Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде  

2000-жылдын 15-декабрында 201 номеринде каттоодон өткөртүлгөн 

   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 

2000-жылдын 30-ноябрындагы №42/1 

токтому менен бекитилген  

 

   

Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө  

жобо 

(Өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 13-июнунда №30/8 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 13-июлунда 71-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн; Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 17-сентябрында №35/1 токтому менен бекитилген, Юстиция министрлигинде 2008-жылдын 14-октябрында 127-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн; Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрында №41/3, 2012-жылдын 25-апрелиндеги №18/9, 2012-жылдын 4-июлундагы №28/9, 2012-жылдын 16-ноябрындагы №43/1, 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8, 2014-жылдын 29-январындагы №2/15, 2014-жылдын 27-ноябрындагы  

№ 53/8 токтомдору менен бекитилген) 

   

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) бул жобо аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган ыйгарым укуктуу банктардын, алардын алмашуу пункттарынын жана алмашуу бюролорунун нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын Кыргыз Республикасынын “Чет өлкө валютасындагы операциялар тууралуу” мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик актыларына ылайык жүзөгө ашыруу тартибин белгилейт.  

Жобо, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” мыйзамда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылат.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы №43/1 токтомунун редакциясында). 

 

I. Жалпы жоболор  

  1.1. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугу каралган лицензияга ээ юридикалык жак өздүк каражаттарынын эсебинен (жарыяланган жүгүртүү каражаттарынын чегинде) өз атынан, чектөөлөрсүз нак чет өлкө валютасын гана жана Кыргыз Республикасынын нак улуттук валютасын (сом) гана сатууга жана сатып алууга укуктуу (Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында).  

1.2. Нак эмес эсептешүүлөр боюнча нак жана нак эмес чет өлкө валютасын сатуу, сатып алуу, жол чектерин төлөө жана чет өлкө валютасындагы төлөмдөр, Улуттук банктын тиешелүү лицензиясына ээ ыйгарым укуктуу банктар тарабынан гана жүргүзүлөт. 

1.3. Бул жободо төмөнкү терминдер пайдаланылат: 

"Ыйгарым укуктуу банк" бул, Улуттук банктын операцияларды чет өлкө валютасында жүргүзүү укугу каралган лицензиясына ээ банк.  

"Алмашуу пункту" Улуттук банктын лицензиясына ылайык, ыйгарым укуктуу банктар, адистештирилген финансы-кредит мекемелери жана кредиттик союздар тарабынан нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операциялары жүзөгө ашырылуучу атайы жабдылган жай.  

 "Алмашуу бюросу" Улуттук банктын лицензиясына ылайык, юридикалык жак нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруу үчүн каралган атайы жабдылган пункт. 

Микрофинансылык компания акционердик коом формасында түзүлгөн адистештирилген финансы-кредит мекемеси, ал Улуттук банктын лицензиясына ээ, ошондой эле юридикалык жактарды жана жеке адамдарды микрокредиттөөнү, операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде ушул мыйзамда каралган жеке адамдардан жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартуу операцияларын жүзөгө ашырат.  

Микрокредиттик компания бул Улуттук банктын күбөлүгүнө ээ, коммерциялык уюмдун кандай болбосун уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн адистештирилген финансы-кредит мекемеси, ал жеке адамдарды жана юридикалык жактарды микрокредиттөөнү жана ушул мыйзамда каралган операциялардын башка түрлөрүн ишке ашырат.  

Кредиттик союз бул, өз катышуучуларынын жыйымдарын топтоо аркылуу аларды катышуучулар ортосунда өз ара кредиттөөдө пайдалануу, ошондой эле башка финансылык кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, өз катышуучуларына (мүчөлөрүнө) колдоо көрсөтүү максатында, кооператив формасында түзүлгөн финансы-кредит уюму.  

"Резиденттер" - бул:  

1) Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган, анын ичинде чет өлкөдө убактылуу жашаган жеке адамдар. Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жеке адамдар тиешелүү органдарга иммиграция тууралуу билдирме сунушташкандан кийин, резидент болуп саналышат; 

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, Кыргыз Республикасында жайгашкан юридикалык жактар; 

3) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө жайгашкан дипломатиялык жана башка расмий өкүлчүлүктөрү

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн, Кыргыз Республикасында жайгашкан чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү

5) Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө жайгашкан юридикалык жактарынын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү.  

"Резидент эместер" бул резидент болуп саналышпаган жактар.  

Шектүү операция (бүтүм)  бул, акча каражаттары же башка мүлк менен ишке ашырылган операция (бүтүм), алар так экономикалык же айкын мыйзамдуу максаттарга ээ эмес жана Кыргыз Республикасынын “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга ылайык терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген шектүү операциялар белгилеринин тизмегине ылайык, шектүү операциялар (бүтүмдөр) белгилерине кирген юридикалык жактын же жеке адамдын (адамдардын) ишкердигине мүнөздүү эмес. 

Чектүү сумма - операциянын суммасы “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам аркылуу 1 000 000 сом өлчөмүндө белгиленген (же Улуттук банктын операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөгү расмий курсу боюнча эсептелген чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү сумма), операция (бүтүм) белгиленген суммадан ашкан учурда, ал “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамга жана ушул жобого ылайык ички контролдукка алынат.  

Каттоо суммасы 50 000 сом өлчөмүндөгү маанини түзөт (же Улуттук банктын операция (бүтүм) ишке ашырылган күндөгү расмий курсу боюнча эсептелген чет өлкө валютасындагы эквиваленттүү сумма) (алмашуу бюролору үчүн).  

(Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында). 

(Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы №2/15 токтомунун редакциясында). 

2. Ыйгарым укуктуу банктардын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын укуктары жана милдеттери (Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында). 

2.1. Ыйгарым укуктуу банктар, алмашуу бюролору, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жол берилген компетенциялардын чегинде өз алдынча уюштурушат жана жүзөгө ашырышат (Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында). 

2.2. Жеке адам же юридикалык жак лицензиянын аракеттенүү мөөнөтү аяктаганга чейин валютаны алмаштыруу ишкердигин токтотуу укугуна ээ. Мында, жеке адам же юридикалык жак 3 жумуш күнү ичинде алмашуу бюросунун ишин токтотуу себептери чагылдырылган катты, лицензиянын түп нускасын жана алмашуу бюросун каттоо жөнүндө катты Улуттук банкка сунуштоого тийиш.  

2.3. Улуттук банк менен алмашуу бюролору боюнча маалыматты (отчетторду) топтоо, жалпылоо жана сунуштоо жөнүндө келишим түзүшкөн юридикалык жактар (мындан ары ыйгарым укуктуу юридикалык жактар), ыйгарым укуктуу банктардын тейлөөгө алынуучу алмашуу бюролорунун иши боюнча маалыматтарды (отчетторду) топтоо жана сунуштоо жагында укуктарга жана милдеттерге ээ болушат.  

Улуттук банк тарабынан юридикалык жак менен келишим, ушул жободо белгиленген тартипте маалыматты (отчетторду) топтоо, жалпылоо жана сунуштоо үчүн зарыл техникалык каражаттар (компьютер, модем, телефон) жана шарттар болгон учурда түзүлөт.  

