Кайта келүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

Бишкек шаары, 2017-жылдын 8-июну № 2017-П-12/23-3-(НПА) 

Коммерциялык банктардын уставдык жана өздүк (жөнгө салынуучу) капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө 

Банк тутумунун туруктуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүү ишин бекемдөө, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамды колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдын 3-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат: 

1. Жаңыдан түзүлүп жаткан коммерциялык банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү (чет өлкө филиалдарынын капиталына карата талаптарды кошо алганда) кеминде 600 млн. сом өлчөмүндө белгиленсин. 

2. Иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн (банк-резидент эместердин филиалдарын кошо алганда) уставдык капиталдын төмөнкүдөй минималдуу өлчөмү жана аны топтоо мөөнөттөрү белгиленсин: 

2016-жылдын 1-июлуна чейин - 400 млн. сом; 

2017-жылдын 1-июлуна чейин - 500 млн. сом; 

2018-жылдын 1-июлуна чейин - 600 млн. сом. 

3. Жаңыдан түзүлүп жана иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн өздүк (жөнгө салынуучу) капиталдын минималдуу өлчөмү боюнча экономикалык ченем (чет өлкө банктарынын филиалдарын кошо алганда) иштеп жаткан коммерциялык банктар үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүнөн аз болбогон өлчөмдө белгиленсин. 

4. Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдору күчүн жоготкон катары таанылсын: 

- 2015-жылдын 11-мартындагы № 16/1 "Коммерциялык банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө"; 

- 2015-жылдын 24-июнундагы № 35/5 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө". 

5. Токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет. 

6. Юридика башкармалыгы: 

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын; 

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн. 

7. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды, Баткен областындагы өкүлчүлүктү жана коммерциялык банктарды, чет өлкө банкынын филиалын жана депозиттерди тартуу укугуна ээ банктык эмес финансы-кредит уюмдарын тааныштырсын. 

8. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн. 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы 

  

Т.Абдыгулов