Кайта келүү

Кыргыз Республикасынын 

Улуттук банк Башкармасынын 

2009-жылдын 28-декабрындагы 

N 51/5 токтомуна карата 

тиркеме 

 

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине 

ылайык операцияларды жүзөгө ашырышкан банктарда 

тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу 

талаптар жөнүндө 

ЖОБО 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы 21/10 токтомунун редакциясына ылайык

 

1. Жалпы жоболор 

 

1. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

2. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан, ошондой эле "ислам терезесине" ээ банктарды (мындан ары - банктар) кошо алганда, коммерциялык банктарда тобокелдикти тескөөнүн шайкеш системасынын түзүлүшүнө жана ички контролдуктун уюштурулушуна карата минималдуу талаптарды аныктоо ушул Жобонун максаты болуп саналат. 

3. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

4. Ушул Жобонун максаттарында инвестициялык эсеп дегенден улам, кардарлардын банктын мудараба келишиминин негизинде тарткан каражаттары чагылдырылган эсептерин түшүнүү зарыл. Мудараба келишиминин түрүнө жараша инвестициялык эсеп чектелбеген же чектелген болушу мүмкүн. 

 

2. Тобокелдиктерди тескөөнү уюштуруу 

 

5. Банк ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктерди минимизациялоо максатында, банктын колунда анын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, тобокелдикти тескөө боюнча анын операцияларынын масштабына, керектөөлөрүнө жана татаалдыгына ылайык келген концепция жана саясат болууга тийиш. 

Банктын тобокелдикти тескөө концепциясында төмөнкү ыкмалардын бири каралууга тийиш. 

1) тобокелдиктин ар бир түрү үчүн өзүнчө саясаттарды иштеп чыгуу жана кабыл алуу; 

2) тобокелдикти тескөө маселесинин башка ички саясаттарда каралышын караган, бул багытта бирдиктүү саясаттын болушу (активдерди жана пассивдерди тескөө саясаты, ликвиддүүлүк саясаты ж.б. саясаттар). 

6. Тобокелдикти тескөө концепциясында банк дуушар болгон тобокелдикти кароого алуу жана ага баа берүү, башкача айтканда банктын бардык жүргүзгөн операцияларында орун алган тобокелдиктин өз ара таасир этүүсүн чагылдыруу каралууга тийиш. 

Банктын концепциясында милдеттүү түрдө төмөнкүлөр аныкталышы зарыл: 

1) тобокелдиктерди аныктоо туруктуу негизде ишке ашырылып, учурда орун алган тобокелдикти жана иш чөйрөсүн кеңейтүүдөн, жаңы банктык продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өздөштүрүүдөн, анын ичинде алардын Шариат стандарттарына ылайык келүүсү шартынан улам келип чыгуучу тобокелдикти аныктоого багытталууга тийиш; 

2) тобокелдикти өлчөө банк ишине таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тышкы жана ички шарттарды эске алуу менен жүргүзүлүшү зарыл. Банк тарабынан тобокелдикти өлчөөдө колдонулган инструменттер банк дуушар болгон тобокелдиктин татаалдыгын жана анын деңгээлин чагылдырууга тийиш. Банк тобокелдикти өлчөө инструменттерине мезгил-мезгили менен баа берип туруусу зарыл; 

3) тобокелдиктерге контролдук банк кызматкерлеринин укуктарын жана жоопкерчиликтерин аныктаган саясаттарда, эрежелерде жана жол-жоболордо лимиттерди белгилөө аркылуу жүргүзүлүшү зарыл. Саясаттарда көрсөтүлгөн лимиттердин ашып кетиши шартында, чечимдерди кабыл алуу тартиби аныкталат. Банк тарабынан колдонулган контролдоо механизми Шариат эрежелерине жана стандарттарына, мыйзам актыларынын талаптарына, ошондой эле банктын ички саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык келүү менен тобокелдикти тескөө процессинин бүтүндүгүн камсыз кылууга тийиш; 

4) тобокелдиктерге мониторинг банк тобокелдиктеринин деңгээлине өз учурунда баяндаманы камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт. Тобокелдиктерге мониторинг боюнча отчеттор мезгил-мезгили менен берилип турууга, шайкеш жана өз учурунда жүргүзүлүүгө, ошондой эле тиешелүү чараларды көрүүсү үчүн банктын жооптуу адамдарына берилүүгө тийиш. 

7. Банкта тобокелдикти тескөө ар тараптуу жана ошол эле учурда бардык иш деңгээлдеринде жүзөгө ашырылышы зарыл. Мында: 

1) банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын иши тобокелдикти тескөө концепциясын жана жол-жоболорун аныктоого, алгылыктуу тобокелдик деңгээлин белгилөөгө жана контролдоонун шайкеш системасын түзүүгө багытталууга тийиш; 

2) Тобокелдиктерди тескөө жагында стратегиялык маселелерди кароо, анын күндөлүк абалына баа берүү, банк Башкармасынын ишине контролдукту камсыз кылуу, ошондой эле жаңы банктык технологияларды ишке киргизүүдө тобокелдиктерди аныктоо жана баа берүү Тобокелдиктерди тескөө комитетинин иши болуп саналат; 

3) түзүмдүк бөлүмдөрдө тобокелдикти тескөөдө орто звено жетекчилеринин жана тобокелдиктер боюнча баяндамаларды даярдаган функционалдык бөлүмдөрдүн иши камтылышы зарыл; 

4) банктын атынан тобокелдикти жөнгө салууну өзүнө алган адамдар деңгээлинде тобокелдикти тескөө операциялык жол-жоболорду, ички контролдук жол-жоболорун жана банк жетекчилиги тарабынан белгиленген башка талаптар менен чектелүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

8. Тобокелдиктерди тескөө консолидацияланган негизде жүзөгө ашырылууга тийиш жана ал Кыргыз Республикасынын аймагында сыяктуу эле, анын чегинен тышкары жайгашкан туунду ишканаларга карата колдонулат. 

9. Банктын тобокелдиктерин тескөө системасынын шайкештигине баа берүү, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык, ички жана тышкы аудит, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары Улуттук банк) тарабынан ишке ашырылат. 

 

2-1. Тобокелдиктерди тескөө комитети 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

9-1. Тобокелдиктерди тескөө комитетин (мындан ары - Тобокелдиктерди тескөө комитети) түзүү максатынан болуп банктын Директорлор кеңешине банктык тобокелдиктер чөйрөсүндөгү ишинде артыкчылыктуу багыттарды аныктоого жана тобокелдиктерди талапка ылайык тескөө үчүн шарттарды түзүүгө көмөктөшүү саналат.  

9-2. Тобокелдиктерди тескөө комитетинин компетенциясына кеминде төмөнкүлөр кирет: 

1) Учурда колдонулуп жаткан тобокелдиктерди тескөө системасынын натыйжалуулугуна баа берүү

- тобокелдиктерди тескөө процессин жөнгө салган банктын ички документтерине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

- тобокелдиктер боюнча отчеттордун жетиштүүлүгүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

- тобокелдиктерди тескөө процессин маалыматтык колдоо жетиштүү экендигине талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү

2) Кароого алуу: 

- аткаруу органы тарабынан Директорлор кеңешине бекитүү үчүн сунушталган банктын тобокелдиктерди тескөө саясатын жана жобону; 

- олуттуу тобокелдик түрлөрү, банктык лимиттер абалы, стресс-тестирлөө жыйынтыктары боюнча утурумдук отчетторду. 

3) Тобокелдиктерди тескөө системасын түзүүгө жана жүзөгө ашырууга жооптуу түзүмдүк бөлүмдөр, банкта тобокелдиктерди тескөө маселелери жагында тышкы жана ички аудит менен өз ара иш алып баруу. 

4) Банктын Директорлор кеңеши үчүн сунуш-көрсөтмөлөрдү иштеп чыгуу/даярдоо: 

- колдонуудагы тобокелдиктерди тескөө системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча; 

- бардык банктык операциялар жана башка бүтүмдөр боюнча тобокелдиктерди чектөө саясаты боюнча; 

- тобокелдиктерди тескөө жагында олуттуу мааниге ээ башка маселелер боюнча. 

5) Банктын Директорлор кеңешине банк үчүн олуттуу болуп саналган бардык банктык тобокелдиктер, анын ичинде өзгөчө мааниге ээ маселелер тууралуу маалымдоо. 

 

3. Банк жетекчилигинин тобокелдиктерди 

тескөө боюнча жоопкерчилиги 

 

10. Банктын Директорлор кеңеши жана башкармасы, банкта тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, аларга контролдукту, мониторинг жүргүзүүнү жана банк дуушар болгон тобокелдиктердин ар кандай түрүнө баа берүүнү кошо алганда, банкта тобокелдикти тескөөнүн таасирдүү системасынын калыптанышы үчүн жоопкерчиликтүү болуп саналат. 

