Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармалыгынын 

2005-жылдын 19-мартындагы 

N 6/2 токтому менен 

бекитилген 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармалыгынын 2006-жылдын 23-мартындагы N 7/6, 2006-жылдын 28-июнундагы N 19/4, 2007-жылдын 28-мартындагы N 16/4, 2009-жылдын 11-февралындагы N 7/3, 2011-жылдын 27-апрелиндеги N 26/5, 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8, 2012-жылдын 2-мартындагы N 10/14, 2012-жылдын 12-декабрындагы N 48/10, 2012-жылдын 21-декабрындагы N 50/13, 2013-жылдын 27-февралындагы N 6/9, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16, 2016-жылдын 20-январындагы № 4/4, 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/3, 2016-жылдын 9-июнундагы № 24/1, 2016-жылдын 29-июнундагы № 27/3, 2017-жылдын 6-июлундагы №2017-П-12/30-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1. Жалпы жоболор 

1.1 Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети (мындан ары - Комитет) Кыргыз Рөспубликасынын Улуттук банк Башкармасынын (мындан ары - Улуттук банк) чечими менен түзүлөт. Комитет туруктуу иштеп турган коллегиалдуу орган болуп саналат, ага ушул Жобонун 2.1 жана 2.2.-пункттарына ылайык, Улуттук банк Башкармасы тарабынан Улуттук банктан лицензия алышкан жана тескөөгө алынган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын, коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредиттик уюмдардын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдүккө алуу чөйрөсүндө өз компетенциясынын чегиндеги маселелер боюнча чечим кабыл алуу ыйгарым укугу берилген. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 12-декабрындагы N 48/10, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

1.2. Өз ишинде Комитет Кыргыз Республикасынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын, ушул Жобону жана Комитеттин Регламентин жетекчиликке алат. 

1.3. Көзөмөл боюнча комитеттин курамына көзөмөл блогунун куратору Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү (Комитеттин Төрагасы), Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирет. 

Көзөмөл боюнча комитеттин жеке курамы Улуттук банктын буйругу менен бекитилет. 

Көзөмөл боюнча комитеттин курамына Улуттук банктын буйругуна ылайык кеңеш берүүчү укугунда башка кызматкерлер да кириши мүмкүн. 

Комитеттин төрагасы жана/же анын башка мүчөлөрү жок учурда Улуттук банктын буйругуна ылайык, алардын милдетин аткарган башка кызматкерлер комитеттин ишине катышат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 9-июнундагы № 24/1 токтомунун редакциясына ылайык) 

2. Комитеттин ыйгарым укуктары, милдеттери 

Комитет Банктардын жана башка ФКУлардын ишин жөнгө салуу, лицензиялоо жана көзөмөлдөө боюнча иш максаттарын жана милдеттерин аныктайт жана белгилейт, ошондой эле банктык көзөмөлдүк саясатынын жана ФКУлардын ишине көзөмөлдүктүн ишке ашырылышына контролдукту жүргүзөт. 

2.1. Комитет белгилүү бир банкка жана/же башка ФКУларга карата төмөнкүдөй таасир чараларын колдонуу жөнүндө жана таасир этүү чараларын токтотуу жөнүндө чечимдерди кабыл алат: 

а) жол берилген кемчиликтерди четтетүү тууралуу жазма буйрук; 

б) ишти талапка ылайык келтирүү боюнча жазма буйрук; 

в) белгилүү бир ишти аткаруу тууралуу жазма буйрук; 

г) банкка жана/же башка ФКУга, алардын кызмат адамдарына карата айыптык төлөм белгилөө

д) банктын жана башка ФКУнун финансылык абалын чыңдоо, реструктуризациялоо жана кайра өзгөртүп түзүү боюнча чараларды көрүүнү талап кылуу; 

е) банкта жана башка ФКУда кайталап/атайы тышкы аудитти жүргүзүү талабын коюу; 

ж) Улуттук банк тарабынан белгиленген мөөнөт ичинде акциялардын сатылышын талап кылуу; 

з) банктын административдик чыгашаларын кыскартуу талабын коюу; 

и) банктын уюштуруу түзүмүн өзгөртүү талабы; 

к) саясаттарды, жоболорду, жол-жоболорду жана башка ички ченемдик документтерди өзгөртүүнү талап кылуу; 

л) банктын фирмалык (расмий) аталышын алмаштыруу талабы; 

м) экономикалык ченемдерди жана талаптарды жогорулатуу; 

н) “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамда каралган чектөөлөрдү жана тыюу салууларды белгилөө

о) кызмат адамдарын иштен четтетүү же бошотуу, башкаруу органын алмаштыруу; 

п) тике банктык көзөмөлдүктү киргизүү

р) кредиттик союзга убактылуу администрацияны киргизүү

с) кредиттик союздун лицензиясынын аракетин токтотуу жана/же кайтарып алуу; 

т) ФКУнун айрым банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясын кайтарып алуу; 

у) МКК/МКАнын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн аракетин токтотуу жана/же кайтарып алуу. 

