Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2003-жылдын  

22-апрелинде катталган. Каттоо номери 37-03 

  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 

Бишкек шаары, 2003-жылдын 16-апрели N 13/2 

Оффшордук аймактардын субъектилерин жана алардын тизмесин аныктоо боюнча талаптарды белгилөө тууралуу 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 18-ноябрындагы N 34/4, 2006-жылдын 2-мартындагы N 5/7, 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1, 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

Кыргыз Республикасынын банк жана төлөө системаларынын коопсуздугун, ишенимдүүлүгүн жана туруктуу иштеп турушун камсыз кылуу, коммерциялык банктардын аманатчыларынын жана башка кредиторлорунун таламдарын коргоо, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) байланыштуу операцияларга бөгөт коюу, террористтик же экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүү жана банк операцияларынын транспаренттүүлүгүн камсыз кылуу максатында токтом кылат: 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2, 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-12-(НПА) токтомдорунун редакциясына ылайык) 

1. Жеңилдетилген салыктык режим колдонулган жана (же) банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин талаптарына жана сунуш-көрсөтмөлөрүнө ылайык, банктык көзөмөл органдарына маалыматтардын ачык-айкын көрсөтүлүшү жана (же) алардын берилип турушу каралбаган мамлекеттерде же аймактарда каттоодон өткөн же орун алган банктар, туунду банктар, холдинг компаниялары, финансы-кредиттик уюмдар, юридикалык жактар жана жеке адамдар оффшордук аймактардын субъектилери болуп эсептеле тургандыгы белгиленсин. 

2. Коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик уюмдардын (мындан ары - коммерциялык банктар) ишин жөнгө салуу жана ага көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу максатында жеңилдетилген салыктык режим колдонулган жана (же) банктык көзөмөл органдарына маалыматтардын ачык-айкын көрсөтүлүшү жана (же) алардын берилип турушу каралбаган мамлекеттердин жана аймактардын (оффшордук аймактардын) сунуш кылынган тизмеси бекитилсин. Улуттук банк Башкармасынын чечими менен бул тизмеге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 

3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы N 5/7 токтому күчүнө кирген учурдан тартып күчүн жоготот) 

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы: 

- Юридикалык бөлүм менен бирдикте бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртсүн; 

- Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрткөндөн кийин Тышкы жана коомдук байланыштар бөлүмү менен бирге бул токтомдун Улуттук банктын расмий басылмаларында жарыяланышын камсыз кылсын жана аны менен коммерциялык банктарды, Эсептешүү-Сактык компаниясын жана Улуттук банктын областтык (регионалдык) Башкармалыктарын тааныштырсын. 

- Улуттук банктын нормативдик укуктук актыларын ушул токтомдун талаптарына ылайык келтирүү максатында тиешелүү сунуш даярдап, аны Улуттук банк Башкармасынын кароосуна койсун. 

5. Бул ченемдик укуктук актынын талаптары Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзүшкөн банктарга, жана башка финансы-кредиттик уюмдардын ишине таркатылат жана Улуттук банктын расмий басылмаларында жарыялангандан кийинки 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы N 43/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып Улуттук банк Башкармасынын 2002-жылдын 26-апрелиндеги N 20/12 "Оффшордук аймактардын субъектилерин аныктоо боюнча талаптар жөнүндөгү" токтому күчүн жоготту деп таанылсын. 

7. Бул токтом күчүнө кирген учурга карата коммерциялык банктар жана башка финансы-кредиттик уюмдар өз ишин анын талаптарына ылайык келтиришсин. 

8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым К.Ш.Шаршекеевага ыйгарылсын. 

  

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы 

  

У.Сарбанов  

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2003-жылдын 16-апрелиндеги 

N 13/2 токтому менен 

бекитилген 

Жеңилдетилген салыктык режим колдонулган жана (же) банктык көзөмөл органдарына маалыматтардын ачык-айкын көрсөтүлүшү жана (же) алардын берилип турушу каралбаган мамлекеттердин жана аймактардын (оффшордук аймактардын) 

ТИЗМЕСИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 18-ноябрындагы N 34/4 токтомунун редакциясына ылайык) 

1. Англия 

2. Антигуа и Барбуда 

3. Аруба 

4. Барбадос 

5. Белиз 

6. Бермуд аралдары 

7. Британия Виргинг аралдары 

8. Гибралтар 

9. Бахрейн мамлекети 

10. Гренада 

11. Доминикан Республикасы 

12. Андорра Княжествосу 

13. Лихтенштейн Княжествосу 

14. Ливан Республикасы 

15. Макао (Кытай Эл Республикасы) 

16. Мальдив Республикасы 

17. Монако 

18. Монтсеррат 

19. Самоа көзкарандысыз мамлекети 

20. Нидерланд Антилия аралдары 

21. Ниуэ (Жаңы Зеландия) 

22. Лабуан аралы (Малайзия) 

23. Кайман аралдары 

24. Кука аралы (Жаңы Зеландия) 

25. Теркс и Кайкос аралдары 

26. Вануату Республикасы 

27. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 18-ноябрындагы N 34/4 токтому менен алынып салынды) 

28. Республика Коста-Рика 

29. Либерия Республикасы 

30. Маврикий Республикасы 

31. Республика Мальта 

32. Маршалл аралдары Республикасы 

33. Науру Республикасы 

34. Палау (Белау) Республикасы 

35. Панама Республикасы 

36. Сейшель аралдары Республикасы 

37. Сан Марино 

38. Сент-Винсент и Гренадин 

39. Сент-Люсия 

40. Багам аралдары Шериктештиги 

41. Сент-Китс и Невис Федерациясы 

42. Черногория Югослав Республикасы