11. Банктын Директорлор кеңеши тобокелдиктерди тескөө системасынынын концепциясын аныктоого жоопкерчиликтүү

12. Директорлор кеңеши, банк Башкарма жана тобокелдик-менеджер тарабынан Тобокелдиктерди тескөө комитети тарабынан берилген маалыматтардын негизинде тобокелдикти тескөө системасынын эффективдүүлүгүнө мезгил-мезгили менен баа берип туруу менен зарылчылык келип чыккан шартта тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

13. Банк Башкармасы Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген банктын концепциясына жана саясатына ылайык, тобокелдиктерди тескөөнү жүзөгө ашыруу менен аларды аныктоо, өлчөө, контролдукту жана мониторингди жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчиликтүү, банктын өз кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын аныктайт. Банк Башкармасы иши тобокелдиктерди тескөөгө байланыштуу болгон структуралык бөлүмдөрдүн жана кызмат адамдарынын банктын атынан тобокелдиктерди кабыл алган структуралык бөлүмдөрүнөн көз карандысыздыгын камсыз кылууга тийиш. 

14. Банктын жүргүзүлүп жаткан операцияларынын түрлөрүнө жараша тобокелдиктерди диверсификациялоо (бөлүштүрүү) боюнча саясаты жана тобокелдикти тескөө жол-жоболору, эрежелери иштелип чыгууга тийиш. Директорлор кеңеши тарабынан аныкталган лимиттердин жалпы өлчөмдөрүнүн сакталышын банк Башкармасы камсыз кылат. Банк Башкармасы тобокелдикти тескөө жол-жоболорун жана эрежелерин зарылчылыкка жараша, кайрадан карап турушу зарыл (кеминде жылына бир жолу). 

15. Башкарма консолидацияланган негизде тобокелдиктердин аныкталышы жана өлчөнүшү, алардын олуттуулугуна баа берилиши жана мезгил-мезгили менен тобокелдиктерди тескөө боюнча отчетторду жана тобокелдиктерди тескөө боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдүн Директорлор кеңешине сунушталып турушу үчүн жоопкерчилик тартат, бул тобокелдиктерди тескөө процессинин иш натыйжалуулугун жана шайкештигин камсыз кылууга өбөлгө түзөт. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

16. Тобокелдиктерди тескөө боюнча концепциясына жана саясатына өзгөртүүлөрдүн зарыл экендиги боюнча сунуш-көрсөтмөлөрдү Директорлор кеңешине өз учурунда сунуштоо да банк Башкарманын милдетине кирет. 

17. Директорлор кеңеши банк тобокелдиктерине көз карандысыз контролдукту оперативдүү негизде жүргүзүү үчүн тобокелдик-менеджерин дайындайт, ал тобокелдиктерди тескөө саясатынын жүзөгө ашырылышы үчүн жоопкерчиликтүү болуу менен банк ишине мүнөздүү болгон тобокелдиктерге баа берүүнү туруктуу негизде жүргүзүп турат. 

18. Директорлор кеңеши тобокелдик-менеджеринин укугун, милдетин жана анын банк Башкармасы менен өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт. 

19. Тобокелдик-менеджери кеминде ай сайын Директорлор кеңешине отчетторду берип турууга тийиш. Тобокелдик-менеджери күндөлүк иштерди аткаруу жана чечимдерди оперативдүү кабыл алуу үчүн банктын аткаруу органынын тобокелдикти тескөө үчүн жооп берген өкүлү менен кызматташтыкта иш алып барат. 

20. Тобокелдик-менеджеринин иши Директорлор кеңеши бекиткен текшерүүлөрдүн мезгил аралыгына жараша, банктын ички аудит кызматы тарабынан текшерилүүгө тийиш. 

21. Операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банкта көз карандысыз Шариат кеңешинин иштеши милдеттүү болуп саналат. Банктын Шариат кеңеши өз ишин Директорлор кеңешинен, банк Башкармасынан жана банктын структуралык бөлүмдөрүнөн көз карандысыз жүзөгө ашыруу менен банктын келишимдерине ылайык келүүсүнө же болбосо аларга Шариат стандарттарына ылайык түзөтүүлөрдүн киргизилишине байланыштуу, тобокелдиктердин тескөөгө алынышы үчүн жоопкерчилик тартат. 

 

4. Тобокелдиктин негизги түрлөрү 

 

1§. Кредиттик тобокелдик 

 

22. Кредиттик тобокелдик - бул, кардардын келишим шарттарында каралган милдеттенмелерин аткарбай коюусунун же талаптагыдай аткарбашынын натыйжасында келип чыккан, жоготуу тобокелдиги. 

23. Кредиттик тобокелдикти тескөөгө алуу максатында, банк төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

1. (мудараба, мушарака) келишимдерин түзүү учурунда каржылоого алуучу тарап катары иш алып баруу менен кардардын милдеттенмелерин аткаруу боюнча тобокелдигине, ошондой эле пландык төлөмдөрдү кийинкиге калтыруусуна же төлөй албашына, (салам, параллель истиснаа) келишим предметин даярдоону жана жеткирип берүүнү кечеңдетишине байланыштуу тобокелдиктерге баа берет; 

2) кредиттик тобокелдиктин келип чыгышы түзүлгөн келишимдин түрүнө жана мүнөзүнө жараша болгондугуна байланыштуу, ар бир келишим боюнча кредиттик тобокелдикке баа берүү жана аны өлчөө

3) кредиттик тобокелдиктин өөрчүшүнө алып келген башка тобокелдиктердин таасирин эске алуу. Кредиттик тобокелдикке комплексте баа берүү менен банктын ишине мүнөздүү тобокелдиктердин бардык түрүн тескөөгө алуунун комплекстүү ыкмасынын курамдык бөлүгү катары, кредиттик тобокелдикти тескөөгө алуу. 

24. Банкта төмөнкүлөрдү караган кредиттик тобокелдикти тескөө боююнча саясат иштелип чыгууга тийиш: 

1) Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли (лимиттер); 

2) кредиттик тобокелдикти тескөөгө алууда жоопкерчиликтүү комитеттердин/бөлүмдөрдүн ыйгарым укуктары. Активдердин жайгаштырылышы үчүн жоопкерчиликтүү болгон банк адистери үчүн лимиттер, ошондой эле активдердин жайгаштырылышынын жактырылышын талап кылган параметрлер каралууга тийиш. Маркетингди, анализдөөлөрдү жана өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган активдерди жайгаштыруу боюнча бүтүмдөрдү (келишимдерди) жактырууну жүзөгө ашырган кызматкерлер ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү да каралышы зарыл; 

3) потенциалдуу кардардын төлөөгө жөндөмдүүлүгүн аныктоо үчүн анализдөө ыкмаларын жана бүтүм жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин аткарылууга тийиш болгон минималдуу талаптардын тизмесине кирген бүтүмдөрдү (келишимдерди) жактыруу процессин. Кардардын баа берүүсү үчүн чечим кабыл алуунун алгылыктуу критерийлери жана башка инструменттер көрсөтүлүшү зарыл; 

4) активдерди жайгаштыруу боюнча аларды жүзөгө ашырууда сакталууга тийиш болгон нускоолорду жана аларды ишке ашыруу Шариат стандарттарына ылайык тыюу салынган операциялардын тизмесин кошо алганда, бүтүмдөрдүн (келишимдердин) түрлөрүнүн тизмесин. Мындай тизмелер мезгил-мезгили менен жаңыртылып турууга жана активдерди жайгаштыруу боюнча операцияны жүзөгө ашырган кызматкерлерге тааныштырылууга тийиш; 

5) жайгаштырылган активдерди төлөөнүн негизделген мөөнөттөрү. Төлөө мөөнөттөрүн пландаштыруу күтүлүп жаткан төлөө булактарына, активдин максатына, күрөөнүн пайдалуу кызмат өтөө мөөнөтүнө жана банктын каржылоо булактарына байланыштырылышы зарыл; 

6) башка факторлор менен катар эле тартылган каражаттардын наркын, активдердин тейлөөгө алынышынын наркын, кошумча чыгашалар жана потенциалдуу чыгымдардын орун алышы мүмкүндүгүн, ошондой эле банк үчүн пландаштырылган пайданын алынышын камтыган, активдин баасын түзүү боюнча көрсөтмөлөрдү

7) активдин күрөөнүн бааланган наркына катышы, ал берилип жаткан актив үчүн талап кылынган жана ал үчүн алгылыктуу болгон күрөөнүн Шариат стандарттары уруксат берген көлөмүн жана түрүн аныктоо үчүн белгиленет. Саясатта активди реструктуризациялоо учурунда мүмкүн болуучу кайра баалоо жол-жобосун кошо алганда, баа берүү учурунда сакталууга тийиш болгон стандарттык параметрлер, баа берүү үчүн жоопкерчилик аныкталышы зарыл. Ошондой эле, камсыздоо катары кабыл алынган күрөө суммасы жана анын түрү боюнча лимиттер да аныкталууга тийиш. Банк, күрөө менен иш алып барууда жана кредитордун укугун реализациялоо зарылчылыгы учурунда келип чыгышы ыктымал болгон юридикалык мүнөздөгү көйгөйлөрдү да алдын ала караштырышы зарыл; 

