Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2003-жылдын 

25-мартында 29-03 номеринде каттоодон өткөн 

  

 

 

Кыргыз Респуьликасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2003-жылдын 19-февралындагы 

№ 4/2 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун 

ЭРЕЖЕЛЕРИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 27-декабрындагы N 36/1, 2010-жылдын 26-майындагы N 36\3, 2010-жылдын 29-сентябрындагы N 75/14, 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/4, 2011-жылдын 31-октябрындагы N 62/4, 2012-жылдын 17-июлундагы N 29/5, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/17, 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/4, 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/15, 2014-жылдын 30-майындагы № 24/10, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2016-жылдын 20-январындагы №4/6, 2016-жылдын 11-апрелиндеги №17/2, 2016-жылдын 15-июнундагы №25/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1. Ушул жоболор "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамдын негизинде жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзам тарабынан Улуттук банкка жүктөлгөн функцияларга жана милдеттерге ылайык иштелип чыккан. 

1.2. Жакырчылыкты жоюуга, иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү, ишкердикти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын калкын социалдык мобилизациялоого өбөлгө түзүү үчүн калктын микрокаржылоодон пайдалануусуна мүмкүнчүлүк түзүү микрофинансылык уюмдардын (мындан ары - МФУ) иш максаты. 

Мында, микрофинансылык уюм уюштуруу документтеринде аныкталган жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттарда да иш алып барууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/4, 2016-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.3. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) МФУ туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу жана алардын ишине карата калктын ишенимин арттыруу максатында МФУ аткарууга милдеттүү болгон экономикалык нормативдерди жана талаптарды белгилейт. 

1.4. МФУ тобокелдиктерди тескөө жагынан өзүнүн ички саясатына ылайык, бирок мында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын нормативдик актыларын аткаруу үчүн талап кылынган маанини бузбастан, экономикалык нормативдер боюнча алда канча жогорку талаптарды белгилей алат. 

1.5. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.6. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

1.7. МФУ карыз алуучуларга микрокредиттерди берүүнү мыйзам талаптарына ылайык, анын ичинде адамдар тобунун субсидиардык же чогуу жоопкерчилиги алдында, кредиттик келишимдерди тариздетүү аркылуу берет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/4, 2016-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.8. МФУ Улуттук банктан лицензия алган коммерциялык банктарда жана финансы-кредиттик мекемелерде эсепке алууга жана отчеттуулукка карата белгиленген талаптарга ылайык, өз операцияларынын бухгалтердик эсебин жүргүзүүгө жана финансылык отчетту түзүүгө тийиш. 

1.9. МФУ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык эсептеринин тактыгын текшерүү, ички контролдук системасынын шайкештигине жана натыйжалуулугуна баа берүү, ошондой эле Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралбаган, микрофинансылык компанияларга гана мүнөздүү болгон айрым тобокелдиктерге алардын дуушарлануусуна баа берүү үчүн ички аудитти жүзөгө ашырат. Микрофинансылык компания бул максатта ички аудит кызматын түзүүгө милдеттүү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/4, 2016-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.10. Микрофинансылык сектор үчүн системалык мааниге ээ МФУлар система түзүүчүлөр болуп саналышат. Системалык маанилүүлүк критерийлери Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен аныкталат. Система түзүүчү МФУларга карата жөнгө салуунун жана көзөмөлдүктүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген атайын режими колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

1.11. Ушул эрежелердин максатында дүңүнөн кредиттөө дегенден улам, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү аймактарда илгерилетүү жана ишкердүүлүк жигердүүлүгүнө колдоо көрсөтүү максатында микрокредиттерди кийинчерээк сунуштоо үчүн финансы-кредиттик мекемелерге сунушталуучу кредит түшүнүлөт. 

Дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган МФУ (апекстик институт) дегенден улам, дүңүнөн кредиттердин үлүшү кредиттик портфелдин 70 пайызынан ашыгын түзгөн МФУ түшүнүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

2. Аманаттарды кабыл алууну жүргүзбөгөн микрофинансы компанияларынын ишин жөнгө салуу 

2.1. Микрофинансылык компаниялардын төмөнкүлөргө укугу жок: 

1) МФКнын өзү чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга кредиттерди берүүгө, ошондой эле аларды күрөө катары кабыл алууга; 

2) кепилдикти берүүгө

3) микрокредит (лизинг) менен чогуу алганда бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмү ченеминен арткан өлчөмдө гарантияларды берүүгө

4) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамында каралган операциялардан жана бүтүмдөрдөн тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга; 

5) баалуу кагаздар рыногунда кесипкөйлүк ишти жүзөгө ашырууга; 

6) аккредитивдерди берүүгө, баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө жана мүлктү ишеним боюнча тескөөгө алууга. 

Микрофинансылык компаниялар Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген ички кредиттик саясатка ээ болууга тийиш, анда негизги иш чөйрө, бир эле ошол адамга берилүүчү Улуттук банк тарабынан жаңыдан түзүлгөн МФКлар үчүн (жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартпаган) белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнүн үч пайызынан ашпаган өлчөмдөгү микрокредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүн аныктоого тийиш. 

Дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган МФКлар үчүн бир эле ошол адамга берилүүчү микрокредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капитал өлчөмүнүн 20 пайызынан ашпоого тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/4, 2013-жылдын 27-ноябрындагы N 45/15, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2, 2016-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.1.-1. Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды кабыл алуу жана/же дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган микрофинансылык компанияларды эске албаганда, ушул эрежелердин 2-1-пунктунда белгиленген МФК тарабынан бир эле ошол карыз алуучуга же байланыштуу жактар тобуна берилүүчү микрокредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүнөн ашыгыраак микрокредитти Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесине ылайык, иштеп жаткан бизнести кеңейтүү/өнүктүрүү, анын ичинде кошумча жумуш орундарын түзүү максатында кредиттөөнүн төмөнкү багыттары боюнча берүүгө жол берилет: 

- соода; 

-айыл-чарба (өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыгын, айыл чарба продукциясын даярдоону/кайра иштетүүнү кошо алганда); 

- кызмат көрсөтүүлөр; 

- транспорт; 

- финансылык ижара (лизинг); 

- өнөр жай; 

- курулуш. 

МФКлар ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн микрокредиттерди берүүдө төмөнкү шарттарды аткаруусу зарыл: 

1) МФКда микрокаржылоонун максаттары менен милдеттерине ылайык продукттардын айкын түрлөрү аныкталган каржылоо саясатынын жана сунушталуучу каржылоонун максаттуу пайдаланылышына андан кийинки мониторинг жүргүзүү тартибинин болушу; 

2) белгиленген шарттар сакталган учурда, мындай микрокредиттин суммасы 3000000 (үч миллион) сомдон (же чет өлкө валютасындагы эквиваленттен) ашпоого тийиш; 

3) Кредиттик маалымат бюросунан өтүнүч ээсинин кредиттик маалыматынын, анын ичинде буга чейин алынган мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер боюнча, ошондой эле өтүнүч ээси кандайдыр бир башка кредиттер боюнча кепил болгондугу тууралуу маалыматтардын болушу; 

4) өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган зарыл документтердин (өтүнүч ээсине киреше алып келген активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалымкат, патент, күбөлүк ж.б.) болушу, ошондой эле өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү жүргүзүлүп, ал кредиттик саясатка жана/же микрокредиттик компаниянын башка ички документтерине ылайык жооптуу кредиттик адистин же кызматкердин корутундусу менен тастыкталууга тийиш; 

5) өтүнүч ээсинин кредит алууга билдирме-анкетасы тапшырылып, анда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолору менен кредитти пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш; 

6) карыз алуучунун анын чогуу алгандагы кирешесинин кредит боюнча (негизги сумма жана пайыздар боюнча) бир айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызын жабуучу коэффициенти 130 пайыздан кем болбоого тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 25-сентябрындагы № 35/17, 2016-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.2. Уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү

2.2.1. МФКнын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы түрүндө түзүлөт. 

2.2.2. Аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырбаган МФКлар Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/26 токтому менен бекитилген “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жободо (мындан ары текст боюнча “Микрофинансылык компаниялардын ишин лицензиялоо жөнүндө” жобо) белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны топтоонун шарттары боюнча тиешелүү талаптарды сактоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.3. өздүк капиталдын минималдуу өлчөмү

2.3.1. Микрокаржылоо компаниясынын өздүк капиталын эсептөө (баа берүү күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде ишке ашырылат:  

- толугу менен төлөнгөн уставдык капиталдын; 

- номиналдан үстөк салынган капиталдын; 

- жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капиталдын; 

- келечекте керектөө үчүн камдардын;  

- өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайда/чыгымынын;  

- өтүп жаткан жыл ичиндеги чыгымынын;  

- башка микрофинансылык уюмдардын, лизинг компаниялардын жана банктардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) инвестицияларды кемитүү менен. 

Мында, капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар дегенден улам, микрофинансылык уюмдардын, лизинг компанияларынын жана банктардын капиталына айкын салынган каражаттардын калдыгын түшүнүү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 30-майындагы № 24/10, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.3.2. Аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүргүзбөгөн МФКлар үчүн өздүк капиталынын минималдуу өлчөмү белгиленбейт. 

2.4. Башка уюмдарга инвестициялардын максималдуу өлчөмү

2.4.1. Микрофинансылык компаниялар микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга гана инвестиция жумшоого укуктуу. Мында, МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестициялары Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамында аныкталган, микрофинансылык уюмунун иш максаттарына ылайык келүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.2. МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларынын, карыздык милдеттенмелеринин, лизинг жана факторинг боюнча финансылык салымдарынын, кредиттеринин жана ушундай эле башка финансылык салымдарынын) максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 30% ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

ИӨ/ӨК * 100% 30, мында 

  

ИӨ 

баалоо датасына карата МФКнын инвестицияларынын чогуу алгандагы өлчөмү

ӨК 

баалоо датасына карата МФКнын өздүк капиталы (2.3-пункттун 2.3.1-пунктчасын караңыз). 

Ушул ченемди эсептөөдө алардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) МФКнын инвестициялары жайгаштырылган микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга берилген кредиттер эсепке алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.-1. Уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү.  

МФК, анын ичинде дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган компаниялар тарабынан уюштуруучулардан (акционерлер) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капиталдын өлчөмүнүн 100% ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

  

СЗФЛ / СК * 100% 50%, мында: 

  

СЗФЛ - МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы өлчөмү;  

СК - МФКнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы (2.3-пункттун 2.3.1-пунктчасын карагыла). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.-2. Уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү.  

МФК, анын ичинде дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган компаниялар тарабынан уюштуруучулардан (акционерлер) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капиталдын өлчөмүнүн 100% ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

  

СЗЮЛ / СК * 100% 50%, мында: 

  

СЗЮЛ - МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы өлчөмү;  

СК - МФКнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы (2.3-пункттун 2.3.1-пунктчасын карагыла). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.4.-3. Юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү

МФКлардын, анын дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган компаниялардын юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капиталдын 500 пайыздан ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

СЗ/СК*100% 500%, , мында 

СЗ - юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттардын баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы өлчөмү

СК- МФКнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы. 

