Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын 27-майындагы 

№25/8 токтомуна карата  

тиркеме 

 

“Банктарды кайра каржылоонун адистештирилген фонду” жоопкерчилиги чектелген коомдун ишин жөнгө салуу эрежелери 

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/17, 2010-жылдын 31-мартындагы №9/3, 2010-жылдын 7-майындагы №29/3, 2011-жылдын 26-январындагы №4/12, 2011-жылдын 18-февралындагы №9/2, 2011-жылдын 10-мартындагы №13/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

 

1. Жалпы жоболор 

2. Фонд тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар  

3. Концентрациялануу тобокелдигин чектөө жана башка талаптар  

4. Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалыматтарды, мезгил-мезгил менен берилүүчү жана башка отчетторду берүү тартиби жана мөөнөттөрү  

5. Экономикалык ченемдердин жана талаптардын сакталышына көзөмөлдүк. Фондго карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар  

1-тиркеме. “Банктарды кайра каржылоонун адистештирилген фонду” ЖЧКсы тарабынан берилген кредиттер тууралуу маалыматтар  

2-тиркеме. “Банктарды кайра каржылоонун адистештирилген фонду” ЖЧКсы тарабынан берилген кредиттер тууралуу маалыматтар  

 

1. Жалпы жоболор 

 

1.1. “Банктарды кайра каржылоонун адистештирилген фонду” жоопкерчилиги чектелген коомдун ишин жөнгө салуу эрежелери (мындан ары Эрежелер) Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.  

1.2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) финансы системасынын туруктуулугун жана “Банктарды кайра каржылоонун адистештирилген фонду” ЖЧКсынын (мындан ары Фонд) туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында, Фонд милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдерди, талаптарды жана чектөөлөрдү белгилейт.  

1.3. Улуттук банк Фондго карата эскертүү чараларын жана санкцияларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Эрежелерге ылайык колдонууга укуктуу. 

1.4. Фонд өз ишине карата кыйла жогору талаптарды Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген талаптарды бузууга жол бербестен, өзүнүн тобокелдиктерди тескөө боюнча ички саясатына ылайык белгилеши мүмкүн.  

 

 

 

2. Фонд тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон  

экономикалык ченемдер жана талаптар  

 

Фонд төмөнкү экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткарууга тийиш:  

 

2.1. Бир карыз алуучуга карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

2.1.1. Фонд тарабынан банкка берилүүчү кредиттик каражаттардын максималдуу өлчөмү Фонддун кайра каржылоо саясатында белгиленген шарттарга жана талаптарга ылайык аныкталат.  

2.1.2. Фонддон алынган кредиттик каражаттар боюнча банктын (карыз алуучунун) чогуу алгандагы карызы Фонддун таза суммардык капиталынын 20% өлчөмүнөн ашпоого тийиш. Бир карыз алуучуга (К1) карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелет: 

 

К1 = СЗ / ЧСК x 100%, мында, 

 

СЗ төмөнкүлөрдү кошо алганда, бир карыз алуучунун чогуу алгандагы карызы: 

- карыз алуучу тарабынан алынган кредиттик каражаттар (ордун жабуу мөөнөтүнө карабастан); 

- ошол карыз алуучунун кредиттик каражаттары боюнча алууга чегерилген пайыздар; 

- ошол карыз алуучуга кредиттерди берүүдө баланстан тышкаркы милдеттенмелердин суммасы; 

- ошол карыз алуучунун баланстан тышкаркы же системадан тышкары эске алынуучу кредиттери жана пайыздары боюнча карызы. 

ЧСК Фонддун таза суммардык капиталы, ал Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоого ылайык белгиленет (1). 

Бир карыз алуучуга (К1) карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн бул ченеми коммерциялык банктарга сунушталган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Улуттук банк тарабынан эмитирленген мамлекеттик баалуу кагаздар менен жана/же коммерциялык банктын Улуттук банктагы өзүнчө депозиттик эсебинде турган акча каражаттары менен жана Фонд аларга кредит берген учурда күрөөлүк камсыздоо катары банктардан алган чет өлкө валютасындагы (АКШ доллары, евро) карыз алуулары/кредиттери боюнча талап кылуу укуктары менен камсыздалган кредиттерге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каражаттарынын эсебинен банк тарабынан алынган кредиттерге, ошондой эле Фонд менен коммерциялык банк ортосунда ишке ашырылган РЕПО операцияларына таркатылбайт. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 31-мартындагы №9/3, 2010-жылдын 7-майындагы №29/3, 2011-жылдын 26-январындагы №4/12, 2011-жылдын 10-мартындагы №13/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык). 

