Кайта келүү

 

 

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2013-жылдын 23-декабрындагы 

N 52/6 токтому менен 

бекитилген 

"Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын (МФУ) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоо" 

НУСКОО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул, Депозиттерди тартпаган микрофинансылык уюмдардын (МФУ) жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоо (мындан ары - нускоо) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" (мындан ары - "МФУлар жөнүндө" Мыйзам), "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" (мындан ары - "ПОД/ФТЭ жөнүндө" Мыйзам), "Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө" мыйзамдарга, "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында, Кыргыз Республикасынын микрофинансылык уюмдары менен кредиттик союздарында ички контролдукту уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобого, Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык компаниялардын ишин жөнгө салуу эрежелерине, Адистештирилген финансы-кредит мекемелердин ишин жөнгө салуу эрежелерине, Кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу эрежелерине, "Микрокредиттик компанияларды жана микрокредиттик агенттиктерди түзүү жана алардын иши жөнүндө" жобого ылайык иштелип чыккан жана ал микрофинансылык уюмдарга (мындан ары - МФУ), анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык ишкердикти жүзөгө ашырган МФУларга: депозиттерди тартпаган микрофинансылык компаниялар (мындан ары - МФК), микрокредиттик компанияларга (мындан ары - МКК), микрокредиттик агенттиктерге (мындан ары - МКА), ошондой эле адистештирилген финансы-кредит мекемелерине жана кредиттик бюролорго таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

2. "МФУлар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" жана "Кредиттик маалымат алмашуу жөнүндө" мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) МФУлардын, адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин, ошондой эле кредиттик бюролордун ишин жөнгө салат жана аларга көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Бул Нускоо менен төмөнкү кыскартылган белгилөөлөр жана негизги түшүнүктөр колдонулат: 

а) Микрофинансылык уюм - жеке адамдар менен юридикалык жактар үчүн микрофинансылык кызматтарды, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунуштоо максатында юридикалык жак катары түзүлгөн адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекеме; 

б) Микрофинансылык компания - бул акционердик коом формасында түзүлгөн, Улуттук банктан лицензия алган жана юридикалык жактар менен жеке адамдарды микрокредиттөөнү жана "МФУ жөнүндө" Мыйзамда каралган операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартууну ишке ашыруучу адистештирилген финансы-кредиттик мекеме; 

в) Микрокредиттик компания - бул, коммерциялык уюмдун кайсы болбосун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, Улуттук банктан күбөлүк алган жана жеке адамдар менен юридикалык жактарды микрокредиттөөнү, ошондой эле "МФУ жөнүндө" Мыйзамда каралган операциялардын башка түрлөрүн жүзөгө ашыруучу адистештирилген финансы-кредиттик мекеме; 

г) Микрокредиттик агенттик - бул "МФУ жөнүндө" Мыйзамда белгиленгендерди же албаганда, коммерциялык эмес уюм формасында түзүлгөн, Улуттук банктын күбөлүгүнө ээ болгон жана уюмдун уставдык максаттарына ылайык, жеке адамдар менен юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жүзөгө ашыруучу адистештирилген кредиттик мекеме; 

д) Байкоо органы - бул МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин, кредиттик бюролордун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырган, МФУнун башкаруу органы (Директорлор кеңеши/Байкоо кеңеши);  

е) Аткаруу органы - бул МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин, кредиттик бюронун күндөлүк ишине жетекчиликти жүзөгө ашырган, МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин, кредиттик бюронун башкаруу органы (Башкарма/Дирекция/Башкаруучу); 

ж) Адистештирилген финансы-кредит мекемеси - бул, чет өлкө валютасын алмашуу ишин жүзөгө ашырган финансылык мекеме;  

з) Кредиттик бюро - бул, коммерциялык уюм болуп саналган, лицензиянын негизинде кредиттик маалымат алмашууну жүзөгө ашыруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган юридикалык жак. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Бул нускоодо МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюролордун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаттары жана түрлөрү аныкталат. Мындан тышкары, бул нускоодо МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюролордун ишине текшерүүлөр жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу, аларга карата коюлуучу милдеттүү талаптар аныкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Улуттук банк, МФУлардын жана адистештирилген финансы-кредит мекемеси ишине, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында ички контролдукту уюштуруу маселелери боюнча инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзөт жана анын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

 

2. Инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн максаттары 

6. МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюролордун ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаттарынан болуп, эң башкысы, төмөнкүлөр саналат:  

а) МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюролордун туруктуу иш алып баруусуна кесепетин тийгизиши ыктымал болгон тобокелдиктерди, кемчиликтерди жана көйгөй жараткан жактарды аныктоо, МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюролордун ишине баа берүү;  

б) МФУнун жана адистештирилген финансы-кредит мекемесинин мыйзамдардын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары, анын ичинде финансылык кызматтардан керектөөчүлөр укугун коргоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча талаптарга ылайык келишин жана алардын аткарылышын аныктоо;  

в) МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюролордун Улуттук банкка сунуштаган регулятивдик отчетунун аныктыгына баа берүү;  

г) МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин, кредиттик бюролордун абалын жакшыртуу жана тобокелдиктерди басаңдатуу максатында, аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү жана жазма буйруктарды иштеп чыгуу, ал эми зарыл учурда - таасир этүү чараларын колдонуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;  

д) МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин, кредиттик бюролордун Байкоо органдары жана Аткаруу органдары тарабынан буга чейинки текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдүн жана жазма буйруктардын аткарылышына баа берүү;  

е) микрофинансылык кызматтардын кредиттер боюнча пайыздык чен түптөлүүчү компоненттер боюнча баа түзүүсүнүн, ошондой эле тарифтерди иштеп чыгуу жана бекитүү тартибинин ички баа түзүү саясатына жана МФУлардын бизнес-пландарына ылайык келүүсүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү;  

ж) ошондой эле МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюролордун аларга мүнөздүү болгон тобокелдиктерге жараша башка иш чөйрөсү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Инспектордук текшерүүлөрдүн түрлөрү 

7. Белгиленген максаттарга жараша инспектордук текшерүүлөр комплекстүү (МФУга, адистештирилген финансы-кредит мекемесине жана кредиттик бюролорго мүнөздүү тобокелдиктерге баа берүү үчүн) жана максаттуу (МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюролордун ишинин айрым аспектилерине байкоо жүргүзүү жана кылдат кароого алуу үчүн) жүргүзүлүшү мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Текшерүүлөр план боюнча (МФУга, адистештирилген финансы-кредит мекемесине, кредиттик бюролорго алдын ала билдирүү менен) сыяктуу эле, күтүүсүз да болушу мүмкүн (текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө кат жүзүндө алдын ала билдирме жөнөтүүсүз). План боюнча инспектордук текшерүүнү жүргүзүүдө Улуттук банк текшерүү жүргүзүүгө чейинки 5 жумуш күнү мурда зарыл документтер тизмегин кошо тиркөө менен (3, 3-1, 3-2-тиркемелер) билдирүү катын (1-тиркеме) мекемеге жөнөтөт, ал эми текшерүүгө жолдомо кагазы (2-тиркеме) мекемеге сунушталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

9. МФКну, адистештирилген финансы-кредит мекемесин жана кредиттик бюрону текшерүүгө жолдомо кагазга Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү кол коет, ал эми МКК жана МКАларды текшерүүгө жолдомо кагазга - Улуттук банктын Инспектрлөө башкармалыгынын/областтык башкармалыктын начальниги, Улуттук банктын Баткен өкүлчүлүгүнүн директору тарабынан кол коюлат.  