 

Ушул ченем өзүндө 2.4.-1, 2.4.-2-пунктчаларында көрсөтүлгөн ченемдерди камтыйт 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.5. Маалыматтарды Улуттук банкка берүүнүн тартиби. 

2.5.1. Квартал сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен МФКлар Улуттук банкка төмөндө келтирил гендерди берип турууга тийиш: 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

а) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 27-декабрындагы N 36/1 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

б) төмөнкүлөрдү:  

- башка микрофинансылык уюмдардын, лизинг компанияларынын жана банктардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) инвестициялар тууралуу маалыматтарды, алардын ар бирине инвестициялардын тизмегин жана өлчөмүн көрсөтүү менен;  

- МФКнын башка микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларынын, карыздык милдеттенмелеринин, лизинг жана факторинг боюнча финансылык салымдарынын, кредиттеринин жана ушундай эле башка финансылык салымдарынын) максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, алардын ар бирине инвестициялардын тизмегин жана өлчөмүн, 2.4-пункттун 2.4.2-пунктчасында келтирилген көрсөткүчтөрдү эсептөөлөрдү чагылдыруу менен;  

- уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, уюштуруучулардын (акционерлердин) - жеке адамдардын тизмегин, алардын ар биринен карызга алынган каражат өлчөмүн, 2.4-1-пунктта келтирилген көрсөткүчтөрдү эсептөөнү чагылдыруу менен;  

- уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, уюштуруучулардын (акционерлердин) - юридикалык жактардын тизмегин, алардын ар биринен карызга алынган каражат өлчөмүн, 2.4-2-пунктта келтирилген көрсөткүчтөрдү эсептөөнү чагылдыруу менен. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 27-декабрындагы N 36/1, 2010-жылдын 26-майы N 36\3, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.5.2. Финансылык отчеттуулуктун формаларына жана инвестициялар, уюштуруучулардан алынган каражаттар жөнүндө маалыматтарга МФК Башкармасынын төрагасы же биринчи кол коюуга расмий укугу бар башка адам, ошондой эле маалыматтарды даярдоо жана берүү үчүн жооптуу башка адам кол коюуга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.5.3. Жыл сайын, көзкарандысыз тышкы аудиторлордун күчү менен көзкарандысыз тышкы аудит жүргүзүлгөндөн кийин, МФК Улуттук банкка тышкы аудитордун өзгөртүүсү жок толук отчетунун бир нускасын (көчүрмөсүн), анын ичинде жетекчиликке катты микрофинансы компаниясынын тышкы аудитору отчетту берген учурдан кийинки 30 күндүн ичинде берүүгө милдеттүү

2.5.4. Улуттук банктын алардын ишине карата коюлган талаптарынын МФК тарабынан аткарылбай калгандыгы, маалыматттарды бербей койгондуктун же аларды өз учурда бербей койгондук, ошондой эле такталбаган маалыматтардын берилип жиберилгендиги фактылары аныкталган учурда, Улуттук банк "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамдарга жана Улуттук банктын тиешелүү нормативдик актыларына ылайык аларга карата таасирдүү чараларды көрөт. 

2.5.5. МФКлар Улуттук банкка жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган өзүнүн финансылык отчетунун ар бир кварталдагы көчүрмөсүн жарыялоо күнүнөн кийинки 5 жумуш күнүнүн ичинде берүүгө тийиш. 

2.6. МФК иш кагаздарын мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүргүзүүгө тийиш. Бардык ички документтер, анын ичинде контрагенттер менен түзүлгөн келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды мамлекеттик же расмий тилде тариздетүү зарыл. Мында контрагенттер менен мамлекеттик тилде жана/же расмий жана чет тилинде түзүлгөн бирдей юридикалык күчкө ээ болгон келишимдерди тариздетүүгө жол берилет. Келишимдерди чет тилинде тариздетүү белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилиндеги котормосу болгон шартта гана жол берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

3. Аманаттарды кабыл алуу укугуна лицензия алууга талапкер микрофинансы компанияларынын ишине карата талаптар 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

4. Аманаттарды кабыл алууну жүзөгө ашырган микрофинансы компанияларынын ишин жөнгө салуу 

4.1. Микрофинансылык компаниялардын төмөнкүлөргө укугу жок: 

1) МФКнын өзү чыгарган баалуу кагаздарды сатып алууга кредиттерди берүүгө, ошондой эле аларды күрөө катары кабыл алууга; 

2) кепилдикти берүүгө

3) микрокредит (лизинг) менен чогуу алганда бир карыз алуучуга кредиттин максималдуу өлчөмү ченеминен арткан өлчөмдө гарантияларды берүүгө

4) аталган мыйзамда каралган операциялардан жана бүтүмдөрдөн тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка банктык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашырууга; 

5) баалуу кагаздар рыногунда кесипкөйлүк ишти жүзөгө ашырууга; 

6) аккредитивдерди берүүгө, баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө жана мүлктү ишеним боюнча тескөөгө алууга. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.2. Аманаттарды кабыл алуу операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна ээ микрофинансылык компаниялар төмөнкүлөрдү кошо алганда, Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди сактоого милдеттүү:  

- төлөнгөн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү;  

- минималдуу өздүк капитал ченеми;  

- капиталдын шайкештиги (жетиштүүлүгү);  

- бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү;  

- ликвиддүүлүк ченеми;  

- аманаттарды кайтарып берүүдөгү тобокелдикти чектөө ченеми;  

- инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү;  

- микрофинансылык компаниянын кызматчыларынын компания тарабынан сунушталган керектөө кредиттери боюнча максималдуу чогуу алгандагы карызы;  

- микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестициялардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү;  

- мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын өлчөмү;  

- уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү;  

- уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.2-2. Микрофинансылык компаниялар жеке адамдардан жана юридикалык жактардан кеминде 30 күндүк мөөнөткө мөөнөттүү аманаттарды гана тартууга укуктуу. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүргүзгөн микрофинансы компаниялары үчүн экономикалык нормативдер жана аларды эсептөө тартиби. 

