмөсүн;  

3) Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин алмашуу пункту жайгашуучу жай Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык жактан жабдылышы жана тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылынышы талаптарына жооп бере тургандыгы тууралуу корутунду. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

7-глава. Уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү макулдашуу жана адистештирилген финансы-кредит мекемесин мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү  

54. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси, уюштуруу документтерине киргизилген бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан кийинки отуз календардык күн ичинде Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.  

55. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси, жалпы акционерлер жыйынынын күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча кабыл алынган чечимдер камтылган, мекеменин акционерлеринин жалпы жыйынында толтурулган протоколду көз карандысыз каттоочуда тастыктоо менен чечим кабыл алынгандан кийин ушул жобонун 54-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде Улуттук банкка сунуштоого тийиш.  

56. Өз аталышын өзгөртүү чечимин кабыл алган адистештирилген финансы-кредит мекемеси аталышына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизгенге чейин Улуттук банктан алдын ала макулдук алууга милдеттүү.  

57. Уюштуруу документтерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө макулдук берүү маселеси, мыйзамдарда белгиленген бардык талаптарды сактоо менен тиешелүү негизде таризделинген документтер сунушталган күндөн тартып отуз календардык күн ичинде Улуттук банк тарабынан кароого алынат.  

58. Уюштуруу документтерине сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор төмөнкү учурларда Улуттук банк тарабынан четке кагылышы мүмкүн:  

1) уюштуруу документтерине сунушталган өзгөртүүлөрдө жана толуктоолордо мыйзамдарда каралган лицензия берүүдөн баш тартуу негиздери камтылса;  

2) адистештирилген финансы-кредит мекемеси уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор боюнча Улуттук банктын сын-пикирлерин четтетүүгө тиешелүү жазма буйруктарын аткаруудан баш тартса;  

3) Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, мыйзамдарда каралган башка учурларда.  

59. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин уставына киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор же болбосо уставдын жаңы редакциясы мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана күчүнө кирет.  

60. Уставга киргизилүүчү, анын ичинде мекеменин аталышын, уставдык капитал өлчөмүн ж.б. өзгөртүүгө байланыштуу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуу үчүн адистештирилген финансы-кредит мекемеси ушул жобонун 54-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт:  

1) уставга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү/капитал өлчөмүн көбөйтүүнү/мекеменин аталышын өзгөртүүнү макулдашууга өтүнүч катты;  

2) акционерлердин жалпы жыйынында уставга/капитал өлчөмүнө/аталышына өзгөртүүлөрдү киргизүү чечими камтылган протоколду же анын көчүрмөсүн;  

3) юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын фирмалык аталыштарды жөнгө салууну жүзөгө ашырган тиешелүү органынын аталган мекеменин фирмалык аталышы Юридикалык жактарды бирдиктүү мамлекеттик каттоо реестринде катталбагандыгын далилдеген тастыктамасын;  

4) формага ылайык уставга киргизилген өзгөртүүлөрдүн текстин же болбосо уставдын жаңы редакциясын (2 нускада);  

5) уставдын капиталы өзгөргөн учурда акционерлердин тизмегин (2 нуска);  

6) уставдык капитал өзгөргөн учурда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буга чейинки эмиссияда акцияларды чыгаруу жыйынтыгы жөнүндө отчет мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндүгү жөнүндө чечиминин көчүрмөсүн (2 нуска);  

7) уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган акча каражаттардын келип чыгуу булактары жөнүндө маалымат (уставдык капитал өлчөмү көбөйтүлгөн шартта).  

61. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин уставдык капитал өлчөмүн көбөйтүүнү макулдашуу учурунда Улуттук банк аталган мекеменин акционерлеринин финансылык абалы тууралуу кошумча маалыматты, акционерлердин уюштуруу документтерин, алардын финансылык жана башка отчетторун сунуштоону талап кылышы мүмкүн.  