2.2. Фонддун капиталынын жетиштүүлүгүнө карата талаптар 

Өз ишин жүзөгө ашыра баштагандан кийинки экинчи финансылык жылдан тартып Фонд таза суммардык капиталынын маанисин Фонддун төлөнгөн уставдык капиталынын өлчөмүнөн төмөн эмес деңгээлде кармап турууга тийиш.  

Фонддун таза суммардык капиталы Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталдарынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоого ылайык аныкталат (2). 

Фонддун таза суммардык капиталынын минималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

 

ЧСК / УК * 100% >= 100%, мында: 

 

ЧСК Фонддун таза суммардык капиталы; 

УК Фонддун төлөнгөн уставдык капиталы. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 18-февралындагы №9/2 токтомунун редакциясына ылайык). 

2.3. Фонддун жайларындагы инвестициялардын өлчөмүнө карата талаптар 

2.3.1. Фонддун жайларындагы инвестициялардын максималдуу өлчөмү (негизги каражаттар) Фонддун таза суммардык капиталынан 0,5% ашпоого тийиш. 

2.3.2. Фонддун жайлары дегенден улам Фондго таандык болгон же финансылык ижара келишими боюнча анын тескөөсүндө турган жана негизги каражат катары колдонулуп жаткан/колдонулуучу кыймылсыз мүлктү (курулуп жаткан кыймылсыз мүлктү кошо алганда) түшүнүү зарыл. 

2.3.3. Фонддун жайларындагы инвестициялардын максималдуу өлчөмүн (негизги каражаттар) эсептөөдө бардык жайлар, ижарага алынган (финансылык ижара келишими боюнча) менчикти көрктөндүрүүгө кеткен капиталдык салымдар эске алынууга тийиш. Мындай активдер эсептерде (финансылык ижара келишими боюнча жайларды эске албаганда) баланстык наркы боюнча көрсөтүлөт.  

Финансылык ижара келишими боюнча Фонддун тескөөсүндө турган жайлар финансылык ижара боюнча милдеттенмелердин күндөлүк өлчөмүн алып салгандан кийинки алгачкы наркы боюнча Фонддун жайларындагы инвестициялардын максималдуу өлчөмү эсептерине (негизги каражаттар) киргизилүүгө тийиш.  

 

3. Концентрациялануу тобокелдигин чектөө жана башка талаптар  

 

3.1. Фонддун тобокелдиктерди тескөө саясаты Улуттук банк Башкармасы тарабынан жактырылууга тийиш.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/17 токтомунун редакциясына ылайык). 

3.2. Фонддун Байкоо кеңеши жана Дирекциясы аталган саясаттын шайкештигине мезгил-мезгили менен байкоо жүргүзүп, зарылчылык келип чыккан шартта Улуттук банк Башкармасы тарабынан жактырылган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип турат. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/17 токтомунун редакциясына ылайык). 

3.3. Бир карыз алуучунун чогуу алгандагы карызынын суммасы Фонддун уставдык капиталына барабар же андан 1,5 пайыз жогору болгон шартта, мындай карыз алуучунун финансылык абалына өзгөчө көңүл бөлүү жана ага дайыма баа берип туруу талап кылынат. Мындай кредиттер “ири” кредиттер катары саналат.  

3.4. Коммерциялык банктардын, юридикалык жактар банктардын аффилирленген жактарынын катышуучуларына (ээлик кылуучуларына), кызматкерлерине Фонд кызматкеринен болууга жана коммерциялык банктардан кредит алууга жол берилбейт.  

3.5. Дирекция Фонддун ишиндеги концентрациялануу тобокелдиги тууралуу маалыматтарды Фонддун Байкоо кеңешине берип турууга тийиш. Фонддун концентрациялануу тобокелдигин өлчөө системасы, кеминде төмөнкү позицияларга баа берүүнү камсыз кылуусу зарыл:  

а) Фонддун каражаттарынын өлчөмү

- белгилүү бир активдердин түрлөрүнө салынган; 

- бир карыз алуучуга берилген; 

- экономиканын белгилүү бир тармагына жайгаштырылган; 

- (Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 18-февралындагы №9/2 токтомуна ылайык алынып салынган) 

б) милдеттенмелердин белгилүү бир түрлөрүнүн өлчөмдөрү

в) күрөө түрлөрүнүн өлчөмдөрү

г) (Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 18-февралындагы №9/2 токтомуна ылайык алынып салынган) 

(Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/17, 2011-жылдын 18-февралындагы №9/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык). 

