Кайта келүү

  

  

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2010-жылдын 12-мартындагы 

№ 6/2 токтомуна карата 

тиркеме 

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5, 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1. Бул жободо коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, «Кредиттик союздардын финансылык компаниясы» ААКсынын (мындан ары текст боюнча банк), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы (мындан ары Улуттук банк) банктык топтун башкы компаниясынын финансылык отчетторунун компоненттерин, мазмунун жана аларды түзүүнүн жана сунуштоонун негизги эрежелери аныкталган.  

Банктык топтун финансылык отчету банктык топтун башкы компаниясы тарабынан консолидацияланган негизде сунушталат (мындан ары банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету).  

Убактылуу администрация режими киргизилген банк да финансылык отчетту ушул жобого ылайык сунуштоого тийиш.  

Ушул жобонун талаптары башкы компанияларга Кыргыз Республикасынын резденттерине таркатылат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5, 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-1-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2. Банктардын финансылык отчеттуулугу банктын финансылык абалын, анын ишинин финансылык жыйынтыктарын жана акча каражаттарынын жылышын объективдүү түрдө берүүгө жана ал Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) ылайык келүүгө тийиш. 

3. Банктын финансылык отчеттуулугу отчеттук мезгил ичинде банк тарабынан жүзөгө ашырылган иштин финансылык абалынын структурага салынгандыгын жана анын финансылык натыйжасын чагылдырат. 

Бул Жобо жоюулуп жаткан жана банкроттук процессинде турган банктар тарабынан колдонулбайт. 

4. Банктардын финансылык отчеттуулугунун максаты болуп төмөнкүлөр саналат: 

- банктын экономикалык чечимдерди кабыл алуу учурунда керектөөчүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө пайдалуу болгон финансылык абалы, анын ишинин финансылык натыйжалары жана акча каражаттарынын жылышы жөнүндө маалыматтарды берүү

- банктык топтун ишинин жана алардын башка юридикалык жактардын капиталына салымдарынын, ушул юридикалык жактар менен жүргүзүлгөн операциялардын жана бүтүмдөрдүн натыйжаларын сунуштоо; 

- банктык топтун катышуучуларынын операцияларды жана бүтүмдөрдү, банктык топтун тобокелдиктерин сунуштоосу. 

- банк жетекчилигине ишенип берилген ресурстардын тескөөгө алынышынын натыйжалары жөнүндө маалыматтарды берүү

Бул максаттарга жетүү үчүн финансылык отчеттуулук банктын төмөнкү көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды берүүгө тийиш: 

а) активдер жөнүндө

б) милдеттенмелер жөнүндө

в) өздүк капитал жөнүндө

г) пайдаларды жана чыгымдарды кошо алганда, кирешелер жана чыгашалар жөнүндө

д) ээлик кылуучулардын төлөмдөрү жана ээлик кылуучуларга бөлүштүрүүлөр жөнүндө

е) акча каражаттарынын жылышы жөнүндө

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Банктын Директорлор Кеңеши тарабынан бекитилген анын эсепке алуу саясатында банктын финансылык отчеттуулугун түзүүнүн тартиби камтылууга тийиш. 

Эгерде банктык топтун катышуучусу банктык топтун окшош операциялар жана окшош шарттардагы окуялар боюнча консолидацияланган финансылык отчетун түзүү үчүн кабыл алынган эсептик саясаттан айырмаланган эсептик саясатты ушул сыяктуу эле шарттарда тиешелүү операцияларга жана жагдайларга карата пайдаланган болсо, анда консолидацияланган финансылык отчетту даярдоо процессинде анын финансылык отчету тиешелүү негизде кайра өзгөртүп түзүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

6. Банк жетекчилиги банктын финансылык отчеттуулугунун өз убагында жана туура даярдалышын жана Улуттук банкка мөөнөтүндө берилишин камсыз кылууга тийиш. Эгерде банк, отчетту берүү тартибин жана мөөнөтүн бузуу менен так эмес маалыматтарды сунуштаса, ошондой эле отчетторду жарыялоода мыйзам актыларында белгиленген талаптар сакталбаса, анда банкка жана анын жетекчилигине карата Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында каралган таасир этүү чаралары колдонулат. 

2. Финансылык отчеттуулукка жана анын компонентине карата жалпы талаптар 

7. Банктын финансылык отчеттуулугу төмөнкү компоненттерден турат: 

1) финансылык абал жөнүндө отчет; 

2) чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчет; 

3) өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет; 

4) акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет; 

5) финансылык отчетко карата түшүндүрмө

6) эң алгачкы салыштыруу үчүн алынган мезгилдин эң эле баштапкы абалы боюнча финансылык абал жөнүндө отчет. 

8. Финансылык отчеттуулукту жарыялоодо анын ар бир формасы башка маалыматтардан бөлүнүп көрсөтүлүшү зарыл. 

9. Финансылык отчеттуулуктун ар бир компоненти так аныкталууга тийиш. Отчетто камтылган маалыматтарды жеткиликтүү түшүнүү үчүн эгерде бул зарыл болсо, төмөнкү маалыматтар улам кайталанылып берилет: 

- отчет берип жаткан банктын аталышы же анын башка идентификациялык белгилери; 

- берилген финансылык отчеттуулук өзүнчө банкты же компаниялардын тобун камтый алуусу; 

- отчеттук мезгилдин бүткөн күнү же финансылык отчеттуулуктун тиешелүү компоненттерин же түшүндүрмөлөрдү камтыган мезгил; 

- сунуштоо валютасы; 

- финансылык отчеттуулукта суммаларды берүү учурунда колдонулуучу тегеректеө деңгээли. 

10. Финансылык отчеттуулукту түзүү учурунда банк жетекчилиги банктын/банктык топтун өз ишин андан ары улантуу жөндөмдүүлүгүнө баа берүүгө тийиш. Банк финансылык отчеттуулукту банкты жоюу же анын ишин токтотуу болжолдонгон учурларды эске албаганда, иш үзгүлтүксүздүгүнө жол берүүнүн негизинде түзүүгө тийиш. Эгерде, жетекчилик өз пикирин түзүү процессинде банктын келечекте өз ишин андан ары жүзөгө ашыруу жөндөмдүүлүгүнө кыйла шектенүүнү туудурушу мүмкүн болгон жагдайларга же шарттарга байланыштуу олуттуу аныкталбагандык кырдаалынын орун алып тургандыгы жөнүндө кабардар болсо, анда бул кырдаалдар финансылык отчеттуулукта (компоненттерде) ачык көрсөтүлүүгө тийиш. 

Эгерде финансылык отчеттуулук иш үзгүлтүксүздүгүнө жол берүүнүн негизинде түзүлбөсө, бул факт, отчеттуулук түзүлгөн негиз жана эмне үчүн банк үзгүлтүксүз иштеген банк катары эсептелбей тургандыгынын себеби сыяктуу эле, ачык көрсөтүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

11. Банк, финансылык отчеттуулукту акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту эске албаганда, кошуп эсептөө ыкмасын пайдалануу менен түзүүгө тийиш. 

12. Финансылык отчеттуулуктун максатында, коммерциялык банктар үчүн отчеттук мезгил болуп календардык жылдын 1-январынан тартып 31-декабрды кошо алгандагы аралык саналат. 

1-октябрга чейин жаңыдан түзүлгөн банк үчүн алгачкы отчеттук жыл болуп, анын мамлекеттик каттоодон өткөн күнүнөн тартып 31-декабрды кошо алгандагы аралык эсептелет. 

1-октябрдан кийин жаңыдан түзүлгөн банк үчүн алгачкы отчеттук жыл болуп, анын мамлекеттик каттоодон өткөн күнүнөн тартып 31-декабрды кошо алгандагы мезгил эсептелет. 

13. Банктын отчеттук мезгили өзгөрүп жана финансылык отчеттуулук бир жылдан узагыраак же ага жетпеген мезгил үчүн бериле турган өзгөчө учурларда, банк, финансылык отчеттуулукта камтылган мезгилге кошумча төмөнкүлөрдү да ачып көрсөтүүгө тийиш: 

- отчеттук мезгилден айырмаланган өтө узак же өтө кыска мезгилди пайдалангандыгынын себебин; 

- финансылык отчеттуулукта берилген суммаларды толук салыштырууга болбой тургандыгынын фактысын. 

