Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2014-жылдын 24-сентябрындагы 

№ 42/8 токтомуна карата 

тиркеме 

“Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдар тарабынан активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө” жобо 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 15-апрелиндагы N22/7, 2015-жылдын 2-ноябрындагы №65/1 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул жобо "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", ''Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" жана "Микрокаржылоо уюмдары жөнүндө" мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан. 

2. Жободо, акча каражаттарын тартуу укугу каралган лицензияга ээ эмес, өз ишин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) күбөлүгүнүн/лицензиясынын негизинде ислам каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган микрокаржылоо уюмдары үчүн активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камдар системасынын жалпы принциптери аныкталат. 

3. Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун өз учурунда жабуу үчүн, ошондой эле реалдуу финансылык абалды жана иштин эффективдүүлүгүн аныктоо максатында, микрокаржылоо уюмдары туруктуу негизде, бул жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн активдердин сапатына баа берүүнү жүргүзүүгө (классификациялоого), ошондой эле тиешелүү РППУну активдер боюнча мүмкүн болуучу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабуу үчүн жетиштүү деңгээлде түзүүгө милдеттүү

4. РППУ активдердин наркы төмөндөгөн учурда, башкача айтканда МФУнун кардары/өнөктөшү/сунуштоочусу (мындан ары - кардар) келишимде каралган шарттарда активдер боюнча милдеттенмелерин аткарбагандыгынан же талаптагыдай аткарбагандыгынан улам алардын наркы төмөндөгөн шартта же болбосо мындай милдеттенмелерди аткарбоонун (талаптагыдай аткарбоонун) айкын коркунучтары орун алган учурда түзүлөт. 

Актив наркынын төмөндөө чоңдугу, активдин сапатына баа берүү учурунда активдин баланстык наркы (актив боюнча карыз калдыгы) жана ушул жободо каралган ченемдерге ылайык ишке ашырылган баа берүү учурунда анын айкын (күндөлүк) наркы ортосундагы ажырым катары аныкталат. 

5. Микрокаржылоо уюмдары, ушул жободо белгиленген РППУну түзүүгө чегерүүлөрдүн маанисин бузбастан, активдерди классификациялоонун ички системасын иштеп чыгышы мүмкүн. 

2. Ушул жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр 

6. Кредиттик тобокелдик - бул кардар өз милдеттерин келишимдин шарттарына ылайык аткарбагандыгынан же тиешелүү эмес негизде аткаргандыгынан улам, микрокаржылоо уюмунун активдеринин наркынын төмөндөшүнүн натыйжасында жоготууларга дуушар болуу тобокелдиги. 

7. Реструктуризацияланган активдер - кардардын финансылык абалынын начарлоосунан улам микрокаржылоо уюму ага мындай активдер боюнча жеңилдик берет жана келишим шарттарынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу, ал менен келишимди кайра түзөт. 

8. Топтук каржылоо - киреше алууга багытталган ишкердик менен алектенген (анын ичинде ишкердик иши), биргелешип жоопкерчилик тартышкан топтун мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги астында каржылоону сунуштоо. Мында, биргелешип жоопкерчилик тартышкан топтун мүчөлөрү бул топтун ар бир мүчөсүнүн милдеттенмесинин аткарылышына чогуу кепилдик беришет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, микрокаржылоо уюмдарынын алдында жоопкерчилик тартышат. Топтук каржылоону классификациялоо, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы № 5/6 токтому менен бекитилген, белгилүү бир критерийлерге жооп берген кредиттердин атайын классификациясын колдонуунун Тартибине ылайык жүзөгө ашырылат. 

9. Жеке каржылоо - бул, каржылоону кардардын (жеке адамдын же юридикалык жактын) жеке жоопкерчилиги астында сунуштоо. 

10. Микрокаржылоо уюмунун баалуу кагаздарга жана/же капиталга инвестициялары - микрокаржылоо уюмунун ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча чыгарылуучу баалуу кагаздарга салымдары жана/же акцияларды сатып алуулары же болбосо алардын максаты жана иши Шариат стандарттарына ылайык келген компаниялардын капиталына финансылык салымдары. 

Микрокаржылоо уюмунун каражаттарды башка компаниялардын жүгүртүү каражаттарына салымы жана биргелешкен долбоорлордо катышуусу, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер катары эсептелинет. 