Комитет, Улуттук банк Башкармасы тарабынан тапшырылган башка маселелерди да кароого алат.  

Комитет банктарга жана башка ФКУларга карата таасир этүү чараларын колдонуу чечиминин натыйжалуулугуна баа берет жана жарым жылда бир жолу жыйынтыкталган маалыматты Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунуштайт.  

Комитеттин төмөнкү маселелер боюнча чечимдери милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш: 

- кредиттик союзга убактылуу администрацияны киргизүү жөнүндө

- ФКУнун лицензиясынын аракетин токтотуу/чектөөлөрдү белгилөө жөнүндө

- ФКУнун лицензиясын кайтарып алуу жөнүндө

- банктардын же башка ФКУнун кызмат адамдарын макулдашуу жөнүндө

- банктардын же башка ФКУнун аталышын /алмаштырылган аталышын макулдашуу жөнүндө

- МКК/МКАнын каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн аракетин токтотуу жана/же кайтарып алуу жөнүндө

(КР УБ 2006-жылдын 23-мартындагы N 7/6, 2007-жылдын 28-мартындагы N 16/4, 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16, 2016-жылдын 29-июнундагы № 27/3, 2017-жылдын 6-июлундагы №2017-П-12/30-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.1-1. Комитет ар айлык негизде төмөнкүлөрдү кароого алат: 

- иш багыты жана банктар боюнча көзөмөлдүк стратегиясын аткарылышы жөнүндө отчетту (ар бир айда эки банк боюнча отчетту); 

- инспектордук текшерүүнүн жана тышкы көзөмөлдүктүн жыйынтыгы боюнча ФКУ тарабынан экономикалык ченемдердин, талаптардын сактагалгандыгы/сактабагандыгы, ошондой эле ФКУ карата жөнгө салуучу көзөмөлдүк чараларын колдонуунун натыйжалары боюнча маалыматты.  

(КР УБ 2011-жылдын 27-апрелиндеги N 26/5, 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8, 2017-жылдын 6-июлундагы №2017-П-12/30-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.1-2 (КР Улуттук Банк башкармасынын 2017-жылдын 6-июлундагы №2017-П-12/30-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8, 2017-жылдын 6-июлундагы №2017-П-12/30-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.2. Комитет төмөнкү маселелерди кароого алат жана алар боюнча чечим кабыл алат: 

а) банктык көзөмөл жана ФКУларда көзөмөлдүктү жүргүзүү саясатын аныктоо; 

б) банктарга жана башка ФКУларга карата жөнгө салуучу көзөмөлдүк чараларын кабыл алуу; 

в) Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагаларын жана мүчөлөрүн; Башкарманын төрагасын; төраганын кредиттөө иши жана ислам каржылоо принциптери боюнча иш үчүн жооп берген орун басарларын жана Башкарманын мүчөлөрүн; Аудит боюнча комитеттин төрагасын; ички аудит кызматынын жетекчисин; банктын башкы бухгалтерин макулдашуу; 

г) банктын добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын 50 (элүү жана андан көп, 67 (алтымыш жети) жана андан көп пайызын сатып алууга макулдук берүү

д) банктын жаңы аталышын алдын ала макулдашуу; 

е) банктын жана башка ФКУнун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча зарылчылык келип чыккан шартта, андан ары көзөмөлдүк чараларын аныктоо; 

ж) Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жөнгө салуу жана көзөмөлдүк жагында өз ара иш алып баруусун координациялоо; 

з) өлкө ичинде сыяктуу эле, чет өлкө көзөмөл органдары менен иш алып барууну координациялоо жана күчөтүү

и) Комитет тарабынан чечим кабыл алынган маселелер боюнча тиешелүү материалдарды укук коргоо органдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматына жөнөтүү тууралуу чечим; 

к) банк жана башка ФКУ тарабынан мыйзам талаптарын бузууга жол берүү фактылары тууралуу коомчулукка маалымдоо; 

