Кайта келүү

Көңүл буруңуздар! 

КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5 токтому 

менен киргизилген өзгөртүүлөр 2016-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет 

Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2009-жылдын 

3-июлунда каттоодон өткөн. Каттоо номери N 67-09 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк башкармасынын 

2009-жылдын 27-майындагы 

N 25/3 токтому менен 

бекитилген 

"Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө

ЖОБО 

(КР Улуттук банк башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы N 41/5, 2009-жылдын 23-декабрындагы N 50/6, 2012-жылдын 18-январындагы N 2/2, 2012-жылдын 25-апрелиндеги N 18/9, 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10, 2014-жылдын 30-майындагы № 24/10, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 17/2, 2016-жылдын 15-июнундагы N 25/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык)  

1. Жалпы жоболор 

1.1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө", Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" мыйзамдарга жана Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 5-июлунда кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинде 2000-жылдын 12-июлунда 135 номеринде каттоодон өткөртүлгөн N 26/2 "Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө" жобо тууралуу" токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө" жобого ылайык иштелип чыккан жана анда микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун (мындан ары - Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет) бирдиктүү формасын аныкталган. 

1.2. Бул жобонун аракети бардык микрокредиттик компанияларга, микрокредиттик агенттиктерге(мындан ары - МКК/МКА) жайылтылат анын ичинде «ислам терезесинин» алкагында, операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүзөгө ашырган МКК/МКАларга. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы N 25/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.3. (КР Улуттук банк башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы N 41/5 токтомуна ылайык алынып салынды) 

1.4. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет бухгалтердик эсепке алуу жана системадан тышкары эсепке алуунун маалыматтарынын негизинде түзүлөт. 

2. Максаттары жана милдети 

2.1. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет төмөнкүлөргө анализ жүргүзүү максатында түзүлөт: 

а) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө", Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана "Кыргыз Республикасынын резиденттеринин чет өлкө банктарында ачылган эсептерин жана аманаттарын каттоо жөнүндө" жобосунда бекитилген Улуттук банк тарабынан функцияларды аткаруу алкагында МКК/МКА ломбарддардын финансылык абалына; 

б) ликвиддүүлүктү, төлөө жөндөмдүүлүгүн жана кирешелүүлүктү камсыз кылуу боюнча чечимдерди кошо алганда, компаниялардын жетекчилеринин башкаруу чечимдерин кабыл алуусу үчүн МКК/МКА ишине. 

2.2. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун башкы милдети - ушул Жобонун 2.1. пунктунда көрсөтүлгөн максаттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн МКК/МКА экономикалык жана чарбалык иши /уралуу так жана толук маалыматтарды берүү

3. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун мазмуну жана аны берүү мезгил аралыгы 

3. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет өзүндө МКК/МКА белгилүү бир мезгил ичинде аткарган ишин чагылдырган, белгиленген формадагы жана белгиленген мөөнөттө берилүүчү отчетту түшүндүрөт. 

3.2. Отчеттун жыйынтыкталган курамы, алардын кыскача мазмуну жана отчетторду берүү мөөнөттөрү ушул жобонун 1-тиркемесинде келтирилген. 

3.3. МКК/МКА төртүнчү чейрек үчүн Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттору жылдык отчет болуп саналат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-январындагы N 2/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.4. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик Жылдык отчет Улуттук банкка отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралынан. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-январындагы N 2/2, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.5. Мезгил-мезгили менен берилүүчү банктык отчет 6 бөлүктөн турат: 

Титулдук баракча; 

Директорлор Кеңешинин жана Башкарманын мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар; 

Айрым кызмат адамдары тууралуу маалыматтар; 

Базалык маалымат; 

1-бөлүк. Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет; 

2-бөлүк. Чогуу алгандагы киреше тууралуу отчет 

3-бөлүк. Кредиттик портфель жөнүндө маалымат; 

А таблицасы. "Активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо"; 

Б таблицасы. "Кредиттөө ыкмалары"; 

В таблицасы. "Тармактар жана региондор боюнча бөлүү"; 

Таблица Г. "Берилген кредиттер боюнча маалыматтар; 

Таблица Д. "Проблемалуу карыз алуучулар боюнча маалымат"; 

Таблица Е. "Параллель кредиттер жөнүндө маалымат"; 

4-бөлүк. Өз ишине баа берүү отчету; 

5-бөлүк. Чет өлкө активдери жана милдеттенмелери боюнча отчет; 

"Жеке карыздык милдеттенмелер/кредитордук карыздар жөнүндө отчет" N 1-МК формасы; 

"Карыздык милдеттенмелерди/кредитордук карыздарды тейлөө жөнүндө отчет" N 2-МК формасы; 

"Чет өлкө банкында ачылган (аманат) эсеп жөнүндө билдирме"; 

"Чет өлкө банктарындагы резиденттердин эсептериндеги же аманаттарындагы каражаттардын калдыктары жөнүндө отчет". 

