Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын  

Юстиция министрлигинде  

2004-жылдын 23-августунда  

№93-04 номеринде   

каттоодон өткөртүлгөн  

  

Кыргыз Республикасынын   

Улуттук банк Башкармасынын  

2004-жылдын 21-июлундагы   

№ 18/1 токтому менен бекитилген  

  

   

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон экономикалык ченемдер жана талаптар жөнүндө жобо 

 

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор: Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы №26/3 токтому менен бекитилген жана Юстиция министрлигинде 2004-жылдын 19-ноябрында 132-04 номеринде каттоодон өткөртүлгөн; 

Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5 токтому менен бекитилген жана Юстиция министрлигинде 2005-жылдын 16-сентябрында 132-05 номеринде каттоодон өткөртүлгөн; 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 28-мартындагы №16/4 токтому менен бекитилген жана Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 26-апрелинде 47-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн; 

Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 22-августундагы 38/14 токтому менен бекитилген жана Юстиция министрлигинде 2007-жылдын 14-сентябрында 85-07 номеринде каттоодон өткөртүлгөн; 

Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 16-январындагы №3/2 токтому менен бекитилген жана Юстиция министрлигинде 2008-жылдын 22-февралындагы 10-08 номеринде каттоодон өткөртүлгөн; 

Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 10-июнундагы №26/2 токтому менен бекитилген жана Юстиция министрлигинде 2009-жылдын 10-июлунда 72-09 номеринде каттоодон өткөртүлгөн; 

Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы №52/4, 2012-жылдын 25-апрелиндеги №18/8, 2012-жылдын 25-апрелиндеги 18/9, 2012-жылдын 16-ноябрындагы №43/1,  

2014-жылдын 27-ноябрындагы №53/9, 2014-жылдын 24-декабрындагы №58/14, 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/23, 2016- жылдын 10-февралындагы №7/3, 2016- жылдын 14-декабрындагы №48/11, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-5-(НПА), 2017-жылдын 16-августундагы №2017-П-12/34-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

 

  

  

1. Жалпы жоболор 

 

 1.1. Жобо бардык коммерциялык банктарга, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктарга, ошондой эле алар тарабынан банктык операцияларды жүзөгө ашырууда колдонулган атайы иштелип чыккан терминдерди (атоолорду) эске алганда, «ислам терезесине» ээ банктарга жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына (мындан ары - банктар) таркатылат.   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

1.2. Банктар тарабынан аткарылууга тийиш болгон милдеттүү экономикалык ченемдерди жана талаптарды белгилөө бул жобонун максаты болуп саналат.   

1.3. Ушул жободо көрсөтүлгөн экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткаруу жана тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында, банктарга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары текст боюнча “Улуттук банк”) тарабынан белгиленген чектердин максималдуудан төмөн жана минималдуудан жогору болууга тийиш экономикалык ченемдер жана талаптар боюнча ички чектерди белгилөө сунушталат.   

1.4. Улуттук банктын алдыга койгон максаттарынын жана милдеттеринин аткарылышына жетишүү үчүн Улуттук банк Башкармасы өзүнчө токтом менен ушул жободо белгиленген экономикалык ченемдердин жана талаптардын маанисин чектелген мөөнөткө өзгөртүшү мүмкүн. 

 

2. Бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1) 

 

2.1. Банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү төмөнкү мааниден ашпоого тийиш: 

- банктардан тышкары, карыз алуучулар же байланыштуу карыз алуучулар тобу үчүн (К1.1) 20%; 

- банктар үчүн (К1.3) 30%; 

2.2. Банк менен байланыштуу бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмү төмөнкү мааниден ашпоого тийиш: 

- банктардан тышкары, карыз алуучулар же байланыштуу карыз алуучулар тобу үчүн (К1.2) 15%; 

- банктар үчүн (К1.4) 15%; 

2.3. Банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөө тартиби Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Кредиттөөдө чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө» нускоого ылайык аныкталат. 

2.4. Банк менен байланыштуу болгон бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна карата тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөө тартиби «Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө» нускоонун 6-бөлүгүнө жана Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген «Банктын аффилирленген жактар жана банк менен байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар» жөнүндө нускоого ылайык аныкталат. 

 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

3. Капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттары (К2) 

 

3.1. Улуттук банк Башкармасы тарабынан белгиленген капиталдын минималдуу өлчөмү:   

3.1.1. Банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү.   

3.1.2. Өздүк (регулятивдик) капиталдын минималдуу өлчөмү.  

 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.2. Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча салмактап кароого негизденген капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенттери: 

- суммардык капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.1) кеминде 12%; 

- биринчи деңгээлдеги капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.2) кеминде 6%. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

3.3. Левераж (К 2.3) 8 пайыздан кем эмес.  

3.4. Капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттары жана аларды эсептөө тартиби Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоого ылайык аныкталат. 

 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

4. 4. Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К3) 

  

4.1. Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К3.1) 45%дан төмөн болбогон деңгээлде колдоого алынып турууга тийиш.  

4.2. Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

К3.1 = (ЛА / ОБ)*100%, мында: 

1) ЛА-ликвиддүү активдер, аларга төмөнкүлөр кирет: 

- банктын кассасындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валюталарындагы нак акча каражаттар; 

- Улуттук банктагы корреспонденттик эсептериндеги жана башка эсептердеги каражаттар, ошондой эле баалуу металлдар түрүндөгү каражаттар;  

- банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар, ошондой эле баалуу металлдар түрүндөгү каражаттар;  

- жүгүртүү мөөнөтү 7 күндүк банктар аралык депозиттер; 

- Мамлекеттик казына векселдери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Улуттук банк тарабынан чыгарылган башка жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар (мындан ары жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар). Бул баалуу кагаздар ликвидүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) эсептөөдө премияны (дисконтту) жана ишке ашырылбаган пайданы (чыгымды) минуска чыгаруу менен эске алынат; 

- банктын ээси көрсөтүлбөгөн металл эсептериндеги каражаттар; 

- банктын жооптуу сактоодогу металл эсептериндеги каражаттар. 