2.4. Ыйгарым укуктуу банк:  

1) эгерде анда мындай мүмкүнчүлүк бар болсо, алмашуу бюросу менен Улуттук банкка отчет сунуштоо келишимин түзүүдөн баш тартууга укугу жок;  

2) бардык зарыл отчетторду жана талап кылынган маалыматтарды Улуттук банкка өз убагында жана так сунуштоого милдеттүү;  

3) алмашуу пункттарын нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларына тиешелүү ченемдик документтер жана башка маалыматтар менен өз убагында тааныштырууга милдеттүү

4) тейлөөгө алынган алмашуу бюролорун нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларына тиешелүү ченемдик документтер жана башка маалыматтар менен өз убагында тааныштырууга, аларды зарыл отчеттук бланктардын үлгүлөрү менен камсыздоого милдеттүү

5) алмашуу бюролорунун Улуттук банктын мыйзамдарын жана ченемдик документтерин бузууга жол бергендиги тууралуу маалыматтарды алар аныкталган учурдан тартып 3 жумуш күнүнөн кечиктирбестен, алмашуу бюросу менен түзүлгөн келишимде каралган ал укукту чагылдыруу менен Улуттук банкка маалымдоого тийиш; 

6) алмашуу пунктунун иши нак акчаны кабыл алуу жана берүүгө байланыштуу болгон кассирлерин (жумушчуларын) окутууну уюштурууга, тиешелүү сертификат (күбөлүк) алуу менен кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине, чет өлкө валютасы менен иштөөгө жана акча белгисинин аныктыгын тактоо ыкмаларына үйрөтүүгө (*); 

7) эгерде нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операциясынын суммасы чектүү суммага барабар болсо же андан ашса, ошондой эле операциялар шектүү бүтүмдөр жана операциялар белгилерине кирсе, Кардар менен ишке ашырылган операцияларды каттоо журналында (мындан ары Журнал) ишке ашырылган операция тууралуу зарыл маалыматтарды, анын ичинде кардар тууралуу маалыматты чагылдырууга жана операция жүзөгө ашырылгандан кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга сунуштоого милдеттүү.  

Журналга номер коюлуп, көктөлүп, ага ыйгарым укуктуу банктын мөөрү басылууга тийиш (1а-тиркемеси). Алмашуу пункттарында маалыматтын сакталышын камсыз кылган коопсуздук системасы орнотулган шартта, журналды электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет. Көрсөтүлгөн пунктчадагы маалыматты кеминде беш жыл сактоо зарыл.  

2.5. Ыйгарым укуктуу банктар, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар, алмашуу бюролору төмөнкүлөргө милдеттүү

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого; 

2) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартибин сактоого; 

3) алмашуу бюролорунун ишинин шарттарын жана тартибин сактоого; 

4) кассалык операцияларды ишке ашыруу тартибин так сактоого; 

5) текшерүү үчүн негиз болуп саналган документ болгон шартта, Улуттук банктын кызматкерлерин кассага жана алмашуу бюросунун (алмашуу пунктунун) башка жайларына текшерүү максатында тоскоолдуктарсыз киргизүүгө

6) алмашуу бюросунун жумушчуларын материалдык баалуулуктар менен иштөө эрежелери жана нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби менен тааныштырууга; 

7) белгиленген тартипте салык органдарында каттоодон өткөн, фискалдык карта менен жабдылган контролдук-кассалык машинаны же компьютерди пайдаланууга; 

8) банкноттордун аныктыгын текшерүү үчүн валюта детекторун пайдаланууга; 

9) менчик укугун тастыктаган күбөлүккө же болбосо жайды ижарага алуу келишимине ээ болууга; 

10) жарнамалык көрнөктөрдү, иш тартибин, ошондой эле валюталарды сатуу жана сатып алуу курстары чагылдырылган маалымат стендин жана алмашуу бюролорунун кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулары (кардарлары) үчүн маалыматтарды жайгаштырууга милдеттүү

11) мыйзам талаптарына ылайык, милдеттүү түрдө анын аталышы, дареги, идентификациялык салык номери (ИНН) көрсөтүлгөн мөөрү (штампы) болушу зарыл; 

12) маалымкат-сертификат китепчелери болууга тийиш; 

13) керектөөчүнүн талабы боюнча лицензиянын аталышы же ээси, ал катталган номери жана күнү, валюта алмаштыруу боюнча кызмат көрсөткөн алмашуу бюронун жумушчусунун аты-жөнү тууралуу маалыматтарды берүүгө

14) алмашуу бюросунун (алмашуу пунктунун) жумушчуларынын жана кардарларынын иши үчүн коопсуздук шарттарын камсыздоого; 

15) алмашуу бюросунун иши нак акчаны кабыл алуу жана берүүгө байланыштуу болгон жумушчуларын окутуудан өткөрүүнү уюштурууга, тиешелүү сертификат (күбөлүк) алуу менен кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине, чет өлкө валютасы менен иштөөгө жана акча белгисинин аныктыгын тактоо ыкмаларына үйрөтүүгө

16) лицензия алгандан кийинки 10 жумуш күнүнөн кечиктирбестен, ыйгарым укуктуу банк, ыйгарым укуктуу юридикалык жак же Улуттук банк менен күн сайын отчет берүү келишимин түзүүгө жана келишимдин түп нускасын алмашуу бюросунда сактоого же болбосо отчетту Улуттук банкка өз алдынча тапшыруу үчүн тиешелүү техникалык жабдууларга ээ болууга; 

17) ыйгарым укуктуу банкка, ыйгарым укуктуу юридикалык жакка же Улуттук банкка ишке ашырылган алмашуу операциялары боюнча отчеттук маалыматтарды отчет тапшыруу формасына ылайык, өз убагында жана так сунуштоого (1-тиркеме); 

18) отчет тапшырылбаган учурларда, ыйгарым укуктуу банкка, ыйгарым укуктуу юридикалык жакка же Улуттук банкка отчеттук күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен анын себептери тууралуу жазуу түрүндө маалымдоого; 

19) Улуттук банк тарабынан талап кылынган маалыматты жазуу түрүндө өз убагында жана так сунуштоого; 

20) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиянын (түп нускасынын) жана алмашуу бюросун каттоо жөнүндө каттын түп нускасынын болушу; 

21) алмашуу бюросунун ар бир жумушчусу менен эмгек келишим жана материалдык жоопкерчилик тууралуу келишим болушу зарыл; 

22) ыйгарым укуктуу банкка, тиешелүү юридикалык жакка же Улуттук банкка сунушталуучу, алмашуу бюросунун жооптуу кызматкеринин кол тамгасы коюлган жана мөөрү (штампы) басылган отчеттордун экинчи нускасы болууга тийиш; 

23) лицензиянын аракети токтотулган шартта, лицензиянын түп нускасын жана алмашуу бюросун каттоо жөнүндө катты 3 жумуш күнү ичинде тапшырууга; 

24) алмашуу бюронун жайгашкан дареги, телефон номери өзгөргөн учурда, ал өзгөргөндөн кийинки 3 жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка билдирүүгө

25) лицензиянын аракеттенүү мөөнөтү аяктаган учурда, ошондой эле дареги өзгөргөн шартта алмашуу бюросу кайра каттоодон өткөнгө чейин операцияны ишке ашырууну токтотууга; 

26) Кыргыз Республикасынын “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам талаптарынын сакталышына жооптуу кызматкерди дайындоого;  

27) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө да Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы №52/5 токтому менен бекитилген “Терроризмди (экстремизмди) каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында алмашуу бюролорунда ички контролдукту уюштурууга карата минималдык талаптар жөнүндө” жободо белгиленген талаптарды сактоого; 

28) эгерде нак чет өлкө валютасын алмаштыруу операциясынын суммасы каттоо суммасына барабар болсо же андан ашса, ошондой эле операциялар шектүү бүтүмдөр жана операциялар белгилерине кирсе, Кардар менен ишке ашырылган операцияларды каттоо журналында (мындан ары Журнал) ишке ашырылган операция тууралуу зарыл маалыматтарды, анын ичинде кардар тууралуу маалыматты чагылдырууга жана операция жүзөгө ашырылгандан кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга сунуштоого милдеттүү

Журнал номерленип, көктөлүп, ага ыйгарым укуктуу банктын мөөрү басылууга тийиш (1а-тиркемеси). Алмашуу бюролорунда маалыматтын сакталышын камсыз кылган коопсуздук системасы орнотулган шартта, журналды электрондук түрдө жүргүзүүгө жол берилет. Көрсөтүлгөн пунктчадагы маалыматты кеминде беш жыл сактоо зарыл.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы №2/15 токтомунун редакциясында). 