62. Улуттук банк ушул жобонун 60-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди талаптарды канааттандырган документтер сунушталган күндөн тартып 30 календардык күн ичинде кароого алат. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси тарабынан сунушталган документтер ченемдик укуктук актылардын талаптарына жооп берген шартта, аны мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүүгө макулдук кат берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

63. Мыйзамдарда белгиленген тартипте өзгөртүүлөр мамлекеттик кайра каттоодон өткөндөн кийин адистештирилген финансы-кредит мекемеси беш жумуш күнү ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди сунуштайт:  

1) тиешелүү негизде тастыкталган, юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;  

2) тиешелүү негизде тастыкталган, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чыгарылган акциялардын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө чечиминин көчүрмөсүн;  

3) нотариалдык жактан тастыкталган, уставга карата тиркеме катары ага киргизилген өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун көчүрмөсүн же болбосо юридикалык жактарды каттоодон өткөртүү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын белгиси коюлган уставдын жаңы редакциясынын көчүрмөсүн.  

64. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарга ылайык, чыгарылгандыгы таанылган жана баалуу кагаздарды чыгаруу жыйынтыгы катталган учурдан кийинки отуз календардык күн ичинде баалуу кагаздар эмиссиясы жыйынтыктап каттоодон өткөртүлгөндүгү жөнүндө Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү. Мында буга кошумча төмөнкүлөр сунушталууга тийиш:  

1) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чыгарылган акциялар каттоодон өткөндүгү жөнүндө чечимин;  

2) акционерлер реестринен реестр жүргүзгөн жактын кол тамгасы коюлган, өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндө көчүрмөнү же акционерлердин жаңы реестрин;  

3) акционерлер тизмеги кагаз жүзүндө жана электрондук формада.  

65. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин уставына киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор анын ажырыгыс бөлүгү болуп саналат жана алар мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн кийин күчүнө кирет.  

8-глава. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жайгашкан ордунун өзгөрүшү  

66. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жайгашкан ордунун (почта дарегинин) өзгөрүшү калктуу пункттун, көчөнүн аталышы, үй номеринин өзгөрүшү, башка калктуу пунктка орун которуу менен шартталышы мүмкүн.  

67. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси, ал жайгаша турган имаратка менчик укугун тастыктаган документти же ижара (субижара) келишиминин көчүрмөсүн сунуштоо менен жайгашкан ордунун өзгөргөндүгү тууралуу жыйырма календардык күн мурда алдын ала Улуттук банкка маалымдоого тийиш.  

68. Жайгашкан орду өзгөргөндүгү тууралуу билдирме жөнөтүлгөндөн кийинки он жумуш күнү ичинде, ушул жобонун 3-пунктуна ылайык ошол жайда операциялар ишке ашырыла турган болсо, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген техникалык жактан жабдылышы жана тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылынышы талаптарына жооп бере тургандыгы тууралуу корутунду адистештирилген финансы-кредит мекемелерине берилүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 24-августундагы № 35/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

69. Жайгашкан орду (почта дареги) айкын өзгөргөндөн кийинки эки жумуш күнү ичинде адистештирилген финансы-кредит мекемеси төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:  

1) лицензиянын түп нускасын тиркөө менен Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого;  

2) жалпыга маалымдоо каражаттарында мекеменин жайгашкан орду (почта дареги) өзгөргөндүгү тууралуу маалыматты жарыялоого.  

70. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин аталышы же калктуу пункт өзгөргөндүгүнө байланыштуу, анын жайгашкан орду өзгөргөн учурда аталган мекеменин лицензиясы алмаштырылууга (кайра тариздетилүүгө) тийиш.  

71. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин аталышы өзгөргөндө, башка калктуу пунктка орун которгондо, ошондой эле уюм жайгашкан калктуу пункттун аталышы өзгөргөн учурда, жогоруда белгиленген маалыматтарды тастыктаган тиешелүү документтерди кошо тиркөө менен лицензияны алмаштыруу (кайра тариздөө) жөнүндө өтүнүч кат Улуттук банкка сунушталат.  