5.1. Толугу менен төлөнгөн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү

5.1.1. МФКнын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы түрүндө түзүлөт. 

5.1.2. Аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүргүзгөн МФКлар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү жана аны топтоо боюнча шарттар Кыргыз Республикасынын аймагындагы микрофинансылык компанияларды лицензиялоо, кайра өзгөртүп түзүү жана жоюу жөнүндө жободо белгиленген. 

5.1.3. МФК уставдык капиталдын маанисин аманаттар боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан МФКлардын уставдык капиталына карата Улуттук банк тарабынан коюлган минималдуу талаптардан төмөн болбогон деңгээлде кармап турууга тийиш. 

5.2. Минималдуу өздүк капиталдын нормативи; 

5.2.1. Минималдуу өздүк капиталдын нормативинин М1 маанисин кеминде 100% деңгээлде сактап туруу зарыл. минималдуу өздүк капиталынын мааниси төмөнкү 1ююнча аныкталат: 

5.2.2. МКФнын минималдуу өздүк капиталынын мааниси төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

М1 = ӨК / УК х 100%, мында 

  

ӨК 

датасына карата МФКнын эздүк капиталы (2.3.- 2.3.1-пунктчасын караңыз). 

УК 

салымдарды тарткан МФК үчүн белгиленген минималдуу уставдык 

капитал (5.1-пункттун 5.1.2-пунктчасын караңыз). 

5.3. Капиталдын адекваттуулугу (жетиштүүлүгү). 

5.3.1. Капиталдын адекваттуулугунун (жетиштүүлүгүнүн) нормативинин М2 маанисин кеминде 8% деңгээлде сактап туруу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы N 36\3 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.3.2. МФКнын капиталынын адекваттуулугунун нормативи төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

М2 = ӨК / АС х 100%, мында 

  

ӨК - баалоо датасына карата МФКнын өздүк капиталы (2.3.-пункттун 2.3.1-пунктчасын караңыз). 

СА - валюта тобокелдиктерин хеджирлөө максатында улуттук валютада тартылган каражаттардын суммасынын өлчөмүндө коммерциялык банктарда күрөө катары жайгаштырылган депозиттердин суммасын минуска чыгаруу менен баа берүү күнүнө карата баланстык активдердин суммасы. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы N 36\3 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.4. Бир карыз алуучунун тобокелдигинин максималдуу өлчөмү

5.4.1. Бир карыз алуучунун тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн М3 маанисин 5%тен ашпаган деңгээлде сактап туруу зарыл. 

5.4.2. Бир карыз алуучунун тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн нормативин эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт: 

  

М3 = ЖК / ӨК х 100%, мында 

  

СЗ 

карыз алуучунун кредиттер (мөөнөтүнө карабастан), факторинг жана финансы лизинги боюнча баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы карызы; 

ӨК 

баалоо датасына карата өздүк капитал 

Бул ченем дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган МФКга таркатылбайт. 

Бир карыз алуучунун тобокелдигинин максималдуу өлчөмүнүн нормативин эсептөө учурунда ар кандай карыз алуучулардын ар кандай карыздары бирдиктүү тобокелдик катары каралат, эгерде: 

а) карыз алуучуну башка карыз алуучу контролдосо*; 

б) бир нече карыз алуучуну бир эле жак контролдосо; 

в) бир карыз алуучу карызды кайтарбай коюшу башка карыз алуучунун карызды кайра кайтарбай коюшу жагынан проблемаларга алып келсе; 

г) карызды кайра кайтаруу үчүн бир эле булак анын ичинде карызды тындыруунун экинчи булагы (күрөө менен камсыз кылуу) колдонулса. 

  

5.5. Ликвиддүүлүк 

5.5.1. Ликвиддүүлүк нормативинин М4 маанисин 30%тен кем эмес деңгээлде сактап туруу зарыл. 

5.5.2. Аманаттарды тарткан МФКлар үчүн ликвиддүүлүктүн нормативи төмөнкү формула боюнча аныкталат. 

  

М4 = ЛА / МИ * 100%, мында 

  

ЛА - МФКнын ликвиддүү активдери, алар төмөнкүлөрдү камтыйт: а) накталай акча каражаттарын (касса); б) банктардагы эсептешүүчү жана депозиттик (баалоо учурунан тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө кайра кайтаруу менен) счеттордогу каражаттар; в) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баалуу кагаздары жана Улуттук банктын баалуу кагаздары, булар баалоо учурунан тартып 30 күндүн ичинде акча каражаттарына айландырылышы мүмкүн. 

МИ - МФКнын милдеттенмелери, анын ичинде алар боюнча баалоо учурунан тартып 30 күн ичинде эсептөөлөр түшө турган тартылган аманаттар. 