3. Активдерди классификациялоо боюнча жалпы талаптар 

11. Активдерди классификациялоо, микрокаржылоо уюмунун кардарынын финансылык абалына, күрөөнүн сапатына, менчик формасы боюнча кардардын түрүнө, тармактык тиешелүүлүгүнө, активдер боюнча гарантиянын бардыгына жана анын түрлөрүнө, ошондой эле гаранттардын ишенимдүүлүгүнө, банктардын активдери боюнча мурда берилген милдеттенмелердин аткарылышына баа берүүсүнө, кардардын ишинин андан ары өнүгүү келечегине жана башка факторлорго талдап-иликтөөлөрдүн негизинде жүзөгө ашырылат. 

12. Активдерди классификациялоо ишин жүзөгө ашырууда, активди классификациялоонун тигил же бул категориясына киргизүү үчүн ушул жободо каралган жоболор менен гана чектелбестен, жөндүү пикирге жана түшүнүктөргө таянуу зарыл. 

13. Микрокаржылоо уюму, кредиттик тобокелдикке дуушар болгон активдер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун өз убагында жабуу максатында, активдерди классификациялоону жана РППУну түзүүнү жүзөгө ашырат. 

14. Өзүндө кредиттик тобокелдиктерди камтыган микрокаржылоо уюмунун активдери төмөнкүлөрдү камтыйт: 

- ислам принциптери боюнча каржылоо; 

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык финансылык лизингдер; 

- факторинг; 

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык чыгарылуучу баалуу кагаздарга жана/же компаниянын капиталына инвестициялар (инвестицияланып жаткан компаниянын капиталына акциялар, финансылык катышуу формасында); 

- кредиттик тобокелдикке дуушар болгон башка активдер. 

15. Микрокаржылоо уюму классификациялоону башка менчикке, тактап айтканда каржылоонун ордун жабууга кабыл алынган менчикке (мүлккө) карата өткөрөт жана тиешелүү РППУну түзөт. 

16. Классификациялоо категорияларынын аныктамаларын ар башкача чечмелөө мүмкүнчүлүгүнө жол бербөө үчүн активдердин сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү киргизилет. Эки жана андан көп белгилердин жыйындысы классификациялоо категориясын аныктайт. 

17. Активдерди классификациялоо төмөнкүлөрдү эске алуу менен алдын ала жүргүзүлгөн талдап-иликтөөнүн негизинде жүзөгө ашырылат: 

1) активдин абалына сандык мүнөздөмөлөр, анын ичинде: 

- негизги сумма жана/же кошумча баа/киреше боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн пландык төлөмдөрдүн болушу; 

- негизги сумма жана/же кошумча баа/киреше боюнча пландык төлөмдөрдү толук эмес (жарым-жартылай) төлөө учурлары; 

2) активдин абалына сапаттык мүнөздөмөлөр, анын ичинде: 

- кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгү, башкача айтканда, кардардын кошумча баа/киреше боюнча сыяктуу эле, негизги сумма боюнча да пландык төлөмдөрдү өз убагында төлөө мүмкүнчүлүгү

- күрөөнүн абалы жана наркы; 

- башка киреше алуу булагынын болушу (үй-бүлө мүчөлөрүнүн кирешелери, ишкердиктин башка түрлөрүнөн алынган киреше ж.б.); 

- эгерде кардардын башка финансы-кредит мекемелери алдында милдеттенмелери боюнча орду жабылбаган карызы болсо, кардар тарабынан келишимдин кайсыл болбосун башка активи боюнча шарттардын сакталышы. Ушуга байланыштуу, билдирмени кароо учурунда кардардын өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдеринин жана башка финансы-кредит мекемелерде башка активдеринин болушун кредиттик-маалыматтык бюро аркылуу кардардан алынган маалыматтарды же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде башка ыкмаларда алынган маалыматтарды пайдалануу менен тактап туруу зарыл. Андан ары, каржылоо келишиминин мөөнөтү өтө элек активге мониторинг жүргүзүү процессинде кардардан жана башка финансы-кредит мекемелеринен алынган, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдер тууралуу маалыматтарды, ошондой эле ошол активдер боюнча келишим шарттарынын сакталышына тиешелүү маалыматтарды эске алуу зарыл. Каржылоо келишиминде, келишим колдонулган мезгил ичинде тиешелүү маалыматтарды жарым жылда кеминде бир жолу кардардын берип туруу милдети каралууга тийиш. Мында бардык финансы-кредит мекемелери кардардын талабы боюнча 3 (үч) жумуш күнү ичинде өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди алгандыгы жана келишим шарттарын так сактоосу жөнүндө маалыматты башка финансы-кредит мекемесине берүүсү үчүн сунуштоого милдеттүү

18. Эгерде классификациялануучу актив активдерди классификациялоонун эки категориясы ортосундагы аралык абалды ээлеген болсо, анда мындай активди классификациялоонун эң эле төмөн категориясына киргизүү зарыл. 