8) потенциалдуу кардардын абалына талаптагыдай текшерүүнү жүргүзүү, алардын кредитти төлөө жөндөмдүүлүгүнө баа берүү, бизнесинин максатын, долбоордун экономикалык маңызын, болочок акча агымынын реалдуу болжолдонушуна баа берүүнү кошо алганда, анын операциялык мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо боюнча жобо. Мындай жол-жоболордо стресстестирлөө, ийкемдүүлүккө анализдөөлөр жана иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн башка ыкмалары камтылышы мүмкүн. Каржылоонун ар кандай түрлөрүн пайдаланган кардарлардын абалына алардын ишинин Шариат стандарттарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын нормаларына ылайык жүргүзүлүшү көз карашынан, баа берүүнү ишке ашыруу зарыл; 

9) кардардын финансылык отчетту берүүсү жана аны мезгил-мезгили менен жаңылап туруусу боюнча талаптар. Финансылык отчетко карата талаптар юридикалык жактар сыяктуу эле, жеке адамдар үчүн да каралууга жана алар аудиторлордун тастыктамасын алуу зарылчылыгы жөнүндө жобону камтууга тийиш. Баланстык, түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчетторду, акча каражаттарынын жылышы жөнүндө отчетту ж.б. кошо алганда, жылдык, аралык отчетторду берүүлөргө талаптардын белгилениши зарыл. Коюлган талаптарда алардын жол берилишине тиешелүү ыйгарым укуктарды көрсөтүү менен мүмкүн болуучу (негиздүү) өзгөчөлүктөр так аныкталууга тийиш; 

10) жеринде барып экономика секторунун жана кардардын абалына иликтөөлөрдү жүргүзүүнү кошо алганда, кардар сунуш кылган документтердин негизинде активдин абалына анализдөөлөрдү жүргүзүү боюнча талаптар; 

11) кардар мүлктү же товарды сатып алуу билдирмесин токтотуп, алып салган учурда банктын аракеттенүү тартиби. Мында, төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш: 

а) банктын берүүчүлөр тобокелдигине дуушарлануусуна мониторинг жүргүзүү жана контролдоо тартиби, бул жагдай келишимдерди жүзөгө ашыруунун ар кайсы баскычында (салам жана истиснаа келишими боюнча милдеттенмени аткарбай коюу тобокелдигин кошо алганда), өзгөчө банктын кардары агент катары иш алып барган шартта, активди берүү учурларында келип чыгышы ыктымал; 

б) банк, кардар жана берүүчүнүн ортосунда активге байланыштуу келип чыккан тобокелдикти кабыл алуу тартиби. 

12) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган чогуу алгандагы утурумдук (мөөнөтүндө төлөнбөгөн) активдер боюнча чектөөлөр; 

13) инсайдерлерге жана аффилирленген жактарга берилген активдер боюнча чектөөлөр жана мындай операцияларды бекитүү боюнча ыйгарым укуктар; 

14) өзүндө кредиттик тобокелдикти камтыган (географиялык белгилери боюнча, тармактар боюнча, валюталар же башка факторлор боюнча) активдердин концентрациялануусуна чектөөлөр. Портфель ичинде тобокелдиктин Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген алгылыктуу деңгээлине негизденген диверсификациялоо караштырылышы зарыл. Ошондой эле, банктын саясаты концентрацияланууга тиешелүү бардык маалыматтар мезгил-мезгили менен иликтөөгө алынышын кароого жана банк Башкармасына, Директорлор кеңешине анализдөөлөрдүн жыйынтыгы сунушталууга тийиш экендигин кароого алуусу зарыл. Лимиттер банктын эрки боюнча белгилениши мүмкүн, бирок ал Улуттук банк тарабынан белгиленген деңгээлден ашпоого тийиш; 

15) банктын активдер портфели анын саясаттарга жана банктын иш максатына ылайык келүүсүнө баа берүү көз карашынан мезгил-мезгили менен иликтөөгө алынып турууга тийиш; 

16) активди алууга билдирме берген учурдан тартып, анын толук төлөнүшүнө чейин тескөөгө алуу системасы; 

17) кардардын иш жүргүзүүсү боюнча маалыматтардын түрүн, аларга мезгил-мезгили менен анализдөөлөрдү жүргүзүүнү жана алардын жаңыланып турушун камтыган минималдуу талаптар; 

18) активдерди жана баланстан тышкаркы статьяларды ичте классификациялоо системасы, учурдагы же потенциалдуу чыгымдардын ордун жабууга кам түзүү. Кредиттик тобокелдиктин өлчөмүн учурдагы же потенциалдуу чыгымдардын ордун жабууга камдарды түзүүнү эске алуу менен активдерди классификациялоо боюнча так саясаттар жана жол-жоболор иштелип чыгууга, ошондой эле ички классификациялоо процесстеринин натыйжаларын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын кароосуна сунуштоо боюнча талаптар да караштырылууга тийиш; 

19) мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдерге тиешелүү көрүлүүчү иш-чаралар. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн активдер боюнча отчетко карата коюулуучу талаптарда бардык мөөнөтүндө төлөнбөгөн жана эсептен алынып салынган активдердин тизмеси мезгил-мезгили менен Директорлор кеңешине сунушталып туруусун кошо алганда, так аныкталышы зарыл; 

20) проблемалуу активдерди/баланстан тышкаркы статьяларды тескөө боюнча алдын ала абалды оңоочу чаралардын кабыл алуу жол-жобосун караштырган система мезгил-мезгили менен кайрадан каралып чыгып, анда эң аз дегенде төмөнкүлөр камтылууга тийиш: 

а) жеке сүйлөшүүлөр, абалды жеринде барып иликтеп көрүү аркылуу кардардын финансылык абалына көз салуу; 

б) төлөмдөр графигин кайрадан кароо, төлөө мөөнөттөрүн узартуу, реструктуризациялоо (карыздын жалпы суммасын көбөйтпөстөн); 

в) активдерди Шариат стандарттарына ылайык камсыздандыруу; 

г) Шариат стандарттарына ылайык айыптык санкцияларды колдонуу. 

21) ар бир активге өз-өзүнчө мониторинг жүргүзүү системасы. Белгиленген чектен ашкан мөөнөттө берилген активдер өзүнчө каралууга тийиш. Проблемалуу активдерди кароо мезгил аралыгы аныкталышы зарыл. Активдерди кароого алуу кызмат көрсөтүүлөргө анализдөөлөрдү жүргүзүүдөн жана маркетингден көз карандысыз ишке ашырылууга тийиш. Эгерде, мониторингди жүргүзүү учурунда иштелип чыккан жол-жоболордо же усулдук ыкмаларда айрым бир өксүктөр аныкталса, анда банктын жол-жоболоруна жана саясаттарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл; 

22) банктын параллель бүтүмдөргө катышуусу учурунда келип чыккан тобокелдикти тескөө боюнча жол-жоболор (параллель истиснаа, параллель салам); 

23) отчеттордун түрлөрү, ошондой эле кредиттик тобокелдик деңгээлин аныктоо максатында, кимге жана качан берилгендигин тактоо зарыл; 

24) Шариат стандарттарына ылайык келген жана жетиштүү болгон, активдин наркынын ордун жаба алган камсыздандыруу жол-жобосу. Зарылчылык келип чыккан шартта, болжолдонуп жаткан камсыздандыруу учурларына баа берүү үчүн банктын бул багытта иштеген эксперттерди тартуу мүмкүнчүлүгү да караштырылышы зарыл; 

25) кредиттик тобокелдикти тиешелүү деңгээлде камсыз кылуу үчүн зарыл болгон, банктын чечими боюнча иштелип чыккан кошумча саясаттар жана жол-жоболор. 

 

2§. Капиталга инвестициялар тобокелдиги 

 

25. Капиталга инвестициялар тобокелдиги - бул мудараба, мушарака келишимдерине ылайык банктын каражаттарын компаниялардын акционердик капиталына инвестициялоо учурунда келип чыккан тобокелдик. 