Күтүүсүз инспектордук текшерүү жүргүзүү учурунда текшерүүгө жолдомо кагаз инспекторлор тобу тарабынан түздөн-түз МФУга, адистештирилген финансы-кредит мекемесине жана кредиттик бюрого көрсөтүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

10. Жеринде барып текшерүүнү жүргүзүү мөөнөтү 35 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш. МФУну, адистештирилген финансы-кредит мекемесин, кредиттик бюрону текшерүү түрүнө, көлөмүнө, ошондой эле жагдайдын татаалдыгына жараша текшерүү мөөнөтү МФУну, адистештирилген финансы-кредит мекемесин, кредиттик бюрону текшерүү үчүн кошумча жолдомо кагазга Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, ал эми МКК менен МКАлар үчүн Инспектрлөө башкармалыгынын/областтык башкармалыктардын начальниктери тарабынан кол коюлуп, узартылышы мүмкүн. Мында, жеринде барып текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн жалпы мөөнөтү 60 жумуш күнүнөн ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

11. МФУга, адистештирилген финансы-кредит мекемесине жана кредиттик бюролорго инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү аралыгы Улуттук банк тарабынан МФУда, адистештирилген финансы-кредит мекемесинде жана кредиттик бюродо келип чыккан тобокелдиктерди эске алуу менен аныкталат. Улуттук банк белгилүү бир кырдаалдарга/жагдайларга жараша тез-тез текшерүүлөрдү жүргүзүшү мүмкүн (мисалы, карыз алуучулардан даттануулар келип түшсө, МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюролордун иши начарласа, укук коргоо органдары кайрылса жана башка себептер боюнча). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Инспектордук текшерүү жүргүзүү 

12. Текшерүүчү жерге келгенден кийин текшерүүчүлөрдүн жетекчиси МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролордун Аткаруу органы менен төмөнкүлөр боюнча жолугушуу өткөрөт: 

а) текшерүүгө жолдомо кагазын берүүгө, ошондой эле текшерүүнүн масштабдары жана милдеттери жөнүндө билдирүүгө

б) текшерүү жүргүзүү процессин талкуулоого; 

в) иштеген участогун көрсөтүү менен инспекторлорду берүү

г) МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролор жетекчилиги жана кызматкерлери менен байланышуу ыкмаларын аныктоо; 

д) МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролор жетекчилиги менен суроолорго жооп берүү ж.б. 

13. Текшерүүнүн биринчи эле күнү МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролор билдирүү катта тиркелген тизмеде көрсөтүлгөн бардык документтерди берүүгө милдеттүү (3-тиркеме). МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролор, тизмеде көрсөтүлгөн кайсы бир документти же текшерүү процессинде керек болгон документти берүүдөн баш тарткан учурда, же болбосо бул документтерди берүүгө МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролордун мүмкүнчүлүктөрү болбогон учурда, ал бул документтерди берүүдөн баш тарткандыгын же берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болбогондугун негиздеп жазып берүүгө милдеттүү, бул туурасында Инспекциялоо башкармалыгынын Банктык эмес финансы-кредиттик мекемелерди инспекциялоо бөлүмүнүн/областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнүн начальниктерине жана Инспекциялоо башкармалыгына тезинен маалымдалууга тийиш. 

14. Эгерде МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролор мындай негиздеме жазып берүүдөн баш тартса же мындай баш тартуунун жүйөлүү себептерин түшүндүрбөсө, текшерүү тобунун жетекчиси Текшерүүгө каршылык көрсөткөндүгү жөнүндө акт (4-тиркеме) жазат, ага текшерүү тобунун жетекчиси менен МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролордун Аткаруу органы кол коет. МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролордун Аткаруу органынын кол коюудан баш тартуусу боюнча, Улуттук банктын инспекторлору тарабынан акт түзүлүп, анда, эгерде аткаруу органы тарабынан берилген болсо, баш тартуунун жүйөөлөрү көрсөтүлөт. Эгерде баш тартуунун жүйөөлөрү берилбесе, анда актыда "жүйөөлөрүн (себептерин) көрсөтпөстөн" деген белги коюу зарыл. МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролордун жетекчилери текшерүү жүргүзүүгө тоскоолдуктарды жараткан учурда тийиштүү чаралар көрүлөт. 

15. Эгерде инспекторлор келген учурда МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролор катталган даректе жайгашпаган болсо, бул факт кийинчерээк МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролорго карата таасир этүү чараларын колдонуу менен инспекторлор тарабынан белгиленет. 

16. МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролор жетекчилиги инспекторлор тобуна ар тараптуу жардам көрсөтүүгө жана төмөнкү шарттардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш: 

а) инспекторлор, МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролордун имаратына эркин кирип-чыгуулары, бардык кызматкерлер менен сүйлөшүүлөрү, документтерден, ошондой эле инспектордук текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон жазуулардан колдоно алуулары зарыл; 

б) инспекторлор, текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды жана аталган тармакта адис болуп эсептелген МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролордун кайсы болбосун бир кызматкеринен зарыл түшүндүрмөлөрдү жана/же түшүндүрүүлөрдү өз убагында алууга; 

в) эгерде мүмкүн боло турган болсо, инспекторлор тобуна аудио/видео жазууларды жүргүзүүчү аудио/видео жабдуулары жок өзүнчө бөлмө берилиши зарыл, Улуттук банктын текшерүүчү тобуна берилген бөлмөгө үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларын орнотуу аракеттерине жол бербөө, МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролор документтеринин жана Улуттук банктын текшерүүчүлөрүнүн документтерин сактоо коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдарга текшерүү жүргүзүүгө зарыл болгон жабдуулар менен техникаларды (бар болгон учурда) берүү зарыл; 

г) көчүрмө жасоо техникасы жок болгон учурда жана инспекторду МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролор кызматкери документтин көчүрмөсүн жасоо үчүн МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролордун аймагынан сырткары коштоп баруудан баш тарткан учурда, инспектор, документтерди МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролордун имаратынан алып чыгаарда МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролордун жооптуу кызматкеринин документтер көчүрмө жасоо үчүн алынып чыгып жаткандыгын тастыктаган колун койдуруусу жана документтер кайтарылган учурда да бардык документтер кайра кайтарылгандыгын тастыктаган дагы бир кол койдуруу зарыл; 

д) текшерүү процессинде көтөрүлгөн административдик жана башка маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүү, ошондой эле МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролордун инспекторлор менен мамилелерин координациялоо үчүн МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролор жактан жооптуу адам дайындалат. 

Текшерүүнүн жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси айрым маселелерди талкуулоо үчүн МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролордун жооптуу кызматкери менен мезгил-мезгили менен жолугушууларды өткөрүп турат. 

17. Текшерүүчүлөр, өздөрүнө жүктөлгөн тапшырмаларды аткарууга байланыштуу болгон документтерди (текшерүү үчүн МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролорго берилген документтердин жана маалыматтардын тизмесинде көрсөтүлгөн документтер менен чектелбестен (3-тиркемеге ылайык), ошондой эле керектүү документтерден көчүрмө Жазууларды жана тастыкталган көчүрмөлөрдү сурап ала алышат жана документтер боюнча МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролордон түшүндүрмө берүүнү талап кылышат. 

5. Комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгында МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюролордун жетекчилиги менен алдын ала жана жыйынтыктоочу жолугушуулар 

18. Комплекстүү текшерүүнүн акыркы жумасында текшерүү тобунун жетекчиси текшерүү жыйынтыгы жана тыянактар, сунуш-көрсөтмөлөр жана жазма буйруктардын долбоорлору тууралуу мекеменин жетекчилигине маалымдоо үчүн МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин, кредиттик бюронун Аткаруу органы (же анын милдетин аткарган адам менен) жана тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен алдын ала жолугушат. Анын алкагында текшерүү тобу тарабынан белгиленген тигил же бул маселе боюнча түшүндүрмө же комментарийлерди берүүгө мүмкүндүк берилет.  

Алдын ала жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кыскача протокол түзүлөт, ага жолугушуу өткөрүлгөн күндөн кийинки 3 жумуш күн ичинде кол коюлушу зарыл.  

МФУ, адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро мындай протоколго кол тамга коюудан баш тарткан учурда МФУга, адистештирилген финансы-кредит мекемесине жана кредиттик бюрого жолугушууда талкууга алынган негизги маселелер чагылдырылган кат жөнөтүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Текшерүү аяктагандан кийин текшерүү тобунун жетекчиси МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюронун Аткаруу жана Байкоо органдарынын мүчөлөрү менен жолугушат (зарылчылыкка жараша), ал МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин, кредиттик бюронун Аткаруу органына текшерүү жыйынтыгы, тобокелдикке тиешелүү тыянактарды талкуулоо, ошондой эле сунуш-көрсөтмөлөрдү менен жазма буйруктарды жөнөтүү үчүн уюштурулат. Зарыл учурларда жолугушууда Инспектрлөө башкармалыгынын начальниги (же анын милдетин аткарган адам) катышышы мүмкүн. Жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси МФУ, адистештирилген финансы-кредит мекемеси, кредиттик бюро үчүн кыйла тобокелдүү тармактарга көбүрөөк көңүл бурууга тийиш. Мындан тышкары, жыйынтыктоочу жолугушууда МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин жана кредиттик бюронун Аткаруу органы көзөмөл органы тарабынан белгиленген маселелер боюнча түшүндүрмө алуу, ал эми инспекторлор өз суроолоруна жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.  

Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүү тобунун жетекчиси МФУнун Аткаруу органына текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган төмөнкүлөргө тиешелүү тыянактар менен тааныштырууга тийиш:  

а) кредиттик тобокелдик;  

б) ликвиддүүлүк тобокелдиги;  

в) операциялык тобокелдик;  

г) рынок тобокелдиги;  

д) маанилүү болуп саналган башка тобокелдиктер;  

е) МФУнун ишинин тескөөгө алынышына баа берүү;  

ж) текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган, мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын бузуулар;  

з) башка маанилүү маселелер.  

Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүүнүн жетекчиси адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Аткаруу органына текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган төмөнкүлөргө тиешелүү тыянактар менен тааныштырууга тийиш:  

а) кассалык операцияларды жүргүзүү талаптарын сактоо;  

б) текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик актыларын, анын ичинде кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү мыйзамдарын бузуулар;  

в) Улуттук банкка такталган маалымат камтылган отчетторду сунуштоо;  

г) башка маанилүү маселелер.  

Жыйынтыктоочу жолугушууда текшерүүнүн жетекчиси кредиттик бюронун жетекчилигине текшерүүнүн жүрүшүндө чыгарылган төмөнкүлөргө тиешелүү тыянактар менен тааныштырууга тийиш:  

а) кредиттик таржымалдар камтылган маалымат базасынын коопсуздугун камсыз кылуу;  

б) кредиттик бюронун иш алып баруусу;  

в) маалыматтардын сакталышын жана тактыгын камсыз кылуу;  

г) кредиттик отчетторду берүү боюнча талаптарды сактоо;  

д) кардарлардын даттанууларын кароого алуу;  

е) кредиттик бюронун тескөөгө алынышына баа берүү;  

ж) текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам талаптарды жана Улуттук банктын ченемдик актыларын бузуулар;  

з) башка маанилүү маселелер. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Жыйынтыктоочу жолугушуунун жүрүшүндө текшерүү тобунун жетекчиси МФУнун, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин, кредиттик бюронун Аткаруу органына текшерүү учурунда аныкталган бардык кемчиликтерди четтетүү зарылчылыгы жөнүндө маалымдайт, ошондой эле аларды алгылыктуу көз караштан чечүү жолдорун жана аткаруу мөөнөттөрүн талкуулайт. МФУ, адистештирилген финансы-кредит мекемеси, кредиттик бюро протоколго кол коюудан баш тарткан учурда, аларга жолугушууда талкууланган негизги маселелер чагылдырылган кат жөнөтүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

21. Зарылдыгына жараша текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча олуттуулугун эске алуу менен финансылык отчеттуулукка оңдоолор киргизүү талап кылынышы мүмкүн. 

6. Максаттуу текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жолугушуу 

22. Максаттуу текшерүүнүн акыркы күнү текшерүү тобунун жетекчиси МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюронун Аткаруу органы менен жолугушуу уюштурат. Жолугушууда текшерүү тобунун жетекчиси текшерүү учурунда аныкталган бардык кемчиликтерди оңдоо зарылдыгы жөнүндө МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюронун Аткаруу органына маалымдайт, ошондой эле көрсөтүлгөн проблемаларды алгылыктуу чечүүнүн жана аларды аткаруу мөөнөттөрүн МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро менен талкуулайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

23. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кыскача протокол түзүлөт, ага текшерүү тобунун жетекчиси менен МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюронун Аткаруу органы кол коет. Түзүлгөн протоколго МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро кол коюудан баш тарткан учурда, адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюрого жолугушууда талкуулаган негизги маселелерди жазып түшүндүрүү менен кат жолдонот. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

7. Текшерүү жөнүндө отчет 

24. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерүүнүн жыйынтыктарын чагылдырган жазуу жүзүндөгү отчет Аткаруу органы менен Байкоо органы үчүн түзүлөт. Чечүүгө зарыл болгон бардык олуттуу проблемаларды жана чараларды камтыган текшерүү жөнүндөгү отчет, текшерүүнүн негизги корутундулары менен тыянактары жөнүндө Аткаруу органы менен Байкоо органына маалымдайт. Отчет, көзөмөл органын тынчсыздандырган бардык тыянактар менен маселелерди, сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктарды камтыйт. 

25. Жерине барып комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча отчет төмөнкү маселелерди камтыйт (бирок чектелбейт): 

а) МФУ ишине таандык негизги тобокелдиктерге сереп салуу, МФУнун тескөө ишине баа берүү

б) активдердин сапаттарына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн кредиттик тобокелдикти камтыган кредит портфелди жана башка активдерди изилдөө

в) тобокелдиктерди тескөө системасына баа берүү максатында активдердин жана пассивдердин тескөөгө алынышына байкоо жүргүзүү

г) МФУ тарабынан сунушталган регулятивдик отчеттогу маалыматтардын аныктыгын текшерүү

д) МФУ ишинин мыйзамдарга жана Улуттук банктын МФУнун ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына, анын ичинде финансы кызматтарын керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү маселелери боюнча ылайык келишин аныктоо; 

е) микрофинансылык кызматтардын кредиттер боюнча пайыздык чен түптөлүүчү компоненттер боюнча баа түзүүсүнө, ошондой эле тарифтерди иштеп чыгуу жана бекитүү тартибинин баа түзүүнүн ички саясатына жана МФУлардын бизнес-пландарына ылайык келүүсүнө иликтөөлөрдү жүргүзүү

Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин ишин жеринде барып текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетто төмөнкү маселелер (бирок муну менен чектелбестен) камтылат:  

а) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин ишине мүнөздүү болгон негизги тобокелдиктерди кароо жана анын ишинин тескөөгө алынышына баа берүү;  

б) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу ишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү;  

в) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин лицензиясында уруксат берилген башка операцияларды жүргүзүү ишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү;  

г) адистештирилген финансы-кредит мекемесине сунушталган отчеттогу маалыматтардын аныктыгын текшерүү;  

д) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин ишинин Улуттук банктын Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салуу мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык келүүсүн аныктоо.  

Кредиттик бюронун ишин жеринде барып текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчетто төмөнкү маселелер (бирок муну менен чектелбестен) камтылат:  

а) кредиттик бюронун ишине мүнөздүү болгон негизги тобокелдиктерди кароо жана анын ишинин тескөөгө алынышына баа берүү;  

б) кредиттик бюронун кредиттик маалыматтарды сактоо, топтоо жана алмашуу ишин, ошондой эле бул ишти жүзөгө ашыруу боюнча талаптардын сакталышына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү;  

в) кредиттик бюронун отчеттун камтылган маалыматтардын аныктыгын текшерүү;  

г) кредиттик бюронун ишинин кредиттик бюролордун ишин жөнгө салган мыйзам талаптарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына шайкеш келүүсүн аныктоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

26. Текшерүү жөнүндө отчеттун негизинде сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктар жазылат, ал текшерүү жөнүндөгү отчет менен бирге МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюронун Аткаруу органына жана Байкоо органына жөнөтүлөт. Бул сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктар, МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро тарабынан Улуттук банктын ченемдик талаптарын сактабагандыгы же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол берген фактыларын, МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюронун алгылыксыз банктык тажрыйбага тартылышына жана анын ишиндеги башка кемчиликтерди четтетүү максатында МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро тарабынан көрүлө турган айкын чараларды аныктайт. Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрүн аткаруудан баш тарткан учурда, МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро аларды аткарбай коюунун себептерин көрсөтүү менен көзөмөл органына кат жүзүндө негиздеме сунуштоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

27. Жазма буйруктар, текшерүү жөнүндөгү отчеттун негизинде жазылат жана ал инспектордук текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюрого карата таасир этүүчү биринчи чаралардан болуп эсептелет. Жазма буйруктарды бекитилген мөөнөт ичинде так аткаруу милдеттүү болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

28. МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюрону текшерүү жөнүндөгү отчет Улуттук банктын ченемдик документтерине ылайык түзүлөт. Текшерүү жөнүндөгү отчет Улуттук банктын менчиги болуп саналат жана аны МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюронун үчүнчү жактарга берүүсү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте Улуттук банктын уруксаты менен ишке ашат, Улуттук банктын уруксаты жок МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро отчетту үчүнчү жактарга бере албайт. МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролор Текшерүү жөнүндөгү отчеттун сакталышын камсыз кылуулары жана аны кагаз түрүндө же электрондук түрдө таркатпоолору тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Текшерүү жөнүндө отчет менен таанышуу 

29. Текшерүү жөнүндө отчет, сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктар "Кызматтык ишке пайдалануу үчүн (ДСП)" грифи коюлуп, чапталган түрдө жана коштомо кат менен МФУнун адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюронун Аткаруу органына жөнөтүлөт, бул тууралуу текшерүүнүн жыйынтыктарын МФУнун адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро ыйгарым укуктуу өкүлү менен жыйынтыктап талкуулаган учурдан тартып 30 жумуш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөттө МФУнун адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро Байкоо органына милдеттүү түрдө маалымдалат. Отчетту алган адамдын аты-жөнү, анын, колтамгасы жана отчет алган күн көрсөтүлгөн, отчет жеткирилгендиги тууралуу тастыктама милдеттүү түрдө алынууга тийиш. 

30. Коштомо катта төмөнкүлөр көрсөтүлөт: 

а) МФУнун адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро Байкоо органынын мүчөлөрү/МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро уюштуруучулары (зарыл болгон учурда) жана Аткаруу органынын мүчөлөрү комплекстүү текшерүү жөнүндө отчетту, сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктарды кылдат карап чыгып, аныкталган бузууга жол берүүлөрдү жана белгиленген кемчиликтерди четтетүү боюнча зарыл чараларды көрүүлөрү тийиш; 

б) текшерүү жөнүндө отчет менен таанышкандан кийин таанышуу баракчасына кол коюу зарыл; 

в) Улуттук банктын Инспекциялоо башкармалыгы/Областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмү МФУнун адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро Байкоо органы/МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро уюштуруучулары жана/же Аткаруу органы менен жолугушуу зарыл деп эсептешсе, жолугушуу күнү белгиленет. 

31. Улуттук банктын Инспекциялоо башкармалыгынын/Областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнүн ою боюнча МФУнун адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро Байкоо органынын мүчөлөрү/МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро уюштуруучулары жана/же Аткаруу, органы менен жолугушуу өткөрүүгө зарылчылык жок болсо, ал эми МФУнун адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро Байкоо органынын мүчөлөрү/МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро уюштуруучу(лары)су жана/же Аткаруу органынын мүчөлөрү жолугушуу өткөрүү зарыл деп эсептешсе, анда МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро жолугушуунун болжолдуу күнүн сунуштоо менен бул жөнүндө Улуттук банктын Инспекциялоо башкармалыгына/Областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнө билдирүү зарыл. 

32. МФУнун адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро Байкоо органынын мүчөлөрү/МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро уюштуруучулары (зарыл болгон учурда) жана/же текшерилген МФУнун адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро Аткаруу органынын мүчөлөрү, текшерүү жөнүндөгү отчетко ар бири кол коюу менен таанышып чыгуулары тийиш (5-тиркеме). Берилген отчет менен таанышуу мөөнөтү отчетту коштомо кат менен алган күндөн тартып 10 жумуш күнүн түзөт. Мөөнөт аяктагандан кийин кол коюлган таанышуу баракчасы Инспекциялоо башкармалыгына/Областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнө кайтарылып берилет. 

33. МФУнун адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро Байкоо органынын мүчөлөрү/МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро уюштуруучу(лары)су (зарыл болгон учурда) жана/же Аткаруу органынын мүчөлөрү, текшерүү жөнүндөгү отчет менен таанышуу барагына кол коюуга тийиш, мында отчетто камтылган тыянактар менен корутундуларга, сунуш-көрсөтмөлөр менен жазма буйруктарга макул болбоо таанышуу барагына кол коюудан баш тартууга негиз болуп эсептелбейт. 

9. Таанышуу барагы 

34. Таанышуу барагы Аткаруу органынын бардык мүчөлөрүнүн, зарыл болгон учурда Байкоо органдын мүчөлөрүнүн/МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро уюштуруучу(ларынын)сунун кол тамгаларын камтууга тийиш. Отчет менен таанышкандан кийин кол коюлган таанышуу барагы, Улуттук банктын коштомо каш жөнөтүлгөн күндөн тартып Улуттук банктын Инспекциялоо башкармалыгына/Областтык башкармалыктын көзөмөл бөлүмүнө 10 жумуш күнү ичинде кайтарылып берилет. МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро кол коюлган барактын көчүрмөсүн өздөрүнүн делолорунда сактоого тийиш. 

35. МФУнун адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро Байкоо органынын/МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро уюштуруучу(ларынын)сунун жана/же Аткаруу органынын тигил же бул мүчөсү жок болгон учурда жана/же отчет менен таанышуу үчүн бекитилген мөөнөт ичинде алар менен байланышуу мүмкүн болбогон учурда, МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро отчетту алган күндөн тартып 5 жумуш күнү ичинде, МФУнун адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро Байкоо органынын/МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро уюштуруучу(ларынын)сунун жана/же Аткаруу органынын мүчөлөрү таанышуу барагына кол кое албай турган себептерин көрсөтүү менен Улуттук банктын Инспекциялоо башкармалыгына/Областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнө кат жүзүндө билдирүүгө тийиш. Мындай учурда, таанышуу барагы МФУнун адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро Байкоо органынын/МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро уюштуруучу(ларынын)сунун жана/же Аткаруу органынын жок мүчөлөрүнүн колтамгаларысыз эле бекитилген мөөнөттө Инспекциялоо башкармалыгына/Областтык башкармалыктын көзөмөл бөлүмүнө кайтарылып берилиши мүмкүн. 

36. МФУнун адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро Байкоо органынын мүчөлөрүн/МФУ уюштуруучу(ларын)сун жана Аткаруу органынын мүчөлөрүн отчет менен тааныштыруу жана таанышуу барагына кол койдуруу жоопкерчилиги мындан ары МФУга адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюрого жүктөлөт. 

10. Эскертүү чаралары жана санкциялар 

37. МФУ адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро ишинде кемчиликтер аныкталган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, анын ичинде Улуттук банктын ченемдик талаптарын бузууга жол берилген учурда Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, МФУга адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро жана анын кызмат адамдарына карата таасир этүү чаралары колдонулат. 

38. МФУга адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюрого карата таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө чечим, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык мындай чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укук берилген тиешелүү кызмат адамдары жана органдары, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү жагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте кабыл алынат. 

39. Эгерде текшерүү учурунда же анын натыйжасында МФУнун адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюронун Байкоо/Аткаруу органынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде/Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинде каралган кылмыш иштерине кирген аракеттерди жасагандыгын, жасап жаткандыгын же жасоого даярданып жаткандыгын тастыктаган маалыматтар аныктала турган болсо, анда Улуттук банк, инспекторлордун тыянактарын тастыктаган материалдарды Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине жана Улуттук банктын ички жоболору менен жол-жоболоруна ылайык, тийиштүү укук коргоо органдарына (ведомствого караштуу) өткөрүп берүүгө укуктуу. 

11. Даттануу тартиби 

40. Текшерүү жөнүндө отчетко даттанууга болбойт. 