19. Бир эле кардарга сунушталган бир нече активдерди классификациялоону жүргүзүүдө микрокаржылоо уюму мындай активдердин классификациясын эске алууга жана аларды ошол активдер боюнча жүргүзгөн классификациялоо категорияларынын эң алгылыксызы боюнча классификациялоого тийиш. 

20. Тиешелүү келишимдерде чагылдырылган микрокаржылоо уюму менен анын кардарлары ортосундагы келишимдик мамилелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жана Шариат стандарттарынын талаптарын бузууга жол бербестен жүзөгө ашырылууга тийиш. 

4. Активдерди классификациялоо 

21. Активдерди классификациялоо жана РППУну түзүү максатында, активдердин төмөнкү категориялары белгиленет: 

1) нормалдуу активдер; 

2) байкоого алынган активдер: 

3) субстандарттык активдер; 

4) шектүү активдер; 

5) жоготуулар. 

22. Эгерде, кошумча баа/киреше жана/же негизги сумма боюнча пландык төлөмдөр мөөнөтүнөн өткөрүлүп жиберилбесе же мөөнөтүнөн өткөрүү 30 күндөн ашпаса активдер нормалдуу катары эсептелет. 

Микрокаржылоо уюму төмөнкү белгилер орун алган шартта активди нормалдуу актив катары классификациялоого тийиш: 

- кардардын финансылык абалы канааттандыраарлык, туруктуу киреше булактары болсо; 

- кардардын кредиттик таржымалы алгылыктуу болсо; 

- кардардын ишканасы туруктуу, жакшы капиталдаштырылган болуп саналса; 

- микрокаржылоо уюму менен келишим шарттар өз убагында аткарылып келсе; 

- келишимде аныкталган бүтүндөй суммага ликвиддүү күрөө менен каржылоо келишиминин аткарылышынын камсыздалышы; 

- жеке каржылоодо каржылоонун негизги суммасы жана кошумча баа боюнча карыз күрөө менен толук камсыздалат, ал суроо-талапка ээ жана кыска аралык ичинде жана алгылыктуу баа боюнча сатып өткөрүлүшү мүмкүн же болбосо ишенимдүү гаранттын кепилдиги бар. 

23. Белгилүү бир терс тенденцияга ээ активдер байкоого алынган активдер деп саналат, эгерде мындай активдерге карата тиешелүү чаралар колдонулбаса, алардын сапаты начарлашы мүмкүн. 

Микрокаржылоо уюму активди төмөнкү белгилердин бир орун алган шартта, байкоого алынган актив катары классификациялоого тийиш: 

- кардардын финансылык абалынын начарлоо тенденциясы орун алса; 

- кардардын микрокаржылоо уюму менен түзүлгөн келишим шарттарынын аткарылышына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон рыноктук шарттар өзгөрсө

- кардар тарабынан келишим шарттарын аткаруу графиги 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузууга жол берилсе; 

- пландык төлөмдөрдүн графиги 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузууга жол берилсе; 

- келишимге ылайык, товарларды сунуштоо мөөнөтүнүн 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузууга жол берилсе; 

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдар графигинин 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса; 

- үчүнчү жактар тарабынан келишимди аткаруу мөөнөтүнүн 30 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса; 

- алар боюнча документтердин жетишсиз болушунан же болбосо ага баа берүү боюнча тиешелүү эксперттердин жоктугунан, микрокаржылоо уюму үчүн күрөө боюнча мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү жок болсо; 

- күрөө ликвиддүүлүгүнүн төмөндөө ыктымалдыгы болсо (баалардын төмөндөшү, валюталар курсунун түшүшү); 

- кардар-жеке адамдын, анын ичинде жеке ишкердин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча каржыланган активдерди эске албаганда башка финансы-кредит мекемелеринде кайсы болбосун башка актив боюнча орду жабылбаган карызы болсо.  