26. Банктын колунда инвестиция тобокелдигин тескөө боюнча төмөнкүлөрдү караган саясаттын болушу зарыл: 

1) пайданы бөлүштүрүү механизмин кошо алганда инвестицияларга баа берүү максаттары жана критерийлери; 

2) капиталга инвестицияларды ишке ашыруунун натыйжасында келип чыккан тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли боюнча, Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген лимиттер; 

3) Шариат стандарттары каражатты инвестициялоого тыюу салган ишкердик чөйрөсүнүн тизмеги. Мындай тизмелер мезгил-мезгили менен жаңыртылып турууга жана инвестицияларды жайгаштыруу боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан кызматкерлерге тааныштырылууга тийиш. Инвестицияларды жайгаштыруу жөнүндө чечимдин кабыл алынышы, банктын келишимдери Шариат стандарттарына ылайык келүүсүн кароого алган жана контролдогон, Шариат кеңешинин мүчөлөрүн кошо алганда, адистердин иш тажрыйбасына (эксперттик билим деңгээлдерине) таянуу менен ишке ашырылышы зарыл. Өткөндө банк үчүн жоготууга алып келген инвестициялар ушул саясаттын чегинде контролдукка алынат; 

4) өткөндөгү кызматташуунун жыйынтыгы боюнча критерийлерди инвестициялык долбоорго тартылган адистердин квалификациясы жана сунуш кылынган бүтүм боюнча бизнес-планды кошо алганда, өнөктөштөрдүн ишине баа берүү тартиби; 

5) инвестицияларды жайгаштыруунун мүмкүн болушунча негизделген мөөнөттөрү. Мөөнөттөрдү пландаштыруу пайда алуунун күтүлүп жаткан булактарына жана инвестициялардын максатына байланыштуу болууга тийиш жана анда төлөө мөөнөттөрүнүн параметрлери да караштырылышы зарыл; 

6) мезгил-мезгили менен кайрадан каралып турууга тийиш болгон кирешелерди бөлүштүрүү механизми менен инструменттерди тескөө боюнча ыйгарым укуктарды алуу, ээлик кылуу жана өткөрүп берүү учурунда келип чыккан тобокелдиктерди тескөө жол-жобосу жана анын тиешелүү түзүмү

7) банк өнөктөш катары алардын ишине каражаттарды инвестициялаган субъекттердин операцияларын жана экономикалык иш натыйжаларына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү жол-жобосу. Анда өнөктөштүн финансылык отчетунун шайкештигине баа берүүлөр, өнөктөштүн ишинин Шариат стандарттарына ылайык келүүсүнө баа берүүлөр, өнөктөштөр менен мезгили-мезгили менен жолугушууларды өткөрүү жана алардан милдеттүү түрдө протоколдордун толтурулушу каралууга тийиш; 

8) инвестициялык долбоорду жүзөгө ашыруунун ар кандай баскычында тобокелдиктерди идентификациялоо жана алардын өзгөрүүсүнө мониторингин жүргүзүү жол-жобосу; 

9) кирешелер боюнча акча агымынынын жана акционердик капиталга каражаттарды инвестициялоодон капиталдын өсүшүнүн күтүлүп жаткан көлөмүнө жана мөөнөттөрүнө таасирин тийгизиши мүмкүн болгон факторлорду аныктоо жана аларга анализдөөлөрдү жүргүзүү жол-жобосу; 

10) инвестицияланган каражаттардын наркынын начарлоосуна байланыштуу тобокелдиктерди минимизациялоо ыкмалары. Мында, Шариат стандарттары уруксат берген өнөктөш сунуш кылган камсыздоо пайдаланылышы мүмкүн; 

11) инвестициялардын наркына баа берүү ыкмасы жана пайданы бөлүштүрүү боюнча банк менен өнөктөш ортосунда макулдашылууга тийиш болгон мезгил аралыгы. Банк зарылчылык келип чыккан шартта, аудит жүргүзүү жана инвестициялардын наркына баа берүү үчүн көз карандысыз жактарды тартуу жөнүндө өнөктөштөргө макулдаша алат. Бул чаралар ачык-айкындуулукка өбөлгө түзүү менен алынган пайдага объективдүү баа берүүгө жана аны бөлүштүрүүгө, ошондой эле төлөөгө каралган сумманы аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт; 

12) далилдүү маалыматтардын жоктугунан, финансылык контролдук системасынын шайкеш эместиги же өнөктөштүк кирешелерине жана инвестициялардын сапатына шайкеш эмес баа берилип калышына алып келген, отчеттордун жыйынтыгын потенциалдуу бурмалоолордун кесепетинен келип чыккан тобокелдиктерди тескөө жол-жобосу. Мына ушундай тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн банк, инвестицияларды мониторингдөөгө активдүү катышуу же тобокелдиктерди басаңдатуу механизмдерин пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн карашуусу зарыл; 

13) инвестициялык келишимдерди узартуу же аларды аягына чыгаруу шарттарын кошо алганда, инвестициялык долбоордон чыгуу критерийлери. Мындай критерийлерде инвестицияларды сатып алуунун же аларды сатуу мүмкүндүгүнүн шарттары ошондой эле долбоордон чыгуунун альтернативалуу ыкмалары жана мөөнөттөрү камтылууга тийиш; 

14) отчеттордун түрлөрү жана капиталга инвестициялардан келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди аныктоо максатында алар, кимге жана качан бериле тургандыгы аныкталуусу зарыл. 

 

3§. Рыноктук тобокелдик 

 

27. Рыноктук тобокелдик - бул, сырьелорго, товарларга баанын, ошондой эле валюта курсунун, акциялардын наркынын өзгөрүүсүнүн натыйжасында, банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин наркынын алгылыксыз өзгөрүүсүнө байланыштуу жоготуулардын келип чыгуу ыктымалдыгы. Рыноктук тобокелдик келишимдерди ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында келип чыгышы же болбосо алардын ишке ашырылышынын бүтүндөй мөөнөтү ичинде туруктуу орун алышы мүмкүн. Рыноктук тобокелдикте баа тобокелдиги жана валюта тобокелдиги камтылат. 

28. Банк рыноктук тобокелдикти тескөө процессин жана төмөнкүлөрдү камтыган маалыматтарды башкаруу системасын аныктоого тийиш: 

1) рыноктук тобокелдикти аныктоонун концептуалдуу жалпы схемасын; 

2) ар кандай портфель жана алар боюнча лимиттерге тиешелүү тобокелдик камтылган операциялар боюнча нускоолор; 

3) баа түзүүнү аныктоо, кирешелерге баа берүү жана аларды таануу ыкмалары; 

4) рыноктук тобокелдикти контролдукка алуу, мониторинг жүргүзүү жана ал боюнча отчетторду жетекчиликке берүү үчүн маалымат берүүнүн өркүндөтүлгөн системасы. 

29. Банк рыноктук тобокелдикке сандык формада дуушарлануу деңгээлин аныктоого жана келечекте чыгымга учуроо ыктымалдуулугуна баа берүүгө тийиш. 

30. Банк, өз иш чөйрөсүнө жана анын татаалдыгына жараша ар кандай ыкмаларды караган, рынок тобокелдигин тескөө боюнча комплекстүү саясатты иштеп чыгууга тийиш. 

31. Баа тобокелдиги - бул, банкка же анын кайсыл болбосун туунду компаниясына тиешелүү болгон финансылык инструменттердин жана башка инвестициялардын же активдердин наркынын (баланста же баланстан тышкары) алгылыксыз өзгөрүүсү шартында, ал дуушар болушу ыктымал болгон жоготуу тобокелдиги. Тобокелдик рынокто иш алып баруунун, дилердик иштин жана капитал, валюта жана товардык рыноктордо ээлеген позициядан улам келип чыгат. 

32. Рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча комплекстүү саясатта баа тобокелдиги аныкталууга жана контролдукка алынууга, ошондой эле банк тарабынан жүргүзүлгөн операциялардын өлчөмү жана түрү каралууга тийиш. 

33. Рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча комплекстүү саясатта төмөнкүлөр камтылышы зарыл: 

1) баа тобокелдигине дуушарлануу кесепетинен улам келип чыккан тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли боюнча лимиттер. Лимиттер Директорлор кеңеши тарабынан белгиленүүгө жана анда активдердин жана милдеттенмелердин рыноктук наркынын мүмкүн болуучу терс өзгөрүүсү эске алынышы зарыл; 

2) банкта баа тобокелдигин аныктоо, баа берүү жана ага контролдукту жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтерди бөлүштүрүүдө так аныкталууга тийиш болгон ыйгарым укуктар жана жоопкерчиликтер деңгээли. Баа тобокелдиктерин жактыруу боюнча чечимдерди кабыл алуучу ыйгарым укуктар деңгээли да саясатта камтылышы зарыл; 

3) активдердин, милдеттенмелердин жана кирешелүүлүктүн сапатын болжолдоолор; 

4) квалификациялуу дилерлердин жана банк алар менен бүтүмдөрдү түзүүгө ниеттенген башка тараптардын тизмеси; 

5) баа тобокелдигин өлчөө системасы. Мында, банктын рыноктук тобокелдигинин мүнөзүнө, сапатына жана көлөмүнө баа берүү, ошондой эле банк учурдагы жана болжолдонгон тенденцияларга ылайык дуушар боло турган же дуушар болуучу баа тобокелдигинин деңгээлин аныктоочу стресстестирлөө сыяктуу эффективдүү ыкмалар караштырылышы зарыл; 

6) отчеттун мезгил-мезгили менен берилүүсү

34. Валюта тобокелдиги - бул, өз ишин жүргүзүүдө банк, чет өлкө валюталарынын курстарынын өзгөрүүсүнө байланыштуу чыгашалардын (чыгымдардын) келип чыгуу тобокелдиги. Чыгашалардын (чыгымдардын) ыктымалдуулугу банктын валюталар боюнча позицияларын нарктык көрсөткүчүндө кайра баалоодон улам келип чыгат. 