29) кызматкерлердин терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча окутуудан өтүшүн камсыздоо; 

30) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка талаптарды сактоого. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында). 

2.6. Ушул жобонун 2.5-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар юридикалык жак тарабынан ачылган кошумча алмашуу бюросуна да таркатылат.  

2.7. Жобонун 2.5-пунктунун 1-6, 8-14, 29, 30-пунктчаларында көрсөтүлгөн талаптар ыйгарым укуктуу банктардын алмашуу бюролоруна да таркатылат.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы №2/15 токтомунун редакциясында). 

   

3. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби 

   

3.1. Ыйгарым укуктуу банктар, алмашуу бюролору, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар, юридикалык жактар нак чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу операцияларын төмөнкү ченемдик актыларды сактоо менен жүзөгө ашырышат: 

- Кыргыз Республикасынын “Чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндө” мыйзамды; 

- Кыргыз Республикасынын “Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө” мыйзамды; 

- Кыргыз Республикасынын “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамды; 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2004-жылдын 25-июнундагы мыйзам чыгаруучу жыйынынын №1689-II токтому менен кабыл алынган Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү жүзөгө ашырууда контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө жобону; 

- Улуттук банк Башкармасынын 2001-жылдын 20-мартындагы №6/9 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2001-жылдын 9-апрелинде 59 номеринде каттоодон өткөртүлгөн Улуттук валютанын шектүү банкноттору менен иштөө боюнча нускоону; 

- ушул жобону. 

Ыйгарым укуктуу банктар, микрофинансылык уюмдар, кредиттик союздар, юридикалык жактар алмашуу пункттары үчүн чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу курстарын ушул жободо белгиленген тартипте өз алдынча белгилешет.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында). 

3.2. Алмашуу бюролору нак чет өлкө валютасы менен операцияларды, алмашуу бюронун жетекчисинин ыйгарым укуктарынын чегинде белгиленген сатуу жана сатып алуу курстарына ылайык ишке ашырышат.  

Ыйгарым укуктуу банктар, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялар, кредиттик союздар чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу курстарын алмашуу пункттары үчүн ушул жободо белгиленген тартипке ылайык өз алдынча белгилешет (Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында). 

3.3. Нак чет өлкө валютасы болгон шартта маалыматтык стенддерде, ыйгарым укуктуу банкта, алмашуу бюросунда, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияда, кредиттик союздарда колдо болгон чет өлкө валютасынын бардык түрлөрү боюнча сатуу жана сатып алуу курстары тууралуу так маалыматтар камтылууга тийиш.  

Нак чет өлкө валютасын улуттук валютага сатып алуу жана сатуу, жалпыга жеткиликтүү келишим принциптеринин негизинде чет өлкө валютасын сатуу жана сатып алуу курстарынын маалыматтык стендинде көрсөтүлгөн курс боюнча ишке ашырылат. Алмашуу операциясын жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар учурда, чет өлкө валютасын сатып алуудан же сатуудан баш тартууга жол берилбейт.  

Маалыматтык стендде көрсөтүлбөгөн курс боюнча чет өлкө валютасын сатууга жана сатып алууга тыюу салынат.  

Чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу курстары төрт ондук белгиге чейин, бүтүн сандан кийин милдеттүү түрдө үтүр белгиси менен бөлүү аркылуу белгиленет. Валюта курсун үтүр белгиси менен бөлбөй туруп, бүтүн сандан кийин төрт сандан ашык санды көрсөтүүгө, ошондой эле кардарлардын валюта курстарын туура эмес түшүнүүгө алып келген башка иш-аракеттерди көрүүгө тыюу салынат.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында). 

3.4. Чет өлкө валютасын сатып алууда, сатууда же алмаштырууда ыйгарым укуктуу банктар жана алардын алмашуу пункттары, алмашуу бюролору, кандайдыр бир чектөөлөрдү белгилөөгө жана наркына, төлөм каражаты статусуна ээ акча белгилеринин чыгарылган жылына жараша ар кандай курстарды белгилөөгө укугу жок.  

3.5. Ыйгарым укуктуу банктар аныктыгы шек келтирбеген, төмөнкүдөй кемчиликтерге ээ чет өлкө банкноту менен алмашуу операцияларын ишке ашырууда комиссиялык сый акыны өз алдынча белгилөөгө жана алууга укуктуу: 

- өңү өчүп, түсү өзгөргөн болсо же боек менен боелуп калса; 

- басып чыгарууда кетирилген анык кемчилик; 

- айрылып, чапталган, эгерде ал бөлүктөр ошол эле бир банкнотко таандык болсо; 

- бурчтары, четтери айрылган, бир аз тешилип калгандар (эгерде алардын орду жабылгандыгы тастыкталбаса); 

- чети күйүп калган болсо. 

3.6. Жобонун 3.5-пунктунда көрсөтүлгөн жана башка кемчиликтерге байланыштуу акча банкноттору сатып алууга жана сатууга жараксыз болсо, анын ээсинин макулдугу менен алмашуу (экспертиза жүргүзүү) үчүн ыйгарым укуктуу банктар тарабынан гана банк-корреспондентте (чет өлкө банкында) кабыл алынышы мүмкүн. 

Чет өлкө валютасы ыйгарым укуктуу банк тарабынан кардардын өтүнүчүнүн (2-тиркеме) негизинде гана кабыл алынат, анда банкноттордун саны, сериясы жана номери, чыгарылган жылы, алардын номиналы алмаштырылуучу банкноттордун жалпы суммасы көрсөтүлөт. Чет өлкө валютасы кабыл алынган учурда кардарга квитанция берилет. Ыйгарым укуктуу банктар кардарларга банк-корреспондент (чет өлкө банктары) кемчилиги бар (эскилиги жеткен) банкнотторду алмаштыруудан баш тартышы мүмкүндүгү алдын ала эскертүүгө тийиш. Банк-корреспондент (чет өлкө банкы) жөнөтүлгөн чет өлкө валютасын алмаштыруудан баш тарткан учурда, ыйгарым укуктуу банктар кардарга тиешелүү тастыктоочу документтерди сунуштоого милдеттүү

Ыйгарым укуктуу банк, банк-корреспонденттен (чет өлкө банкынан) инкассацияланган чет өлкө валютасынын ордун жабуу суммасын алгандан кийин кардардын каалоосу боюнча акча суммасы чет өлкө валютасында же улуттук валютада төлөнүп берилет же болбосо колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, чет өлкө валютасында же улуттук валютада кардардын күндөлүк эсебине чегерилет.  

3.7. Чет өлкө валютасын сатып алууда, сатууда же алмаштырууда, алмашуу бюросунун же пунктунун кызматкерлери валютанын аныктыгын валюта детекторунун же башка атайы аппаратуранын жардамы менен текшерүүгө алышат.  