41. Отчеттун негизинде даярдалган жазма буйрукка жана/же бир нече жазма буйруктарга төмөнкү тартиптер сакталган шартта даттанууга болот: 

1) Инспекциялоо башкармалыгынын начальнигине текшерүү жөнүндө отчет менен коштомо катты алгандан кийинки 7 жумуш күнү ичинде жазма буйрукка жана/же бир нече жазма буйруктарга макул эместиги тууралуу кат жөнөтүлсө. Инспекциялоо башкармалыгынын начальниги кайрылуу катын карап көрөт жана катты алган күндөн кийинки 7 жумуш күнү ичинде МФУга адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюрого жооп жөнөтөт; 

2) Инспекциялоо башкармалыгынын жообуна макул болбогон учурда, билдирүүчү жооп кат алган күндөн кийинки 5 жумуш күнү ичинде Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарына/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө кат жөнөтөт. Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү МФУнун адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюронун кайрылуусун аны алгандан тартып 7 жумуш күнү ичинде карап чыгууга тийиш; 

3) Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын чечимине макул болбогон учурда, билдирүүчү Улуттук банктын Төрагасынын көзөмөл блогунун ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынан/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнөн жооп кат алгандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде Улуттук банктын Төрагасына кайрылууга укугу бар. Улуттук банктын Төрагасы кайрылууну 10 жумуш күнү ичинде карап чыгат. Зарылчылыкка жараша, Төрага бул маселени Улуттук Банк Башкармасынын талкуусуна сунуштоо тууралуу чечим кабыл ала алат. Мында Улуттук Банк Башкармасы кайрылууну 10 жумуш күнү ичинде карап чыгууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

42. Бардык учурларда кайрылуу каты МФУнун адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро макул эместигинин далилдүү себептерин камтууга, ага тиешелүү таризделген тастыктама документтер камтылууга тийиш. 

43. Бардык учурларда Улуттук банк, билдирүүчүгө кат жөнөтөт, ал эми зарыл учурларда МФУнун адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюронун Байкоо органын/уюштуруучу(ларынын)сунун жана/же Аткаруу органынын жазма буйрукка жана/же бир нече жазма буйрукка даттануу жөнөтүшкөн мүчөлөрү менен жолугушууларды уюштурат. 

44. Жогоруда белгиленген жазма буйрукка жана/же бир нече жазма буйрукка сотко чейин даттануу тартибин сактоо милдеттүү болуп саналат. 

  

 

 

"Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоого карата 

1-тиркеме 

  

МФК/МККТМКАлардын Аткаруу органынын жетекчисине 

________________________________________________ 

______________________________________ (аты-жөнү

__________________________ (МФК/МКК/МКА,  

адистештирилген финансы-кредит мекемеси 

жана кредиттик бюро аталышы) 

_______________________________ (жайгашкан дареги) 

БИЛДИРҮҮ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

Ушул документ менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) Инспекциялоо башкармалыгы/Областтык башкармалыктын ______________________________ көзөмөл бөлүмү, Сизге 20__-жылдын ___________________________ тартып МФК/МКК/МКА, адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро "________________________________" ишине комплекстүү текшерүү жүргүзүлө тургандыгын маалымдайт. 

Текшерүүнү натыйжалуу жүргүзүү, ошондой эле инспекторлордун МФК/МКК/МКАларда, адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролорго жүрүү убактысын кыскартуу максатында, тийиштүү кызматкерлерге катка тиркелген тиркемеде жазылган документтер менен маалыматтарды даярдап коюуга көрсөтмө берип коюуңуз деген өтүнүч менен кайрылам. Бардык документтер менен маалыматтар 20__-жылдын 1-______________ карата абал боюнча даяр болууга жана МФК/МКК/МКАга , адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролорго келген күнү текшерүү тобунун жетекчисине берилүүгө тийиш. 

Эгерде, көрсөтүлгөн документтерди даярдоо учурунда сиздин кызматкерлериңизде кандайдыр-бир суроолор пайда болсо, ошондой эле МФК/МКК/МКАлардын, адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролордун талап кылынган документтер менен маалыматтарды даярдап берүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, жогоруда көрсөтүлгөн инспектордук текшерүү баштала турган күнгө чейин Улуттук банктын Инспекциялоо башкармалыгынын/Областтык башкармалыктын көзөмөл бөлүмүнүн кызматкери ________________________ (аты-жөнүн, кызматын жана телефон номерин көрсөтүңүз) менен күн мурун байланышуу зарыл. 

Текшерүүдө _________________ инспектордун катышуусу пландалууда, ушуга байланыштуу ________________________ адамга жумуш орундарын даярдап коюуңуздарды өтүнөбүз. 

Текшерүү ишине байланыштуу маселелер боюнча текшерүү тобуна бардык жактан көмөк көрсөтүүңүздү, МФК/МКК/МКА, адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро кызмат адамдарын жана катышуучуларды өз убагында сурамжылоо жана текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууңузду өтүнөбүз. 

Тиркеме: Документтер менен маалыматтардын тизмеси _________ барак. 

  

Ишиңизге ийгилик каалап, 

Инспекциялоо башкармалыгынын/Областтык 

башкармалыктын начальниги ________________________________________ (аты-жөнү, колу) 

  

 

 

"Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоого карата 

2-тиркеме 

ЖОЛДОМО КАГАЗЫ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

__________________________________________________ ишин текшерүүгө (МФК/МКК/МКА, адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро толук аталышы) 

Ушул документ менен төмөнкү кызматкерлер: 

1. _______________________________________________________________ (аты-жөнү жана кызматы) 

2. _______________________________________________________________ (аты-жөнү жана кызматы) 

3. _______________________________________________________________ (аты-жөнү жана кызматы) 

4. _______________________________________________________________ (аты-жөнү жана кызматы) 

5. _______________________________________________________________ (аты-жөнү жана кызматы) 

... 

20__-жылдын _______________________ тартып, _________________ жумуш күн мөөнөтүндө ____________________________________________ ишин текшерүүгө жөнөтүлүшөт. Текшерүү мезгилинде орун алган кырдаалдарга жараша, текшерүү мөөнөтү "Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоодо белгиленген мөөнөттүн чегинде узартылышы мүмкүн. Текшерүү тобунун жетекчиси болуп ______________________________________________________________ __________________________________________________________ дайындалган. (аты-жөнү жана кызматы) 

  

Ишиңизге ийгилик каалап, 

Инспекциялоо башкармалыгынын/ 

Областтык башкармалыктын начальниги ____________________ (аты-жөнү жана колу) 

  

 

 

"Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоого карата 

3-тиркеме 

Микрофинансылык уюм тарабынан текшерүү үчүн берилүүчү документтер менен маалыматтардын 

ТИЗМЕСИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

I. МФУлардын ишин жөнгө салган документтер, жана башка маалыматтар: 

1. Уюштуруу документтери: Уюштуруу келишими, Устав. 

2. Капиталдын келип чыгуу булактары жөнүндө маалымат. 

3. Улуттук банктын Эсептик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгү

4. Катышуучулардын текшерүү күнүнө карата тизмеси. 

5. Уставдык капиталга карата пайыздык катышта ээлик кылган сумманы жана үлүшүн көрсөтүү менен негизги катышуучулардын тизмеси. 

6. МФУлардын ишин жөнгө салуучу ченемдик документтердин реестри. 

7. МФУлардын ишин жөнгө салуучу жана анын саясатын: ички саясатын, нускоолорду, жоболорду, жол-жоболорду, көрсөтмөлөрдү, жүгүртүлүүчү каттарды жана башка ушу сыяктуу тобокелдикти башкаруу саясатын аныктаган документтер топтому же тобокелдик (кредиттик, рыноктук, операциялык, ликвиддүү ж.б.) катары сыпатталышы МФУ тарабынан идентификацияланат, бааланат, көз салынат жана контролдукка алынат. 

8. МФУларды башкаруу боюнча бардык комитеттердин тизмеси, комитеттин курамы жөнүндө маалымат, комитеттердин курамын бекитүү боюнча документтер. 

9. Акционерлердин/катышуучулардын, Директорлор кеңешинин/Байкоо органынын, Аудит боюнча комитеттин, МФУ Башкармасынын/Аткаруу органынын, Кредиттик комитеттин, Активдерди жана пассивдерди тескөө комитетинин жана башка комитеттердин өткөн эки жыл ичиндеги отурумдарынын, чогулуштарынын (бардык материалдарды жана отчетторду кошо тиркөө менен) протоколдору. 

10. Кеңешке келген мөөнөтүн жана жумуш ордун көрсөтүү менен МФУ Директорлор кеңешинин/Байкоо органынын мүчөлөрүнүн тизмеси, МФУ Директорлор кеңешинин/Байкоо органынын мүчөлөрүнүн анкеталары. 

11. Ээлеген кызматын, аткарган милдеттерин көрсөтүү менен МФУ Башкармасынын/Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси, МФУ Башкармасынын/Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн жеке иштери. 