35. Рыноктук тобокелдикти тескөө боюнча саясатта валюта тобокелдиги аныкталууга жана контролдукка алынууга тийиш, ошондой эле анда төмөнкүлөр караштырылышы зарыл: 

1) бир валютадагы жана чогуу алгандагы бүтүндөй валюталар боюнча таза, ачык позициянын балансташпагандыгынын натыйжасында келип чыккан тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли боюнча лимиттер; 

2) валюта тобокелдигин тескөөгө алуу үчүн жоопкерчиликтүү комитеттердин/бөлүмдөрдүн ыйгарым укуктарынын деңгээли: 

3) тобокелдиктерди өлчөөнүн ички системасы аныкталып, банктын кабыл алган тобокелдик деңгээлинин Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген деңгээлге ылайык келүүсүнө баа берүү максатында пайдаланылууга тийиш; 

4) валюталык активдердин баланстык сыяктуу эле, баланстан тышкаркы түзүмү

5) банк тарабынан валюта тобокелдигине баа берүү үчүн колдонулган алгылыктуу инструменттер. Валюта курстарынын өзгөрүүсүнөн улам келип чыккан тобокелдиктер Шариат стандарттары уруксат берген ыкмаларга ылайык камсыздандырылышы мүмкүн; 

6) отчет берүүнүн жана рынокто олуттуу өзгөрүүлөр жүргөн шартта, валюта тобокелдигинин жана чыгымдардын деңгээлин аныктоо үчүн стресстестирлөөлөрдү жүргүзүүнүн мезгил аралыгы. 

 

4§. Кирешелүүлүк нормасы тобокелдиги 

 

36. Кирешелүүлүк нормасы тобокелдиги - бул, банктын активдери жана милдеттенмелери жыйынтыктап төлөө күнүнө дал келбеген жагдайда же рынокто кирешелүүлүк ченинин өзгөрүүсүнүн натыйжасында, банк дуушар болушу ыктымал болгон жоготуу тобокелдиги. 

Банк, кирешелүүлүк нормасы тобокелдиги келип чыгышынын себебинен болгон, биринчи кезекте, рынокто кирешелүүлүк нормаларынын узак мөөнөттүү чендеринин мүмкүн болуучу өсүш факторлоруна баа берүүгө тийиш. Ошондой эле банк, күндөлүк эсептердеги каражаттардан көз карандылык деңгээлинин натыйжасын баалоого тийиш. Күндөлүк эсеп ээлери пайда алуу максатын көздөбөй тургандыгына карабастан, акча каражаттарын күтүүсүз кайтара алуу банк үчүн кирешелүүлүктүн жалпы потенциалдуу нормасына кесепеттүү таасирин тийгизиши мүмкүн. 

36-1. Кирешелүүлүк нормасы тобокелдигинин натыйжасында которулган коммерциялык тобокелдик келип чыгышы мүмкүн. Банк каржылоо булагын канааттандыруу жана сактап калуу, ошондой эле өз каражаттарын кайтарып албоого ынандыруу үчүн мудараба контракты боюнча ага тиешелүү болгон пайданын бир бөлүгүнө же бүтүндөй үлүшүнө ээ болуу укугунан баш тартышы мүмкүн. Которулган коммерциялык тобокелдик банкка инвесторду тартуу жана кызыктыруу (каржылоо булактары) аттандаштыгынан улам келип чыгат.  

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

36-2. Банктын мудараба контракты боюнча ага тиешелүү болгон пайданын бүтүндөй үлүшүнө ээ болуу укугунан инвестициялык эсеп ээлеринин пайдасына баш тартуу чечими коммерциялык чечим болуп саналат жана ал банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген так саясатка жана жол-жоболорго негизденүүгө тийиш. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

37. Банк, кирешелүүлүк нормасы тобокелдигин тескөө боюнча, эң аз дегенде, төмөнкүлөрдү караган саясатты иштеп чыгышы зарыл: 

1) кирешелүүлүк нормасы тобокелдигинин алгылыктуу деңгээли боюнча лимиттер. Лимиттерди аныктоодо Директорлор кеңеши жана банк Башкармасы банктын стратегияларынын жана операцияларынын мүнөзүн, өткөндөгү иш натыйжаларын, кирешелүүлүктүн алгылыктуу деңгээлин эске алуусу зарыл. Лимиттерде рынокто кирешелүүлүк чендеринин мүмкүн болуучу кесепеттүү өзгөрүүлөрү жана алардын болжолдуу өзгөрүү чектери эске алынууга тийиш; 

2) банкта кирешелүүлүк нормасы тобокелдигин аныктоо, ага баа берүү жана контролдук жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтери так чектелип аныкталган ыйгарым укуктар жана жоопкерчиликтер деңгээли; 

3) кирешелүүлүк нормасы тобокелдиги мурда эмне болуп өткөндүгүнө жараша, төлөө мөөнөттөрүнө же кайра баалоо күнүнө ылайык, ар кандай убакыт аралыгына карата абал боюнча өлчөнүп турушу зарыл. Тобокелдикти өлчөө системасы жөнөкөй ыкмалар сыяктуу эле, кирешелүүлүк нормасынын белгилүү бир чени өкүм сүрүп турган шартта, банктын кирешесине же капиталына потенциалдуу тобокелдиктин таасирин аныктоочу стресстестирлөө сыяктуу татаал ыкмалардын колдонулушун да карашы мүмкүн. Кирешелүүлүк нормасы тобокелдигине баа берүү үчүн акча агымынын түшүүсүн, анын ичинде карыздардын эртелеп жабылышынын таасирин болжолдоп алуу маанилүү

4) банктын Директорлор кеңешине жана банк Башкармасына маалымдалып турууга тийиш болгон ички контролдук жол-жобосу; 

5) банк тарабынан кирешелүүлүк нормасы тобокелдигин контролдоо үчүн колдонулган, Шариат стандарттарында каралган, ошондой эле мындай инструменттерди колдонуу боюнча кандайдыр бир ички чектөөлөр так аныкталган, алгылыктуу инструменттер; 

6) банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин ордун жабуунун сунуш кылынган түзүмү

7) Банктын Директорлор кеңешине сыяктуу эле, банк Башкармасынын кароосуна сунушталуучу отчеттордун түрлөрү жана аларды берүү мезгил аралыгы. Отчеттордо рыноктук факторлордун инвестициялык эсеп ээлери күтүп жаткан кирешелерге тиешелүү активдер боюнча кирешелүүлүк нормасына потенциалдуу таасир этүүсүн аныктоо үчүн кирешелүүлүк нормасы тобокелдигине кылдат баа берүүлөр камтылууга тийиш. Аларда ошондой эле, банк тарабынан кабыл алынган кирешелүүлүк нормасы тобокелдигине баа берүүлөр алардын белгиленген лимиттерге жана тобокелдикти тескөө стратегиясына ылайык келүүсү камтылышы зарыл; 

8) банктын активдери боюнча алынган кирешелүүлүк атаандаштар алган кирешелүүлүктөн төмөн болгон шартта, пайдаларды бөлүштүрүү боюнча жол-жоболор. Бул жол-жоболордо банк, пайданын бөлүгүн алуудан же бүтүндөй өз үлүшүнөн инвестициялык эсеп ээлеринин пайдасы үчүн баш тарткан учурлар, рынокто түптөлгөн жагдайга ылайык кирешелүүлүктүн болочоктогу маржаларынын өзгөрүүлөрү, кардарлардын кирешелүүлүк деңгээлин колдоо үчүн түзүлгөн камдарга багытталуучу сууммаларды эсептөөлөр камтылышы мүмкүн. 

 

5§. Өлкөлүк тобокелдик 

 

38. Өлкөлүк тобокелдик - бул Кыргыз Республикасынын өнөктөшүнүн-резидент эместин финансылык тобокелдиктерге байланышпаган себептер боюнча банк алдындагы өз милдеттенмелеринин ордун жабууга жөндөмсүздүгү же ниеттенбей коюу кесепетинен келип чыккан чыгашалар (чыгымдар) тобокелдиги. 