5.5.3. МФК ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясатын иштеп чыгууга тийиш, ал төмөнкүдөй факторлорду эске алат: 

- ликвиддүүлүккө керектөөгө контролдук кылуу жана мөөнөтү келип жеткен милдеттенмелерди аткаруу үчүн МФКнын активдеринин бери болгондо ар жумадагы өлчөнүшүн жана жетиштүүлүгүнүн мониторингин; 

- Депозиттик базанын структурасын жана туруктуулугун (аманаттарды кайра кайтаруунун мөөнөттөрүн, булактардын топтолушун. проценттик ставкаларды аныктоо саясатын); 

- Рынокто карыз алуу кудуретин; 

- Ликвиддүүлүк кризисинин учурунда пландаштырууну. 

5.6. Аманаттарды кайра кайтаруу боюнча тобокелдикти чектөө нормативи. 

5.6.1. Тартылган аманаттарды кайра кайтаруу боюнча тобокелдикти нормативинин М5 маанисин 100%тен кем эмес деңгээлде кармап туруу зарыл. 

5.6.2. аманаттарды кайра кайтаруу боюнча тобокелдикрйрмативи төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

М5= К / С х 100%, мында 

  

К 

баалоо датасына карата проценттер же негизги сумма боюнча кандайдыр бир мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз орун албаган кредиттер. 

С 

баалоо датасына карата тартылган аманаттардын суммасы. 

5.7. Аффилирленген жактар жана инсайдерлер менен операциялар. 

5.7.1. Депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан МФКлар, инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларды Улуттук Банк Башкармасынын 2012-жылдын 4-июлундагы N 28/8 токтому менен бекитилген "Депозиттерди тартуу менен иш алып барышкан микрофинансылык компаниялардын инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" нускоого ылайык жүзөгө ашырышат. Инсайдерлер менен аффилирленген жактардын МФК алдындагы чогуу алгандагы карызынын өлчөмү катары туюндурулган инсайдерлер жана аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөму, МФКнын өздүк капиталынын 60% ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 24-апрелиндеги N 13/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.7.2. МФКнын кызматчыларына керектөө кредиттерин берүү боюнча операциялар төмөнкү талаптар сакталган шарттарда гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

- кредиттер кызматчылардын эмгек акысы менен же кайра кайтаруу мөөнөтү керектөө кредиттерин төлөө мөөнөтүнөн мурда келбей турган тиешелүү күрөө келишими менен таризделген депозиттер менен бери болгондо 100%ке камсыз кылынууга тийиш; 

- кредиттер, МФКнын кызматчысы болуп саналбаган адамдарга кредиттерди берүү учурунда колдонулган шарттардай жана талаптардай эле шарттарда жана талаптарда (проценттик ставкалар, күрөө менен камсыз кылуу, кредитти камсыз кылуу мөөнөтү) берилүүгө тийиш; 

5.7.3. МФК керектөө кредиттерин берген МФКнын кызматчыларынын чогуу алгандагы карызы МФКнын өз карыздарынын өлчөмүнүн 5%инен ашууга тийиш эмес жана төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

  

КЧК / ӨК х 100% 5%, мында 

  

КЧК 

баалоо датасына карата МФК керектөө кредиттерин берген МФКнын кызматчыларынын чогуу алгандагы карызы. 

ӨК - баалоо датасына карата МФКнын өздүк капиталы. 

5.8. Микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестициялардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.8.1. МФК микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга гана инвестиция жумшоого укуктуу. Мында, МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестициялары Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө" Мыйзамында аныкталган, микрофинансылык уюмдардын иш максаттарына ылайык келүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.8.2. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

5.8.3. МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларынын, карыздык милдеттенмелеринин, лизинг жана факторинг боюнча финансылык салымдарынын, кредиттеринин жана ушундай эле башка финансылык салымдарынын) максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 30% ашпоого тийиш жана ал ушул эрежелердин 2.4-пунктунун 2.4.2-пунктчасына ылайык аныкталат.  

Ушул ченемди эсептөөдө алардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) МФКнын инвестициялары жайгаштырылган микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга берилген кредиттер эсепке алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.9. Мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын өлчөмү

МФКлардын мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестицияларынын жалпы өлчөмү анын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.10. Уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.10.1. МФКлар каражаттарды уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алууга укуктуу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.10.2. МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү МФКнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 100% ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

  

СЗФЛ / СК * 100% 100%, мында: 

  

СЗФЛ - МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы өлчөмү;  

СК - МФКнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы (2.3-пункттун 2.3.1-пунктчасын карагыла). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.11. Уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.11.1. МФК уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан каражаттарды карызга алууга укуктуу.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

5.11.2. МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү МФКнын өздүк капитал өлчөмүнүн 100% ашпоого тийиш жана ал төмөнкү формула боюнча аныкталат:  

 СЗЮЛ / СК * 100% 100%, мында: 

 СЗЮЛ - МФКнын уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын баалоо күнүнө карата чогуу алгандагы өлчөмү;  

СК - МФКнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы (2.3-пункттун 2.3.1-пунктчасын карагыла). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Аманаттарды кабыл алуу боюнча операцияларды жүзөгө ашырган МФКлар экономикалык нормативдерди жана талаптарды аткарышынын жана алардын маалыматтарды Улуттук банкка берүүсүнүн тартиби. 

6.1. Микрофинансы компаниялары экономикалык нормативдерди жана Улуттук банктын талаптарын сактоонун мониторингин бери болгондо жума сайын жүргүзүүгө тийиш. 

6.2. МФКлар үчүн белгиленген экономикалык нормативдерди жана талаптарды сактоону текшерүү ар кандай датадагы абал боюнча КРУБ тарабынан жүргүзүлөт. 