3.6. Фонддун Байкоо кеңеши тарабынан экономиканын бир секторуна багытталган кредиттердин концентрациялануу тобокелдигине чектөөлөр белгиленүүгө тийиш: 

- “ири” кредиттер боюнча суммардык карыздын максималдуу өлчөмү

- таза суммардык капиталдан салыштырма салмактагы бир карыз алуучунун кредиттери жана карызынын башка түрлөрү. Фонд тарабынан белгиленген чектөөлөрдүн мааниси ушул Эрежелерде белгиленген ченемдердин маанисин бузууга жол бербөөгө тийиш;  

- иштин бир түрүнө багытталган (экономика тармагына) бардык кредиттердин салыштырма салмагындагы кредиттер; 

- Фонд тарабынан коммерциялык банктарга сунушталган, Фонд берген бардык кредиттердин салыштырма салмагындагы он ири кредиттер; 

- бардык күрөөлүк камсыздоолордун суммасынын салыштырма салмагындагы кредиттер боюнча күрөөлүк камсыздоонун белгилүү бир түрлөрү

(Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 18-февралындагы №9/2 токтомунун редакциясына ылайык). 

3.7. Фонд кеминде ай сайын кандай болбосун формадагы концентрациялануу тобокелдигинин деңгээлине байкоо жүргүзүп турууга, күндөлүк абалга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүгө жана тобокелдиктерди тескөө иши пландаштырууга тийиш (аналитикалык отчеттор, таблицалар, графиктер жана диаграммалар), алар Фонддун Байкоо кеңешине сунушталып турат.  

(экинчи абзац Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/17 токтомуна ылайык алынып салынган). 

(Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/17 токтомунун редакциясына ылайык). 

 

4. Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалыматтарды, мезгил-мезгили менен берилүүчү жана башка отчетторду берүү тартиби жана мөөнөттөрү  

 

4.1. Фонддун ишинин шайкеш жөнгө салынышын камсыз кылуу максатында, Фонд экономикалык ченемдердин жана талаптардын сакталышы, кредит портфелинин сапаты тууралуу маалыматтарды, мезгил-мезгили менен берилүүчү отчетту жана башка кошумча маалыматтарды зарылчылыкка жараша жана Улуттук банктын кат жүзүндөгү талабына ылайык Улуттук банкка берүүгө тийиш.  

4.2. Отчетторду сунуштоо мөөнөтү

4.2.1. Фонд мониторинг жүргүзүү максатында Улуттук банк менен Фонд ортосунда кол коюлган Маалыматтарды сунуштоо жөнүндө меморандумга ылайык, Улуттук банкка кошумча маалыматтарды сунуштап турат. 

4.2.2. Фонд ай сайын жана чейрек сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 12синен кечиктирбестен мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчетту берүүгө тийиш.  

4.2.3. Жылдык мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет отчеттук жылдан кийинки айдын 15-февралынан кечиктирилбестен Улуттук банкка сунушталат.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 18-февралындагы №9/2 токтомунун редакциясына ылайык). 

4.3. Фонд мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчетту төмөнкү бөлүктөр боюнча берүүгө тийиш: 

- 1. Баланстык отчет; 

- 2. Түшкөн пайда жана кеткен чыгымдар тууралуу отчет; 

- 3. Капитал түзүмү

- 4. Бөлүштүрүлбөгөн пайдадагы өзгөрүүлөр; 

- 5. Баалуу кагаздар портфели; 

- 6. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер тууралуу маалымат; 

- 7. Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо; 

- 8. РППУдагы өзгөрүүлөр; 

- 9. Ири тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар; 

- 12. Активдердин жана милдеттенмелердин пайыздык чендердин өзгөрүүсүнө карата ийкемдүүлүгүн талдап-иликтөө, активдердин/милдеттенмелердин ордун жабуу мөөнөттөрү

- 14. Экономикалык ченемдердин сакталышы тууралуу маалыматтар; 

- 15. Капиталды эсептөө

- 18. Башка маалыматтар. (А. Активдердин жана милдеттенмелердин орточо мааниси, Б. Банк иши жөнүндө, В. Банк персоналы жөнүндө, Г. Эсептер боюнча кыйла көбүрөөк жүгүртүүгө ээ кардарлар боюнча маалыматтар, Д. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматына билдирүүлөрдүн саны жана суммасы жөнүндө маалыматтар). 