39. Банк, өлкөлүк тобокелдикти тескөө боюнча, өз иш чөйрөсүнүн татаалдыгына жана өлчөмүнө жараша, төмөнкүлөрдү камтыган ар кандай ыкмаларды караган саясатты иштеп чыгууга тийиш: 

1) Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген, банк өзүнө алууга даяр болгон тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли. Өлкөлүк тобокелдиктин алгылыктуу деңгээли боюнча лимиттер өзүнчө өлкө же өлкөлөр тобу боюнча так аныкталуусу зарыл; 

2) банктын өлкөлүк тобокелдигин тескөө үчүн жоопкерчиликтүү комитеттин/бөлүмдүн ыйгарым укуктарынын деңгээли; 

3) уруксат берилген финансылык инструменттердин түрлөрү

4) өлкөлөр боюнча тобокелдиктин уруксат берилген суммасына ылайык, валюталардын түрлөрү боюнча чектөөлөр; 

5) кошумча тобокелдиктерди эске алуу менен банктын башка өлкөлөрдөгү кардарлары үчүн финансылык инструменттердин баасын белгилөө боюнча талаптар. Башка өлкөлөрдөгү активдерге салымдардан инвестицияларга кирешелүүлүктүн зарыл болгон өсүшүн аныктоо зарыл; 

6) кредиттик рейтингдин ички же тышкы системаларын пайдалануу зарылчылыгы. Алгылыктуу рейтингдер Директорлор кеңешинин талабы боюнча белгиленүүгө тийиш; 

7) потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү учурунда өлкөлүк тобокелдигине баа берүү тартиби; 

8) өлкөлүк тобокелдик деңгээлине контролдукту жүргүзүүгө тиешелүү отчеттор мезгил-мезгили менен жетекчиликке берилип турушу. 

 

6§. Операциялык тобокелдик 

 

40. Операциялык тобокелдик - бул, тышкы жагдайлардан, персоналдын катачылыктарга жол берүүсүнөн, ошондой эле процесстердин, жол-жоболордун же контролдоо системасынын шайкеш эместигинин же бузулушунун натыйжасында банктын же анын туунду компанияларынын операцияларындагы үзгүлтүктөрдүн кесепетинен банк дуушар болушу ыктымал болгон тике же кыйыр түрдөгү чыгымдар тобокелдиги. Операциялык тобокелдик банктын бардык продуктыларында жана анын ишинин түрлөрүндө орун алышы ыктымал. Банк, Шариат стандарттарын сактабагандыктан жана инвестициялык эсеп ээлеринин ресурстарды тескөөдө банк алдында милдеттенмелердин талаптагыдай аткарылбашынан улам, операциялык тобокелдиктин пайда болушунун себептерин караштыруусу зарыл. Операциялык тобокелдикте Шариат стандарттарын сактабай койгондук, банктын фидуциардык жоопкерчилигин сактабай койгондук камтыйт. 

Ислам финансылык инструменттер бирдиктүү контрактты же келишимди эмес, белгилүү бир тартипте түзүлгөн жана бир бүтүн түзүмдү түзгөн жазуу жүзүндөгү документтер жана келишимдер жыйындысын түшүндүрөт жана ал тобокелдиктерди кыскартуу максатында банк ар бир операцияны жүзөгө ашырып, ал боюнча документ тариздеткен учурда тобокелдиктердин контролдукка алынышын камсыз кылуусу зарыл. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

41. Банк, тобокелдиктин ушул түрүнүн келип чыгуу себептерин, ошондой эле ушул тобокелдик деңгээлине таасир этиши мүмкүн болгон ички жана тышкы тенденцияларды аныктоо ыкмаларын караган саясатты иштеп чыгууга тийиш. 

42. Банк, ички контролдук системасынын жана маалымат системаларынын үзгүлтүккө учурашы, коопсуздук техникасынын, кардарлар менен иш алып баруу, банк продуктуларын сунуштоо ыкмаларынын сакталбашы, ошондой эле мыйзам актыларынын нормаларынын, Улуттук банк тарабынан белгиленген эрежелердин жана жоболордун талаптарын бузууга жол берүүнүн натыйжасында келип чыккан операциялык тобокелдикке контролдукту жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгуу зарыл. 

43. Шариат стандарттарын сактабай коюу тобокелдиги банктык продуктылардын, келишимдеринин банк операцияларын жүзөгө ашыруу боюнча Шариат стандарттары белгилеген эрежелерге ылайык келбей калуусунун натыйжасында келип чыгат, бул банктын абройунун төмөндөшүнө алып келиши ыктымал. Шариат стандартынын сактабай коюу тобокелдигин тескөө максатында банк, төмөнкүлөрдү камсыз кылышы зарыл: 

1) Шариат эрежелерин жана стандарттарын туруктуу негизде сактоо. Шариат стандарттарын сактоо маселеси банк ишин жүзөгө ашырууда туруктуу негизде каралууга тийиш; 

2) банктын продуктуларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн типтүү келишимдердин, терминологиянын жана келишимдерди аткарууга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон башка элементтердин Шариат стандарттарына ылайык келүүсү

3) Шариат стандаттарына ылайык келбеген бүтүмдөрдүн натыйжасында, банк тарабынан алынган жана таанылбаган кирешелерге көз салып, байкоо жүргүзүү. Банк мындай учурлардын келечекте кайталанылышы ыктымалдыгына баа берүүгө тийиш. Мурдатан алынган маалыматтарды жана Шариат стандарттары сакталбаган потенциалдуу чөйрөнү эске алуу менен банк, өз операцияларынын Шариат стандарттарына ылайык келбөөсүнөн улам таанылбай калышы мүмкүн болгон кирешелер көлөмүнө баа бериши зарыл. 

44. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери жагында тиешелүү билим деңгээлине ээ ички жана тышкы аудитти жүргүзүү боюнча эксперттердин колдонуп жаткан системаларынын чегинде, операциялардын Шариат стандарттарына ылайык келишин, контрактылардын аткарылышын камсыз кылуу максатында, банк ишине эң аз дегенде жылына бир жолу текшерүүлөрдү жүргүзүү зарыл. 

45. Банктын фидуциардык жоопкерчилигинин сакталбашы тобокелдиги, банк өз кардарларынын акча каражаттарын тескөөнү талаптагыдай жүргүзбөөнүн жана инвестициялык келишимдерде чагылдырылган шарттардын сакталбашынын натыйжасында келип чыгат. Инвестициялык эсеп ээлеринин акча каражаттарынын банктын өзүнүн каражаттары менен аралашып кетиши учурунда, активдерди, чыгымдарды жана пайдаларды бөлүштүрүү механизмдери аныкталышы зарыл. Мына ушул тобокелдикти тескөө максатында банк, инвестициялык эсеп ээлеринин таламдарын коргоо боюнча, төмөнкүлөрдү камтыган саясатты аныктап алууга тийиш: 

1) инвестициялык келишимдердин шарттарына жараша жана банктын фидуциардык жоопкерчилигине ылайык, банктын инвестициялык ишмердигин аныктоо; 

2) инвестициялык келишим мөөнөтүнө жана банктын фидуциардык милдеттенмелерине ылайык, банк менен инвестициялык эсеп ээлеринин ортосунда пайдаларды жана чыгымдарды бөлүштүрүү механизмин аныктоо; 

3) инвесторлордун бир кыйла көбүрөөк пайда алуусун чектебеген деңгээлде зарыл болгон камдардын өлчөмүн белгилөө

4) утурумдук жана инвестициялык эсептерге байланыштуу тобокелдиктин өткөрүлүшүнө чектөөлөр; 

5) инвестициялык долбоорлорго мүмкүн болуучу салымдар тууралуу потенциалдуу инвесторлорго толук маалыматтарды берүү тартиби жана милдеттүүлүгү

6) чектелген инвестициялык эсеп ээлеринин каражаттарына байланыштуу банк операциялары боюнча өзүнчө эсептерди жүргүзүү

7) инвестициялык эсеп ээлери үчүн кирешелүүлүк нормасын камсыз кылуу максатында, келечекте тиешелүү суммалардын жетишсиздигинин ордун жабуу үчүн кам түзүү тартиби; 

8) тобокелдиктерге консолидацияланган негизде тескөөнү жүзөгө ашыруу максатында, туунду компаниялардын тобокелдиктерине мониторинг жүргүзүүнү жана алар боюнча отчет берүүнү камсыз кылуу талаптары; 

9) банк айкын инвестициялык долбоор үчүн акча каражаттарын тарткан учурда, инвестициялык эсептердин инвестициялык долбоордун чөйрөсү, аны жүзөгө ашыруу мөөнөтү жана анда камтылышы мүмкүн болгон тобокелдик деңгээли сыяктуу, белгилүү бир талаптарга ылайык келишин камсыз кылуу талабы. 

46. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

47. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 

48. Операциялык тобокелдикти тескөө саясатын аныктоодо Директорлор кеңеши банк Башкармасы менен бирдикте төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш: 

1) операциялык тобокелдикти тескөөнүн жана ага мониторинг жүргүзүү бардык деңгээли боюнча укуктарды жана милдеттерди, ошондой эле олуттуу тобокелдиктерди аныктоого, ага баа берүүгө, контролдукка алууга мүмкүндүк берген тиешелүү инструменттерди белгилөө менен так операциялык түзүмдү камтууга тийиш болгон операциялык тобокелдикти тескөөнүн таасирдүү системасын камсыз кылуу; 

2) банк ишине мүнөздүү болгон операциялык тобокелдиктердин бардык категориясын аныктоого жана алардын кесепеттерин таанууга. 

