Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Улуттук банк Башкармасынын 

2012-жылдын 17-апрелиндеги  

№17/1 токтому менен бекитилген 

 

«Кыргыз Республикасында кредиттик союздарды колдоо 

жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы» ЖЧКсынын (Финкомпания) 

укук мурасчысы болгон мекеме -адистештирилген финансы-кредит мекемесинин кызмат адамдарына карата коюлуучу квалификациялык минималдуу талаптар жана аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына макулдашуу жол-жобосу 

  

1. Адистештирилген финансы-кредит мекемесинин (АФКМ) Директорлор кеңешинин мүчөсүөраганы кошо алганда), текшерүү комиссиясынын мүчөсү кызматына талапкерлер төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:  

1) жогорку билиминин болушу;  

2) кредиттик союздар жөнүндө мыйзамды кошо алганда, банк мыйзамдары жана корпоративдик башкаруу жагында билим деңгээлинин болушу;  

3) адистештирилген финансы-кредит мекемесинин бизнес-планын жана өнүктүрүү келечектерин билүүсү;  

4) талапкердин финансы-кредит системасында иштөөсүнө тыюу салган соттун чечими болбоого тийиш;  

5) экономика чөйрөсүндө кылмыштуулукка жол бергендиги жана кызматтык ишинде кылмыш жасагандыгы үчүн талапкерге карата соттун айыптоо өкүмү болбоого тийиш;  

6) банктын/финансы кредит мекемесинин лицензиясы анын кесепетинен кайтарылып алынган аркеттерге (аракеттенбей коюуларга) талапкердин катыштыгы бардыгын тааныган ыйгарым укуктуу органдардын ага карата актысы болбоого тийиш.  

Директорлор кеңешинин кеминде бир мүчөсү, Финкомпанияда мурда иштебеген бирок, банк чөйрөсүндө кеминде 5 жылдык иш тажрыйбасы болгон, кредиттик союздар системасынын жана Финкомпаниянын ишине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, аларды өнүктүрүү методологиясын жана стратегиясын иштеп чыгуу жагында иш ыкмаларына ээ, кредиттик союздардын ишине тиешелүү маселелер боюнча окутуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификаты бар жана финансы-кредит чөйрөсүндө иштеп жаткан же мурда иштеп кеткен (Улуттук банктын кызматкерлеринин, талапкердин жакын туугандарынын жана АФКМ жетекчисининин же кызматкерлеринин жолдомосун эске албаганда) адамдардан кеминде эки жолдомого ээ, финансы-кредиттик иш чөйрөсүндө иштеген чакыртылган адис - эксперттен болууга тийиш.   

1. АФКМ Башкармасынын мүчөсү, башкы бухгалтери, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кызматына талапкерлер төмөнкүлөргө ылайык келүүгө тийиш:  

1) жогорку билиминин болушу;  

2) төмөнкүдөй эмгек стажынын болушу:  

- Башкарманын Төрагасынын кызмат ордуна талапкер үчүн финансы-кредит системасында үч жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчи кызматтарда кеминде бир жылдын;  

- Башкарманын мүчөсүнүн кызмат ордуна талапкер үчүн финансы-кредит системасында 2 жылдан кем эмес;  

- башкы бухгалтердин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн финансы-кредит системасында кеминде бир жылдык;  

3) финансы-кредит мекемелеринин ишин жөнгө салган мыйзамдар, тобокелдиктерди тескөө жана корпоративдик башкаруу жагында билим деңгээлинин болушу;  

4) АФКМдин бизнес планын билүүсү;  

5) талапкердин финансы-кредит системасында иштөөсүнө тыюу салган соттун чечиминин болбошу;  

6) экономика чөйрөсүндө кылмыштуулукка жол бергендиги кызматтык ишинде кылмыш жасагандыгы үчүн соттун талапкерге карата айыптоо өкүмүнүн болбошу;   

7) банктын/финансы кредит мекемесинин лицензиясы, анын аракеттеринин (аракеттенбей коюуларынын) кесепетинен кайтарылып алынган катыштыгы бардыгын тааныган ыйгарым укуктуу органдардын талапкерге карата актысынын болбошу.   