Эскертүү: бул абзацта белгиленген талап эмгек акы долбоорунун алкагында овердрафтка таркатылбайт; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча берилген активдерди эске албаганда, кардар-жеке адамдын, анын ичинде жеке ишкердин карызынын, анын жубайынын, ата-энесинин жана балдарынын ошол микрокаржылоо уюмунда жана/же башка финансы-кредит мекемесиндеги карыздарынын ордун бирдиктүү киреше булагынын эсебинен жабуу. Бул жерде бир гана төлөө булагы дегенден улам, актив берүү чечимин кабыл алууда финансы-кредит мекемеси тарабынан ошол адамдардын чогуу алгандагы кирешесин, анын ичинде ишкердиктен алган кирешесин түшүнүү зарыл. 

Эскертүү: бул абзацта көрсөтүлгөн белги эмгек акы долбоорлорунун алкагындагы овердрафттарга таркатылбайт. 

24. Белгилүү бир терс тенденциялар байкалган активдер субстандарттык активдер катары саналат, алар микрокаржылоо уюму РППУну кошумчалап түзүүгө жана/же активдин сапатын жакшыртууга багытталган тиешелүү чараларды көрүүгө тийиш экендигин көрсөтөт. 

Микрокаржылоо уюму активди төмөнкү белгилердин бири орун алган шартта субстандарттык актив катары классификациялоого тийиш: 

- кардар тарабынан келишимдин шарттарын аткаруу графиги 31 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса; 

- пландык төлөмдөрдүн графиги 31 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса; 

- келишимге ылайык, товарларды сунуштоо мөөнөттөрү 31 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөткө бузууга жол берилсе; 

- долбоорду жүзөгө ашыруу, келип түшкөн финансылык агымдар графигин 31 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөткө бузууга жол берилсе; 

- келишимди үчүнчү жактар тарабынан аткаруу мөөнөтү 31 күндөн 90 күнгө чейинки мөөнөткө бузууга жол берилсе; 

- кардардын финансылык абалы тууралуу такталган терс маалыматтар болсо; 

- эгерде актив күрөө менен толук камсыздалбаса же күрөө сапатынын начарлоосу байкалса, же болбосо күрөө баасы төмөндөсө

- активди баштапкы реструктуризациялоо белгиси болсо; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн максаттуу мамлекеттик программалары боюнча каржылоого алынган активдерди эске албаганда, кардар-жеке адам же жеке ишкердин ошол микрокаржылоо уюмунда жана/же башка финансы-кредит мекемесинде өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган кайсы болбосун башка актив боюнча келишим шарттарын 30 күндөн ашык убакыт аткарбай койсо. 

Эскертүү: ушул абзацта көрсөтүлгөн белги эмгек акы долбоорлорунун алкагындагы овердрафттарга таркатылбайт; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик максаттуу программалары боюнча каржыланган активдерди эске албаганда, кардар-жеке адамдын же жеке ишкердин жубайы, ата-энеси жана балдары ошол микрокаржылоо уюмунан жана/же башка финансы-кредит мекемесинен алган, бир гана төлөө булагына ээ болгон активдер боюнча келишим шарттарын 30 күндөн ашык убакыт аткарбай койсо. Бул жерде активдердин бир эле төлөө булагы дегенден улам, финансы-кредит мекемеси активдерди берүү чечимин кабыл алууда эске алган, ишкердиктен түшкөн кирешени кошо алганда, жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын чогуу алгандагы кирешесин түшүнүү зарыл. 

Эскертүү: бул абзацта көрсөтүлгөн белги эмгек акы долбоорлорунун алкагында овердрафттарга таркатылбайт. 

25. Шектүү активдерге кардар тарабынан келишим менен каралган милдеттенмелердин аткарылбай калышы тобокелдигин камтыган белгилүү бир жетишсиздиктер (жетишсиздик) же алгылыксыз жактар мүнөздүү, ага байланыштуу карыздын ордун жабуу ыктымалдыгы шектүү жана аз мүмкүнчүлүктүү болуп калат. Эгерде жетишсиздиктер жоюлбаса, анда микрокаржылоо уюму олуттуу жоготууларга дуушар болушу ыктымалдуулугу бар. 