12. Тескөөгө алынуучу маселелерди жана аткарылуучу милдеттердин тизмесин көрсөтүү менен МФУнун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин тизмеси. 

13. Ыкчам иш алып барган ар бир маанилүү бөлүм, департамент, топ боюнча телефон номерин көрсөтүү менен байланышуучу негизги кызматкерлердин тизмеси. 

14. МФУнун уюштуруу түзүмү

15. МФУнун стратегиялык өнүгүү планы, өткөн жана учурдагы жылдын бизнес-планы. 

16. Уставдык капиталды түзүү боюнча туруктуу сакталуучу делолор. 

17. Активдердин сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн жетекчилер жана аткаруучулар тарабынан колдонулуучу башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн мезгилдүү негизде МФУ жетекчилигине сунушталуучу негизги отчеттордун көчүрмөлөрү

18. Мезгил-мезгили менен берилип туруучу отчеттор жана өткөн эки жыл ичинде экономикалык ченемдердин аткарылышы жөнүндө маалыматтар. 

19. Ликвиддүүлүктүн бардык аспектисине мониторинг жүргүзүү, активдер жана пассивдерди тескөө, бардык финансылык тобокелдикти (пайыздык, валюталык ж.б.) тескөө үчүн колдонулуучу бардык башкаруучу негизги отчеттордун көчүрмөлөрү

20. Улуттук банк жана башка мамлекеттик органдар менен кат алышуулар. 

21. Өздүк курам жана негизги иш боюнча буйруктар. 

22. МФУлардын филиалдары менен өкүлчүлүктөрүн кошо алганда, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин тизмеси. 

23. МФУнун штаттык тизими. 

24. Буга чейинки текшерүүлөрдүн жазма буйруктарынын/сунуш-көрсөтмөлөрүнүн, аткарылышы боюнча отчеттор. 

25. Туунду, көз каранды же байланыштуу компаниялар жөнүндө маалымат. 

II. МФУнун кредиттик иши, баалуу кагаздар менен операциялары ж.б. жөнүндө маалыматтар: 

1. 20-жылдын "01" _____________________ күнгө карата карыз алуучунун аталышын, кредиттин тибин, кредиттин суммасын, кредиттин калдыгын (ошондой эле чегерилген, бирок төлөнбөгөн пайыздардын калдыгын көрсөтүү), берилген жана төлөгөн күндү, пролонгациянын санын жана мөөнөтүн, мөөнөтү узартылган күндөрдүн санын, күрөөнүн бар экенин, төлөө шартын, классификациясын, РППУ суммасын, аймагын/областын кошо алганда, 20__-жылдын "1" ____________ карата абал боюнча кредиттик портфелге баяндама. Кредиттик делолор боюнча көчүрмөлөр да, жок дегенде ушул маалыматтарды көрсөтүү менен даярдалууга тийиш. 

2. Келишим боюнча кайтарып берүүнүн баштапкы күнүнө салыштырмалуу өткөрүп жиберген мөөнөтүн көрсөтүү менен мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттердин (негизги сумма жана пайыздар) тизмеси. Мындан тышкары, мөөнөтүнөн өткөрүп жиберген төмөнкү аралыктар боюнча жыйынтыгындагы суммаларды да көрсөтүү зарыл: 1-30 күн, 31-90 күн, 91-180 күн, 180 күн жана андан жогору. 

3. 20__-жылдын "1" _____________ карата абал боюнча кредиттик портфелдин классификациясы. 

4. Реструктуризацияланган кредиттердин тизмеси. 

5. Карыз алуучулардын параллель кредиттеринин бар экенин аныктоо максатында жүргүзүлүүчү иш-чаралар жөнүндө маалымат. "Ишеним" КИБге катышуу жөнүндө маалыматтар. 

6. Кредиттик делолор, күрөөлүк документтер, кредиттерди жана алар боюнча пайыздарды төлөө графиги, тандоого ылайык. 

7. Кредиттерди берүү билдирүүлөрүн каттоо журналы. 

8. Баланстан эсептен алынып салынган, системадан тышкары эсепке алууга чыгарылган кредиттердин тизмеси. 

9. Бир мезгил ичинде мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттердин тизмеси. 

10. Бүтүндөй МФУ боюнча жана ар бир филиалы боюнча өзүнчө өткөн текшерүү мезгилинен тартып, РППУну түзүү боюнча туруктуу сакталуудагы делолор. 

11. МФУ өзү же башкалар үчүн кайсы болбосун ссуданы же башка карыздык милдеттенмени төлөп берүүгө же кайсы бир башка милдеттенменин аткарылышына кепилдик берген кайсы болбосун контрактылардын чагылдырылышы. 

12. Төмөнкү жеке адамдарга жана алар менен байланыштуу адамдарга МФУ тарабынан берилген кредиттердин же башка кредитти алмаштыруучулардын тизмеги: 

- МФУнун аткаруучу кызмат адамдары; 

- МФУнун негизги катышуучулары; 

- МФУ Директорлор кеңешинин мүчөлөрү

- Директорлорунун/катышуучуларынын көпчүлүгү МФУнун директорлорунун/катышуучуларынын көпчүлүгүн түзгөн кайсы болбосун компания; 

- Кайсы болбосун башка аффилирленген уюмдар. 

13. МФУнун инсайдерлери олуттуу кызыкдар болгон карыз милдеттенмелери акцияларындагы МФУ инвестицияларынын тизмеси. 

14. МФУ сатып алган баалуу кагаздардын тизмеси. 

15. Күрөөгө коюлган баалуу кагаздардын тизмеси (номиналдык, баланстык жана рыноктук наркы). 

16. Кайтарым сатып алуу же сатуу жөнүндө макулдашуу бар баалуу кагаздарды же башка активдерди сатып алуу же сатуу тизмеси. 

17. Калдыктарын көрсөтүү менен банктагы депозиттер менен эсептердин тизмеси. 

18. Каржылоонун жеке ири булактарынын тизмеси. 

19. Компания менен башка финансы уюмдарынын ортосундагы кредиттик линиялар жөнүндө маалымат. 

20. Акча каражаттарын тартуунун негизги шарттарын көрсөтүү менен (келишимдердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү) текшерилген күнгө карата каржылоо булактары боюнча маалыматтар. 

21. Керектөөчүлөрдүн даттанууларына жана суроолоруна карата МФУнун жасаган ишараттары боюнча маалыматтар (ички отчеттер). 

22. Негизги кредиттик продукттар боюнча эффективдүү пайыздык чендерге (номиналдык, эффективдүү) тиешелүү эсептешүүлөр жана маалыматтар. 

23. МФУнун баа түзүү, кредиттер боюнча пайыздык чендерди түзүү боюнча ички документтери. 

III. Бухгалтердик эсеп, отчеттуулук жана аудит боюнча маалыматтар: 

1. 20__-жылдын "01" ___________________ күнүнө карата МФУнун бухгалтердик теңдеми. 

2. Тендемдин жана алынган пайда жана кеткен чыгашалар жөнүндө бардык статьяларынын чечмелениши. 

3. Акыркы жыл үчүн тышкы жана ички аудит боюнча отчет (жетекчиге жазган катты кошо алганда). Өткөн жыл жана учурдагы жылдын аудитордук пландары менен расписаниелери жөнүндө маалыматтар, тышкы (жетекчиге жазган катты кошо алганда) жана ички аудиттин/Ревизиялык комиссиянын/ички аудит функцияларын аткарган органдын сунуш-көрсөтмөлөрүн аткаруу боюнча отчеттер. 

4. Коммерциялык банктар менен төлөп берүүлөр жана кассалык кызматтар боюнча макулдашуулар. 

5. Инсайдерлер жана аффилирленген компаниялар менен операциялар боюнча маалыматтар. 

6. МРО 20__-жылдын "1" ___________, 20__-жылдын "1" ____________, 20-жылдын "1" _______________. 

7. Маанилүү оперативдик участоктор боюнча өткөн эки жыл жана үстүбүздөгү жыл ичинде аткарылган иштер жөнүндөгү отчеттор менен салыштырмалуу кирешелер менен бюджет жөнүндө отчеттордун көчүрмөлөрү

IV. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында тобокелдикти жана ички контролдукту тескөө жөнүндө маалымат: 

1. МФУнун кардарларды идентификациялоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча ички документтери (саясаттары, жол-жоболору ж.б.). 