3.8. Улуттук банктын лицензиясына ээ юридикалык жактар жарыяланган жүгүртүү каражаттар суммасынын чегинде, алмашуу бюросу ишкердикти жүргүзүүсү үчүн нак чет өлкө валютасын кайсыл болбосун ыйгарым укуктуу банктан сатып алууга укуктуу, мында лицензиянын номерин жана берилген күнүн чагылдыруу менен жазуу формасында түзүлгөн келишимдин негизинде нак чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу операцияларын милдеттүү түрдө тариздөө зарыл.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында). 

3.9. Алмашуу бюролорунда (пункттарында) нак чет өлкө валютасын сатып алуу-сатуу операцияларын ишке ашыруу учурунда алар алмашуу бюросунун (пунктунун) каттоо журналында чагылдырылып, журнал номерленип, көктөлүп, ага юридикалык жактын мөөрү басылууга тийиш (3-тиркеме).  

Ыйгарым укуктуу банктар 3а-тиркемесинин формасына ылайык, алмашуу пунктунда сатылып алынган жана сатылган валюталардын реестрин жүргүзүүгө укуктуу.  

Иш күнүнүн акырында алмашуу бюросунун же пунктунун жооптуу кызматкери иш күнү ичинде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгын чыгарып, калдыгын кийинки күнгө чыгарат. Күн акырында нак акча калдыгы кийинки күндүн башталышындагы нак акча калдыгынын суммасына барабар болууга тийиш.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында). 

3.10. Ыйгарым укуктуу банктар, алардын алмашуу пункттары, бюролору чет өлкө валютасын сатып алууда жана сатууда сатылып алынган же сатылган нак чет өлкө валютасынын суммасына көз карандысыз, операциянын ишке ашырылышын тастыктаган документти берүүгө, ошондой эле кардардын өтүнүчү боюнча көчүрүү кагазы аркылуу маалымкат-сертификатты (4-тиркеме) толтуруп берүүгө милдеттүү.  

Алмашуу бюросу чет өлкө валютасын сатуу/сатып алуу операцияларын ишке ашырууда кассалык чекти берүүгө тийиш.  

Маалымкат-сертификаттын бир нускасы кардарга берилет, ал эми экинчиси ыйгарым укуктуу банкта (алмашуу пунктунда) же алмашуу бюросунда сакталат.  

Маалымкат-сертификатты бергендиги үчүн төлөм алынбайт.  

Маалымкат-сертификаттарды башка адамдарга тариздетүүгө жол берилбейт.  

Маалымкат-сертификаттардын бланктары, анда бланктардын серияларын жана номерлерин көрсөтүү менен китепче түрүндө типографиялык ыкмада чыгарууга тийиш. Мында алардын биринчи жана экинчи нускаларынын сериялары жана номерлери бири-бирине дал келүүгө жана көчүрүү кагазы аркылуу толтурууга ыңгайлуу болууга тийиш.  

3.11. Нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операциялары ким экендигин тастыктаган документ (паспорт, аскер билети, айдоочунун күбөлүгү) боюнча кардардын резиденттигин аныктоо менен ишке ашырылат.  

Кыргыз Республикасынын резидент эместери менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашырууда алар операцияларды каттоо журналынын тиешелүү тилкесине чагылдырылат, ал эми резидент эместер менен операциялык күн ичинде ишке ашырылган операциялардын жалпы көлөмү алмашуу бюросунун күндөлүк отчетунда чагылдырылат.  

3.12. Маалымкат-сертификатка ыйгарым укуктуу жак ички жол-жоболорго жана кызматтык милдеттерге ылайык кол тамга коет, ага ыйгарым укуктуу банктын (алмашуу пунктунун), алмашуу бюросунун мөөрү (штампы) басылат. Анда ыйгарым укуктуу банктын, алмашуу пунктунун, алмашуу бюросунун тиешелүү реквизити, алардын кызматкерлеринин кол тамгалары жана мөөрлөрү (штампы) жок болсо, мындай маалымкат-сертификат анык эмес болуп саналат.  

Колдонулган маалымкат-сертификаттардын китепчелери экинчи нускасы менен бирге ыйгарым укуктуу банктарда жана алмашуу бюролорунда анда акыркы жазуу чагылдырылган күндөн тартып 1 жыл сакталат. 

3.13. Ыйгарым укуктуу банктар, юридикалык жактар маалымкат-сертификаттардын бланктарынын эсепке алынышын, сакталышын камсыз кылууга тийиш. Эгерде алар жараксыз болуп же жокко чыгарылып калса, ыйгарым укуктуу банк, юридикалык жак тиешелүү актты тариздөөгө милдеттүү.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында). 

3.14. Алмашуу бюросунун жетекчиси (жооптуу кызматкери) кызматкерлерге валютаны алмаштыруу операцияларын жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө түшүндүрүп берүүгө милдеттүү. Алардын ишинин уюштурулушу, ошондой эле тариздөө, сактоо, материалдык баалуулуктарды эсепке алуу жана өткөрүү тартибинин сакталышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу банкка же Улуттук банкка отчеттордун өз убагында жана так сунушталышы үчүн жоопкерчилик лицензия ээсине жүктөлөт.  

3.15. Жободо жана колдонуудагы мыйзамдарда каралган жагдайлардан тышкары башка учурларда, алмашуу бюросунун кызматкерлери (кассирлери) аларга тапшырылган ишти башка бирөөгө өткөрүп берүүгө, ошондой эле ишине же жумуш ордуна ишке тиешеси жок адамдарды (эмгек келишимине ээ эмес жана лицензиат менен материалдык жоопкерчилик тууралуу келишим түзбөгөн жактар) киргизүүгө тыюу салынат.  

3.16. Шектүү (жасалма) банкноттор табылган учурларда кассирлер Шектүү улуттук валюта банкноттору менен иштөө боюнча нускоонун талаптарына ылайык иш алып барууга милдеттүү.  

 

 

4. Алмашуу бюролорунун жана алмашуу пункттарынын кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби  

   

Алмашуу бюросу валютаны сатып алуу, сатуу жана алмаштыруу операцияларын Калк менен акчалай эсептешүүлөрдү ишке ашырууда контролдук-кассалык машиналарды колдонуу жөнүндө жобого ылайык ишке ашырат.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы №2/15 токтомунун редакциясында). 

4.1. Эгерде чет өлкө валютасын сатып алуу суммасы чектүү суммага барабар болсо же андан ашса, нак чет өлкө валютасын сатып алуу кардардын ким экендигин тастыктаган документтин (сүрөтү менен) негизинде милдеттүү түрдө идентификациялоо менен ишке ашырылат. Кардардын катышуусунда кассир нак акчаны эсептеп, ал берген валютанын аныктыгын текшерет. Банкноттор кардардын көз алдында иргелүүгө тийиш. Кардар (ким экендигин тастыктаган документтин негизинде) жана нак чет өлкө валютасын сатып алуу операциялары жөнүндө маалымат Кардар менен ишке ашырылган операциялар жөнүндө маалыматтарды каттоо журналында чагылдырылат.  

4.2. Кардарга берилүүчү улуттук валютадагы сумма эсептелгенден кийин кассир сатылып алынган валюта тууралуу маалыматты операцияларды каттоо журналында чагылдырат (эгерде кардар резидент эмес болсо, ал тууралуу маалымат да жазылат) жана операциянын ишке ашырылгандыгын тастыктаган документти даярдайт. Операция алмашуу бюросунда ишке ашырылган учурда, кассадан чек берилет. Кассир (жооптуу кызматкер) маалымкат-сертификатты жобонун талаптарына ылайык тариздетет.  