- «Standard & Poor's» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)», «Moodys Investors Service» сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ мамлекеттер тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2) БМ банктын милдеттенмелери, ликвиддүүлүк ченемин эсептөөдө аларга төмөнкүлөр кирет: 

- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, ошондой эле эсептешүүдөгү акча каражаттары; 

- эгерде келишим шарттарында акча каражаттарын бөлүп толуктоо жана.... азайтылбаган калдыкты эске албаганда, келишимди токтотуусуз жана айыптык пайыздык чендерди төлөөсүз эле, кардар тарабынан мөөнөтү бүткөнгө же башка милдеттенмелер келип чыкканга чейин эле акча каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгү каралган болсо, мөөнөттүү аманат (депозит) суммасы; 

- банк тарабынан чыгарылган векселдерди жана башка баалуу кагаздарды кошо алганда, кайсы болбосун башка милдеттенмелер, кайтарым репо-келишими боюнча сатылган баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелер, ошондой эле алар боюнча эсептешүү отчеттук күндөн кийинки 30 күн ичинде келип жеткен, баланстан тышкаркы милдеттенмелер. Мында, банктын своп жана форвард бүтүмдөрү боюнча милдеттенмелери банктын контрагентке карата талаптарын минуска чыгаруу менен милдеттенмелердин таза наркынын негизинде эске алынат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.3. Ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) эсептөөдө классификацияланган банктар аралык жайгаштыруулар ликвиддүү активдер курамына камтылбайт. 

Эскертүү: «Улуттук банк Башкармасынын токтому менен бекитилген, активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга каралган камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө жобо.   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.4. Банктын милдеттенмелери боюнча камсыздоо болуп саналган кайсы болбосун ликвиддүү активдер, ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар ликвиддүү активдердин курамынан чыгарылат.  

4.5. Эгерде банк кредитти кайтарып берүү мөөнөтү келип жеткенге чейин күрөө алынбай тургандыгына кепилдик берген зарыл жол-жоболорго жана контролдук системасына ээ болсо, банк тарабынан кабыл алынган жана кардарларга сунуштаган активдер боюнча камсыздоо болуп саналган депозиттер банктын милдеттенмелеринин курамына кирбейт.  

Банктар тарабынан алынган жана банкта-контрагентте акча каражаттар жана/же депозит сыяктуу күрөө түрүндө камсыздоого ээ болушкан банктар аралык кредиттер банктын милдеттенмесинин курамына киргизилбейт, эгерде банк кредиттин орду күрөө эсебинен толугу менен жабылышы мүмкүн экендигин гарантиялаган зарыл жол-жоболорго жана контролдоо системасына ээ болсо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.6. Ликвиддүүлүк тобокелдигин азайтуу максатында, банк жетекчилиги активдерди жана милдеттенмелерди күн сайын тескөөгө алып турууга тийиш. Банк ликвиддүүлүк ченемин отчеттук мезгил ичинде (бир айда) орточо жумалык маалыматтардын негизинде сактоого тийиш. Отчеттук мезгил ичинде банк орточо жумалык ликвиддүү активдердин жана банктын кыска мөөнөттүү милдеттенмелеринин маанисин отчеттук күнгө карата эсептейт (орточо жумалык маанини эсептөөдө жумуш күндөрү гана эске алынат). Орточо көрсөткүчтөр орточо арифметикалык маалыматтарды эсептөө ыкмасы боюнча эсептелинет.  

4.7. Банк ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө саясатын иштеп чыгууга тийиш, анда эң эле аз дегенде төмөнкүлөр камтылышы зарыл:  

- каражаттардын агылып киришин жана агылып чыгышын күн сайын эсептөөлөр жана ага мониторинг жүргүзүү, ошондой эле ликвиддүүлүккө болгон күндөлүк керектөөлөргө жана милдеттенмелердин аткарылышынын камсыз кылынышына контролдукту жүргүзүү үчүн банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин ордун жабуу мөөнөттөрү аралыгындагы ажырымга күн сайын жүргүзүлгөн мониторинг;  

- зарыл болгон ликвиддүүлүккө болжолдоолор;  

- түзүмүн, ошондой эле депозиттик базанын жана башка карыздык каражаттардын туруктуулугуна баа берүүлөр;  

- ресурстардын наркы;   

- акча рыногунда карыз алуу жөндөмдүүлүгү;   

- активдердин сапаты;  

- баланстан тышкаркы милдеттенмелердин аткарылышы;  

- ликвиддүүлүк кризиси учурундагы пландаштыруу;  

- чет өлкө валюталарындагы ликвиддүүлүктүн тескөөгө алынышы;  

- ликвиддүүлүк тобокелдигинин тескөөгө алынышына ички контролдук;  

- жетекчилердин кароосуна сунушталуучу зарыл отчеттор.  

4.8. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) (К3.2) 35% төмөн болбогон деңгээлде кармап туруу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.9. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К3.2) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

К3.2 = (ВЛА / КОБ) * 100, мында: 

1) ВЛА жогорку ликвиддүү активдер, аларга төмөнкүлөр кирет: 

а) банктын кассаларындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттар; 

б) Улуттук банктагы корреспонденттик жана башка эсептердеги каражаттар, ошондой эле баалуу металлдар түрүндөгү каражаттар;  

в) аффилирленген банктарды эске албаганда, «Standard and Poors», «Fitch Ratings», «Moodys Investors Service», «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы корреспонденттик эсептердеги, ошондой эле баалуу металл түрүндөгү каражаттар. 

г) эгерде келишим шарттарында депозитти 7 күн ичинде алуу каралса, аффилирленген банктарды эске албаганда, «Standard and Poors», «Fitch Ratings», «Moodys Investors Service», «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы депозиттер»; 

д) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталары; 

е) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган, 7 күнгө чейин төлөө мөөнөтүндөгү мамлекеттик баалуу кагаздар; 

ж) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздардын Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдындагы милдеттенмелеринин жалпы суммасынын 50% ашпаган өлчөмдөгү үлүшү

з) репо келишимдери боюнча сатылып алынган жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар; 

и) аффилирленген банктарды, ушул пункттун 1-пунктчасынын «в» пунтчасында көрсөтүлгөн банктарды, тике банктык көзөмөлдүк киргизилген, же жоюу жол-жобосу жүзөгө ашырылып жаткан банктарды кошпогондо, башка банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттардын 20%; 

к) чет өлкө банкынын филиалы үчүн ушул чет өлкө банкынын башка филиалдарындагы жана ошол мамлекеттин валютасында ачылган корреспонденттик эсептердеги каражаттар. 

л) «Standard & Poor's» рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган «А» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү суверендүү кредиттик рейтингге же «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Fitch Ratings», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)», «Moodys Investors Service» сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган бирдей рейтингге ээ мамлекеттер тарабынан чыгарылган мамлекеттик баалуу кагаздар. 