л) банк ишинин маанилүүлүгү боюнча колдонулуп жаткан чектүү критерийлерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жана/же жаңыларын иштеп чыгуу; 

м) банктардын жана башка ФКУлардын ишин жөнгө салуу, көзөмөлдөө жана лицензиялоо боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун зарылчылык болгон кезде кароого алуу; 

н) монополияга каршы жөнгө салуу, банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучулар укугун коргоо жана мында атаандаштыкты өнүктүрүү (баа түзүү тартибин, анын ичинде өзүм билемдикке салып кыйла жогорулатылган (төмөндөтүлгөн) бааны белгилөө, аларды колдоо, банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногунда басымдуу абалды ээлөөдөн кыянаттык менен пайдалануу маселелерин кошо алганда); 

о) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берүү фактыларын аныктоо; 

п) Улуттук банк Башкармасы тарабынан Комитетке ыйгарылган башка маселелер. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 11-февралындагы N 7/3, 2011-жылдын 27-апрелиндеги N 26/5, 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8, 2012-жылдын 2-мартындагы N 10/14, 2013-жылдын 25-сентябрындагы N 35/16, 2017-жылдын 6-июлундагы №2017-П-12/30-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

2.3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 21-декабрындагы N 50/13 токтомуна ылайык алынып салынды) 

2.4. Комитет төмөндөгү маселелерди карайт жана алар боюнча чечим кабыл алат: 

а) Комитеттин регламенти жана ишинин ички процедуралары; 

б) банктарды текшерүү боюнча колдонмо (Банктарды жана башка ФКУларды текшерүү боюнча колдонмо; Банктарды жана башка ФКУларды текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчет түзүү боюнча колдонмо; тышкы көзөмөлдү жүзөгө ашыруу алкагында Банктардын жана башка ФКУлардын ишине анализ жүргүзүү боюнча колдонмо); 

в) Банктардын жана башка ФКУлардын ишине анализ жүргүзүү боюнча усулдук сунуш-көрсөтмөлөр; 

г) аларды бекитүү боюнча ыйгарым укуктар Комитетке Улуттук банк тарабынан делегацияланган башка документтер жана чечимдер. 

2.5. Комитет, зарыл болгон учурларда банк тутуму, лицензиялоо жана банктык көзөмөл, анын ичинде Банктардын жана башка ФКУлардын ишин жөнгө салуу жана көзөмөлдүккө алуу тармагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзам жана ченемдик актыларынын долбоорлору боюнча кайсыл болбосун маселени талкууга алып, аны Улуттук банк Башкармасынын кароосуна алып чыгууга укуктуу. 

Комитеттин катчысы болуп жетектөөчү адис шайланат, бул анын кыз- 

маттык көрсөтмөлөрүндө караштырылат. Комитет катчысынын ишин координациялоону, уюштурууну жана анын ишине көзөмөлдүк кылууну Улуттук банктын Төрагасынын орун басары (Комитеттин Төрагасы) жүзөгө ашырат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 2-мартындагы N 10/14 токтомунун редакциясына ылайык) 

2.6. Улуттук банктын кызматкери Комитеттин катчысы болуп дайындалат. Комитет катчысынын ишин координациялоону, уюштурууну жана анын ишине көзөмөлдүк кылууну Комитеттин Төрагасы жүзөгө ашырат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 2-мартындагы N 10/14, 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1, 2017-жылдын 6-июлундагы №2017-П-12/30-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3. Улуттук банктын Комитетинин отурумундарын өткөрүү жана даярдоо 

3.1. Комитеттин отурумдары ар дайым, айына кеминде бир жолу, айдын акыркы жумасынын төртүнчү күнүндө өткөрүлүп турат. Комитет жарым жылдык иш планын бекитет, ага ылайык тиешелүү маселелер кароого алынат. Зарыл болгон учурда Комитеттин төрагасы кезексиз отурумду чакырат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-апрелиндеги N 26/5, 2012-жылдын 2-мартындагы N 10/14 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.2. Комитеттин мүчөлөрүнө пландык отурумдун күн тартиби, боло турган жери жана убактысы жөнүндө кеминде эки жумуш күнү ичинде билдирилет. 