72. Билдирме сунушталган учурдан кийинки беш жумуш күнү ичинде Улуттук банк адистештирилген финансы-кредит мекемесинин лицензиясын кайра тариздейт.  

9-глава. Адистештирилген финансы-кредит мекемесин жоюу  

73. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлушу мүмкүн. Мында адистештирилген финансы-кредит мекемеси өз эрки боюнча жоюлуу чечимин кабыл алган учурдан кийинки үч жумуш күнү ичинде лицензиянын (лицензиялардын) түп нускасын (түп нускаларын) Улуттук банкка тапшырууга жана жоюу чечими кабыл алынган учурдан тартып лицензияда (лицензияларда) каралган операцияларды жүзөгө ашырууну токтотууга тийиш.  

74. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензияны кайтарып алуу жөнүндө чечимин алгандан кийинки үч күн ичинде адистештирилген финансы-кредит мекемеси лицензиянын түп нускасын (кошумча лицензияны кошо алганда) Улуттук банкка тапшырууга, ал эми бир ай ичинде - Улуттук банк тарабынан башка чечим кабыл алынбаса, соттук эмес тартипте жоюу жол-жобосун баштоого тийиш.  

Адистештирилген финансы-кредит мекемеси ушул пункттун талаптарын аткарбаса же талапка ылайык аткарбаган шартта, Улуттук банк адистештирилген финансы-кредит мекемесин мажбурлап жоюу талабы менен сот органдарына кайрылууга укуктуу.  

75. Адистештирилген финансы-кредит мекемесин жоюу милдети мекеменин уставы аркылуу ыйгарым укук берилген башкаруу органына жүктөлөт.  

76. Адистештирилген финансы-кредит мекемеси төлөөгө жөндөмсүз болгон шартта, ал банкроттук жөнүндө мыйзамга ылайык жоюлууга тийиш.  

  

10-глава. Улуттук банктын чечимдерине даттануу тартиби 

77.  Улуттук банк тарабынан ушул жобонун алкагында кабыл алынган чечимдер Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык, анын ичинде сотко чейинки даттануу тартибин сактоо менен адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана/же аларга карата чечим кабыл алынган же кабыл алынган чечимдер алардын кызыкчылыгына зыян келтирген башка кызыкдар адамдар кайрылышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

  

  

 

 

"Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

1-тиркеме 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасына 

күнү  

Адистештирилген финансы-кредит мекемесине лицензия берүү жөнүндө 

ӨТҮНҮЧ КАТ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 17-майындагы № 19/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

Ушул аркылуу жаңыдан түзүлүп жаткан _____________________ (Адистештирилген финансы-кредиттик мекеменин толук аталышы) Адистештирилген финансы-кредиттик мекемесине төмөнкү операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берүүнү өтүнөт.  

- _____________________________________________________________________ 

- _____________________________________________________________________ 

- _____________________________________________________________________ 

(операциялардын тизмеги көрсөтүлөт) 

“Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин толук юридикалык дареги: __________________________________ 

Уюштуруучулар тобунун өкүлүнүн аты-жөнү  

Өкүлүнүн дареги  

Телефону _________________ Факсы ____________________  

Акционердик коом түрү (жабык же ачык акционердик коом)  

Капиталдын болжолдонгон түзүмү:  

- акциялардын саны  

- чыгарылуучу акциялардын жалпы наркы  

Уюштуруучулар, сунушталган маалыматтардын аныктыгы үчүн толугу менен жоопкерчилик тартышат.  

Уюштуруу документтери _____ барактан турат.  