2. Талапкер шайланган/дайындалгандан кийинки он жумуш күнү ичинде АФКМ төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен шайлангандар/дайындалгандар жана/же орун алган өзгөрүүлөр туралуу Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына маалымдоого тийиш:  

талапкерди шайлагандыгы же ээлеген кызматынан бошоткондугу жөнүндө чечим кабыл алган ыйгарым укуктуу башкаруу органынын отурумунан толтурулган протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;  

талапкерди милдетин аткаруучу катары дайындоо жөнүндө буйруктун, күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн. Улуттук банк талапкердин белгиленген талаптарга ылайык келүүсү жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин АФКМ аны дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн берүүгө тийиш;  

белгиленген формадагы анкетаны (5-пункт);  

АФКМдин Директорлор кеңешинин Төрагасынын, документтерге биринчи кол коюуга укуктуу анын орун басарынын, Башкарма мүчөлөрүнүн жана башкы бухгалтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн кол тамгаларынын үлгүсү түшүрүлгөн карточкалар (АФКМди түзүү жана өзгөртүүлөр орун алган шартта);  

Башкарманын Төрагасынын жана башкы бухгалтеринин кызмат ордуна талапкерлер, финансы/кредит чөйрөсүндө иштеп жаткан же иштеп кеткен адамдардан кошумча дагы эки жолдомону берүүгө тийиш (мында Улуттук банктын кызматкерлеринен, талапкердин жакын туугандарынан, АФКМ жетекчисинен жана анын кызматкерлеринен жолдомо алынышына жол берилбейт).  

Эгерде талапкер Кыргыз Республикасынын резидент эмеси болуп саналса, АФКМ отуз календардык күн ичинде шайлангандыгы/дайындалгандыгы жана/же орун алган өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматтарды, жогоруда белгиленген документтердин топтомун кошо тиркөө менен Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгына бериши зарыл.   

Чет тилде толтурулган документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилине жана/же расмий тилге которулуп, белгиленген мыйзамдык тартипте күбөлөндүрүлүшү зарыл.   

3. Кароого сунушталган документтер толук берилгендиги, толтурулган анкеталардын тактыгы жана талапкерлердин Улуттук банк белгилеген талаптарга ылайык келүүсү көз карашынан, берилген күндөн кийинки отуз календардык күн ичинде Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы тарабынан каралат.   

Талапкердин Улуттук банктын талаптарынаа ылайык келүүсү/ылайык келбөөсү жөнүндө чечим, кабыл алынган күндөн кийинки үч жумуш күнү ичинде АФКМге жөнөтүлүшү зарыл.  

Берилген документтер белгиленген талаптарга ылайык келбей калган жана/же толук берилбеген шартта, алар толукталып берилиши үчүн кайтарылат. Документтерди кароо мөөнөтү, талап кылынган документтер алынган тартып башталат.   

Директорлор кеңешинин Төрагасы, Башкарманын Төрагасы, башкы бухгалтердин жана Ички аудит кызматынын начальнигинин же ички аудитордун кызмат орундарына талапкерлердин Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсү/ылайык келбей калгандыгы жөнүндө чечим, Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан кабыл алынат.  

Улуттук банктын Төрагасынын Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары Директорлор кеңешинин мүчөсү, Башкарманын мүчөсү жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчиси кызмат ордуна талапкерлердин Улуттук банктын талаптарына ылайык келүүсү/ылайык келбеши жөнүндө чечимди кабыл алат.  

Талапкерлердин документтерин кароо учурунда инспектордук текшерүүлөрдүн, ошондой эле кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан талапкерлерге карата жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө алынган маалыматтар эске алынышы мүмкүн.  