Микрокаржылоо уюму активди төмөнкү белгилердин бири орун алган шартта шектүү актив катары классификациялоого тийиш: 

- кардар тарабынан келишим шарттарын аткаруу графиги 91 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса; 

- пландык төлөмдөр графиги 91 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса; 

- келишимге ылайык, товарларды сунуштоо мөөнөттөрү 91 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса; 

- долбоорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдар графиги 91 күндө 180 күнгө чейинки мөөнөткө бузулса; 

- үчүнчү тараптар тарабынан келишимди аткаруу мөөнөттөрү 91 күндөн 180 күнгө чейинки мөөнөттө бузулса; 

- кардардын финансылык абалы тууралуу такталган терс маалыматтар болсо; 

- микрокаржылоо уюму менен макулдашылган, бизнес-планда каралбаган кардардын чыгым алып келген ишкердиги; 

- микрокаржылоо уюму менен кардар ортосунда келишимде көрсөтүлгөн сунуштоо мөөнөттөрүнө ылайык долбоордун жүзөгө ашырылышы жана бизнес-пландын аткарылышы жөнүндө маалыматтын жоктугу; 

- долбоордун жүзөгө ашырылышына тиешелүү негизде мониторинг жүргүзүү, анын ичинде каржылоо объекттерине баруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу; 

- кардардын финансылык абалынын олуттуу начарлоосу (же кардар банкрот абалына дуушар болуу мүмкүндүгү болсо); 

- эки жолу реструктуризацияланган активдердин болушу; 

- күрөөлүк жана/же кепилдик камсыздоонун кыйла начарлоосу (же иш жүзүндө колдо болбошу) жана кардардын кошумча күрөөлүк же кепилдик камсыздоону сунуштоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу; 

- кардардын төлөө жөндөмдүүлүгүнүн жана материалдык абалынын кыйла начарлоосу, мында, ал микрокаржылоо уюмунун активдерин кайтарып берүү боюнча милдеттенмени аткара албастыгы. 

26. Микрокаржылоо уюму активди төмөнкү белгилердин бири орун алган шартта активди жоготуу катары классификациялоого тийиш: 

- кардар тарабынан келишим шарттарын аткаруу графиги 180 күн жана андан ашык мөөнөткө бузулса; 

- пландык төлөмдөрдүн графиги 180 күн жана андан ашык мөөнөткө бузулса; 

- келишимге ылайык, товарларды берүү мөөнөттөрү 180 күн жана андан ашык мөөнөткө бузулса; 

- долбоорлорду жүзөгө ашыруу, финансылык агымдар графиги 180 күн жана андан ашык мөөнөткө бузууга жол берилсе; 

- контракты аткаруу мөөнөттөрү үчүнчү жак тарабынан 180 күн жана андан ашык мөөнөткө бузууга жол берилсе; 

- микрокаржылоо уюму катышкан долбоор келишимге ылайык жүзөгө ашырылган эмес болсо; 

- күрөөлүк камсыздоонун жоктугу же сатып өткөрүү рыногунун жөнгө салынбагандыгынан күрөөнү сатуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу; 

- кардардын микрокаржылоо уюму менен түзүлгөн келишим шарттарын аткаруу жөндөмсүздүгү, андан баш тартышы; 

- кардардын микрокаржылоо уюму менен кызматташууга ниети жок болсо же кардар өзү жок болсо; 

- кардардын банкрот болушу. 

27. Актив жоготуу катары классификацияланган активдер категориясына киргизилгенден кийин микрокаржылоо уюму, активдин негизги суммасын жана ал боюнча кошумча сумманы/кирешелерди сот органдарына кайрылууну кошо алганда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайтарылышын камсыз кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө тийиш. Эгерде бардык көрүлгөн чаралар ушул активдин кайтарылышын камсыз кылбаса, анда ал 5 жылдан кем эмес системадан тышкаркы эсептерде эске алынат. Активдер кайтарылып алынган учурда, карыздын ордун жабуу тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

5. Микрокаржылоо уюмунун активдерин классификациялоо өзгөчөлүктөрү 

28. Микрокаржылоо уюмунун менчигинде турган башка мүлктү классификациялоо. 

Микрокаржылоо уюмунун менчигинде турган башка мүлктү, тактап айтканда, каржылоону же өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдердин ордун жабууда кабыл алынган менчик (мүлк), алгач баланста таанылгандан кийин эң аз дегенде, субстандарттык катары классификацияланат. 

29. Эгерде ал микрокаржылоо уюмдар тарабынан төмөнкү мөөнөттөр өткөндөн кийин да сатылбаган болсо, башка менчик жоготуу катары классификацияланат: 

1) кыймылдуу мүлк үчүн - бир жыл; 

2) кыймылсыз мүлк үчүн - менчик укугу келип чыккан учурдан тартып эки жыл. 

30. Микрокаржылоо уюмунун инвестицияларын классификациялоо. 