4.3. Жүргүзүлгөн эсептешүүдөн кийин кассир кардарга улуттук валютанын аныктыгын анын көз алдында текшерүү менен тиешелүү сумманы кардарга берет. Ошол эле учурда кардарга операциянын ишке ашырылгандыгын тастыктаган документ (алмашуу бюросунун кардарына кассалык чек), зарылчылык келип чыкса - маалымкат-сертификат да берилет.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы №2/15 токтомунун редакциясында). 

4.4. Эгерде чет өлкө валютасын сатуу суммасы чектүү суммага барабар болсо же андан ашса, нак чет өлкө валютасын сатып алуу кардардын ким экендигин тастыктаган документтин (сүрөтү менен) негизинде милдеттүү түрдө идентификациялоо менен ишке ашырылат. Кардардын катышуусунда кассир нак акчаны эсептеп, валютанын аныктыгын текшерет. Банкноттор кардардын көз алдында иргелүүгө тийиш. Кардар жөнүндө (ким экендигин тастыктаган документтин негизинде) жана нак чет өлкө валютасын сатуу операциялары жөнүндө маалыматтар Кардар менен ишке ашырылган операциялар жөнүндө маалыматтарды каттоо журналында чагылдырылат. 

4.5. Кардарга берилүүчү чет өлкө валютасындагы сумма эсептелгенден кийин кассир сатылган валюта тууралуу маалыматты операцияларды каттоо журналында чагылдырат (эгерде кардар резидент эмес болсо, ал тууралуу маалымат да жазылат), операциянын ишке ашырылгандыгын тастыктаган документти даярдайт. Операция алмашуу бюросунда ишке ашырылган учурда, кассадан чек берилет. Кассир (жооптуу кызматкер) маалымкат-сертификатты жобонун талаптарына ылайык тариздетет. 

4.6. Жүргүзүлгөн эсептешүүдөн кийин кассир кардарга нак чет өлкө валютасынын тиешелүү суммасын кардарга берет. Ошол эле учурда кардарга операциянын ишке ашырылгандыгын тастыктаган документ (алмашуу бюросунун кардарына кассалык чек), зарылчылык келип чыкса - маалымкат-сертификат берилет.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 29-январындагы №2/15 токтомунун редакциясында). 

4.7. Кардардын талабы боюнча кассир анын катышуусунда валюта детекторунда нак чет өлкө валютасынын аныктыгын текшерүүгө милдеттүү.  

4.8. Эсептешүүлөрдө айырмачылыктар же төлөөгө жөндөмсүз акчалар табылган учурларда, кассир нак акча суммасын кардарга кайтарып берет жана жетпеген сумманы толуктоону сунуштайт.  

4.9. Кардар жетпеген сумманы сунуштаган учурда кассир, кардардын көз алдында толук нак чет өлкө валюта суммасын бирден барактап эсептеп чыгуу менен кабыл алат.  

4.10. Кайрадан эсептөө учурунда кассирдин столунда башка нак акча жана башка буюмдар болбоого тийиш.  

4.11. Чет өлкө валютасын сатып алууда-сатууда кардар кассанын жанында аларды бирден эсептөөгө укуктуу.  

4.12. Туура эмес эсептелген учурларда кардар берилген сумманы кассирге аны кайрадан эсептеп чыгуу үчүн толугу менен өткөрүп берет. Эсептешүүнү жүргүзүүдө ката кетирилген шартта, кассир жетпеген сумманы толуктап, аны кардардын катышуусунда кайрадан бирден барактап эсептеп чыгат.  

4.13. Нак акча банкнотторун эсептөөчү машинканы пайдалануу менен эсептөөгө болот. Мында эсептөө үчүн каралган стол үстүндө банкнотторду эсептөөчү машинкадан тышкары башка буюмдар болбоого, ошондой эле эсеп таблосунун бети кардарга карата жайгаштырылууга тийиш. Банкноттор кардардын көз алдында иргелүүгө тийиш. 

4.14. Алмашуу бюролорунун жүгүртүү каражаттарынын көбөйүүсүнө/азаюусуна же ыйгарым укуктуу банктан чет өлкө валютасын сатып алууга байланыштуу отчет берүү каралган сумманы берүүдөн жана кабыл алуудан улам келип чыккан чыгашалар жана кассага келип түшкөн кирешелер боюнча операциялар, ишке ашырылган тартипте операцияларды каттоо журналында чагылдырылат. Мында “Алмашуу курсу” жана “Берилүүчү сумма” графаларында, тиешелүүлүгүнө жараша кириштөө жана чыгыштоо тилкелеринде сызыкча белгиси коюлат. Мындай операциялар күндөлүк отчеттордо башка киреше жана башка чыгаша катары көрсөтүлөт.  

4.15. Юридикалык жактар ушул жободо макулдашылбаган башка операцияларды алмашуу бюросунун кассасы аркылуу жүзөгө ашырууга укугу жок.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында). 

4.16. Алмашуу бюросунун жана алмашуу пунктунун бардык нак акчалары күйүп кетпегидей металл шкафта, айрым учурларда жарым металл жана кадимки металл шкафтарда сакталууга тийиш, алар иш күнүнүн акырында кулпуланат жана ага мөөр басылат.  

Металл шкафтардын ачкычтары жана мөөрлөр кассирде сакталат, аларды белгиленген жерде калтырууга, башка адамдарга берүүгө же эсепке алынбаган дубликатын жасоого тыюу салынат.  

Алмашуу пункттары жана алмашуу бюролору нак акчаларды банкка сактоого өткөрө алышат.  

4.17. Бул алмашуу бюросуна же алмашуу пунктуна таандык эмес нак акчаны жана башка баалуулуктарды, ошондой эле кызматкерлердин (кассирлердин) өздүк акча каражаттарын кассада сактоого тыюу салынат.  

4.18. Касса жайы обочолонуп, ал эми операцияны ишке ашыруу учурунда кассага кирүү эшиктери ички бетинен бекитилүүгө тийиш. Касса ишине тиешеси жок адамдарга касса жайына кирүүгө тыюу салынат. 

4.19. Материалдык жоопкерчилик тууралуу келишимге ылайык кассир, өзүнө алган бардык баалуулуктардын сакталышы үчүн жана атайы иш-аракеттердин натыйжасында сыяктуу эле, өз милдеттерине ынтаасыз же көңүл коштук мамилесинин натыйжасында, ыйгарым укуктуу банкка же алмашуу бюросуна келтирген кандай болбосун зыян үчүн толук материалдык жоопкерчилик тартат.  

4.20. Кассирдин ишке дайындалышы тууралуу буйрук (уруксат, токтом) чыгарылгандан кийин ыйгарым укуктуу банктын, юридикалык жактын жетекчиси кассалык операцияларды жүргүзүү тартиби менен кассирди кол тамга коюу менен тааныштырууга милдеттүү, андан соң кассир менен жеке материалдык жоопкерчилик тууралуу келишим түзүлөт.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында). 

4.21. Бир кассир иш алып барган алмашуу бюролорунда аны убактылуу алмаштыруу зарылчылыгы келип чыккан учурда, кассирдин милдеттери жетекчинин кат жүзүндөгү буйругу (уруксаты, токтому) боюнча башка кызматкерге жүктөлөт. Бул кызматкер менен жобонун 4.20-пунктунда каралган келишим түзүлөт.  