Эгерде, башкы компания менен туунду компаниянын отчеттук күндөрү дал келбесе, анда туунду компания консолидациялоо максаттары үчүн кошумча финансылык отчетту даярдайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

14. Окшош статьялардын ар бир олуттуу классы финансылык отчеттуулукта өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш. Банк, эгерде тиешелүү эмес мүнөздөгү же багыттагы статьялар олуттуу эмес болуп саналбаган шартта, аларды өзүнчө сунуштоого милдеттүү. Эгерде кайсыл бир статья олуттуу болуп саналбаса, анда ал башка статьялар менен финансылык отчеттуулукта же болбосо Түшүндүрмөлөрдө бириктирилет. Ал эми статья финансылык отчеттуулуктарда аны өзүнчө берүү үчүн анчалык олуттуу болбосо, анда ал финансылык отчеттуулукка карата Түшүндүрмөлөрдө чагылдырууга тийиш. 

Финансылык отчеттуулукту түзүү максатында статьялардын олуттуулугу, банктын финансылык отчеттуулугун түзүү тартибинде банк тарабынан өз алдынча аныкталат жана финансылык отчеттуулуктун түшүндүрмөлөрүндө чечмеленип берилет. 

15. Финансылык отчеттуулуктун мазмуну жана формалары бир отчеттук мезгилден экинчисине карата ырааттуулук менен колдонулат (ырааттуулук принциби). 

16. Финансылык отчеттордо статьяларды классификациялоо жана берүү төмөнкү учурларды эске албаганда, бир мезгилден экинчисине чейин сакталууга тийиш: 

- банк ишинин мүнөзүнүн кыйла өзгөрүлүшүнүн же анын финансылык отчеттуулугун кайрадан карап чыгуу натыйжасында, эң алгылыктуусу маалыматты башкача сунуштоо же тандоонун жана эсепке алуу саясатын колдонуу критерийлерин эске алуу менен башкача классификациялоо болот; 

- сунуштоодо ФОЭСтин стандарттары өзгөрүүлөрдү талап кылат. 

17. Эгерде ФОЭС тарабынан башкасына уруксат берилбесе же талап кылынбаса, бухгалтердик отчеттуулуктун ар бир сандык көрсөткүчтөрү боюнча өткөн отчеттук жылдын салыштырмалуу көрсөткүчтөрү келтирилүүгө тийиш. Эгерде бул, ошол мезгилдеги финансылык отчеттуулукту түшүнүү үчүн жөндүү болсо салыштырмалуу маалыматтар баяндоо жана түшүндүрмө берүү бөлүгүндө камтылууга тийиш. 

18. Эгерде, финансылык отчеттуулукта статьяларды көрсөтүү же классификациялоо өзгөртүлгөн болсо, салыштыруу суммалары учурдагы мезгилдегиге ылайык келтирүү максатында кайрадан классификацияланууга (эгерде муну иш жүзүндө аткаруу мүмкүн эмес болуп саналбаса) тийиш. Мындан тышкары, ар бир статьянын же кайрадан классификацияланган статьялардын классынын мүнөзү, суммасы, ошондой эле кайрадан классификациялоону жүргүзүлүшүнүн себеби ачып көрсөтүлүүгө тийиштүү. Эгерде, салыштыруу суммаларын кайрадан классификациялоо иш жүзүндө мүмкүн болбосо, банк тиешелүү суммалардын кайрадан классификациялоосу жүргүзүлбөгөн себебин жана кайрадан классификациялоо учурунда мүмкүн болгон корректировкалоолордун киргизишинин мүнөзүн ачып көрсөтүүгө тийиш. 

18-1. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету анын бардык туунду, караштуу жана байланыштуу компанияларынын финансылык отчетторун камтууга тийиш. Мында, банктык топтун катышуучулары башкы компания тарабынан сунушталган маалыматтардын аныктыгына жана толук берилишине жоопкерчиликтүү болушат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

18-2. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчетун түзүү учурунда башкы компания башкы жана туунду уюмдардын финансылык отчетторун активдердин, милдеттенмелердин, капиталдын, киреше жана чыгашалардын окшош статьяларын кошуу аркылуу, сап боюнча консолидациялайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

18-3. Консолидацияланган отчетто төмөнкү маалыматтарды ачып берүү зарыл: 

- башкы компанияга тике же кыйыр түрүндө, туунду компания аркылуу 50% ашыгыраак добуш берүү укугу тиешелүү болбогон учурда, башкы жана туунду компаниялардын ортосундагы өз ара мамилелердин мүнөзү

- туунду компаниялар аркылуу тике же кыйыр түрдө үлүшкө ээ болуусу объекттин добуш берүүгө укугунун же потенциалдуу укугунун 50% жогору болушу себеби, алардын үстүнөн контролдукту өзүнө алууга алып келбейт; 

- эгерде туунду компаниянын консолидацияланган финансылык отчетту даярдоодо пайдаланган отчеттук күнү же финансылык отчеттуулук мезгили башкы компаниянын отчеттук күнүнөн же финансылык отчеттуулук мезгилинен айырмаланса: 

а) туунду компаниянын финансылык отчетунун отчеттук күнүн; 

б) башка отчеттук күндүн же мезгилдин пайдаланылышынын себебин; 

- туунду компаниянын башкы компаниянын каражаттарын акчалай түрүндө төлөнүүчү дивиденддер формасында өткөрүп берүү же болбосо карыздарды же аванстарды төлөө мүмкүнчүлүгү жагындагы олуттуу чектөөлөрдүн мазмунун жана масштабын. 

- башкы компаниянын туунду компанияга катышуу үлүшүнүн анын үстүнөн контролдукту жоготууга алып келбеген өзгөрүүсүнүн, башкы компаниянын ээлик кылуучуларына туура келген капиталдын өлчөмүнө таасирин көрсөткөн таблицаны; 

- туунду компанияга контролдукту жоготкон шартта, башкы компания ФОЭСке ылайык таанылган кирешелер жана чыгашалар жөнүндө маалыматтарды (эгерде булар болгон болсо), анын ичинде төмөнкүлөрдү ачып көрсөтүүгө тийиш: 

а) мурунку туунду компанияда сакталган инвестицияларга контролдукту жоготкон күнгө карата адилеттик наркы боюнча таанууга туура келген кирешелердин же чыгашалардын бөлүгү

б) курамында киреше же чыгаша таанылган (эгерде ал чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө консолидацияланган отчетто өзүнчө берилбесе) чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө консолидацияланган отчеттогу статьяны (статьяларды). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

18-4. Башкы компаниянын консолидацияланган финансылык отчету банктык топ тууралуу маалыматты бирдиктүү экономикалык уюм катары сунуштоосу үчүн төмөнкүлөрдү жүзөгө ашыруу зарыл: 

- башкы компаниянын ар бир туунду компаниядагы инвестицияларынын баланстык наркын жана башкы компаниянын ар бир туунду компаниянын капиталындагы үлүшүн алып салуу; 

- консолидацияланган туунду компаниялардын отчеттук мезгил ичинде пайдага же чыгашага катышуусунун контролдукка алынбаган үлүшүн (же азчылык үлүшүн) аныктоону; 

- консолидацияланган туунду компаниялардын таза активдерге катышуусунун контролдукка алынбаган үлүшүн (же азчылык үлүшүн) башкы компаниянын аларда катышуусунун үлүшүнөн өзүнчө аныктоону. Таза активдерге катышуусунун контролдукка алынбаган үлүшү (же азчылык үлүшү) төмөнкүлөрдөн турат: 

а) бизнести биринчи бириктирүү күнүнө карата катышуунун контролдук кылынбаган үлүшүнүн (же азчылык үлүшүнүн) өлчөмү

б) бизнести бириктирген учурдан тартып капиталдагы өзгөрүүлөргө катышуусунун контролдукка алынбаган үлүшү (же азчылык үлүшүн); 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

18-5. Консолидацияланган финансылык отчетту түзүүдө банктык топтун ичиндеги эсептешүүлөр, бүтүмдөр, кирешелер жана чыгашалар боюнча калдыктар, толугу менен алынып салынууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

18-6. Туунду компания, анын иши банктык топтун башка катышуучуларынын ишинен айырмаланган негизде консолидациядан алынып салынбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

18-7. Туунду компания инвесторлор катары тобокелдиктүү капитал, фондулар, траст менен же окшош түзүмдөгү уюм иш алып барган негизде консолидациядан алынып салынбайт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

18-8. Башкы компания менен туунду компаниянын ортосундагы өз ара мамилелер ушул байланыштуу тараптардын ортосунда операциялар жүзөгө ашырылдыбы же жокпу ага көз карандысыз, милдеттүү түрдө финансылык отчетто ачык көрсөтүлүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

18-9. Эгерде Башкы компаниянын Кыргыз Республикасынын территориясында жайгашкан анын башкы компаниясы ФОЭСтин жана Улуттук банктын талаптарына ылайык келген консолидацияланган финансылык отчетту чыгарган болсо, банктык топтун консолидацияланган финансылык отчетун сунуштоодон жана тапшыруудан бошотулат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

18-10. Туунду, биргелешип контролдукка алынуучу жана ассоциацияланган уюмдарга инвестициялар консолидацияланган финансылык отчетто ФОЭСке ылайык ачып көрсөтүлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

19. Финансылык отчеттуулукка банк Башкармасынын Төрагасы жана башкы бухгалтери кол коюп, ал банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. 

Консолидацияланган финансылык отчетто банктык топтун финансылык абалы боюнча маалыматтардын туура жана анык чагылдырылышы, башкы компаниянын Байкоо органынын Төрагасы же ал жок учурда, Байкоо органынын Төрагасынын милдетин аткаруучу, башкы компаниянын Башкы бухгалтери жана башкы компаниянын аткаруу органынын отчетту даярдоо боюнча ишти түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсү тарабынан тастыкталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

20. Финансылык отчеттуулуктун формаларында, отчеттуулук түзүлгөн күнгө карата алар боюнча операциялар жүргүзүлбөгөн статьяларда "нөл" деген сандык маани көрсөтүлөт. 

21. Эгерде, белгиленген тартипте ратификацияланган эл аралык келишимдерде башкасы белгиленбесе, банктын финансылык отчеттуулугу Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында түзүлүүгө тийиш. 

22. Финансылык отчеттуулуктагы каталарды оңдоолор, 18-пунктта көрсөтүлгөн адамдардын колтамгалары менен тастыкталып, оңдоо киргизилген күнү көрсөтүлөт. 

3. Финансылык отчеттуулукту берүү жана жарыялоо тартиби жана мөөнөттөрү 

23. Финансылык отчеттуулукту аудитордук корутунду менен бирге жарыялоого жана кошумча жарыялоо, аудитордук текшерүү аяктап жана финансылык отчеттуулук бекитилгенден кийин, отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-апрелинен кечиктирилбестен жүзөгө ашырылат. 

Банктын финансылык отчеттуулугу, бардык формалары, финансылык отчеттуулукка карата түшүндүрмөлөрдү жана аудитордук корутундуну кошо алганда, китепче түрүндө басылып чыгарылууга тийиш. 

24. Банктын финансылык отчеттуулугунун бир нускасы, аудитордук корутундусунун көчүрмөсү менен бирге бекитилген учурдан кийинки 10 жумуш күнү ичинде, бирок отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-апрелинен кечиктирбестен Улуттук банкка берилет. 

25. Банкта (башкы офисте, филиалдарда жана аманат кассаларында) финансылык отчеттуулук пайдалануучулар үчүн толук көлөмүндө жеткиликтүү болууга жана алардын талабы боюнча таанышуу үчүн берилип турууга тийиш. 

26. Финансылык отчеттуулуктун формаларын (отчеттук жылдын 31-декабрь күнүнүн акырына карата Финансылык абалы жөнүндө отчет, мезгил ичинде Чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчет, Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет жана Өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет) аудитордук корутундусу менен бирге кошумча жарыялоо жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүзөгө ашырылууга тийиш. Финансылык отчеттуулуктун пайдалануучуларга кеңири таркатылышын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, финансылык отчеттуулуктун формаларын аудитордук корутундусу менен бирге жарыялоо үчүн банк, жалпыга маалымдоо каражаттарын тандоону жүзөгө ашыра алат. Жарыялоо ушул Жободо аныкталган мөөнөттөрдө жана тартипте жүзөгө ашырылат. 

Мында, финансылык отчеттуулук жана ага карата түүндүрмөлөр менен толук көлөмүндө банктын башкы офисинде, филиалдарында, аманат кассаларында таанышууга боло тургандыгы жөнүндө шилтемелер милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш. 

Финансылык отчеттуулуктун жарыялангандыгы жөнүндө маалыматтар, жарыяланган материалдын көчүрмөсүн кошо тиркөө менен жарыялангандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берилүүгө тийиш. 

26-1. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету ушул Жобонун талаптарына ылайык жарыяланат жана пайдалануучуларга сунушталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

4. Күндөлүк, ар айлык жана чейрек сайын берилүүчү финансылык отчеттор, аларды берүү тартиби жана мөөнөттөрү 

27. Финансылык отчеттуулукту берүүдөн жана жарыялоодон тышкары коммерциялык банктар төмөнкүлөрдү да берип турууга тийиш: 

- күндөлүк болжолдуу балансты; 

- ар айлык финансылык абал жөнүндө отчет, чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчет (ар айлык финансылык отчеттуулук); 

- чейрек сайын берилүүчү финансылык абал жөнүндө отчет, чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчет, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет жана өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет, ошондой эле 31-1-пунктунда камтылган маалыматты дагы (чейрек сайын берилүүчү финансылык отчеттуулук). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

28. Ай сайын жана чейрек сайын берилүүчү финансылык отчеттор төмөндө келтирилген мезгил аралыгы боюнча түзүлүүгө тийиш: 

- өтүп жаткан мезгил аралыгынын акырына карата жана отчеттук мезгилге чейинки финансылык жылдын ушул эле мезгили үчүн жана буга чейинки отчеттук финансылык жылдын акырына карата абал боюнча финансылык абал жөнүндө отчет; 

Эскертүү: Аралык мезгил - бул, узактыгы толук финансылык жылдан кыска болгон отчеттук мезгил. 

- өтүп жаткан финансылык жыл үчүн жыйынтыгы өсүп турган учурдагы мезгил аралыгы үчүн отчеттук мезгилден мурдагы жылдын ушундай эле мезгил аралыгына салыштырганда чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчетту; 

- отчеттук мезгилден мурдагы финансы жылынын ушул эле мезгили үчүн отчет менен салыштырганда, учурдагы финансы жылынын өткөн мезгил ичиндеги акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту; 

- отчеттук мезгилден мурдагы финансы жылынын ушул эле мезгили үчүн отчет менен салыштырганда учурдагы финансы жылынын өткөн мезгили үчүн жыйынтыгы өсүп турган өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

29. Бардык банктар тарабынан күндөлүк болжолдуу баланс кийинки жумуш күнү саат 8.00дан тартып 9.00гө чейин электрондук цифралык кол тамга менен тастыкталган электрондук түрдө Улуттук банкка берилет. 

30. Ай сайын берилүүчү финансылык абал жана чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчеттор (ай сайын берилүүчү финансылык отчеттуулук) кийинки айдын 10 күнүнөн кечиктирбестен кардарлар үчүн банктын (башкы офистин, филиалдардын, аманат кассаларынын) маалымат тактасында жайгаштырылууга тийиш. 

Эгерде бир ай ичинде, банктын финансылык абалына олуттуу таасирин тийгизген же тийгизиши мүмкүн болгон операциялар жүзөгө ашырылган болсо, анда банк бул жагдайды ачык-айкын көрсөтүүсү зарыл. 

31. Чейрек сайын берилүүчү финансылык абал жана чогуу алгандагы кирешелер, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө жана өздүк капиталдагы, ошондой эле 31-1-пунктунда камтылган маалымат дагы өзгөртүүлөр жөнүндө отчеттор чейректик айдан кийинки айдын 30-күнүнөн кечиктирилбестен банктын веб-сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жарыяланууга тийиш. 