6.3. МФКлар квартал сайын бирок отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Улуттук банкка төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш: 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

а) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

б) Ушул эрежелерге карата Тиркемеге ылайык, төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен "Улуттук банктан лицензия алган МФКлар үчүн экономикалык нормативдердин аткаруу боюнча формасын":  

- башка микрофинансылык уюмдардын, лизинг компанияларынын жана банктардын капиталына (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялардын тизмегин жана өлчөмүн;  

- МФКнын микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестицияларынын (капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) карыздык милдеттенмелерге, лизинг жана факторинг боюнча финансылык салымдарга, кредиттерге жана ушундай эле башка финансылык салымдарга) инвестицияларынын тизмегин жана өлчөмүн;  

- уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражат өлчөмүн, алардын ар биринен алынган каражат өлчөмүн 5.10-пункттун 5.10.2-пунктчасында келтирилген көрсөткүчтү эсептөөнү;  

- уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардын карызга алынган каражаттардын өлчөмүн, алардын ар биринен алынган каражат өлчөмүн 5.11-пункттун 5.11.2-пунктчасында келтирилген көрсөткүчтү эсептөөнү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 26-майындагы N 36\3, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

6.4. "Экономикалык нормативдерди аткаруу боюнча формага" жана финансылык отчеттуулуктун формаларына МФКнын Башкармасынын төрагасы, же биринчи кол коюуга расмий укуктуу башка адам, ошондой эле маалыматтарды даярдоо жана берүү үчүн жооптуу адам кол коюуга тийиш. 

6.5. МФК ушул эрежелердин 2.5-пунктунда аныкталгандай тышкы аудитордун толук отчетун жана жетекчиликке катты Улуттук банкка берүүгө милдеттүү

6.6. Микрофинансы компаниялары экономикалык нормативдерди жана башка талаптарды сактабагандыгынын, алар маалыматтарды бербегендигинин ошондой эле өз учурунда бербегендигинин же такталбаган маалыматты бергендигинин фактылары аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы "Кыргыз Рессынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы микрофинансы уюмдары жөнүндө" Мыйзамдарга жана Улуттук банктын тиешелүү нормативдик актыларына ылайык МФКларга карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. 

6.7. МФКлар өздөрүнүн финансылык отчеттуулугу жалпыга маалымдоо каражаттарына квартал сайын жарыялангандан кийин 5 жумуш күнүнүн ичинде анын көчүрмөсүн Улуттук банкка берүүгө тийиш. 

Эскертүү

Жылдык өткөөл мезгил салымдарды жүзөгө ашырган МФК үчүн белгиленген мааниге жетишүү боюнча алган милдеттенмелерди жана тиешелүү пландарды аткарышына жараша азайтуу же көбөйтүү жагына кайра каралып чыгышы мүмкүн. 

Контролдоо - чечимдерди тике же кыйыр аныктоо же кабыл алынып жаткан чечимдерге таасир этүү кудурети, анын ичинде келишимден (анын ичинде оозеки келишимден) же башка бүтүмдөн улам ушундай кудурети. 

 

7. Микрокредиттик компаниялардын жана микрокредиттик агенттиктердин ишин жөнгө салуу. 

 

7.1. МКК же МКА акционердик коом формасындагы МКК тарабынан чыгарылган акциялардан тышкары, баалуу кагаздарды чыгарууга, ошондой эле финансылык лизинг операцияларын эске албаганда, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 33-беренесинде каралбаган башка банктык операцияларды жүзөгө ашырууга укугу жок. 

7.2. МКК тарабынан бир эле ошол адамга же байланыштуу жактардын тобуна берилүүчү микрокредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү Улуттук банк тарабынан жаңы түзүлгөн МКК үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн 10 пайыздан ашпаган өлчөмдө аныкталууга тийиш. Бул чектөө факторингдик операцияларга да таркатылат. 

7.3. Дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган МКК үчүн бир эле ошол карыз алуучуга же байланыштуу жактардын тобуна берилүүчү микрокредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капитал өлчөмүнүн 20 пайызынан ашпоого тийиш.  

7.4. Дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган микрофинансылык уюмдарды эске албаганда, ушул эрежелердин 7.2-пунктунда белгиленген микрокредиттик компания тарабынан бир эле ошол карыз алуучуга же байланыштуу жактардын тобуна чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүнөн жогору микрокредитти Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесине ылайык, иштеп жаткан бизнести кеңейтүү/өнүктүрүү максатында, анын ичинде кошумча жумуш орундарын түзүү максатында төмөнкү багыттар боюнча берүүгө жол берилет: 

- соода; 

- айыл-чарба (анын ичинде, өсүмдүк өстүрүүнү, мал чарбачылыгын, айыл чарба продукциясын даярдоону жана кайра иштетүүнү кошо алганда); 

- кызмат көрсөтүүлөр; 

- транспорт; 

- жабдууларды жана айыл чарба техникасын финансылык ижарага алуу (лизинг); 

- өнөр жай; 

- курулуш. 