Ички аудит кызматынын жетекчисинин же ички аудитордун кызмат ордуна талапкерлер жогоруда белгиленген талаптарга кошумча, Кыргыз Республикасынын аудит боюнча мыйзамдарын билүүсү жана ички аудиттин кесиптик стандарттарын, Аудиттин эл аралык стандарттарын жана финансылык отчеттулуктун эл аралык стандарттарын колдоно билиши зарыл. Бул багыттагы билим деңгээли тиешелүү сертификаттар менен тастыкталууга тийиш (Банктык окуу борборунун, Бухгалтерлер жана аудиторлор бирикмесинин жана башка окуу борборлорунун).  

4. Анкета 

1. Аты-жөнү_______________________________________________________  

2. Анкета эмнеге байланыштуу толтурулуп жаткандыгын астын сызып белгилегиле:  

1) Директорлор кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо; 2) Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн кызмат ордуна шайлоо; 3) Башкарманын төрагасынын кызмат ордуна дайындоо; 4) Башкарманын мүчөсүнүн кызмат ордуна дайындоо; 5) Башкы бухгалтердин кызмат ордуна дайындоо; 6) Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин кызмат ордуна дайындоо.  

3. АФКМде сунуш кылынган позицияны көрсөткүлө: ___________________________________________________________ (АФКМдин аталышы, кызмат орду)  

4. Аты-жөнүңүздү өзгөрткөн болсоңуз, качан жана эмне себептен өзгөрткөндүгүңүздү көрсөтүңүз ___________________________________________  

5. Туулган күнү _____________ туулган жери _______________  

6. Паспорт сериясы______________ номери___________________________ ким тарабынан берилген _______________________ берилген күнү ____________  

7.Жарандыгы______________________________________________________  

Туулган жери боюнча, никеге тургандан кийин, башка жагдайлар боюнча берилгенби кыскача түшүндүрмө бергиле:____________________________________________________________  

8. Үй дареги (документтер боюнча), тел.:__________________________  

Учурда жашаган жери __________________________________________  

9. Төмөнкүлөр боюнча билими тууралуу маалыматтар:  

- кредиттик союздар тууралуу мыйзамдарды кошо алганда, банктык мыйзамдар___________________________________________________________  

- корпоративдик башкаруу _________________________________________  

- тобокелдиктерди тескөө ____________________________________________  

- кредиттик иш ____________________________________________  

- бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү _______  

- ликвиддүүлүктү тескөө ___________________________________  

- аудитордук иш жана аудиттин Эл аралык стандарттары тууралуу мыйзамдарды _________________________________________________________  

  

10. Негизги иштеген жери жана ээлеген кызматы___________________________________________ _____________________________________________________________________________________  

11. Кызматтык дареги, телефон, факс,______________________________  

12. Билим деңгээли ____________________________________________________________  

(жогорку, толук эмес жогорку, бакалавр, магистр, атайын орто, орто) 

 

Окуу жайынын  

аталышы жана  

жайгашкан  

жери  

Факультети  

же бөлүмү  

Тапшырган жана  

бүтүргөн жылдары  

Диплом боюнча  

адистиги  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

Окуу борборлорунда өткөрүлгөн курстардан билим алгандыгы  

Семинардын же  

курстун темасы  

Семинарды  

уюштуруучу  

Өткөрүлгөн  

жери  

Өткөрүлгөн  

күнү  

Сертификаттын  

болушу  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

13. Эмгек жолун баштагандан берки аткарган иши 

Ишке кирген  

күнү  

Иштен бошогон күнү  

Ээлеген кызматы  

Мекеменин аталышы, жайгашкан жери, жумуш берүүчүнүн аты-жөнү  

Иштен бошоп кетүү себептери  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

14. Жолдомо бергендер:  