Мында, жарыялоодо ушул Жобонун 27-пунктунда көрсөтүлгөн чейректик финансылык отчеттуулук менен толук көлөмүндө банктын башкы офисинде, филиалдарында жана аманат кассаларында таанышууга боло тургандыгы жөнүндө шилтеме милдеттүү түрдө келтирилүүгө тийиш. 

Банк, финансылык отчеттуулуктун пайдалануучуларга кеңири таркатылышын жана жеткиликтүү болушун камсыз кылуу максатында, чейректик отчеттуулукту жарыялоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын тандоону жүзөгө ашырат. 

Эгерде чейрек ичинде, банктын финансылык абалына олуттуу таасирин тийгизген же тийгизиши мүмкүн болгон операциялар жүзөгө ашырылган болсо, анда банк толук чейректик финансылык отчеттуулукта ушул жагдайларды ачып көрсөтүүсү зарыл. 

Жарыяланган материалдын көчүрмөсүн кошо тиркөө менен жарыялангандыгы жөнүндө маалымат жарыялангандан кийинки 3 жумуш күнү ичинде Улуттук банкка берилүүгө тийиш. 

Банктын финансылык отчеттуулугун пайдалануучулары, ушул Жобонун 27-пунктунда келтирилген чейректик финансылык отчеттуулукту толук көлөмүндө окуп таанышуу үчүн алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш, банк (башкы офис, филиалдар, аманат кассалары), ушуга байланыштуу отчетту пайдалануучулардын биринчи эле талап кылуусу боюнча толук көлөмүндө токтоосуз берүүсү зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

31-1. Чейрек сайын берилүүчү финансылык отчет төмөнкүлөрдү да камтууга тийиш: 

- Банк тарабынан отчеттук чейректин ичинде чыгарылган бардык баалуу кагаздар жөнүндө маалыматты; 

- Бардык ири акционерлердин жана акциялардын контролдук пакетине ээлик кылуучу акционерлердин тизмеси жана алардын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн формалар боюнча банктын акцияларынын санындагы үлүшүн; 

- Банктын финансылык-чарбалык ишине таасирин тийгизген, отчеттук чейректе орун алган олуттуу фактылар жөнүндө маалымат; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык кабыл алынган, ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматтарды. 

Олуттуу фактыларга банктын финансылык-чарбалык ишине жана/же төмөнкүлөрдү кошо алганда, банк тарабынан эмитирленген баалуу кагаздардын наркына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон окуялар (фактылар) кирет: 

- банктын башкаруу органына кирген (катышуучулардын жалпы чогулушун эске албаганда) адамдардын тизмесиндеги өзгөрүүлөр; 

- банк башкаруусунун шайлоо органдарына кирген адамдардын, эмитенттин капиталында, ошондой эле анын туунду жана караштуу компанияларына катышуусунун санынын өзгөрүүсү

- баалуу кагаздарга 5 же андан ашык пайыз (үлүш) ээлик кылуучулардын, ошондой эле баалуу кагаздарга 5 же андан ашык пайыз ээлик кылуучулардын үлүштөрүнүн өзгөрүүсү жөнүндөгү тизмедеги өзгөрүүлөр; 

- банк, уставдык капиталынын 20 же андан ашык пайызына ээлик кылган юридикалык жактардын тизмесиндеги өзгөртүүлөр; 

- банктын реестринде анын добуш берүүчү акцияларына (үлүштөрүнө, пайларына) 5 пайыздан көбүрөөк ээлик кылуучулардын пайда болушу; 

- банктын, өлчөмү же мүлктүн наркы анын бүтүм келишилген күнгө карата активдеринин 10 же андан ашык пайызын түзгөн бир жолку бүтүмдөрү

- банктын активдеринин наркынын бир жолу көбөйүүсүнө же 10 пайыздан ашыгыраакка азаюусуна алып келген факты (фактылар); 

- банктын таза пайдасынын бир жолу көбөйүүсүнө же таза чыгымынын 10 пайыздан ашыгыраакка көбөйүүсүнө алып келген факты (фактылар); 

- банкты, анын туунду жана караштуу компанияларын кайра өзгөртүп түзүү

- банктын баалуу кагаздары боюнча чегерилген жана (же) төлөнгөн кирешелери; 

- жалпы чогулуштун чечимдери; 

- банктын баалуу кагаздарынын ордун толтуруу; 

- баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актыларында каралган башка окуялар (фактылар). 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

31-2. Банктык топтун консолидацияланган финансылык отчету ушул Жобонун 31-пунктундагы нормаларга ылайык жарыяланат жана пайдалануучуларга сунушталат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

5. Күндөлүк болжолдуу баланска жалпы талаптар 

32. Банк, күндөлүк болжолдуу балансты түзүү учурунда төмөнкүлөрдү чагылдырууга тийиш: 

- баланстык эсептерди; 

- баланстык эсептердин топтору боюнча жыйынтыктарды; 

- баланстык эсептердин класстары боюнча жыйынтыктарды; 

- "Бөлүштүрүлбөгөн пайда" бөлүгүндө суммардык кирешени, суммардык пайыздык чыгашаны жана суммардык операциялык чыгашаны; 

- финансылык отчеттуулуктун элементтери: банктын капиталы, милдеттенмелери жана капиталы, ошондой эле активдери боюнча жыйынтыктарды; 

- активдер менен милдеттенмелер жана капитал суммасынын ортосундагы ажырымдын жоктугун чагылдырылган "айрыма" контролдук сабын; 

- кирешелер жана чыгашалар сальдосун. 

33. Күндөлүк болжолдуу баланс, ушул Жобого карата 1-тиркемеге ылайык келтирилген форма боюнча берилет. 

Күндөлүк болжолдуу баланстын формасынын аталышы төмөнкүчө берилсин "20___-жылдын "__" _______ (кошо алганда) карата күндөлүк болжолдуу балансы". Мында, отчеттук күндүн акырына карата күн көрсөтүүгө тийиш. 

6. Финансылык абал жөнүндө отчет 

34. Финансылык абал жөнүндө отчетто, активдер жана пассивдер алардын салыштырмалуу ливидүүлүгүн чагылдырган тартипте, мүнөзү боюнча топтоштурулат (ликвиддүүлүгүн кемүү деңгээли же төлөө мөөнөтү боюнча). 

35. Активдин статьясы финансылык абал жөнүндө отчеттогу милдеттенмелер статьясы менен өз ара чегерилишүүгө же тескерисинче, аткарылышы ФОЭС тарабынан талап кылынган же уруксат берилген учурлардан тышкары, Түшүндүрмөлөрдөгү бул фактылар ачып көрсөтүлүүгө тийиш эмес. 

36. Финансылык абал жөнүндө отчетто Улуттук банк, башка банктар, акча рыногундагы башка өнөктөштөр жана кредиторлор, карыз алуучулар менен өз ара мамилелери, алардын бири-бирине көзкарандылыгы боюнча туура түшүнүк берүү үчүн өзүнчө чагылдырылууга тийиш. 

37. Финансылык абал жөнүндө отчетто банктарга жана кардарларга кредиттер жана финансылык ижара боюнча, банк тарабынан берилген кредиттердин номиналдык суммасын, алар боюнча түзүлгөн РППУнун өлчөмүн жана банктын кредиттеринин таза наркын милдеттүү түрдө көрсөтүү зарыл. 

38. Банк, финансылык абал жөнүндө отчетто же өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетто же болбосо Түшүндүрмөлөрдө төмөнкү маалыматтарды ачып көрсөтүүгө тийиш: 

а) акционердик капиталдын ар бир классы үчүн: 

- чыгарууга уруксат берилген акциялардын саны; 

- чыгарылган жана толук төлөнгөн, ошондой эле чыгарылган, бирок толук төлөнбөгөн акциялардын саны; 

- акциялардын номиналдык наркы же номиналдык наркка ээ эмес акцияларды көрсөтүү

- мезгилдин башына жана акырына карата жүгүртүүдөгү акциялардын санын тууралоо; 

- тиешелүү класс менен байланыштуу болгон укуктар, артыкчылыктар жана чектөөлөр, анын ичинде дивиденддерди бөлүштүрүүгө жана капиталды төлөөгө карата чектөөлөр; 

- банктын, банк же анын туундуу же ассоциацияланган компаниялары тарабынан кармап калуучу акциялары; 

- шарттарды жана суммаларды кошо алганда, опциондун же сатуунун келишимдери боюнча чыгаруу үчүн камга коюлган акциялар; 

б) өздүк капитал чегинде ар бир камдын мүнөзүн жана максаттарын көрсөтүү

39. Банк, финансылык абал жөнүндө отчетто же ага карата Түшүндүрмөлөрдө ушул банктын операцияларына ылайык классификацияланган ар бир берилген статьялардын андан аркы классчаларын ачып көрсөтүүгө тийиш. 

40. Финансылык абал жөнүндө отчетто банктарга жана кардарларга кредиттерден жана финансылык ижарадан тышкары бардык активдер нетто-негизинде чагылдырылууга тийиш (алар боюнча тиешелүү РППУну минуска чыгаруу менен). Кредиттер жана финансылык ижара номиналда активдердин бул топтору боюнча түзүлгөн РППУну көрсөтүү менен чагылдырылат. 

Кредиттер жана финансылык ижара ушул Жобонун 37-пунктуна ылайык көрсөтүлөт. 

41. "Финансылык абал жөнүндө отчеттун" формасынын аталышын төмөнкүчө берүү зарыл: 

"20_-жылдын "____" _________ (кошо алганда) финансылык абал жөнүндө отчет". Мында, айдын, чейректин, жылдын акырына карата күн көрсөтүлсүн. 

7. Чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчет 

42. Банктар кирешелердин жана чыгашалардын бардык статьяларын төмөнкүчө берүүгө милдеттүү

а) чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө бир отчетто (айкалышытырылган отчет); же болбосо 

б) эки өзүнчө отчеттордо: 

- пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчетто (ал, өзүнө пайдалардын жана чыгымдардын компоненттерин камтыйт); 

- чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчетто, ал пайдалардын жана чыгымдардын көрсөткүчүнөн башталуу менен башка чогуу алгандагы кирешелердин компоненттерин камтыйт. 

Эгерде, отчетту экинчи ыкманы (өзүнчө отчеттордо берүү) колдонуу менен берүү учурунда, пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчет түздөн-түз чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчеттон мурда берилүүгө тийиш. 

43. Чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчетто банк ишинин натыйжасында келип чыккан кирешелер жана чыгашалар алардын мүнөзү боюнча топтоштурулууга жана кирешелердин жана чыгашалардын негизги түрлөрүн чагылдырууга тийиш. 

44. Банк, чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчетто милдеттүү түрдө мезгил ичинде пайдаларды же чыгымдарды бөлүштүрүүгө тиешелүү статьяларды ачып көрсөтүүсү зарыл: 

а) мезгил ичинде төмөнкүлөргө тиешелүү болгон пайдалар же чыгымдар: 

- катышуунун контролдуксуз үлүшүнө

- башкы компаниянын ээлерине; 

б) мезгил ичинде төмөнкүлөргө тиешелүү болгон суммардык чогуу алгандагы кирешелер: 

- катышуунун контролдуксуз үлүшүнө

- башкы компаниянын ээлерине. 

45. Төмөнкү учурларды эске албаганда, кирешелер жана чыгашалар статьялары өз ара чегеришүүгө жатпайт: 

а) ФОЭС муну талап кылат же буга уруксат берет, же 

б) ушул эже ушул сыяктуу жагдайлардын натыйжасында келип чыккан пайдалар, чыгымдар же кошо чыгымдалган чыгашалар олуттуу болуп саналбайт. Мындай суммалар топтоштурулууга жана чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчетто ушул Жобонун 14-пунктуна ылайык чагылдырылууга тийиш. 

46. Эгерде, кирешелер жана чыгашалар статьялары олуттуу болуп саналса, анда банк, чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө өзүнчө отчетто же финансылык отчеттуулукка карата Түшүндүрмөлөрдө алардын мүнөзүн жана өлчөмүн ачып көрсөтүүсү зарыл. 

47. Банк, өтө эле чоң статьяларды кирешелер жана чыгашалар статьяларында да, чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчетто да, пайдалар жана чыгымдар жөнүндө өзүнчө отчетто да (эгерде, мындай бериле турган болсо), Түшүндүрмөлөрдө да берүүгө тийиш эмес. 

48. Банк, өз ишинин финансылык натыйжаларын түшүнүү үчүн маанилүү болгон шарттарда, милдеттүү түрдө чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчетто жана пайдалар жана чыгымдар жөнүндө өзүнчө отчетто (эгерде ушундай бериле турган болсо) кошумча статьяларды, бөлүктөрдүн аталышын жана аралык суммаларды берүүгө тийиш. 

49. Банк, кайрадан классификацияланган корректировкалоолорду кошо алганда, чогуу алгандагы башка кирешелердин ар бир компоненти боюнча пайдага карата салыктын өлчөмүн чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчетто же болбосо Түшүндүрмөлөрдө ачып көрсөтүүсү зарыл. 

Ошондой эле, чогуу алгандагы башка кирешелер компонентине тийешелүү болгон кайрадан классификациялоо боюнча корректировкалоолор да милдеттүү түрдө ачып көрсөтүлүүгө тийиш. 

50. Банк, чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчетто же Финансылык отчеттуулукка карата түшүндүрмөлөрдө кирешелердин мүнөзүнө негизденген классификацияны пайдалануу менен кирешелер боюнча иликтөөлөрдү (анализдөөлөрдү) берүүсү зарыл. 

51. Банк, чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчетто же Түшүндүрмөлөрдө берүүнүн ишенимдүүлүгүнө жана өтө маанилүү маалыматты бере тургандыгына жараша чыгашалардын мүнөзүнө же болбосо алардын банк ичинде багытталышына негизделген классификацияны колдонуу менен пайдаларда же чыгымдарда таанылган чыгашалардын иликтөөлөрүн берүүгө тийиш. Мындай иликтөө эки ыкманын бирөөсүн колдонуу менен берилет: 

- чыгашалардын мүнөзү боюнча; 

- чыгашалар багыты же сатуунун өздүк наркы боюнча. 

Чыгашаларды багыты боюнча классификациялаган банк, амортизацияга чыгашаларды жана кызматкерлерге сыйакыларды берүүгө чыгашаларды кошо алганда, чыгашалардын мүнөзү жөнүндө кошумча маалыматты ачып көрсөтүүгө милдеттүү

52. Чогуу алгандагы башка кирешелер жөнүндө өзүнчө отчетто, ошондой эле төмөнкүлөргө туура келген мезгил ичинде чогуу алгандагы жалпы кирешелердин иликтөөлөрүн төмөнкүлөрдү келтирүү зарыл: 

а) катышуунун контролдуксуз үлүшүнө

б) башкы компаниянын ээлеринин үлүшүнө

53. Чогуу алгандагы жалпы кирешелер жөнүндө отчетто пайдалардын жана чыгымдардын тиешелүү иликтөөлөрүн берүү, ошондой эле акцияларга пайдалар жөнүндө маалыматты ачып көрсөтүү зарыл. Ал эми өзүнчө эки отчетторду берүү учурунда бул маалымат пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчетто ачып көрсөтүү зарыл. 

54. Банк, чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчетто же Финансылык отчеттуулукка карата түшүндүрмөлөрдө анда камтылган мезгил аралыгында жарыяланган же сунуш кылынган акцияларга дивиденддердин суммасын көрсөтүүгө тийиш. 

55. "Чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө" отчеттун формасынын аталышы "20__-жылдын "____" ______ (кошо алганда) чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчет" деп берилсин. Мында, айдын, чейректин, жылдын акырына карата күн көрсөтүлсүн. 

8. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет 

56. Банктын акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто аларды операциялык, инвестициялык же финансылык иш боюнча классификациялоо аркылуу бир мезгил ичинде акча каражаттарынын жана акча каражаттарынын эквиваленттеринин жылышы жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш. 

57. Банк, акча каражаттарынын курамын жана анын эквивалентин аныктоого жана аларды финансылык отчеттуулукта ачып көрсөтүүгө тийиш. Мындан тышкары банк, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто берилген суммаларды, финансылык абал жөнүндө отчетто келтирилген эквиваленттик статьялар менен салыштырып текшерүүгө тийиш. 

58. Банк, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту түзүү үчүн банктык операциялардын түрлөрүн аныктап алуусу зарыл, ал төмөнкүлөргө алып келет: 

- операциялык иштин натыйжасында акча каражаттарынын жылышына; 

- инвестициялык ишкердиктин натыйжасында акча каражаттарынын жылышына; 

- финансылык иштин натыйжасында акча каражаттарынын жылышына. 

59. Банк, тике же кыйыр ыкмаларды пайдалануу менен операциялык иштин акча каражаттарынын жылышын көрсөтө алат. 

Банктарга акча каражаттарынын келечектеги агымына баа берүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды камсыз кылуучу катары, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту берүү үчүн тике ыкманы пайдалануу сунуш кылынат. 

60. Банкка отчетто, операциялык, инвестициялык жана финансылык ишкердиктен акча каражаттарынын жылышын нетто-ыкмасы боюнча же ФОЭСтин "Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө" деп аталган 7-стандартында каралган учурларда, дүңүнөн акчалай түшүүлөр же төлөмдөр түрүндө чагылдыруу сунуш кылынат. 

61. Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетто, төмөнкүлөргө байланыштуу болгон акча каражаттарынын жылышы өзүнчө ачып көрсөтүлүүгө тийиш: 

а) төлөнгөн же алынган пайыздарга жана дивиденддерге; 

б) пайдадан алынуучу салыкка байланыштуу түшүүлөргө

в) туундуу, ассоциацияланган жана биргелешкен компанияларга инвестицияларга; 

г) туунду компанияларды жана башка структуралык бөлүмдөрдү сатып алуу жана сатууга. 

Ар бир ушундай түшүүлөр же төлөмдөр ФОЭСтин "Акча каражаттардын жылышы жөнүндө" деп аталган 7-стандартынын талаптарына ылайык классификацияланышы зарыл. 

62. Жүзөгө ашыруу учурунда акча каражаттарын жана алардын эквиваленттерин пайдаланууну талап кылбаган инвестициялык жана финансылык операциялар, ушундай инвестициялык же финансылык ишкердик жөнүндө бардык тиешелүү маалыматты камтый алгандай негизде финансылык отчеттуулукка карата Түшүндүрмөлөрдө берилүүгө тийиш. 

63. "Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө" отчеттун формасынын аталышы "20__-жылдын "___" _________ (кошо алганда) акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет" деп берилсин. Мында, чейректин, жылдын акырына карата күн көрсөтүлсүн. 

9. Өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет 

64. Банк, өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетту финансылык отчеттуулуктун өзүнчө формасы катары берүүгө жана бул отчетто төмөнкүлөрдү ачып көрсөтүүгө тийиш: 

а) башкы компаниянын ээлерине жана катышуунун контролдуксуз үлүшүнө тиешелүү корутунду суммаларды өз-өзүнчө көрсөтүү менен мезгил ичиндеги суммардык чогуу алгандагы кирешени; 

б) өздүк капиталдын ар бир компоненти бул, ретроспективдүү колдонуунун же ретроспективдүү кайрадан эсептөөнүн таасири. Мында, өздүк капиталдын ар бир компонентин суммардык корректировкалоо боюнча маалыматты өз-өзүнчө, эсептик саясатта каталарды оңдоодон улам келип чыккан өзгөрүүлөр боюнча ачып көрсөтүү зарыл.  

Эскертүү: Ретроспективдүү кайрадан эсептөө ФОЭСтин «Эсептик саясат, эсептөөлөрдүн негизинде бухгалтердик баа берүүлөрдөгү өзгөртүүлөр жана кетирилген каталар» деген 8-стандартында каралган талаптарга ылайык ишке ашырылат. 

в) ээлик кылуучулардын салымдарын жана ээлик кылуучуларга бөлүштүрүүнү өзүнчө белгилөө менен ээлик кылуучулар менен операциялардын суммалары; 

г) мезгилдин башына жана акырына карата өздүк капиталдын ар бир компонентинин баланстык наркын төмөнкүлөр менен шартталган ар бир өзгөрүүнү өзүнчө ачып көрсөтүү менен тууралоо: 

- пайдалар же чыгымдар менен; 

- чогуу алгандагы кирешелердин ар бир статьясы боюнча; 

- ээлик кылуучулар тарабынан салымдарды жана менчик ээлерине төлөп берилген төлөөлөрдү жана контролдукту жоготууга алып келбей турган туундуу компанияларда катышуу үлүшүнүн өзгөрүшүн өзүнчө көрсөтүү менен ушундай сыяктуу чыккан ээлик кылуучулар менен операциялар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

65. Банк, Өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчетто же ага карата Түшүндүрмөлөрдө төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш: 

а) ээлик кылуучулар менен капиталдык мүнөздөгү операциялар жана аларга бөлүштүрүүлөр; 

б) мезгил ичинде ээлик кылуучуларга бөлүштүрүүлөр катары таанылган дивиденддердин суммасы жана акцияга карата кайра эсептөөдө тиешелүү сумма; 

в) мезгилдин башына жана отчеттук күнгө карата топтолгон пайданын же чыгымдын сальдосу жана мезгил ичиндеги өзгөрүүлөр. 

66. "Өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө" отчеттун формасынын аталышы "20__-жылдын "____" _______ (кошо алганда) карата өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет" деп берилсин. Мында, чейректин, жылдын акырына карата күн көрсөтүлсүн. 

10. Финансылык отчетко карата түшүндүрмө тилкат 

67. Банктын Финансылык отчетко карата түшүндүрмө тилкатында төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

а) олуттуу операциялар жана жагдайлар үчүн банк тарабынан тандалып алынган жана колдонулган финансылык отчеттуулукту жана конкреттүү эсепке алуу саясатын даярдоо принциптери жөнүндө маалыматтарды берүүгө

б) эгерде бул маалымат финансылык отчеттуулукта бериле элек болсо, банк ишинде ФОЭСти ар бир колдонууда жана Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" мыйзамында талап кылынган маалыматтарды ачып көрсөтүүгө

в) финансылык отчеттуулуктун өзүндө берилбеген, бирок берилген кайсыл болбосун отчеттуулуктун түрлөрүн түшүнүү үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты ачып көрсөтүүнү камсыз кылууга. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы №2017-П-12/25-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

68. Банк, Финансылык отчеттуулукка карата түшүндүрмөдө пайдалануучулар аны оңой түшүнүү жана төмөнкүлөрдү кошо алганда, башка банктардын финансылык отчеттуулугуна салыштыруу мүмкүнчүлүгүн бере турган тартипте сунушталат: 

а) эсепке алуу саясаты тарабынан колдонулуучу олуттуу аспекттердин кыскача берилиши; 

б) ушундай отчеттордо тиешелүү отчеттор жана статьялар түзүлгөн тартипте, финансылык абал жөнүндө, пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчеттордо, чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө (эгерде мындай бериле турган болсо), ошондой эле өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө жана акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчеттордо берилген статьялар боюнча коштомо маалыматтарды; 

в) төмөнкүлөрдү кошо алганда, маалыматты башкача ачып көрсөтүүлөр: 

- шарттуу милдеттенмелер; 

- финансылык инструменттер менен байланыштуу келип чыккан тобокелдиктер (кредиттик тобокелдик, ликвиддүүлүк тобокелдиги, рыноктук тобокелдик); 

- пайда жана чыгымдар аркылуу калыс нарк боюнча баа берилген финансылык активдер жана милдеттенмелер; 

- сатуу үчүн каралган финансылык активдер; 

- амортизациялык нарк боюнча баа берилген финансылык милдеттенмелер; 

- сатуу үчүн каралган инвестициялар; 

- кредиттер жана дебитордук карыз; 

- кредиттер жана дебитордук карыз боюнча чыгымдар; 

- күрөөлүк камсыздоо; 

- банк тарабынан алынган күрөө жана башка кредитти камсыздоо формалары; 

- "байланыштуу" болгон тараптар менен операциялар; 

- хеджирлөөнүн бардык түрлөрү боюнча; 

- финансылык эмес маалымат боюнча; 

г) банк тарабынан отчеттук жылга чейин чыгарылган жана жүгүртүүдө жүргөн бардык баалуу кагаздар жөнүндө маалымат; 

- банк тарабынан отчеттук жылдын ичинде чыгарылган бардык баалуу кагаздар жөнүндө маалымат; 

- банктын акционерлеринин (катышуучуларынын) жалпы саны жөнүндө маалымат; 

- бардык ири акционерлердин жана акциялардын контролдук пакетине ээлик кылган акционерлердин тизмеси жана алардын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн формалар боюнча банктын акцияларындагы үлүшү

- банктын ар бир кызмат адамы жөнүндө маалыматтар; 

- отчеттук мезгилдин ичинде колдонулган же өзгөртүлгөн тажрыйбаны кыскача чагылдырууну кошо алганда, эмитенттин корпоративдик башкаруу практикасын кыскача чагылдыруу; 

- директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан билдирилген кайсы болбосун пикирди эске алганда, жетекчинин банктын отчеттук мезгил ичиндеги иши жана финансылык натыйжалары жөнүндө отчету; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынган, ченемдик укуктук актыларда каралган башка маалыматтар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

68-1. Консолидацияланган финансылык отчетко карата эскертүүлөрдө төмөнкүлөр ачып көрсөтүлүүгө тийиш: 

- банктык топтун түзүмү жана банктык топтун катышуууларынын 3-тиркемеде көрсөтүлгөн схема боюнча өз ара байланыштары жөнүндө маалыматтар; 

- башкы компаниянын Байкоо органынын мүчөлөрү жөнүндө маалыматтар; 

- ири тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар; 

- алынган отчеттордун негизинде жана башка тобокелдиктердин концентрацияланышы жөнүндө маалыматтар; 

- сегменттер жана тиешелүү сегменттик анализ боюнча маалыматтар; 

- банктык топтун мурдагы катышуучулары жөнүндө маалыматтар (компанияны топтон бөлүү жөнүндө); 

- "байланыштуу" тараптар менен жүргүзүлгөн операциялар жөнүндө маалыматтар; 

- банктык топтун бардык катышуучулары жөнүндө маалыматтар (аталышын, ээлик кылуу пайызын, ишинин түрүн же ар бир туунду, караштуу же байланыштуу компания тартылган түрлөрүн кошо алганда, бардык туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялар жөнүндө); 

- башкы компаниянын менчигинин түзүмү, ошондой эле туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялардын түзүмү боюнча маалыматтар. 

- башкы компаниянын туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялар менен ишке ашырылган бардык операциялары, ошондой эле башкы компаниянын туунду, караштуу жана байланыштуу компаниялар менен байланыштуулугу жөнүндө маалыматтар. 

- ушул Жобонун 68-пунктунун г) пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтар. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы № 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

69. Банк, төмөнкүлөрдү кошо алганда, жарыяланган финансылык отчеттуулукта берилбеген маалыматты ачып көрсөтүүгө тийиш: 

а) банктын туруктуу жайгашкан жери, юридикалык формасы жана анын юридикалык дареги (же иш алып барган негизги орду, эгерде ал юридикалык даректен башка болсо); 

б) банктын операцияларынын мүнөзүнүн берилиши; 

в) башкы компаниянын жана түпкү топтун башкы компаниясынын аталышы; 

г) кызматкерлердин мезгилдин аягындагы саны же отчеттук мезгилдин ичинде алардын орточо саны. 

70. Банк Финансылык отчеттуулукка карата түшүндүрмөлөрдө төмөнкүлөрдү ачып көрсөтүүгө милдеттүү

а) финансылык отчеттуулукту жарыялоого бекитүүгө чейин сунуш кылынган, бирок отчеттук мезгилдин ичинде ээлик кылуучуларга бөлүштүрүү катары таанылбаган же жарыяланган дивиденддердин суммасы жана акцияга кайра эсептөөдө тиешелүү сумманы; 

б) артыкчылык берилген кумулятивдик акциялар боюнча таанылбаган кайсыл болбосун дивиденддердин суммасы. 

71. Финансылык отчеттуулукка карата түшүндүрмөлөр системага салынган түрдө берилүүгө тийиш. Финансылык отчеттуулуктун компоненттеринин ар бир статьясы боюнча (Финансылык абал жөнүндө отчет, Чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө, Акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчет жана Өздүк капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчеттор) Түшүндүрмөлөрдө ага тиешелүү болгон кайсыл болбосун маалыматтарына утурлама шилтемелер келтирилүүсү зарыл. 

72. Банктын Финансылык отчеттуулугуна карата түшүндүрмөлөрдө эсепке алуу саясатынын бөлүгү төмөнкүлөрдү чагылдырууга тийиш: 

а) финансылык отчеттуулукту даярдоо үчүн пайдаланылган баа берүүлөрдүн негизин (же негиздерин); 

б) финансылык отчеттуулукту туура түшүнүү үчүн олуттуу мааниге ээ болгон эсепке алуу саясатынын аспекттерин. 

Кошумча маалыматтарды ачып көрсөтүү диаграммалардын, аналитикалык таблицалардын, графиктердин жана өткөн жана отчеттук мезгилдер үчүн маалыматтардын көчүрмөсүнүн жардамы менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 

72-1. Банктарга жана кардарларга сунушталган кредиттер жана финансылык ижара боюнча активдер жана чегерилген пайыздар боюнча түзүлгөн потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам өлчөмү отчеттук күнгө карата Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга ылайык, финансылык отчетко карата түшүндүрмөлөрдө кошумча чечмеленүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

72-2. Финансылык абал жөнүндө отчетко жана Чогуу алгандагы кирешелер жөнүндө отчетко карата түшүндүрмөлөрдө банктар милдеттүү түрдө отчеттук күнгө карата регулятивдик отчеттордо пайда алууну/чыгым тартууну кошумча ачып көрсөтүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

11. Салыштыруу үчүн алынган мезгилдин башталышына карата абал боюнча финансылык абал жөнүндө отчет 

73. Салыштыруу үчүн алынган мезгилдин башталышына карата абал боюнча финансылык абал жөнүндө отчет, банк эсептик саясатты ретроспективдүү негизде колдонгон же өз финансылык отчеттуулугунда ФОЭСке ылайык статьяларды ретроспективдүү кайра эсептөөнү же кайра классификациялоону жүргүзгөн учурда түзүлөт. 

12. Корутунду жоболор 

74. Финансылык отчетто көрсөтүлгөн финансылык отчеттун, эсепке алуу документтеринин жана башка маалыматтын аныктыгы, толуктугу жана сакталышы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам талаптарына ылайык банк Башкармасынын Төрагасына жүктөлөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

75. Банктын башкы бухгалтери финансылык отчетто бухгалтердик операциялардын жана жагдайлардын туура көрсөтүлүшү, бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчет регистрлеринин талапка ылайык сакталышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

76. ФОЭСке өзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилип, колдонууга киргизилгенден кийин алар банк тарабынан ушул жобого кошумча колдонулууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-1-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

коммерциялык банктарынын финансылык 

отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө 

жобого карата 

1-тиркеме 

КҮНДӨЛҮК БОЛЖОЛДУУ БАЛАНС 

ХХХХ жылдын "_____" _______ карата 

_______________________________________________ 

(банктын аталышы жана анын жайгашкан жери) 

Өлчөө бирдиги: сом. 

Эсептин N 

Эсептин аталышы 

Күндүн башына карата калдык 

Жүгүртүү 

Күндүн акырына карата калдык 

Дебет боюнча 

Кредит боюнча 

 

 

 

 

 

 

  

Класс 1. Активдер 

10000 топ. Акча каражаттары 

  

N... эсеп 

N... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

... топ 

  

N... эсеп 

N... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

11500 топ Башка активдер 

N... эсеп 

N... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

Бардыгы болуп активдер ______________________________________________________ 

  

Класс 2. Милдеттенмелер 

20000 топ. Талап боюнча төлөнүүчү депозиттер 

  

N... эсеп 

N... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

...топ 

N... эсеп 

N... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

21100 топ. Башка милдеттенмелер 

N... эсеп 

N... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

Бардыгы болуп милдеттенмелер _________________________________________________ 

Класс 4. Капитал 

40000 топ. Капиталдын эсеби 

N... эсеп 

N... эсеп 

Жыйынтыгында: 

  

... топ 

  

N... эсеп 

N... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

40100 топ. Камдар 

  

N... эсеп 

N... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

40200 топ. Бөлүштүрүлбөгөн пайда 

  

N... эсеп 

N... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

60000 Суммардык киреше 

70000 Суммардык пайыздык чыгаша 

80000 Суммардык операциялык чыгаша 

Жыйынтыгында: 

  

40300 топ. Сатылып алынган өздүк акциялар 

  

N... эсеп 

N... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

Бардыгы болуп капитал ____________________________________________ 

Бардык болуп милдеттенмелер жана капитал _________________________ 

Баланс 

Бардык болуп активдер ____________________________________________ 

Бардык болуп милдеттенмелер жана капитал _________________________ 

Айырмасы _________________________________________________________ 

  

Класс 6. Кирешелер 

  

60000 топ. Карыздык милдеттенмелер боюнча пайыздык киреше 

  

N... эсеп 

N... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

... топ 

  

N... эсеп 

N... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

61000 топ. Башка кирешелер 

N... эсеп 

N... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

60000 Суммардык киреше. Бардыгы болуп: ___________________________ 

  

Класс 7. Пайыздык чыгашалар 

  

70000 топ. Депозиттер боюнча пайыздык чыгашалар 

  

N... эсеп 

N... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

70600 топ Башка пайыздык чыгашалар 

N... эсеп 

N... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

Суммардык пайыздык чыгаша. Бардыгы болуп: ________________________ 

  

Класс 8. Операциялык чыгашалар 

  

80000 топ. Персоналды күтүүгө кеткен чыгашалар 

  

N... эсеп 

N... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

80900 топ. Күтүлбөгөн кирешелер жана чыгашалар 

  

N... эсеп 

N... эсеп 

... 

Жыйынтыгында: 

  

Суммардык операциялык чыгаша. Бардыгы болуп: _____________________ 

Кирешелердин жана чыгашалардын сальдосу 

Бардыгы болуп: ___________________________________________________ 

______________________________________ банк Башкармасынын Төрагасы 

_________________________________________ банктын башкы бухгалтери 

  

  

  

Кыргыз Республикасынын 

коммерциялык банктарынын финансылык 

отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө

жобого карата 

2-тиркеме 

  

Банктын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу таасирин тийгизүүчү (тике жана кыйыр) жактардын (адамдардын 

ТИЗМЕСИ 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы N 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

Банктын фирмалык толук аталышы: ___________________________________ 

Банктын фирмалык кыскартылып аталышы: ____________________________ 

Банктын каттоодон өткөн номери: ____________________________________ 

Банктын почталык дареги: ___________________________________________ 

  

Банктын 5 же андан ашык пайыздагы (%) акцияларга ээлик кылган акционерлери (катышуучулары) 

Банктын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерине кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жак 

Банктын акционерлери (катышуучулары) менен банктын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактын ортосундагы өз ара байланыштар 

N п/п 

Юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен юридикалык жактын фирмалык толук жана кыскартылган аталышы/жарандыгын көрсөтүү менен жеке адамдын аты-жөнү 

Банктын акционерге (катышуучуга) тиешелүү акциялары (үлүшү) (банктын добуш берүүчү акцияларынын (үлүшүнүн) жалпы санына карата добуштардын пайызы) 

 

 

 

 

 

  

Банк Башкармасынын Төрагасы 

  

Аты-жөнү (колу) 

Банктын топтун башкы компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу таасирин (тике жана кыйыр) тийгизүүчү жактардын (адамдардын) 

ТИЗМЕСИ 

Башкы компаниянын фирмалык толук аталышы: _________________________ 

Башкы компаниянын фирмалык кыскартылып аталышы: __________________ 

Башкы компаниянын каттоодон өткөн номери: __________________________ 

Башкы компаниянын почталык дареги: _________________________________ 

  

Банктын 5 же андан ашык пайыздагы (%) акцияларга ээлик кылган банктык топтун башкы компаниясынын акционерлери (катышуучулары) 

Банктык топтун башкы компаниясынын башкаруу органдары 

Банктык топтун башкы компаниясынын акционерлери (катышуучулары) 

N п/п 

Юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен юридикалык жактын фирмалык толук жана кыскартылган аталышы/жарандыгын көрсөтүү менен жеке адамдын аты-жөнү 

Банктык топтун башкы компаниясынын акционерине (катышуучусуна) тиешелүү акциялары (үлүшү) (банктык топтун башкы компаниясынын добуш берүүчү акцияларынын (үлүшүнүн) жалпы санына карата добуштардын пайызы) 

тарабынан кабыл алынган чечимдерине кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жак 

менен банктык топтун башкы компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерине кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактын ортосундагы өз ара байланыштар 

  

  

  

  

  

  

Ээлеген кызматы 

_________________________ 

Аты-жөнү 

_________________________ 

кол тамгасы 

_________________________ 

Банктык топтун туунду компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу таасирин (тике жана кыйыр) тийгизүүчү жактар (адамдар), туунду компаниялар жана анын акционерлери жөнүндө 

МААЛЫМАТ 

Башкы компаниянын фирмалык толук аталышы: _________________________ 

Башкы компаниянын фирмалык кыскартылып аталышы: __________________ 

Башкы компаниянын каттоодон өткөн номери: __________________________ 

Башкы компаниянын почталык дареги: _________________________________ 

  

N п/п 

Банктык топтун туунду компаниясынын аталышы (юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен) 

Банктык топтун туунду компаниясынын аталышы/адамдын аты-жөнү жана акционердин (катышуучунун) үлүштүк катышуусу 

Банктык топтун башкы компаниянын туунду компаниянын уставындагы үлүштүк катышуусу 

Туунду компаниянын компаниянын уставындагы үлүштүк катышуусу 

Башкы компаниянын аталышы/адамдын аты-жөнү жана башкы компаниянын акционеринин (катышуучунун) туунду компаниянын уставдык капиталына үлүштүк катышуусу 

Банктык топтун башкы жана туунду компанияларынын акционерлери (катышуучулары) менен банктык топтун туунду компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактын ортосундагы өз ара байланыштар 

 

 

 

 

 

 

 

  

Ээлеген кызматы 

_________________________ 

Аты-жөнү 

_________________________ 

кол тамгасы 

_________________________ 

Банктык топтун караштуу компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге олуттуу таасирин тийгизүүчү (тике же кыйыр) караштуу компаниялары жана алардын акционерлери жана жактар (адамдар) жөнүндө 

МААЛЫМАТ 

Башкы компаниянын фирмалык толук аталышы: _________________________ 

Башкы компаниянын фирмалык кыскартылып аталышы: __________________ 

Башкы компаниянын каттоодон өткөн номери: __________________________ 

Башкы компаниянын почталык дареги: _________________________________ 

  

N п/п 

Банктык караштуу туунду компаниясынын аталышы (юридикалык жана айкын дарегин көрсөтүү менен) 

Банктык топтун караштуу компаниясынын аталышы/адамдын аты-жөнү жана акционердин (катышуучунун) үлүштүк катышуусу 

Банктык топтун башкы компаниясынын караштуу компаниянын уставындагы үлүштүк катышуусу 

Караштуу компаниянын банктык топтун башкы компаниясынын уставындагы үлүштүк катышуусу 

Башкы компаниянын аталышы/жана башкы компаниянын акционеринин (катышуучунун) караштуу компаниянын уставдык капиталына үлүштүк катышуусу 

Банктык топтун башкы жана караштуу компанияларынын акционерлери (катышуучулары) менен банктык топтун туунду компаниясынын башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерге кыйыр түрдө (үчүнчү жак аркылуу) олуттуу таасирин тийгизүүчү жактын ортосундагы өз ара байланыштар 

 

 

 

 

 

 

 

  

Ээлеген кызматы 

_________________________ 

Аты-жөнү 

_________________________ 

кол тамгасы 

_________________________ 

  

  

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын 

коммерциялык банктарынын финансылык 

отчетторду түзүүсүнө талаптар жөнүндө 

жобого карата 

3-тиркеме 

Банктык топтун түзүмү жөнүндө 

МААЛЫМАТТАР 

________________________________________ 

(башкы компаниянын аталышы) 

______________ карата абал боюнча 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 16-декабрындагы N 91/5 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

 

  

Ээлеген кызматы 

_________________________ 

Аты-жөнү 

_________________________ 

кол тамгасы 

_________________________