  

Кол тамгасы  

  

  

  

"Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

2-тиркеме 

Уюштуруучулардын (акционерлер) 

ТИЗМЕГИ  

_________________________________________________________ 

(Адистештирилген финансы-кредит мекеменин бекитилген уставына ылайык аталышы) 

_________________________________________ карата абал боюнча 

Катар 

№ 

Юридикалык жактар үчүн 

Почта индекси, дареги, телефон, үй номерлери 

Мекеменин жарыяланган уставдык капиталы 

20___-жылдын "___"____________ карата мекеменин төлөнгөн уставдык капиталы 

  

Юридикалык жактын толук аталышы 

Юридикалык жактын жетекчисинин (уюштуруучусунун, акционеринин) аты-жөнү 

Каттоодон өткөн (чыккан) өлкө 

миң сом 

уставдык капиталда катышуу үлүшү (пайыздарда) 

миң сом түрүндө салынган 

уставдык капиталда катышуу үлүшү (пайыздарда) 

  

Жеке адамдар үчүн 

  

Аты-жөнү (чет өлкөлүк жарандар аты-жөнүн англис тилинде да көрсөтүүгө тийиш) 

Паспортто катталган маалыматтар (паспортунун №, берилген күнү, колдонуу мөөнөтү, ким тарабынан берилген) 

Жарандыгы 

  

Жыйынтыгында 

  

  

  

  

  

  

  

Директорлор кеңешинин төрагасынын (кол тамгасы) аты-жөнү  

Мөөрү (жаңыдан түзүлгөн адистештирилген финансы-кредит мекемеси үчүн - Директорлор кеңешинин төрагасы шайланган юридикалык жактын мөөрү; иштеп жаткан адистештирилген финансы-кредит мекемеси үчүн - ошол мекеменин мөөрү).  

Эскертүү:  

1) лицензия алуу үчүн 1-7-графалар толтурулат;  

2) иштеп жаткан адистештирилген финансы-кредит мекемесинин уставдык капиталынын өлчөмү өзгөргөн шартта, бардык графалар толтурулат;  

3) акционерлер алфавиттик тартипте көрсөтүлүүгө тийиш.  

  

  

  

"Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

3-тиркеме 

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин катышуучулары жөнүндө 

МААЛЫМАТ  

________________________________________________________ 

(Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин бекитилген уставына ылайык аталышы) 

_________________________________________ карата абал боюнча (маалыматтар түзүлгөн күн) 

Юридикалык жактын толук аталышы же Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин катышуучусу - жеке адамдын аты-жөнү 

Юридикалык жактын толук аталышы же 1-графада көрсөтүлгөн юридикалык жактын олуттуу катышуусун жүзөгө ашырган жеке адамдын аты-жөнү 

1-графада көрсөтүлгөн адам акциялардын ээси болуп саналган юридикалык жактардын толук аталышы 

Аталышы (карагыла. *) Аты-жөнү 

Салынган сумма (сом) 

Ээлик кылуу үлүшү (%) 

Аталышы (карагыла. *) Аты-жөнү 

Салынган сумма (сом) 

Ээлик кылуу үлүшү (%) 

Аталышы (карагыла. *) Аты-жөнү 

Салынган сумма (сом) 

Ээлик кылуу үлүшү (%) 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Директорлор кеңешинин төрагасы _____________________________ (кол тамгасы) (аты-жөнү)  

  

Мөөрү (жаңыдан түзүлгөн адистештирилген финансы-кредит мекемеси үчүн - Директорлор кеңешинин төрагасы шайланган юридикалык жактын уюштуруучусунун мөөрү; иштеп жаткан адистештирилген финансы-кредит мекемеси үчүн - ошол мекеменин мөөрү).  

  

Эскертүү:  

(*) - Мында, толук аталышынан тышкары (аты-жөнү) төмөнкүлөр көрсөтүлөт:  

1) юридикалык жактар боюнча -почта дареги, телефон номери, эсеп ачылган финансы-кредит уюмунун (уюмдардын) аталышын көрсөтүү менен эсептешүү эсебинин (эсептеринин) номери жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн салык төлөөчүнүн Идентификациялык номери жана Идентификациялык номер;  

2) жеке адамдар боюнча - паспорттогу маалыматтар, үй дареги жана салык төлөөчүнүн Идентификациялык номери.  