м) банктын ээси көрсөтүлбөгөн металл эсептериндеги каражаттар.»; 

2) КОБ- кыска мөөнөттүү милдеттенмелер: 

а) юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, эсептердеги акча каражаттар; 

б) эгерде келишим шарттарында төмөндөтүлбөгөн калдыкты эске албаганда, келишимди токтотуу жана айыптык пайыздык ченди төлөө зарылчылыгысыз, мөөнөтү бүткөнгө чейин же башка милдеттенмелер келип жеткенге чейин кардардын акча каражаттарды жарым жартылай толуктоо жана жарым жартылай алып салуу мүмкүнчүлүгү каралган болсо, мөөнөттүү аманаттын (депозиттин) суммасы; 

в) башка милдеттенмелер, анын ичинде алар боюнча эсептешүүлөр 7 күн ичинде келип жетүүчү баланстан тышкаркы милдеттенмелер. Мында, банктын своп жана форвард бүтүмдөрү боюнча милдеттенмелери банктын контрагентке карата талаптарын минуска чыгаруу менен милдеттенмелердин таза наркынын негизинде эске алынат.»; 

г) ушул пунктчанын «а» «в» абзацтарында камтылбаган, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду алдындагы милдеттенмелеринин жалпы суммасынын 50%;  

д) жеке адамдардын жана юридикалык жактардын талап боюнча төлөнүүчү жана мөөнөтү жакынкы 7 күн ичинде келип жеткен ээси көрсөтүлбөгөн металл эсептери боюнча милдеттенмелери. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.10. Банктын милдеттенмеси боюнча камсыздоо болуп саналган, кандай болбосун ликвиддүү активдер, ошондой эле репо-келишими боюнча сатылган жогорку ликвиддүү баалуу кагаздар, ликвиддүү активдердин курамынан чыгарылат. 

4.11. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк тобокелдигин басаңдатуу максатында, банк жетекчилиги активдерди жана милдеттенмелерди күн сайын тескөөгө алып турууга тийиш. Банк, орточо жумалык маалыматтардын негизинде (7 календардык күн) иш күндөрүн, эс алуу күндөрүн жана майрам күндөрүн кошо алганда, отчеттук жума ичинде кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) сакталышын камсыз кылууга тийиш. Орточо жумалык маалыматтарды эсептөөдө, операциялык күндүн акырына карата абал боюнча күндөлүк маалыматтар эсепке алынат. Орточо көрсөткүчтөр орточо арифметикалык маалыматтарды эсептөө ыкмасында эсептелинет.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.12. Ликвиддүүлүктү дароо толуктоо ченемин (көрсөткүчүн) (К3.3) депозиттик базасы (юридикалык жактардын, жеке адамдардын жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун эсептери) бүтүндөй банк тутумунун депозиттик базасынын 8%ын жана андан көбүрөөгүн түзгөн банктар колдоого алып турууга тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.12. Ликвиддүүлүктү дароо толуктоо ченеми (көрсөткүчү) (К3.3) төмөнкү формула боюнча аныкталат: 

К3.3 = (ВЛА / КОБ)*100%, мында: 

1) ВЛА жогорку ликвиддүү активдер:  

- банктын кассасындагы жана банкоматтарындагы улуттук жана чет өлкө валютасындагы нак акча каражаттары; 

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы корреспонденттик жана башка эсептердеги каражаттар; 

- аффилирленген банктарды эске албаганда, “Standard & Poor's” (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган, “BB” категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же башка эл аралык рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган ушундай эле рейтингге ээ банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар; 

- аффилирленген банктарды, ушул пунктун 1-пунктчасынын төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн банктарды, ошондой эле тике банктык көзөмөл, убактылуу администрация же консервация чарасы киргизилген же болбосо жоюу жол-жобосун башынан кечирип жаткан банктарды эске албаганда, башка банктардын корреспонденттик эсептериндеги каражаттардын 20 %; 

- аффилирленген банктарды эске албаганда, «Standard and Poors», «Fitch Ratings», «Moodys Investors Service», «Japan Credit Rating Agency (JCR)», «Dominion Bond Rating Service (DBRS)» сыяктуу рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган, «BB» же «Ва2» деңгээлинен төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттар; 

- аффилирленген банктарды, ушул пункттун 1-пунктчасынын төртүнчү абзацында көрсөтүлгөн банктарды, ошондой эле жоюу жол-жобосун жүзөгө ашыруу үчүн тике банктык көзөмөлдүк киргизилген банктарды эске албаганда, башка банктардагы корреспонденттик эсептердеги каражаттардын 20%. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

2) КОБ кыска мөөнөттүү милдеттенмелер:  

- юридикалык жактардын жана жеке адамдардын улуттук жана чет өлкө валютасындагы талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, эсептешүүлөрдөгү акча каражаттар; 

- башка милдеттенмелер, анын ичинде алар боюнча эсептешүүлөр отчеттук операциялык күн ичинде ишке ашырылган баланстан тышкаркы милдеттенмелер. 

4.14. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк тобокелдигин басаңдатуу максатында, банк жетекчилиги активдерди жана милдеттенмелерди күн сайын тескөөгө алып турууга тийиш. Банк дароо ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү)отчеттук операциялык күндүн акырына карата да так сактоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.15. Банктын тобокелдикти тескөө саясаты кыска мөөнөттүү жана дароо толукталчу ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө жөнүндө жобону камтууга тийиш, анда эң аз дегенде төмөнкүлөр камтылуусу зарыл: 

- каражаттардын күндөлүк агылып кирүүсүн жана агылып чыгуусун өлчөө жана ага мониторинг жүргүзүү, ошондой эле кыска мөөнөттүү жана дароо толукталчу ликвиддүүлүккө болгон күндөлүк керектөөнү контролдоо үчүн банктын жогорку ликвиддүү активдеринин жана кыска мөөнөттүү милдеттенмелерин ордун жабуу мөөнөттөрүндөгү ажырымга күндөлүк мониторинг жүргүзүүнү

- зарыл болгон кыска мөөнөттүү жана дароо толукталчу ликвиддүүлүктү болжолдоону; 

- депозиттик базанын түзүмүнө жана туруктуулугуна баа берүүнү

- ресурстардын наркын; 

- акча рыногунда карыз алуу жөндөмдүүлүгүн; 

- активдердин сапатын; 

- баланстан тышкаркы милдеттенмелердин аткарылышын; 

- ликвиддүүлүккө байланыштуу кооптуу жагдайлар келип чыккан шартка карата пландаштырууну; 

- чет өлкө валютасындагы ликвиддүүлүктү тескөөнү

- кыска мөөнөттүү жана дароо толукталчу ликвиддүүлүк тобокелдигинин тескөөгө алынышына ички контролдукту; 

- жетекчиликке сунушталуучу отчетторду. 

4.16. Дароо ликвиддүүлүк ченемин (көрсөткүчүн) (К3.3) сактоого тийиш болгон банктардын тизмеси, ошондой эле конкреттүү банк үчүн ченемдин (К3.3) мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан белгиленет, мында коммерциялык банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдардын системалуулук критерийлери жөнүндө жобонун номалары эске алынат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

4.17. (К3.1), (К3.2) жана (К3.3) ченемдери Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылбайт.  