2. Компаниянын тобокел-менеджеринин жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында ички контролдук саясатын ишке ашырууга жооптуу кызматкеринин отчеттору. 

3. МФУ менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын ортосундагы кат алышуулар. 

4. Кардарлардын тизмеси: 

- тобокелдиктин жогорку категориясы. 

- оффшордук аймакта катталган. 

- эркин экономикалык аймактарда катталган. 

- отчеттордо көрсөтүлгөн жүгүртүүлөрдөн арткан эсептер боюнча жүгүртүүлөр. 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн тизмеси. 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына жөнөтүлгөн маалыматтарды эсепке алуу журналы. 

7. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча саясатты ишке ашырууга катышкан кызматкерлерди тиешелүү деңгээлде окутуу жөнүндө маалыматтар. 

8. Ички аудитордун/Ревизиялык комиссиянын/ички аудиттин функциясын аткарган органдын кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашыруу) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында ички контролдук системасын текшерүү боюнча отчеттору. 

  

 

 

"Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоого карата 

3-1-тиркеме 

Адистештирилген финансы-кредит мекемелери тарабынан текшерүү үчүн сунушталуучу документтердин жана маалыматтардын 

ТИЗМЕГИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

I. Адистештирилген финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салган документтер жана башка маалыматтар:  

1. Уюштуруу документтери: Уюштуруу келишими, Устав.  

2. Капиталдын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматтар.  

3. Улуттук банктын эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк.  

4. Катышуучулардын текшерүү жүргүзүлгөн күнгө карата абал боюнча реестри.  

5. Уставдык капиталга карата пайыздык катышта ээлик кылуу суммасын жана үлүшүн көрсөтүү менен негизги катышуучулардын тизмеги.  

6. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин ишин жөнгө салган ченемдик документтердин реестри.  

7. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин ишин жөнгө салган жана анын саясатын аныктаган документтердин топтому: ички саясат, нускоолор, жоболор, жол-жоболор, көрсөтмөлөр, каттар жана тобокелдиктерди тескөө саясаттары же адистештирилген финансы-кредит мекемеси тобокелдиктерди (кредиттик, рыноктук, операциялык, ликвиддүү ж.б.) кандайча идентификациялоону, баа берүүнү, көз салууну, контролдукка алууну жүзөгө ашыруусун чагылдыруу.  

9. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин акционерлеринин/ катышуучуларынын, Директорлор кеңешинин/Байкоо органынын, Аудит боюнча комитетинин, Башкармасынын/Аткаруу органынын отурумдарынан толтурулган протоколдор (бардык материалдарды жана отчетторду кошо тиркөө менен).  

10. Иштеген мөөнөтүн жана ордун көрсөтүү менен адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Директорлор кеңешинин/Байкоо органынын мүчөлөрүнүн тизмеси, Директорлор кеңешинин/Байкоо органынын мүчөлөрүнүн анкеталары.  

11. Ээлеген кызматын, милдеттерин көрсөтүү менен адистештирилген финансы-кредит мекемесинин Башкармасынын/Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн тизмеси, Башкарманын/Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн өздүк көктөмөлөрү.  

12. Түздөн-түз тескөөгө алган маселелердин жана милдеттеринин тизмесин көрсөтүү менен адистештирилген финансы-кредит мекемесинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин тизмеси.  

13. Ар бир ыкчам маалымат алуу бөлүмүнүн, департаменттин жана функционалдык топтун телефон номерлерин көрсөтүү менен биринчи кезекте байланышуучу кызматкерлердин тизмеси.  

14. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин уюштуруу түзүмү.  

15. Адистештирилген финансы-кредит мекемесин стратегиялык өнүктүрүү планы, өткөн жылдарга жана өтүп жаткан жылга карата бизнес-план.  

16. Капиталды калыптандыруу боюнча туруктуу сактоодо турган көктөмөлөр.  

17. Өткөн эки жыл үчүн мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттор жана экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу маалыматтар.  

18. Ликвиддүүлүктүн бардык аспекттерин, активдердин жана пассивдердин жана бардык финансылык тобокелдиктердин (пайыздык, валюталык ж.б.) тескөөгө алынышына мониторинг жүргүзүү үчүн колдонулуучу негизги башкаруучулук отчетторунун көчүрмөлөрү.  

19. Улуттук банк жана башка мамлекеттик органдар менен кат алышуулар.  

20. Өздүк курам жана негизги иш багыты боюнча буйруктар.  

21. Филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн кошо алганда, адистештирилген финансы-кредит мекемесинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн начальниктеринин тизмеси.  

22. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин штаттык тизими.  

23. Өткөн текшерүү боюнча берилген жазма буйруктардын/сунуш-көрсөтмөлөрдүн аткарылышы боюнча отчеттор.  

24. Туунду, караштуу же байланыштуу компаниялар жөнүндө маалыматтар.  

II. Бухгалтердик эсеп, отчеттуулук жана аудит боюнча маалыматтар:  

1. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин 20__-жылдын "01" ______________ карата бухгалтердик балансы.  

2. Баланстын бардык статьяларын жана түшкөн пайда жана кеткен чыгым жөнүндө отчетту чечмелөөлөр.  

4. Коммерциялык банктар менен төлөөлөр жана кассалык кызмат көрсөтүүлөр үчүн келишимдер.  

5. Инсайдерлер жана аффилирленген компаниялар менен операциялар боюнча маалымат.  

6. 20__-жылдын "01" ______________, 20__-жылдын "01" ______________, 20__-жылдын "01" ______________, 20__-жылдын "01" ______________ карата мезгил-мезгили менен берилүүчү отчет.  

7. Акыркы эки жыл жана өтүп жаткан жыл ичинде маанилүү багыттар боюнча айкын отчетторго салыштыруу менен кирешелер жана чыгашалар, ошондой эле бюджет жөнүндө отчеттордун көчүрмөлөрү.  

III. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттенүү максатында тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдук жөнүндө маалымат:  

1. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кардарларды идентификациялоо, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү боюнча ички документтери (саясаттары, жол-жоболору ж.б.).  

2. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү максатында, компаниянын ички контролдук саясатынын ишке ашырылышына жоопкерчиликтүү болгон тобокелдик-менеджеринин жана кызматкеринин отчеттору.  

3. CARE жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы ортосунда кат алышуулар.  

4. Кардарлардын тизмеси:  

- жогорку категориядагы тобокелдикке ээ;  

- оффшордук аймактарда катталган;  

- эркин экономикалык аймакта катталган;  

- жүгүртүүлөрү отчеттордо көрсөтүлгөн жүгүртүүлөрдөн ашкан эсептер боюнча.  

5. Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүлгөн билдирүүлөрдүн тизмеси.  

6. Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүлгөн маалыматтарды каттоо журналы.  

7. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү саясатын жүзөгө ашырууга катышкан кызматкерлерди тиешелүү окутуудан өткөрүү тууралуу маалымат.  

8. Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы аракеттерди көрүү максатында, ички аудитордун/Ревизиялык комиссиянын/ички аудит функцияларын аткарган органдын ички контролдук системасын текшерүү боюнча отчеттору". 

  

 

 

Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө нускоого карата 

3-2-тиркеме 

Кредиттик бюролор тарабынан текшерүү үчүн сунушталуучу документтердин жана маалыматтардын 

ТИЗМЕГИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

№ 

Иш чөйрөсү 

Документтер 

Катталгандыгы/лицензия алгандыгы тууралуу маалымат  

Уюштуруу документтери: Уюштуруу келишими, Устав.  

Башкаруу түзүмү  

1. Байкоо органынын, жетекчисинин, уюштуруучуларынын тизмеси.  

2. Жетекчинин тиешелүү квалификациясын жана тажрыйбасын кыскача чагылдыруу  

Байкоо органынын акыркы 12 ай ичинде өткөрүлгөн отурумдарынан толтурулган протоколдор  

Директорлор кеңешинин акыркы 12 ай ичинде өткөрүлгөн отурумдарынан толтурулган протоколдор  

Комитеттер жана алардын ыйгарым укуктары  

Аудит боюнча комитет же кредиттик бюролор тарабынан ченемдик талаптардын сакталышы боюнча маселелерге жооп берген башка комитеттер жөнүндө жобо  

Ички аудит  

Ички аудитти жүргүзүү жол-жоболору/эрежелери  

Тышкы аудит  

Тышкы аудитти жүргүзүү жол-жоболору/эрежелери  

Стратегиялык план жана бюджеттер  

Стратегиялык пландын жана бюджеттин көчүрмөлөрү  

Штаттык тизим  

1. Аты-жөнү, кызматтык нускоолор жана тиешелүү башкаруу тажрыйбасы. 