  

  

  

"Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

4-тиркеме 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ 

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин 

№ _______ ЛИЦЕНЗИЯСЫ  

___________________________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук аталышы)  

___________________________________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын кыскартылган аталышы)  

___________________________________________________________________________________________ 

(жайгашкан орду)  

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөндө келтирилген банктык операцияларды жүргүзүү укугуна ээ:  

1.1. Өз атынан жана кардардын атынан нак жана нак эмес чет өлкө валютасын сатып алууга жана сатууга;  

1.2. Банк менен агенттик келишим түзүү менен акча которуулар системасы аркылуу калкка акча которуулар боюнча кызматтарды сунуштоо;  

1.3. Улуттук банк тарабынан чыгарылган, өлчөнгөн куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды ишке ашырууга.  

2. Айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө чектөөлөр баракчасы ушул лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.  

Бул лицензия ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.  

  

№ ____________ бланктын сериясы ______________  

  

Төраганын орун басары  

  

  

  

"Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

5-тиркеме 

Адистештирилген финансы-кредит мекемесине берилген (күнү, айы, жылы) № _______ лицензияга карата 

ЧЕКТӨӨЛӨР БАРАКЧАСЫ  

__________________________________________________________________ 

(юридикалык жактын толук аталышы) 

Банк операциясынын катар номери 

Чектөөлөр 

Чектөө колдонууга киргизилген күн 

Эскертүү 

1.1. 

  

  

  

1.2. 

  

  

  

1.3. 

  

  

  

  

№ ____________ бланктын сериясы______________  

  

Төраганын орун басары 

  

  

  

"Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин лицензиялоо жөнүндө" жобого карата 

6-тиркеме 

  

  

  

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кызмат адамдары тарабынан толтурулат 

  

Сүрөт үчүн 

АНКЕТА 

Аты-жөнү  

 

Талапкерлигиңиз сунушталып жаткан адистештирилген финансы-кредит мекемесиндеги позицияны көрсөтүңүз (кызмат, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин аталышы):  

 

Аты-жөнүңүздү өзгөрткөн болсоңуз качан жана эмне себептен өзгөрткөндүгүңүздү жана мурунку аты-жөнүңүздү көрсөтүңүз  

 

Туулган жылыңыз жана жериңиз:  

 

Паспорттук маалыматтар (сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилгени)  

 

Жарандыгыңыз Кандайча алынгандыгын көрсөтүңүз: туулган жери боюнча, никеге тургандан кийин, башка жагдайларда - түшүндүрмө берүү  

 

Үй дареги ( документ боюнча), тел. Айкын жашаган жери  

 

Талапкердин төмөнкү багыттар боюнча билиминин болушу: 

- банк мыйзамдары 

- финансылык отчеттуулук жана бухгалтердик эсепти жүргүзүү 

- тобокелдиктерди тескөө 

- ликвиддүүлүктү тескөө  

 

Иштеген жеринин дареги, тел. №, факс, эл. почтасы  

 

10 

Билими (жогорку, толук эмес жогорку, орто кесиптик, орто, бакалавр, магистр)  

 

  

Окуу жайынын аталышы жана ал жайгашкан жери 

Факультети же бөлүмү 

Окуу жайына тапшырган жана аны аяктаган жыл 

Алган дипломуна ылайык адистиги 

  

  

  

  

Ар башка окуу борборлору тарабынан өткөрүлгөн курстарда окутуудан өтүү ______ 

Семинардын же курстун темасы 

Семинарды уюштуруучу 

Өткөрүлгөн жери 

Өткөрүлгөн күн 

Сертификаттын болушу (бар/жок) 

  

  

  

  

  

11. Эмгек жолу башталгандан тартып иштеген жери 

Жумушка кирген күн (ай, жыл) 

Иштен бошогон күн (ай, жыл) 