 

5. Ачык валюта позицияларынын лимити (K 4)   

  

5.1. Ачык валюта позияларынын лимити (K 4) төмөнкү маанилерден жогору болбоого тийиш:  

- ар бир валюта боюнча ачык узун/кыска валюта баланстык/баланстан тышкаркы позициялары үчүн (К 4.1) - банктын таза суммардык капиталынан 15% жогору эмес;   

- ачык узун валюта позицияларынын суммардык көлөмү үчүн (К 4.2) - банктын таза суммардык капиталынын 20% жогору эмес.   

- ачык кыска валюта позицияларынын суммардык көлөмү үчүн (К 4.3) банктын таза суммардык капиталынын 20% жогору эмес. 

Баалуу металлдар менен операцияларды ишке ашырган банктар үчүн баалуу металл түрүндөгү ачык позиция лимити (К4) төмөнкү маанилерден ашпоого тийиш: 

- баалуу металлдын ар бир түрү боюнча узун/кыска ачык баланстык/баланстан тышкаркы позициянын лимити үчүн (К4.4) банктын таза суммардык капиталынын 15% ашык эмес; 

- баалуу металлдарда узун ачык позициялардын суммардык өлчөмү үчүн (К4.5) банктын таза суммардык капиталынын 20% ашык эмес; 

- баалуу металлдарда кыска ачык позициялардын суммардык өлчөмү үчүн (К4.6) банктын таза суммардык капиталынын 20% ашпаган.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

5.2. . Ачык валюта позиция лимиттери «Кыргыз Республикасынын аймагында коммерциялык банктардын ачык валюта позиция лимиттерин сактоо тартиби жөнүндө» нускоого ылайык эсептелинет.   

 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

6. Жеке адамдар алдындагы милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К 5)  

  

6.1. Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери жана жеке адамдар алдындагы башка милдеттенмелер боюнча (К 5.1) тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми төмөнкү формула боюнча эсептелинет:   

  

К 5.1 = ЧСК /СДФЛ * 100 %,   

  

мында, ЧСК банктын таза суммардык капиталы;  

СДФЛ векселдерди, аманат (депозит) сертификаттарын, облигацияларды, чектерди ж.б. кошо алганда, жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттеринин жана алар алдындагы башка милдеттенмелердин суммасы.   

  

6.2. Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (К 5.2) төмөнкү формула боюнча эсептелинет:  

  

К 5.2 = ЧСК / ДВФЛ * 100 %,   

  

мында, ЧСК банктын таза суммардык капиталы;  

ДВФЛ жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин суммасы.   

  

6.3. Бул ченемдер, ошондой эле алардын мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими боюнча белгилүү бир банк үчүн өзүнчө белгиленет.   

Аталган ченемдер Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына таркатылбайт.  

6.4. Банк жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери боюнча тобокелдиктин жана жеке адамдар алдындагы башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөм ченемин (К 5.1) күн сайын, ал эми жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин (К 5.2) - отчеттук мезгил (бир ай) ичинде орточо жумалык маалыматтардын негизинде сактоого тийиш. Отчеттук мезгил ичинде банк жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттеринин орточо жумалык маанисин эсептөөгө тийиш, аларды эсептөөдө иш күндөрү гана эсепке кирет. Орточо көрсөткүчтөр орточо арифметикалык маалыматтарды эсептөө ыкмасы боюнча эсептелет.  

6.5. Күн сайын саат 9.00дө банктар Улуттук банкка жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери боюнча тобокелдиктин жана жеке адамдар алдындагы башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү ченеминин сакталышы жөнүндө отчетту (К 5.1) акыркы операциялык күндүн акырына карата абал боюнча 1-тиркемеге ылайык берүүгө тийиш.   

Отчет кагаз жүзүндө, банк жетекчисинин кол тамгасы менен тастыкталып Тышкы көзөмөл башкармалыгына берилет.   

  

7. Күрөө менен камсыздалбаган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү   

  

7.1. Күрөө менен камсыздалбаган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50 пайызынан ашпоого тийиш.   

7.2. Банк, “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан лицензия алышкан коммерциялык банктардагы жана башка финансы-кредит уюмдарда кредиттик тобокелдикти тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө” жобонун чогуу жоопкерчиликтүү топторду кредиттөө бөлүгүндө чагылдырылган шарттар жана критерийлер сакталган шартта, күрөө менен камсыздалбаган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу ченеминин эсептеринен чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги астында берилген кредиттерди алып салууга укуктуу.   

 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

7.3. Эгерде чогуу жоопкерчиликтүү топтун мүчөлөрүнө берилген кредиттердин көлөмү банктын кредит портфелинин 50 жана андан көбүрөөк пайызын түзсө, жеке адамдардан жана юридикалык жактардан тартылган депозиттердин максималдуу көлөмү, банктын таза суммардык капиталындагы өлчөмүнүн 100 пайызынан ашпоого тийиш.   

  

8. Аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялар боюнча 

тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

  

8.1. Улуттук банк Башкармасынын токтомуна ылайык аффилирленген жана/же байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин аффилирленген жана байланыштуу жактардын банк алдындагы чогуу алгандагы карызы катары туюндурулган максималдуу өлчөмү, банктын таза суммардык капиталынын 60% ашпоого тийиш.  

 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

9. Ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун инвестициянын максималдуу өлчөмү  

  

9.1. Кайсы болбосун финансылык салымдарды жана кредиттерди кошо алганда, ар бир банк эмес уюмга кайсы болбосун инвестициялардын максималдуу өлчөмү банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын өлчөмүнүн 15% төмөн болууга тийиш.   

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

9.2. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын 60% ашпоого тийиш.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

9.3. Эгерде банк узак мөөнөттүү инвестициялоо максатында кайсыл болбосун банк эмес уюмдун капиталына анын таза суммардык капиталынын 10 пайызынан ашпаган инвестиция салууну болжолдосо, банк инвестициялоо башталганга чейинки 40 (кырк) календардык күн мурда төмөнкү документтерди/маалыматты кошо тиркөө менен бул тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү

1) инвестициялоонун максаттары жана шарттары тууралуу маалымат;   

2) кийинки эки жыл ичиндеги инвестициянын кирешелүүлүгүнүн эсеби;   

3) уюм тууралуу жалпы маалымат (аталышы, жайгашкан жери, уюштуруу-укуктук формасы, ишинин түрү, рынокто кайсы убакыттан бери иштейт, менчик ээлери жана жетекчилер тууралуу маалымат);  

4) банк эмес уюм менен банктын аффилирленген же байланыштуу жактары ортосунда жалпы кызыкчылыктардын болушу жөнүндө маалымат; 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

5) банк тарабынан бул уюмга кайсы бир мезгилде берилген кредиттери жана каржылоонун башка түрлөрү жана алардын ордун жабуу жөнүндө маалымат;   

6) акыркы эки жыл үчүн уюмдун финансылык отчету (мүмкүн болушунча тышкы аудитор тарабынан тастыкталган);  

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн Улуттук банк кайсыл болбосун кошумча маалыматты сурап-билүүгө укуктуу.   