2. Бул кызмат ордунда иштеген мезгили. 

3. Калган кызматкерлердин тизмеси, алардын квалификациясы  

Саясаттар жана жол-жоболор: 

1. Маалыматтарды алуу жана алардын тактыгын текшерүү боюнча; 

2. Маалыматтарды иштеп чыгуу боюнча; 

3. Маалыматтардан, отчеттордон жана суроо-талаптардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү боюнча;  

4. Маалымат субъектилеринин кайрылууларын карап чыгууну уюштуруу боюнча; 

5. Маалымат коопсуздугун камсыз кылуу боюнча; 

6. Үзгүлтүксүз ишти камсыз кылуу боюнча (авариялык жагдайдын кайра калыбына келтирилишин кошо алганда)  

Негизги тармактарда талаптардын сакталышын көзөмөлдөө жол-жоболору жана механизмдери кыскача баяндалган негизги саясаттардын жана жол-жоболордун көчүрмөлөрү  

10 

Кызмат көрсөтүүлөр тууралуу келишимдер  

Кызмат көрсөтүүлөр боюнча келишимдердин көчүрмөлөрү  

11 

Программалык камсыздоо жана программалык камсыздоону колдоого алуу (колдонмо программалар, программаларды түзүү, модификациялоо жана колдоого алуу үчүн жоопкерчилик тартуу. Сертификациялоо)  

Программалык камсыздоолор жана тиркемелер, ошондой эле негизги саясаттар жөнүндө кыскача маалымат  

12 

Үзгүлтүктөр жана кемчиликтер тууралуу отчеттор  

Өткөн жыл ичинде орун алган үзгүлтүктөр жана кемчиликтер тууралуу отчеттор  

13 

Маалымат сунуштоочулар  

Бардык маалымат сунуштоочулардын тизмеги, анын ичинде: 

- ар бир акыркы 3 ай ичинде сунушталган жазуулардын саны; 

- ар бир ай ичинде четке кагылган жазуулардын саны; 

- четке кагылган жазууларда дал келбөөчүлүктөрдү четтетүү үчүн көрүлгөн чаралар  

14 

Маалыматтан пайдалануучулар  

Бардык маалымат пайдалануучулардын тизмеги: 

- ар бир акыркы 3 ай ичинде келип түшкөн суроо-талаптардын саны; 

- акыркы 3 айдын ар бири үчүн натыйжалуу издөө коэффициенти  

15 

Тактыгын жана тууралыгына баа берүү  

Тактыкка жана тууралыгына тиешелүү болгон саясаттардын жана жол-жоболордун көчүрмөлөрү, маалыматтарды текшерүү эрежелеринин көчүрмөлөрү  

16 

Керектөөчүлөрдүн жазуулардан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү, купуялуулукту сактоо жана санкциясыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алдын алуу  

Керектөөчүлөрдүн жазуулардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнүн, анын ичинде маалыматтардан санкциясыз пайдалануусун алдын алуу үчүн идентификациялоону жана жол-жоболордун негизги атрибуттарын чагылдыруу  

17 

Керектөөчүлөрдүн даттанууларын кабыл алуу жана карап чыгуу  

Керектөөчүлөрдүн даттанууларын кабыл алуу, текшерүү жол-жоболору жана саясаты. 

1. Акыркы 3 ай ичинде керектөөчүлөрдөн келип түшкөн даттануулардын статистикасы: 

- кабыл алынган даттануулардын саны; 

- жөнгө салынган даттануулардын саны; 

- даттанууларды жөнгө салууга кеткен орточо убакыт; 

- жөнгө салынбаган даттанууларды кароо мөөнөтү

- "бир нече ирет даттануу менен кайрылган мекемелердин" тизмеги.  

2. Даттанууларды мазмунуна жараша бөлүштүрүү

3. Даттануулар менен иш алып барган кызматкерлердин саны  

18 

Бухгалтердик баланс  

Кредиттик бюронун 20__-жылдын "01" __________ карата бухгалтердик балансы. Киреше жана чыгашалар тууралуу баланстын жана отчеттун бардык статьяларын чечмелөө  

  

  

 

 

"Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоого карата 

4-тиркеме 

Текшерүү жүргүзүүгө каршылык көрсөтүү жөнүндө 

АКТ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

__________________________________________________________________ 

(МФК/МКА/МКК аталышы) 

__________________________________________________________________ 

(МФК/МКА/МКК жайгашкан жери - дареги, телефону) 

  

_________________________ 

  

20__-жылдын "__" _______________ 

үзүлгөн жери) 

  

 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкери, _________________ (Улуттук банктын кызматкери) МФК/МКА/МКК кызматкери _______________ (МФК/МКА/МКК кызматкерлеринин аты-жөнү, кызматы) Аталган МФК/МКА/МКК: ________________________ Ишине текшерүү жүргүзүүгө тоскоолдук көрсөткөндүгү жөнүндө ушул Акт түзүлдү: ______________________________ (МФК/МКА/МКК имаратына киргизген жок, _______________ инспекторлор сураган МФК/МКА/МКК _______________ документтерин берген жок) 

Текшерүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылгандыгы үчүн МФК/МКА/МКК кызматкери Улуттук банк кызматкерлери тарабынан текшерүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылаары жөнүндө эскертүү алды. 

  

Акт түзүлдү: _______________________(Улуттук банктын (кызматы) _______________ (колу) ___________ кызматкеринин аты-жөнү

Таанышты: __________________________(Улуттук банктын (кызматы) _______________ (колу) ___________ кызматкеринин аты-жөнү

Актынын экинчи нускасын алды: _______________________(МФК/МКА/МКК кызматкеринин аты-жөнү) ___________ (колу) 

  

 

 

"Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан жана иши ал тарабынан жөнгө салынган башка жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоого карата 

5-тиркеме 

  

 

 

20__-жылдын ____________ N ______________________ 

Улуттук банктын катына 

тиркеме 

ТААНЫШУУ БАРАГЫ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы № 40/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

Биз, төмөндө кол койгон МФУнун Байкоо органынын мүчөлөрү/МФУ уюштуруучу(лары)су жана Аткаруу органынын мүчөлөрү, 20__-жылдын _______________ тартып, 20__-жылдын ___________ чейин 20__-жылдын _________ абалына карата Улуттук банктын инспекторлору тарабынан жүргүзүлгөн МФК/МКК/МКА, адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюро "______________" текшерүү жөнүндөгү отчет менен жеке таанышып чыктык. 

МФУ уюштуруучу(ларынын)сунун аты-жөнү (зарылдыгына жараша) 

Колу 

Күнү 

Байкоо органынын мүчөлөрүнүн аты-жөнү (зарылдыгына жараша) 

Колу 

Күнү 

Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн аты-жөнү 

Колу 

Күнү 

Бул баракка кол коюудан баш тарткан учурда, баш тартууга акт түзүлөт, же документте аты-жөнүн, паспорттогу маалыматтарын көрсөтүү менен үч адамдын колу коюлат, ал үч адамдын катышуусу жана кол коюусу менен бул документтеги маалыматтар Аткаруу органына жеткирилгендигин күбөлөндүрөт. 

Эскертүү: Бул баракка МФУнун Байкоо органынын мүчөлөрүнүн/МФУ уюштуруучу(ларынын)сунун жана/же Аткаруу органынын мүчөсүнүн (же анын милдетин; аткаруучу адамдын) ар биринин колу коюлууга, андан кийин бул отчетту алган күндөн тартып 10 жумуш күнү ичинде Улуттук банктын Инспекциялоо башкармалыгына/Областтык башкармалыктын Көзөмөл бөлүмүнө кайтарылып берилүүгө тийиш. Таанышуу барагынын Байкоо органынын мүчөлөрүнүн/МФУ уюштуруучу(ларынын)сунун жана/же Аткаруу органынын мүчөлөрүнүн колу коюлган экинчи нускасы Текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет менен бирге МФК/МКК/МКАда, адистештирилген финансы-кредит мекемеси жана кредиттик бюролордо сакталуусу зарыл.