МККлар ушул пунктун биринчи абзацында көрсөтүлгөн микрокредиттердин берүүдө төмөнкү шарттарды аткаруусу зарыл: 

1) МККда микрокаржылоонун максаттары менен милдеттерине ылайык айкын кредиттик продукттарды аныкталган саясатынын жана берилген каржылоонун максаттуу пайдаланылышына андан кийинки мониторинг жүргүзүү тартибинин болушу; 

2) белгиленген шарттар сакталган учурда, мындай микрокредиттин суммасы финансылык ижара (лизинг) боюнча микрокредитти эске албаганда, 1000000 (бир миллион) сомдон ашпоого тийиш; 

3) финансылык ижара (лизинг) боюнча микрокредиттин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү өздүк капиталдын 10 пайызынан ашпоого тийиш; 

4) Кредиттик маалымат бюросунан өтүнүч ээсинин кредиттик таржымалынын, анын ичинде буга чейин алынган, мөөнөтүндө төлөнбөгөн кредиттер боюнча, ошондой эле өтүнүч ээси кандайдыр бир башка кредиттер боюнча кепил болгондугу тууралуу маалыматтардын болушу; 

5) өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган зарыл документтердин (өтүнүч ээсине киреше алып келген активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалымкат, патент, күбөлүк ж.б.) болушу, ошондой эле өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү жүргүзүлүп, ал кредиттик саясатка жана/же МККнын башка ички документтерине ылайык жооптуу кредиттик адистин же кызматкердин корутундусу менен тастыкталууга тийиш; 

6) өтүнүч ээсинин кредит алууга билдирме-анкетасы тапшырылып, анда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолору менен микрокредитти пайдалануу максаттарын көрсөтүлүүгө тийиш; 

7) карыз алуучунун анын чогуу алгандагы кирешесинин кредит боюнча (негизги сумма жана пайыздар боюнча) бир айлык төлөмгө карата катышына барабар болгон карызын жабуучу коэффициенти 130 пайыздан кем болбоого тийиш. 

7.5. МККүчүн төмөнкү ченемдер белгиленсин: 

7.5.1. Юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүнүн ченеми өздүк капиталдын 500 пайыздан ашпаган өлчөмдө

Бул ченем дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барган МККга да таркатылат жана өзүнө төмөнкү ченемдерди камтыйт: 

- уюштуруучулардан (акционерлерден) жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүнүн ченеми өздүк капиталдын 100 пайыздан ашпаган өлчөмдө

- уюштуруучулардан (акционерлерден) юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмүнүн ченеми өздүк капиталдын 100 пайыздан ашпаган өлчөмдө

Уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттар боюнча пайыздык чен Улуттук банктын эсептик ченинин 5 пайыздык пунктка ашпоого тийиш. 

7.6. Дүңүнөн кредиттөө менен иш алып барышкан жана кредиторлордун алдында милдеттемелери бар (анын ичинде ФКМ) МКК үчүн капиталдын шайкештик (жетиштүүлүк) ченеми белгиленсин. 

М2 капиталынын шайкештик (жетиштүүлүк) ченеминин деңгээли кеминде 15% деңгээлде сакталуусу зарыл. 

Капиталынын шайкештик ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

М2 - СК/ СА х 100%, мында: 

СК МККнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы. 

СА - валюта тобокелдиктерин хеджирлөө максатында улуттук валютада тартылган каражаттардын суммасынын өлчөмүндө финансы-кредиттик мекемелерде күрөө катары жайгаштырылган депозиттердин суммасын минуска чыгаруу менен баалоо күнүнө карата баланстык активдердин суммасы. 

7.7. МККнын өздүк капиталын эсептөө (баалоо күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде ишке ашырылсын:  

төлөнгөн уставдык капиталдын (жөнөкөй жана артыкчылыктуу акциялардын наркы же үлүштүк капитал); 

номиналдан үстөк салынган капиталдын (акционердик коомдор үчүн); 

жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капиталдын; 

келечектеги керектөөлөр үчүн каралган камдардын;  

өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайдасынын/чыгымынын;  

өтүп жаткан жыл ичиндеги чыгымдын;  

башка микрофинансылык уюмдардын, лизинг компаниялардын жана банктардын капиталына (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестицияларды минуска чыгаруу менен. 

Мында, капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар дегенден улам, МФУнун, лизинг компанияларынын жана банктардын капиталына айкын салынган каражаттардын калдыгын түшүнүү зарыл.  

7.8. МКА өз каражаттарынын, финансы-кредиттик мекемелерден жана/же эл аралык финансы уюмдарынан карызга алынган каражаттардын эсебинен гана, микрокредиттик агенттиктин катышуучулары тарабынан аныкталуучу коммерциялык эмес уюмдун уставдык максаттарына ылайык, карыз алуучу менен макулдашылган шарттарда жеке жана юридикалык жактарга микрокредиттерди (камсыз кылынган жана камсыз кылынбаган микрокредиттер) улуттук валютада берет. 

7.8.1. Микрокредиттик агенттик тарабынан ошол эле бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна берилген кредиттин жана лизингдин чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү 500 миң сомдон ашпаган өлчөмдө аныкталууга тийиш. 

Мында ошол эле бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна 100 миң сомдон ашпаган өлчөмдө берилген микрокредиттер МКАнын жалпы кредит портфелинин 20 же андан көбүрөөк пайызын түзүүгө тийиш

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги №17/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

7.8.2. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы микрофинансылык уюмдар жөнүндө” мыйзамынын 2-беренесинин максаттарын эске алуу менен МКАнын ошол эле бир карыз алуучуга же байланыштуу адамдар тобуна ушул эрежелердин 7.8.1-пунктчасында белгиленген микрокредиттин максималдуу өлчөмүнөн жогору өлчөмдө берилүүчү микрокредитти жана лизингди төмөнкү максаттарга МКАнын өздүк капиталынын (капиталдын баланстык наркы) 2 пайызынан ашпаган өлчөмдө сунуштоого жол берилет: 

а) бизнести (ишкердик ишин уюштуруу үчүн негизги жана жүгүртүү каражаттарын сатып алуу) же жаңы ишкердик багытын түзүү

б) төмөнкү маселелердин бири аткарылган учурда, иштеп жаткан бизнести/ишкердикти кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө

- технологияны жаңыртууга багытталган жаңы технологияларды ишке киргизүү, инновациялык жабдууларды жана техниканы ишке киргизүү