Кийинкиге калтырууга болбой турган чечим кабыл алууну талап кылган пландан тышкаркы отурумдар Комитеттин төрагасынын же Комитеттин эки мүчөсүнүн чечими боюнча өткөрүлөт, Комитеттин катчысы бул тууралуу, тартип түрүндө, Комитеттин отурумуна чейин бир күндөн кем эмес убакытта Комитеттин мүчөлөрүнө кат жүзүндө билдирет. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.3. Комитеттин отурумунун кворуму Комитет мүчөлөрүнүн 2/3 добушу менен түзөт, анын бирөө Комитеттин төрагасы же анын милдетин аткарган адам болууга тийиш. 

3.4. Комитеттин чечимдери Комитеттин отурумуна катышып жаткан мүчөлөрдүн санынан жөнөкөй көпчүлүк добуш берүү менен чечилет. Добуш барабар болуп калган учурда Комитеттин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. 

3.5. Токтомдордун бардык долбоорлору милдеттүү түрдө Юридика башкармалыгы менен макулдашылууга тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.6. Комитеттин кабыл алынган чечимдеринин аткарылышына жооп берген кызмат адамы, Комитеттин токтомунда көрсөтүлөт жана Комитеттин чечимдеринин аткарылгандыгы жана аткарылбагандыгы тууралуу Көзөмөл боюнча комитетке кеминде жылына эки жолу отчет берип турат. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8 токтомунун редакциясына ылайык) 

3.7. Кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалымдоо тартиби комитет тарабынан кабыл алынат. 

3.8. Комитеттин отурумдары протокол менен таризделет, ал Комитеттин мүчөлөрү менен макулдашылгандан кийин Комитеттин төрагасы жана катчысы тарабынан кол коюлат. Протоколдорду жүргүзүү процедуралары жана тартиптери Комитеттин Регламенти тарабынан аныкталат. 

3.9. Комитеттин катчысынын милдети: 

а) отурумду өткөрүү датасы, күн тартиби тууралуу Комитеттин ар бир мүчөсүнө өз учурунда билдирүү

б) Комитеттин жарым жылдык иш планынын долбоорун түзүү

в) Комитеттин отрумдарынан протокол түзүү жана токтомдорду жана/же Комитеттин чечимдерин тариздөө жана анын мөөнөтүнө контролдук кылуу; 

г) Комитет тарабынан бекитилген регламентке ылайык, структуралык бөлүмдөр тарабынан материалдардын даярдалышына жана таризделишине, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрүн алардын негизинде материалдар даярдалган Кыргыз Республикасынын жана Улуттук банктын тиешелүү ченемдик укуктук актылар менен камсыз кылынышына контролдук кылуу; 

д) каралып жаткан маселелер боюнча зарыл болгон документтердин жана материалдардын топтомун Комитеттин бардык мүчөлөрүнө белгиленген мөөнөттө таркатуу; 

е) түзүмдүк бөлүмдөр тарабынан Комитеттин токтомдорунун жана баш- 

ка чечимдеринин (буйрууларынын) аткарылышы жөнүндө жарым жылдык отчетту даярдоо; 

ж) Комитеттин аткарган иши жөнүндөгү отчетту, Улуттук банк Башкармасынын кароосуна сунуштоо үчүн жарым жылда бир жолу даярдоо. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-апрелиндеги N 26/5, 2011-жылдын 14-сентябрындагы N 52/8, 2012-жылдын 2-мартындагы N 10/14 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 

3.10. Иш жүргүзүүнү алып жүрүү тартиби Комитеттин Регламенти тарабынан аныкталат. 

3.11. Комитеттин чечимдерине талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуу боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык даттанууга болот. 

3.12. Комитеттин иши Улуттук банк Башкармасынын тиешелүү чечиминин негизинде токтотулат. 

4. Көзөмөл боюнча комитеттин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги жөнүндө 

өлүм КР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 27-февралындагы N 6/9 токтомунун редакциясына ылайык) 

4.1. Көзөмөл боюнча комитеттин төрагасы жана мүчөлөрү, ушул жобонун талаптарын сактоо жана аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алгандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат. 

4.2. Отурумга материалдарды даярдаган бардык адамдар, анын ичинде Комитеттин мүчөлөрү, Комитеттин отурумунда кароого алынган маселелер боюнча маалыматтардын толуктугу жана тактыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралаган тартипте жоопкерчилик. 

Эскертүү

(1) (алар боюнча айыл салуу жөнүндөгү чечим Кыргыз Республикасынын жана Улуттук банктын укуктук актыларына ылайык алмашуу бюролорун, ломбарддарды, кредиттик союздарды эске албаганда).