9.4. Улуттук банк, эгерде төмөнкү жагдайлар орун алса, банк каражаттарды инвестициялагандан кийин болжолдонуп жаткан инвестициялоо башталганга чейинки 10 күн мурда инвестициялоону токтотууга, ошондой эле кайсы болбосун учурда инвестициялоону токтотуу же аны чектөө талабын жөнөтүүгө укуктуу:  

- акыркы инспектордук текшерүүнүн жыйынтыктары же болбосо тышкы көзөмөлдүктүн чегинде алынган маалыматтар боюнча банктын финансылык туруктуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө же болбосо банк аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун кызыкчылыктарына коркунуч бар экендиги аныкталса;   

- инвестициялоо банктык мыйзамдарды, Улуттук банктын жазма буйруктарын же банктын Улуттук банк менен кат жүзүндөгү келишимдерин бузууга жол берүү менен банктын алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага тартылышына байланыштуу жүзөгө ашырылат;;   

- банк кайсы бир себептер боюнча бул инвестициялоого мониторинг жүргүзө албаса;   

- Улуттук банкка банк эмес уюмдун жана/же анын кызмат адамдарынын ишкердик аброюнун алгылыксыз экендигин далилдеген фактылар, ошондой эле банк эмес уюмдун жана/же анын кызмат адамдарынын буга чейинки иши кайсыл бир юридикалык жактын банкроттукка дуушарланышын же олуттуу финансылык чыгым тартышын шарттаган фактылар белгилүү болсо; 

- банк документтерди/маалыматтарды толук эмес көлөмдө берсе же болбосо такталбаган маалыматтарды берсе.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

9.5. Банк туунду же караштуу компанияны түзүүдө же сатып алууда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын жана Улуттук банктын туунду же караштуу компанияларды түзүү жана/же сатып алуу тартиби аныкталган ченемдик укуктук актыларынын талаптары аткарылууга тийиш. 

 (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

10. Кыймылсыз мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү 

  

10.1. Банктык жайларга (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү банктын төлөнгөн уставдык капиталынын өлчөмүнүн 100% ашпоого тийиш.   

10.2. Ушул жобонун максаттарында банкка тиешелүү болгон же финансылык ижара келишими боюнча банктын карамагында турган жана негизги каражат катары пайдаланылып жаткан/пайдаланылуучу кыймылсыз мүлк (курулуп жаткандарды/белгиленген кыймылсыз мүлктү кошо алганда) банктык жай катары түшүндүрүлөт.  

10.3. Кыймылсыз мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмүн эсептөөгө бардык кыймылсыз мүлктөр, ижарага алынган менчикти ыңгайлаштырууга капиталдык салымдар (операциялык жана/же финансылык ижара келишими боюнча), ошондой эле банктын жайларына ээлик кылышкан ишканалардын акцияларга же облигацияларга кайсы болбосун салымдары же ушу сыяктуу карыздык милдеттенмелери жана ушундай ишканаларга берилген жана/же алардын акциялары менен камсыздалган кредиттер камтылууга тийиш. Көрсөтүлгөн бардык активдер (финансылык ижара келишими боюнча кыймылсыз мүлктү эмке албаганда) алардын баланстык наркы боюнча эсептөөгө камтылат». 

Финансылык ижара келишими боюнча банктын карамагында турган кыймылсыз мүлк финансылык ижара боюнча милдеттенмелердин күндөлүк өлчөмүн алып салуу менен баштапкы нарк боюнча кыймылсыз мүлккө инвестициялардын максималдуу өлчөмүн эсептөөгө кошулууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

10.4. Банк бул мүлктүн баланстык наркын банктык жайларга инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн (негизги каражаттар) эсебине киргизген шартта, кызматкерлердин иштөө жана эс алуу шарттарын түзүү үчүн каралган кыймылсыз мүлккө ээ болушу мүмкүн.  

10.5. Банктык жайдын наркына кайра баа берүүнүн натыйжасында банктык жайларга инвестициялардын максималдуу өлчөмүн (негизги каражаттар) бузууга жол берилген шартта, банк Улуттук банкка банктык жайларга (негизги каражатка) инвестициялардын өлчөмүн кайра баалоо жүргүзүлгөн учурдан кийинки 12 ай ичинде Улуттук банктын талаптарына ылайык келтире тургандыгы тууралуу милдеттенме-катты жөнөтөт";  

10.6. Банк тарабынан берген кредиттери боюнча карыздардын ордун жабууга кабыл алынган мүлк, банк мыйзам талаптары сакталып, төмөнкү шарттар аткарылган учурда негизги каражат катары кабыл алышы мүмкүн:  

- мүлктү негизги каражат катары кабыл алуу банктык жайларга инвестициянын максималдуу өлчөмүнүн бузулушуна алып келбесе;   

- бул мүлк банк ишинин максаттары үчүн пайдаланылса;  

- аны пайдалануу мөөнөтү 18 айдан ашпоого тийиш.  

Берилген кредиттер боюнча карыздын ордун жабууга кабыл алынган мүлктүн наркы таза суммардык капиталдын 10% жогору болгон шартта гана Директорлор кеңешинин чечиминин негизинде негизги каражат катары кабыл алынышы мүмкүн.  

  

11. Башка мамлекеттердин баалуу кагаздарына жана мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарына инвестициянын өлчөмү   

11.1. Standard & Poor's, Fitch Ratings же Moodys Investors Service рейтингдик агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган «А» же «А2» деңгээлинен төмөн болбогон кредиттик рейтингге ээ мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын баалуу кагаздарына банктын инвестицияларынын жалпы өлчөмү банктын таза суммардык капиталынын 100 % өлчөмүнөн ашпоого тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

11.2. Банктын мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарына инвестициялардын жалпы өлчөмү, анын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50% ашпоого тийиш.   