- бизнес-процесстерди автоматташтыруу; 

- кошумча жумуш орундарын түзүү

- өндүрүштүн масштабын кеңейтүү

Ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн микрокредиттерди жана лизингдерди берүүдө микрокредиттик агенттик төмөнкү шарттарды аткарууга тийиш: 

1) микрокредиттик агенттикте продукттун белгилүү бир түрүн жана сунушталып жаткан каржылоонун максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү тартибин аныктоо менен микрокаржылоо максаттарына жана милдеттерине ылайык иштелип чыккан каржылоо саясатынын болушу;  

2) Кредиттик маалымат бюросунан өтүнүч ээсинин кредиттик таржымалы, анын ичинде өтүнүч ээси тарабынан буга чейин алынган, бирок мөөнөтүндө төлөнбөгөн, ошондой эле өтүнүч ээсинин кайсы бир башка кредиттер боюнча кепилдик берүүчү катары катышкандыгы же катышпагандыгы тууралуу маалыматтын болушу;  

3) өтүнүч ээсинин төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган документтин болушу (өтүнүч ээсинин киреше алып келүүчү активдерге ээлик кылуу укугу, иштеген жеринен эмгек акысы тууралуу маалымкат, патент, күбөлүк ж.б), ошондой эле өтүнүч ээсинин төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө баа берилип, ал микрокредиттик агенттиктин кредиттик саясатына жана/же башка ички документтерине ылайык, жооптуу кредит менен иш алып барган адисинин же кызматкеринин корутундусу менен тастыкталышы зарыл; 

4) өтүнүч ээси кредит алууга бизнес-планды сунуштоого тийиш, бул бизнес-планда тиешелүү эсептөөлөр жана болжолдоолор менен бирге кредитти пайдалануу максаттары көрсөтүлүүгө тийиш.  

Мында, МКАнын кредит портфелинде жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин үлүшү 70 же андан көп пайызды ээлесе, анда 7.8.1-пунктта көрсөтүлгөн чектөөлөр бул МКАга таркатылбайт.  

Эгерде МКАнын кредит портфелинде жогоруда көрсөтүлгөн кредиттердин үлүшү 70 пайыздан азды түзсө, 100 миң сомго чейинки өлчөмдөгү микрокредиттер МКАнын жалпы кредит портфелинин 20 же андан көбүрөөк пайызын түзүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги №17/2, 2016-жылдын 15-июнундагы №25/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

7.9. МКК/МКА иш кагаздарын мамлекеттик жана/же расмий тилде жүргүзүүгө тийиш. Бардык ички документтер, анын ичинде контрагенттер менен түзүлгөн келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды мамлекеттик же расмий тилде тариздетүү зарыл. Мында, контрагенттер менен мамлекеттик тилде жана/же расмий жана чет тилинде түзүлгөн бирдей юридикалык күчкө ээ болгон келишимдерди тариздетүүгө жол берилет. Келишимдерди чет тилинде тариздетүү белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилиндеги котормосу болгон шартта гана жол берилет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

  

  

Тиркеме 

Улуттук банктан лицензия алган МФКлар үчүн эканомикалык нормативдердин аткаруу боюнча форма 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/4, 2011-жылдын 31-октябрындагы N 62/4, 2013-жылдын 23-октябрындагы N 39/4, 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/2 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Экономикалык нормативдердин аталышы 

Белгилөө 

Нормативдин эсеби 

Нормативдин иш жүзүндөгү мааниси 

Нормативдин белгиленген мааниси 

Белгиленген нормативден четтөө 

Өздүк капиталдын минималдуу өлчөмү 

М1 

ЭК/УК*100%

  

кеминде 100% 

  

Капиталдын адекваттуулугунун нормативи 

М2 

ӨК/АС*100% 

  

кеминде 8% 

  

Бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

М3 

ЖК/ӨК*100% 

  

5%тен ашпайт 

  

Ликвиддүүлүк нормативи 

М4 

ЛН/ОБ*100%

  

кеминде 30% 

  

Аманаттарды кайра кайтаруу боюнча тобокелдикти чектөөнүн нормативи 

М5 

К/В*100%

  

кеминде 100% 

  

МФК керектөө кредттерин берген МФКнын кызматчыларынын чогуу алгандагы карызы 

  

КЖК/ӨК*100% 

  

5%тен ашпайт 

  

Микрофинансылык уюмдарга(1), лизинг компанияларына жана банктарга инвестициялардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

  

ЖИ/ӨК*100% 

  

30% ашпайт 

  

Мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын жалпы өлчөмү 

  

СИ/СК*100%

  

50% ашпаган өлчөмдө 

  

Аффилирленген жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

  

СЗА/СК*100%

  

60% ашпаган чекте 

  

Уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

 

СЗФЛ/СК*100%

 

100% ашпаган чекте 

 

Уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү 

 

СЗЮЛ/СК*100%

 

100% ашпаган чекте 

 

Юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы максималдуу өлчөмү 

 

СЗ/СК*100% 

 

500% ашпаган чекте 

 

  

КЖК 

кызматчылардын МФКга чогуу алгандагы карызы; 

СИ 

микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга чогуу алгандагы инвестициялар; 

ЖИ 

микрофинансы уюмдарына же банктарына чогуу алгандагы инвестициялар 

СЗ - юридикалык жактардан жана уюштуруучулардан (акционерлерден) карызга алынган каражаттардын чогуу алгандагы өлчөмү

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 20-январындагы №4/6 токтомунун редакциясына ылайык) 

(1) МФУ - микрофинансылык уюм