Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын  

Көзөмөл боюнча комитетинин  

2004-жылдын 28-октябрындагы  

24/1 токтому менен бекитилген 

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктарда, финансы-кредит мекемелеринде ички контролдук системасын жана ички аудитти уюштуруу боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөр  

(өзгөртүүлөр жана толуктоолор Көзөмөл боюнча комитеттин 2012-жылдын 22-июнундагы 28/7 токтому, 2012-жылдын 24-декабрындагы 

53/2 токтому менен бекитилген

 

Ушул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктарда, финансы-кредит мекемелеринде ички контролдук системасын жана ички аудитти уюштуруу боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөр (мындан ары текст боюнча сунуш-көрсөтмөлөр) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" мыйзамдарга ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктарда, финансы-кредит мекемелеринде, анын ичинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктарда жана башка финансы-кредит мекемелеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкында ички контролдук системасын жана ички аудитти уюштуруу боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү камтыйт.  

 

I бөлүк. Жалпы жоболор 

 

1.1. Жободо төмөнкү аныктамалар колдонулган:  

Финансы-кредит мекемелеринде ички контролдук системасы аталган мекемелердин коопсуз ишин уюштуруу жана максаттарга жетүү үчүн алардын иш чөйрөлөрүнө жана башкаруунун бардык деңгээлине карата өз ара байланыштуу контролдук чаралар топтомун түшүндүрөт

Ички контролдук бул башкаруу органдары, түзүмдүк бөлүмдөр жана финансы-кредит мекемелеринин кызматкерлери тарабынан өз милдеттерин аткаруу учурунда туруктуу негизде жүзөгө ашырылуучу жана ушул сунуш-көрсөтмөлөрдүн 1.2-пунктунда белгиленген милдеттерди аткарууга багытталган иш (процесс).  

Ички аудит бул, финансы-кредит мекемелеринин ички контролдук системасынын жетиштүүлүгүн (шайкештигин) жана натыйжалуулугун текшерүү жана ага баа берүү боюнча иш (көз карандысыз эксперттик милдет). Ички аудит, финансы-кредит мекемелеринин ички контролдук системасын өркүндөтүү боюнча объективдүү баа берүүнүн жана сунуш-көрсөтмөлөрдүн негизинде алардын натыйжалуу жана коопсуз ишин камсыз кылуу үчүн аудит жүргүзүү жана башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн көз карандысыз ички аудит кызматы тарабынан жүзөгө ашырылат

Таламдардын каршы келип калышы - бул финансы-кредит мекемелери жана/же анын кардарлары үчүн кесепеттерди алып келиши мүмкүн болгон, мекемелердин жана/же анын кызматкерлеринин жана/же кардарларынын мүлктүк жана башка таламдарынын ортосунда карама-каршылыктардын орун алышын түшүндүрөт.  

1.2. Финансы-кредит мекемелеринде ички контролдукту жүргүзүүнүн негизги милдеттери төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:  

- финансы-кредит мекемелеринин ишинин натыйжалуулугун жана кирешелүүлүгүн, ошондой эле финансы-кредит мекемелеринин активдеринин сакталышын камсыз кылууну кошо алганда, банктык тобокелдиктерди, активдерди жана пассивдерди натыйжалуу тескөөгө

- тышкы жана ички пайдалануучулар үчүн финансылык жана статистикалык отчетторду толук, так жана өз убагында берүү, ошондой эле маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууга

- финансы-кредит мекемелеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Улуттук банктын ченемдик актыларынын жана мекеменин уюштуруу жана башка ички документтеринин (саясат, жол-жоболор ж.б.) талаптарын аткарууга

- финансы-кредит мекемелеринин жана анын кызматкерлеринин терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу), алдамчылык, каталарды кетирүү сыяктуу укукка жатпаган ишти жүзөгө ашырууга катыштырууга жол бербөөгө

1.3. Банктык топто ички контролдук ишинде консолидацияланган негизде банктык топтун ишине мүнөздүү тобокелдиктерди тескөөнү алдын алуу жана ушул сунуш-көрсөтмөлөргө ылайык уюштурулган бирдиктүү ички контролдук системасы каралууга тийиш

 

П бөлүк. Финансы-кредит мекемелеринин ички контролдук системасын уюштурууга карата сунуш-көрсөтмөлөр 

 

2.1. Финансы-кредит мекемелеринин ички контролдук системасы, анын ишинде кандайдыр бир максаттарга жетүү үчүн терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктерди туруктуу негизде аныктоо жана ага берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоого тийиш.  

Ички контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн финансы-кредит мекемелеринин бардык кызматкерлери ишке тартылат. Ар бир кызматкерге белгилүү бир ыйгарым укуктар жана өз ишинде ички контролдукту жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик белгиленет.  

Финансы-кредит мекемелеринде ички контролдук системасынын натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн персоналдын компетенттүү болушу негизги шарт болуп саналат. Ал эми компетенттүү эмес кызматкерлер аталган мекемелердин жол-жоболорунун квалификациялуу деңгээлде аткарылышын камсыз кыла албайт

Эгерде финансы-кредит мекемелеринин бир да кызматкери олуттуу ката кетирбесе же санкциясыз иш-аракеттерге жол бербесе ички контролдук системасы натыйжалуу болуп саналат

2.2. Финансы-кредит мекемелеринин ички контролдук системасы төмөнкү компоненттердин өз ара байланыштыруусунун жана уюштуруусунун негизинде түзүлөт

- контролдукка алынган чөйрө

- тобокелдикти аныктоо жана ага баа берүү

- контролдукка алуу чаралары

- маалыматтарды топтоо жана ага талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү менен аны тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөргө өткөрүп берүү

- финансы-кредит мекемелеринин ички контролдук системасына мониторинг жүргүзүү

2.3. Контролдукка алынган чөйрө финансы-кредит мекемелеринин Директорлор кеңеши жана Башкармасы тарабынан адептүүлүк, ак ниеттүүлүк, кесипкөйлүк этикасынын принциптерине жана корпоративдик башкаруунун, ошондой эле жогоруда аталган мекемелердин Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрүнүн башкаруу ыкмасынын негизинде түзүлөт, бул алардын мыйзам тарабынан белгиленген милдеттерин жана жоопкерчилигин чогуу алганда финансы-кредит мекемелеринин башкаруу органдары тарабынан контролдукту камсыз кылууга тийиш.  

2.3.1. Директорлор кеңеши ички контролдук системасынын шайкеш жана натыйжалуу иш алып баруусун жөнгө салуу, ошондой эле Башкарма тарабынан ички контролдук системасынын натыйжалуулугуна мониторингди жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчиликтүү.  

Директорлор кеңеши төмөнкүлөргө жооп берүүгө тийиш (1) финансы-кредит мекемелеринин өнүктүрүү стратегиясын бекитүүгө жана анын ишке ашырылышына мезгил-мезгили менен баа берип турууга; (2) финансы-кредит мекемелеринде орун алышы мүмкүн болгон тобокелдиктердин алгылыктуу деңгээлин белгилөөгө; (3) Директорлор кеңеши мезгил-мезгили менен финансы-кредит мекемелеринин Башкармасы тобокелдиктер деңгээлин идентификациялоо, өлчөө жана ага мониторинг жүргүзүү, контролдоо боюнча зарыл иш-аракеттерди көрүп жаткандыгын такташтырып турууга тийиш; (4) күтүүсүз жагдайлар орун алган учурда финансы-кредит мекемелеринин ишин калыбына келтирүү планын бекитүүгө; (5) финансы-кредит мекемелеринин уюштуруу түзүмүн бекитүүгө; (6) финансы-кредит мекемелеринин ички контролдук системасынын иши тууралуу Аудит боюнча комитеттин сунуш-көрсөтмөлөрүн өз убагында кароого алып турууга; (7) операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган финансы-кредит мекемелери - анын иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 30-ноябрында 67/9 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарда корпоративдик башкаруу жөнүндө" жободо белгиленген Корпоративдик башкаруу боюнча комитеттин сунуш-көрсөтмөлөрүн жана отчетторун өз убагында карап чыгууга.  

2.3.2. Аудит боюнча комитеттин ички контролдук системасын жүргүзүү боюнча иши Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2003-жылдын 29-декабрында 126-03 номеринде каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 20-ноябрындагы токтому менен бекитилгенАудит боюнча комитеттин негизги талаптарындабелгиленген.  

2.3.3. Финансы-кредит мекемесинин Башкармасы төмөнкүлөр үчүн жооп берет: (1) финансы-кредит мекемесинин Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген стратегиянын жана саясаттардын аткарылышына; (2) финансы-кредит мекемелеринде белгиленген тобокелдиктер деңгээлин идентификациялоого, өлчөөгө жана ага мониторинг, контролдук ишин жүргүзүүгө; (3) финансы-кредит мекемелеринин учурдагы жана жаңы операцияларында орун алышы мүмкүн болгон жаңы тобокелдиктерди аныктоого жана ал тууралуу Директорлор кеңешине өз убагында маалымдап турууга; (4) кызматкерлердин жоопкерчилигин жана ыйгарым укуктарын чегерүү негиздүүлүгүн, ошондой эле финансы-кредит мекемелеринде сунушталуучу отчеттун деңгээлин аныктаган финансы-кредит мекемелеринин бекитилген уюштуруу түзүмүн талап кылынган абалда колдоп турууга; (5) финансы-кредит мекемелеринин ички контролдук системасынын шайкештүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүгө

2.3.4. Финансы-кредит мекемелеринин жетекчилиги (ФКМдин Директорлор кеңеши жана Башкармасы) төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат

- өз кызматкерлеринин ишинде бардык персоналга ички контролдук системасы зор мааниге ээ экендигин көрсөткөн жогорку деңгээлдеги этика стандарттарын түптөйт жана аны колдоого алат

- кызматкерлердин бардыгы өз милдеттерин так аткаруусу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрөт

- кызматкерлерге финансы-кредит мекемесинин ички контролдук системасында келип чыккан проблемаларды аныктоо жана бөгөт коюу демилгесине түрткү берүүчү системаны иштеп чыгат

- кызматкерлерди узак мөөнөткө созулган тобокелдиктерге карата чара көрбөй коюудан улам кыска мөөнөткө каралган максаттарды ишке ашырууга, ошондой эле талапка туура келбеген иш-аракеттерди жасоого түрткү бериши мүмкүн болгон чечимдерди кабыл алууга жол бербейт;  

- кызматкерлер өз функционалдык милдеттерин билиши жана так аткарышы үчүн шарттарды түзөт.  

2.3.5. Финансы-кредит мекемелеринин, алардын филиалдарынын жана туунду компанияларынын бардык түзүмдүк бөлүмдөрү үчүн шайкеш контролдук чөйрө белгиленет

2.4. Финансы-кредит мекемелеринин ишине мүнөздүү тобокелдиктерге баа берилип, аларда тобокелдиктерди тескөө системасынын ишине шайкеш контролдук камсыз кылынууга тийиш

2.4.1. Директорлор кеңеши төмөнкүлөр үчүн жооптуу: (1) финансы-кредит мекемелери дуушарлануучу негизги тобокелдиктердин аныкталышына жана алардын алгылыктуу деңгээлинин белгиленишине, (2) Башкарманын тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, мониторинг жүргүзүү жана контролдоо жагында көргөн иш-аракеттерине көзөмөлдүктүн жүзөгө ашырылышына

2.4.2. Тиешелүү саясат жана аларды жүзөгө ашыруу жол-жоболору иштелип чыгып, бекитилмейинче жаңы операцияларды ишке ашырууга жол берилбейт.  

2.4.3. Финансы-кредит мекемесинин ички документтеринде, тобокелдиктин күч алышына таасирин тийгизген факторлор жөнүндө ФКМдин тиешелүү жетекчисине өз убагында маалымдап туруу тартиби каралууга тийиш

2.4.4. Тобокелдикке баа берүү, финансы-кредит мекемелерине карата туунду же көз каранды болуп саналган бардык мекемелерди эске алганда, аталган мекемелердин өзүнчө багыттары, ошондой эле анын бүтүндөй консолидацияланган (негизги жана кошумча) иши боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.  

2.4.5. Ички контролдуктун натыйжалуу системасы финансы-кредит мекемелеринин ишин коштоп жүрүүчү тобокелдиктерди туруктуу негизде идентификациялоону (аныктоону) жана ага баа берүүнү, ошондой эле тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча өз убагында шайкеш чараларды кабыл алууну камсыз кылууга тийиш. Жогоруда аталган система кандай болбосун жаңы же мурда контролдукка алынбаган тобокелдиктерди (мисалы, жаңы финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү, продукттарды ж.б. киргизүүнүн натыйжасында) аныктоодон улам, корректировкаланууга тийиш

2.5. Контролдукка алуу чаралары финансы-кредит мекемелеринин операцияларын башкаруунун жана аткаруунун бардык деңгээлинин жоопкерчилигин жана контролдукка алынган иш-аракеттердин жыйындысын камтыйт жана ал финансы-кредит мекемелеринин операцияларын жана бүтүмдөрүн ишке ашыруудан улам, ыйгарым укуктарды жана милдеттерди бөлүштүрүү үчүн шайкеш контролдукту камсыз кылууга тийиш.  

2.5.1. Контролдоо иши финансы-кредит мекемелеринин бардык кызматкерлеринин күндөлүк иш-аракеттеринин ажырагыс бөлүгү болууга жана бардык операцияларга карата белгиленүүгө тийиш.  

2.5.2. Тобокелдикти алгылыктуу деңгээлде чектеп турууну камсыз кылган жетиштүү контролдук чаралары камтылган, финансы-кредит мекемелеринин бардык иш багыттары жана операциялары үчүн саясат жана жол-жоболор иштелип чыгууга тийиш

Финансы-кредит мекемесинин саясаты Директорлор кеңеши тарабынан бекитилет жана жылына кеминде бир жолу каралып чыгат. Финансы-кредит мекемелеринин Башкармасы бекитилген саясаттын негизинде зарыл жол-жоболордун иштелип чыгышын камсыз кылат

Финансы-кредит мекемесинин Башкармасы контролдук чаралардын натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат

- алар өз ишинде колдонууга тийиш болгон финансы-кредит мекемелеринин кызматкерлерине тиешелүү саясатты жана жол-жоболорду өз убагында жеткирүүнү

- финансы-кредит мекемесинин кызматкерлерин тиешелүү саясатка жана жол-жоболоруна окутууну уюштуруу. Окутуу программасында финансы-кредит мекемесинин саясатында каралган жалпы милдеттер менен ар бир кызматкердин жеке милдеттерин аткаруусу ортосундагы өз ара байланыш жөнүндө түшүндүрмө камтылат

2.5.3. Контролдукка алынган иш-аракеттерде кеминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:  

- финансы-кредит мекемесинин башкаруу органдары тарабынан ички контролдуктун кемчиликтерин, бузууларды жана каталарды аныктоо максатында түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин түшүндүрмөлөрүн жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн иш жыйынтыгы жөнүндө отчетторду жана маалыматтарды талап кылуу жолу менен жүзөгө ашырылган контролдук;  

- түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан туруктуу жана мезгил-мезгили менен (күн сайын, жума сайын жана/же ар айлык) кызматчылардын отчетторун текшерүү жолу менен жүзөгө ашырылган контролдукка алынган иш-аракеттер;  

- материалдык баалуулуктардан (нак акча, баалуу кагаздар ж.б.) пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектөө, материалдык баалуулуктарды кайра эсептеп чыгуу, материалдык баалуулуктардын сакталышы жана колдонулушу үчүн жоопкерчиликти бөлүштүрүү, материалдык баалуулуктардын сакталышы үчүн тиешелүү жайлардын коргоого алынышын камсыз кылуу жолу менен жүзөгө ашырылган контролдук;  

- белгиленген лимиттерге ылайык келүүсүнө текшерүү;  

- операцияларды, бүтүмдөрдү макулдашуу жана санкция белгилөө системасы, алардын бухгалтердик эсептерде жана отчеттордо так чагылдырылышын текшерүү

- операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруудан улам, финансы-кредит мекемесинин саясатынын жана жол-жоболорунун аткарылышын текшерүү

2.5.4. Милдеттерди бөлүштүрүүнүн алкагында контролдукка алынган иш-аракеттер таламдардын каршы келиши жана анын келип чыгуу шарттарын, укукка каршы аракеттерди жүргүзүүнү жокко чыгарууга түрткү берүүсү зарыл, ошондой эле ошол эле түзүмдүк бөлүмгө же анын кызматкерине төмөнкүлөрдү аткаруу мүмкүнчүлүгүн бербейт, алсак

- банктык операцияларды жана башка бүтүмдөрдү жүргүзүү, ошол эле учурда аларды эсепке алууда чагылдыруу

- акча каражаттарын төлөөгө санкция белгилөө жана алардын айкын төлөнүшүн жүзөгө ашыруу

- финансы-кредит мекемелеринин кардарларынын эсеби жана аталган мекеменин өзүнүн жеке финансы-чарбалык ишин чагылдырган эсептери боюнча операцияларды жүргүзүү

- кредитти берүү учурунда сунушталган документтердин так жана толук экендигине баа берүү жана кредиттин кайтарылышына мониторингди жүзөгө ашыруу

- таламдардын каршы келиши орун алган иштин кайсыл болбосун башка чөйрөсүндө иш-аракеттерди жүргүзүү

2.5.5. Таламдардын потенциалдуу каршы келиши чөйрөсү аныкталууга, кыскартылууга жана көз карандысыз байкоого алынууга тийиш

Кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууда жана операцияларды жүргүзүүдө жоопкерчиликтерди бөлүштүрүүнү, ошол эле учурда алдамчылык иш-аракеттерден коргонууну камсыз кылуу үчүн бир дагы кызматкер операцияны башынан аягына чейин жүргүзбөөгө тийиш (мисалы, кредитти берүүгө макулдук берүү үчүн жоопкерчиликтүү кызматкерге кредитти берүү боюнча эсептөө-кассалык операцияларды жүргүзүүгө жол берилбейт, же операцияларды жүргүзүүдө санкция белгилеген кызматкер ушул операция боюнча калдыктарды башкы китеп менен салыштырууну жүзөгө ашырбоого тийиш). 

2.5.6. Контролго алуунун негизги ыкмалары төмөнкүлөрдү камтыйт

а) кош контролдукар тараптан көз салуу» жана «биргелешип пайдалануу мүмкүнчүлүгү» деп аталган принциптер). 

«Ар тараптан көз салуу» принциби, бир кызматкерди операциялардын эсепке алынышын, санкциянын белгиленишин, документтердин туура таризделингендигин текшерүү ишине тартуу максатында, экинчи кызматкердин ишинин текшерилишин/жактырылышын талап кылат (мисалы, төлөм документи бир кызматкер тарабынан таризделип, башка кызматкер тарабынан анын визасы коюлат же эсепке карата аресттин алынып салынышына эки уруксат берилүүчү визанын болушу учурунда гана жол берилет).  

«Биргелешип пайдалануу мүмкүнчүлүгү» принциби эки же андан ашык кызматкер баалуулуктардын жана документтердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бирдей деңгээлде жоопкерчиликтүү экендигин билдирет (мисалы, сейфтен, сактоо жайынан, купуялуулукту камтыган документтерден, баалуу кагаздардан ж.б. пайдалануу үчүн эки ачкыч талап кылынат). Мындай жоопкерчилик финансы-кредит мекемелеринин тиешелүү буйруусунда белгиленип, ал тууралуу бардык кызматкерлерге тааныштырылууга тийиш.  

б) операцияларга талдап-иликтөөлөр (так эмес же санкцияланбаган операциялардын ишке ашырылышын алдын алуу үчүн аларга алдын ала талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү; санкцияланбаган операциялардын ишке ашырылгандыгы фактысын табуу максатында ал ишке ашырылгандан кийин талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү. Талдап-иликтөөлөрдүн натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн ал кылдат жана толук иштелип чыгып, ал эми талдап-иликтөөнү жүзөгө ашырган адам бул операцияны жүргүзгөн кызматкерден көз каранды болбоого тийиш); 

в) ишке ашырылган операциялар жөнүндө отчеттор (операциялардын ишке ашырылгандыгы фактысын тастыктоо жана тиешелүү башкаруу чечимдерин аткаруу үчүн финансы-кредит мекемесинин жетекчилигине мекеменин иш жыйынтыгы, финансылык шарттар жана бюджеттен четтөөлөр жөнүндө маалыматтарды сунуштоо); 

г) финансы-кредит мекемесинин бардык операцияларын жана бүтүмдөрүн милдеттүү түрдө эсепке алуу

д) финансы-кредит мекемесинин персоналын контролдоо жана каталарды аныктоо ыкмаларына окутуу

е) маалыматтардын коргоого алынышын камсыз кылуу (коргоо жабдуулары, механизмдер); 

ж) персоналдын ката кетирүүсүн алдын алуу ыкмалары

з) каталарды өз убагында аныктоо максатында эсептердин текшерилишин контролдоо

и) финансы-кредит мекемелери үчүн зарыл болгон башка контролдук чаралар жана ыкмалар

2.6. Маалыматтарды топтоо, аларга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү жана багыты боюнча өткөрүп берүү бул, (1) финансы-кредит мекемесинин жетекчилиги жана кызматкерлери өз милдеттерин аткарууда жана чечимдерди кабыл алуусунда аларды өз учурунда так, толук жана туура маалымат менен камсыз кылуу; (2) финансы-кредит мекемесинин ичинде жана андан тышкары маалыматтардын рационалдуу жана коопсуз агымын камсыз кылуу (маалыматтарды алуу жана өткөрүп берүү); жана (3) финансы-кредит мекемесинин маалымат коопсуздугун жана маалымат агымдарын тескөө үчүн шайкеш контролдукту камсыз кылуу

2.6.1. Санкциясыз пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн жана купуялуулукту камтыган маалыматты жайылтуудан, ошондой эле жеке кызыкчылыгы үчүн аталган маалыматты колдонуудан коргоо тартибин кошо алганда, коопсуз маалымат агымын башкаруу жана камсыз кылуу үчүн контролдук тартиби ушул сунуш-көрсөтмөнү эске алуу менен финансы-кредит мекемелеринин ички документтери тарабынан белгиленет жана алардын ишинин жана операцияларынын бардык багыттарына таркатылат

2.6.2. Финансы-кредит мекемелери оперативдүү режимде шайкеш жана толук финансы жана башка зарыл маалыматтарга ээ болууга, ошондой эле финансы-кредит мекемесинин жетекчилиги тарабынан чечимдерди кабыл алууга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон рыноктун жагдайлары жана шарттары жөнүндө маалымат менен камсыз болууга тийиш

2.6.3.Автоматташтырылган маалымат системасына жана техникалык каражаттарга ички контролдук жалпы жана программалык контролдоодон турат

2.6.4. Автоматташтырылган системага жалпы контролдук бул, иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу максатында ишке ашырылган компьютердик системага контролдук (башкы компьютерди, кардар-сервер системасын жана түпкү пайдалануучунун жумуш орундарын ж.б. контролдоо). 

Жалпы контролдук, финансы-кредит мекемеси тарабынан жүзөгө ашырылуучу маалыматтарды резервге коюу (көчүрүү) жол-жоболорунан жана программалык камсыздоону сатып алуу, иштеп чыгуу жана тейлөө (коштоп жүрүү) эрежелерин, ошондой эле пайдалануу коопсуздугуна контролдукту жүзөгө ашыруу тартибин аныктоону кошо алганда, автоматташтырылган маалымат системасынын функцияларын кайра калыбына келтирүү жана андан пайдалануу учурунда колдоо көрсөтүү жол-жоболорунан турат

2.6.5. Программалык контролдук, программаларда белгиленген автоматташтырылган жол-жоболор, ошондой эле банктык операциялардын жана башка бүтүмдөрдүн иштелип чыгышын контролдукка алган жол-жоболордун негизинде жүзөгө ашырылат (кайталап оңдоо, пайдалануу мүмкүнчүлүгүн контролдоо, маалыматтарды резервге коюу жана калыбына келтирүүнүн ички жол-жоболору). 

2.6.6. Финансы-кредит мекемесинин финансылык маалыматынын өз убагында берилишин, тактыгын жана тууралыгын камсыз кылууда кеминде төмөнкүлөр текшерилүүгө тийиш

- финансы-кредит мекемесинде бухгалтердик эсепке алуу системасынын финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына (ФОЭС) жана Кыргызстанда кабыл алынган банктык тажрыйбанын коопсуз стандарттарына ылайык келүүсү

- ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган финансы-кредит мекемелери финансы-кредит мекемелеринин бухгалтердик эсепке алуу системасынын Ислам финансылык институттар үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюмунун стандарттарына (AAOIFI) (белгилүү бир стандарттар жок учурда - эгерде алар AAOIFI тарабынан бекитилген Шариат стандарттарына каршы келбесе, ФОЭСтин стандарттарына ылайык келиши) жана Кыргызстанда кабыл алынган коопсуз банктык тажрыйба стандарттарына ылайык келүүсү

- финансы-кредит мекемелеринде бухгалтердик жазууларды жана өткөрүүлөрдү жүргүзүү боюнча (колдонмо) ченемдик документтин болушу

- күндөлүк негизде бухгалтердик жазуулардын жүзөгө ашырылышы жана финансы-кредит мекемесинин ар бир операциясынын чагылдырылышы

- финансы-кредит мекемелеринин ар бир күнгө карата финансылык абалын чагылдырган отчетунун болушу

- айрыкча депозиттерге, кредиттерге, валюта операцияларына жана башка операцияларга тиешелүү өздүк эсептердин маалыматы финансы-кредит мекемелеринин башкы китебинин маалыматтары менен дал келүүсү

- финансылык отчетто операцияларга санкция белгилөө же чагылдыруу процессине тартылбаган кызматкерлер тарабынан күндөлүк негизде салыштырып текшерүү ишин жүзөгө ашыруу

- финансы-кредит мекемелеринин баш жагынан тартып аягына чейин же учурдагы абалына көз салууга мүмкүн болгон кайсыл болбосун операциясын түзгөн документтин бар болушу

- финансы-кредит мекемелеринин бардык операцияларын баштапкы документтер менен тастыктоонун жана тиешелүү жазуулар менен операцияларды жүргүзүүдө кандай болбосун өзгөрүүлөрдү тастыктоонун бар болушу.  

2.7. Финансы-кредит мекемелеринин ички контролдук системасынын мониторинги (1) финансы-кредит мекемелеринин жетекчилиги жана кызматкерлери тарабынан (2) ички аудит кызматы тарабынан туруктуу негизде жүзөгө ашырылат

2.7.1. Финансы-кредит мекемелеринин ички контролдук системасынын мониторинги анын кызматкерлеринин иш-аракеттеринде, ошондой эле системанын ишинде (маалыматты иштеп чыгуу жана сактоо, коопсуздукту коргоо системасы ж.б.) бузууларга жана каталарга бөгөт коюу, аны аныктоо жана аларды өз убагында жоюу боюнча чараларды жүргүзүүгө негизделет. Белгиленген чаралардын (мониторингдин ж.б. жыйынтыктарын карап чыгуу тартиби, ыкмасы, эрежеси, мезгилдүүлүгү) жүргүзүү тартиби финансы-кредит мекемелеринин ички документтеринде аныкталууга тийиш

2.7.2. Ички контролдук тобокелдигине баа берүү учурунда (б.а. жүзөгө ашырылган контролдук чаралары келип чыгышы мүмкүн болгон үзгүлтүктөргө жана каталарга бөгөт коюуга, аныктоого жана четтетүүгө таасирин тийгизбеши тобокелдиги) алардын жеке сапаттарына эмес (финансы-кредит мекемесинин бардык кызматкерлерине мүнөздүү болгон компетенттүүлүк жана ак ниеттүүлүк сыяктуу), ушул кызмат ордуна жана ага тиешелүү функционалдык милдеттерге зарыл контролдук чараларына көңүл буруу зарыл

2.7.3. Финансы-кредит мекемеси күтүүсүз жагдайлар орун алган шартта, кызмат көрсөтүүлөрдүн тышкы сунуштоочусу (провайдер) тарабынан колдоого алынган, финансы-кредит мекемесинин ишине кооптуу системаны калыбына келтирүүнү кошо алганда, кайталанма (резервдик) автоматташтырылган системаны жана/же жабдууларды колдонуу менен ишти калыбына келтирүү планына ээ болууга тийиш. Ички документтерде бул пландардын аткарылышын текшерүү тартиби жана күтүүсүз жагдайлар орун алган учурда алардын аткарылышы жагында пландарды текшерүү тартиби, ошондой эле аларга карата иш-аракеттер планы иштелип жаткан мүмкүн болуучу күтүүсүз жагдайлардын тизмеси аныкталууга тийиш

2.7.4. Бүтүндөй финансы-кредит мекемесинин кызматкерлеринин жана системанын ишинде кемчиликтерди четтетүү учурунда кесепеттерге учураткан атайы же пландаштырылбаган иш-аракеттерге алып келген себептерди жана шарттарды аныктоо зарыл

2.7.5. Ички контролдук жол-жоболордун болуусу зарыл, бирок бул жетишсиз болуп саналат. Финансы-кредит мекемесинин жетекчилиги бул жол-жоболордун өз убагында жана квалификациялуу деңгээлде аткарылышын камсыз кылууга тийиш

2.7.6. Финансы-кредит мекемесинин жетекчилиги кызматкерге бекитилип берилген операцияларды жүзөгө ашырууга тиешелүү жол-жобо менен, анын ичинде ушул операцияга карата тиешелүү ички контролдук жол-жоболорду аткаруусу үчүн билим алуусун камсыз кылууга жана талаптагыдай даярданышы үчүн ага жетишерлик убакыт берүүгө тийиш.  

2.7.7. Натыйжалуу ички контролдук компетенттүү кызматкерлер тарабынан, анын негизги милдеттери менен байланыштуу болбогон ички контролдуктун жүзөгө ашырылышын болжолдойт

2.7.8. Финансы-кредит мекемелеринин ички аудит кызматы тарабынан ички контролдук системасынын шайкештүүлүгүнө жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча бүтүндөй финансы-кредит мекемесинин өзүнчө контролдук жол-жоболорун жана/же ички контролдук системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн сунушталган чараларды жана аныкталган кемчиликтерди көрсөтүү менен отчет түзүлөт

 

Ш бөлүк. Финансы-кредит мекемелеринин ички аудитин уюштуруу  

 

3.1. Ички аудитти уюштуруу боюнча негизги принциптер

3.1.1. Туруктуулук/бирөөдөн бирөөгө өтүү принциби бул, финансы-кредит мекемесинин Директорлор кеңеши жана Башкармасы ички аудит туруктуу негизде жүзөгө ашырылып турушу жана алар финансы-кредит мекемесинин операцияларынын өлчөмүнө жана түрлөрүнө ылайык келиши үчүн бардык зарыл чараларды көрүүсү

3.1.2. Көз карандысыздык принциби төмөнкүлөрдү түшүндүрөт: ички аудит кызматы (1) аудит жүргүзүлгөн иш жана ар күндүк ички контролдук жол-жоболору менен байланышы жок экендигин; (2) финансы-кредит мекемесинин Директорлор кеңешине отчет сунуштай тургандыгын; (3) өз демилгеси боюнча Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген тартипте Директорлор кеңешине, Аудит боюнча комитетке, финансы-кредит мекемелеринин Башкармасына өз милдеттерин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө келип чыккан көйгөйлөр тууралуу маалымдап, аларды чечүү боюнча сунуштарды берет; (4) өз ишин аткарууда тиешелүү ыйгарым укуктарга ээ (б.а. финансы-кредит мекемелеринин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бардык документтеринен, китептеринен эркин жана чектөөлөрсүз пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ); (5) жогорку этика принциптерине ылайык келүүсүн, терең билимин жана тажрыйбасын тастыктайт; (6) жана анын кызматкерлери аудиттен өтүп жаткан финансы-кредит мекемелеринин операцияларына тике же кыйыр катышпагандыгын көрсөтөт; (7) аудиттин программасына жана көлөмүнө карата кандайдыр бир чектөөлөргө ээ эмес; (8) Аудит боюнча комитет жана финансы-кредит мекемелеринин тышкы аудиторлору тарабынан көз карандысыз текшерүүлөргө тийиштүү.  

3.1.3. Объективдүүлүк жана адилеттүүлүк принциби. Объективдүүлүк - бул ички аудиторлордун таламдарынын каршы келип калышына жол бербөөгө тийиш экендигин түшүндүрөт (мисалы, ички аудиторлордун объективдүүлүгүнө алардын милдеттеринин мезгил-мезгили менен алмаштырылып турушу жана финансы-кредит мекемелеринин ички аудит кызматынын штатына кирүү алдында акыркы 12 ай ичинде иштин ошол чөйрөсүндө жана ошол эле тышкы аудитор тарабынан ички аудиттин жүзөгө ашырылышына жол бербөөсү түрткү бериши мүмкүн).  

Адилеттүүлүк принциби - бул ички аудиторлордун ички контролдук боюнча чараларды тандоо жана жүзөгө ашыруу ишине тартылбашын талап кылат.  

3.1.4. Кесипкөй компетенттүүлүк принциби. Финансы-кредит мекемесинин ички аудит кызматынын жетекчиси жана кызматкерлери банк иши жана ички аудит ыкмалары жөнүндө толук билүүгө, ошондой эле өз милдеттерин аткаруу учурунда зарыл жана толук маалыматты топтоо, талдап-иликтөө жана ага баа берүү жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга тийиш.  

Ички аудит кызматынын кызматкерлери Аудиттин эл аралык стандарттарын жана финансылык отчеттулуктун эл аралык стандарттарын билүүгө тийиш. Финансы-кредит мекемелеринде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан Ички аудит кызматынын кызматкерлери Аудиттин эл аралык стандарттарын, финансылык отчеттулуктун эл аралык стандарттарын жана ислам финансы институттары үчүн бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюмунун (AAOIFI) стандарттарын билүүгө тийиш.  

Финансы-кредит мекемелеринин ички аудит кызматынын жетекчиси Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-июнундагы 5/7 токтому менен бекитилгенБанк ишин лицензиялоо жөнүндөжобонун жана Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 8-февралындагы 4/2 токтому менен бекитилгенКыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланган микрофинансылык компаниялардын кызмат адамдарына коюлуучу минималдуу квалификациялык талаптар жөнүндөжобонун квалификациялуу талаптарына ылайык келүүсү зарыл.  

Ички аудит кызматынын жетекчисин жана кызматкерлерин утурумдук негизде окутуп туруу (кайра даярдоо) сунуш кылынат

3.1.5. Ички аудит жүргүзүү чөйрөсүндө чектөөлөрдүн белгиленбеши принциби финансы-кредит мекемелеринин кандай болбосун иши жана кандай болбосун түзүмдүк бөлүмдөрү (филиалдарын жана туунду мекемелерин кошо алганда), тышкы тапшыруучуларды тартуу иши ички аудит кызматынын иш чөйрөсүнөн алынып салынбашын түшүндүрөт. Ички аудит кызматы кандай болбосун отчеттордон, жазуулардан, протоколдордон эркин пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш, эгерде ал ага тиешелүү болсо.  

3.2. Ички аудит кызматынын милдеттери

3.2.1. Финансы-кредит мекемелеринин ички контролдук системасынын шайкештүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна талдап-иликтөөнү жүргүзүү жана баа берүү

3.2.2. Тобокелдиктерди тескөө саясатын, жол-жобосун жана тобокелдиктерге баа берүү методологиясын натыйжалуу колдонуу

3.2.3. Банк саясатына жана жол-жоболоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдөн улам, жаңы банк саясатына жана жол-жоболоруна шайкеш ички контролдукту ишке киргизүүдө баа берүү

3.2.4. Электрондук маалымат системасын жана электрондук банктык кызмат көрсөтүүлөрдү текшерүүнү кошо алганда, башкаруу системасынын аудити жана финансылык маалымат

3.2.5. Маалымат базасынын бүтүндүгүнө жана аларды санкцияланбаган пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн коргоо жана/же күтүүсүз жагдайлар орун алган учурда иш-аракеттер планын (болушу) пайдалануусуна контролдукту кошо алганда, автоматташтырылган маалымат системасын колдонуу менен ички контролдук системасынын натыйжалуу ишине аудит жүргүзүү

3.2.6. Бухгалтердик эсепке алуунун жана финансылык отчеттун өз убагында берилишине, объективдүүлүгүнө, толуктугуна жана тактыгына аудит жүргүзүү

3.2.7. Активдердин сакталышын камсыз кылуу боюнча колдонулган ыкмаларга аудит жүргүзүү

3.2.8. Финансы-кредит мекемесинин капиталынын шайкештүүлүгүнө баа берүү боюнча жол-жоболоруна аудит жүргүзүү

3.2.9. Финансы-кредит мекемесинин операцияларынын жүргүзүлүшү белгилүү бир саясатка жана жол-жоболорго ылайык келүүсүн тесттен өткөрүү жана ушул жол-жоболорго киргизилген ички контролдук чараларынын таасирдүүлүгүнө баа берүү

3.2.11. Укукка тиешелүү талаптарды, кесиптик жүрүм-турум кодексин сактоо максатында түзүлгөн жол-жоболордун аткарылышына баа берүү

3.2.12. Регулятивдик отчеттун өз убагында берилишине жана тактыгына тест жүргүзүү

3.2.13. Атайы териштирүү иштерин жүзөгө ашыруу

3.2.14. Алдамчылык жолу менен ишке ашырылган бүтүмдөрдү, финансы-кредит мекемесинин кызматкерлеринин ишинде атайылап алдамчылыкка баруу учурларын аныктоого карата чаралардын таасирдүүлүгүнө баа берүү

3.2.15. Финансы-кредит мекемесинин ишинде аныкталган кемчиликтерди жана бузууга жол берүүлөрдү четтетүүгө багытталган таасирдүү/натыйжалуу чараларды жүзөгө ашыруу боюнча финансы-кредит мекемесинин жетекчилигине сунуш-көрсөтмөлөрдү даярдоо

3.2.16. Финансы-кредит мекемесинин ички контролдук системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу

3.2.17. Финансы-кредит мекемесинин ички аудит кызматынын сапаттуу ишин камсыз кылуу программасын (сапат программасын) иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу

3.2.18. Финансы-кредит мекемесинде натыйжалуу ички контролдук системасын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жана финансы-кредит мекемесинин ички документтеринде каралган башка маселелер

3.2.19. Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан финансы-кредит мекемесинде Шариат стандарттарынын сакталышына мониторингдин жүзөгө ашырылышына жооптуу бөлүм жок болсо, Шариат стандарттарынын сакталышын текшерген ыйгарым укуктуу ички аудитор финансы-кредит мекемеси Шариат стандарттарынын сакталышына аудит жүргүзүп, ал боюнча отчетту Директорлор кеңешине, Шариат кеңешине жана Аудит боюнча комитетке сунуштайт, ал эми көчүрмөсүн финансы-кредит мекемесинин Башкармасына сунуштайт

3.3. Ички аудит кызматынын сапаттуу ишин камсыз кылуу программасы, аталган кызматтын максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруунун жана аныкталган проблемалардын негизинде анын ишин мындан ары да өркүндөтүү максаты каралган иш-чаралар жыйындысын түшүндүрөт.  

Финансы-кредит мекемесинин Аудит боюнча комитети тышкы аудитордун шайкештүүлүк программасын кароо учурунда эки жылда бир жолу ички аудит системасынын шайкештүүлүгүнө баа берилишинин алдын алуусуна милдеттүү

3.4. Ички аудитти жүргүзүү программасы төмөнкүлөргө жооп берүүгө тийиш

- аудиттин так аныкталган максаттары менен жазуу жүзүндө аудитти жүргүзүүгө чейин даяр болууга

- Директорлор кеңеши тарабынан жактырылууга

- аудиттин максаттарына жетүү үчүн жетишерлик иштин көлөмүн алдын ала караштырууга

- ар бир аудит ишке ашырылган операцияларга тиешелүү жол-жоболорду жана кылдат иштелип чыккан чакан программаларды камтууга тийиш

- аудит жүргүзүлгөн операциянын татаалдыгынан жана анын айкын көлөмүнөн көз каранды болгон иш-аракеттердин көрсөтүлүшүн камтууга тийиш

- кардардын отчетун, айрыкча кредиттик жана депозиттик эсептерди финансы-кредит мекемесинин финансылык отчету менен салыштырып текшерүүнү алдын ала караштырууга тийиш

- ички аудит кызматынын милдеттерин сапаттуу жана толук аткаруу үчүн башка чаралар

3.5. Ички аудитти жүргүзүү программасында кеминде төмөнкүлөр камтылат, бирок төмөнкүлөрдү текшерүү менен гана чектелбейт

- ишке ашырылган операциянын белгиленген саясатка жана жол-жоболорго дал келүүсүн

- жетекчиликтин операцияны жүргүзүүгө тиешелүү буйруусунун болушу жана жактырылышы (санкциялар); 

- бардык баштапкы документтерди туура чагылдыруу талабын кошо алганда, банктык операциялардын толук эсепке алынышын

- финансы-кредит мекемесинин активдеринин жана милдеттенмелеринин бухгалтердик эсептеринде туура чагылдырылышын

- финансы-кредит мекемесинин кирешелеринин жана чыгашаларынын туура чагылдырылышын

- финансы-кредит мекемесинин башка менчигинин (күрөөлүк мүлкүнүн) бухгалтердик эсептерде туура чагылдырылышы жана күрөөгө коюлган мүлктүн колдо болушуна контролдуктун натыйжалуулугуна баа берүү

- финансы-кредит мекемесинин баланстан тышкаркы милдеттенмелеринин, ошондой эле системадан тышкаркы эсепке алуунун толуктугун (мисалы, эсептен чыгарылган кредиттердин эсепке алынышы ж.б.) туура чагылдыруу;  

- башынан аягына чейин ар бир операцияга карата так жана талаптагыдай санкцияланган документтин бар болушу

- компьютердик жабдууларды, программалык камсыздоону, кириш жана чыгыш маалыматты, күтүүсүз жагдайларда орун алган иш-аракеттер планын кошо алганда, маалымат системасынын коопсуздугу жана шайкештүүлүгү

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Улуттук банктын жана финансы-кредит мекемесинин ченемдик актыларын сактоо

3.6. Ички аудитти текшерүү мезгилдүүлүгү аудит жүргүзүлүп жаткан операцияларга байланыштуу тобокелдиктен көз каранды, мында операциянын түрүн, анын татаалдыгын, алардын дал келүүсү көз карашынан аудит жүргүзүлүп жаткан операцияларга байланыштуу активдер же пассивдер, негиздүүлүгү жана натыйжалуулугу, операцияларды ишке ашыруу үчүн саясаттын жана жол-жоболордун болушу жана алардын шайкештүүлүгү, ошондой эле ички контролдук чараларын эске алуу зарыл

3.7. Ички аудит жыйынтыктарына тиешелүү документтерде операцияларга аудит жүргүзүү программасы, аналитикалык бөлүк, кандай жол-жоболор жүзөгө ашырылгандыгы, тест жүргүзүү деңгээли (жалпы же тандалма), ошондой эле корутундулар/тыянактар жана ички аудитор тарабынан чыгарылган тыянактарды тастыктаган маалымат камтылууга тийиш

3.8. Аудитордук отчет

- ички аудит жүргүзүлгөндөн кийин кыска мөөнөт ичинде даярдалат

- аудит жүргүзүүнүн максатын жана көлөмүн, ошондой эле ар бир аныкталган проблемаларды чечүү үчүн кылдаттык менен иштелип чыккан сунуш-көрсөтмөлөрдү жана корутундуну камтыйт. Сунуш-көрсөтмөлөр аныкталган проблемалардын кыскача баяндамасын, финансы-кредит мекемелеринин тиешелүү саясатын жана жол-жоболорун кайра карап чыгууну кошо алганда, зарыл түзөтүү чараларын, түзөтүү иш-чараларын жүзөгө ашыруу мөөнөтүн жана жоопкерчиликтүү адамдарды камтууга тийиш

- түздөн-түз Директорлор кеңешине, Аудит боюнча комитетке жана анын көчүрмөсү финансы-кредит мекемелеринин Башкармасына сунушталууга тийиш.  

3.9. Ички аудиттин натыйжалуулугу бардык кабыл алынган сунуш-көрсөтмөлөр өз убагында жана талаптагыдай ишке киргизилишине ишенимди камсыз кылуу үчүн Директорлор кеңеши жана жетекчилиги тарабынан кабыл алынуучу кезектеги чаралардан көз каранды. Директорлор кеңеши ички контролдук системасын күчөтүүгө багытталган сунуш-көрсөтмөлөрдү аткаруу боюнча кезектеги чараларга карата тиешелүү саясатты иштеп чыгуу үчүн жоопкерчиликтүү

3.10. Аудитордук отчеттун негизинде Аудит боюнча комитет финансы-кредит мекемелеринин ички контролдук системасына түзөтүү чараларын ишке киргизүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү менен алардын өз убагында ишке киргизилишине жана натыйжалуулугуна байкоо жүргүзүү боюнча Директорлор кеңеши тарабынан жактырылган чараларды алдын ала кароого алат.  

3.11. Ички аудит кызматынын кызматкерлеринин саны аталган кызматтын милдеттерин аткаруу үчүн толук болушу зарыл

3.12. Финансы-кредит мекемесинин жогорку тобокелдикти камтыган операцияларынын (мисалы, нак акча менен операциялар, акча каражаттарын которуу) жана иш чөйрөсүнүн ички аудити жылына бир жолу өткөрүлөт. Финансы-кредит мекемесинин иш чөйрөсүнүн жана операцияларынын ички аудити төмөн тобокелдиктер менен 18 айда бир жолу өткөрүлөт

3.13. Ар бир жылдын акырында ички аудит кызматы Директорлор кеңешине отчеттук жыл үчүн ички аудит боюнча пландаштырылган иш-чараларды аткаруу тууралуу отчетту жана келерки жылга каралган ички аудиттин план долбоорун сунуштайт

 

IV бөлүк. Корутунду жоболор 

 

4.1. Финансы-кредит мекемесинин жетекчилери өз кызматкерлерине ички контролдук милдетинин маанилүүлүгү жана финансы-кредит мекемесинин ички документтеринин талаптарын аткаруу зарылчылыгы тууралуу маалымдалышына жоопкерчилик тартат

4.2. Финансы-кредит мекемесинин бардык ички документтерин (саясаттарды, жол-жоболорду жана башка ички ченемдик актыларды) ушул документке ылайык иштеп чыгуу сунушталат

4.3. Ички аудит кызматынын кызматкерлери жүргүзүлгөн операциялар үчүн жоопкерчилик тартпайт.  

4.4. Ички аудит кызматы күнөөлүүлөрдү издөө жагында иш алып барбайт, ал ички контролдук системасына баа берүүгө, каталарды жана алардын келип чыгуу себептерин аныктоого, ошондой эле мындан ары бузулууларга жол бербөө жагында сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгууга тийиш