  

12. Концентрациялануу тобокелдигин тескөө боюнча талаптар   

  

12.1. Банк концентрациялануу тобокелдигин идентификациялоого жана аны тескөөгө тийиш. Концентрациялануу тобокелдиги бул потенциалдуу жоготууларды тартуу мүмкүнчүлүгү, алар банктын финансылык абалын кыйла начарлатып, күндөлүк операциялардын жүргүзүлүшүнө тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн. Концентрациялануу тобокелдиги, белгилүү бир жактар менен гана иш алып барууда, инструменттердин, активдердин жана пассивдердин белгилүү бир түрүнө гана таянууда, ошондой эле белгилүү бир экономика тармактарында, региондордо жана өлкөлөрдө иш алып баруудан улам келип чыгышы мүмкүн. Концентрациялануу тобокелдиги бул банк тобокелдигинин обочолонбогон, жалпыланган түрү жана өзүндө төмөнкү банктык тобокелдиктердин элементтерин камтышы мүмкүн: операциялардын өзүнчө түрлөрүндө же каржылоонун өзүнчө булактарында иш алып баруунун орун алып калышынын натыйжасында кредиттик, тармактык, өлкөлүк (регионалдык).  

12.2 Банк, концентрациялануу тобокелдигин кошо алганда, тобокелдиктерди тескөө саясатын иштеп чыгууга тийиш. Концентрациялануу тобокелдигин тескөө саясатында (мындан ары - саясат) төмөнкү маселелер эске алынышы зарыл:   

- жеке кардарлар (жеке адам же юридикалык жак) менен иш алып барууда, банк өз ара байланыштуу адамдардын тобун бир кардар катары кароосу зарыл, мында өз ара байланыштуу адамдардын тобуна сунушталган банктын активдеринин ар кандай түрлөрүнүн бардык суммасы суммаланып, бир актив катары каралат;   

- акча каражаттарын тартууда, банк өз ара байланыштуу адамдар тобун бир кардар катары кароого тийиш (каражаттардын бир кардардан тартылышы банк ишине терс таасирин тийгизиши мүмкүн). Банк бул саясатта каржылоо булактарына тиешелүү ишкердикти чагылдырууга, өз ички документтеринде депозиттердин жана милдеттенмелердин (мындан ары депозиттер) башка түрлөрүн кабыл алуу шарттарын белгилөөгө, ири депозиттердин өлчөмүн аныктоого жана ар түрдүү депозиттер суммаланып, бирдиктүү депозит катары кароого алынууга тийиш болгондо, критерийлерди чагылдырууга тийиш;  

- экономиканын ар түрдүү тармактарына акча каражаттарын салууда банк ал тармактардын өз ара байланышын эске алышы зарыл. Банк өз ишин белгилүү бир экономиканын тармактарында, ошондой эле областтарда жана өлкөлөрдө жүргүзүү учурунда тобокелдиктин ар кандай түрлөрүнө дуушар болот. Экономиканын бул тармактарында, областтарда жана өлкөлөрдө абалдын начарлашы, банктын жайгаштырылган жана тартылган акча каражаттарынын кайтарылбай калышынан жана агылып чыгышынан улам, банкты жоготуу тобокелдигине дуушар кылышы мүмкүн. Мындай чыгымдардын өлчөмү көз каранды болгон негизги критерийлердин бири - концентрациялануу тобокелдиги деңгээли саналат;   

- күрөө түрлөрүнүн өлчөмүнө банк баа берүүгө тийиш. Концентрациялануу тобокелдиги банкта кредиттер боюнча күрөөлүк камсыздоонун бир түрү топтолгон учурда пайда болот. Мында, кардардын күрөөсүнүн наркы менен ишкердигинин абалы ортосунда эч кандай байланыш болбошу мүмкүн;  

- банк, жоготууларга алып келиши мүмкүн болгон тобокелдиктин ар кандай түрлөрүн өзүндө камтыган мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү табуу үчүн, ар бир финансылык инструменттерге талдап-иликтөөнү жүргүзүүгө тийиш;  

- тобокелдиктин ар кандай түрлөрүнүн өз ара байланышы жана алардын концентрациялануу тобокелдигине таасири банк тарабынан бааланууга тийиш. Тобокелдиктин ар кандай түрлөрүнүн өз ара аракеттенүүсүндө концентрациялануу тобокелдиги өсүшү мүмкүн (мисалы, кардар-импорттоочунун улуттук валютасынын девальвациясы анын кайтарылбай калуу тобокелдигин жана өлкөлүк тобокелдикти, бүтүндөй концентрациялануу тобокелдигин да жогорулатышы мүмкүн);  

- концентрациялануу тобокелдигин тескөөдө, банк өз ишин диверсификациялоо натыйжалуулугуна баа берүүгө тийиш.   

12.3 Банктын Директорлор кеңешине жана Башкармасына банк ишинин бардык түрү боюнча концентрациялануу тобокелдиги тууралуу маалымдалууга тийиш. Концентрациялануу тобокелдигин өлчөө системасы, банк ишинин ар кандай түрлөрүнөн келип чыккан концентрациялануу тобокелдигине учуроосун бириктирип туруусу зарыл. Банк кабыл алынган концентрациялануу тобокелдигин аныктоо үчүн кеминде төмөнкү позицияларды өлчөөгө тийиш:  

а) банктын салынган каражаттарынын өлчөмүн:  

- активдердин белгилүү түрлөрүнө;   

- банк менен байланыштуу жана банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга;  

- экономиканын белгилүү тармактарына;  

- республиканын областтарына (регионго);  

- өлкөгө.  

б) милдеттенмелердин белгилүү түрлөрүнүн өлчөмүн;   

в) ар кандай күрөөнүн түрлөрүнүн өлчөмүн.   

12.4. Банк концентрациялануу тобокелдигин чектөө системасын белгилөөгө тийиш, мындай система банк үчүн жол берилген концентрациялануу тобокелдигинин чектүү көлөмүн сан түрүндө аныктоого көмөктөшөт жана ал мезгил-мезгили менен каралып турууга тийиш. Банк тарабынан эң аз дегенде төмөнкү концентрациялануу тобокелдиктери белгиленүүгө тийиш:  

- айрым бир финансылык инструменттерде концентрацияланууга байланыштуу чектөөлөр;   

- бардык активдердин суммасынын салыштырма салмагындагы активдердин белгилүү түрлөрү;  

- бардык пассивдердин суммасынан салыштырма салмагындагы пассивдердин белгилүү түрлөрү;  

- таза суммардык капиталдан салыштырма салмагындагы банк менен байланыштуу бир карыз алуучунун кредиттери жана карызынын башка түрлөрү. Банк тарабынан белгиленген чектөө маанилери ушул жободо белгиленген ченемдердин маанилерин бузбоого тийиш;  

- таза суммардык капиталдан салыштырмалуу салмагындагы банк менен байланыштуу эмес бир карыз алуучунун кредиттери жана карызынын башка түрлөрү. Банк тарабынан белгиленген чектөө маанилери ушул жободо белгиленген ченемдердин маанилерин бузбоого тийиш;   

- бардык активдердин салыштырма салмагындагы бир областка салынган инвестициялар, кредиттер жана аларга теңдештирилген активдер;  

- бардык активдердин салыштырма салмагындагы бир өлкөгө салынган инвестициялар, кредиттер жана аларга теңдештирилген активдер;  