Ээлеген кызмат орду 

Мекеменин аталышы, ал жайгашкан жер 

Бошонуу себеби 

  

  

  

  

  

12. Акыркы 10 жыл ичинде Сиз мурда уюштуруучусу, акционери (ээси) болгон жана/же учурда уюштуруучусу, акционери (ээси) болгон кайсы болбосун өлкөдөгү компанияны көрсөтүңүз: 

Юридикалык жактын аталышы, жайгашкан орду 

Юридикалык жактын ишинин түрү 

Ээлигинде болгон акциялардын саны 

Капиталда ээлик кылуу үлүшү сом түрүндө 

Ошол юридикалык жактын уставдык капиталдагы үлүшү пайыздарда (%) 

Салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН) 

  

  

  

  

  

 

  

13 

Качандыр бир мезгилде, кайсы бир өлкөдө Сизге карата же Сиз анын олуттуу катышуучусу жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же кайсы болбосун кызмат адамы болгон компанияга карата төмөнкүлөр орун алган болсо, көрсөтүңүз: 

- укук бузуулар боюнча күнөө коюлса (ооба/жок) 

- дисциплинардык жаза колдонсо (ооба/жок) 

Болгон болсо, укук коргоо органынын аталышын көрсөтүү менен күнөө коюуну, айыптоону, ошондой эле кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан колдонулган айыптоону же дисциплинардык жазаны, териштирүү жыйынтыктарын, соттун чечимин чагылдырыңыз:  

 

14 

Акырына чейин өтөлбөгөн сот чечими болсо көрсөтүңүз. Ал боюнча түшүндүрмө бериңиз  

 

15 

Сизге карата кайсы бир кесипкөй иштин түрү менен алектенүүгө тыюу салган чечим чыгарылган болсо көрсөтүңүз. Ал боюнча түшүндүрмө бериңиз  

 

16 

Сиз анын жетекчиси (менеджери), кызмат адамы (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер ж.б.) же олуттуу катышуучусу катары байланыштуу болгон жана ал мажбурлоо тартибинде банкрот катары таанылган же мажбурлоо тартибинде жоюу процессинде турган ар бир компанияны көрсөтүңүз  

 

17 

Сизге же кызмат адамы же олуттуу катышуучу (Директорлор кеңешинин мүчөсү, аткаруу органынын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансы менеджери ж.б.) катары байланыштуу болгон компанияга карата мамлекеттик же жөнгө салуучу органдар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлгөнбү? Эгер жүргүзүлгөн болсо, себебин түшүндүрүңүз 

 

18. Кимдир бирөөлөр алдында ссуда (башка милдеттенмелер) боюнча карызыңыз болсо, ар бир карыз (милдеттенме) боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды көрсөтүңүз: 

Кредитордун аталышы  

  

Берилген күнү (айы, жылы)  

  

Насыя суммасы  

  

Пайыздык чен  

  

Насыя багыты  

  

Күрөө жана анын суммасы  

  

Төлөө күнү (айы, жылы)  

  

Насыя боюнча карыз калдыгы  

  

Кредит үчүн пайыздар боюнча карыз калдыгы  

  

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз (негизги сумма, кредит үчүн пайыздар)  

  

19. Учурда Сиз кандайдыр бир соттук териштирүү иштерине катыштыгыңыз болгон болсо, ал боюнча түшүндүрмө бериңиз ______________________________  

20. Төмөнкүлөр боюнча маалымат бериңиз:  

1. 20___-жылдын "__" __________ карата абал боюнча активдер жана милдеттенмелер жөнүндө жеке отчет  

1. 1-таблица (валютаны көрсөтүңүз) 

 

Активдер 

Суммасы сом түрүндө 

Нак акча каражаттары  

  

Финансы-кредит мекемелериндеги депозиттик каражаттар  

  

Компанияга инвестициялар (2-табл.)  