49. Операциялык тобокелдикти тескөө саясаты жана жол-жобосу банктын фронт жана бек-офистеринин ортосунда милдеттердин бөлүштүрүлүшүн кароосу зарыл. 

50. Операциялык тобокелдикти тескөө саясаты жана жол-жоболору белгиленген тартипте бекитилип, аны менен банктын бардык кызматкерлери тааныштырылууга тийиш. 

51. Банк өз ишине, процесстерге жана системаларга мүнөздүү болгон операциялык тобокелдиктерди, аныктоого жана ага баа берүүгө, ошондой эле ушул тобокелдиктерге дуушарлануу ийкемдүүлүгүн аныктоого тийиш. Банк, кандайдыр бир жаңы банктык продуктуларды, иш чөйрөсүн, процесстерди жана системаларды колдонууга киргизгенге чейин орун алган операциялык тобокелдиктин потенциалдуу өлчөмүнө баа берүүнү камсыз кылуусу зарыл. 

52. Операциялык тобокелдик боюнча отчеттор банк жетекчилигине өз учурунда берилип жана аларда эң аз дегенде төмөнкүлөр камтылышы зарыл: 

1) банк, анын туунду компанияларын кошо алганда, дуушар болушу мүмкүн болгон операциялык тобокелдиктин түрлөрүнүн тизмеги; 

2) операциялык тобокелдикти жана мүмкүн болуучу проблемаларды өзүндө камтыган жагдайлар, ошондой эле аларды оңдоо боюнча көрүлгөн чаралар; 

3) операциялык тобокелдиктерди басаңдатуу боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугуна баа берүү

4) банк ишине мүнөздүү болгон операциялык тобокелдиктерди аныктоо үчүн иштелип чыккан чаралар; 

5) операциялык тобокелдик келип чыгышы ыктымал болгон иш чөйрөсү же участкасы; 

6) банк тарабынан көрүлгөн, операциялык тобокелдикке бөгөт коюуга багытталган чаралардын натыйжалары. 

53. Банктар, операциялык тобокелдиктерге бөгөт коюу үчүн иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууга жана жоготууларды азайтууга багытталган, күтүүсүз жагдайлар учурунда иштөө пландарын, иш үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу пландарын иштеп чыгуусу зарыл. Пландарда негизги маалыматтарды көчүрмөлөп коюу жана аларды өзүнчө жайларда сактоо сыяктуу иш-чаралар камтылууга жана банк муну менен гана чектелип калбоого тийиш эмес. 

 

7§. Ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдиги 

 

54. Ликвиддүүлүктү жоготуу тобокелдиги - бул, банк өзүнө алган милдеттенмелерин учурунда аткарууга жөндөмсүз абалда калышына байланыштуу келип чыккан тобокелдик. 

55. Банк ликвиддүүлүк тобокелдигин тескөө боюнча саясатты иштеп чыгууга тийиш жана анда эң аз дегенде төмөнкүлөр камтылышы зарыл: 

1) ликвиддүүлүк тобокелдигинин Директорлор кеңеши белгилеген алгылыктуу деңгээли; 

2) банктын ликвиддүүлүк тобокелдигин аныктап, ага баа берүү жана контролдукка алуу, ошондой эле банктын ликвиддүүлүккө муктаждыгын аныктаган ыйгарым укуктар жана жоопкерчиликтер деңгээли; 

3) каржылоо булактарына кайрылуу мүмкүнчүлүгүн кошо алганда, Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген ликвиддүүлүк деңгээлине ылайык келбей калууга байланыштуу, күтүүсүз жагдайларды пландаштыруу; 

4) каржылоо булактарын белгилөө үчүн тандалган инвесторлордун тизмеги; 

5) банктын алгылыктуу деңгээлдеги иши жана Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен Шариат стандарттарына каршы келбеген каржылоо булактары. Ошондой эле, каржылоо булактарын диверсификациялоо да караштырылышы зарыл; 

6) жетиштүү ликвиддүүлүктү колдоого алуу максатында активдердин жана милдеттенмелердин төлөө мөөнөттөрү боюнча да оптималдуу катышы; 

7) учурда түптөлгөн жана келечекте болжолдонуп жаткан терс тенденциялардын шартында, банк дуушар болушу мүмкүн болгон тобокелдик деңгээлине баа берүү үчүн банктын болочоктогу акча агымынын болжолдоо ыкмалары; 

8) ликвиддүүлүк тобокелдикетерин тескөө боюнча отчеттордун түрү, жоопкерчиликтүү адамдар тарабынан аларды берүү мезгил аралыгы. 

56. Банк, тиешелүү мезгил аралыгында активдерди жана милдеттенмелерди төлөө күндөрүнүн графигин түзүү аркылуу, келечекте мүмкүн болуучу ликвиддүүлүктүн жетишсиздигин аныктап алууга тийиш. Банк, акча агымдарын классификациялоо критерийлерин өз алдынча аныктай алат же болбосо төмөнкүдөй акча агымдарын пайдаланышы мүмкүн: 

1) белгилүү болгон акча агымы - алдын-ала белгилүү болгон суммаларды төлөө күнү (мурабаха, иджара, иджара мунтахийа биттамлик жана шарика/мушарака бүтүмдөрү боюнча дебитордук карыздар); 

2) шартталган, бирок болжолдоого болгон акча агымы (салам жана истиснаа бүтүмү) - шартталгандык келишимдин түрү жана иштин алдын-ала белгиленген шарттарда жана мөөнөттөрдө аткарылышы менен аныкталат; 

3) шартталган, бирок болжолдоого болбогон акча агымы төлөө күнү ачык көрсөтүлгөн келишимдер (шарика/мушарака келишими боюнча инвестициялар), ошондой эле инвестицияланган каражаттардын ордунун жабылышы жана инвестициялардан киреше алуу долбоор боюнча иш натыйжалары менен шартталган. 

57. Банк, рынокто түптөлгөн жагдайдын өнүгүү багытынын ар кандай болушу шартында, акча агымына мезгил-мезгили менен анализдөөлөрдү жүргүзүп турууга тийиш. Ал "нормалдуу" бизнес чөйрөсүнө же ар кандай терс жагдайларды эске алуу менен негизделиши мүмкүн. 

58. Банк, каржылоо булактарын керектөөлөргө жана алардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө баа бериши зарыл. 

59. Банк, мүмкүн болуучу ликвиддүүлүк оорчулугун четтетүү үчүн аракеттенүү планын иштеп чыгышы зарыл. Банк, ликвиддүүлүк оорчулугунун баскычтарына баа берүү критерийлерин өз алдынча аныктап, же болбосо мында төмөнкүлөрдү камтыган башка ыкмаларды пайдаланышы мүмкүн: 

1) ликвиддүүлүк ажырымын же каражаттардын алдын-ала болжолдонбогон агылып чыгышына алып келиши ыктымал болгон жагдайды аныктоо; 

2) активдерди же инвестицияларды ликвиддүүлүк ажырымынын ордун жабуу үчүн белгиленген тартипте жок кылуу зарылчылыгын аныктоо; 

3) жүргүзүлгөн иш-чаралар ликвиддүүлүк ажырымынын ордунун жабылышына алып келбесе, кечиктирилгис чараларды көрүү

60. Банк, аракеттенүү планында төмөнкү факторлорду эске алууга тийиш: 

1) жогорку ликвиддүү активдерге ээлик кылуу, алар баланстык нарктан төмөн баада сатылышы ыктымалдыгын эске алуу менен олуттуу көлөмдө сатып өткөрүлүшү мүмкүн; 

2) башка активдердин жана алардын ликвиддүүлүк деңгээлинин мүнөздөмөлөрү

3) Шариат талаптарына жооп берген каржылоонун башка жеткиликтүү булактарына баа берүү, алардын ичинде башка банктар же башка финансы институттары менен пайызсыз негизде кызматташуу, негизги каражаттарды сатуу же кыйла узак мөөнөткө каржылоо үчүн кайтарым лизинги менен сатуу келишимдери камтылышы мүмкүн; 

4) Улуттук банк тарабынан ликвиддүүлүктүн камсыз кылынышынын мүмкүндүгү

5) ликвиддүүлүк оорчулугунун ар кандай баскычында чаралардын көрүлүшү үчүн жоопкерчиликтүү болгон, кризиске каршы иш алып барган жетекчиликти же персоналды дайындоо; 

6) эгерде туунду түзүм болсо, башкы банкка маалымдоо жол-жобосу. 

 

8§. Абройду жоготуу тобокелдиги 

 

61. Абройду жоготуу тобокелдиги - бул, банк же анын туунду компанияларынын иши тууралуу коомчулуктун терс ой пикиринин калыптанышынан улам, банк дуушар болуучу жоготуу тобокелдиги. Бул тобокелдик банктын жаңы өз ара мамилелерди түптөөсүнө же мурдатан калыптанып келген мамилелерди колдоого алуусуна таасирин тийгизиши ыктымал. Аброй жоготуу тобокелдиги, банк соттук териштирүүлөргө катышуусунан, жалпыга маалымдоо каражаттарында алгылыксыз маалыматтардын жарыяланышынан жана анын натыйжасында финансылык жоготууларга, депозиттердин агылып чыгышына же аброюн жоготушу мүмкүн болгон башка алгылыксыз жагдайлардан улам келип чыгышы мүмкүн. 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

62. Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырышкан банкта абройду жоготуу тобокелдиги, ошондой эле банктык продуктулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн Шариат стандарттарына ылайык келбей калуусунан да келип чыгышы мүмкүн. 