6-бөлүк. Маалыматтарды чечмелөөлөр. 

(КР Улуттук Банкынын Башкармасынын 2009-жылдын 23-декабрындагы N 50/6, 2012-жылдын 18-январындагы N 2/2 токтомдорунун редакциясына ылайык) 

4. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту берүү тартиби 

4.1. Ар бир МКК/МКА Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун мазмунунун толуктугу, берүү мөөнөттөрүнүн сакталышы жана туура толтурулушу үчүн жооп берген кызматкер дайындалууга тийиш. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетто камтылган маалыматка тиешелүү бардык маселелер боюнча Улуттук банк менен өзара иш алып баруу жоопкерчилиги да ошол кызматкерге жүктөлөт; 

4.2. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет ушул жобонун 2-тиркемесине ылайык формада, отчет үчүн белгиленген мөөнөттөрдө, кагазга чыгарылган жана электрондук формада Улуттук банка берилет. Бул отчеттун электрондук түрү Улуттук банк тарабынан белгиленгендерге ылайык түзүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.3. Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан МКК/МКАлар Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту Улуттук банктын жалпы бөлүмүнө кагазга чыгарылып, конвертке салынып, чапталган түрүндө берилүүгө тийиш. 

Отчеттун электрондук түрү Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгынын Статистикалык базаны техникалык колдоо бөлүмүнө электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү зарыл. Жайгашкан МКК/МКАлардын электрондук почтасы жок болсо, отчеттор жазып алуучу башка жабдуулар (USB - флэш маалымат сактоочу) аркылуу берилиши зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.3-1. Республиканын башка областында жайгашкан МКК/МКАлар Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетторун Улуттук банктын тиешелүү областтык башкармалыгына/Баткен областындагы өкүлчүлүгүнө кагазга чыгарылган түрүндө жана электрондук түрдө берүүгө тийиш. 

Улуттук банктын областтык башкармалыктары жана Баткен областындагы өкүлчүлүгү бул отчетторду Улуттук банктын Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгына агрегирленген түрдө жөнөтөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.4. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетто кандайдыр бир дал келбестиктер, каталар кездешсе, ал толук эмес сунушталса же формасы туура эмес толтурулган болсо, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмү отчетту алгандан кийинки 10 жумуш күнү ичинде финансылык отчетто чагылдыруу менен ага корректировкаларды киргизүү зарылчылыгы тууралуу МККга жана МКАга жазуу жүзүндө билдирет.  

Корректировкалар киргизилген отчеттор МККнын жана МКАнын коштомо каты менен бирге отчетто дал келбестиктер орун алгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирме алгандан кийинки 5 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка сунушталууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.5. Улуттук банктын Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет боюнча сын-пикирлери болбогон же отчет Улуттук банктын сын-пикирлерине ылайык оңдолуп жана МКК/МКА каты менен тастыкталгандан кийин Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет Улуттук банк тарабынан кабыл алынган катары эсептелинет. 

4.6. МКК/МКА Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту башкы МКК/МКА, анын филиалдары боюнча консолидацияланган негизде беришет. 

4.7. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет белгиленген формада: көктөлгөн, отчеттун бөлүктөрүнүн барактарынын санын көрсөтүү менен номерленген, мөөр коюлуп, МКК/МКА анын түзүлүшү 

жана берилиши үчүн жоопкерчиликтүү кызматкеринин колтамгасын койдуруу менен берилүүгө тийиш. Кагаз түрүндө келтирилген формага ылайык. 

4.8. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет отчеттук күнгө карата МКК/МКА иш абалы тууралуу так маалыматты камтууга тийиш. МКК/МКА иш абалынын чейректик жана жылдык Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттордо туура чагылдырылышы МКК/МКА Аткаруу органынын жетекчилери жана Башкы бухгалтери тарабынан тастыкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-январындагы N 2/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Корутунду жобо 

5.1. Маалыматты өз убагында сунуштабагандыгы жана/же такталбаган маалыматтарды сунуштагандыгы, такыр сунуштабагандыгы, Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту толук эмес же туура эмес толтургандыгы үчүн МКК/МКА, ошондой эле МКК/МКАнын Аткаруу органынын жетекчиси жана башкы бухгалтери Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2. МКК/МКА Улуттук банкка берилген мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчеттун экинчи нускасын сактап калууга тийиш. 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк башкармасынын 

2009-жылдын 27-майындагы 

N 25/3 токтому менен бекитилген 

"Микрокредиттик компаниянын/ микрокредиттик агенттиктин 

мезгил-мезгили менен берилүүчү 

регулятивдик отчету жөнүндө

жобого карата 

N 1 тиркеме 

Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетунун 

КУРАМЫ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5, 2016-жылдын 15-июнундагы N 25/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

Бөлүгү 

Аталышы 

Мезгил аралыгы  

Берүү мөөнөттөрү  

Эскертүү же ченемдик укуктук актыга шилтеме  

  