  

Баалуу кагаздар  

  

Кыймылсыз мүлк, алардын ичинен күрөөдө турган же ага карата арест коюлган  

  

Дебитордук карыз (анын ичинде карызга берилген каражаттар)  

  

Башка активдер  

  

 

Бардыгы болуп активдер  

  

 

Милдеттенмелер  

  

Кредит боюнча карыз  

  

Кредитордук карыз  

  

Башка пассивдер  

  

 

Бардыгы болуп пассивдер  

  

 

Таза нарк (активдер-пассивдер)  

  

 

Өздүк берилген гарантиялар  

  

2. 2-таблица (валютаны көрсөткүлө

Каражаттар инвестицияланган компаниянын аталышы, дареги 

Компаниянын формасы 

Ээлик кылуу үлүшү (% түрүндө

Компаниянын иш чөйрөсү 

Каражаттар качан салынган (салынган жылы) 

Акциялар кайсы баада сатылып алынган (капиталдагы үлүшү

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Бардыгы болуп:  

3. 3-таблица (валютаны көрсөткүлө

 

Киреше булагы 

Өткөн жыл 20__-жыл 

Өтүп жаткан жыл (күтүлүп жаткан сумма) 20__ -жыл 

Негизги иштеген жери боюнча эмгек акы (сыйакыларды кошо алганда)  

  

  

Кошумча иштеген жери боюнча эмгек акы, анын ичинде автордук сыйакылар, башка төлөөлөр  

  

  

Дивиденддер  

  

  

Аманат боюнча пайыздар, баалуу кагаздар  

  

  

Кыймылсыз мүлктөн, анын ичинде аны сатуудан кирешелер  

  

  

Баалуу кагаздарды, мүлктү ж.б. кошо алганда, башка кирешелер  

  

  

 

Бардыгы болуп  

  

  

 

Чыгашалар  

  

  

Чыгашалар (өздүк, керектөөгө)  

  

  

Кредит боюнча төлөөлөр: а) негизги сумма б) пайыздар  

  

  

Башка чыгашалар, кыймылсыз мүлк, автоунаа ж.б. сатып алууга чыгашаларды кошо алганда  

  

  

 

Бардыгы болуп чыгашалар  

  

  

 

Таза киреше (чыгаша)  

  

  

21. Үй-бүлөлүк абалы  

Жакын туугандарыңызды (ата-энеңизди, жубайыңызды, ага-иниңизди, эже-сиңдиңизди, чоң ата, чоң энеңизди) көрсөтүңүз: _________________________ 

Аты-жөнүңүз 

Туугандык мамиле 

Туулган күнү жана жери 

Кызмат орду жана иштеген жери 

Үй дареги, тел. № 

  

  

  

  

  

22. Сиз кызмат ордуна талапкерлигиңизди сунуштаган адистештирилген финансы-кредит мекемеси менен кандай байланышыңыз бар экендиги тууралуу толук маалымат бериңиз. Мындан тышкары, кызмат ордуна макулдашуу учурунда кароого алуу маанилүү деп саналган кандай болбосун башка маалыматты көрсөтүңүз.  

Мен, ______________________________________________________________ (аты-жөнүңүз)  

анкетада жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар анык жана толук экендигин жана анда камтылган маалыматтар менин билимиме жана маалыматтарга ылайык сунушталгандыгын тастыктайм. Мен тараптан атайлап бурмалоолор жана кемчиликтер кетирилген шартта, бул сунушталган кызмат ордуна макулдашууда негиз болушу мүмкүн экендигин жана ал мыйзам актыларына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келиши мүмкүн экендигин толук түшүнөм.  

_____________________ 20__-жылдын "___" _____________ (кол тамгасы, күнү)  

  

Эскертүү:  

1) анкетанын ар бир бетине кол коюу зарыл; 

2) анкетага оңдоолор киргизилген шартта, "оңдоолор киргизилди" деген сөздөр жазылып, ал талапкердин кол тамгасы менен тастыкталат.