   

5. Алмашуу бюролорунда жана пункттарында жүргүзүлүүчү операциялар боюнча отчеттуулук 

   

5.1. Иш күнүнүн акырында чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу көлөмү тууралуу отчет таризделинет: 

- ыйгарым укуктуу банктардын алмашуу пункттары бухгалтердик отчеттуулукту тариздөөнүн ички эрежелерине ылайык; 

- юридикалык жактардын алмашуу бюролору ушул жобого карата тиркемелерге ылайык.  

5.2. Алмашуу бюросу, микрофинансылык уюм, кредиттик союз күн сайын ыйгарым укуктуу банкка же болбосо отчетту күндө сунуштоо келишими түзүлгөн ыйгарым укуктуу юридикалык жакка сатылып алынган жана сатылган нак чет өлкө валютасынын көлөмү тууралуу маалыматтарды сунушташат. Өз кезегинде, ыйгарым укуктуу банк же ыйгарым укуктуу юридикалык жак аларды иштеп чыгып, отчеттук күндөн кийинки иш күнү саат 11.00дөн кечиктирбестен (модем байланышы же курьер аркылуу) отчеттун формасы боюнча (5-тиркеме) Улуттук банкка сунуштоого милдеттүү.  

Модем байланышына ээ алмашуу бюросу Улуттук банк менен күндөлүк отчетту тапшыруу келишимин түзүп, отчетторду Улуттук банкка түздөн-түз электрондук түрдө сунуштоого укуктуу. Мында, кагаз бетине чыгарылып сунушталган отчетко жооптуу кызматкердин кол тамгасы коюлат жана алмашуу бюросунун штампы менен күбөлөндүрүлөт, алар ишке ашырылган күнү боюнча көктөлүп, алмашуу бюросунда сакталат.  

(Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында). 

5.3. Күндөлүк отчеттор алмашуу бюролору тарабынан эки нускада түзүлүп, ага жооптуу кызматкердин кол тамгасы коюлат жана штамп менен күбөлөндүрүлөт. Биринчи нускасы ыйгарым укуктуу банкка же болбосо ыйгарым укуктуу юридикалык жакка жөнөтүлөт, ал эми экинчиси ишке ашырылган күнү боюнча көктөлүп, алмашуу бюросунда сакталат.  

5.4. Ай сайын ыйгарым укуктуу банк (ыйгарым укуктуу юридикалык жак) айдын 5инен кечиктирбестен алмашуу бюросу боюнча маалыматтарды ушул жобого карата 6-тиркемедеги форма боюнча сунуштайт.  

5.5. Алмашуу бюросу отчет сунуштабаса, анын жетекчиси ыйгарым укуктуу банкка же ыйгарым укуктуу юридикалык жакка же болбосо түздөн-түз Улуттук банкка себептерин көрсөтүү менен отчет сунушталбаган күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен маалымдоого тийиш.  

5.6. Бир чет өлкө валютасынын башкага алмаштырылышы алмашуу бюросунун каттоо журналында төмөнкү операциялар түрүндө чагылдырылат:  

- алмашуу бюросу тарабынан бир чет өлкө валютасын ал бюронун ошол валюта түрүн сатып алуу курсу боюнча сомго сатып алуусу; 

- алмашуу бюросу тарабынан башка чет өлкө валютасын ал бюронун ушул валюта түрүн сатуу курсу боюнча сомго сатып алуусу.  

   

6. Чет өлкө валютасында жол чектерин төлөө боюнча операциялар  

   

6.1. Чет өлкө банктарынын жол чектери үчүн төлөөлөр, контролдук маалыматтар (көрсөтүлгөн төлөм документтеринин үлгүлөрү, төлөө тартиби жана ыйгарым укуктуу жактардын кол тамгаларынын үлгүлөрү) болгон шартта, ыйгарым укуктуу банктар тарабынан банктар аралык макулдашууда каралган тартипте жана шарттарда ишке ашырылат.  

Ыйгарым укуктуу банктар чет өлкө банктарынан жол чектеринин формасында, реквизиттеринде жана алар үчүн төлөө тартибинде жүргөн бардык өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды алышат. Мындай маалымат чет өлкө банктарынын контролдук маалыматтары (жол чектеринин үлгүлөрү жана алар үчүн төлөө көрсөтмөлөрү) менен бирге ыйгарым укуктуу банктын досьесинде сакталат.  

   

7. Алмашуу бюролорунун жана пункттарынын ишине көзөмөлдүк 

(Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясындагы бөлүк) 

  

7.1. Улуттук банк ыйгарым укуктуу банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын, юридикалык жактардын жана алмашуу бюролорунун алмашуу пункттарынын ишине көзөмөлдүктү, алардын ишкердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик актыларынын талаптарына жооп беришин камсыз кылуу максатында жүргүзөт (Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында).  

7.2. Улуттук банк ыйгарым укуктуу банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын, юридикалык жактардын жана алмашуу бюролорунун алмашуу пункттарында нак чет өлкө валютасын алмаштырууда орун алган тобокелдиктер үчүн жоопкерчилик тартпайт (Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында). 

7.3. Улуттук банк, ыйгарым укуктуу банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын, юридикалык жактардын жана алмашуу бюролордун алмашуу пункттарынын ишкердигине текшерүүнү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналган документти көрсөтүү менен алдын ала эскертүүсүз текшерүүгө укуктуу (Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында). 

7.4. Улуттук банк ыйгарым укуктуу банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын, юридикалык жактардын жана алмашуу бюролорунун алмашуу пункттарынын ишине Улуттук банк тарабынан текшерүү иши жүргүзүлсө, текшерүүчүлөр үчүн алмашуу пунктунда же алмашуу бюросунда өзүнчө жай бөлүп берүүгө милдеттүү, анда аудио/видео жаздырууну жүргүзгөн жабдуулар болбоого, үчүнчү жактардын аудио/видео жабдууларды орнотушуна жол бербөөгө, ыйгарым укуктуу банктардын, микрофинансылык уюмдардын, кредиттик союздардын, юридикалык жактардын жана алмашуу бюролорунун алмашуу пункттарынын документтеринин сакталышын жана текшерүүчүлөр тобунун коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле текшерүүчүлөр тобуна текшерүүнү жүргүзүү үчүн зарыл болгон жабдууну жана техниканы сунуштоого тийиш (Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында). 

7.5. Улуттук банк ыйгарым укуктуу банктарга, микрофинансылык уюмдарга, кредиттик союздарга, юридикалык жактарга жана алмашуу бюролоруна карата мыйзамдарда каралган жагдайларда, алдын ала эскертүү чараларын жана санкцияларды колдонууга укуктуу (Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында). 

7.6. Нак чет өлкө валютасы менен ишке ашырылган алмашуу операциялары боюнча такталбаган маалыматтар берилген учурда, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартибин, ошондой эле ыйгарым укуктуу банктардын, микрофинансылык жана микрокредиттик компаниялардын, кредиттик союздардын жана алмашуу бюролорунун (пункттардын) ишин жөнгө салган ченемдик документтердин башка талаптарын бузууга жол берүүлөр аныкталган учурда Улуттук банк төмөнкүлөргө укуктуу: 

- жол берилген бузууларды четтетүү тууралуу алдын ала эскертүүнү же жазма буйрукту жөнөтүп, аларды четтетүү үчүн алардын түрүнө жараша белгилүү бир мөөнөттөрдү белгилөөгө

- колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, айыптык санкцияларды белгилөө чараларын көрүүгө

- лицензиянын аракеттенүү мөөнөтүн 7 жумуш күнүнө чейин токтотууга; 

- лицензияны кайтарып алууга.  

