Кайта келүү

Улуттук банк Башкармасынын  

2017-жылдын “31” майында 

№ 21/14 токтомуна карата тиркеме 

 

«Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин жайылтуу боюнча алгачкы (пилоттук) долбоорду жүзөгө ашыруунун алкагында жүргүзүлгөн операциялардын жыйынтыгы боюнча «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө»  

ЖОБО 

1-глава. Жалпы жоболор 

1. Бул жобо Кыргыз Республикасында ислам каржылоо принциптерин жайылтуу боюнча алгачкы долбоорду жүзөгө ашыруунун алкагында иштелип чыккан. 

2. Экономикалык чечимдерди кабыл алууда пайдалануучулардын кеңири чөйрөсү үчүн зарыл болгон, ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылган операциялар боюнча «ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын (мындан ары банк) финансылык абалы жана финансылык натыйжалары жөнүндө маалыматтарды берүү финансылык отчеттун максатынан болуп саналат. 

3. Банк, ислам каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялар боюнча кошумча (өзүнчө) финансылык отчетту банктын консолидацияланган финансылык отчетунун эскертүүлөрүнө карата тиркеме катары түзүүгө жана сунуштоого тийиш. 

4. Ислам каржылоо принциптеринде ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча финансылык отчет Финансылык отчеттун эл аралык стандарттарына (мындан ары - ФОЭС) ылайык келүүгө тийиш.  

5. Банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген эсепке алуу саясатынын курамында Ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча банктын финансылык отчетун түзүү тартиби камтылууга тийиш. 

2-глава. Ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча банктын финансылык отчетуна карата жалпы талаптар 

6. Ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылган операциялардын жыйынтыктары боюнча банктын кошумча (өзүнчө) финансылык отчету төмөнкү компоненттерден турат: 

1) финансылык абал тууралуу отчет;   

2) чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет; 

3) кард фондунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет; 

4) банктын Шариат кеңешинин корутундусу;  

5) эсепке алуу саясаты жана финансылык отчетко эскертүү

3-глава. Ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча финансылык отчетту сунуштоо жана жарыялоо тартиби, мөөнөттөрү 

7. Ислам каржылоо принциптерине ылайык, консолидацияланган финансылык отчеттун курамында банктын финансылык отчетун жарыялоо жана сунуштоо Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө жобонун 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат. 

8. Ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча финансылык отчетту сунуштоодон жана жарыялоодон тышкары, банк төмөнкүлөрдү сунуштоого тийиш: 

- ай сайын ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча финансылык абал жөнүндө отчетту, ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетту (ар айлык финансылык отчет); 

- чейрек сайын ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча отчетту, ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчетту (чейректик финансылык отчет). 

Ислам каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча финансылык отчет Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө жобонун 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык ар айлык жана чейректик негизде берилет жана жарыяланат. 

4-глава. Ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча финансылык абалы тууралуу отчет  

9. Ислам каржылоо принциптери боюнча ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгына ылайык финансылык абал жөнүндө отчет, Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобонун 6-бөлүгүнүн талаптарына ылайык түзүлөт. 

5-глава. Ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет 

10. Ислам каржылоо принциптерине ылайык ишке ашырылган операциялардын жыйынтыгы боюнча чогуу алгандагы киреше жөнүндө отчет, Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген, «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө» жобонун 7-бөлүгүнүн талаптарына ылайык түзүлөт. 

6-глава. Кард фондунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет  

11. Кард фондунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө отчет ушул жобого карата 1-тиркемеге ылайык түзүлөт жана жылдык финансылык отчеттун курамында сунушталат. 

7-глава. Шариат кеңешинин корутундусу 

12. Шариат кеңешинин корутундусу ушул жобого карата 2-тиркемеге ылайык түзүлөт жана жылдык финансылык отчеттун курамында сунушталат. 

8-глава. Ислам каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялардын жыйынтыктары боюнча финансылык отчетко эскертүүлөр 

13. Ислам каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылган операциялардын жыйынтыктары боюнча финансылык отчетко эскертүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 12-мартындагы №6/2 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын финансылык отчетту түзүүсүнө карата талаптар жөнүндө жобонун 10-бөлүгүнүн талаптарына ылайык түзүлөт. 

 

 

«Кыргыз Республикасында ислам  

каржылоо принциптерин жайылтуу  

боюнча алгачкы (пилоттук) долбоорду  

жүзөгө ашыруунун алкагында жүргүзүлгөн  

операциялардын жыйынтыгы боюнча  

«ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын  

финансылык отчетту түзүүсүнө карата  

талаптар жөнүндө» жобого карата 1-тиркеме 

 

Кард фондунун акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жана пайдаланылышы жөнүндө 20_____-жылдын __________карата отчет 

________________________________________________________________________ 

(банктын аталышы жана анын жайгашкан орду) 

 

 

Аталышы 

Отчеттук мезгил 20XX-ж. 

Өткөн мезгил 20YY-ж. 

 

Баштапкы сальдо  

 

 

Кард хасан 

 

 

Кард хасанды сунуштоо үчүн жеткиликтүү акча каражаттары 

 

 

 

Кард фондунун каражаттарынын булактары 

 

 

Күндөлүк эсептерден каражаттарды бөлүштүрүү  

 

 

Шариат стандарттарына ылайык келбеген, кирешелерди бөлүштүрүү 

 

 

Банктын ишинен тышкары алынган каражаттар 

 

 

Жыл ичинде каражат булактарынан түптөлгөн, бардыгы болуп сумма 

 

 

 

Кард фондунун каражаттарын пайдалануу 

 

 

Билим берүү максаттарына кард хасан  

 

 

Чакан бизнес үчүн кард хасан  

 

 

Күндөлүк эсептер боюнча эсептешүүлөр  

 

 

10 

Бардыгы болуп, жыл ичинде пайдаланылган каражаттардын суммасы 

 

 

 

Жылдын акырына карата сальдо  

 

 

11 

Кард хасан 

 

 

12 

Кард хасанды берүү үчүн жеткиликтүү акча каражаттары 

 

 

 

Башкарманын Төрагасы (Жетекчи) 

___________________________________________ 

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

  

 

Башкы бухгалтер  

___________________________________________ 

  

(Аты-жөнү, кол тамгасы) 

 

 

 

 

«Кыргыз Республикасында ислам  

каржылоо принциптерин жайылтуу  

боюнча алгачкы (пилоттук) долбоорду  

жүзөгө ашыруунун алкагында жүргүзүлгөн  

операциялардын жыйынтыгы боюнча  

«ЭкоИсламикБанк» ЖАКтын  

финансылык отчетту түзүүсүнө карата  

талаптар жөнүндө» жобого карата 2-тиркеме 

 

Шариат кеңешинин корутундусу (үлгү

 

Биз, (аты-жөнү), .... (аты-жөнү), Шариат кеңешинин кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган мүчөлөрү болуу менен, Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн атынан бөлүмдөрдүн/филиалдардын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган операциялары _____ жыл ичинде Шариат стандарттарына ылайык жүргүзүлгөндүгүн тастыктайбыз.   

  

Шариат кеңешинин атынан:  

  

(аты-жөнү) _________________________  

  

(аты-жөнү) _________________________   

…………………………………………. 

Бишкек ш.  

үнү