- бардык активдердин салыштырма салмагындагы бир тармакка салынган инвестициялар, кредиттер жана аларга теңдештирилген активдер;  

- банк тарабынан берилген бардык кредиттердин салыштырмалуу салмагына, банк тарабынан өз кардарларына берилген он эң ири кредиттер жана аларга теңдештирилген активдер;   

- банк тарабынан берилген бардык кредиттердин салыштырмалуу салмагына, банк тарабынан өз инсайдерлерине жана аффилирленген компанияларына берилген он эң ири кредиттер жана аларга теңдештирилген активдер;  

- бардык тартылган депозиттердин салыштырмалуу салмагындагы жеке адамдардын депозиттери;  

- банктын бардык милдеттенмелеринин суммасынын салыштырмалуу салмагындагы, банк тарабынан экономиканын бир тармагынан тартылган милдеттенмелердин белгилүү бир түрлөрү;  

- банктын бардык милдеттенмелеринин суммасынын салыштырмалуу салмагындагы, банкты каржылоонун он эң ири булактары;  

- бардык күрөөлүк камсыздоолордун суммасындагы салыштырмалуу салмагынан кредиттер боюнча күрөөлүк камсыздоонун белгилүү түрлөрү.  

Экономика тармагы, продукциянын бир түрүн алууга алып келген (товар же кызмат көрсөтүү) чарба жүргүзүүчү субъекттердин экономикалык ишкердүүлүгүнүн түрүнө жараша аныкталат. Банк экономиканын тармактары боюнча концентрациялануу тобокелдигин чектөөгө тийиш.  

12.5 Банк, эң аз дегенде ай сайын орун алган концентрациялануу тобокелдиги деңгээлинин бардык формаларына өзгөчө көңүл бурууга, учурдагы абалга талдап-иликтөөлөрдү жүзөгө ашырууга жана тобокелдикти тескөө боюнча ишти пландаштырууга милдеттүү (аналитикалык отчеттор, таблицалар, графиктер жана диаграммалар) жана алар банк жетекчилигинин кароосуна сунушталууга тийиш. Банк жетекчилиги концентрациялануу тобокелдигин тескөө саясатын мезгил-мезгили менен карап чыгууга тийиш.  

12.6 Концентрациялануу тобокелдигин тескөө боюнча маалымат, финансылык отчеттуулукту, анын ичинде банк тарабынан кабыл алынган концентрациялануу тобокелдиги өлчөмүнүн сандык көрсөткүчтөрүн жарыялоодо жетишерлик ачык көрсөтүлүүгө тийиш.   

  

13. Экономикалык ченемдердин жана банктын капиталынын кошумча запасын колдоо (“капитал буфери” индекси) аткарылышы тууралуу отчетту берүү, жарыялоо тартиби жана мөөнөттөрү 

  

13.1. Банктар бардык экономикалык ченемдерди күндөлүк негизде (ликвиддүүлүк ченемин, кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченемин жана жеке адамдардын талап боюнча төлөнгөн депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемин эске албаганда) сактоого тийиш. Ликвиддүүлүктүн жана жеке адамдардын талап боюнча төлөнгөн депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченемдери отчеттук мезгил ичинде (бир ай) сакталат. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеми отчеттук мезгил ичинде (бир жума) сакталууга тийиш. Банктар күн сайын капиталдын кошумча запасын колдоп турушу зарыл (“капитал буфери” индекси). 

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын банктар тарабынан сакталышын, капиталдын кошумча запасынын колдоого алынышын (“капитал буфери” индекси) текшерүү бухгалтердик баланстын негизинде кайсы болбосун күнгө карата абал боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Алар күндөлүк/жумалык негизде эсептеленүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы №2017-П-12/34-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

13.1-1. Банктын капиталынын («капитал буфери» индекси) кошумча запасын колдоо «Коммерциялык банктардын жана банк эмес финансы-кредит уюмдарынын системалуулук критерийлери жөнүндө» жобонун нормаларын эске алуу менен системалуу маанилүү банктарга карата колдонулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-5-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)  

13.2. Экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу отчет ушул жобого карата 1-тиркемедеги форма боюнча, мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчеттун курамында Улуттук банкка берилет.   

13.3. Экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу отчет ушул жобого карата 2-тиркемедеги форма боюнча республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жарыяланууга тийиш.   

13.4. Отчет ар бир чейрек аяктаган учурдан тартып 30 күн ичинде жарыяланууга тийиш.   

13.5. Банк чейрек сайын жарыялануучу отчеттун пайдалануучуларга кеңири таркатылышын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, жалпыга маалымдоо каражаттарын тандоону жүзөгө ашырат.  

13.6. Банк жарыяланган материалдардын көчүрмөсүн кошо тиркөө менен жарыялангандыгы жөнүндө маалыматтарды ал жарыялангандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берүүгө тийиш.  

  

14. Корутунду жоболор  

  

14.1. Банк тарабынан экономикалык ченемдер жана талаптар сакталбаса, маалыматтар сунушталбаса же болбосо туура эмес жана/же толук эмес маалыматтар сунушталса, ошондой эле экономикалык ченемдердин аткарылышы тууралуу отчетту жарыялоо мөөнөттөрү сакталбаса, Улуттук банк банктарга карата таасир этүү чаралары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык колдонууга укуктуу.   

  

1-тиркеме  

  

(Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 25-августундагы №26/5, 2007-жылдын 28-мартындагы №16/4, 2011-жылдын 14-сентябрындагы №52/4, 2015-жылдын 23-декабрындагы №78/23, 2017-жылдын 16-августундагы №2017-П-12/34-1-(НПА) токтомдорунун редакциясында) 

 

  

Экономикалык ченемдердин жана талаптардын аталышы, банк капиталынын кошумча запасы (“капитал буфери” индекси)  

Белгилөөлөр 

Ченемди жана банктын капиталынын кошумча запасын (“капитал буфери” индексин) эсептөө 

Ченемдин жана банктын капиталынын кошумча запасынынын (“капитал буфери” индексин) айкын мааниси 

Ченемдин жана банктын капиталынын кошумча запасынынын (“капитал буфери” индексин) маанисин белгилөө 

Ченемдин жана банктын капиталынын кошумча запасынынын (“капитал буфери” индексин) белгиленген маанисинен четтөөлөр 

Бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

К1.1  

СЗ  

ЧСК  

  

20% жогору эмес  

  

К1.2   

СЗ  

ЧСК  

  

15% жогору эмес  

  

К1.3   

СЗ  

ЧСК  

  

30% жогору эмес  

  

К1.4   

СЗ  

ЧСК  

  

15% жогору эмес  

  

Капитал жеткиликтүүлүгүнүн 

(шайкештигинин) ченеми  

К2.1   

ЧСК  

ЧРА  

  