Эскертүү: (*) Окутуу, Улуттук банк же тиешелүү окутууну жүргүзүү үчүн Улуттук банк тарабынан ыйгарым укук чегерилген окуу жайы тарабынан жүргүзүлөт. 

(Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8, 2014-жылдын 27-ноябрындагы №53/8 токтомдорунун редакциясында). 

 

 

 

 

 

1-тиркеме 

(Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында) 

 

Алмашуу бюросу тарабынан түзүлүүчү 

КҮНДӨЛҮК ОТЧЕТ 

 

 

   

Юридикалык жактын аталышы _______ _____________________________________________________________________ 

Алмашуу бюросунун каттоо номери ____________________________________  

   

20____-жылдын "____"___________ ишке ашырылган алмашуу операциялары боюнча күндөлүк отчет. 

   

Операциянын мазмуну   

ВАЛЮТАСЫ 

   

KGS  

USD  

DEM  

RUR  

KZT  

Башка валюта (**)  

1. Күндүн башталышына калдык   

   

   

   

   

   

   

2. Бардыгы болуп сатылып алынган валюта, алардын ичинен 

   

   

   

   

   

   

Резидент эместерден  

   

   

   

   

   

   

Сатылып алынган валютанын орточо салмактанган курсу  

   

   

   

   

   

   

Башка кириштеме (*)  

   

   

   

   

   

   

3. Бардыгы болуп сатылган валюта, алардын ичинен 

   

   

   

   

   

   

резидент эместерге 

   

   

   

   

   

   

Сатылган валютанын орточо салмактанган курсу  

   

   

   

   

   

   

Башка чыгыштама (*)  

   

   

   

   

   

   

4. Күндүн акырына калдык  

   

   

   

   

   

   

   

Эскертүү:  

(*) Кириштеме жана чыгыштама статьяларына түшүндүрмө берүү менен толтурулат;  

(**) алмашуу операциялары ишке ашырылган башка валюталардын түрлөрү көрсөтүлөт. 

   

Алмашуу бюросунун жооптуу кызматкеринин кол тамгасы 

Алмашуу бюросунун жетекчисинин кол тамгасы 

Алмашуу бюросунун мөөрү (штампы)  

 

1а-тиркемеси 

  

Кардарлар менен ишке ашырылган операциялар жөнүндө маалыматты каттоо   

ЖУРНАЛЫ  

  

  

Операция ишке ашырылган 

күн /Дата совершения операции  

Опера-циянын түрү1/Вид опера-ции1  

Опера-циянын суммасы сом менен/ Сумма опера-ции в сомах  

Кардардын аты-жөнү/ Юриди-калык жактын аталышы/ФИО клиента/ Наименование юридического лица   

Ким экендигин тастыктаган күбөлүктүн номери, берилгенкүнү/ Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан берилген күбөлүктүн номери/ берилгенкүнү/Номер документа, удостоверяющего личность, дата выдачи/ Номер свидетельства МЮ КР, дата выдачи  

Жеке адамдынжашагандареги/юридикалык жак катталганжери/ Адрес места жительства физического лица/ места регистрации юридического лица  

Жеке адамдын дареги/ юридикалык жактын жайгашкан жери/ Адрес места пребывания физического лица/ места нахождения юридического лица  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Алмашуу бюросунун жооптуу кызматкеринин кол тамгасы/   

Подпись ответственного работника обменного бюро ______________  

  

Алмашуу бюросунун жетекчисинин кол тамгасы/   

Подпись руководителя обменного бюро ______________  

  

Эскертүү/Примечание:  

Операциянын түрү: чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу/   

Вид операции: покупка или продажа иностранной валюты. 

  

  

2-тиркеме  

 

Банк-корреспондентте (чет өлкө банкында) кемчилиги бар банкнотту алмаштырууга (экспертиза жүргүзүүгө)  

БИЛДИРМЕ 

   

___________ ш. 20___-жылдын "___"________  

________________________________________________________________  

(банктын аталышы)  

филиалы_______________________________________________________  

____________________________________________дареги боюнча жашаган 

(үй дареги) 

________________________________________________________________  

(кардардын аты-жөнү)  

Ким экендигин тастыктаган документ ______________________________ 

________________________________________________________________ 

(номери, сериясы, берилген күнү, ким тарабынан берилген)  

Сизден__________________________________________жалпы суммасында  

____________________________________________________________ _________________________________ банкнотторду кабыл алууну өтүнөм. 

(чет өлкө валютасынын аталышы, банкноттордун саны, алардын номиналы, сериясы жана номери, чыгарылган жылы) 

 

Кемчилиги бар (эскилиги жеткен) валютаны банк-корреспондентте (чет өлкө банкында) алмаштырууга кабыл алуу шарттары менен таанышып чыктым жана банкка __________ өлчөмүндө комиссиялык сый акы төлөөгө макулмун.  

Банк-корреспондент (чет өлкө банкы) алмаштырып, аларды жүгүртүүдөн алып салуу үчүн берилген банкнотту алмаштыруудан баш тарткан учурда, _______________________________ карата эч кандай күнөө койбойм.  

(банктын аталышы) 

 

___________________________(аты-жөнү) _______________________(аты-жөнү)  

(кардардын кол тамгасы) (банк кызматкеринин кол тамгасы)   

   

_____________________________ _________________________  

үнү) (күнү)  

   

   

   

3-тиркеме 

(Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында) 

 

Операцияларды каттоо 

ЖУРНАЛЫ 

20___-жылдын  "____"___________  

   

   

Иш күнүнүн башталышына карата калдык 

Валюта түрү 

Суммасы 

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

Кириштөө операциялары (сатып алуу)  

Чыгыштоо операциялары (сатуу)  

Валютанын аталышы  

Валютанын суммасы 

Алмашуу курсу 

Сом түрүндө берилүүчү сумма  

Резидент эмес  

Валютанын аталышы  

Валютанын суммасы 

Алмашуу курсу 

Сом түрүндө берилүүчү сумма  

Резидент эмес  

1  

2  

3  

4  

5  

6  

7  

8  

9  

10  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

Жыйынтыгында, сатылып алынган валюта  

   

   

   

Жыйынтыгында, сатылган валюта  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

Анын ичинде, резидент эместерден сатылып алынганы  

   

   

   

Анын ичинде, резидент эместерге сатылганы  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

Башка кириштөө  

   

   

   

Башка чыгыштоо 

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

   

Иш күнүнүн акырына карата калдык  

Валютанын түрү  

Суммасы 

   

   

   

   

   

   

   

   

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

   

Алмашуу бюросунун жооптуу кызматкеринин кол тамгасы 

Алмашуу бюросунун жетекчисинин кол тамгасы 

Эскертүү

1. “Жыйынтыгында сатылып алынган/сатылган валюта” сабында валюта түрү боюнча өз-өзүнчө сатылып алынган жана сатылган валютанын жалпы суммасы көрсөтүлөт. 

2. “Алмашуу курсу” деген 3 жана 8-графалардагы “Жыйынтыгында сатылып алынган/сатылган валюта” деген сапта сатылып алынган же сатылган бардык валюта боюнча орточо салмактанган курс чагылдырылат. Орточо салмактанган курс, берүүгө карата жалпы сумманын (4 жана 9-графалар) сатылып алынган/сатылган чет өлкө валютасынын жалпы суммасына карата катышы катары валютанын ар бир түрү боюнча өз-өзүнчө эсептелинет.  

3. Алмашуу бюросунун жеке адамдардын жүгүртүү каражаттарынын көбөйүүсүнө/азаюусуна байланыштуу кассадан нак акчаны чыгыштоо жана кириштөө боюнча операциялары, алар ишке ашырылган тартипте, түшүндүрмө берүү менен алмашуу курсу жана берилүүчү сумма тилкелерине сызыкча коюу менен чагылдырылат. Бул операциялар журналда жана күндөлүк отчеттордо башка чыгыштоо жана кириштөө катары көрсөтүлөт.  

4. Операцияны резидент эместер менен жүргүзүү учурунда 5 жана 10-графаларда “Н” белгиси жазылат, ал эми резидент эместер менен операциялык күн ичинде ишке ашырылган операциялардын жалпы көлөмү алмашуу бюросунун күндөлүк отчетторунда чагылдырылат.  

5. Юридикалык жактар алмашуу бюросунун кассасы аркылуу нак чет өлкө валютасын алмаштырууга тиешеси жок операцияларды жүзөгө ашырууга укугу жок.  

   

   

  

За-тиркеме 

   

Ыйгарым укуктуу банк  

N _____ алмашуу пункту  

   

20______-жылдын “____”___________  

сатылып алынган жана сатылган нак чет өлкө валютасынын 

РЕЕСТРИ 

   

   

1-ТАБЛИЦА 

   

   

Алмашуу пунктунун кассиринин кол тамгасы 

   

   

4-тиркеме  

   

(мында аталышы, дареги, ИННи  

көрсөтүлөт жана штамп басылат) 

   

АА N 000000 сериясындагы 

МААЛЫМКАТ-СЕРТИФИКАТ  

20__-жылдын  "___"_____________  

   

______________________________________________________________берилген  

(аты-жөнү)  

_________ сериясындагы _________номериндеги  ______________көрсөтүлгөн. 

(документтин аталышы)  

Резидент - ________________________ Резидент эмес - _______________________ 

(зарыл болгонуна Х белгисин койгула)  

   

КАРДАР ТАРАБЫНАН АЛЫНГАН:  

   

Валютанын аталышы ___________________________________________________  

Суммасы сан менен _____________________________________________________ 

Суммасы жазуу түрүндө ________________________________________________  

   

КАРДАРДАН КАБЫЛ АЛЫНГАН:  

   

Валютанын аталышы ___________________________________________________  

Суммасы сан менен _____________________________________________________ 

Суммасы жазуу түрүндө ________________________________________________  

Алмашуу курсу ________________________________________________________  

   

Банктын/алмашуу бюросунун кызматкеринин кол тамгасы 

_______________/ _________________________________/  

(кол тамгасы) (аты-жөнү)  

   

Кол тамга коюлбаган жана мөөр басылбаган учурда анык эмес болуп саналат. М.О. Үчүнчү жакка берүүгө жол берилбейт.  

Жасалмалоого мыйзамдын негизинде тыюу салынат. Оңдоолорду киргизүүгө жол берилбейт.  

   

   

АА N 000000 сериясындагы 

МААЛЫМКАТ-СЕРТИФИКАТТЫН КӨЧҮРМӨСҮ  

20__-жылдын  "___"_____________  

 

   

______________________________________________________________берилген  

(аты-жөнү)  

_________ сериясындагы _________номериндеги  ______________көрсөтүлгөн. 

(документтин аталышы)  

Резидент - ________________________ Резидент эмес - _______________________ 

(зарыл болгонуна Х белгисин койгула)  

   

КАРДАР ТАРАБЫНАН АЛЫНГАН:  

   

Валютанын аталышы ___________________________________________________  

Суммасы сан менен _____________________________________________________ 

Суммасы жазуу түрүндө ________________________________________________  

   

КАРДАРДАН КАБЫЛ АЛЫНГАН:  

   

Валютанын аталышы ___________________________________________________  

Суммасы сан менен _____________________________________________________ 

Суммасы жазуу түрүндө ________________________________________________  

Алмашуу курсу ________________________________________________________  

   

Банктын/алмашуу бюросунун кызматкеринин кол тамгасы 

_______________/ _________________________________/  

(кол тамгасы) (аты-жөнү)  

   

Кол тамга коюлбаган жана мөөр басылбаган учурда анык эмес болуп саналат. М.О. Үчүнчү жакка берүүгө жол берилбейт.  

Жасалмалоого мыйзам негизинде тыюу салынат. Оңдоолорду киргизүүгө жол берилбейт.  

   

   

   

5-тиркеме 

 

(Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында)    

Алмашуу бюролорунун күндөлүк отчетторунун негизинде ыйгарым укуктуу банк же ыйгарым укуктуу юридикалык жак тарабынан түзүлөт 

   

______________________________________________________________________ 

(ыйгарым укуктуу банктын аталышы)  

алмашуу бюросунун нак чет өлкө валютасы менен операциялары боюнча 20____-жылдын "___"_________ үчүн  

ЖЫЙЫНТЫКТАЛГАН КҮНДӨЛҮК ОТЧЕТУ 

 

  

2-ТАБЛИЦА 

Эскертүү: Жогоруда белгиленген форма, ыйгарым укуктуу банкта тейлөөгө алынган алмашуу бюролору боюнча жалпы жыйынтыгын чыгаруу менен ар бир бюро боюнча өзүнчө толтурулат.  

 

 

   

6-тиркеме 

(Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №52/8 токтомунун редакциясында) 

     

  Төмөндө келтирилген форма боюнча маалыматтар, аларды кат жүзүндө тастыктоо менен электрондук түрдө (Excell форматында) Улуттук банктын Тышкы көзөмөл башкармалыгына сунушталат.  

1-форма: Тейлөө келишимин түзгөн алмашуу бюролору боюнча маалыматтар. Сунуштоо формасы ай сайын, мөөнөтү ар бир айдын 5инен кечиктирилбестен сунушталат.  

   

Юридикалык жактын аталышы  

Алмашуу бюросунун каттоо номери жана аталышы 

Лицензиянын номери жана берилген күнү  

Алмашуу бюросунун дареги  

Телефону  

Банк менен түзүлгөн келишимдин № жана күнү, аны колдонуу мөөнөтү 

1  

2  

3  

4  

5  

6  

   

   

   

   

   

   

   

   

2-форма: Тейлөө келишимин токтоткон алмашуу бюросу боюнча маалыматтар. Сунуштоо мөөнөтү - келишим токтотулган күндөн тартып 3 күндүк мөөнөт ичинде, ар айлык жыйынтыкталган маалыматтар ар бир айдын 5инен кечиктирилбестен.  

  

Юридикалык жактын аталышы  

Алмашуу бюросунун каттоо номери жана аталышы 

Лицензиянын номери жана берилген күнү  

Алмашуу бюросунун дареги  

Банк менен келишим токтотулган күн 

Келишимди токтотуу себеби  

1  

2  

3  

4  

5  

6  

   

   

   

   

   

   

   

   

   

3-форма: Күндөлүк отчетту сунуштабаган же өз убагында сунуштабаган алмашуу бюролору боюнча маалыматтар. Сунуштоо мөөнөтү ай сайын, ар бир айдын 5инен кечиктирбестен. 

   

№  

Юридикалык жактын аталышы  

Алмашуу бюросунун каттоо номери жана аталышы 

Отчет сунушталбаган же өз убагында сунушталбаган күн  

Эскертүү   

   

   

   

   

(Сунуштабагандыгы себеби кыскача баяндалат. Алмашуу бюросу отчетту өз убагында сунуштабагандыгы себебин маалымдабагандыгы тууралуу чагылдырсын)