Титулдук барак   

Чейректик  

    

  

Отчеттук чейрек аяктагандан кийинки 20 календардык күн ичинде  

Бөлүктөргө тиркелет  

Жылдык 

отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин  

  

МКК/МКАнын Директорлор кеңешинин, Башкармасынын мүчөлөрү, негизги уюштуруучулары (акционерлери) жана Шариат Кеңешинин мүчөлөрү тууралуу маалымат 

Жылдык 

Отчеттук жылдан кийин жылдын 1-февралына чейин 

 

өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин 20 календардык күн ичинде 

Бөлүктөргө тиркелет 

өзгөртүүлөр киргизилген учурда жыл ичинде  

 

  

Айрым кызмат адамдары тууралуу маалымат  

Жылдык 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин  

Бөлүктөргө тиркелет 

өзгөртүүлөр киргизилген учурда жыл ичинде  

Өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин 10 календардык күн ичинде  

  

Базалык маалымат 

Жылдык 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

Бөлүктөргө тиркелет 

өзгөртүүлөр киргизилген учурда жыл ичинде  

өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин 10 календардык күн ичинде 

1-бөлүк. 

Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө отчет 

Чейректик 

Отчеттук чейрек аяктагандан кийинки 20 календардык күн ичинде 

  

Жылдык 

Отчеттук жылдан кийин жылдын 1-февралына чейин 

2-бөлүк. 

Чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет  

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча жүргүзүлгөн операциялар боюнча түшкөн пайда жана кеткен чыгымдар тууралуу отчет  

Чейректик 

Отчеттук чейрек аяктагандан кийинки 20 календардык күн ичинде  

  

жылдык 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

3-бөлүк. 

Кредит портфели жөнүндө маалымат  

А. Активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо  

А-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча активдерди тобокелдик деңгээли боюнча классификациялоо  

Б. Кредиттөө ыкмалары 

В. Тармактар жана региондор боюнча бөлүштүрүү 

Г. Берилген кредиттер боюнча маалымат  

Г-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча сунушталган каржылоо тууралуу маалымат 

Д. Проблемалуу карыз алуучулар боюнча маалымат 

Е. Үстү-үстүнөн алынган кредиттер тууралуу маалымат 

Ж. Тармактар жана региондор боюнча берилген кредиттердин көлөмү тууралуу маалымат 

З. Реструктуризацияланган кредиттер 

Чейректик 

Отчеттук чейрек аяктагандан кийин 20 календардык күн ичинде  

  

Жылдык 

отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

4-бөлүк. 

Өз ишине баа берүү боюнча отчет 

Жылдык 

отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин 

  

5-бөлүк. 

Чет өлкө активдер жана милдеттенмелер боюнча отчет  

Чейректик 

Отчеттук чейрек аяктагандан кийинки 20 календардык күн ичинде 

  

10 

6-бөлүк. 

Ачып көрсөтүү 

А. Милдеттенмелер  

А-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кабыл алынган милдеттенмелер  

Б. Кредиттөө шарттары боюнча маалымат  

Б-1. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча каржылоо шарттары боюнча маалымат  

В. МКК/МКАнын кардарлары жөнүндө  

Г. МКК/МКАнын персоналы тууралуу 

Д. Банктардын агенттик келишими боюнча чекене банктык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалымат  

Е. ФКМдерде ишке ашырылган операциялар жана инвестициялар боюнча чечмелөөлөр 

Ж. Валюталык операциялар  

З. Уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар  

Чейректик 

Отчеттук чейрек аяктагандан кийинки 20 календардык күн ичинде  

  

Жылдык 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин  

11 

7-бөлүк. 

МККнын экономикалык ченемдерин сактоо жөнүндө маалыматтар  

Чейректик 

Отчеттук чейрек аяктагандан кийинки 20 календардык күн ичинде  

  

Жылдык 

Отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-февралына чейин  

Эскертүү

МКК/МКАнын «ислам  терезеси үчүн«: 

Карыз алуучу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык МКК/МКА тарабынан каржылоо сунушталган кардар. 

Кредит кардарларга ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунушталган акча каражаттары. 

Кредитор МКК/МКАнын акча каражаттарын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык сунуштаган жак.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 15-июнундагы N 25/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк башкармасынын 

2009-жылдын 27-майындагы 

N 25/3 токтому менен бекитилген 

"Микрокредиттик компаниянын/ микрокредиттик агенттиктин 

мезгил-мезгили менен берилүүчү 

регулятивдик отчету жөнүндө

жобого карата 

N 2 тиркеме 

ККҮ Улуттук банктын Кыргыз Республикасынын банктык эмес Улуттук банк Башкармасынын мекемелердин ишине токтому менен бекитилген көзөмөл башкармалыгы МКК/МКА мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 18-январындагы N 2/2, 2014-жылдын 30-майындагы № 24/10, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/5, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/6, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 17/2, 2016-жылдын 15-июнундагы №25/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык)