Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын 30-сентябрындагы N 39\5 

токтомуна карата тиркеме 

 

"Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык 

операцияларды жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын эсепке 

алуу саясатына карата талаптар жөнүндө

ЖОБО 

 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 14-мартындагы N 11/2, 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

 

Бул Жободо "ислам терезесине" ээ болгон банктарды кошо алганда (мындан ары - банктар) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, операцияларды жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктардын эсепке алуу саясатына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан коюлган негизги талаптар аныкталган. 

 

1. Банктын эсепке алуу саясатынын максаты жана аны чечмелөө 

 

1.1. Банктын эсепке алуу саясаты - бул, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзам актыларына ылайык бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү максатында банк тарабынан кабыл алынган принциптердин, негиздердин, эрежелердин, шарттардын, жол-жоболордун жана ыкмалардын жыйындысы. 

1.2. Банктын эсепке алуу саясатынын башкы максаты - бул, финансылык отчеттун так берилишин камсыз кылган бирдиктүү бухгалтердик эсепке алуу системасын жана анын негизинде камтылган банктын ички контролдук системасын түзүү

1.3. Банк жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын "Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө" мыйзамына ылайык, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктардын бухгалтердик эсепти жүргүзүүсүнүн жана финансылык отчетту түзүүсүнүн усулдук негиздери, Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудитти уюштуруу институту (мындан ары - ААOIFI) тарабынан ислам финансылык институттары үчүн иштелип чыккан бухгалтердик эсепке алуу стандарттарынын талаптарына ылайык келгендей, эсепке алуу саясатын аныктайт жана колдонот. 

 

2. Банктын эсепке алуу саясатынын форматы 

 

2.1. Банктын эсепке алуу саясатынын форматы банк тарабынан өз алдынча тандалат. Алардын ААOIFIнин усулдук принциптерине ылайык келүүсү жана бухгалтердик эсепке алууну жана ички контролдук системасын уюштурууга байланыштуу маселелерди толук камтуу ага карата коюлган негизги талаптан болуп саналат. Банктын эсепке алуу саясатынын болжолдуу түзүмү ушул жобого карата 1-тиркемеде келтирилген. 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу операцияларды жүзөгө ашырган банк, бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүнүн тиешелүү тартибин караган өзүнчө эсепке алуу саясатын кабыл алууга тийиш. 

2.2. Банктын эсепке алуу саясаты төмөнкү эки ыкманын бири боюнча иштелип чыгышы мүмкүн: 

- операциялардын ар бир түрүнө карата эсепке алуунун жалпы тартиби жана принциптери өзүнчө саясатта чагылдырылат; 

- банктын операцияларын эсепке алуу тартиби жана принциптери операциялардын ар бир түрүн өзүнчө бөлүктөрдө чагылдыруу менен бир саясатта баяндалып берилет. 

2.3. Банктын эсепке алуу саясаты түзүү ыкмасынан көз карандысыз, банк тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган төмөндө келтирилген операциялардын ар бир түрү боюнча бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү түшүндүрмөсүн камтууга тийиш: 

- мурабаха операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- мудараба операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- мушарака операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- салам жана катар салам операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- истиснаа жана катар истиснаа операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- ижара жана ижара мунтанхийя биттамлик операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- кард хасан операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- вади'а йад аманат операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- вади'а йад дамана операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- валюталык операцияларын эсепке алуу принциптери; 

- пайдаларды теңдештирүү үчүн камдарды эсепке алуу принциптери. 

 

3. Банктын эсепке алуу саясатынын мазмунуна карата негизги 

талаптар 

 

3.1. Банктын бүтүндөй эсепке алуу саясаты жана банк тарабынан ишке ашырылган операциялардын ар бир түрүн эсепке алуу, төмөнкү негизги жол берүүлөргө ылайык келүүгө тийиш: 

- мүлктүк обочолонгондук; 

- иш үзгүлтүксүздүгү

3.2. Банктын эсепке алуу саясатында финансылык отчетту берүүнүн төмөнкү принциптери сакталууга тийиш болгон талаптар чагылдырылышы зарыл: 

- сапаттык мүнөздөмөлөр - түшүнүктүүлүгү, актуалдуулугу, салыштырууга боло тургандыгы, ишенимдүүлүгү, ырааттуулугу, олуттулугу; 

- маалыматтардын орундуулугуна жана ишенимдүүлүгүнө чектөөлөр - өз учурунда берилиши, алынуучу пайда менен сарптоолордун ортосундагы баланс, сапаттык мүнөздөмөлөр ортосундагы баланс, так жана объективдүү берүү

3.3. Банктын эсепке алуу саясаты ААOIFIнин стандарттарынын концепциясына ылайык, банкта бухгалтердик эсепке алуу тажрыйбасын жана аны уюштурууну ырааттуу чагылдырууну камтууга тийиш: 

а) финансылык отчеттун ар бир элементин таануу критерийлери: активдер, милдеттенмелер, капитал, кирешелер, чыгашалар, банкта чектелбеген жана чектелген инвестициялык эсептердин ээлеринин каражаттары; 

б) банкта финансылык отчеттордун элементтерине карата колдонулган баа берүүлөр; 

в) банкта кабыл алынган ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча бухгалтердик эсепке алуу эсептер планы жана ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча финансылык отчетту түзүү тартиби; 

г) банкта колдонулган эсепке алуунун түрлерү, алардын максаттары жана маанилери (баланстык, баланстан тышкаркы жана системадан тышкаркы); 

д) банктын эсепке алуу саясатына, бухгалтердик баа берүүлөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берген шарттар; 

е) банк тарабынан кабыл алынган эгерде болгон болсо, финансылык отчеттун концепциясына ылайык келбеген саясатты чечмелеп берүү

ж) шектүү карыздарды аныктоо жана чагылдыруу үчүн банк тарабынан кабыл алынган саясат жана карыздарды эсептеп алып салуу саясаты; 

и) банк тарабынан активдердин, карыздардын жана чектелген инвестициялардын наркына, эгерде муну колдонууга мүмкүн болсо, алардын акчалай эквивалентинин наркына кайра баалоолорду жүргүзүү максатында кабыл алынган саясаттар, негиздер жана ыкмалар; 

з) эгерде активдердин, карыздардын жана реинвестициялардын наркын алардын эквиваленттүү акчалай наркына кайра баалоо милдеттүү болуп саналбаса, чектелбеген инвестициялар жана алардын эквиваленттеринин эсеп ээлеринин (же чектелген инвестициялардын же алардын эквиваленттеринин) акционердик үлүшүн аныктоо үчүн негиз катары баштапкы (тарыхый) наркты пайдалануу; 

к) эгерде болгон болсо, туунду компаниялардын финансылык отчетторун жалпылоо үчүн банк тарабынан кабыл алынган эсепке алуу саясаты; 

л) бухгалтердик эсепке алуунун ААOIFIнин жана банкта кабыл алынган стандарттарга каршы келбеген башка негиздери жана эрежелер. 

3.4. Банктын эсепке алуу саясатында, банк ишин жана банкта бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын сакталышы, бухгалтердик эсепке алуунун уюштурулушу жагында банк жетекчилигинин жана башкы бухгалтеринин жоопкерчилиги аныкталууга тийиш. Банктын эсепке алуу саясатында стандарттык эмес операциялардын келип чыгышы (банк үчүн жаңы же болбосо бир жолку мүнөздөгү, банктын эсепке алуу саясатында чагылдырылбаган операциялар) жана алардын бухгалтердик эсепте чагылдырылышы (көп болбогон, олуттуу мааниге ээ эмес жана көп болбогон олуттуу операциялар) учурунда, чечим кабыл алуу үчүн банктын кызмат адамдарынын жоопкерчилиги аныкталышы зарыл. 

3.5. Банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин ар бир түрү боюнча алардын баштапкы таанылышы, андан кийин эсепке алынышы (активдерди кайра баалоо, кайра классификациялоо, кийинки сарптоолор, начарлоонун таанылышы ж.б.у.с.) жана колдонуудан калган шартта, алардын эсебин жүргүзүү принциптери, эрежелери жана шарттары чагылдырылууга тийиш. 

3.6. Эгерде ААOIFIнин стандарттарында активдерди жана милдеттенмелерди эсепке алуунун негизги жана жол берилген альтернативалуу ыкмалары каралган болсо, ага уруксат берилсе анда банк, активдердин жана милдеттенмелердин ар бир түрүнө карата банк тарабынан тандалып алынган эсепке алуу ыкмасын так көрсөтүүгө тийиш. 

Мында банк, эсепке алуунун ар кандай ыкмаларын колдонууга боло тургандыгы жана кыйла консервативдүү ыкмага артыкчылык берилиши боюнча ААOIFIнин стандарттарынын талаптарын так сактоого тийиш. 

3.6-1. Эсепке алуу саясатынын чегинде төлөм жана эсептешүү операцияларынын бухгалтердик эсебинин жүргүзүлүшүн жана алардын бухгалтердик эсепке алуу эсептери боюнча чагылдырылышын уюштуруунун ырааттуу эрежеси, ошондой эле ички контролдукту уюштуруунун тиешелүү эрежеси иштелип чыгууга тийиш. Мында, ар бир операция банктын бухгалтердик эсебинде (эсепке алуунун автоматташтырылган системасында) өз учурунда чагылдырылууга тийиш. 

Төлөм жана эсептешүү операцияларынын бухгалтердик эсепке алынышын уюштуруу эрежесинде төмөнкүдөй негизги нормаларда камтылууга тийиш: 

1) бардык операцияларга банк-контрагенттин акча каражаттардын эсеп боюнча эсептен алынып салынгандыгы/чегерилгендиги жөнүндө документ түрүндөгү тастыктамасы болууга тийиш; 

2) банктын бухгалтердик эсебинде операцияларды чагылдыруу бухгалтердик эсепке алуу эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылышы зарыл жана: 

а) улуттук валютадагы төлөмдөр үчүн - эсептешүү жүргүзүлгөн күндөн кечиктирилбестен; 

б) чет өлкө валютасындагы чыгыш төлөмдөр үчүн финансы-кредит уюмунун эсебинен каражаттар эсептен алынып салынган күнү, бул тиешелүү документтер менен тастыкталууга жана кийинчерээк банк-корреспонденттен корреспонденттик эсеп боюнча көчүрмө алынууга тийиш; 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы N 2017-П-12/25-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 

в) чет өлкө валютасындагы кириш төлөмдөр үчүн - каражаттардын эсепке чегерилгендиги жөнүндө тастыктама түшкөн күндөн кечиктирбестен. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 14-мартындагы N 11/2 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.7. Банктын эсепке алуу саясатын иштеп чыгууда, анын бухгалтердик китебинде операцияларды чагылдырууга карата ыкмаларды тандоонун езгөчөлүгүнө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон, бир катар факторлорду эске алуу талап кылынат. 

Бул факторлорго төмөнкүлөр кирет: 

- банктын уюштуруу-укуктук формасы; 

- банктын уставына, бизнес планына ылайык, анын иш өзгөчөлүгү

- филиалдардын болушу; 

- иш чөйрөсү

- банк ишинин өнүгүүсүн камсыз кылган техникалык жана материалдык базанын мүнөзү

 

4. Банктын эсепке алуу саясатын иштеп чыгуу, бекитүү жана 

кайрадан карап чыгуу тартиби 

 

4.1. Банктын эсепке алуу саясаты Директорлор кеңеши тарабынан бекитилүүгө жана Шариат кеңеши тарабынан жактырылууга тийиш. 

4.2. Банк туруктуу, бирок жылына кеминде бир жолу ААOIFIнин стандарттарына киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго, ошондой эле ААOIFI тарабынан иштелип чыккан жаңы стандарттардын колдонууга киргизилишине көз салып, зарылчылык келип чыккан шартта, банктын эсепке алуу саясатына өзгөртүүлөрдү киргизип турууга тийиш. Мында төмөндөгүлөр эсепке алуу саясатынын өзгөрүүсү болуп саналбайт: 

а) эсепке алуу саясатынын жаңы редакциясынын кабыл алынышы; 

б) биринчи жолу болуп жаткан же өткөндө жол берилип бирок, банк тарабынан колдонулбаган операциялардан же иш жагдайынан улам, жаңы эсепке алуу саясатынын кабыл алынышы; 

в) өткөн мезгилдин финансылык отчетторунун классификациясына салыштыруу менен өтүп жаткан мезгилдин финансылык отчетторунун классификациясына өзгөртүүлөр. 

 

5. Банктын эсепке алуу саясатын иштеп чыгуунун усулдук 

негиздери 

 

5.1. Банк эсепке алуу саясатын иштеп чыгууда банк төмөнкүлөргө таянууга тийиш: 

- Кыргыз Республикасынын "Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө" мыйзамына; 

- Кыргыз Республикасынын банк операцияларын жөнгө салган мыйзам актыларына жана ченемдик укуктук актыларына; 

- Ислам финансылык институттары үчүн бухгалтердик эсеп жана аудитти уюштуруу уюму (ААOIFI) тарабынан иштелип чыккан стандарттарга, ал эми белгилүү бир стандарттардын жоктугу учурунда банк, эгерде алар Шариат стандарттарына каршы келбеген болсо, башка стандарттарды пайдалана алат; 

- ушул жобого. 

Кошумча усулдук камсыздоо катары банк Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүзөгө ашырган банктар үчүн иштелип чыккан башка усулдук материалдарды да пайдалана алат. 

 

 

 

 

 

"Ислам банк иши жана каржылоо 

принциптерине ылайык операцияларды 

жүзөгө ашырган коммерциялык 

банктардын эсепке алуу саясатына 

карата талаптар жөнүндө" жобого 

1-тиркеме 

 

______________________________________________ ЭСЕПКЕ АЛУУ САЯСАТЫ 

(банктын аталышы) 

 

1.Бөлүк. Банктын эсепке алуу саясатынын жалпы жоболору 

 

Банктын эсепке алуу саясатынын багыты 

 

Бухгалтердик эсепке алуунун уюштурулушунда жана банк ишин жүзөгө ашырууда, бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө жана банктын чарбалык операцияларын ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына жоопкерчилик. 

Банктын эсепке алуу саясатын колдонуу чөйрөсү (банк тарабынан тандалып алынган ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча, эсепке алуу саясатынын форматы) жана эсепке алууда олуттуу жана анчалык маанилүү болбогон учурлардын чагылдырылышына карата чечим кабыл алуу укугу. 

 

Банктын эсепке алуу саясатынын максаты 

 

Банктын эсепке алуу саясатынын негизги милдеттери 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча эсепке алуу саясатынын Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, ААOIFIнин стандарттарына ылайык келүүсү

Бухгалтердик эсептин уюштурулушу, банкта бухгалтердик эсепти ким жүзөгө ашырат (структуралык бөлүмдү көрсөтүү; башкы бухгалтер/бухгалтер же бухгалтердик эсепти жүргүзүү бухгалтердик фирмага өткөрүлгөн). 

 

Банкта колдонулган бухгалтердик эсепке алуунун негизги принциптери 

 

2-бөлүк. Банкта кабыл алынган бухгалтердик эсептин эсептер планы. 

3-бөлүк. Банктын финансылык отчетун түзүү жана сунуштоо эрежелери. 

4-бөлүк. Ар бир ишке ашырылган операцияга карата банктын эсепке алуу саясаты.