63. Бул тобокелдиктин тескөөгө алынышы үчүн өзүнчө саясаттын иштелип чыгышы гана эмес, таасирдүү корпоративдик башкаруунун, ички контролдуктун, ички аудиттин жана тиешелүү маалыматтардын артыкчылыктуу пайдаланышынын орун алышы зарыл. Мындан тышкары, банктын белгиленген стратегиянын жана алдыга коюлган максаттардын жана милдеттердин талаптарын бузбастан, өз кардарларынын жана жалпы коомчулуктун керектөөлөрүн канааттандырууга жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу зарыл. 

64. Банк, анын кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланышкан коомчулукка жана кардарларга сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөрдүн, операциялардын жана/же чечимдердин таасир этүүсүн да караштырып, эске алууга тийиш. 

65. Банктын Директорлор кеңеши төмөнкүлөрдүн жүзөгө ашырылышын камсыз кылуусу зарыл: 

1) абройду жоготуу тобокелдигине түрткү берген ички жана тышкы потенциалдуу булактарга объективдүү баа берүү аркылуу, ошол тобокелдикти аныктоо. Тобокелдикти аныктоо келечек пландарга жана утурумдук иш пландарына негизденүүгө тийиш. Банк тарабынан ишке ашырылган негизги операциялар абройду жоготуу тобокелдигине өзгөчө баа берүүнү талап кылат; 

2) тобокелдиктин банк ишинин негизги багыттарына материалдык таасир этүүсүн аныктоо үчүн тобокелдиктерге сандык жана сапаттык жактан баа берүү

3) Директорлор кеңешине банктын абройуна потенциалдуу коркунуч келтирип жаткандыгы жөнүндө маалымдоо үчүн мезгил-мезгили менен отчетторду берип туруу аркылуу, тобокелдикке мониторинг жүргүзүү. Отчеттордо кардарлардын даттануулары, аягына чыгарыла элек же коркунуч туудурган соттук териштирүүлөргө укуктук негизде анализдөөлөрдү жүргүзүүлөр, ылайык келбөө проблемалары жана банк үчүн абройду жоготуу тобокелдигине алып келиши ыктымал болгон кандай болбосун башка потенциалдуу тобокелдик булактарды камтышы зарыл; 

4) банктын абройуна доо кетирүү ыктымалдыгын басаңдатуу үчүн тобокелдикке төмөнкүлөр аркылуу контролдукту жүргүзүү

а) коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмүнүн натыйжалуу иши; 

б) пресс-релиздерге жана жарнамаларга кеңири коомчулук үчүн жарыялоо алдында экспертиза жүргүзүлүшү боюнча талаптарды аткаруу (юридикалык бөлүм же коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү, Шариат кеңеши тарабынан); 

в) банкка каршы соттук доолор менен иш алып барууга карата ыкмаларды аныктоо; 

г) банк тарабынан кардарларга сунушталуучу маалыматтардын толуктугуна жана жеткиликтүүлүгүнө көз салуу; 

е) банк кызматкерлери үчүн иш алып баруу (Шариат кеңешинин катышуусу же анын пикирин эске алуу менен) жана тренингдерди өткөрүү кодексинин кабыл алынышы; 

ж) банк үчүн алгылыктуу башка чараларды көрүү

 

§8-1. Комплаенс-тобокелдик 

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/10 токтомунун редакциясына ылайык) 

 

65-1. Комплаенс-тобокелдикти тескөө системасын уюштурууда банк учурда орун алып турган рыноктук жагдайга талдап-иликтөөлөрдү жүргүзөт, банктын стратегиясын кароого алат, банктык операциялардын татаалдыгы өлчөмүнө, деңгээлине баа берет жана комплаенс-тобокелдикти тескөө системасынын компоненттерин камтыган ички документтерди иштеп чыгат.  

65-2. Комплаенс-тобокелдик абройду жоготууга, айыптык төлөмдүн же башка акчалай төлөмдөрдүн алынышына, банктын активдер наркын төмөндөтүүгө, ишкердик мүмкүнчүлүгүн чектөөгө, иш чөйрөсүн кеңейтүү потенциалын басаңдатууга жана түзүлгөн келишимдердин, контракттардын шарттарынын аткарылбай калышына алып келиши мүмкүн.  

65-3. Комплаенс-тобокелдикти кыскартуу максатында банктар аны тескөө боюнча саясаттарды, жол-жоболорду жана/же процесстерди бекитүүгө тийиш.  

65-4. Банктын Директорлор кеңеши, алардын негизинде банк ишинин бардык деңгээлинде комплаенс-тобокелдиктер аныкталган жана тескөөгө алынган негизги принциптерди камтыган комплаенс-саясаттын иштелип чыгышы үчүн жоопкерчилик тартат.  

65-5. Банктын Директорлор кеңеши төмөнкү процесстердин жүзөгө ашырылышын камсыз кылууга тийиш: 

1) Тобокелдикти аныктоо мында объективдүү баа берилүүгө жана комплаенс-тобокелдиктин келип чыгышын шарттаган бузууга жол берүүлөрдүн (жагдайлардын, бүтүмдөрдүн) олуттуулугу аныкталууга тийиш. Аныктоолор келечекке каралган пландарга жана банктын учурдагы ишине негизденүүгө тийиш.  

2) Тобокелдикке баа берүү банктын негизги иш багыттарына таасирин аныктоо үчүн тобокелдиктерге сандык жана сапаттык баа берүү

3) Мониторинг/Маалымат системалары башкармалыгы комплаенс-контроль зарылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде бир жолу комплаенс-тобокелдик тууралуу маалымдоо үчүн Директорлор кеңешине отчетторду сунуштап турууга тийиш. Кайсыл болбосун мыйзамды же жоболорду бузууга жол берүүлөр тууралуу маалымат, Улуттук банк менен комплаенс-тобокелдикке байланыштуу бардык кат алышуулар Директорлор кеңешине сунушталууга тийиш. Директорлор кеңеши комплаенс-тобокелдикке байланыштуу бардык кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралардын аткарылышын жана мындай кемчиликтердин андан ары келип чыгышына бөгөт коюу максатында, ички контролдук саясатына жана процесстерге зарыл өзгөртүүлөрдүн киргизилишин камсыз кылууга тийиш.  

4) Тобокелдикти контролдоо банк комплаенс-тобокелдикти кыскартуу үчүн контролдукту жүргүзүүгө тийиш. Анда кеминде төмөнкүлөр каралуусу зарыл: 

а) комплаенс-тобокелдикти аныктоо, өлчөө жана мониторинг жүргүзүү

б) комплаенс-тобокелдикти чектөөгө мүмкүндүк берген корпоративдик маданиятты колдонууга киргизүү

в) отчет тапшырууну жана мыйзам нормаларына, банктын саясат жана жол-жобо нормаларына ылайык келүүсүнө жоопкерчиликти так аныктоо; 

г) бардык мыйзамдарга жана жоболорго дал келишин камсыз кылган жол-жоболор камтылган комплекстүү түзүмдү (планды) өнүктүрүү

д) кайсыл болбосун жаңы банктык продукттарга же ишкердик түрлөрүнө потенциалдуу комплаенс-тобокелдикке талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү боюнча талаптар; 

е) ички аудит программасында мыйзамдарга, эрежелерге жана жоболорго ылайык келүүсүн мезгил-мезгили менен текшерүүлөрдү жүргүзүү талабы; 

ж) банктын бардык кызматкерлери банк ишине таасирин тийгизген мыйзам талаптарын, эрежелерди жана жоболорду билиши үчүн банк персоналын окутуудан өткөрүү

з) Директорлор кеңешинин пикири боюнча банкта комплаенс-тобокелдикти кыскартуу үчүн зарыл болгон кайсыл болбосун башка саясаттар, жол-жоболор же процесстер. 

 

9§. Тобокелдиктин башка чөйрөлөрү 

 

66. Банктын ишинде тобокелдиктин башка түрлөрүнүн камтылышы шартында, банктын Директорлор Кеңеши аларды ошол тобокелдикти тескөө боюнча өз концепцияларында аныктап, тиешелүү саясаттарды бекитүүгө тийиш. Ал эми Банк Башкармасы аларга карата тиешелүү жол-жоболорду жана процесстерди кабыл алышы зарыл. Тобокелдикти аныктоо, өлчөө, мониторингдөө жана контролдоо сыяктуу минималдык талаптар банк ишинин жүрүшүндө келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктин башка түрлөрүнө таркатылышы зарыл.