Бардык отчеттор мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет үчүн белгиленген формада жана виза коюлган тартипте берилүүгө тийиш. 

4.4. Фонддун финансылык отчеттору “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторун түзүүгө карата талаптар жөнүндө” жобого, коммерциялык банктар үчүн белгиленген талаптарга ылайык Улуттук банкка сунушталат (3). 

4.5. Мезгил-мезгили менен берилүүчү отчет ушул Эрежелерде белгиленген мөөнөттө сунушталбаган учурда, ошондой мезгил-мезгили менен берилүүчү отчетто анык эмес маалыматтар чагылдырылган шартта, Фондго карата мыйзамдарда белгиленген эскертүү чаралары жана санкциялар колдонулушу мүмкүн. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 18-февралындагы №9/2 токтомунун редакциясына ылайык). 

 

5. Экономикалык ченемдердин жана талаптардын сакталышына көзөмөлдүк. Фондго карата колдонулуучу эскертүү чаралары жана санкциялар  

 

5.1. Фонддун ишине жыл сайын өткөрүлүүчү инспектордук текшерүүлөрдү кошо алганда, анын экономикалык ченемдерди жана башка талаптарды сактоо менен иш алып барышына көзөмөлдүк Улуттук банктын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү тарабынан жүзөгө ашырылат.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы №50/17 токтомунун редакциясына ылайык). 

5.2. Экономикалык ченемдердин жана башка талаптардын Фонд тарабынан сакталышына текшерүү Фонддун бухгалтердик балансынын негизинде кайсы болбосун күнгө карата абал боюнча жүргүзүлөт.  

5.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына, анын ичинде Улуттук банктын токтомдоруна, буйруктарына, тескемелерине, нускоолоруна, жазма буйруктарына жана башка документтеринин талаптарына каршы келген аракеттенүүлөр же аракеттенбей коюулар Фонд ишинде бузууга жол берүү катары эсептелет. 

5.4. Ушул Эрежелерде белгиленген экономикалык ченемдер жана талаптар Фонд тарабынан сакталбаган учурда, анык эмес маалыматтар сунушталгандыгы (же сунушталбагандыгы) фактылары же мыйзам талаптарын бузууга жол берүү фактылары аныкталган учурда, Улуттук банк Фондго карата эскертүү чараларын жана санкцияларды Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамдарына жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик актыларына ылайык колдонот.  

5.5. Фонд белгилүү бир ченемдерди жана эрежелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын кошо алганда, мыйзамдардын жоболорун бузууга жол берип жаткандыгын же ал Фонддун ишенимдүү жана туруктуу иш алып баруусуна кооптуулукту жараткан иштерди жүргүзүп жаткандыгын ага маалымдоо зарыл болгон шартта, ошондой эле кийин ага тиешелүү таасир этүү чаралары колдонула тургандыгын эскертүү максатында, Фондго Улуттук банктын эскертүү каты жөнөтүлөт. 

5.6. Туруктуу финансылык системасын сактоо максатында, Фондго карата банк мыйзамдарында каралган таасир этүү чаралары колдонулушу мүмкүн. 

5.7. Улуттук банктын чечими менен макул болбогон шартта, Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кабыл алынган чечимге даттанууга укуктуу.  

 

(1) Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы №18/2 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталдарынын шайкештик стандарттарын аныктоо боюнча нускоонун жаңы редакциясын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 23-августунда 94-04 номеринде каттоодон өткөн. 

(2) 1-шилтемени караңыз. 

(3) Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 3-декабрындагы №33/2 “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторун түзүүгө карата талаптар жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтому менен бекитилген, токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 29-декабрында 125-03 номеринде каттоодон өткөн.  

 

 

1-тиркеме 

 

 

"Банктарды кайра каржылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын 

___________тартып _______________чейинки мезгил ичинде 

берилген кредиттери жөнүндө 

МААЛЫМАТТАР 

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 18-февралындагы №9/2 токтомуна ылайык алынып салынган) 

 

 

2-тиркеме 

 

"Банктарды кайра каржылоонун адистештирилген фонду" ЖЧКсынын 

201_-жылдын "__" ________ карата абал боюнча 

берилген кредиттери жөнүндө 

МААЛЫМАТТАР 

 

(Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 18-февралындагы №9/2 токтомуна ылайык алынып салынган)