Микрокаржылоо уюму өз инвестицияларынын сапатына жана алардын классификациясына баа берүү ишин төмөнкү факторлорду эске алуу менен жүргүзөт, атап айтканда: 

- рыноктогу абал жана микрокаржылоо уюмунун каражаттары инвестицияланган уюмдардын финансылык абалы; 

- инвестициялоо мөөнөттөрү жана көлөмдөрү

- инвестицияланган каражаттарды кайтаруу мүмкүнчүлүгү

- инвестициялар боюнча кирешелүүлүк; 

- микрокаржылоо уюмунун каражаттары инвестицияланган уюмдар микрокаржылоо уюму алдында кандай болбосун башка активдер боюнча милдеттенмелерине ээ болсо жана алар классификациялоонун кайсы категориясына киргизилген. 

31. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуттук банкынын баалуу кагаздарына инвестициялар классификацияланбайт жана алар боюнча РППУ түзүлбөйт. 

32. Микрокаржылоо уюмунун реструктуризацияланган активдерин классификациялоо. 

Микрокаржылоо уюму реструктуризацияланган активдерди реструктуризациялоо себептерине жараша классификациялоого тийиш, мында активдердин классификациялоо категориясы субстандарттык активдерге караганда жогору болбоого тийиш, 

6. РППУну түзүү 

33. Микрокаржылоо уюму РППУнун шайкештигине баа берүүнү ай сайын, активдердин сапатына берилген баа боюнча сунушталган жыйынтыктардын негизинде жүргүзөт. 

34. Микрокаржылоо уюму РППУну алган кирешелеринен көз карандысыз, чыгашалардын эсебинен түзөт, мында ал чегерүүлөрдү микрокаржылоо уюмунун активдеринин сапатына күндөлүк тиешелүү баа берүү деңгээлинде колдоо үчүн жетиштүү суммада "Потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камды түзүү боюнча чыгашалар" активдүү баланстык эсеби аркылуу жүргүзөт. 

35. Улуттук банк, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жайгаштырылган активдер боюнча РППУга чегерүүлөрдү төмөнкү өлчөмдө белгилейт: 

1) жалпы камдар: 

- нормалдуу - 0-5%; 

- байкоого алынган активдер -10%; 

2) атайын камдар: 

- субстандарттык - 25%; 

- шектүү - 50%; 

- жоготуулар - 100%. 

36. Активдердин классификацияланышына ылайык, өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган ар бир актив боюнча РППУнун талап кылынган өлчөмүн эсептөө чегерүүлөрдүн тиешелүү ченемине ылайык жүргүзүлөт. Ар бир каржылоо боюнча камдарга талап кылынган чегерүүлөр суммаланат жана РППУнун отчеттук мезгилдин акырына карата жыйынтык өлчөмү аныкталат. РППУнун шайкештүүлүгүн аныктоо үчүн камдын эсептелген өлчөмү камдын мурдагы классификациялоодо аныкталган өлчөмү менен салыштырылат. Эгерде теңдем боюнча РППУнун өлчөмү анын жыйынтык өлчөмүнө караганда аз болсо, микрокаржылоо уюму камды отчеттук мезгилдин акырына карата эсептелген өлчөмүнө ылайык келтирүү үчүн РППУга кошумча чегерүүлөрдү жүргүзүүсү зарыл. Эгерде теңдем боюнча иш жүзүндө түптөлгөн камдын суммасы РППУнун эсептелген суммасынан көп же ага барабар болсо РППУга кошумча чегерүүлөр жүргүзүлбөйт. 

37. Теңдем боюнча РППУнун суммасы отчеттук мезгилдин (айдын) акырына жыйынтыгында талап кылынган өлчөмдөн жогору болсо, алар РППУну түзүү боюнча чыгашаларды азайтууга багытталышы мүмкүн. 

38. РППУнун микрокаржылоо уюмунун активдеринин учурдагы абалына шайкештүүлүгүн дайыма текшерүү иши микрокаржылоо уюмунун ички аудитору (ички аудит кызматы) тарабынан жүзөгө ашырылат, анын милдети аныкталган кемчиликтер тууралуу микрокаржылоо уюмунун жетекчилигине өз убагында маалымдоо саналат. 

39. Микрокаржылоо уюму активдерге баа берүүнүн кыйла консервативдүү ыкмасын тандоого укуктуу. Ушул максаттарда микрокаржылоо уюму, ушул жобонун талаптарын бузбаган кредиттик тобокелдиктердин шайкештүүлүгүнө баа берүүнүн ички жол-жоболорун иштеп чыгышы мүмкүн.