1. Аты-жөнү_______________________________________________________  

2. Иштеген жери жана ээлеген кызматы______________________________  

3. Үй дареги, тел., факс, эл.почтасы________________________________  

  

1. Аты-жөнү_______________________________________________________  

2. Иштеген жери жана ээлеген кызматы______________________________  

3. Үй дареги, тел., факс, эл.почтасы________________________________  

15. Акыркы он жыл ичинде кайсы өлкөдө болбосун Сиз түзүүчүсүнөн, акционеринен, жетекчисинен болгон компанияларды (жетекчи болуп шайланган же дайындалган АФКМди кошо алганда) көрсөткүлө:  

 Компаниянын  

аталышы,  

жайгашкан  

жери   

Компания-нын негизги   

иш   

багыты   

Ээлик  

кылып турган   

акциялардын  

саны   

Суммасы сом менен  

Компаниянын уставдык капиталындагы үлүш, % менен   

Компаниянын  

жетекчиси   

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

16. Кайсы бир өлкөдө, качандыр бир убакта Сизге же Сиз олуттуу катышуучусу, контролдоочу адамы жана/же Директорлор кеңешинин мүчөсү же болбосо башка кызмат адамы болгон компанияга карата:  

- укук бузгандык жана/же кылмыш жасагандык үчүн айып коюлганбы (ооба/жок)__________________________________________________________  

- айыптоо чаралары колдонулганбы (ооба/жок)_________________  

Бул жагдайлар орун алса, укук коргоо органынын аталышын, кайсы болбосун мамлекеттик орган тарабынан коюлган айып же колдонулган тартип чарасын, териштирүүнүн жыйынтыктарын, соттун чечимин көрсөткүлө:_______________________________________________  

17. Сиздин же 15-пунктта көрсөтүлгөн компаниялардын биринин, анда кызмат ордун ээлөөгө талап кылган АФКМ ортосунда жалпы кызыкчылык барбы? Болсо кеңири түшүндүрмө бергиле:__________________________________________________________________________________ 

18. Акырына чейин өтөлбөгөн соттолгондугуңуз барбы, болгон болсо, түшүндүрмө бергиле.  

_________________________________________________________________________________________ 

 Сизге карата кандайдыр-бир кесиптик иш менен алектенүүгө тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынганбы? Болгон болсо түшүндүрмө бергиле: __________________________________________________________ 

19. Сиз жетекчисинен, кызмат адамынан (Директорлор кеңешинин мүчөсү, Башкарманын мүчөсү, башкы бухгалтер/финансылык менеджер) же олуттуу катышуучусунан (акциялардын 10 же андан ашык пайызына ээлик кылуу) болгон, мажбурлоо тартибинде банкрот деп таанылган же мажбурлап жоюу процессинде турган ар бир компанияны атагыла:___________________________________________________________  

 Сиз жетекчисинен, кызмат адамынан же олуттуу катышуучусунан болгон, мажбурлап банкрот же жоюу процессинде турган компаниядагы Сиздин ролуңузга жана жоопкерчилик чөйрөңүзгө кеңири негиздеме бергиле:___________________________________________________________________________________ 

  

20. Кимдир бирөө алдында ссудалык карызыңыз (башка милдеттенмелериңиз) болгон болсо, ар бир карыз (милдеттенме) боюнча төмөндөгү маалыматтарды бергиле:   

Кредитордун аталышы  

Берилген күнү  

Карыздын суммасы, миң сом  

Пайыздык чен  

Эмне максат үчүн алынгандыгы  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

   

Күрөө жөнүндө маалыматтын берилиши жана суммасы  

Төлөө мөөнөттөрү  

Алынган карыздын калдыгы,  

миң сом  

Пайыз боюнча карыздын калдыгы, миң сом  

Мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз (негизги сумма, пайыз)  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

  

21. Сиз кандайдыр бир финансы-кредиттик мекемелерге жеке өзүңүз алган кредит боюнча, ошондой эле гарант, кепилдик берген кредит боюнча карызды төлөй албай калган учурлар болгонбу? Болсо түшүндүрмө бергиле:_________________________________________________  

_________________________________________________________________________________________________________________________________________  

22. Учурда Сиз кандайдыр бир соттук териштирүүгө катышып жатасызбы? Болсо түшүндүрмө бергиле: _______________________________________________________________________________________________________________  

23. Төмөндөгү маалыматтарды бергиле: 

1. Активдер жана милдеттенмелер боюнча "___" ______________ карата жеке отчет.  