12% төмөн эмес  

  

К2.2   

ЧКПУ  

ЧРА  

  

6% төмөн эмес  

  

К2.3   

ЧСК  

СА  

  

8% төмөн эмес  

  

Ликвиддүүлүк ченеми   

К3.1  

ЛА  

ОБ  

  

кеминде 45%  

  

Банк капиталынын кошумча запасы (“капитал буфери” индекси)  

 

ЧСК 

------ ---- 

ЧРА 

 

кеминде __% 

(маанисин көрсөткүлө)  

 

  

СЗ чогуу алгандагы карыз  

ЧСК таза суммардык капитал  

ЧРА таза тобокелдик активдери  

ЧКПУ - биринчи деңгээлдеги таза капитал  

СА суммардык активдер  

ЛА ликвиддүү активдер  

ОБ банктын милдеттенмелери  

  

  

Отчеттук мезгил ичинде орточо маани  

1-жума  

2-жума  

3-жума  

4-жума  

5-жума  

ЛА - Ликвиддүү активдер  

  

  

  

  

  

  

БМ Банктын милдеттенмелери  

  

  

  

  

  

  

К3.1 ченеми = (ЛА / ОБ)*100% 

  

  

  

  

  

  

  

А. Жеке адамдар алдындагы мөөнөттүү депозиттер жана башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн сакталышы тууралуу күндөлүк отчету (К5.1)  

  

Күнү  

К5.1  

ТСК  

СДФЛ  

Айкын  

1.04.07   

  

  

  

2.04.07   

  

  

  

3.04.07   

  

  

  

4.04.07   

  

  

  

...  

  

  

  

...  

  

  

  

...  

  

  

  

30.04.07   

  

  

  

  

Б. Жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозиттери боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеминин сакталышы тууралуу отчет (К5.2)  

  

Отчеттук мезгил ичинде орточо маани  

1-жума  

2-жума  

3-жума  

4-жума  

5-жума  

ТСК банктын таза суммардык капиталы  

  

  

  

  

  

  

ДВФЛ жеке адамдардын талап боюнча төлөнүүчү депозит  

  

  

  

  

  

К5.2 = ТСК / ДВФЛ * 100%  

  

  

  

  

  

  

  

В. Улуттук банктын талаптарынын аткарылышы тууралуу отчет   

 

Белгилөө  

Айкын мааниси  

Белгиленген маани  

Күрөө менен камсыздалбаган кредиттер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү  

  

ТСКнын 50% жогору эмес  

Банктын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү 

  

ТСКнын 60% жогору эмес  

Ар бир банк эмес уюмга кандай болбосун инвестициялардын максималдуу өлчөмү 

  

ТСКнын 60% жогору эмес  

Кыймылсыз мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү 

  

Банктын төлөнгөн уставдык капитал өлчөмүнүн 100%  

жогору эмес  

Башка мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн жана Борбордук банктарынын баалуу кагаздарына инвестициялардын жалпы өлчөмү  

  

ТСКнын 100% жогору эмес  

Банктын мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарына инвестицияларынын жалпы өлчөмү  

  

ТСКнын 50% жогору эмес  

  

Г. Кыска мөөнөттүү ликвиддүүлүк ченеминин (көрсөткүчүнүн) сакталышы жөнүндө отчет (К3.2) 

Күнү 

К3.2 

ВЛА 

КОБ 

Айкын мааниси 

дд.мм.гггг 

  

 

  

дд.мм.гггг 

  

 

  

дд.мм.гггг 

  

 

  

... 

  

 

  

жума ичинде орточо алганда 

 

 

 

 

кызмат орду  

кол тамгасы 

аты -жөнү 

___________________ 

___________________ 

 

Д. Дароо ликвиддүүлүк ченеминин (көрсөткүчүнүн) сакталышы жөнүндө күндөлүк отчет (К3.3) 

Күнү 

К3.3 

ВЛА 

КОБ 

Айкын мааниси 

20__ ж. 1-октябры 

  

  

  

20__ ж. 2-октябры 

  

  

  

20__ ж. 3-октябры 

  

  

  

... 

  

  

  

... 

  

  

  

... 

  

  

  

20_ ж. 30-октябры 

  

  

  

 

кызмат орду  

кол тамгасы 

аты -жөнү 

___________________ 

___________________ 

_____________________ 

 

  

2-тиркеме  

20___ж. _________________карата абал боюнча 

20__ жылдын _____________чейреги үчүн 

экономикалык ченемдердин жана банк капиталынын 

кошумча запасын колдоо (“капитал буфери” индекси) 

сакталышы тууралуу 

МААЛЫМАТТАР (*) 

___________________________ банкы 

 

 (Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы №2017-П-12/34-1-(НПА) токтомунун редакциясында)  

 

Экономикалык ченемдердин аталышы  

Ченемдин белгиленген мааниси   

Ченемдин айкын мааниси  

Банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга же байланыштуу карыз алуучулар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.1) 

20%дан жогору эмес  

  

Банк менен байланыштуу болгон бир карыз алуучуга тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.2)  

15%дан жогору эмес  

  

Банк менен байланыштуу болбогон банкка банктар аралык жайгаштыруулар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү К1.3)   

30%дан жогору эмес  

  

Банк менен байланыштуу болгон банкка банктар аралык жайгаштыруулар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.4) 

15%дан жогору эмес  

  

Суммардык капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.1) 

12%дан төмөн эмес  

  

Биринчи деңгээлдеги капитал жетиштүүлүгү (шайкештиги) коэффициенти (К2.2) 

6%дан төмөн эмес  

  

Левераж (К2.3)  

8%дан төмөн эмес  

  

Банктын ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү) (К3.1) 

кеминде 45%   

  

Узун ачык валюталык позициянын суммардык өлчөмү боюнча бузуу күндөрүнүн саны (К4.2)  

20%дан жогору эмес  

  

Кыска ачык валюталык позициянын суммардык өлчөмү боюнча бузуу күндөрүнүн саны (К4.3)  

20%дан жогору эмес  

  

Банк капиталынын кошумча запасы («капитал буфери» индекси) 

кеминде __% 

(маанисин көрсөткүлө)  

 

Баалуу металлдар түрүндөгү узун ачык позициялардын суммардык өлчөмү боюнча бузуулар катталган күндөрдүн саны (К4.5) 

20% жогору эмес 

 

Баалуу металлдар түрүндөгү  

кыска ачык позициялардын суммардык өлчөмү боюнча бузуулар катталган күндөрдүн саны (К4.6) 

20% жогору эмес 

 

  

(*) Бул маалыматтар Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамынын 59, 59-2-беренелерине ылайык чечмеленип көрсөтүлүүгө тийиш.