1-таблица  

  

Активдер  

Суммасы (сом түрүндө/ал эми чет өлкөлүк уюштуруучулар үчүн АКШ долларында)  

1  

Нак акча  

  

2  

Финансы-кредиттик мекемелердеги депозиттик каражаттар  

  

3  

Компаниядагы инвестициялар (2-таблица)  

  

4  

Баалуу кагаздар  

  

5  

Кыймылсыз мүлк, анын ичинде күрөөгө коюлган же арест коюлган мүлк  

  

6  

Дебитордук карыз, анын ичинде карызга берилген каражаттар  

  

7  

Башка активдер  

  

  

Бардык активдер  

  

  

Милдеттенмелер  

  

1  

Кредиттер боюнча карыздар  

  

2  

Кредитордук карыздар  

  

3  

Башка милдеттенмелер  

  

  

Бардыгы болуп, милдеттенмелер  

  

  

Таза нарк (активдер-милдеттенмелер)  

  

  

Берилген жеке гарантиялар  

  

  

2-таблица  

  

Киреше булактары  

Өткөн жыл  

Өтүп жаткан 20___ жыл (күтүлүп жаткан сумма)   

1  

Негизги иштеген жери боюнча эмгек акы (сыйлыктарды кошо алганда)  

  

  

2  

Дивиденддер  

  

  

3  

Пайыздар  

  

  

4  

Башка кирешелер  

  

  

  

Бардыгы болуп  

  

  

  

Чыгашалар  

  

  

1  

Чыгашалар (жеке керектөөгө)  

  

  

2  

Кредиттер боюнча төлөөлөр, негизги сумма, пайыздар  

  

  

3  

Башка чыгашалар (көрсөткүлө)  

  

  

  

Бардыгы болуп, чыгашалар  

  

  

  

Таза киреше (чыгаша)  

  

  

  

24. Үй-бүлөлүк абалы______________________________________________  

16 жаштан ашкан жакын туугандарыңызды (ата-энеңиз, балдарыңыз, жубайыңыз, бир туугандарыңыз, эже-карындаштарыңыз) көрсөтүңүз:  

 Аты-жөнү  

Туугандык  

мамилеси  

Туулган күнү  

жана жери   

Иштеген жери, ээлеген кызматы  

Үй дареги,  

телефон  

  

25. Акцияларына ээлик кылуудан тышкары, Сиз кызматка орношууга ниеттенип жактан АФКМ менен кандай негизде байланышыңар, кандай кызыкчылыгыңар бардыгы жөнүндө толук маалымат бергиле (3-эскертүүнү караңыз). Мындан тышкары, кызмат ордуна макулдашуу учурунда каралууга тийиш деп эсептеген башка маанилүү маалыматты көрсөткүлө: ________________________________________________________________________________________________________  

Мен,______________________________________________________________________________________________________________ 

(аты-жөнү

 

Анкетада келтирилген бардык маалыматтар так жана толук экендигин жана алар анкетада көрсөтүлгөн суроолор боюнча менин билимиме жана берген маалыматыма ылайык экендигин тастыктаймын. Атайы бурмалоолорго барып, ката кетирген болсом, алар мага сунушталып жаткан кызмат ордуна макулдашуудан баш тартуу үчүн негиз болоорун жана мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке алып келээрин толук түшүнөм.  

____________________ 20_____-жылдын "__" ____________ күнү  колу